КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КӨҢҮЛ
БУРУҢУЗДАР!
КР КР 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 142 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр
берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн
кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 22-декабры № 154
Милдеттүү
мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында
Кыргыз Республикасынын
жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө
(КР 2004-жылдын 21-августундагы № 166, 2005-жылдын 13-февралындагы № 27, 2006-жылдын 24-февралындагы № 65, 2007-жылдын 31-июлундагы № 124,
2009-жылдын 15-июлундагы № 220, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2015-жылдын 4-августундагы № 216, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2017-жылдын 28-июлундагы № 160, 2020-жылдын 1-августундагы № 109, 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 142 Мыйзамдарынын
редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам камсыздандырылган жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандырылууга тийиш болгон, Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө маалыматтарды жекече (индивидуалдык) эсепке алууну уюштуруунун укуктук негизин жана принциптерин белгилейт.
(КР 2004-жылдын 21-августундагы № 166 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-статья. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
(1-абзац КР 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(2-абзац КР 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Идентификациялык жеке номер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда жана ушул Мыйзамдын 71-статьясында каралган учурларды кошпогондо, бул адамдарда өмүр бою өзгөрүүсүз сакталуучу жеке номер.
Иш берүүчүлөр - эмгек келишими боюнча жалданма кызматкерлерди пайдаланган юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк юридикалык жактар жана алардын бөлүмдөрү; Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүргүзгөн эл аралык уюмдар; дыйкан (фермер) чарбалар; жарандар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандыгы жок адамдар жана жеке ишкерлер.
Камсыздандыруу акыларын төлөөчүлөр - Кыргыз Репсубликасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга камсыздандыруу акыларын өз алдынча төлөгөн иш берүүчүлөр ошондой эле жарандар анын ичинде жеке ишкерлер чет өлкөлүк жарандар жарандыгы жок адамдар (мындан ары - жарандар).
(6-абзац КР 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(7-абзац КР 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Жекече эсепке алуу - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында камсыздандырылган ар бир адам жөнүндө маалыматтарды жекече эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү.
Жекече камсыздандыруу эсеби - камсыздандырылган адам жөнүндө камсыздандыруу органы тарабынан анын эмгектик жана башка ишинин бүткүл мезгилинде топтолгон жана пенсияны жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча башка төлөмдөрдү дайындоо (кайра эсептөө) жана өлчөмүн аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтардын толуктугун камсыз кылуучу камсыздандырылган адам жөнүндө маалыматтарды камтыган документ. Жекече камсыздандыруу эсебинин камсыздандырылган адамга берилген идентификациялык жеке номери болот кийин жана шарттуу жана топтолуучу бөлүктөрдөн турат.
Камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгү - бул жекече камсыздандыруу эсебинин бөлүгү, ага камсыздандырылган адамдын топтолуучу камсыздандыруу акылары, инвестициялык киреше эсепке алынат жана анын негизинде пенсиянын топтолуучу бөлүгү төлөнөт.
Камсыздандыруу эсебинин шарттуу бөлүгү - бул жекече камсыздандыруу эсебинин бөлүгү, ага эмгек акы же камсыздандыруу акысы түрүндө камсыздандырылган мезгил жөнүндө маалымат эсепке алынат, анын негизинде пенсиянын шарттуу бөлүгү эсептелет.
(КР 2004-жылдын 21-августундагы № 166, 2006-жылдын 24-февралындагы № 65, 2009-жылдын 15-июлундагы № 220, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2015-жылдын 4-августундагы № 216, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2017-жылдын 28-июлундагы № 160, 2020-жылдын 1-августундагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Жекече эсепке алуунун укуктук негизи
Жекече эсепке алуунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укук актылары бул чөйрөдөгү укуктук мамилелерди жөнгө салган Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
21-статья. Идентификациялык жеке номерди Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун пайдалануусу
Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору ведомстволук маалыматтар базасын түзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылуучу жарандардын идентификациялык жеке номерлерин пайдаланууга укуктуу.
(КР 2006-жылдын 24-февралындагы № 65, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2015-жылдын 4-августундагы № 216, 2020-жылдын 1-августундагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья. Жекече эсепке алуунун максаттары
Жекече эсепке алуунун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
камсыздандырылган ар бир адамдын төлөнгөн камсыздандыруу акыларына ылайык пенсия дайындоо үчүн укуктук шарттарды түзүү;
пенсияны дайындоодо жана кайра эсептөөдө пенсияга укукту жана анын өлчөмүн аныктоочу стаж, эмгек акы жана камсыздандыруу акылары жөнүндө маалыматтардын аныктыгын камсыз кылуу;
Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарын ишке ашыруу өркүндөтүү үчүн ошондой эле камсыздандырылган адамдардын камсыздандыруу стажынын жана алардын камсыздандыруу акыларынын негизинде пенсияларды дайындоо үчүн маалымат базасын түзүү;
камсыздандырылган адамдардын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу акыларын төлөөгө кызыкдарлыгын өнүктүрүү.
камсыздандырылган адамдар камсыздандыруу акыларын төлөшүнө контролдук кылуу үчүн шарттарды түзүү.
пенсияларды төлөөгө чыгымдарды болжолдоого Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу акыларынын тарифин аныктоого, мамлекеттик пенсиялык камсыз кылууга тиешелүү Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү эсептөөгө шарттарды түзүү жана маалыматтык жагынан колдоо;
камсыздандырылган адамдарга мамлекеттик пенсияны дайындоо тартибин жөнөкөйлөтүү жана жол-жоболорун тездетүү;
ведомстволор аралык өз ара аракеттин негизинде Кыргыз Республикасында жарандарды максималдуу жекече (индивидуалдык) эсепке алуу үчүн шарттар түзүү;
Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору тарабынан идентификациялык жеке номерди бирдиктүү маалыматтык мейкиндикте пайдалануу, ошондой эле маалыматты эсепке алууну жана анын тууралыгын камсыз кылуу.
(КР 2004-жылдын 21-августундагы № 166, 2006-жылдын 24-февралындагы № 65, 2009-жылдын 15-июлундагы № 220, 2020-жылдын 1-августундагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-статья. Жекече эсепке алууну уюштуруунун принциптери
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунда жекече эсепке алуу төмөнкүдөй принциптерге таянат:
камсыздандыруу акыларын милдеттүү түрдө төлөө жана камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды милдеттүү түрдө эсепке алуу;
жекече эсепке алууну жүргүзгөн социалдык камсыздандыруу органдарында болгон жекече камсыздандыруу эсептеринин маалыматтары камсыздандырылган ар бир адам үчүн жеткиликтүү болушу;
камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды социалдык жактан коргоо максатында гана пайдалануу;
камсыздандырылган адамды эмгек ишинин процессинде жекече эсепке алууну жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарына ылайык пенсияны дайындоо же кайра эсептөө үчүн көрсөтүлгөн эсепке алуунун маалыматтарын пайдалануу.
II глава
Жекече эсепке алууну
уюштуруу
5-статья. Жекече эсепке алууну жүзөгө ашыруучу орган
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында жекече эсепке алууну жүзөгө ашыруучу орган болуп саналат.
6-статья. Камсыздандырылган адамдын жекече камсыздандыруу эсеби
Ар бир камсыздандырылган адамга Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган идентификациялык жеке номери менен жекече камсыздандыруу эсебин ачат.
Камсыздандырылган адамдын жекече камсыздандыруу эсеби төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш.
1) идентификациялык жеке номери;
2) паспорт боюнча аты-жөнү;
3) туулган күнү;
4) жынысы;
5) жарандыгы;
6) паспорттун маалыматтары: сериясы, номери берилген күнү;
7) туруктуу жашаган жери (дареги);
8) үйдөгү телефондун номери;
9) банкта жекече эсеби бар адамдар үчүн банктык реквизиттери;
10) иштеген жери: ишкананын аталышы жана ОКПО боюнча анын коду;
11) Ишинин түрү;
12) билими;
13) камсыздандыруунун түрү;
14) пенсияны дайындоо үчүн жалпы стажга кошулуучу эмгектик жана башка коомдук пайдалуу иш мезгилдери, ошондой эле эмгектин өзгөчө шарттары, Кыргыз Республикасынын алыскы жана бийик тоолуу райондорундагы иш, белгилүү мөөнөт эмгек кылгандыгы, радиоактивдүү булганууга дуушарланган аймактардагы иш менен байланышкан атайын стаж;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу акылары чегерилген эмгек акынын же кирешенин суммасы;
16) эсептелген жана төлөнгөн камсыздандыруу акыларынын суммасы, анын ичинде жалдоочунун эсебинен камсыздандыруу акылары жана камсыздандырылган адамдын өзүнүн камсыздандыруу акылары;
16-1) инвестициялык кирешенин суммасы;
17) жумушсуздук мезгили жана ушул мезгилдеги төлөмдөрдүн суммасы;
18) жалпы эмгек стажына кошулуучу башка иштебеген мезгилдер.
Камсыздандырылган адамдын жекече камсыздандыруу эсебинде камтылган, ушул статьянын экинчи бөлүгүндөгү 14-17-пункттарда аныкталган маалыматтар дайыма такталып жана камсыздандырылган адамдын эмгек ишинин процессинде толукталып турат.
Камсыздандырылган адамдын жекече камсыздандыруу эсеби Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда камсыздандырылган адамдын өмүрү өткөнчө сакталат, ал эми анын көзү өткөндөн кийин пенсиялык иштерди сактоо тартибинде каралган мөөнөттүн ичинде сакталат.
Камсыздандырылган адам кайтыш болгон учурда ушул статьянын экинчи бөлүгүндөгү 2-7-пункттарда камтылган маалыматтар тиешелүү жарандык абалдын актыларын жазууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы адамдын көзү өткөнүн каттаган күндөн тартып, бир айдын ичинде көрсөтүлгөн жарандык абалдын актыларын жазууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун камсыздандыруу акыларын төлөөчү катары катталган Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органына, ал эми камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоолору жөнүндө маалыматтар пенсияларды дайындоо жана төлөө боюнча тиешелүү түзүмгө берилет.
Эгерде камсыздандырылган адам каза болсо (же туруктуу жашоого башка өлкөгө кетсе) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органдары пенсиялык топтоолорду дайындоо жана төлөө боюнча кызматтарга камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө камтылган маалыматтарды берет.
Камсыздандырылган адамдардын жекече камсыздандыруу эсептеринде камтылган маалыматтар купуя маалымат категориясына кирет.
(КР 2004-жылдын 21-августундагы № 166, 2006-жылдын 24-февралындагы № 65, 2009-жылдын 15-июлундагы № 220, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2015-жылдын 4-августундагы № 216, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2020-жылдын 1-августундагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-статья. Социалдык жактан коргоо күбөлүгү
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана анын региондук органдары ар бир камсыздандырылган адамга социалдык жактан коргоо күбөлүгүн берет, ал идентификациялык жеке номерди, камсыздандырылган адамдын аты-жөнүн, күбөлүктү берген органдын аталышын камтыйт.
Ишке алгачкы жолу кирип жаткан адам көрсөтүлгөн күбөлүктү иштеген жеринен алат.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу акысын өз алдынча төлөгөн жаран социалдык жактан коргоо күбөлүгүн камсыздандыруу акыларын өз алдынча төлөөчү катары түздөн-түз катталган жери боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органынан алат.
Социалдык жактан коргоо күбөлүгү камсыздандырылган адамдын өзүнө же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө берилет жана кошумча барак же карточка түрүндө болот.
Камсыздандырылган адамдын ушул Мыйзамдын 6-статьясынын экинчи бөлүгүндөгү 2, 3, 4, 6-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтары өзгөргөн учурда, алар ушул Мыйзамдын 8-10-статьяларында аныкталган тартипте анын өздүк эсебинде чагылдырылат, мында Кыргыз Республикасынын социалдык фондунун региондук органы камсыздандырылган адамга социалдык жактан коргоонун жаңы (мурда берилгендин ордуна) күбөлүгүн берет.
Социалдык жактан коргоонун жаңы күбөлүгүн берүү ушул Мыйзамдын 71-статьясында, ошондой эле күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, идентификациялык жеке номерин өзгөртпөстөн жүргүзүлөт.
Камсыздандырылган адам социалдык жактан коргоо күбөлүгүн жоготкон учурда, кайрадан берилген арызынын негизинде көрсөтүлгөн күбөлүктүн дубликатын алууга укуктуу;
эмгек келишими боюнча иштеген камсыздандырылган адам күбөлүгүн жоготкон күндөн тартып, бир айдын ичинде жалдоочуга аны кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен кайрылууга милдеттүү, жалдоочу бул арызды камсыздандырылган адамдын өздүк эсебинин идентификациялык жеке номерин ырастаган документ менен кошо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тиешелүү региондук органына берүүгө тийиш;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу акыларын өз алдынча төлөгөн жаран социалдык жактан коргоо күбөлүгүн жоготкон күндөн тартып, бир айдын ичинде Социалдык фонддун өзү камсыздандыруу мүчөлүк акысын төлөөчү катары катталган жердеги аймактык органына кайрылууга милдеттүү;
эмгек келишими боюнча иштебеген жана ошол учурда милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун камсыздандыруу акыларын төлөөчү катарында катталбаган камсыздандырылган адам, социалдык жактан коргоо күбөлүгүн жоготкон күндөн тартып, бир айдын ичинде аны кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө арызы менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун өзү жашаган жердеги региондук органына кайрылууга милдеттүү;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органы социалдык жактан коргоо күбөлүгүн жоготкондугу жөнүндө камсыздандырылган адамдын арызы боюнча кайрылган күндөн тартып, бир айдын ичинде ага ачылган өздүк эсептин негизинде, ага көрсөтүлгөн күбөлүктүн дубликатын берет, мында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органы камсыздандырылган адамдан анын өздүк эсебинде камтылган маалыматтарды ырастаган кошумча маалыматты талап кылууга укуктуу;
Камсыздандырылган адамдын ага социалдык жактан коргоонун жаңы (жоголгондун ордуна) күбөлүгүн берүү жөнүндө арызынын таризи Социалдык фонддо каттоого берилген арыздыкындай болот. Арызда аны берүүнүн себеби көрсөтүлөт (социалдык жактан коргоо күбөлүгүн жоготуу).
(КР 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2015-жылдын 4-августундагы № 216, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2017-жылдын 28-июлундагы № 160, 2020-жылдын 1-августундагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
71-статья. Идентификациялык жеке номерди өзгөртүү
Ыйгарылган идентификациялык жеке номер төмөнкү учурларда өзгөртүлөт:
- жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларда туулган күнүн өзгөрткөндө;
- эки жана андан көп жарандын идентификациялык жеке номерлери бирдей болуп калганда;
- ыйгарылган идентификациялык жеке номеринде жынысы жана туулган күнү жөнүндө маалыматтар ката көрсөтүлгөндө.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун алкагында.
Ыйгарылган идентификациялык жеке номерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында каралган негиздер боюнча, ошондой эле идентификациялык жеке номерди ыйгарууда 2017-жылдын 1-июлуна чейин жол берилген техникалык каталыктарга байланыштуу өзгөчө тартипте жол берилет.
Идентификациялык жеке номерди ыйгаруунун жана өзгөртүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 160, 2020-жылдын 1-августундагы № 109, 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-статья. Камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды берүүнүн эрежелери
Камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга дайыма берилип турат.
Иш берүүчүлөр өздөрүндө иштеген, өздөрү алар үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун камсыздандыруу акыларын төлөгөн адамдар жөнүндө маалымат берет. Маалыматтар бул жалдоочулар камсыздандыруу акыларын төлөөчү катары катталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
Камсыздандыруу акыларын өз алдынча төлөгөн жарандар өзү жөнүндө маалыматты мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун камсыздандыруу акыларын төлөөчү катары өзү катталган жердеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өздөрү берет.
Эмгектик мамиледе турбаган жарандарга карата маалыматтар Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан белгиленген тартипте башкаруунун тиешелүү мамлекеттик органы тарабынан берилиши мүмкүн.
Ушул Мыйзамдын 6-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган маалыматтар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна документтер менен нускамалардын белгиленген тартипте бекитилген тариздерине ылайык берилет.
Көрсөтүлгөн маалыматтар кагазга жазылган, ошондой эле электрондук тариздеги документ түрүндө берилиши мүмкүн. Бул учурда берилген документтердин юридикалык күчү электрондук санариптик колтамга же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка системалар менен ырасталууга тийиш.
Жекече эсепке алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берилген маалыматтардын көчүрмөлөрү иш берүүчүлөрдө жана камсыздандыруу акыларын өз алдынча төлөгөн жарандарда сакталат. Көрсөтүлгөн көчүрмөлөрдү иш берүүчүлөр бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук документтерин сактоо үчүн белгиленген эрежелер боюнча сактоого тийиш.
(КР 2004-жылдын 21-августундагы № 166, 2009-жылдын 15-июлундагы № 220, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-статья. Камсыздандырылган адамдар жөнүндө иш берүүчү берүүчү маалыматтар
Иш берүүчү ушул Мыйзамдын 6-статьясынын экинчи бөлүгүнүн 1-13-пункттарында каралган, өзүндө иштеген камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төмөнкүдөй учурларда берет:
мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунда жекече эсепке алуу үчүн адамдарды алгачкы жолу каттаганда, анын ичинде буга чейин стажы жана социалдык жактан коргоо күбөлүгү болбогон жарандарды ишке кабыл алууда;
ушул Мыйзамдын 7-статьясынын алтынчы бөлүгүнө ылайык өзүндө иштеген камсыздандырылган адам социалдык жактан коргоо күбөлүгүн жоготкондо;
ушул Мыйзамдын 6-статьясынын экинчи бөлүгүнүн 2-8-пункттарында каралган маалыматтар өзгөргөн учурда.
Иш берүүчү ушул Мыйзамдын 6-статьясынын экинчи бөлүгүндөгү 1-13-пункттарында каралган маалыматтарды Социалдык фондго төмөнкүдөй тартипте берет:
жекече эсепке алуу үчүн адамдарды алгачкы жолу каттоодо иштеген ар бир адам жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген мөөнөттө берилет;
буга чейин эмгек стажы жана социалдык коргоо күбөлүгү болбогон жаран менен эмгек келишимин же жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимин түзүүдө, ошондой эле ушул Мыйзамдын 6-статьясынын экинчи бөлүгүнүн 1-9-пункттарында каралган аталган жалдоочуда иштеген адамдын өздүк камсыздандыруу эсебинде камтылган маалыматтар өзгөргөндө. Жалдоочу бул адамдар жөнүндө маалыматты ушул Мыйзамдын 11-статьясында аныкталган мөөнөттө берет. Ишке орношуп жаткан ар бир жаран жекече камсыздандыруу эсебинде эске алынган маалыматтары өзгөргөн ар бир камсыздандырылган адам сыяктуу эле өз кезегинде алар жөнүндө маалыматтарды ырастаган документтерди иш берүүчүгө берет жана нускамага ылайык социалдык жактан коргоого арыз бланкын толтурат жана арыз берүүнүн себептерин көрсөтөт;
ишкана жоюлган учурда жалдоочу жоюу фактысын ырастаган документтер менен катар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда катталган ар бир кызматкер жөнүндө иш менен камсыз кылуу жана эмгек акы жөнүндө билдирүү түрүндөгү маалыматты Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берет.
Ишке орношуп жаткан же жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим түзүп жаткан камсыздандырылган адам өз кезегинде иш берүүчүгө идентификациялык жеке номеринин болушун ырастаган документин берүүгө, ал эми анысы жок болсо, алгачкы жолу каттоо же жоголгондун ордуна жаңы күбөлүктү берүү үчүн социалдык жактан коргоого арыз берүүгө тийиш. Мында ишке кирип жаткан иш берүүчүгө каттоо үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды берет.
(КР 2004-жылдын 21-августундагы № 166, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2020-жылдын 1-августундагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-статья. Камсыздандыруу акыларын өз алдынча төлөгөн жаран бере турган маалыматтар
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу акыларын өз алдынча төлөгөн жаран Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органына бул Мыйзамдын 6-статьясынын экинчи бөлүгүнүн 1-9-пункттарында каралган маалыматтарды төмөнкүдөй учурларда берет:
милдетүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында жекече эсепке алуу үчүн алгачкы каттоо учурунда;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу акыларын төлөөчү катарында эсептен чыгаруу учурунда;
ушул Мыйзамдын 7-статьясынын алтынчы бөлүгүнө ылайык социалдык жактан коргоо күбөлүгүн жоготкондо;
ушул Мыйзамдын 6-статьясынын экинчи бөлүгүнүн 2-13-пункттарында каралган, анын идентификациялык жеке номеринин эсебинде камтылган маалыматтар өзгөргөндө.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу мүчөлүк акыларын өз алдынча төлөгөн жаран Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органына ушул Мыйзамдын 6-статьясынын экинчи бөлүгүнүн 1-9-пункттарында каралган маалыматтарды төмөнкүдөй тартипте берет:
милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында жекече эсепке алуу үчүн алгачкы каттоо учурунда арыз берилет жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органына бардык зарыл маалыматтар берилет;
бир айдын ичинде маалыматтарда өзгөрүүлөр келип чыккан учурда өзгөргөн маалыматты көрсөтүү менен жаңы арыз берилет, мында колдо болгон идентификациялык жеке номеринин болушун ырастаган документ көрсөтүлөт.
(КР 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2020-жылдын 1-августундагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
101-статья. Эмгектик мамилелерде турбаган жарандарды жекече эсепке алуу үчүн мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан берилүүчү маалыматтар
Эмгектик мамилелерде турбаган жарандарды жекече эсепке алуу үчүн маалыматтар берүү төмөнкүдөй учурларда тийиштүү мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат:
туулгандыгы тууралу күбөлүк алганда;
16 жашка толгон адамдар паспорт алганда;
калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызматында катталганда;
социалдык жөлөкпул дайындалганда;
16 жашка чейинки балдар жана эмгектик мамилелерде турбаган жарандар саламаттык сактоо уюмдарына кайрылганда.
Мамлекеттик башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жекече эсепке алынууга тийиш болгон адамдар тууралу ушул Мыйзамдын 6-статьясынын экинчи бөлүгүнүн 1-9, 11-13-пункттарында каралган маалыматтар ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык берет.
(КР 2004-жылдын 21-августундагы № 166 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Камсыздандыруу акылары жана эмгек стажы жөнүндө маалыматтарды берүү
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун камсыздандыруу мүчөлүк акыларын төлөөчүлөр өздөрү катталган жердеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бухгалтердик эсептин маалыматтарынын негизинде, төлөнүп жаткан камсыздандыруу акылары жөнүндө маалыматтарды, ал эми кадрларды эсепке алуу боюнча буйруктардын жана башка документтердин негизинде эмгек стажы жөнүндө маалыматтарды берет.
Иш берүүчү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна өзүндө иштеп жаткан камсыздандырылган ар бир адам жөнүндө белгиленген тариз боюнча иш менен камсыз кылуу жана эмгек акы жөнүндө билдирүү берет. Билдирүү отчеттук ай аяктагандан кийин жана (же) кызматкер бошотулган учурда берилет жана төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт.
1. Идентификациялык жеке номери;
2. камсыздандырылган адамдын аты-жөнү;
3) ишке кабыл алынган күнү (ошол иш берүүчү тарабынан отчеттук мезгилдин ичинде ишке кабыл алынган камсыздандырылган адам үчүн) же жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим түзүлгөн күн;
4) бошотулган күн (аталган жалдоочу тарабынан отчеттук мезгилдин ичинде иштен бошотулган камсыздандырылган адам үчүн) же жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим токтотулган күн;
5) ишинин мезгилдери (эмгек стажын эсептөө үчүн) жана ишинин түрү, анын ичинде 1-тизмеге киргизилген жана пенсияны дайындоодо жеңилдикке укук берүүчү иштин түрлөрү;
6) отчеттук мезгилдин ичинде бул адамга (орду толтурулбастан) төлөп берүүлөрдүн суммасы;
7) чегерилген камсыздандыруу акыларынын суммасы;
8) камсыздандыруу эсебинин шарттуу бөлүгүнө камсыздандыруу акыларынын төлөнгөн суммасы;
8-1) камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүнө камсыздандыруу акыларынын төлөнгөн суммасы;
9) пенсияны жана жөлөкпулду туура дайындоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтар.
Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган маалыматтар Социалдык фондго ар бир айдын 20сынан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан аныкталган форма боюнча берилет. Камсыздандырылган ар бир адам жөнүндө маалыматтардын көчүрмөсү иш берүүчү тарабынан аталган адамга ошол эле мөөнөттө берилет. Билдирүүнүн бир нускасы жалдоочуда сакталат.
Пенсияга чыгуу жөнүндө арыз берген, камсыздандырылган адамга ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган маалыматтар арыз берилген күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берилет.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун камсыздандыруу акыларын өз алдынча төлөгөн жаран төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
1) Идентификациялык жеке номери;
2) аты-жөнү;
3) мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун камсыздандыруу акылары эсептелген эмгек акынын суммасы;
3-1) ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн 8 жана 8-1-пункттарына ылайык акылардын суммасы;
4) Маалыматтар берилген мезгил;
5) Пенсияны туура дайындоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтар; билдирүүнүн талаптарына ылайык камсыздандыруунун түрү, иштин түрү жана башкалар.
Ушул статьянын бешинчи бөлүгүндө каралган маалыматтарды камсыздандыруу акыларын өз алдынча төлөгөн жаран Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жыл сайын берип турат.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу акыларын өз алдынча төлөгөн жаран пенсияга чыгуу жөнүндө арыз берген учурда, бул статьянын бешинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды арыз берилген күндөн тартып, 10 календарлык күндүн ичинде берет.
(КР 2004-жылдын 21-августундагы № 166, 2006-жылдын 24-февралындагы № 65, 2009-жылдын 15-июлундагы № 220, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2020-жылдын 1-августундагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
111-статья. Инвестициялык кирешелер жөнүндө маалыматтарды берүү
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен келишимдерге ылайык пенсиялык топтолуучу каражатты түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин субъекттери белгиленген формада инвестициялануучу пенсиялык активдерден инвестициялык кирешелерди эсептөө үчүн маалыматты Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна беришет.
(КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 220 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-статья. Пенсия дайындоо үчүн жалпы эмгек стажына кошулуучу башка коомдук-пайдалуу иш жөнүндө маалыматтарды берүү
Пенсия дайындоо үчүн жалпы эмгек стажына кошулуучу башка коомдук-пайдалуу ишти (окуу, аскер кызматы жана башка ага теңештирилген кызмат) жүргүзгөн, ошондой эле "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка мезгилдерди жалпы эмгек стажына кошууга укугу бар жарандар социалдык жактан коргоо күбөлүгүн алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына кайрыла, камсыздандыруу акыларын төлөй алат, бул мезгилдеги ишти өзүнүн жекече камсыздандыруу эсебине кошуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн өз кирешелерин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна декларациялай алат.
Көрсөтүлгөн иш (мезгилдер) сунуш кылынган документтердин негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жекече камсыздандыруу эсебине кошулат.
13-статья. Башка негиздер боюнча мамлекеттик пенсия дайындалган жарандардын маалымат бериши
Мамлекеттик пенсия башка негиздер боюнча дайындалган, мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун камсыздандыруу акыларын төлөө менен байланышкан эмгек ишин баштаган жарандар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна маалыматтарды ушул Мыйзамда белгиленген тартипте беришет.
III глава
Камсыздандырылган
адамдын, иш берүүчүнүн жана Кыргыз Республикасынын социалдык
фондунун
органдарынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
14-статья. Камсыздандырылган адамдын укуктары жана милдеттери
Камсыздандырылган адам төмөнкүлөргө укуктуу:
жашаган же иштеген жери боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынан өзүнүн жекече камсыздандыруу эсебинде камтылган маалыматтарды алууга;
Жекече эсепке алуу үчүн жалдоочу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берген өзү жөнүндө маалыматтардын көчүрмөсүн иш берүүчүдөн алууга;
өзүнүн жекече камсыздандыруу эсебинде камтылган маалыматтарга макул болбогон учурда көрсөтүлгөн маалыматтарды оңдоо жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына, болбосо сотко кайрылууга.
Камсыздандырылган адам төмөнкүлөргө милдеттүү:
ушул Мыйзамдын 8-10-статьяларына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасында жекече эсепке алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарында каттоодон өтүүгө;
социалдык жактан коргоо күбөлүгүн алууга, аны сактоого жана аны иш берүүчүнүн, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынын, Кыргыз Республикасынын калкты социалдык жактан коргоо органдарынын жана саламаттыкты сактоо органдарынын кызматкерлеринин талабы боюнча көрсөтүүгө;
жекече камсыздандыруу эсебинде камтылган маалыматтар өзгөргөн, ошондой эле социалдык жактан коргоо күбөлүгү жоголгон учурда ушул Мыйзамда белгиленген тартипте арыз менен кайрылууга;
ушул Мыйзамга ылайык өзүнүн жекече камсыздандыруу эсебине кошулууга тийиш болгон маалыматтарды ырастаган документтерди Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун талабы боюнча көрсөтүүгө.
(КР 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-статья. Иш берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
Иш берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
камсыздандырылган адамдарды ишке кабыл алууда социалдык жактан коргоо күбөлүгүн көрсөтүүнү жана бул Мыйзамдын 9-статьясында белгиленген маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тиешелүү органына жөнөтүү үчүн аларды берүүнү талап кылууга;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тиешелүү органы менен макулдашуу боюнча камсыздандырылган адамдар жөнүндө өзү берген маалыматтарды толуктоого жана тактоого.
Иш берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына камсыздандырылган адамдар жөнүндө ушул Мыйзамда аныкталган маалыматтарды берүүгө;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынан социалдык жактан коргоо күбөлүктөрүн алууга жана аларды өзүндө иштеген касыздандырылган адамдарга берүүгө;
жекече эсепке алуу жана аларды ошол камсыздандырылган адамдын жекече камсыздандыруу эсебине кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна көрсөтүлүүчү маалыматтардын көчүрмөсүн өзүндө иштеген ар бир камсыздандырылган адамга берүүгө;
камсыздандырылган адамга берилген социалдык жактан коргоо күбөлүгүнүн реквизиттери, өзүндө иштеген көрсөтүлгөн адамдын инсандыгын күбөлөндүргөн документтердин реквизиттерине төп келгендигин - келбей тургандыгын контролдоого.
