КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КР Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна
ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-марты № 149
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын борбордоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 19-2-пунктундагы "4896", "69", "1300" жана "3527" деген цифралар тиешелүү түрдө "4139", "57", "1057" жана "3025" деген цифралар менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментин юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 32 (3104) жарыяланды
Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
|
Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин
алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну
өнүктүрүү департаментинин
СХЕМАСЫ
|
|
|
|
|
|
|
|
Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин
башкаруу
СХЕМАСЫ