Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

         КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык
                  2019-жылдын 1-январынан тартып
                        КҮЧҮН ЖОГОТОТ

 

Бишкек шаары

2006-жылдын 13-февралы № 56

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

             Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине

                       өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

     2005-жылдын 26-декабрында           Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

 

     1-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасы-

нын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,  1998-ж.,  № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй

өзгөртүү киргизилсин:

     16-статьянын төртүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "(4) Кылмыштарды  өнөкөт  кылмыштар  деп  таанууда төмөнкүлөр эске

алынбайт:

     1) анчалык оор эмес атайын кылмыш үчүн соттуулук;

     2) он сегиз жашка чейинки адам жасаган кылмыш үчүн соттуулук;

     3) шарттуу деп таанылган кылмыштар үчүн,  болбосо өкүмдү аткарууну

кийинкиге калтыруу берилгендиги боюнча соттуулук, эгерде шарттуу сотту-

улук  же өкүмдү аткарууну кийинкиге калтыруу жоюлбаган жана адам жазаны

өтөө үчүн эркинен ажыратуу жайына жөнөтүлбөгөн,  ошондой эле  ушул  Ко-

декстин  76-статьясында  белгиленген  тартипте алып салынган же жоюлган

сотгуулуктар.".

 

     2-статья.

 

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын

          Президенти                                        К.Бакиев