КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 1-июлу № 55
Кыргыз
Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
жөнүндө
(КР Министрлер
кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №255,
2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223,
2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомдорунун
редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
- (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы болуп;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасы болуп;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасы болуп;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси болуп.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223, 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бир айлык мөөнөттө:
- ушул токтомдон келип чыгуучу чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндүн ичинде күчүнө кирет.
Төрага |
У.А. Марипов |
2-тиркеме
Кыргыз
Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин
БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)