Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 20-декабры № 699

"Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине үлүштүк куруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине үлүштүк куруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М.Абылгазиев

 

 

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине үлүштүк куруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ("Эркин Тоо" гезити, 2013-жылдын 26-июлундагы № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-беренеде:

- төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"үлүштүк куруу - курулуштагы инвестициялык иштин формасы, мында курулуш же инвестициялык уюм (куруучу) үлүштүк объекттерди куруу үчүн үлүштүк куруунун катышуучуларынын (үлүш ээлеринин) - жарандардын же юридикалык жактардын акча каражаттарын тартат;";

- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын:

"үлүштүк куруу объектиси - архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эксплуатациялоого киргизилген көп батирлүү үйдүн жана (же) башка кыймылсыз мүлк объектисинин шайкештигине баа берилгенден кийин үлүштүк куруунун катышуучусуна өткөрүлүп берилүүчү жана аталган көп батирлүү үйдүн жана (же) үлүштүк куруунун катышуучуларынын акча каражаттарын тартуу менен курулуп жаткан башка кыймылсыз мүлктүн курамына кирүүчү турак жана турак эмес жай;";

2) 66-беренеде:

- 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Үлүштүк курууга жарандардын акчалай каражаттарын тартууга төмөнкү учурларда жол берилет:

1) архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген долбоорлук-сметалык документациянын экспертизасынын оң корутундусу болгондо;

2) куруучунун көп батирлүү турак үйдү курууга берилген жер участогуна болгон менчик укугун мамлекеттик каттоодо;

3) муниципалдык менчиктен же мамлекеттик менчиктен менчигине берилген жер участокторунда курулушту ишке ашырып жаткан турак жай курулуш-кооперативдери болгондо.

Үлүштүк курууга катышуу келишими каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик катталууга тийиш жана мындай каттоо жүргүзүлгөн учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1, 4-2-бөлүктөр менен толукталсын:

"4-1. Жарандардын үлүштүк курууга киргизилген акча каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында шаар куруу-архитектура ишине катышып жаткан менчиктин түрүнө карабастан подрядчылар, ишканалар жана уюмдар үлүштүк куруу объектисине бирден ашык эмес банк эсебин ачууга милдеттүү.

Жарандардын үлүштүк курууга киргизген акча каражаттарын банк эсебинен пайдалануу каржылоо максаттары үчүн банк эсеби жөнүндө келишимдин шарттарына ылайык ишке ашырылат.

4-2. Ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген талаптарды бузуу менен үлүштүк объекттерди куруу үчүн жарандардын акча каражаттарын тартууга тыюу салынат.

Ушул беренеде белгиленген талаптарды бузуу менен үлүштүк объектти куруу үчүн жарандардын акча каражаттарын тарткан, алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен мүлктүк зыян келтирген жактар кылмыш-жазык мыйзамдарында каралган ченемдерге ылайык жоопкерчилик тартат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти