КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
| ||
|
|
1-тиркеме (Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн |
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө
Жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 306, 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту (мындан ары - жалпы жарандык паспорт) Кыргыз Республикасынан чыгууга, Кыргыз Республикасына кирүүгө укук берүүчү жана анын чегинен тышкары убактылуу болууда Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат.
Жалпы жарандык паспорт тексттик, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматты камтыйт, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар.
Жалпы жарандык паспорт Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун типтеринин бири болуп саналат.
Жетүү "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан санариптик форматта берилген жалпы жарандык паспорт өз колу менен кол коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документтер менен бирдей юридикалык күчкө ээ.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жалпы жарандык паспорт Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат, ал эми анын ээси Кыргыз Республикасынын коргоосуна алынат.
3. Кыргыз Республикасынын жарандарына жалпы жарандык паспорт Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте берилет.
4. Жалпы жарандык паспорт Кыргыз Республикасынын жарандарына курагына карабастан берилет. Кыргыз Республикасынын жаранынын каалоосу боюнча ага экинчи жалпы жарандык паспорт берилиши мүмкүн.
5. Жалпы жарандык паспорт он жылдык мөөнөткө берилет. 16 жашка толо элек балага жалпы жарандык паспорт төмөнкүдөй колдонуу мөөнөттөрү менен таризделет:
- бала төрөлгөн учурдан тартып жана ал бир жашка толгонго чейин - эки жылдык мөөнөткө;
- бир жаштан тартып ал 16 жашка толгонго чейин - беш жылдык мөөнөткө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 306 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда жалпы жарандык паспорттун колдонуу мөөнөтүн узартууга укуктуу.
7. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы жарандык паспорт анын ээси тарабынан жарандык-укуктук, нотариалдык бүтүмдөрдү, банктык операцияларды жүргүзүү үчүн документ катары кызмат кыла албайт.
8. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жок Кыргыз Республикасынын жарандары алардын жалпы жарандык паспортунда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук эсепке коюу жөнүндө белгиси болгон учурда же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук эсепке коюу жөнүндө маалым каты болгон учурда Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык-укуктук, нотариалдык бүтүмдөрдү, банктык операцияларды жүргүзө алышат.
9. Жалпы жарандык паспортту күрөөгө кабыл алууга жана өткөрүүгө тыюу салынат.
10. Жалпы жарандык паспорт төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1) текст түрүндө:
- фамилиясы, аты;
- атасынын аты (болсо жана арыз ээсинин каалоосу боюнча кириллица же латын тамгасы менен толтурулат);
- жынысы;
- жарандыгы;
- туулган күнү;
- документтин номери;
- берилген күнү;
- бүткөн күнү;
- туулган жери;
- жарандын идентификациялык жеке номери;
- документти берген орган жана анын коду;
- ээсинин колу;
- ээсинин бет түзүлүшүнүн кара-ак сүрөтү;
2) машина менен окула турган түрдө – машина менен окула турган зона;
3) электрондук чипте:
- фамилиясы, аты;
- атасынын аты (болсо жана арыз ээсинин каалоосу боюнча кириллица же латын тамгасы менен толтурулат);
- жынысы;
- жарандыгы;
- туулган күнү;
- документтин номери;
- берилген күнү;
- бүткөн күнү;
- туулган жери;
- жарандын идентификациялык жеке номери;
- документти берген орган жана анын коду;
- ээсинин колу;
- ээсинин бет түзүлүшүнүн түстүү санариптик сүрөтү, эки колунун манжаларынын папиллярдык издеринин графикалык түзүлүшү.
11. Жалпы жарандык паспортко төмөнкү жазуулар жана белгилер киргизилет:
- чет мамлекеттин визасы;
- чек аралык контролдоо-өткөрүү пунктунун мамлекеттик чек арадан өткөндүгү жөнүндө белгиси;
- Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук эсепке коюу же консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө белгиси;
- барган өлкөдөгү жашап турууга уруксаттын түрү жөнүндө маалымат;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө белги.