Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\NKN\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\759024e9-c820-45d8-8c4e-1b463432d029\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2021-жылдын 9-марты № 83

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116, 2021-жылдын 15 ноябрындагы №259, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 , 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259, 2022-жылдын 18-февралындагы № 82 токтомдорунун редакцияларына ылайык )

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4357-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомунун редакциясыына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер жана суу мамлекеттик инспекциясы түзүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментин кошуу жолу менен өзгөртүлүп түзүлсүн жана анын аталышы Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти болуп өзгөртүлсүн.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-январындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 156 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомунун 3-пункту;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомунун 10-пункту;

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомунун редакциясыына ылайык)

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомунун 6-пункту;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 594 "Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо чаралары жөнүндө" токтомунун 7-пункту.

5. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин борбордук аппаратын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн жана ведомстволук мекемелерин күтүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо булагы болуп республикалык бюджет эсептелери аныкталсын.

6. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- юридикалык жакты өзгөртүүгө байланышкан иш-чараларды Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзсүн;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына  жүктөлсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомунун редакциясыына ылайык)

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-мартындагы № 25 (3204) жарыяланды

 

Премьер-министр

У.А. Марипов

 

 

 

 

2-тиркеме

 

 

 Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин башкаруу
СХЕМАСЫ

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 82 токтомунун редакциясына ылайык)

Описание: C:\Users\Work\AppData\Local\Temp\Toktom\02d23c95-dd28-4598-99ca-01eb7f029696\document.files\image000.gif

 

Эскертүү: Пунктир менен ишти координациялоо көрсөтүлгөн.