Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 18-июлундагы № 108


                        КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЫЙЗАМЫ

            "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу
                жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
                        толуктоолор киргизүү тууралу

2005-жылдын 31-майында                 Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                       Кењешин тарабынан кабыл алынган

     1-статья. "Мамлекеттик пенсиялык  социалдык  камсыздандыруу  жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Ведомсоттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:

     1. 8-статьянын 2-пунктунун "а"  пунктчасы  "коопсуздук  органдарында"
деген сөздөрдөн кийин ", Мамлекеттик өрткө  каршы кызматында" деген сөздөр
менен толукталсын.

     2. 9-статьянын 3-пунктунун биринчи  абзацы  "ички иштер органдарынын"
деген сөдөргөн кийин ", Мамлекеттик өрткө  каршы  кызматынын" деген сөздөр
менен толукталсын.

     2-статья. Ушул Мыйзам расмий  жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     3-статья. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү  өзүнүн  чечимдерин   ушул
Мыйзамга ылайык келтирсин.



Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу                                           К.Бакиев