Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2006-жылдын 27-январындагы № 15


                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЫЙЗАМЫ

            "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз
           Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр
                     киргизүү тууралу

2005-жылдын 8-декабрында         Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                 Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-статья. "Акционердик  коомдор жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын 
Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2003-ж., 
№6, 240-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

     - 21-статьядагы  "минималдуу айлык акынын" деген сөздөр "эсептешүү
көрсөткүчүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

     - 28-статьянын 5-пунктунун  экинчи  бөлүгүндөгү "белгиленген мини-
малдуу бир айлык эмгек  акынын...ставкадан" деген  сөздөр  "белгиленген 
эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмдөрүнөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

     2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  өзүнүн  ченемдик  укуктук 
актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

     3-статья. Ушул Мыйзам  расмий  жарыяланган  күндөн  тартып  күчүнө 
кирет.


Кыргыз Республикасынын
Президенти                                             К.Бакиев