Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\NKN\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\759024e9-c820-45d8-8c4e-1b463432d029\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 30-декабры № 729

"Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

М.Д. Абдылгазиев

 

 

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

"Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 10, 436-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьясында:

- төмөнкүдөй мазмундагы 23-пункт менен толукталсын:

"23. Айыл чарба кооперациясы - ар түрдүү айыл чарба кооперативдеринин жана алардын союздарынын системасы.";

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кооперативдин мүчөсү - ушул Мыйзамдын жана кооперативдин уставынын талаптарын канааттандыруучу, кооперативдин уставында белгиленген өлчөмдө жана тартипте үлүштүк мүчөлүк акыны кошкон жана добуш берүү укугу менен кооперативге кабыл алынган жеке жана (же) юридикалык жак.";

- 5-пунктунун экинчи сүйлөмүндөгү "жана кошумча" деген сөздөр ", кошумча жана өстүрүлгөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-пункту "мүчөлүк акысы" деген сөздөрдөн кийин ", ал добуш берүү укугун жана кооперативдин ишине катышуу укугун, кооперативдин уставында каралган анын кызмат көрсөтүүлөрү жана жеңилдиктери менен пайдалануу укугун берет" деген сөздөр менен толукталсын;

- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Кошумча үлүш - кооперативдин мүчөсүнүн милдеттүү үлүштүн үстүнөн, кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими боюнча төлөнүүчү үлүштүк акысы, аны менен ал кооперативдин уставында каралган өлчөмдө жана тартипте дивиденддерди алат.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:

"71. Өстүрүлгөн үлүш - кооперативдик төлөмдөрдүн эсебинен түзүлгөн жана кооперативдин өндүрүштүк фонддорун кеңейтүү үчүн пайдалана турган кооперативдин мүчөсүнө таандык үлүшүнүн бөлүгү.";

- 8-пунктундагы "үлүштөрү" деген сөз "кошумча үлүштүк төлөмдөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 9-пункту "алардын" деген сөздөн кийин "жеке эмгектик" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 15-пункт менен толукталсын:

"15. Жеке эмгектик катышуу - кооперативдин мүчөсүнүн кооперативде иштеген күндөрүнүн саны, аткарган иштин же болбосо тигил же бул мезгилде өндүргөн продукциянын көлөмү менен көрсөтүлгөн кооперативдин мүчөсүнүн кооперативдин ишине катышуусу.";

2) 6-статьясы төмөнкү мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:

"11. Кооперативдердин союздары кооперативди башкарууда жетишпеген функцияларды жана кооперативдердин мамлекеттик органдар менен кызматташуусун камсыз кылышат, консультациялык кызматтардын кооперативдер жана алардын мүчөлөрү менен иштеши үчүн шарт түзүп беришет, ошондой эле кооперативдердин өндүрүшүн пландоого жана продукцияны сатууга катышат.";

3) 7-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4. Мамлекет аймактарды өнүктүрүүнүн иштелип чыккан пландары менен болжолдорунун жана максаттуу программаларынын негизинде кайра иштетүүчү жана тейлөөчү ишканаларды сатып алуу жана куруу үчүн мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүү аркылуу кооперативдерди түзүүгө дем берет жана ишин колдойт.";

4) 22-статьясынын 5-пунктундагы "мүчө эместер дагы" деген сөздөр "мүчөлөр гана" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

5) 25-статьясында:

- 3-пункту "үлүштөрүнө киргизилбейт" деген сөздөрдөн кийин "жана кооператив иштеп турган учурда анын мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлбөйт. Мүлк кооператив жоюлгандан кийин бөлүштүрүлөт." деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4. Бөлүнбөс фондду бөлүштүрүү кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан кийин жана кооперативдин бардык карыздары төлөнгөндөн кийин кооперативдин бардык мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экисинин добуштары менен кабыл алынат. Бөлүнбөс фондду пайдалануу жана бөлүштүрүү кооперативдин уставында каралган тартипте жүргүзүлөт.";

6) 26-статьясынын 2-пунктундагы "жана кошумча" деген сөздөр ", кошумча жана өстүрүлгөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

7) 27-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:

"71. Кооперативдин мүчөлөрү кооперативдик төлөмдөрдүн бир бөлүгүн өстүрүлгөн үлүштү толуктоого жумшоосу керек, кооперативдик төлөмдөрдүн калдыгы кооперативдин мүчөсүнө төлөнүп берилет. Кооперативдин мүчөлөрүнүн өстүрүлгөн үлүшүнүн өлчөмү алардын кошумча үлүшүнүн көлөмүнөн ашпашы керек. Өстүрүлгөн үлүштү толуктоонун өлчөмү жана тартиби кооперативдин уставы менен аныкталат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти