Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\0a29f736-1aa2-4e0a-a9bc-296fc9dabe93\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 1-ноябры № 591

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагында жайгашкан 4,0 га сугат айдоо жерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө

Ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияны куруу жана тиешелүү жабдуулар менен жабдуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2019-жылдын 11-июнундагы № ЭА-05-475 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 10-июнундагы № 184-б буйругун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагынын № 188 контурунда жайгашкан 4,0 га сугат айдоо жери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияны куруу жана тиешелүү жабдуулар менен жабдуу максатында которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

- жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-ноябрындагы N 94 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев