Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\926088aa-e246-4874-941b-e0ebb6f59409\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 1-июну № 17

Кыргыз Республикасынын

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Аткаруу бийлигинин айрым мамлекеттик органдарынын жана алардын ведомстволук уюмдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-94-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын базасында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр кайра уюштурулсун:

1) төмөнкү мамлекеттик ишканаларды жана мекемени кошуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы:  

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы;

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Инфо-Система» мамлекеттик ишканасы;

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Соцсервис» мамлекеттик ишканасы;

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Транском» мамлекеттик мекемеси;

2) Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызмаркасы» мамлекеттик ишканасын кошуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы.

3. Төмөнкүлөр кайра аталсын:

1) (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2) (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти болуп;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемеси болуп;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы болуп;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы болуп.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын укук мурастоочусу болуп саналары;

2) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы төмөнкү мамлекеттик ишканалардын жана мекеменин укук мурастоочусу болуп саналары:

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасынын;

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик ишканасынын;

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Соцсервис" мамлекеттик ишканасынын;

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемесинин;

3) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз маркасы" мамлекеттик ишканасынын укук мурастоочусу болуп саналары;

4) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5) кайра уюштурулуп жаткан юридикалык жактардын кызматкерлеринин, анын ичинде аларды тейлеген кызматкерлердин (техникалык тейлөөчү персонал, кенже тейлөөчү персонал) эмгек акысын төлөө эмгек акыны төлөөнүн колдонуудагы шарттарында белгиленгенден кем эмес өлчөмдө жүргүзүлөрү.

5. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. Ушул токтомдун 9-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилсин.

7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен биргеликте ушул токтомдо көрсөтүлгөн юридикалык жактарды жайгаштыруу боюнча чараларды көрсүн.

8. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:

1) финансылык, материалдык-техникалык каражаттарды мындан ары пайдалануу боюнча маселелерди чечүү, ошондой эле юридикалык жактарды кайра уюштурууга байланышкан иш-чараларды өткөрүү үчүн комиссияларды түзсүн;

2) кайра уюштурулган ишканалардын жана мекемелердин бошотулган кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жумушка орноштуруу боюнча чараларды көрсүн;

3) ушул токтомдо көрсөтүлгөн юридикалык жактарды юстиция органдарында каттоону жана кайра каттоону белгиленген тартипте камсыз кылсын;

4) бир айлык мөөнөттө ушул токтомго ылайык келтирүү максатында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.

9. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине ушул токтомдо көрсөтүлгөн кайра уюштурулуучу юридикалык жактардын өткөрүп берүү актыларын жана бөлүштүрүү баланстарын бекитүүгө ыйгарым укук берилсин.

10. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.

11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Төрага

У.А. Марипов

 

9-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине киргизилүүчү
ӨЗГӨРТҮҮЛӨР

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтердин реестринде:

- "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" бөлүмүнүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 684 "Калкты Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорттору менен камсыздоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.";

2) 4-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) 8-пунктундагы "Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жободо:

- 4-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"ыйгарым укуктуу орган - "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;";

- 23-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүнүштөрүнө" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"24. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемеси үч жумуш күндүн ичинде тастыктаманы берген адамга номердик белгини берет. Цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини алган күндөн тартып жаран аны каттоого жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинде каттоого турууга милдеттүү.".

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11 -апрелиндеги № 210 "Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 6-пунктундагы "Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жободо:

- 2-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"ыйгарым укуктуу орган - "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги.";

- 6-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин аймактык бөлүнүштөрүнө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-августундагы № 482 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:

13-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Санариптештирүүнү өнүктүрүү мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:

17-пунктунун биринчи абзацындагы "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык паспорттору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 "Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

9. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 "Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жободо:

1 жана 3-пункттарындагы "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган Жобонун 1-5-тиркемелеринде "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 "Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 4-пунктундагы "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 332 "Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин тапшырыкчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пунктундагы "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 3-пунктундагы "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июлундагы № 369 "2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пунктундагы "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчет берип турсун.";

3) 5-пунктундагы "Өкмөтүнүн Аппаратынын" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 "Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасына (мындан ары - оператор) Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын техникалык коштоого ыйгарым укук берилсин.";

2) 6-пунктундагы "Финансы министрлиги" деген сөздөр "Экономика жана финансы министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасына улуттук үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн жекелештирүүгө ыйгарым укук берилсин.".

17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 745 "Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасынын оператору болуп аныкталсын.";

2) 5-пунктунда:

- биринчи абзацындагы "Финансы министрлиги" деген сөздөр "Экономика жана финансы министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- үчүнчү абзацындагы "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31 -декабрындагы № 746 "Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жободо:

- 1 жана 3-пункттарындагы "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган Жобонун 1 жана 3-тиркемелериндеги "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 748 "Кыргыз Республикасында электрондук башкарууну ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1-1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы Бирдиктүү идентификациялоо системасынын оператору болуп аныкталсын.".

20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-февралындагы № 113 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн инновациялык ыкмаларын киргизүү боюнча "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пунктундагы "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 1-1-пунктунда:

- биринчи абзацындагы "Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- үчүнчү абзацындагы "Өкмөтүнүн Аппаратына" деген сөздөр "Президентинин Администрациясына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) 3-пунктундагы "Өкмөтүнүн Аппаратынын" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик санариптик платформа аркылуу санариптик формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн убактылуу тартибинде:

- 3-пунктунун 6-пунктчасындагы "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик санариптик платформа аркылуу санариптик формадагы кызмат көрсөтүүлөргө жана тейлөөлөргө суроо-талап берген колдонуучуларды техникалык колдоонун убактылуу тартибинде:

- 2-пунктунун 10-пунктчасындагы "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-майындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын электрондук өз ара аракеттенүү субъекттеринин транс чек аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүсүндө электрондук документтерди ырастоо боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пунктундагы "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 2-пунктундагы "Өкмөтүнө" деген сөз "Экономика жана финансы министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) 4 жана 5-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 6-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:";

5) 7-пунктундагы "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-пунктундагы ", Мамлекеттик каттоо кызматына" деген сөздөр алып салынсын;

2) жогорудагы токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:

- 1-пунктундагы ", архив иши, калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү" деген сөздөр алып салынсын;

- 7-пунктунун 6, 7 жана 9-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 8-пунктунда:

2-пунктчасынын экинчи - сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

3-пунктчасынын онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

4-пунктчасынын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

5-пунктчасынын он алтынчы - жыйырманчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 15-пунктундагы "Өкмөтүнүн Аппаратынын" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 107 "2020-жылдын 6-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин коомду санариптик өнүктүрүү жаатындагы маалыматтык өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-мартындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-пунктунун 1-пунктчасындагы "Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 5-пунктундагы "Юстиция министрлиги" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) 9-пунктундагы "Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4) 10-пунктундагы "Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

25. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 268 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Башкы мамлекеттик техникалык инспекция жөнүндө" токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтому;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 240 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын компетенциялары өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтому;

9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментин түзүү жөнүндө" токтому;

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 444 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызмаркасы" мамлекеттик ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтому;

13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-сентябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому;

14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 22-пункту;

15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июлундагы № 434 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;

16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-августундагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;

17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-декабрындагы № 856 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2 жана 5-пункттары;

18) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;

19) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомунун 1, 2 жана 7-пункттары;

20) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 481 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

21) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

22) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

23) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 23-пункту;

24) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

25) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 187 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик. комитетинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесин Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик ишканасына өзгөртүп түзүү жөнүндө" токтому;

26) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 199 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

27) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-августундагы № 542 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине айрым мамлекеттик ишканаларды оптималдаштыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-3-пункттары;

28) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 727 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

29) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому;

30) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-июнундагы № 273 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын түзүмүн оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

31) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтому;

32) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө" токтомунун 1, 2, 3, 6 жана 8-пункттары;

33) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 278 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

34) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июлундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын санариптештирүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларын уюштуруу жана башкаруу маселелери жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы, 2-пунктунун үчүнчү абзацы, 3-7-пункттары;

35) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомунун 16-пункту;

36) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 416 "Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин адистерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому;

37) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

38) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

39) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 619 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

40) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 669 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемесин Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому;

41) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик ишканасын өзгөртүп түзүү жөнүндө" токтому;

42) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-августундагы № 453 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

43) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-сентябрындагы № 492 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жөнүндө" токтому;

44) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

45) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 545 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-сентябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

46) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы № 596 "Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

47) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту, 2-пунктунун 2-пунктчасы, 3 жана 5-пункттары;

48) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" токтому.