КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
Кыргыз Республикасынын
2009-жылдын 20-февралындагы № 57 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2005-жылдын 12-июлу № 104 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралу 2005-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республи- касынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомостто- ру, 1996-ж., № 7, 106-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоолор кир- гизилсин: 1. 15-статьянын үчүнчү бөлүгүндө: "берилет" деген сөз "кошо берилет" деген сөз менен алмаштырылсын. "Юридикалык жак өзгөртүп кайра түзүлгөндө" деген сөздөрдөн кийин ", юридикалык жак өзгөртүп кайра түзүлгөндө берилген документтердин жа- на кабыл алуу-өткөрүү документтери сакталган архивдеги орду жөнүндө мамлекеттик архивдин корутундусу" деген сөздөр менен толукталсын. 2. 17-статьянын үчүнчү бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы алтынчы аб- зац менен толукталсын: " - юридикалык жакты жоюу жөнүндөгү документтерди жана кабыл алуу-өткөрүү документтеринин актылары сакталган архивдеги орду жөнүндө мамлекеттик архивдин корутундусу.". 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев