Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\926088aa-e246-4874-941b-e0ebb6f59409\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТОКТОМУ

2022-жылдын 4-марты № 107

Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммаларынын минималдуу өлчөмдөрүн, жоопкерчилик лимиттерин жана камсыздандыруу сый төлөмүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө

"Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Бекитилсин:

1) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммаларынын өлчөмдөрү жана жоопкерчилик лимити:

- ар бир жабырлануучунүн өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирилгендиги жана төмөнкүлөргө алып келгендиги үчүн:

жабырлануучунун өлүмүнө - 300000 (үч жүз миң) сом өлчөмүндө;

жабырлануучуга майыптуулуктун белгиленишине:

I топтогу - 200000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө;

II топтогу - 150000 (жүз элүү миң) сом өлчөмүндө;

III топтогу - 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндө;

"майып-бала" категориясы - 200000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө;

майыптуулук белгиленбестен майып болууга, жаракатка же ден соолугунун башка бузулушуна - амбулатордук жана (же) стационардык дарыланууга иш жүзүндө жумшалган чыгымдардын өлчөмүндө, бирок 100000 (жүз миң) сомдон ашык эмес;

- жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыян үчүн - келтирилген зыяндын өлчөмүндө, бирок ар бир жабырлануучуга 150000 (жүз элүү миң) сомдон ашык эмес жана бардык жабырлануучуларга 450000 (төрт жүз элүү миң) сомдон ашык эмес;

2) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча базалык камсыздандыруу сый төлөмүнүн өлчөмү 1680 (бир мин алты жүз сексен) сом суммасында;

3) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый төлөмүн эсептөө үчүн камсыздандыруу тарифтеринин коэффициенттери тиркемеге ылайык.

2. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый төлөмүнүн өлчөмү ушул токтом менен бекитилген базалык камсыздандыруу сый төлөмү менен камсыздандыруу тарифтеринин коэффициенттеринин көбөйтүндүсү катары камсыздандыруучулар тарабынан эсептелет деп белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

 

 

Тиркеме

Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый төлөмүн эсептөө үчүн камсыздандыруу тарифтеринин
КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ

1. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу сый төлөмүн эсептөө үчүн төмөнкүдөй камсыздандыруу тарифтеринин коэффициенттери колдонулат:

1) автотранспорт каражаттарынын тибине жараша коэффициент:

Автотранспорт каражатынын тиби

Коэффициент

1

Кыймылдаткычынын иш көлөмү 2000 куб.см аз болгон жеңил автотранспорт каражаттары жана электр кыймылдаткычынын кубаттуулугу 50 кВт/с чейин болгон электромобилдер

1,0

2

Кыймылдаткычынын иш көлөмү 2001ден 3000 куб.см болгон жеңил автотранспорт каражаттары жана электр кыймылдаткычынын кубаттуулугу 51 кВт/с жогору болгон электромобилдер

1,20

3

Кыймылдаткычынын иш көлөмү 3001 куб.см жогору болгон жеңил автотранспорт каражаттары

1,45

4

Жалпы уруксат берилген максималдуу салмагы 12 тоннадан аз жүк ташуучу автотранспорт каражаттары

1,60

5

Жалпы уруксат берилген максималдуу салмагы 12 тоннадан ашык жүк ташуучу автотранспорт каражаттары

2,00

6

16га чейин жүргүнчү орундары бар автобустар

1,45

7

16дан ашык жүргүнчү орундары бар автобустар

1,65

8

Троллейбустар

0,8

9

Мототранспорт

0,45

10

Чиркегичтер (жарым чиркегичтер), тракторлор, өзү жүрүүчү жол-курулуш машиналары, экскаваторлор, бульдозерлер

0,45

Эскертүү.

Транспорт каражатынын кыймылдаткычынын кубаттуулугун аныктоодо автотранспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөгү маалыматтар пайдаланылат;

2) автотранспорт каражатын башкарууга уруксат берилген айдоочунун жаш курагына жана айдоо стажына жараша коэффициенти:

Автотранспорт каражатын айдоочунун жаш курагы жана стажы

Коэффициент

1

25 жашка чейин кошо эсептегенде 3 жылга чейин айдоо стажы болсо

1,4

2

25 жашка чейин кошо эсептегенде 3 жылдан ашык айдоо стажы болсо

1,3

3

25 жаштан жогору, айдоо стажы 3 жылга чейин болсо

1,2

4

25 жаштан жогору, айдоо стажы 3 жылдан ашык болсо

1

Эскертүү:

Эгерде камсыздандыруу полисинде автотранспорт каражатын башкарууга бирден ашык адамга жол берилгендиги көрсөтүлсө, транспорт каражатын башкарууга уруксат берилген адамга карата аныкталган максималдуу коэффициент камсыздандыруу сый төлөмүн эсептөөгө алынат.

Айдоо стажын аныктоодо тиешелүү категориядагы автотранспорт каражатын башкарууга укук алынган дата жөнүндө айдоочунун күбөлүгүндөгү маалыматтар пайдаланылат.

Автотранспорт каражатын башкарууга уруксат берилген адамдардын санын чектөө каралбаган милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө же юридикалык жак менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө коэффициенттин мааниси 1,6 өлчөмүндө белгиленет.

Чет мамлекетте катталган автотранспорт каражатынын ээси милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө коэффициенттин мааниси 2,2 өлчөмүндө белгиленет;

3) мурдагы милдеттүү камсыздандыруу келишими колдонулган мезгилдеги камсыздандыруу учурларында камсыздандыруу төлөмдөрүнүн болгондугуна же болбогондугуна жараша коэффициент (мындан ары - "бонус-малус" коэффициенти):

Камсыздандыруунун жылдык мөөнөтүнүн башталышындагы класс

Коэффициент

Милдеттүү камсыздандыруунун мурдагы келишимдери колдонулган мезгилдеги камсыздандыруу окуяларынын болушун эске алуу менен камсыздандыруунун жылдык мөөнөтүнүн аягындагы класс

0 камсыздандыруу төлөмдөрү

1 камсыздандыруу төлөмү

2 камсыздандыруу төлөмдөрү

3 камсыздандыруу төлөмдөрү

3төн ашык камсыздандыруу төлөмдөрү

1

М

2,45

0

М

М

М

М

2

0

2,3

1

М

М

М

М

3

1

1,55

2

М

М

М

М

4

2

1,4

3

1

М

М

М

5

3

1

4

1

М

М

М

6

4

0,95

5

2

1

М

М

7

5

0,9

6

3

1

М

М

8

6

0,85

7

4

2

М

М

9

7

0,8

8

4

2

М

М

10

8

0,75

9

5

2

М

М

11

9

0,7

10

5

2

1

М

12

10

0,65

11

6

3

1

М

13

11

0,6

12

6

3

1

М

14

12

0,55

13

6

3

1

М

15

13

0,5

13

7

3

1

М

Эскертүү:

"Бонус-малус" коэффициентин аныктоо үчүн бир камсыздандыруу учур боюнча камсыздандыруучу төлөп берген камсыздандыруу төлөмдөрү бир жолку камсыздандыруу төлөмү катары каралат.

Автоматташтырылган маалыматтык борбордун маалыматтар базасынан камсыздандыруучу тарабынан алынган автотранспорт каражатынын ээсинин (айдоочусунун) мурдагы милдеттүү камсыздандыруу келишимдери жөнүндө маалыматтар "бонус-малус" коэффициентин камсыздандыруучунун колдонушу үчүн негиз болуп саналат.

Автоматташтырылган маалыматтык борбордун маалыматтар базасында мурдагы милдеттүү камсыздандыруу келишимдери жөнүндө маалыматтар жок болгон уч урда, "бонус-малус" коэффициенти боюнча класс "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык камсыздандыруучу берген маалыматтардын негизинде аныкталат.

Милдеттүү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн автотранспорт каражатынын ээсине (айдоочусуна) тиешелүү маалыматтар жок болгон учурда ушул автотранспорт каражатынын ээсине (айдоочусуна) 3-класс ыйгарылат.

Автотранспорт каражатын башкарууга уруксат берилген адамдардын санын чектөөнү жана ушул автотранспорт каражатын камсыздандыруучу көрсөткөн айдоочу гана башкара тургандыгын караган милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча класс ар бир айдоочуга карата маалыматтардын негизинде аныкталат. Автотранспорт каражатын башкарууга уруксат берилген айдоочулардын ар бирине класс ыйгарылат. Маалыматтар жок болгон учурда, аталган айдоочуларга 3-класс ыйгарылат.

Автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат берилген адамдардын санын чектөөнү караган милдеттүү камсыздандыруу келишимдери үчүн камсыздандыруу тарифи транспорт каражатын башкарууга уруксат берилген ар бир айдоочуга карата аныкталган "бонус-малус" коэффициентинин максималдуу маанисин колдонуу менен эсептелип чыгат.

Автотранспорт каражатын башкарууга уруксат берилген адамдардын санын чектөөнү карабаган милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча класс милдеттүү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн автотранспорт каражатынын ээсине карата маалыматтардын, ошондой эле акыркы милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө аныкталган класстын негизинде аныкталат.

Классты аныктоо үчүн милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу мөөнөтү башталган датага чейин бир жылдан ашык эмес өзүнүн колдонулушун токтоткон милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча маалыматтар эске алынат;

4) диагностикалык картанын болушуна жараша коэффициент:

Диагностикалык картанын болушу

Коэффициент

1

Диагностикалык картасы бар автотранспорт каражаты

0,8

2

Диагностикалык картасы жок автотранспорт каражаты

1,0

5) камсыздандыруунун мөөнөтүнө жараша коэффициент:

Камсыздандыруу мөөнөтү

Коэффициент

1

5тен 15 күнгө чейин

0,2

2

16 күндөн 1 айга чейин

0,3

3

3 айга чейин

0,5

4

6 айга чейин

0,7

5

9 айга чейин

0,9

6

12 айга чейин

1