Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1998-жылдын 24-декабры № 155

Жарнама жөнүндө

 (КР 1999-жылдын 30-ноябрындагы № 134, 2002-жылдын 25-июлундагы № 130, 2006-жылдын 27-январындагы № 17, 2006-жылдын 6-февралындагы № 35, 2006-жылдын 31-июлундагы № 140, 2006-жылдын 8-августундагы № 159, 2008-жылдын 17-декабрындагы № 264, 2009-жылдын 29-январындагы № 34, 2009-жылдын 25-апрелиндеги № 130, 2009-жылдын 17-июлундагы № 228, 2009-жылдын 15-октябрындагы № 273, 2009-жылдын 18-декабрындагы № 310, 2012-жылдын 25-июлундагы № 123, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 62, 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2014-жылдын 17-майындагы № 69, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2015-жылдын 12-январындагы 1, 2015-жылдын 21-январындагы № 23, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74, 2015-жылдын 16-майындагы № 99, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2016-жылдын 29-декабрындагы № 227, 2017-жылдын 14-февралындагы № 25,
2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64, 2017-жылдын 28-июлундагы № 153, 2018-жылдын 26-мартындагы N 31, 2018-жылдын 4-августундагы N 85 ,
2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

I бөлүм
Жалпы жоболор

 

1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана колдонуу чөйрөсү

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр (мындан ары - товарлар) рынокторунда, ага кошо жеке жана юридикалык жактардын акча каражаттарын пайдаланууга байланышкан баалуу кагаздар рынокторунда, банктык, камсыздоочу жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн рынокторунда жарнама чыгаруу, жайгаштыруу жана таратуу процессинде келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.

Ак ниет атаандаштыктын принциптерин сактоонун негизинде товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рынокторун өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн ак ниет жана ишенимдүү жарнама алуу укугун ишке ашыруу, социалдык жана мамлекеттик жарнаманы чыгаруу жана жайылтуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушун алдын алуу, жарнаманын керектөөчүлөрүн адаштырууга же жеке же юридикалык жактардын ден соолугуна, мүлкүнө, курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүгө же болбосо көрсөтүлгөн адамдардын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик аброюна зыян келтирүүгө жөндөмдүү, ошондой эле коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулуктун жана моралдын принциптерине шек келтирген талаптагыдай эмес жарнамага бөгөт коюу ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.

2. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын жарнама жаатында Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жасаган иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын аймагында атаандаштыкты чектөөгө, жеке жана юридикалык жактарды адаштырууга, болбосо Кыргыз Республикасынын товарлар рынокторунда башка кесепеттерге алып келген учурларда да колдонулат.

3. Ушул Мыйзам чет өлкөлүк юридикалык жактарга, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - Кыргыз Республикасынын аймагында жарнама чыгаруучу жана таратуучу, белгиленген тартипте катталган жекече ишкерлерге таратылат.

4. Ушул Мыйзам саясий жарнамага таратылбайт.

5. Ушул Мыйзам ушул Мыйзамда каралган чектөөлөрдү кошпогондо жеке жактардын кулактандырууларына, анын ичинде массалык маалымат каражаттарындагы ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланышпаган кулактандырууларына таратылбайт.

 (КР 2014-жылдын 17-майындагы № 69, 2015-жылдын 21-январындагы № 23 , 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

2-берене. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамдын максаттарында төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

жарнама - адамдардын белгиленбеген чөйрөсү үчүн арналган, ошол жеке жана юридикалык жактарга, товарларга, идеяларга жана саамалыктарга карата кызыкчылыкты калыптандырууга же колдоого, ошондой эле товарларды, идеяларды жана саамалыктарды ишке ашырууга көмөк берүүгө чакырылган, жеке же юридикалык жактар, товарлар, идеялар жана саамалыктар жөнүндө ар кандай каражаттардын жардамы менен, кандай таризде болсун таратылуучу маалымат (жарнамалык маалымат).

Юридикалык жана жеке жактардын имараттарындагы көрнөктөр, иш тартиби жана керектөөчүлөрдү тейлөөнүн эрежелери жөнүндөгү маалыматтык көрнөктөр; юридикалык же жеке жактын турган жеринин, анын телефондорунун номерлеринин жана юридикалык же жеке жактар жөнүндөгү башка кабарлардын өзгөрүшү жөнүндөгү кулактандыруулар же маалымдоолор; ошол аймактагы иштин өзгөчөлүктөрү жөнүндө эскертүүчү тактачалар, товарларды, идеяларды жана саамалыктарды жарнамалоону камтыбаган бөлөк маалыматтык кабарлар жарнама болуп эсептелбейт;

талаптагыдай эмес жарнама - мазмунуна, таратылуучу убактысына, ордуна жана ыкмасына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын бузулушуна жол берилген жазгырмалуу, анык эмес, этикага жат, көз көрүнөө жалган жана башка жарнама;

каршы жарнама - талаптагыдай эмес жарнаманы, андан улам келип чыккан кесепеттерди жоюу максатында таратылган төгүндөө;

жарнама берүүчү - жарнаманы чыгаруу, жайгаштыруу, кийин таратуу үчүн жарнамалык маалыматтын булагы болуп саналган жеке жана юридикалык жактар;

жарнама чыгаруучу - жарнамалык маалыматты таратуу үчүн толук же жарым-жартылай даяр түргө келтирүүнү жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар;

жарнама таратуучу - мүлктү, анын ичинде радио берүүнүн, теле берүүнүн техникалык каражаттарын, ошондой эле байланыш каналдарын, обого чыгуу убактысын берүү жана (же) пайдалануу жолу менен же башка ыкмалар менен жарнамалык маалыматты жайгаштырууну жана (же) таратууну жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар;

жарнаманы керектөөчүлөр - жарнама маалымдалган же маалымдалышы мүмкүн болгон жеке жана юридикалык жактар, анын натыйжасында аларга жарнама тийиштүү таасир этет же таасир этиши мүмкүн;

жарнама акциялары - керектөөчүлөрдүн көңүлүн буруу максатында жарнамалоонун ар түрдүү тариздерин, каражаттарын жана ыкмаларын пайдалануу менен жарнамалана турган продукцияларды бекер таратып берүү же сатуу менен коштолгон акциялар;

түз жарнама - жеке адамга же юридикалык жакка, товарларга, товардык белгилерге, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө, идеяларга же демилгелерге кызыгууну жаратуу же колдоо жана аларды сатып өткөрүүгө өбөлгө түзүү максатында айрым товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана адамдарды ачык жарнамалоо;

Кыйыр (купуя) жарнама - жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн буруу жана/же коомдук пикир жаратуу же тийиштүү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө, идеяларга жана демилгелерге, сатып алуучулук жүрүм-турумга жана/же жапырт же жеке аң-сезимге кыйыр таасир этүүчү, бардык формаларда жана ар кандай каражаттар менен атайылап жасалуучу, түз жарнамадан башка бардык аракеттер, алар калыс жана объективдүү пикирди түзүү менен төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:

- спорттук, маданий жана музыкалык иш-чараларда демөөрчүлүк колдоо көрсөтүүнү;

- товарларды, тамеки тартууну, тамеки буюмдарын, алардын маркаларын жана өндүрүүчүлөрдү кеңири таанытуу үчүн белгилүү артисттерди тартуу менен көркөм тасмаларды жаратууну;

- жарнамалык жарыяларда айрым товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланышкан көрүнүктүү саясый жана коомдук ишмерлерди, адамдарды эске салууну;

- теле-оюн зооктордо жана тасмаларда кыйыр таасир этүүчү жарнама маалыматтарды жайгаштырууну;

- массалык-маданий иш-чараларды. ачык акцияларды жана конкурстарды уюштурууну;

- купондорду, талондорду басып чыгаруу аркылуу бааны арзандатууну колдонуу менен айрым товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана демилгелерди сатып өткөрүү деңгээлин стимулдаштырууну жана жогорулатууну;

- азык-түлүк жана тамеки буюмдар түрүндө азык-түлүк эмес товарларды жасоону жана сатууну;

- радио-, телеберүүлөрдө, макалаларда, кулактандырууларда жана жарнамалык маалыматтарда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштарын (аттарын), алардын логотиптерин, товардык белгилерин пайдаланууну же демонстрациялоону;

мамлекеттик жарнама - алардын кызыкчылыктарын жылдырууга, алардын милдеттерин, функцияларын, долбоорлорун, программаларын жана алар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды таанытууга жана башка максаттарга багытталган, жарандарды төмөнкүлөргө ниеттендирүүдөн көрүнгөн республикалык жана жергиликтүү мамлекеттик институттардын жарнамасы:

- мамлекет алдында милдеттенмелерди аткарууга;

- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоого;

- республикалык, жергиликтүү, ведомстволук бюджеттердин долбоорлорун коомдук талкуулоого;

- согуш шарттарында мамлекетти коргоого;

- өзгөчө кырдаалдар шарттарында мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардам көрсөтүүгө;

- коопсуздук маселелерине тиешелүү белгиленген ченемдерди жана эрежелерди сактоого;

- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка кызматташууга;

жарнама аянты - жарнаманы жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу жеке жана юридикалык жактардын мүлкү, ободогу убакыт, басма аянты жана башка каражаттар;

социалдык жарнама - коомдук кызыкчылыктарды алга жылдыруучу жана социалдык пайдалуу максаттарга жетишүүгө багытталган, төмөнкүлөрдө көрүнгөн жарнама:

- жүрүм-турум маданиятын калыптандырууда;

- калктын айрым социалдык жактан алсыз топторуна карата коомдо сабырдуу мамиле жасоону калыптандырууда;

- адамдын жана жарандын укуктарын сактоодо жана басмырлоонун жана зомбулуктун бардык формаларын түп тамырынан бери жоготууда;

- кылмыштуулуктун жана коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүдө;

- оорулардын алдын алууда жана дарылоодо;

- баңгиликтин таралышын алдын алууда;

- калкты жеке жана коомдук коопсуздуктун талаптарын сактоосуна ниеттендирүүдө;

- табигый, техногендик, биологиялык-социалдык, социалдык, чыр чатактуу мүнөздөгү коркунучтар жөнүндө жарандардын кабардар болуусун жогорулатууда;

- курчап турган чөйрөнү коргоодо;

- табигый, тарыхый, маданий, искусство жана илимий эстеликтерди сактоодо;

- өлкөдө маданий жана улуттук көп түрдүүлүктү сактоодо;

- энени жана баланы колдоодо, өлкөдө демографиялык кырдаалды жакшыртууда;

- меценаттык жана кайрымдуулук маданиятын өнүктүрүүдө жана колдоодо.

мониторинг - коомдук жерлерде, басылмаларда, радиодо жана телекөрсөтүүдө жайгаштырылуучу жарнама материалдарына байкоо жүргүзүү, аларды чогултуу, талдоо жана иштеп чыгуу тутуму. Мониторинг фото- жана көрмөбайкоо аркылуу жүргүзүлөт, текшерүү болуп саналбайт жана ушул Мыйзамдын талаптарын бузууларды табууга багытталган.

 (КР 1999-жылдын 30-ноябрындагы № 134, 2006-жылдын 8-августундагы № 159, 2009-жылдын 17-июлундагы № 228, 2009-жылдын 18-декабрындагы № 310, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 62, 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64, 2018-жылдын 26-мартындагы N 31 , 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

3-берене. Жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамынан жана башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

(КР 2016-жылдын 29-декабрындагы N 227, 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

4-берене. Жарнамага карата автордук укук жана эриш-аркак укуктар

Жарнама толук же жарым-жартылай автордук укуктун жана эриш-аркак укуктардын объектиси болушу мүмкүн. Автордук укуктар жана эриш-аркак укуктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоого алынууга тийиш.

(КР 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

II бөлүм
Жарнамага карата жалпы жана атайын талаптар

 

5-берене. Жарнамага карата жалпы талаптар

1. Жарнама тариздерине, таратуу каражаттарына жана ыкмаларына карабай, аны жарнама катары берүү учурунда түздөн-түз атайын билимсиз, даярдыксыз жана техникалык каражатсыз эле айкын билинип турууга тийиш.

2. Товарга же болбосо анын даярдоочусуна, аткаруучусуна, сатуучусуна болгон кызыгуусун калыптандыруу жана колдоо үчүн керектөөчүлөрдүн көңүлүн бурууга максаттуу багытталган, ошондой эле аталган адамдардын тышкы белгилерин (реквизиттерин) камтыган маалыматтык, автордук же редакциялык материал жарнама болуп эсептелет жана "жарнама" деген рубрика алдында жайгаштырылууга, же болбосо тиешелүү билдирүүлөрдү (атап айтканда, "жарнама иретинде" деген белгини) камтууга тийиш.

Тиешелүү билдирүү пайдаланыла турган жарнама аянтынын кеминде 5 пайызын ээлөөгө тийиш.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында жарнама мамлекеттик жана расмий тилдерде жана жарнама берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча Кыргыз Республикасында жашаган элдердин эне тилдеринде кошумча таратылат.

Жарнаманын жазуу жүзүндөгү жана оозеки тексттеринде адабий тилдин ченемдери (алфавит жана орфографиялык эрежелер) сакталууга тийиш.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарнама ушул басылма чыгарылган тилде, ошондой эле жарнама берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча кошумча башка тилдерде да жайылтылат.

Белгиленген тартипте катталган товардык белгилер (тейлөө белгилери), басмаканада терилген муундардын литерлери (логотиптери) түпнуска тилинде берилиши мүмкүн.

4. Эгерде жүзөгө ашырган иши лицензияны жана (же) уруксатты талап кылса, бирок андай уруксат жана (же) лицензия алынбаса жарнама берүүчүнүн өзү жөнүндө жарнамалоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынган товарларды жарнамалоого жол берилбейт.

Эгерде жарнама берүүчүлөрдүн иши лицензияланууга тийиш болсо, Кыргыз Республикасынын аймагында "иши лицензияланганын" билдирүү жетиштүү болгон радиодогу жарнаманы кошпогондо, жарнамада лицензиянын номери, ошондой эле лицензияны берген органдын аталышы көрсөтүлүшү керек.

5. Милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болгон товарларды жарнамалоо "товар сертификатташтырылды" деген белги менен коштолууга тийиш.

6. Жарнамада бирден бир укуктардын (интеллектуалдык менчиктин) объекттерин пайдаланууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жол берилет.

7. Жарнама жарандарды зомбулукка, агрессияга түртүүгө жана алардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч түзүүгө түрткү берүүчү, ошондой эле тартипсиздикке жана дүрбөлөң салууга чакыруучу коркунучтуу аракеттерге шыкак берүүгө тийиш эмес.

8. Жарнама Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуучу аракеттерге түрткү берүүгө тийиш эмес.

9. Интернет, шайма-шай телефондору жана факстар менен жарнамаларды (спамдарды) санкция албастан жөнөтүүгө тыюу салынат.

10. Аза күтүү күндөрүндө жарнамага тыюу салынат.

11. Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жана жарнамалоонун башка объекттерин жарнамалоодо нарктык көрсөткүчтөр улуттук валютада көрсөтүлүүсү тийиш.

 (КР 2002-жылдын 25-июлундагы № 130, 2006-жылдын 8-августундагы № 159, 2015-жылдын 16-майындагы № 99, 2016-жылдын 29-декабрындагы № 227, 2017-жылдын 14-февралындагы № 25, 2018-жылдын 26-мартындагы N 31, 2018-жылдын 4-августундагы N 85 , 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

6-берене. Жазгырмалуу жарнама

Эгерде жарнама:

жарнамаланган товарларды пайдаланбаган жеке жана (же) юридикалык жактарды жаманаттыга калтырса;

жарнамаланган товарды башка жеке жана юридикалык жактардын товары (товарлары) менен жөнсүз салыштырууларды камтыса, ошондой эле чарба жүргүзүүчү башка субъекттин ишкердик аброюна доо келтире турган жалган, так эмес маалыматты же жалган түрүндө берилген так маалыматты, сөздөрдү, образдарды камтыса;

башка товарларды жарнамалоодо пайдаланылуучу жалпы долбоорду, жарнамалык формулаларды, сүрөттөрдү, музыкалык же үндүү таасирлерди окшоштуруу (көчүрмөлөө же тууроо) аркасында, болбосо жеке жактардын ишеничин же алардын тажрыйбасынын жетишсиздигин кыянат пайдалануунун аркасында, жарнамалалган товарга карата керектөөчүлөрдү адаштырууга алып келсе же алып келиши мүмкүн болсо, ошондой эле жарнамада олуттуу маалымат жок болсо;

атаандаштык жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ак ниет эмес атаандаштык белгилерин камтыса ак ниет эмес деп эсептелет.

Жазгырмалуу жарнамага жол берилбейт.

 (КР 2006-жылдын 8-августундагы № 159, 2015-жылдын 21-январындагы № 23 , 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

7-берене. Анык эмес жарнама

Төмөндөгүлөр:

товардын мүнөздөмөсү - анын табияты, курамы, даярдоо ыкмасы жана датасы, арналышы, керектөө касиеттери, колдонуу шарттары, ылайыктуулук сертификатынын же ылайыктуулук жөнүндө декларациянын болушу, тамак-аш продукциясын техникалык регламенттин талаптарына ылайыктуулугун маркалоо жөнүндө, ошондой эле саны жана чыгарылган жери жөнүндө;

рынокто товардын болушу, аны белгилүү бир көлөмдө, мезгилде, убакытта жана жерде сатып алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө;

жарнама таратылган учурдагы товардын наркы (баасы) жөнүндө;

төлөөнүн кошумча шарттары жөнүндө;

товарды жеткирүү, алмашуу, кайтаруу, оңдоо жана тейлөө жөнүндө;

кепилдик милдеттер, иштөө, жарактуулук мөөнөттөрү жөнүндө;

юридикалык жактын интеллектуалдык иштин продукциясына жана ага теңдештирилген жекелештирүү каражаттарына карата бирден бир укуктары, продукцияны, аткарылган ишти же кызмат көрсөтүүлөрдү жекелештирүү жөнүндө;

мамлекеттик символдорду (желекти, гербди, гимнди), ошондой эле эл аралык уюмдардын символдорун пайдаланууга карата укуктар жөнүндө;

расмий таануу, медалдар, байгелер, дипломдор жана башка сыйлыктарды алуу жөнүндө;

эгерде товар сериялардын бөлүгү болсо, товардын толук сериясын сатып алуу ыкмалары тууралу маалымат берүү жөнүндө;

изилдөөлөрдүн жана сыноолордун натыйжалары, илимий терминдер, техникалык, илимий жана башка басылмалардан цитаталар жөнүндө;

алардын негизделишин апырткан түрдө берүүгө тийиш болбогон статистикалык маалыматтар жөнүндө;

кайсы бир сунушка болбосо жеке жана юридикалык жактардын жактыруусуна, анын ичинде эскиргендерге шилтемелер жасоо жөнүндө;

эгерде документ түрүндө ырастоого мүмкүнчүлүк болбосо, эң чоң даражадагы терминдерди пайдалануу, анын ичинде "эң", "гана", "мыкты", "абсолюттук", "бирден бир" деген сөздөрдү жана башка ошол сыяктуу сөздөрдү пайдалануу жөнүндө;

башка товар (товарлар) менен, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактардын укуктары жана абалы менен салыштыруулар жөнүндө;

керектөөчүгө жарнамаланган товарлардын кайсы-бир кепилдиктери жөнүндө шилтеме берүү жөнүндө;

товарга болгон суроо-талаптын факт жүзүндөгү чен-өлчөмү жөнүндө;

жарнама берүүчүнүн өзү жөнүндө чындыкка туура келбеген маалыматтарды камтыган жарнама анык эмес жарнама болуп саналат.

Анык эмес жарнамага жол берилбейт.

 (КР 2016-жылдын 29-декабрындагы № 227 , 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

8-берене. Этикага жат жарнама

1. Жарандардын расасына, улутуна, кесибине, социалдык категориясына, жаш курагына, жынысына, тилине, диний, философиялык, саясий жана башка ынанымдарына карата мазактоочу сөздөрдү, салыштырууларды, образдарды колдонуу жолу менен нравалуулуктун, гумандуулуктун, этиканын жана адеп-ахлактуулуктун жалпы кабылданган ченемдерин бузуучу тексттик, көрсөтмө, үндүү маалыматты камтыган, ошондой эле:

- улуттук же дүйнөлүк маданий кенчти түзгөн искусство объекттерин;

- Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттин мамлекеттик символдорун (желегин, гербин, гимнин),улуттук валютасын;

- кайсы бир жеке же юридикалык жакты, кайсы-бир ишти, кесипти, товарды жамандаган жарнама этикага жат жарнама болуп саналат.

Этикага жат жарнамага жол берилбейт.

2. Өзүнүн ар-намысын, кадыр-баркын же ишкердик аброюн жаманаттылоочу кабарларды камтыган жарнаманын чыгарылышы же таратылышы жөнүндө кабардар болгон жеке же юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте сотко кайрылууга, ошондой эле жарнама берүүчүдөн мындай жарнаманы, ал кандай таратылса, ошондой ыкма менен төгүндөөнү талап кылууга укуктуу.

 (КР 2006-жылдын 8-августундагы № 159, 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 , 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-берене. Көз көрүнөө жалган жарнама

Жарнама берүүчү (жарнама чыгаруучу, жарнама таратуучу) жарнама керектөөчүнү атайын адаштыруу үчүн пайдаланган жарнама көз көрүнөө жалган жарнама болуп саналат.

Көз көрүнөө жалган жарнамага жол берилбейт.

(КР 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-берене. Тымызын жарнама

Массалык маалымат каражаттарында тымызын жарнаманын башка ыкмаларын пайдаланууга жана таратууга, анын ичинде керектөөчүгө аңдоосуз таасир берүүчү, атайын көрсөтмө кыстырмаларды (кош жазылмаларды) пайдаланууга жол берилбейт.

(КР 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-берене. Радио жана телепрограммалардагы жарнаманын өзгөчөлүктөрү

1. Радио жана телепрограммаларда жарнама менен:

балдар үчүн жана диний берүүлөрдү;

билим берүүчү берүүлөрдү 15 мүнөттүн ичинде 45 секунддан ашык убакытка бир жолудан ашык;

радио коюуларын жана көркөм фильмдерди укук ээлеринин макулдугусуз;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тизмеси белгиленген, түз тартылып берилүүчү берүүлөрдү;

тартылып берилүүчү узактыгы 15 мүнөттөн азды түзгөн берүүлөрдү;

тартылып берилүүчү узактыгы 15тен 60 мүнөткө чейинки убакытты түзгөн берүүлөрдү эки жолудан ашык үзүп-жарууга жол берилбейт.

Жарнаманы угузган учурда жарнаманын үнү берилип жаткан программанын үнүнөн бийик болбоого тийиш.

2. Жарнаманы үстүнө түшүрүү, анын ичинде "жылуучу саптар" ыкмасы түрүндө пайдаланууда анын өлчөмү кадрдын аянтынын жети пайызынан ашпоого тийиш.

3. Бир эле товардын жарнамасын таратуу, ага тете жарнама берүүчүнүн өзү жөнүндө жарнама таратуу берүүнүн бир жыштыгындагы радио жана телепрограмманын обо убакытынын бир саатынын ичинде жалпы узактыгы эки мүнөттөн ашпаган эки жолудан ашык жүзөгө ашырылууга тийиш эмес.

4. Жарнамалык мүнөздөгү кабарларды жана материалдарды берүүгө адистешкен катары катталбаган радио жана телепрограммаларда жарнама сутка бою берүүнүн көлөмүнүн 25 пайызынан ашпоого тийиш.

5. Теле-радиоберүүлөрдөгү жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарнамалар мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.

(КР 2006-жылдын 8-августундагы N 159, 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

12-берене. Мезгилдүү басылмалардагы жарнаманын өзгөчөлүктөрү

Жарнамалык мүнөздөгү кабарларды жана материалдарды берүүгө адистешпеген мезгилдүү басылмаларда жарнама мезгилдүү басылманын бир номеринин көлөмүнүн 20 пайызынан ашпоого тийиш.

(КР 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-берене. Кино жана көрсөтмө тейлөөдөгү, маалыматтык тейлөөдөгү жарнаманын өзгөчөлүктөрү

1. Кино жана көрсөтмө тейлөөдө сериялар (бөлүктөр) ортосундагы танапистерден тышкарыда фильмди көрсөтүүнү жарнама менен үзүп-жарууга жол берилбейт.

2. Маалыматтык телефондук тейлөөдө жарнама абонент сураган маалыматты кабарлоодон кийин гана берилиши мүмкүн.

3. Акы төлөнүүчү маалыматтык телефондук, компьютердик жана башка тейлөөдө жарнама абоненттин макулдугу менен гана берилиши мүмкүн. Мындай жарнаманын наркы абонент сураган маалыматтардын наркына киргизилүүгө тийиш эмес.

(КР 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-берене. Сырткы жарнаманын өзгөчөлүктөрү

1. Шаарларда, айылдык аймактарда жана башка аймактарда жарнаманы жайгаштыруу, ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган тартипте туруктуу аймактык жайгаштырылуучу плакаттар, такта, жарык табло жана башка техникалык каражаттар - сырткы жарнама түрүндө жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Сырткы жарнама жол белгилерине жана көрсөткүчтөрүнө окшош болууга, аларды көрүүнү начарлатууга, ошондой эле кыймылдын коопсуздугун төмөндөтүүгө тийиш эмес.

2. Шаарларда, айылдык аймактарда жана башка аймактарда сырткы жарнаманы жайгаштырууга, өз алдынча башкаруу органынын:

автомобиль жолдоруна бөлүнгөн тилкеде жана жол боюндагы зонада - автомобиль жолдору башкармасынын тийиштүү органы, ошондой эле мамлекеттик автомобиль инспекциясынын аймактык бөлүгү менен;

темир жолдорго бөлүнгөн тилкеде-темир жол башкармасынын тийиштүү органы менен макулдашылган уруксаты болгондо жол берилет.

Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган талаптарды эске алуу менен сырткы жарнаманы жайгаштырууга уруксат берүү үчүн, ушул бөлүгүндө көргөзүлгөн тийиштүү органдар менен макулдаштык боюнча өз алдынча башкаруунун тийиштүү органы белгилеген тартипте жана өлчөмдөрдө акы алынат. Мында акы өлчөмү сырткы жарнаманы жайгаштырууга уруксат берүү, ал жайгаштырылуучу жерлерди аныктоо жана сырткы жарнаманын жана техникалык каражаттардын абалына көзөмөлдөө боюнча иштерди жүргүзүүгө кеткен чыгымдардын көлөмүнөн ашпоого тийиш.

3. Маданий эстеликтердин, ырым-жырым өткөрүүчү объекттердин, жаратылыш комплекстеринин, окуу жайларынын, мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин, дарылоочу мекемелердин аймагында орнотуу жолу менен сырткы жарнаманы жайгаштырууга тыюу салынат.

4. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, имараттардын, курулуш-жайлардын жана башка объекттердин аймагында жарнаманы жайгаштыруу, ошондой эле көрсөтүлгөн жарнама үчүн акы өлчөмүн жана төлөө тартибин аныктоо менчик ээси менен болбосо, мүлккө карата буюмдук укуктарга ээ болгон адам менен келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.

 (КР 2009-жылдын 15-октябрындагы № 273, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2018-жылдын 26-мартындагы N 31 , 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

15-берене. Транспорт каражаттарындагы жана коомдук транспорттун аялдамаларындагы жарнаманын өзгөчөлүктөрү

1. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, жарнаманы транспорт каражаттарында таратуу транспорт каражаттарынын менчик ээси менен же транспорт каражаттарына мүлктүк укуктарга ээ болгон адамдар менен келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.

Кыймыл коопсуздугун камсыздоо максатында жарнаманы транспорт каражаттарында таратууга чек салуу жана тыюу салуу учурлары, ага ыйгарым укук берилген, компетенциясына кыймыл коопсуздугуна контролдук кылуу кирген органдар тарабынан аныкталат.

2. Жарнаманы коомдук транспорттун аялдамаларында таратуу коомдук транспорттун аялдамалары аймагында турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уруксаты менен гана жүзөгө ашырылат. Коомдук транспорттун аялдамасына жайгаштырылган жарнама аялдаманын аталышын жаап калбоого тийиш.

(КР 2016-жылдын 29-декабрындагы N 227, 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

16-берене. Товарлардын айрым түрлөрүнүн жарнамасынын өзгөчөлүктөрү

1. Алкоголдук продукциянын кандай гана ыкмаларда болбосун таратылуучу жарнамасы төмөнкүдөй болууга тийиш эмес:

- тышкы жарнамада таратылууга;

- кино- жана көрмөтейлөөдө, эгерде мындай тейлөөнүн аудиториясы жашы жеткен адамдар менен чектелбесе, фильмдерди көрсөткөнгө чейин көрсөтүлүп жатканда же андан кийин таратылууга;

- алкоголдук продукцияны ичүү процессин көрсөтүүнү камтууга жана алкоголдук продукцияны ичүү коомдук, спорттук же жекече ийгиликке жетүү үчүн, же болбосо дене бойду же психикалык абалды жакшыртуу үчүн маанилүү деген таасир түзүүгө;

- алкоголдук продукцияны ичпөөнү жаманатты кылууга, алкоголдук продукциянын терапиялык оң касиеттери тууралуу маалыматты камтууга жана алардын продуктуда көп экенин жакшы сапат катары көрсөтүүгө;

- жашы жетпегендерге түздөн-түз кайрылууга, 35 жашка чейинки курактагы адамдардын образын, ошондой эле 21 жашка чейинки курактагыларга кеңири белгилүү адамдардын айткан сөздөрүн жана катышуусун пайдаланууга;

- жашы жетпегендер үчүн радио- жана телеберүүлөрдө, кино- жана көрмөтейлөөдө, мезгилдүү басылмаларда таратылууга;

- газеталардын биринчи жана акыркы беттеринде, ошондой эле журналдардын биринчи жана акыркы беттеринде жана мукабаларында таратылууга;

- коомдук транспортто, мамлекеттик, балдар, окуу, медициналык, спорттук, маданий уюмдарда, шаарлардагы гүлзарларда жана аянттарда, ошондой эле аларга 200 метрден кем эмес аралыкта жайгашкан объекттерде таратылууга;

- курамы жана даярдоо ыкмасы, даамы жөнүндө маалыматтар камтылган жарнамалануучу товардын мүнөздөмөсү тууралуу маалыматты келтирүүгө жана мында жарнамалануучу товардын зыянынын аздыгы (зыяны жоктугу) деген белгилерди пайдалануу жолу менен маалымдоого;

- адамдарды, жаныбарларды, алардын ар кандай, анын ичинде куурчак, мультипликациялык, компьютердик сүрөттөмөлөрүн пайдаланууга;

- сырт тарабына алкоголдук продукциянын жана (же) тамеки заттарынын аталыштары түшүрүлгөн калкаламаларды, чатырларды, чатырчаларды (анын ичинде сезондук) пайдаланууга;

- медицина жаатында колдонулуучу терминдерди пайдаланууга;

- алкоголдук продукциянын мурдатан белгилүү товардык белгилерин, соодалык маркаларын, "бренддерин", чатырчалык "бренддерин" пайдаланууга.

Төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- коомдук жайларда, анын ичинде жашы жетпегендердин арасында, ошондой эле жашы жетпегендердин кирүүсүнө тыюу салынбаган жерлерде жарнама максатында алкоголдук продукциянын үлгүлөрүн акысыз таратууга жана (же) символикалык баада сатууга;

- эгерде мында алкоголдук продукциянын аталышы, сүрөтү же товардык белгиси пайдаланылса, артыкчылыктуу жашы жетпегендер үчүн арналган иш-чараларга демөөрчүлүк кылууга;

- алкоголдук продукцияны керектөө процессине тиешеси жок, сырт тарабына алкоголдук продукциянын аталышы же сүрөтү түшүрүлгөн товарларды (футболкалар, баш кийимдер, кол чатырлар, сумкалар) таратууга, анын ичинде адамдардын кеңири чөйрөсүнө сатууга. Буларга барлардагы, ресторандардагы, кафелердеги, мейманканалардагы жана ушул сыяктуу жайлардагы сырт тарабына алкоголдук продукциянын аталыштары же сүрөттөрү жана/же товардык белгилери жана логотиптери түшүрүлгөн күл түшүргүчтөр, оттуктар, ширеңке кутучалары, подностор, алкоголдук продукцияга арналган идиштер, ошондой эле алкоголдук продукцияны таратуу жана аларды чекене соодалоо үчүн пайдаланылган транспорт каражаттары кирбейт. Мындай буюмдарда алкоголдук продукцияны ичүүнүн зыяндуулугу жөнүндө эскертүү талап кылынбайт;

Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармакта алкоголдук продукциянын жарнамасына.

Радиодо жана телекөрсөтүүлөрдө саат 7-00дөн 24-00гө чейин алкоголдук продукцияны жарнамалоого тыюу салынат.

2. Алкоголдук продукциянын жарнамасын таратуу төмөнкүлөр жөнүндө эскерткен тексттер менен коштолууга тийиш:

- алкоголдук продукцияны ичүүнүн зыяндуулугу жөнүндө;

- жашы жете электерге алкоголдук продукцияны сатууга тыюу салынганы жөнүндө, мында эки текст тең бирдей өлчөмдөгү тамга (тамгалар) менен жазылууга жана жыйындысында жарнама аянтынын кеминде 10 пайызын ээлөөгө тийиш. Эскертүү текстинин түсү эскертүүнүн фонунун түсүнө салыштырганда айырмаланып турууга тийиш.

3. Чыгарууга жана (же) сатууга уруксаты жок болгондо дары-дармектердин, медициналык арналыштагы буюмдардын, медициналык техниканын жарнамасына, ошондой эле мындай кызмат көрсөтүүлөргө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилүүчү уруксаты жок болгондо дарылоо, алдын алуу, диагноз коюу, реабилитациялоо методдорунун жарнамасына, ал тургай ойлоп табууга патент алынган учурларда да жол берилбейт.

Врачтын рецепти боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттарынын жарнамасына, ошондой эле пайдалануу үчүн атайын даярдыкты талап кылган медициналык арналыштагы буюмдардын жана медициналык техниканын жарнамасына ушул бөлүктүн биринчи абзацында каралган талаптарды эске алуу менен, медициналык жана фармацевттик кызматкерлер үчүн арналган басылмаларда гана жол берилет.

4. Кыргыз Республикасында экспорттоо жана импорттоо лицензиялар боюнча жүзөгө ашырылуучу аскердик багыттагы продукциянын тизмегине киргизилген күжүрмөн жана кызматтык куралдын, курал-жарактардын жана аскердик техниканын, ошондой эле уруксат берилген жарандык куралдын, анын ичинде аңчылык жана спорт куралдарынын жарнамасын кошпогондо, бардык түрдөгү куралдын, курал-жарактардын жана аскердик техниканын жарнамасына жол берилбейт.

Эгерде көрсөтүлгөн жарнама түздөн-түз же кыйыр түрдө куралды, курап-жарактарды жана аскердик техниканы чыгаруунун технологиясын, күжүрмөн жана атайын колдонуу ыкмаларын ачып берсе, Кыргыз Республикасында экспорттоо жана импорттоо лицензия боюнча жүзөгө ашырылуучу аскердик багыттагы продукциянын тизмегине киргизилген уруксат берилген жарандык куралдын, курал-жарактардын жана аскердик техниканын жарнамасына жол берилбейт.

Уруксат берилген жарандык куралдын, анын ичинде аңчылык жана спорттук куралдын жарнамасын аны таратууга адистешкен мезгилдүү басылмаларда, ошондой эле уруксат берилген жарандык куралды колдонуучуларга арналган башка мезгилдүү басылмаларда жана аңчылык, спорттук курал колдонулган жерлерде гана таратууга жол берилет.

Уруксат берилген жарандык куралдын жарнамасын электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга жол берилбейт.

Күжүрмөн жана кызматтык куралдын, ошондой эле Кыргыз Республикасында экспорттоо жана импорттоо лицензия боюнча жүзөгө ашырылуучу аскердик продукциянын тизмегине киргизилген курал-жарактардын жана аскердик техниканын жарнамасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген гана тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте өткөрүлүүчү адистештирилген көргөзмөлөрдө же ярмарка-сатыктарда жол берилет.

5. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды колдонууну идеалдаштыруу боюнча ар кандай маалыматтык жана билим берүү материалдарын белекке берүүгө жана таратууга;

- эгерде мында балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды жасап чыгаруучулардын аталышы, сүрөтү же товардык белгилер колдонулса, кош бойлуу жана эмчектеги балдары бар аялдар, саламаттык сактоо кызматкерлери жана башка балдардын, айрыкча ымыркайлардын жана кенже курактагы балдардын тамак-аш азыктарына тиешеси бар адамдар үчүн арналган иш-чараларга демөөрчүлүк кылууга;

- балдарды тамактандыруу процессине тиешеси болбогон, сырт тарабына балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктардын жана каражаттардын аталыштары же сүрөттөрү түшүрүлгөн товарларды (футболкалар, баш кийимдер, оюнчуктар, кол чатырлар, сумкалар жана д.у.с.) адамдардын кеңири чөйрөсүнө таратууга, анын ичинде сатууга;

- балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды сатып алууга же пайдаланууга дем берүүгө түздөн-түз же кыйыр багытталган башка иштин түрлөрүнө;

- оюн-зоок тобокелчилигине жана алардын уюштуруучуларынын, катышуучуларынын жана ортомчуларынын, анын ичинде букмекердик конторалар жана тотализаторлор сыяктуу оюн-зоок жайларынын өз ара мелдешине негизделген жарнаманы (оюн-зоок бизнесинин жарнамасын) таратууга.

6. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тамекинин жана тамеки заттарынын ар кандай (түздөн-түз жана кыйыр) жарнамасына тыюу салынат.

Тамеки продукциясынын жарнамасына тамеки буюмдары сатылуучу жерлерде гана уруксат берилет. Жарнама материалы 2000 кв.см ашпаган өлчөмдө болуусу керек. Дүкөндүн ичиндеги ар бир жарнама материалы бардык учурларда медициналык эскертүү менен коштолууга жана ал жарнама аянтынын 40 пайыздан кем эмесин ээлөөгө тийиш.

7. Төмөнкүлөрдүн жарнамасына жол берилбейт:

- эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын прекурсорлорунун;

- адам органдарын жана (же) ткандарын сунуштоолордун;

- порнографиялык материалдардын, басма сөз басылмалардын, сүрөттөлүштөрдүн же порнографиялык мүнөздөгү башка буюмдардын;

- мүмкүн болуучу курмандыктарды адам сатууга, сексуалдык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүүгө тартууга багытталган иштердин, анын ичинде психологиялык жардам, ымала түзүү, релаксация, укалоо түрү катары, мыйзамдуу иштин түрү катары жагымдуу убакыт өткөрүү, андан ары сексуалдык мамилеге кирүү максатында таанышууну; коомго каршы жүрүм-турумду.

(КР 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-1-берене. Сатылып жаткан товарлардын (сатык) баасын төмөндөтүү жөнүндө жарнама

Сатылып жаткан товарлардын (сатык) баасынын төмөндөшү жөнүндө жарнама сатылуучу жер жөнүндөгү маалыматты, сатуунун башталышынын жана аякташынын даталарын, ошондой эле товарларды сатуунун мурдагы баасынан канчалык өлчөмдө азайышынын пайыздык катнашы тууралу маалыматты камтышы керек.

(КР 2006-жылдын 31-июлундагы N 140, 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

17-берене. Каржылык, камсыздоочулук, инвестициялык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана баалуу кагаздардын жарнамасы

1. Каржылык (анын ичинде банктык), камсыздоочулук, инвестициялык жана юридикалык жана жеке жактардын акча каражаттарын пайдаланууга байланышкан башка кызмат көрсөтүүлөрдүн, ошондой эле баалуу кагаздардын жарнамасын чыгарууда, жайгаштырууда жана таратууда:

жарнамада жарнамаланган кызмат көрсөтүүлөргө же баалуу кагаздарга тикелей тиешеси болбогон сандык маалыматты келтирүүгө;

жөнөкөй энчилүү акциялар боюнча дивиденддердин өлчөмдөрүнө кепилдик берүүгө;

эмиссияларынын проспекттери катталганга чейин баалуу кагаздарды жарнамалоого;

ар кандай түрдөгү кепилдиктерди, убадаларды берүүгө же иштин келечектеги натыйжалуулугу (кирешелүүлүгү) тууралу божомолдор келтирүүгө, анын ичинде баалуу кагаздардын курстук наркынын өсүшүн жарыялоо жолу менен келтирүүгө;

эгерде жарнамада келишимдин шарттары тууралу кабарланса, келишимдин шарттарынын бири эле жөнүндө айтпай коюуга жол берилбейт.

2. Финансы, банк, камсыздандыруу, инвестиция жана башкалар боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле баалуу кагаздарды жарнамалоонун башка өзгөчөлүктөрү ушул Мыйзамга каршы келбеген Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207, 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

18-берене. Социалдык жарнак

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 62 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

19-берене. Сүрөөнчүлүк

Сүрөөнчүлүк катары жеке же юридикалык жак (сүрөөнчү) тарабынан, башка жеке же юридикалык жактын (сүрөөнгө алынуучунун) ишине сүрөөнгө алынуучу сүрөөнчү, анын товарлары жөнүндө жарнама таратуу шарттарында салым кошууну (мүлктү, интеллектуалдык иштин натыйжаларын берүү, кызмат көрсөтүү, иш жүргүзүү түрүндө) жүзөгө ашыруусу түшүнүлөт.

Сүрөөнчүлүк салым жарнама үчүн акы катары, ал эми сүрөөнчү жана сүрөөнгө алынуучу-тийиштүү түрдө жарнама берүүчү жана жарнама таратуучу катары таанылат.

Сүрөөнчү сүрөөнгө алынуучунун ишине кийлигишүүгө укуксуз.

(КР 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-берене. Жарнаманы чыгарууда, жайгаштырууда жана таратууда жашы жетпегендерди коргоо

1. Жашы жетпегендерди алардын ишенчээктигинен жана тажрыйбасыздыгынан кыянат пайдалануулардан коргоо максатында жарнаманы чыгарууда, жайгаштырууда жана таратууда:

ата-энелердин жана тарбиячылардын кадыр-баркын кетирүүгө, жашы жетпегендердин аларга ишенимин жоготууга;

ата-энелерин же башка адамдарды жарнамаланган товарды сатып алууга көндүрүүсү үчүн жашы жетпегендерди түздөн-түз ынандырууга;

жашы жетпегендердин көңүлүн, тигил же бул товарларга ээ болуу башка жашы жетпегендерге караганда кандайдыр бир артыкчылык берет, ошондой эле мындай товарлардын жоктугу тескерисинче натыйжа берет дегенге бөлүүгө;

жарнамада жашы жетпегендерди коркунучтуу жерлерде жана кырдаалдарда көрсөтүүчү тексттик, көрсөтмө же үндүү маалыматты жайгаштырууга;

жашы жетпегендерде товарды пайдаланууга көндүмдүктөрдүн зарыл болгон деңгээлин төмөндөтүүгө жол берилбейт. Товарларды пайдалануунун натыйжалары көрсөтүлгөн же баяндалган учурда, жарнама белгилүү бир жаш курактык топтогулар үчүн товарлардын реалдуулугу жана жеткиликтүү экендиги жөнүндө маалымат берүүгө тийиш;

жашы жетпегендерде жашы жетпегендер үчүн товардын наркы (баасы) жөнүндө чындыктуу эмес (бурмаланган) түшүнүк түзүүгө, атап айтканда "гана", "болгону" жана башка ошол сыяктуу сөздөрдү колдонуу жолу менен, ошондой эле жарнамаланган товар үй-бүлөлүк бюджеттин кандайына болсун жеткиликтүү экендигин түздөн-түз же кыйыр түрдө көрсөтүү жолу менен түзүүгө жол берилбейт.

2. Жашы жетпегендер үчүн товарларга тикелей тийиштүү болбогон жарнамада жашы жетпегендердин тексттик, көрсөтмөлүү же үндүү образын пайдаланууга жол берилбейт.

(КР 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

II-1-глава
Социалдык жана мамлекеттик жарнама

(Глава КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

20-1-берене. Социалдык жана мамлекеттик жарнаманы чыгаруу

1. Жарнама чыгаруучулар социалдык жарнаманы чыгарууну жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырат.

Социалдык жарнаманы чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы ошол эле жарнама чыгаруучулардын коммерциялык жарнамаларды чыгаруу боюнча көрсөткөн окшош кызмат көрсөтүүнүн наркынын 50 пайызынан жогору болбоого тийиш.

2. Мамлекеттик жарнамаларды чыгаруу мамлекеттик социалдык тапшырыктын негизинде гана жүзөгө ашырылат.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 62, 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

20-2-берене. Социалдык жана мамлекеттик жарнамаларды жайгаштыруу

1. Мамлекеттик жана муниципалдык жарнама таратуучулар, ошондой эле коомдук, мамлекеттик жана муниципалдык жалпыга маалымдоо каражаттары социалдык жарнамаларды акысыз негизде таратууну жүзөгө ашырат.

Башка жарнама таратуучулар социалдык жарналарды таратууну жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырат. Социалдык жарнаманы таратуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы коммерциялык жарнамаларды чыгаруу боюнча ошол эле жарнама таратуучулар көрсөткөн окшош кызмат көрсөтүүнүн наркынын 50 пайызынан жогору болбоого тийиш.

2. 1-бөлүктө көрсөтүлгөн социалдык жарнамаларды жайгаштыруу шарттары ушул Мыйзамдын 20-3-беренесинде белгиленген лимиттердин чектеринде гана милдеттүү.

3. Мамлекеттик жарнаманы таратуу мамлекеттик социалдык тапшырыктын негизинде гана жүзөгө ашырылат.

4. Жарнама таратуучулар төмөнкүдөй социалдык жана мамлекеттик жарнаманы таратууну жүзөгө ашырууга милдеттүү:

- телерадиокомпаниялардын оболорунда 8.00дөн 23.00гө чейинки же болбосо социалдык жарнаманын адистештирилген блогунда 18.00дөн 23.00гө чейинки мезгилде;

- басма аянтчаларынын так сандуу беттеринде;

- калктуу конуштардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан жарнама аянтчаларында же болбосо адамдар көп чогулган жерлеринде.

5. Жарнама берүүчү болжолдонгон жайгаштыруу датасына чейин 30 күн калганда социалдык жарнаманы жайгаштыруу ниетин билдирүү жөнүндө жарнама таратуучуларга жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.

Жарнама берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү табыштамасына социалдык жарнаманын үлгүсү тиркелүүгө тийиш. Жарнама таратуучу жарнама берүүчүнүн табыштамасына 10 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө жооп берүүгө тийиш.

6. Социалдык жарнаманы жайгаштыруунун кезеги лимиттин чектеринде жарнама берүүчүдөн жазуу жүзүндө алынган табыштаманын негизинде жарнама таратуучу тарабынан аныкталат.

Лимиттен ашып кеткенде калгандарынан эрте келген жазуу жүзүндө табыштама берген жарнама берүүчүлөр артыкчылыкка ээ болушат.

7. Эгерде жарнама берүүчү ушул берененин 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө жазуу жүзүндө табыштама менен кайрылса, жарнама берүүчүлөр тарабынан сунушталган социалдык жана мамлекеттик жарнама жайгаштыруу убактысына жана каражаттарына тийиштүү шарттар жарнама таратуучулар үчүн артыкчылыктуу болуп саналат.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 62, 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

20-3-берене. Социалдык жарнаманы жайгаштыруу үчүн лимит

1. Жарнама таратуучулар социалдык жарнаманы жайгаштыруу үчүн лимиттин чектеринде жарнама аянтын - өткөн айда пайдаланылган жарнама аянтчаларынын жалпы көлөмүнүн бир айда 5 пайызын бөлүп берүүгө милдеттүү.

2. Жарнама таратуучулар социалдык жарнаманы жайгаштыруу үчүн лимиттин чектеринде жарнама аянтын бир айдын ичинде бирдей өлчөмдө бөлүштүрүүгө тийиш.

3. Жарнама таратуучулар социалдык жарнаманы жайгаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндө табыштама менен кайрылган бардык жарнама берүүчү үчүн лимиттин чектеринде жарнама аянтын ушул Мыйзамдын 20-2-беренесинин 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө бирдей өлчөмдө бөлүштүрүүгө тийиш.

4. Бир эле темада социалдык жарнама берген бир же бир нече жарнама берүүчүгө социалдык жарнаманы жайгаштыруу үчүн лимиттин чектеринде бардык жарнама аянтын берүүгө жол берилбейт.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 62, 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

20-4-берене. Социалдык же мамлекеттик жарнаманы чыгаруудан жана жайгаштыруудан баш тартуу

1. Жарнама чыгаруучулар жана жарнама таратуучулар жарнама берүүчүгө социалдык же мамлекеттик жарнамаларды чыгаруудан жана жайгаштыруудан төмөнкү учурларда баш тартууга укугу бар, эгер аларда:

- коммерциялык уюмдардын аталышы жана анын логотиптери, жеке ишкерлердин фамилиялары жана аты-жөнү, товардык белгилеринин аталыштары жана үлгүлөрү, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн дайындуу маркалары (моделдери, артикулдары) камтылса;

- саясий максаттарды көздөгөн саясий партиялардын жана алардын символдору, адамдын же адамдардын топторунун эскерүүлөрү камтылса;

- автордук жана чектеш укуктар жөнүндө мыйзамдар бузулса;

- адамдын укугу жана эркиндиги бузулса;

- жарнама таратуучулардын техникалык талаптарына ылайык келбесе;

- узактыгы 1 мүнөттөн жогору болсо же болбосо жарнама аянтынын болгон өлчөмүнөн ашып кетсе.

2. Социалдык же мамлекеттик жарнаманы чыгаруудан жана жайгаштыруудан баш тартуу табыштама келип түшкөн күндөн кийин 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен жазуу жүзүндө жүзөгө ашырылат.

Баш тартуу төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

1) социалдык же мамлекеттик жарнаманы чыгаруудан жана жайгаштыруудан баш тартуу негизделген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине дайындуу шилтемелери көрсөтүлгөн жүйөөсү;

2) социалдык же мамлекеттик жарнаманы чыгаруудан жана жайгаштыруудан баш тартууга даттануунун ыкмасы жана тартиби.

3. Социалдык же мамлекеттик жарнаманы чыгарууга, жайгаштырууга жана таратууга жолтоо болгон жарнама чыгаруучулардын жана жарнама таратуучулардын кандайдыр бир аракеттерине ушул Мыйзамдын 20-1-20-3-беренелеринде белгиленген чектерде жол берилбейт. Ушундай аракеттер жасалган учурда алар белгиленген тартипте сотко даттанылууга жатат.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 62, 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

20-5-берене. Социалдык жана мамлекеттик жарнаманы чыгаруучулар жана таратуучулар үчүн жеңилдиктер

Социалдык жана мамлекеттик жарнамаларды чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча жеке жана юридикалык жактардын акысыз жана жеңилдетилген негизде жүзөгө ашырылуучу иштери, социалдык жана мамлекеттик жарнамаларды чыгаруу жана таратуу үчүн башка жеке жана юридикалык жактарга өзүнүн мүлкүн, анын ичинде акча каражаттарын өткөрүп берүү кайрымдуулук иштери катары таанылат, аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеңилдиктер жайылтылат.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 62, 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

III бөлүм
Жарнама берүүчүлөрдүн, жарнама чыгаруучулардын жана жарнама таратуучулардын укуктары жана милдеттери

21-берене. Жарнаманы камтыган материалдарды сактоонун мөөнөттөрү

Жарнама берүүчү, жарнама чыгаруучу жана жарнама таратуучу жарнаманы камтыган материалдарды же алардын көчүрмөлөрүн, аларга кийин киргизилген өзгөртүүлөрдүн бардыгын кошо, жарнама таратылган акыркы күндөн тартып жыл бою сактоого милдеттүү болушат.

(КР 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

22-берене. Жарнама чыгаруу жана таратуу үчүн жарнамалык маалымат берүү

1. Жарнама чыгаруучу жана жарнама таратуучу талап кылууга, ал эми мындай учурда жарнама берүүчү жарнамалык маалыматтын аныктыгын документ түрүндө ырастап берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде жарнама берүүчүнүн иши лицензияланууга тийиш болсо, тийиштүү товардын жарнамасында, ошондой эле жарнама берүүчүнүн өзүн жарнамалоодо жарнама берүүчү көрсөтүүгө, ал эми жарнама чыгаруучу жана жарнама таратуучу тийиштүү лицензияны, болбосо анын ырасталган көчүрмөсүн көрсөтүүнү талап кылууга милдеттүү.

(КР 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

23-берене. Жарнама чыгаруучунун жарнама берүүчүгө Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндөгү мыйзамдарын бузууга алып келиши мүмкүн болгон жагдайлар тууралу кабарлоого милдеттүүлүгү

Жарнама чыгаруучу жарнама берүүчүгө, жарнаманы чыгарууда анын талаптарын аткаруу Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндөгү мыйзамдарын бузууга алып келиши мүмкүн экендиги жөнүндө өз убагында маалымдоого милдеттүү.

Эгерде жарнама берүүчү жарнама чыгаруучунун өз убагында жана негиздүү эскертүүсүнө карабай, жарнамага карата өзүнүн талабын (талаптарын) өзгөртпөсө, болбосо жарнама чыгаруучунун талабы боюнча жарнаманы чыгаруу үчүн берилген маалыматтын аныктыгын документ түрүндө ырастоо келтирбесе, болбосо жарнаманы талаптагыдай эмес кылуусу мүмкүн болгон башка милдеттерди жойбосо, жарнама чыгаруучу белгиленген тартипте келишимди бузууга жана эгерде келишимде башкача каралбаса, тарткан чыгымдарынын ордун толук толтурууну талап кылууга укуктуу.

(КР 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

24-берене. Аткаруу бийлигинин органдарына маалымат берүү

Жарнама берүүчүлөр, жарнама чыгаруучулар жана жарнама таратуучулар Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндөгү мыйзамдарынын сакталышына контроль жүргүзүү компетенциясына кирген аткаруу бийлигинин республикалык органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын талабы боюнча такталган документтерди, оозеки же кат жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү, көрүү жана угуу жазууларын, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка маалыматты белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттүү болушат.

(КР 2009-жылдын 15-октябрындагы № 273, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 , 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

25-берене. Жарнамада келишим түзүү жөнүндөгү ачык сунуш

1. Жарнаманы оферта, болбосо ачык оферта жасоого (жарнамада келишим түзүү жөнүндө ачык сунуш) чакырык катары таануунун натыйжалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

2. Эгерде жарнамада олуттуу шарттардын бирөө эле кабарланса, жарнама берүүчү оферта жасоого чакырык катары чыккан жарнаманын, ошондой эле ачык оферта катары чыккан жарнаманын да иш-аракет мөөнөтүн көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Эгерде жарнама берүүчү ачык оферта даректелген жактын акцептин белгиленген тартипте алгандан кийин келишим түзүүдөн качса, ал жак келишим түзүү жөнүндөгү жана жарнама берүүчүнүн келишим түзүүдөн негизсиз баш тартуусунан улам келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндөгү талаптары менен сотко кайрылууга укуктуу.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

IV бөлүм
Жарнама жаатындагы мамлекеттик контроль жана өз алдынча жөнгө салуу

26-берене. Жарнама жагындагы мамлекеттик контроль боюнча монополияга каршы республикалык органдын ыйгарым укуктары

1. Монополияга каршы мамлекеттик орган өзүнүн компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндөгү мыйзамдарынын сакталышына мамлекеттик контролду жарнама материалдарынын мониторинги аркылуу жүзөгө ашырат, ал: фактыларына карата жеке жана юридикалык жактар тарабынан жол берилген талаптагыдай эмес жарнамага эскертүү жасайт жана аларга бөгөт коет;

жарнама берүүчүлөргө, жарнама чыгаруучуларга жана жарнама таратуучуларга Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндөгү мыйзамдарын бузууну токтотуу жөнүндө көрсөтмөлөр, каршы жарнаманы жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимдерди жөнөтөт;

иштин тийиштүү түрүн жүзөгө ашырууга берилген лицензияны токтото туруу тууралу же мөөнөтүнөн мурда жокко чыгаруу жөнүндө маселени чечүү үчүн, Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндөгү мыйзамдарын бузуулар жөнүндөгү материалдарды лицензия берген органдарга жөнөтөт;

жарнама жагындагы кылмыш белгилери боюнча жазык ишин козгоо

жөнүндөгү маселени чечүү үчүн материалдарды прокуратура органдарына жана башка укук коргоо органдарына жөнөтөт.

2. Монополияга каршы мамлекеттик орган жарнама берүүчүлөрдүн, жарнама чыгаруучулардын жана жарнама таратуучулардын Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндөгү мыйзамдарын бузушуна байланыштуу жарнаманы пайдалануучулардын аныкталбаган чөйрөсүнүн кызыкчылыктарында жана талаптагыдай эмес жарнамага байланышкан бүтүмдөрдү жараксыз деп табуу жөнүндө сотторго доо коюуга укуктуу.

