Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 4-июлу № 91
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүү киргизүү тууралу
2005-жылдын 12-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөндөгүдөй
өзгөртүү киргизилсин:
32-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Пенсионер өлгөн учурда кайрылгандан кийин эки жуманын ичинде
анын үй-бүлөсүнө пенсиянын базалык бөлүгүнөн он эселенген өлчөмдө көмүү
жөлөкпулу төлөнөт. Бул жөлөкпулдун доосунун эскиргендиги Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык аныкталат.".
2-статья. Ушул Мыйзам 2005-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев