Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7a6dac4d-a38c-442a-94b7-30c81dbc36dc\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ КОДЕКСИ 

2005-жылдын 12-январы № 8

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 26-октябрындагы № 197,
2016-жылдын 7-майындагы № 57, 2016-жылдын 14-июнундагы № 80, 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 54, 2017-жылдын 23-ноябрындагы N 193, 2019-жылдын 5-апрелиндеги N 44 , 2019-жылдын 30-июлундагы N 107, 2021-жылдын 10 декабрындагы № 151
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-глава
Жалпы жоболор

 

1-статья. Максаты жана милдеттери

1. Ушул Кодекс Кыргыз Республикасынын калкын кепилдик берилген, жетиштүү жана коопсуз суу менен жабдуу үчүн суу ресурстарын пайдалануу, коргоо жана өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана республиканын суу фондусун рационалдуу өнүктүрүүнү камсыздоо чөйрөсүндөгү суу мамилелерин жөнгө салат.

2. Ушул Кодексти ишке ашыруу максатында суу ресурстарын башкаруу үчүн негизги принциптер белгиленет; суу боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери аныкталган; суу ресурстарын жана суу объектилерин башкаруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциялары белгиленген; Улуттук суу стратегиясын жана суу ресурстарын пайдалануу боюнча пландарды иштеп чыгуу үчүн чаралардын тутуму түзүлгөн; жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды пайдалануу, аларды пайдалануу жана ал үчүн акы төлөө жөнгө салынууда; суу ресурстарын булгануудан жана соолуп калуудан сактоо чаралары аныкталган; суу ресурстарына жана коопсуз плотиналарга карата өзгөчө кырдаалдар боюнча абалдар киргизилет; суу чарба жана ирригациялык тармактар жөнгө салынып жатат; суу фондусун пайдалануу жана жер менчиги жөнүндө жоболор белгиленип, мамлекеттик суу инспекциясын түзүү камсыз кылынууда жана мамлекеттик суу инспекторлорунун ыйгарым укуктары менен милдеттери белгиленүүдө; суу ресурстарын пайдаланууда укук бузуулар аныкталууда, эл аралык укук боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерине карата ушул Кодекстин мамилеси аныкталууда.

(КР 2021-жылдын 10 декабрындагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги терминдер жана аныктамалар

Ушул тексте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар төмөнкүлөрдү билдирет:

суу пайдалануучулардын бирикмеси (ассоциациясы) (мындан ары – «СПА») – ирригациялык тутумдарды эксплуатациялоо жана күтүү максатында суу пайдалануучулар тарабынан түзүлүүчү уюм;

бассейндик суу администрациясы - башкы бассейндин гидрогеографиялык чектеринде суу ресурстарын башкарууга жооптуу мамлекетгик суу администрациясынын аймактык органы;

бассейндик план - кандайдыр бир башкы бассейндин чектеринде суу ресурстарын өнүктүрүү, пайдалануу жана коргоо боюнча план;

бассейндик кеңеш - суу ресурстарын пайдалануу, коргоо жана өнүктүрүү боюнча башкы бассейндеги маселелерди чечүүчү өкүлчүлүк орган;

жээк - суу фондусунун жерлерине тиешелүү табигый суу объектисине туташ жер тилкеси;

суу пайдалануучулар - Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана жеке адамдары, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде жарандыгы жок адамдар;

суу объектилери - дарыяларды кичине булактарды, булактарды, көлдөрдү, саздак, мөңгү жана кар күрткөлөрүн кошо алганда жер үстүндө жана жер астында топтолгон бардык суулар;

Кыргыз Республикасынын суу ресурстары - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасынын ичиндеги бардык суулар;

суу чарба курулмалары - плотиналар менен тосулган суу сактагычтар, каналдар, коллекторлор, дрендер, ноолор, гидротехникалык курулмалар, бекемдөөчү дамбалар, акведуктар, түтүк өткөргүчтөр, көпүрөлөр, скважиналар, насостук станциялар, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө үчүн бөлүнүп берилген бардык жер участокторун кошо алганда коммуникациялар жана инфраструктуранын башка элементтери бар суу түтүктөрү;

суу фондусу - бардык суу объектилеринин, суу ресурстарынын жана суу фондунун жерлерин кошо алганда суу чарба курулмаларынын жыйындысы;

башкы бассейн - бардык жер үстүндөгү суулар башкы дарыяга же суу объектисине кошулган аймак;

мамлекеттик суу администрациясы - Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын башкаруу боюнча атайын түзүлгөн мамлекеттик орган;

гидрометеорология боюнча мамлекеттик орган - суу боюнча маалыматтык тутумду, суу ресурстарынын мониторингин жана мамлекеттик суу кадастрын даярдоого катышкан атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

(он бешинчи абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик орган - айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик орган - суу ташкыны, сел жана жер көчкү жүрүү учурларында пландарды даярдоого, жаңылоого жана ишке ашырууга катышуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык орган - чарбалык, ичүү жана тиричилик үчүн пайдаланууга суунун жарактуулугун аныктоонун, суу обьекттеринде суунун стандарттарын бекитүүнү камсыз кылуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

дренаждык тутумдар - ачык жана/же жабык коллекторлордун жана дрендердин, гидротехникалык курулмалардын, вертикалдык дренаж скважиналарынын жана дренаждык тутумдарды күтүүнү, эксплуатациялоону жана оңдоону камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн жерлердин ажыратылып берилген бардык тилкелерин кошо алганда алардын өз ара байланыштуу тармагы;

суу менен жабдууга ар жылдык келишим - бир жылдык мөөнөт менен суунун кандайдыр бир көлөмүнө суу пайдалануучунун укугун ырастоочу документ;

булгоочу заттар - адамдын ден соолугуна, жаратылыш ресурстарына жана экотутумга зыяндуу таасир этүүчү, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүгө жөндөмдүү ар кандай заттар, энергиялар, предметтер же алардын кошулмалары;

суу фондусунун жерлери - суу көлмөлөрү (дарыялар, көлдөр, суу сактагычтар, каналдар, дрендер), мөңгүлөр, саздар, гидротехникалык жана башка суу чарба курулмалары ээлеген жерлер, ошондой эле аларга тилке болуп бөлүнгөн жерлер;

ирригациялык тутумдар - ирригациялык каналдардын, түтүк өткөргүчтөрдүн, гидротехникалык курулмалардын, насостук станциялардын, скважиналардын, суу сактагычтардын, суу топтолгон көлчүктөрдүн, көлмөлөрдүн жана аларды жолдор, имараттар, электр өткөргүч линиялары жана ирригациялык тутумдарды күтүүнү, эксплуатациялоону жана оңдоону камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн жердин ажыратылып берилген бардык тилкелерин кошо алганда башка инфраструктуралар менен байланышкан өз ара байланыштагы тармактар;

суу берүүгө контракт - он беш жылга чейинки мөөнөт менен суунун кандайдыр бир көлөмүнө суу пайдалануучунун укугун ырастоочу документ;

суу боюнча Улуттук кеңеш - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн Кыргыз Республикасында суу мамилелерин координациялоочу мамлекеттик орган;

жергиликтүү мамлекеттик администрация органы - облустардын жана райондордун аймактарындагы аткаруу органдары;

калдыктар - ээси баасына карабастан ыргытууга ниеттенген ар кандай заттар же предметтер жана нускамалар тарабынан өндүрүш жана керектөө калдыктары катарында аныкталган ар кандай заттар же предметтер;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу өкүлчүлүктүү, аткаруу органдары;

ирригациялык кызмат көрсөтүүлөргөакы – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, суу пайдалануучулар ассоциациясынын, же суу пайдалануучулар ассоциациясы жок болгон учурда башка жактын жоопкерчилик зонасында суу пайдалануучуга сугат суусун берүү үчүн акынын ставкасы;

Суу берүүгө контракт боюнча акы төлөө - суу берүү боюнча ар жылдык келишимге ылайык контракт ээсинен суу берүүчү ала турган акы;

жаратылыш ресурсу катары суу пайдалануу үчүн акы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген акы;

ирригациялык кызмат көрсөтүүлөргө акы - жергил

плотина - курулмалардын алдында суунун деңгээлин көбөйтүү үчүн суу объектисиндеги суунун агымын бөгөөчү же суу топтоо үчүн же суу агымын жөнгө салуу үчүн гидротехникалык курулма;

суу берүүчү - ирригациялык тутумду эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө үчүн жооптуу, суу пайдалануучулардын ассоциацияларына берүү үчүн суу алуучу жана жеткирүүчү мамлекеттик суу администрациясынын аймактык органы же суу берүүгө контракттын негизинде башка адамдар;

(отуз экинчи абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

калдыктарды чыгарууга уруксат - суу объектилеринде, коллектордук-дренаждык тутумдарда, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларда, жер рельефинде булгоочу заттарды же калдыктарды чыгарууга берилген уруксат;

СПА бирлиги – магистралдык ирригациялык тутумдарды биргелешип башкаруу, эксплутациялоо жана техникалык тейлөө үчүн эки же андан ашык СПА тарабынан уюштурулуучу коммерциялык эмес уюм;

субсидиалар – экономикалык жана социалдык саясатты ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алган ченемдик укуктук актыларга ылайык өзүнүн өндүрүштүк ишин жүзөгө ашырүүда сууну берүүчүлөр тарткан чыгымдарды компенсациялоо үчүн аларга акысыз жана кайтарымсыз негизде берилүүчү акча каражаттары;

сервитут - менчикте же башка адамдын пайдалануусундагы жер участогун чектелген максатта пайдаланууга жактардын укугу;

(отуз бешинчи абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

экологиялык суу агымы - олуттуу зыян келтирбестен, суунун экотутумун сактоону камсыз кылууга жөндөмдүү суу объектисиндеги суунун минималдуу жол берилүүчү агымы;

суу ресурстарын коргоо боюнча жумуштар төмөнкүдөй максаттагы жумуштарды билдирет:

- суу объектилеринде, суу чарба курулмаларында же суу фондусунун жерлеринде булганыч заттарды же калдыктарды таштоону болтурбоо же кыскартуу;

- калдыктарды жана булгоочу заттарды жоюу же жайгаштыруу;

- суу объектисинде, суу чарба курулмаларында же суу фондусунун жерлеринде булгоочу заттардын же калдыктардын болушунан келип чыгуучу булганууларды зыянсыздандыруу же басаңдатуу;

- суу объектисине, суу чарба курулмаларына же суу фондусунун жерлерине булгоочу заттар же калдыктар түшкөнгө чейин флора менен фаунаны сактоону кошо алганда, суу объектинин, суу чарба курулмаларынын же суу фондусунун жерлеринин абалы, эгерде ал алгылыктуу жана колдонууга оңтойлуу болсо калыбына келтирүү;

жооптуу жак төмөндөгү жакты билдирет:

- суу объектисине, суу чарбалык курулмаларына же суу фондусунун жерлерине булгоочу затты же калдыктарды таштаган;

- суу объектисине, суу чарба курулмаларына же суу фондусунун жерлерине айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдын корутундусу боюнча таштала турган жерлерге булгоочу заттарды же калдыктарды таштаган жак.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 26-октябрындагы № 197, 10-декабрындагы 2021-жылдын №  151 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

3-статья. Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдары

1. Кыргыз Республикасында суу мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Кодекс жана аларга ылайык кабыл алынган башка ченемдик-укуктук актылар менен жөнгө салынат.

2. Башка ченемдик-укуктук актылардагы сууга укуктук ченемдер ушул Кодекске ылайык келүүгө тийиш.

3. Ченемдик-укуктук актылардагы камтылган сууга укуктук ченемдер ушул кодекстин жоболоруна каршы келген учурда ушул Кодекстин жоболору колдонулат.

4-статья. Суу ресурстарына жана суу фондусунун жерлерине менчик

1. Кыргыз Республикасынын суу ресурстары өзгөчө жана бөлүнгүс мамлекеттик менчик болуп саналат. Ар бир адам ушул Кодекстин жоболоруна ылайык мамлекеттик чегаранын алкагындагы суу ресурстарын пайдаланууга укуктуу.

2. Суу объектилери же мамлекеттик ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулуштары ээлеп турган суу фондунун жерлери мамлекеттин өзгөчө менчиги болуп саналат.

5-статья. Суу ресурстарын жана бассейндик ыкманы башкаруу

1. Суу ресурстарын башкаруу - бул ушул Кодекске жана башка ченемдик-укуктук актыларга ылайык чаралардын, ченемдердин жана эрежелердин комплекстүү тутуму, ал суу ресурстарын, айлана-чөйрөнү өнүктүрүүнү, сарамжалдуу пайдаланууну, адамдардын ден соолугун коргоону, ошондой эле калктуу конуштарды, өнөр жай аймактарын жана менчиктин бардык түрлөрүн суунун коркунучтуу терс таасиринен коргоону камсыз кылат.

2. Бассейндик ыкма суу ресурстарын пайдаланууну башкаруу жана коргоо гидрографиялык принцип боюнча Ысыккөлгө жана Кыргыз Республикасынын башкы дарыяларына кирүүчү башкы бассейндин аймагын чектеринде ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү суу боюнча Улуттук кеңештин сунуштарынын негизинде ар бир бассейндик суу администрациясынын жана бассейндик кеңештин иш-аракетинин зонасын белгилейт. Кабыл алынган чечим расмий басылмаларда жарыяланат.

3. Ар бир башкы бассейнде тиешелүү Бассейндик суу администрациясы жана бассейндик кеңеш ушул Кодекстин жоболоруна ылайык суу ресурстарын башкаруу боюнча кандайдыр бир аспектилер үчүн жооп беришет.

4. Жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын жана министрликтер менен администрациялык ведомстволордун аймактык органдарынын чечими ушул статьяга жана суу ресурстарын башкаруу боюнча бассейндик ыкмага ылайык кабыл алынат.

6-статья. Суу ресурстарын башкаруу принциптери

Суу ресурстарын башкаруу төмөнкүдөй принциптерге негизденет:

- катышуу принциби: бардык кызыкчылык көрсөткөн жактар пландаштыруу жана чечимдерди кабыл алуу процессине катышууга тийиш;

- сууга керектөөлөрдүн эсебин алуу принциби: суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо боюнча чечимдерди кабыл алууда учурдагы жана келечектеги муундардын керектөөлөрү эске алынууга тийиш;

- глобалдуу климаттык өзгөрүүлөрдүн суу ресурстарына таасирин эсепке алуу принциби;

- суу ресурстарынын экономикалык баалуулугунун принциби: суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо боюнча иш-аракеттерди пландаштырууда, чечимдерди кабыл алууда жана иштерди жүзөгө ашырууда суу ресурстарынын экономикалык баалуулугун эске алуу керек;

- булгагандык үчүн акы төлөө принциби: суу ресурстарын булгаган жак булгангандыгы үчүн жаратылышты пайдалануучу катары акы төлөөгө тийиш;

- чечимдерди кабыл алууда этияттык принциби: толук илимий маалыматтын жетишсиздиги суу ресурстарына айлана-чөйрөгө же адамдардын өмүрүнө олуттуу зыян келтирүү тобокелдиги болгон жерлерде натыйжалуу чараларды көрүүнү кечеңдетүүгө же баш тартуу үчүн негиз болууга тийиш эмес;

- реалдуу кепилдик принциби: суу пайдалануучулардын укуктарын жүзөгө ашырууда жана юридикалык коргоого алууда реалдуу кепилдиктерди камсыз кылуу;

- жеткиликтүүлүк принциби: суу объектилеринин жана суу ресурстарынын абалы жана аны пайдалануу жөнүндө маалымат коомчулуктун өкүлдөрүнө жеткиликтүү болууга тийиш.

(КР 2013-жылдын 26-октябрындагы № 197 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-глава
Суу ресурстарын башкаруу боюнча мамлекеттик органдардын компетенциясы

 

7-статья. Суу ресурстарын башкаруу жагынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин компетенциясы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- суу мыйзамдарын иштеп чыгуу, кабыл алуу, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү;

- суу мамилелеринин чөйрөсүндэ эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана денонсациялоо;

- ирригацияларга жана дренаждарга ар жылдык дотацияларды бекитүү;

- (бешинчи абзац КР 2016-жылдын 7-майындагы № 57 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2016-жылдын 7-майындагы № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-статья. Суу ресурстарын башкарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- суу ресурстарын башкаруунун гидрогеографиялык принцибинин негизинде башкы бассейндердин аймактык чектерин бекитүү;

- суу боюнча Улуттук кеңешти түзүү;

- Бассейндик кеңештер жөнүндө жоболорду бекитүү;

- ушул Кодексти ишке ашыруу максаттары үчүн атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо;

- суу ресурстарынын мониторинг жүргүзүү тутумдарын белгилөө;

- мамлекеттик суу чарба программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, аларды инвестирлөө жана каржылоо;

- (сегизинчи абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен суу ресурстарынын абалына келечектүү баа берүүнү бекитүү;

- жаратылыш ресурсу катары сууну пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүү;

- ушул Кодексте аныкталган башка милдеттерди аткаруу.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 26-октябрындагы № 197 2016-жылдын 7-майындагы № 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-статья. Суу боюнча Улуттук кеңеш жана анын компетенциясы

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй милдеттерди чечүү үчүн суу боюнча Улуттук кеңешти түзөт:

- суу ресурстарын башкаруу аларды пайдалануу жана коргоо боюнча министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоо;

- башкы бассейндердин гидрогеографиялык чектерин белгилөө боюнча сунуштарды даярдоо жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү;

- Улуттук суу стратегиясынын долбоорун даярдоо жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү;

- мыйзам долбоорлорун даярдоо жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берүү;

- мамлекеттик суу администрациясынын иш-аракетине көзөмөлдүк кылуу;

- ушул Кодексти ишке ашыруу үчүн эрежелерди жана нускамаларды иштеп чыгуу;

- ушул Кодексте аныкталган башка милдеттерди аткаруу.

2. Суу боюнча улуттук кеңеш финансылык аспекттерди жана мамлекеттик коопсуздукту кошо алганда суу ресурстарын башкарууга жооптуу министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринен турат. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Суу боюнча улуттук кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, анын орун басары - Мамлекеттик суу администрациясынын жетекчиси болуп саналат.

4. Суу боюнча улуттук кеңеш жылына кеминде бир жолу чогулат. Суу боюнча улуттук кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобо, ушул Кодекс жана аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актылары менен жөнгө салынат.

5. Суу боюнча улуттук кеңеш министрликтерден, администрациялык ведомстволордон, башка мамлекеттик органдардан жана коомдук уюмдардан Улуттук суу стратегиясын даярдоо үчүн зарыл болгон же ушул Кодекске ылайык өз милдеттерин аткаруу үчүн ар кандай маалыматтарды, тактоолорду, баяндамаларды, ошондой эле техникалык жана консультациялык жардамдарды алууга укуктуу.

6. Мамлекеттик суу администрациясы Суу боюнча улуттук кеңештин секретариатынын иш милдетерин жүзөгө ашырат.

10-статья. Бассейндик кеңештер жана алардын ыйгарым укуктары

1. Суу боюнча улуттук кеңештин суу мамилелерин жөнгө салуудагы иш-аракеттерин координациялоону ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик суу администрациясынын сунушу боюнча ар бир башкы бассейн үчүн бассейндик кеңеш уюштурулат.

2. Ар бир бассейндик кеңешке бассейндик суу администрацияларынын, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдын, өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик органдын, гидрометеорология боюнча мамлекеттик органдын, гидрогеология боюнча мамлекеттик органдын аймактык структураларынын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык органдын ушул башкы бассейндеги иштерин жүргүзүүчү өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана суу пайдалануучулар ассоциацияларын кошо алганда сууну пайдалануучулар кирет. Бассейндик кеңештин төрагасы бир эле учурда бассейндик суу администрациясынын начальниги болуп саналат. Кеңештин төрагасынын орун басары бассейндик кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.

3. Бассейндик кеңештердин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- бассейндик планды иштеп чыгуу жана Суу боюнча улуттук кеңешке берүү;

- бассейндик кеңештин иш-аракети боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтү бекитүүчү процедуралык эрежелердин долбоорлорун даярдоо;

- башкы бассейндин ичиндеги суу секторунун ишин координациялоо;

- ирригация жана дренаж боюнча бассейндик жана жергиликтүү комиссиялардын курамдарын бекитүү;

- ушул Кодексте аныкталган башка милдеттер.

4. Бассейндик кеңештин заседаниеси жылына кеминде бир жолу өткөрүлөт. Бассейндик кеңештин мүчөлөрү өз иштери үчүн кошумча акы алышпайт.

5. Тиешелүү бассейндик суу администрациясы бассейндик кеңештин секретариатынын иш милдеттерин жүзөгө ашырышат.

6. Бассейндик кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.

(КР 2021-жылдын 10 декабрындагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Мамлекеттик суу администрациясы жана анын компетенциясы

1. Суу ресурстарынын башкарууга жооптуу мамлекеттик орган Мамлекеттик суу администрациясы болуп саналат.

2. Мамлекеттик суу администрациясынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

а) суу ресурстарын башкаруу жагында:

- Суу боюнча Улуттук кеңештин секретариатынын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу;

- бассейндик кеңештин ишине катышуу;

- мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу боюнча иштерди жүзөгө ашыруу;

- суу ресурстарын башкаруу жана пайдаланууну жөнгө салуу;

- суу ресурстарын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча аракеттерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен суу ресурстарынын абалына келечектүү баа берүүнү беш жылда бир жолудан кем эмес иштеп чыгуу жана кайрадан үзгүлтүксүз карап туруу;

- жер алдындагы сууларды пайдаланууну жөнгө салуу;

- суу ресурстарын азаюудан жана булгануудан сактоо боюнча милдеттерди ишке ашыруу;

- корголуучу зоналар режимин белгилөө жана сактоо боюнча милдеттерди ишке ашыруу;

- өзгөчө кырдаалдардын шарттарында иш-чараларды жүзөгө ашыруу;

- плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу;

- суу фондусунун жерлерине тиешелүү иш-милдеттерди аткаруу;

- Мамлекеттик суу инспекциясынын ишин жетектөө;

- суу ресурстары жөнүндө маалыматтык тутумдарды башкарууга катышуу;

- ушул Кодекстин 18-главасына ылайык убактылуу жоболорду ишке ашыруу;

- ушул Кодекс менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенцияларына берилбеген суу мамилелерин жөнгө салуу;

- (он алтынчы абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

б) ирригация, дренаж жана башка суу чарба иштери жагынан:

- ирригациялык, дренаждык тутумдарды жана суу чарба курулмаларын күтүү, техникалык тейлөө, оңдоо, реабилитациялоо, долбоорлоо жана куруу;

- мамлекеттер аралык маанидеги ирригациялык, дренаждык тутумдарды жана суу чарба курулмаларын күтүү;

- суу пайдалануучулар менен суу берүүгө түзүлгөн контракттарга жана ар жылкы келишимдерге ылайык суу берүү;

- суу берүү жөнүндөгү контракттарга ылайык суу пайдалануучулардан акы алуу;

- тийиштүү ирригациялык комиссияга берүү үчүн ар бир ирригациялык жана дренаждык тутумду күтүү жана техникалык тейлөө пландардын даярдоо;

- ирригациялык, дренаждык тутумду жана суу чарбалык курулмаларын паспорттоштуруу, мамлекеттик кадастрын жүргүзүү жана алардын техникалык деңгээлдерин жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдоо;

- мамлекеттик ирригациялык тутумдар табигый суу объекттеринен алган суунун көлөмүн эсепке алуу жана андан суулардын суу пайдалануучуларга берилген суунун көлөмүн эсепке алуу;

- мамлекеттик суу фондунун мамлекеттик ирригациялык жана дренаждык тутумдарды эксплуатациялоого жана техникалык тейлөөгө арналган жерлерин башкаруу;

- каржылоо булактарын, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды көрсөтүү менен максаттуу программаларды жана долбоорлорду даярдоо;

- мамлекеттин менчигинде турган каналдарды, коллекторлорду бойлото, суу сактагычтарды жана суу чарба курулмаларынын айланасына токой коргоочу көчөттөрду тигүү жана өстүрүү;

- мамлекеттик мелиоративдик кадастрды иштеп чыгуу;

- ушул Кодексте аныкталган башка милдеттер.

3. Мамлекеттик суу администрациясынын аймактык органдары болуп ушул Кодекстин 5-статьясына ылайык башкы бассейндердин чектеринде уюштурулган бассейндик суу администрациялары, ошондой эле мамлекеттик ирригациялык жана дренаждык тутумдарды жана/же суу чарба курулумаларын эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча уюмдар эсептелишет.

4. Мамлекеттик суу администрациясынын иши жөнүндө ар жылдык отчет Суу боюнча улуттук кеңеште бекитилет.

5. Мамлекеттик суу администрациясынын түзүмү жана иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобо менен аныкталат.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 26-октябрындагы № 197 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

12-статья. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын компетенциясы

Ушул Кодексти ишке ашыруу боюнча айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

- Суу боюнча улуттук кеңештин жана бассейндик кеңештин ишине катышуу;

- мамлекеттик мониторинг жүргүзүүгө катышуу;

- (төртүнчү абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- суу объекттериндеги жана көлмөлөрдөгү суулардын классификациясын жана алардын стандарттарын иштеп чыгууга жана макулдашууга катышуу;

- суу объектисине таштоого тыюу салынган коркунучтуу заттардын тизмесин даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү;

- суу объекттерине, коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине булгоочу заттарды жана калдыктарды төгүүгө берилген урусаттарды берүү;

- суу объекттерине, коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине булгоочу заттарды жана калдыктарды таштоого уруксаттарды убактылуу токтотуу, жокко чыгаруу же өзгөртүү;

- суу объекттерине, коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине булгоочу заттарды жана калдыктарды таштоого урусаттарды каттоону жүргүзүү;

- сууларды коргоо боюнча иш жүргүзүү;

- минималдуу экологиялык агып чыгууну аныктоо боюнча сунуштарды макулдашуу;

- суу агып чыккан тоолуу аймактарды суу агып чыгуунун башталышы деп жарыялоо боюнча сунуштарды макулдашуу;

- климаттын жана климаттык профилдин өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча стратегияны беш жылда бир жолудан кем эмес иштеп чыгуу жана мезгил-мезгили менен жаңылап туруу;

- суу коргоо зоналарын аныктоо боюнча сунуштарды макулдашуу.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 26-октябрындагы № 197 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

13-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык орган жана анын компетенциясы

Ушул Кодексти ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- Суу боюнча улуттук кеңештин жана бассейндик кеңештин иштерине катышуу;

- ушул Кодекстин 49-статьясына ылайык иштелип чыккан суулардын классификациясын макулдашуу жана суу объекттери боюнча ошол суулардын стандарттарын бекитүү;

- булгоочу заттарды жана калдыктарды суу объекттерине, коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине таштоого уруксаттарды макулдашуу;

- жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды булгануудан коргоонун санитардык ченемдерин жана эрежелерин иштеп чыгуу;

- жер үстүндөгү суулардын чарбачылыкка, ичүүгө жана тиричиликке пайдаланууга жарактуулугун санитардык жана гигиеналык ченемдерге ылайык келишин аныктоо;

- ичүүчү, тиричиликке керектелүүчү суу менен камсыздоо жана дарылоо максатында пайдаланылуучу суу объекттерин санитардык жактан коргоо зоналарынын чегараларын, жер үстөндөгү жана жер астындагы сууларды булгануудан коргоонун эрежелерин макулдашуу;

- (сегизинчи абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- агын сууларды коеё берүүчү жерден жогорудагы жана суу пайдалануучу пайдаланган жакын аралыктагы пункттагы суу объектисиндеги суунун сапатын контролдоонун тартибин макулдашуу;

- ушул Кодексте аныкталган башка милдеттер.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 26-октябрындагы № 197 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

14-статья. Гидрогелогия боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын компетенциясы

Гидрогелогия боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ушул Кодексти ишке ашыруудагы компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- Суу боюнча улуттук кеңештин жана бассейндик кеңештин ишине катышуу;

- (үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- (төртүнчү абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- (бешинчи абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- жер астындагы сууларды булгануудан сактоо боюнча эрежелерди жана колдонмону даярдоо;

- жер астындагы сууларды коргоо зоналарын аныктоо боюнча сунуштарды даярдоо;

- ушул Кодексте аныкталган башка милдеттер.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

15-статья. Өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана гидрометеорология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

1. Ушул Кодексти ишке ашыруу боюнча өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- Суу боюнча Улуттук кеңештин жана бассейндик кеңештин ишине катышуу;

- суу каптоолор, сел жана кургакчылык жөнүндө маалыматтардын улуттук тутумун түзүү боюнча сунуштарды макулдашуу;

- Мамлекеттик суу администрациясы менен бирдикте суу каптоо жана сел жүрүү учурларына карата пландарды даярдоо жана мезгил-мезгили менен жаңылап туруу.

2. Ушул Кодексти ишке ашыруу боюнча Гидрометеорология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

- Суу боюнча улуттук кеңештин жана бассейндик кеңештин ишине катышуу;

- суу ресурстарына мониторинг жүргүзүүгө тиешелүү милдеттерди ишке ашыруу;

- маалыматтык тутумдарды жана мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүү боюнча милдеттерди ишке ашыруу.

16-статья. Жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын компетенциялары

1. Ушул Кодекстин максаттарын ишке ашыруу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын компетенцияларына төмөнкүлөр кирет:

- санитардык коргоо зоналарынын жайгашкан ордун, өлчөмүн жана режимин бекитүү;

- бассейндик кеңештин ишине катышуу;

- сууну коргоо зоналарына тиешелүү эрежелерди бекитүү жана ишке ашыруу боюнча маселелерди макулдашуу;

- суу каптоолорго жана селге дуушар болгон аймактардагы иштерди жөнгө салуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ченемдик актыларды кабыл алуу.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мамлекеттик суу администрациясынын сунушу боюнча ушул Кодексте белгиленген милдеттерди ишке ашыруучу жергиликтүү мамлекеттик администрация органын аныктайт.

161 –статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы

1. Сугат суусун берүүнү башкаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы аталган маселе жергиликтүү маанидеги маселе катары Жергиликтүү коомдоштуктун уставына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башка ченемдик укуктук актысына киргизилген учурда белгиленет.

2. Ушул статьянын 1-пунктунун жоболорун сактоодо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

-бассейндик кеңештин ишине катышуу;

- ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчиктин объектилери катары натыйжалуу башкаруу;

- Калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугаруу үчүн сууну пайдалануу, ирригациялык тутумду эксплуатациялоо жана күтүү эрежелерин жергиликтүү кеңештердин бекитиши;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жергиликт өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарыныналкагында сугат сууларын берүүнү башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын алкагында сугат сууларын берүнү башкаруу боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;

-калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугаруу үчүн сууну пайдалануу, ирригациялык тутумду эксплуатациялоо жана күтүү эрежелерин бузгандыгы үчүн суу пайдалануучулардын административдик жоопкерчилиги бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун ишке ашыруу;

-сугат сууну берүү боюнча маселелерди жергиликтүү маанидеги маселе катары чечүүгө чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен каржылоо, анын ичинде ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын наркын субсидиялоо;

- суу пайдалануучулар ассоциациясы же суу пайдалануучулар ассоциациясы жок юолгон учурда башка жак тарабынан берилген ирригациялык кызмат көрсөтүү үчүн акынын наркын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашуу;

- ирригацияны өнүктүрүү боюнча  инвестициялык программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- суу пайдалануучулар ассоциациясын же суу пайдалануучулар ассоциациясы жок болгон учурда башка жакты сууну берүүчү деп аныктоо;

- ушул Кодексте жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарда аныкталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын алкагында башка милдеттерди аткаруу.;

(КР 2021-жылдын 10 декабрындагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3-глава
Суу ресурстарын мониторингдөө жана пландаштыруу

 

17-статья. Суу ресурстарына мамлекеттик мониторинг

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Суу боюнча улуттук кеңештин сунушу боюнча Суу боюнча улуттук кеңешке, Мамлекеттик суу администрациясына, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана гидрогеология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өз милдеттерин ушул Кодекске ылайык аткарууга мүмкүндүк берүүчү суу ресурстарын монитроингдөөнүн натыйжалуу тутумун аныктайт.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мамлекеттик суу администрациясынын, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, гидрометеорология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, гидрогеология жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана башка мамлекеттик органдардын мониторинг жүргүзүү, маалыматтарды чогултуу, талдоо жүргүзүү жана өткөрүп берүү боюнча иштерин жөнгө салат:

- Кыргыз Республикасындагы суу ресурстарынын санына;

- Кыргыз Республикасындагы суу ресурстарынын сапатына;

- Кыргыз Республикасындагы суу ресурстарын пайдаланууга;

- суулардын сапатынын стандарттарга ылайыктыгына;

- суу каптоо, сел жана кургакчылык коркунучтарына;

- суу экотутумларынын абалына;

- суу объекттеринин жана суу ресурстарынын абалына таасир этүүчү атмосферанын абалына тиешелүү иштерди жөнгө салат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Суу боюнча улуттук кеңештин сунушу боюнча төмөнкүдөй жоболорду бекитет, алар:

- суу ресурстарына мониторинг жүргүзүүнүн жол-жоболору, стандарттары жана ыкмалары жөнүндө;

- Мамлекеттик суу администрациясына жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды берүүнүн мезгилдүүлүгү жана курамы жөнүндө.

4. Ушул статьяга ылайык чогултулган мониторинг боюнча маалымат Мамлекеттик суу кадастрынын бөлүгү болуп эсептелет.

18-статья. Улуттук суу стратегиясы

1. Улуттук суу стратегиясын Суу боюнча улуттук кеңеш иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.

2. Улуттук суу стратегиясы суу фондусун өнүктүрүү, пайдалануу жана коргоо боюнча пландарды, программаларды, документтерди, чечимдерди же иш-аракеттерди иштеп чыгуунун негизги принциптерин жана жоболорун белгилейт.

3. Улуттук суу стратегиясы ушул статьянын жоболоруна ылайык иштелип чыгат жана жок эле дегенде төмөнкүлөрдү аныктайт:

- суу объекттериндеги суу ресурстарынын санын, сапатын жана алардын экономиканын бардык секторунда пайдаланылышын;

- суу боюнча мамилелерге тиешелүү экологиялык муктаждыктарды жана мамлекеттер аралык макулдашууларды көңүлгө алуу менен суунун пайдаланылбаган агымынын көлөмүн;

- климаттын күтүлгөн өзгөрүүсүн эске алуу менен экономиканын ар бир сектору үчүн сууга болгон кыска, орто жана узак мөөнөттүү керектөөлөрүн;

- аны ишке ашыруу үчүн керектүү институтционалдык өзгөртүүлөрдү жана административдик чараларды;

- сууну бөлүштүрүү боюнча талаптарды канааттандыруу үчүн азыркы кездеги технологияларды жана стратегияларды;

- бассейндик пландарды эске алуу менен сууну бассейндер аралык бөлүштүрүүдө муктаждыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү.

4. Улуттук суу стратегиясы бекитилгенден кийин Мамлекеттик суу администрациясы анын принциптерин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кеңири коомчулукка жеткирүүгө тийиш.

5. Бардык мамлекеттик органдар өз милдеттерин аткарууда ушул Кодекске ылайык Улуттук суу стратегиясын ишке ашырышат.

6. Суу боюнча улуттук кеңеш Улуттук суу стратегиясын беш жылда бир жолудан кем эмес карайт жана зарыл болсо Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосу жана бекитүүсү үчүн өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет.

(КР 2013-жылдын 26-октябрындагы № 197 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-статья. Мамлекеттик суу чарба программалары

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик суу чарба программаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат, аларды инвестициялайт жана каржылайт.

2. Мамлекеттик суу чарба программасы төмөнкүлөрдүн курулушун, реабилитациясын жана модернизациясын камтууга тийиш:

- ар бир бассейндик планды комплекстүү ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү көлөмдөрдө мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ирригациялык жана дренаждык тутумдарды;;

- гидроэлектрстанцияларды;

- шаарларды жана райондун борборлорун суу менен коммуналдык камсыздоочу тутумдарды;

- айыл жериндеги калктуу конуштарды суу менен камсыздоо тутумдарды;

- саркынды сууларды тазалоо боюнча түзүлүштөрдү.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик суу чарба программасын беш жылда бир жолу карайт.

(КР 2021-жылдын 10 декабрындагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

20-статья. Суу ресурстарын өнүктүрүү, пайдалануу жана коргоо боюнча бассейндик пландар

1. Мамлекеттик суу администрациясы ар бир башкы бассейин үчүн суу ресурстарын өнүктүрүүнүн, пайдалануунун жана коргоонун Бассейндик өнүктүрүү пландарын даярдоо үчүн керектүү прграммаларды жана графиктерди иштеп чыгууну уюштурат жана алардын аткарылышына контролду камсыз кылат.

2. Бассейндик пландардын долбоорлорун бассейндик кеңештер иштеп чыгат жана Суу боюнча улуттук кеңеште бекитилет.

3. Бассейндик план:

- суунун азаюу, кургакчылык, суу ташкыны, булгануу жана плотиналарды бузуп кетүү коркунучтарын жана ушундай коркунучтарды болтурбоого, калыбына келтирүүгө же басаңдатууга керектүү чыгымдардын бааланышын камтыйт;

- аймакты булгоонун булактарынын коркунучу бар аймактарды аныктайт;

- колдо бар коргоо зоналарын көздөйт;

- суу каптоо жана сел жүрүү коркунучу бар аймактарды жана мындай аймактарда тыюу салынууга же чек коюлууга тийиш болгон иштин түрлөрүн аныктайт.

4. Бассейндик план кошумча түрдө төмөнкүлөрдү:

- климаттын күтүлгөн өзгөрүүсүн эске алуу менен бассейндин ичиндеги суу ресурстарынын санына жана сапатына баа берүүнү камтыйт;

- сууну ар түрдүү максаттарга пайдалануунун көлөмү боюнча сууга учурдагы жана потенциалдуу муктаждыкты аныктайт;

- айлана-чөйрөнүн талаптарын жана эл аралык укук боюнча милдеттенмелерди эске алуу менен мүмкүн болуучу кошумча пайдалануу үчүн суу запастарын аныктайт;

- экологиялык керектөөлөрдү жана калктын сууга муктаждыгын аныктайт;

- ыктымалдуу финансылык булактарды аныктоо менен мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ирригациялык жана дренаждык тутумдардын инвестициялык жана финансылык муктаждыктарын баалайт;

- суу пайдалануу үчүн артыкчылыктарды жана экономиканын ар кыл секторлорунда суу пайдалануучулардын укуктарына мүмкүн болуучу чектөөлөрүн белгилейт;

- айыл чарба жерлерин коргоо боюнча жээкти бекемдөөчү тосмолорду куруу зарыл болгон жерлерди аныктайт жана токой коргоочу көчөттөрдү тигет;

- шагыл жана башка материалдарды казып алууга боло турган аймактарды аныктайт.

5. Мамлекеттик суу администрациясы бассейндик пландарды даярдоо боюнча жол-жоболорду белгилейт, ал суу пайдалануучуларга пландардын долбоорлорун талкуулоо процессине катышууга мүмкүндүк берет.

6. Мамлекеттик суу администрациясы жана тийиштүү бассейндик суу администрациялары ушул Кодекске ылайык өз милдеттерин аткарууда тийиштүү Бассейндик пландарды ишке ашырышат.

7. Бассейндик пландарды тийиштүү бассейндик кеңештер ар бир беш жылда кайра карайт жана Суу боюнча улуттук кеңештин кароосуна киргизет.

(КР 2013-жылдын 26-октябрындагы № 197 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-глава
Суу ресурстарын топтоо жана пайдалануу

 

21-статья. Суу пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери

1. Кыргыз Республикасынын суу ресурстары ушул Кодекстин жоболоруна ылайык пайдаланылат.

2. Суу ресурстарын пайдалануу төмөнкүлөрдү камтыйт:

- жер үстүндөгү же жер астындагы суу объекттеринен суу алуу;

- алынган сууну башка жактарга берүү үчүн транспортировкалоо;

- сууну ичүү жана чарбалык-тиричилик керектөөлөр үчүн пайдалануу;

- сууну бакча участокторун сугаруу үчүн пайдалануу;

- сууну сугатка жана малды сугарууга пайдалануу;

- саркынды сууларды сугат үчүн пайдалануу;

- сууну электр энергиясын иштеп чыгарууга пайдалануу;

- сууну өнөр жайлык жана агро өнөр жайлык максаттарга пайдалануу;

- сууну балык кармооо жана балык өстүрүү үчүн пайдалануу;

- сууну спорт жана ден соолукту чыңдоо максаттарына пайдалануу;

- сууну плотиналардан жана башка суу чарба курулмаларынан төмөндө бөгөө жана топтоо;

- суу объектиндеги сууну буруу, чектөө же агымын өзгөртүү;

- ошол суу объекттеринен шагыл жана башка материалдарды казып алууну кошо алганда, суу объектинин нугун, кылаасын, жээктерин, агымын же абалын мүнөздөөчү жактарын өзгөртүү;

- сууну шор баскан жерлерди тазартуу үчүн пайдалануу.

3. Суу пайдалануучулар төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- сууну булгабай аяр пайдаланууга;

- ушул Кодекстин бардык шарттарын, ошондой эле суу берүүгө контракттагы бардык шарттарды кошо алганда, суу пайдаланууга укукта белгиленген шарттарды жана милдеттенмелерди сактоого;

- укугу бирдей башка суу пайдалануучулардын укуктарын бузбоого.

4. Суу пайдалануучулар төмөндөгүлөргө укуктуу:

- сууну ушул Кодекстин жоболоруна ылайык пайдаланууга;

- суу ресурстарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алууга катышууга;

- суу пайдаланууга укуктары чектелген же жокко чыгарылган учурда ушул Кодекс менен аныкталган жоболорго ылайык компенсация алууга;

- ушул Кодекстин жоболоруна ылайык суу ресурстарынын саны, сапаты жана аны пайдалануу жөнүндө маалыматтарды алууга;

- суу объекттерин эс алуу, туризм, спорттук жана ден соолукту чыңдоочу иш-чаралар үчүн пайдаланууга.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

22-статья. Суу ресурстарын сууну пайдаланууга уруксаты жок пайдалануу

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

23-статья. Сууну пайдалануу үчүн уруксат алуунун талап кылынышы

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

24-статья. Сууну пайдалануу боюнча артыкчылыктар

Суу пайдалануу максаттары үчүн артыкчылыктардын негизделген тартибин белгилөөчү бассейндик план бекитилгенге чейин, сууну пайдаланууга уруксаттын, жер астындагы сууларды кошо алганда, сууну бөлүштүрүү төмөнкүдөй артыкчылыктарды эске алуу менен жүргүзүлөт:

- сууну ичүү жана чарбалык-тиричиликтик керектөөлөр үчүн пайдалануу;

- сууну сугатка жана малды сугарууга пайдалануу;

- кайра жаралуучу энергияны кошкондо, сууну электр энергиясын иштеп чыгарууга пайдалануу;

- сууну өнөр жайлык, анын ичинде тоо-кен жана агро өнөр жай максаттарына пайдалануу;

- сууну балык-кармоо жана балык өстүрүү үчүн пайдалануу;

- сууну спорт жана ден соолукту чыңдоо максаттарына пайдалануу;

- сууну башка максаттарга пайдалануу.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2016-жылдын 14-июнундагы № 80 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

25-статья. Суу пайдаланууга берилген уруксаттын мазмуну

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

26-статья. Суу пайдаланууга уруксат алууга табыштама жана аларды тандоо

1. Сууну пайдаланууга уруксат алууга табыштама кат жүзүндө Мамлекеттик суу администрациясына берилет. Сууну пайдаланууга берилген ар бир табыштама стандарттын формасында болуп, төмөнкүлөрдү камтыйт:

- арызда тиешеси бар болжолдуу пайдалануунун баяндамасы;

- болжолдонуп жаткан пайдаланууга тиешелүү суу чарбалык курулмала-

рын же башка жабдууларын тескөө менен бирге болжолдонуп жаткан пайдалануу планы жана жайгашкан ордунун сыпаттамасы;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, экологиялык экспертиза;

- пайдалануу үчүн керектүү сууну, ошондой эле кайра чыгуучу агымдын жана дренаждык жана саркынды суулардын агып чыгуу көлөмүнүн баяндамасы;

- пайдаланылуучу жана агызып чыгарылуучу суунун санын эсептөөчү сунушталган өлчөө каражаттарынын баяндамасы.

2. Мамлекеттик суу администрациясы табыштаманы алгандан кийин отуз күндүн ичинде арызга тиешелүү участокту иликтеп, андан кийин табыштама жөнүндө жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого тийиш. Участокту ииликтөө жана жарыялап чыгаруу боюнча негизделген чыгымдарды табыштаманын ээси төлөйт.

3. Башка юридикалык же жеке жактын укуктарын кысмакка алуу менен суу пайдаланууга берилген табыштаманын үстүнөн ал жарыялангандан кийин отуз күндүн ичинде Мамлекеттик суу администрациясына даттанылышы мүмкүн.

4. Мамлекеттик суу администрациясы табыштаманы кароо жана тандоо процессинде төмөнкүдөй макулдашууларды жүргүзүүгө тийиш:

- айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен;

- эгерде табыштама жер астындагы сууларды пайдаланууга же шагыл жана башка материалдарды казып алууга тиешелүү болсо, гидрогеология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен;

- бириндентип карагай агызуудан башка бардык учурларда - ыйгарым укуктуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык орган менен.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мындай макулдашуулардын жол-жобосун аныктайт.

5. Суу пайдалануу калдыктарды, саркынды сууларды жана булгоочу заттарды суу объекттерине таштоо менен коштолгон учурларда сууну жаңы пайдалануучулар үчүн суу пайдаланууга уруксат менен кошо агызып чыгарууга уруксат да таризделет. Суу пайдаланууга уруксат алууга берилген табыштамалар бардык учурларда ушул статьянын жоболоруна ылайык, ушул Кодекстин 52-статьясынын жоболоруна ылайык агызып чыгууга уруксат алууга берилген табыштамаларга ылайык келүүгө тийиш.

6. Мамлекеттик суу администрациясы суу пайдаланууга атайын уруксаттан тышкары суу пайдаланууга берилген ар бир табыштаманы ушул статьянын 8-пунктуна ылайык тандоо жүргүзөт.

7. Мамлекеттик суу администрациясы суу пайдаланууга атайын уруксатка ар бир табыштаманы кат жүзүндөгү корутунду менен кошо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул статьянын 8-пунктуна ылайык кароо жана тандоо жүргүзүү үчүн кароого жиберет.

8. Суу пайдаланууга уруксат же атайын уруксат алууга ар бир табыштама төмөнкүлөрдү эске алуу менен каралат:

- улуттук суу стратегиясы;

- суу ресурстарынын жетиштүү санынын болушу;

- суунун тийиштүү бассейндик пландагы бөлүштүрүлүшү жана Кыргыз Республикасынын эл аралык укук боюнча милдеттенмелери;

- суу пайдалануу боюнча белгиленген артыкчылыктар;

- башка суу пайдалануучулардын колдонуп жаткан суу пайдалануу укуктары жана суу пайдаланууга уруксат берилген учурда аларга мүмкүн болуучу таасири;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ар кандай экологиялык экспертизанын мазмуну же айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине баа берүү;

- арызга карата ар кандай кат жүзүндөгү каршылыктар;

- ушул Кодекстин 64-статьясында аныкталган суунун экологиялык минималдуу агып чыгуусу жагынан суу объекттерине карата коюлган экологиялык талаптар.

Сууну пайдаланууга жаңы уруксат алууга ар бир табыштаманы кароодо ушул Кодекстин 28-статьясында аныкталган учурлардан тышкары жактардын ушул Кодекске ылайык берилген суу пайдаланууга колдонулуп жаткан укуктарын чектөөгө жол берилбейт.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү суу пайдаланууга атайын уруксат алууга берилген ар бир табыштаманы кароодо жана Мамлекеттик суу администрациясы суу пайдаланууга уруксат алууга берилген табыштаманы кароодо өзүнүн чечими (макулдугу же баш тарткандыгы) жөнүндө арыз ээсине кат жүзүндө 60 күндүн ичинде билдирет. Баш тартуу жүйөлөштүрүлүүгө тийиш.

10. Суу пайдаланууга атайын уруксаттан тышкары, суу пайдаланууга уруксат алууга берилген табыштама четке кагылса арыз ээси Мамлекеттик суу администрациясынын жетекчисине чечимди кайра кароо жөнүндө кат жүзүндө өтүнүч бере алат; кайра кароо өтүнүч алынгандан кийин алтымыш күндүн ичинде жүргүзүлүүгө тийиш. Табыштама экинчи жолу четке кагылганда жазуу жүзүндөгү негиздеме берилет.

27-статья. Сууну пайдаланууга уруксатты убактылуу токтотуу жана өзгөртүү

Суу пайдаланууга уруксат жана суу пайдаланууга атайын уруксатты Мамлекеттик суу администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан төмөнкүдөй жагдайларга жараша убактылуу токтотулушу жана/же өзгөртүлүшү мүмкүн:

а) кургакчылык же суунун азайгандыгы жөнүндө жарыяланса;

б) уруксат ээси уруксаттын шарттарын бузган учурда;

в) уруксаттын ээсинин өтүнүчү боюнча;

г) ушул Кодекстин 70-статьясына же "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзгөчө экологиялык абал же экологиялык кырсык жөнүндө жарыяланса.

28-статья. Сууну пайдаланууга уруксатты жокко чыгаруу же убактылуу өзгөртүү

1. Төмөнкүдөй учурларда суу пайдаланууга уруксат жокко чыгарылат же убактылуу токтотулат:

а) коомдук кызыкчылыктарга жана тийиштүү бассейндик планга ылайык сууну башка максаттар үчүн бөлүштүрүү зарыл болгон учурда;

б) уруксаттын ээси коюлган шарттарды сактабаса жана убактылуу токтотулуп коюлган же өзгөртүлгөн чечимдин колдонуу мөөнөтү бүтсө;

в) уруксат ушул Кодекстин 30-статьясын бузуу менен башкаларга өткөрүп берилсе;

г) уруксаттын ээсинин өтүнүчү боюнча;

д) уруксат берилген сууну үч жыл катары менен пайдаланбаса;

е) уруксаттын ээси каза болсо же ишин токтотсо;

ж) уруксаттын ээси ушул Кодексте аныкталган жоопкерчиликке тартылса.

2. Сууну пайдаланууга уруксатты Мамлекеттик суу администрациясы жокко чыгарышы же убактылуу өзгөртүшү мүмкүн. Сууну пайдаланууга атайын уруксатты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жокко чыгарышы же убактылуу өзгөртүшү мүмкүн. Сууну пайдаланууга уруксатты жокко чыгаруу же убактылуу өзгөртүү жөнүндө чечим административдик (сотко чейинки) тартипте же болбосо сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. Сууну пайдаланууга атайын уруксатты жокко чыгаруу же убактылуу өзгөртүү жөнүндө чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

3. Сууну пайдаланууга уруксатты өзгөртүү жөнүндө табыштамага табыштаманы кайра кароо боюнча чыгымдарды төлөгөндүк жөнүндө квитанция, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жободо аныкталган бардык керектүү маалыматтар тиркелет.

4. Эгерде уруксаттын ээси суу берүүчү болсо, андан Мамлекеттик суу администрациясы уруксатты жокко чыгаруудан же өзгөртүүдөн мурда суу пайдаланууга уруксатка тиешелүү бардык суу берүү жөнүндө контракттарды эске алууга тийиш. Ушул статьянын 1-пунктунун "б", "г", "д", "е", "ж" пунктчаларына ылайык уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда Мамлекеттик суу администрациясы же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул сууну алууга контракты бар бир же бир нече жакка же ага талапкерге уруксатты өткөрүп бере алат.

5. Уруксат ушул статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык жокко чыгарылган же убактылуу өзгөртүлгөн учурда:

- уруксаттын ээсине суунун альтернативдүү суу булагынан тийиштүү көлөмдөгү сууга жаңы уруксат берилүүгө тийиш;

- же болбосо альтернативдүү суу булагы жок болсо компенсация төлөнүүгө тийиш.

Компенсация Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобонун негизинде жүзөгө ашырылат.

6. Эгерде тараптар компенсациянын суммасына макул болбосо, иш сот тартибинде чечилет. Уруксаттын ээси суу берүүчү болгон учурда, уруксатка тиешелүү суу берүүгө контракттын ээлери башка булактан суу менен камсыз кылынбаса, компенсация алуу укугуна ээ.

(КР 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

29-статья. Сууну пайдаланууга уруксатты узартуу

1. Уруксаттын ээси уруксат берилгенден он эки айдан кеч эмес мөөнөттө Мамлекеттик суу администрациясына уруксатты кийинки мөөнөткө он беш жылга узартуу же кыйла кыска мөөнөткө коюу жөнүндө табыштама бере алат. Табыштамага Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жоболордо аныкталган документтер тиркелет. Табыштама берилгенде сууну пайдаланууга берилген тийиштүү уруксат табыштаманы биротоло караганга чейин күчүндө калат.

2. Мамлекеттик суу администрациясы тийиштүү Бассейндик планда белгиленген артыкчылыктардан тышкары, уруксатты узартуудан баш тартуу үчүн олуттуу коомдук кызыкчылыктар болгондугуна байланыштуу суулардын баарын же бир бөлүгүн башка максаттарга бөлүштүрүүдө же суунун көлөмүн колдонуудагы уруксатка караганда азайтуу зарылдыгы болгон учурда сууну пайдалануута уруксатты узартат. Мамлекеттик суу администрациясы сууну пайдаланууга уруксатты узартуу жөнүндө табыштаманы канааттандыруудан баш тарткандык же сууну колдонуудагы уруксатта аныкталган көлөмгө караганда аз санда пайдаланууга уруксатты узартуу жөнүндө өзүнүн чечимине кат жүзүндө негиздеме берет.

3. Сууну пайдаланууга атайын уруксатты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү уруксаттын ээси уруксаттын мурда берилген мөөнөтү уруксатка тиешеси бар инвестициялар боюнча чыгымдарды жабууга мүмкүндүк бербестигин далилдеген учурда узартылышы мүмкүн. Мындай учурда уруксаттын ээси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобого ылайык узартуунун зарылдыгын негиздеген маалыматтар менен узартып берүү табыштамасын жөнөтөт.

30-статья. Сууну пайдаланууга уруксатты өткөрүп берүү

1. Сууну пайдаланууга уруксаттын ээси жана суу пайдаланууга атайын уруксаттын ээси сугатка тиешелүүдөн башка уруксатты бөлөк адамга өткөрүп бере алат.

2. Сугаруу үчүн сууну пайдаланууга уруксат ушул статьянын 3-пунктуна ылайык гана өткөрүп берилиши мүмкүн.

3. Сугаруу үчүн сууну пайдаланууга уруксаттын ээси жер участогун

сатса же уруксатка тиешеси бар жерге карата өзүнүн кызыкчылыктарын

башкача тескесе Мамлекеттик суу администрациясында уруксат берүудөн

баш тарта алат же жаңы ээлик кылуучуга же жер пайдалануучуга өткөрүп

берет.

4. Эгерде жаңы ээлик кылуучу же пайдалануучу бүтүм түзүлгөндөн кийин эки айдын ичинде уруксатты Мамлекеттик суу администрациясында кайра каттатса өткөрүп берилген уруксат жарактуу деп эсептелет.

5. Уруксаттын ээси каза болуп же ишин токтоткон учурда анын мурасчысы же укук улантуучусу сууга укук ага өткөрүлүп берилгенден кийин эки айдын ичинде суу пайдаланууга уруксатты Мамлекеттик суу администрацияда кайра каттатууга милдеттүү.

31-статья. Сууну пайдаланууга уруксатты берүү, өзгөртүү, жаңылоо жана каттоо үчүн административдик акы төлөө

1. Сууну пайдаланууга атайын уруксатты кошо алганда, сууну пайдаланууга уруксатты берүү, өзгөртүү, жаңылоо жана каттоо үчүн административдик акыны Мамлекеттик суу администрациясы алат.

2. Сууну пайдаланууга атайын уруксатты кошо алганда, сууну пайдаланууга чечимди берүү, өзгөртүү узартуу жана каттоо үчүн административдик акы төлөөнүн өлчөмү Мамлекеттик суу администрациясынын жана аларды жарыялоо боюнча негиздүү чыгымдарды кошо алганда тийиштүү табыштамаларды кароого жооптуу башка мамлекеттик органдардын иш жүзүндөгү административдик жана башка чыгымдарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

32-статья. Сууну пайдаланууга уруксатты каттоо

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5-глава
Суу берүүгө контракттардын негизинде сууну пайдалануу

 

33-статья. Суу берүүгө контракт

1. Суу берүүчү тарабынан суу менен түздөн-түз камсыздалуучу суу пайдадануучулар ушул главанын жоболоруна ылайык контракт түзүү маселеси боюнча ага кайрыла алышат.

2. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык шаарларда жана башка калктуу конуштарда суунун берилиши үчүн жооптуу суу пайдалануучулар ассоциациясынан, өнөр жай ишканаларынан же муниципалдык органдардан табыштама алынган учурда суу берүүчү алар менен суу берүүгө контракт түзүүгө тийиш.

3. Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарына ылайык ар кандай башка суу пайдалануучудан табыштама алган учурда суу берүүчү аны менен суу берүүгө контракт түзө алат, бирок "Суу пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык суу пайдалануучулар ассоциациясынын тейлөө зонасында турган жерди пайдаланган жак менен суу берүүгө контракт түзө албайт. Ушул суу пайдадануучулар суу менен жыл сайын түзүлүүчү келишимдин негизинде ассоциациялар тарабынан камсыздалышат.

34-статья. Суу берүүгө контрактты колдонуу мөөнөтү жана ал боюнча сууга белгиленген укуктар

1. Суу берүүгө ар бир контракт он беш жылдык мөөнөткө түзүлөт; суу пайдалануучунун табыштамасына ылайык ал кыйла кыска мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.

2. Ар бир контрактта суу пайдалануучунун суу алууга минималдуу жана максималдуу укуктары айтылат.

3. Сууга максималдуу укук деп суу ресурстарынын болушуна жараша берилүүчү суунун жылдык көлөмү түшүнүлөт, аны алуу үчүн суу пайдалануучу суу берүүчүгө кайрыла алат.

4. Сууну пайдаланууга минималдуу укук деп суу берүүчү суу пайдалануучуга жыл сайын берип туруучу суунун минималдуу көлөмү түшүнүлөт.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

35-статья. Суу берүүгө контракт боюнча сууга укуктарды аныктоо

1. Суу берүүгө ар бир контракт боюнча суу берүүнүн максималдуу укугун жана минималдуу укугун суу берүүчү аныктайт жана ал төмөнкү критерийлерге ылайык келет:

- суу пайдалануучу же анын мурдагы ирригациялык тутумундагы, суу чарба курулмалардагы же ичүүчү суу менен камсыздоо тутумундагы андан пайдалануучулар, ирригациялык тутумдун, суу чарба курулмасынын же ичүүчү суу менен камсыздоо тутумундагы долбоордук параметрлерди эске алуу менен акыркы жыйырма жылдагы же андан ашыгыраак мезгилдеги маалыматтарда чагылдырылган иш жүзүндөгү суунун көлөмүнө;

- суу пайдалануучу билдирген суунун көлөмүнө;

- суу берүүчү же андан мурдакы суу берүүчү бардык суу пайдалануучуларга ошол эле ирргиациялык тутумдан ошончо мезгилдин ичинде берген суунун жылдык суммардык көлөмүнө;

- сууну суу берүүчүдөн ошол эле ирригациялык тутумдан же суу чарба курулмасынан алуучу башка суу пайдалануучулардын пайдаланып жаткан укуктарына.

2. Ар бир эле ирригациялык тутум же суу чарба курулмасы үчүн суу берүүгө максималдуу укук жана минималдуу укук ар бир суу пайдалануучу үчүн өткөн жылдар жана жыйырма жылдан ашык мезгил үчүн документтер болгон шартта ошол документтердин негизинде аныкталат.

3. Сууну пайдалануучу же андан мурдакы суу пайдалануучусу өткөн жыйырма жыл ичинде суу алганын ырастоочу документтери жок болгон учурда, ошондой эле жаңы курулган же курулганына жыйырма жыл боло элек суу пайдалануучу объекттердин ээлери же пайдалануучулары үчүн сууга максималдуу укук жана минималдуу укук Мамлекеттик суу администрациясында бекитилген нускамага ылайык аныкталат.

36-статья. Контракт боюнча сууну пайдаланууга сууну бөлүштүрүү

1. Сууну берүү боюнча контрактта кабарлоонун күнү аныкталууга тийиш, ошого жараша ар бир суу пайдалануучу суунун көлөмү жөнүндө суу берүүчүгө кабарлоого тийиш, кийинки жылдын ичинде ал үчүн пайдаланууну, ошондой эле суу берүүнүн сунушталган графигин пландаштырышат. Суу пайдалануучу сууну суу алууга максималдуу укугунун көлөмүнө чейин берүүнү же азыраак көлөмдү сурай алат.

2. Кабарлаган күндөн тартып төрт жуманын ичинде суу берүүчү колдо болгон гидрометеорологияялык маалыматтын негизинде төмөнкүлөрдү аныктайт:

- кийинки жылы ар бир ирригациялык тутумда же суу чарба курулмасында болгон суунун болжолдонгон жалпы көлөмү;

- сууну ар бир суу пайдалануучуга алардын кабарламасында көрсөтүп суралган көлөмдө берүү мүмкүндүгү.

3. Эгерде ирригациялык тутумдагы суунун ушул статьянын 2-пунктуна ылайык аныкталуучу болжоАдонгон көлөмү бардык суу пайдалануучулар талап кылган суунун көлөмүн канааттандырса, анда суу берүүчү ар бир суу пайдалануучу менен сууну берүүнүн жана ал үчүн акы төлөөнүн графиги тиркелген суу берип турууга карата жыл сайын келишим түзүүгө тийиш.

4. Эгерде ирригациялык тутумдагы суунун ушул статьянын 2-пунктуна ылайык аныкталуучу болжолдонгон көлөмү суу пайдалануучулар талап кылган суунун көлөмүн берүүгө жетишсиз болсо, анда суу берүүчү суу алууга контракгы бар ар бир суу пайдалануучуга сууну пропорциялуу негизде азыраак бөлүштүрүүнү сунуштоого тийиш.

5. Сууну пайдалануучуларга суу берүүнүн көлөмүн азайтуу болжолдонуп жаткандыгы жөнүндө кабарлангандан кийин суу берүүчү бир ирригациялык тутумдан же суу чарба курулмасынан суу алуучу ар бир суу пайдалануучу менен суу берүүнүн графигин макулдашууга тийиш.

6. Эгерде суу берүүгө жыл сайын келишим түзүлгөндөн кийин гидрометеорологиялык маалымат такталат жана бир эле ирригациялык тутумундагы же суу чарба курулмасындагы болгон суунун болжолдонгон жалпы көлөмү жыл сайын келишимдер боюнча берүүнүн суммардык көлөмүнө шайкеш келбесе, анда суу берүүчү ар бир суу пайдалануучу менен макулдашуу боюнча ар жылкы келишимге өзгөртүүлөрдү киргизип, ага суу берүүнүн жана акы төлөөнүн жаңы графиги тиркелет.

7. Эгерде суу берүүгө жыл сайын келишим түзүүдө берилүүчү суунун көлөмүн азайтуу каралса, анда суу берүүчү ошол тутумдагы келишим ээлеринин арасында сууну Мамлекеттик суу администрациясында бекитилүүчү нускамага ылайык пропорциялуу негизде бөлүштүрүүгө милдеттүү.

37-статья. Сууну пайдалануучулардын өтүнүчү боюнча сууну кошумча берүү

1. Сууну пайдаланууга контракттын ээси суу берүүчүдөн сууну анын суу пайдаланууга максималдуу укугунан ашык көлөмдө берүүнү сурай алат.

2. Суу берүүчү ирригациялык тутумдун ичиндеги башка суу пайдалануучулар суунун көлөмүн суу пайдаланууга максималдуу укугунан азыраак сурашынын натыйжасында пайда болгон ашык суунун эсебинен көбүрөөк көлөмдө бере алат. Эгерде сууну максималдуу укугунан ашык көлөмдө сураган суу пайдалануучулар бир же андан көп санда болсо, анда суу берүүчү суунун ашыгын бир же бир нече суу пайдалануучуга ар жылкы келишимдин шарттарынын негизинде кошумча көлөмдө берилген суу үчүн жогорулатылган акы менен бере алат.

3. Суунун кошумча көлөмүн берүү жол-жобосу менен механизми жана ага байланыштуу суу берүүгө келишимдин өзгөртүлүшү ушул статьянын 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө бекитилген жобо менен аныкталат.

38-статья. Суу берүүгө контракттын жана ар жылкы келишимдин шарттары

1. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мамлекеттик суу администрациясынын сунушу боюнча суу берүүгө типтүү контрактты жана суу берүүгө ар жылкы типтүү келишимди бекитет.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

39-статья. Суу берүүгө контрактын жана ар жылкы келишимдин укуктук негизи

1. Суу берүүгө контракты бузгандыгы үчүн суу берүүчү суу пайдалануучуну суу менен камсыз кылууну токтотуучу шарттар каралат. Эгерде суу пайдалануучу суу берүү боюнча көрсөтүлгөн кызматтын акысын үч айдан ашык убакыт төлөбөсө суу берүүчү суунун берилишин токтото алат.

2. Эгерде суу берүүчү сууну суу берүү жөнүндө ар жылкы келишимде көрсөтүлгөн санда графикке ылайык бербесе, суу берүүчү төмөндөгү учурлардан тышкары суу пайдалануучуга компенсация төлөөгө милдеттүү:

- күтүлбөгөн татаал кырдаалдар болсо;

- суу пайдалануучу суу берүү жөнүндө контракттын жана ар жылкы келишимдин шарттарын аткарбаса;

- (төртүнчү абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Суу берүү жөнүндө ар жылкы келишимде белгиленген суунун көлөмүн жетиштүү бербегендиги үчүн суу пайдалануучуга төлөнүүчү компенсацияны эсептөөнүн тартиби жөнүндөгү Жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

4. Суу берүүгө контракт тараптардын өз ара макулдашуусу же соттун чечими боюнча бузулушу мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

40-статья. Контракт боюнча суу берүү кызматын көрсөтүү акысы

1. Мамлекеттик суу администрациясы суу берүүчүлөрдүн суу берүү боюнча көрсөтүлгөн кызматын эсептөөнүн тартибин аныктайт.

2. Мамлекеттик менчикте турган ирригациялык жана дренаждык тутумдарды пайдаланган суу берүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акынын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабигнети тарабынан бекитилет.;

2.1 Муниципалдык менчикте турган ирригациялык жана дренаждык тутумдарды пайдаланган суу берүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акынын өлчөмдөрү бассейн суусунун администрациясы менен макулдашуу боюнча жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет.

22. Жеке менчикте турган ирригациялык жана дренаждык тутумдарды пайдалануучу суу берүүнүн кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акынын өлчөмдөрү бассейн суусунун администрациясы менен макулдашуу боюнча кызмат көрсөтүлөрдү берүүчүнүн жетектөөчү органы тарабынан бекитилет.

23. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын алкагында мамлекеттик, муниципалдык социалдык саясаттын негизинде суу пайдалануучулардын айрым категорияларына сууну берүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөрү үчүн толук же жарым-жартылай акы тиешелүү түрдө республикалык же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан субсидияланышы мүмкүн.;

3. Суу берүүгө контракт боюнча көрсөтүлгөн кызматтар үчүн алынган каражат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жана сууну жаратылыштык ресурс катары пайдалангандык үчүн акы төлөөнү суу берүүчүнүн ирригациялык жана дренаждык тутумдарды эксплуатациялоо жана техникалык жактан тейлөөгө акы төлөөгө кеткен ар жылкы чыгымдарды жабууга жумшалат.

4. Берилген суунун көлөмүн суу пайдалануучу менен суу берүүчү суу берүүгө контракттын шарттарына ылайык эсепке алышат.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2016-жылдын 7-майындагы № 57,2021-жылдын 10 декабрындагы № 151 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

41-статья. Суу берүүгө контракт боюнча укуктарды жана милдеттенмелерди өткөрүп берүү

1. Суу пайдалануучу суу берүүгө контракт боюнча өзүнүн укуктарынын айрым бөлүгүн же бардык укуктарын ошол эле ирригациялык тутумдагы башка суу пайдалануучуга суу берүүчүнүн кат жүзүндөгү макулдугу менен өткөрүп берет.

2. Суу берүүчү Мамлекеттик суу администрациясынын чечими боюнча суу берүүгө контракт боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка суу берүүчүгө суу берүүгө контракт боюнча колдонулуп жаткан укуктар менен милдеттенмелерди сактоо шарты менен өткөрүп берет.

6-глава
Жер астындагы сууларды иштетүү жана пайдалануу

 

42-статья. Жер астындагы сууларды пайдалануу

1. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Жер астындагы суулардын кайра калыбына келбөөчү топтолуу зоналарындагы сууларды пайдаланууга тыюу салынат.

4. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

43-статья. Суу чыгарууга скважина бургулоого уруксат

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

44-статья. Бургулоо боюнча кесиптик ишти жүзөгө ашырууга лицензия

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7-глава
Ичүүчү суу менен камсыздоо

 

45-статья. Ичүүчү суунун берилиши

1. Ичүүчү сууну берүүнү жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын "Ичүүчү суу жөнүндө" Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.

2. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

((КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык))

46-статья. Канализация тутумдарын куруу жана эксплуатациялоо

Сууну агызып чыгаруу жана саркынды сууларды агызуу үчүн канализациялык жана башка тутумдарды куруу жана эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын атайын мыйзамдары менен жөнгө салынат. Саркынды сууларды жана башка калдыктарды суу объекттерине таштоо ушул Кодекстин 9-главасына ылайык ишке ашырылат.

8-глава
Сууну пайдалануунун экономикалык механизми

47-статья. Мамлекеттик каржылоо

Мамлекет мпмлекеттие органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бюджеттик ассигнованиелер, кредиттерди, гранттарды, узак мөөнөттүү ссудаларды берүү түрүндө, ошондой эле чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жолу менен суу пайдаланууга жана суу ресурстарын коргоого чыгымдарды толук же жарым-жартылай каржылоого катышат.

(КР 2021-жылдын 10-декабрындагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык))

48-статья. Жаратылыш ресурсу катары сууну пайдалангандыгы үчүн акы төлөө

1. Жаратылыш ресурсу катары сууну пайдалангандык үчүн акы төлөөнү суу ресурстарын иликтөө, баа берүү жана коргоо боюнча иш жүзүндө кеткен чыгымдардын, ошондой эле Мамлекеттик суу администрациясынын ишиндеги иш-чараларга кеткен чыгымдардын негизинде ар бир башкы бассейиндер үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

2. Ушул статьяга ылайык алынган каражаттар төмөнкүлөрдү каржылоо үчүн пайдаланылат:

- Мамлекеттик суу администрациясынын жана суу ресурстарын башкарууга тартылган башка мамлекеттик органдардын администрациялык сарптоолорун;

- Улуттук суу стратегиясына ылайык суу ресурстарын натыйжалуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуучу суу секторун өнүктүрүү боюнча долбоорлорго кеткен инвестициялык сарптоолорду;

- Мамлекеттик суу чарба программалары менен аныкталган долбоорлорду;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган башка максаттарды.

3. Суу объектилерин жана суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнү аныктоонун жана алуунун, суу пайдалануучуларга жеңилдиктерди белгилөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2016-жылдын 7-майындагы N 57, 2019-жылдын 5-апрелиндеги N 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-глава
Суу ресурстарын булгануудан жана соолуп калуудан коргоо

 

49-статья. Сууларды классификациялоо

1. Суу боюнча улуттук кеңеш Мамлекеттик суу администрациясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык органы жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган сунушу боюнча, ар бир суу объектиси боюнча аларды пайдалануунун сапатына жана багытына ылайык Кыргыз Республикасынын сууларын классификациялоону иштеп чыгууну уюштурат. Пайдалануу багыты жагынан ичилүүчү, айыл-чарбалык жана рекреациялык максаттар үчүн сууну пайдаланууга чек коюулбайт.

2. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ыйгарым укуктуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык орган менен макулдашып, иштелип чыккан суу классификациясы бар ар бир суу объектиси боюнча суунун сапатына стандарттарды белгилөөгө тийиш.

3. Суунун сапатынын стандарттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык орган тарабынан белгиленет.

50-статья. Сууларды булгоого жалпы тыюу салуу

Таштоого уруксат берүү белгиленген учурларды кошпогондо суу объектилерине, суу чарба курулмаларына жана суу фондусунун жерлерине булгоочу заттарды таштоого тыюу салынат.

51-статья. Тыюу салынган заттар жаяа суу объектилерине, суу чарба курулмаларына жана суу фондусунун жерлерине булгоочу заттарды жана таштандыларды таштоо стандартары жөнүндө жобо

1. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү суу объектилерине, суу чарба курулмаларына жана суу фондусунун жерлерине таштоого тыюу салынган, айлана-чөйрөгө коркунуч келтирген коркунучтуу заттардын тизмесин бекитет.

2. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү аныктоочу жоболорду бекитет:

- суу объектилерине, суу чарба курулмаларына жана суу фондусунун жерлерине таштандыларды жана булгоочу заттарды таштоонун максималдуу көлөмүн;

- суу объектилерине, суу чарба курулмаларына жана суу фондусунун жерлерине алар ташталганга чейин таштандылардан жана саркынды булганычтардан тазалоо үчүн процесстерди жана стандарттарды.

52-статья. Суу объектилерине, коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине булгоочу заттарды жана таштандыларды таштоого уруксат берүү

1. Суу объектилерине, коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине булгоочу заттарды жана таштандыларды таштоого уруксат ыйгарым укуктуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык орган жана Мамлекеттик суу администрациясы менен макулдашылгандан кийин айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.

2. Суу объектилерине, коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине булгоочу заттарды жана таштандыларды таштоого уруксат төмөнкүлөрдү камтыйт:

- белгилүү убакыт ичинде таштаса боло турган булгоочу заттардын санын;

- таштоочу курулмаларды, аларга мүнөздөмө берүү жана картографиялык материалды тиркөө менен жайгашкан жерин баяндоону;

- уруксат ээлеринин агызып чыгарууга-таштоого мониторинг жана мониторинг боюнча ушул маалымат айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүгө тийиш болгон мезгилдүүлүк;

- таштандыларды жана булгагычтарды суу объектисине таштаардын алдында жүргүзүлгөн жана андан ары жүргүзүлүүчү аларды тазалоо процесстерин баяндоону;

- таштандыларды жана булгоочу заттарды алдын ала жана биротоло тазалоо боюнча бардык курулмаларды, ошондой эле таштоочу курулмаларды жана контролдоочу түзүлүштөрдү куруунун жана эксплуатациялоонун долбоорун баяндоону;

- суу объекттерин жана суу чарба курулмаларын булгоону кыскартуу же болтурбоо, ташталышы мүмкүн болгон булгагычтардын өлчөмүнүн же концентрациясынын сезондук же башка өзгөрүүлөрүн камтуу менен суунун сапатынын ылайык келиши зарыл болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу башка шарттар.

3. Таштоого уруксатта уруксаттын ээси үчүн булгагычтардын концентрациясын азайтуу түрүндө чектөөлөр белгилениши мүмкүн.

4. Таштоого уруксат үч жылдан ашык эмес мөөнөткө берилет. Таштоого уруксат айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кат жүзүндөгү уруксатысыз башка адамга берилбөөгө тийиш.

5. Кыргыз Республикасынын суу объектилерине , коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине таштоого уруксат ушул кодекс жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик жана укуктук актылары менен берилет жана жөнгө салынат.

(КР 2013-жылдын 26-октябрындагы № 197 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

53-статья. Таштоого уруксат алууга табыштама

1. Таштоого уруксат алууга ар бир табыштама зарыл документтерди тиркөө менен айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кат жүзүндө берилет. Табыштама берүү үчүн документтердин тизмеси айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

2. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган таштоого табыштаманы канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин аны төмөнкүлөр менен макулдашууга тийиш:

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык орган менен;

- Мамлекеттик суу администрациясы менен, ал коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине таштоого уруксат берүү бир эле суу чарба курулмасына карата суу берүүгө контрактардын ээлеринин укугуна таасир этпешин ырасташы керек.

3. Таштоого уруксат берүүгө ар бир табыштаманы кароодо айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү эске алууга тийиш:

- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана бекитилген булгоочу заттардын чектик - уруксат берилүүчү таштоолорунун ченемдери;

- тиешелүү бассейндик план;

- тиешелүү суу объектисин же суу чарба курулмасын башка пайдалануу жана аларга таштоого уруксат берүүнүн натыйжасында потенциалдык таасир этүү;

- суулардын классификациясы;

- ушул Кодекстин 51-стаьясына ылайык белгиленген жоболор.

4. Отуз күндүн ичинде айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн чечими (макулдугу же баш тартуусу) жөнүндө арыз берүүчүгө кат жүзүндө билдирет. Баш тартуунун жүйөөсү келтирилиши керек.

(КР 2013-жылдын 26-октябрындагы № 197 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

54-статья. Суу объектилерине, коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине таштандыларды жана булгоочу заттарды таштоого уруксатты токтото туруу, өзгөртүү же жокко чыгаруу

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурларда суу объектилерине, коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине таштандыларды жана булгоочу заттарды таштоого уруксатты убактылуу токтото, өзгөртө же жокко чыгара алат:

а) кургакчылык же суунун жетишпестиги же өзгөчө кырдаалдарда;

б) берилген уруксаттын шарттары бузулганда;

в) уруксаттын ээсинин өтүнүчү боюнча;

г) эгерде ал коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн зарыл болсо;

д) эгерде суунун сапатын белгиленген стандартка ылайык келтирүүнү камсыз кылуу зарыл болсо.

(КР 2013-жылдын 26-октябрындагы № 197 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

55-статья. Таштоого уруксатты жаңыртуу

Таштоого уруксат уруксаттын мөөнөтү бүткөнгө чейин бир айдан кем эмес убакытта уруксат ээсинин табыштамасы боюнча жаңыртылышы мүмкүн. Табыштама берүү үчүн документтердин тизмеси айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

56-статья. Булгануунун аймактык булактары

1. Суу ресурстарын өнүктүрүү, пайдалануу жана коргоо боюнча ар бир бассейндик планда сугарылуучу жерлердин аймагы аныкталууга тийиш, ал топографиялык шарттар боюнча аларга пестициддерди жана жер семирткичтерди колдонууда суу объектилеринин жана суу чарба курулмаларынын аймактык булгануусуна коркунуч түзөт. Бассейндик пландарда ушундай булганууну болтурбоо, азайтуу же басаңдатуу боюнча чаралар каралышы керек. Бул чаралар техникалык колдонмолорду, окуу программаларын жана аларды финансылык камсыз кылуу боюнча программаларды даярдоого жана таратууга кошулушу мүмкүн.

2. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Мамлекеттик суу администрациясы аймактык булгануу проблемаларын чечүү үчүн суу коргоочу зоналарды белгилейт жана булгануунун аймактык булактарын болтурбоо жана азайтуу үчүн ушундай зоналарда чарбалык иш-аракеттерди жөнгө салуу боюнча жоболорду бекитет.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

57-статья. Таштоого уруксатты бергендиги, өзгөрткөндүгү жана жаңырткандыгы үчүн администрациялык акы төлөө

Таштоого уруксатты берүүгө, өзгөртүүгө жана жаңыртууга арыздарды карагандыгы үчүн администрациялык акы төлөө айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алынат. Төлөөнүн өлчөмү айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана арызды кароого тартылган башка мамлекеттик органдын администрациялык жана башка чыгымдарын эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан аныкталат.

58-статья. Агызып чыгарууга уруксаттарды каттоо

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган агызып чыгарууга уруксаттарды каттоону жүргүзөт, ал төмөнкүлөрдү камтышы керек:

- Ушул Кодекске ылайык берилген агызып чыгарууга бардык уруксаттардын толук баяндалышын, ошондой эле ар кандай токтотуулардын, өзгөртүүлөрдүн, жокко чыгаруулардын жана жаңыртуулардын деталдарын;

- агызып чыгарууга жаңы уруксаттар жагында карата айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилип бардык арыздардын толук баяндалышын;

- уруксат берүүнүн шарттарына ылайык уруксат ээси тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүчү мониторинг боюнча маалыматтардын толук баяндалышын;

- айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын агызып чыгарууга уруксат берүүлөрдө белгиленген шарттарды сактоону камсыз кылуучу иш-аракеттеринин толук баяндалышын.

59-статья. Сууларды булгагандыгы үчүн акы төлөө

1. Суу боюнча улуттук кеңештин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтү жаратылышты пайдалануу катары сууга таштандыларды жана булгоочу заттарды таштоого акы төлөөлөр тутумун белгилейт.

2. Агызып чыгаргандыгы үчүн акы төлөө деңгээли суу объекттерине жана суу чарба курулмаларына таштандыларды жана булганыч заттарды таштоолорду минимумга чейин кыскартууну, ошондой эле алардын экологиялык коопсуздугун камсыз кылууну эске алуу менен белгиленет.

60-статья. Суу ресурстарын коргоо боюнча иштерди жүргүзүү

1. Эгерде булгоочу заттар же таштандылар суу объектисине, суу чарба курулмасына же суу фондунун жерлерине ташталса же ташталышы мүмкүн болсо айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү жасоого тийиш:

- суу ресурстарын коргоо боюнча иштерди жүргүзүүгө милдеттүү болгон жооптуу адамга кат жүзүндө билдирүү жиберүүгө;

- суу ресурстарын коргоо боюнча иштерди өз алдынча жүргүзүүгө.

2. Суу ресурстарын коргоо боюнча иштер өз алдынча жүргүзүлгөн учурда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ага байланышкан чыгымдарды жооптуу адамдын эсебинен өндүрүп алууга укуктуу.

61-статья. Жер астындагы сууларды булгануудан коргоо

1. Аймактарды зоналаштыруу пландарында жер астындагы сууларды булгоочу же анын сапаты үчүн коркунуч келтириши мүмкүн болгон участкалар аныкталат.

2. Мамлекеттик суу администрациясынын жана гидрогеология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Жер астындагы сууларды булгануудан коргоо боюнча жобону бекитет.

62-статья. Мөңгүлөрдү коргоо

Мөңгүлөрдүн ээришин тездетүүгө таасир этүүчү көмүрдү, күлдү, майларды же башка заттарды же материалдарды пайдаланылуучу иш-аракеттерге, ошондой эле мөңгүлөрдүн абалына же аларда камтылган суулардын сапатына таасир этиши мүмкүн болгон иш-аракеттерге жана Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндөгү иш-аракеттерди кошпогондо, муз даярдоо менен байланышкан иш-аракеттерге тыюу салынат.

Ушул алып таштоолор Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө мурунку таасир этүүлөргө жайылтылбайт.

Ушул сыяктуу иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду көз карандысыз экспертизанын натыйжаларын эске алуу менен, ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынат.

(КР 2017-жылдын 23-ноябрындагы N 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

63-статья. Сууларды сактоо боюнча колдоочу стимулдар

Мамлекет сууну пайдаланууну азайтуучу, суу ресурстарынын булганышын болтурбоочу же азайтуучу изилдөөлөрдү же жаңы технологияларды иштеп чыгууну, установкаларды жана жабдуулардын жаңы түрлөрүн жаратууну стимулдайт жана камсыз кылат.

64-статья. Суунун минимум экологиялык агымына коюлган талаптар

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Мамлекеттик суу администрациясынын макулдашылган сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү балык запастарын жана суу экотутумун сактоо максатында белгилүү бир дарыялар жана суу объекттери үчүн суунун экологиялык агымына карата минимум талаптарды белгилейт.

10-глава
Корголуучу зоналар

 

65-статья. Корголуучу зоналардын түрлөрү

1. Корголуучу зоналардын түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

- санитариялык коргоо зоналары;

- агым түзүлүүчү зоналар;

- жер астындагы сууларды коргоо зоналары;

- суу коргоо зоналары;

- өзгөчө экологиялык кырдаалдар жана экологиялык кыйроолор зоналары.

2. Ар бир бассейндик план болгон коргоо зоналарынын баяндалышын жана зарыл учурларда жаңы коргоо зоналарын түзүү боюнча сунуштарды камтыйт же болгон зоналардын чегараларына өзгөртүүлөрдү киргизет.

66-статья. Санитариялык коргоо зоналары

1. Санитариялык коргоо зоналары, ичилүүчү жана чарбалык-тиричиликтик суу менен жабдуу үчүн, ошондой эле дарылоо максаттары үчүн жер бетиндеги жана жер астындагы суу объектилеринен суу топтоо үчүн пайдаланылган, суу объектилерин жана суу чарба курулмаларын курчай белгиленет. Санитариялык коргоо зоналары суу объектисинин өзүн камтуу менен тиешелүү суу чарба курулмасынын тегерегиндеги аймакты ээлейт.

2. Санитариялык коргоо зоналарынын жайгашкан жери, өлчөмү жана режими басссейндик пландын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, санитариялык-эпидемиологиялык орган менен макулдашылган иштелип чыккан долбоордун негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын тиешелүү органы тарабынан аныкталат.

3. Санитариялык коргоо зоналарынын өлчөмдөрүн, жайгашкан ордун жана режимин аныктоо тартиби жөнүндө жобо ыйгарым укуктуу мамлекеттик санитария-эпидемиологиялык орган тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитет.

67-статья. Агым түзүлүүчү зоналар

1. Дарыялар куралган аймак агым түзүлүүчү зона болуп эсептелет. Агым түзүлүүчү зоналар Мамлекеттик суу администрациясынын жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Ушул Кодекстин 62-статьясында каралган учурларды кошпогондо, агым түзүлүүчү зоналарда төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- калдык сактоочу жайларды, таштанды чогултуучу жерлерди, көрүстөндөрдү, малдын өлүктөрү көмүлгөн жерлерди жана суу ресурстарынын сапатына зыяндуу таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон башка чарбалык объекттерди жайгаштырууга;

- суу объекттерин каптаган музду, мөңгүлөрдү жана карлуу жерлерди өндүрүштүк, тиричиликтик жана башка калдыктар менен булгоого, ошондой эле аларды нефть продуктылары, уу химикаттар жана башка зыяндуу заттар менен булгоого.

3. Агым түзүлүүчү зоналарда чарбалык жана башка иш-аракеттерди жүргүзүүнү чектөө жана тыюу салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2017-жылдын 23-ноябрындагы N 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

68-статья. Жер астындагы сууларды коргоо зоналары

1. Жер астындагы суулардын булганышы үчүн ыңгайлуу аймак жер астындагы сууларды коргоо зонасы болуп эсептелет. Жер астындагы сууларды коргоо зоналары Мамлекеттик суу администрациясынын жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Жер астындагы сууларды коргоо зоналарында чарбалык жана башка иш-аракеттерди жүргүзүүнү чектөө жана тыюу салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:

- агын суулар менен жер сугаруу;

- жер астындагы суулардан суу алуу;

- эриткичтерди же химикаттарды пайдаланган же сактаган өнөр жай же коммерциялык ишканаларды эксплуатациялоону;

- таштандыларды жайгаштырууну;

- Мамлекеттик суу администрациясынын жана гидрогеология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу менен Кыргыз Респубдакасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу иш-аракеттердин башка түрлөрү.

69-статья. Суу коргоо зоналары

1. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдары менен макулдашуу боюнча Мамлекеттик суу администрациясы суу обьектилеринде суу коргоочу зоналарды белгилейт, аларда суу ресурстарынын булгашы же суу объекттерине зыян келтириши мүмкүн болгондугуна байланыштуу иш-аракеттердин белгилүү түрлөрү чектелет же тыюу салынат. Иш-аракеттердин мындай түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

- мал чарба фермаларын жайгаштыруу жана эксплуатациялоо;

- пестициддерди, органикалык жана химиялык жер семирткичтерди пайдалануу жана колдонуу;

- өнөр жай ишканаларын эксплуатациялоо;

- калдыктарды сактоо, кайра иштетүү жана таштоо;

- курулуштарды куруу.

2. Суу коргоо зонасында жеке жана юридикалык жактардын суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо режимдерин сактоосуна жана башка чарбалык иш-аракеттерине мамлекеттик контроль Мамлекеттик суу администрациясы, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органы тарабынан ишке ашырылат.

70-статья. Өзгөчө экологиялык кырдаал жана суу объектилериндеги экологиялык кырсык зоналары

Кыргыз Республикасынын Президенти "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ар кандай суу объектисине карата өзгөчө экологиялык кырдаал же экологиялык кырсык зоналарын жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

11-глава
Өзгөчө кырдаалдар

 

71-статья. Суу ташкыны, кургакчылык, сел жана жер көчкү жүрүү жөнүндө маалымдоонун жана эскертүүнүн бирдиктүү тутуму

1. Мамлекеттик суу администрациясынын, өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана гидрометрология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү, бассейндик жана улуттук маанидеги суу ташкындарынын, кургакчылыктын, сел жана жер көчкүнүн мүмкүн болуучу жакынкы жана орто мөөнөттүү коркунучтары жөнүндө мамлекеттик органдарга жана коомчулукка эскертүү үчүн суу ташкыны, кургакчылык, сел жана жер көчкү жөнүндө маалыматтардын бирдиктүү тутумун түзөт.

2. Суу ташкыны, кургакчылык, сел жана жер көчкү жөнүндө маалыматтардын бирдиктүү тутуму:

- суу ташкыны, сел жүрүүлөр жана жер көчкүлөр жөнүндөгү;

- кургакчылык жөнүндөгү;

- табигый суу объектилеринин, анын ичинде бийик тоолуу көлдөрдүн абалы жана туруктууулугу жөнүндөгү;

- негизги суу чарба курулмаларынын, анын ичинде суу сактагычтардагы плотиналардын жана дарыялардагы коргоочу дамбалардын абалы жана туруктуулугу жөнүндөгү;

- калк үчүн суу ташкындарынын, кургакчылыктын, сел жүрүү жана жер көчкү коркунучу жүнүндөгү акыркы жылдардагы маалыматты жана прогнозду камтыйт.

3. Мамлекеттик суу администрациясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Суу ташкыны, кургакчылык, сел жана жер көчкү жүрүү жөнүндө улуттук маалымат тутумунда камтылуучу маалыматтарды таратуу жөнүндө жобону бекитет.

72-статья. Суу ташкынынан, селден жана жер көчкүдөн коргонуу

1. Бассейндик план суу ташкындары, селдер жана жер көчкүлөр жүрүшү мүмкүн болгон коркунучтуу аймактарды жана суу ташкынынын, сел жана жер көчкүнүн адам өмүрү жана мүлк үчүн коркунучунун алдын алуу же аны эң азайтуу үчүн ушундай аймактарда тыюу салынууга же чектелүүгө тийиш болгон иш-аракеттердин түрлөрүн аныктайт.

2. Бассейндик планга ылайык ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген аймактарда төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- Мамлекеттик суу администрациясынын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз мүмкүн болгон суу ташкыны, сел жана жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарда имараттарды жана курулмаларды курууга;

- суу ташкынына, сел жана жер көчкү жүрүүгө алып келүүчү иш-аракеттердин белгилүү түрлөрүн Мамлекеттик суу администрациясынын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз жүргүзүүгө.

3. Мамлекеттик суу администрациясы өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте калкты жана өнөр жай зоналарын, адам өмүрүн жана мүлктү, айыл чарба жерлерин суу ташкындарынын жана селдердин коркунучунан коргоо боюнча курулмаларды куруу жана эксплуатациалоо боюнча жыл сайын программаларды жана пландарды иштеп чыгат. Мындай программалар жана пландар Суу боюнча улуттук кеңешке берилүүгө тийиш, ал аларды каржылоо булактары менен камсыз кылууну эске алып чечим чыгарат.

73-статья. Өзгөчө кырдаалдар учуруна карата чараларды пландоо

1. Мамлекеттик суу администрациясы өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте Бассейндик пландардын жана мурунку жылдардагы маалыматтардын негизинде аймактардагы суу ташкындары, селдер жана жер көчкүлөр учурларына карай иш-чаралардын планын даярдайт жана мезгил-мезгили менен жаңылап турат.

2. Суу ташкыны, сел жана жер көчкү жүрүү учуруна карата пландар төмөнкүлөрдү аныктайт:

- суу ташкыны, сел жана жер көчкү жүрүү коркунучу жөнүндө калкка кабарлоо жана эскертүү үчүн маалыматтардын тутумун;

- суу ташкыны, сел жана жер көчкү жүрүү учуруна карата пландарды аткарууга жооптуу мамлекеттик органдарды;

- жарандык калкты эвакуациялоо боюнча иш-чаралардын тутумун;

- эвакуацияланган адамдарды тамак-аш жана турак-жай менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жана аларды ишке ашыруу механизмдерин.

3. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу жол-жобосу жана тартиби "Калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка ченемдик-укуктук актылары менен аныкталат.

74-статья. Кургакчылык жана суунун тартыштыгы

Кургакчылык же суу тартыш мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:

- суу ресурстарын пайдалануу менен байланышкан иш-аракеттердин айрым же бардык түрлөрү үчүн чектөөлөрдү киргизүүгө;

- агызып чыгарууга уруксаттардын ээлери үчүн суу пайдаланууга лимит коюуга же чектөөгө;

- кургакчылык жана суу тартыштыгына туш болгон аймактарга жаңы артыкчылыктарды убактылуу киргизүүгө.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-глава
Плотиналардын коопсуздугу

 

75-статья. Плотиналардын ээлеринин жана аларды пайдалануучулардын жоопкерчилиги

Плотинанын ээси жана пайдалануучусу:

- плотинанын коопсуздугу үчүн;

- плотиналарды коопсуз эксплуатациялоо жана техникалык жактан тейлөө үчүн;

- плотиналарды талаптагыдай эмес эксплуатациялоонун натыйжасында келтирилген зыян үчүн жооптуу болушат.

76-статья. Плотиналарды квалификациялоо

1. Кыргыз Республикасынын плотиналары, анын ичинде гидроэнергетикалык багыттагылар Мамлекеттик суу администрациясы сунуш кылган жана Суу боюнча улуттук кеңеш бекиткен критерийлерге ылайык төмөнкүдөй үч категорияга бөлүнөт:

- республикалык маанидеги плотиналар;

- бассейндик маанидеги плотиналар;

- райондук маанидеги плотиналар.

2. Плотиналарды квалификациялоо үчүн критерийлер төмөнкүлөргө негизденет:

- плотинанын бийиктигине;

- топтолуучу суунун көлөмүнө;

- плотина бузулган учурда коомчулук, мүлк жана суу ресурстарынын сапаты үчүн коркунучка;

- плотина бузулган учурдагы потенциалдык чыгымдардын өлчөмүнө жана мүмкүн болуучу зыянга;

- суунун сапатынын мүмкүн болгон өзгөрүшүнө;

- плотиналар бузулган учурда социалдык-экономикалык таасирлерге;

- плотинанын мамлекеттер аралык маанисине.

3. Мамлекеттик суу администрациясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык, бассейндик жана райондук маанидеги плотиналарды эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү өркүндөтүү боюнча инспекцияны, мониторингди жана чара көрүүнү уюштуруу тартибин аныктайт.

77-статья. Плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көз карандысыз техникалык орган катары плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия түзөт.

2. Плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия плотиналарга жүргүзүлгөн инспекциянын натыйжасы боюнча Мамлекеттик суу администрациясына чараларды көрүү үчүн рекомендацияларды берет. Мамлекеттик суу администрациясы мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо максатында аткаруу үчүн милдеттүү болгон ремонт же курулуш иштерин жүргүзүү жөнүндө плотина ээлерине же пайдалануучуларына көрсөтмөлөр берет.

3. Плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия плотиналарды инспекциялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана белгиленген тартипте аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет.

4. Плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия коопсуздук жөнүндө отчет даярдайт жана аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча:

- республикалык маанидеги плотиналар үчүн беш жылда кеминде бир жолу;

- бассейндик маанидеги плотиналар үчүн он жылда кеминде бир жолу;

- райондук маанидеги плотиналар үчүн - он беш жылда кеминде бир жолу рекомендация берип турат.

78-статья. Плотиналарды каттоодон өткөрүү

1. Плотина ээси же аны пайдаланучу ушул Кодекс күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде аны каттоо үчүн Мамлекеттик суу администрациясына арыз берүүгө милдеттүү. Каттоого арыз белгиленген форма боюнча берилет жана плотинанын ээси же пайдалануучусу, плотинанын жайгашкан жери жана өлчөмү, конструкциясынын бөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды жана башка зарыл маалыматтарды камтыйт.

2. Мамлекеттик суу администрациясы Кыргыз Республикасынын плотиналарын каттоону ишке ашырат жана маалыматтар банкын жүргүзөт, анда ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар камтылат.

3. Плотинанын ээси же пайдалануучусу плотинанын конструкциялык элементтеринин ишиндеги ар кандай өзгөрүүлөрдү жана аныкталаган кемчиликтерди толук баяндоо менен, ошондой эле аны эксплуатациялоодогу кемчиликтерди жана проблемаларды көрсөтүү менен аны күтүү жана техникалык жактан тейлөө боюнча Мамлекеттик суу администрациясына жылдык отчет берет.

13-глава
Ирригациялык жана башка суу чарба иш-аракеттери

 

79-статья. Ирригация жана дренаж боюнча комиссия

1. Ирригация жана дренаж боюнча комиссиялар республикалык, бассейндик жана райондук деңгээлде:

- ирригациялык жана дренаждык тутумдардын өткөн сугат сезонундагы эксплуатациялык сапатын текшерүү жана кийинки сезондо эксплуатациялоо жана техникалык жактан тейлөө боюнча рекомендацияларды берүү үчүн;

- кезектеги сугат сезонунда ирригациялык жана дренаждык тутумдарды эксплуатациялоо жана техникалык жактан тейлөө боюнча рекомендациялардын аткарылышына көзөмөлдүк киргизүү үчүн;

- мелиорация жана сугат маселелери боюнча сугат сууларын пайдалануучулардын иш-аракеттерин координациялоо үчүн;

- өзүнүн компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча консультацияларды берүү үчүн түзүлөт.

2. Ирригация жана дренаж боюнча республикалык комиссияны Мамлекеттик суу администрациясынын жетекчиси башкарат жана ага аймактык органдарынын жетекчилерин башка суу берүүчүлөр, сугат сууларын пайдалануучулардын өкүлдөрү кирет. Ирригация жана дренаж боюнча республикалык комиссиянын курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Ирригация жана дренаж боюнча республикалык комиссия республикалык жана мамлекеттер аралык маанидеги ирригациялык жана дренаждык тутумдардын эксплуатациялык сапаттарын текшерүүнү жүргүзөт.

3. Ирригация жана дренаж боюнча бассейндик комиссияны Мамлекеттик суу администрациясынын тиешелүү бассейндик органынын жетекчиси башкарат жана суу берүүчүлөрдү, сугат сууларын пайдалануучулардын өкүлдөрүн камтууга тийиш. Ирригация жана дренаж боюнча бассейндик комиссиянын курамы Мамлекеттик суу администрациясы тарабынан бекитилет. Ирригация жана дренаж боюнча бассейндик комиссия бассейндик маанидеги ирригациялык жана дренаждык тутумдардын эксплуатациялык сапаттарын текшерүүнү жүргүзөт.

4. Ирригация жана дренаж боюнча райондук комиссияны мамлекеттик ирригациялык тутумдарды эксплуатациялоо жана техникалык жактан тейлөө боюнча тиешелүү райондук уюмдун жетекчиси башкарат жана сугат сууларын пайдалануучулардын өкүлдөрү камтыйт. Ирригация жана дренаж боюнча райондук комиссиянын курамы Мамлекеттик суу администрациясы тарабынан бекитилет. Ирригация жана дренаж боюнча райондук комиссия жергиликтүү маанидеги ирригациялык жана дренаждык тутумдардын эксплуатациялык сапаттарын текшерүүнү жүргүзөт.

80-статья. Ирригациялык жана дренаждык тутумдарды техникалык жактан тейлөө боюнча иштерди аткаруу

1. Ирригациялык жактан дренаждык тутумдун ээси же пайдалануучусу аны тиешелүү кармоого техникалык жактан тейлөөгө жооп берет. Ээси же пайдалануучу бул иштерди өз күчү менен же подряддык уюмдарды тартуу менен аткарылышы мүмкүн.

2. Эгерде ирригациялык же дренаждык тутумдун ээси мамлекет болсо, анда подрядчыны тандоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулардын эрежелерине ылайык конкурстук негизде жүргүзүлөт.

3. Ремонттук жана реабилитациялык иштерди жүргүзгөндө суу курулмаларынын жана каналдардын тилкесинен ажыратылган жерлерде өскөн бадалдарды жана токой көчөттөрүн, ошондой эле санитардык кыюу жана куураган дарактарды кыюу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугусуз жүргүзүлөт.

81-статья. Ирригациялык тутумдарды кармоону жана техникалык жактан тейлөөнү камсыз кылуу боюнча пландар

1. Ирригация жана дренаж боюнча кемчилдиги бар деп тапкан комиссиянын актыларынын жана тыянактарынын негизинде суу берүүчүлөр ирригациялык жана дренаждык тутумдарды кармоо, техникалык жактан тейлөө жана реконструкциялоо боюнча пландарды иштеп чыгышат. Пландар жыл ичинде аткарыла тургандай эсепте жана келечекке иштелип чыгат.

2. Ирригациялык жана дренаждык тутумдарды кармоону жана техникалык жактан тейлөөнү камсыз кылуу боюнча ар жылкы пландын минималдуу мазмуну:

- аларды аткаруунун долбоордук наркын аныктоо менен алардын түрлөрү, ирригациялык жана дренаждык тутумдар боюнча талап кылынуучу ремонт иштеринин көлөмүн аныктоо;

- ремонт иштерин бүткөрүү үчүн аткаруучуларды тандоо, сугат сезонунун башталышын эске алуу менен ремонттун башталышынын жана бүтүшүнүн календардык мөөнөтү;

- ирригациялык жана дренаждык тутумдарды кармоого жана техникалык жактан тейлөөгө каражаттардын муктаждыгын жана суу берүүчүлөрдүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо.

3. Ирригациялык жана дренаждык тутумдарды реконструкциялоо (реабилитациялоо) боюнча келечектүү пландын минималдуу мазмуну:

- реконструкциялоону талап кылуучу ирригациялык жана дренаждык тутумдардын тизмегин аныктоо;

- иштин көлөмүн белгилөө жана аларды аткаруунун долбоордук наркын аныктоо;

- пландаштырылуучу иштердин экономикалык натыйжалуулугун аныктоо;

- учурдагы жылды камтуу менен жакынкы 5 жылга белгиленген иштерди аткаруунун графигин иштеп чыгуу;

- пландаштырылуучу иштерди аткарууну каржылоо булактарын жана подрядчыларды аныктоо.

82-статья. Ирригациялык жана дренаждык тутумдарды кармоону жана техникалык жактан тейлөөнү каржылоо

1. Мамлекеттик же муниципалдык  менчиктеги ирригациялык жана дренаждык тутумдарды кармоо жана техникалык жактан тейлөө мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын, суу берүү боюнча кызматтар үчүн төлөөлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт.

2. Мамлекеттик, муниципалдык ирригациялык жана дренаждык тутумдарды реабилитациялоого инвестициялык чыгымдар мамлекеттик бюджеттен, суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөрдөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган дагы башка булактардан камсыз кылынат.

(КР  2021-жылдын 10-декабря № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

83-статья. Ирригация жана дренажга дотация

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча жыл сайын ирригацияга жана дренажга дотация белгилеши мүмкүн.

14-глава
Суу чарба курулмаларынын жана суу фондунун жерелеринин менчиги жана пайдалануу

 

84-статья. Ирригациялык, дренаждык тутумдарга жана суу чарба курулмаларына болгон менчик

1. Ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары мамлекеттик, муниципалдык  жана жеке менчикте болушу мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мамлекеттик суу администрациясынын сунушу боюнча мамлекеттик ирригациялык, дренаждык тутумдардын жана суу чарба курулмаларынын тизмесин бекитет жана мезгил-мезгили менен кайра карап турат.

3. Бирден ашык суу пайдаланууну тейлөөчү же тейлеши мүмкүн болгон райондор аралык, областтар аралык жана мамлекеттер аралык маанидеги ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары жалаң гана мамлекеттин менчигинде болот.

4. Мамлекеттик суу чарба органдары тарабынан эксплуатациялануучу жана суу пайдалануучулардын бир гана ассоциациясы тарабынан тейленүүчү ирригациялык, дренаждык тутумдар жана алардын бөлүктөрү (канал, дрена, коллектор же суу сактагыч), ошондой эле алар ээлеген суу фондунун жерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте ушул ассоциациянын менчигине өткөрүп берилиши мүмкүн.

5. Ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары төмөнкүдөй учурларда муниципалдык объекттеринин статусуна ээ боло алат:

- суу пайдалануучулар ассоциациясы суу пайдалануучулардын жалпы чогулушунун чечиминин негизинде ирригациялык,  дренаждык тутумдарыды жана суу чарба курулмаларын муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечимди ыктыярдуу түрдө кабыл алганда.;

- ирринациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары ушул Кодекстин 161-статьясында белгиленген шарттарды сактаганда жергиликтүү бюджеттердин эсебинен түзүлгөндө жана эксплууатацияланганда.

(КР  2021-жылдын 10-декабря № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

85-статья. Суу фондунун жерлерин пайдалануу

1. Ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары ээлеген жерлерден башка суу чарба фондунун жерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде айыл, токой, балык, аңчылык чарбаларынын муктаждыгы, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруу үчүн, жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу үчүн жана башка максаттарга пайдаланууга берилиши мүмкүн.

Аянтынын өлчөмү 20 м2 ашпаган суу фондусунун жерлеринен пайдаланууга жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу үчүн жол берилет.

2. Мамлекеттик суу администрациясы айлана-чөйрөнү коргоо, суу ресурстарын башкаруу таламдарында же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталуучу дагы башка себептер боюнча Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча же белгилүү жерлерде суу объекттеринин жээктерин пайдаланууну чектеши мүмкүн.

3. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы N 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы N 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2016-жылдын 14-июнундагы № 80 , 2019-жылдын 30-июлундагы N 107 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

86-статья. Суу объектилеринен жана суу фондунун жерлеринен шагыл жана башка материалдарды казып алуу

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

87-статья. Сервитут

1. Сервитут суу ресурстарын башкаруу, пайдаланууну жана техникалык жактан тейлөөнү камсыз кылуу жана ирригациялык, дренаждык тутумдарды жана суу чарба курулмаларын куруу максаттары үчүн тараптардын макулдашуусу боюнча (ыктыярдуу сервитут) же зарыл учурда Мамлекеттик суу администрациясынын чечиминин (мажбурланган сервитут) негизинде белгилениши мүмкүн.

2. Сервитут (ыктыярдуу сервитут) белгилөө жөнүндөгү келишимде төмөндөгүлөр камтылат:

- сервитутту белгилөө максаты;

- сервитут менен белгиленген участканы баяндоо;

- сервитутту белгилөө шарттары жана мөөнөттөрү;

- сервитуттун жайгашкан ордун көрсөтүү менен участканын планы же картасы.

3. Мажбурланган сервитут эгерде ушул статьянын 1-пунктунда каралган максаттар үчүн зарыл болгон, башкача жол менен жетүү мүмкүн болбосо, өтө кыйын болсо же өлчөмсүз чыгымдарды талап кылса, жер участкасына жетүүнү камсыз кылуу үчүн Мамлекеттик суу администрациясынын чечиминин негизинде пайда болушу мүмкүн.

4. Сервитутту белгилөөнү кароочу же жер участкасынын ээсинин баш тартуусу же жер пайдалануучунун сервитут белгилөөгө баш тартуусун кароочу Мамлекеттик суу администрациясынын чечими административдик (сотко чейинки) тартипте же сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

5. Жер участкасынын ээсине же жер пайдалануучуга сервитут белгилөө менен келтирилген зыян сервитут анын таламдарында белгиленип жаткан адам тарабынан Мамлекеттик суу администрациясынын аныктаган өлчөмдө, ал эми жер участкасынын ээси же жер пайдалануучу макул болбогон учурда сот тарабынан калыбына келтирилүүгө тийиш.

6. Сервитут жер участкасына укуктарды өткөрүп бергенде, өтүү учурунда сакталат.

7. Келишим боюнча пайда болуучу сервитут аныкталбаган мөөнөткө же келишимде каралган мөөнөткө белгилениши мүмкүн. Мажбурланган сервитут ал боюнча сервитут белгиленген негиздин жоюлушунун натыйжасында, Мамлекеттик суу администрациясынын же соттун чечими боюнча токтотулушу мүмкүн.

8. Сервитут белгилөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

(КР 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

15-глава
Мамлекеттик суу инспекциясы

 

88-статья. Мамлекеттик суу инспекциясы

1. Мамлекеттик суу инспекциясы Мамлекеттик суу администрациясынын Кыргыз Республикасынын суу объектилерин жана суу ресурстарын пайдаланууга мамлекеттик көзөмөл функцияларын аткарууну камсыз кылуучу түзүмдүк бөлүмчөсү болуп саналат.

2. Мамлекеттик суу администрациясынын жетекчиси ээлеген кызматына ылайык Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик суу инспектору болуп саналат.

89-статья. Мамлекеттик суу инспекторлорунун укуктары жана милдеттери

1. Мамлекеттик суу инспектору төмөндөгүлөргө укуктуу:

- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан, мамлекеттик органдардан, ишканалардан, уюмдардан, мекемелерден, ошондой эле жеке адамдардан колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ушундай маалыматтарды алуунун атайын тартиби белгиленген учурларды кошпогондо, ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты акысыз алууга;

- белгиленген графикке ылайык, кое берүүгө уруксаты бар адамдарды жыл сайын текшерип турууга;

- суу мыйзамдарын бузуучуларга карата доо менен сотко кайрылууга.

2. Өзүнүн милдеттерин аткарган учурда мамлекеттик суу инспектору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же Мамлекеттик суу администрациясы тарабынан бекитилген жоболорду жана эрежелерди сактоого тийиш.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-глава
Кыргыз Республикасындагы суу мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

90-статья. Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

1. Төмөндөгүлөр суу мыйзамдарын бузуу болуп саналат:

- Мамлекеттик суу администрациясы тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен сууну пайдалануу;

- (үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- (төртүнчү абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- (бешинчи абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- скважинадан суунун келишин толук жаап коюуга мүмкүндүк берүүчү атайын жабдууну колдонбостон артезиан (өзү куюучу) скважинасынын суусун пайдалануу;

- (жетинчи абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- (сегизинчи абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- таштоого уруксатсыз же аларды бузуу менен суу объекттерине, суу чарба курулмаларына же суу фондунун жерлерине таштандыларды же булгагычтарды таштоо;

- суу объекттерине, суу чарба курулмаларына же суу фондунун жерлерине тыюу салынган заттарды таштоо;

- (он биринчи абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- булгоонун аймактык булактары менен булгоонун алдын алуу боюнча эрежелерди жана жоболорду бузуу;

- суу ресурстарын коргоо боюнча иштерди аткарбоо;

- жер астындагы сууларды коргоо боюнча эрежелерди бузуу;

- мөңгүлөргө зыян келтирүү;

- санитариялык коргоо зоналарында эрежелерди бузуу;

- суу агымы түзүлгөн зоналарда эрежелерди бузуу;

- жер астындагы сууларды коргоо зоналарында эрежелерди бузуу;

- суу коргоо зоналарында эрежелерди бузуу;

- сел жүрүүдөн коргоого тиешелүү эрежелерди бузуу;

- кургакчылык болгон учурда белгиленген тартипти бузуу;

- плотиналардын коопсуздугу боюнча эрежелерди бузуу;

- (жыйырма үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- суу фондунун жерлерин пайдалануу боюнча эрежелерди бузуу;

- мамлекеттик суу инспекторуна кызматтык милдеттерин аткаруусуна жолтоо болуу же маалымат берүүдөн мыйзамсыз баш тартуу.

2. Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш, администрациялык жана дагы башка жоопкерчиликке тартылышат.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жоопкерчилик жана суу мыйзамдарын бузуунун дагы башка түрлөрүн да белгилеши мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

91-статья. Суу объектилерине келтирилген зыян үчүн жарандардын жана юридикалык жактардын жоопкерчилиги

1. Алынбай калган пайданы камтуу менен суу объекттерине юридикалык жана жеке жактар тарабынан келтирилген зыян ыктыярдуу түрдө же соттун чечимине ылайык калыбына келтирилет.

2. Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын бузуу менен суу объекттерине келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча доо Мамлекеттик суу инспекциясы жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан коюлат.

3. Калыбына келтирилген зыяндын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык же жергиликтүү бюджеттерине которулат.

4. Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын бузуунун натыйжасында суу объекттерине келтирилген зыянды калыбына келтирүүнүн шарттары жана тартиби ушул Кодекс жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик-укуктук актылары менен жөнгө салынат.

92-статья. Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын бузуу менен жасалган бүтүмдөрдүн жараксыздыгы

Суу мамилелерине байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын бузуу менен жасалган бүтүмдөр жараксыз деп эсептелинет.

17-глава
Суу жөнүндөгү бирдиктүү маалымат тутуму

 

93-статья. Суу жөнүндөгү бирдиктүү маалымат тутумунун мазмуну

Суу жөнүндөгү бирдиктүү маалымат тутуму төмөндөгүлөрдөн турат:

- (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- суу объектилерине, суу чарба курулмаларына жана суу фондунун жерлерине таштандыларды жана булгоочу заттарды таштоого уруксаттардын реестринен;

- мамлекеттик суу кадастрынан;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу башка маалыматтардан.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

94-статья. Мамлекеттик суу кадастры

1. Мамлекеттик суу кадастры төмөндөгүлөр боюнча маалыматты камтыйт:

- жер бетиндеги суулардын өлчөмүн жана сапатын;

- жер астындагы суулардын өлчөмүн жана сапатын;

- суу фондунун жерлерин;

- мамлекеттик ирригациялык тутумдардын жана суу чарба курулмаларынын абалын, шарттарын жана жайгашкан ордун.

2. Суу ресурстарынын мамлекеттик мониторингинин маалыматы мамлекеттик суу кадастрына камтылат, ал суу ресурстарын башкаруу, суу чарбасын өнүктүрүүнү пландаштыруу, суу фондун сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.

3. Мамлекеттик суу кадастры Мамлекеттик суу администрациясы, гидрометеорология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана гидрогеология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык жүргүзүлөт.

4. Мамлекеттик суу администрациясы, гидрометеорология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, гидрогеология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан, ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден жана жарандардан - суу пайдалануучулардан тоскоолдуксуз жана биротоло мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды алууга укуктуу.

95-статья. Мамлекеттик мелиоратив кадастры

1. Мамлекеттик мелиоратив кадастры суу объектилери жана администрациялык-аймактык бөлүнүү жагынан алганда сугат жерлеринин мелиорациялык абалы жөнүндөгү маалыматтардын иретке салынган жыйнагын билдирет жана төмөндөгүлөрдүн негизинде белгиленет:

- байкоо жүргүзүлүүчү иштеп жаткан бардык скважиналар боюнча жер астындагы сууларды минералдаштыруу тууралу маалыматтардын;

- отчеттук жана андан мурунку жылдардагы сугат жерлердин шор басып кетишинин сүрөтүн алуулардын маалыматтарын;

- сезондук өзгөрүүлөрдүн өзгөчөлүктөрүн жана андан мурунку жылдардын статистикасын эске алуу менен байкоо жүргүзүлүүчү скважиналар боюнча жер астындагы суулардын деңгээлинин өзгөрүшү тууралу маалыматтардын.

2. Мамлекеттик мелиоратив кадастры Мамлекеттик суу администрациясы тарабынан Кыргыз Ресйубликасынын Өкмөтү бекитүүчү жобого ылайык жүргүзүлөт.

3. Мамлекеттик суу администрациясы, менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан, ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан жана суу пайдалануучу жарандардан мамлекеттик мелиоратив кадастрын жүргүзүүгө керек болгон маалыматтарды тоскоолдуксуз жана акысыз алууга укугу бар.

96-статья. Маалымат тутумдарына коомчулуктун жетиши

Коомчулуктун өкүлдөрү, 97-статьянын 2-пунктунда аныкталган учурларды кошпогондо, бирдиктүү маалымат тутумуна жетүү укугуна ээ.

97-статья. Маалымат тутумдарында камтылган маалыматтарга жетүүгө болгон чектөөлөр

1. Бирдиктүү маалымат тутумуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жашыруун сыр болуп эсептелген маалымат киргизилиши мүмкүн эмес.

2. Юридикалык жана жеке жак уруксат берүүгө тиешелүү маалымат же уруксатка билдирүү же жашыруун болуп эсептелген жана реестрде мындай маалыматтын болушу ушул адам үчүн экономикалык зыян же чыгым алып келиши мүмкүн болгон мамлекеттик органга кайрыла алат. Ушундай өтүнүч менен кайрылган учурда арыз берүүчү ага келтирилиши мүмкүн болгон экономикалык зыяндын жана чыгымдын мүмкүндүгүн далилдеп берүүгө тийиш.

18-глава
Суу мамилелери жаатындагы мамлекеттер аралык кызматташтык

 

98-статья. Кыргыз Республикасынын суу объектилерин, суу ресурстарын жана суу чарба курулмаларын мамлекеттер аралык пайдалануу

Кыргыз Республикасынын суу объектилерин, суу ресурстарын жана суу чарба курулмаларын мамлекеттер аралык пайдалануу маселелери Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери, ошондой эле жалпы таанылган эл аралык укуктун ченемдери менен жөнгө салынат.

19-глава
Корутунду жоболор

 

99-статья. Ушул Кодекстин күчүнө кириши

1. Ушул Кодекс расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актыларды ушул Кодекске ылайык келтиргенге чейин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган жана улуш Кодекске карама-каршы келбеген өлчөмдө жана тартипте колдонулат.

3. Ушул Кодекс кабыл алынган күндөн тартып алты айдын ичинде төмөндөгүлөрдү аткаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын:

- ушул Кодексти ишке ашырууну камсыз кылуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын;

- ушул Кодекстин кабыл алынганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу сунуштарды даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш кылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Акаев