Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Кыргыз Республикасынын

2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТОТ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАЖЫ КОДЕКСИ

2004-жылдын 12-июлу № 87

 

(КР 2006-жылдын 19-июлундагы № 1212007-жылдын 26-мартындагы № 392008-жылдын 16-майындагы № 87,
2008-жылдын 5-августундагы № 1962008-жылдын 17-октябрындагы № 2312009-жылдын 27-мартындагы № 86,
2009-жылдын 28-мартындагы № 902010-жылдын 25-февралындагы № 352011-жылдын 22-июлундагы № 124,
2011-жылдын 30-декабрындагы № 2572013-жылдын 10-январындагы № 12013-жылдын 4-июлундагы № 112,
2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201, 2014-жылдын 30-декабрындагы № 172
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(КР 2004-жылдын 12-июлундагы № 88 Мыйзамы менен колдонууга киргизилген)

 

I БӨЛҮМ.
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

 

1-Глава. Кыргыз Республикасындагы бажы иши

2-Глава. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жөнгө салуу

3-Глава. Товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы

чегарасы аркылуу алып өтүүнүн негизги принциптери

II БӨЛҮМ.
 ТОВАР ЧЫГАРЫЛГАН ӨЛКӨ. ТЫШКЫ ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТИН ТОВАРДЫК НОМЕНКЛАТУРАСЫ

 

4-Глава. Товар чыгарылган өлкөнү аныктоо

5-Глава. Кыргыз Республикасында колдонулган тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы

 

III БӨЛҮМ.
АЛДЫНАЛА КАРАЛГАН ЖАНА БАШКА БАЖЫ ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ

 

6-Глава. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келиши

7-Глава. Ички быжы транзити

8-Глава. Бажы жүгүн ташуучу

9-Глава. Товарларды убактылуу сактоо

10-Глава. Товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары чыгарып кетүүдөгү бажы жол-жоболору

 

IV БӨЛҮМ.
 БАЖЫ РЕЖИМДЕРИ

 

11-Глава. Бажы режимдерине тиешелүү жалпы жоболор

12-Глава. Эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу

13-Глава. Реимпорт

14-Глава. Бажы кампасы

15-Глава. Алымсыз соода дүкөнү

16-Глава. Бажы аймагында кайра иштетүү

17-Глава. Товарларды бажы контролдугу астында кайра иштетүү

18-Глава. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү

19-Глава. Убактылуу ташып келүү

20-Глава. Убактылуу ташып кетүү

21-Глава. Экспорт

22-Глава. Реэкспорт

23-Глава. Транзит

24-Глава. Жок кылуу

25-Глава. Мамлекеттин пайдасына баш тартуу

26-Глава. Атайын бажы режимдери

 

V БӨЛҮМ.
АТАЙЫН БАЖЫ ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ

 

27-Глава. Транспорттук каражаттардын өтүшү

28-Глава. Жеке жактардын товарларды алып өтүшү

29-Глава. Эларалык почта жиберүүлөрү менен товарларды алып өтүшү

30-Глава. Чет өлкөлүк жактын товарлардын айрым категорияларын алып өтүшү

 

VI БӨЛҮМ.

 

31-Глава. Бажы төлөмдөрүнө тиешелүү жалпы жоболор. Бажы төлөмдөрүнүн түрлөрү

32-Глава. Бажы алымдарын жана салыктарын эсептөө

33-Глава. Бажы жыйымдары

34-Глава. Бажы төлөмдөрүн төлөө тартиби жана мөөнөттөрү

35-Глава. Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүнүн өзгөрүшү

36-Глава. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу

37-Глава. Бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу

38-Глава. Бажы төлөмдөрүн жана башка акча каражаттарын кайра кайтаруу

 

VII БӨЛҮМ.
БАЖЫ ЖАГЫНАН ЖОЛ-ЖОБОЛОШТУРУУ

 

39-Глава. Бажы жагынан жол-жоболоштурууга тиешелүү негизги жоболор

40-Глава. Товарларды декларациялоо

41-Глава. Товарларды чыгаруу

42-Глава. Бажы брокери

 

VIII БӨЛҮМ.
БАЖЫ КОНТРОЛУ

 

43-Глава. Бажы контролуна тиешелүү жалпы жоболор

44-Глава. Бажы контролун жүргүзүүнүн формалары жана тартиби

45-Глава. Бажы контролун жүзөгө ашыруудагы экспертизалар жана изилдөөлөр

46-Глава. Бажы контролуна карата тиешелүү кошумча жоболор

 

IX БӨЛҮМ.
БАЖЫ ОРГАНДАРЫ ТАРАБЫНАН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК УКУКТАРЫНЫН
КОРГООГО АЛЫНЫШЫ

 

47-Глава. Бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчик укуктарын коргоого алуунун негиздери

48-Глава. Интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды бажы жагынан жол-жоболоштуруунун жана

                    бажы контролунун өзгөчөлүктөрү

 

X БӨЛҮМ.
БАЖЫ СТАТИСТИКАСЫ. МААЛЫМАТ ТУТУМДАРЫ ЖАНА МААЛЫМАТ
ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ

 

49-Глава. Бажы статистиканын жүргүзүү

50-Глава. Бажы ишиндеги маалымат тутумдары жана маалымат технологиялары

 

XI БӨЛҮМ.
БАЖЫ ИШИН УЮШТУРУУ. БАЖЫ ОРГАНДАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН ИШИН
КАМСЫЗ КЫЛУУ

 

51-Глава. Бажы органдары

52-Глава. Бажы органдарынын милдеттери, укуктары жана жоопкерчилиги. Бажы органдарынын ишине

                   контроль жана көзөмөл

53-Глава. Бажы органдарынын кызматкерлеринин күч, атайын

каражаттарды жана курал колдонушу

54-Глава. Бажы органдарынын ишин камсыз кылуу

 

XII БӨЛҮМ.
БАЖЫ ОРГАНДАРЫ ТОВАРЛАРДЫ ЖАНА ТРАНСПОРТТУК КАРАЖАТТАРДЫН ТЕСКӨӨСҮ

 

55-Глава. Бажы органдары товарларды жана транспорттук каражаттарды тескөөнүн негиздери

 

XIII БӨЛҮМ.
 БАЖЫ ИШИ ЖААТЫНДАГЫ МААЛЫМАТ ЖАНА КОНСУЛЬТАЦИЯ БЕРҮҮ.
АЛДЫНАЛА ЧЕЧИМ

 

56-Глава. Бажы иши жаатындагы маалымат жана консультация берүү

57-Глава. Алдынала чечим

58-Глава. Бажы чегарасы аркылуу алынып өтүүчү товарларды контролдоп жөнөтүү

 

XIV Б0ЛҮМ.
БАЖЫ ОРГАНДАРЫНЫН ЖАНА АЛАРДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЧЕЧИМДЕРИНЕ,
АРАКЕТТЕРИНЕ (АРАКЕТСИЗДИГИНЕ) ДАТТАНУУ

 

59-Глава. Бажы органдарынын жана алардын кызматкерлеринин чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине)

                    даттануу тартиби

60-Глава. Даттанууну кароо жана ал боюнча чечим кабыл алуу

 

Ушул Кодекс бажы ишинин ченемдик укуктук, экономикалык жана уюштуруу негиздерин аныктайт жана Кыргыз Республикасынын экономикалык эгемендигин жана экономикалык коопсуздугун коргоого, улуттук экономиканын дүйнөлүк чарба менен байланышын жигердештирүүгө, жактар менен мамлекеттик органдардын укуктарын камсыз кылууга, ошондой эле алардын бажы иши чөйрөсүндөгү милдеттерди сакташына багытталган.

 

I БӨЛҮМ
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

 

1-Глава
Кыргыз Республикасындагы бажы иши

 

1-статья. Кыргыз Республикасындагы бажы иши

 

1. Бажы иши товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы чек арасындагы өткөрмө пункттары (мындан ары - бажы чегарасы) аркылуу өткөрүүдө тышкы сооданы жана тышкы экономикалык иштин башка түрлөрүн бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын сактоону камсыз кылуу каражаттары менен усулдарынын жыйындысы болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасындагы бажы иши товарларды жана транспорт каражаттарын бажы чегарасы аркылуу өткөрүүнүн, бажы төлөмдөрүн алуунун, бажы режиминин, бажы документтерин жазып толтуруунун жана бажы контролунун тартибин түзөт.

3. Кыргыз Республикасы бажы иши жаатында эларалык кызматташтыкка жигердүү катышууга умтулат. Кыргыз Республикасында бажы иши жалпы кабыл алынган эларалык ченемдер жана практика менен шайкеш жана бир түргө келтирүү багытында өнүгүүдө.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-статья. Кыргыз Республикасындагы бажы аймагы жана бажы чегарасы

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагы кургак жер аянтын жана анын үстүндөгү аба мейкиндигин кошуп алганда бирдиктүү бажы аймагын түзөт, анын чегинде Кыргыз Республикасы бажы ишине тиешелүү өзгөчө юрисдикцияга ээ.

2. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чектери бажы чегарасы болуп саналат.

3. Кыргыз Республикасынын аймактарында салык салуунун өзгөчө шарты колдонулган, иш жүзүндө Кыргыз Республикасынын бажы аймактарынын бир бөлүгү болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн өзгөчө экономикалык зоналар болушу мүмкүн. Өзгөчө экономикалык зоналардын аймактарына жайгаштырылган товарлар, ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталган учурлардан тышкары, тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык бажы алымдарын, салыктарды алууну жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын бажы аймактарынан тышкары турган катары каралат.

4. Бажы чегарасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегарасы менен дал келет.

 

3-статья. Бажы мыйзамдары

 

1. Бажы мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделинет жана ушул Кодекстен, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдер жөнүндөгү мыйзамдары менен аныкталган тартипте Кыргыз Республикасында күчүнө кирген мамлекеттер аралык келишимдер жана башка эларалык укуктук ченемдик актылардан турат.

2. Бажы мыйзамдары товарлардын жана транспорт каражаттарын бажы чегарасы аркылуу өткөрүүдө, бажы төлөмдөрүн белгилөөдө, киргизүүдө, алууда пайда болгон мамилелерди, ошондой эле бажы документтерин жол-жоболоштуруу жана бажы контролун жүзөгө ашыруу - процессинде келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу, бажы эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу жана бажы органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын актыларына, аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу чөйрөсүндө колдонулат.

3. Бажы ишинде ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен каралгандан тышкаркы учурларда бажы органдары тарабынан бажы декларациясы кабыл алынган күндө колдонулган мыйзам актылары колдонулат.

4. Салык болуп саналган бажы төлөмдөрүн белгилөө, киргизүү жана алуу боюнча мамилелерге карата бажы мыйзамдарынын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен жөнгө салынбаган бөлүгү колдонулат.

 

4-статья. Бажы мыйзамдарын колдонуу мезгили

 

Бажы мыйзамдарына тиешелүү ченемдик укуктук актылар мөөнөтү өткөндө колдонулбайт жана ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралгандагыдан тышкаркы учурларда алар киргизилгенден кийин келип чыккан мамилелерге карата колдонулат.

Колдонуудагы мыйзамдарга караганда кыйла жеңил эрежелерди белгилеген, бажы боюнча ченемдик укуктук актылар, мөөнөтү өткөн мезгилге карата колдонулушу мүмкүн, эгерде ал түздөн-түз каралган болсо.

 

5-статья. Бажы иш чөйрөсүндө эларалык келишимдердин колдонулушу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши же Кыргыз Республикасынын Президенти ратификациялаган, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдердин жана башка актылардын жоболору, ошондой эле эларалык укуктун жалпыга таанылган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ушул Кодекстин жоболоруна карата артыкчылыкка ээ.

 

6-статья. Бажы ишине жетекчилик кылуу

 

1. Бажы ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жалпы жетекчилик кылат.

2. Бажы ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түздөн-түз жетекчилик кылат.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз ыйгарым укуктарын түздөн-түз жана өзүнө баш ийген бажы органдары аркылуу жүзөгө ашырат.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уюштуруу-укуктук статусу жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

 

7-статья. Бажы иши боюнча нускоолор

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Кодекстин талаптарын жүзөгө ашыруу боюнча нускоолорду иштеп чыгат жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу тышкы экономикалык катышуучуларына кабардар кылынат.

2. Нускоолор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткенден кийин гана күчкө ээ болот жана алар жокко чыгарылганга чейин колдонулат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

8-статья. Бажы органдары тарабынан маалыматтарды алуу жана берүү

 

1. Бажы органдарына мамлекеттик органдар менен жактар ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык берилген маалымат жалаң бажы максаттарында гана пайдаланылат.

2. Бажы органдары жана алардын кызмат адамдары ушул статьянын 4-пунктунда каралган учурлардан тышкары мамлекеттик сырдан турган маалыматты, ошондой эле коммерциялык, банктык, салык же башка мыйзам менен корголо турган сырларды жана башка жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарууга, жеке максаттарда пайдаланууга, болбосо үчүнчү жакка, анын ичинде мамлекеттик органдарга берүүгө укуксуз.

3. Коммерциялык сырды түзгөн же жашыруун болуп эсептелген маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн бажы органы жана анын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат.

4. Бажы органдары расмий суроо-талаптар боюнча Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй мамлекеттик органдарына маалымат берет:

1) укук коргоо органдарына - айрыкча бажы иши тармагында укук бузган адамдарга карата козголгон жазык иштери боюнча гана;

2) сотторго соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө - алардын талаптары боюнча;

3) банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган банкроттук процесс козголгон субъектилер боюнча гана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу максатында банкроттук жөнүндө иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, администраторго (убактылуу администраторго, атайын администраторго, консерваторго, тышкы башкаруучуга);

4) ушул Кодексте жана (же) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган өз милдеттерин аткаруу максатында салык кызматынын органдарына;

5) алардын иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салуу белгиленген учурларда - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Өкмөтүнө, Эсептөө палатасына, Финансылык чалгындоо кызматына;

6) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген бажы, салык же укук коргоо органдарынын ортосундагы өзара кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттердин бажы, салык же укук коргоо органдарына.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

9-статья. Ушул Кодексте пайдаланылган негизги түшүнүктөр

 

Ушул Кодексте негизги түшүнүктөр төмөнкү мааниде пайдаланылат:

1) Аудит ыкмалары колдонулган бажы контролу - бухгалтердик эсеп, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук жана субъектин экономикалык (ишмердүүлүк) аракеттерине тийиштүү башка документтер менен адамдардын бажы чегарасы аркылуу товарларды өткөрүүсүндө берген маалыматтардын так жана анык экенин текшерүү үчүн бажы органдары тарабынан көрүлүүчү чаралар;

2) ички салыктар - Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды жүгүртүүдө алына турган кошумча нарк салыгы жана акциздер;

3) товарды убактылуу (шарттуу) баалоо - товардын бажы наркын декларант толтургандарды тактоо мезгилинде бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары бажы органына декларант тарабынан киргизилген депозиттин өлчөмүн эсептөө үчүн кабыл алынган товардын бажы наркы;

4) чыгаруу - бажы органдарынын таламдаш жактарга белгилүү бажы режиминин шарттарына ылайык товарларды транспорт каражаттарын пайдаланууга же тескөөгө уруксат кылууну камтыган аракеттери;

5) эркин жүгүртүүгө чыгаруу - товарларды чыгаруу, мында таламдаш жак аны бажы органдары тарабынан эч кандай чектөөсүз жана шарттарсыз эркин тескей алат;

6) декларант - товарларды декларациялаган же болбосо анын атынан товарлар декларацияланган кайсы жак болбосун;

7) таламдаш жактар - эгерде ушул Кодекстен башкасы келип чыкпаса, товарларга жана (же) транспорттук каражаттардыа карата түздөн-түз же жекече бажы органдарынын чечимдери, аракеттери же аракетсиздиги кызыкчылыгын козгогон кайсы болбосун;

8) чет өлкөлүк жактар - ушул статьянын 19-пунктчасында көрсөтүлбөгөн жактар;

9) чет өлкөлүк товарлар - ушул статьянын 18-пунктчасында көрсөтүлбөгөн товарлар;

10) коммерциялык документтер - эгерде ушул Кодекстен башкасы келип чыкпаса, бажы чегарасы аркылуу товарларды ташып өтүү менен байланышкан тышкы экономикалык жана башка иш жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же ишкердик салттарга ылайык колдонулуучу эсеп-фактуралар, инвойстор, жүк жөнөтүүчү жана таңгактоочу барактар жана башка документтер;

11) контрафактылык товарлар - автордук укуктун жана эриш-аркак укуктун объектилерин, товардык белгилерге, тейлөө белгилерине укуктарды жана товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын камтыган товарлар, эгерде бажы контролунда болгон мындай товарларды даярдоо, аларды бажы чегарасы аркылуу өткөрүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголгон укук ээсинин укуктарын бузууга алып келсе;

12) жактар - ушул Кодекстин жоболорунан башкасы келип чыккандан тышкары учурларда юридикалык жана жеке жактар;

13) товарларды өткөрүүчү жактар - тышкы экономикалык бүтүмдөрдү өзүнүн атынан болбосо башка бирөөнүн тапшырмасы боюнча жасаган жактар;

- эгерде товарларды бажы чегарасы аркылуу алып өтүү ата мекендик жак менен тышкы экономикалык бүтүм түзбөстөн жүргүзүлгөндө, бажы контролу астында турган товарларды (бажы режимдерине ылайык бажы кампасы, алымсыз соода дүкөнү, бажы аймагында кайра иштетүү, бажы контролу астында кайра иштетүү, убактылуу ташып келүү), ошондой эле Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарына (эркин экономикалык зоналарынан) өтүп жаткан товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануу жана (же) ээлик кылуу укугу бар жак;

14) салыктар - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана ушул Кодекске ылайык бажы чегарасы аркылуу товарларды ташып өтүүгө байланыштуу бажы органдары тарабынан алына турган кошумча нарк салыгы жана акциздер;

15) товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы чегарасы аркылуу мыйзамсыз өткөрүү - товарларды жана (же) транспорттук каражаттарды ушул Кодексте белгиленген тартипти бузуу менен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүү же ал аймактан ташып кетүү боюнча аракеттерди жасоо;

16) жөнгө салуунун тарифтик эмес чаралары - товарлар менен тышкы соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын экономикалык таламдарын коргоо боюнча чараларды кошо алганда лицензиялоону, квоталоону, экспорттук контроль чараларынын тутумун, товарлардын коопсуздугу боюнча талаптарга жана стандарттарга ылайык келишин милдеттүү түрдө ырастоону камтыган аларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүгө жана андан ташып кетүүгө тыюу салуулар жана чектөөлөр жана башка тыюу салуулар жана чектөөлөр, анын сакталышына контролдук кылууну бажы чегарасы аркылуу товарларды ташып өтүүдө бажы органдары жүзөгө ашырат;

17) өзгөчө экономикалык зоналар - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнө эркин экономикалык зоналарды, эркин бажы зоналарын камтыган зоналар;

18) ата-мекендик товарлар - бажы максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында эркин жүгүртүүдө турган статусу бар товарлар, башкача айтканда толугу менен Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн, Кыргыз Республикасынын аймаганда эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган товарлар, ошондой эле толугу менен Кыргыз Республикасында даярдалган жана (же) эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган товарлардан анын аймагында даярдалган товарлар;

19) ата мекендик жактар - юридикалык жакты түзгөн жана андай эмес Кыргыз Республикасында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн ишканалар, мекемелер, уюмдар, ошондой эле Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймаганда жеке ишкер катары катталган жеке жактар;

20) тобокелдикти баалоо - тобокелдиктин пайда болуу ыктымалдуулугун такай аныктоо жана алар пайда болгон учурда бажы мыйзамдарын бузуу кесепеттери;

21) жүк ташуучу - иш жүзүндө товарларды ташуучу, анын ичинде бажы чегарасы аркылуу ташуучу же транспорт каражатын пайдалануу үчүн жоошуу болуп эсептелген жак;

22) товарлардын жана (же) транспорт каражаттарынын бажы чегарасы аркылуу өтүшү - товарларды жана транспорт каражаттарын кандай ыкма менен болбосун, анын ичинде эл аралык почта жөнөтүүлөрүн жиберүү, түтүк өткөргүч транспортун жана электр берүү линияларын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып чыгуу же ал аймактан ташып кетүү боюнча жасалган аракеттер. Көрсөтүлгөн иш-аракеттерге төмөнкүлөр кирет:

Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан товарларды жана (же) транспорттук каражаттарды ташып чыгуу - бажы органдары тарабынан чыгарылганга чейин ушул Кодексте каралган товарлар жана (же) транспорттук каражаттар менен болгон андан кийинки аракеттер жана бажы чегарасын товарлар жана (же) транспорттук каражаттар менен иш жүзүндөгү өтүүсү;

- товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүдө - товарлардын же транспорттук каражаттардын иш жүзүндө бажы чегарасынан өтүшү жана (же) аларды кийин бажы органдары кое бергенге чейинки аракеттер;

- товарларды жана (же) транспорттук каражаттарды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып кетүүдө - бажы контролундагы зонага Кыргыз Республикасынан чыгып жаткан жеке жактын кириши (өтүшү); Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегарасы аркылуу транспорт каражатына өткөрмө пунктунан өтүшү; Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен сырткары жөнөтүү үчүн товарларды транспорттук уюмдарга, болбосо эларалык почта жөнөтүүлөрүн почта байланышы уюмдарына өткөрүп берүү багытындагы түздөн -түз аракеттер;

23) пост бажылык контроль - тобокелдиктин жана аудиттик башкаруу усулдарына негизделген бажы контролу;

 

Караңыз:

Бажы режимдерин колдонуу боюнча Нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген)

 

24) укукка эгедер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык интеллектуалдык менчик объектисине карата укукка ээ болгон жак;

25) интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган товарларды чыгарууну токтото туруу - интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган товарлардын чыгарылышын же шарттуу чыгарылышын Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан кийинкиге калтыруу;

26) тобокелдик - мамлекетке экономикалык жоготууларга алып келиши мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын сактабоо ыктымалдыгынын даражасы;

27) бажы наркы - адвалордук ставкалар боюнча бажы алымдарын, салыктарды жана бажы жыйымдарын эсептөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган бажы алымдарын, салыктарды жана адвалор ченем боюнча жыйымдарды эсептен чыгаруу үчүн товарлардын наркы;

28) бажы жагынан жол-жоболоштуруу - бажы чегарасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды ташып өтүүгө байланыштуу бажы органдары жана жактар аткаруучу иш-аракеттерге жол-жоболоштурууну жүргүзүүсү;

29) преференциялар - иштин белгилүү түрлөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн айрым мамлекеттерге, ишканаларга, уюмдарга берилген артыкчылыктар, өзгөчөлүктөр, жеңилдиктер, салыктарды төмөндөтүү, бажы алымдарын азайтуу, төлөмдөрдөн бошотуу формасында жүзөгө ашырылат. Мамлекеттер ортосундагы мамилелерде преференциялар өз аралык башталыштарда да, бир тарашуу тартипте да берилет.

30) бажы жол-жоболору - бажы контролунун астында турган товарларга жана транспорттук каражаттардын карата бажы органдары сыяктуу жактардын да ушул Кодекске, ошондой эле бажы максаттары үчүн зарыл документтердин сунуштамасына кабыл алуусуна жана жол-жобосуна ылайык жүргүзүлгөн айрым аракеттер;

31) бажы органдары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппараты, бажы жана башка бөлүмчөлөр;

32) бажы төлөмдөрү - салык жана бажы мыйзамдарына ылайык бажы органдары тарабынан белгиленген тартипте алына турган бажы алымдары, салыктар, бажы жыйымдары, туумдар жана пайыздар;

33) бажы максаттары - ушул Кодекске ылайык бажы мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу;

34) бажы брокери - бажы контролунда турган товарлардын бажы жол-жоболоштуруу процессинде ушул Кодекске ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү жана иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизилген жак;

35) бажы контролу - бажы мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу максатында бажы органдары жүзөгө ашырган чаралардын жыйындысы;

36) (КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

37) бажы режими - бажы максаттары үчүн товарлардын жана (же) транспорт каражаттардын статусун аныктаган жана товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажы алымдарын, салыктарын, жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын, товарларды жана транспорт каражаттарын бажы чегарасы аркылуу алып өтүүнүн жана Кыргыз Республикасынын бажы аймагында же андан тышкары жерде пайдалануунун максаттарына жараша аларды пайдаланууга жана тескөөгө чек коюуну колдонуу тартибин камтыган жоболордун жыйындысы;

38) товарлар - бажы чек арасы аркылуу алынып өтүүчү ар кандай кыймылдуу мүлк, анын ичинде валюта, валюталык баалуулуктар, баалуу кагаздар, электр, жылуулук, энергиянын дагы башка түрлөрү, айыл чарба малдары, ошондой эле, ушул берененин 41-пунктчасында көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын кошпогондо, транспорттук каражаттар;

39) бажы контролунда турган товарлар - эркин жүгүртүү үчүн чыгарылганга чейин Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алынып келинген, ташып чыгууда же жок кылууда иш жүзүндө бажы чегарасынан өткөн, ошондой эле ата мекендик товарларды иш жүзүндө бажы чегарасынан өткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып кетүүдөгү ата-мекендик товарлар;

40) транспорттук документтер - эларалык ташууларда товарларды жана транспорт каражаттарын коштогон жүк ташуу жана башка документтер;

41) транспорттук каражаттар - адамдарды акы төлөтүп ташуу же болбосо товарларды акы төлөтүү же акысыз болбосо өнөр жайлык же коммерциялык ташуу үчүн пайдаланылган кандай болбосун транспорттук каражаттар (анын ичинде чиркегичтер, чакан чиркегичтер жана комбинацияланган транспорт каражатары), ошондой эле алардын кадимки запастык бөлүктөрү, шаймандары жана жабдуулары, эгерде алар транспорт каражаттары менен бирге өтүп жатса андагы кадимки бактарындагы күйүүчү-майлоочу материалдар жана отун;

42) шарттуу бошотуу - салык мыйзамдарына жана ушул Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу;

43) товарлардын жоголушу - бажы операцияларын жүргүзүүдө ушул Кодекске ылайык товарлардын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү жактардын иш жүзүндөгү ээлик кылуусунун, анын ичинде үчүнчү жактардын уурдашынын же башка укукка жат аракеттеринин кесепетинен товарлардын жок болушу;

44) бажы органынын уруксаты - жеке номерлүү мөөрлөрүн жана штамптарын коюу же жазуу жүзүндөгү белгиленген чечимдерди чыгаруу жолу менен ушул Кодексте каралган белгилүү операцияларды жасоого мүмкүндүк берген бажы органдарынын иш-аракеттерин жол-жоболоштуруу;

45) бажы органына товарларды жана транспорттук каражаттарды көрсөтүү орду - ушул Кодексте каралган бажы жол-жоболорун жүргүзүү жери катары бажы органдары тарабынан аныкталган аймак (аймактын бөлүгү), үстү ачык же жабык жайлар;

46) өткөрмө пункту - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (бажы) чегарасы аркылуу адамдардын, товарлардын жана транспорттук каражаттардын өтүүсү үчүн ылайыкталып жабдылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталган жердин чегиндеги аймак (аймактын бөлүгү);

47) бажы төлөм жыйындысы - бажы органдарына жүктөлгөн бажы алымы жана салыгынын эквиваленттүү суммасынын булактарын бөлбөй туруп алуу.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196, 2011-жылдын 22-июлундагы № 124, 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

10-статья. Бажы органдарынын тышкы экономикалык иштин

катышуучулары жана башка уюмдар менен мамилеси

 

Бажы органдары тышкы экономикалык иштин катышуучулары, жүк ташуучулар жана иш-аракети товарларды тышкы соода жүргүзүү менен байланышкан башка уюмдар жана алардын кесиптик бирикмелери (ассоциациялары) менен бажы жагынан жол-жоболоштуруунун жана бажы контролун жүргүзүүнүн кыйла натыйжалуу усулдарын киргизүү, ошондой эле тышкы сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган башка милдеттерди чечүү боюнча кызматташуу жана биргелешип аракеттенүү максатында консультациялык мүнөздөгү расмий мамилелерди колдойт.

 

2-Глава
Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жөнгө салуу

 

(Глава КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

11-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө жүзөгө

ашырылуучу иштер

 

1. Атамекендик юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин убактылуу сактоо кампаларынын ээси, бажы кампаларынын ээси, алымсыз соода дүкөнүнүн ээси жана бажы брокерлери катары иш жүргүзүүсүнө алар убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине, бажы кампаларынын ээлеринин реестрине, алымсыз соода дүкөнүнүн ээлеринин реестрине жана бажы брокерлеринин реестрине киргизилген шартта жол берилет.

2. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Кодексте аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн бажы айланасында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерин үзгүлтүксүз, үч айда бир жолудан кем эмес расмий басылмаларында жарыялап турууну камсыз кылууга милдеттүү.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

12-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди

жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жана

реестринен чыгаруунун тартиби

 

1. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жак тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Кодекстин 13-статьясында каралган маалыматтарды камтыган жазуу жүзүндөгү арызды берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Арызга ушул Кодекстин 14-статьясында каралган, түп нускалары же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү түрүндө берилиши мүмкүн болгон документтер тиркелет. Документтер мамлекеттик же болбосо расмий тилде берилет.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүнчү жактардан, ошондой эле мамлекеттик органдардан арыз берүүчү көрсөткөн маалыматтарды ырастаган документтерди сурап алууга укуктуу.

Арыз каралгандан кийин, жактын талабы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз берүүчүгө берилген документтердин түп нускаларын кайтарып берүүгө милдеттүү.

3. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү акысыз негизде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

4. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестринен чыгаруу тууралуу чечим ыйгарым укуктуу органга түшкөн реестрге киргизүү жөнүндө чечимди чакыртып алуу тууралуу арыздын негизинде же ушул Кодексте каралган негиздер боюнча кабыл алынат.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

13-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди

жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү үчүн

зарыл маалыматтар

 

1. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө арыз төмөнкүлөрдү камтуусу тийиш:

1) юридикалык жактар үчүн:

- арыз берүүчүнүн аталышы жөнүндө, уюштуруу-укуктук таризи тууралуу, жайгашкан жери жөнүндө, ошондой эле толугу менен түзүлгөн уставдык капиталынын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды;

- өзүнүн иш регионун бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) алкагында чектөөсү же болбосо өзүнүн иш регионунун чектелбегени жөнүндө маалыматтарды;

2) жеке ишкерлер үчүн:

- аталышы, жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды;

- өзүнүн иш регионун бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) алкагында чектөөсү же болбосо өзүнүн иш регионунун чектелбегени жөнүндө маалыматтарды.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жалпы маалыматтардан тышкары, арыз берүүчү төмөнкү кошумча маалыматтарды берет:

1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын түзүүдө:

- убактылуу сактоо кампасынын же бажы кампасынын түрү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле жабык түрдөгү кампа түзүлгөн учурда негиздемени;

- арыз берүүчүнүн ээлигинде турган жана убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары пайдаланууга арналган жайлар жана (же) ачык аянтчалар жөнүндө маалыматтарды, алардын жайгашкан жери, түзүлүшү, жабдыктары жөнүндө жана материалдык-техникалык жабдылышы жөнүндө маалыматтарды;

2) алымсыз соода дүкөнүн түзүүдө:

- арыз берилген учурда алымсыз соода дүкөнү катары пайдалануу үчүн жарамдуу жайлардын бар экени жөнүндө маалыматтарды;

3) бажы брокери катары ишти жүзөгө ашырууда:

- Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товарлардын айрым түрлөрүнө карата бажы операцияларын жүргүзүүдөгү өз ишинин чөйрөсүн чектөө же болбосо транспорттун айрым түрлөрү менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата, ошондой эле бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) ишинин региондун алкагында айрым бажы операцияларын же болбосо мындай чектөөлөрсүз өз ишин жүргүзүү ниети жөнүндө маалыматтарды.

3. Убактылуу сактоо кампасы, бажы кампасы жана алымсыз соода дүкөнү катары колдонууга арналган аймактык жактан бөтөнчөлөнгөн ар бир жайга жана (же) аймактык жактан бөтөнчөлөнгөн ар бир ачык аянтчага бажы айланасында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө өзүнчө арыз берилет.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

14-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди

жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү үчүн зарыл

документтердин тизмеги

 

1. Бажы айланасында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө арызга төмөнкү документтер тиркелет:

1) юридикалык жактар үчүн:

- уюштуруу документтеринин көчүрмөсү;

- жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- ачылган банктык эсептер жөнүндө документтер;

- ушул Кодекстин 15-статьясына ылайык камсыздоо төлөмдөрү төлөнгөнүн ырастаган документтер;

2) жеке ишкерлер үчүн:

- жеке ишкер катары катталуусу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- паспорттун көчүрмөсү;

- ушул Кодекстин 15-статьясына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн төлөнгөнүн ырастаган документтер;

3) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштурууда:

- убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары колдонууга арналган жайлардын жана (же) ачык аянттардын пландары жана чиймелери;

- убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштуруу үчүн аймакка (аянтка) жана жайларга ээлик кылуу укугун ырастаган аймакты (аянтты) жана жайды ижарага алуу келишими же башка документтер;

- укуктарды мамлекеттик каттоо жана мыйзамдарга ылайык кыймылсыз мүлккө болгон укуктарга жүктөөлөр (чектөөлөр) жөнүндө документтер;

- ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн камсыз кылынганын ырастоочу документ;

4) алымсыз соода дүкөнүн уюштурууда:

- алымсыз соода дүкөнүн уюштуруу үчүн аймакты (аянтты) ижарага алуу келишими же жайларга ээлик кылуу укугун ырастаган башка документтер;

- мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алымсыз соода дүкөнүн ачуу мүмкүнчүлүгүн ырастоосу;

- алымсыз соода дүкөнү катары колдонууга арналган жайлардын пландары жана чиймелери;

- укуктарды мамлекеттик каттоо жана мыйзамдарга ылайык кыймылсыз мүлккө болгон укуктарга жүктөөлөр (чектөөлөр) жөнүндө документтер;

- ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн камсыз кылынганын ырастоочу документ;

5) бажы брокери катары ишти жүзөгө ашырууда:

- арыз берүүчүнүн жумушчулары болуп саналган адистердин бажылык жол-жоболоштуруу боюнча квалификациялык күбөлүктөрү;

- бажылык жол-жоболоштуруу боюнча адис катары жумушка кабыл алуу жөнүндө эмгектик укуктук мамилелерди жөнгө салуучу документ жана (же) жактын бажылык жол-жоболоштуруу боюнча адис катары чыгууга ыйгарым укуктарын ырастоочу документ;

- арыз берүүчү ишин жүргүзүүнү каалаган ар бир регион боюнча бажылык жол-жоболоштуруу боюнча адистердин бар экени жөнүндө документ. Эгер жак региондор боюнча ишти эч кандай чектөөсү жок жүзөгө ашырууну пландап жатса, бул учурда, бажы брокери катары өз ишин жүзөгө ашырууну пландап жаткан жеке ишкерлерден тышкары, арыз берилген күнгө карата арыз берүүчү бажы брокери катары өз ишин жүзөгө ашырууну пландаган филиалдар жана алардын жайгашкан жери жөнүндө маалыматтар берилет;

- ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн камсыз кылынганын ырастоочу документ.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

15-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти

жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүнүн

шарттары

 

1. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүнүн шарттары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштурууда:

- убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары пайдаланууга жарактуу жайлардын жана (же) ачык аянттардын болуусу (ушул Кодекстин 70 жана 101-статьялары);

- убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштуруу үчүн аймакты (аянтты) жана жайларды пайдалануу, ээлөө же ээлик кылуу укугунун мөөнөтү арыз берилген учурдан тартып үч жылдан кем болбоосу керек;

- бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттемелерди аткарууну камсыз кылуу;

- бажы органдарынын маалыматтык тутумдары менен техникалык жактан шайкеш келген бажы контролу алдындагы товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун маалыматтык тутумдарын колдонуу;

2) алымсыз соода дүкөнүн уюштурууда:

- алымсыз соода дүкөнү катары пайдаланууга жарактуу жайлардын болуусу (ушул Кодекстин 109-статьясы);

- алымсыз соода дүкөнүн уюштуруу үчүн жайларды пайдалануу, ээлөө же ээлик кылуу укугунун мөөнөтү арыз берилген учурдан тартып үч жылдан кем болбоосу керек;

- бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттемелерди аткарууну камсыз кылуу;

- бажы контролу алдындагы товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун бажы органдарынын маалыматтык тутумдары менен техникалык жактан шайкеш келген маалыматтык тутумдарын колдонуу;

3) бажы брокери катары:

- штатында бажылык жол-жоболоштуруу боюнча квалификациялык күбөлүк алган бирден кем эмес адистин болуусу (ушул Кодекстин 307, 308-статьялары);

- бажы органдарынын маалыматтык тутумдарына техникалык жактан шайкеш келген маалымат тутумдарын колдонуу;

- бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттемелерди аткарууну камсыз кылуу.

2. Бажы айланасында чөйрөдө иштерди жүзөгө ашыруучу жактын реестрине киргизүү жөнүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынган чечим тиешелүү арыз берген жакка карата гана жарактуу жана мөөнөтсүз болуп саналат.

3. Убактылуу сактоо кампасынын ээси, бажы кампасынын ээси, алымсыз соода дүкөнүнүн ээси жана бажы брокери катары иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү камсыздандырылууга тийиш.

 

Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү шарттарын караган ушул Кодекстин 15-статьясынын 1-пунктунун 1-пунктчасынын бешинчи абзацынын, 2-пунктчасынын бешинчи абзацынын, 3-пунктчасынын үчүнчү абзацынын жоболору, бажы органдарынын маалыматтык тутумдары менен техникалык жактан шайкеш келген маалыматтык тутумдарды колдонуу КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

16-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди

жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү

(киргизүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим

 

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди документтерди кароо мөөнөтүн кошкондо, аны кабыл алуу үчүн зарыл болгон бардык документтер катталган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбестен кабыл алат. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуудан төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:

1) эгер ушул главага ылайык талап кылынган бардык документтер жана маалыматтар берилбесе;

2) арыз берүүчү тарабынан ушул Кодекстин 15-статьясында каралган шарттар сакталбаса.

Арыз берүүчү тарабынан ушул пункттун 1 жана 2-пункттарына ылайык баш тартууга негиз болгон кемчиликтер жоюлган учурда арыз жалпы негиздерде каралат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алынган чечим жөнүндө арыз берүүчүгө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү.

Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуу тууралуу кабарлоо баш тартуунун себебин көрсөтүү менен арыз берүүчүгө же анын өкүлүнө жазуу жүзүндө жиберилет (тапшырылат).

3. Ыйгарым укуктуу органдын бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуусуна ушул Кодекстин XIV бөлүмүндө белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

17-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти

жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө

чечимдин колдонулуу мөөнөтүн токтотуу жана чакыртып

алуу

 

1. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактын ушул главада камтылган талаптарды жана шарттарды, чоң зыян алып келбеген бир жолку бузуусу, аткарбаганы үчүн ушул жак жазуу жүзүндө эскертилүүгө тийиш.

2. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык жазуу жүзүндө эскертилген жак тарабынан ушул Кодекстин талаптары аткарылбаган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактын иштери 3 айлык мөөнөткө чейин токтотулат.

Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонулушу анын колдонулушун токтотуу үчүн негиз болгон себептер жоюлгандан кийин кайра жаңыртылат.

Чечимдин колдонулушу токтотулган мезгилде:

- товарларды убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына, алымсыз соода дүкөнүнө жайгаштырууга жол берилбейт;

- бажы органынын уруксаты менен товарлардын сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон операцияларды кошпогондо, убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына, алымсыз соода дүкөнүнө жайгаштырылган товарлар менен кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө жол берилбейт;

- бажы кампасындагы жана алымсыз соода дүкөнүндөгү товарларды сатууга тыюу салынат.

3. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечим төмөнкү учурларда ыйгарым укуктуу орган тарабынан чакыртып алынышы мүмкүн:

1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштурууда:

- кампанын ээси бажы иши чөйрөсүндө эки же андан көп жолу администрациялык укук бузуу жасаганда;

- соттун чечими боюнча;

- кампанын ээси кудуретсиз (банкрот) деп таанылса же ал өзүн банкрот деп жарыяланганда;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жак кайрадан уюштурулганда;

- бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү чечимин чакыртып алуу тууралуу кампанын ээсинин арызы боюнча;

2) бажы брокери катары иштерди жүзөгө ашырууда:

- эгер мурда ага карата ушул статьянын 1 жана 2-пункттарына ылайык чаралар колдонулса, бажы брокеринин милдеттерин аткарбаганда;

- эгер мурда ага карата ушул статьянын 1 жана 2-пункттарына ылайык чаралар колдонулса, бажы брокери тарабынан бажы жол-жоболору жүргүзгөн товарларды эсепке алуу тартиби бузулганда;

- бажы брокери тарабынан бажы иши чөйрөсүндө эки же андан көп администрациялык укук бузуулар жасалганда;

- соттун чечими боюнча;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жак кайрадан уюштурулганда;

- бажы айланасында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү чечимин чакыртып алуу тууралуу бажы брокеринин арызы боюнча;

- анын бар экени мыйзам менен белгилеген тартипте далилденсе өкүлү болгон жактарга зыян келтирилгенде, анын ичинде коммерциялык жашыруун сырды түзгөн же купуя маалымат болуп саналган маалыматтарды мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында зыян келтирилгенде;

- бажы брокери кудуретсиз (банкрот) деп таанылганда же ал өзүн банкрот деп жарыялаганда;

- квалификациялык күбөлүгү жок адистин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланганда, анын ичинде, эгер анын мөөнөтү аяктаганына, соттун актысынын негизинде мындай иш жүргүзүү укугунан ажыраганына байланыштуу квалификациялык күбөлүк чакыртылып алынганда же анын колдонулуусу токтотулганда;

3) алымсыз соода дүкөнүн уюштурууда:

- алымсыз соода дүкөнүнүн ээси бажы иши чөйрөсүндө эки же андан көп администрациялык укук бузууларды жасаганда;

- соттун чечими боюнча;

- алымсыз соода дүкөнүнүн ээси кудуретсиз (банкрот) деп табылганда же ал өзүн банкрот деп жарыялаганда;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жак кайрадан уюштурулганда;

- алымсыз соода дүкөнүнүн ээсинин бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимин чакыртып алуу тууралуу арызы боюнча.

4. Чакыртып алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алган күндөн тартып колдонулат.

Чакыртып алуу тууралуу чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, ага карата ушундай чечим кабыл алынган жакка ушундай чечимдин негиздүү жүйөөлөрү менен, ал кабыл алынган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө жеткирилет. Көрсөтүлгөн чечим жактын жетекчисине же башка өкүлүнө тилкат алуу же бул чечимди алган фактысын жана күнүн ырастаган башка ыкма менен тапшырылат. Эгер көрсөтүлгөн жактар көрсөтүлгөн чечимди алуудан качса, тапшырык кат боюнча почта аркылуу жөнөтүлөт. Чакыртып алуу тууралуу чечим менен жакты кабарлаган күн катары почта кызматы тапшырык катты тапшырган күн эсептелет.

5. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү тууралуу кайталанган арыз аны чакыртып алуу үчүн негиз болгон себептер жоюлган шартта, чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн бир жыл өткөндөн кийин каралышы мүмкүн.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

18-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти

жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө

чечимди кайра жол-жоболоштуруу

 

Уюштуруу-укуктук таризинин же анын жайгашкан жеринин өзгөрүүсүнө алып келбеген жактын аталышы өзгөргөн учурда, бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жак көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастоочу тиешелүү документтерди тиркөө менен бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди кайра карап чыгуу жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.

Чечимди кайра жол-жоболоштурууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет. Мында мурда берилген чечим жокко чыгарылат. Жаңыдан кабыл алынган чечимге чечимдер реестринин жаңы каттоо номери ыйгарылат жана берилген күнү көрсөтүлөт.

Кайра жол-жоболоштуруу мезгилинде, чечимди алганга чейин бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жак ишин мурда кабыл алынган чечимдин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн негизинде жүзөгө ашырат.

Чечимди кайра жол-жоболоштуруу жөнүндө арыз арыз берүүчү тарабынан кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп саналган жагдайлар болгон учурдан тартып 5 күндүн ичинде берилет.

Чечимди кайра жол-жоболоштуруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жак тарабынан тиешелүү арыз жана документтер берилген күндөн тартып 5 күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.

Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактан ушул статьяда каралган негиздерден тышкары кайра жол-жоболоштурууну талап кылууга тыюу салынат.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

19-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди

жүзөгө ашыруучу жактардын реестри

 

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрин түзөт жана аны жүргүзөт.

2. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестринде камтылган маалыматтар таанышуу үчүн жеткиликтүү болот жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын интернет-ресурсуна жайгаштырылат. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестринде камтылган маалыматтарды мезгил-мезгили менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого жол берилет.

3. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестри төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

1) бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдердин тизмеги жана күнү жөнүндө;

2) бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө жокко чыгарылган чечимдер тууралуу;

3) бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө мурда берилген чечимдердин колдонуусун токтотуу жөнүндө;

4) бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизилген жактардын юридикалык дареги жөнүндө;

5) убактылуу сактоо кампалары, бажы кампалары жана алымсыз соода дүкөнү жайгашкан орундары жөнүндө;

6) бажы брокеринин бөтөнчөлөнгөн түзүмдүк бөлүктөрүнүн тизмеги жана жайгашкан орду жөнүндө;

7) бажы брокеринин штатындагы бажылык жол-жоболоштуруу боюнча адистер жөнүндө.

4. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жобосу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тийиштүү чечим кабыл алган күндөн тартып 5 күндөн ашпоого тийиш.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-Глава
Товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы чегарасы аркылуу алып өтүүнүн
негизги принциптери

 

20-статья. Товарларды жана транспорттук каражаттарды Кыргыз

Республикасына ташып келүү жана Кыргыз

Республикасынын аймагынан ташып кетүү укугу

 

Товарларды жана транспорттук каражаттарды, анын ичинде ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында жана эларалык келишимдеринде каралгандан тышкары учурларда тышкы экономикалык иш жүргүзүүдө Кыргыз Республикасына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетүү укугуна бардык жактар бирдей негизде ээ болушат.

 

21-статья. Товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы

чегарасы аркылуу өткөрүү тартиби

 

1. Товарлар жана транспорттук каражаттар бажы чегарасы аркылуу ушул Кодексте белгиленген тартипте өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы менен дал келген жерлерде бажы чегарасынан иш жүзүндө өтүүнүн тартиби мамлекеттик чегара жөнүндөгү мыйзам менен, ал эми аны менен жөнгө салынбаган жерде - Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары менен жөнгө салынат.

2. Товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүү жана ал аймактан ташып кетүү, товарларды ташып өткөн жактарды ушул Кодексте каралган бажы режимдеринин бирөөнө товарларды коюуга жана бул бажы режиминин шартын сактоого милдеттендирет.

 

22-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу жана бажы контролу

 

1. Бажы чегарасы аркылуу өткөрүлгөн бардык товарлар жана транспорттук каражаттар, анын ичинде тышкы экономикалык иш жүргүзүү ушул Кодексте каралган тартипте жана шарттарда бажы жол-жоболоштурууга жана бажы контролуна алынат.

2. Бажы жагынан жол-жоболоштурууну жана бажы контролун жүзөгө ашырууга бажы органдары жана алардын кызмат адамдары бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралбаган талаптарды жана чектөөлөрдү белгилөөгө акысыз болушат.

3. Бажы органдарынын бажы жагынан жол-жоболоштурууну жана бажы контролун жүргүзүүдө койгон талаптарды товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы чегарасы аркылуу алып өтүү жана бажы иши жагында ишти жүргүзүү үчүн бажы мыйзамдарын сакталышын камсыз кылуу үчүн эң аз зарыл болгондон чоң даражада тоскоолдук кылышы мүмкүн эмес.

4. (КР 2006-жылдын 19-июлундагы № 121 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

(КР 2006-жылдын 19-июлундагы № 121, 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

23-статья. Бажы чегарасы аркылуу товарларды алып өтүүдө жөнгө

салуунун тарифтик эмес чараларын сактоо

 

1. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүгө тыюу салынган товарлар, эгерде ушул Кодексте же Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын чегинен дароо тышка чыгарууга тийиш. Товарларды ташып чыгарууну жүк ташуучу жүргүзөт. Товарларды дароо чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк болбосо же дароо ташып кетүү ишке ашпай турган болсо, товарлар убактылуу сактоо кампаларына же бажы контролунун зонасы болуп саналган башка жерлерге товарларды алып келген жактардын эсебинен коюлат. Мындай товарларды сактоо мөөнөтүнүн чеги, эгерде Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен товарлардын айрым категорияларына карата башка мөөнөт каралбаса, үч сутканы түзөт. Бул мөөнөт аяктагандан кийин аталган товарларды тескөө ушул Кодекске ылайык жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүгө чек коюлган товарларды ташып келүүгө жол берилет, ал эми ушул Кодексте каралган учурларда тышкы сооданы жана тышкы экономикалык иштин башка түрлөрүн тарифтик эмес жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген талаптарды сактоо шарты менен бажы органдары тарабынан чыгарылат.

2. Ташып кетүүгө тыюу салынган товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары иш жүзүндө ташылып кетиши иш жүзүндө мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары ташып кетүүгө чек коюлган товарлар тышкы соода жана тышкы экономикалык иштин башка түрлөрүн тарифтик эмес жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген талаптарды сактоо шарты менен бажы органдары тарабынан ташып кетүүгө уруксат кылынат.

3. Товарларды ташыган жактарда, декларанттарда, жүк ташуучуларда же башка жактарда Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарларды ташып келүүгө же ал аймактан ташып кетүүгө тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоого байланыштуу келип чыккан чыгымдарды бажы органдары тарабынан орду толтурулбайт.

 

24-статья. Товарларды пайдалануу жана тескөө

 

1. Эч ким товарларды ушул Кодексте каралган тартипте жана шартта чыгарганга чейин башкача пайдаланууга жана тескөөгө укуксуз.

2. Товарлар чыгарылгандан кийин аларды пайдалануу жана тескөө белгилүү бир бажы режиминин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.

 

25-статья. Шарттуу чыгаруу

 

1. Төмөндөгүдөй учурда:

1) эгерде бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды пайдалануу жана тескөө боюнча чектөөлөр менен коштолсо;

2) эгерде товарлар бажы кампасынын бажы режимине, алым төлөөсүз соода дүкөнүнө, бажы аймагында кайра иштетилүүгө, бажы контролу алдында кайра иштетилүүгө, убактылуу алып кирүүгө, реэкспортко, бажы транзитине, жок кылынууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алынып келинген товарларга карата колдонулуучу атайын бажы режимдерине коюлса;

3) эгерде товарлар "Кыргыз Республикасында тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленген чектөөлөрдүн сакталышын ырастаган документтер менен маалыматтар берилбестен чыгарылса товарлар шарттуу түрдө чыгарылууга тийиш;

4) товардын убактылуу (шарттуу) бааланышында.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча жеңилдиктер берилген шарттуу түрдө чыгарылган товарлар жеңилдиктер берилген тийиштүү шарттарга ылайык максаттарда гана пайдаланылышы мүмкүн.

Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген чектөөлөрдүн сакталгандыгын ырастаган документтер берилбестен бажы органы тарабынан чыгарылып берилген, үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө, анын ичинде аларды сатуу же башка ыкма менен ээликтен ажыратуу жолу менен өткөрүп берүүгө тыюу салынган, ал эми аталган товарларды ташып келүүгө карата чектөөлөр мындай товарлардын сапатын жана коопсуздугун текшерүүгө байланыштуу белгиленсе, аларды кандай формада болсун пайдаланууга (эксплуатациялоого, керектөөгө) тыюу салынат.

3. Шарттуу чыгарылган товарлар чет өлкөлүк товарлардын статусуна ээ болушат.

4. Эркин жүгүртүү үчүн чыгарууга билдирме берилген товарлар, бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылса же бөлүп төлөө, берилсе шарттуу чыгарылган деп эсептелинет.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

26-статья. Кепилдик

 

Бажы контролдугу астында турган товарларга карата бажы органдары жактардан ушул Кодексте белгиленген милдеттерди талаптагыдай аткаруу, анын ичинде бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу түрүндө аткарууга кепилдик берүүнү талап кылууга укуктуу, ал ушул Кодексте каралган формада жана тартипте жүргүзөт.

 

II БӨЛҮМ
ТОВАР ЧЫГАРЫЛГАН ӨЛКӨ. ТЫШКЫ ЭКОНОМИКАЛЫК
ИШТИН ТОВАРДЫК НОМЕНКЛАТУРАСЫ

 

4-Глава
Товар чыгарылган өлкөнү аныктоо

 

27-статья. Ушул главаны колдонуу чөйрөсү

 

Товар чыгарылган өлкөнү аныктоо тышкы экономикалык ишти жөнгө салуунун бажы-тарифтик жана (же) тарифтик эмес чараларын колдонуу товар чыгарылган өлкөгө байланыштуу болгон бардык учурларда ушул главанын жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.

 

28-статья. Товар чыгарылган өлкөнү аныктоо

 

1. Товар чыгарылган өлкөнү аныктоонун принциби колдонулуп жүргөн эларалык тажрыйбага негизделет.

2. Ушул Кодексте белгиленген критерийлерге ылайык же ушул Кодекстин жоболоруна ылайык товар толугу менен чыгарылган же жеткиликтүү иштетүүгө/кайра иштетүүгө коюлган өлкө деп эсептелет. Мында товар чыгарылган өлкө деп, эгерде товардын чыгышын аныктоо максаты үчүн аларды бөлүп көрсөтүү зарылчылыгы болсо, өлкөлөрдүн тобу, өлкөлөрдүн бажы бирликтери, региондор же өлкөнүн бир бөлүгү түшүнүлүшү мүмкүн.

 

29-статья. Өлкөнүн өзүндө толугу менен чыгарылган товарлар

 

Өлкөнүн өзүндө толугу менен чыгарылган товарлар деп төмөнкүлөр эсептелет:

1) ошол өлкөнүн жер казынасынан, анын аймагындагы деңизден же деңиз түбүнөн казылып алынган пайдалуу кендер;

2) өлкөнүн өзүндө өстүрүлгөн же чогултулган өсүмдүк продукциясы;

3) өлкөнүн өзүндө туулган жана өстүрүлгөн тирүү жаныбарлар;

4) өлкөнүн өзүндө өстүрүлгөн жаныбарлардан алынган продукция;

5) өлкөнүн өзүндө аңчылык жана балык уулоонун натыйжасында алынган продукция;

6) деңизде балык уулоо промыселинин продукциясы жана ошол өлкөнүн кемеси болбосо ал ижарага алган (фрахталаган) кеме менен алынган деңиз промыслосунан башка продукциялар;

7) ошол өлкөнүн кайра иштетүүчү кемесинин бортунда алынган ушул статьянын 6-пунктчасында көрсөтүлгөн гана продукциялар;

8) ошол өлкөнүн деңизинин түбүнөн же аймактык деңизинен тышкары жердеги деңиз түбүнөн алынган продукция, ал өлкө ошол деңиз түбүн же деңиз алдындагы жер казынасын иштетүүгө өзгөчө укугу болгондо;

9) ошол өлкөдө кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк же башка операциялардын натыйжасындагы калдыктар жана темир сыныктары (экинчи жолу иштетилүүчү чийки зат), ошондой эле ошол өлкөдө чогултулган, мурда колдонуудагы буюмдар жана кайра иштетүү үчүн гана жарактуу болгон чийки зат;

10) ошол өлкөгө таандык же болбосо ижарага алган (фрахталаган) космос кемесинде ачык космосто алынган жогорку технологиянын продукциясы;

11) ушул статьянын 1-10-пунктчаларында көрсөтүлгөн продукциялардан гана ошол өлкөнүн өзүндө алынган товарлар.

 

30-статья. Товарларды бышыктап иштеп чыгуу/кайра иштетүү

критерийлери

 

1. Эгерде, товар чыгарууга эки же андан ашык өлкө катышса, товарды ушул статьянын жоболоруна ылайык бышыктап иштеп чыгуу/кайра иштетүү критерийлерине жооп бергендей иштеп чыгуу/кайра иштетүү же даярдоо боюнча акыркы операцияларды жүргүзгөн өлкө товар чыгарылган өлкө деп эсептелет.

2. Товарды бышыктап иштеп чыгуу/кайра иштетүү критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) товарды кайра иштетүүнүн натыйжасында Товардык номенклатура боюнча тышкы экономикалык иштин кандай деңгээлинде болбосун товардын алгачкы төрт белгисинин классификациялык кодунун өзгөрүшү;

2) товар чыгарылган өлкө деп ошол операциялар жасалган жердин эсептелиши үчүн жетиштүү болгон өндүрүштүк же технологиялык айрым операцияларды аткаруу;

3) пайдаланылган материалдардын наркы же кошумча нарктын пайыздык үлүшү түпкү продуктуларынын баасынын (адвалордук үлүш эрежеси) белгиленген үлүшүнө жеткендеги товар наркынын өзгөрүшү.

3. Ушул статьянын 2-пунктундагы жоболорго карабастан, төмөнкүлөр бышыктап иштеп чыгуунун/кайра иштетүүнүн критерийлерине жооп бербейт:

1) товарды сактоо же ташуу учурунда анын сакталышын камсыз кылуу боюнча операциялар;

2) товарды сатууга же ташууга даярдоо боюнча операциялар (бөлүктөргө бөлүү, жөнөтүүгө даярдоо, кайра таңгактоо);

3) жөнөкөй кураштыруу операциялары;

4) ар башка өлкөлөрдө чыгарылган товарларды аралаштыруу, эгерде, түпкү продукциянын мүнөзү аралашкан товардын мүнөзүнөн олуттуу айырмаланбаса;

5) мал союу;

6) жогоруда аталган операциялардын экөөнүн же андан көбүнүн комбинациясы;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тизмеги боюнча башка операциялар.

4. Эгерде адвалордук үлүш эрежеси колдонулса, нарктык көрсөткүчтөр:

а) импорттолуучу материалдар үчүн - ал материалдарды түпкү продукция чыгарыла турган өлкөгө ташып келүүдөгү бажы наркы боюнча же, эгерде импорттолгон материалдардын чыккан жери белгисиз болсо, түпкү продукция чыгарылган өлкөнүн аймагында аны биринчи сатуунун документи менен тастыкталган баасы боюнча;

б) түпкү продукция үчүн - сатуучунун франко-завод (франко-кампа) шартындагы баасы боюнча эсептелет.

5. Айрым товарлар же Кыргыз Республикасы тарифтик преференция берген айрым өлкөлөр үчүн бышыктап кайра иштетүү критерийин колдонуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

6. Эгерде, товарлардын айрым түрлөрүнө же Кыргыз Республикасы тарифтик преференция берген кайсы бир өлкөгө карата Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келинген товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоо өзгөчөлүгү баса көрсөтүлбөсө, жалпы эреже колдонулат: эгерде, товарды иштеп чыгуу/кайра иштетүү же даярдоо боюнча операцияларды жүргүзүүнүн натыйжасында Товардык номенклатура боюнча тышкы экономикалык иштин бардык деңгээлиндеги алгачкы төрт белги боюнча классификациялык код өзгөрсө, товар ошол өлкөдө чыгарылды деп эсептелет.

 

31-статья. Товар чыгарылган өлкөнү аныктоонун өзгөчөлүктөрү

 

1. Эгерде өндүрүштүк же транспорттук шарттар боюнча товарларды бир партия менен жөнөтүү мүмкүн болбосо, ошондой эле жаңылыштыктан улам товарлардын партиясы бир нечеге бөлүнгөн болсо, ажыратылган (кураштырылбаган) түрдө бир нече партиялар менен берилген товарлар декларанттын каалоосу боюнча товардын чыгарылган өлкөсүн аныктоодо бир эле товар катары каралууга тийиш.

2. Ушул статьянын 1-пунктунун жоболорун колдонуу шарты болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ажыратылган (кураштырылбаган) түрүндө партия менен берилген, мындай берүүнүн себебин көрсөтүү менен жана тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасы боюнча классификациялык коддордун, наркын жана ар бир партияга кирген товардын чыгарылган өлкөсүн көрсөтүү менен берилген товарлар жөнүндө бажы органдары алдынала кабардар кылынышы же товарды бир нече партияга бөлүүнүн жаңылыштыгы документ менен ырасталышы;

2) товардын бардык партияларын бир өлкөдөн бир жөнөтүүчү тарабынан берилиши;

3) товарлардын бардык партиясын бир бажы органына декларациялоо;

4) товарлардын бардык партиясын бажы органы бажы декларациясын кабыл алган күндөн баштап алты айдан ашпаган мөөнөттө же товарлардын биринчи партиясына карата аны берүүнүн мөөнөтү бүткөндө Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүү. Декларанттын жүйөлөштүрүлгөн суроо-талабы боюнча көрсөтүлгөн мөөнөт бажы органдары тарабынан ошол товардын калган бардык партияларын ташып келүү үчүн зарыл болгон убакытка узартылат.

3. Товар чыгарылган өлкөнү аныктоодо аларды өндүрүү же иштеп чыгуу/кайра иштетүү үчүн колдонулган кубаттуулуктун, машиналардын, жабдуулардын жана шаймандардын чыккан жери эске алынбайт.

4. Машиналар, жабдуулар, аппараттар же транспорт каражаттарына пайдаланууга арналган шаймандар, белен тетиктер жана аспаптар ошол шаймандар, белен тетиктер жана аспаптар аталган машиналар, жабдуулар, аппараттар же транспорт каражаттары менен бир комплектте жана санда алып келинген жана сатылган шартта ошол машиналар, жабдуулар, аппараттар же транспорт каражаттары чыгарылган өлкөдөн чыгарылды деп эсептелет.

5. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товар салынып келген таңгак аны товардан өзүнчө декларациялангандан тышкаркы-учурларда, товар чыгарылган өлкөдө чыгарылды деп эсептелет. Мындай учурда таңгак чыгарылган өлкө товар чыгарылган өлкөдөн өзүнчө аныкталат.

Товар чыгарылган өлкөнү аныктоо максаты үчүн, анын ичинде адвалордук үлүш эрежесин колдонууда Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товар салып келинген таңгак ошол товар чыгарылган өлкөдө чыгарылды деп эсептелген учурда, адатта чекене соодада сатылган товар салынган таңгак гана эске алынат.

 

32-статья. Товар чыгарылган өлкөнү тастыктоо

 

Товардын ошол өлкөдөн чыгарылгандыгын тастыктоочу документ болуп товардын чыгарылган жери жөнүндөгү сертификат же товардын чыгарылган жери тууралу декларациялар саналат.

 

33-статья. Товардын чыгарылган жери жөнүндө сертификат

 

1. Товардын чыгарылган жери жөнүндөгү сертификат - товар чыгарылган өлкөнү түздөн-түз күбөлөндүргөн жана эгерде товар ташылып чыккан өлкөдө сертификат товар чыгарылган өлкөдөн алынган маалыматтардын негизинде берилсе, ошол өлкөнүн же товар ташылып чыккан өлкөнүн компетенттүү органдары берген документ.

Эгерде товар чыгарылган жер жөнүндөгү сертификатта товар чыгарылган өлкө тууралу маалыматтар Кыргыз Республикасында кабыл алынгандан башка критерийлерге негизделген болсо, товар чыгарылган өлкө Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан критерийлерге ылайык аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан товарларды ташып кетүүдө товар чыгарылган жер жөнүндө сертификат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ага ыйгарым укук берилген орган же уюм тарабынан берилет, эгерде аталган сертификат контракттын шарты боюнча, товар ташылып келген өлкөнүн улуттук эрежелери боюнча же аталган сертификаттын болушу Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде каралган болсо.

Товардын чыккан жерин тастыктаган документти берген органдар жана уюмдар анын көчүрмөсүн жана башка негизинде тастыктаган документтердин товардын чыккан жерин тастыктаган документ берилген күндөн баштап кеминде алты жыл сактоого милдеттүү.

3. Товардын чыккан жери жөнүндөгү сертификат Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарлардын бажы жагынан жол-жоболоштурууда бажы декларациясы жана башка документтер менен бирге берилет. Сертификат жоголуп кеткен учурда анын расмий түрдө күбөлөндүрүлгөн нускасы кабыл алынат.

4. Товардын чыккан жери жөнүндөгү сертификат талаптагыдай жол-жоболоштурулбагандыгы же анык эмес маалыматтардан тургандыгы тууралу белгилер табылган учурда бажы органы компетенттүү мамлекеттик органдарга же товардын чыккан жери жөнүндө сертификатты берген өлкөнүн башка уюмдарына кошумча документтерди же тактоочу маалыматтарда берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.

Эгерде сертификатты көрсөтүү ушул Кодекстин 35-статьясынын 1-пунктуна ылайык милдеттүү болуп саналса, анда товардын чыккан жери жөнүндө сертификат талаптагыдай жол-жоболоштурулуп же суралган кошумча документтер болбосо тактоочу маалыматтар берилгенге чейин ошол өлкөдөн келди деп эсептелбейт.

5. Бажы органы тандап текшерүү жүргүзүү максатында товардын чыккан жери жөнүндө сертификат берген өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдарына же башка уюмдарына кошумча документтерди же тактоочу маалыматтарды берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу. Мындай текшерүүнү жүргүзүү бажы жагынан жол-жоболоштурууда билдирилген ошол чыгарылган өлкө жөнүндөгү маалыматтардын негизинде товарды чыгарууга тоскоолдук кылбайт.

 

34-статья. Товардын чыгарылган жери жөнүндө декларация

 

1. Товардын чыгарылган жери жөнүндө декларация - товарды даярдоочу, сатуучу же экспорттоочу коммерциялык же товарга тиешеси бар кандайдыр бир башка документ менен байланыштуу жасаган товар чыгарылган өлкө жөнүндөгү кат жүзүндөгү билдирүү.

2. Эгерде, товардын чыгарылган жери жөнүндө декларацияда товар чыгарылган өлкө тууралу маалыматтар Кыргыз Республикасында кабыл алынгандагыдан башка критерийлерге негизделген болсо, товар чыгарылган өлкө Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан критерийлерге ылайык аныкталат.

 

35-статья. Товар чыгарылган өлкөнү тастыкталган документтерди берүү

 

1. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарды ташып келүүдө товардын чыккан жери жөнүндөгү сертификат төмөнкү учурларда берилет:

1) эгерде ошол товар чыгарылган өлкөгө Кыргыз Республикасы өзүнүн эларалык келишимдерине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарифтик преференция берсе. Аталган учурларда тарифтик преференция Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде же мыйзамдарында каралган белгилүү бир форма боюнча сертификат сунуш кылууда берилет;

2) эгерде бул Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган болсо жана коомдук тартипти, моралды, адамдын өмүрүн жана ден соолугун, жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана жаратылыш айлана чөйрөсүн коргоо, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, интеллектуалдык менчик укугун коргоо, ошондой эле тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын сактоону камсыз кылуу үчүн зарыл.

2. Ушул статьянын 1-пунктунун жоболоруна карабастан, товар чыгарылган жер жөнүндөгү сертификатты көргөзүү төмөнкү учурларда талап кылынбайт эгерде:

Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарлар Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларын Кыргыз Республикасына ташып келүүгө тыюу салынган өлкө товар чыгарылган өлкө болуп саналгандыгынын белгиси бажы органдары тарабынан табылгандагыдан башка учурларда транзиттик же убактылуу ташып кетүү бажы режимдерине билдирилет;

мындай товарлардын чыккан өлкөсү болуп саналбаган - ташып чыгуучу өлкөнүн аймагында мурда эркин жүгүртүүгө чыгарылган Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү товарлар;

бир эле учурда бир эле ыкма менен бир эле жөнөтүүчү тарабынан бир кабыл алуучунун дарегине жөнөтүлгөн бажы чегарасы аркылуу өткөн товарлардын жалпы бажы наркы эсептешүү көрсөткүчүнөн 2500 эседен ашпаганда;

Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдери же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган башка учурларда.

3. Эгерде товардын чыккан жери жөнүндөгү сертификатты берүү талап кылынбаса, ал чыгарылган өлкө товардын чыккан жери жөнүндөгү декларация менен тастыкталат (34-статья).

4. Бажы чегарасы аркылуу жеке жактар тарабынан товарды жөнөкөйлөтүлгөн, жеңилдетилген тартипте (28-глава) алып өтүүдө товар чыгарылган өлкөнү тастыктоочу документтерди көргөзүү талап кылынбайт.

(КР 2007-жылдын 26-мартындагы № 39, 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

36-статья. Товар чыгарылган өлкөнү аныктоодо аны өткөрүү шарттары

 

1. Товар чыгарылган өлкөнү тастыктаган документтер жок болгон учурда же берилген документтер талаптагыдай жол-жоболоштурулбагандыгы жана (же) анык эмес маалыматтардан тургандыгы аныкталган учурда, бажы органы (41-глава), эгерде Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларын Кыргыз Республикасына ташып келүүгө тыюу салынган өлкө товар чыгарылган өлкө болуп саналгандыгын көрсөткөн белгилер табылган учурларда товарды өткөрүүдөн баш тартат.

2. Товардын чыгарылган жери так аныкталбаган башка учурларда ушул Кодекстин 33-35-статьяларына ылайык товар кыйла оңтойлуу режим каралбаган соода-саясий мамиледе болбогон өлкөдөн чыгарылган товарларга карата колдонулуучу ставкалар боюнча бажы алымдарын төлөө менен өткөрүлөт.

3. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн товарларга карата бажы органы тарабынан бажы декларациясы кабыл алынган күндөн баштап бир жыл өткөнгө чейин ушул товар чыгарылган өлкө тастыкталган шартта кыйла ыңтайлуу режим же преференциялык режим колдонулат (калыбына келтирилет).

 

37-статья. Түздөн-түз сатып алуу жана тикелей жөнөтүү

 

1. Кыргыз Республикасы тарабынан тарифтик преференция Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине жана (же) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык "түздөн-түз сатып алуунун жана тикелей жөнөтүүнүн" эрежеси сакталган шартта берилет.

 

5-Глава
Кыргыз Республикасында колдонулган тышкы экономикалык иштин товардык
номенклатурасы

 

38-статья. Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы

 

1. Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы - ал товардык позицияны, субпозицияны жана подсубпозицияны жана аларга тиешеси бар классификациялык (сандык) коддорду камтыган товарлардын классификатору. Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасынын ажыралгыс бөлүгү болуп, кандай деңгээлде болбосун классификациянын позицияларына карата эскертүүлөр ошондой эле Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын интерпретациялоонун Негизги эрежеси саналат.

2. Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы бажы - тарифтик жана тышкы сооданы тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын жана тышкы, экономикалык иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын бажы статистикасын жүргүзүү үчүн колдонулат.

3. Кыргыз Республикасында колдонулган Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын эларалык негизи болуп товарларды сыпаттоо жана код берүүнүн гармонизацияланган тутуму жана Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү Товардык номенклатурасы саналат.

(КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

39-статья. Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын жүргүзүү

 

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын жүргүзүүнү жүзөгө ашырган, башкача айтканда:

1) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын эларалык негиздерин өзгөртүүгө жана толуктоого, ушунун негизинде чечмелөө боюнча эларалык түшүндүрмөлөргө жана чечимдерге көз салууну камсыз кылат;

2) аткаруу бийлигинин таламдаш мамлекеттик органдарынын катышуусу менен Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын иштеп чыгуу, өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө сунуштарды даярдоону камсыз кылат;

3) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын эталондук нускасын актуалдуу абалда сактайт;

4) аткаруу бийлигинин таламдаш мамлекеттик органдарынын катышуусу менен Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына түшүндүрмөлөрдү иштеп чыгат, ошондой эле аларды жарыялоону камсыз кылат;

5) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка иш милдеттерин жүзөгө ашырат.

 

40-статья. Товарларды классификациялоо

 

1. Товарлар декларациялоодо классификациялоого жатат, декларант же декларантты тандоо боюнча бажы брокери, башкача айтканда товарларга болгон мамиле Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча классификациялык код (классификациялык коддор) менен аныкталат.

2. Декларанттын суроо-талабы боюнча бажы органдары товарларды классификациялоодо ушул Кодекстин 57-главасына ылайык алдынала чечим кабыл алат.

3. Бажы органдарынын товарлардын классификациясы тууралуу чечими милдеттүү болуп саналат. Ушул Кодекстин 59-главасына ылайык декларант мындай чечимдерге даттанууга укуктуу.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

III БӨЛҮМ
АЛДЫНАЛА КАРАЛГАН ЖАНА БАШКА БАЖЫ ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ

 

6-Глава
Товарлардын жана транспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын бажы
аймагына келиши

 

 41-статья. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келишинин орду жана убактысы

 

1. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өткөрүү пункттарында жана бажы органдары иштеген убакытта жол берилет. Бажы органдарынын иштеши үчүн белгиленген убакыттан тышкары өткөрүү пункттарына товарлардын жана транспорт каражаттарынын келишине ал органдарга алдынала кабарлоо менен автомобиль өткөрүү пункттарын кошпогондо ал жерге белгиленген убакыттан тышкары келгендерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уруксаты менен жол берилет.

2. Бажы чегарасынан өтүү жүк ташуучуга өткөрүү пунктуна же товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы органына көрсөтүүчү жерге талап кылынган учурда, бажы органдары аныктаган маршрут боюнча мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жеткирүү милдетин жүктөйт. Товарларды темир жол аркылуу ташууда маршрут белгиленбейт. Мында товарлардын абалын өзгөртүүгө же алардын таңгагын бузууга, ошондой эле коюлган пломбаларды, мөөрлөрдү жана башка идентификациялоо каражаттарын өзгөртүүгө, жок кылууга, алып салууга же бузууга жол берилбейт.

Электр өткөрүү линиялары жана түтүк өткөрүүчү транспорту боюнча өткөрүлүүчү товарлар үчүн товарларга жана транспорттук каражаттарга берилүүчү орунду аныктоо талап кылынбайт.

3. Контролдун натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү товарлардын айрым категорияларынын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келиши үчүн такталган өткөрүү пункттарын аныктоого укуктуу.

4. Ушул статьянын жоболору Кыргыз Республикасынын аймагындагы портторго же аэропортторго токтобостон, Кыргыз Республикасынын бажы аймагын кесип өткөн аба кемелери менен ташылган товарларга жайылтылбайт.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

42-статья. Кыйроодо же күч жеткис тоскоолдукта көрүлгөн чаралар

 

1. Эгерде товарларды жеткирүү үзгүлтүккө учурап, ошондой эле аба кемеси кыйроодон же күч жеткис тоскоолдуктун кесепетинен болбосо товарларды жеткирүүгө же белгиленген жерлерге конууга тоскоолдук кылган башка жагдайлардан улам Кыргыз Республикасынын аймагына аргасыз токтогондо же конгондо, жүк ташуучу товарлардын жана транспорт каражаттарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүгө, мындай жагдай жөнүндө товарлардын турган жери тууралу жакын турган бажы органына дароо билдирүүгө милдеттүү.

2. Ушул статьянын талаптарын сактоого байланыштуу жүк ташуучуда же башка жактарда-келип чыккан чыгымдарды бажы органдары тарабынан орду толтурулбайт.

 

43-статья. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгендиги жөнүндө бажы органдарына кабарлоо

 

1. Жүк ташуучу товарлардын жана транспорт каражаттардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгендиги жөнүндө бажы органдарына кабарлоого милдеттүү.

2. Товарларды аба, автомобиль жана темир жол транспорту менен ташууда товарлардын жана транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгендиги жөнүндө кабарлоонун тартиби транспорт жана коммуникация жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

 

Караңыз:

Товарларды автомобиль, темир жол, аба жана транспорттун башка түрлөрү менен ташууда товарлардын жана транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгендиги жөнүндө билдирүүнүн тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-мартындагы № 123 токтому менен бекитилген)

 

Товарларды түтүк өткөргүч транспорту жана электр берүү линиялары боюнча ташууда товарлардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгендиги жөнүндө кабарлоонун тартиби түтүк өткөргүч транспорту же электр берүү линияларынын ээсинин макулдугу менен ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.

 

44-статья. Документтерди жана маалыматтарды берүү

 

1. Товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин же бир мезгилде келгенде жүк ташуучу бажы органына Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келинген жүк жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.

2. Товарлардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келишинде бажы органдары талап кылган маалыматтар бажы максаттарында товарлар менен транспорт каражаттарын идентификациялоо үчүн зарыл болгон маалыматтар менен гана чектелет жана транспорт жаатындагы Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде каралган жүк ташуучунун кадимки транспорттук документтеринен турат. Аталган маалыматтарга төмөнкүлөр кирет:

товарлардын түрлөрү же аталыштары жөнүндө маалыматтар;

товарлардын саны жөнүндө маалыматтар;

товарлардын маркировкасы же таңгагы жөнүндө маалыматтар;

транспорт каражатын идентификациялоого мүмкүндүк берген кыскача маалыматтар.

Товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенде жүк ташуучу бере турган маалыматтардын айкын тизмеги транспорттун түрүнө жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен нускама менен аныкталат.

3. Бажы органдары жүк жөнүндө декларация катары транспорт жаатында Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде каралган жүк ташуучунун транспорттук документтерин кабыл алат.

4. Эгерде бажы органдары талап кылган маалыматтар транспорттук документтерде камтылбаса, товар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтар жүк ташуучу же анын тапшыруусу боюнча башка жак түзгөн кошумча документтерди берүү жолу менен жүргүзүлөт.

5. Эгерде, документтер чет тилинде түзүлгөн болсо, бажы органдары зарыл болгондо ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды гана которууну талап кылат.

6. Жүк ташуучу ал ташып бараткан бардык товарлар жөнүндө маалыматтарды жүк тууралу декларацияда көрсөтүүнү, болбосо ушул статьянын 4-пунктунда каралган тартипте алар тууралу маалыматтарды бажы органдарына берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

45-статья. Жүк жеткирилген жерге товарларды түшүрүү жана кайра жүктөө (оолаштыруу)

 

1. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келген транспорт каражаттарынан товарларды түшүрүү жана кайра жүктөө (оолаштыруу) бажы органына товарларды жана транспорт каражаттарын көрсөтүүчү жерде ошол максаттар үчүн атайын арналган орундарда жүргүзүлөт.

2. Товарларды түшүрүүчү жана кайра жүктөөчү (оолаштыруучу) жерлер бажы контролунун зонасы болуп саналат. Аталган жерлер товарлардын сакталышын камсыз кылгыдай жасалууга жана жабдылууга тийиш жана жүк операцияларын жүргүзүүгө катышпаган жактар ал жерге киргизилбейт. Бажы органы товарлар түшүрүлүүчү жана кайра жүктөлүүчү (оолаштырылуучу) жерлердин жасалышына жана жабдылышына айкын талаптарды белгилейт.

3. Товарлар жоголгон болбосо алар үчүнчү жактарга бажы органдарынын уруксатысыз берилген учурларда бажы алымдарын, салыктарды төлөө үчүн жоопкерчиликти ушул Кодекске ылайык товарлар менен жүк операцияларын жүргүзгөн жүк ташуучу тартат.

Жүк ташуу операцияларын жүзөгө ашырган жак, эгерде кыйроодон же күч жеткис тоскоолдуктардын кесепетинен бүлүнүп же биротоло жоголгон болбосо табигый жол менен эскиришинин кесепетинен жана кемиген учурларда гана ташып келүүдө бажы алымдарын, салыктарын төлөө үчүн жоопкерчилик тартпайт. Жүк ташуучу бажы органдарынын уруксатысыз товарларды түшүрүү, кайра жүктөө, таңгактарды ачуу же кайра таңгактоо, товарларды идентификациялоонун каражаттарын өзгөртүү, алып салуу, жок кылуу же бузулгандыгы үчүн, эгерде мындай операциялар адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, жүк ташуу операциялары жасалган жерде товарлардын жана (же) транспорт каражаттарынын жок болушуна, жоголушуна, биротоло жоголушуна же олуттуу бузулушуна чындап коркунуч келтиргендиктин кесепетинен улам жасалгандыгын далилдесе, жоопкерчилик тартпайт.

4. Түшүрүлгөн, кайра жүктөлгөн (оолаштырылган) жерде турган товарлар убактылуу сактоодо турган статуска ээ болот. Убактылуу сактоо мөөнөтү өткөндөн кийин бажы органдары аталган товарларды ушул Кодекстин ХII бөлүмүнө ылайык тескейт.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-Глава
Ички бажы транзити

 

46-статья. Ушул главаны колдонуу чөйрөсү

 

Ушул главанын жоболору бажы контролу астында турган товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагы боюнча, товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагында турган жеринен бажы жагынан жол-жоболоштурулууга жерге чейин, бажы жагынан жол-жоболоштурулууга жерден Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып кетүүчү жерге чейин ташууну кошуп алганда, бажы органдарынын ортосунда ташууда эгерде ошондой эле убактылуу сактоочу кампалардын, бажы кампаларынын, өзгөчө экономикалык зоналардын ортосунда ташуунун бардык учурунда ушул Кодекс менен башкача каралбаса колдонулат.

Ушул главанын жоболору түтүк өткөргүч транспорту жана электр берүү линиялары боюнча транспорттолгон товарларга, ошондой эле аба транспорту менен ташылган товарларга жайылтылбайт, эгерде эларалык туруктуу каттам жасоодо аба кемеси товар келген жерде товарларды жарым-жартылай түшүрбөстөн орто аралык же аргасыздан (техникалык) консо.

 

47-статья. Ички бажы транзити

 

Ички бажы транзити - бажы контролу астында турган товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагы боюнча бажы алымдарын, салыктарды төлөбөстөн жана ушул главада белгиленген шарттарды сактоо менен товарларга карата жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонуусуз ташылгандагы бажы жол-жобосу.

 

48-статья. Ички бажы транзити жөнүндө кабарлоо

 

1. Ички бажы транзитине ички бажы транзитинин жол-жоболоруна (мындан ары - жөнөтүүчү бажы органы) ылайык товарларды ташуу башталган иши жүргөн региондо бажы органына кабарлоо менен жол берилет.

2. Ички бажы транзити кайсы болбосун товарларды ташуучу, анын ичинде бажылык жүк ташуучу же экспедитор тарабынан (Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык транспорт экспедициясынын келишими боюнча аракеттенген жак) жүзөгө ашырылат, Эгерде экспедитор ата мекендик жак болуп, төмөнкү шарттарды сактаса:

1) Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан товарларды ташып кетүүгө же ал аймакка ташып келүүгө тийиштүүлүгүнө жараша тыюу салынбаганда;

2) ташылып келген товарларга карата, чегара жана мамлекеттик контролдун башка түрлөрү жүргүзүлгөндө, эгерде товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келген жерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай контролго алына турган болсо;

3) товарларга карата уруксат жана (же) лицензия берилгенде, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагы боюнча орун которуштурууга аталган уруксат же лицензиялар бар болгондо жол берилген болсо;

4) товарларга карата ушул Кодекстин 50-статьясына ылайык ички бажы транзити үчүн зарыл болгон документтер жана маалыматтар берилгенде;

5) товарлардын идентификациясы камсыз кылынганда (51-статья);

6) эгерде товарлар бажы пломбалары жана мөөрлөрү астында ташылганда транспорт каражаттары талаптагыдай жабдылган болсо (52-статья).

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

49-статья. Ички бажы транзитинин мөөнөттөрү

 

1. Ички бажы транзитинин мөөнөттөрү товарларды ташуунун кадимки мөөнөттөрүн транспорттун түрүнө жана транспорт каражатынын мүмкүнчүлүгүнө, анын каттамына жана жүк ташуунун башка шарттарына ылайык жөнөтүүчү бажы органы тарабынан белгиленет.

2. Таламдаш жактын жүйөлөштүрүлгөн суроо-талабы боюнча бажы органы ички бажы транзитинин баштапкы белгиленген мөөнөтүн узартат.

 

50-статья. Ички бажы транзитинин жол-жоболорун колдонуу үчүн берилген документтер

 

1. Транзиттин декларациясы катары бажы органы кандай коммерциялык, транспорттук (жүк ташуучу) документтер жана (же) ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыган бажы документтери болбосун жөнөтүүлөрдү кабыл алат.

2. Ички бажы транзитинин жол-жоболорун колдонуу үчүн жүк ташуучу (экспедитор) төмөнкү маалыматтарды берет:

1) транспорттук документтерге ылайык товарларды жөнөтүүнүн (алуучунун) аталыштары жана орун алган жери жөнүндө документтер;

2) товарларды жөнөткөн өлкө (жеткирилчү өлкө) жөнүндө;

3) товарлардын жүк ташуучусунун болбосо экспедитордун аталыштары жана орун алган жери жөнүндө, эгерде ички бажы транзити экспедитор тарабынан жүзөгө ашыртылса;

4) Кыргыз Республикасынын бажы аймагы боюнча товарлар ташылган транспорттук каражаттар жөнүндө, ал эми автомобиль транспорту менен ташууларды жүзөгө ашырууда - транспорттук каражаттар тууралу да;

5) коммерциялык, транспорттук (жүк ташуучу) документтерге ылайык товарлардын саны, наркы, түрлөрү же аталыштары жөнүндө, салмагы же көлөмү тууралу;

6) жүк орундарынын жалпы саны жөнүндө;

7) товарлардын жеткирилүүчү пункттары жөнүндө;

8) товарларды кайрадан жүктөлүшүн пландаштыруу же жолдогу башка жүк операциялары жөнүндө;

9) товарларды ташуунун пландаштырылуучу мөөнөттөрү жөнүндө.

3. Бажы органы ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары жүк ташуучудан же экспедитордон башка маалыматтардын берилишин талап кылууга укуксуз.

4. Кыргыз Республикасынын эларалык мыйзамдарында каралган учурда, Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине ылайык транзиттик декларация катары жол-жоболоштурулган документтер пайдаланылат.

5. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык көрсөтүлгөн документтерди транзиттик декларация катарында кабыл алуу жөнүндө бажы органынын кызмат адамы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте мындай документтерге белги коюлат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

51-статья. Товарларды идентификациялоо жана алардын документтери

 

1. Жөнөтүүчү бажы органы кабыл алуучу бажы органынын (ички бажы транзитинин жол-жобосу аяктай турган бажы органы) товарларды идентификациялай алышын жана товарларды алып коюунун, товарларды транспорттук каражаттарга салуунун болбосо товарлар менен кандайдыр бир операцияларды жасоонун жана издерин таба алышын камсыз кылат, эгерде аталган аракеттер ички бажы транзитине ылайык аларды ташууда жасалса.

2. Эгерде транспорт каражатынын жабдуулары жана жасалгалары, контейнер же алып коюучу ырдыбаны жана товардын мүнөзү аларга пломба же мөөр коюуга мүмкүнчүлүк берсе (44-статья), идентификациялоо каражаты катары мындай транспорт каражатына, контейнерге же алып коюучу ырдыбанга коюлган бажы пломбалары жана мөөрлөрү пайдаланылат.

3. Башка учурларда товарларды идентификациялоо жүктүн айрым жерлерине сан, тамга же башка марка коюу, идентификациялык белгилерди коюу, пломба же мөөр басуу, штамп басуу, текшерүүгө сынамыктарды жана үлгүлөрдү алуу, товарларды жана транспорттук каражаттардын сыпаттамасын, анын ичинде бажы органынын кызматкерлери түзгөн чиймелерди, масштабдуу даярдалган сүрөттөрдү, фотосүрөттөрдү, көрмөжазууларды, иллюстрацияларды пайдалануу жана товарларды идентификцнялоого мүмкүндүк берген башка каражаттарды пайдалануу жолдору менен жүргүзүлөт.

Бажы органдары тарабынан төмөнкүлөрдөн тышкары учурларда чет өлкөлөрдүн бажы органдарынын бажы пломбалары жана идентификациялык башка каражаттары колдонулат, качан:

алар жөнөтүүчү бажы органдары тарабынан ушул Кодекстин 52-статьясынын 1-пункту менен аныкталгай талаптарга жооп берген жетиштүү эмес же ишенимдүү эмес деп таанылганда;

жөнөтүүчү бажы органы товарларды бажы текшерүүсүнөн өткөрүүдө.

Эгерде бажы органдары чет мамлекеттердин бажы органдарынын бажы пломбаларын же башка идентификациялоо каражаттарын пайдаланса, мындай идентификациялоо каражаттарына Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын идентификациялоо каражаттарына карата ушул Кодексте каралган аларды өзгөртүүгө, алып коюуга, жок кылууга же бузууга тыюу салуулар жайылтылат.

4. Ички бажы транзити жол-жобосун пайдаланууда, бажы максаттары үчүн бажы органы тарабынан ачылганы көрүнүп кала турган белги калтыруусуз андагы товарлардын жана транспорт каражаттарынын коммерциялык жана товар коштоочу документтерин алып коюу же алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган, атайын корголууга ылайыкташтырылган идентификациялоо каражаты катары сейф-пакети колдонулат.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

52-статья. Товарларды бажы пломбалары жана мөөрлөрү менен ташууда транспорттук каражаттарды, контейнерлерди жана алып коюлуучу ырдыбандарды жабдуу

 

1. Идентификациялоо каражаты катары пайдаланылган бажы пломбалары жана мөөрлөрү транспорт каражаттары, контейнерлер же алып коюулуучу ырдыбандар төмөнкүдөй конструкцияланган жана жабдылган шартта түздөн-түз ошол транспорт каражаттарына, контейнерлерге же алып коюлуучу ырдыбандарга коюлат:

1) бажы пломбалары жана мөөрлөрү жөнөкөй жана ишенимдүү ыкма менен коюлушу мүмкүн;

2) товарлар транспорттук каражаттын жүк коюлуучу бөлүгүнөн аны ачуунун же бажы пломбасын (мөөрүн) бузуунун көрүнүп тургудай издерин калтырбастан алынышы же жыйылып коюлушу мүмкүн эмес.

3) транспорттук каражатта жана анын жүк коюучу жеринде товарларды катып коюу үчүн жашыруун жерлер жок болгондо;

4) товарлар турган жердин баары бажы кароосунан өткөрүү үчүн оңтойлуу болгондо.

2. Эгерде транспорт каражаты бажы пломбасы жана мөөр менен жүк ташууга күн мурдатан берилбеген болсо, транспорт каражатынын, контейнердин же алып коюулуучу ырдыбандын бажы пломбасы жана мөөр менен жүк ташуу үчүн жарактуу экендиги жөнүндө чечимди жөнөтүүчү бажы органы кабыл алат.

3. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде күн мурдатан жол берүү каралган учурду кошпогондо, бажы пломбасы жана мөөрлөрү бар транспорт каражатын, контейнерди же алып коюлуучу ырдыбанды бажы органдары күн мурдатан ташып жеткирүү үчүн жол берүүнү талап кылбайт.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

53-статья. Ички бажы транзитинде жүк ташуучунун милдеттери

 

Товарларды ташууда ички бажы транзитинин жол-жоболоруна ылайык жүк ташуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) товарларды жана алардын документтерин, эгерде алар аныкталган болсо белгилүү маршруттар боюнча жөнөгөн бажы органы аныктаган жерге жүк ташуу документтеринде көрсөтүлгөн кабыл алуучу пунктту эске алуу менен (кабыл алуучу бажы органы иш регионунда турган бажы контролунун зонасы) белгиленген мөөнөттө жеткирүүгө;

2) эгерде товарлардын, бажы пломбалары жана мөөрлөрү же башка идентификациялык каражаттары пайдаланылган болсо, алардын сакталышын камсыз кылууга;

3) ушул Кодекстин 54-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда товарларды башка транспорт каражаттарына которуп жүктөөдөн тышкары товарларды түшүрүүгө же кошумча жүктөөгө, ошондой эле алар менен бажы органдарынын уруксатысыз кандай гана болбосун башка операцияларды жасоого жол бербөөгө.

 

53-1-статья. Бажылык коштоо

 

1. Бажылык коштоо - ички бажы транзитинде бажы мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу максатында бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан ишке ашырылган, ички бажы транзитине ылайык товарларды ташып өтүүчү транспорт каражаттарын коштоо (анын ичинде электрондук каражаттарды колдонуу менен).

2. Бажы органы бажылык коштоо жөнүндөгү чечимди төмөнкү учурларда кабыл алууга укуктуу:

1) ушул Кодекстин 36-главасына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылууну көрсөтпөгөндө;

2) ушул Кодекске ылайык тобокелдикти анализдөө тутумунун жана аларды башкаруунун негизинде аныкталган, товарлардын өзүнчө түрлөрүн ташыган учурда;

3) бажы эрежелерин бузуу жөнүндө күчүнө кирген токтом менен такталган, бажы органына ички бажы транзити жөнүндө кабарлоо менен кайрылган күнүнөн тартып, жүк ташуучу тарабынан бир жылдын ичинде жок дегенде бир жолу товарларды, алар жеткирилүүчү жерге жеткирбеген учурда;

4) Кыргыз Республикасынын аймагына адашып жеткирилген же Кыргыз Республикасына алып кирүүгө же Кыргыз Республикасынын аймагы менен транзитке тыюу салынган товарларды кайрадан алып чыгуу, эгерде көрсөтүлгөн товарлар менен бажы чегарасынын даана кесип өткөн жери алып чыгууда бул товарлардын жайгашкан жери менен дал келбеген учурда;

5) ушул Кодекстин 48-статьясынын 2-пунктунун 5 жана 6-пунктчаларына ылайык товарларды ташууда;

6) Кыргыз Республикасынын тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чаралары колдонулган товарлар ташылган учурда.

3. Бажылык коштоо үчүн бажы жыйымдары алынат (240-статья).

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196, 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

54-статья. Товарларды кайра жүктөө, түшүрүү, жүктөө жана башка жүк операциялары

 

1. Ички бажы транзитине ылайык ташылган товарларды кайра жүктөө, түшүрүү, жүктөө жана башка жүк операциялары жөнөтүүчү бажы органынын же жүк операцияларын жүргүзүү боюнча иштөө регионундагы бажы органдарынын уруксаты менен жол берилет. Эгерде товарлар коюлган бажы пломбаларын жана мөөрүн бузбастан бир транспорт каражатынан экинчисине кайра жүктөлүшү мүмкүн болсо, мындай кайра жүктөөгө бажы органына алдынала кабарлоо менен жол берилет.

2. Бажы органы товарлар менен жүк операцияларын жүргүзүүдөн баш тарта алат, эгерде ошол товарлар менен бажы контролун андан ары жүзөгө ашырууга мүмкүн болбосо.

 

55-статья. Ички бажы транзитинде жүк ташуучунун жана экспедитордун жоопкерчилиги

 

1. Кабыл алуучу бажы органынын иш регионунда турган бажы контролунун зонасына чет өлкөлүк товарлар кем жеткирилген учурда, жүк ташуучу ал товарларды эркин жүгүртүү үчүн чыгарууда төлөөгө тийиш болгон бажы алымдарынын, салыктардын тийиштүү суммасынын өлчөмүндө ташып келүү бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө милдеттүү. Мында, эгерде ички бажы транзитин экспедитор ишке ашырса, (48-статьянын 2-пункту), бажы алымдарын, салыктарды төлөө үчүн жоопкерчиликти экспедитор тартат.

Товар, алардын бажы наркы, саны жөнүндө так маалыматтар жана бажы төлөмдөрүн эсептөөгө таасир этүүчү башка маалыматтар жоктугуна байланыштуу бажы алымынын, салыктарынын суммасынын так өлчөмүн аныктоо мүмкүн болбогон учурда, бажы органына бажы алымдарын (266-статья) төлөөнү камсыз кылуу суммасы төлөнөт. Мындай акы төлөнгөн күндөн баштап бир жылдын ичинде товарлар жөнүндө так маалыматтар белгиленгенде ушул Кодекстин 37- жана 38-главаларына ылайык белгиленген тартипте төлөнгөн бажы алымынын, салыктарынын кем алынган суммалар өндүрүлөт же ашыкчасы кайтарылып берилет.

Товардын ордун алмаштыруучу жана иш жүзүндө товарды ээлигине алган жак товар кем жеткирилгенде бажы алымын, салыктарды төлөө үчүн жүк ташуучу же экспедитор менен тең жоопкерчилик тартат.

2. Жүк ташуучу, ушул Кодекстин 53-статьясында каралган өз милдеттенмелерин сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт эгерде ушул глава менен аныкталган шарттарды жана талаптарды бузбастан товарлар кыйроонун же күч жеткис тоскоолдуктун кесепетинен жок болсо, бөлүнгөндө же биротоло жоголуунун же ташуунун (транспортировкалоонун) кесепетинен кадыресе шартында табыгый жол менен эскиргенде же кемисе. Жүк ташуучу, бажы органынын уруксатысыз товарларды түшүргөндүгү, кайра жүктөгөндүгү, таңгактарын ачкандыгы же кайра таңгактагандыгы, товарларды идентификациялоо каражаттарын өзгөрткөндүгү, алып койгондугу, жок кылгандыгы же бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт, эгерде мындай операциялар жүргүнчүлөрдүн жана транспорт каражатынын экипажынын өмүрүнө жана ден соолугуна, товарлардын жана транспорт каражатынын жок болушуна, жоголушуна, биротоло жоголушуна же олуттуу бузулушуна реалдуу коркунуч келтирилгендигинен улам жасалса.

3. Жүк ташуучу жана экспедитор, бажы алымдарын, салыктарын төлөө үчүн жоопкерчилик тартышпайт, эгерде товарлар кыйроонун же күч жеткис тоскоолдуктардын кесепетинен жок болсо, же биротоло жоголсо же ташуунун (транспортировкалоонун) кадыресе шартында табигый жол менен эскирсе болбосо кемисе.

Эгер ушул глава менен аныкталган башка шарттар жана талаптар аткарылса, бажы органдары жүк ташуучуга же экспедиторго жүк ташуу аныкталбаган маршруттар боюнча ташылбагандыгынын болбосо ички бажы транзитинин мөөнөтү бузулгандыгынын негизинде бажы алымдарын, салыктарды төлөө жөнүндө талап коюуга укуксуз.

4. Ички бажы транзитинде товарлар башка транспорт каражатына кайра жүктөлгөн учурда, ушул глава менен белгиленген шарттарды жана талаптарды сактоо үчүн жоопкерчилик ошол транспорт каражаты менен товар ташыган жүк ташуучуга жүктөлөт. Мында ички бажы транзитинде жүк ташуучу же экспедитор бажы алымдарын, салыктарды төлөө үчүн жоопкерчилик тартат.

 

56-статья. Ички бажы транзитин аяктоо

 

1. Ички бажы транзити аяктаган, жеткен жеринде, товарлардын ички бажы транзитинин аякташы мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, бирок транспорттук каражатын каттоо учурунан 24 сааттан кечиктирилбестен жол-жоболоштурлат, эгерде документтерди текшерүүдө жана товарларды идентификациялоодо Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулар ачылган болбосо.

2. Ички бажы транзитин аяктоо үчүн жүк ташуучу транзиттик декларацияны көрсөтүүгө, берүүгө, ошондой эле товарларга карата колундагы башка документтерди товарлар жеткирилүүчү жерге транспорттук каражат келген учурдан тартып бир сааттын ичинде, ал эми бажы органдын иштөө убактысынан тышкары мезгилде келгенде ошол бажы органдын иши башталган учурдан тартып бир сааттын аралыгында берүүгө милдеттүү. Темир жол менен товарларды ташууда аталган документтерди берүүнүн мөөнөтү 12 сааттан ашпоого тийиш.

3. Ички бажы транзитинин аякталышына чейин товарлар жеткирилүүчү жерде транспорттук каражаттар бажы контролундагы зонада жайгаштырылат.

4. Бажы органы жайгашкан жер болуп саналбаган товарлар жеткирилүүчү жерге товарларды ташууда, ички бажы транзитинин аякталышы, жеткен жериндеги бажы органына товарларды көрсөтүүсүз жүзөгө ашырышы мүмкүн.

Ички бажы транзитин жүзөгө ашырган жак, товарларды сактоого кабыл алууга, товарлар жеткирилүүчү жер катары аныкталган товарлардын абалын өзгөртүүгө алардын таңгактоосунун бузулушуна алып келүүчү убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына же башка жерге товарлардын жеткирилишин бажы органы ырастамайынча алар тарабынан пайдаланышын жана тескөөсүн камсыз кылууга милдеттүү.

 

8-Глава
Бажы жүгүн ташуучу

 

(Глава КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

9-Глава
Товарларды убактылуу сактоо

 

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 378 "Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому

 

62-статья. Товарларды убактылуу сактоо

 

Убактылуу сактоо - товарлар жана транспорттук каражаттар бажы алымдарын, салыктарды төлөбөстөн жана товарларды белгилүү бир бажы режимине ылайык чыгарууга чейин товарга карата жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонуусуз бажы контролу астында же болбосо башка бажы жол-жобосу астында жайларда сактоонун бажы жол-жоболору.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

63-статья. Убактылуу сактоочу жайлар

 

1. Убактылуу сактоо имарат жайларда, ачык аянттарда, бул максаттар үчүн атайын бөлүнгөн жана жасалгаланган орундарда (убактылуу сактоо кампаларында) жүргүзүлөт.

2. Убактылуу сактоо кампалары ушул Кодекстин жоболоруна ылайык ата-мекендик жактар тарабынан уюштурулушу мүмкүн.

3. Товарларды убактылуу сактоочу жай бажы контролунун зонасы жана бажы органына товарларды жана транспорттук каражаттарды көрсөтүүчү жер болуп саналат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

64-статья. Убактылуу сактоочу кампалардын типтери

 

1. Убактылуу сактоочу кампалар ачык түрдөгү кампалар, башкача айтканда ар кандай гана товарларды болбосун сактоо жана ушул статьянын 2-пунктунда каралгандагыдан башка учурларда кандай гана жактар болбосун пайдаланышы үчүн бериле турган кампалар саналат.

2. Жабык типтеги, башкача айтканда айрым бир товарларды же айрым бир жактардын товарларын сактоого арналган убактылуу сактоо кампаларын уюштурууга өзгөчө категориядагы, жүгүртүүдө чектелген жана (же) сактоонун өзгөчө шартын талап кылган товарларды сактаган таламдаш жактардын жүйөөлөштүрүлгөн кайрылуусу боюнча жабык түрүндөгү кампаларды уюштурууга тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын же транспорттук уюмдардын керектөөлөрүнө жооп берген учурда жол берилет.

 

65-статья. Убактылуу сактоочу кампаларга жайгаштырылышы мүмкүн болгон товарлар

 

1. Убактылуу сактоочу кампаларга кандай товарлар болбосун жайгаштырылышы мүмкүн. Башка товарларга зыян келтире турган же сактоонун өзгөчө шартын талап кылган товарлар, андай товарларды сактоо үчүн атайын жабдылган кампаларда же убактылуу сактоо кампаларынын жайларында сакталууга тийиш.

2. Убактылуу сактоо кампалары ушул Кодексте каралган башка учурларда товарларды сактоо үчүн пайдаланылышы да мүмкүн.

 

66-статья. Убактылуу сактоочу кампаларга товарларды жайгаштыруу үчүн зарыл документтер

 

Товарларды убактылуу сактоочу кампаларга жайгаштырууда бажы органдары товарларды идентификациялоо үчүн зарыл болгон маалыматтардан турган жана ушул Кодекстин 44-статьясынын 2-пунктунда каралган документтерди талап кылат. Андай документ катары коммерциялык, транспорттук же зарыл маалыматтардан турган башка документтер пайдаланылышы мүмкүн.

 

67-статья. Убактылуу сактоо мөөнөтү

 

1. Товарларды убактылуу сактоо мөөнөтү эки айды түзөт.

2. Тез бузулуучу товарларды убактылуу сактоонун чектелүү мөөнөтү 10 күндү түзөт.

3. Жазык иши жана бажы иши тармагындагы администрациялык укук бузуулар боюнча буюм далилдери болуп саналган тез бузулуучу товарлардан башка товарларды жана транспорттук каражаттарды убактылуу сактоо соттун чечими же ишти токтотуу жөнүндө токтом мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жүргүзүлөт.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

68-статья. Убактылуу сактоо кампаларындагы турган товарлары менен операция

 

1. Убактылуу сактоо кампасынын ээси, бажы брокери, товарларга тиешеси бар ыйгарым укукка ээ башка жак жана алардын өкүлдөрү убактылуу сактоо кампасында турган товарларды көрүп чыгып жана өлчөй алат. Бажы органына кабарлоо менен товарлардын сынамыктары жана үлгүлөрү алынышы мүмкүн (330-статья).

2. Убактылуу сактоодо турган товарларга бажы органынан кабарлоо менен бузулган таңгакты оңдоону кошуп алганда, абалын өзгөртпөстөн алардын сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл операциялар, ошондой эле товарларды убактылуу сактоо кампасынан ташып кетүүнү жана аларды кийин башка жакка ташууну тездетүү үчүн зарыл болгон операциялар жасалат. Товарлардын абалын өзгөртүүгө алып келбеген же бажы органдары тарабынан аларды идентификациялоого мүмкүн болбогон шартта, көрсөтүлгөн операциялар жасалышы мүмкүн.

 

69-статья. Жараксыз болгон же бузулууга туш келген товарлар

 

Убактылуу сактоо мезгилинде кыйроодон же күч жеткис тоскоолдуктун кесепетинен жараксыз болгон, бузулган же бүлүнгөн товарлар, эгерде аларды жараксыз болгон, бузулган же бүлүнгөн абалында ташып кетүү үчүн декларант тарабынан белгилүү бир бажы режими астында жайгаштырылууга тийиш.

 

70-статья. Убактылуу сактоо кампасы жайгашкан жерди жасалгалоого, материалдык-техникалык жактан жабдууга карата талаптар

 

1. Убактылуу сактоо кампалары товарлардын сакталышын камсыз кылгыдай жана башка жактардын (кампанын кызматкерлери болуп саналбаган жана товарларга карата ыйгарым укуктары жоктор) ал жайга кире албагандай жайгаштырылууга жана жабдылууга тийиш.

2. Убактылуу сактоо кампасына ички бажы транзитин аяктоо үчүн зарыл болгон убакытка товар ташып келген транспорт каражаттарынын токтоп турушу үчүн жабдылган кайтарылуучу аймак жайгашууга тийиш. Аталган аймак бажы контролунун зонасы болуп саналат. Бажы контролу астында турган товарларды ташыган транспорт каражаттары аталган зонага сутканын каалаган убактысында кире алат.

3. Убактылуу сактоочу кампалардын инфратүзүмүнө, техникалык жабдылышына жана иштөө режимине талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 185 "Бажы кампаларынын жана убактылуу сактоо кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылуусуна жана иштөө режимине карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому

 

71-статья. Убактылуу сактоо кампасынын ээлеринин милдеттери

 

Убактылуу сактоо кампасынын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кампаны ушул Кодекстин 70-статьясында каралган талаптарга ылайык жасалгалоого;

2) сактоодо турган товарларды бажы контролунан тышкары кампадан алып коюу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого;

3) бажы органынын иш убактысынан тышкары келген товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролунун зонасы болуп саналган кампага болбосо ага жамаатташ аймакка жайгаштырууну камсыз кылууга;

4) убактылуу сактоо кампасында турган товарлардын жана убактылуу сактоо кампасында турган же бажы контролунун зонасы болуп саналган ага жамаатташ аймакта турган транспорт каражаттарынын сакталышын камсыз кылууга;

5) бажы контролун жүргүзүүгө көмөктөшүүгө;

6) сакталуучу товарлардын эсебин алууга жана бажы органына отчет берүүгө;

7) сактоого коюлган товарларга жана транспорттук каражаттарга бажы органдарынын уруксатысыз үчүнчү жактардын киришине жол бербөөгө;

8) ушул Кодекстин 73-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө.

 

72-статья. Убактылуу сактоо кампасынын ээсинин товарлардын убактылуу сактоо кампасына койгон жактар менен өз ара мамилеси

 

Убактылуу сактоо кампасынын ээси менен товарларын убактылуу сактоо кампасына койгон жактардын өз ара мамилеси келишимдик негизде түзүлөт.

 

73-статья. Бажы алымдарын, салыктарды төлөө үчүн жоопкерчилик

 

1. Убактылуу сактоо кампасында сакталып турган товарларга карата бажы алымдарын, салыктарын төлөө үчүн жоопкерчиликти, эгерде алар жоголгон болбосо бажы органдарынын уруксатысыз үчүнчү жактарга берилген учурда убактылуу сактоо кампасынын ээси тартат.

2. Убактылуу сактоо кампасынын ээси товарлар кыйроонун же күч жеткис тоскоолдуктун кесепетинен жок болгон болбосо биротоло жоголгон же кадимки сактоо шартында табыгый жол менен эскирген же кемиген учурда бажы алымдарын, салыктарды төлөө үчүн жоопкерчилик тартпайт.

 

74-статья. Темир жол транспорту менен ташылган товарларды

убактылуу сактоонун өзгөчөлүктөрү

 

1. Темир жол участогунун карамагында турган жактын суроо-талабы боюнча темир жол транспорту менен ташылган товарларды ошол темир жолунун боюнда бажы органдарынын макулдугу менен жайгаштырылган убактылуу сактоо кампалары болуп саналбаган жерде транспорт каражаттарынын түздөн-түз өзүндө жүк түшүргөнгө чейин убактылуу сактоого жол берилет.

Аталган жер бажы контролунун зонасы болуп саналат. Темир жол участогунун карамагында турган жак товарлардын сакталышын камсыз кылууга жана аларга башка адамдарды киргизбөөгө милдеттүү.

2. Ушул статьяга ылайык бажы контролунун зонасындагы транспорт каражаттарында сакталган товарлар бажы максаттары үчүн убактылуу сактоодо турган товарлар катары каралат. Товарларды түшүрүү жана аларды башка жакка которуу бажы органынын уруксаты менен гана жол берилет.

3. Товарлар жоголгон же бажы органдарынын уруксатысыз алар үчүнчү жактарга берилген учурда бажы алымын, салыктарды төлөө үчүн темир жол участогу карамагында турган жак жоопкерчилик тартат.

 

75-статья. Товар алуучунун кампасында убактылуу сактоо

 

1. Товар алуучунун кампасында убактылуу сактоо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

ушул Кодекстин 281-статьясына ылайык жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболорду колдонууда;

сактоонун өзгөчө шартын талап кылган товарлардын өзгөчөлөнгөн категориясы убактылуу сактоо зарыл болгондо.

2. Товар алуучунун кампасында товарларды убактылуу сактоо товар алуучу турган ошол иш жүргүзүү зонасындагы бажы органына бул жөнүндө кабарлоо менен жүзөгө ашырылат. Товар алуучунун кампасында бажы контролу астында турган жана үчүнчү жактарга таандык товарларды сактоого жол берилбейт.

 

76-статья. Бажы органдары тарабынан товарларды убактылуу

сактоо кампаларына коюу

 

1. Ушул Кодекстин 23-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда товарлар бажы органдары тарабынан убактылуу сактоо кампаларына коюлушу мүмкүн.

Аталган учурларда товарларды сактагандыгы жана чыгымдардын ордун толтургандыгы үчүн убактылуу сактоо кампасынын ээсине акы төлөө ушул статьяда аныкталган жактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

2. Сактоо үчүн чыгымдар мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен орду толтурулган учурда алар бажы органдары тарабынан товарларды актоого зарыл чыгымдардын чегинде жүргүзүлөт.

 

77-статья. Убактылуу сактоо кампасын жоюу

 

1. Убактылуу сактоо кампасын жоюу ушул Кодексте каралган тартипте жоюлат.

2. Убактылуу сактоо кампасын жоюуда анда сакталган товарлар убактылуу сактоо кампаларынын ээлери катары жактарды реестрге киргизүү жөнүндө чечимди чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 30 күндүн ичинде башка убактылуу сактоо кампасына которулуусу тийиш.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

10-Глава
Товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары чыгарып
кетүүдөгү бажы жол-жоболору

 

78-статья. Товарларды жана транспорттук каражаттарды

Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан чыгаруу

 

1. Товарларды жана транспорттук каражаттарды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан чыгаруу, ушул Кодекске ылайык ташылып кетүүчү товарларга карата колдонулуучу белгилүү бажы режими менен товарларды коюуга бажы органдарынын уруксатынан кийин жол берилет. Мындай уруксат товарларды чыгарып кетүү үчүн ушул Кодекс менен белгиленген тартипте жана шарттарда берилет (299-статья).

2. Товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары түтүк өткөргүч транспорту жана электр берүү линиялары боюнча чыгарып кетүүдө бажы жол-жоболорун жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү, ушул Кодекс менен белгиленген талаптардын жана чектөөлөрдүн негизинде жана аталган жол менен чыгарып кетиле турган товарлардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен менен аныкталат.

 

79-статья. Документтерди жана маалыматтарды берүү

 

1. Товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан чыгарып кетүүгө бажы органынын уруксатын алуу үчүн жүк ташуучу бажы органына чыгарылып кете турган товар жөнүндө маалыматтардан, ошондой эле транспорт каражаты тууралу маалыматтардан турган жүк жөнүндө декларация тапшырууга милдеттүү.

Бажы органдары талап кылган маалыматтар бажы максаттарында товарларды жана транспорт каражаттарын идентификациялоо үчүн зарыл маалыматтар менен чектелет.

2. Товарлар жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан чыгарып кетүүдө жүк ташуучу берген маалыматтардын так тизмеги транспорттун түрүнө жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен аныкталат.

3. Бажы органдары жүк жөнүндө декларация катары Кыргыз Республикасынын транспорт жаатындагы эларалык келишимдеринде каралган жүк жөнүндөгү документтерин, ошондой эле чыгарылып кетүүчү товарларды белгилүү бажы режимине коюуга негиз болгон бажы декларациясынын нускаларын кабыл алат.

4. Эгерде бажы органдары талап кылган маалыматтар жүк ташуучунун документтеринде жок болсо, товар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалымат жүк ташуучу же анын тапшыруусу боюнча башка жак түзгөн кошумча документтерди сунуш кылуу жолу менен жүргүзүлөт.

5. Жүк ташуучу өзү ташып бараткан бардык товарлар тууралу маалыматтарды жүк жөнүндөгү декларацияда көрсөтүүгө же болбосо ушул статьянын 4-пунктунда каралган тартипте алар тууралу маалыматты бажы органына айтууга милдеттүү.

 

80-статья. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары

ташып кетүүдө товарларга коюулуучу талаптар

 

Товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан табигый жол менен эскирген же кемүүнүн кесепетинен санынын жана абалынын болбосо ташуунун, Транспортировкалоонун жана сактоонун кадимки шартында товарлардын табигый касиетинин өзгөргөндүгүнүн кесепетинен тышкары алар белгилүү бажы режимине коюлган учурдагы санда жана абалда иш жүзүндө ташылып кетүүгө тийиш.

Эгерде товар кыйроонун же болбосо күч жеткис тоскоолдуктун кесепетинен жоголуп же абалы өзгөргөн болсо, ал эми Кыргыз Республикасында колдонулган ченемдер менен стандарттарда каралган учурларда - өлчөө усулундагы каталыктардан улам товарлардын саны өзгөргөндө, жактар ушул статьянын жоболорун сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

 

IV БӨЛҮМ
БАЖЫ РЕЖИМДЕРИ

 

11-Глава
Бажы режимдерине тиешелүү жалпы жоболор

 

81-статья. Бажы режимдеринин түрлөрү

 

Бажы иштерин жөнгө салуу максатында товарларга карата бажы режимдеринин төмөндөгү түрлөрү белгиленет:

1) эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу;

2) реимпорт;

3) бажы кампасы;

4) алымсыз соода дүкөнү;

5) бажы аймагында кайра иштетүү;

6) бажы контролу астында кайра иштетүү;

7) бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү;

8) убактылуу ташып кирүү;

9) убактылуу ташып чыгуу;

10) экспорт;

11) реэкспорт;

12) транзит;

13) жок кылуу;

14) мамлекеттин пайдасына баш тартуу;

15) атайын бажы режимдери.

Өзгөчө экономикалык зоналарда бажы режимин белгилөө жана колдонуу боюнча укуктук мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

82-статья. Бажы режимин тандоо жана өзгөртүү

 

Эгерде ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында башкача каралбаса, жактар товардын мүнөзүнө, санына, чыгарылган, жөнөткөн же кабыл алган өлкөсүнө карабастан, кандай учурда кандай бажы режими болбосун тандап алууга же аны башкасына өзгөртүүгө укуктуу.

 

83-статья. Товарларды бажы режимине койгон күн

 

Бажы режимине товарларды коюу күнү деп бажы органы тарабынан товарлар чыгарылган күн эсептелет.

 

84-статья. Бажы режиминин шартын сактабай койгондук

үчүн жоопкерчилик

 

1. Бажы режиминин шарттарын жана талаптарын сактабай койгондук үчүн жоопкерчиликти, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти ушул бөлүмдө аныкталган жактар тартат. Жактар бажы режиминин шарттары жана талаптары бажы контролу астында турган товарлар ушул Кодексте белгиленген шарттар менен талаптарды бузбастан эркин жүгүртүү үчүн чыгарылганга чейин кыйроонун, болбосо күч жеткис тоскоолдуктун кесепетинен биротоло жоголгондо, бузулганда же жок болгондо, ошондой эле товардын саны же абалы ташуунун, транспортировкалоонун, сактоонун жана пайдалануунун (эксплуатациялоонун) кадимки шартында табигый жол менен эскиргендигинин же кемигендигинин кесепетинен өзгөргөндө, эгерде мындай операцияларды жасоого белгилүү бажы режимин колдонууда ушул бөлүмгө ылайык жол берилген учурларда жоопкерчилик тартышпайт.

Бажы аймагынан тышкары чыгарылган товарларга же аларды кайра иштетүү продуктуларына карата жактар, эгерде ал товарлар же аларды кайра иштетүү продуктулары кыйроонун же күч жеткис тоскоолдуктардын кесепетинен биротоло жоголгондугунун же жок болгондугунун, табигый жол менен эскиргендиганин же транспортировкалоонун, сактоонун жана пайдалануунун кадимки шартында кемигендигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча чет мамлекеттердин органдарынын же кызмат адамдарынын укукка жат аракеттеринин кесепетинен ээлик кылуудан чыгып кетишинин себебинен кайра иштетилбей калса жоопкерчилик тартпайт.

Табигый жол менен эскирүүнү же кемүүнү аныктоо максатында Кыргыз Республикасында колдонулган ченемдер жана стандарттар колдонулат.

Товарлардын биротоло жоголушуна, бузулушуна же жок болушуна, алардын санынын жана (же) абалынын өзгөрүшүнө алып келген жагдайды тастыктоо милдети ушул бөлүмдө каралган жактарга жүктөлөт. Чет мамлекеттин аймагында болуп өткөн жагдайлар Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемелери тарабынан ырасталат.

2. Бажы брокери ушул Кодекстин 304-статьясынын 3-пунктуна ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөдө бирдей жоопкерчилик тартат.

 

85-статья. Бажы алымдарын, салыктарды чет өлкө валютасы менен

эсептөө

 

Ушул бөлүмгө ылайык бажы алымдарын, салыктарды эсептөө чет өлкөлүк валютада жүргүзүлгөн учурда бажы төлөмүнүн төлөнө турган суммасын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген жана колдонулушу аяктап жаткан бажы режимине арыз берүүдө бажы органы тарабынан бажы декларациясын кабыл алган күнү күчүндө турган курс колдонулат.

Көрсөтүлгөн учурларда бажы төлөмдөрүн төлөөдө чет өлкөлүк валютаны Кыргыз Республикасынын валютасына кайра эсептөө ушул Кодекстин 243-статьясынын 2-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат.

 

86-статья. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып

келген товарларга карата бажы алымдарынын,

салыктарынын жалпы суммасы

 

Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарларга карата ташып келүү бажы алымдарынын, салыктарынын жалды суммасы, эгерде товарларды ташып келүүдө чет өлкөлүк валютанын курсунун (бажы алымда-

рын, салыктарын чет өлкөлүк валютада эсептөөдө) өзгөрүшүнүн же бажы алымдарынын, салыктарынын ставкасынын өзгөрүшүнүн кесепетинен бажы алымдарынын, салыктарынын суммасы көбөйгөндөгүдөн, товарларга карата өзгөргөн бажы режимине арыз берүүдө бажы органы тарабынан бажы декларациясы кабыл алынган күнү колдонууда турган бажы алымдарынын. салыктарынын ставкасы колдонгулгандагыдан башка учурларда туумду жана пайызды эске албастан эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу режими билдирилгенде төлөнө турган бажы алымынын, салыгынын суммасынан ашпашы керек. Аталган учурларда мурдагы байы режиминде төлөнгөн бажы алымдарынын, салыктардын суммасы жаңыдан тандалган бажы режиминин шарттарына ылайык бажы алымдарынын, салыктардын суммасын төлөөдө эсепке кошулат.

 

12-Глава
Эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу

 

87-статья. Бажы режиминин мазмуну

 

Эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу - Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарлар аларды бул аймактан ташып кетүү жөнүндө милдеттенмелерсиз ошол аймакта туруктуу калтырууну караган бажы режими.

 

88-статья. Товарларды бажы режимине коюу шарты

 

1. Товарларды эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды жана башка бажы төлөмдөрүн төлөөнү, ошондой эле тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык тарифтик эмес чараларын сактоону жөнгө салууну карайт.

2. Эркин жүгүртүү үчүн чыгаруунун бажы режими Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына, ошондой эле ратификацияланган эларалык келишимдерге ылайык бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча жеңилдиктер берилген товарларга карата колдонулушу мүмкүн. Аталган товарлар ушул Кодекстин 25-статьясында каралган шарттарда шарттуу чыгарууга жатат.

 

13-Глава
Реимпорт

 

89-статья. Бажы режиминин мазмуну

 

Реимпорт - мурда Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан чыгарылып кеткен товарлар бажы алымдарын, салыктарды албастан жана тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонбостон белгиленген мөөнөттө кайра ташылып келген бажы режими.

Реимпорттук бажы режиминин алдына коюлган товарлар бажы максаттары үчүн эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган товарлар катары каралат.

 

90-статья. Бажы режиминин алдына товарларды коюу шарты

 

1. Реимпорттук бажы режиминин алдына товарларды коюу үчүн товарлар:

1) Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып кетүүдө эркин жүгүртүүдө турган статуска ээ, болбосо чет өлкөлүк товарларды кайра иштетүүдөн алынган продуктулардан болушу (16 жана 17-главалар);

2) алар ташылып кеткен учурдан тартып үч жылдын ичинде, ал эми убактылуу ташылып кеткен товарларга карата - убактылуу ташылып кетүүнүн белгиленген мөөнөтүнүн ичинде реимпорттук бажы режимине арыз берилиши;

3) табигый жол менен эскирген же транспортировкалоонун, сактоонун же пайдалануунун (эксплуатациялоонун) кадимки шартында кемүүнүн кесепетинен өзгөрүлгөндөн тышкары мурдагы эле абалында болушу;

4) товарларды реимпорттогон жак бажы органдарына реимпорттук бажы режиминин алдына товарларды коюу үчүн зарыл болгон товарларды ташып кетүүнүн жагдайларын тастыктаган бардык документтерди жана маалыматтарды бергендегиден башка учурларда ал товарларды ташып кеткен жактын декларация толтурушу;

5) бажы органдары тарабынан идентификацияланышы.

2. Товарларды Кыргыз Республикасынан тышкары жерде коммерциялык максаттарда пайдалануу, ошондой эле майда ремонттук операцияларды, техникалык тейлөөнү жана товарларды талаптагыдай сактоо үчүн зарыл болгон башка операцияларды кошуп алганда, алардын сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон операцияларды жасоо, ремонт боюнча операциясы товардын наркынын ташып чыгуу учурундагы наркына караганда кымбатташына алып келгендегиден тышкары учурларда, товарларды реимпорттук бажы режиминин алдына коюуга тоскоолдук кылбайт.

3. Реимпорттук бажы режиминин алдына мурда башка бажы режимдеринин алдына коюлган товарлар коюлушу мүмкүн.

4. Реимпорттоодо товарларды койгон жак ички салыктардын суммасын жана төлөнбөгөн болбосо Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары товарларды ташып кетүү менен байланышкан төлөөлөр, жеңилдиктер, ордун толтуруу иретинде алынган тике же кыйыр башка суммаларды кайтарып берет.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

14-Глава
Бажы кампасы

 

91-статья. Бажы режиминин мазмуну

 

Бажы кампасы - Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келинген товарлар бажы кампасынын статусу бар атайын жайларда же атайын аймактарда бажы контролу астында бажы алымдарын, салыктарды төлөбөстөн жана аларды сактоо мезгилинде тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонуусуз сакталган, ал эми ташылып кетүүчү товарлар ушул главада каралган шарттарда бажы контролу астында сакталган бажы режими.

 

92-статья. Товарларды бажы режиминин алдына коюу шарты

 

1. Бажы кампасынын бажы режиминин алдына Кыргыз Республикасына ташып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетүүгө тийиштүүлүгүнө жараша тыюу салынган, ошондой эле тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктай турган башка товарлардан тышкары кандай товарлар болбосун коюлушу мүмкүн.

2. Башка товарларга зыян келтириши мүмкүн болгон же сактоонун өзгөчө шартын талап кылган товарлар бажы кампасынын атайын ылайыкталган жеринде сакталууга тийиш.

3. Башка кампасынын бажы режиминин алдына мурда башка бажы режиминин алдына коюлган товарлар коюлушу мүмкүн. Убактылуу ташып кирүү бажы режиминин алдына коюлган товарлар убактылуу ташып кирүү режиминин колдонулушун токтото туруу максатында бажы кампасына коюлушу мүмкүн.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып кирүүдө бажы кампасынын бажы режиминин алдына бажы кампасында сактабастан коюлушу мүмкүн болгон учурларды аныктоого укуктуу. Аталган учурларда бажы кампасынын бажы режимине арыз берген жак ушул главада каралган бажы режиминин бардык башка талаптарын жана шарттарын сактоого милдеттүү. Мында бажы кампасынын бажы режиминин алдында турган мезгилде товарларды башка жактардын кандай ыкма болбосун, анын ичинде ээлик кылуудан аларды ажыратууну кошкондо, пайдаланышына жана тескешине жол берилбейт.

 

93-статья. Товарларды сактоо мөөнөтү

 

1. Товарларды сактоо мөөнөтү бажы кампасына товарларын койгон жак тарабынан ушул статьяда каралган мөөнөттүн чегинде аныкталат.

2. Товарлар бажы кампасынын режиминде, үч жыл бою сакталышы мүмкүн, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамында башкача каралбаса.

3. Сактоо, керектөө жана (же) сатып өткөрүү үчүн жарактуулук мөөнөтү чектелген товарлар башка бажы режимине билдирилүүгө жана көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин 60 күндөн кечиктирилбестен бажы кампасынан ташылып кетиши керек.

 

94-статья. Бажы кампасынын бажы режиминдеги товарлары менен

операциялар

 

1. Товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ кандай жактар болбосун алардын өкүлдөрү бажы кампасында турган товарларды карап жана өлчөй алат, бажы органынын кабарлоосу менен анын сынамыктарын жана үлгүлөрүн алат. Чет өлкөлүк товарлардын сынамыктарын жана үлгүлөрүн алуу, товардык үлгүсү бир айдын ичинде бажы кампасына кайтарылып берилгенден тышкары учурларда, эгерде алар эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган болсо ташып келүүнүн бажы алымдары, салыктары төлөнүүгө жатат.

2. Бажы кампасынын бажы режиминдеги товарларды бажы органына кабарлоо менен төмөнкүдөй операциялар жүргүзүлүшү мүмкүн:

1) товарлардын сакталышын камсыз кылуу боюнча;

2) товарларды сатууга жана транспортировкалоого даярдоо боюнча партияларга бөлүү, жөнөтүүгө камдоо, сорттоо, таңгактоо, кайра таңгактоо, маркировкалоо сыяктуу, ошондой эле товардын сапатын жакшыртуу үчүн зарыл болгон башка операциялар.

3. Бажы кампасында турган товарларды ээликтен ажыратууга, аларга карата пайдалануу, ээлик кылуу же тескөө укуктарын бажы органына алдынала кабарлоо шарты менен берүүгө уруксат кылынат.

4. Ушул Кодекстин 93-статьясында көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин товарларды бир бажы кампасынан экинчисине которууга уруксат кылынат. Мында, товарларды сактоо мөөнөтү үзгүлтүккө учуратылбайт жана токтотулбайт.

 

95-статья. Ташып кетүүгө арналган товарларды бажы

алымдарынан, салыктардан бошотуу же төлөнгөн

сумманы кайра кайтаруу

 

1. Бажы кампасына мурда башка бажы режимине коюлган жана Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары ташып кетүүгө арналган чет өлкөлүк товарларды коюуда, эгерде мындай бошотуу же кайра кайтаруу товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен иш жүзүндө ташып кетүүдө каралган болсо, ал товарлар бажы алымдарынан, салыктан бошотулат же төлөнгөн суммалар кайра кайтарылат. Товарларды ташып кетүү жүзөгө ашырылбаганда бошотуу же кайра кайтаруу берилген ташып келүү бажы алымдарынын, салыктарынын суммасы Кыргыз Республикасынын бажы аймагында товарларды пайдалануу үчүн декларант аныктаган жаңыдан тандалган бажы режиминин шартына ылайык бажы органына төлөнүүгө тийиш. Аталган суммаларды эсептөө чет өлкөлүк валютада жүргүзүлөт.

2. Экспорттук бажы режимине ылайык ташып кетүүгө арналган товарларды жайгаштырууда, аларды ички салыктан бошотулат, орду толтурулат же кайра кайтарылат, эгерде Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары иш жүзүндө товарларды ташып кетүүдө мындай бошотуу, же кайра кайтаруу каралган болсо. Бажы кампасынын режиминен коюлган күндөн баштап алты айдын ичинде товарлар иш жүзүндө ташылып кетпеген учурда, бошотуу же кайра кайтаруу суммасы бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу ставкалары боюнча пайыздары менен өндүрүлөт, бажы төлөмдөрүн алуу үчүн ушул Кодексте каралган тартипте товарларды бажы кампасына коюуда аталган суммаларды төлөө кийинкиге калтырылган болсо.

 

96-статья. Жараксыз болгон же бузулган товарлар

 

Бажы кампасында сактоо мезгилинде кыйроодон же күч жеткис тоскоолдуктун кесепеттеринен улам жараксыз болгон, бузулган же бүлүнгөн товарлар аларды жараксыз болгон, бузулган же бүлүнгөн абалында ташып кетүүгө боло турган болсо, белгилүү бир бажы режимине жайгаштырылат.

 

97-статья. Эркин жүгүртүү үчүн товарларды чыгарууда салык базасын

аныктоо

 

Бажы кампасында сакталып тургандан кийин товарларды эркин жүгүртүүгө чыгарууда товарлардын бажы наркы жана (же) алардын саны эркин жүгүртүү үчүн чыгарууга бажы режимине арыз берилген күнү аныкталат.

 

98-статья. Бажы режиминин аракеттеринин аякташы

 

1. Бажы кампасынын бажы режими ушул Кодекске ылайык товарларды башка бажы режимине жайгаштыруу менен аяктайт.

2. Ушул Кодекстин 286-статьясына ылайык декларант катары чыга ала турган кандай гана жак болбосун бажы кампасынан товарларды толугу менен же бөлүк-бөлүк менен алууга жана ушул Кодекске ылайык аларга бажы жагынан жол-жоболоштуруусу боюнча зарыл бажы ишин жүргүзүүгө аткарууга укуктуу.

3. Убактылуу ташып кирүү режимине ылайык Кыргыз Республикасынын бажы аймагында андан ары пайдалануу максатында мурда ушул бажы режимине коюлган товарларды бажы кампасынан чыгарууда убактылуу ташып кирүү мөөнөтүнүн өтүшү кайра жаңыртылат. Аталган товарларды эркин жүгүртүү үчүн чыгарууда төлөнө турган бажы алымдарынын, салыктардын суммасын эсептөө ушул Кодекстин 147-статьясына ылайык жүргүзүлөт.

 

99-статья. Сактоо мөөнөтү бүткөн товарларга карата жасалган

аракеттер

 

1. Ушул Кодекстин 93-статьясында каралган бажы кампасында товарларды сактоо мөөнөтү бүткөн күндөн кечиктирилбестен, ал товарлар ушул Кодекстин талаптарын жана шарттарын сактоо менен башка бажы режимине берилүүгө тийиш.

2. Бул мөөнөт бүткөндөн кийин аталган товарларды тескөө ушул Кодекстин XII бөлүмүнө ылайык жүргүзүлөт.

 

100-статья. Бажы кампаларынын типтери

 

1. Бажы кампасы ачык типте, башкача айтканда, товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ кандай жактар болбосун пайдаланышы үчүн жеткиликтүү жана жабык типте, башкача айтканда, кампа ээсинин же андай кампаны уюштурууда ээсин аныктаган айрым жактардын товарларын сактоого арналган типте болушу мүмкүн.

2. Жабык типтеги бажы кампалары ачык типтеги кампаны уюштуруунун максатка ылайыксыздыгын негиздеген арыз ээсинин жүйөлөштүрүлгөн кайрылуусу боюнча уюштурулушу мүмкүн. Жабык типтеги бажы кампасында сакталуучу товарлардын түрлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен аныкталат.

3. Ачык жана жабык типтеги бажы кампалары сактоонун өзгөчө шартын талап кылган же башка товарларга зыян келтириши мүмкүн болгон товарлардын айрым категорияларын сактоо (адистештирилген бажы кампалары) үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

 

101-статья. Бажы кампасын жасалгалоо жана жабдуу

 

Бажы кампасы катары пайдалануу үчүн арналган имарат жайлар жана (же) аянттар товарлардын сакталышы камсыз кылынгандай, аларга башка бирөөлөрдүн келүүсүнө жол берилбегендей (кампа кызматчылары болбогон, товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болбогон же болбосо мындай ыйгарым укуктарга ээ болгон жактардын өкүлдөрү болбогон адамдардын) курулууга жана жабдылууга, ошондой эле бул товарларга карата бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгыдай болууга тийиш.

Бажы кампаларынын инфратүзүмүнө, техникалык жабдылышына жана иштөө режимине талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы "Бажы кампаларынын жана убактылуу сактоо кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылуусуна жана иштөө режимине карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому

 

102-статья. Бажы кампасынын ээсинин милдеттери жана жоопкерчилиги

 

1. Бажы кампасынын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кампада турган товарларды бажы контролунан тышкары кампадан алып коюу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого;

2) бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү шарттарын сактоого;

3) бажы органдарынын кызматкерлеринин бажы кампасында сакталып турган товарларга киришин камсыз кылуу жана аталган кызматкерлерге бажы контролун камсыз кылуу максатында бөлмөлөрдү, жабдууларды жана байланыш каражаттарын акысыз берүү боюнча бажы органдарынын талаптарын аткарууга;

4) ушул статьянын 2-пунктунда каралган учурларда бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө;

5) кампада сакталган товарлардын эсебин алууга жана ал товарлар жөнүндө бажы органдарына отчет берүүгө.

2. Бажы кампасынын ээси товарлар жоголгон же аларды бажы органдарынын уруксатысыз берген учурларда бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчилик тартат.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

103-статья. Бажы кампасынын ээсинин бажы кампасына товарларын

койгон жактар менен өз ара мамилеси

 

Бажы кампасынын ээсинин бажы кампасына товарларын койгон жактар менен өз ара мамилеси келишимдик негизде түзүлөт.

 

104-статья. Бажы кампасын жоюу

 

Бажы кампасы ушул Кодексте каралган тартипте жоюлат.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

105-статья. Бажы кампасын жоюу

 

Бажы кампасы ушул Кодекстин 77-статьясында аныкталган тартипте жана шартта жоюлат.

 

106-статья. Бажы режиминин шарттарын сактабай койгондук

үчүн жоопкерчилик

 

Ушул Кодекстин 221-статьясынын 3-пунктуна ылайык бажы режиминин шарттарын сактабай койгондук үчүн жоопкерчиликти, ошондой эле бажы алымдарын, салыктарды төлөө үчүн жоопкерчиликти бажы кампасынын ээси тартат.

 

15-Глава
Алымсыз соода дүкөнү

 

107-статья. Бажы режиминин мазмуну

 

1. Алымсыз соода дүкөнү - Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарлар же ата мекендик товарлар, аларды кийин Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары ташып кетүү шарты менен бажы алымдарын, салыктарды төлөбөстөн, ошондой эле тышкы соода менен мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонуусуз түздөн-түз алымсыз соода дүкөндөрүндө жеке жактарга чекене сатуу жүргүзүлгөн бажы режими.

2. Товарларды алымсыз соода дүкөндөрүндө сатуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүү пункттарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган башка жерлерде Кыргыз Республикасынын бажы аймагындагы бажы контролу астында жүргүзүлөт.

3. Ата мекендик товарларды алымсыз соода дүкөнү бажы режиминин астына коюуда ички салыктарды, ошондой эле мурда төлөнгөн ташып кирүү бажы алымдары, салыктары кайра кайтарылбайт.

 

108-статья. Товарларды бажы режиминин алдына коюу шарты

 

1. Алымсыз соода дүкөнү бажы режиминин алдына Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетүүгө тыюу салынган, Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө тыюу салынган, ошондой эле тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган башка товарлардан тышкары ар кандай товарлар коюлушу мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга чек коюлган товарлар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген талаптар сакталган шартта алымсыз соода дүкөндөрүндө сатылат.

3. Алымсыз соода дүкөнүнүн иштешин камсыз кылуу үчүн пайдаланылган товарлар алымсыз соода дүкөнү бажы режиминин алдына коюлбайт.

 

109-статья. Алымсыз соода дүкөнүнүн турган ордуна, жасалгалоого

жана жабдууга коюлган талаптар

 

1. Алым төлөөсүз соода дүкөнү соода залдарынан, көмөкчү жайлардан, кампалардан турушу мүмкүн.

Аталган имарат жайлар товарларды сатуу алым төлөөсүз соода дүкөнүнүн соода залдарында гана жүргүзүлүшү, ошондой эле товарлардын сакталышы жана аларга карата бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгандай жабдылууга тийиш.

2. Алым төлөөсүз соода дүкөнүнүн соода залдары алым төлөөсүз соода дүкөнүндө сатып алган товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагында калтыруу, анын ичинде аларды ошол аймакта калган жеке жактарга берүү жолу менен калтыруу мүмкүнчүлүгү жок кылынгандай жайгаштырылууга тийиш.

3. Алым төлөөсүз соода дүкөнүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүү пункттарында жайгашкан орду анын ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын чегара кызматы карамагында турган мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.

4. Алым төлөөсүз соода дүкөнүнүн имарат жайы бажы контролу зонасы болуп саналат.

 

110-статья. Алымсыз соода дүкөн ээсинин милдеттери

жана жоопкерчилиги

 

1. Алымсыз соода дүкөн ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) сатуу үчүн алымсыз соода дүкөнүнө келген товарларды бажы контролунан тышкары алып коюу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого;

2) келип түшкөн жана сатып өткөрүлгөн товарлардын эсебин жүргүзүүгө;

3) бажы органдарына келип түшкөн жана сатып өткөрүлгөн товарлардын отчетун берүүгө;

4) ушул статьянын 2-пунктунда каралган учурларда бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө;

5) Кыргыз Республикасынын соода чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдары менен белгиленген талаптарды сактоого.

2. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси чет өлкөлүк товарлар жоголгон болбосо аларды ушул главада белгиленген талаптарга жана шарттарга ылайык алымсыз соода дүкөнүндө жеке жактарга чекене сатуудан башка максаттарда пайдаланган учурда бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчилик тартат.

 

111-статья. Алымсыз соода дүкөнүн жоюу

 

1. Алымсыз соода дүкөнү ушул Кодексте каралган тартипте жоюлат.

2. Алымсыз соода дүкөнү жоюлганда ал жерде сакталып турган чет өлкөлүк товарлар аны жоюу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки күндөн тартып 30 күндүн ичинде башка бажы режимине которулат.

3. Алымсыз соода дүкөнүн жоюу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки күндөн баштап анда сакталып турган чет өлкө товарлары бажы максаттары үчүн убактылуу сактоодо турган товарлар катары каралат.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

112-статья. Бажы режиминин шарттарын сактабай койгондук үчүн

жоопкерчилик

 

Бажы режиминин шарттарын сактабай койгондук үчүн жоопкерчиликти, ошондой эле ушул Кодекстин 221-статьясынын 3-пунктуна ылайык бажы алымдарын, салыктарды төлөө үчүн жоопкерчиликти алымсыз соода дүкөнүнүн ээси тартат.

 

16-Глава
Бажы аймагында кайра иштетүү

 

113-статья. Бажы режиминин мазмуну

 

1. Бажы аймагында кайра иштетүү - бажы режими, мында алынып келинген товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагында белгиленген мөөнөттүн ичинде (товарларды кайра иштетүү мөөнөтү) Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан кайра иштетүү продуктуларын белгилүү бир мөөнөттө алып чыккан шартта бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн бошотуу менен товарларды кайра иштетүү операцияларын жүргүзүү максатында пайдаланылат.

2. Бажы режими алдында жайгаштырылган, алынып келинген товарларга бажы аймагында кайра иштетүүгө карата тышкы соода ишинин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тыюу салуулар жана чектөөлөр колдонулат.

 

114-статья. Товарларды бажы режимине коюу шарты

 

1. Товарлар бажы режими алдында жайгаштырылганда бажы органы бажы аймагында иштеткенде ушул Кодекстин 119-статьясына ылайык контролдук иш ачылат.

2. Эгерде бажы органдары, ушул Кодекстин 122-статьясына ылайык товарларды кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган чет өлкөлүк эквивалентке ылайык кайра иштетүү продуктуларын ташып кетүү аяктаган бажы режиминен тышкаркы учурларда чет өлкөлүк товарларды кайра иштетүү продуктуларында идентификациялай алса, бажы аймагында кайра иштетүүгө уруксат кылынат.

3. Бажы аймагында кайра иштетүү бажы режимине ушул Кодекстин 286-статьясына ылайык декларант катары чыга алган, кандай болбосун таламдаш жак арыз бериши мүмкүн.

4. Бажы аймагында кайра иштетүү бажы режиминин алдына мурда башка бажы режиминин алдына коюлган товарлар коюлушу мүмкүн.

 

115-статья. Кайра иштетүү продуктуларында чет өлкөлүк товарларды

идентификациялоо

 

1. Бажы аймагында кайра иштетүү үчүн товарларды идентификациялоого карата талаптар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасы менен белгиленет.

2. Таламдаш жактардын суроо-талабы боюнча жана бажы органдарынын макулдугу менен бажы максаттарында идентификациялоо өндүрүштө, ошондой эле кайра иштетүү продуктуларынын өндүрүш технологиясында колдонулган чийки зат, материалдар жана комплектөөчү заттар жөнүндө кеңири маалыматтарды берүү жолу менен же кайра иштетүү боюнча операцияларды жүргүзүү учурунда бажы контролун жүзөгө ашыруу жолу менен камсыз кылынышы мүмкүн.

 

116-статья. Товарларды кайра иштетүү боюнча операциялар

 

Товарларды кайра иштетүү боюнча операциялар төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) товарларды кайра иштетүү же иштетүү;

2) товарларды монтаждоону, кураштырууну же ажыратууну кошуп алуу менен жаңы товар чыгаруу;

3) товарларды калыбына келтирүүнү, ирээттөөнү, курамдык бөлүгүн алмаштырууну кошо алганда ремонттоо;

4) эгерде товарлар кайра иштетүү процессинде толугу менен же жарым-жартылай керектелсе кайра иштетүү продуктуларын өндүрүүгө көмөктөшкөн же аны жеңилдеткен товарларды чийки зат катары пайдалануу.

    

117-статья. Товарларды кайра иштетүү мөөнөтү

 

1. Бажы аймагында товарларды кайра иштетүү мөөнөтү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет жана ушул статьянын 4-пунктунда каралгандан тышкаркы учурларда бир жылдан ашышы мүмкүн эмес.

2. Кайра иштетүү мөөнөтүнүн өтүшү товарларды бажы аймагында кайра иштетүү бажы режиминин алдына койгон күндөн башталат, ал эми товарларды майда партиялар менен ташып келүүдө - товарлардын биринчи партиясы келген күндөн башталат.

3. Бажы аймагында товарларды кайра иштетүү мөөнөтүн белгилөөдө товарларды кайра иштетүү процессинин узактыгы жана кайра иштетүү продуктуларын тескөө эске алынат.

4. Таламдаш жактын жүйөлөштүрүлгөн суроо-талабы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул статьянын 1-пунктунда каралгандагыдан узак мөөнөттү белгилейт, болбосо мурда белгиленген мөөнөттү узартат. Эгерде кайра иштетүүнүн технологиялык процесси бир жылдан ашык созулса, кайра иштетүүнүн кыйла узак мөөнөтү белгиленет. Бажы аймагында товарларды кайра иштетүүнүн белгиленген мөөнөтү, эгерде контролдук иш ачылган жак ушул главада белгиленген талаптарды жана шарттарды бузбастан, ага байланышпаган себептерден улам белгиленген мөөнөттө бажы режимин аяктай албаса узартылат.

5. Кайра иштетүү мөөнөтүнүн чеги эки жылды түзөт.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

118-статья. Бажы максаттарында кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу

ченеми

 

1 Продуктуларынын чыгуу ченеми (белгилүү сандагы чет өлкөлүк товарларды кайра иштетүүнүн натыйжасында түзүлгөн кайра иштетүү продуктуларынын саны же пайыздын катышы) кайра иштетүү жүзөгө ашырылган иш жүзүндөгү шартты эске алуу менен кайра иштетүүгө контролдук иш ачуу бажы органдары тарабынан белгиленет же макулдашылат.

2 Кайра иштетүү продуктуларынын сыпаттамасы, саны жана сапаты чыгуу ченеми белгиленгенден же макулдашылгандан кийин так аныкталат.

3. Кайра иштетүү боюнча операция иш жүзүндө туруктуу мүнөздөгү товарларга тиешелүү болгон учурларда ал так аныкталган техникалык шарттарга ылайык кадимкидей жүргүзүлөт жана кайра иштетүү продуктуларынын сапатынын өзгөрүүсүз чыгышына алып келгенде бажы органдары чыгуунун стандарттык ченемин белгилейт.

4. Чыгуу ченемин белгилөөдө бажы органдары эксперттик уюмдардын кайра иштетүүнүн айкын технологиялык процесстерине негизделген корутундуларын эске алат.

 

119-статья. Товарларды кайра иштетүүгө контролдук иш

 

1. Товарларды кайра иштетүүгө контролдук иш бажы органы тарабынан ушул Кодекстин 114-статьясына ылайык бажы аймагында товарларга кайра иштетүүнүн бажы режими колдонулушу мүмкүн болсо, ата мекендик жакка карата ачылат.

2. Контролдук иш:

чет өлкөлүк товарлардын жана аларды кайра иштетүү продуктуларынын сыпатын, сапатын жана санын;

товарларды кайра иштетүү боюнча операцияларды жана алар жасалган ыкмаларды;

чыгуу ченемин;

кайра иштетүү мөөнөтүн камтыйт.

3. Кайра иштетүүгө контролдук иш товарларды кайра иштетүүнүн белгиленген мөөнөтүнүн ичинде күчүндө болот.

4. Кайра иштетүүгө карата контролдук иш ал күчүндө болгон мөөнөттүн ичинде башка ата мекендик жакка карата, мындай жак бажы органынын алдында бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажы режимин сактоонун андан аркы шарттарын карманууга милдеттенме алса колдонулушу мүмкүн, Айтылган учурда кайра иштетүүгө карата алгач контролдук иш ачылган жак бажы органына бул жак товарларды бажы режимине ылайык пайдаланган мезгил үчүн бажы режиминин шарттарынын аткарылгандыгы жөнүндө отчет берүүгө, ошондой эле, эгерде бул мезгилдин ичинде ушул Кодекске ылайык бажы алымдарын төлөө милдеттерине алып келген иштер келип чыкса бажы алымдарын төлөөгө тийиш.

 

120-статья. Таштандылар жана калдыктар

 

Кайра иштетүүнүн натыйжасында пайда болгон таштандыларга, ошондой эле ташылып келген чет өлкөлүк товарлардын кайра иштетилбеген калдыктарына карата, эгерде алар ушундай абалында Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келинген болсо, аталган калдыктар жана таштандылар Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары жерлерге ташылып кеткен же кийин алар коммерциялык максатта пайдаланууга болгудай абалда кайра иштетилгенден тышкаркы учурларда, бажы алымдары, салыктары төлөнүүгө жатат.

 

121-статья. Бажы режимин аяктоо

 

Ушул Кодекстин 117-статьясына ылайык белгиленген бажы аймагында кайра иштетүү мөөнөтү бүткөн күндөн кечиктирилбестен кайра иштетүү продуктулары Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары ташылып кетүүгө тийиш.

Эгерде кайра иштетүү продуктулары бажы аймагынан тышкары бир нече партия менен ташылып кетсе, контролдук иште көрсөтүлгөн кайра иштетүү продуктуларынын санына ылайык келишин биротоло текшерүү кайра иштетүү продуктулар ташылып кеткенден кийин мезгил-мезгили менен, бирок үч айда бир жолудан кем эмес жана товарлардын акыркы партиясы ташылып кеткен күндөн баштап 30 күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлүшү мүмкүн. Эгерде мындай текшерүүнүн натыйжасында бажы аймагында кайра иштетүүгө контролдук иш ачылган жак бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө тийиш болсо, эгерде аларды төлөө аталган сумманы төлөө зарылчылыгы жөнүндө бажы органы чечим кабыл алган күндөн баштап 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлсө, бул бажы төлөмдөрүнүн суммасына туумдар кошуп эсептелбейт.

2. Контролдук иш:

чет өлкөлүк товарлардын жана аларды кайра иштетүү продуктуларынын сыпатын, сапатын жана санын;

товарларды кайра иштетүү боюнча операцияларды жана алар жасалган ыкмаларды;

чыгуу ченемин;

кайра иштетүү мөөнөтүн камтыйт.

3. Кайра иштетүүгө контролдук иш товарларды кайра иштетүүнүн белгиленген мөөнөтүнүн ичинде күчүндө болот.

4. Кайра иштетүүгө карата контролдук иш ал күчүндө болгон мөөнөттүн ичинде башка ата мекендик жакка карата, мындай жак бажы органынын алдында бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажы режимин сактоонун андан аркы шарттарын карманууга милдеттенме алса колдонулушу мүмкүн. Айтылган учурда кайра иштетүүгө карата алгач контролдук иш ачылган жак бажы органына бул жак товарларды бажы режимине ылайык пайдаланган мезгил үчүн бажы режиминин шарттарынын аткарылгандыгы жөнүндө отчет берүүгө, ошондой эле, эгерде бул мезгилдин ичинде ушул Кодекске ылайык бажы алымдарын төлөө милдеттерине алып келген иштер келип чыкса бажы алымдарын төлөөгө тийиш.

 

122-статья. Эквиваленттик компенсация

 

1. Бажы органдарынын уруксаты менен бажы аймагындагы кайра иштетүү бажы режиминин алдына коюлган чет өлкөлүк товарлар өзүнүн сыпатталышы, сапаты жана техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча чет өлкөлүк товарлар менен дал келген (эквиваленттик компенсация) башка товарлар менен алмаштырылышы мүмкүн.

2. Эквиваленттик товарларды кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган продуктулар ушул главанын жоболоруна ылайык чет өлкөлүк товарларды кайра иштетүүнүн продуктулары катары каралат.

3. Эквиваленттик товарлар бажы максаттарында чет өлкөлүк товарлардын статусуна ээ болот, ал эми аларды алмаштырган товарлар - эквиваленттик товарлардын статусуна ээ.

4. Эгерде эквиваленттик компенсацияга уруксат берилсе, кайра иштетүү продуктуларын ташып кетүүгө кайра иштетүүгө контролдук иш болгон шартта бажы аймагына кайра иштетүү үчүн товарларды ташып келгенге чейин жол берилет. Бажы органдары чет өлкөлүк товарларды ташып келүү үчүн мөөнөттү белгилейт.

 

123-статья. Бажы аймагында кайра иштетүү бажы режимин колдонуунун

өзгөчөлүктөрү

 

1. Белгиленген мөөнөттө кайра иштетүү продуктуларын ташып кетүү жүзөгө ашырылбаган учурларда, эгерде товарларды ташып кетүүдө алар эркин жүгүртүү үчүн чыгарууга арыз берилсе, төлөнө турган бажы алымдарынын, салыктардын суммасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептөө ставкалары боюнча, эгерде аталган суммаларга карата бажы аймагында кайра иштетүү бажы режимине товарларды коюуда төлөө мөөнөтү кийинкиге жылдырылган болсо, алардан алынган пайыздар төлөнөт.

2. Таламдаш жактын суроо-талабы боюнча бажы аймагында кайра иштетүү бажы режиминин шартын колдонууга эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган товарларга карата жол берилет. Аталган учурда бажы органдары, эгерде кайра иштетүү продуктулары товарлар бажы органдары тарабынан идентификацияланышы мүмкүн болгон шартта чет өлкөлүк товарлар эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган күндөн баштап бир жылдын ичинде кайра иштетүү продуктулары ташылып кетсе, ошондой эле ушул главада белгиленген башка талаптар жана шарттар сакталганда, товарларды ташып келүүдө төлөнгөн бажы алымдарынын, салыктарынын суммасын кайра кайтарат.

Ушул пункттун жоболору Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келинген кайра иштетүү продуктулары болгон товарларды, эквиваленттик чет өлкөлүк товарларды ташып кетүүдө да колдонулушу мүмкүн.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

124-статья. Бажы режиминин шарттарын сактабай койгондук үчүн

жоопкерчилик

 

Бажы режиминин шарттарын сактабай койгондук үчүн жоопкерчиликти, ошондой эле ушул Кодекстин 221-статьясынын 3-пунктуна ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти бажы аймагында кайра иштетүүгө контролдук иш ачылган жак тартат.

Эгерде бажы аймагында кайра иштетүүгө контролдук иш ушул Кодекстин 119-статьясынын 6-пунктуна ылайык башка жакка карата колдонулса, мындай өткөрүп берүүгө бажы органы уруксат берген күндөн баштап бажы режиминин шарттарын сактабай койгондук үчүн жоопкерчиликти аталган жак тартат.

 

17-Глава
Товарларды бажы контролдугу астында кайра иштетүү

 

125-статья. Бажы режиминин мазмуну

 

Товарларды бажы контролдугунда кайра иштетүү - мында кийин же аларды башка бажы режимине салуу менен кайра иштетүү продуктуларын чыгаруу менен чет өлкөлүк товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагында бажы алымдарын, салыктарын албастан жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонбостон пайдаланылуучу бажы тартиби.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакцясына ылайык)

 

126-статья. Товарларды бажы режиминин астына коюу шарты

 

1. Бажы контролдугу астында бажы режиминин алдында товарларды кайра иштетүүгө жайгаштырууда ушул Кодекстин 129-статьясына ылайык бажы органы тарабынан контролдук иш ачылат.

2. Бажы контролдугу астында кайра иштетүүгө уруксат кылынат, эгерде:

бажы органдары чет өлкөлүк товарларды кайра иштетүү продуктусында идентификациялай алса;

экономикалык пайдалуу ыкма менен продуктуну кайра иштетүүдө алгачкы абалын калыбына келтирүүгө болбосо.

Бажы контролдугу астында кайра иштетүү бажы режимине ушул Кодекстин 286-статьясына ылайык декларант катары чыга алган, анын ичинде товардын менчик ээси болуп саналбаган кандай гана таламдаш жак болбосун арыз бериши мүмкүн.

3. Бажы контролдугу астында кайра иштетүү бажы режиминин алдына мурда башка режимдин алдына коюлган товарлар коюлушу мүмкүн.

 

127-статья. Товарларды кайра иштетүү боюнча операциялар

 

Бажы контролдугу астында кайра иштетүүнүн бажы режиминде товарларды кайра иштетүү боюнча операциялар төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) товарларды кайра иштетүү же иштетүү;

2) товарларды монтаждоону, кураштырууну же ажыратууну кошуп алуу менен жаңы товарларды чыгаруу.

 

128-статья. Товарларды кайра иштетүү мөөнөтү

 

1. Товарларды бажы контролдугу астында кайра иштетүү мөөнөтү бажы органдары тарабынан белгиленет жана эки жылдан ашышы мүмкүн эмес.

Кайра иштетүү мөөнөтүнүн өтүшү товарларды бажы контролдугу астында кайра иштетүү бажы режими алдына коюлган күндөн башталат, ал эми товарларды майда партиялар менен ташып келүүдө - товарлардын биринчи партиясы келген күндөн башталат.

2. Товарларды бажы контролдугу астында кайра иштетүү мөөнөтүн белгилөөдө товарларды кайра иштетүү процессинин узактыгы эске алынат.

3. Таламдаш жактын жүйөлүү суроо-талабы боюнча бажы контролдугу астында товарларды кайра иштетүүгө белгиленген мөөнөт, эгерде кайра иштетүүгө контролдук иш ачылган адам ушул главада белгиленген талаптарды жана шарттарды бузбастан ага көзкаранды болбогон себептер боюнча белгиленген мөөнөттө бажы режиминин иши бүткөрүлбөй калса узартылып коюлат.

 

129-статья. Бажы контролдугу астында товарларды кайра иштетүү

боюнча контролдук иш

 

1. Товарларды кайра иштетүүгө контролдук иш алдынала бажы органы тарабынан ата мекендик жакка, эгерде ал товарларга карата ушул Кодекстин 126-статьясына ылайык товарларды бажы контролдугу астында кайра иштетүү бажы режими колдонулушу мүмкүн болсо, берет.

2. Контролдук иш төмөнкүлөрдү камтыйт:

чет өлкөлүк товардын жана аны кайра иштетүү продуктуларынын сыпатталышы, сапаты жана саны;

товарларды кайра иштетүү боюнча операциялар жана аны бүткөрүү ыкмалары;

чыгуу ченеми;

кайра иштетүүнүн мөөнөтү.

3. Бажы контролдугу астында кайра иштетүүгө контролдук иш товарды кайра иштетүүнүн белгиленген мөөнөт ичинде колдонулат.

4. Бажы контролдугу астында кайра иштетүүгө контролдук иштин мөөнөтү ичинде башка ата мекендик жакка, бажы контролдугу астында кайра иштетүүнүн бажы режиминин шарттарын андан ары сактоо боюнча бажы органдарынын алдында ошол жак өзүнө милдеттенме алуу шарты менен колдонулушу мүмкүн. Аталган учурда бажы контролдугу астында кайра иштетүүгө алгачкы жолу контролдук иш ачылган жакка карата бажы режимине ылайык бул жак товарларды пайдаланган мезгилде бажы режиминин шарттарын аткаргандыгы жөнүндө бажы органына отчет берүүгө, ошондой эле, эгерде ушул Кодекске ылайык ошол мезгил үчүн бажы төлөмдөрүн төлөө милдети келип чыкса, бажы төлөмдөрүн төлөөгө тийиш.

 

130-статья. Таштандылар жана калдыктар

 

Кайра иштетүүнүн натыйжасында түзүлгөн таштандыларга, ошондой эле ташылып келген чет өлкөлүк товарлардын кайра иштетилбеген калдыктарына карата, эгерде алар ушундай абалында Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келинген болсо, аталган калдыктар жана таштандылар Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары жерлерге ташылып кеткен же кийин алар коммерциялык максатта пайдаланууга болгудай абалда кайра иштетилгенден тышкаркы учурларда, бажы алымдары, салыктары төлөнүүгө жатат.

 

131-статья. Бажы режимин аяктоо

 

Бажы контролдугу астында кайра иштетүүнүн бажы режими эркин жүгүртүү үчүн кайра иштетилген продуктуларды чыгаруу, болбосо башка бажы режиминин алдына коюу менен аяктайт. Эркин жүгүртүү үчүн кайра иштетилген продуктуларды чыгарууда бажы алымы, салыгы кайра иштетилүүчү продуктуларга карата колдонулуучу чендик негизинде эсептелинет. Кайра иштетилген продуктулардын бажы наркы жана салыгы эркин жүгүртүү үчүн чыгаруунун бажы режимине арыз берилген күнгө карата аныкталат.

 

132-статья. Бажы режиминин шарттарын сактабай койгондук үчүн

жоопкерчилик

 

Бажы режиминин шарттарын сактабай койгондук үчүн жоопкерчиликти, ошондой эле ушул Кодекстин 221-статьясынын 3-пунктуна ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти бажы контролдугу астында кайра иштетүүгө карата контролдук иш ачылган жак тартат.

 

18-Глава
Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү

 

133-статья. Бажы режиминин мазмуну

 

1. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү-товарларды кайра иштетүү жана кийин башка бажы режимине жайгаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонуусуз пайдаланылган, бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотуу, жана аларга карата тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонуу менен продуктуларды кайра иштетүү бажы режими.

2. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы режимине ылайык товарларды ташып кетүүдө ички салыктарды төлөөдөн бошотуу, аларды кайра кайтаруу же ордун толтуруу жүргүзүлбөйт.

 

134-статья. Товарларды бажы режиминин алдына коюу шарттары

 

1. Товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүнүн бажы режимине жайгаштырууда бажы органдары тарабынан ушул Кодекстин 138-статьясына ылайык контролдук иш ачылат.

2. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы режиминин алдына товарларды жайгаштыруу үчүн товарлар эркин жүгүртүүдө турган статуска ээ болууга тийиш.

3. Эгерде бажы органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен аныкталган талаптарга жана шарттарга ылайык кайра иштетүү продуктуларындагы ташып келинген товарларды идентификациялай алса, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө уруксат кылынат.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого негизденүү менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы режиминин алдына айрым товарларды жайгаштырууга тыюу салып жана чектөө коюуга укуктуу.

5. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы режимине ушул Кодекстин 286-статьясына ылайык декларант катары чыга алган, анын ичинде товардын менчик ээси болуп саналбаган кандай гана таламдаш жактар болбосун арыз бериши мүмкүн.

 

135-статья. Товарларды кайра иштетүү боюнча операциялар

 

1. Товарларды кайра иштетүү боюнча операцияларга төмөнкүлөр кирет:

1) товарларды өздөрү кайра иштетүү жана иштетүү;

2) товарларды монтаждоону, кураштырууну же ажыратууну кошуп алуу менен жаңы товар чыгаруу;

3) товарларды калыбына келтирүү, иретке келтирүү, курамдык бөлүктөрүн алмаштырууну кошуп алуу менен товарларды ремонттоо;

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы режимине ылайык айрым товарлар менен өзүнчө операцияларды жасоого тыюу салууга же чектөөгө укуктуу.

 

136-статья. Товарларды кайра иштетүү мөөнөтү

 

1. Бажы аймагынан тышкары товарларды кайра иштетүү мөөнөтү бажы органдары тарабынан белгиленет жана эки жылдан ашышы мүмкүн эмес.

Кайра иштетүү мөөнөтүнүн өтүшү товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы режиминин алдына коюлган күндөн башталат, ал эми товарларды өзүнчө партиялар менен ташып келүүдө - товарлардын биринчи партиясы келген күндөн башталат.

2. Бажы аймагынан тышкары товарларды кайра иштетүү мөөнөтүн белгилөөдө товарларды кайра иштетүү процессинин узактыгы жана аларды ташып келүү эске алынат.

3. Таламдаш жактын жүйөлөштүрүлгөн суроо-талабы боюнча бажы органы бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү мөөнөтүн, эгерде кайра иштетүүгө контролдук иш ачылган жак ушул главада белгиленген талаптарды жана шарттарды бузбастан, ага байланышпаган себептерден улам белгиленген мөөнөттө бажы режимин аяктай албаса, узартылат.

 

137-статья. Бажы максаттарында кайра иштетүү продуктуларынын

чыгуу ченемдери

 

1. Бажы органдары, эгерде бажы контролунун максаттары үчүн зарыл деп таанылса же эгерде бул кайра иштетүү боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга көмөктөшсө, кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченемдерин белгилейт.

2. Кайра иштетүү продуктуларынын сыпатталышы, саны жана сапаты чыгуу ченемдери белгиленгенден кийин так аныкталат.

3. Чыгуу ченемин белгилөөдө бажы органдары эксперттик уюмдардын кайра иштетүүнүн айкын технологиялык процесстерине негизделген корутундуларын эске алат.

 

138-статья. Бажы аймагынан тышкары товарларды кайра иштетүү боюнча

контролдук иш

 

1. Товарларды бажы аймагынан тышкары товарларды кайра иштетүүгө карата контролдук иш бажы органы тарабынан, ата мекендик жакка карата бажы органы тарабынан ачылат, эгерде ушул Кодекстин 134-статьясына ылайык товарларга бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы тартиби колдонулушу мүмкүн болсо.

2. Контролдук иш төмөндөгүлөрдү камтыйт:

товарлардын жана аларды кайра иштетүүнүн продуктуларынын сыпаттамасын, сапатын жана санын;

товарларды кайра иштетүү операциясын жана алар жасалган ыкмаларды;

чыгуу ченемин;

кайра иштетүү мөөнөтүн.

3. Кайра иштетүүгө карата контролдук иш товарларды кайра иштетүүнүн белгиленген мөөнөтү ичинде колдонулат.

 

139-статья. Кайра иштетүү продуктуларын бажы алымдарынан,

салыктардан бошотуу

 

1. Эгерде кайра иштетүүнүн максаты ташылып кеткен товарларды кепилдик (акысыз) ремонттоо болуп саналса, кайра иштетүү продуктулары бажы алымдарынан, салыктарды төлөөдөн толук бошотулат. Мурда Кыргыз Республикасынын бажы аймагында эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган товарлар, бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн толук бошотулбайт, эгерде эркин жүгүртүү үчүн чыгарууда ремонтко себеп болгон кемтик бар экендиги эске алынса.

2. Калган учурларда кайра иштетүү продуктулары ушул статьяга ылайык акцизден тышкары бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн жарым-жартылай бошотулат:

- адвалордук же комбинацияланган бажы алымдарынын, салыктарынын ставкасын колдонууда бажы алымдарынын, салыктардын суммасын эсептөө үчүн товарларды кайра иштетүү боюнча операциялардын наркы негиз болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келинген кайра иштетүү продуктуларынын бажылык наркы менен кайра иштетүү үчүн ташылып кеткен товарлардын бажылык наркынын ортосундагы айырмачылык менен аныкталат. Бажы алымдарынын, салыктарынын өзгөчөлүү ченемдерин колдонууда бажы алымдарынын, салыктардын суммаларын эсептөө үчүн негиз болуп кайра иштетүү боюнча операциялардын наркына барабар келген кайра иштетүү продуктуларынын саны эсептелет. Бажы алымдарыныы, салыктарынын суммаларын эсептөө максатында товарлардын санын аныктоонун усулу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен аныкталат.

- кайра иштетүү продуктуларына карата акциздер, кайра иштетүү боюнча операциялар ташылып кеткен товарларды ремонттоо болуп саналгандан тышкаркы учурларда толук көлөмүндө төлөнөт. Аталган учурда акциздер ушул пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган тартипте эсептелет.

 

140-статья. Бажы режимин аяктоо

 

1. Ушул Кодекстин 136-статьясына ылайык белгиленген бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү мөөнөтү бүткөн күндөн кечиктирилбестен кайра иштетүү продуктулары башка бажы режимине билдирүүгө тийиш.

2. Бажы органдарынын уруксаты менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүнүн бажы режими Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары ташылып кеткен товарларды кайра ташып келүү (реимпорт) же аталган товарларды ушул Кодексте белгиленген талаптарды жана шарттарды сактоо менен башка бажы режиминин алдына коюу аркылуу аякташы мүмкүн. Эгерде Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ташылып кеткен товарлар же аларды кайра иштетүүнүн продуктулары милдеттүү түрдө кайра ташылып келе турган болсо, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы режимин, башка бажы режимине өзгөртүүгө жол берилбейт. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүнүн бажы режимин башка бажы режимине өзгөртүүгө товарларды бажы органына иш жүзүндө көрсөтүүсүз жол берилбейт.

 

141-статья. Бажы режиминин шарттарын сактабагындык үчүн

жоопкерчилик

 

Бажы режиминин шарттарын сактабагындык үчүн жоопкерчиликти, ошондой эле ушул Кодекстин 221-статьясынын 3-пунктуна ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти кайра иштетүүгө контролдук иш ачылган жак тартат.

 

19-Глава
Убактылуу ташып келүү

 

142-статья. Бажы режиминин мазмуну

 

Убактылуу ташып келүү - чет өлкөлүк товарлар бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн толук же жарым-жартылай шарттуу бошотуу менен товарларга карата тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонуусуз Кыргыз Республикасынын бажы аймагында пайдаланылган бажы режими.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

143-статья. Бажы режиминин алдына коюу шарттары

 

1. Товарлар аларды кайра ташып кетүүдө (реэкспорт) бажы органдары тарабынан идентификацияланышы мүмкүн болгон шартта убактылуу ташып келүүгө жол берилет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү убактылуу ташып келүү бажы режиминин алдына коюулушу мүмкүн болгон товарлардын тизмегин белгилөөгө укуктуу.

3. Убактылуу ташып келүү бажы режиминин алдына мурда башка бажы режиминин алдына коюлган чет өлкөлүк товарлар коюлушу мүмкүн.

 

144-статья. Убактылуу ташып келинген товарларды пайдалануу жана

тескөө боюнча чектөөлөр

 

1. Убактылуу ташып келинген товарлар табигый жол менен эскирүүдөн же ташуунун (транспортировкалоонун), сактоонун же пайдалануунун (эксплуатациялоонун) кадимкидей шартында кемүүнүн кесепетинен өзгөргөндөн тышкары алгачкы абалында калууга тийиш. Убактылуу ташып келинген товарлар менен майда-барат оңдоо, техникалык тейлөө жана товарларды калыбында кармоо үчүн зарыл болгон башка операцияларды кошкондо алардын сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон операцияларды жасоого жол берилет.

2. Убактылуу ташып келүүнүн бажы режими боюнча жайгаштырылган товарлар ал колдонулган мөөнөттүн ичинде бажы органынын кабарлоосу менен, мындай жак бажы органдарынын алдында убактылуу ташып келүүнүн бажы режиминин шарттарын андан ары сактоо боюнча милдеттенмелерди өзүнө алган шартта башка жакка өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн мындай учурда убактылуу ташып келүүнүн бажы режимин адепки тандап алган жак, эгерде товарларга ушул Кодекстин 145-статьясынын 2-пунктуна ылайык жарым-жартылай шарттуу бошотуу колдонулса, бул жак товарларды бажы режимине ылайык пайдаланган мезгили үчүн бажы төлөмдөрүн төлөп берүүгө тийиш. Убактылуу алып кирүү бажы режими боюнча жайгаштырылган товарлар пайдаланууга берилген жак бул жөнүндө бажы органына кат жүзүндө билдирүүгө тийиш, ал эми бажы режиминин шарттарын сактоо кепилдиктер менен камсыз кылынса (26-статья) - өзүнүн атына тийиштүү документтерди жол-жоболоштуруусу керек.

 

145-статья. Бажы алымдарын, салыктарын колдонуу

 

1. Бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн толук убактылуу ташылып келинген эки жылдан ашкан товарларды толук шарттуу бошоткон учурда, ошондой эле убактылуу ташып келүү мөөнөтүнө чек коюуну кошкондо мындай бошотуу шарты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 963 "Убактылуу алынып келүүчү (алынып чыгуучу) товарларды бажы алымдарын жана cалыктарды төлөөдөн шарттуу түрдө толук бошотуунун учурларын жана шарттарын бекитүү жөнүндө" токтому

 

2. Башка учурларда бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн жарым-жартылай шарттуу бошотуу колдонулат. Бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн жарым-жартылай бошотууда товарлардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагында турушунун ар бир толук жана толук эмес календардык айы үчүн төлөнө турган сумманын үч пайызы төлөнөт, эгерде эркин жүгүртүү үчүн товарлар чыгарылган болсо.

3. Жарым-жартылай шарттуу бошотууда төлөнө турган бажы алымдарынын, салыктарынын суммасын эсептөө чет өлкөлүк валютада жүргүзүлөт. Бажы алымдарынын, салыктарынын суммасы товарларды убактылуу ташып келүү бажы режиминин алдына коюуда же убактылуу, ташып келүү бажы режимине товарларды жайгаштырган жактын тандоосу боюнча мезгил-мезгили менен төлөнөт. Бажы алымдарынын, салыктарынын суммасын төлөөнүн мезгилдүүлүгү убактылуу ташып келүү режимине товарларды жайгаштырган жак тарабынан аныкталат. Мында бажы алымдарынын, салыктардын суммасын төлөөнүн так мөөнөтү ал суммалар тийиштүү мезгил өтө баштаганга чейин төлөнүүгө тийиш болгондугуна негизденүү менен аныкталат. Бажы алымдарынын, салыктарынын суммасын мезгил-мезгили менен төлөө максатында чет өлкөлүк валютаны Кыргыз Республикасынын валютасына кайра эсептөө төлөө күнү колдонулган Улуттук Банктын курсу боюнча жүргүзүлөт.

4. Бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн жарым-жартылай шарттуу бошотууда убактылуу ташып келүүдөн алына турган бажы алымдарынын, салыктарынын жалпы суммасы, товарларды убактылуу ташып келүү режиминин алдына коюуда төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын, салыктарынын суммасынан ашпоого тийиш эгерде товарлар туумдарды, пайыздарды эсептебестен, эркин жүгүртүү үчүн чыгарылганда, ошондой эле чет өлкөлүк валютанын курсунун же бажы алымдарынын, салыктарынын ставкаларынын өзгөрүшүнүн натыйжасында бажы алымдарынын, салыктарынын суммасы өзгөрсө да.

5. Эгерде бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн жарым-жартылай шарттуу бошотууда төлөнгөн бажы алымдарынын, салыктарынын суммасы товарларды эркин жүгүртүү үчүн чыгарууда төлөнүүгө тийиш болгон суммага барабар болуп калса, анда мындай товарларга карата тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чаралары колдонулбаган шартта товарлар эркин жүгүртүү үчүн чыгарылды деп эсептелет.

6. Убактылуу ташылып келинген товарларды реэкспорттоодо же аларды башка бажы режиминин алдына коюуда бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн жарым-жартылай бошотуу учурунда төлөнгөн бажы алымдарынын, салыктардын суммасы кайра кайтарылбайт.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

146-статья. Убактылуу ташып келүү мөөнөттөрү

 

Убактылуу ташып келүү мөөнөттөрү бажы органы тарабынан мындай ташып келүүнүн максатына жана жагдайларына негизденүү менен белгиленет жана лизингдик жүйөсү болуп эсептелген товарларды убактылуу ташып кирүүнүн мөөнөттөрүнөн, ошондой эле сейсмикалык кырдаалды ченеп өлчөө жана контролдоо боюнча геологиялык (геофизикалык, геодезиялык) экспедициялардын илимий жабдууларын убактылуу ташып кирүүнү мөөнөттөрүнөн тышкары эки жылдан ашпайт.

Лизинг предметтерин убактылуу алып кирүү мөөнөттөрү лизинг келишиминде колдонулуп жаткан мөөнөткө негизденүү менен белгиленет. Ушул статьянын 1-абзацында көрсөтүлгөн илимий жабдуулардын убактылуу ташып келүүнүн мөөнөттөрү мындай жабдууларды пайдалануу жөнүндө түзүлгөн келишимдерге ылайык белгиленет, мында ташылып келинген жабдуу пайдалануучунун баланстык (баланстан тышкаркы) эсебине алынууга тийиш.

 

147-статья. Бажы режиминин колдонулушун аяктоо жана токтото туруу

 

1. Бажы органы тарабынан белгиленген убактылуу ташып келүү мөөнөтү бүткөн күндөн кечиктирилбестен, товарлар ушул Кодекске ылайык башка бажы режимине которулууга тийиш.

2. Убактылуу ташып келүү бажы режими товарларды эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу бажы режимине коюу менен аякташы мүмкүн. Мында бажы алымдарынын, салыктарынын суммасын эсептөө чет өлкөлүк валютада жүргүзүлөт. Эркин жүгүртүү үчүн чыгарууда товарлардын бажы наркы жана саны товарларды убактылуу ташып келүү бажы режиминин алдына коюу күнүндө, ал эми бажы алымдарынын, салыктарынын ставкасы - ушул Кодекстин 145-статьясынын 5-пунктунда каралгандан тышкаркы учурларда эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган бажы режимине арыз берилген күнү аныкталат.

Декларант товарлардын табигый эскиришинен же кадимки шартта ташуудан (транспортировкалоо), сактоо жана пайдалануудан (эксплуатациялоо), ошондой эле кыйроодон же күч жеткис тоскоолдуктардан улам бажы наркынын жана (же) товарлардын санынын азайышын көрсөтүүгө укуктуу. Эгерде декларант товарларды убактылуу ташып келүү бажы келишимине аларды жайгаштырууда бажы наркынын эсебинен чыгаруунун өлчөмү жөнүндө жана (же) товарлардын саны жөнүндө аныкталган сан жагынан такталган жана документалдуу тастыкталган маалыматтарды бажы органына берсе товарлардын бажы наркынын азайтылган өлчөмү жана (же) алардын саны эркин жүгүртүү үчүн товарларды чыгарууда салык базасы катары кабыл алынат.

3. Эркин жүгүртүү үчүн чыгарууда төлөнө турган бажы алымдарынын, салыктардын суммасын аныктоодо бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн жарым-жартылай бошотууда төлөнгөн сумма кошулат.

Эгерде эркин жүгүртүү үчүн чыгарууда бажы төлөмдөрүн жана салыктарын төлөөдөн бошотуу каралса, жарым-жартылай шарттуу бошотууда төлөнгөн сумма кайтарылбайт жана башка товарларды алып кирүүдө эсепке алынбайт.

4. Убактылуу ташып келүү бажы режиминин колдонулушу ушул статьянын 5-пунктунда каралгандан тышкаркы учурларда, ушул Кодекс менен белгиленген талаптарды жана шарттарды сактоодо товарларды башка бажы режиминин алдына коюу менен аяктайт.

5. Убактылуу ташып келүү бажы режиминин колдонушу төмөнкү учурларда токтотула турат:

- убактылуу ташып келинген товарлар камакка алынганда же Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык алар алынып коюлганда;

- убактылуу ташып келинген товарларды ушул Кодекстин 92-статьясынын 3-пунктуна ылайык бажы кампасына коюуда;

- таламдаш жактардын өтүнүчү боюнча бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн жарым-жартылай бошотулган убактылуу ташылып келинген товарларды эркин жүгүртүү үчүн чыгарууну карабаган башка бажы режиминин алдына коюуда.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

148-статья. Бажы режиминин шарттарын сактабай койгондук

үчүн жоопкерчилик

 

Бажы режиминин шарттарын сактабай койгондук үчүн, ошондой эле ушул Кодекстин 221-статьясынын 3-пунктуна ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти убактылуу ташып келүү бажы режимине товарларды койгон жак тартат. Ушул Кодекстин 144-статьясынын 2-пунктуна ылайык убактылуу ташып келүү бажы режиминде турган товарларга пайдалануу укугу башка жакка берилген учурда бажы режиминин шартын сактабай койгондук үчүн, ошондой эле бажы органына бул жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берген күндөн баштап бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти көргөзүлгөн жак тартат.

 

20-Глава
Убактылуу ташып кетүү

 

149-статья. Бажы режиминин мазмуну

 

1. Убактылуу ташып кетүү - товарларга карата тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонуусуз Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары жерде убактылуу пайдаланылышы мүмкүн болгон бажы режими.

2. Товарларды убактылуу ташып кетүүдө ички салыктарды төлөөдөн бошотуу, аларды кайра кайтаруу же ордун толтуруу жүргүзүлбөйт.

 

150-статья. Товарларды бажы режиминин алдына коюу шарты

 

1. Убактылуу ташып кетүүгө төмөнкү шарттар сакталганда жол берилет:

убактылуу ташылып кеткен товарлар ата мекендик жактын менчигинде калганда;

товарларды кайра ташып келүүдө (реимпортто) бажы органдары аларды идентификациялай алганда.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү убактылуу ташып-кетүү бажы режиминин алдына коюлушу мүмкүн болбогон товарлардын тизмегин белгилөөгө укуктуу.

 

151-статья. Убактылуу ташып кетүү мөөнөтү

 

Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкача каралбаса, убактылуу ташып кетүү мөөнөтү мындай ташып кетүүнүн максаттарына жана жагдайларына негизденүү менен бажы органдары тарабынан белгиленет жана эки жылдан ашпайт.

 

152-статья. Бажы режимин аяктоо

 

1. Убактылуу ташылып кеткен товарлар убактылуу ташып кетүү мөөнөтү бүткөн күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына кайра ташылып келүүгө (реимпорт) тийиш.

2. Таламдаш жак бажы органына кабарлоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык убактылуу ташылып кеткен товарлар милдеттүү түрдө кайра ташылып келүүгө тийиш болгондон тышкаркы учурларда, ушул Кодексте каралган бардык шарттар жана талаптар сакталганда убактылуу ташып кетүү бажы режимин башка бажы режимине өзгөртө алат.

3. Убактылуу ташылып кеткен товарларга менчик укугу чет өлкөлүк жакка берилген учурда убактылуу ташып кетүүнүн режимине товарды койгон жак ушул статьянын 2-пунктунда каралгандан тышкаркы учурларда убактылуу ташып кетүү бажы режимин экспорттук бажы режимине өзгөртүүгө милдеттүү.

4. Убактылуу ташып кетүү бажы режимин экспорттук бажы режимине өзгөртүүгө бажы органдарына товарларды иш жүзүндө көрсөтүүсүз эле жол берилет.

 

153-статья. Бажы режиминин шартын сактабай койгондук үчүн

жоопкерчилик

 

Бажы режиминин шарттарын сактабай койгондук үчүн жоопкерчиликти, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти ушул Кодекстин 221-статьясынын 3-пунктуна ылайык убактылуу ташып кетүү бажы режимине товар койгон жак тартат.

 

21-Глава
Экспорт

 

154-статья. Бажы режиминин мазмуну

 

Экспорт - Кыргыз Республикасынын бажы аймагында эркин жүгүртүүдө турган товарлар, өзгөчө экономикалык зонада өндүрүлгөн товарлардан башкасы кайра ташып келүү жөнүндө милдеттенме албастан, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташылып кеткен бажы режими.

 

155-статья. Товарларды бажы режиминин алдына коюу шарты

 

1. Товарларды экспорттоо бажы төлөмдөрүн төлөгөн шартта ушул Кодексте белгиленген башка талаптар менен шарттарды аткаруу жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарды жана шарттарды аткаруу менен жүзөгө ашырылат.

2. Товарларды экспорттоодо ички салыктарды төлөөдөн бошотуу, кайра кайтаруу же ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

 

22-Глава
Реэкспорт

 

156-статья. Бажы режиминин мазмуну

 

Реэкспорт - мурда Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарлар бул аймакка ташып келүү бажы алымдарынын, салыктардын төлөнгөн суммасын төлөбөстөн же кайра кайтаруу менен жана товарларга карата тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонбостон ташылып кеткен бажы режими.

 

157-статья. Товарларды бажы режиминин алдына коюу шарттары

 

1. Реэкспорттук бажы режиминин алдына чет өлкөлүк товарлар коюлат.

Эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган товарлар ушул Кодекстин 159-статьясында каралган шарттарды сактоо менен реэкспорттук бажы режиминин алдына коюлушу мүмкүн.

2. Мурда башка бажы режими боюнча жайгаштырылган товарлар мындай бажы режиминин колдонулушун ушул Кодексте белгиленген тартипте аяктоо максатында Реэкспорт бажы режими боюнча жайгаштырылышы мүмкүн.

3. Реэкспорттук бажы режиминин алдына, эгерде алар түздүн-түз жана жалаң гана реэкспорт үчүн арналган товар катары бажы органында декларацияланган болсо, Кыргыз Республикасынын бажы аймагына аларды ташып келүүдө коюлушу мүмкүн. Түздөн-түз жана жалаң гана реэкспорт үчүн арналган товар катары билдирилген товарлар Бажы кампасынын бажы режимине ушул Кодекстин 92-статьясында каралган шарттарда жайгаштырылат. Мындай товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары иш жүзүндө ташып кетүү аларды реэкспорттук бажы режиминин алдына коюлган күндөн баштап алты айдан кечиктирилбестен жүргүзүлүүгө тийиш. Аталган товарларды пайдаланууга жана тескөөгө товарлардын сакталышын камсыз кылуу жана аларды талаптагыдай күтүү үчүн зарыл болгон операцияларды жүргүзүүдөн тышкары жол берилбейт.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

158-статья. Реэкспортто бажы алымдарын, салыктарды колдонуу

 

1. Реэкспортто ташып келүү бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн бошотулат же төлөнгөн суммаларды кайра кайтарылат, эгерде мындай бошотуу же кайра кайтаруу товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына коюуга негиз болгон белгилүү бажы режиминин шарттарында каралган болсо.

2. Түздөн-түз жана жалаң гана реэкспорт үчүн арналган товар катары билдирилген товарларга карата бажы алымдары жана салыктары төлөнбөйт. Товарларды ушул Кодекстин 157-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде иш жүзүндө ташып кетүү жүргүзүлбөсө, болбосо товарларды пайдаланууда, анын ичинде киреше алуу максаттарында пайдаланууда, эгерде товарларды ташып келүүдө эркин жүгүртүү үчүн чыгарууга арыз берилгенде төлөнө турган бажы алымдарынын, салыктарынын суммасы, ошондой эле, эгерде аталган суммаларга карата товарларды реэкспорттук бажы режиминин алдына коюуда төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылганда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу ченемдери боюнча алардан алынган пайыз төлөнөт.

 

159-статья. Эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган товарларга карата

реэкспорттук бажы режимин колдонуу

 

1. Эгерде бажы чегарасынан өтүү учурунда аларда кемтиги бар экендиги же алар тышкы экономикалык бүтүмдүн шарттарына башкача ылайык келбегендиги аныкталган жана ушул себептен улам товарлар берүүчүгө болбосо көрсөтүлгөн башка жактарга төмөнкү шарттарды сактоо менен кайра кайтарылган учурда эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган товарларга карата реэкспортко жол берилет:

- товарлар аларды кайра кайтарууга себеп болгон кемтиктерди же башка жагдайларды табуу үчүн пайдалануу зарыл болгондогудан тышкаркы учурларда Кыргыз Республикасында пайдаланылбаса жана ремонттолбосо;

- бажы органдары товарларды идентификациялай алса;

- товарлар алар чыгарылган күндөн баштап алты айдын ичинде ташылып кетсе.

2. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык товарларды реэкспорттоодо бажы алымдарынын, салыктардын төлөнгөн суммасы кайра кайтарылат. Товарларды ташып кетүүдө жөнгө салуунун тарифтик эмес чаралары колдонулбайт.

 

160-статья. Бажы режимин сактабай койгондугу үчүн жоопкерчилик

 

Бажы режимин сактабай койгондук үчүн жоопкерчиликти, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти ушул Кодекстин 221-статьясынын 3-пунктуна ылайык реэкспорттук бажы режимине товарларды койгон жак тартат.

 

23-Глава
Транзит

 

161-статья. Бажы режиминин мазмуну

 

Транзит - чет өлкөлүк товарлар бажы алымдарын, салыктарын төлөбөстөн, ошондой эле аларга карата тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонбостон, Кыргыз Республикасынын бажы аймагында алар келген жер менен ал аймактан чыккан жердин ортосунда бажы контролу астында Кыргыз Республикасынын бажы аймагы боюнча которуштурулган бажы режими.

 

162-статья. Товарларды бажы режиминин алдына коюу шарттары

 

Транзиттик бажы режиминин алдына Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана эларалык келишимдерине ылайык транзитке тыюу салынган товарлардан тышкары кандай товарлар болбосун коюулушу мүмкүн.

 

163-статья. Товарлардын транзити жөнүндө кабарлоо

 

Ушул Кодекстин 7-главасына ылайык келген шарттарда товарлардын транзитине Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кабарлоосу менен жол берилет.

 

164-статья. Кайра жүктөө жана товарлар менен башка операциялар

 

1. Транзиттик бажы режимине ылайык ташылган товарларды алар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келинген транспорт каражатынан бул аймактан тышкары товарлар ташылып кете турган транспорт каражатына кайра жүктөө, мындай жүк операцияларын жүзөгө ашыруу боюнча иш регионундагы бажы органынын кабарлоосу менен жол берилет. Транзиттик товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына убактылуу жыйып коюуга ушул Кодексте белгиленген талаптарды жана шарттарды сактоо менен жол берилет.

2. Транзиттик бажы режиминин алдында турган товарлар менен ушул статьянын 1-пунктунда каралбаган операцияларды жасоого жол берилет, эгерде мындай операцияларды жасоо товарлардын жана транспорттук каражаттардын жок болуп кетишине, жоголушуна, биротоло жоголушуна же олуттуу бузулушуна реалдуу коркунуч түзгөндүгүнөн улам жасалган учурларда гана.

 

165-статья. Бажы режимин аяктоо

 

1. Транзиттик бажы режими транзиттик товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары чыгарып кетүү менен аяктайт. Жүк ташуучу товарларды, транзиттик товарларга бажы декларациясын жана транзиттик максаттар үчүн пайдаланылган башка документтерди кабыл алуучу бажы органына берүүгө милдеттүү. Кабыл алуучу бажы органы мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө транзиттик бажы режимин аяктоо үчүн зарыл операцияларды жасоого, ал эми жүк ташуучу товарларды жана транспорттук каражаттарды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары иш жүзүндө ташып кетүүнү жүзөгө ашырууга милдеттүү. Транзиттик бажы режимин аяктоо үчүн мөөнөттүн чегин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен макулдашуу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган.

2. Товарлардын транзити аларды ушул Кодексте белгиленген талаптар менен шарттарды сактоо аркылуу башка бажы режиминин алдына коюу менен аякташы мүмкүн.

 

166-статья. Транзиттик бажы режимин колдонуунун өзгөчөлүктөрү

 

1. Товарлар менен транспорттук каражаттар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келген жер менен ал аймактан аларды ташып кетүүчү жер дал келген учурда, бажы транзитине жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жол берилет.

2. Эгерде ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерде товарлар алар келгенде пайдаланылган транспорттук каражаттан аларды ташып кетүүдө пайдаланыла турган транспорттук каражатка кайра жүктөөдө товарларды кайра жүктөөгө бажы органынын кабарлоосу менен жол берилет.

 

24-Глава
Жок кылуу

 

167-статья. Бажы режиминин мазмуну

 

Жок кылуу - чет өлкөлүк товарлар бажы алымдарын, салыктарды төлөбөстөн, ошондой эле товарларга карата тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонуусуз бажы контролу астында жок кылынган бажы режими.

 

168-статья. Товарларды бажы режиминин алдына коюу шарттары

 

1. Товарларды жок кылуу бажы режиминин алдына коюуга ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган менен, ал эми эгерде ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы жок кылуу айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтириши мүмкүн же адамдардын өмүрүнө жана ден соолугу үчүн түздөн-түз жана олуттуу коркунуч келтирет деп эсептөөгө негиз тапса - айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик аймактык органдардын уруксаты менен жол берилет.

2. Жок кылуу бажы режиминин алдына төмөнкүлөрдү коюуга жол берилбейт:

1) маданият баалуулуктарын;

2) жок болуп кетүү коркунучу алдыда турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн, эпидемияны болтурбоо максатында жок кылуу талап кылынгандан тышкары учурларда алардын бөлүктөрүн жана дериваттарын;

3) бажы органдары тарабынан күрөө предмети катары кабыл алынган товарлар күрөө мамилелери бүткөнгө чейин;

4) алынып коюлган товарлар же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камакка алынган товарлар.

3. Жок кылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары үчүн кандайдыр бир чыгашаларга алып келбөөгө тийиш.

4. Эгерде жок кылына турган товарлар экономикалык жактан пайдалуу ыкма менен баштапкы абалында калыбына келтирилиши мүмкүн болбосо жок кылууга жол берилет.

5. Бажы кампаларында сакталып турган товарларга карата жок кылуу бажы режимине бажы кампасынын ээсинин арызы берилиши мүмкүн.

 

169-статья. Товарларды жок кылуу мөөнөтү

 

Товарларды жок кылуу бажы контролу астында аларды жок кылуунун ыкмасына жана ордуна негизденүү менен товарларды иш жүзүндө жок кылуу үчүн бажы органдары аныктаган мөөнөттө жүргүзүлөт.

 

170-статья. Товарларды жок кылууга уруксат берүүдөн баш тартуу

 

Жок кылуу бажы режиминин алдына товарларды коюуга бажы органдары тарабынан төмөнкү учурларда уруксат берилиши мүмкүн эмес:

товарларды жок кылуу жаратылыш айлана-чөйрөсүнө олуттуу зыян келтириши же адамдардын өмүрү же ден соолугу үчүн түздөн-түз олуттуу коркунуч келтириши мүмкүн болгондо, бул айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан тастыкталганда;

жок кылуу товарларды кадимки максаттарга (мисалы отун, тамак-аш азыктары, малдын тоюту) ылайык керектөө жолу менен жүргүзүлөт;

ушул Кодекстин 168-статьясы менен аныкталган товарларды бажы режиминин астында коюу шарты аткарылбаганда;

 

171-статья. Кыйроонун же күч жеткис тоскоолдуктун кесепетинен

улам жок болгон товарларга карата жок кылуу бажы

режимин колдонуу

 

1. Жок кылуу бажы режими кыйроонун же күч жеткис тоскоолдуктун кесепетинен улам жок болгон, биротоло жоголгон же кыйроого учураган товарларга карата колдонулушу мүмкүн.

2. Жок кылуу бажы режимине ылайык товарларды жок кылуу же бузууну бажы жагынан жол-жоболоштурууда ушул Кодекстин 168-статьясынын 3-5-пункттары, 172- жана 173-статьялар колдонулат.

 

172-статья. Таштандылар жана калдыктар

 

Жок кылуунун натыйжасында түзүлгөн таштандыларга, ошондой эле чет өлкөлүк товарлардын калдыктарына карата бажы алымдары, салыктары төлөнөт, эгерде алар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ушундай абалында ташылып келген болсо, аталган таштандылар жана калдыктар Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары чыгарылып кеткенден тышкаркы учурларда.

 

173-статья. Бажы режиминин шарттарын сактабай койгондук үчүн

жоопкерчилик

 

Бажы режиминин шарттарын сактабай койгондук үчүн жана жаратылыш айлана-чөйрөсүн коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактабагандык үчүн жоопкерчиликти, ошондой эле таштандыларга жана калдыктарга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө үчүн жоопкерчиликти жок кылуу бажы режимине арыз берген жак тартат.

 

25-Глава
Мамлекеттин пайдасына баш тартуу

 

174-статья. Бажы режиминин мазмуну

 

Мамлекеттин пайдасына баш тартуу - товарлар бажы алымдарын, салыктарды төлөбөстөн, ошондой эле товарларга карата тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонуусуз мамлекеттин менчигине акысыз берилген бажы режими.

 

175-статья. Товарларды бажы режиминин алдына коюу шарттары

 

1. Мамлекеттин пайдасы үчүн баш тартуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары үчүн товарларды сатып өткөрүүдөн түшкөн каражаттардын эсебинен орду толтурулбай турган кандайдыр бир чыгашаларга алып келбөөгө тийиш.

2. Мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы режиминин алдына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүгүртүлүшүнө тыюу салынган жана өтүмсүз товарлар коюлбайт. Мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы режиминин алдына коюлбай турган товарлардын айкын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен аныкталат.

 

176-статья. Жак мамлекеттин пайдасына баш тарткан товарлардын

статусу

 

Мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы режиминин алдына коюлган товарлар ушул Кодекске ылайык мамлекеттин менчигине өткөрүлөт.

Жак мамлекеттин пайдасына баш тарткан товарлар өткөрүп берилген учурдан тартып ал бажы максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын бажы аймагында эркин жүгүртүүдө турган товарлар катары каралат.

 

177-статья. Бажы режиминин шарттарын сактабагандык үчүн

жоопкерчилик

 

Бажы режиминин шарттарын сактабагандык үчүн, ошондой эле товарларды тескөөнүн укуктуулугу үчүн жоопкерчиликти мамлекеттин пайдасына баш тарткан бажы режимине арыз берген жак тартат.

Бажы органдары жак мамлекеттин пайдасына баш тарткан товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ жактардын кандайдыр бир мүлктүк дооматтарын канааттандырбайт.

 

26-Глава
Атайын бажы режимдери

 

178-статья. Атайын бажы режимдери

 

Атайын бажы режимдери бажы чегарасы аркылуу өткөрүлгөн төмөнкү товарларга карата белгиленет:

1) Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары ташылып кеткен жана элчиликтердин, консулдуктардын, эларалык уюмдарга караштуу өкүлчүлүктөрдүн жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү башка расмий өкүлчүлүктөрүнүн иштешин камсыз кылууга арналган товарлар;

2) аба жана темир жол транспорттук каражаттарында ал транспорттук каражаттардын кадимкидей иштешин жана техникалык жактан тейленишин камсыз кылууга, алардын экипажынын жана жүргүнчүлөрүнүн жашоо турмушун камсыз кылууга, ал эми аба кемелеринде - жүргүнчүлөргө сатуу үчүн арналган борттогу запастар;

3) бажы чегарасы аркылуу өткөрүлгөн жана бөөдө кырсыктарды жана башка өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана анын залалдарын жоюуга арналган товарлар, анын ичинде өзгөчө кырдаалдын кесепетинен жана чеккен жактарга акысыз таратууга, же ушул эле максатта коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмдарына берүүгө арналган товарлар, кыйроо-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди аткаруу жана кыйроо-куткаруу түзүлүштөрүнүн жашоо-турмушун камсыз кылуу үчүн арналган товарлар;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте гуманитардык жардам, гранттар катары берилген товарлар;

5) жаңылыш алынып келинген жана адепки экспорттоочуга кайтарылуучу товарлар;

6) сейсмикалык кырдаалды ченеп-өлчөө жана контролдоо боюнча геологиялык (геофизикалык, геодезиялык) экспедициялардын илимий жабдуулары;

7) Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттердин аймагында жайгашкан объектеринин ишин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чектеринен тышкары чыгарылуучу материалдык-техникалык камсыз кылуу предметтери жана шаймандар, отун жана азык-түлүктөр.

8) нумизматикалык максаттарга пайдалануудан тышкары акциздик маркалар жана валюта;

9) баалуу кагаздар (мыйзам менен же аны менен белгиленген тартипте баалуу кагаздардын катарына киргизилген облигация, вексель, чек, банктык сертификат, көрсөтүүчүгө банктык аманат китепчеси, коносамент, акция жана башка документтер).

10) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан алынып келинүүчү жана алынып кетилүүчү Кыргыз Республикасынын валюталары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан алынып келинүүчү жабдуулар жана товарлар: акча жабдуулары (банкнот жана монета санагычтар жана алардын тетиктери, банкнотторду жана монеталарды иргегичтер жана алардын тетиктери, банкнотторду вакуумдук жана бандеролдук таңгактагычтар жана алардын алмаштырылуучу тетиктери, банкнотторду жок кылуучу системалар жана алардын алмаштырылуучу тетиктери, валюта детекторлору, касса арабачалары жана башкалар); компьютердик жабдуулар жана алардын чыгымдалуучу материалдары; дизельгенераторлор, үзгүлтүксүз ток берүү булактары жана алардын алмаштырылуучу тетиктери; төлөө системасынын иштөөсү үчүн жабдуулар (банкоматтар, терминалдар, инфокүркөлөр жана башкалар); атайын транспорт.

11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тизме боюнча Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздугун жана укук тартибин камсыз кылуу максатында иши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен каржыланган мамлекеттик органдар жана уюмдар алып кирген куралдар, аскердик техникалар, аскердик мүлк, атайын техникалар, атайын каражаттар.

(КР 2008-жылдын 16-майындагы № 87, 2008-жылдын 5-августундагы № 196, 2013-жылдын 10-январындагы № 1
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

179-статья. Атайын бажы режимдеринин мазмуну, товарларды атайын

бажы режимдеринин алдына коюунун тартиби жана шарттары

 

1. Атайын бажы режимдери товарларды бажы алымдарынан, салыктарынан толук бошотууну, ошондой эле аларга карата тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонбоону карайт.

2. Товарларды атайын бажы режимдеринин алдына коюуда төлөнгөн бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасы кайра кайтарылбайт, ошондой эле ички салыктарды төлөөдөн, кайра кайтаруудан же ордун толтуруудан бошотулбайт.

3. Товарларды атайын бажы режимдеринин алдына коюунун башка талаптары жана шарттары, ошондой эле аталган бажы режимдеринин алдына коюлган товарларды пайдалануу жана тескөө боюнча чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

V БӨЛҮМ
АТАЙЫН БАЖЫ ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ

 

27-Глава
Транспорттук каражаттардын өтүшү

 

180-статья. Транспорттук каражаттарга карата колдонулуучу бажы

режимдери

 

Транспорттук каражаттар бажы чегарасы аркылуу ушул главада каралган тартипте убактылуу ташып кирүү жана убактылуу ташып чыгуу бажы режимдерине ылайык өткөрүлөт.

 

181-статья. Транспорттук каражаттарды убактылуу ташып кирүү

 

1. Бажы алымдарынан, салыктарынан толук бошотуу менен транспорттук каражаттарды убактылуу ташып кирүүгө төмөнкү учурда жол берилет, эгерде:

1) транспорттук каражат чет мамлекеттин аймагындагы чет өлкөлүк жакка катталса;

2) транспорттук каражат чет өлкөлүк жак тарабынан тийиштүү түрдө ыйгарым укук берилген ата мекендик жак тарабынан пайдаланылган транспорттук каражаттардан тышкаркы учурларда чет өлкөлүк жак тарабынан ташылып келсе жана пайдаланылса;

3) транспорттук каражаттар Кыргыз Республикасынын бажы аймагында ички ташууларда (товарларды түшүрүү жана жүктөө пункттарынын ортосунда ташуу же Кыргыз Республикасынын бажы аймагында турган жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү) пайдаланылбаса;

4) транспорттук каражаттарды дароо ташып кетүү жолу менен транспорттук операцияларды аяктоо максаттарында ижара (субаренда) келишими түзүлгөндөгүдөн тышкаркы учурларда транспорттук каражат ташылып келгенден кийин ижарага (эгерде ташылып келинген транспорт каражаты мурда ижарага берилген болсо - субарендага) берилбейт.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү убактылуу ташып келинген транспорттук каражаттар ата мекендик жак тарабынан пайдаланылганда же ата мекендик жакка катталганда, ошондой эле ушул статьянын 1-пунктунун 1-4-пунктчаларында каралган башка шарттар сакталбаганда, эгерде убактылуу ташып келүү мөөнөтүндө транспорт каражатына менчик укугу башка ата мекендик жакка өтүп кетпегенде, бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн толук бошотуу менен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына транспорттук каражаттарды убактылуу ташып келүү учурларын белгилөөгө укуктуу.

3. Ушул статьянын 1- жана 2-пункттарына ылайык бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн толук бошотулган, ошондой эле бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн толук бошотуу колдонулган шартты сактабаган учурда транспорттук каражаттарга карата ушул Кодекс менен белгиленген тартипте убактылуу ташып келинген товарларга карата бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн жарым-жартылай бошотуу колдонулат.

4. Транспорттук каражаттарга карата убактылуу ташып келүү бажы режими ушул Кодекстин 182-статьясында каралган мөөнөттө аларды кайра ташып кетүү менен аяктайт. Транспорттук каражаттарга карата убактылуу ташып келүү бажы органдарынын уруксаты менен бажы режими убактылуу ташып келинген товарларга карата колдонулган ушул Кодекстин 147-статьясында каралган тартипте аякташы мүмкүн.

 

182-статья. Транспорттук каражаттарды убактылуу ташып келүү

мөөнөтү

 

1. Убактылуу ташылып келинген транспорттук каражаттарды кайра ташып кетүү убактылуу ташылып келингендер үчүн транспорттук операциясы аяктагандан кийин дароо жүзөгө ашырылууга тийиш.

2. Бажы органы транспорттук каражаттарды убактылуу ташып келүү мөөнөтүн белгилөөгө укуктуу. Мында болжолдонгон транспорттук операцияларын жүргүзүү менен байланышкан бардык жагдайлар көңүлгө алынууга тийиш.

3. Таламдаш жактын жүйөлөштүрүлгөн суроо-талабы боюнча бажы органы адепки белгиленген мөөнөттү узартат.

 

183-статья. Убактылуу ташып келинген транспорттук каражаттар

менен операциялар

 

Убактылуу ташып келинген транспорттук каражаттар менен алар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келатканда талап кылынган техникалык тейлөө же ремонттоо боюнча кадимки операцияларды жасоого жол берилет.

 

184-статья. Транспорттук каражаттарды убактылуу ташып кетүү

 

1. Транспорттук каражаттарды убактылуу ташып кетүүгө ал Кыргыз Республикасынын бажы аймагында эркин жүгүртүүдө турган жана ушул статьянын 3-пунктунда каралгандан тышкаркы учурларда ата мекендик жакка катталган шартта жол берилет.

2. Транспорттук каражаттарды убактылуу ташып кетүүдө бажы алымдары, салыктар алынбайт.

3. Мурда Кыргыз Республикасынын бажы аймагына убактылуу ташып келинген жана ата мекендик жактын (ал транспорттук каражат ата мекендик жакка катталгандыгына же катталбагандыгына карабастан) пайдалануусуна, ээлик кылышына же тескөөсүнө менчик укугун өткөрүп берүүсүз берилген транспорттук каражаттарды убактылуу ташып кетүүгө жол берилет. Мында ушундай транспорттук каражаттарга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн жарым-жартылай бошотууну колдонууда алардан бажы алымдарын, салыктарды алуу жагындагы убактылуу ташып кетүү бажы режиминин колдонулушу жана шарттары убактылуу ташып кетүү бажы режимин реэкспорттук бажы режимине же башка бажы режимине өзгөртүүгө арыз берилгенге чейин токтотулбайт.

4. Транспорттук каражаттарды убактылуу ташып кетүүгө ал Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары жерде кандай жак жана кандай максатта пайдаланыла тургандыгына карабастан жол берилет.

 

185-статья. Убактылуу ташып кетүү мөөнөтү

 

1. Бажы органы убактылуу ташылып кеткен транспорттук каражаттарды жүк ташуучунун же транспорттук каражаттын ээсинин арызынын негизинде кайра ташып келүү үчүн мөөнөт белгилөөгө укуктуу.

2. Таламдаш жактын жүйөлөштүрүлгөн суроо-талабы боюнча бажы органы адепки белгиленген мөөнөттү узартат.

 

186-статья. Убактылуу ташылып кеткен транспорттук каражаттарды

кайра ташып келүү

 

1. Эгерде транспорттук каражаттар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде аларды техникалык тейлөө жана ремонттоо боюнча операцияларды кошкондо аларды сактоону жана эксплуатациялоону камсыз кылуу үчүн зарыл болгон операциялардан тышкары кайра иштетүү операцияларына алынбаса, ал операциялар транспорттук каражаттын наркынын аларды ташып чыгуу учурундагы баланстык наркына салыштырганда кымбатташына алып келбеген шартта Кыргыз Республикасынын бажы аймагына кайра ташып келүүдө бажы алымдары, салыктар алынбайт.

2. Эгерде мыйзамдын же келишимдин колдонулушуна ылайык акысыз ремонт жүргүзүүдөн же Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары жерде кыйроонун же күч жеткис тоскоолдуктардан улам бузулган транспорттук каражатты калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон ремонт жүргүзүлгөндөн тышкаркы учурларда ремонттун же кайра иштетүү боюнча башка операцияларды жүргүзүүнүн натыйжасында транспорттук каражаттын баланстык наркы көбөйгөн учурда, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы режиминде кайра иштетүү продуктуларын ташып келүүдө бажы алымдарын, салыктарын алууга карата ушул Кодекстин 139-статьясында каралган тартипти колдонуу менен бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн жарым-жартылай бошотуу колдонулат. Кайра иштетүү боюнча операциялардын наркын аныктоодо транспорттук каражаттарды кайра иштетүү, жерине жеткирүү жана андан кайра алып келүү боюнча чыгымдар, эгерде мындай которуштуруу товарларды же жүргүнчүлөрдү эларалык ташууну жүргүзүү менен байланышкан болсо эске алынбайт.

 

187-статья. Убактылуу ташып кетүү бажы режимин өзгөртүү

 

1. Убактылуу ташылып кеткен транспорттук каражаттарга карата убактылуу ташып кетүү бажы режимин ушул Кодексте белгиленген талаптарды жана шарттарды сактоо менен экспорттук бажы режимине же башка бажы режимине өзгөртүүгө жол берилет.

2. Убактылуу ташылып кеткен транспорттук каражатка менчик укугу чет өлкөлүк жакка берилген учурда, жак убактылуу ташып кетүү бажы режимин экспорттук бажы режимине өзгөртүүгө милдеттүү.

3. Убактылуу ташып кетүү бажы режимин өзгөртүү бажы органына транспорттук каражатты иш жүзүндө көрсөтүүсүз эле жол берилет.

 

188-статья. Бажы режиминин алдына коюу

 

1. Транспорттук каражаттардын бажы жагынан жол-жоболоштуруу алар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келген же ал аймактан кеткен жерлерде жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

2. Ушул Кодекстин 181-статьясынын 1-пунктунда, 184-статьясында жана 186-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда убактылуу ташып келүү же убактылуу ташып кетүү бажы режимдерине ылайык өткөрүлгөн транспорттук каражаттарга карата бажы максаттары үчүн зарыл негизги документ болуп транспорттук каражат тийиштүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын бажы аймагына кирип жатканда жана (же) ал аймактан чыгып жатканда бажы органдарына бериле турган кирүү же чыгуу декларациясы саналат. Кирүү же чыгуу декларациясында транспорттук каражаттар жөнүндө, ошондой эле анын каттамы, жүгү, жабдыктары, экипажы жана жүргүнчүлөрү жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш. Ошол декларацияда көрсөтүлүүгө тийиш болгон маалыматка талаптар бажы мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу үчүн зарыл болгон эң аз маалымдоо менен чектелинет. Бажы органдары кирүү же чыгуу декларациясы катары транспорт жаатындагы эларалык келишимдерде каралган жүк ташуучунун стандарттык документтери пайдаланылат, эгерде аларда бажы максаттары үчүн зарыл болгон бардык маалыматтар камтылса. Эгерде транспорттук каражат кирип же чыгып жатканда бажы органдарына бериле турган документтерге коюлган талаптар Кыргыз Республикасынын транспорт жаатындагы эларалык келишимдери менен аныкталса, бажы максаттары үчүн ошол келишимдерде каралган документтер кабыл алынат.

 

189-статья. Жабдууларды жана белен тетиктерди убактылуу ташып

келүү

 

1. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына транспорттук каражаттар менен бирге убактылуу ташып келинген жана транспорттук каражаттардан өзүнчө же чогуу пайдаланылгандыгына карабастан, алар менен бирге кайра ташылып кете турган жүк жүктөө, түшүрүү, иштетүү жана коргоо үчүн атайын жабдууларга карата бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн толук бошотулат.

2. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына убактылуу ташылып келинген белен тетиктерди жана жабдууларды алмаштыруу максатында ремонттоо же техникалык тейлөөдө пайдаланууга арналган, Кыргыз Республикасынын бажы аймагына убактылуу ташылып келген транспорттук каражатка орнотулган же аны эксплуатациялоодо пайдаланылган белен тетиктерге жана жабдууларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн толук бошотулат.

 

190-статья. Белен тетиктерди убактылуу ташып кетүү

 

Белен тетиктерди жана жабдууларды алмашуу максатында ремонттоо же техникалык тейлөөдө пайдалануу үчүн арналган, убактылуу ташылып чыккан транспорттук каражатка орнотулган белен тетиктер аларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан убактылуу ташып чыгууда ташып чыгуу бажы төлөмдөрүнөн толук бошотулат. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алмаштырылган тетиктерди жана жабдууларды ташып келүүгө реимпорт бажы режимине колдонулуучу ташып кирүү бажы төлөмдөрүн төлөөдөн толук бошотуу менен жол берилет.

 

28-Глава
Жеке жактардын товарларды алып өтүшү

 

191-статья. Жеке жактардын пайдалануу үчүн товарларды жекече өтүшү

 

1. Өндүрүштүк, ишкердик же башка коммерциялык иш үчүн эмес, жеке жактардын жекече пайдаланышы үчүн арналган товарлар ал жактар тарабынан бажы чегарасы аркылуу ушул главанын жоболоруна ылайык жөнөкөйлөтүлгөн, жеңилдетилген тартипте, ал эми ушул глава менен жөнгө салынбаган жагында - ушул Кодекс менен белгиленген жалпы тартипке ылайык алып өткөрүлөт.

2. Жеке жактын барып келишинин бардык жагдайларын эске алуу менен жана бажы чегарасы аркылуу өтүүчү товарлар өндүрүштүк, ишкердик же коммерциялык башка жумуштарга пайдалануу белгилери жок болгон шартта товарлардын колдонуу багытын товарлардын мүнөздөмөсүнө жана санына, алып өтүшү жыштыгына негизденүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен аныкталат.

3.(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

192-статья. Товарларды бажы чегарасы аркылуу өздүк пайдалануу үчүн

алып өтүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн, жеңилдетилген тартиби

(статьянын аталышы КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

1. Эгерде транспорттук каражаттардан тышкары Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алынып келинүүчү товарлардын наркы эң аз айлык акынын 380 өлчөмүнөн ашпаса бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн толук бошотулат.

Наркы эсептешүү көрсөткүчүнүн 380 өлчөмүнөн ашкан товарларга карата ушул главага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте бажы төлөмдөрү колдонулат.

Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн толук бошотуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген сандын чегинде колдонулат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү акциздик товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу менен жеке жактардын товарларды алып келүүсүнө саны же наркы жагынан чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бажы төлөмдөрүн төлөөдөн толук бошотуу берилбеген же болбосо Кыргыз Республикасынын бажы аймагына белгилүү бир жаш куракка жетпеген адамдар, ошондой эле бажы чегарасынан көп өтүп турган жеке жактар алып келүүчү товарларга карата азайтылган чектер бериле турган учурларды аныктоого укуктуу.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеке жактар тарабынан алар туруктуу жашаган жерине көчүп келгенде алынып келген товарларга, качкындар жана көчүп келгендер тарабынан алынып келген товарларга, ошондой эле мурасталуучу мүлккө карата бажы төлөөдөн толук бошотуу ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген чектерден ашып кеткен өлчөмдөрдө колдонулуучу учурларды аныктоого укуктуу.

5. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ушул статьяга ылайык ташылып келүүчү же ташылып кетүүчү товарлар бажы максаттары үчүн ылайыгына жараша эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган же болбосо экспорттун бажы режиминде алынып кеткендер катары каралат.

6. Жеке жактар жөнөкөйлөштүрүлгөн, жеңилдетилген тартипте ташылып чыккан товарлар ички салыктарды төлөөдөн, кайра кайтаруудан же ордун толтуруудан бошотулбайт.

(КР 2007-жылдын 26-мартындагы № 39, 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

 

193-статья. Жеке жактардын товарларды убактылуу ташып келиши

 

1. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына чет өлкөлүк жеке жактар убактылуу ташып келген товарларга карата, бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн толук бошотулат, эгерде ошол товарлар ал жактар Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу болгон мезгилде жеке пайдалануусу үчүн гана ташылып келинген болсо.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн бошотуу чет өлкөлүк жеке жактарга таандык, алар ижарага алган же башка жол менен убактылуу пайдаланууга алган жана мындай транспорттук каражатты чет мамлекетте каттоодон өткөрүлгөн шартта ал чет өлкөлүк жеке жактын кириши менен бир учурда же ал киргенге чейин же киргенден кийин Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келинген транспорттук каражаттарга да жайылтылат.

Ушул главаны колдонуу максаттары үчүн транспорттук каражаттар деп жеке пайдалануу үчүн гана ташып келинген же ташылып кеткен автотранспорттук каражаттар жана аларга белен тетиктер жана аларга таандык кадимки шаймандары жана жабдуулары менен бирге чиркегичтери түшүнүлөт. Адамдарды акы алуу менен ташуу же товарларды өнөр жайлык же коммерциялык ташуу үчүн жеке жактар алып өткөн транспорттук каражаттар бажы чегарасы аркылуу ушул Кодекстин 27-главасына ылайык өткөрүлөт.

3. Транспорттук каражаттарды кошкондо Кыргыз Республикасынын бажы аймагына чет өлкөлүк жактар убактылуу ташып кирген товарлар табигый жол менен эскирүүнүн же кемүүнүн кесепетинен өзгөрүшүнөн тышкары өзгөрүлбөгөн абалында кайра ташылып кетиши керек.

4. Убактылуу ташылып келген товарлар ушул Кодекстин 196-статьясынын 3-пунктуна ылайык жазуу жүзүндө декларацияланууга тийиш болсо, убактылуу ташып келүү мөөнөтү бажы органдары тарабынан чет өлкөлүк жеке жактын Кыргыз Республикасында болушунун узактыгына негизденүү менен аталган мөөнөт ушул статьянын 5-пунктуна ылайык белгиленген чектөөлөрдөн ашпаган шартта белгиленет.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын бажы аймагына чет өлкөлүк жеке жактар транспорттук каражаттарды кошкондо убактылуу ташып келген товарлардын айрым категориясына карата убактылуу ташып келүү мөөнөтүнө чек коюуга укуктуу.

6. Ата мекендик жеке жактар ушул статьяда каралган жөнөкөйлөтүлгөн, жеңилдетилген тартипте алар кызматтык максаттар үчүн пайдаланган транспорттук каражаттарды, ал транспорттук каражаттар чет мамлекеттин аймагында катталган жана убактылуу ташып келүү мөөнөтү бир календардык жылдын ичинде алты айдан ашпаган шартта, убактылуу ташып келе алышат.

7. Убактылуу ташылып келген товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан кандай бажы органдары аркылуу болбосун кайра ташылып кетиши мүмкүн. Убактылуу ташылып келген товарларды кайра ташып кетүүдө бажы алымдары, салыктар алынбайт жана тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чаралары колдонулбайт.

8. Убактылуу ташылып келген товарларды кайра ташып кетүү, эгерде аталган товарлар транспорттук каражаттар кыйроонун же күч жеткис тоскоолдуктун кесепетинен олуттуу бузулган учурда жүргүзүлбөйт.

 

194-статья. Жеке жактардын товарларды убактылуу ташып чыгышы

 

1. Ата мекендик жеке жактар жекече пайдалануу үчүн зарыл болгон товарларды алар чет мамлекеттерде убактылуу болгон мөөнөткө Кыргыз Республикасынан тышкары убактылуу ташып кетүүгө укуктуу.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарлар аларды убактылуу ташып кетүүдө жана кайра ташып келүүдө бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн толук бошотулат.

 

195-статья. Жеке жактар жекече пайдалануу үчүн алып өткөн

товарлардын бажы жагынан жол-жоболоштуруу

 

1. Жеке жактар жекече пайдалануу үчүн алып өткөн товарлардын бажы жагынан жол-жоболоштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган жеңилдетилген тартипте жүргүзүлөт.

2. Бажы чегарасынан өзүнүн автотранспорттук каражаты, ошондой эле коммерциялык багыттагы автотранспорттук каражаты же поезд менен өткөн жеке жактар бажы жагынан жол-жоболоштурууну транспорттук каражаттан сыртка чыкпастан аткара алат.

3. Транспорттук каражаттарды кошкондо жеке жак алып өткөн товарларды аталган жактардын өтүнүчү боюнча, ошондой эле товарларды бажы жагынан дароо жол-жоболоштуруу же бажы төлөмдөрүн бажы органдарына байланышпаган себептер боюнча төлөө мүмкүн болбогон учурда убактылуу сактоо кампаларына жайгаштырылат. Товарларды убактылуу сактоо, анын ичинде убактылуу сактоо мөөнөтү ушул Кодекстин 9-главасында каралган тартипте жүргүзүлөт.

4. Жеке жактар алып өткөн товарлардын бажы жагынан жол-жоболоштурууну жөнөкөйлөштүрүү максатында ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган коңшу мамлекеттердин бажы кызматтары менен жеке жактар автомобиль жана темир жол транспорту менен алып өткөн товарларды бажы жагынан жол-жоболоштурууну жана бажы контролун жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашуу түзөт.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

196-статья. Жеке жактардын товарларды декларациялоосу

 

1. Жеке жактар кол жүгүн жана кошумча жүктү алып өтүүдө товарларды декларациялоо алар тарабынан Мамлекеттик чегара аркылуу өткөндө товарларды көрсөтүү менен бир учурда жүзөгө ашырылат.

2. Жеке жак жекече пайдалануу үчүн өзү алып келаткан жүк менен алып өткөн товарлар, жеке жактардын дарегине жөнөтүлгөн жана өндүрүштүк, ишкердик же коммерциялык башка ишке арналбаган товарлар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ташып келүүгө же ташып кетүүгө тийиштүүлүгүнө жараша тыюу салынган же чек коюлган же наркы жана (же) саны бажы чегарасы аркылуу өткөрүү үчүн белгиленген чектөөдөн ашып кеткен бажы алымдарын, салыктарын төлөө ушул Кодекстин 192-статьясына ылайык төлөөдөн толук бошотулган товарлар жана транспорттук каражаттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасы менен аныкталган форма боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жазуу жүзүндө декларацияланат. Жеке жактар кол жүгүн жана кошумча жүктү алып өтүүдө товарларды ташып келүүгө же ташып кетүүгө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык тыюу салынган же чек коюлган товарлардан, ошондой эле же наркы жана (же) саны бажы чегарасы аркылуу өткөрүү үчүн белгиленген чектөөдөн ашып кеткен бажы алымдарын, салыктарын төлөө ушул Кодекстин 192-статьясына ылайык толук бошотулган товарлар оозеки декларацияланат.

Жеке жак өз каалоосу боюнча ушул пункттун жоболоруна ылайык жазуу жүзүндө милдеттүү декларациялоого жатпай турган өзү бажы чегарасы аркылуу алып өткөн товарларды жазуу жүзүндө декларациялоого укуктуу.

3. Ушул статьянын 3-пунктуна ылайык оозеки декларациялана турган товарларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасы менен аныкталган учурларда жана тартипте декларациялоо жеке жактын кол жүгүн жана кошумча жүгүн жазуу жүзүндө декларациялана турган товарлардын жок экендигин күбөлөндүрүлгөн аракеттерди жасоо жолу менен конклюденттик формада жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүү пункттарында товарларды конклюденттик формада декларациялоо максатында жактар товарларды декларациялоо үчүн ойлонуштурулган атайын белгиленген өткөөл жерлер жасалгаланат. Кол жүгү же кошумча жүгү, жазуу жүзүндө декларациялоого тийиш болгон жүгү жок жактар өтө турган атайын белгиленген жерлер аркылуу жеке жактардын өтүшү юридикалык максаттар үчүн бажы органдарына аталган жакта жазуу жүзүндө декларациялана турган товарлар жок экендигин билдирүү катары каралат.

4. Он алты жашка чейинки курактагы эрезеге жете элек жактардын товарлары, аларды коштоп жүргөн жактар тарабынан декларацияланат.

5. Өзүнчө бараткан жүктөгү (жеке жак кеткенге же келгенге чейин же андан кийин ташылып келген же ташылып кеткен жүктөгү) товарларга, ошондой эле жөнөтүлүүчү (эларалык почта жөнөтүүлөрү аркылуу жөнөтүлгөн товарлардан тышкары) товарларга карата бажы декларациясы товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып кирүүдө жана товарларды бажы органына көрсөтүү менен ташып кетүүдө ушул Кодекстин 291-статьясында көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде берилүүгө тийиш.

6. Өзүнчө бараткан жүктөгү товарлар товарларды алып өткөн жак же товарларды алып өткөн жактын ишеним каты боюнча аракеттенген ар кандай башка жак тарабынан декларацияланышы мүмкүн. Бажы органына берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти товарларды декларациялаган жак тартат.

 

197-статья. Жеке жактардын бажы төлөмдөрүн төлөшү

 

1. Бажы төлөмдөрү жеке жактар тарабынан түздөн-түз товарларды декларациялоо учурунда төлөнөт.

2. Жеке пайдалануу үчүн бажы алымдарынын, салыктарынын бирдиктүү ставкасы боюнча бажы чегарасы аркылуу өтүүчү товарларга жана транспорттук каражаттарга, ошондой эле эсептик көрсөткүчтүн 40000 өлчөмүнөн ашпаган баадагы товарларга карата бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасы жана/же бажы төлөмдөрүнүн жыйындысы (аны бажы алымдарын, салыктарды жана башка бажы төлөмдөрүн түзүүгө бөлбөй туруп) колдонулат.

Бажы алымдарынын жана салыктардын, бажы төлөмдөрүнүн жыйындысынын бирдиктүү ставкаларын колдонуунун тартиби, ошондой эле анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Жеке жактар бажы төлөмдөрүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасында аныкталган формада бажылык кириштөө ордерин колдонуу менен төлөшөт.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

198-статья. Жеке жактар алып өткөн товарлардын бажылык наркы

 

1. Товарлардын бажылык наркы аларды алып өткөн жеке жак тарабынан товарларды декларациялоодо билдирилет. Билдирилген наркты тастыктоо үчүн товарларды соодада колдонулган чектер, эсептер жана башка документтер колдонулат.

2. Товарларды кошумча жүк менен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүдө, ошондой эле товарларды жиберүүдө бажы наркына товарларды аэропортко чейин же Кыргыз Республикасынын бажы аймагындагы товарлар келе турган башка жерге чейин жеткирүү боюнча чыгашалары кошулат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

199-статья. Жеке жактар алып өткөн транспорттук каражаттар үчүн

белен тетиктер жана отун

 

1. Жеке жактар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына убактылуу ташып келген транспорттук каражаттарды ремонттоо үчүн зарыл болгон - белен тетиктер транспорттук каражаттарды убактылуу ташып келүү мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөттө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн толук бошотуу менен убактылуу ташып келинет.

2. Жеке жак бажы чегарасы аркылуу алып өткөн транспорттук каражаттардын май куюлуучу кадимки бактарындагы суюк отун Кыргыз Республикасынын бажы аймагына бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн убактылуу ташып келинет же бул аймактан ташылып чыгат.

 

200-статья. Жеке жактардын товарларды алып өтүшү эрежелери жөнүндө

маалымат

 

Ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган жана башка бажы органдары жеке жактардын товарларды алып өтүү эрежелери жөнүндө маалыматтардын жетимдүүлүгүн, анын ичинде транспорттук жана туристтик уюмдарда маалымкат аныктамаларын жайылтуу, ошондой эле жеке жактар алып өткөн товарлардын бажы жагынан жол-жоболоштуруу жерлердеги маалыматтык такталарды жасалгалоо жолу менен камсыз кылат.

 

201-статья. Жеке жактардын коммерциялык максаттар үчүн

арналган товарларды алып өтүү

 

1. Жеке жактын, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган өндүрүштүк, ишкердик же коммерциялык башка иш үчүн арналган товарларды алып өтүшү ушул Кодекске ылайык жалпы тартипте жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул статьянын 1-пунктунда топтоштурулган бажы төлөмдөрүн жана/же бажы алымдарынын, салыктардын бирдиктүү ставкасын колдонуу менен бажы жагынан жол-жоболоштуруунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин белгилөөгө укуктуу.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

29-Глава
Эларалык почта жиберүүлөрү менен товарларды алып өтүшү

 

202-статья. Эларалык почта жиберүүлөрү

 

1. Ушул главаны колдонуу максаттары үчүн эларалык почта жиберүүлөрү деп Кыргыз Республикасынан тышкары жөнөтүү, Кыргыз Республикасына келген же анын аймагы аркылуу транзит менен өткөн почта жөнөтүүлөрүн кабыл алуу түшүнүлөт. Эларалык почта жиберүүлөрүнүн түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

1) каттар (жөнөкөй, тапшырык менен, баасын жарыялоо менен);

2) почта карточкалары (жөнөкөй, тапшырык менен);

3) бандеролдор жана атайын "М" каптары (жөнөкөй, тапшырык менен);

4) секограммалар (жөнөкөй, тапшырык менен);

5) майда пакеттер (тапшырык менен);

6) жөнөтмөлөр (кадимки, баасын жарыялоо менен);

7) эларалык экспресс-почта жиберүүлөрү.

2. Эларалык почта жиберүүлөрүн жөнөтүү Дүйнөлүк почта бирлигинин актыларында каралган документтер менен коштолууга тийиш.

3. Ушул главанын жоболору сатылышы чекене соода-сатык келишимдери боюнча жана эларалык почта жиберүүлөрү боюнча жөнөтүлүүчү үлгүлөр боюнча сатылган товарларга жайылтылбайт.

4. Эларалык почта жиберүүлөрү бажы органдарынын уруксатысыз почта байланышынын уюмдары тарабынан аларды алуучуларга берилиши болбосо Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары жиберилиши мүмкүн эмес. Ушул главаны колдонуу максаттары үчүн почта байланыш уюмдары деп колдонуудагы мыйзамдарга ылайык почта байланыш кызматтарын көрсөткөн уюмдар түшүнүлөт.

 

203-статья. Эларалык почта жиберүүлөрү менен жөнөтүүдө товарларды

Кыргыз Республикасынын бажы аймагын ташып келүүгө

жана бул аймактан ташып кетүүгө тыюу салуу

жана чек коюу

 

1. Төмөнкү товарларды эларалык почта жиберүүлөрү менен жөнөтүүгө жол берилбейт:

1) Кыргыз Республикасынын бажы аймагына тийиштүүлүгүнө жараша ташып келүүгө же ал аймактан ташып кетүүгө тыюу салынган товарлар;

2) Дүйнөлүк почта бирлигинин актыларына ылайык жиберүүгө тыюу салынган товарлар;

3) тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка товарлар.

2. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүгө же ал аймактан ташып кетүүгө чек коюлган товарларга карата товар алуучулар же жиберүүчүлөр болбосо алардын атынан аракеттенген жактар бажы жагынан жол-жоболоштурууда зарыл уруксаттарды, лицензияларды, сертификаттарды көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Эларалык почта жиберүүлөрү менен жөнөтүлгөн товарларга карата, эгерде товарлардын наркы ушул Кодекстин 220-статьясынын 2-пунктунун 2-пунктчасында каралган чектен ашпаса, эгерде товарлар жеке жактардын дарегине жиберилип жана өндүрүштүк, ишкердик же башка коммерциялык иштер үчүн арналбаса, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган башка учурларда тышкы соода мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чаралары колдонулбайт.

4. Эларалык почта жиберүүлөрү менен жөнөтүүгө тыюу салынган жана чек коюлган товарларды алып коюу, ошондой эле аларды тескөө бажы органдары тарабынан ушул Кодекске ылайык, ал эми алар менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт.

 

204-статья. Эларалык почта жиберүүлөрүнүн бажы жагынан

жол-жоболоштуруу

 

1. Эларалык почта жиберүүлөрү менен жөнөтүлүүчү товарларды бажы жагынан жол-жоболоппуруу ушул главада каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ушул Кодекске ылайык жүргүзүлөт.

2. Эларалык почта жиберүүлөрү менен жөнөтүлүүчү товарларды бажы жагынан жол-жоболоштуруу артыкчылыктуу тартипте жана кыска мөөнөттө жүргүзүлөт. Бажы жагынан жол-жоболоштуруунун айкын мөөнөттөрү почта байланышы жаатында ыйгарым укук берилген орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

3. Эларалык почта жиберүүлөрү менен жөнөтүлүүчү товарларды бажы жагынан жол-жоболоштурууну эларалык почта алмашуу жерлеринде ушул статьянын 6-пунктунда каралгандан башка учурларда жүргүзүлөт.

4. Эгерде бажы максаттары үчүн бажы органдары талап кылган бардык маалыматтар Дүйнөлүк почта бирлигинин актыларында каралган жана эларалык почта жиберүүлөрү менен коштолгон документтерде камтылса, ушул статьянын 5-пунктунда каралгандан тышкары учурларда өзүнчө бажы декларациясын берүү талап кылынбайт.

5. Өзүнчө бажы декларациясын берүү жолу менен товарларды декларациялоо төмөнкү учурларда талап кылынат, эгерде:

- тийиштүү түрдө ташып келүүгө же ташып кетүүгө тыюу салынган же чек коюлган товарларга карата белгиленсе;

- Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келинген товарлардын наркы товарлар жеке жактын дарегине жиберилген жана өндүрүштүк, ишкердик же коммерциялык башка иш үчүн каралгандан тышкаркы учурларда бажы алымдарын, салыктарын (206-статьянын 1-пункту) төлөбөстөн эларалык почта жиберүүлөрү менен товарларды алып өтүү үчүн белгиленген чектен ашып кетсе.

6. Ушул статьянын 5-пунктуна ылайык өзүнчө бажы декларациясы берилүүгө тийиш болгон товарларга карата бажы жагынан жол-жоболоштуруу бажы органдары тарабынан алуучулар же жиберүүчүлөр алар иштеген региондо турса, почта байланышы жагынан ыйгарым укук берилген орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.

7. Эларалык почта жиберүүлөрү менен Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары ташылып чыккан, ушул статьянын 5-пунктуна ылайык өзүнчө бажы декларациясын берүү тийиш болгон товарларды бажы жагынан жол-жоболоштуруу аларды жиберүүчүлөр тарабынан же алардын атынан аракеттенген башка жактар тарабынан товарларды жиберүү үчүн почта байланышынын уюмуна берүүгө чейин жүргүзүлөт.

 

205-статья. Эларалык почта жиберүүлөрүн бажы кароосу жана жеткире

кароо

 

1. Почта байланыш уюмдары бажы органдарынын талабы боюнча бажы кароо жана жеткире кароо үчүн эларалык почта жиберүүлөрүн берет.

Мындай берүүнүн ыкмалары ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган жана почта байланышы жагынан ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууга ылайык аныкталат.

2. Бажы кароону же жеткире кароону жүргүзүүдө бажы контролунун техникалык каражаттары толук даражада колдонулат.

 

206-статья. Кыргыз Республикасынын эл аралык почталык

жиберүүлөрүндөгү бажы аймагына ташып келинген

товарларга карата бажы алымдары, салыктар

(Статьянын аталышы КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

1. Эгерде ушул Кодекстин 220-статьясынын 2-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн товарлардын наркынын өлчөмдөрдөн ашпаса Эларалык почта жиберүүлөрү менен жөнөтүлгөн товарларга карата бажы алымдары, салыктар төлөнбөйт.

2. Жеке жактардын дарегине жиберилген жана өндүрүштүк, ишкердик же коммерциялык башка ишке арналбаган товарлар бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотулат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бажы алымдарын, салыктарды төлөбөстөн жиберилген товарлардын наркынын өлчөмүн аныктайт, ошондой эле наркы ошол өлчөмдөрдөн ашкан товарларга карата бажы алымдарынын, салыктардын бирдиктүү ставкасын белгилейт.

3. Өзүнчө бажы декларациясын берүүнү талап кылган товарлар боюнча бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн бажы алымдары, салыктар жана жыйымдар эларалык почта алмашуу жерлеринде бажылык кириштөө ордерин пайдалануу менен (197-статьянын 3-пункту) бажы жагынан жол-жоболоштурууну жүзөгө ашырган бажы органдары тарабынан эсептелет жана кошуп эсептелет. Бажы алымдарынын, салыктарынын суммасын эсептөө Дүйнөлүк почта бирлигинин актыларында каралган жана бажы максаттары үчүн пайдаланылган документтерде көрсөтүлгөн товарлардын наркы жөнүндөгү маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт. Баасы жарыя кылынган эларалык почта жиберүүлөрүнө карата бажы алымдарынын, салыктардын суммасы, эгерде анын суммасы бажы максаттары үчүн колдонулган документтерде көрсөтүлгөн нарктан ашып кеткен учурда гана мындай жарыяланган баага негизденүү менен жүргүзүлөт.

4. Бажы органдары тарабынан бажы төлөмдөрү кошуп эсептелген товарлардан турган эларалык почта жиберүүлөрү почта байланышынын объектилеринде алуучуларга почта байланыш уюму тарабынан бажы төлөмдөрүнүн толук суммасы алынгандан кийин гана берилет. Бажы төлөмдөрүн алуу бажы органынын кызмат адамы түзгөн акча каражаттарын почта менен которуу бланкасынын негизинде жүргүзүлөт. Төлөнгөн акча каражаттары аларды эсептеген бажы органынын эсебине эларалык почта жиберүүлөрүн кабыл алуучуга бергенден кийин эсептелет. Почталык которуу акысы бажы төлөмдөрүн төлөгөн жактын эсебинен жүргүзүлөт. Почта которууларынын бланкы бажы органдары тарабынан акысыз берилет.

5. Эларалык почта жиберүүлөрү жоголуп кеткен учурда, аларды бажы органынын уруксатысыз кабыл алуучуга берүү үчүн жиберилген катты жоготкон же берген почта байланыш уюму бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчилик тартат.

6. Ушул Кодекстин 204-статьясынын 5-пунктунда көрсөтүлгөн товарларга карата бажы төлөмдөрүн эсептөө жана аларды төлөө ушул Кодекстин VI бөлүмүндө белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

 

207-статья. Эларалык почта жиберүүлөрүнүн транзити

 

Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттик жол менен өткөн эларалык почта жиберүүлөрүнүн бажы жагынан жол-жоболоштуруу жүргүзүлбөйт.

 

208-статья. Бажы органдары менен почта уюмдарынын өз ара

аракеттенүүсү

 

1. Эларалык почта жиберүүлөрүндөгү товарларды бажы жагынан жол-жоболоштурууну тездетүү жана бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу органы иш жүргүзөт. Почта байланышы жагынан ыйгарым укуктуу орган менен бажы органдары жана почта уюмдары биргелешип аракеттенүү жөнүндө макулдашуу түзөт.

Аталган макулдашууда мамлекеттик почта байланышынын уюмдары бажы органдарына жүктөлгөн айрым иш милдеттерди ошол органдардын контролдугу астында аткаруу учурлары каралышы мүмкүн.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүү жана аны ошол аймактан ташып кетүү эрежелери жөнүндө эларалык почта жиберүүлөрүнө тиешелүү бөлүгүн почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу органга өз учурунда билдирет.

 

30-Глава
Чет өлкөлүк жактын товарлардын айрым категорияларын алып өтүшү

 

209-статья. Ушул главаны колдонуу чөйрөсү

 

1. Ушул главанын жоболору бажы чегарасы аркылуу чет мамлекеттердин дипломатиялык, консулдук жана башка расмий өкүлчүлүктөрү, эларалык уюмдар, ал өкүлчүлүктөр менен уюмдардын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын бажы аймагында Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине ылайык бажы жеңилдиктеринен пайдаланган чет өлкөлүк жактардын айрым категорияларынын товарларына карата колдонулат.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды бажы жагынан жол-жоболоштуруу декларациялоону кошкондо жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

 

210-статья. Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн

товарларды алып өтүшү

 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү өкүлчүлүктөрдүн расмий пайдаланышы үчүн арналган товарлар бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотулуу менен Кыргыз Республикасына аймагына ташылып келет жана Кыргыз Республикасынан ташылып кетет.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

211-статья. Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн

башчыларын жана өкүлчүлүктөрдүн дипломатиялык

кызматкерлеринин мүчөлөрүнүн товарларын алып

өткөрүү

 

1. Кыргыз Республикасына чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы жана өкүлчүлүктүн дипломатиялык кызматкерлеринин мүчөлөрү, ошондой эле алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү адепки ээ болгон товарларын кошкондо алардын жеке пайдалануусу үчүн арналган товарларды белгиленген жерлерден тышкары жана бажы органдарынын иш убактысынан тышкары бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотулуу менен ташып келалат.

2. Чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысынын, өкүлчүлүктүн дипломатиялык персоналынын мүчөлөрүнүн, ошондой эле алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке жүгү, эгерде аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдери менен ташып келүүгө же ташып кетүүгө тыюу салынган товарлар жеке пайдаланууга арналган товарлар эмес деп болжолдоого негиздер жок болсо бажы кароосунан бошотулат. Мындай кароо ушул статьяда көрсөтүлгөн жактардын же алар ыйгарым укук берген өкүлчүлүктөрдүн катышуусу менен жүргүзүлүшү керек.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

212-статья. Чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн

администрациялык-техникалык персоналынын

кызматкерлери товарларды алып өтүшү

 

Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн персоналынын администрациялык-техникалык кызматкерлери жана алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү, эгерде ал кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасында туруктуу жашабаса, анда ал үчүн белгиленбеген жерде жана бажы органдарынын иш мезгилинен тышкары бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу менен адепки ээ болгон товарларды Кыргыз Республикасына ташып келе алат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

213-статья. Өз ара бирдей принциптерде берилүүчү бажы

жеңилдиктеринин таралышы

 

Чет мамлекет менен атайын макулдашуунун негизинде ушул Кодекс менен берилүүчү бажы жеңилдиктери ар бир өз алдынча мамлекетке карата эз ара бирдей принципке таянуу менен башка жактарга да таралышы мүмкүн.

 

214-статья. Чет мамлекеттердин консулдук өкүлчүлүктөрүнүн жана

алардын персоналынын мүчөлөрүнүн товарларды

алып өтүшү

 

Консулдук өкүлчүлүктүн башчысын кошкондо чет мамлекеттин консулдук өкүлчүлүгүнө, консулдук кызмат адамдарына жана консулдук кызматкерлерге, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же дипломатиялык өкүлчүлүктүн тийиштүү персоналы үчүн ушул Кодексте каралган бажы жеңилдиктери берилет.

 

215-статья. Чет мамлекеттердин дипломатиялык почтасын жана

консулдук вализин бажы чегарасы аркылуу

алып өтүү

 

1. Чет мамлекеттердин бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүп жаткан дипломатиялык почта жана консулдук вализ ачылбайт, кармалбайт. Консулдук вализде ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлбөгөн буюмзаттар бар экендигине олуттуу негиз болсо бажы органы чет мамлекет сунуш кылган ыйгарым укуктуу адам тарабынан бажы органынын кызматкеринин катышуусу менен консулдук вализди ачууну талап кылууга укуктуу. Аны ачуудан баш тартылган учурда консулдук вализ жөнөтүлгөн жерине кайра кайтарылат.

2. Дипломатиялык почтаны жана консулдук вализди түзгөн бардык жерлер ошол жерлердин мүнөзүн көрсөткөн тышкы көрүнөө белгилерге ээ болушу керек.

3. Дипломатиялык почта расмий пайдалануу үчүн арналган дипломатиялык документтерден жана товарлардан, ал эми консулдук вализ - расмий кат-кабарлардан жана документтерден же расмий түрдө пайдаланууга гана арналган товарлардан турууга тийиш.

 

216-статья. Чет өлкөлүк дипломатиялык жана консулдук курьерлер

үчүн бажы жеңилдиктери

 

Чет өлкөлүк дипломатиялык жана консулдук курьерлер жеке пайдаланууга арналган товарларды өз ара негизде бажы кароосунан өткөрүүдөн, бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу менен Кыргыз Республикасына ташып келет жана Кыргыз Республикасынан ташып кетет.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

217-статья. Чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрү жана делегациялардын

мүчөлөрү үчүн бажы жеңилдиктери

 

Чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнө, парламенттик жана өкмөттүк делегациялардын мүчөлөрүнө, ошондой эле өз ара мамиленин негизинде мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөргө, эларалык конференцияларга жана кеңешмелерге катышуу үчүн же башка расмий тапшырма менен Кыргыз Республикасына келген чет мамлекеттердин делегацияларынын кызматкерлерине ушул Кодекс менен чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн дипломатиялык персоналынын мүчөлөрү үчүн каралган бажы жеңилдиктери берилет. Мындай жеңилдиктер аталган адамдарды коштоп жүргөн үй-бүлө мүчөлөрүнө да берилет.

 

218-статья. Эларалык мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык

уюмдар, алардын алдындагы чет мамлекеттердин

өкүлчүлүктөрү, ошондой эле ал уюмдар менен

өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери

үчүн бажы жеңилдиктери

 

Эларалык мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык уюмдар, алардын алдындагы чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрү, ошондой эле ал уюмдар менен өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн бажы жеңилдиктери Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ратификациялаган Кыргыз Республикасынын тийиштүү эларалык келишимдери менен аныкталат.

 

VI БӨЛҮМ

 

31-Глава
Бажы төлөмдөрүнө тиешелүү жалпы жоболор. Бажы төлөмдөрүнүн түрлөрү

 

219-статья. Бажы төлөмдөрүнүн түрлөрү

 

1. Бажы төлөмдөрүнө:

1) бажы тарифи жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленүүчү бажы алымы;

2) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык белгиленүүчү салык салынуучу импорттон алынуучу кошумча нарк салыгы;

3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык белгиленүүчү импорттон алынуучу акциз;

4) сезондук алымдар;

5) тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларына кирүүчү алымдардын өзгөчө түрлөрү (коргоочу, демпингге каршы, компенсациялык);

6) бажы жыйымдары;

2. Ушул Кодексте каралган учурларда бажы төлөмдөрү жыйынды бажы төлөмү же/жана бажы алымдарынын, салыктардын бирдиктүү ставкалары боюнча бажы төлөмү түрүндө, аларды түзгөн бажы алымдарына, салыктарына жана башка бажы төлөмдөрүнө бөлбөстөн төлөнөт.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

220-статья. Бажы алымдарын жана салыктарын төлөө боюнча

милдеттердин келип чыгышы жана аны токтотуу.

Бажы алымдары, салыктары төлөнбөгөн учурлар

 

1. Бажы товарлары бажы чегарасы аркылуу алып өткөндө бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдет товарларды ташып келүүдө бажы чегарасы аркылуу өткөн учурдан тартып жана/же бажы декларациясы берилген учурдан тартып же аларды ташып чыгууда товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары жакка ташып кетүүгө түздөн-түз багытталган башка иш-аракет жасалгандан тартып келип чыгат.

2. Бажы алымдары жана салыктары төмөнкүдөй учурларда төлөнбөйт:

1) эгерде товарларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына бажы тарифи жөнүндө мыйзамга жана ушул Кодекске ылайык бажы алымдары, салыктары салынбаса;

2) эгерде бир кабыл алынуучунун дарегине бир жуманын ичинде жалпы бажы наркы 3500 сомдон кем эмес товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келсе;

3) эгерде Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына же ушул Кодекске ылайык бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн шарттуу толук бошотулса, ушундай бошотуу күчүндө болгон мөөнөткө же мындай бошотуунун шарттары сакталган учурда, чет мамлекеттердин дипломатиялык, консулдук жана расмий башка өкүлчүлүктөрүнө карата ушул Кодекстин 30-главасында бошотуу каралган учурлардан тышкары, бошотуунун максаттары жана товарлардын толук тизмеги жана бошотулууга укугу бар кабыл алуучуну баяндап жазуу менен ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын тескемеси боюнча гана бошотулат. Бошотулган товарлардын анык кабыл алуучулары болуп эсептеле тургандыгы тууралу бажы органына жазуу жүзүндө тастыктама берүүгө милдеттүү;

товарлар бошотуунун шарттарына жооп берген максаттарга пайдаланылат жана бажы органдарына кабарлоосуз кандайдыр бир башка максаттарга пайдаланылат.

4) эгерде товарларды эркин жүгүртүү үчүн чыгарганга чейин жана жактар ушул Кодексте белгиленген талаптар менен шарттарды бузбаган учурда кыйроонун же күч жеткис тоскоолдуктун таасиринен же табигый эскиришинин же ташуунун, сактоонун же пайдалануунун (эксплуатациялоонун) кадимки шарттарынын кесепетинен кемип калышынын натыйжасында чет өлкөлүк товарлар жок болсо же биротоло жок болсо;

5) эгерде товарлар ушул Кодекске жана башка мыйзам актыларына ылайык мамлекеттик менчикке айландырылса;

6) декларацияланган мүлккө карата "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан аныкталган учурларда.

3. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттер төмөнкү учурларда токтотулат:

1) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана ушул Кодексте каралган тартипте Кыргыз Республикасынын бажы аймагында эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган же болбосо бул аймактын чегинен тышкары алып чыгарылган товарларга карата;

2) аларды төлөөнүн мөөнөтү аяктаган күндөн тартып алты жылдын ичинде же болбосо ушул Кодекске ылайык жактардын бажы төлөмдөрүн төлөө милдетин жараткан окуя болгон күндөн тартып бажы төлөмдөрүн төлөбөгөндө;

3) укугун улоочусу же мураскору болбогон жеке жак өлгөн учурда;

4) жеке жак дайынсыз жоголду же аракетке жөндөмсүз деп таанылганда, ошондой эле анын мүлкү болбогон же жетишсиз болгон учурда;

5) төлөөчү банкрот деп таанылганда;

6) бажы төлөмдөрү боюнча карыздар өзүнчө кабыл алынган мыйзамда жокко чыгарылганда.

(КР 2010-жылдын 25-февралындагы № 35, 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

221-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жооптуу жактар

 

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткарбаган же тийиштүү аткарбаган, анын ичинде аларды туура эмес эсептеген жана (же) өз учурунда төлөбөгөн учурда бажы органдардынын алдында жоопкерчиликти бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жооптуу жак тартат.

2. Товарлардын декларанты бажы алымдарын жана салыктарын төлөө үчүн жооптуу жак болуп саналат. Эгерде декларациялоо бажы брокери тарабынан жүзөгө ашырылса, бажы брокери жана декларант ушул Кодекстин 304-статьясынын 3-пунктуна ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн бирдей жоопкерчилик тартат.

3. Ушул Кодексте белгиленген товарларды пайдалануу жана тескөө боюнча же башка талаптар менен шарттарды аткаруу боюнча ушул Кодекстин жоболору сакталбаган учурда мазмуну бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотууну караган бажы жол-жоболорун жана бажы режимдерин колдонуу үчүн бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө жооптуу жак болуп убактылуу сактоо кампасынын ээси, бажы кампасынын ээси, алымсыз соода дүкөнүнүн ээси товарларды алуучу, бажы режиминин талаптарын жана шарттарын аткаруу боюнча милдеттер жүктөлгөн жактар жана ушул Кодексте аныкталган башка жактар саналат.

4. Товарлар жана транспорттук каражаттар бажы чегарасы аркылуу мыйзамсыз өткөн учурда, эгерде товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз алып өткөн жактар, мыйзамсыз өткөрүүгө катышкан жактар мындай өткөрүүнү мыйзамсыздыгы жөнүндө билсе же билүүгө тийиш болсо, алар бажы алымдарын, салыктарын төлөө үчүн бирдей жоопкерчилик тартат. Бажы органдары тарабынан алардын таламында юридикалык жактан маанилүү иш-аракеттер жасалган, анын ичинде айрым укуктар берилген жак бажы жыйымдарын төлөө үчүн жооптуу жак болуп саналат.

 

32-Глава
Бажы алымдарын жана салыктарын эсептөө

 

222-статья. Бажы алымдары, салыктары салынуучу объекттер жана

салык базасы

 

Бажы алымдары, салыктары салынуучу объектер бажы чегарасы аркылуу алынып өтүлүүчү товарлар болуп саналат. Бажы алымдарын, салыктарын эсептөөнүн максаттары үчүн салык базасы болуп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары жана ушул Кодекске ылайык товарлардын бажы наркы жана (же) алардын саны эсептелет.

 

223-статья. Бажы наркын аныктоого тиешелүү негизги жоболор

 

1. Товарлардын бажы наркын (бажылык баа берүү) аныктоо тутуму эларалык тажрыйбада кабыл алынган бажылык баа берүүнүн жалпы принциптерине негизделет жана Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү товарларга таралат.

2. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү товарлардын бажылык наркын аныктоо усулу ушул Кодекс менен аныкталат.

3. Жеке жактар коммерциялык эмес максатта алып өтүүчү товарларга карата ушул Кодекстин 194-статьясына ылайык бажы наркын аныктоонун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби колдонулат.

4. Бажы наркын билдирүү, контролдоо жана түзөтүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

224-статья. Товарлардын бажы наркын билдирүү жана аныктоо тартиби

 

1. Бажы наркын товарларды декларациялоодо бажы органына декларант билдирет.

Декларант билдирген бажы наркы жана аны аныктоого тиешелүү ал берген маалыматтар ишенимдүү, сан жагынан аныкталуучу жана документалдык жактан тастыкталган маалыматка негизделүүгө тийиш.

2. Эгерде декларант берген документтер жана маалыматтар билдирилген бажы наркы жагынан чечим кабыл алуу үчүн жетиштүү болуп саналбаса, бажы органы декларанттан кошумча документтерди жана маалыматтарды жазуу жүзүндө суратат жана аларды берүү үчүн мөөнөтүн белгилейт, ал ошол үчүн жетиштүү болууга тийиш.

Товарлардын билдирилген бажы наркын тастыктоо үчүн декларант бажы органынын талабы боюнча зарыл кошумча документтерди жана маалыматтарды берүүгө же бажы органы сураткан документтер менен маалыматтар берилиши мүмкүн эместигинин себептерин жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүгө милдеттүү. Декларант бажы наркын аныктоонун өзү тандаган усулун пайдалануунун укукка ылайыктуулугун жана өзү берген маалыматтардын ишенимдүүлүгүн далилдөөгө укуктуу.

3. Декларант билдирген бажы наркын аныктоонун тууралыгын тастыктаган маалыматтар жок болгон учурда же декларант берген документтер жана маалыматтар ишенимдүү эместигинин жана (же) жетиштүү эместигинин белгилери табылган учурда, бажы органы бажы наркын аныктоонун тандалган усулун пайдалануунун жол берилбестиги жөнүндө чечим кабыл алууга жана декларантка ушул Кодекске ылайык башка усулу пайдалануу менен бажы наркын аныктоону сунуш кылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн учурда бажы органы менен декларанттын ортосунда бажы наркын аныктоо үчүн негизди тандоо боюнча консультациялар жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Декларант кошумча документтерди жана маалыматтарды бажы органы белгилеген мөөнөттө бербеген же бажы органы декларант берген маалыматтар ишенимдүү эместигинин жана (же) жетиштүү эместигинин белгилерин тапкан жана мында декларант бажы наркын башка усулдун негизинде аныктоодон баш тарткан учурларда, бажы органы бажы наркын аныктоо усулунун ырааттуу колдонуу менен товарлардын бажы наркын өз алдынча аныктайт. Бажы органы кабыл алынган чечим жөнүндө декларантка жазуу жүзүндө билдирет.

5. Эгерде товарларды бажы жагынан жол-жоболоштурууда, товарлардын бажы наркын аныктоону кийинкиге калтыруу зарылчылыгы келип чыкса, товарларды чыгаруу кошумча эсептелиши мүмкүн болгон бажы алымдарын, салыктарын төлөөнү камсыз кылган шартта декларант билдирген бажы наркын тастыктаган документтер менен маалыматтарды ал бергенге чейин бажы органы аныктаган товарлардын убактылуу (шарттуу) баасынын негизинде бажы алымдарын, салыктарын төлөө менен бажы наркын аныктоо жол-жобосу аяктаганга чейин жүргүзүлүшү мүмкүн.

6. Көрсөтүлгөн документтер менен маалыматтар ушул статьянын 4-пунктуна ылайык бажы органы белгилеген мөөнөттө берилбеген учурда, убактылуу (шарттуу) баа бажы алымдарын жана салыктарын эсептөө жана төлөө максатында товарлардын бажы наркы катары каралат, буга бажы органы бажы наркы убактылуу (шарттуу) баадан жогору же төмөн экендиги жөнүндө чечим кабыл алган учурлар кирбейт.

Эгерде бажы наркын аныктоонун натыйжасында бажы алымдарын, салыктарын толуктап төлөө же кайтарууну талап кылынса, ал бажы наркын аныктоо жөнүндө бажы органы чечим кабыл алган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөнгөн бажы алымдарынын, салыктарынын кошумча суммасына туум эсептелбейт.

 

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Бажы аймагына алынып келинүүчү товарлар боюнча маалыматтарды түзүүнүн жана пайдалануунун Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-мартындагы № 123 токтому менен бекитилген)

 

225-статья. Декларация берүүчүнүн укуктары жана милдеттери

 

Декларация берүүчү билдирген товардын бажы наркы жана аны аныктоого тийиштүү болгон ал берген маалыматтар анык, сан жагынан аныкталуучу жана документтер менен ырасталуучу маалыматка негизделүүгө тийиш.

Декларация берүүчү билдирген товардын бажы наркын тастыктоо зарыл болгондо декларация берүүчү бажы органынын талабы боюнча ага бул үчүн керек болгон маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Декларация берүүчү берген маалыматтардын аныктыгына бажы органында шек пайда болгондо товардын бажы наркын аныктоо үчүн декларация берүүчү анын аныктыгын далилдөөгө укуктуу болот.

Декларация берүүчү пайдаланган маалыматтардын аныктыгын тастыктоочу далилдер келтирилбеген учурда бажы органы бажы баа жагынан берүүсүнүн декларация берүүчү тандап алган усулун пайдалануунун мүмкүн эместиги жөнүндө чечим кабыл алууга акылуу.

Декларация берүүчү билдирген товардын бажы наркын сактоо зарылдыгы пайда болгондо жарнак берүүчү бажы органына декларацияда билдирилген товарды ушул Кодекстин 256-статьясына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу менен пайдаланууга берүү өтүнүчү менен кайрыла алат.

Декларация берүүчү билдирген товардын бажы наркынын тууралыгын тастыктоого же бажы органына кошумча маалымат берүүгө байланыштуу пайда болгон чыгашаларды декларация берүүчү көтөрөт.

 

226-статья. Бажы органынын укуктары жана милдеттери

 

Декларация берүүчү билдирген товардын бажы наркын аныктоонун тууралыгын тастыктоочу маалыматтар жок болсо, бажы органы ушул Кодекстин 256-статьясына ылайык товарды убактылуу шарттуу баалоонун негизинде эсептелген бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылынышы менен товарды чыгарып берүүгө акылуу.

Бажы органы декларация берүүчүнүн кат жүзүндөгү суроо-талабы боюнча бир айлык мөөнөттө декларация берүүчүгө ал билдирген товардын наркы кандай себептер боюнча бажы органдары тарабынан бажы төлөмдөрүн эсептөө үчүн негиз катары кабыл алынышы мүмкүн эместигин түшүндүргөн кат жүзүндөгү түшүндүрмө берүүгө жана товарларды убактылуу (шарттуу баалоо кандайча аныкталгандыгы тууралу маалымат берүүгө милдеттүү.

Товардын бажы наркын аныктоо жагында декларация берүүчү бажы органынын чечимине макул болбогондо ушул Кодексте аныкталган тартипте мындай чечим даттанылышы мүмкүн.

 

227-статья. Товардын бажы наркын аныктоо усулдары

 

1. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү товарлардын бажы наркын аныктоо төмөнкүдөй усулдарды ырааттуу колдонуу жолу менен жүргүзүлөт:

ташылып келүүчү товарлар менен бүтүмдүн баасы боюнча;

окшош товарлар менен бүтүмдүн баасы боюнча;

бир тектүү товарлар менен бүтүмдүн баасы боюнча;

наркын кемитүүнүн негизинде;

наркын кошуунун негизинде;

резервдик усул менен.

2. Ташылып келүүчү товарлар менен бүтүмдүн баасы боюнча усул товардын бажы наркын аныктоонун негизги усулу болуп саналат. Эгерде негизги усул колдонулушу мүмкүн болбосо, ушул статьянын 1-пунктунда саналып өткөн усулдардын ар бири ырааттуу колдонулат. Мында эгерде товардын бажы наркын мурдагы усулду колдонуу жолу менен аныктоого мүмкүн болбосо, ар бир кийинки усул колдонулат.

Декларанттын арызы боюнча наркты кемитүү жана кошуу усулдары кандай ырааттуулукта болбосун колдонулушу мүмкүн.

 

228-статья. Ташылып келүүчү товарлар менен бүтүмдүн баасы боюнча

усул

 

1. Ташылып келүүчү товардын бажы наркы болуп ташылып келүүчү товар Кыргыз Республикасынын бажы чегарасынан өткөн учурга карата Кыргыз Республикасына экспортко сатылган учурда ал үчүн ушул статьянын жоболорун эске алуу менен оңдоо киргизилген бүтүмдүн баасы, төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон баа саналат.

Товардын бажы наркын аныктоо учурунда бүтүмдүн баасына, эгерде алар мурда киргизилбеген болсо төмөнкүдөй компоненттер киргизилет:

а) товарды аэропортко же Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарды ташып кирүүчү башка жерге жеткирүү боюнча чыгашалар:

ташуунун наркы;

товарларды жүктөө, жерге түшүрүү, кайра жүктөө жана которуп өткөрүү боюнча чыгашалар;

камсыздандыруу суммасы;

б) сатып алуучу тарткан чыгашалар:

комиссиялык жана брокердик сый акылар, буга товарды сатып алуу боюнча комиссиялык акы кирбейт;

эгерде товардык номенклатурага ылайык контейнерлер жана (же) башка көп жүгүртүлүүчү идиштер, баа коюлуучу товарлар менен бир бүтүн катары каралса алардын наркы;

таңгактын наркы, анын ичинде таңгактоочу материалдардын жана таңгактоо боюнча иштердин наркы;

в) баа коюлуучу ташып чыгылуучу товарларды өндүрүүгө же сатууга байланыштуу пайдалануу үчүн акысыз же төмөндөтүлгөн баа боюнча сатып алуучу тике же кыйыр берген төмөнкүдөй товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын тиешелүү бөлүгү:

баа коюлуучу товарлардын курамдык бөлүгү болуп саналган чийки зат, материалдар, тетиктер, жарым фабрикаттар жана башка комплекттөөчү буюмдар;

баа коюлуучу товарларды өндүрүүдө пайдаланылган шаймандар, штамптар, формалар жана башка ушундай буюмдар;

баа коюлуучу товарларды өндүрүүдө чыгашаланган материалдар (майлоочу материалдар, күйүүчү май жана башкалар);

Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары жерде аткарылган жана баа коюлуучу товарларды өндүрүү үчүн түздөн-түз зарыл болгон инженердик иштетүү, тажрыйба - конструктордук иштер, дизайн, көркөм жасалгалоо эскиздер жана чиймелер;

г) баа коюлуучу товарларды сатуунун шарты катарында сатып алуучу тике же кыйыр жүзөгө ашырууга тийиш болгон интеллектуалдык менчик объекттерин пайдалануу үчүн лицензиялоо же башка төлөмдөр;

д) Кыргыз Республикасынын аймагында баа коюлуучу товарларды кийин кандай гана болбосун кайра сатуудан, өткөрүп берүүдөн же пайдалануудан алынган сатуучунун тике же кыйыр кирешесинин тиешелүү бөлүгү.

Ушул статьяда көрсөтүлгөндөн тышкары товардын төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон баасына үстөк акы кошулуп эсептелиши мүмкүн эмес.

2. Аталган усул товардын бажы наркын аныктоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес, эгерде:

а) баа коюлуучу товарды тескөөгө же пайдаланууга сатып алуучунун укуктары жагынан чектөөлөр бар болсо, буга төмөнкүдөй учурлар кирбейт:

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөр;

товарлар кайра сатылышы мүмкүн болгон географиялык региондун чектөөлөрү;

товардын баасына олуттуу таасир этпеген чектөөлөр;

б) сатуунун жана бүтүмдүн баасы таасири эске алынышы мүмкүн болбогон шарттарды сактоого байланыштуу болсо;

в) товардын бажы наркын билдирүүдө декларант пайдаланган маалыматтар документтер менен тастыкталбаса же сан жагынан аныкталган жана ишенимдүү деп саналбаса;

г) бүтүмдүн тараптары өз ара байланыштуу болуп саналса жана бүтүмдүн баасы ушул статьянын талаптарына ылайык бажы наркын аныктоо үчүн негиз катарында алгылыктуу болуп саналбаса.

Мында төмөнкүдөй белгилердин жок дегенде бирин канааттандырган жактар өз ара байланыштуу жактар деп түшүнүлөт:

бүтүмдүн катышуучуларынын бири (жеке жак) же бүтүмдүн катышуучуларынын биринин кызмат адамы бир эле учурда бүтүмдүн башка катышуучусунун кызмат адамы болуп саналса;

бүтүмдүн катышуучулары ишкананын тең ээлери болуп саналса; бүтүмдүн катышуучулары эмгектик мамилелер менен байланышса;

башка жак бүтүмдүн катышуучуларынын биринин уставдык капиталында добуш берүү укугу менен салымдын (пайдын) же акциялардын кеминде беш пайызына тике же кыйыр түрдө ээ же контролдук кылса;

бүтүмдүн эки катышуучусу тең үчүнчү жактын түздөн-түз же кыйыр контролдугунда болсо;

бүтүмдүн катышуучулары үчүнчү жакты түздөн-түз же кыйыр түрдө бирге контролдосо;

бүтүмдүн катышуучуларынын бири бүтүмдүн башка катышуучусунун түздөн-түз же кыйыр контролдугунда болсо;

бүтүмдүн катышуучулары же алардын кызмат адамдары тууган болуп саналса.

3. Бүтүмдүн катышуучуларынын өз ара байланышы бар экендигинин далили бүтүмдүн баасын алгылыктуу эмес деп эсептөө үчүн жетиштүү негиз болуп саналбайт.

Мындай учурда бүтүмдү коштогон жагдайлар иликтенүүгө, ал эми анын баасы, эгерде өз ара көз карандылык баага таасир этпеген болсо, бажы наркын аныктоо үчүн алгылыктуу деп табылууга тийиш.

Эгерде бажы органында бүтүмдүн катышуучуларынын өз ара көз карандылыгы товардын баасына таасир этти деп болжолдоого негиз бар болсо, мындай учурда декларантка (декларанттын өтүнүчү боюнча - жазуу жүзүндө) сунуш берилет. Мында декларантка 90 күндүн ичинде жооп берүү үчүн мөөнөт берилет.

Декларанттын өтүнүчү боюнча бажы наркын аныктоонун негизи катары бүтүмдүн баасы кабыл алынат, эгерде декларант ал баа болжол менен ошол эле учурда белгиленген төмөнкүлөрдүн бирине жакын экендигин документ менен тастыктаган маалыматты берсе:

а) өз ара көзкаранды болуп саналбаган катышуучулардын ортосундагы окшош же бир тектүү товарлар менен бүтүм боюнча наркка;

б) наркты кемитүүнүн негизиндеги усул боюнча аныкталган окшош товарлардын же бир тектүү товарлардын бажы наркына;

в) наркты кошуунун негизиндеги усул боюнча аныкталган окшош же бир тектүү товарлардын бажы наркына.

Декларант салыштыруу үчүн бааларды бергенде аларга тиешелүү оңдоо киргизүү ушул статьянын 1-пунктунда саналып өткөн коммерциялык деңгээлдеги (дүң, чекене), сан жагынан, башка элементтериндеги айырманы, ошондой эле, эгерде өз ара көзкаранды болуп саналбаган жактардын ортосундагы бүтүм учурунда келип чыккан, сатуучунун башка чыгымдары өз ара көзкаранды жактардын ортосундагы бүтүм жасоо учурунда сатуучу тарабынан жүргүзүлгөн болсо мындай чыгашаларды эске алуу менен жүргүзүлөт.

Жогоруда аталган учурда декларант берген маалымат салыштыруу максатында гана пайдаланылат.

 

229-статья. Окшош товарлар менен бүтүмдүн баасы боюнча усул

 

1. Окшош товарлар менен бүтүмдүн баасы боюнча усулду пайдаланууда товардын бажы наркын аныктоо үчүн негиз катарында ушул статьяда көрсөтүлгөн шарттар сакталган шартта окшош товарлар менен бүтүмдүн баасы колдонулат. Мында окшош товарлар деп баалануучу товарлар менен бардык жагынан, анын ичинде төмөнкүдөй белгилер боюнча окшош товарлар түшүнүлөт:

физикалык мүнөздөмөсү;

сапаты жана рыноктогу баркы;

чыгарылган өлкө;

өндүрүүчү.

Тышкы көрүнүшүндөгү болор-болбос айырмалар товарларды окшош деп кароодон баш тартуу үчүн негиз боло албайт, эгерде башка жагынан товарлар ушул пункттун талаптарына ылайык келсе.

2. Окшош товарлар менен бүтүмдүн баасы товардын бажы наркын аныктоо үчүн негиз катарында кабыл алынат, эгерде мындай товарлар:

а) Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүү үчүн сатылган болсо;

б) Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүү үчүн баа берилүүчү товарлар менен бир учурда же ага чейинки мезгилде же андан 30 күндөн кийин ташылып чыккан болсо;

в) Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүү үчүн болжол менен бирдей эле санда жана (же) ошол эле коммерциялык деңгээлде (дүң, чекене) ташылып чыккан болсо. Эгерде окшош товарлар башка санда жана (же) башкача коммерциялык деңгээлде ташылып келген болсо, анда декларант ушул айырмачылыктарды эске алуу менен алардын баасына тиешелүү түрдө оңдоо киргизүүгө жана анын негиздүүлүгүн бажы органына документ менен тастыктоого тийиш.

3. Окшош товарлар менен бүтүм боюнча аныкталган товардын бажы наркы ушул Кодекстин 228-статьясынын 1-пунктундагы "а" пунктчасында көрсөтүлгөн чыгашалардагы кыйла айырмаларды эске алуу менен оңдоо киргизилүүгө тийиш.

Оңдоо киргизүүнү декларант ишенимдүү жана документтер менен тастыкталган маалыматтардын негизинде жүргүзүүгө тийиш.

4. Эгерде ушул усулду пайдалануу учурунда окшош товарлар боюнча бүтүмдүн бирден ашык баасы табылса, анда ташылып келүүчү товарлардын наркын аныктоо үчүн алардын эң төмөн наркы колдонулат.

 

230-статья. Бир тектүү товарлар менен бүтүмдүн баасы боюнча усул

 

1. Бир тектүү товарлар менен бүтүмдүн баасы боюнча усулду пайдаланууда товардын бажы наркын аныктоо үчүн негиз катарында ушул статьяда көрсөтүлгөн шарттар сакталганда ташылып келүүчү товарлар менен бир тектүү товарлар боюнча бүтүмдүн баасы колдонулат. Мында бардык жагынан бирдей болбосо да, мүнөздөмөлөрү окшош болуп саналган жана окшош компоненттерден турган товарлар бир тектүү товарлар деп түшүнүлөт, бул аларга баа берилип жаткан товардай эле функцияларды аткарууга жана коммерциялык жактан өз ара алмаштырылып турууга мүмкүндүк берет. Товарлардын бир тектүүлүгүн аныктоо учурунда алардын төмөнкүдөй белгилери эске алынат:

сапаты, товардык белгинин болушу жана рыноктогу баркы;

чыгарылган өлкөсү;

өндүрүүчү.

2. Бир тектүү товарлар менен бүтүмдүн баасы боюнча товардын бажы наркын аныктоо усулун пайдаланууда ушул Кодекстин 229-статьясынын 2-4-пункттарынын жоболору колдонулат.

3. 229-статьянын жана ушул статьянын жоболорунун негизинде товардын бажы баасынын усулун пайдаланууда:

а) эгерде товарлар бааланып жаткан товарлар чыккан өлкөдө өндүрүлбөгөн болсо, алар бирдей бааланган же бир тектүү товар деп эсептелбейт;

б) баа коюлуп жаткан товарларды өндүрүүчү тарабынан чыгарылбаган, башка жак тарабынан өндүрүлгөн товарлар баа коюлуучу товарларды чыгарган жак өндүргөн окшош да, бир тектүү да товарлар болбогон учурда эске алынат;

в) эгерде товарларды долбоорлоо, алар жагынан тажрыйба-конструктордук иштер, алардын көркөм жасалгасы, дизайны, эскиздери жана чиймелери, башка ушундай иштери Кыргыз Республикасында аткарылган болсо жана Кыргыз Республикасына ташып кетүү үчүн өндүрүүгө жана сатууга байланыштуу акысыз же төмөндөтүлгөн баа боюнча сунуш кылынган болсо, алар окшош же бир тектүү деп эсептелбейт.

 

231-статья. Наркты кемитүү негизиндеги усул

 

1. Наркты кемитүү негизиндеги баалоо усулу боюнча товардын бажы наркын аныктоо баалануучу, окшош же бир тектүү товарлар өзүнүн алгачкы абалы өзгөрбөстөн Кыргыз Республикасынын аймагында сатылган учурда жүргүзүлөт.

2. Наркты кемитүү усулун пайдаланууда товардын бажы наркын аныктоо үчүн негиз катарында товар бирдигинин баасы кабыл алынат, ал боюнча баалануучу, окшош же бир тектүү товарлар бүтүмдүн сатуучу менен өз ара көзкаранды жак болуп саналбаган катышуучусуна баалануучу товарларды ташып келүү датасынан тартып 90 күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын аймагына алда канча көп партия менен сатылат.

3. Товар бирдигинин баасынан төмөнкүдөй компоненттер кемитилет:

а) демейде төлөнүүчү (же төлөөгө макулдашылган) комиссиялык акыны төлөөгө чыгашалар же пайдага демейдеги үстөк акылар жана Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү ошол эле класстагы жана түрдөгү товарларды сатууга байланышкан жалпы чыгашалар;

б) ташып келүүгө же товарларды сатууга байланыштуу Кыргыз Республикасында төлөнүүгө тийиш болгон ташып келүү бажы алымдарынын, салыктарынын, жыйымдарынын жана башка төлөмдөрдүн суммасы;

в) ташууга, камсыздандырууга, жүктөө жана түшүрүү иштерине Кыргыз Республикасында жумшалган демейдеги чыгашалар.

4. Бир эле класстагы же түрдөгү товарлар айрым өнөр жай продуктуларына кирген товарлардын тобун, анын ичинде окшош жана бир тектүү товарларды билдирет.

Ташылып келүүчү баа коюлуучу товарлар менен бир учурда же дээрлик бир учурда баа коюлуучу окшош же бир тектүү товарларды сатуу болбогон учурда товардын бажы наркын аныктоо үчүн негиз катары товар бирдигинин баасы кабыл алынат, ал боюнча Кыргыз Республикасында баалануучу окшош же бир тектүү товарлар баалануучу товарларды ташып келүү күнүнө карата алда канча жакын мөөнөттө, бирок аны ташып келген күндөн тартып 90 күндөн кечиктирилбестен сатылат.

5. Баалануучу, окшош же бир тектүү товарларды алар ташылып келген учурдагы абалында сатылбаганда декларанттын өтүнүчү боюнча иштетүүдөн өткөн товар бирдигинин баасы кошумча наркка түзөтүү киргизүү менен жана ушул статьянын 2- жана 3-пункттарынын жоболорун сактоо менен пайдаланылышы мүмкүн.

 

232-статья. Наркты кошуунун негизиндеги усул

 

Наркты кошунун негизинде баа берүү усулун пайдаланууда товардын бажы наркын аныктоо үчүн негиз катарында төмөнкүлөрдү кошуу жолу менен эсептелген баа алынат:

а) материалдардын наркын жана баа коюлуучу товарды өндүрүүгө байланыштуу даярдоочу тарткан чыгашаларды;

б) бир эле түрдөгү товарлар ташылып чыгуучу өлкөдөн ташылып келүүчү мамлекетте сатууга мүнөздүү болгон, анын ичинде ташууга, жүктөө жана түшүрүү иштерине, ташылып келүүчү мамлекеттин бажы чегарасынан өтүү жерине чейин камсыздандырууга жалпы чыгашаларды жана башка чыгашаларды;

в) ташылып келүүчү мамлекетке мындай товарларды жөнөтүүнүн натыйжасында демейде экспорттоочу ала турган пайданы.

 

233-статья. Резервдик усул

 

Эгерде товардын бажы наркы ушул Кодекстин 228-232-статьяларында көрсөтүлгөн товардын бажы наркын аныктоо усулдарын ырааттуу колдонуунун натыйжасында декларант тарабынан аныкталышы мүмкүн болбосо, же бажы органы бажы наркын аныктоонун ушул усулдары колдонулушу мүмкүн эмес деп негиздүү түрдө эсептесе, анда баа берилүүчү товарлардын бажы наркы дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен аныкталат.

Резервдик усул колдонулганда бажы органы декларантка өзүнүн карамагында болгон баа маалыматын берет.

Резервдик усул боюнча товардын бажы наркын аныктоо үчүн негиз катарында төмөнкүлөр пайдаланылышы мүмкүн эмес:

а) экспортточу өлкөнүн ички рыногундагы товарга баа;

б) өндүрүүнүн наркы окшош жана бир тектүү товарлар үчүн наркты кошуу усулуна ылайык аныкталуучу нарктан башка;

в) эң төмөнкү бажы наркы;

г) товар ташылып чыгуучу өлкөдөн үчүнчү өлкөлөргө берилүүчү товардын баасы;

д) ата мекендик товарларга Кыргыз Республикасынын ички рыногундагы товардын баасы;

е) товардын эркин белгиленген же ишенимдүү тастыкталбаган баасы.

Бажы наркын аныктоодо бажы максаты үчүн эки альтернативалуу нарктан алда канча жогорку наркты негиз катары пайдаланууну белгилеген тутум кабыл алынышы мүмкүн эмес.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

234-статья. Бажы алымдарын, салыктарын эсептөө тартиби

 

1. Бажы алымдарын жана салыктарын декларант, бажы брокери же бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жооптуу болгон башка адамдар өз алдынча эсептейт, буга ушул Кодекстин 206-статьясынын 3-пунктунда жана ушул статьянын 2-пунктунда каралган учурлар кирбейт.

2. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап коюлганда ушул Кодекстин 261-статьясына ылайык төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарын, салыктарды эсептөө бажы органы тарабынан жүргүзүлөт.

3. Төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын, салыктарынын суммасы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен эсептелет, буга ушул Кодекстин IV бөлүмүндө каралган учурлар кирбейт.

 

235-статья. Бажы алымдарынын, салыктарынын ставкаларын колдонуу

 

1. Бажы алымдарын, салыктарын эсептөө максатында бажы органы бажы декларациясын кабыл алган күнгө карата колдонулган ченемдер колдонулат, буга ушул Кодекстин 237-статьясынын 1-пунктунда каралган учурлар кирбейт.

2. Бажы алымдарын, салыктарын эсептөө максатында Кыргыз Республикасынын Бажы тарифине жана Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларына ылайык товарлардын аталышына жана классификациясына ылайык келген ченемдер колдонулат, буга ушул пункттун экинчи абзацында каралган, ошондой эле жеке жактар бажы чегарасы аркылуу алып өткөн товарларга топтоштурулган бажы төлөмдөрү жана/же бажы алымдарынын, салыктарынын бирдиктүү ченемдери колдонулган учурлар кирбейт (28-глава).

Ушул Кодекстин 290-статьясына ылайык тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасы боюнча бир квалификациялык кодду көрсөтүү менен бир нече аталыштагы товарларды декларациялоодо бардык ушундай товарлар жагынан бажы алымдарынын, салыктарынын ушул кодго ылайык келген ченемдер колдонулат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

236-статья. Бажы алымдарын, салыктарын эсептөө максатында чет

өлкөлүк валютаны кайра эсептөө

 

Бажы алымдарын, салыктарын эсептөө, анын ичинде товардын бажы наркын аныктоо максаттары үчүн чет өлкөлүк валютаны кайра эсептөө талап кылынган учурда, ушул Кодексте каралган учурлардан тышкары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген жана бажы органы бажы декларциясын кабыл алган күнгө карата колдонулган Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына карата чет өлкөлүк валютанын курсу колдонулат.

 

237-статья. Товарларды бажы чегарасы аркылуу мыйзамсыз өткөрүүдө

же белгиленген чектөөлөрдү бузуу менен товарларды

пайдаланууда бажы алымдарын, салыктарын эсептөө

 

1. Ушул Кодексте белгиленген талаптарды жана шарттарды бузуу менен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген жана аларга бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлар жагынан төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммалары бажы чегарасынан өткөн күнгө карата; эгерде мындай күндү белгилөө мүмкүн болбосо - ушундай товарларды бажы органдары тапкан күнгө карата колдонулган бажы алымдарынын, салыктарынын ченемдерине таянуу менен эсептелет. Ички бажы транзитине же убактылуу сактоого ылайык бажы жол-жоболоруна жараша ташылып келген же сакталып жаткан товарлар жоголгон, жеткирилбей калган же бажы органынын уруксатысыз берилген учурларда төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы тиешелүү бажы жол-жобосуна карата товарларды жайгаштыруу күнүнө карата колдонулган ченемдик таянуу менен эсептелет.

Товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары мыйзамсыз түрдө ташылып чыкканда төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммалары бажы чегарасынан өткөн күнгө карата; эгерде мындай күндү белгилөө мүмкүн болбосо - товарлар ташылып чыккан айдын биринчи күнүнө же жылдын биринчи айынын биринчи күнүнө карата колдонулган бажы алымдарынын, салыктарынын ченемдерине таянуу менен эсептелет.

2. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарлардын бажы алымдарын, салыктарын эсептөө максатында салык базасы катары товарлардын бажы наркы, алардын саны же ушул статьянын 1-пунктуна ылайык бажы алымдарынын, салыктарынын ченемдери колдонулган күнгө карата салык базасын аныктоо үчүн колдонулган башка мүнөздөмөлөр пайдаланылат.

Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарлардын бажы төлөмдөрүнүн суммасынан товарларды жүгүртүүдө төлөнгөн кошумча нарк салыгынын суммасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн пайдаланылган документтерде, тастыкталган өлчөмдө кемитилет.

3. Аларга байланыштуу бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотуу берилгенден башка максатта шарттуу чыгарылган товарларды пайдаланууда бажы органы бажы декларациясын кабыл алган күнгө карата колдонулган бажы алымдарынын, салыктарынын ставкалары, товарлар эркин айланууга чыгарылгандай колдонулат. Товарлардын бажы наркы, алардын саны же салык базасын аныктоо үчүн пайдаланылуучу башка мүнөздөмөлөрү бажы алымдарынын, салыктарынын ставкалары колдонулган күнгө карата аныкталат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

33-Глава
Бажы жыйымдары

 

238-статья. Бажы жыйымдары түшүнүгү жана алардын түрлөрү

 

1. Төлөө бажы органдары ушул Кодекстин 239, 240-статьяларында каралган иш-аракеттерди жасашынын ажыралгыс шарты болуп саналган милдеттүү төгүм бажы жыйымдары деп түшүнүлөт.

2. Бажы жыйымдарына төмөнкүлөр кирет:

1) бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн жыйымдар;

2) бажылык коштоо үчүн жыйымдар.

 

239-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн жыйымдар

 

1. Товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн жыйымдар төмөнкүдөй учурларда төлөнөт:

а) тандалып алынган бажы режимине ылайык товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы жагынан жол-жоболоштурууну жүргүзүүдө;

б) бажы жол-жоболорун орун алган жери жана/же бажы органдары иштегенден башка убакта жасаганда;

в) ушул Кодекстин 57-главасына ылайык бажы органдары алдынала чечим кабыл алганда.

2. Товар катары декларациялануучу товарларды, транспорттук каражаттарды бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн товарлардын жана транспорттук каражаттардын бажы наркынын 0,15 пайызы өлчөмүндө бажы жыйымдарынан алынат, бирок мында алардын өлчөмү бажы органдарынын аталган операцияларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жасоого кеткен чыгымдардын болжолдуу наркынан ашпашы керек. Ушул статьянын 1-пунктунун б) пунктчасында көрсөтүлгөн иштерди аткарууда бажы жыйымдары эки эселенген өлчөмдө алынат.

3. Товарларды жана транспорттук каражаттарды декларациялоодо бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн жыйымдар төмөнкүдөй учурларда төлөнбөйт:

акысыз жардам (көмөк) көрсөтүү максатында бажы чегарасы аркылуу алынып өтүүчү товарларды бажы жагынан жол-жоболоштурууда;

нумизаттык максаттарга пайдалануудан тышкары акциздик маркаларды жана валюталарды бажы жагынан жол-жоболоштурууда;

мамлекеттин пайдасына бажы режиминен баш тартуу билдирилгенде;

аталган уюмдар экспонатка коюу максатында өздөрүнүн фондунда туруктуу сактоодо турган же убактылуу ташып келген маданий дөөлөттөрдү алып өтүү учурунда мамлекеттик жана муниципалдык музейлер, архивдер, китепканалар жана башка мамлекеттик же муниципалдык уюмдар бажы чегарасы аркылуу алып өтүүчү маданий дөөлөттөр жагынан убактылуу ташып келүүнүн жана реэкспорттун же убактылуу ташып чыгуунун же реимпорттун бажы режимин билдиргенде;

ушул Кодекстин 30-главасына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү трварларды бажы жагынан жол-жоболоштурууда;

товарларды оозеки же конклюденттик формада декларациялоодо;

товарларга өзүнчө декларацияны бербестен аларды декларациялоодо;

Кыргыз Республикасынын мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган башка учурларда.

Алдынала чечим кабыл алуу үчүн жыйым 500 сом өлчөмүндө алынат. Алдынала чечим кабыл алууга негиз болгон товарларды бажы жагынан жол-жоболоштурууда алдынала чечим кабыл алуу үчүн жыйымдын төлөнгөн суммасы кошуп эсептелүүгө тийиш.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

240-статья. Бажылык коштоо үчүн жыйымдар

 

1. Бажы контролдугу астында болгон товарларды алып өтүүчү ар бир транспорттук каражаттын бажылык коштоо үчүн бажы жыйымдары товарларды жана транспорттук каражаттарды коштоп жүргөн ар бир толук же толук эмес саат үчүн бир эсептешүү көрсөткүчү өлчөмүндө алынат.

(КР 2007-жылдын 26-мартындагы № 39, 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

34-Глава
Бажы төлөмдөрүн төлөө тартиби жана мөөнөттөрү

 

241-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөөчүлөр

 

1. Декларанттар жана ушул Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөгө тийиш болгон башка жактар бажы төлөмдөрүн төлөөчүлөр болуп саналышат.

2. Кандай жак болбосун бажы төлөмдөрүн төлөөчүлөрдүн пайдасына бажылык төлөмдөрдү төлөөгө укуктуу.

 

242-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөттөрү

 

1. Бажы төлөмдөрү төмөнкү учурларда төлөнөт:

1) бажы декларациясын бергенге чейин же аны менен бирге;

2) бажы режими өзгөргөндө;

3) ушул Кодекстин 245-статьясынын 1-пунктунда аныкталган учурда.

Түтүк өткөргүч транспорту, электр берүү линиялары боюнча өткөрүлүүчү товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү болуп мындай товарларды өткөргөн кийинки айдын календардык айынын акыркы числосу саналат.

2. Декларация алдынала берилген учурларда бажы төлөмдөрү товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алынып келинген жердеги бажы органына товарлар көрсөтүлгөн күндөн тартып же, эгерде товарларды декларациялоо алар келген жерде жүргүзүлбөсө ички бажы транзити аяктаган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.

3. Товарларды ташып чыгууда бажы төлөмдөрү, эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе бажы декларациясы берилген күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.

4. Бажы режими өзгөргөндө бажы төлөмдөрү өзгөрүлгөн бажы режиминин иш аракеттерин аяктоо үчүн ушул Кодексте белгилеген күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.

5. Шарттуу чыгарылып берилген товарлар бажы жеңилдиктери берилген максаттарга эмес башка максаттарда пайдаланылганда үстөк акыны эсептөө максатында (260-статья) бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтү ошол жак тарабынан товарларды пайдалануунун жана тескөөнүн чектөөлөрү бузулган биринчи күн эсептелет. Эгерде мындай күндү аныктоого мүмкүн болбосо, бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтү катары бажы органы мындай товарларга бажы декларациясын алган күн эсептелет.

6. Бажы жагынан жол-жоболоштуруунун талаптары жана шарттары бузулуп, ал ушул Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн милдеттүүлүгүнө алып келсе, үстөк акыны эсептөө максатында бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү катары мындай укук бузуулар жасалган күн эсептелет. Эгерде мындай күндү аныктоого мүмкүн болбосо бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү катары тийиштүү бажы иш аракеттери башталган күн эсептелет.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

243-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөө тартиби жана формасы

 

1. Бажы төлөмдөрү ушул максатта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасында белгиленген тартипте ачылган бажы органдарынын кассасына же эсебине төлөнөт, буга ушул Кодекстин 206-статьясынын 4-пунктунда каралган учурлар кирбейт.

2. Бажы төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен төлөнөт.

3. Бажы төлөмдөрү накталай эмес тартипте, төлөм тапшырмаларын эсептешүү формасында накталай акча менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кредиттик карталарды пайдалануу менен төлөнүшү мүмкүн.

4. Төлөөчүнүн талабы боюнча бажы органдары бажы төлөмдөрүн төлөөнүн жазуу жүзүндөгү тастыктоосун берүүгө милдеттүү.

5. Бажы төлөмдөрүн эсептөө жана түзөтүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

244-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу

 

Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдет төмөнкүдөй учурларда аткарылды деп эсептелет:

1) банктагы төлөөчүнүн эсебинен акча каражаттарын алган учурдан тартып;

2) бажы органынын кассасына накталай акча түшкөн учурдан тартып;

3) бажы төлөмдөрүнүн эсебине ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрү эсептелген учурдан тартып, ал эми эгерде мындай кошуп эсептөө төлөөчүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлсө бажы органдары тарабынан - кошуп эсептөө жөнүндө арыз кабыл алынган учурдан тартып;

4) бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине депозитти кошуп эсептеген учурдан тартып, ал эми эгерде мындай кошуп эсептөө төлөөчүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлсө - бажы органы кошуп эсептөө жөнүндө тескемени алган учурдан тартып;

5) бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине банктык кепилдикке же камсыздандыруу келишимине ылайык банк, башка кредиттик уюм же камсыздандыруу уюму, ошондой эле кепилдик келишимине ылайык төлөөчү төлөгөн акча каражаттары кошулган учурдан тартып;

6) эгерде көрсөтүлгөн акча каражаттарынын суммасынын өлчөмү бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздын суммасынан кем болбосо, ага карата бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлар, же күрөө буюму болбосо төлөөчүнүн башка мүлкү өндүрүп алынган учурдан тартып.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

35-Глава
Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүнүн өзгөрүшү

 

245-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүнүн өзгөрүшүнүн жалпы

шарттары

 

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн арызы боюнча ушул Кодекстин 36-главасында каралган тартипте бажы төлөмдөрүн төлөө камсыз кылына турган шартта бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн өзгөртө алат:

1) 30 күнгө чейин;

2) ушул Кодекстин 246-статьясында белгиленген негиздер болгондо 90 күнгө чейин.

2. Бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтүн өзгөртүү кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө түрүндө жүргүзүлөт.

3. Кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө бажы төлөмдөрүнүн бир же бир нече түрлөрү боюнча, ошондой эле төлөнүүгө тийиш болгон бүткүл сумма болбосо анын бир бөлүгүнөн берилиши мүмкүн.

4. Кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөтүү жөнүндө чечим бул тууралу арыз берилген күндөн тартып 15 күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынат.

5. (КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

246-статья. Кийинкиге калтыруунун же бөлүп-бөлүп төлөтүүнүн негиздери

 

Ушул Кодекстин 245-статьясынын 1-пунктунун 2-пунктчасында каралган бажы төлөмдөрүн төлөөнү кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө бажы төлөмдөрүн төлөөчүгө төмөнкүдөй негиздердин жок дегенде бири болгон учурда берилет:

1) бул жакка жаратылыш кырсыгынын, технологиялык кыйроонун же күч жетпес тоскоолдуктардын дагы башка жагдайларынын кесепетинен чыгым келтиргенде;

2) бул жакка мамлекеттик бюджеттен каржылоону же бул жак аткарган мамлекеттик акы төлөөнү создуктурганда;

3) эгерде бажы чегарасы аркылуу алып өтүүчү товарлар тез бузулуучу товар болуп саналса;

4) жак өкмөттөр аралык жөнөтүүлөрдү жүзөгө ашырганда.

5) эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууда ушундай кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөтүү каралса, жөнөтүүлөр мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө долбоорду ишке ашыруунун алкактарында жүзөгө ашырылганда.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

247-статья. Кийинкиге калтырууну же бөлүп-бөлүп төлөтүүнү

берүүнү жокко чыгарган жагдайлар

 

1. Эгерде кийинкиге калтырууну же бөлүп-бөлүп төлөөнү көздөгөн жакка карата:

1) Кыргыз Республикасынын салык же бажы мыйзамдарын бузууга байланыштуу кылмыш белгиси боюнча жазык же администрациялык иш козголгон болсо;

2) банкроттук жол-жобосу козголгон болсо, мындай жактарга бажы төлөмдөрүн кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү берилбейт.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо кийинкиге калтырууну же бөлүп-бөлүп төлөөнү берүү жөнүндө чечим чыгарылышы мүмкүн эмес, ал эми чыгарылган чечим алып салынууга тийиш, бул жөнүндө кийинкиге калтырууну же бөлүп-бөлүп төлөөнү алуу тууралу арыз берген жак үч жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарланат.

 

248-статья. Кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө үчүн пайыздар

 

1. Ушул Кодекстин 245-статьясынын 1-пунктунун 2-пунктчасына ылайык бажы төлөмдөрүн кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөөдө, ошондой эле ушул Кодекстин IV бөлүмүндө каралган башка учурларда кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө мезгилине карата колдонулган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасына таянуу менен бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздын суммасына кошуп эсептөөдө пайыз кармалып алынат.

2. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеке өнөктөштөр жана (же) долбоордук компаниялар болуп саналган жактарга бажы төлөмдөрүн кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөтүү берилгендиги үчүн төлөнгөн пайыздардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган учурларда жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу процессинде төлөнгөн пайыздардын ордун толтуруунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

249-статья. Кийинкиге калтыргандык же бөлүп-бөлүп төлөгөндүк үчүн

пайыздарды төлөө мөөнөтү

 

1. Пайыздар бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздардын суммасын төлөгөнгө чейин же аны төлөө менен бир убакта, бирок кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен төлөнөт.

2. Пайыздарды төлөө, өндүрүп алуу жана кайра кайтаруу бажы төлөмдөрүн төлөө, өндүрүп алуу жана кайра кайтаруу жагынан ушул Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

 

36-Глава
Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу

 

250-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун жалпы шарттары

 

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу төмөнкүдөй учурларда камсыз кылынат:

1) бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө берилгенде;

2) товарларды шарттуу чыгарганда;

3) чет өлкөлүк товарларды ташуу жана (же) сактоо;

4) бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр жагынан жумуштарды ишке ашыруу;

5) ушул Кодексте каралган башка учурларда.

2. Эгерде төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн, туумдун жана пайыздардын суммасы 20 миң сомдон кем эмести түзсө, ошондой эле бажы органы өзүнө алынган милдеттенмелери аткарылат деп болжолдоого олуттуу негиздер бар болсо, бажы төлөмдөрүн төлөө камсыз кылынбайт.

3. Эгерде бир эле жак белгилүү бир мөөнөттө бир нече бажы жол-жоболорун жүргүзсө, бажы органы бардык ушундай жол-жоболорду жүргүзүү (башкы камсыз кылуу) үчүн бажы төлөмдөрүн камсыз кылууну кабыл алууга милдеттүү. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы органдары бир нече бажы органдарында бажы жол-жоболорун жүргүзүү үчүн бажы төлөмдөрүн төлөөнү башкы камсыз кылууну кабыл алуунун шарттарын аныктайт.

Бажы төлөмдөрүн төлөөнү аларды төлөө үчүн жооптуу жак, же бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жооптуу жактын пайдасы үчүн кандай болбосун башка жак камсыз кылат.

 

251-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун өлчөмү

 

1. Бажы төлөмдөрүн камсыз кылуунун өлчөмү экспорттун бажылык режимине ылайык товарларды эркин жүгүртүү же аларды ташып чыгуу үчүн чыгарууда төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн, пайыздардын жана (же) туумдун суммаларына таянуу менен бажы органы тарабынан аныкталат.

2. Эгерде бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылууда бажы төлөмдөрү бажы органына товарлардын мүнөзү, алардын аталышы, саны, аны чыгарган өлкө жана бажы наркы жөнүндө так маалыматтар берилбегендигинен улам төлөнүүгө тийиш болгон сумманы так аныктоо мүмкүн болбосо, эгерде бажы органдарынын алган милдеттенмелерин камсыз кылуу аткарылбаса, камсыз кылуу өлчөмү бажы төлөмдөрүнүн төлөнүүгө тийиш болгон алда канча мүмкүн болгон суммасына таянуу менен аныкталат.

3. Эгерде милдеттерди аткарбай коюу ушул Кодекске ылайык бажы алымдарын, салыктарын төлөө зарылчылыгына алып келсе, бажы органына бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу өлчөмүндөгү сумма, ал эми ушул Кодексте каралган учурларда - көрсөтүлгөн суммадан эсептелген туумдар же пайыздар төлөнөт. Ушундай төлөө күнүнөн тартып бир жылдын ичинде товарлар жөнүндө так маалыматтар аныкталганда ушул бөлүмгө ылайык бажы алымдарынын, салыктарынын ашыкча төлөнгөн суммасы кайра кайтарылат, же кем алынган сумма өндүрүлөт.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында белгиленген талаптарды эске алуу менен товарлардын айрым категориялары жагынан бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун белгиленген өлчөмүн белгилөөгө укуктуу.

 

252-статья. Бажы контролдугу астында турган товарлар жагынан

ишкердикти жүзөгө ашырган жактардын бажы

органдарына карата милдеттерди аткарышын камсыз кылуу

 

1. Бажы брокери, убактылуу мүнөздөгү кампанын ээси, бажы кампасынын ээси катары иш аракетти жүзөгө ашыруу бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу менен шартталат.

2. Иштин мындай түрлөрүн жүзөгө ашыруудагы бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн 10 миң өлчөмүнөн кем болбоого тийиш.

(КР 2007-жылдын 26-мартындагы № 39, 2008-жылдын 5-августундагы № 196, 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

253-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу ыкмалары

 

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө төмөнкүдөй ыкмалар менен камсыз кылат:

1) товарлардын жана башка мүлктүн күрөөсү менен;

2) банктык кепилдик менен;

3) бажы органынын эсебине акча каражаттарын салуу (депозит) менен;

4) кепилдик менен;

5) камсыздандыруу келишими менен.

2. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз Кылуу ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн кандай ыкма менен болбосун жүргүзүлөт, ушундай ыкма ишенимдүү бажы органы тарабынан таанылган.

3. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган ыкмалардан тышкары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы төлөмдөрүн төлөөнү ошондой эле камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыкмалар менен камсыз кылынышы мүмкүн болгон учурларды белгилейт.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

254-статья. Товарлардын жана башка мүлктүн күрөөсү

 

1. Күрөөнүн жүйөөсү катары Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү товарлар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарына ылайык күрөөнүн жүйөсү болушу мүмкүн болгон мүлк күрөөнүн предмети боло алат.

2. Күрөө бажы органы менен күрөө коюучунун ортосундагы келишим менен толтурулат. Бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жооптуу жак же ар кандай башка жак күрөө коюучу болушу мүмкүн.

3. Күрөө менен камсыз кылынган милдеттерди бажы органдарынын алдында аткарбай койгондо бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздын суммасы бажы органдары тарабынан күрөөгө коюлган мүлктүн эсебинен республикалык бюджетке которулат.

4. Эгерде бажы контролдугу астында болгон жана бажы органдары тарабынан берилген товарлар күрөөнүн жүйөсү болуп саналса, ошол товарлардын эсебинен бажы органдарынын талаптарын канааттандыруу ушул Кодекстин XII бөлүмүндө каралган тартипте сотко кайрылбастан жүзөгө ашырылат. Башка күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарында белгилеген тартипте айландырылат.

 

255-статья. Банк кепилдиги

 

1. Бажы органдары бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзгөн банктардын жана башка кредиттик уюмдардын реестрине киргизилген банктар, кредиттик уюмдар же камсыздандыруу уюмдары берген банк кепилдиктери алынат.

2. Банктарды, башка кредиттик уюмдарды жана камсыздандыруу уюмдарын, Банктардын жана башка кредиттик уюмдардын реестрине киргизүү тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен белгиленет.

 

Караңыз:

Банкттарды жана камсыздандыруу уюмдарын Банктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизүүнүн тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүүнүн тартиби боюнча Нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-мартындагы № 123 токтому менен бекитилген)

 

Берилген кепилдиктердин шарттары сакталбаганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдары башкача бузулганда банктар, башка кредиттик уюмдар жана камсыздандыруу уюмдары Реестрден чыгарылып салынышы мүмкүн.

3. Банк кепилдиктерин берүү, банк кепилдиги боюнча талаптарды сунуш кылуу, кепилдик милдеттенмелерди аткарышына жана банктык кепилдиктердин токтотулгандыгына байланыштуу ченемдик укуктук мамилелерге Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын жоболору колдонулат.

 

256-статья. Бажы органынын эсебине акча каражаттарын салуу

(депозит)

 

1. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары бажы органынын эсебине же кассасына акча каражаттарын салуу (депозит) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы түрүндө жүргүзүлөт.

2. Депозиттин суммасына пайыздар эсептелбейт.

3. Депозит менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылбаган учурда төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн, туумдун жана пайыздардын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине депозиттик суммасынан чегерилет.

4. Депозит менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылганда төлөнгөн акча каражаттары ушул Кодекстин 267-статьясына ылайык же төлөөчүнүн каалоосу боюнча кайра кайтарылууга, бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн пайдаланылууга, келечектеги бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине же бажы органдарынын алдындагы башка милдеттенмелер боюнча бажы төлөмүн камсыз кылууга берилүүгө тийиш.

5. Бажы органынын эсебине же кассасына акча каражаттарын салган жактын депозитине салынгандыгын тастыктап, депозиттик сертификат берилет, аны пайдалануунун формасы жана тартиби ушул Кодекстин 269-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасы менен аныкталат.

 

257-статья. Кепилдик

 

1. Кепилдик бажы органы менен кепилдик берүүчүнүн ортосунда келишим түзүү жолу менен Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык жол-жоболоштурулат.

2. Бажы брокерлери, убактылуу сактоо кампаларынын ээлери, бажы кампаларынын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери, ошондой эле башка жактар кепилдик берүүчү боло алышат.

 

258-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары

камсыздандыруу келишимин колдонуу

 

1. Ушул Кодексте белгиленген айрым учурларда бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу катары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык түзүлгөн камсыздандыруу келишими колдонулушу мүмкүн.

2. Ыйгарым укук берген мамлекеттик орган бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу максатында Камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизилген камсыздандыруу уюму менен түзүлгөн камсыздандыруу келишимдерин кабыл алат. Камсыздандыруу уюмдарын Реестрге киргизүүнүн, Реестрден чыгаруунун тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен аныкталат.

 

Караңыз:

Банкттарды жана камсыздандыруу уюмдарын Банктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизүүнүн тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүүнүн тартиби боюнча Нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-мартындагы № 123 токтому менен бекитилген)

 

37-Глава
Бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу

 

259-статья. Бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуунун жалпы

эрежелери

 

1. Бажы төлөмдөрү белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн же толук эмес төлөнгөн учурда бажы органдары ушул главада аныкталган тартипте бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алат.

2. Мажбурлап өндүрүп алуу бажы төлөмдөрүн төлөөгө жооптуу жактардан ушул Кодекстин 221-статьясына ылайык, же төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүн төлөтүү ушул Кодекстин 262-статьясына ылайык сот тартибинде жүргүзүлөт.

3. Бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу боюнча чаралар колдонулганга чейин бажы органы аларды төлөө үчүн жооптуу жакка бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө (261-статья) талап коет.

4. Бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлбөйт:

эгерде бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап (261-статья) аларды төлөө мөөнөтү аяктаган күндөн тартып же ушул Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөгө жактын милдеттерин пайда кылган окуя болгон күндөн тартып 6 жылдын ичинде коюлбаса;

эгерде бир бажы декларациясында көрсөтүлгөн товарлар же бир алуучунун дарегине бир эле убакта бир эле жиберүүчү тарабынан жиберилген товарлар жагынан бажы төлөмдөрүнүн төлөнбөгөн суммаларынын өлчөмү 3500 сомдон аз болсо.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

260-статья. Туум

 

1. Бажы төлөмдөрү белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндө (убактысы өтүп кеткенде) туум төлөнөт.

Ушул статьянын 2-4-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, бажы төлөмдөрүн төлөө убактысы өтүп кетишинин ар бир календардык күнү үчүн бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттер аткарылган күн боюнча же кийинкиге калтырууну же бөлүп-бөлүп төлөөнү берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндү кошкондо төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасынан 0,09 пайыз туум эсептелет.

2. Кепилдик берүүчүгө же грантка бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап коюулганда кепилдик берүү же банк гаранты менен камсыздалган милдеттенмелердин мөөнөтү өткөн күндөн кийинки күндөн үч айдан ашырбастан туум эсептелет.

3. Бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жооптуу жакка аларды төлөө жөнүндө талап коюлганда туум талап коюлган күндү кошуу менен ошол күндөн тартып эсептелет. Бажы төлөмдөрү талапта көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөнбөгөн учурда туум ушул статьянын 1-пунктуна ылайык эсептелет.

4. Товарлар убактылуу сактоодо болгон учурда (9-глава) бажы декларациясын берүү мөөнөтү бузулганда убактылуу сактоо мезгили үчүн туум эсептелбейт жана төлөнбөйт.

5. Туум бажы төлөмдөрүн төлөө менен бир убакта же мындай суммалар төлөнгөндөн кийин, бирок бир айдан кечиктирилбестен төлөнөт.

6. Бажы төлөмдөрүн өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн эсептелген туумдун жалпы суммасы бажы төлөмдөрү боюнча негизги карыздын өлчөмүнүн 100 пайызынан ашпашы керек.

7. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча кийинкиге калтырууну же бөлүп-бөлүп төлөнүп берүү жөнүндө арыз берүү кем алуунун суммасына туумду эсептөөнү токтотпойт.

8. Туумду төлөө, өндүрүп алуу жана кайра кайтаруу бажы төлөмдөрүн төлөөгө, өндүрүп алууга жана кайра кайтарууга колдонулгандай ушул Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

261-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап

 

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап бажы төлөмдөрүнүн белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн суммасы тууралу, ошондой эле бажы төлөмдөрүнүн төлөнбөгөн же кошумча эсептелинген суммасын, туумду жана (же) пайыздарды бул талапта белгиленген мөөнөттө төлөө милдети жөнүндө төлөөчүгө бажы органы жөнөткөн жазуу жүзүндөгү билдирмени жиберет.

2. Талапта бажы төлөмдөрүнүн төлөнүүгө тийиш болгон суммасы, талап коюлган учурга карата эсептелген туумдун, өлчөмү, ушул Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтү талапты аткаруунун мөөнөтү жөнүндө, ошондой эле бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу жана төлөөчү талашы аткарбаганда колдонула турган аларды өндүрүп алууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралу жана талап коюунун негиздери жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.

Талаптын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен белгиленет. Талап, эгерде ал тийиштүү түрдө жол-жоболоштурулган жана ушул статьянын 5-пунктунда белгиленген тартипте тапшырылган учурда гана күчүнө кирет.

3. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап бажы төлөмдөрүн төлөбөй коюунун же толук төлөбөй коюунун фактысы табылган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирилбестен төлөөчүгө жөнөтүлүүгө тийиш.

4. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талапты аткаруу мөөнөтү кеминде 10 жумушчу күндү түзөт жана талап алынган күндөн тартып 30 күндөн ашпайт.

5. Талап уюмдун жетекчисине же башка ыйгарым укуктуу өкүлүнө же жеке жакка жеке кол койдуруу же талап алынгандыгынын фактысын жана датасын тастыктаган башкача ыкма менен берилүүгө тийиш. Эгерде көрсөтүлгөн адамдар талапты алуудан баш тартса, ал тапшырык кат менен почта аркылуу жөнөтүлөт. Талап тапшырык катты бергендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарламасы алынаары менен алынды деп эсептелинет.

6. Ушул статьянын 4-пунктунда каралган мөөнөттө бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап аткарылбаганда бажы органдары ушул главага ылайык бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу боюнча чараларды көрөт.

7. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап төлөөчүгө ал жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартылгандыгына карабастан жөнөтүлөт.

 

262-статья. Бажы төлөмдөрүн сот аркылуу өндүрүп алуу

 

1. Белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн бажы алымдары жана салыктары бюджетке карата карыз болуп саналат.

2. Эгерде бажы төлөмдөрүнүн жана салыктарынын төлөнүшүнө жооптуу болгон жак төлөө мөөнөтү келгенде, же даттануу мөөнөтүнүн жүрүшүндө аларды төлөбөсө ушул Кодекстин 391-статьясына ылайык бажы органы бажы төлөмдөрү боюнча төлөнүүгө тийиш болгон карыздын суммасын мажбурлап өндүрүп берүү жөнүндөгү ишти же болбосо Кыргыз Республикасынын банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө Мыйзамына ылайык жооптуу жакты банкрот деп табуу талабын билдирген арызын сотко берет.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

263-статья. Бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын эсебинен бажы

төлөмдөрүн өндүрүп алуу

 

1. Ушул Кодексте каралган учурларда бажы органдары бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын эсебинен, эгерде бул товарлар ушул Кодексте белгиленген тартипке ылайык эркин жүгүртүү үчүн чыгарылбаган болсо, бажы төлөмдөрүн өндүрүп алууга укуктуу.

2. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талапты жөнөтпөстөн бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарларды өндүрүп алууга төмөнкүдөй учурларда гана жол берилет, эгерде бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жооптуу жакты бажы органдары таппаса.

3. Бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу, товарларды алып коюу же дагы башка аракеттер ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жүргүзүлөт.

 

264-статья. Төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен бажы төлөмдөрүн

өндүрүп алуу

 

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап аткарылбаган учурларда бажы органдары төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүн талап кылынбаган депозиттин чыгашаланбаган калдыгынын эсебинен же төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен өндүрүп алууга укуктуу.

2. Депозиттин суммасынан өндүрүп алуу бул каражаттар бажы органынын эсебинде сакталган мөөнөттүн ичинде ушул Кодекстин 269-статьсынын 1-пунктуна ылайык бажы органынын начальнигинин же анын орун басарынын чечими боюнча жүргүзүлөт. Депозиттин эсебинен бажы төлөмдөрүнүн суммаларын өндүрүп алуу жөнүндө бажы органы бул каражаттарды ушул органдын эсебине салган жакка өндүрүп алгандан кийин үч жумуш күнүнүн ичинде жазуу жүзүндө билдирет.

3. Төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

 

265-статья. Төлөөчүнүн мүлкүн камакка алуу

 

Төлөөчүнүн мүлкүн камакка алуу соттун чыгарган чечиминин негизинде бажы органы тарабынан гана жүргүзүлөт.

 

266-статья. Бажы төлөмдөрүн которууга тапшырмаларды аткаруу

боюнча банктардын милдеттери

 

1. Банктар бажы органдарынын эсептерине бажы төлөмдөрүн которууга төлөөчүнүн тапшырмасын, ошондой эле бажы төлөмдөрүн республикалык бюджетке которууга бажы органдарынын ташпырмаларын кыйшаюусуз аткарууга милдеттүү.

2. Төлөөчүнүн эсебинде акча каражаттары бар болгон учурда, банктар бажы төлөмдөрүн которуу тапшырмасын аткарууну создуктурууга укуксуз.

3. Бажы төлөмдөрүн которуу боюнча ушул статьяда каралган милдеттерди аткарбагандыгы же ойдогудай аткарбагандыгы үчүн банктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

 

266-1-статья. Бажы төлөмдөрү боюнча үмүтсүз карыздарды жоюу

 

Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыз, ушул Кодекстин 220-статьясынын 3-пунктунун 2-6-пунктчаларында көрсөтүлгөн учурларда үмүтсүз карыз деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жоюлат.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

38-Глава
Бажы төлөмдөрүн жана башка акча каражаттарын кайра кайтаруу

 

267-статья. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган

төлөмдөрдү кайра кайтаруу

 

1. Бажы төлөмдөрү катары иш жүзүндө төлөнгөн же өндүрүп алынган, өлчөмү Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарына ылайык төлөнүүгө тийиш болгон суммадан ашкан акча каражаттарынын суммасы ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасы болуп саналат.

2. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасын бажы органы төлөөчүнүн арызы боюнча кайра кайтарууга тийиш. Аталган арыз көрсөтүлгөн суммалардын эсебине төлөнгөн бажы органына алар төлөнгөн күндөн тартып үч жылдан кечиктирилбестен берилет.

3. Бажы төлөмдөрүн ашыкча төлөө же ашыкча өндүрүп алуу фактысы билинген учурда, бажы органы ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасы жөнүндө төлөөчүгө ушундай факт билинген күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен билдирүүгө милдеттүү.

4. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу эсебине бажы төлөмдөрүнүн суммасы келип түшкөн бажы органынын чечими боюнча жүргүзүлөт. Кайра кайтаруу жөнүндө арызды карап чыгуунун, кайра кайтаруу тууралу чечим кабыл алуунун жана ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммаларын кайра кайтаруунун жалпы мөөнөтү кайра кайтаруу жөнүндө арыз берилген жана бардык зарыл документтер берилген күндөн тартып бир айдан ашпайт. Белгиленген мөөнөттө кайтарып берилбеген бажы төлөмдөрүнүн суммасына көрсөтүлгөн мөөнөт бузулган учурда, кайтарып берүү мөөнөтүн бузуунун ар бир күнүнө пайыз эсептелинет. Пайыздык ставка кайтарып берүү мөөнөтү бузулган мезгилге колдонулган Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын эсепке алуу ставкасына барабар болгон деңгээлде кабыл алынат.

5. Кайра кайтаруу бажы органынын эсебине бажы төлөмдөрү келип түшкөн шартта жүргүзүлөт.

6. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу, төлөөчүнүн төлөө же өндүрүп алуу жүргүзүлгөн эсебинен жүргүзүлөт, эгерде арызда башкача айтылбаса. Эгерде төлөөчүнүн пайдасына бажы төлөмдөрүн башка жак төлөгөн болсо, анда ошол жакка кайра кайтарылат.

7. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу улуттук валютада жүргүзүлөт.

8. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтарган учурда кайра кайтарылып жаткан төлөмдөрдүн суммасынан төлөнгөн же өндүрүлгөн туумдун жана пайыздардын суммасы да кайра кайтарылат.

9. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлбөйт.

төлөөчүнүн көрсөтүлгөн карыздын өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карызы болгондо;

белгиленген мөөнөттөр аяктагандан кийин бажы төлөмдөрүнүн суммасын кайра кайтаруу жөнүндө арыз берилгенде.

10. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу төлөөчүнүн каалоосу боюнча башка бажы төлөмдөрүн, ошондой эле туумду, пайыздарды же айып акыларды төлөө боюнча милдеттерди аткаруу эсебине алуу түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн эсепке алуунун кайра кайтаруу тартиби ушул статьяга ылайык жүргүзүлөт.

11. Бажы төлөмдөрүн, туумдарды жана пайыздарды төлөө боюнча карыздары болгон учурда бажы органы аны ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрдүн суммасынын эсебинен өз алдынча тындырууга укуктуу. Бажы органы жүргүзүлгөн эсепке алуу жөнүндө төлөөчүгө ал жүзөгө ашырылган күндөн тартып үч күндүн ичинде маалымдоого милдеттүү.

12. Кайра кайтаруу жүргүзүлгөн бардык учурларда бажы органдары кайра кайтаруу жүргүзүлгөн күндү, себебин жана суммасын ал жүзөгө ашырылган күндөн тартып 10 күндүн ичинде төлөөчү катталган жердеги салык органдарына маалымдайт.

13. Мыйзамсыз кошумча эсептөөлөрдүн жана бажы төлөмдөрүнүн ашыкча алуулардын түзүлүшүнө күнөөлүү болушкан бажы органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын тартиптик укуктары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартышат.

 

268-статья. Бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруунун дагы башка учурлары

 

1. Бажы алымдарын, салыктарын кайра кайтаруу ошондой эле төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

1) бажы декларациясы кайра алынганда;

2) бажы алымынын төлөнгөн суммасын кайра кайтаруу түрүндө тарифтик жеңилдиктер берилген учурда;

3) алда канча оңтойлуу шарт же тарифтик преференциялардын режими калыбына келтирилгенде;

4) бажы режимдеринин шарты чет өлкөлүк товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келген учурда же аларды жок кылганда, болбосо мамлекеттин пайдасы үчүн андан баш тартканда, же ата мекендик товарларды болбосо аларды иштетүүнүн продуктуларын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келген учурда бажы алымдарынын, салыктарынын төлөнгөн суммаларын кайра кайтарууну караганда;

5) эгерде ушул Кодекстин 145-статьянын 4-пунктунда жана 147-статьянын 3-пунктунда каралгандан тышкары учурларда товарларды жаңы тандалган бажы режимине койгондо төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасы алгачкы бажы режиминин учурунда төлөнгөн бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасынан аз болсо, мурда билдирилген бажы режими бажы органынын уруксаты менен өзгөртүлгөндө;

6) эгерде төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасы убактылуу (шарттуу) баа коюу учурунда төлөнгөн суммадан аз болсо, бажы наркы товарларды чыгаргандан кийин аныкталганда;

7) товарлардын тышкы соодасын жүзөгө ашырган учурда убактылуу, атайын, антидемпингдик же компенсациялык алымдар жагынан Кыргыз Республикасынын экономикалык таламдарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда бажы алымдарын, салыктарын кайра кайтаруу бул жөнүндө арыз берилген учурда ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу жагынан ушул Кодекстин 267-статьясына ылайык бажы алымдарынын, салыктарынын төлөнгөн суммасын кайра кайтарууга алып келген жагдайлар келип чыккан күндөн кийинки күндөн тартып бир жылдан кечиктирилбестен жүргүзүлөт.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

269-статья. Депозитти кайра кайтаруу

 

1. Депозитти кайра кайтаруу депозит менен камсыз кылынган милдеттенме аткарылган шартта гана жүзөгө ашырылат, аны кайра кайтаруу жөнүндө арыз милдеттенмени аткарган күндөн кийинки күндөн тартып үч жылдын ичинде бажы органына берилген болсо. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин депозиттин талап кылынбаган суммалары республикалык бюджетке которулат жана кайра кайтарылбайт.

2. Депозитти эсебине же кассасына депозиттин суммалары төлөнгөн бажы органы же аткаруу боюнча милдеттенмелер депозит менен камсыз кылынган бажы жол-жобосу же бажы режими аяктап жаткан бажы органы кайра кайтарат.

3. Депозит Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы түрүндө депозиттик сертификат берилген учурда кайра кайтарылат.

4. Эгерде депозиттин суммалары бажы органынын кассасына накталай акча түрүндө салынган болсо, төлөөчүнүн каалоосу боюнча депозитти кайтаруу төлөөчү көрсөткөн эсепке накталай эмес түрдө жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

5. Депозитти кайра кайтаруу төлөөчүдө бажы төлөмдөрүн, туумдарды же пайыздарды төлөө боюнча карызы ушундай карыздын өлчөмүндө болгон учурда жүзөгө ашырылат.

 

VII БӨЛҮМ
БАЖЫ ЖАГЫНАН ЖОЛ-ЖОБОЛОШТУРУУ

 

39-Глава
Бажы жагынан жол-жоболоштурууга тиешелүү негизги жоболор

 

270-статья. Ушул главаны колдонуу чөйрөсү

 

Ушул главада каралган эрежелер, талаптар жана шарттар бажы чегарасы аркылуу өтүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жагынан бажы максаттары үчүн жол-жоболоштуруу менен байланышкан бардык бажы операцияларына жайылтылат.

 

271-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу тартиби

 

1. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу ушул Кодексте жана ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

2. Эгерде ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларында башкасы каралбаса, бажы жагынан жол-жоболошгуруу максатында колдонулуучу документтердин формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен менен аныкталат.

 

272-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу өндүрүшүнүн принциптери

 

1. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу учурунда бажы органдарынын талаптары бажы мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу үчүн зарыл болгон минимум менен чектелет.

2. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу тартиби жана технологиясы бажы чегарасы аркылуу өтүүчү товарлардын категориясына, мындай өтүү үчүн пайдаланылган транспорттун түрүнө, товарларды алып өткөн жактарга жараша айырмаланат.

3. Бажы жагынан жол-жоболоштуруулар товар чыгарылган, жөнөтүлгөн жана алып бара турган өлкөгө карабастан бирдей колдонулат.

4. Товарларды бажы жагынан жол-жоболоштуруунун жүрүшүндө ушул Кодекске ылайык документтерди жана маалыматтарды берүүнүн электрондук ыкмалары колдонулушу мүмкүн.

5. Бажы жагынан жол-жоболоштурууну жөнөкөйлөтүү жана тездетүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чет мамлекеттердин бажы органдары менен бажы максаттары үчүн пайдаланылуучу документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашууларды түзөт.

 

273-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштурууну баштоо жана аяктоо

 

Товарлардын жана транспорттук каражаттардын бажы жагынан жол-жоболоштуруусу бажы чегарасы аркылуу өтүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жагынан биринчи документ бажы органына берилген учурда, ал эми ушул Кодексте каралган учурларда - оозеки арыз берилген же бажы жагынан жол-жоболоштурууга жактын ниети жөнүндө күбөлөгөн дагы башка иш-аракеттер жасалган учурда башталат.

Бажы жагынан жол-жоболоштурууну, бажы ишин жүргүзүүнү товарларга карата колдонуу, товарларды бажы режимине жайгаштыруу жана бул режимдин күчүн аяктоо, ошондой эле бажы төлөмдөрүн эсептөө жана алуу үчүн ушул Кодекске ылайык зарыл болгон бажы операциялары жасалганда аякталат.

 

274-статья. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын бажы

жагынан жол-жоболоштуруу боюнча бажы

операцияларын жүргүзүүчү жери жана убактысы

 

Товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча бажы ишин жүргүзүү бажы контролунун туруктуу зонасы болгон бажы органдары турган жерде жана алар иштеп жаткан учурда өткөрүлөт. Декларанттын же дагы башка таламдаш жактын жүйөлөштүрүлгөн суроо-талабы боюнча товарлардын жана транспорттук каражаттардын бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча бажы ишин жүргүзүүдө дагы башка жерлерде жана бажы органдарынын ишинин белгиленген убактысынан тышкары учурда жүргүзүлүшү мүмкүн. Товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн бажы ишин жүргүзүүдө бул үчүн белгиленген жерден башка жерде же бажы органдарынын иш убактысынан башка убакта жасалган учурда ушул Кодекстин 239-статьясына ылайык бажы жыйымдары төлөнөт.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

275-статья. Документтер жана маалыматтар

 

1. Ушул Кодексте аныкталган жактар бажы жагынан жол-жоболоштуруусун жүргүзүшкөндө бажы органдарына бажы максаттары үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

2. Бажы максаттары үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана аларды берүү мөөнөттөрү ушул Кодекске ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен белгиленет.

3. Бажы органдары бажы мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу үчүн зарыл болгон документтер менен маалыматтарды гана талап кылууга укуктуу.

Бажы жагынан жол-жоболоштуруу, анын ичинде бажы максаттары үчүн документтерди толтуруу мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт, ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, бажы органдары документтердеги анча маанилүү болбогон документтердеги негизги маалыматтардын маңызын өзгөртпөй, бажы жагынан жол-жоболоштуруусунда бажы органдарынын чечимдерин кабыл алууга таасир тийгизбей турган так эместиктердин бар экендиги боюнча аларды кабыл алуудан баш тартууга укуксуз.

 

276-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу учурунда ыйгарым

укуктуу адамдардын жана алардын өкүлдөрүнүн катышуусу

 

Бажы органынын талабы боюнча товарларга карата ыйгарым укукка ээ болгон адамдар же алардын өкүлдөрү товарлардын бажы жагынан жол-жоболоштурууга катышууга жана бажы жагынан жол-жоболоштурууда бажы органдарынын кызматкелерине көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

 

277-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштурууну жүргүзгөн тил

 

Бажы жагынан жол-жоболоштуруу, анын ичинде бажы максаттары үчүн документтерди толтуруу мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт, ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо,

 

278-статья. Товарлар менен жүктөр жагындагы жүктөө жана башка

операциялар

 

Эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, товарлар чыгарылганга чейин товарларды жүктөө, түшүрүү, кайра жүктөө, алардын бузулган таңгагын оңдоо, таңгакты ачуу же кайра таңгактоо, ташуу, ошондой эле товарлар жагындагы дагы башка операциялар бажы органдарынын кабарламасы менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

 

279-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу жана дагы башка

мамлекеттик органдардын контролу

 

Эгерде товарлар Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык мындай контролдон өтүүгө тийиш болсо, товарлардын бажы жагынан жол-жоболоштуруусу товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүгө же аларды бул аймактан ташып чыгууга мамлекеттик контролдун башка түрлөрү жүзөгө ашырылгандан кийин гана аякталышы мүмкүн.

 

280-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштуруунун артыкчылыктуу

тартиби

 

Табигый кырсыктардын, кыйроолордун, алааматтардын кесепеттерин жоюуга керектелүүчү товарларды, тез бузулуучу товарларды, тирүү жандыктарды, радиоактивдүү материалдарды, эларалык почта жөнөтмөлөрүн, экспресс жүктөрүн, билдирүүлөрдү Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келген жана бул аймактан ташып чыккан учурда жана жалпыга маалымдоо максатындагы жөнөтмөлөрүн, экспресс жүктөрүн, билдирүүлөрдү, башка материалдарды, ушуга окшогон дагы башка товарларды алып чыкканда бажы жагынан жол-жоболоштуруу жөнөкөйлөтүлгөн түрдө жана артыкчылыктуу тартипте жүргүзүлөт.

Бажылык жол-жоболоштуруунун приоритеттүү тартибин пайдалануу шарты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 , 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

281-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштуруунун жана контролдоонун

атайы жөнөкөйлөштүрүлгөн иш жүргүзүүсү

 

1. Товарларды бажы жагынан жол-жоболоштурууну жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү максатында ушул Кодекс менен төмөндөгү адамдарга бажы жагынан жол-жоболоштуруунун атайын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболору жана тобокелдикти башкаруу тутумун пайдалануу жолу менен контролдоо белгиленет:

- бажы органына кайрылган күнү аларга карата колдонулуучу атайын жеңилдетилген жол-жоболор, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинде каралган бажы иштери жаатындагы администрациялык укук бузуулар тууралу иштер боюнча колдонууга киргизилген жана аткарылбаган токтомдор жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөгү карыздары жокторго;

- өзүнүн коммерциялык документациясын бажы органдарына андагы камтылган маалыматтарды жана товарлардын бажы документтерин толтурганда бажы органдары тарабынан берилген маалыматтарды салыштырууга мүмкүндүк берүүчү жол менен жөнөтүүчүлөргө;

- кеминде үч жыл тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыргандарга;

- минималдуу тобокелдик категориясына таандык болгондор.

2. (КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

3. Атайын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболор төмөнкүлөрдү караштырат:

- товарларды окшоштурууга керек болгон эң аз маалыматтар болгондо товарларды чыгарууга жана төмөндөгүлөргө уруксат берет:

- акыркы жүктүн бажы декларациясын андан ары толтурууга;

- каралган мезгил ичинде алып келинген же ташып чыгарылган бардык товарларга жалпы декларация толтурууга;

- өзүнүн кампаларына товарларды алып өткөн жана товарларын сактаган адамдардын объектеринде бажы жагынан жол-жоболоштурууну өткөрүүгө, ошондой эле ушул Кодексте каралган дагы башка жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболорго.

4. Бажы жагынан жол-жоболоштуруунун атайын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболорун колдонуу жактарды ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларында каралган талаптар менен шарттарды сактоодон, атап айтканда жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын, ошондой эле бажы режиминин шарттарын сактоодон бошото албайт.

 

40-Глава
Товарларды декларациялоо

 

282-статья. Декларацияланууга тийиш болгон товарлар

 

Бардык товарлар бажы чегарасы аркылуу өткөн учурда, бажы режими өзгөргөндө, ошондой эле ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка учурларда бажы органдары тарабынан декларацияланууга тийиш.

 

283-статья. Декларациялоо

 

1. Декларациялоо товарлар жөнүндө, алардын бажы режими тууралу так маалыматтар жана бажы максаттары үчүн зарыл болгон башка маалыматтар бажы органына берилген форма боюнча (жазуу жүзүндө, оозеки, электрондук жана дагы башка жол менен) билдирүү жолу менен жүргүзүлөт.

2. Декларациялоонун тартиби, формасы жана шарттары, ошондой эле бажы максаттары үчүн зарыл болгон маалыматтардын тизмеги ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен менен аныкталат.

 

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-июнундагы № 453 "Жүктүн бажы декларациясын толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы жана Транзиттик декларацияны толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому

 

3. Бажы декларациясында көрсөтүлүүгө тийиш болгон маалыматтардын тизмеги бажы төлөмдөрүн эсептөө жана алуу, бажы статистикасын түзүү жана тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонуу менен гана чектелет.

 

284-статья. Товарларды декларациялоочу жер

 

Товарларга бажы декларациясы бажы декларациясын кабыл алууга укуктуу болгон кандай гана болбосун бажы органына берилиши мүмкүн. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы мыйзамдарынын сакталышына контролдун натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл чара болуп саналган учурларда гана товарлардын айрым категорияларын декларациялоо үчүн айрым бажы органдарын белгилөөгө укуктуу. Мында соода жана транспорт уюмдарынын таламдары эске алынууга тийиш.

 

285-статья. Товарларды декларациялоочу жактар

 

1. Товарларды декларациялоо декларант тарабынан же декларанттын тандоосу боюнча бажы брокери (42-глава) тарабынан жүргүзүлөт.

2. Товарларды декларациялоо жана дагы башка бажы операцияларын жүргүзгөн учурда бажы брокери декларант сыяктуу эле укуктарга ээ болот.

 

286-статья. Декларант

 

1. Товарларды алып өтүүчү жактар, товарга түздөн-түз ээлик кылган жактар же алардын атынан ишеним каттын негизинде иш жүргүзүүчү өкүлдөр ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ушул статьянын 3-пунктунда каралган шарттарды сактаган учурда товарларды тескөөгө укуктуу кандай гана болбосун башка жактар декларант катарында иш алып бара алат.

2. Бажы декларациясын бажы органына берүү үчүн жоопкерчилигин товарларды алып өткөн жак тартат.

3. Ата мекендик жак гана декларант боло алат, буга товарларды бажы чегарасы аркылуу алып өткөн төмөнкүдөй учурлар кирбейт:

жеке жактар коммерциялык эмес максатта;

ушул Кодекстин 30-главасына ылайык бажы жеңилдиктеринен пайдаланган чет өлкөлүк жактар;

белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында катталган (аккредиттелген) өкүлчүлүктөрү бар чет өлкөлүк уюмдар убактылуу ташып келүүнүн, реэкспорттун, транзиттин, ошондой эле мындай өкүлчүлүктөрдүн өз муктаждыктары үчүн ташылып келүүчү товарларды эркин жүгүртүү үчүн чыгаруунун бажы режимдери билдирилген учурда;

транзиттин бажы режими билдирилген учурда чет өлкөлүк жүк ташуучулар.

(КР 2013-жылдын 4-июлундагы № 112 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

287-статья. Декларанттын укуктары

 

Товарларды декларациялоо жана бажы жагынан жол-жоболоштуруу учурунда дагы башка бажы ишин жүргүзгөндө декларант төмөнкүлөргө укуктуу:

1) бажы декларациясын жана бажы максаттары үчүн зарыл болгон документтерди бергенге чейин Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү товарларды карап чыгууга жана өлчөөгө; бажы органынын эскертүүсү менен сынамыктарын жана үлгүсүн алууга. Товарлардын сынамыктарына жана үлгүсүнө өзүнчө бажы декларациясы алар товарларга бажы декларациясында көрсөтүлгөн шартта берилбейт;

2) бажы органдарынын кызматкерлери товарларды текшерүүнү жүргүзгөн учурда (331-статьянын 2-пункту), алар сынамыктарга жана үлгүлөрүн алган учурда (330-статья) катышууга;

3) бажы органдарынын кызматкерлери алган сынамыктарга жана үлгүлөргө жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары менен таанышууга;

4) товарларды декларациялоо үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды ушул Кодекске ылайык электрондук ыкма менен берүү үчүн бажы органдарынын автоматташтырылган маалымат тутумдарына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга;

5) ушул Кодексте каралган дагы башка ыйгарым укуктардан жана укуктардан пайдаланууга.

 

288-статья. Декларанттын милдеттери

 

Декларациялоо учурунда декларант төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) товарларды декларациялоодон өткөрүүгө;

2) бажы органынын талабы боюнча декларациялануучу товарларды берүүгө;

3) бажы максаттары үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды бажы органына берүүгө (275-статья);

4) ушул Кодекстин VI Бөлүмүнө ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөгө же алардын төлөнүшүн камсыз кылууга.

 

289-статья. Декларанттын жоопкерчилиги

 

Декларант бажы декларациясында көрсөтүлгөн жана берилүүчү дагы башка документтердеги маалыматтардын так эместиги үчүн жана бажы төлөмдөрүнүн төлөнүшү үчүн жоопкерчилик тартат.

 

290-статья. Бир товардык партияда камтылган ар кандай аталыштагы

товарларды декларациялоонун өзгөчөлүктөрү

 

1. Декларанттын каалоосу боюнча жана бажы органынын уруксаты менен бир товардык партияда камтылган акцизге караштуу топтун товары болуп саналбаган жана аларга карата жөнгө салуунун тарифтик эмес чаралары колдонулбай турган товарлар Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча бул кодго бажы алымынын ставкасынын алда канча жогорку деңгээли ылайык келет деп бир квалификациялык кодду көрсөтүү менен декларацияланышы мүмкүн.

2. Ар кандай аталыштагы товарларга карата Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча бир классификациялык кодду көрсөтүү декларантты товардык партияда камтылган бардык товарлар жөнүндө бажы максаттары үчүн зарыл болгон так маалыматтарды билдирүү милдетинен бошотпойт.

 

291-статья. Бажы декларациясын берүү мөөнөттөрү

 

1. Эгерде товарларды декларациялоо ушул Кодекстин 196, 204-статьяларында каралган учурларды кошпогондо, алар келген жерде жүргүзүлбөсө, Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарларга бажы декларациясы Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарлар келген жердеги бажы органдарына товарларды берген күндү кошо эсептегенде же ички бажы транзити аяктаган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирилбестен берилет.

Эгерде бажы декларациясын берүү мөөнөтүнүн аякташы бажы органынын жумуш эмес күнүнө туура келсе, бул мөөнөт аяктаган күн болуп бажы органынын жумуш күнүнөн кийинки күн эсептелинет.

2. Декларанттын жүйөлөштүрүлгөн кайрылуусу боюнча бажы органы декларацияны берүү мөөнөтүн узартат. Бажы декларациясын берүү үчүн мөөнөттү узартуу товарларды убактылуу сактоо мөөнөтүн бузууга алып келиши мүмкүн эмес.

3. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары ташылып чыгуучу товарларга бажы декларациясы аларды иш жүзүндө ташып чыкканга чейин берилет.

4. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына бажы эрежелерин бузуу менен алынып кирилген товарларга карата бажы декларация жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартуу тууралуу соттун же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын) чечими мыйзамдык күчүнө кирген күндөн тартып же жоопкерчиликтен бошотуу же бажы эрежелерин бузуу жөнүндө иштин токтотулушу тууралуу соттун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын) чечими мыйзамдык күчүнө кирген күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде берилет.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

292-статья. Алдын ала декларациялоо

 

1. Бажы декларациясы чет элдик товарларга карата алар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин же эгер декларант товарларды бажылык жол-жоболоштуруу үчүн зарыл болгон документтерди ушул Кодекстин 275-статьясына ылайык берсе, ички бажы транзити аяктаганга чейин берилиши мүмкүн.

2. Эгер бажы максаттары үчүн товарларды коштоочу транспорттук же коммерциялык документтер пайдаланылышы керек болсо, бажы органы товарларды алдын ала декларациялоодо декларант тарабынан ал документтердин же документтердеги маалыматтардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн алат жана зарыл болгон учурда көрсөтүлгөн маалыматтарды документтердин түп нускаларында камтылган маалыматтар менен салыштырат.

3. Алдын ала бажылык декларациялоодо бажы декларациясында товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына келгенге жана (же) аларды бажы органына көрсөткөнгө чейин декларантка өзүнүн мүнөзү боюнча белгисиз болушу мүмкүн болгон маалыматтар жок болушу мүмкүн.

Мындай маалыматтар бажы декларациясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте товарларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин киргизилиши керек.

4. Транспорттук же коммерциялык документтердин көчүрмөлөрүнүн негизинде мурда билдирилген баалык, сандык же салмактык көрсөткүчтөр өзгөргөн учурда, баасынын, санынын же салмагынын өзгөргөнүн ырастаган документ милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.

5. Эгер товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келингенден кийин декларант тарабынан мурда билдирилген баалык, сандык же салмактык көрсөткүчтөрдүн ортосунда айырмачылыктар табылса, декларант ушул Кодекстин 295-статьясында каралган тартипте бажы декларациясын чакыртып алууга укуктуу.

6. Эгер товарлар бажы декларациясын кабыл алган бажы органына алар кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 45 календардык күндүн ичинде көрсөтүлбөсө же бул мөөнөттүн ичинде товарларга карата төлөнө турган бажы төлөмдөрүнүн ставкалары өзгөрүп кетсе, бажы декларациясы берилбеген деп эсептелинет.

7. Товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин бажы декларациясын берүүдө жана аны текшерүүнү аяктоодо бажы декларациясы товарларга карата алдын ала операцияларды жана башка бажы жол-жоболорун колдонуу үчүн зарыл болгон жалгыз документ катары пайдаланылышы мүмкүн.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

293-статья. Товарларды декларациялоодо документтерди берүү

 

1. Бажы декларациясын берүү бажы органына бажы максаттары үчүн зарыл болгон документтерди берүү менен коштолууга тийиш (275-статья).

2. Эгерде ушул Кодексте айрым документтерди жана маалыматтарды берүү үчүн башка мөөнөт каралбаса, айрым документтер декларанттын жүйөлөштүрүлгөн кайрылуусу боюнча бажы декларациясы менен бир учурда берилиши мүмкүн болбогон учурларда, бажы органдары мындай документтерди аларды алуу үчүн зарыл болгон мөөнөттө, бирок бажы декларациясы кабыл алынгандан кийин 45 күндөн кечиктирилбестен берүүгө уруксат кылат.

 

294-статья. Бажы декларациясын кабыл алуу

 

1. Берилген бажы декларациясын бажы органы кабыл алат. Бажы декларациясын берүүнүн фактысы жана документтердин берилиши аны бажы органы кабыл алган күн деп белгиленет. Декларанттын суроо-талабы боюнча бажы органы декларация жана документтер берилгендиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү тастыктама берет. Бажы декларациясы кабыл алынгандыгы толтурулган учурдан тартып ал юридикалык мааниге ээ болгон фактыларды күбөлөндүргөн документ болуп калат.

2. Декларация декларант же бажы брокери болуп саналбаган жак тарабынан берилген, декларацияда талап кылынган маалыматтар көрсөтүлбөгөн, бажы декларациясына кол коюлбаган же ал ойдогудай түрдө ырасталбаган же белгиленген формада түзүлбөгөн, декларацияланып жаткан товарлар жагынан бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн же ушул Кодекске ылайык бажы декларациясы берилгенге чейин же аны менен бир учурда аткарылууга тийиш болгон башка иш-аракеттер жасалбаган учурларды кошпогондо, бажы органы бажы декларациясын кабыл алуудан баш тартууга укуксуз. Бажы органы бажы декларациясын кабыл алуудан баш тартуунун себептери жөнүндө декларация берген жакка декларация берилгенден кийинки күндөн кечиктирбестен кабарлайт. Декларанттын суроо-талабы боюнча мындай кабарлама жазуу жүзүндө берилет.

 

295-статья. Бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды

өзгөртүү, толуктоо жана бажы декларациясын кайра алуу

 

1. Бажы декларациясында билдирилген маалыматтар бажы органынын уруксаты менен жана декларанттын жазуу жүзүндөгү жүйөлөштүрүлгөн кайрылуусу боюнча өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн, ал эми бажы органы кабыл алган бажы декларациясы кайра алынышы мүмкүн.

2. Бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды өзгөртүүгө жана толуктоого бажы органы бул жөнүндө декларанттын кайрылуусун алган учурга карата бажы декларациясында көрсөтүлгөн маалыматгардын так эместигин аныктабаган же товарларды текшерүүнү баштабаган учурларда жол берилет, буга товарларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга таасир этпеген болор-болбос так эместиктер билинген учурлар кирбейт.

3. Бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды өзгөртүү же толуктоо бажы органы кабыл алган декларацияда көрсөтүлгөндөн башка товарлар жөнүндө маалыматтарды билдирүүгө алып келиши мүмкүн эмес.

4. Декларанттын жүйөлөштүрүлгөн кайрылуусу боюнча бажы декларациясы ал тарабынан башка бажы режимин билдирүү үчүн товарларды чыгарганга чейин кайра кайтарып алышы мүмкүн. Декларацияны кайра алган учурда бажы органы жаңы бажы декларациясын берүү үчүн мөөнөттү белгилейт, ал кайра алууга уруксат берилген күндөн тартып 15 күндөн ашпайт. Декларацияны кайра алуу бажы алымдарын, салыктарын төлөөнүн мөөнөттөрүн узартпайт.

Муну менен бирге кайра чакырылган жүк бажы декларациясы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте жокко чыгарылат.

5. Кайра алынып жаткан декларация ата мекендик товарларга берилген учурда аларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгуу максаты үчүн бажы декларациясы башка себептер боюнча, ошондой эле товарлар чыгарылгандан кийин, бирок алар Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары жакка иш жүзүндө ташылып чыкканга чейин кайра алынышы мүмкүн. Бул товарларга жаңы бажы декларациясын берүү үчүн мөөнөт белгиленбейт.

6. Бажы органынын кызматкерлери өз демилгеси, таламдаш жактардын тапшыруусу же өтүнүчү боюнча бажы декларациясын толтурууга, бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды өзгөртүүгө же толуктоого, буга бажы органдарынын компетенциясына кирген маалыматтарды өзгөртүү же толуктоо учурлары кирбейт, ошондой эле машинада иштетүү үчүн колдонуучу код коюлган маалыматтарды ага киргизүүгө укуксуз, эгерде мындай маалыматтар бажы декларациясында код коюлбаган түрүндө бар болсо.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

296-статья. Убактылуу бажы декларациясы

 

1. Түтүк өткөргүч транспортту пайдалануу же электр берүү линиялары боюнча товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары ташып чыккан учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасында аныкталган башка учурларда убактылуу бажы декларациясын берүү жолу менен товарларды алдынала декларациялоого жол берилет. Товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан иш жүзүндө ташып чыккандан кийин декларант бажы органы белгилеген мөөнөттө толук жана тиешелүү түрдө толтурулган бажы декларациясын берүүгө милдеттүү.

2. Убактылуу декларацияда белгилүү убакыттын ичинде болжолдуу сандагы товарларды ташып чыгуу ниетинде товарлардын санына ылайык аныкталуучу, бажы чегарасы аркылуу алып өтүүгө пландаштырылган жана (же) тышкы экономикалык бүтүмдүн шарттарында, товардын баасын аныктоо тартибинде, ошондой эле товардын болжолдуу сапатына карата каралган шарттуу бажы наркына (баасына) таянуу менен маалыматтарды билдирүүгө жол берилет.

Убактылуу бажы декларациясын колдонгон учурда экономикалык мүнөздөгү тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары бажы органы бул декларацияны кабыл алган күнгө карата колдонулат.

 

297-статья. Толук эмес бажы декларациясы

 

1. Эгерде декларант өзүнө байланыштуу болбогон себептерден улам бажы декларациясын толтуруу үчүн зарыл болгон бүткүл маалыматка ээ болбосо, толук эмес бажы декларациясында товарларды чыгаруу үчүн зарыл болгон маалыматтар билдирилгенде уруксат берилет жана, эгерде айрым маалыматтарды берүү үчүн башка мөөнөт ушул Кодексте каралбаган болсо, декларант жетишпеген маалыматтарды бажы органы белгилеген мөөнөттө берүү милдетин кабыл алат, ал мөөнөт бажы органы толук эмес бажы декларациясын кабыл алган күндөн тартып 45 күндөн ашпайт.

2. Эгерде бажы органы толук эмес бажы декларациясын кабыл алса, эң башында толук жана тиешелүү түрдө толтурулган бажы декларациясы берилгендей бажы мыйзамдарынын талаптары жана шарттары, анын ичинде бажы төлөмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби колдонулат.

 

298-статья. Мезгилдүү бажы декларациясы

 

1. Бир эле товарларды бир эле жак бажы чегарасы аркылуу дайыма алып өткөн учурда бажы органы белгилүү мезгилдин ичинде бажы чегарасы аркылуу алынып өткөн бардык товарларга бир бажы декларациясын берүүгө уруксат кыла алат.

2. Мезгилдүү бажы декларациясын колдонуу товарларды убактылуу сактоонун эң жогору мөөнөтүн бузууга же бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөттөрүн бузууга алып келиши мүмкүн эмес.

 

41-Глава
Товарларды чыгаруу

 

299-статья. Товарларды чыгаруу үчүн негиздер

 

1. Товарларды чыгарууну бажы органдары төмөнкүдөй шарттар сакталган учурда жүзөгө ашырат:

1) бажы жагынан жол-жоболоштуруу жана товарларды текшерүү учурунда бажы органдары бажы мыйзамдарын бузууларды таппаган учурда, буга табылган эреже бузуулар жоюлган, ал эми эреже бузуунун объектиси болуп саналган товарлар андан ары алынып коюлууга же конфискацияланууга тийиш болбогон, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык же жазык иши боюнча мүлктүк далил катарында талап кылынышы мүмкүн болбогон учурларда;

2) бажы органына Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды чыгаруу үчүн зарыл болгон лицензиялар, сертификаттар, уруксат берилген, буга мындай лицензиялар, сертификаттар же уруксат товарлар чыгарылгандан кийин берилиши мүмкүн болгон учурлар кирбегенде;

3) жактар товарларды тандалган бажы режимине жайгаштыруу же ушул Кодекске ылайык тиешелүү бажы жол-жоболорун колдонуу үчүн зарыл болгон талаптар жана шарттар сакталганда;

4) товарлар бажы алымдары, салыктары төлөнгөн же аларды төлөө ушул Кодекстин 36-главасына ылайык камсыз кылынганда.

2. Ушул Кодексте каралган учурларда товарларды чыгаруу декларант товарларды идентификациялоо үчүн зарыл болгон коммерциялык же дагы башка документти берген, бажы төлөмдөрү төлөнгөн же аларды төлөө ушул Кодекстин 36-главасында аныкталган тартипте камсыз кылынганда бажы декларациясы берилгенге чейин жана (же) бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча иш жүргүзүүсүн аяктаганга чейин жүргүзүлүшү мүмкүн. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча иш жүргүзүүсүн аяктаганга чейин товарларды чыгарууга декларант бажы декларациясын берүү жана (же) зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды бажы органына белгиленген мөөнөттө берүү жөнүндө милдеттерди аткарган учурда жол берилет, эгерде айрым документтерди жана маалыматтарды берүү үчүн башка мөөнөт ушул Кодексте каралбаган болсо, товарлар чыгарылган күндөн тартып 45 күндөн ашпайт.

Бажы декларациясы берилгенге чейин товарлар чыгарылган учурда товарларды чыгарган күндө колдонулган бажы алымдарынын, салыктарынын ставкалары, чет өлкөлүк валютанын наркы жана жөнгө салуунун тарифтик эмес чаралары колдонулат.

 

300-статья. Товарларды чыгаруу мөөнөттөрү

 

Бажы органдары товарларды чыгарууну мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, бирок товарларды текшерүү аяктаган (311-статьянын 2-пункту) же мындай текшерүүнү жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки күндөн кечиктирбестен жүргүзөт.

 

301-статья. Товарлардын документтерин, сынамыктарын жана үлгүлөрүн

изилдөө же эксперттин корутундусун алуу зарылчылыгы

болгондо товарларды чыгаруу

 

Эгерде бажы органдары бажы декларациясында же бажы органдары тарабынан берилген дагы башка документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын тактыгын текшерүү максатында товарлардын сынамыктарын же үлгүлөрүн (330-статья), толук техникалык документтерди изилдөө же экспертизадан өткөрүү зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алса, товарларды чыгаруу декларант ушул Кодекстин 36-главасына ылайык изилдөөнү же экспертизаны өткөрүүнүн натыйжасы боюнча кошумча эсептелүүгө тийиш болгон бажы алымдарын, салыктарын төлөөнү камсыз кылганда мындай изилдөөлөрдүн же экспертизанын натыйжалары алынгандан кийин жүргүзүлөт. Бажы органдары товарларга жөнгө салуунун тарифтик эмес чаралары колдонулушу мүмкүн экендигин жана декларант аларды сактоону тастыктаган далилдерди бербегендигин көрсөткөн белгилерди тапкан учурда гана товарларды чыгаруу жүргүзүлбөйт.

 

42-Глава
Бажы брокери

 

302-статья. Бажы брокери

 

1. Ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык бажы брокери катарында иш жүргүзгөн ата мекендик жак гана бажы брокери боло алат.

2. Мамлекеттик мекеме бажы брокери боло албайт.

 

303-статья. Бажы брокеринин иши

 

1. Бажы брокеринин иши декларанттын же дагы башка таламдаш жактардын атынан алардын тапшыруусу боюнча бажы жагынан жол-жоболоштуруу, алдынала жана дагы башка бажы ишин жүргүзүү боюнча иш-аракеттерди жасоодон турат.

2. Бажы брокери ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык товарлардын бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча бажы ишин жүргүзүү учурунда өз милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылат.

3. Бажы брокери алдынала дагы башка бажы жол-жоболорунун жана бажы режимдеринин учурунда бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу жагынан ал өкүлү болгон жак үчүн бажы органдарынын алдында кепил катары чыгууга укуктуу.

4. Бажы ишин жүргүзгөн учурда бажы брокерине ушул Кодекске ылайык декларант же дагы башка жактар тарабынан бажы иши жүргүзүлгөн учурда белгиленгенден, талап кылынгандан анча оңтойсузураак шарттар белгиленүүгө же алда канча катуу талаптар коюлууга тийиш эмес.

 

304-статья. Бажы брокеринин укуктары, милдеттери

жана жоопкерчилиги

 

1. Бажы брокери өзү өкүл болгон жактын атынан кандай болбосун бажы жол-жоболорун жүргүзүүгө укуктуу.

Бажы брокери ага бажы органдары менен өз ара мамилелерде өзүнүн кызыкчылыктарын билдирүүгө ыйгарым укук берген жак сыяктуу эле укуктарга ээ.

2. Бажы жагынан жол-жоболоштуруунун, алдынала жана башка бажы ишин жүргүзүүнүн учурунда бажы брокеринин милдеттери товарларды бажы режимине же бажы жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн зарыл болгон бажы жол-жобосу жагынан ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар жана шарттар менен шартгалган. Мындай операцияларды жүргүзүү фактысы бажы брокерине бажы режиминин колдонулушунун аяктагандыгына байланышкан операцияларды жүргүзүү боюнча милдеттерди, ошондой эле ушул Кодекске ылайык товарларды алып өтүүчү жакка, ташып өтүүчүгө же башка аталган жакка гана жүктөлгөн башка милдеттерди жүктөбөйт.

3. Ушул Кодекске ылайык бажы декларациясы берилгенге чейин же аны берүү менен бир эле учурда төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн бажы брокери декларант менен бирдей жоопкерчилик тартат.

4. Бажы брокеринин бажы органдарынын алдындагы милдеттери жана жалпы жоопкерчилиги ал өкүлчүлүк кылган жак менен түзгөн келишим тарабынан чектелиши мүмкүн эмес.

 

305-статья. Бажы брокеринин өкүл болгон жак менен

өз ара мамилелери

 

Бажы брокеринин өкүл болгон жак менен болгон өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдик негизде түзүлөт.

 

306-статья. Өкүл болгон жактардан алынган маалыматка бажы

брокеринин тиешеси

 

Өкүл болгон жактардан алынган, коммерциялык, банктык же мыйзам тарабынан корголуучу дагы башка сырды түзгөн маалымат жана купуя маалымат бажы брокери же анын кызматкерлери тарабынан ачыкка чыгарылууга, өз максаттарында пайдаланылууга, башка жактарга берилүүгө тийиш эмес, буга Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарында каралган учурлар кирбейт.

 

307-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адис

 

Атайын орто же жогорку билими бар, бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адистин квалификациялык күбөлүгүн алууга экзамен тапшырган аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адис боло алат.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

308-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адистин

квалификациялык күбөлүгү

 

1. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адистин квалификациялык күбөлүгү анын ээсинин квалификациялык аттестат колдонулган мөөнөттүн ичинде бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адис катарында иштөө укугун ырастаган документ болуп саналат.

2. квалификациялык күбөлүгүн берүү тартиби жана бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адистерге коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү "Бажы брокери жөнүндө" жободо белгиленет.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

VIII БӨЛҮМ
БАЖЫ КОНТРОЛУ

 

43-Глава
Бажы контролуна тиешелүү жалпы жоболор

 

309-статья. Бажы контролунун объекттери

 

Бажы органдары тарабынан бажы контролу төмөндөгүлөргө карата жүргүзүлөт:

бажы чегарасы аркылуу алып өтүлүүчү товарлар жана транспорттук каражаттарына;

бажы органдарына берүү ушул Кодексте каралган товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндөгү маалыматтарды камтыган документтерге;

бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизилген жактардын ишине;

товарларды пайдаланууга жана тескөөгө белгиленген чектөөлөрдү сактоого;

бажы төлөмдөрүн эсептөөгө жана төлөөгө.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

310-статья. Бажы контролун жүргүзүү принциптери

 

1. Бажы контролун жүргүзгөн учурда бажы органдары тандоо принцибине таянат жана бажы мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн жетиштүү болгон формалар менен гана чектелет.

2. Бажы контролун өркүндөтүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чет мамлекеттердин бажы органдары менен кызматташат, алар менен өз ара жардам жөнүндө макулдашууларды түзөт.

3. Бажы органдары бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында тышкы экономикалык иштин катышуучулары, жүк ташуучулар жана иши товарлардын тышкы соодасын жүзөгө ашыруу менен байланышкан дагы башка уюмдар жана алардын кесиптик бирикмелери (ассоциациялары) менен кызматташууга умтулушат.

4. Бажы контролунун формаларын тандоо учурунда тобокелдикти башкаруу тутуму пайдаланылат. Бажы чегарасы аркылуу товарларды өткөрүүдөгү бажы контролу, бажы органдары товар өткөрүп жаткан адам тарабынан бажы мыйзамдары сакталып жаткандыгын ырастоого жетээрлик минималдык деңгээлде жүргүзүлүшү керек. Бажы органдары бажы контролунан өтө турган товарларды, транспорттук каражаттарды, документтерди жана адамдарды аныктоо үчүн анализ жана тобокелдикти башкаруу ыкмаларын пайдаланышат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

310-1-статья. Тобокелдикти башкаруу тутумуна негизделген бажы

контролунун принциптерин пайдалануу боюнча бажы

органдарынын иштери

 

Бажы органдары бажы чегарасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды өткөрүүгө байланышкан маалыматтарды жыйнайт жана иштеп чыгат, тобокелдикти башкаруу ыкмасын пайдалануу менен статистикалык жана оперативдүү маалыматтарды талдайт. Бажы чегарасы аркылуу товарларды өткөрүүгө чек коюуга негиз болбогон, бажы контролунун жиктелген формаларын пайдалануу үчүн бажы контролун өткөрүүдө пайдаланылган тобокелдиктин көрсөткүчтөрүнүн тизмесин аныкташат. Бажы ишинин маселелери боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте, адамдар минималдуу же максималдуу тобокелдик категориясына киргизилиши мүмкүн.

Адамдарды минималдуу жана максималдуу тобокелдик категориясына киргизүү жана аларга карата бажы жол-жоболорунун жана бажы контролунун формаларынын башка түрлөрүн пайдалануу анализдин жана тобокелдикти баалоонун негизинде аныкталат.

Бажы органдары адамдарды профилдөөнү жүргүзүү жана аларды категориялар боюнча бөлүү үчүн тобокелдикти башкаруунун ыкмаларынын негизинде төмөнкүдөй жол-жоболорду контролдоону жүргүзүшү керек:

1) бажы процедураларын өтүүдө артыкчылыкка ээ болгон, өз эрки менен, бажы мыйзамдарын сактаган;

2) жогорку даражадагы контролду талап кылган.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

311-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштурууда бажы декларациясын

жана дагы башка документтерди, товарларды текшерүү

 

1. Бажы жагынан жол-жоболоштурууда, алдынала жана дагы башка бажы ишин жүргүзүүдө бажы органдары бажы декларациясынын туура толтурулгандыгына жана берилген документтер белгиленген талаптарга ылайык келе тургандыгына ынануу үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди жасайт. Товарларды декларациялоодо бажы декларациясын жана аны менен бир учурда берилүүчү башка документтерди текшерүү бажы органы бажы декларациясын кабыл алган күндөн тартып үч күндөн ашпаган мөөнөттө аяктоого тийиш. Алдынала жана башка бажы ишин жүргүзүүдө документтерди текшерүү ушул Кодексте каралган мөөнөттө же анда аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

2. Товарлар чыгарылганга чейин бажы органдары товарлардын аталышы, чыгарылышы, саны жана наркы бажы декларациясында жана ушул Кодекске ылайык бажы максаттарында колдонулуучу башка документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык келе тургандыгын аныктоо үчүн зарыл болгон жол-жоболорду жүргүзөт. Товарларды текшерүү бажы органына алар берилген күндөн тартып үч жумуш күнүнөн кечиктирилбестен аяктоого тийиш.

 

312-статья. Бажы контролдугу астында турган товарлар

 

1. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарлар бажы чегарасынан өткөн учурдан тартып Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенде жана:

эркин жүгүртүү үчүн чыгарылганга;

жок кылынганга;

мамлекеттин пайдасы үчүн баш тартылганга же башкача ыкма менен алар мамлекеттик менчикке айландырылганга;

Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары жакка иш жүзүндө ташылып чыгарганга чейин бажы контролунда турган статуска ээ болот.

Бажы контролдугу астында турган товарларды пайдаланууга жана тескөөгө ушул Кодексте аныкталган тартипте жана шарттарда жол берилет.

2. Ата мекендик товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары жакка ташылып чыкканда бажы декларациясы берилген же товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары жакка ташып чыгуу ниетин жүзөгө ашырууга түздөн-түз багытталган башка иш-аракет жасалган учурдан тартып жана бажы чегарасынан өткөнгө чейин бажы контролдугу астында турган статуска ээ болот.

Ушул пункттун биринчи абзацынын жоболоруна карабастан, бажы органдары ушул бөлүмдө каралган тартипте бажы режимдеринин шарттарына ылайык ата мекендик товарларды же аларды иштетүүдөн алынган продуктуларды кайра ташып келүү жөнүндө жактардын милдеттенмелеринин аткарылышына контролдук кылат.

 

313-статья. Бажы контролунун зоналары

 

1. Ушул Кодекс менен аныкталган жерлерде бажы контролу жана бажы жолжоболору боюнча процедураларды жүзөгө ашыруу максатында туруктуу же убактылуу болушу мүмкүн болгон бажы көзөмөлүнүн зоналары түзүлөт.

2. Бажы контролунун туруктуу зоналары бажы чек арасын бойлото, бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында, бажы органдарына тиешелүү жайларда жана аймактарда, бажы иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу чөйрөсүнө жакын жерлерде түзүлөт.

3. Бажы контролунун убактылуу зоналары ушул статьянын 2-пункту менен каралбаган башка жерлерде түзүлөт.

4. Башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын кошкондо, жактардын өндүрүштүк жана башка коммерциялык иштерди жүзөгө ашыруусуна, товарларды, транспорт каражаттарын бажы контролунун зоналарынын чек аралары аркылуу жана анын чектеринде өткөрүүсүнө ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында белгиленген учурларды кошпогондо, бажы органдарынын уруксаты менен жана алардын көзөмөлү алдында жол берилет.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 ,  2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

314-статья. Бажы контролун жүргүзө турган жер

 

Эгерде Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана дагы башка укуктук актыларында башкасы каралбаса, бажы контролу ушул Кодекстин 44-главасында каралган тартипте бажы контролунун зонасында, ошондой эле ушул Кодексте аныкталуучу товарлар, транспорт каражаттары жана алар жөнүндөгү маалыматтарды камтыган документтер турган кандай болбосун башка жерлерде, анын ичинде электрондук түрдө жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

 

315-статья. Бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди

жана маалыматтарды берүүнүн милдеттүүлүгү

 

1. Бажы чегарасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды алып өтүүчү же бажы контролдугу астында турган товарлар жагындагы ишкердик менен алектенген жактар бул органдарга документтерди жана маалыматтарды берүүгө, анын ичинде бажы контролу үчүн зарыл болгон электрондук түрдөгүсүн берүүгө милдеттүү.

2. Бажы органы бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды жазуу жүзүндө жана (же) электрондук таризде суратат.

3. Документтерди жана маалыматтарды берүү талабы жөнөтүлгөн жак аларды бажы органына токтоосуз, ал эми аларды даярдоо же башка жактардан алуу зарылчылыгы болгон учурда - беш күндөн кечиктирилбестен жөнөтүүгө же берүүгө милдеттүү. Жактын жүйөлөштүрүлгөн кайрылуусу боюнча көрсөтүлгөн мөөнөт бажы органы тарабынан документтерди жана маалыматтарды берүү үчүн зарыл болгон убакытка узартылат.

4. Бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди жактар товарлар бажы контролунда турган статусун жоготкон жылдан кийин кеминде үч календардык жыл бою сактоого тийиш. Бажы брокерлери жана бажы контролдугу астында турган товарлар жагындагы ишкердик менен алектенген дагы башка жактар документтерди товарлар жагынан бажы жагынан жол-жоболоштуруу жүргүзүлгөн жылдан кийин беш календардык жыл бою сактоого тийиш.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

44-Глава
Бажы контролун жүргүзүүнүн формалары жана тартиби

 

316-статья. Бажы контролунун формалары

 

Бажы контролунун формалары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) документтерди жана маалыматтарды текшерүү;

2) оозеки сурап билүү;

3) түшүндүрмөлөрдү алуу;

4) товарларды жана транспорттук каражаттарды кароо;

5) бажылык жеткире кароо;

6) жеке жеткире кароо;

7) Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарында каралган учурларда товарларга атайын маркалар менен маркировкалоо же аларга идентификациялык белгилерди коюу;

8) аудит ыкмаларын пайдалануу менен бажы контролун жүргүзүү;

9) товарларды эсепке алуу.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

317-статья. Документтерди жана маалыматтарды текшерүү

 

1. Бажы органдары документтердин аныктыгын жана аларда камтылган маалыматтардын тактыгын аныктоо максатында ушул Кодекске ылайык товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы жагынан жол-жоболоштурууда берилген документтерди жана маалыматтарды текшерет.

2. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу жүргүзүлгөндө бажы органдарына берилген маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүү аларды башка булактардан алынган маалымат менен салыштыруу, атайын бажы статистикасынын маалыматтарын талдоо, программалык каражаттарын пайдалануу менен маалыматтарды иштетүү жолу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка ыкмалар менен жүргүзүлөт.

3. Бажы жагынан жол-жоболоштурууда бажы органы бажы декларациясында, берилген документтерде камтылган маалыматтарды текшерүү максатында жана дагы башка бажы максаттарында кошумча документтерди жана маалыматтарды суратууга укуктуу. Мындай документтерди жана маалыматтарды бажы органы жазуу жүзүндө суратат жана аларды берүү үчүн жетиштүү болгон мөөнөттү белгилейт.

4. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу жүргүзүлгөн учурда берилген документтерди жана маалыматтары текшерүү товарларды чыгарууга тоскоолдук кылбайт (299-статья), буга бажы органы ушул Кодекстин 311-статьясынын 1-пунктунда белгиленген мөөнөттө жасалма же жараксыз документтерди, мыйзамсыз жол менен алынган документтерди, же башка товарларга тиешелүү документтерди, ошондой эле документтерде камтылган анык эмес маалыматтарды тапкан болсо, эгерде бул маалыматтар бажы органы товарларды чыгаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алынышына, аларды суратылган бажы режимине жайгаштырууга жана (же) бажы төлөмдөрүн төлөөгө таасир этсе, мындай учурлар кирбейт.

5. Документтерди жана маалыматтарды текшерүүнү бажы органдары тандап текшерүү жолу менен жүргүзөт.

 

318-статья. Оозеки сурап билүү

 

Бажы чегарасы аркылуу өтүүчү товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы жагынан жол-жоболоштуруу жүргүзгөндө алдынала жана дагы башка бажы ишин жүргүзүүдө бажы органдарынын кызматкерлери ушундай товарлар жана транспорт каражаттары жагынан ыйгарым укуктарга ээ болгон уюмдардын өкүлү болуп саналган жеке жактарды, ошондой эле жактарды көрсөтүлгөн жактарга жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү жол-жоболоштурбастан оозеки сурап билип өткөрүүгө укуктуу.

 

319-статья. Түшүндүрмөлөрдү алуу

 

1. Түшүндүрмөлөрдү алуу - бажы органдарынын кызматкери тарабынан товарларды алып өтүүчү жактардан, декларанттардан жана бажы контролун жүзөгө ашыруу үчүн мааниси бар кырдаалдар жөнүндө маалыматы бар башка жактардан зарыл маалыматты алышы.

2. Түшүндүрмө жазуу жүзүндө, каалагандай формада жол-жоболоштурулат.

3. Түшүндүрмөнү алуу үчүн ташып чыгуу жөнүндө жакка уктуруу каражаты жана түшүндүрмөнү алуучу жер түшүндүрмөнү алуу түрүндө бажы контролун жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу бажы органынын кызматкери тарабынан аныкталат.

 

320-статья. Товарларды, транспорттук каражаттарды кароо жана

аларды бажы жагынан жеткире кароо

 

1. Бажы органынын кызматкерлери тарабынан товарлардын жана транспорттук каражаттардын, анын ичинде эларалык почта жиберүүлөрүн, жеке жактардын жүгүнүн каралышы жана аларды бажы жагындагы жеткире кароо бажы контролдугу астындагы товарлардын мүнөзү, түбү, абалы, саны жөнүндө, товарларда, транспорттук каражаттарда жана алардын жүк салынуучу жайларында бажы пломбаларынын, мөөрлөрүнүн жана башкалар басылган идентификациялоо каражаттарынын бар экендиги жөнүндөгү маалыматтардын тастыктоосун алуу максатында жүргүзүлөт.

2. Товарларды жана транспорттук каражаттарды кароо - бажы контролунун максаттары үчүн товарларды, жеке жактардын жүгүн, транспорттук каражаттарды, жүк салынуучу сыйымдуулуктарын, бажы пломбаларынын, мөөрлөрүнүн жана товарларды идентификациялоонун башка каражаттарынын бар же жоктугун тышынан көз жүгүртүп каралат, эгерде мындай кароо транспорттук каражаттарды же анын жүк салынуучу жайларын ачпастан жана товарлардын таңгагын бузбастан кароо менен байланыштуу болбосо.

3. Бажы контролунун зонасында товарларды жана транспорттук каражаттарды кароо декларант, товарлар жана транспорттук каражаттар жагынан ыйгарым укуктарга ээ болгон жактар жана алардын өкүлдөрү жок учурда жүргүзүлүшү мүмкүн, буга аталган адамдар кароо ниетин билдирген учурлар кирбейт.

4. Товарларды жана транспорттук каражаттарды кароонун жыйынтыктары боюнча товарлар жана транспорттук каражаттар жөнүндө маалыматтар билдирилген маалыматтарга жана көрсөтүлгөн документтерге туура келбегендиги, товарлардын жана транспорт каражаттарынын бүтүндүгүнүн же товарлардын бузулгандыгын көрсөтүүчү сырткы белгилеринин бүлүнгөнү аныкталганда, кароону жүргүзгөн бажы органынын кызматкери тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү формада акт түзүлөт. Актынын экинчи нускасы, кароонун жыйынтыктары менен товарларга жана (же) транспорттук каражаттарга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон жакка тапшырылат.

5. Бажы жагынан жеткире кароо - товарларды жана транспорттук каражаттарды кароо, ал товарлардын таңгагын же транспорттук каражаттардын жүк салынган жайларын же сыйымдуулуктарды, контейнерлерди жана товарлар болушу мүмкүн болгон башка жерлерди ачуу менен байланышкан.

Бажы жагынан жеткире кароо, эреже катарында, товарларга бажы декларациясы берилгенден кийин жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келинүүчү товарларга бажы декларациясы берилгенге чейин бажы жагынан жеткире кароо бажы максаттары үчүн товарларды идентификациялоо максатында же бажы мыйзамдары бузулгандыгы жөнүндө маалымат болгондо мындай маалыматты текшерүү, ошондой эле тандап текшерүү принцибин сактоо менен тобокелдикти башкаруунун негизинде бажы контролун өткөрүү максатында жүргүзүлүшү мүмкүн.

6. Жеткире кароодо декларант, товарлар жана (же) транспорт каражаттары жагынан ыйгарым укукка ээ болгон дагы башка жактар же алардын өкүлдөрү катыша алат, ал эми бажы органынын кызматкерлеринин талабы боюнча катышууга милдеттүү. Жүк ташуучу тарабынан атайын ыйгарым укук берилген өкүл жок болгондо транспорттук каражатын башкарган жеке жак ушундай өкүл болуп саналат.

7. Бажы органы декларант, товарлар жана (же) транспорттук каражаттар жагынан ыйгарым укукка ээ болгон дагы башка жактар же алардын өкүлдөрү жок учурда товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы жагынан жеткире кароону жүргүзүүгө төмөнкүдөй учурларда укуктуу:

1) товарлар жана транспорттук каражаттар бажы органдарына берилгенден тартып 15 күн өткөндөн кийин аталган жактар келбегенде;

2) мамлекеттик коопсуздукка, коомдук тартипке, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, жаныбарларга, өсүмдүктөргө, жаратылыш айлана-чөйрөсүнө, маданий дөөлөттөрдү сактап калууга коркунуч бар болгондо жана кечиктирүүгө болбой турган башка кырдаалдарда;

3) товарларды эларалык почта жиберүүлөрү менен жөнөткөндө (29-глава);

4) товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы режиминин шарттарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына калтырганда.

Аталган учурларда товарларды жана транспорттук каражаттарды жеткире кароо калыс күбөнүн катышуусу менен жүргүзүлөт.

8. Эгерде бажы декларациясында көрсөтүлгөн товарлардын бир бөлүгү бир аталыштагы товар катары жеткире кароого алынган болсо, анда мындай жеткире кароонун натыйжалары бажы декларациясында көрсөтүлгөн бардык ушундай товарларга жайылтылат. Декларант же товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон дагы башка жак, эгерде жеткире кароонун натыйжалары бардык товарларга жайылтылышы мүмкүн эмес деп эсептесе, товарлардын калган бөлүгүнө кошумча жеткире кароо өткөрүүнү талап кылууга укуктуу.

9. Бажылык кароонун жыйынтыктары боюнча товарлар жана транспорттук каражаттар жөнүндө маалыматтар билдирилген маалыматтарга жана көрсөтүлгөн документтерге туура келбегендиги, товарлардын жана транспорт каражаттарынын бүтүндүгүнүн же товарлардын бузулгандыгын көрсөтүүчү сырткы белгилеринин бүлүнгөнү аныкталганда, бажы органынын кызматкери тарабынан кароонун актысы эки нускада түзүлөт. Бажы жагындагы жеткире кароо өткөрүлгөндүгү тууралу актыда төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:

бажы жагындагы жеткире кароо өткөргөн бажы органынын кызматкерлери жана аны өткөргөндө катышкан адамдар жөнүндөгү маалыматтар;

бажы жагындагы жеткире кароону декларант же товарларга жана (же) транспорттук каражаттардын карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жак болбогондо өткөрүүнүн себептери;

жеткире кароонун натыйжалары.

Актынын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен бекитилет.

Актынын экинчи нускасы товарларга жана (же) транспорттук каражаттардын карата ыйгарым укуктарга ээ болгон жакка же анын өкүлүнө тапшырылат.

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

321-статья. Жеке жеткире кароо

 

1. Жеке жеткире кароо бажы контролунун өзгөчө формасы катары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегарасы аркылуу өтүп баратканда жана бажы контролунун зонасында же эларалык каттоо үчүн ачык аэропорттун транзит зонасында турган жеке жак тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүгө тыюу салынган же бул аймактан ташып чыгууга тыюу салынган, же ушул Кодексте белгиленген тартипти бузуу менен алып өтүп бараткан товарларды өзүнүн жанына катып алды жана чыгарбай жатат деп болжолдоого негиздер болгондо бажы органынын начальнигинин же аны алмаштырган адамдын чечими боюнча жасалышы мүмкүн.

2. Жеке жеткире кароону баштаардын алдында бажы органынын кызматкери жеке жакка бажы органынын начальнигинин же аны алмаштырган адамдын чечими жөнүндө жарыялоого, жеке жакты мындай жеткире кароону жасагандыгы анын укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга жана катылган товарларды өз ыктыяры менен берүүнү сунуш кылууга милдеттүү.

3. Жеке жеткире кароо санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген өзүнчө бөлүнгөн жайда каралып жаткан адам менен бир жыныста болгон бажы органынын кызматкери тарабынан ушундай эле жыныстагы эки калыс күбөнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Бул жайга башка жеке жактардын кириши жана жеке жеткире кароонун жүргүзүлүшүнө алар тарабынан көз салуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылууга тийиш. Каралып жаткан адамдын денесин изилдөө медициналык кызматкер тарабынан гана жүргүзүлүүгө тийиш, ал бажы органынын начальнигин же аны алмаштырган адамдын жеке-жеткире кароо жүргүзүү жөнүндөгү чечимин аткаруудан баш тартууга укуксуз.

4. Жеке жеткире кароо өткөрүлгөндүгү тууралу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасында аныкталган форма боюнча эки нускада акт түзүлөт.

Актыга жеке жеткире кароо жүргүзгөн бажы органынын кызматкери, өзүнө карата жеке жеткире кароо өткөрүлгөн жеке жак, калыс күбөлөр, ал эми каралып жаткан адамдын денеси изилденгенде-медициналык кызматкер да кол коет. Өзүнө карата жеке жеткире кароо өткөрүлгөн жеке жак билдирүү жасоого укуктуу, ал актыга киргизилет. Актынын экинчи нускасы өзүнө карата жеке жеткире кароо өткөрүлгөн жеке жакка тапшырылууга тийиш.

 

322-статья. Товарларга атайын маркалар менен маркировкалоо,

аларга идентификациялык белгилерди коюу

 

1. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда бажы контролун бажы органдары товарлардагы (же алардын таңгагындагы) атайын маркаларды, идентификациялык белгилерди же аларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктоо үчүн пайдаланылуучу товарларды белгилөөнүн дагы башка ыкмаларынын бар же жоктугун текшерүү жолу менен жүргүзүлөт.

2. Товарлардагы атайын маркалардын, идентификациялык белгилердин же товарларды белгилөөнүн дагы башка ыкмаларынын жок болушу, эгерде мындай товарлары табылган жак же башка таламдаш жак андай эместигин далилдей албаса, бажы жагынан жол-жоболоштурууну жүргүзбөстөн жана товарларды чыгарбастан товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүү фактысынын тастыкталышы катары каралат.

 

323-статья. Аудит усулдарын колдонуу менен бажы контролун жүргүзүү

 

1. Бажы органдары тобокелдикти башкаруунун тутумунун принциптерин колдонуп аудит ыкмаларын пайдалануу менен бажы контролун жүргүзөт.

2. Аудит ыкмаларын пайдалануу менен жүргүзүлүүчү бажы контролу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин же аудит өткөрүлө турган адамга түп нускасы берилген, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген жазма буйруктун негизинде аны алмаштырган жактын жазуу жүзүндөгү чечими менен өткөрүлөт.

3. Аудит ыкмаларын пайдалануу менен жүргүзүлүүчү бажы контролу өткөргөн учурда бажы органдары өз компетенциясынын чектеринде маалыматты коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен текшерилип жаткан жактын автоматташтырылган маалымат тутумдарынын базаларына жана маалымат банктарына кирүү мүмкүнчүлүгүн алууга укуктуу.

4. Аудит усулдары пайдаланылган бажы контролу товарлардын 30 жумушчу күндөн ашык улантылышы мүмкүн болбогон бажы контролу астындагы статусунан ажыраган күндөн тартып бир жылдын ичинде жүргүзүлүшү мүмкүн.

5. Ошол эле товарларга карата кайталап аудит ыкмаларын пайдалануу менен жүргүзүлүүчү бажы контролу өткөрүүгө жол берилбейт.

6. (КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

7. Өткөрүлгөн аудит ыкмаларын пайдалануу менен жүргүзүлүүчү бажы контролунун натыйжалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен аныктала турган форма боюнча жол-жоболоштурулат. Аталган акт аудит бүткөндөн кийин 3 жумуш күнүнүн ичинде түзүлөт. Актынын экинчи нускасы аудит өткөргөн жакка тапшырылууга тийиш.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196, 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

324-статья. Товарларды эсепке алуу

 

1. Шарттуу чыгарылган товарларды камсыз кылуу максаттарында, ошондой эле ташып келүү же ташып чыгуу учурунда жана дагы башка бажы максаттары үчүн квота (анын ичинде тарифтик) белгиленген товарларга контролду бажы органдары бажы чегарасы аркылуу алынып өтүүчү товарлардын жана транспорттук каражаттардын эсебин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасында аныкталган тартипте жана формаларда ушул Кодекске ылайык бажы жагынан жол-жоболоштуруу жана бажы контролунун учурунда берилүүчү маалыматтардын негизинде жүргүзөт.

2. Шарттуу чыгарылган товарларды жана транспорттук каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланган жактар жана ушул Кодексте аныкталган дагы башка жактар алардын эсебин жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасында аныкталган тартипте бажы органдарына отчет берүүгө милдеттүү.

 

45-Глава
Бажы контролун жүзөгө ашыруудагы экспертизалар жана изилдөөлөр

 

325-статья. Бажы контролун жүзөгө ашыруудагы экспертиза дайындоо

 

1. Товарларды, транспорттук каражаттарды, идентификациялоо каражаттарын же товарлар жана транспорттук каражаттар жөнүндө болбосо аларга карата операцияларды (иш-аракеттерди) өткөргөндүгү тууралу маалыматтарды камтыган документтерди экспертизалоо келип чыккан маселелерди түшүндүрүү үчүн бажы контролун жүзөгө ашыруу учурунда илим, маданият, техника же кол өнөрчүлүк жагынан атайын билимдер зарыл болгон учурларда дайындалат.

2. Экспертизаны тиешелүү уюмдардын эксперттери же бажы органдары дайындай турган башка эксперттер жүргүзөт. Корутунду берүү үчүн зарыл билимдерге ээ болгон кандай жак болбосун эксперт катарында дайындалышы мүмкүн. Экспертизаны жүргүзүү үчүн уюмдар же эксперттер келишимдик негизде тартылат. Экспертиза декларанттын же башка таламдаш жактын демилгеси боюнча дайындалганда көрсөтүлгөн жактар бажы органдарына эксперттердин талапкерлери боюнча сунуштарды берүүгө укуктуу.

3. Экспертизаны дайындоону зарыл деп таап, бажы органынын кызматкери ушул органдын начальнигинин же анын орун басарынын макулдугу менен бул жөнүндө токтом түзөт, анда экспертизаны жүргүзүү үчүн негиздер, эксперттин фамилиясы же экспертизаны жүргүзүүгө тийиш болгон уюмдун аталышы, эксперттин же уюмдун алдына коюлган суроолор жана эксперттин же уюмдун карамагына берилүүчү материалдар көрсөтүлүүгө тийиш.

4. Бажы органы экспертиза дайындалганга чейин эксперттин же уюмдун адистиги жана компетенттүүлүгү жөнүндө зарыл маалыматтарды тактайт.

5. Бажы органынын кызматкери, декларантты же товарлар жагынан ыйгарым укуктуу башка жакты экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом менен тааныштырууга милдеттүү, эгерде токтом белгилүү болсо жана ушул Кодекстин 329-статьясында каралган анын укуктарын түшүндүрүүгө бул жөнүндө токтомго тиешелүү белги коюлат да, ага аталган жак же анын өкүлү кол коет.

6. Экспертизаны жүргүзүү боюнча бажы органдарында жана келип чыккан чыгашалардын ордун таламдаш жактар толтурбайт, буга экспертиза бул жактардын демилгеси боюнча жүргүзүлгөндөн тышкары же эгерде бажы контролунун натыйжалары боюнча жактар жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартылса.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

326-статья. Эксперттин корутундусу

 

1. Эксперт өз атынан жазуу жүзүндө корутунду берет.

2. Эксперттин корутундусунда ал жүргүзгөн изилдөөлөр, мында пайдаланылган усулдар, изилдөөнүн натыйжасында чыгарылган тыянактар жана алдыга коюлган суроолорго берилген негизги жооптор баяндалат. Эгерде эксперт экспертизаны жүргүзгөн учурда өзүнө маселе коюлбаган негиздер боюнча иш үчүн олуттуу жагдайларды аныктаса, ал бул жагдайлар жөнүндө тыянакты өзүнүн корутундусуна киргизүүгө укуктуу.

3. Эгерде экспертиза бир нече эксперттердин катышуусу менен жүргүзүлсө, анда корутундуга бардык эксперттер кол коюшат. Эксперттердин ортосунда пикир келишпестиктер болгондо алардын ар бири өз тыянагын өзүнчө чыгарат.

4. Эгерде экспертке берилген материалдар жетишсиз болсо же ал экспертизаны жүргүзүү үчүн зарыл билимдери жок болсо, ал корутунду берүүдөн баш тарта алат. Корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү экспертизаны дайындаган бажы органына жазуу жүзүндө берилет.

5. Экспертизаны дайындаган бажы органы эксперттин корутундусун же корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө анын билдирүүсүн декларантка же товарлар жана транспорттук каражаттар жагынан ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жактарга берет.

6. Бажы органдары декларанттын же башка таламдаш жактын демилгеси боюнча жүргүзүлгөн экспертизанын натыйжалары боюнча эксперттердин көрсөтулгөн жактар тарабынан берилген корутундусун карап чыгууга кабыл алат.

 

327-статья. Кошумча жана кайталанган экспертиза

 

Корутунду жетиштүү так же толук болбогондо кошумча экспертиза дайындалышы мүмкүн, ал ушул эле же башка экспертке же уюмга тапшырылат.

Эксперттин корутундусу негизсиз же ага күнөм саноо болгон учурда кайталанган экспертиза дайындалышы мүмкүн, ал башка экспертке же уюмга тапшырылат.

 

328-статья. Эксперттин укуктары жана жоопкерчилиги

 

1. Эксперт төмөнкүлөргө укуктуу:

1) экспертизанын жүйөсүнө тиешелүү болгон материалдар менен таанышууга;

2) экспертизаны жүргүзүү үчүн зарыл болгон кошумча материалдарды өзүнө берүү жөнүндө өтүнмө билдирүүгө;

3) бажы органынын уруксаты менен бажы контролун жүзөгө ашырган учурда айкын иш-аракеттерди жүргүзүүгө катышууга.

2. Эксперт билип туруп жалган корутундуну бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

 

329-статья. Экспертизаны дайындоодо жана жүргүзүүдө декларанттын,

товарлар жана транспорттук каражаттарга карата ыйгарым

укуктарга ээ болгон башка жактардын жана алардын

өкүлдөрүнүн укуктары

 

1. Экспертизаны дайындаганда жана жүргүзгөндө декларант, товарларга жана транспорттук каражаттарга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жак жана алардын өкүлдөрү төмөнкүдөй укуктарга ээ болушат:

1) экспертти четке кагууну жүйөөсү менен билдирүүгө;

2) айкын экспертти же уюмду дайындоо жөнүндө өтүнмө кылууга;

3) кошумча суроолор боюнча корутундуну алуу үчүн экспертке аларды коюу жөнүндө өтүнмө кылууга;

4) экспертиза жүргүзгөндө эксперттин макулдугу жана экспертизаны баштаган бажы органынын уруксаты менен катышууга жана экспертке түшүндүрмөлөрдү берүүгө;

5) эксперттин корутундусу же корутундуну берүү мүмкүн эместиги жөнүндө анын билдирүүсү менен таанышууга.

2. Декларанпын, башка жактын же алардын өкүлүнүн өтүнүчү канаттандырылган учурда экспертизаны дайындаган бажы органынын кызматкери тиешелүү токтом чыгарат же экспертизаны дайындоо жөнүндө өз токтомун өзгөртөт жана (же) толуктайт.

Өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартылганда бажы органынын кызматкери өтүнмө берген жакка бул жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.

 

330-статья. Сынамыктар жана үлгүлөр

 

1. Бажы контролун жүргүзгөндө бажы органынын кызматкери изилдөө үчүн зарыл болгон товардын сынамыктарын же үлгүлөрүн алууга укуктуу. Сынамыктарды же үлгүлөрдү алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасында аныкталган форма боюнча акт түзүлөт, анын экинчи нускасы товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон жакка же анын өкүлүнө тапшырылууга тийиш.

Зарыл учурларда сынамыктарды же үлгүлөрдү алуу эксперттин же адистин катышуусу менен жүргүзүлөт.

2. Бажы контролдугу астында турган товарлардын сынамыктарын же үлгүлөрүн бажы органынын уруксаты менен декларанттар, алардын өкүлдөрү, ушул Кодекстин 347-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн жактар жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери да ала алышат.

3. Сынамыктар же үлгүлөр аларды изилдөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган эң аз санда алынат.

4. Бажы органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери товарлардын сынамыктарын же үлгүлөрүн алып жатканда декларанттар жана алардын өкүлдөрү катышууга укуктуу.

5. Башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери, ошондой эле башка жактар товарлардын сынамыктарын же үлгүлөрүн алып жатканда бажы органдарынын кызматкерлери катышууга укуктуу.

6. Декларанттар жана алардын өкүлдөрү бажы органдарынын кызматкерлери сынамыктарды же үлгүлөрдү алып жатканда аларга көмөк көрсөтүүгө, анын ичинде өз эсебинен жүк ташууну жана товарлар башка зарыл операцияларды жүзөгө ашырууга милдетүү.

7. Бажы органдарынын кызматкерлери декларанттар жана алардын өкүлдөрү жокто ушул Кодекстин 320-статьясынын 7-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда товарлардын сынамыктарын же үлгүлөрүн алууга укуктуу. Аталган учурларда товарлардын сынамыктарын же үлгүлөрүн алуу калыс күбөлөрдүн катышуусу менен жүргүзүлөт. Сынамыктарды же үлгүлөрдү алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасында аныкталган форма боюнча акт түзүлөт, анын экинчи нускасы товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон жакка же анын өкүлүнө тапшырылууга тийиш.

8. Башка мамлекеттик органдар алган товарлардын сынамыктарына же үлгүлөрүнө жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжалары жөнүндө бажы органдарына маалымдалууга тийиш.

9. Бажы контролдугу астында товарлардын сынамыктарын же үлгүлөрүн алуу тартиби, ошондой эле аларды бажы лабораторияларынын изилдөөсүнүн мөөнөтү жана тартиби ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен белгиленет.

10. Изилдөөлөр аяктагандан кийин сынамыктар же үлгүлөр алардын ээсине кайра кайтарылат, буга ушундай сынамыктар же үлгүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жок кылынууга же таштандыларды иштетүүгө тийиш болгон учурлар кирбейт.

 

331-статья. Бажы контролун жүзөгө ашырууда адистин катышуусу

 

1. Зарыл болгон учурларда бажы контролун жүзөгө ашырууда айкын иш-аракеттерди жүргүзүүгө катышуу үчүн атайын билимдери жана шыгы бар, иштин бүтүшүнө таламдаш болбогон адис тартылышы мүмкүн.

2. Жакты адис катарында тартуу келишимдик негизге жүргүзүлөт. Жактын адис катарында катышуусу аны ушул эле жагдайлар боюнча күбө катары суроо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.

3. Адисти тартууга байланыштуу бажы органдарында келип чыккан чыгашалардын ордун таламдаш жактар толтурбайт, буга адис ушул жактардын демилгеси боюнча тартылгандан тышкары учурларда же эгерде бажы контролунун натыйжалары боюнча жактар жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартылганда кирбейт.

 

46-Глава
Бажы контролуна карата тиешелүү кошумча жоболор

 

332-статья. Бажы контролунун белгилүү формаларынан бошотуу

 

1. Бажы органдары тарабынан бажы контролунун белгилүү формаларын колдонуудан бошотулушу ушул Кодекске ылайык гана белгиленет.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана аны менен бирге бараткан анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке жүгү бажы жагындагы жеткире кароого алынбайт.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн жеке жүгү бажы жагындагы жеткире кароого алынбайт, эгерде көрсөтүлгөн адамдар өздөрүнүн депутаттык же кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегарасынан өтүп жатса.

4. Өз жолу менен кетип бараткан чет өлкөлүк аба кемелери жана аскер техникасы бажы жагындагы жеткире кароодон бошотулат.

5. Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине ылайык бажы контролунун белгилүү формаларынан бошотуу бул келишимдер ратификациялангандан кийин жүзөгө ашырылат.

 

333-статья. Бажы контролун жүргүзгөндө бажы органдары тарабынан

жактар жөнүндө маалыматтардын чогултулушу

 

1. Бажы контролун жүргүзүү максаттарында бажы органдары бажы чегарасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды ташып өтүү менен байланышкан тышкы экономикалык ишти жүргүзгөн же бажы контролдугу астында товарларга карата ишкердик менен байланышкан жактар жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде уюмдун уюмдаштыруучулары, мүлктүн курамы, уюмдун иши, анын ичинде тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндөгү иши жөнүндө маалыматтарды, каттоо, турган жери, төлөө жөндөмдүүлүгү тууралу маалыматтарды, ошондой эле жарандардын жеке маалыматтарын, атап айтканда, аты-жөнү, туулган күнү жана жери, жынысы, жашаган жеринин дареги жөнүндө маалыматтарды чогултууга укуктуу.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда аталган жактар өздөрү жөнүндө бажы органдарында болгон документтештирилген маалыматты алууга анын толук жана ишенимдүү болушун камсыз кылуу максатында бул маалыматты тактоого укуктуу.

3. Жактар жөнүндөгү маалыматты чогултуу бажы органдары тарабынан бажы чегарасы аркылуу ташылып өтүүчү товарларды жана транспорттук каражаттардын бажы жагынан жол-жоболоштурууда, ошондой эле аталган маалыматты салык органдарынан, ички иштер органдарынан, мамлекеттик каттоону жүргүзгөн органдардан алуу жолу менен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка ыкмалар менен жүргүзүлөт.

 

334-статья. Бажы контролун жүзөгө ашырууда техникалык

каражаттарды пайдалануу

 

Бажы контролун жүргүзүү убактысын кыскартуу жана анын ыңгайлуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бажы органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тизмеси жана колдонуу тартиби аныкталган техникалык каражаттарды пайдаланышы мүмкүн.

Аталган техникалык каражаттар адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуз болууга тийиш.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196, 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

335-статья. Товарларды жана транспорттук каражаттарды

идентификациялоо

 

1. Бажы контролдугу астында товарларды жана транспорттук каражаттарды идентификациялоо үчүн пломбалар, мөөрлөр, тамгалуу жана дагы башка маркировка, идентификациялык белгилер, транспорттук, коммерциялык жана дагы башка документтер колдонулушу, штамптар коюлушу, товарлардын сынамыктары жана үлгүлөрү алынышы, товарлардын жана транспорттук каражаттарды толук сыпаттамасы жүргүзүлүшү, чиймелери түзүлүшү, масштабдуу сүрөттөрү, фотосүрөттөрү, иллюстрациялары жана идентификациялоонун башка каражаттары даярдалышы мүмкүн.

2. Идентификациялоо каражаттары бажы органдары тарабынан же алардын уруксаты менен гана жок кылынышы же өзгөртүлүшү (алмаштырылышы) мүмкүн, буга товарлардын жана транспорттук каражаттардын жок кылынышынын, кайра кайткыс түрдө жоголушунун же олуттуу бузулушунун реалдуу коркунучу бар болгон учурлар кирбейт. Идентификациялоо каражаттарынын өзгөргөндүгү, алып салынгандыгы, жок кылынгандыгы же бузулгандыгы жөнүндө бажы органына токтоосуз билдирилет жана аталган коркунуч бар экендигинин далилдери берилет.

3. Ушул статьянын 2-пунктунун жоболору бажы максаттары үчүн идентификациялоо каражаты катарында чет мамлекеттердин бажы органдары койгон пломбалар, мөөрлөр же башка идентификациялоо каражаттары колдонулган учурларга жайылтылат.

 

336-статья. Бажы ишинин, жарандык жана жазык иштеринин

чөйрөсүндөгү администрациялык укук бузуулар жөнүндө

иштердин өндүрүшүндө жана аны карап чыгууда бажы

контролунун натыйжаларын пайдалануу

 

Ушул бөлүмдүн жоболоруна ылайык жол-жоболоштурулган бажы контролун жүргүзүүнүн натыйжалары администрациялык, жазык жана жарандык иштер боюнча далилдер болуп саналат жана жактарды администрациялык же жазык жоопкерчилигине тартуу менен, бажы органдарынын жана алардын кызматкерлеринин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттануу менен байланышкан иштерди же арбитраждык сот чече турган экономикалык талаштар боюнча иштерди караган учурунда Кыргыз Республикасынын администрациялык, жазык-процесстик, жарандык-процесстик жана арбитраждык-процесстик мыйзамдарына ылайык башка далилдер менен катар сот, арбитраждык сот же кызмат адамы тарабынан баа берилүүгө тийиш.

 

337-статья. Бажы контролун жүргүзүү убактысынын эң аз мезгили

жөнүндө талаптарды жактардын сакташы

 

Жактар бажы контролун жүргүзүү үчүн зарыл болгон убакыттын эң аз мезгили жөнүндө талаптарды сактоого милдеттүү. Жак ушундай талаптарды сактабагандыгынын кесепетинен ага келтирилген зыяндын орду толтурулбайт.

 

338-статья. Бажы контролун жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү үчүн башка

мамлекеттик органдардын адистерин тартуу

 

1. Бажы органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы контролун жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү үчүн башка укук коргоо же контролдоо органдарынын адистерин тартууга укуктуу.

2. Башка мамлекеттик органдардын адистерин тартуу менен байланышкан чыгашалары, эгерде бул иш алардын кызматтык милдеттеринин чөйрөсүнө кирбесе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бажы органдары көтөрөт.

 

339-статья. Бажы контролун жүргүзгөндө укукка жат зыян

келтирүүнүн жол берилбестиги

 

1. Бажы контролун жүргүзгөндө жүк ташуучуга, декларантка, алардын өкүлдөрүнө, убактылуу сактоо кампаларынын жана бажы кампаларынын ээлерине, алымсыз соода жүргүзүү дүкөндөрүнүн ээлерине жана бажы контролун жүргүзгөндө таламдары бажы органдарынын аракеттери (аракетсиздиги) жана чечимдери тарабынан козголгон дагы башка жактарга, ошондой эле товарларга жана транспорттук каражаттарга укукка жат зыян келтирүүгө жол берилбейт.

2. Бажы контролун жүргүзгөндө бажы органдарынын жана алардын кызматкерлеринин укукка жат аракеттеринен (аракетсиздигинен) улам келтирилген чыгымдардын орду толук көлөмүндө толтурулат, анын ичинде колдон чыгарылган пайданын (алынбай калган кирешенин) орду да.

3. Жактарга чыгым келтиргендиги үчүн бажы органдары жана алардын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартышат.

4. Бажы органдарынын кызматкерлеринин укукка ылайык аракеттеринен улам жактарга келтирилген зыяндын орду толтурулбайт, буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлар кирбейт.

 

IX БӨЛҮМ
БАЖЫ ОРГАНДАРЫ ТАРАБЫНАН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК УКУКТАРЫНЫН
 КОРГООГО АЛЫНЫШЫ

 

47-Глава
Бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчик укуктарын коргоого
алуунун негиздери

 

340-статья. Бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчик

укуктарынын коргоого алынышы

 

Бажы органдары автордук укуктун жана аралаш укуктардын объектерине, товардык белгилерге, тейлөө белгилерине жана товардын чыккан жеринин аталышынан пайдалануу укугуна болгон укук ээсинин укуктарын коргоону ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырат.

 

341-статья. Интеллектуалдык менчиктин кайтарылуучу объекттеринин

реестри

 

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы контролунун максаттары үчүн интеллектуалдык менчиктин кайтарылуучу объектеринин Реестрин (мындан ары - Реестр) жүргүзөт.

Реестрди жүргүзүүнүн жана маалыматтарда камтылган нерселерди бажы органдарына жана билдирүүчүлөргө жеткирүү тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

2. Интеллектуалдык менчиктин объектеринин Реестрине киргизүү үчүн укук ээси же анын өкүлү ушул Кодекстин 342-статьясынын 2 жана 3-пункттарында каралган тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берүүгө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө жыйым төлөөгө тийиш.

3. Реестрге ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү чечим кабыл алган интеллектуалдык менчиктин объекттери жазылат.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды ал келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашырбай карап чыгат жана аталган объектерди интеллектуалдык менчиктин Реестрине киргизүү же аларды киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Кабыл алынган чечим тууралу арыз ээсине жазуу жүзүндө кабарланат. Жетиштүү негиздер болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мөөнөтү узартууда укуктуу, бирок ал бир айдан ашпайт.

5. Арыз ээси тарабынан берилген маалыматтардын аныктыгын текшерүү максаттарында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүнчү жактардан, ошондой эле мамлекеттик органдардан арызда айтылган маалыматтарды тастыктоого документтерди суратууга укуктуу. Аталган органдар жана үчүнчү жактар суроо-талап алынган күндөн тартып 10 күндүн ичинде суратылган документтерди берүүгө милдеттүү.

Арызда көрсөтүлгөн же ага тиркелген документтердеги маалыматтар өзгөртүлгөн учурларда арыз ээси бул тууралу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.

6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Реестрге киргизилген интеллектуалдык менчиктин объектеринин тизмегин өзүнүн расмий басылмаларына жарыялоону камсыз кылат.

 

342-статья. Укук ээсинин арызын кароо тартиби

 

1. Укук ээси же укук ээсинин таламдарын билдирүүчү дагы бир башка жак (мындан ары - арыз ээси) интеллектуалдык менчик жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын ою боюнча, контрафакттуу болуп саналган товарларды бажы чегарасы аркылуу ташып өткөндө же бажы контролдугу астында турган товарлар менен дагы башка аракеттер жасалганда аңын укуктарынын бузулган учурлары болушу мүмкүн же бузулду деп ойлой турган болсо, аталган укуктарын коргоо жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берүүгө укуктуу.

2. Арызда төмөндөгүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

1) укук ээси тууралу маалыматтар, эгерде арыз анын өкүлү тарабынан берилсе - өкүлү тууралу да;

2) реестрге киргизилүүгө тийиш болгон интеллектуалдык менчиктин объектин жана интеллектуалдык менчикти түзгөн товарлардын сыпаттамасын көрсөтүү;

3) жогоруда аталган интеллектуалдык менчиктин объектин түзгөн товарды өндүргөн уюм тууралу маалыматтар жана бул уюмдардын ыйгарым укуктарын тастыктаган документтер;

4) товарлардын өндүрүлгөн жери;

5) интеллектуалдык менчиктин жана укуктун таандуулугунун болушу жөнүндөгү маалыматтар.

Арызга интеллектуалдык менчиктин жана укуктун таандуулугунун болушун тастыктаган документтер (күбөлүк, лицензиялык келишим же интеллектуалдык менчик жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка документтер), зарылчылык болбогон учурда - анын таламдарын билдирүүчү жакка укук ээси тарабынан берилген ишеним кат тиркелет.

Арыз бергенде аны менен кошо интеллектуалдык менчиктин объектин жана (же) контрафакттуу товарды түзгөн товардын үлгүсү да берилиши мүмкүн.

Арыз ээси контрафакттуу товарларды, аны менен кошо анын укуктары бузулган болжолдуу күндү аныктоо жагынан бажы органдарына мүмкүндүк берүүчү дагы башка маалыматтарды бере алат.

3. Арыз берүү учурунда арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга шектүү деп эсептелген товар контрафакттык эмес экени далилденсе, декларантка товарларды чыгарууну токтото турууга байланыштуу чыгымдардын жана келтирилген зыяндардын ордун толтуруу тууралуу милдеттенме берет. Чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө милдеттенменин формасы жана мазмуну, ошондой эле милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуучу өлчөм Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен бекитилген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

4. Интеллектуалдык менчиктин объекти төмөндөгүдөй учурларда Реестрден чыгарылат:

- арыз ээси кайрылганда;

- интеллектуалдык менчиктин объектин Реестрге киргизгени үчүн жыйым төлөнбөгөн учурда же объектти коргоо мөөнөтүн узартып жибергенде;

- так эмес маалыматтарды берген учурда;

- соттун чечими менен.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

343-статья. Укуктарды коргоо мөөнөтү

 

1. Бажы органдары тарабынан укук ээсинин укуктарын коргоо мөөнөтү интеллектуалдык менчик объектин Реестрге киргизүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чечим кабыл алынганда интеллектуалдык менчик объектин Реестрге киргизген күндөн тартып эки жылга белгиленет.

Көрсөтүлгөн мөөнөт узартуу жөнүндө арыз ээсинин кайрылуусу болгон учурда тиешелүү жыйымды төлөөнүн негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан узартылат.

2. Укуктарды коргоонун жалпы мөөнөтү интеллектуалдык менчик объектине укук күчүндө болгон мөөнөттөн ашпайт.

 

48-Глава
Интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды бажы жагынан
жол-жоболоштуруунун жана бажы контролунун өзгөчөлүктөрү

 

344-статья. Интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган

товардын бажы чегарасы аркылуу өтүшү. Мындай

товарларды бажы жагынан жол-жоболоштуруу жана

бажы контролу

 

1. Интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарлардын бажы чегарасы аркылуу алып өтүшү ушул Кодекске жана интеллектуалдык менчик жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын объекттерин мыйзамдарына ылайык ашырылат.

2. Интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарлардын бажы жагынан жол-жоболоштуруу жана бажы контролу ушул Кодексте белгиленген тартипте жана ушул главада каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

 

345-статья. Интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарды

чыгарууну токтото туруу

 

1. Эгерде интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган товарларга бажы жагынан жол-жоболоштуруу жана бажы контролун жүзөгө ашырган контрафакттуулуктун белгилери байкалса, аталган товарлар убактылуу сакталуучу кампаларга жайгаштырылууга тийиш жана мындай товарларды чыгаруу токтото турулат.

2. Товар чыгарууну он жумуш күндүк мөөнөткө токтото туруу жөнүндө чечимди бажы жагындагы жол-жоболоштурууну жүзөгө ашыруучу бажы органынын башчысы же алмаштыруучу жак кабыл алат. Көрсөтүлгөн мөөнөт арыз ээсинин суроо талабы боюнча узартылышы мүмкүн, бирок он жумуш күнүнөн ашпайт.

3. Бажы органы чыгарууну токтото туруу тууралу чечим кабыл алынгандан кийинки күндөн кечиктирилбестен мындай токтото туруунун себептери жөнүндө декларант менен арыз ээсин кабардар кылат, ошондой эле декларантка арыз ээсинин аталышын жана дарегин, ал эми арыз ээсине - декларанттын аталышы менен дарегин билдирет.

Арыз ээси кабарлаган учурда бажы органы арыз ээсинен милдеттенменин аткарылышын камсыз кылууну талап кылууга укуктуу. Арыз ээси товарларды чыгарууну токтото туруу жөнүндө кабарлоо алган күндөн тартып 3 жумуш күнүнүн ичинде милдеттеменин аткарылышын камсыз кылуу үчүн төлөшү керек.

4. Чыгарууну токтото туруу тууралу чечим кабыл алуунун, арыз ээси менен дакларантты кабыл алган чечим жана чыгарууну токтото туруунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө кабардар кылуунун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

 

346-статья. Бажы органдарынын чыгашаларынын жана декларанттын

чыгымдарынын ордун толтуруу

 

1. Арыз ээси бажы органынын чыгымдарынын ордун төмөнкүдөй учурларда толтурат:

1) эгер сот органдарында доо ишин козгоо жөнүндө документалдык тастыктоо бербесе;

2) эгер соттун чечими менен кармалган товар контрафакттык эмес экени далилденсе.

2. Декларант бажы органынын чыгымдарынын ордун кармалган товар контрафакттык экени далилденсе толтурат.

3. Товарды чыгарууну токтото турууга байланыштуу бажы органынын чыгымдарынын көлөмүн аныктоо тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат, ал эми пикир келишпестиктер пайда болгон учурларда сот тарабынан аныкталат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

347-статья. Маалымат берүү. Сынамыктарды жана үлгүлөрдү алуу

 

1. Бажы органы арыз ээсине жана декларантка чыгарууну токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынган товарлар контрафактык товарлар экендигин же андай товарлар эмес экендигин аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматты берет.

2. Ушул статьяга ылайык арыз ээси же декларантка алган маалымат купуя маалымат болуп саналат жана ал тарабынан жарыяланууга, үчүнчү жактарга, ошоңдой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары да мамлекеттик органдарга берилүүгө тийиш эмес.

3. Бажы органынын уруксаты менен арыз ээси жана декларант болбосо алардын өкүлдөрү чыгарууну токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынган товарлардын сынамыктарын жана үлгүлөрүн бажы контролдугу астында ала алышат жана аларга изилдөө жүргүзө алышат.

 

348-статья. Чыгарууну токтото туруу жөнүндөгү чечимди

жокко чыгаруу

 

1. Эгерде чыгарууну токтото туруу жөнүндө чечим колдонулган мөөнөттүн ичинде:

1) арыз ээси бажы органына чыгарууну токтото туруу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралу өтүнүч менен кайрылса;

2) интеллектуалдык менчик объекти ушул Кодекстин 342-статьясынын 4-пунктуна ылайык Интеллектуалдык менчик объекттеринин реестринен чыгарылса;

3) ыйгарым укук берилген органдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгарылган товарларды алып коюу, аларга камак салуу болбосо аларды конфискациялоо жөнүндө чечими берилбесе чыгарууну токтото туруу тууралуу чечим жокко чыгарылууга тийиш;

4) арыз ээси ушул Кодекстин 345-статьясынын 3-пункту менен белгиленген мөөнөттө милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу үчүн төлөбөсө.

Аталган учурларда товарлар бажы жагынан жол-жоболоштурууга жана ушул Кодексте аныкталган тартипте чыгарылып берилүүгө тийиш.

2. Чыгарууну токтото туруу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу мындай чечим кабыл алган бажы органынын башчысы болбосо анын ордун баскан адам тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

349-статья. Интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган

товарларды контролдоо боюнча бажы органдарынын

кошумча ыйгарым укуктары

 

Бажы органдары Реестрге киргизилбеген, интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды чыгарууну мындай товарлар контрафактык товарлар экендигинин белгилери айкындалганда бажы иши боюнча ыйгарым укук берилген орган тарабынан аныкталуучу тартипте укук ээсинин өзүнүн укуктарын коргоо жөнүндө арызын талаптагыдай түрдө жол-жоболоштурбай туруп токтото турууга укуктуу. Аталган учурда бажы органдары укук ээсинен товарлар контрафактык товарлар экендигин тастыктоо үчүн өздөрү пайдалана турган кандай маалымат болбосун талап кыла алышат. Ушул статьяга ылайык товарларды чыгаруу токтотула турганда бажы органдары ал жөнүндө укук ээсине жана декларантка токтоосуз маалымдашат.

Товарларды чыгарууну токтото туруу он жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөткө токтотулат. Бул мөөнөт укук ээсинин ал жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусу болсо дагы он жумуш күнүнө узартылышы мүмкүн.

Бажы органдары товарларды чыгарууну Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасынын тартибинде ушул статьянын жоболоруна ылайык токтото турат.

 

350-статья. Бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчик

укуктарын коргоо боюнча чаралар колдонулбаган

интеллектуалдык менчик объекттери

 

Интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган жана бажы чегарасы аркылуу жеке жактар тарабынан алынып өтүүчү же эларалык почта жиберүүлөрүндө бир аз санда жөнөтүлгөн товарларга карата, эгерде мындай товарлар жекече, үй-бүлөлүк, үй оокаты үчүн жана ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланышпаган муктаждыктарга колдонулган товарлар болсо, ушул главага ылайык товарларды чыгарууну токтото турууга байланышкан чаралар бажы органдары тарабынан колдонулбайт.

 

351-статья. Бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчик

укуктарын коргоого тиешелүү болгон кошумча жоболор

 

1. Бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, укук ээсине өзүнүн укуктарын кандай болбосун башка каражаттар менен коргонууга тоскоолдук кылбайт.

2. Бажы органы декларанттан соттун тиешелүү чечиминин негизинде контрафакттык товарды жок кылууну талап кылууга укуктуу. Декларант, ыйгарым укуктуу ээси же башка кызыкчылыгы бар адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

X БӨЛҮМ
БАЖЫ СТАТИСТИКАСЫ. МААЛЫМАТ ТУТУМДАРЫ ЖАНА МААЛЫМАТ
 ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ

 

49-Глава
Бажы статистиканын жүргүзүү

 

352-статья. Тышкы сооданын бажы статистикасы

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган дагы башка мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын абалы жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу, мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнө контролдук кылуу, валюталык контролду жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын абалын, кыймылын жана тенденцияларын, анын соода балансын жана бүтүндөй экономикасын талдоо максатында бажы органдары бажы чегарасы аркылуу алынып өтүлгөн товарлар тууралу маалыматтарды жыйноону жана иштеп чыгууну жүргүзүшөт, ошондой эле бажы статистикасынын маалыматтарын берип турушат. Ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган бажы статистикасынын маалыматтарын эларалык уюмдарга Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык беришет. Бажы органдары тышкы сооданын бажы статистикасынын маалыматтарын жарыялап турушат.

2. Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын бажы статистикасы ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

3. Тышкы сооданын бажы статистикасы Кыргыз Республикасынын жана анын тышкы соода өнөктөрүнүн өз ара соодасынын маалыматтарын салыштырууну камсыз кылуучу усулдугуна ылайык жүргүзүлөт. Тышкы экономикалык иш жөнүндө даана (ТНВЭД 8 сандуу коддон кем эмес) жана статистикалык так кошмо маалыматтарды түзүү бажы органдарынын өтө маанилүү иш милдеттери болуп саналат. Ай сайын жана ар жылкы импорт жана экспорт боюнча отчеттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешине берилет жана тийиштүү мезгилден кийинки бир айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен коомчулук үчүн жарыяланууга тийиш. Ушул Кодекстин 50-главасына ылайык маалымат технологияларынын колдонулушуна эң жогорку мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек.

 

353-статья. Атайын бажы статистикасы

 

Бажы органдарына жүктөлгөн милдеттердин чечилишин камсыз кылуу максатында бул органдар тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктаган тартипте атайын бажы статистикасы жүргүзлөт.

 

354-статья. Статистикалык максаттар үчүн пайдаланылуучу

документтер жана маалыматтар

 

Статистикалык максаттар үчүн документтер жана маалыматтар ушул Кодекстин бажы жагынан жол-жоболоштуруунун жана бажы контролун жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жоболоруна ылайык берилет.

 

50-Глава
Бажы ишиндеги маалымат тутумдары жана маалымат технологиялары

 

355-статья. Маалымат тутумдарын, маалымат технологияларын жана

аларды камсыз кылуу каражаттарын колдонуу

 

1. Ушул Кодексте каралган бажы операциялары маалымат тутумдарын жана маалымат технологияларын, пайдалануу менен анын ичинде маалыматты берүүнүн электрондук ыкмаларына негиздеген ошондой эле аларды камсыз кылуу каражаттарын колдонуу менен ушул главага ылайык жүргүзүлөт.

2. Бажы ишинде маалымат тутумдарын жана маалымат технологияларын пайдалануу бажы органдары жана тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн экономикалык жактан пайдалуу жана натыйжалуу болууга тийиш.

3. Эсептөө техникасы жана байланыш каражаттарын пайдалануу менен маалымат тутумдарын жана маалымат технологияларын киргизүү тиешелүү эларалык стандарттарды эске алуу менен жүргүзүлөт.

4. Бажы ишинде:

бажы органдары тарабынан иштелип чыккан жана өндүрүлгөн же алар тарабынан мыйзамдуу негизде сатып алынган;

үчүнчү жактардын менчигинде турган маалымат тутумдары, маалымат технологиялары жана аларды камсыз кылуу каражаттары колдонулушу мүмкүн.

5. Бажы органдары тарабынан иштелип чыккан жана өндүрүлгөн же алар тарабынан мыйзамдуу негизде сатып алынган маалымат тутумдары, маалымат технологиялары, ошондой эле аларды камсыз кылуу каражаттары мамлекеттик менчикте болот жана аталган продуктулар жагынан өз компетенциясынын чектеринде менчик укугу жүзөгө ашырган бажы органдарынын мүлкүнүн курамына кирет.

6. Бажы органдарынын үчүнчү жактардын менчигинде турган маалымат тутумдарын, маалымат технологияларын жана аларды камсыз кылуу каражаттарын пайдаланышына байланышкан мамилелери келишимдик негизде жүргүзүлөт.

7. Бажы ишинде колдонулуучу үчүнчү жактардын менчигинде турган маалымат тутумдары, маалымат технологиялары жана аларды камсыз кылуу каражаттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген талаптарга ылайык келүүгө жана бажы операцияларын жүргүзгөн учурда бажы органдары пайдаланган ушундай продуктуларга батыша тургандай болууга тийиш. Маалымат тутумдарынын, маалымат технологияларынын жана аларды камсыз кылуу каражаттарынын белгиленген талаптарга ылайык келүү жүйөсүн бажы органдары текшерет. Мында аталган текшерүүнү жүргүзүү менен байланышкан чыгымдарга акы төлөө аны жүргүзүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган жакка жүктөлөт.

8. Маалымат тутумдарын, маалымат технологияларын, ошондой эле аларды камсыз кылуу каражаттарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү, бул продуктуларны колдонуу тартиби жана шарттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

356-статья. Маалымат тутумдарын, маалымат технологияларын жана

аларды камсыз кылуу каражаттарын сертификациялоо

 

1. Маалымат тутумдары, маалымат технологиялары, ошондой эле аларды камсыз кылуу каражаттары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте сертификацияланууга тийиш.

2. Сертификацияланбаган маалымат тутумдарын, маалымат технологияларын жана аларды камсыз кылуу каражаттарын пайдалануу менен, ошондой эле сертификацияланбаган тутумдан алынган маалыматты пайдалануу менен байланышкан тобокелдик жүктөлгөн жактардын чөйрөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

 

357-статья. Бажы органдарынын маалымат ресурстары

 

1. Бажы Органдарынын маалымат ресурстары бажы жол-жоболорун жасоодо берилүүчү документтер жана маалыматтар, ошондой эле аларды жасоо үчүн зарыл болгон документтер түзөт.

Бажы органдарынын маалымат ресурстары деп документтештирилген маалыматтын уюштурулган жыйындысын түшүнүү керек, ал өзүнө бажы органдарынын , маалымат тутумдарында түзүлүүчү, иштетилүүчү жана топтолуучу маалымат базасын жана башка маалымат массивдерин камтыйт.

2. Бажы органдарынын маалымат ресурстары мамлекеттик менчик болуп саналат, мүлктүн курамына киргизилет жана бажы органдарынын компетенциясыда ылайык алардын карамагында болот.

3. Бажы органдарынын маалымат ресурстарынын ченемдик укуктук режими, анын ичинде маалыматты документтештирүү тартиби, аларды түзүү жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Финансы министрлигинин нускамасы тарабынан аныкталат.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган учурларда берилиши ушул Кодексте же ал белгилеген тартипте каралган документтер, анын ичинде бажы декларациясы маалымат алышуунун электрондук ыкмалары аркылуу аларды документтештирүү жөнүндө талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка талаптарды сактоо менен берилиши мүмкүн.

5. Ушул статьянын жоболору Кыргыз Республикасынын маалымат, маалыматташтыруу жана маалыматты коргоо жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси боюнча документтештирилген маалыматты милдеттүү түрдө берүүнүн негизинде мамлекеттик маалымат ресурстарын калыптандыруу учурларына жайылтылбайт.

 

358-статья. Маалымат ресурстарынан пайдалануу

 

1. Бажы органдарына караштуу болгон маалымат ресурстары, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык маалыматты алуу чектелүү болгон учурларды кошпогондо, ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.

2. Маалыматтарды алуу чектелүү болбогон учурларда жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аны бажы органдарынын маалымат ресурстарынан алууга укуктуу жана суралып жаткан маалыматтарды алуунун зарылчылыгынын аларга негиздөөгө милдеттүү эмес.

3. Бажы органдарына караштуу болгон маалыматтарды жактардын маалымат ресурстарынан алышынын тартиби аны ала турган жер, убакыт, негиздери жана шарттары ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын дагы башка укуктук актыларына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

4. Бажы органдарынын карамагында турган жана коммерциялык, банктык же мыйзам менен сакталуучу башка сырды камтыган маалыматтар базасына жетүү мүмкүнчүлүгү терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте берилет.

(КР 2009-жылдын 27-мартындагы № 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

359-статья. Маалыматты жана маалымат процесстерине катышкан

субъекттердин укуктарынын маалыматын коргоо

 

1. Маалыматты, маалымат процесстерине жана маалыматташтырууга катышкан субъекттердин укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сертификацияланууга тийиш болгон маалымат тутумдарын жана маалымат технологияларын камсыз кылуу каражаттары менен шайкеш болгон маалыматты коргоонун атайын программалык-техникалык каражаттарын кийирүү жана пайдалануу менен камсыз кылынат.

2. Маалыматты коргоо каражаты менен камсыз кылынган маалыматты коргоонун деңгээли маалыматтын категориясына ылайык келүүгө тийиш. Айрым категориядагы маалыматты коргоо деңгээлинин ылайык келиши карамагында маалымат ресурстары болгон бажы органдары тарабынан камсыз кылынат.

3. Маалыматты коргоого жана маалыматты коргоо каражаттарын пайдаланууга талаптардын сакталышына контролду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана дагы башка мамлекеттик органдар жүзөгө ашырат.

 

360-статья. Эларалык маалымат алышууга бажы органдарынын катышуусу

 

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана дагы башка бажы органдары бажы органдары менен болгон эларалык алмашууга, ошондой эле чет мамлекеттердин дагы башка органдары жана уюмдары жана эларалык уюмдар менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана дагы башка укуктук актылары жана Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдери менен аныкталуучу тартипте жана шарттарда катышат.

 

XI БӨЛҮМ
БАЖЫ ИШИН УЮШТУРУУ. БАЖЫ ОРГАНДАРЫ ЖАНА
АЛАРДЫН ИШИН КАМСЫЗ КЫЛУУ

 

Караңыз:

КР 1998-жылдын 21-июлундагы № 93 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы

 

51-Глава
Бажы органдары

 

361-статья. Бажы органдарынын статусу

 

Бажы органдары укук коргоочу органдардын статусуна ээ.

Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин жогорку органдарынан башка эч кандай мамлекеттик орган бажы органдарынын компетенциясын козгогон чечимдерди кабыл алууга, тиешелүү уруксат болмоюнча алардын иш-милдеттерин аткарууга же өзгөртүүгө, аларга кошумча милдеттерди жүктөөгө же бул органдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген ишине башкача кийлигишүүгө укуксуз.

 

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июлундагы № 539 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын маселелери" токтому

 

362-статья. Бажы органдарынын туусу жана эмблемасы

 

Бажы органдарынын туусу жана эмблемасы болот. Бажы органдарынын автотранспорттук каражаттарга эмблема коюуга уруксат берилет. Бажы органдарынын туусунун жана эмблемасынын сүрөттөрү жана сыпаттамасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

 

363-статья. Бажы органдарынын турган жери

 

Бажы органдарынын турган жерин жүргүнчүлөрдүн жана товарлардын агымынын көлөмүнө, айрым региондордун тышкы экономикалык байланыштарынын өнүгүшүнүн ургалдуулугуна транспорт уюмдарынын, экспорттоочулардын, импорттоочулардын, тышкы экономикалык иштин дагы башка катышуучуларынын керектөөлөрүнө, ошондой эле дагы башка факторлорго таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Бажы органдары түздөн-түз бажы органдарына таандык болгон имарат-жайларда болот. Бажы посттору жана бажыканалардын түзүмдүк бөлүкчөлөрү да убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, алымсыз соода жүргүзүү дүкөндөрүнүн ээлерине таандык болгон имарат-жайларга жайгашат. Бажы посттору, бажы постторунун жана бажыканалардын түзүмдүк бөлүкчөлөрү да туруктуу экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзгөн тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын имарат-жайларына жайгаша алышат.

 

364-статья. Бажы органдарынын ишинин убактысы

 

1. Бажы органдарынын ишинин убактысы жайгашкан жери боюнча чектеш мамлекеттердин өткөрүү пункттары менен айкалышкан, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөн пункттарындагы бажы органдарынын ишинин убактысы мүмкүнчүлүккө жараша ушул чектеш мамлекеттердин бажы органдарынын ишинин убактысына дал келүүгө тийиш.

2. Таламдаш жактын жүйөлөштүрүлгөн суроо-талабы боюнча жана зарыл шарттар болгондо айрым бажы жол-жоболору бажы органынын иш убактысынан тышкары убакта жүргүзүлүшү мүмкүн.

 

52-Глава
Бажы органдарынын милдеттери, укуктары жана жоопкерчилиги.
 Бажы органдарынын ишине контроль жана көзөмөл

 

365-статья. Бажы органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын

мыйзамдардын талаптарын сакташы

 

1. Бажы органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын кабыл алган чечимдери, алар тарабынан жасалган аракеттер алардын компетенциясынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Бажы органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерди кабыл алуу, алар тарабынан аракеттердин же аракетсиздиктин жасалышында мыйзамдардын талаптарын сактоо даттануу укугу, прокурордук көзөмөл ошондой эле бажы органдарынын ишине контроль менен анын ичинде жогору турган органдар жана мыйзам чыгаруу жагындагы жогорку орган жана аткаруу бийлиги тарабынан болуучу туруктуу контроль менен камсыз кылынат.

 

366-статья. Бажы органдарынын мамлекеттик органдар, уюмдар менен

эриш-аркак иштөөсү жана кызматташуусу

 

1. Бажы органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка мамлекеттик органдардын компетенциясына кирген укук бузуулардын белгилерин тапканда, бажы органдары бул жөнүндөгү маалыматты токтоосуз түрдө тиешелүү мамлекеттик органдарга берүүгө милдеттүү.

2. Бажы органдары Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринин, ошондой эле чет мамлекеттердин бажы органдары менен макулдашуулардын негизинде чет мамлекеттердин бажы органдары менен эриш-аркак иштешет.

 

53-Глава
Бажы органдарынын кызматкерлеринин күч, атайын каражаттарды
 жана курал колдонушу

 

367-статья. Бажы органдарынын кызмат адамдарынын күч, атайын

каражаттарды жана курал колдонушунун шарттары

 

Ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары кара күчтү, атайын каражаттарды Жана ок атуучу курал колдонууга укугу бар.

Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары атайын даярдыктан, ошондой эле күч, атайын каражаттарды жана ок атуучу курал колдонуу менен байланышкан шарттардагы аракеттерге жарактуулугу жагынан мезгил-мезгили менен текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү.

Күч, атайын каражаттарды жана ок атуучу курал колдонгондо Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамы төмөнкүлөргө милдеттүү:

курал колдонуу ниети жөнүндө эскертүүгө, мында күч, атайын каражаттарды же ок атуучу курал колдонууну создуктуруу өз өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген, башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон, капыстан же куралдуу кол салуу, аскер техникасын жана транспорттук каражаттарды пайдалануу менен кол салуу учурларынан, же мындай эскертүү түзүлгөн кырдаалда орунсуз же мүмкүн эмес болгондой башка жагдайларда, өз талаптарынын аткарылышы үчүн жетиштүү убакыт берүүгө;

денесинен жаракат алган адамдарга алгачкы жардамды камсыз кылууга жана болуп өткөн иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органынын начальнигине же анын ордун баскан адамга дароо кабарлоого;

укук бузуунун жана аны жасаган адамдын коркунучтуулугунун, ошондой эле каршылык көрсөтүлгөн аракеттин күчүнүн мүнөзүнө жана даражасына жараша коркунучту жоюуда келтирилген кандай гана зыян болбосун азыраак болушуна умтулууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын бажы органынын начальниги же аны адам өлүмгө учуроонун же денеге оор залал келүүнүн бардык учурлары жөнүндө прокурорго токтоосуз кабарлоого милдеттүү.

Күч, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралды ыйгарым укуктарынын чегинен чыгуу менен колдонуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген жоопкерчиликке кириптер кылат.

 

368-статья. Күч колдонуу

 

Эгерде күч колдонбогон ыкмалар милдеттерди аткарууну камсыз кылбаса, Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамдары укук бузууну токтотуу, аны бузган адамдарды кармоо, каршылык көрсөтүүнүн мизин майтаруу, мыйзамдуу тескөөлөргө же талаптарга баш ийбей коюуну токтотуу, бажы контролдугу астындагы жайларга, аймакка, товарларга жана транспорттук Каражаттарга жетүүгө мүмкүнчүлүк алууга, бул кызмат адамдарына жүктөлгөн милдеттерди аткарышына тоскоолдук кылган дагы башка аракеттерге тоскоолдук кылуу үчүн күч колдонууга укуктуу.

 

369-статья. Атайын каражаттарды колдонуу

 

Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары кол кишендерин, резина таяктарын, жаш агызуучу заттарды, имарат-жайды ачуучу шаймандарды, транспортту мажбурлап токтотуучу каражаттарды, башка атайын каражаттарды төмөнкүдөй учурларда колдонууга укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлерине же башка адамдарга кол салуунун мизин майтаруу үчүн;

2) Кыргыз Республикасынын бажы органдарына тиешелүү болгон же алар пайдаланган имараттарга, жайларга, курулмаларга жана транспорттук каражаттарга, бажы контролдугу астында товарларга жана транспорттук каражаттарга кол салуунун мизин майтаруу үчүн, ошондой эле аталган объекттерди ээлеп алганда аларды бошотууга барабар болгон учурда;

3) эгерде бул адамдар баш ийбесе, каршылык көрсөтсө, башкача каршылык көрсөтсө же айланасындагыларга же өзүнө залал келтириши мүмкүн болсо, укук бузуучуларды кармоо, аларды Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызматтык жайына жеткирүү үчүн;

4) Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамына күч менен каршылык көрсөтүүнү четтетүү үчүн;

5) транспорттук каражаттын айдоочусу Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамынын токтотуу жөнүндөгү талабын аткарбаганда токтотуу үчүн;

6) Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамына жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруусуна атайылап тоскоолдук кылган башка учурларда.

Куралдуу каршылык көрсөтүүдөн, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, бажы контролдугу астындагы товарларга жана транспорттук каражаттарга коркунуч келтирүү менен топтошуп же башка түрдө кол салуудан башка учурларда, кош бойлуу экендиги көрүнүп турган аялдарга, майып экендиги билинип турган адамдарга жана жаш балдарга карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.

Кыргыз Республикасынын бажы органдарында пайдаланылуучу атайын каражаттардын толук тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

370-статья. Ок атуучу куралды алып жүрүү, сактоо жана аларды

пайдалануу

 

Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган айрым категорияларына кызматтык милдеттерин аткарууда ок атуучу курал алып жүрүү, сактоо жана аны пайдалануу укугу берилет.

Кыргыз Республикасынын бажы органдарында пайдаланылуучу ок атуучу куралдардын жана ок дарылардын түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

371-статья. Ок атуучу куралды колдонуу жана пайдалануу

 

Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары акыркы чара катары ок атуучу куралды төмөнкү учурларда колдонууга укуктары бар:

1) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин өмүрү жана ден соолугу коркунучка дуушар болгондо аларга кол салуунун мизин майтаруу үчүн;

2) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын ок атуучу куралын тартып алуу аракетин мизин кайтаруу үчүн. Кыргыз республикасынын бажы органынын кызмат адамы кармалган адамдын ушул кызмат адамы көрсөткөн аралыкты кыскартуу аркылуу ок атуучу куралга жакындоого же мындай куралды жасалган аракети ушул куралды тартып алуу аракети катары каралат;

3) Кыргыз Республикасынын бажы органдарына тиешелүү болгон же алар пайдаланган имараттарга, жайларга, курулмаларга жана транспорттук каражаттарга, бажы контролдугу астындагы товарларга жана транспорттук каражаттарга топтошуп алып же куралдуу кол салуунун мизин майтаруу үчүн;

4) куралдуу каршылык көрсөткөн адамды, ошондой эле куралды тапшыруу жөнүндө мыйзамдуу талапты аткаруудан баш тарткан куралдуу адамды кармоо үчүн.

Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары мындан тышкары ок атуучу куралдарды төмөнкүдөй учурларда колдонууга укугу бар:

1) эгерде транспорттук каражаттардын айдоочусу Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна ачык коркунуч келтирсе жана алардын токтотуу жөнүндө бир нече жолку талабына баш ийбесе, зыян келтирүү аркылуу аларды токтотуу үчүн;

2) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген жаныбарларды зыянсыздандыруу үчүн;

3) ок атуучу куралды колдонуу ниети жөнүндө эскертүү, атайлап белги берүү же жардамга чакыруу үчүн.

Куралдуу каршылык көрсөтүү Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын өмүрүнө жана ден соолугуна, коркунуч келтирген куралдуу, топтошуп алып же башкача кол салуудан тышкаркы учурларда аялдарга, майып экени көрүнүп турган адамдарга жана жаш балдарга карата, ошондой эле адамдар көп топтошкон, башка адамдарга зыян келиши Мүмкүн болгон эгерде ок атуучу куралды колдонууга тыюу салынат.

Ок атуучу куралды колдонуунун ар бир учуру жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын бажы органынын начальнигине же анын ордун баскан адамга жазуу жүзүндө токтоосуз билдирет, алар курал колдонулган убакыттан тартып 24 сааттан кечиктирбестен прокурорго билдирет.

 

54-Глава
Бажы органдарынын ишин камсыз кылуу

 

372-статья. Бажы органдарынын ишин каржылоо жана

материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

 

Бажы органдарынын ишин каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу мамлекеттик бюджеттин, бажы кызматын өнүктүрүү фондунун каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактардын, ошондой эле чет мамлекеттердин жана эларалык уюмдардын техникалык жардамы түрүндөгү гранттардын (акысыз жардамдын) эсебинен жүргүзүлөт.

 

373-статья. Бажы органдарынын иши жөнүндөгү маалыматтарды коргоо

 

1. Бажы органдарынын кадрдык курамы жөнүндө, изин суутпай издөө ишин уюштуруу тактикасы, усулдары жана жүзөгө ашыруу каражаттары жөнүндөгү маалыматтарды камтыган документтер жана материалдар бажы органдарынын архивинде сакталууга тийиш.

2. Бажы органдарынын материалдары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архивинин архивдерине сактоого берилет.

3. Бажы органдарындагы мамлекеттик сырды жана купуя маалыматты коргоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык камсыз кылынат.

 

XII БӨЛҮМ
БАЖЫ ОРГАНДАРЫ ТОВАРЛАРДЫ ЖАНА ТРАНСПОРТТУК
КАРАЖАТТАРДЫН ТЕСКӨӨСҮ

 

55-Глава
Бажы органдары товарларды жана транспорттук
каражаттарды тескөөнүн негиздери

 

374-статья. Товарларды жана транспорттук каражаттарды

мамлекеттик менчикке айландыруу

 

Товарлар жана транспорттук каражаттар төмөнкүдөй учурларда мамлекеттик менчикке айландырылат:

1) соттун чечиминин негизинде конфискациялоо колдонулганда;

2) ушул Кодекске ылайык товарлар мамлекеттик менчикке айландырылганда соттун чечиминин негизинде соттун чечими күчүнө кирген учурдан тартып;

3) бажы декларациясынын жана жак мамлекеттин пайдасына баш тартканда товарларды же транспорттук каражаттарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде бажы органдары тарабынан товарларды же транспорттук каражаттардын кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде өткөрүлүп берилген учурдан тартып.

 

375-статья. Соттун чечими боюнча же жак мамлекеттин пайдасына

баш тартканда мамлекеттик менчикке айландырылган

товарларды жана транспорттук каражаттарды тескөө

 

Соттун чечими боюнча жана жактын мамлекеттин пайдасына баш тартканда мамлекеттик менчикке айландырылган товарларды жана транспорттук каражаттарды тескөө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

 

376-статья. Бажы алымдарын, салыктарын төлөөнүн эсебинен өндүрүп

алууну товарга айландыруу

 

1. Бажы алымдарын, салыктарын төлөөнүн эсебинен өндүрүп алынгандарды товарга айландыруу, эгерде бажы төлөмдөрүнүн төлөнүшү үчүн жеке жак жооптуу болсо соттун чечиминин негизинде ошол жак тарабынан же бажы төлөмдөрүнүн төлөнүшү үчүн юридикалык жак жооптуу болсо арбитраждык соттун чечими менен ошол жак тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Өндүрүп алууну айландыруу бажы алымдары, салыктары ушул Кодексте каралган мөөнөттө жана тартипте төлөнбөгөн же толук төлөнбөгөн товарларга карата гана жүргүзүлөт.

3. Бажы алымдарынын, салыктарын төлөөнүн эсебинен өндүрүп алууну товарга айландыруу мындай товарлар кимдин менчигинде турганына карабастан жүргүзүлөт.

 

377-статья. Убактылуу сактоо кампасында же бажы кампасында сактоо

мөөнөтү аяктаган товарларды тескөө

 

Убактылуу сактоо кампасында же бажы кампасында сактоо мөөнөтү аяктаган товарларды тескөө ушул Кодекстин 376-статьясында аныкталган тартипте бажы органынын арызы боюнча жүзөгө ашырылат.

 

378-статья. Бажы ишинин чөйрөсүндөгү администрациялык укук

бузуулар жөнүндө иштер боюнча мүлктүк далил болуп

саналган товарларды тескөө

 

Эгерде администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти караган учурда товарларды конфискациялоо жөнүндө соттун чечими кабыл алынса, мындай товарларды сатуудан келип түшкөн суммалар республикалык бюджетке которулат.

Бажы ишинин чөйрөсүндөгү администрациялык укук бузуулар жөнүндө иш боюнча мүлктүк далилдерге карата аларды ээлерине кайтарып берүү тууралу чечим кабыл алынганда жана соттун чечими күчүнө кирген күндөн тартып бул жактар тарабынан алынып кетилбесе, ушул Кодексте аныкталган тартипте сатылууга, жок кылынууга же таштандыга ташталууга тийиш.

 

XIII БӨЛҮМ
БАЖЫ ИШИ ЖААТЫНДАГЫ МААЛЫМАТ ЖАНА КОНСУЛЬТАЦИЯ БЕРҮҮ.
АЛДЫНАЛА ЧЕЧИМ

 

56-Глава
Бажы иши жаатындагы маалымат жана консультация берүү

 

379-статья. Кабыл алынган чечимдин себептери, жасалган аракеттер

же аракетсиздик жөнүндө маалымат алуу

 

Өзүнө карата бажы органы же анын кызматкери тарабынан чечим кабыл алынган же аракет жасалган жак, ошондой эле өзүнө карата чечим кабыл алынбаган же жасалууга тийиш болгон аракет белгиленген мөөнөттө жасалбаган жак чечим кабыл алынган, аракет жасалган же аларды кабыл алуу же жасоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып эки айлык мөөнөттө бул бажы органына кабыл алынган чечимдин же жасалган аракеттин болбосо чечим кабыл албоонун же аракеттерди жасабоонун себептери жана негиздери жөнүндө, эгерде бул ушундай жактын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын түздөн-түз жана жекече козгосо, ошол бажы органына суроо-талап менен кайрылууга укуктуу.

Суроо-талап бажы органы тарабынан токтоосуз каралууга тийиш. Жазуу жүзүндөгү суроо-талап берилгенде жооп жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш.

 

380-статья. Бажы иши жаатындагы ченемдик укуктук актылар жөнүндө

маалымат

 

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана башка бажы органдары бажы иши жаатындагы колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматты бардык таламдаш жактардын тоскоолдуксуз алуу мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде маалымат технологияларын пайдаланууну да камсыз кылат.

Бажы органдары бажы иши жаатындагы укуктук актыларга күчүнө кире элек өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматты бардык таламдаш жактардын тоскоолдуксуз алуу мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде маалымат технологияларын пайдаланууну камсыз кылат, буга ченемдик укуктук актылардагы өзгөртүүлөр тууралу алдынала кабарлоо жол берилгис болгон учурлар кирбейт.

 

381-статья. Бажы ишинин маселелери жана бажы органдарынын

компетенциясына кирген башка маселелер боюнча

консультация берүү

 

1. Бажы органдары бажы ишинин маселелери жана бул органдардын компетенциясына кирген дагы башка маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте консультация берет.

Таламдаш жак алдыга койгон бажы ишинин маселелери боюнча маалымат мүмкүн болгон кыска мөөнөттө берилет.

2. Бажы органдары консультацияларды оозеки жана жазуу жүзүндө акысыз берет.

3. Консультация өткөрүүдө таламдаш жактарга берилген маалымат товарлар жана; транспорттук каражаттар жагынан бажы жол-жоболору жүргүзүлгөндө, бажы органдары чечим кабыл алышына же аракеттерди жасашына негиз болуп саналбайт.

 

382-статья. Анык эмес маалымат үчүн жоопкерчилик

 

1. Бажы органдары ушул главанын жоболоруна ылайык таламдаш жактарга берилген маалыматтын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.

2. Бажы органдары өздөрү билбеген жана контролдобогон укуктук актынын жарыяланган текстиндеги бурмалоолордун кесепетинен келтирилген чыгым үчүн, ошондой эле консультация өткөрүүгө ыйгарым укугу болбогон жактар тарабынан берилген квалификациясыз консультациясынын айынан келтирилген чыгым үчүн жоопкерчилик тартпайт.

 

57-Глава
Алдынала чечим

 

383-статья. Алдынала чечимди кабыл алуу

 

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызыкчылыгы бар адамдын суроо-талабы боюнча Тышкы экономикалык иш-аракеттин товардык номенклатурасына ылайык товарлардын классификациясы, алардын бажы наркы, товар өндүрүлгөн өлкө жөнүндө алдын ала чечим чыгарат.

2. Алдынала чечимди кабыл алуу үчүн ушул Кодекстин 239-статьясына ылайык жыйымдар төлөнөт.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

384-статья. Алдынала чечим кабыл алуу жөнүндө суроо-талап

 

1. Алдынала чечимди кабыл алууга таламдаш жак алдынала чечимди кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндө түзүлгөн суроо-талашы тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.

Суроо-талап алдынала чечимди кабыл алуу үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды камтууга тийиш. Мүмкүн болушунча суроо-талапты берүү менен бир эле убакта товарлардын сынамыктары жана үлгүлөрү, алардын сыпаттамасы, фотосүрөттөрү, сүрөттөрү, чиймелери, коммерциялык, техникалык жана алдынала чечимди кабыл алуу үчүн зарыл болгон дагы башка документтер берилет.

2. Эгерде арыз ээси алдынала чечимди кабыл алуу үчүн берген маалыматтар жетишсиз болсо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы арыз ээсине кошумча маалымат берүү зарылчылыгы жөнүндө кабарлайт жана аны берүү үчүн мөөнөттү белгилейт. Белгиленген мөөнөттө кошумча маалымат берилбегенде алдынала чечимди кабыл алуу жөнүндө суроо-талап четке кагылат.

Алдынала чечимди кабыл алуу жөнүндө суроо-талап да четке кагылат эгерде алдынала чечимди чыгаруу мүмкүн болбосо. Суроо-талапты четке кагуунун себептери жөнүндө арыз ээсине жазуу жүзүндө кабарлайт.

Суроо-талапты четке кагуу арыз ээси суроо-талашы четке кагууга негиз болгон себептер жоюлган шартта алдынала чечимди кабыл алуу жөнүндө кайталап кайрылышына тоскоолдук кылбайт. Ошол эле себеп боюнча кайталап кайрылганда алдынала чечимди кабыл алуу үчүн жыйым төлөнбөйт.

3. Алдынала чечим кабыл алынган учурда ал күчүндө болгон мезгилде арыз ээси ошол эле товар жагынан алдынала чечимди кабыл алуу жөнүндө суроо-талап менен кайрылууга укуксуз.

 

385-статья. Алдынала чечимдин юридикалык мааниси жана колдонуу

мөөнөтү

 

Алдынала чечим бардык бажы органдары үчүн милдеттүү болуп саналат. Алдынала чечим арыз ээси декларант болуп саналган товарларга карата ал кабыл алынган күндөн тартып мөөнөтсүз күчүндө болот.

 

386-статья. Алдынала чечимди жокко чыгаруу же өзгөртүү

 

1. Эгерде алдынала чечим арыз ээси берген толук эмес же анык эмес маалыматтын негизинде кабыл алынган болсо жана эгерде толук жана так маалыматты бергенде башка алдынала чечим кабыл алынган болсо, мындай чечим жокко чыгарылат. Чечимди жокко чыгаруу алдынала чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Алдынала чечимди өзгөртүү Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы өзгөргөн же алдынала чечимди кабыл алууда жол берилген каталар табылган учурда жүргүзүлөт. Өзгөртүү алдынала чечимди өзгөртүү жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө күчүнө кирет, бирок мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып кеминде эки айдан ашпайт.

3. Алдынала чечимди жокко чыгарган же өзгөрткөндө алдынала чечимди кабыл алуу үчүн жыйым кайра кайтарылбайт.

 

58-Глава
Бажы чегарасы аркылуу алынып өтүүчү товарларды
контролдоп жөнөтүү

 

387-статья. Бажы чегарасы аркылуу товарларды жана транспорттук

каражаттарды алып өткөндө контролдоп жөнөтүүнүн

өзгөчөлүктөрү

 

1. Эркин сатууга тыюу салынган же жүгүртүүсү чектелген товарларды мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын алдын алуу, аларды табуу, четтетүү жана бетин ачуу максатында "Изин суугаай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык изин суутпай издөө ишин жүргүзгөн органдар контролдсш жөнөтүүнү - изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө укуктуу, мында изин суутпай издөө ишин жүргүзгөн органдардын уруксаты менен жана анын контролдугу астында эркин сатууга тыюу салынган же жүгүртүүсү чектелген, болбосо кылмыш жасоо куралы же каражаты болуп саналган, же бажы чегарасы аркылуу алып өтүү контрабанда болуп саналган товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүгө, бул аймактан ташып чыгууга же ташылып келинген товарларды бул аймакта орун которууга жол берилет.

2. Бажы чегарасы аркылуу алынып өтүүчү товарларды контролдоп жөнөтүүнү товарлардын, баңги заттардын же психотроптук каражаттардын эларалык мыйзамсыз жүгүртүүсүн четтетүү, ошондой эле мындай жүгүртүүгө катышкан жактарды табуу максатында бажы органдары Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринин негизинде же чет мамлекеттердин бажы же башка органдары менен болгон келишимдер боюнча жүзөгө ашырат. Изин суутпай издөө ишин жүргүзгөн башка органдар контролдоп жөнөтүүнү бажы органдары менен макулдашуу боюнча жүргүзөт, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жана изин сутпай издөө ишин жүргүзгөн башка мамлекеттик органдын ортосундагы макулдашууга ылайык жүргүзүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары жакка ташылып чыгуучу товарларды контролдоп жөнөтүү жөнүндө чечим Кыргыз Респурликасынын эларалык келишимдеринин негизинде же чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасында жазык иши козголбойт, ал эми кабыл алынган чечим жөнүндө контролдоп жөнөтүүнү жүзөгө ашырган органдын жетекчиси белгиленген тартипте токтоосуз прокурорго кабарлайт.

4. Бажы органдары "Кыргыз Республикасындагы изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык изин суутпай издөө иштерин жүргүзүүгө укуктуу.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

388-статья. Контролдоп жөнөтүүнү жүзөгө ашырганда бажы чегарасы

аркылуу алынып өтүүчү товарларды алып коюу же

алмаштыруу

 

Эркин сатууга тыюу салынган же жүгүртүүсү чектелген, бажы чегарасы аркылуу алынып өтүүчү товарларды контролдоп жөнөтүүнү жүзөгө ашырганда бул товарлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте толугу менен же жарым-жартылай алып коюлушу же алмаштырылышы мүмкүн. Адамдардын ден соолугуна, жаратылыш айлана-чөйрөсүнө зор коркунуч келтирген же массалык кыргын салуучу куралды жасоо үчүн негиз болуучу товарлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте алмаштырылууга тийиш.

 

XIV БӨЛҮМ
БАЖЫ ОРГАНДАРЫНЫН ЖАНА АЛАРДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЧЕЧИМДЕРИНЕ,
АРАКЕТТЕРИНЕ (АРАКЕТСИЗДИГИНЕ) ДАТТАНУУ

 

59-Глава
Бажы органдарынын жана алардын кызматкерлеринин чечимдерине, аракеттерине
(аракетсиздигине) даттануу тартиби

 

389-статья. Даттанууга карата укук

 

1. Эгерде бажы органынын же анын кызматкеринин чечиминен, аракетинен же, аракетсиздигинен улам, ар кандай жактын пикири боюнча, анын укуктары жана эркиндиктери бузулган болсо, аларды ишке ашырууга тоскоолдуктар түзүлсө же кандайдыр бир милдет мыйзамсыз түрдө жүктөлсө, эгерде мындай чечим, аракет же аракетсиздик ушул жактын таламдарын түздөн-түз козгосо, кандай жак болбосун мындай чечимге, аракетке же аракетсиздикке даттанууга укуктуу.

2. (КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

3. Жактардын даттануу укугу ушул главада бекитилген тартипте кайрылуусу аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.

4. Сотторго жөнөтүлүүчү даттанууларды берүү, карап чыгуу жана чечүү тартиби Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен аныкталат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

390-статья. Даттануу берүү тартиби

 

1. Бажы органынын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу мындай чечимди кабыл алган же аракет (аракетсиздик) жасаган кызмат адамы кызмат өтөп жаткан бажы органына же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет. Бажы органынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.

2. Даттануу түздөн-түз жогору турган органга берилгенде бул орган чечими, аракети же аракетсиздиги даттанылып жаткан бажы органынан же даттануу берилген кызматкерден даттануу боюнча тастыктоочу материалдарды жана корутундуну суратат.

3. (КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынаылайык алынып салынды)

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

391-статья. Даттануу берүү мөөнөтү

 

Бажы органынын же анын кызматкеринин чечимине, аракетине же аракетсиздигине даттануу үч айдын ичинде:

жакка анын укуктары менен эркиндиктеринин бузулгандыгы, аларды ишке ашырууга тоскоолдуктар түзүлгөндүгү же кандайдыр бир милдет мыйзамсыз түрдө жүктөлгөндүгү белгилүү болгон же белгилүү болууга тийиш болгон күндөн тартып;

бажы органы же анын кызматкери мыйзамдарда каралган чечимди кабыл алуу же мыйзамдарда каралган аракеттерди жасоо үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып берилиши мүмкүн.

Бажы органынын бажы төлөмдөрүн жана туумдарды төлөө жөнүндө талабына карата даттануу он күнгө чейинки мөөнөттө берилиши керек.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

392-статья. Даттанууну берүү үчүн мөөнөттү калыбына келтирүү

 

1. Даттануу үчүн мөөнөт жүйөлүү себептерден улам өтүп кеткен учурда бул мөөнөт даттануу менен кайрылган жактын арызы боюнча даттанууну карап чыгууга укуктуу орган тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

2. Өтүп кеткен мөөнөт даттанууну иш жүзүндө карап чыгууга кабыл алуу аркылуу калыбына келтирилет. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө чечим жазуу жүзүндө жол-жоболоштурат, арыз ээсине ал кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн ичинде жөнөтүлөт.

 

393-статья. Даттануунун формасы жана мазмуну

 

1. Даттануу жазуу жүзүндө берилет.

2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

чечими, аракети же аракетсиздиги даттанылып жаткан бажы органынын аталышы же бажы органынын кызматкеринин кызмат орду, аты-жөнү (эгерде алар белгилүү болсо);

даттануугу берген жактын аты-жөнү же аталышы, ал жашаган жер же турган орду;

даттанылып жаткан чечимдин, аракеттин же аракетсиздиктин маани-маңызы;

жак бажы органынын же анын кызматкеринин чечиминен, аракетинен же аракетсиздигинен улам өзүнүн укуктары менен эркиндиктери бузулду, аларды ишке ашырууга тоскоолдуктар түзүлдү же кандайдыр бир милдет мыйзамсыз түрдө жүктөлдү деп эсептешине негиз болгон жагдайлар.

3. Арыз ээси даттанууда көрсөтүлгөн жагдайларды тастыктаган далилдерди бербей кое алат. Эгерде мындай далилдерди берүү даттанууну карап чыгуу үчүн олуттуу мааниге ээ болсо, даттанууну карап жаткан орган аны берүүнү арыз ээсинен талап кылууга жана берүү үчүн мөөнөттү ага ушул жетиштүү болгон белгилөөгө укуктуу. Аталган учурда арыз ээси орган белгилеген мөөнөттө далилдерди берүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде далилдер берилбеген учурда, эгерде мындай далилдерди арыз ээсинин бербей коюушу даттанууну маани-маңызы боюнча карап чыгууга мүмкүндүк бербесе, даттануу каралбастан арыз ээсине кайра кайтарылат. Арыз ээсинин жүйөлөштүрүлгөн суроо-талабы боюнча далилдерди берүү мөөнөтү даттанууну карап жаткан бажы орган тарабынан узартылат.

Арыз ээси бажы органдарынын жана алардын кызматкерлеринин даттанылып жаткан чечимдеринин, аракеттеринин же аракетсиздигинин мыйзамсыздыгын далилдөөгө милдеттүү эмес.

 

394-статья. Даттануу берүүнүн натыйжасы

 

Даттануу берүү даттанууну караган орган даттанылган чечим же аракет Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келбейт деп эсептөөгө толук негиз болгондон тышкаркы учурларда даттанылган чечимди же аракетти аткарууну токтото турбайт. Аталган учурда даттанылган чечимди же аракетти аткаруу толугу менен же жарым-жартылай токтотула турушу мүмкүн.

 

395-статья. Даттанууну карап чыгууга кабыл алуудан баш

тартуу үчүн негиздер

 

1. Даттануу карап чыгууга кабыл алынбайт, эгерде:

1) даттануунун белгиленген мөөнөттөрү сакталбаса жана жак өтүп кеткен мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен кайрылбаса, же өтүп кеткен мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү тууралу арыз четке кагылган болсо (392-статья);

2) даттанууга кол коюлбаса же өзүнүн ыйгарым укуктарын тиешелүү тастыктабаган адам тарабынан кол коюлса;

3) даттануунун формасы жөнүндө же мазмуну тууралу талаптар сакталбаса;

4) жак ушундай мазмундагы даттануу менен буга чейин сотко кайрылган болсо жана мындай даттануу сот тарабынан карап чыгууга кабыл алынса же ал боюнча чечим чыгарылган болсо;

5) даттануунун жүйөсү бажы органына же анын кызматкерине тиешеси болгон чечим, аракет же аракетсиздик болуп саналса.

2. Даттанууну карап чыгууга кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө жакка бул тууралу чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн ичинде жазуу жүзүндө баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен кабарланат.

3. Даттанууну карап чыгууга кабыл алууудан баш тартуу жөнүндөгү бажы органынын чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.

 

396-статья. Даттанууну кайра алуу

 

1. Даттануу менен кайрылган жак даттануу боюнча чечим кабыл алынганга чейин кандай убакта болбосун аны кайра ала алат.

2. Бир эле себеп боюнча даттанууну кайталап берүү ушул Кодекстин 391-статьясында белгиленген мөөнөттөрдүн чектеринде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

 

60-Глава
Даттанууну кароо жана ал боюнча чечим кабыл алуу

 

397-статья. Даттанууну кароочу органы

 

1. Бажы органынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат.

Бажы органынын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата берилген даттануу ал кызмат адамы кызмат өтөп жаткан бажы органы тарабынан каралат, ал эми бажы органынын жетекчисинин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата берилген даттануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине, аракетине же аракетсиздигине карата берилген даттануу жогору турган мамлекеттик орган тарабынан каралат.

2. Даттануу боюнча чечимди жогору турган органдын атынан бул органдын жетекчиси же ал ыйгарым укук берген адам кабыл алат. Мында даттанууну карап чыгуу чечимди кабыл алган, аракет же аракетсиздик кылган кызматкер же өзүнө карата төмөн турган кызматкер тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

398-статья. Даттанууну кароонун мөөнөттөрү

 

Даттануу ал түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөт ичинде, ал эми ушул Кодекстин 393-статьясынын 3-пунктунда каралган учурда - даттанууда баяндалган жагдайларды тастыктаган далилдер берилген күндөн тартып каралууга тийиш.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

399-статья. Даттануу боюнча чечими

 

1. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча аны караган бажы органы:

1) бажы органынын же анын кызматкеринин чечимин, аракетин же аракетсиздигин укук ченемдүү деп табат;

2) бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимин, аракетин же аракетсиздигин толугу менен же жарым-жартылай укукка жат деп табат.

2. Даттанылып жаткан чечим, аракет же аракетсиздик укукка жат деп табылган учурда аны карап жаткан орган:

бажы органы же анын кызматкери кабыл алган чечимди толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгарат;

бажы органы же анын кызматкери кабыл алган чечимди жокко чыгарат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны жаңы чечим кабыл Мууга милдеттендирет же, эгерде аны кабыл алуу өзүнүн компетенциясына кирсе, мындай чечимди өз алдынча кабыл алат;

бажы органынын же анын кызматкеринин аракетин же аракетсиздигин укукка жат деп табат жана жол берилген эреже бузууларды жоюу максатында жасалууга тийиш болгон иш-аракеттердин чөйрөсүн аныктайт, же, эгерде аларды жасоо өзүнүн компетенциясында болсо, мындай аракеттерди өз алдынча жасайт.

3. Даттанууну карап жаткан жак бажы органынын кызматкери өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгынын же тиешелүү түрдө аткарбагандыгынын белгилерин тапканда бул кызматкерди белгиленген тартипте тартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрөт.

4. Ушул Кодекстин 398-статьясында белгиленген мөөнөттөрдө бажы органынын же анын кызматкеринин чечимине, аракетине же аракетсиздигине даттануу менен кайрылган жакка даттанууну кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимдин көчүрмөсү жөнөтүлөт, ошондой эле ага даттануу тартиби түшүндүрүлөт.

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул статьяга ылайык кабыл алынган даттанууну карап чыгуусунун жыйынтыгы менен макул эмес адам, кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде тиешелүү сот органына даттанууга укуктуу.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

2004-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан каралган эмес

 

1996-жылдын 16-февралындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү жөнүндөгү", 1998-жылдын 21-октябрындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү", 2001-жылдын 24-декабрындагы № 112 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын

Конституциясынын 59-статьясынын 4-пунктуна ылайык жактырылган

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                

 

А. Акаев