Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2020-жылдын 23-январы № 23

"Кыргыз Республикасында грек жаңгагын культивациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, Д.А.Джумабеков, Б.Э.Төрөбаев, А.Ш.Жээнбеков, А.О.Узакбаев, Р.М.Туманбаева, А.М.Эргешов, Т.А.Масабиров, А.Алтынбеков, Жунус уулу Адыл тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында грек жаңгагын культивациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

М.Д. Абдылгазиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2020-жылдын 23-январындагы
№ 23 токтому менен
жактырылган

 

"Кыргыз Республикасында грек жаңгагын культивациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Бакиров, Д.Джумабеков, Б.Төрөбаев, А.Жээнбеков, А.Узакбаев, Р.Туманбаева, А.Эргешов, Т.Масабиров, А.Алтынбеков, Жунус уулу Адыл тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында грек жаңгагын культивациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.

1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунда мыйзамдын долбоору грек жаңгагын культивациялоо, аны менен бирге мамлекеттик токой фондунун аймагынан сырткары жайгашкан жерлерде жемиштерди жана туунду өндүрүмдөрдү, сөңгөктөрдү жана көчөт материалдарын өндүрүү, чогултуу, пайдалануу менен байланышкан ишти жөнгө салууга багытталгандыгы көрсөтүлгөн.

Бирок ошол эле учурда Кыргыз Республикасындагы жаңгак мөмөлүү токойлор да Кыргыз Республикасынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жайгашкан, аларды коргоо жана пайдалануу менен байланышкан укуктук мамилелер "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.

Мындан сырткары, жалпы кабыл алынган практикада "культивациялоо" термини культивациялануучу материалды өстүрүү, көбөйтүү жана анын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу дегенди билдирет. Ошону менен бирге аталган беренеге ылайык грек жаңгагын культивациялоого байланышкан иш "культивациялоо" түшүнүгүнөн сырткаркы туунду өндүрүмдөрдү, сөңгөктөрдү жана көчөт материалдарын өндүрүү, чогултуу, пайдалануу сыяктуу маселелерди өзүнө камтыйт.

Ошондой эле "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, өсүүсүн токтотууга чейинки деңгээлде залал келтирүүгө, сатууга жана сатып алууга, даярдоого, пайдаланууга, буюмдарды жасоого, экспорттоого 2030-жылга чейин тыюу салынат. Ушуга байланыштуу сөңгөктөрдү пайдалануу боюнча сунушталган ченем аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине каршы келет.

2. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинде грек жаңгагын сактоо, өнүктүрүү жана өндүрүш дараметин өстүрүү маселелерин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аныкталган.

Ошону менен бирге "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик органдардын ортосундагы функцияларды бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укугу болуп эсептелет.

3. Мыйзам долбоорунун 6-беренеси жалпысынан мыйзамдарга бланкеттик шилтемени камтыйт, бул Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык келбейт, ага ылайык жалпысынан мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерге жол берилбейт. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 6-беренесин аталган Нускаманын 78-пунктуна ылайык келтирүү зарыл.

4. Мыйзам долбоорунун 7-беренесинде мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик жерлерде жайгашкан грек жаңгагынын плантацияларынын ээлери аныкталган.

Ошол эле учурда Мыйзам долбоорунун 1-беренесине ылайык Мыйзам мамлекеттик токой фондунун жерлериндеги грек жаңгагын культивациялоого байланышкан ишти жөнгө салууга колдонулбайт. Ушуга байланыштуу мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери да мамлекеттик менчик болуп эсептелет, мыйзамдарда коллизияга жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексиндеги жер категорияларына ылайык мамлекеттик менчикке караган жерлерде жайгашкан грек жаңгагынын плантацияларында менчик укуктарын чектөө зарыл.

5. Мыйзам долбоорунун 8-беренесинде мамлекеттик органдардын өндүрүүчүлөрдү керектүү маалымат менен камсыз кылып, жемиштердин экспортун, баа бычууну жана салык салууну жөнгө салып, грек жаңгагынын жемиштерин өндүрүүгө жана сатууга көмөк көрсөтүшү каралган.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында салыктарды белгилөө, колдонууга киргизүү жана алуу боюнча мамилелер Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жөнгө салынат.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары болуп саналбаган мыйзамдарга салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу нормаларды киргизүүгө тыюу салынат.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 токтому менен Кыргыз Республикасынын ички рыногунда мамлекеттик убактылуу жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмеси бекитилген. Мында грек жаңгагынын жемиши аталган тизмеге кирген эмес.

6. Мыйзам долбоорунун 9-беренесинде грек жаңгагын культивациялоо боюнча иш-чараларды республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо каралган.

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен финансылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча финансылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого тийиш, ошондой эле мындай актынын долбоорунун негиздеме-маалым каты аны каржылоо булактарынын болушу боюнча маалыматты камтышы зарыл.

Ошону менен бирге Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында талап кылынган маалымат камтылган эмес.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына ылайык жөнгө салуучу таасиринин талдоосун жүргүзүү тартибин белгилөөчү негизги ченемдердин бири болуп изилденип жаткан проблемалар жана сунушталган мамлекеттик жөнгө салуулар таасирин тийгизүүчү кызыкдар тараптардын (юридикалык жана физикалык жактар жана алардын бирикмелери, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) катышуусу эсептелет.

Бирок Мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоонун негизинде даярдалган аналитикалык кат берилген эмес.

Ушуга байланыштуу жогоруда аталган Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын жетекчиликке алуу менен Мыйзам долбооруна аналитикалык катты даярдоо зарыл.

8. Мыйзам долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына тийиштүү ченемдерди камтыйт жана жергиликтүү жамааттардын жана айыл аймактарынын кызыкчылыктарын көздөйт.

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары, бирликтери менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.

Ошондой эле аталган Мыйзамдын 25-беренесине ылайык тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары, бирликтери менен консультациялардын жана талкуулардын натыйжалары жөнүндө маалыматтар Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында чагылдырылууга тийиш.

Бирок Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында жогоруда аталган маалымат камтылган эмес.

9. Мындан ары "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ченем чыгаруу ишинин принциптерин аныктайт, ченемдик укуктук актылардын түшүнүгүн жана түрлөрүн, алардын өз ара катышын, аларды даярдоонун, кабыл алуунун, жарыялоонун тартибин, ошондой эле аларды колдонуунун, чечмелөөнүн жана коллизияларды чечүүнүн эрежелерин белгилейт.

Аталган Мыйзамдын 4-беренесине ылайык мыйзам - бул белгиленген тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана тиешелүү чөйрөдөгү абдан маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт.

Демек, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ресурстарын натыйжалуу коргоо, сарамжалдуу пайдалануу жана кайрадан өндүрүүнү камсыздоо үчүн укуктук негиздер "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген.

Аталган Мыйзамдын 2-беренесине ылайык грек жаңгагы өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жана табигый өсүмдүк ресурстарынын объектиси болуп эсептелет жана аны коргоо, сарамжалдуу пайдалануу жана кайрадан өндүрүү ушул Мыйзам менен жөнгө салынышы керек.

Ушуга байланыштуу, сунушталып жаткан Мыйзам долбоорун ушул чөйрөдө колдонулуп жаткан мыйзамдарды талдоо аркылуу өзүнчө ченемдик укуктук акт түрүндө кабыл алуу зарылдыгын аныктоо керек.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун ушул корутундуда айтылган сунуштарды жана эскертүүлөрдү эске алуу менен кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.