Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 5-августу № 120

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

             "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча
            камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө"
               Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү
                           киргизүү тууралу

     2005-жылдын 16-июнунда              Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган


     1-статья.

     "Мамлекеттик социалдык    камсыздандыруу   боюнча   камсыздандыруу
төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  (Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,  2004-ж.,  № 5, 229-ст.)
төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
     5-статьянын 3-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
     "3. Табигый кырсыктары (суу каптоо,  сел,  жер титирөө, жер көчкү,
мөндүр уруу, кургакчылык, үшүк алуу) же башка өзгөчө кырдаалдар учурун-
да юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермер) чарбалары үстүбүздөгү  жыл
үчүн  камсыздандыруу  төгүмдөрүн төлөөдөн жергиликтүү мамлекеттик адми-
нистрациялардын  жана  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдарынын
өкүлдөрү  менен  Социалдык фонддун органдары тиешелүү түрдө комиссиялап
бекитсе, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.".

     2-статья.

     Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     3-статья.

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн  ченемдик  укуктук  актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

     Кыргыз Республикасынын Президентинин
     милдетин аткаруучу                              К.Бакиев