КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
|
| |
|
|
Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинини 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер
казынасын пайдалануу укугун берүү
ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн ушул тартиби (мындан ары - Тартип) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларга жана чарбакер субъекттерге жер казынасын пайдалануу укугун берүү маселелерин жөнгө салат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларга жана чарбакер субъекттерге төмөнкүлөр берилиши мүмкүн:
- жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участоктору;
- аукциондук жер казынасынын участоктору.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын участокторун берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат. Бул учурда конкурс жана/же аукцион талап кылынбайт.
4. Уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларга жана чарбакер субъекттерге жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө маселени демилгелөө үчүн негиз алардын кайрылуусу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кайрылуу мамлекеттик же расмий тилдеги кат түрүндө, жетекчинин колу коюлган расмий бланкта түзүлөт, анда төмөнкүлөр камтылышы керек:
- жер казынасынын участокторунун аталышы;
- жер казынасынын участоктору жайгашкан жер;
- жер казынасын пайдалануунун түрү.
6. Катка милдеттүү түрдө төмөнкүлөр тиркелиши керек:
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арыз ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн юридикалык жактын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимдин (протоколдун) же коллегиалдуу же жалгыз аткаруучу органды түзүү жөнүндө башка документтин (контракттын, келишимдин) көчүрмөсү.
7. Уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканалардын жана чарбакер субъекттердин кайрылуусу жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Кайрылуу "биринчи берилген өтүнмө" принциби боюнча каралат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун демилгелөөдөн баш тартуунун негизи төмөнкүлөр болуп саналат:
- ушул Тартиптин 5-пунктуна туура келбеген кат берүү;
- ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин толук эмес тизмесин берүү;
- катта жана тиркелүүчү документтерде ачык каталардын же тастыкталбаган оңдоолордун (мөөрдүн изи, датасы жана мазмуну) бар экендиги;
- эгерде жер казынасынын билдирилген участогуна пайдалуу кендердин 2-тобуна таандык жер казынасынын бөлүгүн кошпогондо, ошол эле пайдалуу кендердин тобуна лицензия берилген болсо.
9. Ушул Тартиптин 8-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 14 календардык күндүн ичинде баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат жана баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен жер казынасын пайдалануу укугун берүүдөн баш тарткандыгы тууралуу кат жиберет.
10. Уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканага жана чарбакер субъектке берүү максатында жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү тескемесинин долбоорун даярдайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканага жана чарбакер субъектке жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоору белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети суралган участокко карата Уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканага жана чарбакер субъектке жер казынасын пайдалануу укугун берүү чечимин кабыл алса, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 14 жумуш күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Мамлекеттик компанияга карата башка лицензиялык маселелер жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жалпы тартипте каралат.