16-статья. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынын укуктары жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдары иш берүүчүлөрдөн жана камсыздандырылган адамдардан бул Мыйзамда аныкталган маалыматтарды өз учурунда жана туура берүүнү талап кылууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
иш берүүчү жана камсыздандырылган адам берген мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маалыматтарын жекече камсыздандыруу эсептерине өз учурунда киргизүүнү, ошондой эле алардын ишенимдүү сакталышын камсыз кылууга;
камсыздандыруу акыларын төлөөчүлөр, ушул Мыйзамда аныкталган маалыматтарды, анын ичинде алардын эсептик маалыматтары боюнча маалыматтарды туура беришине контролдук кылууга;
жылына бир жолу камсыздандырылган адамдарга алардын жеке камсыздандыруу эсептеринде камтылган маалыматтарды акысыз жөнөтүп турууга;
камсыздандырылган адамдарга жана иш берүүчүлөргө алардын укуктарын жана милдеттерин, жекече эсепке алуу технологиясын түшүндүрүүгө, жекече эсепке алуу маселелери, Социалдык фонддун органдарында тариздерди толтуруу жана маалыматтарды берүү тартиби жана эрежелери боюнча консультация берүүгө;
камсыздандырылган адамдарды өз убагында каттоону камсыз кылуу;
камсыздандырылган адамдарга алардын арыздары боюнча пенсияларды эсептөө үчүн өздүк камсыздандыруу эсептеринде камтылган маалыматтарды берүү.
(КР 2004-жылдын 21-августундагы № 166, 2005-жылдын 13-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
17-статья. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынын жана кызмат адамдарынын, иш берүүчүлөрдүн жана камсыздандырылган адамдардын жоопкерчилиги
Ушул Мыйзамга ылайык камсыздандырылган адамдардын жекече камсыздандыруу эсептеринде камтылган маалыматтарды чогултууга, сактоого, берүүгө жана пайдаланууга катышкан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынын жетекчилери, кызмат адамдары маалыматтарды (жекече маалыматтарды) уруксатсыз алуудан коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн маалыматтарга жеткиликтүүлүктү мыйзамсыз түрдө чектегендиги же маалыматты коргоонун эреже-тартибин бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык, жазыктык, жарандык-укуктук жоопкерчилик тартат.
Ушул Мыйзамда каралган анык жана толук көлөмдөгү маалыматтарды берүүдөн качкан жалдоочулар жана камсыздандырылган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык, жазыктык, жарандык-укуктук жоопкерчилик тартат.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунда персондоштуруп (жеке) эсепке алууну жүзөгө ашыруу максатында зарыл болгон маалымдоолорду белгиленген мөөнөттөрдө бербегендиги, толук эмес жана (же) такталбаган маалыматтарды бергендиги үчүн жаза чарасы катары каржылык санкция колдонулат:
жумуш берүүчүлөргө - отчеттук жылда чегерилген жалпы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн 5 пайызы өлчөмүндө;
камсыздандыруу төлөмдөрүн өз алдынча төлөгөн жарандарга - отчеттук жылда чегерилген жалпы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн 25 пайызы өлчөмүндө.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунда персондоштуруп (жеке) эсепке алууну жүзөгө ашыруу максатында берилген маалымдоолордо тартип бузуулар аныкталганда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органдары төлөөчүлөргө аныкталган тартип бузууларды четтетүү жөнүндө билдирүү жиберет.
Төгүм төлөөчүлөр билдирүүдө көрсөтүлгөн талаптарды билдирүү алынган учурдан тартып 15 жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө четтетүүгө тийиш. Талаптар билдирүүдө белгиленген мөөнөттөрдө четтетилбеген учурда төлөөчүлөргө ушул статьяда каралган каржылык санкциялар колдонулат.
Белгиленген сумманы өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдары тарабынан талашсыз тартипте жүргүзүлөт.
(КР 2004-жылдын 21-августундагы № 166, 2007-жылдын 31-июлундагы № 124, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
18-статья. Жекече эсепке алуу маселелери боюнча талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
Жекече эсепке алуу маселелери боюнча талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.
(КР 2015-жылдын 3-августундагы № 212 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |