Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2006-жылдын 27-январы №30

            «БАНКТРОТТУК (КУДУРЕТСИЗДИК) ЖӨНҮНДӨ»
            КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНА
            ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРГИЗҮҮ ТУУРАЛУУ
   
2005-жылдын 8-декабрында        Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
                                тарабынан кабыл алынган 
   
   1-статья.     «Банкроттук    (кудуретсиздик)    жөнүндө»     Кыргыз
Республикасынын  Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Кенешинин
Ведомосттору,   1997-ж.,  №11,  537  -  ст.)  төмөнкудөй   өзгөртүүлөр
киргизилсин:
   1. 9- 1 - статьянын 1 - пунктунда:
   -  1)  пунктчадагы  «эмгекке акы төлөөнүн  кеминде  500  минималдуу
өлчөмүндө»  деген сөздөр «эсептешүү көрсөткүчүнүн кеминде  500дөн  кем
эмес  өлчөмүндө»  деген сөздөр менен; 2) пунктчасындагы  «эмгекке  акы
төлөөнүн  кеминде  беш  минималдуу өлчөмүн»  деген  сөздөр  «эсептешүү
көрсөткүчүнүн  кеминде  бештен кем эмес өлчөмүн»  деген  сөздөр  менен
алмаштырылсын.;
   —  3)  пунктчадагы  «эмгек  акы  төлөөнүн  кеминде  бир  минималдуу
өлчөмүн» деген сөздөр «эсептешүү көрсөткүчүнүн кеминде бирден кем эмес
өлчөмүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
   2.  12  -  статьянын  3 - пунктундагы «эмгек акынын  жүз  же  ашуун
минималдуу   ставкасы   өлчөмүнө  карыз»   деген   сөздөр   «эсептешүү
көрсөткүчтөрү жүз же андан ашуун өлчөмүндө карызы» деген сөздөр  менен
алмаштырылсын.
   3.  15 - статьянын 4 - пунктундагы «минималдуу эмгек акынын 100  же
андан ашуун ставкасы» деген сөздөр «эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн 100  же
андан ашуун» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
   4.  27  - статьянын 2-пунктунун 4-пунктчасындагы «эмгек акынын  100
жана   андан   ашуун   минималдуу  ставка»  деген  сөздөр   «эсептешүү
көрсөткүчтөрү 100 жана андан ашуун» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
   5.  2926 - статьянын 3 - пунктчасындагы «эмгек акынын 100 же  андан
ашуун    минималдуу   ставка   өлчөмдө»   деген   сөздөр    «эсептешуу
көрсөткүчтөрүнүн    100   же   андан   ашуун өлчөмүндө»  деген  сөздөр
менен алмаштырылсын.
   6. 101 - статьянын 1 - пунктунун 2-пунктчасындагы «эмгек акынын 100
же андан ашуун өлчөмундө» деген сөздөр «эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн 100
же андан ашуун өлчөмүндө» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
   2-статья.  Кыргыз  Республикасынын өкмөтү өзүнүн  ченемдик  укуктук
актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
   3-статья.  Ушул  Мыйзам  расмий жарыяланган  күндөн  тартып  күчүнө
кирет.  
   
   
    Кыргыз Республикасынын
    Президенти                                         К.Бакиев