Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2020-жылдын 17-январындагы
№ 14 токтомуна)

 

2020-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүү
стратегиясы

1. Киришүү

2020-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясы (мындан ары - Стратегия) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдардагы мезгилде "Биримдик, ишеним, жаратмандык" Кыргыз Республикасын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан, шаар курууну өнүктүрүү, ыңгайлаштыруу жана көрктөндүрүү боюнча мамлекеттик саясатты, мамлекеттик жөнгө салуу маселелерин аныктайт жана курулуш тармагын өнүктүрүү перспективаларын аныктоо үчүн программалык документ болуп саналат.

Шаар куруу тармагы мамлекеттин экономикасынын бардык тармагын өнүктүрүү үчүн негизги базис болуп эсептелет. Шаар куруу чөйрөсүндөгү сарамжалдуу жана сабаттуу саясатсыз экономиканын тигил же бул тармагын артыкчылыктуу өнүктүрүүгө жана ар бир мамлекеттин көздөгөн максаты болгон адамдын жашоосу жана тиричилик аракети үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылууга мүмкүн эмес. Улуттук экономиканын негизги тармагынын бөлүгү катары курулуш комплексине жаңы өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес фонддорду түзүү, эл чарбасын модернизациялоо, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, өлкөнүн калкын турак жай менен камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүү жүктөлгөн.

Стратегиянын негизги милдети болуп калктын - Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо чөйрөсүн жана тиричилик аракетин калыптандыруу жана ыңгайлаштыруу боюнча көйгөйлүү багыттарды аныктоо саналат.

Ушул Стратегияны ишке ашырууда курулуштагы өндүрүш потенциалын өнүктүрүү жана курулуш материалдарын өндүрүү, жаратылышты сарамжалдуу жана тең салмактуу пайдалануу, калкты турак жай, билим берүү, саламаттык сактоо, маданий жана спорт объекттери менен камсыздоо, архитектурада жана курулушта маданий жана улуттук өзгөчөлүктөрдү камсыз кылуу каралган.

II. Учурдагы кырдаалды талдоо

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары жер участокторун ар кандай муктаждыктарга, анын ичинде мамлекеттик-коомдук муктаждыктарга алуу тартибин толугу менен аныктабайт, алынуучу жер участоктору жана бузула турган кыймылсыз мүлк объекттери үчүн компенсациялардын түрүн, өлчөмүн жана тартибин аныктабайт.

Шаар куруудагы уруксат берүү системасын жөнгө салуу боюнча мыйзамдарда белгиленген жана башталган кайра түзүүлөр тиешелүү деңгээлде улантылган жок. Шаар куруу ишинин субъекттеринин ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салуучу айрым ченемдик укуктук актылар эскирген, структуралык кайра түзүүлөргө дал келбейт, кайра иштеп чыгууну, өзгөртүүлөрдү киргизүүнү же жаңы редакцияны талап кылат.

Кабыл алынган техникалык регламенттер жана мыйзамдык актылар милдеттүү тиркемелердин аткарылуучу талаптары менен бекитилген эмес, ошондой эле ЕАЭБдин, айрыкча өрт коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы техникалык регламенттердин негизги жоболору эске алынбаган.

Мындан сырткары ар кандай багыттагы имараттарды жана курулмаларды пайдалануу боюнча кандайдыр бир ченемдик документтер жок.

Республиканын аймагындагы архитектуралык-шаар куруу иштерин төмөнкүлөр басаңдатууда:

- жайгаштыруунун жана аймактык пландоонун башкы схемасынын жоктугу;

- жергиликтүү, региондук, ошондой эле республикалык деңгээлде инженердик-техникалык камсыздоо түйүндөрүн өнүктүрүүнүн башкы схемасынын жоктугу;

- жаратылышты пайдалануу аймактарын өнүктүрүү жана зоналаштыруу боюнча шаар курууну пландоо жана Кыргыз Республикасынын өндүрүш күчтөрүн уюштуруу схемасынын жоктугу;

- аймактык пландоонун башкы схемасынан тартып калктуу конуштардын курулуштарынын башкы пландарына жана долбоорлоруна чейинки бардык деңгээлдеги шаар куруу документтерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу системасынын жана ырааттуулугунун жоктугу;

- райондук пландоонун долбоорлорунун жоктугу;

- жергиликтүү, облустук, республикалык деңгээлде шаар куруу кадастрынын жоктугу;

- жерди пайдалануу жана калктуу жерлерди, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарлары үчүн курулуш эрежелеринин жоктугу.

Курулуш жаатындагы илимий-техникалык иштер төмөнкүлөр менен камсыздалган эмес:

- курулуштагы инновациялык ишти өнүктүрүү;

- коопсуздук талаптарын, анын ичинде сейсмикалык, экологиялык жана өрт коопсуздугун эске алуу менен сапаты жана баасы боюнча атаандашууга жөндөмдүү материалдарды жана буюмдарды, курулуш объекттерин түзүү;

- жаңы жогорку сапаттуу, анын ичинде композиттик материалдарды жана буюмдарды чыгарууну өздөштүрүү;

- курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларды өндүрүүдө жана курулуш-монтаждык иштерди жүргүзүүдө энергия керектөөнү азайтуу.

Мамлекеттик колдоо болбогондуктан курулуштагы илимий-техникалык иштер түрдүү профилдик иштердин жана тапшырыктардын өзүн-өзү каржылоосунун эсебинен жүргүзүлүүдө. Курулуш тармагынын профилдик институттарынын илимий-техникалык иштери дээрлик токтоп калган. Профилдик институттарды кошуу жана бөлүү аркылуу жүргүзүлгөн кайра түзүүлөр тиешелүү талдоосуз өткөрүлдү, бул курулуш жаатындагы илимий-техникалык потенциалдын төмөндөшүнө, болгон материалдык-техникалык базанын жоюлушуна жана илимдин тармактагы практикадан бир топ артта калуусуна алып келди.

Заманбап экономика курулуш, анын ичинде курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларды өндүрүү энергоресурстарды жогорку чыгымдоо менен мүнөздөлөт, бул энергияны үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүүнү талап кылат. Энергияны үнөмдөөнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар болсо да, аталган документтерди ишке ашыруу механизми жок.

Энергияны үнөмдөөчү технологияларды жана имараттарды энергетикалык сертификаттоону киргизүүгө мамлекеттик колдоо жок.

Энергия жылуулугун керектөө рыногуна региондордун жана жалпы республиканын алкагында талдоо жүргүзүлбөгөндүктөн керектөөчү ресурстардын сапаты жөнүндө толук маалымат жок, бул энергияны керектөөнү болжолдоого мүмкүндүк бербейт.

Курулуш продукциясынын сметалык наркын калыптандыруу-курулуш процессинин бардык катышуучулары үчүн экономикалык мамилелердин негизги элементи, ал рыноктун бардык шарттарын жана талаптарын көрсөтүүгө тийиш. Курулуш продукциясынын баасын түзүү системасынын негизги элементи болуп сметалык-ченемдик база эсептелет.

Сметалык документтердин эсеби курулуш продукциясына болгон баалардын индексин квартал сайын кайра эсептөө менен 1991-жылдын ченемдерине ылайык жүргүзүлөт, бул курулуш объектинин иш жүзүндөгү наркын аныктоого мүмкүндүк бербей келген. Ушуга байланыштуу жаңы сметалык ченемдер иштелип чыкты.

Бирок жаңы сметалык ченемдер курулуш процессин механизациялоонун заманбап каражаттарын жана заманбап технологияларды колдонууну толугу менен эске ала албайт, салыштырма талдоо жүргүзүү менен конкреттүү объекттерде апробациядан өткөн эмес, мындан сырткары жаңы сметалык ченемдерге өтүү, аларды ишке ашыруу механизми иштелип чыккан эмес жана смета түзүүчү инженерлерди даярдоо маселеси чечиле элек.

Эсептөө практикасына курулуштун наркын аныктоонун ресурстук методу киргизилген эмес.

Турак жай курулушу мамлекеттин негизги маселелеринин бири болуп саналат. Акыркы жылдары республикада курулган турак үйлөрдүн көлөмү туруктуу өсүүдө, бирок алар негизинен мамлекеттик эмес инвестициялардын эсебинен курулууда. Бирок турак жайды колдонууга берүүнүн темпи, анын наркы мамлекетти жана калктын көпчүлүк бөлүгүн, айрыкча анын социалдык аялуу катмарын канааттандырбайт.

Калкты арзан турак жай менен камсыз кылуудагы негизги көйгөйдөн болуп жеңилдиктерди жана ипотекалык кредит берүү боюнча системалуу мамлекеттик саясаттын жетишсиздиги, турак жайдын курулушуна берилүүчү ылайыктуу аймактардын жоктугу саналат.

Жеке турак жай курулуштарынын негизги массасы түрдүү жаратылыштык-геотехникалык кубулуштарга дуушар болгон аймактарда коопсуздук, айрыкча сейсмикалык туруктуулук боюнча талаптарды эске албастан жүргүзүлөт, бул негизсиз тобокелдиктерге алып келиши мүмкүн. Коопсуз жеке турак жайды куруу боюнча калкты маалымдоонун жеткиликтүү формасы жок.

Турак жай фондунун көпчүлүк бөлүгүн моралдык жана физикалык жактан эскирген имараттар түзөт. Имараттардын техникалык абалы, коммуналдык чарба жана инженердик-техникалык камсыздоо системалары жөнүндө так маалыматтар жок.

Турак жай имараттарын пайдаланууда жана турак жай фондун сактоодо системалуулук жок. Турак жай-коммуналдык иш дээрлик жөнгө салынбайт, анын ичинде азыркы күндө башкаруучу компаниялардын ишин жөнгө салуучу ченемдик документтер жок.

Кыргыз Республикасы түрдүү багыттагы курулуш материалдарынын өндүрүшү үчүн руда эмес пайдалуу кен байлыктарга бай.

Бирок азыркы учурдагы кубаттуулук курулуш комплексинин бир аз гана муктаждыктарын камсыз кыла алат, натыйжада рыноктогу негизги үлүш курулуш объекттеринин наркын олуттуу жогорулатуучу импорттук продукцияга таандык.

Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларды өндүрүүчү ишканалардын ишинин төмөн натыйжалуулугу жабдуулардын моралдык жактан жана жогорку деңгээлдеги эскилиги, олуттуу энергия сарптоолору, төмөн өндүрүмдүүлүгү менен шартталган. Прогрессивдүү технологияны ишке киргизүү жүгүртүү каражатынын жетишсиздиги жана мамлекеттик колдоонун жоктугу менен басаңдоодо.

Экологиялык коопсуздук айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы шаар куруу тартибин жана мыйзамдарын, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ченемдик укуктук актыларды сактоого негизделет.

Ошол эле учурда экологиялык коопсуздук, экологиялык экспертиза боюнча колдонуудагы укуктук актылар курулуштун жана объекттердин багытынын, жасалгалоочу жана курулуш материалдарынын түрү боюнча жетишсиз конкреттештирилген.

Курулуш материалдарынын өнүккөн өндүрүшүнүн жоктугуна байланыштуу, цемент, кыш, акиташ, бетон жана башкалардын өндүрүшү сыяктуу өндүрүш процессинин айлана-чөйрөгө таасири локалдуу мүнөзгө ээ.

Шаар курууну пландоодо автотранспорт каражаттарынын көбөйүп жаткан агымы жана саны эске алынбайт, натыйжада автомобиль токтоочу жайларды жайгаштыруу жана абанын булгануу көйгөйлөрү келип чыгат.

Шаар куруу документтеринин жоктугу шаарлардын жана калктуу конуштардын баш аламан курулушуна, аларды жашылдандыруу аянттарынын азайышына, автомобиль токтоочу жайлар ээлеген аянттардын көбөйүшүнө алып келүүдө, мында бул глобалдуу көйгөйлөрдү чечүү толугу менен үй куруучуларга жүктөлгөн.

Кесипкөй кадрлар курулуш тармагын өнүктүрүүнүн негизги факторлорунун бири болуп эсептелет. Бирок азыркы күндө кадрларды даярдоо системасында көптөгөн көйгөйлөр бар, алардын негизгилери:

- курулуш тармагында бардык деңгээлдеги адистерге болгон реалдуу муктаждыкка талдоонун жоктугу;

- курулуш тармагынын заманбап өнүгүү тенденциясын эске алган окуу программаларынын жоктугу;

- жогорку билим берүү системасын негизсиз бөлүштүрүү менен курулуш тармагынын адистерин даярдоонун чет элдик методикасына кызыгуу, техникалык сабактардын көлөмүнүн кыскарышы курулуш тармагына даярдыктан өтпөгөн адистерди алып келди, бул жыйынтыгында курулуш продукциясынын сапатына терс таасирин тийгизди;

- кадрларды жумуш ордунда бекитүү практикасынын жоктугу. Бүгүнкү күндө жаш кадрлар үчүн жеңилдиктер жок, жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелери менен курулуш уюмдарынын ортосундагы байланыштар токтотулган. Натыйжада курулуш адистеринин башка өлкөлөргө кетиши байкалууда.

Ишканалардын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү шаарды өнүктүрүүнүн экономикалык базасына байланыштуу. Өндүрүштүк-экономикалык жана социалдык депрессиялар Кыргызстанда кризистик шаарлардын пайда болушуна алып келди. 31 шаардын ичинен онго жакын шаарлар: Сүлүктү, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак, Орловка, Кайыңды, Кемин, Шопоков, Балыкчы шаарлары кризистик шаарлар болуп саналат, анда ишканалардын өндүрүшү токтотулуп, адистер башка региондорго көчүп кетишкен.

Айрым шаарларда - Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак, Орловка, Кажы-Сай шаарларында заводдордун өндүрүшүнөн консервацияланууга тийиш болгон калдык сактагыч жайлар калган.

Ушул жана башка шаарлардын көп кабаттуу турак үйлөрүндө бош калган батирлер бар.

2000-жылдардын башында Бишкек-Ош автомагистралы калыбына келтирилип, андан кийин Ош-Баткен жолу курулган, аны менен региондор аралык транспорттук инфраструктура түзүлгөн, бул өлкөнүн түндүгү менен түштүгүнүн ортосундагы байланышты камсыздап, шаарларды, калктуу конуштарды камтыган. Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бир катар позитивдүү жыйынтыктар менен катар автомобиль трассаларынын жээктеринде көптөгөн формалдуу эмес турак жай курулуштары жана соода түйүндөрү пайда болууда.

Экономикалык реформанын жылдарында республикада бир катар олуттуу өзгөрүүлөр болду: курулуш тармагында инвестициялык ишти мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы механизмдери калыптанууда, алар мамлекеттик жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) механизмин өнүктүрүү жана жайылтуу, курулушта уруксат берүү системасын оптималдаштыруу, ЕАЭБ алкагында жүрүп жаткан интеграциялык процесстерге байланыштуу шаар куруудагы техникалык ченемдерди бирдейлештирүү жана актуалдаштыруу болуп эсептелет.

Ошону менен катар шаар куруу ишинин субъекттери уруксат берүүчү документтердин берүү мөөнөтүнүн узактыгы сыяктуу жерди колдонуу жана административдик тоскоолдук маселелери боюнча бир катар мыйзамдык чектөөлөргө дуушар болууда, ал курулуш тармагына инвестиция тартууга тоскоолдуктарды жаратат.

Айылдагы калктуу конуштардан ири шаарларга болгон ички миграция процессинин күчөшү республиканын аймагында турак жай маселесин тез аранын ичинде чечүүнү жана курулуш продукциясынын өндүрүштүк кубаттуулугун өнүктүрүүнү талап кылат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2017-жылдын аягына карата калктын турак жай менен камсыз болуусу бир адамга 13,2 м2 түзөт, бул Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинде каралган минималдык турак аянтынан (12 м2) бир азга жогору. Салыштыруу үчүн бир кишиге турак аянты менен камсыз болуу Орусияда 22,0 м2, Казакстанда 18,0 м2 түзөт.

 

1-таблица

Кыргыз Республикасында турак жайды ишке киргизүү көлөмүнүн көрсөткүчү

Аталышы

2013-ж.

иш жүз.

2014-ж.

иш жүз.

2015-ж.

иш жүз.

2016-ж.

иш жүз.

2017-ж.

иш жүз.

Калктын саны, миң киши

5776,6

5895,1

6019,5

6140,2

6256,7

Ишке киргизилген турак жайдын аянты, 1000 адамга эсептегенде, кв./м

163,8

185,5

205,6

204,3

237,4

Маалымат булагы: КР УСК

№ 1 таблицадагы ишке киргизилген турак жай аянтынын бир азга өсүшү курулуштун жогорку наркы, калктын көпчүлүгүнүн төлөм жөндөмүнүн жоктугу менен шартталган. 2015-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасы калктын аз камсыз болгон катмарын, анын ичинде бюджеттик уюмдардын кызматкерлерин ипотекалык кредит берүү аркылуу арзан турак жай менен камсыз кылат. Бирок ипотекалык кредит берүү системасы бир топ татаал, көп тепкичтүү жана калктын калың катмары үчүн жеткиликтүү эмес.

Турак жайдын наркы импорттолуучу курулуш материалдарына болгон жогорку баа, курулушка берилген жер участокторунун кымбат наркы, начар өнүккөн инженердик-техникалык камсыздоо түйүндөрү менен шартталган.

Турак жай курулушун мындан ары өнүктүрүү ипотекалык кредит берүүнү, турак жай курулушун индустриализациялоону, инженердик-техникалык камсыздоо системасын өнүктүрүүнү биринчи планга алып чыгат.

Имараттарды жана курулмаларды куруу технологиясынын, курулуш процесси үчүн машиналардын жана механизмдердин эскириши, натыйжалуу эмес материалдар, буюмдар жана конструкциялар, көптөгөн чакан жеке ишканалардын саны турак жайдын наркын андан да көбөйтүүдө (№ 2 таблица).

 

2-таблица

Турак үйлөрдүн(1) жалпы аянтынын бир квадрат метринин
курулушунун орточо иш жүзүндөгү наркы

(чакан ишканалар боюнча маалыматтарды кошпогондо: баалоо боюнча, сом менен)

 

2013-ж.

2014-ж.

2015-ж.

2016-ж.

2017-ж.

Бардыгы

16186,5

17432,0

21077,4

17688,0

20451,3

анын ичинде жеке турак үйлөр

13278,9

14174,3

15796,2

14057,7

13871,5

анын ичинде айыл жеринде

11397,0

12153,5

12981,7

13339,0

13778,2

анын ичинде жеке турак үйлөр

9778,4

10467,0

11085,0

11568,9

12000,3

анын ичинде шаар жеринде

20354,0

22078,6

27472,0

21644,1

25189,0

анын ичинде жеке турак үйлөр

17244,4

18822,2

23385,0

18530,8

17443,0

(1)Жатаканаларды кошпогондо

 

 

 

 

 

Маалымат булагы: КР УСК

Социалдык-маданий багыттагы объекттердин курулушу эң эле көрсөтмөлүү болуп саналат.

Азыркы учурда республиканын аймагында сыйымдуулугу ар түрдүү болгон 2000ден ашуун мектеп иштейт, алардын 70%га жакыны айыл жеринде жайгашкан.

ЮНИСЕФ долбоорунун алкагындагы изилдөөлөрдө белгиленгендей, көпчүлүк мектеп имараттары билим берүү объекттерине коюлган заманбап талаптарга жооп бербейт. Мындан сырткары жалпы билим берүү мекемелеринин курулушун өнүктүрүү, иштеп жаткан мектептерди капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо боюнча мамлекеттик программа жок.

Ушундай эле кырдаалды саламаттык сактоо, маданият, спорт жана башка социалдык маанилүү объекттер боюнча да байкоого болот.

Курулуш материалдарынын өндүрүш технологиясынын эскириши жана жабдуулардын эскилиги айрым курулуш материалдарын өндүрүү деңгээлинин төмөндүгү, курулушта аларды колдонуу көлөмүнүн кыскарышы менен шартталган (№ 3 таблица).

 

3-таблица

Курулуш материалдарынын өндүрүшүнүн негизги көрсөткүчтөрү

 

Өлчөө
бирд.

1991-ж.

1995-ж.

2000-ж.

2005-ж.

2010-ж.

2015-ж.

2016-ж.

2017-ж.

Продукциянын көлөмү

млн.

сом

3,1

298,8

1288,5

4168,3

6314,4

13930,2

12055,9

15051,2

анын ичинде (накталай мааниде):

Цемент

миң т

1320,3

309,6

452,9

972,8

759,7

1496,4

1301,6

1504,8

Курулуш акиташы

миң т

69,2

6,0

8,2

8,5

6,5

5,0

6,3

6,6

Курама конструкциялар

миң м3

2000-ж. - т

1138,7

69,2

114000,0

98592,6

102343,8

200713,6

199684,0

216007,3

Кыш

млн. даана

шартт. кыш

874,0

96,4

76,3

112,9

50,6

70,3

68,8

77,1

Асбоцемент буюмдары

млн.

шартт. плитка

175,4

66,4

156,0

229,5

69,1

43,7

54,6

65,7

Айнек

2000-ж.

чейин

млн м2,

2000-ж.

тартып

миң м2

0,02

2,1

-

22300,0

0,0

14883,2

17879,0

26577,3

Маалымат булагы: КР УСК

Азыркы учурда Кыргыз Республикасында курулуш иштерин имараттарды, курулмаларды жана экономиканын бардык тармактагы ишканаларын долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, техникалык жаңыртуу жана капиталдык оңдоо иштерин аткарган көп сандаган подрядчы курулуш уюмдары, долбоорлоо жана технологиялык транспорт уюмдары жүргүзүүдө. Мындай уюмдардын көбөйүшү атаандашуу жөндөмүнүн жана ички дүң продукциянын өсүшүнө алып келет (№ 4 таблица).

 

4-таблица

Кыргыз Республикасындагы курулуш ишканаларынын саны

Көрсөткүчтүн аталышы

2013-ж.

2014-ж.

2015-ж.

2016-ж.

2017-ж.

Курулуш ишканалары, (чакан ишканаларды кошпогондо)

373

373

357

352

363

Кызматкерлердин, жумушчулардын саны (чакан ишканаларды кошпогондо), бардыгы, адам

13073

12881

12916

13108

13670

Маалымат булагы: КР УСК

III. Стратегиянын негизги максаттары жана артыкчылыктары

2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында рыноктук экономикалык мамилелерге жана заманбап талаптарга шайкеш келген өсүү башаты болгон 20 шаардын башкы пландарын иштеп чыгуу жана бекитүү максаты коюлган. Ар бир шаарда деталдуу пландоо менен бекитилген өнүктүрүүнүн башкы планы, инженердик-транспорттук инфраструктуранын келечектүү планы, аймактардын турак жай, социалдык-маданий, коммуналдык-тиричилик чөлкөмүн өнүктүрүүнүн келечектүү планы болот. Шаарларды өнүктүрүүнү пландоонун бардык аталган элементтери экономикалык адистешүү, шаарлардын географиялык жана маданий-тарыхый өзгөчөлүктөрү менен тыгыз байланышта.

Бул максаттарга жетүү үчүн илимий-техникалык прогресстин комплекстүү программалары, өндүрүш күчтөрүн өнүктүрүү жана жайгаштыруу схемалары, экономикалык жана социалдык өнүктүрүү концепциялары, мамлекеттик программалары жана негизги багыттары менен биргеликте, ошондой эле жаратылышты коргоонун аймактык комплекстүү схемасын, калктуу конуштарды жана аймактарды кооптуу жаратылыштык-техногендик процесстерден коргоо схемасын эске алуу менен региондук шаар куруу программасынын, схемасынын жана райондук пландоо долбоорунун негизинде республика жана экономикалык райондор боюнча жайгаштыруунун башкы схемасынын долбоорун иштеп чыгуу зарыл.

Жайгаштыруу системасы - мейкиндик, социалдык-экономикалык жана маданий байланыштар менен бириккен жана иерархиялык жактан баш ийген калктуу аймактардын түйүнү.

Мында жайгаштыруу системасы үчүн бирдиктүү социалдык, өндүрүштүк, инженердик-транспорттук жана башка инфраструктураларды түзүүнү, ошондой эле калктуу конуштардын таасир этүү чөлкөмүнүн - жайгаштыруу системасынын борборунун же борборчосунун чегинде келечекте өнүгүүчү эмгектик, маданий-тиричилик жана рекреациялык байланыштарды эске алуу керек.

Ушул сыяктуу терс жыйынтыктарды болтурбоо жана бири-бири менен байланышкан маселелерди комплекстүү чечүү үчүн региондук жайгаштыруу системасынын долбоорун иштеп чыгуу керек.

2018-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Биримдик, ишеним, жаратмандык" программасында көрсөтүлгөндөй: Курулуш комплекси фондду жана системаны уюштуруучу негизги тармак болуп саналат. Мамлекеттик экономикалык саясат ар бир жарандын өзүнүн турак жай шартын жакшыртуусу жана негизги фондду жаңылоо үчүн курулуш секторун ырааттуу колдоого алат. Мамлекеттин аракеттери аз камсыз болгон жарандарды социалдык турак жай менен камсыз кылууга, мамлекеттин милдеттенмелери бар жарандардын категорияларына (мисалы, аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө) субсидия жана сертификат түрүндө колдоо көрсөтүүгө жана турак жай, анын ичинде иштеген жарандардын жеке жана зайымдык каражаттарынын эсебинен аз кабаттуу турак жай алуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталат.

Аталган Программаны ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аз камсыз болгон жарандарды социалдык турак жай менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү саясатын улантат.

Максаттарга жетүү үчүн Стратегияда төмөнкүдөй артыкчылыктар аныкталган:

- калктуу конуштардын аймактарында шаар курууну өнүктүрүү, ыңгайлаштыруу жана көрктөндүрүү боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аймактык архитектура жана шаар куруу органдарынын ишин координациялоо;

- жаратылышты сарамжалдуу жана тең салмактуу пайдалануу;

- курулушта илимдин, техниканын жана технологиялардын инновациялык багыттарын жөнгө салуу;

- аз камсыз болгон жарандарды социалдык турак жай менен камсыз кылуу;

- жарандарды билим берүү, саламаттык сактоо, маданий жана спорт объекттери менен камсыз кылуу;

- архитектурада жана курулушта улуттук жана маданий өзгөчөлүктү камсыз кылуу;

- курулушта жана курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкциялардын өндүрүшүндө өндүрүштүк потенциалды өнүктүрүүнү жөнгө салуу.

IV. Стратегиянын негизги милдеттери жана чаралары

Стратегиянын максаттарына жетүү төмөнкү маселелерди чечүүдөн көз каранды:

- региондук шаар куруу программаларынын, схемаларынын жана райондук пландоонун долбоорлорунун негизинде республика жана экономикалык райондор боюнча жайгаштыруунун башкы схемасы менен камсыз кылуу;

- шаарлардын жана айылдагы калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу жолу менен шаарларды жана айылдагы калктуу конуштарды шаар куруу документтери менен камсыз кылуу;

- тийиштүү региондук кадастрлардын негизинде республикалык, региондук жана жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик шаар куруу кадастрын түзүү жана жүргүзүү;

- шаар куруу чөйрөсүндө мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө системасын оптималдаштыруу;

- инженердик-техникалык камсыздоонун түйүндөрүн жана курулмаларын өнүктүрүүнүн аймактык схемасын жана аларды ишке ашыруу тартибин иштеп чыгуу жолу менен инженердик-техникалык камсыздоо системасын жана инфраструктураны өркүндөтүү;

- курулуш материалдарын өндүрүүдө зыяндуу заттардын атмосферага чыгуусун азайтуу;

- аз калдыктуу технологиялык процесстерди ишке киргизүү;

- жашыл бак-дарактардын аянтын кеңейтүү;

- кошумча санкцияларды же жеңилдиктерди киргизүүнүн эсебинен курулуп бүтө элек курулуштардын көлөмүн азайтуу.

Жаңы технологияларды, заманбап материалдарды, конструкцияларды, курулуш машиналарын колдонуу механизмдерин эске алуу менен ресурстук методиканы киргизүү аркылуу сметалык ченемдерди өркүндөтүү. Капиталдык салымдарды тагыраак болжолдоо үчүн баалардын деңгээлинин накта абалына мониторинг жүргүзүү жана маалымат базасын түзүү керек.

Турак жай курулушунун негизги милдети болуп турак жай курулушунун өсүшүн камсыздоо, анын наркын арзандатуу, турак жайдын жайлуулугун жана сапатын жогорулатуу, учурдагы турак жай фондун жана коммуналдык инфраструктураны коопсуздук, сапат стандартына шайкеш келтирүү, ошондой эле райондор үчүн жылуулук жана электр менен камсыз кылуунун борбордон ажыратылган системасын түзүү.

Социалдык жана жеткиликтүү турак жайды куруу үчүн жеңилдетилген шартта жер участокторун бөлүп берүүнү эске алуу менен мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу.

Пайдалануучу уюмдар жана турак жай-коммуналдык чарба кызматынын ишин жөнгө салуучу ченемдик документтерди иштеп чыгуу.

Курулуш тармагынын адистерин даярдоо жана кайра даярдоо, бардык деңгээлдеги адистерди окутуу программасын өркүндөтүү аркылуу кадр потенциалын квалификациялуу кадрлар менен камсыздоо зарыл.

Өткөн мезгилдеги оң тажрыйбаларды эске алуу менен бардык деңгээлдеги адистерди окутуу программасын кайра карап чыгуу.

1. Шаар куруу, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба жаатында мамлекеттик жөнгө салуу системасын өркүндөтүү

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архитектура-курулуш иштери чөйрөсүндө иштеп чыгуу жана ишке ашыруу саясаты боюнча учурдагы структурасы курулуш тармагын натыйжалуу башкарууга мүмкүндүк бербейт.

Ал үчүн архитектура-курулуш иштери чөйрөсүндө иштеп чыгуу жана ишке ашыруу саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды оптималдаштыруу үчүн бир катар чараларды көрүү сунушталат:

- архитектура-курулуш иштери чөйрөсүндө иштеп чыгуу жана ишке ашыруу саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды комитет катары кайра түзүү менен анын статусун жана ролун жогорулатуу.

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын алдында комплекстүү экспертиза боюнча бирдиктүү аткаруу органын түзүү;

- архитектура, шаар куруу, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө коопсуздук боюнча талаптардын аткарылышын техникалык жөнгө салуу жана мамлекеттик контролдоо системасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү;

- бийлик менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик жеке өнөктөштүктү өркүндөтүү жана өнүктүрүү, мамлекеттик ресурстарды жана экономиканын мүмкүнчүлүктөрүн республикалык жана региондук деңгээлде колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик функцияларды аткаруунун натыйжалуулугун, Кыргыз Республикасынын региондорунун инвестициялык жагымдуулугун, социалдык-маанилүү долбоорлорду ишке ашыруудагы кесипкөйлүктү жогорулатуу, мамлекеттин, коомдун жана бизнестин кызыкчылыктарын шайкеш келтирүү, бизнестин социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу максатында мамлекеттик жеке өнөктөштүктү өркүндөтүү жана өнүктүрүү;

- архитектура-курулуш иштери чөйрөсүндө иштеп чыгуу жана ишке ашыруу саясаты боюнча мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн "Бирдиктүү терезе" боюнча ишинин стандартын иштеп чыгуу.

 Көрүлгөн чаралардын натыйжасында архитектура-курулуш ишин мамлекеттик жөнгө салуу оптималдаштырылат, берилген эксперттик корутундулардын сапаты жогорулайт, экспертизаларды өткөрүү мөөнөтү кыскарат жана курулуш жаатында коррупциялык тобокелдиктер азаят.

2. Ченемдик укуктук жөнгө салуу системасын өркүндөтүү

Стратегиянын багыттарын ишке ашыруу мыйзамдар базасын өркүндөтүүнү талап кылат, анын ичинде:

- архитектура-шаар куруу иши чөйрөсүндөгү укуктук кенемтелерди жоюу аркылуу шаар куруу мыйзамдарын оптималдаштыруу;

- мамлекеттик-коомдук муктаждыктар үчүн жер участокторун жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин алуу механизмин иштеп чыгуу, бул тийиштүү мыйзамдын долбоорун даярдоону талап кылат;

- Кыргыз Республикасынын Жер жана Турак жай кодекстерине, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жер жана турак жай мыйзамдарын шайкеш келтирүү;

- "Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен уруксат берүүчү документтерди жана лицензияларды берүү тартибин өркүндөтүү;

- имараттардын жана курулмалардын коопсуздугун (сейсмикалык, экологиялык, өрт коопсуздугун ж.б.) камсыз кылууну жөнгө салуучу жаңы мыйзамдык актыларды иштеп чыгуу жана иштеп жаткан мыйзамдарды өркүндөтүү;

- улуттук техникалык регламенттерди иштеп чыгуу менен курулуш тармагында техникалык ченемдер системасын өркүндөтүү, иштеп жаткан ченемдик документтерди актуалдаштыруу жана өз ара шайкеш келтирүү (КЧжЭ, КЭ, стандарттар ж.б.);

- курулуш тармагында мамлекеттик сатып алуу жол-жобосун өркүндөтүү.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында шаар куруу ишинин бардык түрлөрү регламенттелет, лицензия даярдоо жана берүү мөөнөтү кыскарат, лицензиардын, лицензиаттын жана тапшырык берүүчүлөрдүн тендерди өткөрүүгө жоопкерчилиги жана долбоордук документтердин сапаты жогорулайт, ошондой эле колдонулуп жаткан имараттардын сейсмикалык туруктуулугу жогорулайт.

3. Санариптик маалымат-коммуникациялык технологияларды/инфраструктуранын маалымат технологиясын өнүктүрүү

"Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясында архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө иштеп чыгуу жана ишке ашыруу саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга курулуш тармагын бирдиктүү комплекстүү маалыматтык башкаруу системасын жана долбоорлоого, курулушка жана башка кыймылсыз мүлк объекттерине, бүткөн курулуш объекттерин пайдаланууга берүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча бирдиктүү комплекстүү маалымат системасын ишке киргизүү тапшырылган.

Ал үчүн төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу керек:

- волокондук-оптикалык байланыш линияларын курууга техникалык стандарттарды иштеп чыгуу;

- Кыргыз Республикасынын бардык калктуу конуштарында кең тилкелүү Интернет түйүндөрүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн ВОБЛ (трансчегаралык, магистралдык, ички чөлкөмдүк ж.б.) курууга техникалык-экономикалык негиздеме;

- Кыргыз Республикасынын аймагында этабы менен ВОБЛ (трансчекаралык, магистралдык, ички чөлкөмдүк ж.б.) куруу.

 Шаар куруу жаатын санариптештирүү шаар куруу кадастрын жана шаар куруу документтерин эсепке алуу, сактоо жана контролдоо электрондук системасын (архив) камсыз кылат (санариптөө).

4. Курулушту санариптик трансформациялоо

"Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясында архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө иштеп чыгуу жана ишке ашыруу саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бизнес-ассоциациялар, министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте маалымат-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен Курулуш тармагын өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу тапшырылган.

Ал үчүн маалымат-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен Курулуш тармагын өнүктүрүү программасынын долбоорун жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жолу менен курулуш тармагын өнүктүрүү үчүн МКТны ишке киргизүү боюнча бир катар чаралар сунушталат. Ошондой эле Курулуш тармагын маалыматтык башкаруу системасы жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу жана уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча маалыматтык системаны ишке киргизүү зарыл.

Аталган Программаны ишке ашырууда курулуш тармагын маалыматтык башкаруу системасы жана долбоорлоого, курулушка жана башка кыймылсыз мүлк объекттерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берүүчү документтерди берүү, бүткөн курулуш объекттерин пайдаланууга кабыл алуу тартибин камсыздоо боюнча маалымат системасы ишке киргизилет.

5. Илимий-техникалык саясат

Энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү жаңы технологияларды киргизүү, модификацияланган бетонду колдонуу менен курама жана монолит темирбетон конструкцияларды даярдоо, жогорку технологиялык калыптоо системасынын, жогорку жылуулукту сактоочу жана акустикалык касиеттерге ээ болгон көп кабаттуу имараттардын сырткы коргоочу конструкцияларынын түрдүү конструктивдүү системаларынын негизинде заманбап жасалгалоочу материалдарды жана инженердик жабдууларды колдонуу менен курулуштун ылдам технологиясын ишке киргизүү максатында тең салмактуу илимий-техникалык жана инновациялык саясатты иштеп чыгуу зарыл.

Бул милдеттерди ишке ашыруу үчүн:

Курулуш тармагынын илимий-техникалык потенциалын жогорулатуу, төмөнкүдөй жол менен:

- тармактын илимий базасын өнүктүрүү жана калыбына келтирүү, илимий изилдөөлөргө мамлекеттик колдоону камсыз кылуу жана шыктандыруу, массалык курулуш объектилери үчүн типтүү долбоорлоону өнүктүрүү;

- айыл жерлери үчүн турак жай имараттарынын жаңы конструктивдик-технологиялык системасын түзүү.

Колдонулуп жаткан имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык коопсуздугун камсыз кылуу, төмөнкүдөй жол менен:

- колдонулуп жаткан имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу;

- колдонулуп жаткан турак жай фондунун техникалык абалын талдоо, изилдөө, инвентаризация жүргүзүү жана анын негизинде табигый кырсык учурунда мүмкүн болгон коркунучтарды жана аларды болтурбоо боюнча чараларды баалоо.

6. Курулуш тармагындагы кадр потенциалы

Архитектуралык комплексти өнүктүрүүнү кадр менен камсыздоо жаатында - профилдик жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын негизинде жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо, аттестациялоо жана кайра даярдоо боюнча бирдиктүү үзгүлтүксүз көп деңгээлдүү системаны түзүү жана иштетүү.

Кадр саясаты жаатында адистерди даярдоо жана кайра даярдоо аркылуу квалификациялуу кадрларды камсыздоо, курулуш тармагынын бардык деңгээлдеги адистерин окутуу программасын өркүндөтүү зарыл.

Өткөн мезгилдеги оң тажрыйбаларды эске алуу менен бардык деңгээлдеги адистерди окутуу программасын кайра карап чыгуу.

Жаңы ченемдик сметалык документтерди ишке киргизүү боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарын жана семинарларды уюштуруу.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында курулуш кесибиндеги кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо системасы, долбоордук-сметалык документтердин жана курулуштун сапаты жакшырат.

Долбоорлорго экспертиза жүргүзгөн эксперттердин, ошондой эле шаар куруу ишинде сертификаты бар адистердин бирдиктүү электрондук базасын түзүү долбоорлорго экспертиза жүргүзгөн эң эле кесипкөй эксперттерди тандоону камсыз кылат.

7. Шаар куруу ишин өнүктүрүү

Шаар куруу ишин өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте төмөнкүлөр зарыл:

- Кыргыз Республикасында башкы жайгаштыруу схемасынын долбоорун иштеп чыгуу;

- шаарлардын жана айылдагы калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу жолу менен шаарлардын жана айылдагы калктуу конуштардын шаар куруу документтерин иштеп чыгуу;

- райондук пландоонун долбоорун жана схемасын иштеп чыгуу;

- Бишкек жана Ош шаарлары үчүн деталдык пландоонун долбоорун жана курулуш долбоорун иштеп чыгуу;

- шаар курууну зоналаштыруу жана аймактык пландоо долбоорлорун, жерди пайдалануу жана шаар куруу эрежелерин иштеп чыгуу;

- тиешелүү региондук кадастрлардын негизинде республикалык, региондук жана жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик шаар куруу кадастрын түзүү жана ишке киргизүү;

- шаар куруу чөйрөсүндө мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө системасын оптималдаштыруу;

- инженердик-техникалык камсыздоо түйүндөрүн жана курулмаларын өнүктүрүүнүн аймактык схемасын жана аны ишке ашыруу тартибин иштеп чыгуу аркылуу инженердик-техникалык камсыздоо системасын жана инфраструктураны өркүндөтүү;

- кошумча санкцияларды жана жеңилдиктерди киргизүүнүн эсебинен курулуп бүтө элек курулуштардын көлөмүн жок кылуу;

- шаар куруу документтерин эсепке алуу, сактоо жана контролдоо боюнча электрондук системаны (архив) түзүү (санариптөө);

- параллелдик талдоо жүргүзүү менен инженердик-техникалык камсыз кылуу системасын толук инвентаризациялоо жана иш жүзүндө керектелүүчү жылуулук энергия ресурстарынын, суунун жана чыгарылган саркынды суулардын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу;

- инженердик-техникалык камсыздоо түйүндөрүн жана курулмаларын өнүктүрүүнүн аймактык схемасын жана аны ишке ашыруу тартибин иштеп чыгуу;

- болгон программаларды колдонуу менен программалык камсыздоону ишке киргизүү, ошондой эле маалыматтарды сактоо.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында шаар куруу жана архитектура жаатындагы тийиштүү ченемдик техникалык документтердин базасында курулуш тармагынын пландуу өнүгүүсү камсыздалат.

8. Турак жай, коомдук жана өндүрүш объекттерин куруу жана аларды пайдалануу

Курулуп жаткан турак жайларды көбөйтүү, анын наркын төмөндөтүү, турак жайдын жайлуулугун жана сапатын жогорулатуу, турак жай фондун жана коммуналдык инфраструктураны коопсуздуктун, сапаттын стандарттарына шайкеш келтирүү, ошондой эле райондор үчүн электр жана жылуулук менен камсыз кылуунун борборлоштурулбаган системасын түзүү турак жайдын жеткиликтүү болушу үчүн жагымдуу шарттарды камсыздоо болуп саналат.

"2020-жылга чейин арзан турак жай" мамлекеттик программасын жана "Биримдик, ишеним, жаратмандык" 2018-2022-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу аз камсыз болгон жарандарды турак жай менен камсыздайт.

Учурдагы ипотекалык кредит берүү системасын жакшыртуу банк каражаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана курулуш уюмдарынын каражаттарын турак жайдын курулушуна багыттоону камсыз кылат.

Банктык эмес финансылык (фондулук жана камсыздандыруучу) рыноктун инструменттерин, анын ичинде турак жай сертификаттарын, ипотекалык баалуу кагаздарды жана корпоративдик облигацияларды активдүү колдонуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган чаралар турак жай курулушун каржылоо жана калкты арзан турак жай менен максималдуу камсыздоо инструментин кеңейтет.

9. Имараттардын жана курулмалардын энергетикалык натыйжалуулугу, энергияны жана ресурстарды үнөмдөө технологиясы

Шаар курууда энергетикалык натыйжалуулук көйгөйлөрү төмөнкү маселелерди чечүүнүн эсебинен комплекстүү чечилүүгө тийиш:

1. Колдонулуп жаткан имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу, төмөнкүдөй жол менен:

- курулуш тармагында энергияны үнөмдөө жана энергетикалык натыйжалуулук чөйрөсүндө комплекстүү тармактык программаны иштеп чыгуу жана бекитүү;

- "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу механизмин иштеп чыгуу;

- колдонулуп жаткан имараттардын жылуулугун калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу жана жылуулукту үнөмдүү колдонууга дем берүү.

2. Имараттардын жылуулугун сактоочу, энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү технологиялардын жана инженердик жабдуулардын натыйжалуу конструктивдүү чечимдерин киргизүүгө укуктук колдоо көрсөтүү, төмөнкүдөй жол менен:

- жогорку сапаттуу жана атаандашууга жөндөмдүү курулуш конструкцияларын, материалдарын жана буюмдарын чыгаруу (3Д-Панель, ЛТСК, ИМПАК системасы ж.б.).

- энергияны үнөмдөөчү материалдарды, конструкцияларды, технологияларды жана энергияны колдонуучу жабдууларды ченемдик техникалык камсыздоо, заманбап конструкцияларды жана технологияларды киргизүү.

10. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүү

Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын өндүрүшүн өнүктүрүүдөгү негизги багыт ата мекендик курулуш рыногун атаандашууга жөндөмдүү жогорку сапаттагы продукция менен камсыздоо зарылдыгын аныктайт.

Курулуш материалдарын өндүрүүдө белгиленген максаттарга жетүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү зарыл:

1. Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын техникалык жабдууларын жогорку деңгээлге өткөрүү менен алардын өндүрүшүнүн негизги фондун жаңылоо үчүн укуктук шарттарды жана жеңилдиктерди түзүү;

2. Ата мекендик курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүчү ишканалардын ишине мамлекеттик колдоону камсыз кылуу.

11. Экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо

Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүдө курулуш комплексинин иши, ошондой эле ар кандай объекттерди куруу процесси айлана-чөйрөнүн абалына өз таасирин тийгизет. Бул процесстердин таасирин азайтуу үчүн төмөнкү маселелерди чечүү керек:

- курулуш материалдарын өндүрүүдө атмосферага зыяндуу заттардын чыгуусун азайтуу;

- өндүрүштүн заманбап методдорун колдонуу менен аз калдыктуу технологиялык процесстерди ишке киргизүү;

- жашыл бак-дарактардын аянтын кеңейтүү;

- шаар курууну пландоодо автотранспорттун көбөйүп жаткан санын эске алуу;

- айлана-чөйрөнүн булгангандыгы үчүн компенсацияларды төлөө механизмин иштеп чыгуу.