3. Сотторго доо коюуда монополияга каршы мамлекеттик орган мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат.

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын чектеринде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жазгырма атаандаштыкка бөгөт коюу боюнча милдеттерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жарнама берүүчүлөр, жарнама чыгаруучулар жана жарнама таратуучулар менен алардын жарнама ишинин эрежелери жана каада-салттарын сакташы жөнүндө макулдашуулар түзүүгө укуктуу болушат.

 (КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2015-жылдын 21-январындагы № 23, 2018-жылдын 26-мартындагы N 31 , 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 Караңыз:

КР 2015-жылдын 21-январындагы № 23 Мыйзамы менен 26-берененин расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди

 

27-берене. Маалымат алуу укугу

1. Монополияга каршы мамлекеттик органдын кызматчылары Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндөгү мыйзамдарынын сакталышына контролдук боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында жарнама берүүчүлөрдүн, жарнама чыгаруучулардын жана жарнама таратуучулардын ишине тийиштүү документтерин жана материалдарын тоскоолдуксуз алууга укуктуу болушат.

2. Коммерциялык сырды түзгөн жана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар алган маалыматтар таркатылбоого тийиш.

Коммерциялык сырды түзгөн маалыматтар таркатылган учурда келтирилген зыяндардын орду мыйзам тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы мамлекеттик орган тарабынан толтурулууга тийиш.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды пайдалануу менен байланышкан ишти жүзөгө ашыруучу уюмдарга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кире алышат.

 (КР 2016-жылдын 29-декабрындагы № 227, 2018-жылдын 26-мартындагы N 31 , 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

28-берене. Жарнама жагында өз алдынча жөнгө салуу органдарынын укуктары

1. Жарнама жагындагы өз алдынча жөнгө салуу органдары - юридикалык жактардын коомдук уюмдары (бирикмелери), ассоциациялары жана бирликтери:

жарнамага карата талаптарды, анын ичинде мыйзамдардын долбоорлорун жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышууга тартылышы;

жарнама жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайыктуулугун аныктоо жагында жарнаманы көз карандысыз экспертизадан өткөрүшү жана жарнама берүүчүлөргө жана жарнама таратуучуларга тиешелүү сунуштарды жөнөтүшү;

жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурларда материалдарды прокуратура органдарына жөнөтүшү жана аткаруу бийликтерине кайрылуулары мүмкүн.

2. Жарнама жагындагы өз алдынча жөнгө салуу органдары жарнаманы керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарында, анын ичинде жарнаманы керектөөчүлөрдүн аныкталбаган чөйрөсүнүн кызыкчылыктарында жарнама жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган алардын укуктары бузулган учурда, белгиленген тартипте сотко доо коюуга укуктуу.

Керектөөчүлөрдүн аныкталбаган чөйрөсүнө карата доо канааттандырылганда сот укук бузуучуну соттун чечимин сот белгилеген мөөнөттө массалык маалымат каражаттары аркылуу же башка ыкма менен көрсөтүлгөн керектөөчүлөргө кабарлоого милдеттендирет.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

V бөлүм
Каршы жарнама жана талаптагыдай эмес жарнак үчүн жоопкерчилик

29-берене. Каршы жарнама

1. Жарнама жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталган учурда, мыйзам бузуучу каршы жарнаманы толук көлөмдө жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим чыгарган монополияга каршы республикалык орган белгилеген мөөнөттө каршы жарнаманы жүзөгө ашырууга милдетүү.

2. Эгерде каршы жарнама мыйзам бузуучу тарабынан белгиленген мөөнөттө жүзөгө ашырылбаса, каршы жарнаманы жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган монополияга каршы республикалык орган мыйзам бузуучунун жарнамасын, ал каршы жарнаманы таратууну бүтүргөн күнгө чейин толук же жарым-жартылай токтото туруу тууралу чечим кабыл алууга укуктуу.

Мында, мыйзам бузуучунун жарнамасын толук же жарым-жартылай токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алган орган, мыйзам бузуучу менен анын жарнамасын чыгарууга, жайгаштырууга жана таратууга келишим түзгөн баардык тараптарга токтоосуз кабарлоого милдеттүү.

3. Каршы жарнама төгүндөлүүчү талаптагыдай эмес жарнаманын узактыгынын, мейкиндигинин, ордунун жана тартибинин мүнөздөрүн пайдалануу менен, ошол эле таратуу каражаттары аркылуу жүзөгө ашырылат. Каршы жарнаманын мазмуну мыйзам бузуу фактысын аныктаган жана аны оңдоо жөнүндө тийиштүү чечим кабыл алган монополияга каршы республикалык орган менен макулдашылат.

Айрым учурларда, каршы жарнама жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алган монополияга каршы республикалык органдын нын чечими боюнча каршы жарнаманы таратуу каражаттарын, жүзөгө ашыруунун узактыгынын, мейкиндигинин, ордунун жана тартибинин мүнөздөрүн алмаштырууга жол берилет.

(КР 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

30-берене. Жарнама берүүчүнүн, жарнама чыгаруучунун жана жарнама таратуучунун жоопкерчилиги

Эгерде көрсөтүлгөн мыйзам бузуу жарнама чыгаруучунун же жарнама таратуучунун күнөөсү боюнча болгондугу далилденбесе, жарнама түзүү үчүн берилген маалыматтын мазмуну жагында Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндөгү мыйзамдарын бузуу үчүн жарнама берүүчү жоопкерчилик тартат.

Жарнама чыгаруучу жарнама жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу үчүн жарнаманы каттап толтуруу, чыгаруу, даярдоо жагында жоопкерчилик тартат.

Жарнама таратуучу жарнама жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу үчүн жарнаманы жайгаштыруунун убактысы, орду жана каражаттары жагында жоопкерчилик тартат.

(КР 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

31-берене. Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндөгү мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчилик

1. Жеке жана юридикалык жактар (жарнама берүүчүлөр, жарнама чыгаруучулар жана жарнама таратуучулар) жарнама жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчилик тартышат.

Талаптагыдай эмес жарнаманын натыйжасында укуктары жана кызыкчылыктары бузулган адамдар белгиленген тартипте сотко доо коюу менен, анын ичинде колго тийбей калган пайданы кошо, тарткан чыгашалардын ордун толтуруу, саламаттыкка жана мүлккө келтирилген зыяндын ордун толтуруу, адептик зыянды компенсациялоо, талаптагыдай эмес жарнаманы коом алдында төгүндөө жөнүндө доолор менен кайрылууга укуктуу.

(3-абзац КР 2016-жылдын 29-декабрындагы N 227 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. (1-абзац КР 2016-жылдын 29-декабрындагы N 227 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(2-абзац КР 2016-жылдын 29-декабрындагы N 227 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Пайда (киреше) алуу максатында жасалган жана мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарга, болбосо жарандардын мыйзам тарабынан корголгон укуктарына жана кызыкчылыктарына олуттуу залал келтирген көз көрүнөө жалган жарнама Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазыктык жоопкерчиликке кириптер кылат.

3. (КР 2016-жылдын 29-декабрындагы N 227 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) Жарнама берүүчү, жарнама чыгаруучу же жарнама таратуучу мамлекеттик монополияга каршы органдын аракетине (аракетсиздигине) администрациялык иштин негиздери жана администрациялык жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган же соттук тартипте, ал эми администрациялык жаза-чараларын колдонуу бөлүгүндө - администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте даттанууга укуктуу.

Эгерде сот тарабынан дайындалган актыларды аткарууну токтото туруу жөнүндө аныктама чыгарылбаса, көрсөтүлгөн арызды берүү, монополияга каршы мамлекеттик органдын көрсөтмөсүн же чечимин аткарууну токтото тура албайт.

 (КР 2009-жылдын 25-апрелиндеги № 130, 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2015-жылдын 21-январындагы № 23, 2016-жылдын 29-декабрындагы N 227 , 2017-жылдын 28-июлундагы № 153 , 2019-жылдын 22-июлундагы N 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

VI бөлүм
Корутунду жоболор

 

32-берене. Кыргыз Республикасынын жарнак жагындагы эл аралык келишимдери

(КР 2016-жылдын 29-декабрындагы № 227 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

33-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 1999-жылдын 6-январында № 1 жарыяланды

2. Кыргыз Республикасынын Президентине ал тарабынан чыгарылган ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунуш кылынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Акаев