Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aeef5807-f4e5-45f4-bbd6-34f6651a4e3d\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2005-жылдын 9-январы № 6

Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө

(КР 2006-жылдын 28-декабрындагы № 224, 2009-жылдын 17-февралындагы № 53,
2009-жылдын 17-апрелиндеги № 129, 2012-жылдын 25-июлундагы № 137,
2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2013-жылдын 27-июнундагы № 108,
2015-жылдын 18-декабрындагы 228,
2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52,
2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2017-жылдын 2-августундагы № 167, 2017-жылдын 1-декабрындагы N 197 (2) , 2019-жылдын 17-майындагы N 64 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоонун укуктук, экономикалык жана социалдык негиздерин аныктайт.

I глава
 Жалпы жоболор

1-статья. Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамынан, башка мыйзамдарынан жана аларга ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар

Аккредитация - аккредиттөөнүн саламаттык сактоо уюмдарынын стандарттарына ылайык кесиптик ишти жүзөгө ашыруудагы компетенттүүлүгүн таануунун расмий жол-жобосу.

Сыркоо адам - оорусу бар экени белгиленген адам.

Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары - Кыргыз Республикасында жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн уюмдаштыруучу (менчик ээси) тарабынан түзүлгөн уюмдар.

Бирдиктүү төлөөчү - Бирдиктүү төлөөчүнүн тутумунда Жөнөтүүчү тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамды базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан финансылоону жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.

Тегерегиндегилер үчүн коркунуч келтирүүчү оорулар - кыска мөөнөттүн ичинде көп сандагы адамдардын ооруп калуусуна жана (же) өлүмүнө алып келиши мүмкүн болгон оорулар.

Клиникалык протокол - медицина кызматкерлери аткарууга тийиш болгон айкын ооруну диагноздоонун, дарылоонун жана анын алдын алуунун схемасы же пациенттин ал-ахвалы.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун комплекстүү интеграцияланган тутуму - Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик саясатын ишке ашыруу, улуттук жана мамлекеттик программаларды аткаруу, медициналык билим берүү жана медициналык илимди өнүктүрүү боюнча иштин өтмөлүүлүгүнүн принциптеринде жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик, муниципалдык жана менчик саламаттык сактоо уюмдар тутуму.

Консилиум - пациентке диагноз коюунун жана аны дарылоонун маселелерин коллегиалдуу кароо жана чечүү.

Саламаттык сактоонун топтоштурулган бюджети - мамлекеттик бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынын, тыштан карыз алуунун жана донорлордун гранттык жардамдарынын, ошондой эле атайын казыналык эсептерде топтолуучу каражаттардын, саламаттык сактоо тутумунда калктын кошо төлөөсүнөн алынган каражаттардын жыйындысы.

Медициналык-санитардык жардам - жарандардын саламаттыгын сактоого, чыңдоого жана калыбына келтирүүгө багытталган медициналык жана башка чаралардын комплекси.

Медициналык реабилитациялоо - организмдин бузулган функцияларын калыбына келтирүүгө (же компенсациялоого) багытталган медициналык иш-чаралардын комплекси.

Медициналык кызмат көрсөтүү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пациент сарптаган чыгымдардын ордун толтурууну кароочу медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн түрү.

Медициналык этика - медициналык-санитардык, санитардык-профилактикалык жардам көрсөтүүнүн процессинде медицина кызматкеринин пациент, коом, башка медициналык кызматкерлер менен өз ара мамилесиндеги этикалык ченемдердин жана принциптердин жыйындысы.

Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте врачтардын, фармацевттердин, орто медициналык, фармацевттик жана кенже медициналык кызматкерлердин кызматтарын ээлеген адамдар.

Жарандардын саламаттыгын сактоо - ар бир адамдын дене-бой жана психикалык саламаттыгын сактоого жана чыңдоого, ага саламаттыгын жоготкон учурда медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган саясий, экономикалык, укуктук, социалдык, маданий, илимий, экологиялык, медициналык, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы мүнөздөгү чаралардын жыйындысы.

Паллиативдик жардам - максаты ооруган жерди жана оорунун башка - дене-бой, психологиялык жана адеп-ахлактык белгилерин эрте табуунун, ага дыкат баа берүүнүн жана алып салуунун аркасында инкурабелдик (пациенттин өмүрүн сактап калуунун же болбосо ден соолугун толук калыбына келтирүүнүн мүмкүнчүлүгүн болтурбаган абалы) оорулуулардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн жашоосунун сапатын жакшыртуу болуп саналган иш-чаралар.

Пациент - тиешелүү медициналык документтерди жол-жоболоштуруу менен саламаттык сактоо уюмдары же жекече иштөөчү медициналык кызматкерлер тарабынан медициналык-санитардык жардам көрсөтүлүүчү адам.

Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктердин программасы) - Кыргыз Республикасында жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн кепилдик берилген көлөмү, түрлөрү жана шарттары.

Санитардык-профилактикалык жардам - адамга жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун зыяндуу таасирин четтетүүгө же азайтууга, жугуштуу оорулардын жана массалык жукпаган оорулардын пайда болушу менен таркашын болтурбоого багытталган уюштуруучулук, административдик, санитардык-гигиеналык, эпидемиялык ооруларга каршы жана башка чаралар.

Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамдыгы - калктын саламаттыгынын, адамдын жашоо чөйрөсүнүн, мындайда адамдын жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун терс таасири болбогон жана анын жашоосунун ыңгайлуу шарттары камсыз кылынган абалы.

Үй-бүлөлүк врач, жалпы практиканын врачы - жарандарга алардын жынысына жана курагына, жашаган жерине карабастан алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн атайын кеңири профилдүү даярдыктан өткөн врач.

Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар жаатыны - мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган саламаттык сактоо мекемелери, аларды пайдалануу тиешелүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Бирдиктүү төлөөчүнүн тутуму - калкка саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык-санитардык жана фармацевттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептер боюнча кийин бир каналдуу финансылоону жүргүзүү максатында базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан саламаттык сактоонун финансы ресурстарын топтоштуруу.

Саламаттык сактоо кызматы - саламаттык сактоонун белгилүү бир жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо органдары жана уюмдары.

Кошо төлөө - Мамлекеттик кепилдиктер программасын финансылоонун көлөмүнөн ашырып алган медициналык кызматтар үчүн жарандын наркты төлөөгө катышуусу.

Социалдык маанилүү оорулар - келип чыгуусу жана (же) таралуусу кандайдыр бир деңгээлде социалдык-экономикалык шарттарга көз каранды болгон оорулар.

Фармацевттик иш - дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып келүүнү, алып чыгууну, сактоону, маркировкалоону, бөлүштүрүүнү, пайдаланууну жана жок кылууну кошуп алганда, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүү, даярдоо, дүң жана чекене сатуу, берүү боюнча өз ара байланышкан бир же бир нече иш процесстери.

Эвтаназия - айыкпас ооруга чалдыккан адамдын атайын оорутпоочу каражаттардын, анын ичинде жашоону кармап туруу боюнча жасалма чараларды колдонууну токтотуу аркылуу врач менен макулдашкан ыктыярдуу өлүмү.

Башка терминдердин мааниси ушул Мыйзамдын өзүнчө статьялары менен аныкталат.

 (КР 2009-жылдын 17-февралындагы № 53, 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52, 2017-жылдын 2-августундагы № 167 , 2019-жылдын 17-майындагы N 64 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3-статья. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоонун маселелерин жөнгө салуучу негизги ченемдик укуктук акт болуп саналат.

Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп:

- жарандардын Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилдик берилген өз саламаттыгын, башка адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоого жана коргоого болгон ажыратып алгыс укугун ишке ашыруу;

- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоонун маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын аныктоо;

- менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ишин укуктук жөнгө салуу;

- жарандардын, калктын айрым топторунун саламаттык сактоо жаатындагы укуктары менен милдеттерин аныктоо жана алардын сакталышынын кепилдигин белгилөө;

- медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин кесиптик укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктоо, аларды социалдык жактан коргоонун кепилдиктерин белгилөө саналат.

4-статья. Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери

Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп:

- жарандардын саламаттык сактоого болгон укугунун сакталышы;

- социалдык адилеттүүлүк, теңчилик, медициналык-санитардык жана санитардык-профилактикалык жардамдын жеткиликтүүлүгү;

- ден соолугу бузулган учурда жарандарды социалдык жактан коргоо;

- саламаттык сактоонун калктын керектөөлөрүнө, медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн комплекстүү интеграцияланган тутумунун түзүлүшүнө жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын иштеши үчүн бирдей шарттарды түзүүгө ылайык өнүктүрүү;

- Мамлекеттик кепилдиктердин программасынын алкагында саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин жаатынан жарандардын акысыз пайдаланышы;

- саламаттык сактоо маселелерин чечүүгө калктын, коомдук уюмдардын активдүү катышуусу;

- жарандардын өз саламаттыгын, балдардын, ата-энелердин жана тегерегиндегилердин саламаттыгын сактоо жана чыңдоо үчүн жоопкерчилиги;

- медициналык-санитардык жана санитардык-профилактикалык иш-чараларды өткөрүүнүн илимий негиздүүлүгү;

- саламаттык сактоонун профилактикага багыт алуусу, калкты сергек жашоо ыңгайына калыптандыруу;

- жарандардын саламаттыгын сактоодо жана чыңдоодо мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылбагандык үчүн мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын жана кызмат адамдарынын жоопкерчилиги;

- медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү жооптуу адамдардын, анын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылбагандык үчүн жоопкерчилиги саналат.

5-статья. Медициналык жана фармацевттик ишти лицензиялоо

Кыргыз Республикасынын аймагында медициналык жана фармацевттик иш жеке жана юридикалык жактар тарабынан атайын уруксат (лицензия) болгондо гана жүзөгө ашырылат.

Медициналык жана фармацевттик ишти лицензиялоо Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

6-статья. Медициналык иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактарды аккредиттөө

Менчигинин түрүнө карабастан медициналык иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактарды аккредиттөө саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталуучу тартипте медициналык милдеттүү жардамдын сапатын жакшыртуу максатында жүзөгө ашырылат.

(КР 2009-жылдын 17-февралындагы № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

II глава
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун комплекстүү интеграцияланган тутуму

 

7-статья. Саламаттык сактоо тутумунун бүтүндүгү

Кыргыз Республикасынын аймагында саламаттык сактоонун мамлекеттик жана менчик секторунан турган саламаттык сактоонун комплекстүү интеграцияланган тутуму иштейт.

Саламаттык сактоонун мамлекеттик сектору саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары, ведомстволук медициналык, медициналык-санитардык жана санитардык-профилактикалык кызматтарынан турат.

Саламаттык сактоонун менчик сектору саламаттык сактоонун менчик уюмдары, ошондой эле менчик медициналык практикада жана фармацевттик иште иштеген адамдарынан турат.

8-статья. Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары

Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына:

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттык сактоо жаатындагы конституциялык укуктарын камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жана аны жүзөгө ашыруу боюнча чараларды, ошондой эле саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү;

- жарандардын саламаттыгын сактоо жана мамлекеттик саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча улуттук, мамлекеттик, максаттуу программаларды кабыл алуу, финансылоо жана алардын ишке ашырылышын контролдоо;

- үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарын медициналык багыттагы жогорку технологиялык буюмдар менен камсыз кылуу;

- жарандардын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын ишин координациялоо жана жетектөө;

- өзгөчө кырдаалдарда адамдардын өмүрүн сактоого жана алардын саламаттыгын коргоого багытталган чараларды ишке ашыруу, алардын пайда болушуна жол бербөө, өзгөчө кырдаалдар зонасындагы жагдай жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо;

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгынын абалы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейгамдыгы жана саламаттык сактоонун топтоштурулган бюджетинин аткарылышы тууралу баяндаманы жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берүү кирет.

9-статья. Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкактарындагы ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

- калктын саламаттыгын коргоого жана чыңдоого, сыркоолорду профилактикалоого жана санитардык-эпидемиологиялык бейгамдыкка көмөк көрсөтүүчү калктын жашап иштешинин зарыл шарттарынын комплексин камсыз кылуу;

- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы аймактык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- өздөрүнө бөлүнүп берилген аймактарда саламаттык сактоо уюмдарынын, медициналык жана фармацевттик өнөр жайдын материалдык-техникалык базасынын өнүгүшү жана иштеши үчүн шарттарды түзүү;

- саламаттык сактоонун бюджетин түзүү жана анын аткарылышын аймактын географиялык өзгөчөлүктөрүн, калктын жыныстык, курактык курамын эске алуу менен камсыз кылуу;

- калктын билим деңгээлин жогорулатуу жана жашоонун сергек ыңгайын түзүүдөгү жоопкерчилиги үчүн жарандык коомду, жалпыга маалымдоо каражаттарын, коомдук уюмдарды тартуу;

- (8-абзац КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- муниципалдык же мамлекеттик менчиктеги турак жайлар болгондо бийик тоолуу жана алыскы айылдык райондордо иштеген медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди турак жай менен камсыз кылуу жана аларды күтүү боюнча жеңилдиктерди берүү;

- алар муниципалдык жана мамлекеттик менчикте болгондо саламаттык сактоонун муниципалдык жана мамлекеттик уюмдарына иштөөгө жиберилген жаш адистерге турак жай аянттарын, жер үлүштөрүн жана башка мүлктү берүү;

- биологиялык материалдарды жана медициналык калдыктарды зыянсыздандырууну, талап кылынбаган өлүктөрдү көмүүнү камсыз кылуу;

- саламаттык сактоо уюмдарынын саламаттык сактоо жаатындагы улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды аткаруудагы ишин координациялоо;

- жеке медициналык практикада жана фармацевттик иш менен алектенген жана өз ишин коммерциялык негизде эмес аткарган юридикалык жана жеке жактарга колдоо көрсөтүү:

ижара келишиминин негизинде менчигинде турган мүлктү убактылуу ээлик кылууга же пайдаланууга берүү түрүндө;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка түрлөрдө;

- өздөрүнө тиешелүү аймактарда жашаган жарандардын саламаттыгынын абалы жөнүндө, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамдыгы жана саламаттык сактоо бюджетинин аткарылышы тууралу баяндаманы жыл сайын жергиликтүү кеңештерге берип туруу.

(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы

Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын негизги милдеттери болуп:

- жарандардын саламаттык сактоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы Мамлекеттик кепилдиктердин программасын, саламаттык сактоонун максаттуу комплекстүү программаларын жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- медициналык, фармацевттик кадрларды мамлекеттик каттоону жана эсепке алууну уюштуруу, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин тандоо боюнча иш-чараларды өткөрүү;

- саламаттык сактоону, медициналык жана фармацевттик илимди өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү;

- тармактар аралык жана секторлор аралык координацияны, ошондой эле жарандардын саламаттыгын сактоо боюнча улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды ишке ашыруу боюнча коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу;

- саламаттык сактоонун медициналык, билим берүүчүлүк, илим изилдөөчүлүк, санитардык-эпидемиологиялык жана башка уюмдарынын тутумун жетектөө;

- медициналык-санитардык жана санитардык-профилактикалык жардамдын сапатын башкаруу;

- билим берүү уюмдарында менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан дипломго чейинки жана андан кийинки медициналык билим берүүнүн сапатын координациялоо;

- дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын сапатын, коопсуздугун жана натыйжалуулугун контролдоону камсыз кылуу;

- үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарындагы жогорку технологиялуу медициналык жабдуулардын үзгүлтүксүз иштеши үчүн шарттарды жана эң жаңы технологиялардын киргизилишин камсыз кылуу;

- менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоонун аймактык органдарынын жана уюмдарынын ишин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары аркылуу координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашыруу;

- калктын саламаттыгынын абалын талдоо саналат.

Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгынын абалы жөнүндө жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет.

Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматтары Кыргыз Республикасында жарандарга уюм тарабынан адистештирилген медициналык-санитардык жардам берүүгө усулдук жетекчиликти камсыз кылат.

(КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Менчигинин түрү мамлекеттик жана муниципалдык болгон саламаттык Сактоо уюмдарын башкаруу

Менчигинин түрү мамлекеттик жана муниципалдык болгон саламаттык сактоо уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык жана башкаруучулук автономияга ээ.

Менчигинин түрү мамлекеттик жана муниципалдык болгон саламаттык сактоо уюмуна жогорку кесиптик билими (медициналык экономикалык, мамлекеттик башкаруу) бар, саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген тартипте "саламаттык сактоону башкаруу" адистиги боюнча аттестациядан жана каттоодон өткөн жетекчилер башчылык кылат.

Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоо жүзөгө ашырылат.

Саламаттык сактоонун ведомстволук уюмдарынын жетекчилерин дайындоо тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Саламаттык сактоонун муниципалдык уюмдарынын жетекчилерин дайындоо саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы менен макулдашуу жана координациялык комиссиянын сунушу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар же тиешелүү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын ишин координациялоо төрага - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы же тиешелүү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын башчысы же анын орун басары башчылык кылган саламаттык сактоо боюнча координациялык комиссия аркылуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялар же тиешелүү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

Ведомстволук медициналык жана медициналык-санитардык кызматтардын ишин башкаруу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Ведомстволук медициналык жана медициналык-санитардык кызматтар түзүлгөн келишимдердин негизинде мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар жана саламаттык сактоо кызматтары эриш-аркак иш жүргүзүшөт.

12-статья. Менчигинин түрү жеке болгон, жеке медициналык практикасы бар жана фармацевттик иш менен алектенген адамдардын жана саламаттык сактоо уюмдарынын ишин мамлекеттик жөнгө салуу

Менчигинин түрү жеке болгон, жеке медициналык практикасы бар жана фармацевттик иш менен алектенген адамдардын жана саламаттык сактоо уюмдарынын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Менчигинин түрү жеке болгон, ошондой эле жеке медициналык практикасы бар жана фармацевттик иш менен алектенген адамдардын саламаттык сактоо уюмдарынын саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары жана кызматтары менен өз ара аракеттенүүсү түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.

Менчигинин түрү жеке болгон, саламаттык сактоо уюмдар жана жеке медициналык практикасы бар жана фармацевттик иш менен алектенген адамдар Бирдиктүү төлөөчүнүн милдетин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган менен түзүлгөн келишимдердин негизинде Мамлекеттик кепилдиктердин программасын ишке ашырууга катышышы мүмкүн.

Жеке медициналык жана фармацевттик иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактардын иштерине контролду Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.

(КР 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-статья. Медициналык билим берүү жана медицина илими

Кыргыз Республикасындагы жогорку же кесиптик орто медициналык билим берүү уюмдарын бүтүргөн жарандар, ошондой эле чет мамлекеттердин ушундай эле окуу жайларын бүтүргөн адамдар медициналык жана фармацевттик кызматкердин кесибине ээ болушат.

Кыргыз Республикасында медициналык кызматкерлерди даярдоо ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кадрларды пайдалануунун жана жылдыруунун ар жылдык мониторингин жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан мамлекеттик тапшырык тартибинде жүзөгө ашырылат.

Жогорку кесиптик медициналык билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилери альтернативалык негизде, жашыруун добуш берүү менен илимий даражасы бар адистердин ичинен профессордук-окутуучулук курамынын жалпы чогулушунда 5 жылдык мөөнөткө шайланышат жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан кызматка бекитилет.

Билим берүү уюмдарындагы медициналык кызматкерлерди даярдоонун сапатын башкаруу алардын ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Кесиптик медициналык билим берүү уюмдары менен саламаттык сактоо уюмдарынын саламаттык сактоонун болочок адистерин даярдоо процессиндеги өз ара мамилелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

Саламаттык сактоо жаатындагы илимий ишмердик илим-изилдөө уюмдары (илим-изилдөө институттары, илимий-практикалык борборлор жана башка илимий уюмдар), жогорку медициналык (фармацевттик) билим берүү мекемелери, медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин кесибин жогорулатуу уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Ведомстволорго караштуу медициналык илим-изилдөө уюмдарына, жогорку медициналык (фармацевттик) билим берүү мекемелерине, медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу уюмдарына жетекчилик кылуу, саламаттык сактоо жаатындагы илим-изилдөө иштерин координациялоо, саламаттык сактоо тутумдары үчүн жогорку кесиптеги илимий кадрларды даярдоону уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-статья. Жеке медициналык практика жана фармацевттик иш

Жеке медициналык практика жана фармацевттик иш дары-дармек жардамдарынын этикалык ченемдерин жана коопсуздугун сактоо менен медициналык, профилактикалык жана фармацевттик кызматтарды көрсөтүү боюнча милдеттенмелерди жүзөгө ашырууну кепилдикке алган, мыйзамдуулуктун принциптеринин негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Жеке медициналык уюмдар жана жекече иш жүргүзгөн медициналык кызматкерлер саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан медициналык иштин белгилүү бир түрлөрүнө берилген лицензиялардын негизинде өз иштерин жүзөгө ашырышат. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген жеке медициналык уюмдар өз иштерин милдеттүү аккредитациялоонун негизинде жүргүзүшөт.

Жеке медициналык уюмдардын иши лицензия берүүчүнүн (лицензияны чакырып алуу), уюмдаштыруучунун (менчик ээсинин) жана/же соттун чечими боюнча токтотулушу мүмкүн.

Жеке медициналык иштин субъекттери төмөнкүдөй укуктарга ээ:

- жарандар, уюмдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, саламаттык сактоо жаатындагы башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдердин негизинде медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүүгө;

- мамлекеттик кепилдиктер, медициналык камсыздандыруу программаларын, максаттуу саламаттык сактоо программаларын ишке ашырууга катышууга;

- медициналык документтерди, анын ичинде убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын берүүгө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте медициналык документтердин катуу отчеттуулугунун бланктарын пайдаланууга;

- пациенттерге медициналык жардамдарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон медициналык маалыматтарды алардын ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан медициналык уюмдардан алууга;

- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларды ишке ашырууда колдонулбаган мамлекеттин жана/же муниципалдык менчиктин мүлкүн ижарага берүү же финансы ижара келишиминин (лизинг) негизинде убактылуу ээлик кылуу жана пайдалануу үчүн акы алууга.

Жеке медициналык уюмдар жана жекече иш жүргүзгөн медициналык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандай статистикалык эсеп жүргүзүүгө, аларга медициналык-санитардык жана санитардык-алдын алуу жардамдарын көрсөтүү боюнча отчеттуулукту саламаттык сактоо органдарына көрсөтүүгө, алардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартууга милдеттүү.

Менчиктин жеке түрү менен саламаттык сактоо уюмдарынын, ошондой эле жекече медициналык иш жүргүзгөн адамдардын мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар жана кызматтары менен өз ара аракеттенүүлөрү түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.

Менчиктин жеке түрү менен саламаттык сактоо уюмдары Бирдиктүү төлөөчүнүн милдетин жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган менен түзүлгөн келишимдин негизинде Мамлекеттик кепилдиктердин программаларын ишке ашырууга катыша алышат.

Жеке медициналык иштин субъекттери көрсөткөн медициналык-санитардык жардамдардын сапатын контролдоо саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, алардын уставдык ишине ылайык пациенттердин укуктарын коргоо боюнча башка уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Жеке медициналык жана фармацевттик иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактардын ишин контролдоо ишкердиктин субъекттерин текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2009-жылдын 17-февралындагы № 53, 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

15-статья. Элдик медицина менен алектенүү укугу (табышчылык)

Элдик медицина - бул элдик салттарда бекемделген адамдардын көптөгөн муундарынын тажрыйбасына негизденген ден соолукту чыңдоонун, алдын алуунун, диагноздоонун жана дарылоонун усулдары.

Элдик медицина менен алектенүү укугуна медицина жана элдик медицина жаатында атайын даярдыктан өтүшкөн, табыптын дипломун алышкан, ошондой эле лицензиясын алган Кыргыз Республикасынын жарандары ээ болушат.

Элдик медицина жаатындагы табыптарды даярдоонун жана аларга лицензияларды берүүнүн тартиби саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат.

Массалык түрдө табыпчылык жүргүзүүгө тыюу салынат. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу табыпчылыктын усулдары жана каражаттары жөнүндө жарнамалоого тыюу салынат.

Табыпчылыктын натыйжасында адамдын саламаттыгына же өмүрүнө зыян келтирүү кылмыш катары жаза тартууга кириптер кылат.