V. Стратегияны ишке ашырууда күтүлүүчү натыйжалар жана индикаторлор

Ушул Стратегияны ишке ашыруу курулуш комплексин өнүктүрүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде экономиканын башка тармактарын өнүктүрөт жана төмөнкүлөр менен камсыз кылат:

- башкы схема; ал Кыргыз Республикасында аймактарды жайгаштыруу жана уюштуруу жаатындагы негизги багыттарды аныктоо боюнча узак мөөнөттүү документ болуп саналат жана шаар куруу документтеринин кийинки этаптары менен региондук деңгээлде аймактарды жайгаштыруу боюнча саясат жүргүзүүнү аныктайт;

- аймактык комплекстүү схема, жаратылышты коргоо, аймактарды жана калктуу конуштарды кооптуу жаратылыш-техногендик процесстерден коргоо схемасын эске алуу менен райондук пландоонун долбоору жана схемасы;

- шаар куруу ишин мамлекеттик жөнгө салууну оптималдаштыруу;

- курулуш тармагына инвестицияларды тартуу;

- берилүүчү эксперттик корутундулардын сапатын жогорулатуу;

- региондорду жана калктуу конуштарды пландуу өнүктүрүү;

- калктын жумуш менен камсыз болуусун жогорулатуу;

- ИДПнын өсүшү;

- турак жай фондунун өсүшү жана калктын киши башына турак жай менен камсыз болуусун жогорулатуу;

- пайыздык ставкаларды жана кайтаруу мөөнөтүн азайтуу жагына учурдагы ипотекалык кредит берүү системасын жакшыртуу;

- шаар куруу ишинде жагымдуу чөйрөнү түзүү жана коррупциялык схемаларды жокко чыгаруу;

- жылуулук энергетикалык ресурстарды үнөмдөө;

- курулуш индустриясынын бардык системаларын модернизациялоо;

- шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын сарамжалдуу пайдалануу;

- укуктук кенемтелерди жана кемчиликтерди четтетүү;

- шаар курууда техникалык ченемдерди жана стандарттарды ыкчам ишке киргизүү;

- курулуш мөөнөтүн кыскартуу, имараттардын жана курулмалардын наркын төмөндөтүү жана бекемдигин жогорулатуу, энергия керектөөнү азайтуу;

- калкты инженердик инфраструктура, ичүүчү суу менен камсыздоо, жылуулук энергетикалык ресурстар менен үзгүлтүксүз жабдуу.

Стратегиянын негизги багыттарын ишке ашыруу калктын - Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо чөйрөсүнүн жана тиричилик аракетинин жагымдуу чөйрөсүн түзөт.

Стратегиянын натыйжалуулугун аныктоочу негизги параметрлер төмөнкү индикаторлор менен көрсөтүлөт:

- архитектура-курулуш ишин мамлекеттик жөнгө салууну оптималдаштыруу: 2020-жылдагы 40%дан 2021-жылы 60%га чейин;

- экспертизаны жүргүзүү мөөнөтү жана экспертизаны жүргүзүү наркы: 2020-жылдагы 40%дан 2021-жылы 30%га чейин;

- берилген эксперттик корутундулардын сапатын жогорулатуу: 2020-жылдагы 40%дан 2021-жылы 55%га чейин;

- долбоордук документтердин сапатын жогорулатуу: 2020-жылдагы 40%дан 2021-жылы 60%га чейин;

- тендер өткөрүү үчүн лицензиардын, лицензиаттын жана тапшырык берүүчүлөрдүн жоопкерчиликтерин жана долбоордук документтердин сапатын жогорулатуу: 2020-жылдагы 30%дан 2022-жылы 35%га чейин;

- колдонулуп жаткан имараттардын сейсмикалык туруктуулугу 2025-жылы 25%га чейин жогорулайт;

- курулуш тармагын маалыматтык башкаруу системасын жана долбоорлоого, курулушка жана башка кыймылсыз мүлк объекттерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берүүчү документтерди берүү, бүткөн курулуш объекттерин пайдаланууга кабыл алуунун тартиби боюнча маалыматтык системаны ишке киргизүү 2021-жылга карата 100%ды түзөт;

- курулуш тармагынын илимий-техникалык потенциалын жогорулатуу: 2020-жылдагы 15%дан 2025-жылы 20%га чейин;

- колдонулуп жаткан имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык коопсуздугун камсыз кылуу: 2020-жылдагы 30%дан 2026-жылы 20%га чейин;

- курулуш кесиби боюнча кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо: 2020-жылдагы 45%дан 2022-жылы 55%га чейин жогорулайт;

- сметалык документтердин сапаты 2022-жылы 55%га чейин жакшырат;

- республика боюнча башкы схема менен камсыздоо 2030-жылга карата 100%ды түзөт;

- колдонулуп жаткан имараттардын энергия натыйжалуулугу 2022-жылга карата 100%ды түзөт;

- курулуш материалдарын өндүрүүдө зыяндуу заттардын атмосферага чыгуусу 2020-жылдагы 10%дан 2030-жылы 5%га чейин төмөндөйт;

- ата мекендик курулуш материалдарын, конструкцияларын жана буюмдарын өндүрүүчү ишканаларга мамлекеттик колдоону камсыз кылуу 2030-жылга карата 100%ды түзөт;

- колдонулуп жаткан имараттардын энергия натыйжалуулугу 2022-жылга карата 20%ды түзөт;

- ата мекендик курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүү 2030-жылга карата 100%ды түзөт;

- экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу 2020-жылдагы 5%дан 2022-жылы 25%га жогорулайт.

VI. Мүмкүн болгон тобокелдиктер жана коркунучтар

Мүмкүн болгон тобокелдиктер жана коркунучтар:

- курулуш объекттеринин кайталанбастыгы;

- курулуш объекттеринин стационардык мүнөзү, алыстыгы;

- курулуш процессинин көп сандагы катышуучулары;

- курулуш материалдарынын жана жабдууларынын өтө көп номенклатурасы;

- чыгымдарды актоо мөөнөтүнүн узактыгы ж.б., бул аны башка тармактардан өзгөчөлөнтүп турат жана курулуш өндүрүшүн башкаруу жана уюштуруу спецификасын эске алуу зарылдыгын жана мындай учурдагы сөзсүз болуучу тобокелдиктерди таңуулайт;

- республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чектелгендиги;

- архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө иштеп чыгуу жана ишке ашыруу саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укугунун чектелгендиги.

Мында мыйзамдык тобокелдиктер да болушу мүмкүн, алар аталган Стратегияны ишке ашыруу үчүн бирден бир олуттуу тоскоолдук болуп саналат.

VII. Стратегияны ишке ашыруу механизми жана ресурстук камсыздоо

Стратегияны ишке ашырууну тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан каржыланат.

Стратегиялык багыттарды ишке ашырууда Иш-чараларды ишке ашыруунун жыйынтыгын талдоо аркылуу жүргүзүлгөн мониторинг Стратегияны ишке ашыруунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Колдонулган кыскартуулардын тизмеси:

ВОБТ

-

волокондук-оптикалык байланыш түйүндөрү

ЕАЭБ

-

Евразия экономикалык бирлиги

ИДП

-

ички дүң продукция

МЖӨ

-

мамлекеттик-жеке өнөктөштүк

МКТ

-

маалыматтык-коммуникациялык технология

ТЭН

-

техникалык-экономикалык негиздеме