Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
КР 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр
берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\4fca5a1e-31d0-4dcf-a40c-fc72c9fef7de\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2005-жылдын 12-апрели № 60

Жарандык абалдын актылары жөнүндө

(КР 2006-жылдын 4-августундагы № 147, 2007-жылдын 10-августундагы № 148,
2012-жылдын 16-июлундагы № 114, 2014-жылдын 16-январындагы № 12,
2015-жылдын 2-июлундагы № 142,
2016-жылдын 23-июлундагы № 132, 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

I-глава
Жалпы жоболор

 

1-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу жүйөсү

Ушул Мыйзам:

- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүргүзүүчү органдарды;

- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун тартибин;

- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун китептерин (актылык китептерди) түзүүнүн тартибин;

- жарандык абалдын актыларынын жазууларын оңдоонун, өзгөртүүнүн, калыбына келтирүүнүн жана жоюунун тартибин;

- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун китептерин (актылык китептерди) сактоонун тартибин жана мөөнөттөрүн аныктайт.

2-статья. Жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамдар

Жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинен, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинен, ушул Мыйзамдан жана аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Жарандык абалдын актылары

1. Жарандык абалдын актылары - адамды жекелештирүү жана ошону менен бирге анын укуктары менен милдеттеринин пайда болушун жана токтотулушун юридикалык жол-жоболоштуруу шарттары.

2. Ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте жарандык абалдын актылары: төрөлүү, никеге туруу, никени бузуу, асырап алуу, аталыкты аныктоо, фамилияны, атты жана атасынын атын өзгөртүү, өлүм мамлекеттик катталууга тийиш.

3. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары түзүлгөнгө же калыбына келтирилгенге чейин диний ырасымдар боюнча жасалган жарандык абалдын актылары алар жасалган учурга колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында жасалган жарандык абалдын актыларына теңештирилет жана кийин мамлекеттик каттоону талап кылбайт.

4-статья. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органдар

1. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдары (мындан ары - жарандык абалдын актыларын жазуу органдары) тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына төмөнкүлөр кирет:

- жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (айыл өкмөтү);

- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери.

3. Алардын аймактарында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык органдары болбогон ошол администрациялык-аймактык бирдиктердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (айыл өкмөтүнө) туулгандыгын, никеге турууну, ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөр менен аталыкты, өлүмдү белгилөөнү мамлекеттик каттоого ыйгарым укуктар берилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (айыл өкмөтүнө) көрсөтүлгөн ыйгарым укуктар аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл материалдык жана финансылык каражаттарды өткөрүп берүү менен берилет.

4. Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен сырткары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарандык абалынын актыларын мамлекеттик каттоо ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчөлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери:

- туулууну, никеге турууну, никени бузууну, аталыкты аныктоону, фамилияны, атты, атасынын атын өзгөртүүнү жана өлүмдү мамлекеттик каттоо жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жердеги туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок жактардын арыздары боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолор менен өзгөртүүлөрдү-киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;

- өздөрүндө сактоодо турган жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизет;

- өздөрүндө сактоодо турган жарандык абалдын актыларынын негизинде жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө экинчи жолку күбөлүктөрдү жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун актыларын тастыктоочу башка документтерди берет;

- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого жана мыйзамдарда көрсөтүлгөндөргө байланыштуу башка ыйгарым укуктарды аткарат.

6-статья. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо

1. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жарандардын мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарын сактоо, ошондой эле мамлекеттин таламын көздөө максатында белгиленет.

2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан анын негизинде жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк берилген жарандык абалдын актыларын тиешелүү жазуу аркылуу жүргүзүлөт.

3. Туулуу, никеге туруу, никени бузуу, асырап алуу, аталыкты аныктоо, фамилияны, атты, атасынын атын өзгөртүү же өлгөндүгү жөнүндө жазуу актысына киргизилүүчү жана күбөлүктүн жазууларынын маалыматтарынын негизинде берилүүчү маалыматтар ушул Мыйзам менен аныкталат. Жарандык абалдын актысынын жазуусуна айкын жарандык абалдык актысын мамлекеттик каттоонун өзгөчө жагдайлары менен шартталган башка маалыматтар да киргизилиши мүмкүн.

4. Жарандык абалдын актыларын жазуунун бланктарынын жана бланктардын жазууларынын маалыматтарынын негизинде берилүүчү күбөлүктөрдүн формалары, аларды толтуруунун тартиби; жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун фактысын тастыктоочу бланктардын жана башка документтердин формалары, ошондой эле жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө арыздардын бланктарынын формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Герб түшүрүлгөн кагазга басмакана ыкмасы менен басылган жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктары катуу отчеттуулуктун документи болуп саналат; мындай ар бир бланктын сериясы жана номуру болот.

5. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы иш кагаздары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде жүргүзүлөт.

6. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери өзүнө, өзүнүн жубайына, жубайынын жана өзүнүн туугандарына (ата-энелери, балдары, неберелери, чоң атасы-таятасы, чоң энеси-таенеси, биртууган ага-инилери жана эже-карындаштары) жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүргүзүүгө укуксуз. Мындай учурларда жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органынын башка кызматкери тарабынан же жарандык абалдын актыларын жазуунун башка органында жүргүзүлөт.

7. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун тууралыгы жана жарандык абалдын актыларын жазуунун сапаты үчүн жоопкерчилик жарандык абалдын актыларын жазуунун тиешелүү органынын жетекчисине жүктөлөт.

7-статья. Жарандык абалдын актысын жазуу

1. Жарандык абалдын актысынын жазуусун түзүү үчүн жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп саналган документтер жана арыз берүүчүнүн инсандыгын ырастоочу документ көрсөтүлүүгө тийиш, атап айтканда:

туулгандыгын, аталыкты белгилөөнү, никеге турууну, никени бузууну, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүнү, асырап алууну, актылык жазууну калыбына келтирүүнү жана өзгөртүүнү мамлекеттик каттоодо:

- паспорту (ID-карты);

- консулдук эсепке алуу жөнүндө белги коюлган жалпы жарандык паспорту (туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү болгондо);

- офицердин инсандыгынын күбөлүгү;

- жарандыгы жок жактар үчүн жашай туруу укугу;

- чет өлкөлүк жарандын паспорту;

экинчи жолу берилүүчү күбөлүктү алууда:

- паспорту (ID-карты);

- консулдук эсепке алуу жөнүндө белги коюлган жалпы жарандык паспорту;

- офицердин инсандыгынын күбөлүгү;

- жарандыгы жок жактар үчүн жашай туруу укугу;

- чет өлкөлүк жарандын паспорту;

- эркинен ажыратуу жайларынан бошотулгандыгы жөнүндө маалымкаты.

Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн берилген, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактысын күбөлөндүргөн/ырастаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын документтери легалдаштырылууга же апостилдештирилүүгө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерине которулууга тийиш. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерди которууну жүзөгө ашырган котормочунун колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

2. Жарандык абалдын актысын жазуу бирдей эки нускада түзүлөт.

3. Жарандык абалдын актысын жазуунун ар бири арыздануучу тарабынан окулууга, ага арыздануучу кол коюуга, жарандык абалдын актысын жазуу органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Жарандык абалдын актысын жазуу органынын мөөрүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлөт жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде жарандык абалдын актыларын жазуу органынын аталышы жазылат.

4. Жыл ичинде түзүлгөн жарандык абалдын актыларын жазуунун биринчи нускалары (жарандык абалдын актыларын жазуунун ар бир түрү боюнча өзүнчө) хронологиялык тартипте жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китебине (акт китебине) чогултулат. Жазуулардын экинчи нускалары акт китебине ушундай эле тартипте чогултулат.

(КР 2006-жылдын 4-августундагы № 147, 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

8-статья. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк

1. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоонун фактысы ырасталгандан кийин берилет.

Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүккө жарандык абалдын актысын жазуу органынын жетекчиси кол коет жана ал жарандык абал актысын жазуу органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

2. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн бланктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген уюм тарабынан даярдалат.

9-статья. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө экинчи жолу берилүүчү күбөлүк

1. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк жоголгон учурда жарандык абалдын актысын жазуунун биринчи же экинчи нускасы сакталып турган жарандык абалдын актысын жазуу органы жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө экинчи жолу күбөлүк берет.

(Экинчи абзац КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндөгү экинчи жолку күбөлүк:

- жарандык абалдын актысы жазуу жүргүзүлгөн адамга;

- эгерде жарандык абалдын актысын жазуу ага карата мурда түзүлгөн адам өлгөн учурда, өлгөн адамдын тууганына же башка кызыкдар адамга;

- эгерде мурда туулгандыгы тууралу акт жазуусу жүргүзүлгөн адам экинчи жолку күбөлүк берилүүчү күнгө карата жашы жетпесе, ата-энелерине (аларды алмаштырган адамдарга) же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн өкүлүнө;

- ушул статьяга ылайык жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө экинчи жолку күбөлүктү алууга укуктуу адамдын атынан нотариалдык жактан ырасталган ишеним кат берилген учурда башка адамга берилет. Ишенимдүү адамдын жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө кайталап күбөлүктү алууга ыйгарым укуктары ишеним катта атайын каралууга тийиш.

21. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү экинчи жолу берүүдө жеринин аталышы алгачкы актылык жазууга ылайык көрсөтүлөт.

3. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндөгү экинчи жолку күбөлүк:

- баланын ата-энелик укуктарынан ажыратылган же ата-энелик укуктары чектелген ата-энелерине (ата-энесинин бирине), - баланын туулгандыгы тууралу күбөлүк;

- никени бузган адамдарга жана никеси жалган деп табылган адамдарга, - никеге туруу жөнүндө күбөлүк берилбейт.

Көрсөтүлгөн адамдардын өтүнүчү боюнча аларга баланын туулгандыгын же никеге турууну мамлекеттик каттоонун фактысын тастыктоочу документ берилет.

4. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө экинчи жолку күбөлүк жарандык абалдын актысын жазуу органына кайрылган адамга ал кайрылган күнү берилет.

Эгерде адам жарандык абалдын актысын жазуу органына жазуу формасында суроо-талап менен кайрылса, экинчи жолку күбөлүк ал адам көрсөткөн дарек боюнча жиберилет жана ага кошуп анын атына күбөлүктү жөнөткөндүгү жөнүндөгү билдирүүнү жиберет.

(КР 2006-жылдын 4-августундагы № 147, 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

10-статья. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо үчүн мамлекеттик алым

Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо үчүн мамлекеттик алым алынат, анын өлчөмү жана төлөөнүн тартиби (төлөөдөн бошотуунун) мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

(КР 2006-жылдын 4-августундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоодон баш тартуу

1. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоодон баш тартууга:

- эгерде мамлекеттик каттоо ушул Мыйзамга каршы келсе;

- эгерде ушул Мыйзамга ылайык берилген документтер ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар тарабынан коюлуучу талаптарга ылайык келбеген учурларда жол берилет.

2. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоодон баш тартылган адамдын (анын өкүлүнүн) талабы боюнча жарандык абалдын актысын жазуу органынын жетекчиси ал адамга (анын өкүлүнө) баш тартуунун себептерин жазуу формасында билдирүүгө милдеттүү.

3. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоодон баш тартууга административдик иш жөнүндө мыйзамдар менен аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.

(КР 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоого байланыштуу жарандык абалдын актысын жазуу органынын кызматкерине белгилүү болуп калган маалыматтарды ачыкка чыгарбоо

1. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоого байланыштуу жарандык абалдын актысын жазуу органынын кызматкерине белгилүү болуп калган маалыматтар купуя маалыматтардын категориясына кирип, ага жетүүгө чек коюлат жана ачыкка чыгарылбоого тийиш.

2. Жарандык абалдын актысын жазуу органынын жетекчиси өлүмдү мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматты калкты социалдык жактан коргоо органына, юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу салык органдарына билдирет, Кыргыз Республикасынын социалдык фонд органына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте билдирилет.

3. Жарандык абалдын актысын жазуу органынын жетекчиси жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын сотунун (судьясынын), прокуратура органдарынын, алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын, болбосо Омбудсмендин (Акыйкатчынын) суроо-талабы боюнча билдирүүгө милдеттүү.

13-статья. Кыргыз Республикасында чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтерди жарандык абалдын актыларын ырастоодо анык деп табуу 

Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок жактарга карата тиешелүү чет мамлекеттердин мыйзамдары боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде жазылган жарандык абалдын актыларын ырастоодогу документтери мыйзамдуу болсо, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен башкача белгиленбесе, ал Кыргыз Республикасында анык деп таанылат.

(КР 2007-жылдын 10-августундагы № 148, 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

II-глава
Туулгандыкты мамлекеттик каттоо

14-статья. Туулгандыкты мамлекеттик каттоо үчүн негиздер

1. Туулгандыкты мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат.

- төрөткөн медициналык мекеме тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалымкат, же болбосо медициналык мекемеден сырткары төрөгөн учурда тийиштүү саламаттык сактоо органы тарабынан ыйгарым укук берилген врач же башка медицина кызматкери тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалымкат;

- ким экендигин тастыктаган баланын ата-энесинин (ата-энесинин биринин) документтери;

- ата-энеси Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган, чет мамлекетте туулган балдардын туулгандыгынын фактысын ырастоочу, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтер (туулгандыгы тууралуу медициналык маалымкат, реестрден көчүрмө, туулгандыгы тууралуу сертификат жана башка).

2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган туулгандыкты мамлекеттик каттоо үчүн негиздер жок болгондо баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ошол аял тарабынан баланын туулгандыгынын фактысын белгилөө жөнүндөгү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

3. Ата-энеси Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлөрдүн жарандары же жарандыгы жок адамдар болуп саналган, Кыргыз Республикасынын аймагында туулган баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо ушул статьянын 1-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо ага бир эле убакта жеке идентификациялык номур ыйгарылат.

Жеке идентификациялык номур Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ыйгарылат.

(КР 2006-жылдын 4-августундагы № 147, 2007-жылдын 10-августундагы № 148, 2016-жылдын 23-июлундагы N 132, 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

15-статья. Туулгандыкты мамлекеттик каттоонун орду

1. Туулгандыкты мамлекеттик каттоо баланын туулган жери боюнча же ата-энесинин (ата-энесинин биринин) жашаган жери боюнча жарандык абал актысын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

2. Туулгандык тууралу жазуу актысында баланын туулган жери же бала табылган жердин аталышы (мамлекеттин аталышы, (чет мамлекеттин администрациялык-аймактык түзүлүшү); шаардык же башка муниципалдык түзүлүштүн аталышы) көрсөтүлөт.

(Экинчи абзац КР 2016-жылдын 23-июлундагы N 132 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Эгерде бала жүрүп бара жаткан кемеде, самолетто, поездде же башка транспорт каражатында төрөлсө, туулгандыкты мамлекеттик каттоо ата-энесинин (ата-энесинин биринин) жашаган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы же транспорт каражаты жүрүп бара жаткан багыт боюнча жайгашкан жарандык абалдын актыларын жазуу органдардын биринде жүргүзүлөт. Баланын туулган жери болуп бала мамлекеттик каттоодон өткөн жер көрсөтүлөт.

4. Экспедицияда, илимий станцияда же жарандык абалдын актысын жазуу органы жок алыскы жерлерде туулган баланы мамлекеттик каттоо, ата-энесинин (ата-энесинин биринин) жашаган жериндеги жарандык абалдын актысын каттоо органында же бала төрөлгөн жерге жакын турган жарандык абалдын актыларын жазуу органында жүргүзүлөт.

(КР2016-жылдын 23-июлундагы N 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-статья. Баланын туулгандыгы тууралу арыз

1. Ата-энеси (ата-энесинин бири) баланын туулгандыгы тууралу жарандык абалдын актыларын жазуу органына жазуу формасында билдирет.

Арызда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:

- баланын фамилиясы, аты жана атасынын аты;

- баланын жынысы жана туулган датасы;

- ата-энеси (ата-энесинин биринин) жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту (өз каалоосу боюнча), жашаган жери.

2. Эгерде баланын ата-энесинин өздөрүнүн баланын туулгандыгы тууралу билдирүүгө мүмкүнчүлүктөрү болбосо баланын туулгандыгы тууралу ата-энесинин биринин жакын туугандары же ата-энеси (ата-энесинин бири) ыйгарым укук берген адам, болбосо төрөт учурунда энеси төрөгөнү жаткан же бала төрөлгөн медициналык уюмдардын же башка уюмдардын кызмат адамы тарабынан берилет.

3. Бир эле учурда баланын туулгандыгы тууралу арыз менен бирге баланын туулгандыгынын тууралыгын тастыктаган документ берилүүгө тийиш, ошондой эле ата-энесинин (ата-энесинин биринин) инсандыгын ырастаган же арыз берүүчүнүн ыйгарым укугун тастыктаган жана баланын туулгандыгы тууралу жазуу актысына атасы тууралу маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болгон документтерди берүүлөрү тийиш.

4. Башка аялга баланы боюнда көтөрүү максаттарында урукту көчүрүүгө макулдук берген жубайлардын арызы боюнча баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо баланын туулгандыгынын фактысынын тууралыгын тастыктаган документ менен бирге медициналык уюм тарабынан берилген урукту көчүрүү фактысын тастыктаган документ сунуш кылынууга тийиш.

5. Баланын туулгандыгы тууралу арыз бала туулгандан бир айдан кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.

(КР 2007-жылдын 10-августундагы № 148, 2014-жылдын 16-январындагы N 12, 2016-жылдын 23-июлундагы N 132, 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

17-статья. Баланын туулгандыгы тууралу жазуу актысына ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүү тартиби

1. Өз ара никеде турган ата жана эне алардын биринин арызы боюнча бала туулгандыгы тууралу жазуу актысына ата-энеси деп жазылышат.

Баланын энеси жөнүндө маалымат ушул Мыйзамдын 14-статьясында көрсөтүлгөн документтердин негизинде, баланын атасы жөнүндө маалымат ата-энесинин нике тууралу күбөлүгүнүн негизинде бала туулгандыгы тууралу жазуу актысына киргизилет.

2. Эгерде баланын ата-энесинин ортосундагы нике бузулса, сот тарабынан жараксыз деп табылса же эгерде жубайлардын бири өлсө, бирок никесин бузган, аны жараксыз деп тааныган күндөн же жубайлардын биринин өлгөн күнүнөн баланын туулган күнүнө үч жүз күнгө чейин өтсө, баланын энеси жөнүндө маалымат ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте, баланын атасы тууралу маалымат ата-энесинин никеси жөнүндө күбөлүктүн же никени мамлекеттик каттоонун тууралыгын тастыктаган документтин, ошондой эле никенин токтотулгандыгынын убактысын жана фактысынын тууралыгын тастыктаган документтин негизинде баланын туулгандыгы тууралу жазуу актысына киргизилет.

3. Эгерде баланын ата-энеси өз ара никеде турбаса баланын туулгандыгын жазуу актысына энеси жөнүндө маалымат ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте киргизилет.

Мындай учурда баланын атасы жөнүндө маалымат:

- баланын атасы менен энесинин биргелешкен арызы боюнча же баланын энесин ата-энелик укугунан ажыратууда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн макулдугу менен баланын атасынын арызы боюнча, ал эми мындай макулдашуу болбосо - соттун чечими боюнча;

- эгерде аталык баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо менен бир мезгилде аныкталса жана катталса аталыкты аныктоо тууралу жазуу актысынын негизинде;

- эгерде аталык аныкталбаса баланын энесинин арызы боюнча киргизилет. Баланын атасынын фамилиясы энесинин фамилиясы боюнча, баланын аты жана атасынын аты энесинин көрсөтүүсү боюнча жазылат. Кошулган маалыматтар аталыкты аныктоо жөнүндө маселени чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт. Энесинин каалоосу боюнча баланын төрөлгөндүгү жазуу актысына атасы тууралу маалымат киргизилбеши мүмкүн.

18-статья. Туулгандыкты мамлекеттик каттоодо баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын жазуу

1. Туулгандыкты мамлекеттик каттоодо баланын фамилиясы анын ата-энесинин фамилиясы боюнча жазылат. Ата-энесинин фамилиялары эки башка болсо, бала атасынын фамилиясы боюнча же ата-энесинин макулдугу боюнча энесинин фамилиясы боюнча жазылат.

2. Баланын аты ата-энесинин макулдугу боюнча жазылат.

3. Баланын аты жана (же) анын фамилиясы боюнча (ата-энеси ар башка фамилияда болсо) ата-энесинин ортосунда макулдук болбосо, пайда болгон пикир келишпестик сот тартибинде чечилет.

4. Эгерде улуттук каада-салтта башкача негизделбесе, баланын атасынын аты атасынын аты боюнча жазылат.

5. Эгерде энеси баланын атасы менен никеде турбаса жана балага карата аталык аныкталбаса, баланын аты энесинин каалоосу боюнча, атасынын аты - туулгандыгы тууралу жазуу актысында баланын атасы катары көрсөтүлгөн адамдын аты боюнча, баланын фамилиясы - энесинин фамилиясы боюнча жазылат.

Эгерде энеси баланын атасы менен никеде турбаса энесинин каалоосу боюнча туулгандыгы тууралу жазуу актысына баланын атасы жөнүндө маалымат киргизилбейт, баланын атасынын аты-энесинин көрсөтүүсү боюнча киргизилет.

6. Эгерде баланын ата-энесинин экөө тең белгисиз болсо, баланын фамилиясы, аты, атасынын аты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан ыйгарылат.

7. Ата-энесинин каалоосу боюнча балдарынын фамилиясы атасынын же чоң атасынын аты боюпча, болбосо кыргыздын улуттук салтын сактоо менен жазылышы мүмкүн.

Башка улуттардын адамдарынын аты жана фамилиясы алардын каалоосу боюнча алардын салтына ылайык жазылат.

19-статья. Табылган (ташталган)баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо

1. Баланы таап алган адам бир сутканын ичинде бала табылган жердеги ички иштер органына же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмгө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда аталган уюмдар табылган баланы убактылуу жайгаштыруу боюнча шашылыш чараларды көрүүгө милдеттүү. Эгерде табылган бала жөнүндө арыз ички иштер органына түшсө, анда бул орган бир сутканын ичинде ал тууралуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмгө билдирүүгө милдеттүү.

3. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүм ата-энеси белгисиз, табылган (ташталган) баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо жөнүндө жарандык абалдын актыларын жазуучу органга бала табылган күндөн тартып жети күндөн кечиктирбестен билдирүүгө милдеттүү.

Арызда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:

- жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орду, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн аталышы, арыз берүүчүнүн инсандыгын ырастаган документтин реквизиттери;

- бала табылган дата жана дареги (жердин аталышы);

- баланы таап алган адамдын (адамдардын) жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты жана жашаган жери;

- баланын туулгандыгы катталган учурда турган орду;

- балага ыйгарылган фамилия, аты, атасынын аты, баланын жынысы, туулган датасы.

Арыздын түзүлгөн датасын көрсөтүү менен, ага арыз берүүчү тарабынан кол коюлууга тийиш.

4. Табылган (ташталган) баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз менен бирге балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүм тарабынан төмөнкүлөр берилиши керек:

- бала табылган убактысы, орду жана жагдайы көрсөтүлүү менен ички иштер органы тарабынан берилген баланын табылгандыгы жөнүндө акт (эгерде табылган бала жөнүндө арыз ички иштер органына келип түшсө);

- табылган (ташталган) баланын жашын жана жынысын ырастаган медициналык уюм тарабынан берилген документ.

5. Табылган баланын фамилиясы, аты жана атасынын аты жөнүндө маалыматтар балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн көрсөтмөсү боюнча анын туулгандыгы тууралуу жазуу актысына киргизилет. Табылган (ташталган) баланын ата-энеси жөнүндөгү маалымат анын туулгандыгы тууралуу жазуу актысына киргизилбейт.

(КР 2007-жылдын 10-августундагы № 148, 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

20-статья. Өлүү туулган же жашоосунун алгачкы жумасында өлгөн баланы мамлекеттик каттоо

1. Өлүү туулган баланы мамлекеттик каттоо медициналык уюм же жекече иштеген врач тарабынан берилген баланын өлүү туулгандыгы тууралу белгиленген формадагы документтин негизинде жүргүзүлөт.

Баланын өлүү туулгандыгы тууралу күбөлүк берилбейт. Ата-энесинин (ата-энесинин биринин) өтүнүчү боюнча баланын өлүү туулгандыгын мамлекеттик каттоо фактысын тастыктаган документ берилет.

Өлүү туулган баланын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт.

2. Эгерде бала туулгандын алгачкы жумасында чарчап калса, анын туулгандыгын жана өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жүргүзүлөт.

Туулгандын алгачкы жумасында өлгөн баланын туулгандыгын жана өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо медициналык уюм же жекече иштеген врач тарабынан берилген туулгандыгы тууралу жана баланын өлүү туулгандыгы жөнүндө белгиленген формадагы документтердин негизинде жүргүзүлөт.

Туулгандыгы жана өлгөндүгү жөнүндө түзүлгөн акт жазуусунун негизинде баланын өлгөндүгү тууралу күбөлүк гана берилет. Ата-энесинин (ата-энесинин биринин) өтүнүчү боюнча туулгандын алгачкы жумасында чарчап калган баланы мамлекеттик каттоо фактысын тастыктаган документ берилет.

3. Баланын өлүү туулгандыгы же туулгандыгы жана туулгандын алгачкы жумасында баланын өлгөндүгү жөнүндө жарандык абалды каттоо актысын жүргүзүүчү органга билдирүү милдети:

- баланын төрөтүн кабыл алган же бала өлгөн медициналык уюмдун жетекчисине;

- медициналык уюмдун жетекчисине, баланын өлүү туулганын же туулгандык алгачкы жумасында чарчап калган баланын өлүмүнүн фактысын аныктаган врачка, болбосо медициналык уюмдан тышкары төрөттү кабыл алган жекече иштеген врачка жүктөлөт.

4. Баланын өлүү туулгандыгы тууралу же туулгандын алгачкы жумасында чарчап калган баланын туулгандыгы жана өлгөндүгү жөнүндө билдирүү баланын өлүү туулгандыгынын фактысын же туулгандын алгачкы жумасында чарчап калган баланын өлүмү тууралу факт белгилүү болгон күндөн үч күндөн кечиктирилбестен жасалууга тийиш.

21-статья. Бир жашка чыккан жана андан өткөн курактагы баланы мамлекеттик каттоо

1. Бир жашка чыккан жана андан өткөн курактагы баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо төрөт болгон медициналык мекеме тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалымкаты же болбосо медициналык мекемеден сырткары төрөлгөндө саламаттык сактоонун тиешелүү органы тарабынан ыйгарым укук берилген дарыгер же башка медициналык кызматкер тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалымкаты болгондо, ата-энесинин (ата-энесинин биринин) же ата-энесинин биринин жакын тууганынын, же башка ишенимдүү адамдын, же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, ошондой эле эрезеге жеткен баланын өзүнүн арызы боюнча жарандык абалдын актыларын жазуучу орган тарабынан жүргүзүлөт.

Ишенимдүү адамдын ыйгарым укуктары ишеним катта атайын каралууга тийиш.

2. Бир жашка чыккан жана андан өткөн курактагы баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо туулгандыгы тууралу белгиленген формадагы документи болбогон учурда анын туулгандыгынын фактысын аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

(КР 2007-жылдын 10-августундагы № 148, 2016-жылдын 23-июлундагы N 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

22-статья. Туулгандык тууралу акт жазуусунун мазмуну

1. Туулгандык тууралу акт жазуусуна төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:

- баланын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, жынысы, туулган датасы жана жери, өлүү туулгандыгы, тирүү төрөлгөндүгү, баланын салмагы;

- туулган балдардын саны (бирөө, эгиз же андан көп);

- баланын туулгандыгынын фактысын тастыктаган документ жөнүндө маалымат;

- ата-энесинин (ата-энесинин биринин) жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери;

- атасы тууралу маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп саналган документ жөнүндө маалымат;

- арыз берүүчүнүн жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты жана жашаган жери, болбосо баланын туулгандыгы тууралу билдирген органдын же уюмдун аталышы жана юридикалык дареги;

- туулгандыгы тууралу берилген документтин сериясы жана номуру.

2. Бир эле мезгилде эгиз же андан көп бала туулган учурда туулгандыгы тууралу акт жазуусу алардын төрөлүү кезеги көрсөтүлүү менен ар бир балага карата түзүлөт.

3. Бала өлүү туулган учурда анын аты жана атасынын аты тууралу маалымат туулгандыгы жөнүндө каттоо актысына киргизилбейт.

(КР 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

23-статья. Туулгандык тууралу күбөлүк

Туулгандык тууралу күбөлүк төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:

- баланын жеке идентификациялык номурун, фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын жана жерин;

- ата-энесинин (ата-энесинин биринин) жеке идентификациялык номурун, фамилиясын, атын, атасынын атын, жарандыгын;

- туулгандыгы тууралу акт жазуусу түзүлгөн күндү жана номурун;

- туулгандыкты мамлекеттик катгоо ордун (жарандык абалдын актыларын жазуу органынын аталышын);

- (КР 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- туулгандыгы тууралу күбөлүктү берген күндү.

Ата-энесинин каалоосу боюнча туулгандык тууралу күбөлүккө ата-энесинин (ата-энесинин биринин) улутун жазуу киргизилиши мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы N 132, 2018-жылдын 5-июнундагы N 60Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

III глава
 Никеге турууну мамлекеттик каттоо

24-статья. Никеге турууну мамлекеттик каттоо үчүн негиз

Никеге турууну мамлекеттик каттоо үчүн никеге туруучу адамдардын биргелешип жазган арызы негиз болуп саналат.

25-статья. Никеге турууну мамлекеттик каттоо орду

Никеге турууну мамлекеттик каттоо никеге туруучу адамдардын, алар каалаган же ата-энелеринин биринин жашаган жери боюнча жарандык абал актыларын жазуу органдары тарабынан жүргүзүлөт.

26-статья. Никеге туруу жөнүндө арыз

1. Никеге кирүүчү адамдар жарандык абалдын актыларын жазуу органына никеге туруу жөнүндө жазуу формасында биргелешкен арыз беришет.

Биргелешкен арызда никеге турууга өз ара ыктыярдуу макулдашуу, ошондой эле никеге турууга тоскоолдук кылуучу шарттардын жоктугу тастыкталууга тийиш. Никеге туруу жөнүндө биргелешкен арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

- никеге туруп жаткан адамдардын ар биринин жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, никеге турууну мамлекеттик каттоо күнүндөгү жаш курагы, жарандыгы, улуту (өз каалоосу боюнча), жашаган жери жана үй-бүлөлүк абалы тууралу маалыматтары (никеде болгон эмес, ажырашкан, жесир (жесил);

- никеге кирип жаткандар тандаган фамилиялары;

- никеге кирип жаткандардын ким экендигин ырастаган зарыл керектүү документтердин реквизиттери.

Никеге кирүүчү адамдар никеге туруу жөнүндө биргелешкен арызга кол коюшат жана аны түзгөн күндү көрсөтүшөт.

Никеге туруу жөнүндө биргелешкен арыз менен бирге берилүүчү зарыл документтер:

- никеге кирүүчүлөрдүн ким экендигин ырастаган документтер;

- эгерде адам (жак) мурда никеде турган болсо, мурдагы никенин токтотулгандыгын тастыктаган документ;

- эгерде никеге кирүүчү адамдын (жактын) жашы жете элек болсо (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 14-статьясынын 2-пункту), никелик куракка жеткиче никеге кирүүгө уруксат берүү.

2. Эгерде никеге кирүүчү адамдардын бири ушул статьянын 1-пунктунда каралган биргелешкен арызды берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, никеге кирүүчү адамдын эрки никеге туруу жөнүндө өзүнчө арыздар менен жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Адамдын мындай арызындагы кол тамгасы нотариалдык жактан ырасталууга тийиш.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы N 132, 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-статья. Никеге турууну мамлекеттик каттоонун тартиби

1. Никеге турууну мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 12-статьясында, 13-статьясынын 1-пунктунда, 14 жана 163-статьяларында каралган шарттар сакталганда жүргүзүлөт.

2. Никеге турууну мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органына никеге туруу жөнүндө биргелешкен арыз берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт.

3. Никелешип жаткан адамдардын биргелешкен арызы боюнча ушул статьянын 2-пунктунда белгиленген мөөнөттү жарандык абалдын актыларын жазуу органы Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 12-статьясынын 1-пунктунда каралган негиздер боюнча өзгөртөт.

4. Никеге турууну мамлекеттик каттоо никелешкен адамдардын катышуусу менен жүргүзүлөт.

5. Никелешкен адамдардын каалоолору боюнча никеге турууну мамлекеттик каттоо салтанаттуу кырдаалда жүргүзүлүшү мүмкүн.

6. Эгерде никелешкен адам (адамдардын бири) катуу оорунун, кош бойлуулуктун, бала төрөгөндүн жана тараптардын биринин өмүрүнө болгон түздөн-түз коркунучтун натыйжасында биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келе албаса, никени мамлекеттик каттоо никеге кирүүчү адамдардын катышуусу менен үйүндө, медициналык же башка мекемеде жүргүзүлүшү мүмкүн.

6-1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлүк жарандар менен никеге туруусун мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтерди берүүдө жүргүзүлөт:

- эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ал жараны болуп саналган мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген, белгиленген тартипте легалдаштырылган же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосун тиркөө менен апостиль болгондо, чет өлкөлүк жарандын никесинин жоктугу жөнүндө маалымкаты;

- нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосун тиркөө менен чет өлкөлүк жарандын паспорту.

7. Камакта отурган же эркинен ажыратуу орундарында жазасын өтөп жаткан адамдар менен никеге турууну мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жетекчисинин макулдугу боюнча тиешелүү мекеменин начальниги чектеген жайда жүргүзүлөт.

8. Никеге турууну мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 15-статьясында белгиленген жагдайларда никеге турууга тоскоолдуктар болсо жүргүзүлбөйт.

9. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жетекчиси, эгерде никеге турууга тоскоолдук кылуучу жагдайлар далилдүү аныктоолор менен тастыкталса, никеге турууну мамлекеттик каттоодон жазуу жүзүндө баш тартат.

Жарандык абалдын актысын жазуу органынын никени каттоодон баш тартышы никелешүүнүн каалаган адамдар (алардын бири) тарабынан административдик иш жөнүндө мыйзамдар менен аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.

(КР 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

28-статья. Никени салтанаттуу кырдаалда каттоо

1. Никени каттоо салтанаттуу кырдаалда жүргүзүлүшү мүмкүн (жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын никени салтанаттуу каттоо үчүн атайын камдаган имараттарда, жайларда, ошондой эле жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын жана никелешкен адамдардын макулдугу боюнча башка орундарда).

Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызмат адамы:

- никелешкен адамдарга келечектеги жубайлардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт;

- никелешүү жөнүндөгү макулдукту жана жубайлар тандап алган фамилияларды тактайт.

2. Никеге турууга тоскоолдук жок болсо никелешкендердин колу коюлган жана жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызмат адамынын кол тамгасы менен бекитилген нике туурасындагы жазуу жарандык абалдын актыларын жазуу китебине киргизилет.

29-статья. Никеге туруу жөнүндө жазууну токтото туруу

Никеге туруу жөнүндө акт жазуусу жазылганга чейин никеге турууну каттоо үчүн тоскоолдуктар бар экендиги жөнүндө арыз келип түшкөн учурда жарандык абалдын актысын жазуу органынын кызмат адамы жазууну токтото турууга жана арыз ээсинен белгиленген мөөнөттө тийиштүү документтик далилдерди берүүнү талап кылууга милдеттүү. Мөөнөт бир айдан ашпоого тийиш.

30-статья. Никеге турууну мамлекеттик каттоодо жубайлардын фамилиясын жазуунун тартиби

1. Никеге турууну мамлекеттик каттоодо жубайларга никеге туруу жөнүндө актыны жазууда жубайлардын тандап алуусу боюнча жубайлардын жалпы фамилиясы же жубайлардын ар биринин никеге чейинки фамилиясы жазылат.

2. Жубайлардын жалпы фамилиясы катары жубайлардын биринин фамилиясы же, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамында башкача каралбаса, күйөөсүнүн фамилиясына аялынын фамилиясын кошуу аркылуу түзүлгөн фамилия жазылышы мүмкүн. Жубайлардын жалпы фамилиясы дефис менен бириктирилип жазылган эки фамилиядан көп болбоого тийиш.

31-статья. Никеге туруу жөнүндө акт жазуусунун мазмуну

1. Никеге туруу жөнүндө акт жазуусуна төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:

- никеге тургандардын ар биринин жеке идентификациялык номуру, фамилиясы (никеге турганга чейинки жана андаң кийинки), аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жашы, жарандыгы, улуту, жашаган жери;

- эгерде никеге турган адам (адамдар) мурда никеге турса, мурдагы никенин токтотулушун тастыктаган документ жөнүндө маалыматтар;

- никеге тургандардын инсандыгын ырастаган документтердин реквизиттери;

- никеге туруу жөнундөгү акт жазуусу түзүлгөн дата жана номуру;

- никеге турууну мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн жарандык абалдын актысын жазуу органдын аталышы;

- нике жөнүндө берилген күбөлүктүн сериясы жана номуру.

2. Эгерде нике бузулса же жараксыз деп табылса никеге туруу тууралу акт жазуусуна никенин бузулушу жөнүндө же аны жараксыз деп табуу тууралу маалыматтар киргизилет. Мындай маалыматтарды киргизүү никенин бузулушу жөнүндө соттун чечиминин же никенин бузулушу жарандык абалдын актысын жазуу органында никенин бузулушу тууралу акт жазуусунун негизинде, болбосо никени жараксыз деп табуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

(КР 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

32-статья. Никеге туруу жөнүндөгү күбөлүк

Никеге туруу жөнүндөгү күбөлүк төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:

- никеге тургандардын ар биринин жеке идентификациялык номурун, фамилиясын (никеге турганга чейинки жана андан кийинки), атын, атасынын атын, туулган датасын жана жерин, жарандыгын жана улутун;

- никеге турган датаны;

- никеге туруу жөнүндөгү акт жазуусу түзүлгөн датаны жана номурун;

- никеге турууну мамлекеттик каттаган жерди (жарандык абалдын актысын жазуу органынын аталышын);

- никеге туруу жөнүндөгү күбөлүк берилген датаны.

(КР 2018-жылдын 5-июнундагы N 60Мыйзамынын редакциясына ылайык)

IV глава
 Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо

33-статья. Никенин бузулушун мамлёкеттик каттоо үчүн негиздер

Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:

- жашы жетпеген жалпы балдары жок жубайлардын никенин бузулушу жөнүндөгү биргелешкен арызы;

- жубайлардын бири тарабынан берилген никенин бузулушу жөнүндө арыз жана эгерде ал сот тарабынан дайынсыз жок деп табылса, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса же жасаган кылмышы үчүн үч жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо, жубайдын бирине карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими (өкүмү);

- никенин бузулушу жөнүндөгү сотгун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.

34-статья. Никенин бузулушун мамлекеттик каттаган жер

Никени бузулушун мамлекеттик каттоо жубайлардын (жубайлардын биринин) жашаган жери боюнча же болбосо никеге турууну мамлекеттик каттоого алган жери боюнча жарандык абалдын актысын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы N 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

35-статья. Жашы жетпеген жалпы балдары жок жубайлардын өз ара макулдугу боюнча никенин бузулушун мамлекеттик каттоонун тартиби

1. Жашы жетпеген жалпы балдары жок жана мүлк жагынан жана башкалар боюнча бири-бирине доосу болбогондо жубайлар никенин бузулушуна өз ара макул болгондо никенин бузулушу жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

2. Никенин бузулушун каалаган жубайлар жарандык абалдын актыларын жазуу органына никенин бузулушу жөнүндө жазуу формасында биргелешкен арыз беришет.

Никенин бузулушу жөнүндөгү биргелешкен арызда жубайлар никенин бузулушуна өз ара макулдуктарын, жашы жете элек жалпы балдары жана мүлк жагынан жана башкалар боюнча бири-бирине доосу жок экендигин тастыктоого тийиш. Никенин бузулушу жөнүндөгү биргелешкен арызда да төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөөгө тийиш:

- жубайлардын ар биринин жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери;

- никеге туруу жөнүндөгү акт жазуусунун реквизиттери;

- никенин бузулушунда жубайлардын ар бири тандап алган фамилиялар;

- жубайлардын инсандыгын ырасталган документтердин реквизиттери.

Никенин бузулушун каалаган жубайлар биргелешкен арызга кол коюшат жана ал түзүлгөн датаны көрсөтүшөт.

3. Эгерде никенин бузулушун каалаган жубайлардын биринин ушул статьянын 2-пунктунда каралган арызды берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, жубайлардын эркин билдирүүсү никенин бузулушу жөнүндө өзүнчө арыз менен жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Жубайдын мындай арызындагы кол тамгасы нотариус тарабынан ырасталууга тийиш.

4. Никенин бузулушу жана анын бузулушун мамлекеттик каттоо никенин бузулушу тууралу жубайлар биргелешкен арыз берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин жубайлардын экөөнүн тең же экөөнүн биринин катышуусу менен жүргүзүлөт.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы N 132, 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

36-статья. Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулушун мамлекеттик каттоонун тартиби

1. Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулушу, эгерде экинчи жубай:

- сот тарабынан дайынсыз деп табылса;

- сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса;

- кылмыш жасагандыгы үчүн үч жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо, жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган учурларда никенин бузулушун мамлекеттик каттоо никенин бузулушун каалаган жубайлардын биринин арызы боюнча жүргүзүлөт.

Никенин бузулушу жөнүндөгү арызда төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:

- никенин бузулушун каалаган жубайдын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери;

- ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн никенин бузулушу үчүн негиз;

- экинчи жубайдын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, белгилүү болгон акыркы жашаган жери;

- никеге туруу жөнүндөгү акт жазуусунун реквизиттери;

- никенин бузулушун каалаган жубай тандап алган фамилия;

- никенин бузулушун каалаган жубайдын инсандыгын ырастаган документтин реквизиттери;

- аракетке жөндөмсүз жубайдын камкорчусунун же дайынсыз кеткен жубайдын мүлкүн башкаруучунун жашаган жери, болбосо соттолгон жубай жазасын өтөп жаткан жаза мекемесинин жайгашкан орду.

Никенин бузулушун каалаган жубай арызга кол коет жана ал түзүлгөн датаны көрсөтөт.

Никенин бузулушу жөнүндө арыз менен бир эле убакта:

- экинчи жубайды дайынсыз же аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими, болбосо экинчи жубайды үч жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондугу тууралу соттун өкүмү;

- арыз ээсинин инсандыгын ырастаган документ берилүүгө тийиш.

3. Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулушун мамлекеттик каттоо никенин бузулушу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин анын катышуусу менен жүргүзүлөт.

4. Никенин бузулушу жөнүндө арызды кабыл алган жарандык абалдын актысын жазуу органы жазасын өтөп жаткан жубайга, болбосо аракетке жөндөмсүз жубайдын камкорчусуна же дайынсыз кеткен жубайдын мүлкүн башкаруучуга, ал эми алар жок болгон учурда түшкөн арыз жана никенин бузулушун мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген дата тууралу камкордук жана көзөмөлдүк органына үч күндүк мөөнөт ичинде маалымдайт.

Эгерде нике аракетке жөндөмсүз же үч жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон жубай менен бузулса, маалымдамада никенин бузулушун мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген датага чейин никенин бузулушунда ал тандап ала турган фамилияны билдирүүнүн зарылдыгы да көрсөтүлөт.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы N 132, 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

37-статья. Никенин бузулушу жөнүндө соттун чечиминин негизинде никенин бузулушун мамлекеттик каттоонун тартиби

1. Соттун чечиминин негизинде никенин бузулушун мамлекеттик каттоо соттун чечиминин көчүрмөсүнүн негизинде никеге турган мамлекеттик катталган жердеги, болбосо соттун чечиминен жазып алуунун жана мурдагы жубайлардын (алардын кимисинин болсун) арызынын же аракетке жөндөмсүз жубайдын камкорчусунун арызынын негизинде мурдагы жубайлар (алардын кимисинин болсун) жашаган жердеги жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында жүргүзүлөт. Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо жөнүндөгү арыз жазуу формасында берилет.

Эгерде мурдагы жубайлардын бири никенин бузулгандыгын жарандык абалдын актысын жазуу органына каттатып койсо, ал эми мурдагы башка жубай ошол эле жарандын абалдын актысын жазуу органына кийин кайрылса, бул жөнүндөгү маалымат мурдагы жубайдын никени бузуу тууралу алгачкы катталган акт жазуусуна киргизилет.

Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз менен бир убакта никенин бузулушу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими берилүүгө жана мурдагы жубайлардын (жубайлардын биринин) жубайдын инсандыгын ырастаган документтер берилүүгө тийиш.

2. Мурдагы жубайлар (жубайлардын ар бири) же аракетке жөндөмсүз жубайдын камкорчусу никенин бузулушун мамлекеттик каттоо жөнүндө арызданууга башка адамдарга жазуу формасында ыйгарым укук бере алышат.

3. Никенин бузулушуна нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча жол берилет, анын негизинде никени бузуу жөнүндө актылык жазуу түзүлөт. Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо боюнча кызыкчылыктарды көрсөтүүгө жана никенин бузулушу жөнүндө күбөлүктү алууга ыйгарым укуктар ишеним катта атайын каралууга (эскертилүүгө) тийиш.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы N 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

38-статья. Нике бузулгандан кийин жубайлардын фамилияларын сактап калуулары же өзгөртүүлөрү

Никеге кирүүдө фамилиясын өзгөрткөн жубай нике бузулгандан кийин дагы ошол фамилиясын сактап калууга укуктуу же анын каалоосу боюнча никенин бузулушун мамлекеттик каттоодо ага никеге чейинки фамилиясы берилет.

39-статья. Никенин бузулушу жөнүндө акт жазуусунун мазмуну

1. Никенин бузулушу жөнүндө акт жазуусуна төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:

- никени бузган адамдардын ар биринин жеке идентификациялык номуру, фамилиясы (нике бузулганга чейинки жана андан кийинки), аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери;

- никеге туруу жөнүндө акт жазуусун түзүүнүн датасы, номуру жана никеге турууну мамлекеттик каттоо жүргүзгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын аталышы;

- никенин бузулушун мамлекеттик каттоо үчүн негиз болгон документ жөнүндө маалыматтар;

- никенин токтотулушунун датасы;

- никесин бузгандардын инсандыгын ырастаган документтердин реквизиттери;

- никенин бузулушу жөнүндө күбөлүктүн сериясы жана номуру.

2. Никенин бузулушу жөнүндө акт жазуусунда никенин токтотулушунун датасы Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексиниин 26-статьясына жана 175-статьясынын 3-пунктуна ылайык көрсөтүлөт.

(КР 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

40-статья. Никенин бузулушу жөнүндөгү күбөлүк

1. Никенин бузулушу жөнүндөгү күбөлүк төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:

- никени бузган адамдардын ар биринин жеке идентификациялык номурун, фамилиясын (нике бузулганга чейинки жана андан кийинки), атын, атасынын атын, туулган датасын жана жерин, жарандыгын, улутун;

- никенин бузулушун мамлекеттик каттоо үчүн негиз болгон документ жөнүндө маалыматтарды;

- никенин токтотулушунун датасын;

- никенин бузулушу жөнүндөгү акт жазуусун түзүүнүн датасын жана номурун;

- никенин бузулушунун мамлекеттик катталган жерин (никенин бузулушун мамлекеттик каттоону жүргүзгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын аталышын);

- никенин бузулушу жөнүндөгү күбөлүк берилген адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын;

- никенин бузулушу жөнүндөгү күбөлүк берилген датаны.

2. Никенин бузулушу жөнүндөгү күбөлүк жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан никени бузган адамдардын ар бирине берилет.

(КР 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

V глава
Баланы (кызды) асырап алууну мамлекеттик каттоо

41-статья. Баланы (кызды) асырап алууну мамлекеттик каттоо үчүн негиз

Баланы же кызды асырап алууну (мындан ары - асырап алуу) мамлекеттик каттоо үчүн баланы асырап алуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими негиз болуп саналат.

Асырап алынуучу баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо же туулгандыгы тууралуу жоголуп кеткен акт жазуусун калыбына келтирүү асырап алуу жөнүндө соттун чечими чыгарылганга чейин жүргүзүлүүгө тийиш.

(КР 2014-жылдын 16-январындагы N 12, 2016-жылдын 23-июлундагы N 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

42-статья. Асырап алууну мамлекеттик каттоочу жер

Асырап алууну мамлекеттик каттоо асырап алуу жөнүндө соттун чечими чыгарылган жердеги же асырап алуучулар (асырап алуучу) жашаган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

(КР 2006-жылдын 4-августундагы № 147, 2014-жылдын 16-январындагы N 12 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

43-статья. Асырап алууну мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз

1. Баланы асырап алууну мамлекеттик каттоо асырап алуучулардын (асырап алуучунун) арызы боюнча жүргүзүлөт. Арыз жазуу жүзүндө берилет.

Арызда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:

- баланын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты;

- баланы (кызды) асырап алуу жөнүндө соттун күчүнө кирген чечиминин реквизиттери (аталышы, чыгарылган датасы);

- асырап алуучулардын (асырап алуучунун) жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, жарандыгы, улуту (өз каалоосу боюнча), жашаган жери;

- асырап алуучулардын никеге туруу жөнүндө актысынын түзүлгөн датасы, жазуусунун номуру жана асырап алуучулардын никеге туруусун мамлекеттик каттоого алган жарандык абалдын актыларын жазуу органынын аталышы;

- асырап алуучулардын (асырап алуучунун) инсандыгын ырастаган документтин реквизиттери;

- асырап алуучуларды (асырап алуучуну) ата-энелер (ата-эне) катары жазуу тууралу маалыматтар;

- асырап алуучулар ыйгарым укуктарын өткөрүп берген учурда, ыйгарым укуктуу адамдын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты.

Арыздын түзүлгөн датасын көрсөтүү менен, ага арыз берүүчү тарабынан кол коюлууга тийиш.

Арыз менен бир убакта баланы асырап алуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими берилүүгө жана асырап алуучулардын (асырап алуучунун) инсандыгын ырастаган документтер көрсөтүлүүгө тийиш.

Асырап алуучулар (асырап алуучу) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча бала асырап алууну мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз берүү үчүн башка жактарга ыйгарым укук берүүгө укуктуу. Ишенимдүү адамдын ыйгарым укуктары ишеним катта атайын каралууга тийиш.

2. Эгерде асырап алуучулар (асырап алуучу) же алар ыйгарым укук берген адамдар бала асырап алынган күндөн тартып бир айдын ичинде мындай арыз бербесе, асырап алуу жарандык абалдын актыларын жазуу органына келип түшкөн баланы асырап алууну белгилөө жөнүндө соттун чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 45-статьясында белгиленген тартипте катталат.

(КР 2006-жылдын 4-августундагы № 147, 2014-жылдын 16-январындагы N 12, 2016-жылдын 23-июлундагы N 132, 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

44-статья. Асырап алуу акт жазуусунун мазмуну

1. Асырап алуу жөдүндө акт жазуусуна төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:

- баланын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери (асырап алынганга чейинки жана андан кийинки);

- ата-энесинин (ата-энесинин биринин) жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, жарандыгы, улуту (туулгандыгы жөнүндө акт жазуусунда же баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктө болсо);

- туулгандыгы жөнүндө акт жазуусун түзүүнүн датасы, номуру жана баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоону жүргүзгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын аталышы;

- асырап алуучунун (асырап алуучулардын) жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жарандыгы, улуту (өз каалоосу боюнча), жашаган жери;

- асырап алуучулардын никеге туруу жөнүндөгү акт жазуусун түзүүнүн датасы, номуру жана асырап алуучулардын никеге туруусун мамлекеттик каттоону жүргүзгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын аталышы;

- асырап алууну белгилөө жөнүндө соттун чечиминин реквизиттери;

- асырап алуу жөнүндө берилген күбөлүктүн сериясы жана номуру.

2. Эгерде асырап алууну белгилөө жөнүндө соттун чечими боюнча асырап алуучулар (асырап алуучу) анын ата-энеси (атасы же энеси) деп жазылса, мындай маалыматтар асырап алуу тууралу акт жазуусуна киргизилет.

(КР 2006-жылдын 4-августундагы № 147, 2014-жылдын 16-январындагы N 12, 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

45-статья. Асырап алуу жөнүндө күбөлүк

Асырап алуу жөнүндө күбөлүк төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:

- баланын жеке идентификациялык номурун, фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын жана жерин (асырап алууга чейинки жана андан кийинки);

- асырап алуучулардын (асырап алуучунун) жеке идентификациялык номурун, фамилиясын, атын, атасынын атын, жарандыгын, улутун (эгерде ал асырап алуу жөнүндөгү акт жазуусунда көрсөтүлсө);

- асырап алуу жөнүндөгү акт жазуусун түзүүнүн датасын жана номурун;

- асырап алууну мамлекеттик каттаган жерди (жарандык абалдын актыларын жазуу органынын аталышын);

- асырап алуу жөнүндөгү күбөлүк берилген датаны.

(КР 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

46-статья. Асырап алууга байланыштуу туулгандыгы жөнүндөгү акт жазуусун өзгөртүү

1. Асырап алуу жөнүндөгү акт жазуусунун негизинде жарандык абалдын актысынын жазуусуна оңдоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү үчүн ушул Мыйзамда белгиленген тартипте баланын туулгандыгы тууралу акт жазуусуна тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилет.

2. Асырап алуучулардын (асырап алуучунун) каалоосу боюнча соттун чечиминин негизинде баланы асырап алгандыгын, баланын туулган датасын жана (же) туулган жерин белгилөө жөнүндө өзгөртүү киргизилген учурда, соттун чечиминде көрсөтүлгөн баланын туулган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан баланын туулгандыгы тууралуу актынын жаңы жазуусу түзүлүшү мүмкүн. Баланын туулгандыгы жөнүндө жаңы жазылган актынын түзүлүшү тууралу маалыматтар анын туулгандыгы жөнүндө мурда жүргүзүлгөн жазууга киргизилет.

3. Баланын туулгандыгы жөнүндөгү акт жазуусу сакталган жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органы асырап алууга байланыштуу баланын туулгандыгы тууралу өзгөртүлгөн же жаңыдан түзүлгөн актынын жазылышынын негизинде анын туулгандыгы жөнүндө жаңы күбөлүк берет.

(КР 2006-жылдын 4-августундагы № 147, 2014-жылдын 16-январындагы N 12, 2016-жылдын 23-июлундагы N 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

47-статья. Асырап алынган баланын туулгандыгы жөнүндө акт жазуусунда ата-эне (ата-эненин бирөө) тууралу маалыматтарды сактап калуу

Эгерде баланын асырап алынышын белгилөө жөнүндө соттун чечиминде асырап алынган баланын ата-энеси тарабынан мүлктүк эмес жана мүлктүк жекече мамилелерин сактоо тууралу көрсөтүлсө, баланын туулгандыгы жөнүндөгү акт жазуусунда көрсөтүлгөн атасы же энеси жөнүндө маалыматтар өзгөртүүгө жатпайт.

(КР 2006-жылдын 4-августундагы № 147, 2014-жылдын 16-январындагы N 12 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

48-статья. Асырап алуунун жокко чыгарылышына байланыштуу туулгандык жөнүндөгү акт жазуусун өзгөртүү

Асырап алууну жокко чыгаруу жөнүндөгү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде асырап алуу тууралу акт жазуусуна асырап алууну жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтары жана баланын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жери жана датасы жөнүндөгү баштапкы маалыматтар, ошондой эле туулгандык тууралу акт жазуусундагы баланын ата-энеси жөнүндөгү маалыматтар киргизилет. Мурда берилген туулгандык жөнүндөгү күбөлүк жокко чыгарылат жана туулгандык тууралу акт жазуусуна киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен туулгандык жөнүндөгү жаңы күбөлүк берилет.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы N 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

49-статья. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан асырап алуунун жашыруундулугун камсыз кылуу

1. Асырап алуунун жашыруундуулугу мыйзам тарабынан корголот.

2. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын кызматкерлери асырап алуучулардын (асырап алуучунун) макулдугусуз асырап алуу жөнүндө кандайдыр бир маалыматтарды билдирүүгө жана асырап алуучулар (асырап алуучу) асырап алынган баланын ата-энеси (ата-энесинин бири) эмес экендиги мазмунунан билинип турган документтерди берүүгө укуксуз.

VI глава
 Аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо

50-статья. Аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо үчүн негиз

Аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:

- бала төрөлгөн учурда баланын өз ара никеде турбаган атасы менен энесинин атасы ким экендигин аныктоо жөнүндөгү биргелешкен арызы;

- ушул Мыйзамдын 53-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда, бала төрөлгөн убакта баланын энеси менен никеде турбаган баланын атасынын аталыкты аныктоо жөнүндөгү арызы;

- аталыкты аныктоо же аталыкты таануу фактысын аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.

Баланын ата-энеси тарабынан аталыгын аныктоо жөнүндө биргелешкен арыз берүүгө мүмкүн болбогон учурда, эрк-ниетин билдирүү атасынын же энесинин өзүнчө арыздары менен жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Мындай арызда коюлган колдун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Атасынын арызы жарандык абалдын актыларын жазуу органына энесинин арызы менен бир убакта берилет. Арызда балага фамилия ыйгаруу жөнүндө атасы менен энесинин пикири билдирилүүгө тийиш. Аталыкты белгилөөнү каттоодо ата-энесинин биринин катышуусу милдеттүү.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы N 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

51-статья. Аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоонун орду

Аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо бала төрөлгөн учурда өз ара никеге турушпаган баланын атасынын же энесинин жашаган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы, болбосо баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодон өткөргөн жери боюнча, ал эми ушул мыйзамдын 56-статьясында каралган учурда аталыкты аныктоо жөнүндөгү же аталыкты таануу фактысын аныктоо тууралу сот чечим чыгарган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы жүргүзөт.

52-статья. Бала төрөлгөн учурда өз ара никеде турбаган баланын атасынын жана энесинин биргелешкен арызынын негизинде аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо

1. Бала төрөлгөн учурда өз ара никеде турбаган баланын атасы жана энеси биргелешип жазган аталыкты аныктоо жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү арызды жарандык абалдын актыларын жазуу органына берет.

2. Аталыкты аныктоо жөнүндөгү биргелешкен арыз баланын төрөлгөндүгүн мамлекеттик каттоо учурунда, ошондой эле баланын төрөлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөндөн кийин берилиши мүмкүн.

3. Эгерде бала төрөлгөндөн кийин аталыкты аныктоо жөнүндө биргелешип арыз берүү мүмкүн эмес же тоскоолдуктарга учурай тургандай негиздер бар деген божомолдор болсо, бала төрөлгөн учурда өз ара никеде турбаган баланын болочок атасы жана энеси мындай арызды эненин боюнда бар кезинде бере алат. Мындай арыз түшкөндө, эгерде баланын төрөлүшүн мамлекеттик катгоого чейин мурда берилген арыз атасы же энеси тарабынан кайра алынбаса, аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо баланын төрөлүшүн мамлекеттик каттоо менен бир эле учурда жүргүзүлөт жана жаңы арыз талап кылынбайт.

4. Аталыкты аныктоо жөнүндөгү биргелешкен арызда баланын энеси менен никеде турбаган адам атасы деп таанылгандыгы жана ал атасы экендигин аныктоого энесинин макулдугу тастыкталуута тийиш. Ал арызда төмөндөгүдөй маалыматтар, көрсөтүлүүгө тийиш:

- өзүн баланын атасы деп тапкан адамдын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери;

- баланын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, жынысы, туулган датасы жана жери, ошондой эле анын туулгандыгы жөнүндө акт жазуусунун реквизиттери (баланын төрөлгөндүгүн мамлекеттик каттоодон кийин атасы экендигин аныктоо учурунда);

- баланын энесинин жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери;

- никеге туруу жөнүндөгү акт жазуусунун реквизиттери (бала төрөлгөндөн кийин баланын атасы менен анын энеси никеге турган учурда);

- атасы аныкталгандан кийин баланын фамилиясы, аты, атасынын аты;

- баланын атасынын жана энесинин инсандыгын ырастаган документтердин реквизиттери.

Арыз берүүчүлөр аталыкты аныктоо жөнүндөгү биргелешкен арызга кол коюшат жана аны түзгөн дата көрсөтүлөт.

Бала төрөлгөнгө чейин берилген мындай арызда ага атасынын же энесинин фамилиясын берүүдө жана атын коюуда (төрөлгөн баланын жынысына жараша) болочоктогу баланын ата-энелеринин макулдашуусу тастыкталат.

Бала төрөлгөндөн кийин аталыкты аныктоодо аталыкты аныктоо жөнүндөгү биргелешкен арыз менен бир эле убакта баланын туулгандыгы тууралу күбөлүк, ал эми ушундай арыз бала төрөлгөнгө чейин берилген учурда эненин боюнда бар экендигин тастыктоочу медициналык уюм же жекече иштеген врач жазган документ берилет.

(КР 2006-жылдын 4-августундагы № 147, 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

53-статья. Бала төрөлгөн учурда баланын энеси менен никеге турбаган атасынын арызы боюнча аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо

1. Бала төрөлгөн учурда баланын энеси менен никеге турбаган атасынын арызы боюнча аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо, эгерде энеси өлгөн болсо, ал жоопкерчиликке жөндөмсүз деп табылса, энесинин жашап турган жери жөнүндө маалымат жок болсо же ал ата-энелик укуктан ажыратылса, көзөмөлчүлүк жана камкордук органынын макулдугу менен, ал эми мындай макулдук жок учурда - соттун чечими боюнча жүргүзүлөт.

2. Аталыкты аныктоо жөнүндөгү атасынын арызы жазуу жүзүндөгү жарандык абалдын актыларын жазуу органына берилет.

Ушундай арызда баланын энеси менен никеге турбаган адамды атасы деп таануу жана ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайдын бар экендиги тастыкталууга тийиш. Аталыкты аныктоо жөнүндөгү арызда төмөндөгүдөй маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:

- өзүн баланын атасы деп тапкан адамдын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери;

- баланын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, жынысы, туулган датасы жана жери, анын туулгандыгы жөнүндө акт жазуусунун реквизиттери;

- энесинин өлгөндүгүн, анын жоопкерчиликке жөндөмсүз деп табылгандыгын, анын жашап турган жерин аныктоого мүмкүн эмес экендигин же анын ата-энелик укуктан ажыратылгандыгын тастыктоочу документ жөнүндө маалымат;

- аталык аныкталгандан кийинки баланын фамилиясы, аты, атасынын аты;

- атасынын инсандыгын ырастаган документтин реквизиттери.

Арыз берүүчү аталыкты аныктоо жөнүндөгү арызга кол коет жана аны түзгөн дата көрсөтүлөт.

Ушундай арыз берүү менен бир эле учурда энесинин өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк, энесин жоопкерчиликке жөндөмсүз деп табуу тууралу же аны ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндөгү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими, болбосо энесин дайынсыз жоголду деп табуу тууралу соттун чечими же анын жашап турган жерин табуунун мүмкүн эместигин тастыктоочу, энесинин акыркы жолу жашап турган жери боюнча ички иштер органы берген документ көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Жашы жете элек адамга карата аталыкты аныктоо жөнүндө атасы арыз берүүдө арыз менен кошо аталыкты аныктоого ошол органдын берген макулдугун тастыктоочу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүм берген документ көрсөтүүгө тийиш.

(КР 2006-жылдын 4-августундагы № 147, 2016-жылдын 23-июлундагы N 132, 2018-жылдын 5-июнундагы N 60Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

54-статья. Жашы жеткен адамга карата аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо

Эгерде аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо жашы жеткен адамга карата аталыкты аныктоо жөнүндө арыз берилген күндөн тартып жүргүзүлсө, ушул Мыйзамдын 52 жана 53-статьяларында көрсөтүлгөн тартипте, ошондой арыз менен бирге эле аталыкты аныктоого жашы жеткен адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугу берилүүгө тийиш. Жашы жеткен адамдын макул экендиги өзүнчө арызда же атасы менен энесинин (атасынын арызы) биргелешип жазган арызына кол коюу аркылуу билдирилиши мүмкүн.

55-статья. Аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоодон баш тартуу

Жарандык абалдын актыларын каттоо органынын жетекчиси баланын туулгандыгы тууралу актыны каттоодо, эгерде баланын атасы жөнүндөгү жазылгандар ушул Мыйзамдын 17-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте, энесинин арызы боюнча түзүлгөндөн башка учурда баланын атасы жөнүндө маалымат болсо, аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоодон баш тартат.

56-статья. Соттун чечиминин негизинде аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо

1. Аталыкты аныктоо жөнүндө же атасы деп таануунун фактысык аныктоо тууралу соттун чечиминин негизинде аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо баланын энесинин же атасынын, бала багуусунда турган камкорчулук (көзөмөлдүк) кылган адамдын, болбосо жашы жеткен баланын өзүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт. Арыз жазуу жүзүндө берилет.

Аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз менен бир убакта аталыкты аныктоо жөнүндө же аталыкты таануунун фактысын аныктоо тууралуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими же баланын камкорчусунан (көзөмөлчүсүнөн) арыз берүүдө - камкорчулук (көзөмөлчүлүк) жөнүндө чечим жана алардын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтер берилет.

Ага карата аталык аныкталып жаткан баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо аталыкты аныктоо жөнүндө же аталыкты таануу фактысын белгилөө тууралуу соттун чечими чыгарылганга чейин жүргүзүлүүгө тийиш.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн адам аталыкты мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз берүүгө жазуу жүзүндөгү башка адамга ыйгарым укук бере алат.

Ишенимдүү адамдын ыйгарым укуктары ишеним катта атайын каралууга тийиш.

3. Баланын атасы жөнүндөгү маалымат аталыкты аныктоо тууралу же атасы деп таануунун фактысын аныктоо жөнүндөгү соттун чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык аталыкты аныктоо тууралу жазылган актыга киргизилет.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы N 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

57-статья. Аталыкты аныктоо жөнүндө акт жазуусунун мазмуну

Аталыкты аныктоо жөнүндө акт жазуусуна төмөндөгүдөй маалыматтар киргизилет:

- баланын атасы деп табылган адамдын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери;

- баланын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты (атасы экендиги аныкталганга чейинки), жынысы, туулган датасы жана жери;

- туулгандыгы жөнүндө акт жазуусун түзүүнүн датасы, номуру жана баланын төрөлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жүргүзгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын аталышы;

- аталыгы аныкталгандан кийинки баланын фамилиясы, аты, атасынын аты;

- баланын энесинин жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту;

- аталыкты аныктоо үчүн негиз болуп саналган документ жөнүндөгү маалымат;

- арыз берүүчүнүн (арыз берүүчүлөрдүн) жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери;

- аталыкты аныктоо жөнүндө берилген күбөлүктүн сериясы жана номуру.

(КР 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

58-статья. Аталыкты аныктоо жөнүндө күбөлүк

1. Аталыкты аныктоо жөнүндөгү күбөлүктө төмөндөгүдөй маалыматтар камтылат:

- баланын атасы деп табылган адамдын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту;

- баланын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты (аталыгы аныкталганга чейинки жана андан кийинки), туулган датасы жана жери;

- баланын энесинин жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту;

- аталыкты аныктоо жөнүндө акт жазуусу түзүлгөн датасы жана номуру;

- аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо жүргүзгөн жери (аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо жүргүзгөн жарандык абалдын актыларын жазган органдын аталышы);

- аталыкты аныктоо жөнүндөгү күбөлүктүн берилген датасы.

2. Аталыкты аныктоо жөнүндөгү күбөлүктү ата-энелерге (ата-эненин бирөөнө) жарандык абалдын актыларын жазган орган тарабынан берилет.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы N 132, 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

59-статья. Аталыкты аныктоого байланыштуу баланын туулгандыгы тууралу акт жазуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү

1. Аталыкты аныктоо жөнүндөгү акт жазуусунун негизинде баланын туулгандыгы тууралу актыга анын атасы жөнүндөгү маалымат киргизилет. Атасы жөнүндө маалымат киргизүү, ошондой эле баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү үчүн жарандык абалдын акт жазууларына оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Аталыкты аныктоого байланыштуу баланын туулгандыгы тууралу акт жазуусуна оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жарандык абалдын актыларын жазуу органы аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөндөн үч күндүк мөөнөт ичинде баланын энесинин жашап турган жери боюнча калкты социалдык жактан коргоо органына билдирүүгө милдеттүү.

VII глава
 
Атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо

60-статья. Атын өзгөртүү

1. Он алты жашка чыккан адам өзүнүн фамилиясы, жеке аты жана (же) атасынын аты менен кошо өзүнүн атын өзгөртүүгө укуктуу.

2. Атын өзгөртүү фамилиясын, өзүнүн атын жана (же) атасынын атын өзгөртүүнү каалаган адамдын жашаган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу же туулгандыгын мамлекеттик каттоо жүргүзгөн жериндеги орган тарабынан жүргүзүлөт.

3. Он алты жашка чыга элек жактын атын өзгөртүү ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине ылайык жүргүзүлөт. Ата-эненин дайынсыз жок болгондугун таануу, аны ата-энелик укуктарынан ажыратуу, анын аракетке жөндөмсүз экендигин таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими берилген учурда ата-эненин пикирин эске алуу милдеттүү эмес.

Баланын ата-энеси тарабынан жарандык абалдын актыларын жазуу органына баланын атын, фамилиясын жана атасынын атын өзгөртүү жөнүндө биргелешкен арыз берилет.

Баланын ата-энеси тарабынан баланын фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү жөнүндө биргелешкен арыз берүү мүмкүн болбогон учурда, эркин билдирүү атасынын жана энесинин өзүнчө арыздары менен жол-жоболоштурулат. Мындай арыздагы кол тамганын аныктыгы нотариуста күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Эркин билдирүүсү өзүнчө арыз менен жол-жоболоштурулган ата-эненин арызы башка ата-эненин арызы менен бир убакта жарандык абалдын актыларын түзүү органына берилет. Фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүнү каттоодо ата-энелердин бири катышууга милдеттүү.

4. Атын өзгөртүү жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы мамлекеттик каттоого жатат.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы N 132, 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

61-статья. Атын өзгөртүү жөнүндөгү арыз

Атын өзгөртүү жөнүндөгү арыз жазуу жүзүндө жарандык абалдын актыларын жазуу органына берилет.

Мындай арызда төмөндөгүдөй маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:

- арыз берүүчүнүн жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, өз аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери, үй-бүлөлүк абалы (никеде турабы же жокпу, жесирби, ажырашканбы);

- арыз берүүчүнүн жашы жете элек балдарынын ар биринин фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы;

- арыз берүүчүгө карата жана анын жашы жете элек ар бир баласына карата мурда түзүлгөн жарандык абалдын актысындагы жазуулардын реквизиттери;

- атын өзгөртүүнү каалаган адам тандап алган фамилиясы, өз аты жана (же) атасынын аты;

- фамилиясый, өз атын жана (же) атасынын атын өзгөртүүнүн себептери.

Атын өзгөртүүнү каалаган адам атын өзгөртүү жөнүндөгү арызга кол коет жана аны түзгөн дата көрсөтүлөт.

Ушундай арыз менен кошо төмөндөгүдөй документтер берилүүгө тийиш:

- арыздануучунун инсандыгын ырастоочу документ;

- атын өзгөртүүнү каалаган адамдын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;

- эгерде арыз берүүчү никеде турган болсо, никеге тургандыгы жөнүндөгү күбөлүк;

- эгерде арыз берүүчү никенин бузулгандыгына байланыштуу ага үйлөнгөнгө чейинки фамилиясын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч кылынса, никенин бузулгандыгы жөнүндөгү күбөлүк;

- арыз берүүчүнүн жашы жете элек ар бир баласынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы N 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

62-статья. Атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоонун тартиби

1. Атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо атын өзгөртүү жөнүндөгү арыздын негизинде жүргүзүлөт.

2. Атын өзгөртүү жөнүндөгү арыз жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан арыз берилген күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде каралууга тийиш.

Жүйөлүү себептер болгондо (өзгөртүү киргизүү зарыл болгон жарандык абалдын акт жазууларынын көчүрмөлөрү алынбай калса) атын өзгөртүү жөнүндөгү арызды кароонун мөөнөтү жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жетекчиси тарабынан эки айдан ашпаган убакытка узартылышы мүмкүн.

3. Атын өзгөртүү жөнүндөгү арыз келип түшкөндө жарандык абалдын актыларын жазуу органы атын өзгөртүүгө байланыштуу оңдоо киргизүү зарыл болгон жарандык абал акт жазууларынын көчүрмөлөрүн алардын сакталып турган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынан суратып алат.

4. Эгерде атын өзгөртүүгө, жоготуп койгондугуна, атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоого байланыштуу өзгөртүү киргизүү зарыл болгон жарандык абалдын актыларын жазуу жарандык абалдын акт жазууларын калыбына келтирүү үчүн ушул Мыйзамда белгиленген тартипте каттоону калыбына келтиргенден кийин гана жүргүзүлөт.

Эгерде атын өзгөртүү жөнүндө арыз менен кошо берилген документтерде жана жарандык абалдын акт жазууларынын келип түшкөн көчүрмөлөрүндө маалыматтар дал келбесе, мындай дал келбестик жарандык абалдын акт жазууларын оңдоо жана өзгөртүү киргизүү үчүн ушул Мыйзамда белгиленген тартипте четтетилүүгө тийиш.

Жарандык абалдын акт жазууларын калыбына келтирүү же өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы болсо, ушул статьянын 2-пунктунда белгиленген мөөнөттө калыбына келтирүү жөнүндөгү, болбосо жарандык абалдын акт жазууларына оңдоо же өзгөртүү киргизүү тууралу маселе чечилгенге чейин токтотулуп турат.

5. Эгерде атын өзгөртүү мамлекеттик каттоодон баш тартылса жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жетекчиси баш тартуунун себебин атын өзгөртүүнү каалаган адамга жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Атын өзгөртүү жөнүндөгү арыз менен кошо берилген документ кайтарылып берилүүгө тийиш.

6. Жарандык абалдын актыларын жазуу органы атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз берүүчүнүн жашап турган жери боюнча ички иштер органына жана аскер комиссариатына атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөндөн тартып үч күндүк мөөнөт ичинде билдирүүгө милдеттүү.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы N 132, 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

63-статья. Атын өзгөртүү жөнүндөгү акт жазуусунун мазмуну

Атын өзгөртүү жөнүндөгү акт жазуусуна төмөндөгүдөй маалыматтар киргизилет:

- атын өзгөрткөнгө чейинки адамдын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, өз аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери;

- аты өзгөртүлгөндөн кийинки адамдын фамилиясы, өз аты, атасынын аты;

- туулгандыгы жөнүндө акт жазуусунун датасы жана номуру жана туулгандыган мамлекеттик каттоо жүргүзгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын аталышы;

- атын өзгөрткөндүгү жөнүндө берилген күбөлүктүн сериясы жана номуру.

(КР 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

64-статья. Атын өзгөртүү жөнүндөгү күбөлүк

Атын өзгөртүү жөнүндөгү күбөлүккө төмөндөгүдөй маалыматтар камтылат:

- атын өзгөрткөн адамдын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, өз аты, атасынын аты (атын өзгөрткөнгө чейинки жана андан кийинки), туулган датасы жана жери, жарандыгы;

- атын өзгөрткөндүгү жөнүндө акт жазуусунун түзүлгөн датасы жана номуру;

- атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн жер (атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо жүргүзгөн жарандык абалдын актыларын жазган органдын аталышы);

- атын өзгөрткөндүгү жөнүндөгү күбөлүктүн берилген датасы.

(КР 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

65-статья. Атын өзгөртүүгө байланыштуу жарандык абалдын актысынын жазууларын өзгөртүү

1. Атын өзгөртүү жөнүндөгү акт жазууларынын негизинде атын өзгөртө турган адамга карата мурда түзүлгөн жарандык абалдын актысынын жазуусуна өзгөртүү киргизилет жана жарандык абалдын актысынын жазуусуна киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө жаңы күбөлүк берилет.

Эгерде Кыргыз Республикасынын жаранына, Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга карата атын өзгөртүүнү жарандык абалдын актыларын жазуу органы жүргүзсө, ушундай адамга карата түзүлгөн жарандык абалдын акт жазуусуна чет мамлекеттин мыйзамдарын сактоо менен чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан өзгөртүү, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилдештирилген мындай өзгөрүүлөрдү ырастаган документтер болгондо киргизилет.

2. Ата-эненин жашы жете элек баласынын туулгандыгы жөнүндөгү акт жазуусундагы аты өзгөртүлгөндө ата-энеси тууралу маалымат дагы өзгөртүлөт.

Жашы жеткен баланын туулгандыгы жөнүндөгү акт жазуусундагы анын ата-энеси тууралу маалымат жарандык абалдын акт жазуусуна түзөтүү жана өзгөртүү киргизүү үчүн ушул Мыйзамда белгиленген тартипте ошол адамдын арызы боюнча өзгөртүлөт.

3. Ата-эненин экөөнүн тең фамилиясы жана атасынын аты өзгөртүлсө, алардын он алты жашка чыга элек баласынын туулгандыгы жөнүндөгү жазылган акт жазуусундагы фамилиясы менен атасынын аты өзгөртүлөт.

Ата-энесинин биринин фамилиясы өзгөргөндүгүнө байланыштуу он алты жашка чыга элек алардын баласынын фамилиясы ата-энесинин макулдугу боюнча, ал эми макулдугу жок болсо соттун чечиминин негизинде өзгөрүлүшү мүмкүн.

Ата-энеси фамилиясын жана атасы атын өзгөрткөндүгүнө байланыштуу жашы жеткен баланын фамилиясын жана атасынын атын өзгөртүү ушул Мыйзамда белгиленген тартипте атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо үчүн жүргүзүлөт.

4. Жашы жете элек баланын туулгандыгы тууралуу акт жазуусуна киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жарандык абалдын актыларын жазган органдар тарабынан атын которгондугун мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк берилет.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы N 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VIII глава
 Өлгөндүктү мамлекеттик каттоо

66-статья. Өлгөндүктү мамлекеттик каттоо үчүн негиздер

Өлгөндүктү мамлекеттик каттоо үчүн төмөндөгүлөр негиз болот:

- медициналык уюм саламаттык сактоонун тиешелүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген өлгөндүк тууралу белгиленген формадагы документ;

- өлгөндүк фактысын белгилөө жөнүндө же адамды өлгөн деп жарыялоо тууралу соттун күчүнө кирген чечими;

- негизсиз репрессияланган жана социалдык, улуттук жана башка белгилер боюнча саясий, диний ынанымдары үчүн репрессиялардын натыйжасында жабыр тарткан, кийин реабилитацияланган жарандардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндөгү мыйзамдын негизинде реаблитацияланган адамдын өлгөндүк фактысы тууралу компетенттүү орган тарабынан берилген документ.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы N 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

67-статья. Өлгөндүктү мамлекеттик каттоодон өткөргөн жер

1. Өлгөндүктү мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан каза болгон адамдын акыркы жашаган жери, өлгөн жери боюнча жүргүзүлөт.

2. Эгерде адам кемеде, поездде, самолетто же жүрүп бараткан дагы башка транспорт каражатында кетип баратып өлсө, өлгөндүктү мамлекеттик каттоо ошол өлгөн адамдын сөөгү транспорт каражатынан түшүрүлгөн аймактын ичинде жайгашкан жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Эгерде адам жарандык абалдын актыларын жазуу органдары жок экспедицияда, илимий станцияда же жарандык абалдын актысын жазуу органдары жок алыскы жерде жүрүп өлсө өлгөндүктү мамлекеттик каттоо ошол адамдын өлгөн жерине жакынкы жарандык абалдын актыларын жазуу органы аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Өлгөндүктү мөөнөтүн өткөрүү менен (бир жылдан ашык) мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык абалдын актыларын жазган органдар тарабынан жүргүзүлөт.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы N 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

68-статья. Өлгөндүк тууралу билдирүү

1. Өлгөндүк тууралу жазуу жүзүндөгү жарандык абалдын актыларын жазуу органына төмөндөгүлөр билдирүүгө милдеттүү:

- өлгөн адамдын күйөөсү (аялы), дагы башка үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле өлөөрүндө жанында болгондордун же өлгөндүгү тууралу дагы башка маалымат алгандардын кимиси болсо да;

- эгерде адам ошол уюмда же мекемеде жүргөнүндө өлсө, медициналык уюм же калкты социалдык коргоо мекемеси;

- эгерде кесилген адам эркинен ажыратылган жерлерде жазасын тартуу мезгилинде өлсө, жазаны аткартуучу мекеме;

- (абзац КР 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамына ылайык күчүн жогготту)

- эгерде өлгөн адамдын ким экендиги аныктала элек болсо, анын өлгөндүгүнө байланыштуу же өлгөндүк фактысы боюнча териштирүү жүргүзүлүп жатса, алгачкы текшерүү же тергөө органы;

- эгерде адам аскердик кызматын өтөп жүрүп өлсө, аскер бөлүгүнүн командири.

2. Өлгөндүк тууралу билдирүү ошол адам өлгөн күндөн же өлгөн адамдын денеси табылган күндөн жети күндөн кечиктирбестен берилүүгө жана төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

- арыз ээсинин же юридикалык жактын өкүлүнүн жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, дареги, инсандыгын ырастаган документтин реквизиттери;

- өлгөн адамдын жеке идентификациялык номуру (бар болсо), фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана туулган жери, өлгөн датасы жана жери, жарандыгы, улуту, үй-бүлөлүк абалы, жашаган жери жана инсандыгын ырастаган документтин реквизиттери.

Арыздын түзүлгөн датасын көрсөтүү менен, ага арыз берүүчү тарабынан кол коюлууга тийиш.

(КР 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

69-статья. Өлгөндүк тууралу акт жазуусунун мазмуну

1. Өлгөндүк тууралу акт жазуусун төмөндөгүдөй маалыматтар киргизилет:

- өлгөн адамдын жеке идентификациялык номуру (бар болсо), фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, акыркы жашаган жери, жынысы, жарандыгы, улуту, өлгөн датасы жана жери;

- өлүмдүн себеби (өлгөн фактысын тастыктаган документтин негизинде);

- өлгөн фактысын тастыктаган документинин реквизиттери;

- билдирүүчүнүн жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери, болбосо өлгөндүгү тууралу билдирүү жасаган органдын, уюмдун же мекеменин аты жана юридикалык дареги;

- өлгөндүгү тууралу берилген күбөлүктүн сериясы жана номуру;

- өлгөндүгү тууралу күбөлүк берилген адамдын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери.

2. Эгерде өлгөндүктү мамлекеттик каттоо адамды өлдү деп жарыялаган соттун чечиминин негизинде жүргүзүлүп жатса, анын өлгөн күнү катары өлгөндүгү тууралу акт жазуусуна соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күн же сот тарыбанан өлдү деп белгиленген күн көрсөтүлөт.

(КР 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

70-статья. Өлгөндүк тууралу күбөлүк

Өлгөндүк тууралу күбөлүк төмөндөгүдөй маалыматтарды камтыйт:

- өлгөн адамдын жеке идентификациялык номурун (бар болсо), фамилиясын, атын, атасынын атын, датасын жана туулган жерин, жарандыгын, өлгөн датасын жана жерин;

- өлгөндүгү тууралу акт жазуусу түзүлгөн датаны жана номурун;

- өлгөндүгүн мамлекеттик каттоодон өткөргөн жерди (өлгөндүгү мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын аты);

- өлгөндүк тууралу күбөлүктү берген дата.

(КР 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

IX глава
 Жарандык абалдын акт жазуулурына оңдоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү

71-статья. Жарандык абалдын акт жазууларына оңдоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү үчүн негиздер

1. Жарандык абалдын акт жазууларына оңдоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн негиздердин жана таламдаш адамдардын ортосунда талаш-тартыш болбогондо жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан жүргүзүлөт.

Таламдаш адамдардын ортосунда талаш-тартыш болсо, жарандык абалдын акт жазууларына оңдоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

2. Жарандык абалдын акт жазууларына оңдоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү үчүн төмөндөгүлөр негиз болот:

- асырап алуу тууралу акт жазуусу;

- аталыкты аныктоо тууралу акт жазуусу;

- атын алмаштыруу тууралу акт жазуусу;

- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;

- (алтынчы абзац КР 2016-жылдын 23-июлундагы N 132 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- баланын атасы менен никеде турбаган, баланын туулгандыгы тууралу акт жазуусуна атасы тууралу маалыматтын, болбосо аларды өзгөртүү же жокко чыгаруу киргизилбегендиги тууралу эненин арызы;

- жашы жеткен адамдын ата-энеси (ата-энелери) атын өзгөрткөн учурда ошол адамдын төрөлүшү тууралу акт жазуусунда атасы (энеси) жөнүндө маалыматты өзгөртүү тууралу арызы;

- алгачкы текшерүү же тергөө органы тарабынан берилген өлүмү дайынсыз өлгөн киши катары катталгандын ким экендигин аныктоо тууралу белгиленген формадагы документ;

- эгерде өлгөндүгү мурда катталган болсо, негизсиз репрессияланган жана социалдык, улуттук жана башка белгилер боюнча саясий, диний ынанымдары үчүн репрессиялардын натыйжасында жабыр тарткан, кийин реаблитацияланган жарандардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндөгү мыйзамдын негизинде реабилитациялангандын өлгөндүгүн белгиленген факты тууралу тиешелүү формадагы документ;

- ушул Мыйзамдын 72-статьясында көрсөтүлгөн учурларда жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жарандык абалдын актыларынын жазуусуна оңдоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу чечими.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы N 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

72-статья. Жарандык абалдын акт жазууларына оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу жарандык абалдын актыларын жазуу органынын чечими

Жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу чечим жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан төмөндөгүдөй учурда чыгарылат:

- эгерде жарандык абалдын акт жазуусунда туура эмес же толук эмес маалыматтар көрсөтүлсө, ошондой эле орфографиялык каталар кетирилсе;

- эгерде жарандык абалдын актысын жазуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн эрежелерди эсепке албастан жүргүзүлсө;

- эгерде жынысын өзгөртүү тууралу медициналык уюм тарабынын берилген тиешелүү формадагы документ тапшырылса.

73-статья. Жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу арыз

1. Жарандык абалдын актысынын жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу арыз арыз ээсинин жашаган жериндеги же оңдолууга же өзгөртүлүүгө тийиш болгон жарандык абалдын актысынын жазуулары сакталган жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органына берилет.

Арыз ага жарандык абалдын актысынын жазуусу түзүлгөн адам тарабынан же болбосо ал ыйгарым укук берген адам тарабынан берилет. Жарандык абалдын актысынын жазуусуна оңдоо же өзгөртүү киргизүү жана күбөлүктү алуу жөнүндө ыйгарым укуктар ишеним катта каралууга тийиш.

Өлгөн адамга карата мурда түзүлгөн жарандык абалдын актысынын жазуусуна оңдоо жана өзгөртүү киргизүү өлгөн адамдын жакын тууганынын арызы боюнча жүргүзүлөт.

2. Жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу арызда төмөндөгүдөй маамыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:

- арыз ээсинин жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жашаган жери;

- арыз ээси оңдоо же өзгөртүү киргизүүнү сураган жарандык абалдын акт жазуусунун реквизиттери.

Арыз ээси жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу арызына кол коет жана ал түзүлгөн датаны көрсөтөт.

Ушундай арызды берүү менен катар эле жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу алмашылууга тийиш болгон жарандык абалдын акт жазуусун мамлекеттик каттоо тууралу күбөлүк кошо берилиши жана жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиздер бар экендигин тастыктаган документтердин болушу керек. Ошондой эле арыз ээси анын инсандыгын ырастаган документти да берүүгө тийиш.

(КР 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

74-статья. Жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу арызды кароонун тартиби

1. Жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу арыз түшкөн он жумушчу күндүн ичинде жарандык абал актыларын жазуу органы тарабынан каралууга тийиш.

Жүйөлүү себептер болгон учурда (өзгөртүү киргизилиши зарыл жарандык абалдын акт жазууларынын көчүрмөлөрү ж.б. алынбай калса) арызды кароо мөөнөтү жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жетекчиси тарабынан эки айдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

2. Жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу арыз алынган учурда жарандык абалдын актыларын жазуу органы жарандык абал актыларын жазуу органынан ошол жазуу сакталып турган жердеги документке оңдоо же өзгөртүү киргизилүүгө тийиш жарандык абалдын акт жазуусунун көчүрмөсүн, ошондой эле жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органында сакталып турган оңдоо же өзгөртүү киргизүү үчүн негиздери бар башка акт жазууларынын көчүрмөлөрүн суратып алат.

3. Ушул Мыйзамдын 73-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн жарандык абалдын актысынын жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу арыз түшкөн учурда оңдоо же өзгөртүү жарандык абалдын акт жазуусуна киргизилет, болбосо мындай оңдоо же өзгөртүү киргизүү боюнча арыз ээсинин талабынан баш тартылат.

Жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү, болбосо андай оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартуу жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан ушул мыйзамдын 72-статьясында көрсөтүлгөн негиздер боюнча жүргүзүлөт.

4. Эгерде жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолор же өзгөртүүлөр киргизүүдөн баш тартылса анын себебин жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жетекчиси жазуу жүзүндө арыз ээсине билдирүүгө милдеттүү. Арыз берип жаткан учурда тапшырылган документтер кайтарылып берилүүгө тийиш.

5. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жетекчисинин жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартышы арыз ээси тарабынан административдик иш жөнүндө мыйзамдар менен аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы N 132, 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

75-статья. Жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби

1. Жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү оңдолууга же өзгөртүлүүгө тийиш жазуулар сакталган жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

2. Жарандык абалдын акт жазуусуна киргизилген оңдоолордун же өзгөртүүлөрдүн негизинде жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралу жаңы күбөлүк берилет.

Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жетекчиси жарандык абалдын акт жазуусуна киргизилген оңдоолор же өзгөртүүлөр тууралу жарандык абалдын актысынын тиешелүү жазууларынын экинчи нускасы сакталган жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органына жарандык абалдын актыларынын жазуусуна киргизилген оңдоолор же өзгөртүүлөр тууралу маалымат берүүгө жана ошол эле учурда мындай оңдоолор же өзгөртүүлөр киргизилгенден үч күндүк мөөнөт ичинде арыз ээси турган жердеги ички иштер органына жана аскер комиссариатына билдирүүгө милдеттүү.

(КР 2018-жылдын 5-июнундагы N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

X-глава
Жарандык абалдын акт жазууларын калыбына келтирүү жана жокко чыгаруу

 

76-статья. Жарандык абалдын акт жазууларын калыбына келтирүү 

1. Жарандык абалдын акт жазууларын калыбына келтирүү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жарандык абалдын актыларынын жоголгон жазууларын түзгөн жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

Эгерде жоголуп кеткен жарандык абалдын акт жазуусу Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде түзүлсө, жарандык абалдын акт жазуусун калыбына келтирүү мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечими чыгарылган жер боюнча жүргүзүлөт.

2. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо фактысын белгилөө тууралу сотко кайрылуу үчүн компетенциясына жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча ишти уюштуруу кирген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органынын билдирүүсү жана аймагында жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоону жүргүзгөн, алгачкы же жарандык абалдын актысынын калыбына келтирилген жазуусунун жоктугу тууралу маалымат негиз болуп саналат.

3. Жарандык абалдын акт жазуусу жарандык абалдын актыларын жазуу органына соттун жарандык абалдын актысынын мамлекеттик каттоодон өткөн фактысын аныктоо тууралу мыйзамдуу күчүнө кирген чечими келип түшкөндөн кийин калыбына келтирилүүгө тийиш.

4. Жарандык абалдын актысынын калыбына келтирилген жазуусунун негизинде жарандык абалдын акт жазуусу калыбына келтирилди деген белгиси бар күбөлүк берилет.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

77-статья. Жарандык абалдын акт жазууларын жокко чыгаруу

Жарандык абалдын актыларынын алгачкы же калыбына келтирилген жазууларын жокко чыгаруу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жокко чыгарылууга тийиш болгон жарандык абалдын актылары сакталган жердеги жарандык абалды жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

 

XI-глава
Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептерин (акты китептерин) сактоонун тартиби жана мөөнөттөрү

 

78-статья. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептери (акты китептери) сакталчу жер

1. Жарандык абалдын актыларынын жазууларынын биринчи нускаларынан топтолуп, көктөлгөн, номур коюлган жана мөөр басылып бекитилген жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептери (акты китептери) жарандык абалдын актылары мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органында сакталат.

2. Жарандык абалдын актыларынын жазууларынын экинчи нускаларынан топтолуп, көктөлгөн, номур коюлган жана мөөр басылып бекитилген жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептери (акты китептери), ошондой эле жарандык абалдын актыларын жазуу органында түзүлгөнгө же калыбына келтирилгенге чейин түзүлгөн метрикалык китептер компетенциясына жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча ишти уюштуруу кирген жана аймагында жарандык абалдын актыларынын ушул жазуулары түзүлгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органында сакталат.

3. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан түзүлгөн жарандык абалдын актыларынын жазууларынын биринчи жана экинчи нускалары календардык жыл өткөндөн кийин ошол актыларды мамлекеттик каттоого негизи бар документтер менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагындагы жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына сактоого өткөрүлүп берилет.

4. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептерин (акты китептерин) сактоого тиешелүү шарттарды түзүүнү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдары камсыз кылат.

79-статья. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептерин (акты китептерин) сактоонун мөөнөттөрү

1. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептери (акты китептери) жарандык абалдын актыларынын жазуулары түзүлгөн күндөн тартып жүз жыл бою жарандык абалдын актылары жазуу органдарында сакталат.

2. Жүз жыл өткөндөн кийин жарандык абалдын актыларын жазуу органдары жарандык абалдын актыларынын жазууларынын биринчи нускаларынан топтолгон акт китептерин жана метрикалык китептерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте мамлекеттик архивге өткөрүп берет. Жарандык абалдын актыларынын жазууларынын экинчи нускаларынан топтолгон акт китептери жок кылынууга тийиш.

 

XII-глава
Корутунду жоболор

 

80-статья. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында иштеген кызматкерлердин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок жактардын ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги

1. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында иштеген кызматкерлердин күнөөлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок жактардын жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо учурунда өздөрүнүн мыйзамсыз чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) менен укук бузуулары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.

2. Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок жактар ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген жоопкерчиликке тартылышат.

 

81-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзам жарыяланып күчүнө киргенден тартып Кыргыз ССРинин нике жана үй-бүлө жөнүндөгү Кодексинин "Жарандык абалдын актыларынын" V бөлүмү (Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ведомосттору, 1969-ж., № 20, 167-ст.), "Кыргыз ССРинин нике жана үй-бүлө жөнүндөгү Кодексин бекитүү тууралу" (Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ведомосттору, 1969-ж., № 20, 167-ст.) Кыргыз ССРинин Мыйзамы күчүн жоготту деп таанылсын.

82-статья. Ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзам күчүнө кирген үч ай ичинде ага ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

милдеттерин аткаруучу

 

К.Бакиев