Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\NKN\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\759024e9-c820-45d8-8c4e-1b463432d029\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2021-жылдын 3-марты № 68

Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин маселелери жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4357-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин жобосу, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөрдүн аталышы өзгөртүлсүн:

1) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигине;

2) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттиги Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигине;

3) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине алдындагы Жол чарба департаменти Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментине;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаменти Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаментине;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментине;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментине;

7) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына;

8) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасына;

9) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасына;

10) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасына;

11) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесине;

12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтуна;

13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженерлик долбоорлоо мамлекеттик институту Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтуна;

14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Курулушта, баа түзүүдө жана сметалык ченемдөөдө аккредитациялоонун жана сертификаттоонун республикалык борборуна.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги бир айлык мөөнөттө:

1) ушул токтомдон келип чыгуучу чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин, анын ичинде:

- министрликтин ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жоболорунун, мекемелеринин жана уюмдарынын уставдарынын долбоорлорун;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү маселелери тууралуу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимдин долбоорун;

- жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү маселелери тууралуу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимдин долбоорун;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-июлундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 16-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 643 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 8 жана 14-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 539 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 666 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курулуш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 499 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарандык авиация чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 634 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курулуш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомунун 3, 4 жана 7-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-сентябрындагы № 478 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курулуш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

У.А. Марипов

 

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин башкаруу
СХЕМАСЫ

Описание: Описание: g_rt68_030321.png