Табыпка лицензия берген саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы алардын алдын алуу, диагноздоо жана дарылоо жагындагы анын иштери үчүн мониторинг жүргүзүшөт. Пациенттин саламаттык абалынын начарлашына же анын өлүмүнө алып келген ар бир учур саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын медициналык комиссиясы тарабынан териштирилет.

16-статья. Медициналык кесиптик жана формацевттик коомдук уюмдар

Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин кесиптик ишине байланышкан башка маселелерди чечүү, илимий изилдөөлөргө көмөктөшүү, медициналык жана фармацевттик ишти өнүктүрүү, медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин укуктарын коргоо максаттарында медициналык кесиптик жана фармацевттик коомдук уюмдарды түзүү укугуна ээ.

Медициналык кесиптик жана фармацевттик коомдук уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана ишин жүзөгө ашырат жана саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жана фармацевттик кызматкерлеринин ыктыярдуу биригүүсүнө негизденген коммерциялык эмес уюмдар болуп саналат.

Мамлекеттик бийлик органдары медициналык кесиптик жана фармацевттик коомдук уюмдардын ишине ар тараптуу жардамдарды көрсөтүшөт.

Медициналык, фармацевттик жана башка коомдук уюмдар өздөрүнүн уставына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандардын саламаттыгын коргоону жана бекемдөөнү камсыз кылууга, жашоонун сергек мүнөзүн пропагандалоого катышат.

(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-статья. Саламаттыкты сактоо уюмдарынын ассоциациялары (бирликтери), медициналык кесиптик жана фармацевттик коомдук уюмдар

Саламаттыкты сактоо уюмдары, медициналык кесиптик жана фармацевттик коомдук уюмдар ишти координациялоо максаттарында, ошондой эле жалпы кызыкчылыктарды көрсөтүүдө жана коргоодо өз ара түзүлгөн келишим боюнча коммерциялык эмес ассоциациялар (бирликтер) түрүндө бирикмелерди түзө алышат.

Медициналык кесиптик жана фармацевттик коомдук уюмдарга, ассоциацияларга (бирликтерге) саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органынын чечими менен анын бир катар ыйгарым укуктары өткөрүп берилиши мүмкүн.

Ассоциацияларды (бирликтерди) колдоо айрым коомдук пайдалуу программаларды мамлекеттик максаттуу финансылоо түрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын мүчөлүк акыларынан, өздүк каражаттардын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка формаларда жүзөгө ашырылат.

18-статья. Саламаттык сактоо уюмдарынын, жекече иш жүргүзгөн медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин иштерин жарнамалоо

Саламаттык сактоо уюмдарынын, жекече иш жүргүзгөн медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин иштерин жарнамалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарын жана саламаттыгын коргоо максаттарында жана медициналык иш жүргүзүү укугуна саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын лицензиясы болбогон, ошондой эле алдын алуу, диагноздоо жана дарылоо усулдары Кыргыз Республикасында катталбаган адамдардын иштерин жалпыга маалымдоо каражаттары (басма сөз, радио, телекөрсөтүү) аркылуу жарнамалоого тыюу салынат.

19-статья. Саламаттык сактоодогу маалыматтык технологиялар

Саламаттык сактоодо маалыматтык технологияларды колдонуу Кыргыз Республикасында жарандарды жетиштүү жана сапаттуу медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылууга, жарандардын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо боюнча стратегиялык программаларды иштеп чыгууга, жарандарга медициналык-санитардык жана медициналык-социалдык жардамдарды көрсөтүү боюнча мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылууга багытталган.

Маалыматтык камсыз кылуу тутумдарынын маалыматтары, эгерде алар жашыруун мүнөзгө ээ болсо жана аларды колдонуу жарандарга зыян келтирүүсү мүмкүн болсо, үчүнчү жактардын кызыкчылыктары үчүн колдонулушу мүмкүн эмес.

III глава
 Кыргыз Республикасында интеграцияланган медициналык-санитардык жана санитардык-алдын алуу жардамдарын көрсөтүүнү уюштуруу

 

20-статья. Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасы

Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу мамлекеттик кепилдиктердин программасы менчигинин түрүнө карабастан, ушул программага катышкан саламаттык сактоо органдарында медициналык-санитардык жардамдарды алууга Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылат.

Мамлекеттик кепилдиктердин программасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык-санитардык жардамдарды көрсөтүүнүн акысыз жана жеңилдик шарттарында көлөмүн, түрүн жана шартын аныктайт.

Мамлекеттик кепилдиктердин программаларын аткарууну финансылоонун көлөмү тийиштүү бюджеттерди бекитүүдө базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

Мамлекеттик кепилдиктердин программасына кирбеген медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жарандар өздөрүнүн жеке каражаттарынын эсебинен төлөп беришет.

(КР 2015-жылдын 18-декабрындагы № 228 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

21-статья. Медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү

Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардамдардын төмөнкүдөй түрлөрү көрсөтүлөт:

- алгачкы медициналык-санитардык жардам;

- адистештирилген медициналык жардам;

- медициналык-социалдык жардам;

- медициналык калыбына келтирүү;

- медициналык экспертиза;

- паллиативдик жардам.

(КР 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

22-статья. Алгачкы медициналык-санитардык жардам

Алгачкы медициналык-санитардык жардам ар бир жаран үчүн мүмкүн болгон негизги медициналык тейлөөнүн түрү болуп саналат.

Алгачкы медициналык-санитардык жардам өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- ар бир жарандын, ар бир үй-бүлөнүн, коомдоштуктун саламаттыгын сактоо жана чыңдоо, үй-бүлөлүк дарыгердин жеке ишине, болбосо саламаттык сактоо кызматынын башка түрлөрүнө кошулган жалпы иш жүргүзгөн врачтын ишине негизденет;

- медициналык тез жардам көрсөтүү;

- менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоонун ар түрдүү кызматтарынын бири-бирине байланышын камсыз кылуу, адистешкен медициналык жардам көрсөткөн адистерге медициналык-социалдык жардам көрсөтүү жана калыбына келтирүү боюнча кызматтарга пациенттерди жөнөтүү кирет.

Кыргыз Республикасынын жарандарына үй-бүлө дарыгерлери, жалпы практикадагы дарыгерлер тарабынан көрсөтүлгөн алгачкы медициналык-санитардык жардам акысыз берилет.

23-статья. Медициналык тез жардам

Медициналык тез жардам - пациенттерге турмуштук көрсөткүчтөрү боюнча көрсөтүлгөн медициналык жардамдын түрү. Медициналык тез жардам пациенттерге тезинен медициналык кийлигишүүнү талап кылган учурларда (кырсыкка учураганда, жаракат алганда, ууланганда жана башка ооруган абалда) медициналык тез жардам кызматы тарабынан токтоосуз жүзөгө ашырылат.

24-статья. Адистештирилген медициналык жардам

Адистешкен медициналык жардам Кыргыз Республикасынын жарандарына алгачкы медициналык жардам көрсөтүүчү уюмдарда жана татаал медициналык технологияларды пайдалануу менен божомолдоонун, дарылоонун атайын усулдарын талап кылган сыркоолорду дарылоочу оорукана уюмдарында көрсөтүлөт.

Адистешкен медициналык жардамдарды көрсөтүү мамлекеттик кепилдик программаларында белгиленген сыркоологон адамдардын категориялары үчүн акысыз же жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырылат.

Жогорку технологияларды пайдалануу менен медициналык жардамдар жарандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте медициналык жардамдардын (кымбат турган) түрлөрүнүн фондунун каражаттарынын эсебинен көрсөтүлөт.

Медициналык жогорку технологиялар (кымбат турган) фондунун каражаттарынын эсебинен медициналык жардамдарды көрсөтүүнүн көлөмү жыл сайын бул максаттарда каралган финансылоонун көлөмүнө карап, саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.

25-статья. Медициналык-социалдык жардам

Медициналык-социалдык жардам калыбына келтирүүчү, протездик-ортопедиялык жана тиш протези жардамын, ошондой эле оорулууну, эмгекке жарамсызды жана майыпты багып кароо боюнча социалдык мүнөздөгү жардамдарды камтыйт.

Медициналык-социаддык жардам мамлекеттик, муниципалдык жана саламаттык сактоонун жеке тутумдарында, ошондой эле калкты социалдык жактан коргоо тутумдарынын мекемелеринде медициналык, социалдык кызматкерлер жана башка адистер тарабынан көрсөтүлөт.

251-статья. Паллиативдик жардам

Паллиативдик жардам инкурабелдик оорулууларга дене-бой же психологиялык мүмкүнчүлүктөрү олуттуу чектелген жана интенсивдүү симптоматикалык терапияга, психосоциалдык жардамга, медициналык мекемелерде же амбулаториялык жардам формасында врачтын жетекчилиги астында узакка башка бирөөнүн багуусуна муктаж болгон оорунун терминалдык (өмүр менен өлүмдүн ортосундагы чектелүү абал) стадиясында көрсөтүлөт.

Паллиативдик жардам көрсөтүүнүн тартиби саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.

(КР 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

26-статья. Медициналык калыбына келтирүү

Тубаса жана пайда болгон оорулардан жабыр тарткан жарандарга, ошондой эле оор адатка айланып калган оорулардын жана жаракаттардын кесепетинен улам шартталган саламаттыгы начар жарандарга тиешелүү саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо мекемелери тарабынан медициналык - калыбына келтирүү жардамы көрсөтүлөт.

27-статья. Санитардык-алдын алуу жардамы

Кыргыз Республикасында санитардык-алдын алуу жардамына:

- санитардык-гигиеналык көзөмөлдөө;

- эпидемиологиялык көзөмөлдөө;

- жашоонун сергек мүнөзүн калыптандыруу кирет.

Санитардык-алдын алуу жардамы калктын саламаттыгын коргоо жана чыңдоо максаттарында биринчи деңгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдары жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматтары тарабынан көрсөтүлөт.

Санитардык-эпидемиологиялык бейгамдык жана калктын коомдук саламаттыгы жугуштуу оорулардын жана массалык жугуштуу эмес оорулардын келип чыгышынын жана жайылтылышынын алдын алуу жана аларды жок кылуу максатында жарандарды гигиеналык жактан үйрөтүү жана тарбиялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу калк арасында гигиеналык билимдерди жайылтуу жана жашоонун сергек мүнөзүн пропагандалоо менен жашап турган чөйрөдөгү, өзгөчө жаратылыштык-климаттык кубулуштардын адам факторуна таасир берүүчү зыяндуу көрүнүштөрдү четтетүүгө же азайтууга багытталган комплекстүү чаралар менен камсыз кылынат.

(КР 2013-жылдын 27-июнундагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

28-статья. Санаторийлик-курорттук дарылоо

Кыргыз Республикасынын жарандары жеке каражаттарынын, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарынын, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен санаторийлерде жана санаторийлик-дарылоо мекемелеринде дарылануудан өтүү укугуна ээ. Балдардын санаторийлеринде жана балалуу ата-энелер үчүн санаторийлерде балдарды дарылоо акысыз жүргүзүлөт. Санаторийлик-курорттук дарылоо үчүн көрсөткүчтөр жана карама-каршы көрсөткүчтөр, ошондой эле жарандарды санаторийлик-курорттук дарылоого тандап алуунун жана жиберүүнүн тартиби саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.

29-статья. Медициналык-санитардык жардамдардын сапатын башкаруу

Калктын керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган комплекстүү иш-чаралардын түрү катары медициналык-санитардык жардамдын сапатын башкаруу медициналык-санитардык жардамдын сапатынын стандарттарын белгилеген жана алардын сакталышы үчүн контролду жүзөгө ашырган саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

30-статья. Социалдык маанидеги оорулардан жана тегерегиндегилер үчүн коопсуздукту туудурган оорулардан жабыр тарткан жарандарга медициналык-социалдык жардам

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү социалдык маанидеги оорулардан жана тегерегиндегилери үчүн коркунуч туудурган оорулардан жабыр тарткан жарандарга медициналык-социалдык жардамдарды уюштуруу боюнча улуттук мамлекеттик программаларды иштеп чыгат жана кабыл алат.

Социалдык маанидеги оорулардын жана тегерегиндегилер үчүн коркунуч келтирүүчү оорулардын тизмегин, социалдык маанидеги оорулар жана тегерегиндегилер үчүн коркунуч келтирүүчү оорулар менен жабыр тарткан жарандарга медициналык-социалдык жардамдардын түрлөрүн жана көлөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

(КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

31-статья. Дене-тарбиясы жана спорт менен алектенген жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү

Дене-тарбиясы жана спорт менен алектенген жарандарга медициналык-санитардык жардамды саламаттыкты сактоонун тийиштүү кызматтары жүзөгө ашырат.

Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары жана уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык дене-тарбиясы жана спорт менен машыгуу үчүн пайдаланылуучу имарат жайлардын, аймактардын жана жабдуулардын санитардык-техникалык абалы үчүн контролду жүзөгө ашырат.

32-статья. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аскер кызматы каралган аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын жана башка аткаруу бийлик органдарынын кызматкерлерине медициналык санитардык жардам көрсөтүү

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аскер кызматы каралган аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын жана башка аткаруу бийлик органдарынын кызматкерлерине медициналык-санитардык жардамды ведомстволук медициналык-санитардык кызматтар көрсөтөт. Кызмат өтөгөн же жашаган жери боюнча же медициналык жана медициналык-санитардык саламаттыкты сактоо ведомстволук кызматтары болбогондо, ошондой эле тийиштүү адистер же атайын медициналык-санитардык жардамдардын жабдуулары болбогондо көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте түзүлгөн келишимдерге ылайык мамлекеттик же муниципалдык саламаттыкты сактоо уюмдары көрсөтүшөт.

33-статья. Эркиндиги чектелген адамдарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү

Соттун өкүмү мыйзамдуу негизде чыгарылбаган сот өкүмү боюнча жазаны эркиндигинен ажыратуудан сырткаркы орундарда убактылуу камоо изоляторлорунда жайгашкан эркиндиги чектелген адамдарга жазык-аткаруу тутумдарынын атайын мекемелеринде медициналык-санитардык жардамды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте түзүлгөн келишимдин негизинде ведомстволук медициналык-санитардык кызматтар же мамлекеттик болбосо муниципалдык саламаттыкты сактоо уюмдары көрсөтүшөт.

34-статья. Клиникалык жана медициналык-биологиялык тажрыйбаларды жүргүзүү, диагностиканын жана дарылоонун жаңы усулдарын колдонуу

Адамга клиникалык жана медициналык-биологиялык эксперименттер анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт. Эксперимент кандай этапта болбосун эксперимент жүргүзүлүп жаткан адамдын талабы боюнча жана анын саламаттыгына коркунуч келтирген учурларда токтотулат.

Клиникалык жана медициналык-биологиялык эксперименттерди жүргүзүүнүн, диагностиканын жана дарылоонун жаңы усулдарын колдонуунун тартиби саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.

Клиникалык жана медициналык-биологиялык эксперименттерди жүргүзүүдө, ошондой эле колдонууга сунуш кылынган диагностиканын жана дарылоонун жаңы усулдарын колдонуу медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү жана машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.

(КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

35-статья. Жасалма уруктандыруу

Жасалма уруктандыруу (эстракорпоралдык уруктандыруу, эмбрионду отургузуу, жасалма уруктандыруу) 18 жаш курагына жеткен аялдын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарында (никеде турган аялдар үчүн жубайынын макулдугу менен) саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт. Аялга жасалма уруктандыруу жол-жобосунун жүрүшүндө анын медициналык жана укуктук залалдары медициналык-генетикалык изилдөөлөрдүн көрсөткүчтөрү тышкы көрсөткүчтөр жана донордун улуту жөнүндө маалымат алдын ала билдирилет. Жасалма уруктандырууну жүргүзүү жөнүндө, ошондой эле донордун инсандыгы тууралу маалымат врачтык жашыруун сырды түзөт.

36-статья. Тукумсуздаштыруу усулун колдонуу

Медициналык тукумсуздаштыруу тукум улоочулук мүмкүнчүлүгүнөн медициналык кийлигишүү түрүндө ажыратуу максаттарында же контрацепция усулу катары саламаттыкты сактоо уюмдарында бойго жеткен пациенттин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча гана жүргүзүлөт.

Тукумсуздаштырууну жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.

37-статья. Кош бойлуулукту жасалма токтотуу

Мөөнөтү 12 айдан ашпаган кош бойлуулукту жасалма токтотуу (аборт) операциясы аялдын каалоосу боюнча саламаттык сактоо уюмдарында жүргүзүлөт. Социалдык көрсөткүчтөр болгондо жана аял кааласа мөөнөтү 22 жумадан ашпаган кош бойлуулукту саламаттыкты сактоонун мамлекеттик уюмдарында жасалма токтотууга жол берилет. Медициналык көрсөткүчтөр жана аялдын макулдугу болсо кош бойлуулукту жасалма токтотуу кош бойлуулуктун мөөнөтүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында жүргүзүлөт. Кош бойлуулукту жасалма токтотуу үчүн социалдык көрсөткүчтөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Кош бойлуулукту жасалма токтотуу үчүн медициналык көрсөткүчтөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат.

38-статья. Жынысын өзгөртүү, коррекциялоо

Жынысын өзгөртүү, коррекциялоо бойго жеткен пациенттин каалоосу боюнча медициналык-биологиялык жана социалдык-психологиялык көрсөткүчтөргө ылайык Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктаган тартипте медициналык кийлигишүү жолу менен саламаттык сактоо уюмдарында жүргүзүлөт.

39-статья. Биологиялык материалдарды жана медициналык калдыктарды пайдалануу, сактоо жана утилдештирүү

Биологиялык материалдарды жана медициналык калдыктарды пайдалануу жана сактоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.

Биологиялык материалды жана медициналык калдыктарды утилдештирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

40-статья. Эвтаназияга тыюу салуу

Медициналык кызматкерлерге эвтаназияны жүзөгө ашырууга - оорулуунун өзүнүн өлүмүн кандайдыр бир иш-аракеттер же каражаттар менен, анын ичинде жашоосуна көмөк көрсөткөн жасалма чараларды токтотуу менен тездетүү жөнүндө өтүнүчүн канааттандырууга тыюу салынат.

Оорулууну аң-сезимдүү түрдө эвтаназияга түрткөн жана (же) эвтаназияны жүзөгө ашырган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине тартылат.

41-статья. Өлгөн учурду аныктоо. Жашоого көмөк көрсөткөн аппараттардын ишин токтотуу шарттары

Өлүмдү белгилөө медициналык кызматкер (врач же фельдшер) тарабынан жүзөгө ашырылат.

Адам өлгөн учурду аныктоонун, реанимациялык иш-чараларды токтотуунун критерийлери жана тартиби Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы бекитүүчү жобо менен белгиленет.

42-статья. Трансплантациялоо үчүн адамдын органдарын жана (же) ткандарын алуу

Трансплантациялоо үчүн адамдын органдарын жана же ткандарын алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

Адамдын органдары жана (же) ткандары соода-сатык жана коммерциялык бүтүмдөрдүн жүйөсү болушу мүмкүн эмес.

Трансплантациялоо үчүн адамдын органдарын жана (же) ткандарын алууга мажбурлоого жол берилбейт.

Адамдын органдарын жана (же) ткандарын коммерциялык сатып алуу жана сатуу бүтүмдөрүнө катышкан адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине тартылышат.

43-статья. Патологиялык-анатомиялык союуларды жүргүзүү

Өлүмдүн себептери жана оорунун диагнозу жөнүндө маалыматтарды алуу менен аныктоо максаттарында врачтар тарабынан патологиялык-анатомиялык союу жүргүзүлөт.

Өлгөн адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандарынын же мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү арызы, болбосо тирүү кезинде өлгөн адамдын өзүнүн билдирген эрк мүдөөсү болгон учурда киши колдуу өлүмдөн шек саналбаса, патологиялык-анатомиялык союу жүргүзүлбөйт. Патологиялык-анатомиялык союуну милдеттүү түрдө жүргүзүүнүн тартиби жана учурлары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.

Өлүмдүн себеби жана оорунун диагнозу жөнүндө корутунду үй-бүлө мүчөлөрүнө, ал эми алар жок болсо - өлгөн дадамдын жакын туугандарына же мыйзамдуу өкүлүнө, ошондой эле талап кылышса укук коргоо органдарына берилет.

44-статья. Анатомиялык тартуу

Окуу процесстеринде жана илимий изилдөөлөрдө пайдалануу үчүн саламаттык сактоо уюмуна же жогорку кесиптик медициналык билим берүү уюмуна аракетке жөндөмдүү адамдын өзүнүн денесин (денесинин бөлүктөрүн, органдарын жана ткандарын) ыктыярдуу, жазуу жүзүндөгү буйругу менен жасалган өткөрүп берүүсү анатомиялык тартуу деп эсептелет. Жаран анатомиялык тартуу жөнүндө тескемесин нотариустук тартипте жол-жоболоштурууга жана өз тескемесин жокко чыгаруу укугуна ээ. Анатомиялык тартууну пайдалануу укугу анатомиялык тартуу жөнүндө тескеме кылган жарандын биологиялык өлүмү белгиленгенден кийин келип чыгат. Анатомиялык тартууну жасоо тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

IV глава
 Медициналык экспертиза

 

45-статья. Убактылуу эмгекке жарамсыздыктын экспертизасы

Жарандардын оорусуна, мертинүүсүнө, кош бойлуулугуна, төрөтүнө, үй-бүлөнүн оорулуу мүчөсүн багуусуна, протезделүүсүнө, санаториялык-курорттук дарылануусуна байланыштуу жана башка учурлардагы убактылуу эмгекке жарамсыздыгынын экспертизасы Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы белгилеген тартипте менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында жүзөгө ашырылат.

Аскер кызматчыларынын убактылуу эмгекке жарамсыздыгынын экспертизасын өткөрүүнүн тартиби аскер кызматын өтөө тартиби жөнүндө жобо менен аныкталат.

46-статья. Медициналык-социалдык экспертиза

Медициналык-социалдык экспертиза жарандардын эмгекке жарамдуулугун жоготуусунун даражасын, майыптуулугунун себептерин жана топторун, ошондой эле жарандарды социалдык коргоо чараларын, анын ичинде медициналык реабилитациялоону аныктоо максаттарында жүргүзүлөт. Медициналык-социалдык экспертиза медициналык-санитардык экспертиза уюмдары тарабынан жүргүзүлөт. Медициналык-санитардык экспертиза уюмдарын түзүүнүн жана алардын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Медициналык-социалдык эскспертиза уюмдарынын чечими мамлекеттик бийликтин тийиштүү органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, башка адамдардын аткарышы үчүн милдеттүү болуп саналат.

Жаран же анын мыйзамдуу өкүлү өзүнүн арызы боюнча медициналык-социалдык экспертизаны жүргүзүүгө катышуу үчүн макул болгон кандай адис врач болбосун чакырууга укуктуу болот.

Медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу жаран же анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жогору турган уюмга же сотко даттанылышы мүмкүн.

47-статья. Аскердик-врачтык экспертиза

Аскер кызматына чакырылуучу жарандардын аскердик-врачтык экспертизасы аталган жарандардын аскер кызматына жарактуулугун аныктоо үчүн, ошондой эле аскердик же атайын кызматты өтөөсүнө, болбосо аскердик оюндарда болуусуна байланыштуу жарандардын мертинүүлөрүнүн (жаракат, травма, контузия), ооруга чалдыгууларынын себептик байланышын аныктоо үчүн жүргүзүлөт.

Аскердик-врачтык экспертизаны уюштуруу жана өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Аскердик-врачтык комиссиянын корутундусуна макул болбогондо жаран ушул Мыйзамдын 50-статьясында каралган альтернативалык аскердик-врачтык экспертизанын өткөрүлүшүнө укуктуу болот.

48-статья. Психикалык саламаттыктын сот-медициналык экспертизасы

Жарандарды сот-психиатриялык, сот-наркологиялык жана сот-психологиялык экспертизадан өткөрүү саламаттык сактоонун ушул максаттардагы мамлекеттик жана (же) муниципалдык уюмдарында жүргүзүлөт.

Жаран же анын мыйзамдуу өкүлү сот-психиатриялык, сот-наркологиялык жана сот-психологиялык экспертиза өткөрүүнү дайындаган органдын алдында эксперттик комиссияга кошулууга макулдугун берген тийиштүү врач-адисти киргизүү жөнүндө өтүнмө билдирүүгө укуктуу болот.

Сот-психиатриялык, сот-наркологиялык жана сот-психологиялык экспертизаны өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

49-статья. Сот-медициналык экспертиза

Жарандардын, өлүктөрдүн жана далил заттарынын сот-медициналык экспертизасы мамлекеттик жана (же) муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында сот-медициналык экспертиза бюросунун эксперттери тарабынан, ал эми мындай эксперттер жок болсо - алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн адамдардын, тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын токтомунун же соттун аныктамасынын негизинде аталган экспертизаны жүргүзүү үчүн тартылган врач-адистер тарабынан жүргүзүлөт.

Жаран же анын мыйзамдуу өкүлү эксперттик комиссиянын курамына кошулууга макулдугун берген врач адисти киргизүү жөнүндө сот-медициналык экспертизаны жүргүзүүнү дайындаган органга өтүнмө билдирүүгө укуктуу болот.

Сот-медициналык экспертизасын жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

50-статья. Альтернативалык медициналык экспертиза

Жаран ушул Мыйзамдын 46 жана 47-статьяларында каралган экспертизалардын корутундуларына карата сотко даттанган учурда судьянын токтому боюнча альтернативалык медициналык экспертиза дайындалышы мүмкүн. Жаран өлгөн же аны өзү даттануу берүүдөн ажыраткан ооруга чалдыккан учурда даттануу берүү укугуна анын жубайы, жакын туугандары же мыйзамдуу өкүлү ээ болот.

Альтернативалык медициналык экспертизанын натыйжаларына карата жаран даттанган медициналык-социалдык экспертизаны же аскердик-врачтык экспертизаны өткөрүүгө катышкан эксперттерге, ошондой эле альтернативалык медициналык экспертизанын натыйжаларына кызыкчылыгы бар органдарга, уюмдарга, кызмат адамдарына жана жарандарга кызматтык же башка көз карандылыкта турган эксперттерге тапшырылышы мүмкүн эмес. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган даттануу берген жаран соттун алдында альтернативалык медициналык экспертизаны белгилүү бир саламаттык сактоо уюму же белгилүү бир эксперт өткөрүшү жөнүндө өтүнмө билдирүүгө укуктуу.

Альтернативалык медициналык экспертиза өткөрүүдөгү сот чыгымдары Кыргыз Республикасынын жарандык-процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте төлөнүп берилет.

51-статья. Медициналык-санитардык жардам көрсөтүү сапатынын экспертизасы

Менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында медициналык-санитардык жардам (медициналык, профилактикалык жана башка кызматтар) көрсөтүүнүн сапатынын экспертизасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

V глава
 Донордук

 

52-статья. Кан жана анын компоненттерин берүү донордугу

Кыргыз Республикасындагы кан жана анын компоненттерин берүү донордугу жарандардын жарандаштарынын саламаттыгын сактоого жана чыңдоого ыктыярдуу катышуусуна негизделип, гумандуулукту жана кайрымдуулукту көрсөтүү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

53-статья. Адамды репродукциялоого байланышкан донордук

Адамды репродукциялоого байланышкан донордук Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

VI глава
 Мамлекеттик саламаттык сактоо тутумун каржылоо

 

54-статья. Саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдарын финансылоо булактары

Саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдарын финансылоо булактары:

- мамлекеттик бюджеттин каражаттары;

- милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттары;

- кошо төлөөдөн алынган каражаттар;

- атайын казыналык эсептерде топтолгон каражаттар;

- эл аралык уюмдардын, донор-өлкөлөрдүн кредиттери менен гранттары;

- жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдары менен кайрымдуулук жардамдарынын натыйжасында алынган каражаттар;

- ыктыярдуу медициналык камсыздандыруунун каражаттары;

- саламаттык сактоо органдарынын жана уюмдарынын жеке жана юридикалык жактарга карата доо арыздарын канааттандыруунун натыйжасында алынган каражаттар;

- мыйзамда тыюу салынбаган башка булактар болуп саналат;

- базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун каражаттары.

(КР 2009-жылдын 17-февралындагы № 53, 2019-жылдын 17-майындагы N 64 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

55-статья. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун топтоштурулган бюджети

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун топтоштурулган бюджети жыл сайын саламаттыкты сактоонун финансылоонун бардык булактарынан келип түшкөн каражаттардан түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы саламаттык сактоонун топтоштурулган бюджетинин аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет.

56-статья. Саламаттык сактоо тутумун финансылоонун негизги принциптери

Саламаттык сактоо тутумун финансылоонун негизги принциптери:

- жынысына, жаш курагына, жашаган жерине, социалдык тегине карабастан калктын медициналык-санитардык жардамдын кепилденген түрлөрүнө бирдей жетишүүсү;

- медициналык-санитардык жардамды келишимдик негизде финансылоо жана көрсөтүү;

- бюджетти вертикалдуу жана горизонталдуу интеграцияланган программалардын негизинде түзүү;

- саламаттык сактоо каражаттарын адилеттүү бөлүштүрүүнү камсыз кылуу үчүн региондорду финансылоону теңдештирүү;

- саламаттык сактоо каражаттарын Бирдиктүү төлөөчү тутумунда топтоо болуп саналат.

57-статья. Саламаттык сактоо тутумунун каражаттарын пайдалануу

Саламаттык сактоо тутумунун каражаттары:

- калкка медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө;

- саламаттык сактоонун максаттуу комплекстүү программаларына;

- саламаттык сактоонун мамлекеттик кызматтарынын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жана күтүүгө;

- саламаттык сактоо тутумунун кадрларын даярдоого жана алардын кесиптерин жогорулатууга;

- медицина жана фармацевтика илимдерин өнүктүрүүгө жана алардын жетишкендиктерин киргизүүгө;

- инфекциялык оорулардын эпидемияларын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алууга жана аларды жоюга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка чыгымдарга пайдаланылат.

58-статья. Кошо төлөө

Калк Мамлекеттик кепилдиктер программасын финансылоонун көлөмүнөн ашык көрсөтүлгөн саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматтарына акы төлөөгө катышат.

Кошо төлөөнүн деңгээли саламаттык сактоонун мамлекеттик секторун финансылоонун көлөмүнө жараша белгиленет жана жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Кошо төлөө каражаттарын киргизүү жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Калк төлөгөн кошо төлөө каражаттары түздөн-түз дарылоо-диагноздук процесстерге жана пациенттердин тамак-ашына байланышкан иш-чараларга пайдаланылат, алынып коюлбайт, ага салык салынбайт.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 137 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

59-статья. Атайын казыналык эсептердин каражаттарын түзүү

(Аталышы КР 2019-жылдын 17-майындагы N 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын атайын казыналык эсептери мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.

Акы төлөнүүчү кызматтардын түрлөрү республиканын саламаттыкты сактоо тутумун финансылоонун көлөмүнө жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Акы төлөнүүчү кызматтардын бааларынын прейскуранттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик орган менен макулдаштыкта Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

(КР 2019-жылдын 17-майындагы N 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

60-статья. Мамлекеттик кепилдиктер программасын финансылоону башкаруу

Мамлекеттик кепилдиктер программасын финансылоо Бирдиктүү төлөөчү тутумунда базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан Кыргыз Республикасынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык башкармалары тарабынан жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик кепилдиктер программасын финансылоонун көлөмү жыл сайын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

(КР 2009-жылдын 17-февралындагы № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VII глава
 Жарандардын саламаттык сактоо жаатындагы укуктары

 

61-статья. Жарандардын саламаттыгын сактоого карата укугу

Кыргыз Республикасынын жарандары саламаттыкты сактоонун ажыратылгыс укугуна ээ болушат, ал:

- айлана-чөйрөнү коргоо, жарандардын эмгегинин, жашоо тиричилигинин, эс алуусунун, тарбиясынын жана окуусунун жагымдуу шарттарын түзүү, коопсуз азык-түлүктү жана дары-дармек каражаттарын өндүрүү жана сатуу;

- бардык жарандарга жынысына, расасына, улутуна, тилине, социалдык тегине, кызмат абалына, жашаган жерине, динге карата мамилесине, ынанымдарына, коомдук бирикмелерге таандыктыгына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан медициналык-санитардык жана медициналык-социалдык жардам алуу укугун ишке ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү;

- жарандарга республиканын бүткүл аймагында медициналык-санитардык жардам көрсөтүү;

- өзүнүн өмүрүн жана саламаттыгын коргоого укук берүү;

- жарандарга үй-бүлө врачын, жалпы иш жүргүзүүчү врачты эркин тандап алуу укугун берүү;

- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык-санитардык жардам көрсөтүү;

- профилактикалык медицина, гигиена, сергек жашоого жетишүү маселелери боюнча маалыматтар берүү менен камсыз кылынат.

62-статья. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандарынын саламаттыгын сактоо укугу

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандарынын саламаттыгын сактоо укугу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык, ал эми башка учурларда - алар жүргөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык камсыз кылынат.

63-статья. Чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана качкындардын саламаттыкты сактоо укугу

Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдардын жана качкындардын саламаттыкты сактоого карата укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыйа жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык кепилденет.

Чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана качкындарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.

64-статья. Жарандардын саламаттыкка таасир берген факторлор жөнүндө маалымат алуу укугу

Жарандар саламаттыкты сактоого көмөк берген же ага терс таасир көрсөткөн факторлор жөнүндө, анын ичинде жашаган райондун экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык бейгамдыгы, тамак-аштын сарамжалдуу ченемдери жөнүндө, продукциялар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр, алардын санитардык ченемдерге жана эрежелерге ылайыктуулугу тууралу, башка факторлор жөнүндө дайыма анык жана өз убагында маалымат алууга укуктуу болушат. Мындай маалымат мамлекеттик башкаруунун жергиликтүү органдары тарабынан массалык маалымат каражаттары аркылуу же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте жарандардын суроо-талаптары боюнча түздөн-түз аларга берилет.

65-статья. Жарандардын өздөрүнүн саламаттыгына келтирилген зыяндын ордун толтуруп алуу укугу

Кыргыз Республикасынын жарандары аларга медициналык санитардык жардам көрсөтүүдө, жеке же юридикалык жактардын аракеттеринин натыйжасында өздөрүнүн саламаттыгына келтирилген зыяндын ордун:

- материалдык зыянды - иш жүзүндө келтирилген зыяндын көлөмүндө;

- моралдык зыянды - 1ден 500гө чейинки эсептик көрсөткүчтөрүндө толтуртуп алууга укуктуу болушат.

Жарандардын саламаттыгына келтирилген зыяндын ордун төлөп берүүнүн негиздери жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын редакциясына ылайык)

(КР 2006-жылдын 28-декабрындагы № 224 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VIII глава
 Калктын айрым топторунун саламаттыкты сактоо жаатындагы укуктары

 

66-статья. Үй-бүлөнүн укугу

Санитардык-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү, колдон келген медициналык-санитардык жардамды көрсөтүү, медициналык реабилитациялоо жолу менен үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн саламаттыгын сактоо жөнүндө кам көрүүнү мамлекет өзүнө алат.

Үй-бүлө (анын ар бир мүчөсү) жашаган жери боюнча медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылган үй-бүлө врачын тандап алуу укугуна ээ болот.

Медициналык-санитардык жардам үй-бүлө мүчөлөрүнө Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында акысыз көрсөтүлөт.

67-статья. Кош бойлуу аялдардын жана энелердин укуктары

Энелик даражасы Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жеңилдиктер берүү жолу менен мамлекет тарабынан корголот жана колдоого алынат.

Мамлекет кош бойлуу аялдарга алардын физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө жана саламаттыгынын абалына жооп берген шарттарда иштөө укугун камсыз кылат.

Ар бир аял кош бойлуу болгондо, төрөт жана андан кийинки мезгилде саламаттык сактоо уюмдарында зарыл болгон медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылынат. Кош бойлуу мезгилинде, төрөт учурунда жана андан кийин аялдарга акысыз медициналык-санитардык жардам Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында көрсөтүлөт.

Кош бойлуу болгон учурда жана бала төрөгөндүгүнө байланыштуу, ошондой эле оорулуу баланы баккан учурда аялдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жөлөкпүл жана акы төлөнгөн өргүү алуу укугуна ээ.

68-статья. Жашы жетелектердин укугу

Жашы жетелектердин саламаттыгын сактоо укугу төмөндөгүчө:

- саламаттык сактоо жаатында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген тартипте диспансердик байкоого алуу жана саламаттык сактоо уюмдарында дарылануу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте медициналык-социалдык жардам көрсөтүү;

- алардын физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө, ден соолугунун абалына жооп берүүчү, аларга жагымсыз факторлордун таасирин болтурбоонун шартында санитардык-гигиеналык билим берүү, окутуу жана эмгектенүү;

- алардын кесипке жана аскерге жарактуулугун аныктоодо медициналык консультациялардан өтүү;

- алар үчүн ылайыктуу формада ден соолугунун абалы жөнүндө зарыл маалыматтарды берүү менен камсыз кылынат.

Дене боюунун же психикасынын өнүгүшү начар жашы жетелектер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте калкты социалдык жактан коргоо тутумунун мекемелеринде багылышы мүмкүн.

69-статья. Карыган курактагы жарандын укугу

Карыган курактагы жарандар (карылыгы боюнча пенсия чектөө үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамы белгилеген куракка жеткен) мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынан үйүндө медициналык-санитардык жардам алууга, ошондой эле калкты социалдык жактан коргоо тутумунун мекемелеринен жана дары-дармек менен, анын ичинде Мамлекеттик кепилденген программанын шартында камсыз кылынуу укуктарына ээ. Оорусуна байланыштуу дарыланууга жөнөтүлгөн жана ооруп калган жана өзүнүн негизги турмуштук керектөөлөрүн канааттандырууга жарабай калган учурда аларды багууда, активдүү турмуш-тиричилигине жана социалдык жактан корголушуна колдоо көрсөтүүдө карыган курактагы жалгыз бой жарандарды жана жалаң пенсионерлерден турган үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо карыган курактагы жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүлөт.

70-статья. Майыптардын укугу

Майыптар, анын ичинен майып балдар жана бала кезинен майып болгондор медициналык-санитардык жардам алуу, реабилитациялоо, дары-дармек менен камсыз кылуу, протездөө, протездик-ортопедикалык буюмдарды алуу, жеңилдик шартында жүрүүчү каражаттарды алуу, ошондой эле кесиптик даярдыкка жана кайра даярдыктан өтүү укугуна ээ.

Эмгекке жарамсыз майыптар Мамлекеттик кепилдик берүү программасынын чектеринде мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынан акысыз медициналык-санитардык жардам алууга, үйүндө багылууга, ал эми негизги жашоо-тиричилик керектөөлөрүн канааттандырууга жарамсыз болуп калганда - калкты социалдык жактан коргоо тутумунун мекемелеринде багылуу укугуна ээ.

Майыптарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана алар үчүн жеңилдиктердин тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.

71-статья. Өзгөчө кырдаалдарда жабыр тарткан жана экологиялык жактан жагымсыз райондордо жашаган жарандардын укугу

Өзгөчө кырдаалдарда жабыр тарткан, экономикалык жактан жагымсыз райондордо жашаган жарандар медициналык-санитардык жардам алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аныктаган тартипте алардын ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу укугуна ээ.

IX глава
 Медициналык-санитардык жардам көрсөтүү учурунда пациенттердин укуктары

 

72-статья. Пациенттин укуктары

Пациент медициналык жардам үчүн кайрылганда жана аны алууда төмөндөгүлөргө укугу бар:

- саламаттык сактоо уюмдарынан, ошондой эле жекече медициналык практика менен иш жүргүзгөн адамдан жеткиликтүү сапаттагы медициналык-санитардык жардам алууга;

- саламаттык сактоонун амбулаториялык жана стационардык уюмдарында дарылоочу врачты тандап алууга;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте саламаттык сактоо уюмдарынан жеңилдик берилген медициналык, дары-дармек, ортопедикалык жана башка кызматтарды алууга;

- медициналык жана тейлөөчү персонал тарабынан сый жана гумандуу мамилеге;

- санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык келген тартипте текшерилүүдөн, профилактикадан өтүүгө, дарыланууга, медициналык реабилитациялоого жана күтүлүүгө;

- консилиум жүргүзүүгө жана башка адистер менен консультацияларды өткөрүүгө;

- өзүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жана саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген тартипте илимий жана медициналык эксперименттерге катышууга;

- өз укуктарын коргоо үчүн ага адвокаттын же башка мыйзамдуу өкүлдүн келишине;

- ага дин кызматчыларынын келишине, ал эми ооруканада - диний каада-салттарга баруу үчүн шарт түзүүгө, анын ичинде, эгерде ал оорукананын ички тартибин бузбаса өзүнчө бөлмө-жай алууга;

- диагностика, дарылоо процессине медициналык билим берүү уюмдарынын студенттеринин катышуусунан баш тартууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга.

Пациенттин укугу бузулган учурда ага медициналык жардам көрсөтүлүп жаткан тийиштүү кесиптик медициналык коомдук уюмдун түздөн-түз жетекчисине же саламаттык сактоо уюмунун башка кызмат адамына, болбосо сотко даттануу мененм кайрыла алат.

73-статья. Ден соолугунун абалы жөнүндө пациенттин маалымат алуу укугу

Ар бир пациент жүргүзүлгөн текшерилүүнүн натыйжалары, ооруга чалдыгуу, дарттын диагнозу жана алдын ала божомолдор, аны тобокелге салуу менен байланышкан дарылоонун усулу, медициналык кийгилишүүнүн мүмкүн болуучу варианттары, анын кесепеттери жана өзүнүн ден соолугу, жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө болгон маалыматтарды өзүнө түшүнүктүү болгондой формада алуу укугуна ээ.

Пациенттин ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат анын өзүнө берилет, ал эми 16 жашка чыга элек өспүрүмдөргө жана мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган пациенттерге - алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө дарылоочу врач, саламаттык сактоо уюмунун бөлүм башчысы же жүргүзүлгөн текшерүүгө жана дарылоого түздөн-түз катышкан башка адистер тарабынан берилет. Пациенттин талап кылуусу боюнча, эгерде анда үчүнчү жактын кызыкчылыгы камтылбаса, ага анын ден соолугунун абалы чагылдырылган медициналык документтердин көчүрмөсү берилет.

Ден соолугу жөнүндө маалымат пациентке анын эркине каршы берилиши мүмкүн эмес. Оорунун күчөшүнүн терс божомолдору болгон учурда, эгерде пациент аларга бул жөнүндө билдирүүгө тыюу салбаса жана (же) ушундай маалымат берилүүгө тийиш болгон адамды дайындабаса медициналык-этикалык ченемдерди сактоо менен маалымат пациентке жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө билдирилүүгө тийиш.

Пациенттин медициналык документтеринде камтылган маалыматтар врачтык жашыруун сырды түзөт жана ушул мыйзамдын 89-статьясында каралган негиздер боюнча гана пациенттин макулдугусуз берилиши мүмкүн.

Пациенттер медицина кызматкерлеринен такталган маалыматтарды алуу укугуна ээ:

- медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жана тартиби жөнүндө;

- саламаттык сактоо уюмунун аккредиттөө аттестатынын болуусу жөнүндө;

- аны текшерүү жүргүзүүгө жана дарылоого катышкан медициналык персоналдын аты, фамилиясы, кызматы жана кесиби жөнүндө;

- эмгектенүү жана тамактануу режими, дене тарбиясы жана спорт менен машыгуу, анын дартына байланыштуу реабилитациялык иш-чаралар жөнүндө;

- дары-дармек каражаттарын кабыл алуунун тартиби, алардын мүмкүн болуучу терс таасирлери жөнүндө.

74-статья. Медициналык кийгилишүүгө макулдук берүү

Медициналык кийгилишүүнүн керектүү алдын-алуучу шарты катары жарандын ыктыярдуу макулдугу саналат.

Жарандын ал-абалы өзүнүн эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк бербеген, ал эми өтө шашылыш жагдайдан улам медициналык кийгилишүү зарыл болгон учурда жарандын кызыкчылыгы үчүн аны жүргүзүү маселесин консилиум, ал эми консилиумду чогултууга мүмкүн болбогондо - саламаттык сактоо уюмунун кызмат адамына кийин кабарлоо менен түздөн-түз дарылоочу (кезметчи) врач чечет.

16 жашка чыга элек адамдарга жана мыйзам белгилеген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган жарандарга карата медициналык кийлигишүүгө макулдукту ушул мыйзамдын 73-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган маалыматтар аларга билдирилгенден кийин алардын мыйзамдуу өкүлдөрү берет. Мыйзамдуу өкүлдөр жок болгондо медициналык кийгилишүү жөнүндө чечимди консилиум, ал эми консилиумду чогултууга мүмкүнчүлүк болбогондо - саламаттык сактоо уюмунун кызмат адамдарына жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө кабарлоо менен түздөн-түз дарылоочу (кезметчи) врач кабыл алат.

Хирургиялык кийлигишүүгө, кан куюуга жана диагностиканын татаал инвазивдүү усулдарын колдонууга жарандын жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл.

Врачтар медициналык кийлигишүүнү эчак баштап калган жана ошол адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч келгендигине байланыштуу аны токтотууга же баш тартууга мүмкүн болбой калган учурдан тышкары берилген макулдук кайтарылып алынышы мүмкүн.

75-статья. Кызматкерлердин жумушу жана саламаттык сактоо уюмунун иши жөнүндө сунуш киргизүүгө пациенттин укугу

Пациент оозеки же жазуу жүзүндө кызматкерлердин жумушун жана саламаттык сактоо уюмунун ишин өркүндөтүү жөнүндө сунуш киргизүү укугуна ээ.

Пациенттердин сунуштары жана пикирлери саламаттык сактоо уюмунун администрациясы тарабынан талдоого алынат жана тийиштүү кызматкерлердин жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишине баа берүүдө эске алынат.

76-статья. Пациенттин багууга (кароого) укугу

Пациент интенсивдүү терапия бөлүмүндө жана реанимацияда жаткандыгын кошкондо, ооруп калган учурда, жаракат алып же мертингенде үй-бүлө мүчөлөрүнүн, ата-энесинин, жакын туугандарынын же ал жалдаган адамдын келип туруу жана багуу (кароо) укуктарына ээ.

Стационарда дарыланып жаткан пациентти багуунун (кароонун) тартиби саламаттык сактоо уюмунун администрациясы тарабынан аныкталат.

X глава
 Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын иши

 

77-статья. Саламаттык сактоо уюмдарынын классификациясы

Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары тиби, түрү жана медициналык-санитардык жардам көрсөтүү деңгээли боюнча жиктелет.

Саламаттык сактоо уюмдарынын тиби, түрү, деңгээли, алардын уюштуруучулук-укуктук формасы, иш-милдеттери жана көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамдын түрү уюмдаштыруу документтеринде чагылдырылат жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен жөнгө салынат.

78-статья. Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын укуктары

Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары төмөндөгү укуктарга ээ:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте лицензиялоодон жана аккредиттөөдөн өтүүгө;

- түзүлгөн келишимге ылайык Бирдиктүү төлөөчү тутуму менен өз учурунда жана толук финансылык эсептешүү жүргүзүүгө;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (саламаттык сактоонун илимий уюмдары үчүн), Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана саламаттык сактоонун ведомстволук кызмат көрсөтүүсү бар башка мамлекеттик органы бекиткен уставга (жобого) ылайык иш жүргүзүүгө;

- медициналык-санитардык жардам берүүгө кайрылган жарандардан алардын ден соолугунун абалы, медициналык ишти жүзөгө ашырган башка уюмдар жүргүзгөн дарылоонун маалыматтарды алууга;

- аны текшерүүдөн өткөргөн же дарылаган башка уюмдардан жарандын макулдугу менен маалыматтарды сурап алууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эмгекке жарамсыздыгы тууралу баракча, туулгандыгы, өлгөндүгү жөнүндө маалымкат жана башка медициналык документтерди берүүгө;

- саламаттык сактоо тутумунун ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасында кабыл алынган ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат алууга;

- кесиптик медициналык коомдук уюмдарды түзүүгө же кирүүгө.

XI глава
 Медициналык жана фармацевттик кызматкердин статусу

 

79-статья. Медициналык жана фармацевттик кызматкердин статусу

Медициналык жана фармацевттик кызматкердин статусу медициналык жана фармацевттик кызматкердин ишинин шарты жана мүнөзү менен аныкталат жана алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин өзүнө камтыйт.

80-статья. Медициналык же фармацевттик кызматкердин статусуна ээ адамдар

Медициналык же фармацевттик кызматкердин статусуна ээ медициналык же фармацевттик билими жана тийиштүү квалификациясы бар адамдар, саламаттык сактоо уюмунда өз ишин жүзөгө ашырган, жекече практика жүргүзгөн адамдар ээ болот.

Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер пациенттер, алардын туугандары менен, ич ара медициналык кызматкерлердин адепахлактык өз ара мамилелери аркылуу жөнгө салынуучу медициналык этиканын жана деонтологиянын гумандуу принциптерин жетекчиликке алуу менен өз ишин жүзөгө ашырышат.

81-статья. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин практикалык ишке кое берилиши

Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте тийиштүү лицензия алгандан же алар аттестациядан жана каттоодон өткөндөн кийин өзүнүн практикалык ишин жүзөгө ашырат.

Медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди аттестациялоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте кесиптик медициналык коомдук уюмдар, ассоциациялар (бирликтер) жүргүзөт.

Медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди каттоодон өткөрүүнү, алар аттестациядан өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүргүзөт.

Медициналык жана фармацевттик ишти жүргүзүүдөн четтетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт.

Аттестациялоо жөнүндө сертификаттан ажыратуу медициналык жана фармацевттик иштен четтетилүүгө кириптер кылат.

Медициналык жана фармацевттик ишти жүргүзүү укугунан, аттестациялоо жөнүндө сертификатынан ажыратылган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте ушул чечимге даттанууга укуктуу.

өлүк КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Чет мамлекеттерде медициналык жана фармацевттик билим алган адамга, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер белгилеген тартипте медициналык же фармацевттик ишин жүргүзүүгө жол берилет.

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

82-статья. Дарылоочу врач

Дарылоочу врач - саламаттыкты сактоо уюмунда пациентке байкоо жүргүзүү жана дарылоо мезгилинде ага медициналык жардам көрсөтүүчү врач. Ушул Мыйзамда белгиленген тартипте аттестациядан жана каттоодон өткөн врач дарылоочу врач болушу мүмкүн.

Дарылоочу врач пациенттин тандоосу боюнча же саламаттыкты сактоо уюмунун (анын бөлүмүнүн) жетекчиси тарабынан дайындалат. Дарылоочу врачты алмаштыруу жөнүндө пациент талап койгон учурда саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси башка врачты тандап алууга көмөк көрсөтүүгө тийиш.

Пациент тарабынан саламаттык сактоо уюмунун буйрутмасы же ички иштөө эрежелери сакталбаган учурда, эгерде бул пациенттин өмүрүнө жана жанындагылардын ден-соолугуна коркунуч келтирилбесе, саламаттыкты сактоо уюмунун тийиштүү кызмат адамынын макулдугу боюнча дарылоочу врач пациентке байкоо жүргүзүүдөн жана дарылоодон баш тартышы мүмкүн.

Пациенттин туугандары өзүнүн мүнөзү боюнча дарылоочу врачтын кесиптик милдеттеринин катарына кирген маселеге жөнү жок кийлигишүүгө укугу жок.

83-статья. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлерге көмөк көрсөтүү милдети

Жергиликтүү аткаруу жана тескөөчү органдары, кызмат адамдары жана жарандар медициналык жардам көрсөтүүдө медициналык жана фармацевттик кызматкерлерине көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Адамдын өмүрүнө коркунуч келгенде медициналык жана фармацевттик кызматкерлер оорулуу турган жерге келүү үчүн, болбосо аны жакын арадагы саламаттык сактоо уюмуна жеткирүү үчүн ошол жагдайда болгон транспорттун кандай түрү болбосун пайдалануу укуктарына ээ. Транспорт берүү жөнүндө медициналык же фармацевттик кызматкердин мыйзамдуу талабын аткаруудан баш тарткан учурда, кызмат адамы же транспорттук каражаттын ээси Кыргыз Респубиликасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат. Адамдын өмүрүнө коркунуч келгенде медициналык менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

84-статья. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин укуктары

Жарандардын саламаттыгын сактоо боюнча өзүнүн кесиптик милдеттерин жүзөгө ашырууда медициналык жана фармацевттик кызматкерлер төмөндөгүлөргө укуктары бар:

- сапаттуу медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуучу эмгек шарттарына;

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген клиникалык протоколдордун негизинде пациенттерди текшерүүдөн өткөрүүнүн жана дарылоонун усулдарын тандап алуу жөнүндө чечим кабыл алууга;

- (КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- медициналык практикада диагностиканын азыркы кездеги усулдарын киргизүүгө;

- Кыргыз Ресггубликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жекече медициналык иш жүргүзүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишти айкалыштырып иштөөгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга.

Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер алардын кесиптик милдеттерин аткарууда этиятсыздык же кайдыгерлик менен байланышпаган, анын натыйжасында жарандын ден-соолугуна залал же зыян келтирилиши мүмкүн болгон кесиптик жаңылыштыктарды камсыздандыруу укуктарына ээ.

Медициналык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дары-дармектерге рецепт жазып берүүгө, эмгекке жөндөмсүздүгү жөнүндө маалымкат жана баракча берүүгө укуктуу.

(КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

85-статья. Саламаттык сактоо тутумундагы кызматкерлердин материалдык жактан камсыз болуу укуктары

Саламаттык сактоо тутумундагы кызматкерлер кепилденген эмгек акы алуу укуктарына ээ, Саламаттык сактоо тутумундагы кызматкерлердин эмгек акысынын (айлык акысынын) ставкаларынын баштапкы деңгээли Кыргыз Республикасындагы орточо эмгек акынын деңгээлинен төмөн болбогон өлчөмдө белгиленет.

Илимдин доктору же кандидаты деген окумуштуулук даражасы, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы" же "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун эмгек сиңирген кызматкери" деген ардак наамы бар кызматкерлерге, ошондой эле иштеген жылдары үчүн үстөк белгиленет:

- илимдин доктору же кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык;

- 5 жылдык иш стажы үчүн - он пайыздан кем болбогон өлчөмдө, он жылдык иш стажы үчүн - жыйырма пайыздан кем эмес, 15 жана андан арбын иш стажы үчүн - эмгек акынын отуз пайыздан кем болбогон өлчөмүндө.

Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда иштеген саламаттык сактоо кызматкерлерине райондук коээфициент төлөө жана эмгек акысына пайыздык үстөк берүү кепилденет.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан ыйгарылуучу квалификациялык категорияга ылайык саламаттык сактоо тутумундагы кызматкерлердин эмгек акысына үстөк төлөө белгиленет.

Квалификациялык категория, бийик тоолуу шарттарда алыскы зоналарда иштегендиги үчүн үстөк акылардын, ошондой эле башка үстөктөрдүн жана кошумча акылардын түрлөрү, аларды төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Саламаттык сактоо уюмдары эмгек акыны төлөөгө бөлүнгөн каражаттардын чегинде ушундай уюмдар көрсөтүүчү медициналык кызматтардын көлөмүнө жана сапатына жараша медициналык жана фармацевттик кызматкерлер үчүн алардын кызмат акыларына эмгек акыны төлөөнүн жана ага дем берүүнүн ар кандай прогрессивдүү формаларын өз бетинче колдоно алышат.

Медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин эмгек акысынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган кармап алууларды жүргүзүүгө тыюу салынат.

Эгерде алардын иши саламаттык сактоого байланыштуу болсо, мамлекеттик башкаруу органдарында иштеген медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында саламаттык сактоо жаатыны боюнча каралган жеңилдиктери жана кесиптик үстөктөрү сакталат.

Өз ишин жеке менчик түрүндөгү саламаттык сактоо уюмдарында жүзөгө ашырган медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин эмгек акысы медициналык жана фармацевттик кызматкерлер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген үстөктөрдү эсепке алуу менен эмгек келишимине ылайык белгиленет.

Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда иштеген жана жашаган медициналык жана фармацевттик кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү өзүнүн менчик турак жайы жок болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматтык турак жай менен камсыз кылынат.

(11-бөлүк КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2006-жылдын 28-декабрындагы № 224, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

86-статья. Эс алууга укук

Медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин эс алууга укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган рационалдуу пландаштыруу жана эмгекти уюштуруу, акы төлөнүп берилүүчү ар жылкы иш өргүү менен камсыз кылынат.

Медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин иш күнүнүн жана иш жумасынын узактыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ченемдерде белгиленет.

87-статья. Саламаттыгын сактоо укугу

Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер өзүнүн саламаттыгын сактоого, санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы, дарылоо-профилактикалык иш-чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү менен ишке ашыруу укуктарына ээ.

Саламаттык сактоо уюмдары өздүк каражаттарынын эсебинен медициналык кызматкерлерге өздөрүн дарылоо үчүн каражат төлөп бере алат.

Иш зыяндуу шартта болуп, кызматкерлердин ден соолугуна зыян келтиргидей себептери бар саламаттык сактоо уюмдарында өз ишин жүзөгө ашырган медициналык, фармацевттик жана башка кызматкерлер аталган уюмдардын эсебинен диспансердик байкоодо туруу укуктарына ээ.

Иш-милдеттерин же кесиптик парзын аткарган учурда медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин ден соолугуна зыян келтирилсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген көлөмдө жана тартипте алар тарткан зыяндын орду толтуруп берилет.

Иш-милдеттерин же медициналык жардам берүү же илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан учурда мамлекеттик жана (же) муниципалдык уюмдардын кызматкерлери өлүмгө учураса, алардын үй-бүлөлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнүп берилет.

88-статья. Жер үлүштөрү менен камсыз кылуу укугу

Айыл жерлеринде жашаган медициналык жана фармацевттик кызматкерлер дыйкан жана фермердик чарбалардын мүчөлөрү сыяктуу эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер үлүштөрү, кыймылсыз мүлк жана башка мүлк менен камсыз кылынат.

89-статья. Сыйлануу укугу

Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында жогорку натыйжаларга жеткендиги үчүн медициналык, фармацевттик кызматкерлер, саламаттык сактоонун жана башка кызматкерлери Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сыйлыктарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлүшү мүмкүн.

90-статья. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин ар-намысын, аброюн жана кесиптик беделин коргоо

Медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин ар-намысы, аброю жана кесиптик бедели Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголот. Өзүнүн кесиптик ишин аткарып жатканда медициналык жана фармацевттик кызматкердин дене-боюна, моралдык жана материалдык жагына залал келтирүүгө эч кимдин укугу жок.

91-статья. Врачтык жашыруун сыр

Жарандын медициналык жардам сурап кайрылганы, ден соолугунун абалы, анын оорусунун диагнозу жана ал жөнүндө маалымат, медициналык жактан кароодо жана дарылоодо алынган дагы башка маалыматтар врачтык жашыруун сырды түзөт. Жаранга өзү берген маалыматтардын купуялуулугуна кепилдик тастыкталышы зарыл.

Ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө белгиленгенден тышкаркы учурларда окутуу, кесиптик, кызматтык жана башка милдеттерин аткаруу учурунда белгилүү болгон врачтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды жарыя кылууга жол берилбейт.

Жарандын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен врачтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды башка жарандарга, анын ичинде кызмат адамдарына пациентти кароо жана дарылоо кызыкчылыгы, илимий изилдөө жүргүзүү, илимий адабиятта жарыялоо, бул маалыматтарды окуу процессинде, дагы башка максаттарда пайдалануу үчүн берүүгө уруксат кылынат.

Жарандын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен врачтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды башка жарандарга, анын ичинде кызмат адамдарына пациентти кароо жана дарылоо кызыкчылыгы, илимий изилдөө жүргүзүү, илимий адабиятта жарыялоо, бул маалыматтарды окуу процессинде, дагы башка максаттарда пайдалануу үчүн берүүгө уруксат кылынат:

Жарандын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз врачтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды берүүгө төмөндөгүдөй учурда уруксат кылынат:

- ден соолугунун абалынан улам өз эркин билдирүүгө кудуретсиз жаранды текшерип кароо жана дарылоо максатында;

- жугуштуу оорулар таркалуу, массалык уулануу жана жабыркоо коркунучу туулса;

- тергөө жүргүзүүгө же сот териштирүүсүнө байланыштуу алгачкы иликтөө жана тергөө органдарынын, прокурордун жана соттун суроо-талабы боюнча;

- ата-энесине же мыйзамдуу өкүлдөрүнө билдирүү үчүн 16 жашка чейинки жашы жете элекке жардам берилген учурда:

- жарандын ден соолугуна укукка жат иш-аракеттин натыйжасында зыян келтирилген деп болжоого негиздер болгондо.

Врачтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтар мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүп берилген адамдар врачтык жашыруун сырды жарыя кылгандыгы үчүн жаранга келтирилген залалды эсепке алуу менен медициналык жана фармацевттик кызматкерлериндей эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

92-статья. Врачтын анты

Кыргыз Республикасынын жогорку медициналык билим берүү мекемелерин бүткөндөр врачтык дипломун алганда төмөндөгүдөй мазмундагы ант беришет:

"Врач деген жогорку наамды алып жатып жана өз каалоом боюнча тандап алган врачтык ишке киришип жатып, ошондой эле бул ишке байланышкан милдеттерди терең аңдап-билүү менен мен салтанаттуу түрдө ант беремин:

- бардык билимимди жана күчүмдү элибиздин саламаттыгын сактоо жана калыбына келтирүү үчүн арноого;

- билимимдин жана тажрыйбамдын жетишинче оорулуунун башына түшкөн кыйынчылыкты жеңилдетүүгө;

- улутуна, социалдык абалына, саясий көз караштарына жана динине карабастан, адамдык аброюн сыйлоо менен оорулууларга медициналык жардам берүүгө;

- өз пациенттеримдин ишенимине кыянатчылык кылбоого жана врачтык сырды сактоого;

- врачтык кесиптин этикалык принциптерин сактоого жана врач деген жогорку наамды булгабоого;

- өз билимимди жана чеберчилигимди медициналык илим менен практикасынын соңку жетишкендиктерине таянуу менен дайыма өркүндөтүүгө, ата мекендик медицинанын асыл салттарын сактоого жана өөрчүтүүгө;

- эгерде оорулуунун муктаждыгы талап кылса, кесиптештериме кеңеш сурап кайрылууга жана аларга жардам жана кеңеш берүүгө ар дайым даяр турууга;

- Гиппократтын антын, Улукмандын, Умай-Эненин жана улуу Манастын осуяттарын, Кыргызстан элинин салттарын ыйык сактоого.

Устаттарыма жана элге өзүмдүн кесиптик жана жарандык парзымды ар-намыстуулук менен аткарамын жана өз ой-тилектеримди жана иш-аракетимди өмүр бою таза сактайм деп ант берем жана ишендирип кетемин.".

Врачтын анты салтанаттуу жагдайларда берилет. Врачтын антынын берилиш фактысы дипломдо датасы көрсөтүлүү менен жеке колтамга жана тиешелүү белги менен ырасталат.

XII глава
 Жарандардын саламаттыгын сактоо субъекттеринин милдеттери

 

93-статья. Жарандардын милдеттери

Жарандар өзүнүн ден соолугуна, балдарынын, жакын туугандарынын жана өзүнүн тегерегиндеги адамдардын ден соолугуна аяр мамиле жасоого милдеттүү.

Жарандардын саламаттыкты сактоо жана оорунун алдын алуу үчүн саламаттыкты сактоо жаатындагы өз билимин жогорулатышы, сергек жашоо ыңгайын өткөрүшү керек.

94-статья. Пациенттин милдеттери

Пациент төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- өз ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн чара көрүүгө;

- медициналык кызматкерлерге жана медициналык жардам көрсөтүүгө катышкан башка адамдарга сый мамиле кылууга;

- медициналык жардам көрсөтүп жаткан адамга өзүнүн ден соолугунун абалы жөнүндөгү, анын ичинде кайсы дары-дармек каражаттарын көтөрө албаганы, мурда ооруган жана укумдан тукумга өтүп келаткан оорулары жөнүндө маалымат берүүгө;

- медициналык буйрутмаларды аткарууга;

- пациенттер үчүн түзүлгөн саламаттык сактоо уюумунун ички тартибинин эрежелерин сактоого жана саламаттык сактоо уюумунун мүлкүнө аяр мамиле жасоого.

95-статья. Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын милдеттери

Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары төмөндөгүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү;

- бөлүнгөн материалдык жана финансылык ресурстарга ылайык саламаттык сактоонун кайсы бир деңгээлдери үчүн белгиленген зарыл көлөмдө жеткиликтүү, өз убагында квалификациялуу медициналык жардамды;

- кечиктирилгис медициналык жардам берүүнү;

- экстремалдуу шарттарда (эпидемия, өзгөчө кырдаалдар, согуштук абал, жаратылыш кырсыктары, кыйынчылык менен жетүүчү жана коркунучтуу шарттар) ишке даяр турууну;

- тегерегиндегилерге коркунуч туудурган оорулардын алдын алуу, диагноз коюу жана дарылоо боюнча атайын профилактикалык медициналык иш-чараларды өткөрүүнү;

- санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы режимдерди сактоону;

- саламаттык сактоонун өз ара байланыштуу кызматтарынын ортосунда эриш-аркак иштешүүнү жана башталган ишти улантууну;

- сергек жашоо ыңгайын жана калкты санитардык-гигиеналык жактан тарбиялоону пропагандалоону.

(КР 2017-жылдын 1-декабрындагы N 197 (2) Мыйзамынын редакциясына ылайык)

96-статья. Жеке медициналык иш менен алектеген жеке жана юридикалык жактардын милдеттери

Жеке медициналык иш менен иш менен алектеген жеке жана юридикалык жактар төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- иштин тиешелүү түрү үчүн лицецензия алууга;

- өмүрүнө коркунуч келген абалда турган бардык жарандарга кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүгө;

- ишинин түрүнө ылайык кесиптик медициналык жардам көрсөтүүгө;

- санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы ченемдерди, эрежелерди сактоого;

- менчигинин түрүнө карабастан башка саламаттык сактоо кызматтары менен эриш-аркак иштешүүгө;

- сергек жашоо ыңгайын пропагандалоого;

- жарандарга алардын ден соолуктары тууралу толук жана ишенимдүү маалымат берүүгө;

- пациенттердин медициналык документациясын жүргүзүүгө, белгиленген мөөнөтөрдө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары бекиткен формалар боюнча билдирмелерди жана отчетторду берүүгө;

- врачтык жашыруун сырды сактоого.

97-статья. Саламаттык сактоо кызматкерлеринин милдеттери

Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер өз ишин врачтын антына ылайык, медициналык кызматкерлер менен пациенттердин, алардын туугандарынын ортосундагы адепахлактык өз ара мамилелерди жөнгө салуучу медициналык этиканын гумандуу принциптерин жетекчиликке алуу менен жүзөгө ашырышат.

Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер өз кесиптик ишин Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аткарууга милдеттүү.

Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер өздөрүнүн кесиптик билимин жана ыктарын өркүндөтүп турууга милдеттүү.

Саламаттык сактоо кызматкерлери санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы ченемдерди, ошондой эле саламаттык сактоонун ошол уюмдары үчүн белгиленген эрежелерди сактоого милдеттүү.

Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер илимий педагогикалык кызматкерлер сыяктуу эле, ошондой эле калк менен иштешүүгө уруксат алган студенттер жогору турган саламаттык сактоо уюмдарына жана мамлекеттик башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишенимдүү маалымат жана отчет берип турууга милдеттүү.

Илимий, окуу, клиникалык максаттарда биоматериалдар менен иштөөгө уруксат алган саламаттык сактоо кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен эрежелерди сактоого милдеттүү.

Бюджеттик негизде окуп чыккан медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген жолдомо боюнча региондордо кеминде эки жыл иштеп берүүгө милдеттүү. Жолдомо боюнча иштөөдөн баш тарткан бүтүрүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте окутууга кеткен чыгымдын ордун толтуруп бергенден кийин ишке эркин орношконго укуктуу болот.

(КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

98-статья. Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы иш берүүчүлөрдүн милдеттери

Иш берүүчүлөр кызматкерлерге коопсуз эмгек шартын камсыз кылууга, аларды зыяндуу же коркунучтуу айлана-чөйрөдөн коргоого, иштеп жаткандардын, ошондой эле жумуштардын жүргүзүлүшү терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка бардык адамдардын ден соолугун коргоого милдеттүү.

99-статья. Билим берүү уюмдарынын милдеттери

Билим берүү уюмдары балдардын жана окуп жаткан жаштардын саламаттыгын коргоо жана чыңдоо боюнча шарт түзүүгө, окуу-эмгектик жүктөмүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык окуучулардын иштөө режимин аныктоого милдеттүү.

XIII глава
 Жарандардын саламаттыгын сактоочу субъектердин жоопкерчилиги

 

100-статья. Мыйзамсыз дарыгерлик үчүн жоопкерчилик

Кесип катары дарыгерлик иш менен, анын ичинде тиешелүү медициналык билими жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын лицензиясы жок адам тарабынан жүзөгө ашырылуучу элдик дарыгерчилик менен алектенүү, массалык дарыгерчилик сеанстарын, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу менен өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга кириптер кылат.

101-статья. Жарандардын жоопкерчилиги

Жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөндөгүлөр үчүн жоопкерчилик тартышат:

- санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы ченемдер жана эрежелерди бузгандыгы, жарандардын ден соолугуна же тегерегиндегилердин ден соолугуна өзгөчө зыян келтире турган айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн;

- өздөрүндө тегерегиндегилердин ден соолугуна зыян келтире турган жугуштуу жана коркунучтуу илдеттердин бар экендигине карабастан текшерүүдөн жана дарылануудан качкандыгы үчүн;

- өздөрүнүн жана жашы жете элек балдардын, кош бойлуу аялдардын ден соолугуна карата медициналык буйрутмаларды аткарбагандыгы үчүн;

- медициналык тез жардамды жаман чакыргандыгы үчүн.

102-статья. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин жоопкерчилиги

Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык врачтык этиканы бузуп, жарандардын ден соолугуна зыян келтиргендиги, врачтык жашыруун сырды жарыя кылгандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.

103-статья. Саламаттык сактоо уюмдарынын жоопкерчилиги

Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары менчигинин түрүнө карабастан жарандардын ден соолугуна зыян келтиргендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте жана көлөмдө жоопкерчилик тартышат.

Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын жоопкерчилиги калкка медициналык жана профилактикалык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан иш-чараларга багытталуучу акчалай каражатка жана мүлккө жайылтылбайт.

Дарылоочу врачтын буйрутмасын аткарбаган пациенттин ден соолугуна зыян келсе, саламаттык сактоо уюмдары ага жооп бербейт.

104-статья. Саламаттык сактоо уюмдарынын жоопкерчилигин камсыздандыруу

Саламаттык сактоо уюмдары медициналык жактан жарандарга кызмат көрсөтүлүп жатканда алардын өмүрүнө, ден соолугуна зыян келүү тобокелчилигин камсыздандыруу боюнча ыктыярдуу түрдө камсыздандыруу уюмдары менен келишим түзөт.

Зыян келүү тобокелчилигин камсыздандыруунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Медициналык жактан жарандарга кызмат көрсөтүлүп жатканда алардын өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирилсе, камсыздандыруу уюмдары жарандарга же алардын үй-бүлөлөрүнө врачтык иштен кеткен катадан улам келип чыккан чыгымдардын ордун толтуруп берет.

XIV глава
 Корутунду жоболор

 

105-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик белгиленет.

106-статья. Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы эл аралык кызматташуу

Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен кызматташуусу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат.

Эл аралык кызматташуунун тартиби Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин мыйзамдары менен белгиленет.

Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими менен ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгынын алкагында жарандардын саламаттыгын коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен тузүлгөн макулдашуулар, жаллы таанылган принциптерге жана эл аралык укуктун ченемдерине, ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна ылайык жарандардын саламаттыкты сактоо жана медициналык жардам алуу жаатындагы укуктарына чек койбошу керек.

107-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- 1992-жылдын 2-июлундагы 943-XII "Кыргыз Республикасында калктын саламаттыгын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын II бөлүмү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору. 1993-ж., № 2, 62-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун мамлекеттик мекемелериндеги бюджеттен тышкаркы иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 163-ст.);

- 2002-жылдын 16-октябрындагы № 144 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- 2003-жылдын 11-июнундагы № 96 "Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- 1992-жылдын 2-июлундагы № 944-XII "Кыргыз Республикасында калктын саламаттыгын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке киргизүү тартиби тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинни токтому.

108-статья. Ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана административдик ведомстволор тарабынан ушул Мыйзамга карама-каршы келген ченемдик укуктук актыларын кайра кароо жана жокко чыгаруу камсыз кылынсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А. Акаев