КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1999-жылдын 3-февралы № 18
Көмүр жөнүндө
(КР 2005-жылдын 18-июнундагы № 78, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I бөлүм. Жалпы жоболор
II бөлүм. Көмүр казып алуу жана пайдалануу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуунун менчиги, ыйгарым укуктары жана негиздери
III бөлүм. Көмүр кени чыккан жерлерди иштетүүнүн тартиби
IV бөлүм. Көмүр өнөр жайынын кызматкерлерин социалдык коргоону мамлекеттик жөнгө салуу
V бөлүм. Талаштарды чечүү жана көмүр жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик
"Көмүр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (мындан ары - ушул Мыйзам) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында көмүр казып алууда жана пайдаланууда мамлекет менен жеке жана юридикалык жактарды, ошондой эле башка мамлекеттер менен келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына негизделет.
Ушул Мыйзамдын жоболорунун колдонулушу менчигинин түрүнө карабастан республиканын көмүр тармагынын бардык ишканаларына жана уюмдарына жайылтылат.
I бөлүмЖалпы жоболор
1-берене. Көмүр тармагы
Көмүр тармагы - көмүрдү жана аны кайра иштетүүнүн продукттарын издөө, казып алуу, чалгындоо, сактоо, кайра иштетүү, ташуу жана сатып өткөрүү менен байланышкан уюштуруучулук, техникалык жана технологиялык иш-аракеттердин тобу кирген өнөр жайдын курамдык бөлүгү.
Көмүр тармагынын ишканаларынын иши Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамынын жоболору жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
(КР 2005-жылдын 18-июнундагы № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты
Ушул Мыйзамдын максаты көмүр тармагында экономикалык натыйжалуулукту жогорулатууну, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону, инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуу үчүн жана өндүрүүнүн көлөмдөрүн көбөйтүү үчүн эл аралык стандарттарга ылайык келген ченемдик укуктук базаны түзүү болуп саналат.
3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу терминдердин аныктамасы
Көмүр тармагынын уюмдары - менчигинин түрүнө карабастан көмүр тармагында иштеген уюмдар, жеке жана (же) юридикалык жактар.
Көмүр тармагындагы ишмердик - көмүрдү жана аны кайра иштетүүнүн продукттарын издөө, чалгындоо, иштетүү, казып алуу, сактоо, кайра иштетүү, ташуу жана сатып өткөрүү менен байланышкан уюмдардын ишинин үргүлжүсү жана (же) тутуму.
Лицензия - кен байлыгын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү кен байлыгын иштетүү укугуна уруксат.
Көмүр кени чыккан жерлер - баалардын жана өнөр жайлык технологиялардын учурдагы деңгээлинде экономикалык мааниге ээ болгон көмүрдүн жер катмарындагы табыгий топтолушу.
Жер бөлүнүшү - кен байлыгын пайдалануучуга кенди өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн берилүүчү жана графикалык документтерде бурчтук чекиттери тик бурчтуу үч өлчөмдүү координаттарда тартылуучу жер бетиндеги участок.
Тоо бөлүнүшү - пайдалуу кендерди өндүрүштүк иштетүү үчүн берилүүчү жана графикалык документтерде бурчтук чекиттери тик бурчтуу үч өлчөмдүү координаттарда тартылуучу жер кенинин участогу.
Көмүр казып алуу - жер катмарынан көмүр алуу боюнча иш-аракеттердин тобу.
Кен байлыктарын пайдалануу - жер катмарын иликтөө, пайдалуу кендерди казып алуу, ошондой эле кен байлыктарын казып алууга байланышпаган курулуш куруу жана курулмаларды пайдалануу менен байланышкан аракеттер.
Лицензиат - көмүр тармагында ишмердикти жүзөгө ашыруу лицензиясынын жана кен байлыгын пайдалануу укугунун ээси.
Лицензиар (лицензиялык орган) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү лицензияларды берүүгө ыйгарым укук берген кен байлыгын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган.
Лицензиялык макулдашуу - продукцияны бөлүп алуу, акы төлөө маселелерин, коопсуздук жана жаратылыш чөйрөсүн сактоо боюнча чараларды жана башкаларды кошуп алганда, кен байлыгын пайдалануунун шарттары жөнүндө кен байлыгынын ээси менен лицензиаттын ортосундагы келишим.
Кен байлыгын пайдалануучу - менчигинин түрүнө карабастан өз ишмердигин көмүр тармагында жүзөгө ашыруучу ар кандай юридикалык же жеке жак же жактар.
Сервитут - тутумдаш же бөтөн жаткан жерге, тоого жана (же) геологиялык бөлүнүшкө жетүү укугу жана ушул Мыйзамдын тиешелүү беренелери менен белгиленген тартипте лицензиаттын аларды пайдалануу укугун чектөө.
Үчүнчү жактар - лицензиаттан жана лицензиардан тышкары чарба жүргүзүүчү ар кандай жактар.
Көмүр тармагында кен байлыгын пайдалануу укугун лицензиялоо - "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык көмүр тармагында кен байлыгын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү кен участогун пайдалануу укугун юридикалык жол-жоболоштуруу.
Көмүр тармагындагы ишмердикти лицензиялоо укугу - "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көмүр тармагындагы ишмердик укугун юридикалык жол-жоболоштуруу.
Форс-мажор - контракттын (лицензиялык макулдашуунун) аткарылышын татаалдатуучу кол жеткис жагдайлар. Аларга согуштук чыр-чатактар, табигый кыйроолор, табигый кырсыктар жана башка жагдайлар кирет.
Техникалык-экономикалык негиздеме - пайдалуу кен чыккан жерди өздөштүрүүнүн экономикалык максатка ылайыктуулугун аныктоочу техникалык эсептөөлөр.
Лицензиялык аянт - тик бурчтуу же географиялык координаттарда аныкталган, чектеринде жалдануучуга (лицензиатка) көмүр кенин издөөнү, чалгындоону жана иштетүүнү жүргүзүүгө укук берилген аянт.
Көмүр өнөр жай тармагын кайра өзгөртүп түзүү - көмүр казып алуу (кайра иштетүү) жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүн коргоону камсыз кылуу жагындагы социалдык-экономикалык проблемаларды чечүү үчүн көмүр казып алуу (кайра иштетүү) боюнча натыйжалуу иштөөчү уюмдарды түзүү максатында көмүрдү казып алуу (кайра иштетүү) боюнча уюмдардын өндүрүштүк базасын кайра куруу.
Көмүрдү пайдалануу - өнөр жайлык, турмуш-тиричиликтик жылуулук жабдууларында жагуу үчүн көмүрдү колдонуу, алардан катуу, суюк жана газ түрүндөгү тазаланган энергетикалык ресурстарды, эл чарбасынын химиялык, медициналык жана башка тармактары үчүн продукцияларды алуу максатында кайра иштетүү.
Эмгек шарттары кооптуу иштер - көмүр казып алуу (кайра иштетүү) боюнча уюмдардын кызматкерлери үчүн коркунуч туудурган кен-геологиялык жана газдык-динамикалык факторлордун жана технологиялык процесстердин божомолдоого кыйынчылык туудурган көрүнүштөрүнүн таасири астында жүзөгө ашырылуучу өндүрүштүк иш-аракеттердин түрлөрү.
Эмгек шарттары зыяндуу иштер - жумушчулардын ден соолугуна коркунуч туудурган факторлор менен коштолгон өндүрүштүк иш-аракеттердин же жумуштун түрлөрү.
Нөөмөттөн кийин калыбына келүү - эмгектин шарттары зыяндуулуктан келип чыккан кара күчтүк жана моралдык-психологиялык бузулууларды калыптандыруу максатында жумушчу нөөмөттөн кийин кызматкерлердин дене-боюна медициналык-биологиялык таасир этүү чараларынын жыйындысы.
4-берене. Көмүр тармагында кен байлыгын пайдалануу укугун берүү
Көмүр тармагында кен байлыгын пайдалануу укугун берүү "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кен байлыгын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
5-берене. Көмүр тармагында ишмердиктин түрлөрүн аткарууга укук берүү
Көмүр тармагында иштин түрлөрүн аткарууга укук берүү "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
6-берене. Көмүр казып алууда башка мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын колдонулушу
Көмүр казып алуу, кайра иштетүү жана ташуу боюнча кен иштерин жүргүзүүдө пайда болуучу жаратылыш ресурстарын (жер жана анын катмары, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, суу жана аба) сарамжал пайдалануу жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүн коргоо жагындагы мамилелер "Жер казынасы жөнүндө", "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Токой кодекси жана башка тармактык жаратылыш ресурстук мыйзамдар менен жөнгө салынат.
II бөлүм
Көмүр казып алуу жана пайдалануу жагындагы
мамлекеттик жөнгө салуунун менчиги,
ыйгарым укуктары жана негиздери
7-берене. Көмүр кени чыккан жерлерге менчик укугу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын чегиндеги жер катмарында жаткан Кыргыз Республикасынын көмүр кени "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттин менчиги болуп саналат.
8-берене. Көмүр казып алуу тармагындагы мамлекеттик саясат
Көмүр казып алуу тармагындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. Мамлекет көмүр өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн таламдарынын тең салмактуулугун жөнгө салууну жүзөгө ашырат. Мамлекет көмүр казып алуу тармагынын уюмдарынын өндүрүштүк-чарбалык иштерине түздөн-түз кийлигишпейт.
9-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көмүр кени чыккан жерлерди тескейт жана көмүр казып алуу жана пайдалануу жагында мамлекеттик жөнгө салууну түздөн-түз жана башкаруунун мамлекеттик органдары аркылуу:
- тоо-кен иштерине, техникалык коопсуздукту сактоого, эмгекти, жер катмарын жана айлана-чөйрөнү коргоонун технологиялык регламенттерине, талаптарына көзөмөлдүк кылуу;
- көмүр өнөр жайын өнүктүрүүнүн жана кайра түзүүнүн максаттуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- көмүр казып алуучу уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү;
- лицензиялоонун мамлекеттик тутумунун иштешин камсыз кылуу, лицензиялоонун шарттарын жана жер казынасы жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоону контролдоо;
- көмүрдүн сапаты, жер катмарын жана айлана-чөйрөнү коргоо, тоо-кен иштерин коопсуз жүргүзүү боюнча ченемдик-усулдук жоболорду, эрежелерди, регламенттерди, технологияларды жана техникалык шарттарды, стандарттарды өркүндөтүү;
- көмүр өнөр жайынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- көмүр өнөр жайына инвестицияларды тартуу үчүн зарыл шарттарды түзүү жана сынактарды (тендерлерди) өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырат.
(КР 2005-жылдын 18-июнундагы № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын кен байлыктарын пайдалануудагы ыйгарым укуктары
Көмүрдү казып алуу жана пайдалануу жагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын карамагына:
- геологиялык жана өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн бөлүнүүчү жер участокторун берүү;
- жергиликтүү кеңештер менен биргелешип минералдык-чийки заттык базаны калыбына келтирүүнүн, өнүктүрүүнүн жана пайдалануунун аймактык программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- жер казынасын пайдалануу долбоорлорунун экологиялык экспертизаларын уюштуруу;
- кен байлыгын геологиялык иликтөөдө жана өнөр жайлык өздөштүрүүдө жер казынасын пайдаланууну жана коргоону контролдоо;
- эгер кен байлыгын иштетүү адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч түзүп, чарбалык объекттерге же айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон учурларда, жер казынасынын участокторун пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү таандык кылынат.
(КР 2005-жылдын 18-июнундагы № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Кыргыз Республикасынын көмүр өнөр жайын башкаруу боюнча мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын милдеттери
1. Көмүр өнөр жайынын өндүрүштүк-чарбалык ишин жөнгө салууну, анын өнүгүшүнүн бирдиктүү келечекке жана жакынкы ыкмасын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлүүчү көмүр өнөр жайын башкаруучу аткаруу органы жүзөгө ашырат.
2. Мамлекеттик башкаруу органына төмөнкү негизги милдеттерди аткаруу жүктөлөт:
республиканын көмүр казып алуу тармагынын өнүгүшүнүн проблемаларын комплекстүү чечүү, инвестициялар жагында чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, көмүр өнөр жайын өнүктүрүүнүн жана кайра өзгөртүп түзүүнүн максаттуу мамлекеттик жана региондук программаларын ишке ашыруу;
илимий-практикалык сунуштарды иштеп чыгуу жана ченемдик укуктук башка кызматтарды көрсөтүү;
өндүрүштү материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылуу, сатуу рынокторун чыңдоо жана кеңейтүү, кадрларды даярдоо жана адистигин жогорулатуу, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча нускамаларды, ченемдерди жана эрежелерди сактоо, кырсыктуу кырдаалдардын жана табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иштерди уюштуруу;
айлана-чөйрөнү коргоого жана баш ийген ишканаларда айлана-чөйрөнү коргоого жана жаратылышты сарамжал пайдаланууга ведомстволук контролду камсыз кылуу; кен иштерин өнүктүрүүнүн учурдагы жана келечектүү программаларын иштеп чыгууну жана кабыл алууну, көмүрдүн корлорунун тең салмактуулугун, алардын кыймылынын натыйжалуу пайдаланылышын контролдоону, жер казынасын коргоо боюнча чараларды уюштуруу;
көмүр кени чыккан жерлерди иштетүүнүн долбоорлорун аткарууну камсыз кылуу; кен иштеринин долбоорлорго жана кен иштеринин планына ылайык жүргүзүлүшүн контролдоону камсыз кылуу;
өндүрүштүк-каржылык пландардын бардык түрлөрүнүн тең салмактуулугун, көмүрдүн жана көмүрдүн продукттарынын баасын иштеп чыгууну жана макулдашууну контролдоону камсыз кылуу;
ишканалардын өндүрүштүк-каржылык ишин контролдоону жүзөгө ашыруу, алардан зарыл эсептик жана отчеттук маалыматтарды алуу, жыйынтыктоочу бухгалтердик балансты түзүү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тапшырган башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.
12-берене. Көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюмдардын кызмат укуктары жана милдеттери
1. Көмүр жана (же) анын продукттарын казып алуу, кайра иштетүү жана сатып өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө иштеген бардык юридикалык жана жеке жактар:
керектөөчүлөрдү сапаттуу көмүр жана (же) аны кайра иштетүүнүн продукттары менен ишенимдүү камсыз кылуу үчүн чараларды кабыл алууну, сапаттын жана коопсуздуктун талаптарын жөнгө салуучу ченемдик документтердин болушун;
өз уюмдарын жана өзүнүн ишин укук алкагында башкарууну;
техникалык, өндүрүштүк, каржылык-экономикалык тутумдардын туруктуу иштешине жана жакшырышына, өндүрүшкө кеткен чыгымдарды төмөндөтүүгө жана пайда алууга багытталган чечимдерди кабыл алууну;
көмүр ишканаларын жойгондон кийин геологиялык-маркшейдердик жана кендик-графикалык документтерди белгиленген тартипте кен байлыгын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга өткөрүп берүүнү;
кен байлыгын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга көмүр корунун азайышынын, аралаш жүргөн пайдалуу кендер менен көмүр өндүрүшүнүн калдыктарын алуунун жана пайдалануунун эсеби боюнча статистикалык отчетту берүүнү;
айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжал пайдалануу боюнча айкын иш-чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылууга милдеттүү;
көмүр казып алуучу уюмдарда жана ишканаларда тоо-кен (жардыруу) иштерине жетекчилик кылуу укугуна документтери бар адамдар гана тоо-кен (жардыруу) иштеринин жетекчилери болуп дайындалышы мүмкүн.
2. Менчигинин түрү мамлекеттик, аралаш болгон көмүр казып алуу (кайра иштетүү) боюнча уюмдар жеке менчикке өткөндө, ал уюмдардын ээлерине ошол уюмдун өнөр жайлык корлорун толук иштетип бүткөнгө чейинки мөөнөткө же аларды иштетүүнүн экономикалык максаттуулугунун чегине чейинки мөөнөткө көмүр казып алуу (кайра иштетүү) боюнча ишти токтотууга же түрүн өзгөртүүгө тыюу салынат.
3. Көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюм тарабынан курулган курулуштар жана курулмалар, ал сатып алган машиналар, жабдуулар жана башка мүлк ошол уюмдун ажыратылгыс менчигин түзөт жана мамлекеттин тескөөсүнө соттун чечими боюнча гана өтүшү мүмкүн.
(КР 2005-жылдын 18-июнундагы № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Көмүр казып алуучу уюмдарды мамлекеттик жөнгө салуу жана аларга колдоо көрсөтүү
1. Көмүр өнөр жайын өнүктүрүү жана кайра өзгөртүп түзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте иштелип чыгылуучу максаттуу, регионалдык же мамлекеттик программаларга ылайык жүзөгө ашырылат. Көмүр өнөр жайын өнүктүрүүнүн максаттуу программаларын ишке ашыруунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
2. Менчигинин түрүнө карабастан көмүр казып алуу (кайра иштетүү) боюнча уюмдардын ишине тиешеси бар көмүр өнөр жайын өнүктүрүүнүн жана кайра өзгөртүп түзүүнүн программалары Кыргыз Республикасынын граждандык мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен келишимдик негизде жүзөгө ашырылат. Мындай уюмдарды өнүктүрүүгө жана кайра өзгөртүп түзүүгө кеткен чыгымдар алардын өз каражаттарынын, тартылып келинген инвестициялардын, ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен жабылат. Көрсөтүлгөн уюмдардын бюджеттик каражаттарынын жана инвестицияларынын катышы жөнүндө, көрсөтүлгөн уюмдарды өнүктүрүү жана кайра өзгөртүп түзүү инвесторлоруна мамлекеттик кепилдиктерди берүү жөнүндө чечимдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
3. Көмүрдүн ички жана тышкы рыноктордо өтүмдүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менчигинин түрүнө карабастан көмүр казып алуучу уюмдарга:
- көмүр казып алуу боюнча өндүрүштүк кубаттуулуктарды кайра калыбына келтирүүгө, көмүр казып алуу боюнча иштеп жаткан ишканаларды техникалык кайра жабдууга жана кайра жаңылоого;
- ошол учурда продукциясы техникалык параметрлер боюнча алмаштырылгыс болгон же экономикалык шарттары боюнча аларга башка отунду жеткирүү максатка ылайык келбеген региондордун керектөөлөрүн камсыз кылган көмүр казып алуучу рентабелдүү эмес уюмдардын ишин камсыз кылууга;
- көмүргө керектөөлөр убактылуу төмөндөгөн мезгилде көмүр казып алуу боюнча уюмдардын иштешин камсыз кылууга;
- көмүр казып алуу боюнча өндүрүштүк кубаттуулуктарды республиканын отун-энергетикалык керектөөлөрүнө теңдештирүүгө, анын жалпы экономикалык жана социалдык максаттарына ылайык келтирүүгө;
- көмүр казып алуучу уюмдардын кызматкерлерин социалдык коргоого багытталган мамлекеттик колдоо көрсөтөт.
Көмүр казып алуучу уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү салыктык, кредиттик жана башка жеңилдиктерди берүү аркылуу жүргүзүлөт.
III бөлүмКөмүр кени чыккан жерлерди иштетүүнүн тартиби
14-берене. Көмүр кени чыккан жерлерди геологиялык изилдөөгө карата негизги талаптар
1. Көмүр кени чыккан жерлерди иштетүүнү жана кен иштерин пайдаланууну долбоорлоо үчүн берилген геологиялык материалдарда жеткиликтүү ынанымдуулук менен белгиленген:
а) анын көмүр чыккан жерлерди иштетүүгө, көмүрдүн сапатына баа берүүгө таасир этүүчү кубаттуулуктун өзгөрүп турмалыгынын жеткилеңдиги жана мыйзам ченемдүүлүгү, көмүр катмарларынын жатышынын элементтери жана майда-чүйдөсүнө чейин ири тектоникалык бузулуулар, майда амплитудалык бузулуулар жөнүндө;
б) калктын саламаттыгы үчүн коркунучтуулугуна баа берүүгө мүмкүндүк берүүчү жана чектен тышкаркы камтуучулары менен көмүрдүн корлорун өзүнчө контролдоого мүмкүнчүлүктү камсыз кылган көлөмдөрдө көмүрдөгү зыяндуу компоненттердин камтылышы жөнүндө;
в) көмүр кени жаткан жерлерди ачууга жана иштетүүгө алардын таасир этишин сапаттык жана сандык мүнөздөмө берүүгө толук мүмкүнчүлүк берүүчү жер катмарында көмүрдүн корлорунун жайгашуусунун бардык башка табигый шарттары (гидрогелогиялык, геокриологиялык ж.б.) жөнүндө ынанымдуу маалыматтар камтылууга тийиш.
2. Көмүр кени чыккан жерлердин корлору тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
3. Көмүр кени чыккан жерлердин корлору көмүр кени чыккан чалгындалган жерлер боюнча белгиленген түрдөгү жылдык отчеттук баланстарда чагылдырылууга тийиш.
(КР 2005-жылдын 18-июнундагы № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Көмүр кени чыккан жерлерди иштетүүдөгү уруксат берүү документтер
1. Көмүрдү казып алуу, ошондой эле шахталарды же разрездерди куруу, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу боюнча иштеген мамлекеттик же жеке юридикалык жактар, болбосо жеке жактар кен байлыгын пайдалануу, тоо-кен жана жардыруу иштерин жүргүзүү, кыйла кооптуулук менен байланышкан иштин башка түрлөрүнө укук уруксаты (лицензиясы) болууга тийиш.
2. Жер казынасын пайдалануу укугуна жана жер казынасын пайдалануу боюнча иш укугуна лицензиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.
(КР 2005-жылдын 18-июнундагы № 78, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
16-берене. Көмүр кени чыккан жерлерди иштетүүдө кен иштерин жүргүзүүнү жөнгө салуучу ченемдик техникалык документтер
Көмүр казып алуучу жана аны кайра иштетүүчү ар бир уюмда өндүрүштүн коопсуздугун жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу боюнча бөлүмдөрдү кошуп алганда белгиленген тартипте макулдашылган жана бекитилген долбоорло-сметалык документтер болууга тийиш.
Андан тышкары тоо-кен иштерин жүргүзүүчү уюмдардын геологиялык жана маркшейдердик документтери, ошондой эле тоо-кен иштерин өнүктүрүүнүн календарлык пландары болууга тийиш.
Тоо-кен жана геологиялык чалгындоо иштеринин пландары техникалык, экологиялык коопсуздук жана кен байлыгын сактоо жаатында мамлекеттик жөнгө салуу органдары менен жыл сайын макулдашылууга тийиш.
Көмүр казып алуучу жана көмүрдү кайра иштетүүчү уюмдарды долбоорлоо, көмүр кени чыккан жерлерди иштетип бүткөндөн кийин жер алдындагы жана ачык ыкма менен кен иштерин жүргүзүү белгиленген тартипте бекитилген Көмүр жана сланец шахталарындагы коопсуздук эрежелерине, Пайдалуу кен чыккан жерлерди ачык ыкма менен иштетүүдөгү коопсуздуктун бирдиктүү эрежелерине, Жардыруу иштериндеги коопсуздуктун бирдиктүү эрежелерине, Катуу пайдалуу кендерди иштетүүдөгү кен байлыктарын сактоонун бирдиктүү эрежелерине, Көмүрдү ылгап алуудагы жана брикеттөөдөгү коопсуздук эрежелерине, ошондой эле кен иштерин жүргүзүүнү жөнгө салуучу башка ченемдик-техникалык актыларга ылайык жүзөгө так ашырылууга тийиш. Көмүр казып алуучу жана көмүрдү кайра иштетүүчү уюмдардын бардык долбоорлорунун техникалык коопсуздуктун эрежелерине жана ченемдерине, кен байлыктарын жана айлана-чөйрөнү коргоонун эрежелерине жана ченемдерине ылайыктуулугу көз карандысыз экспертизадан өтүүгө тийиш.
Кен алуу аянттарын, горизонтторду, блокторду, панелдерди ачуу жана даярдоо, тике жана туурасынан кеткен оюктарды капиталдык оңдоо, туруктуу жабдууларды орнотуу кен көзөмөл органдары менен бекитилген жана макулдашылган долбоорлор боюнча жүзөгө ашырылууга тийиш.
Кен алуу участокторун пайдалануу, кен иштерин жүргүзүү паспорттор боюнча, ал эми механизмдерди орнотуу белгиленген тартипте бекитилген чиймелер боюнча жүзөгө ашырылууга тийиш.
17-берене. Көмүр кени чыккан жерлерди иштетүүдө тоо-кен иштерин жүргүзүүгө карата негизги талаптар
Көмүр чыккан жерлерди иштетүүдө кенде көмүр катмарларынын жайгашуусунун кендик-геологиялык шарттарына ылайык иштетүүнүн техникалык жана экологиялык коопсуздукту жана көмүрдүн корлорун жер катмарынан кыйла толук алууну камсыз кылуучу ыкмалары жана тутумдары колдонулууга тийиш.
Көмүр чыккан жерлерде тоо-кен иштерин жүргүзүүдө:
- кен байлыктарын пайдалануу боюнча жана кен көзөмөлүнүн мамлекеттик органдарынын уруксатысыз көмүрү бар аянттарда имараттарды, курулмаларды, иштетилгенден кийинки топурак калдыктарын жайгаштырууга;
- жылышып кетүүчү зоналардын чегинде шахталар жана разрездер өндүргөн негизги продуктыны жайгаштырууга;
- көзөмөл боюнча мамлекеттик органдын тиешелүү корутундусу (чечими) жок иштетилген мейкиндикте жана алардын чегинен сырткары томурулган көмүрдү жана казып алуучу бирдиктердин контурларында акырына чейин иштетилбеген корлорду белгиленген ченемдерден ашык калтырууга тыюу салынат.
Иштердин түрүнө карата көмүрдү казып алуу жана кайра иштетүү менен байланышкан ар бир уюмда:
- көмүр казып алуунун үзгүлтүксүз жана коопсуз шарттарын камсыз кылуучу жолдорду даярдоо;
- жер астында жана жер үстүндөгү көмүр кампаларында көмүрдүн өзүнөн өзү тутануусунан болуучу эндогендик өрттөрдүн алдын алуу;
- кен байлыгын жана айлана-чөйрөнү коргоо;
- кен алган жерлерди капыстан суу каптоолордон жана жараңка кетүүлөрдөн, ошондой эле эринди жана жаан сууларынын капташынан коргоо;
- жер жана тоо бөлүнүштөрүнүн контурларына ылайык алдын-ала өнөр жайлык чалгындоо;
- тоо-кен иштеринен улам, ошондой эле кен алгандан кийинки калдыктардан бузулган жер кыртышын кайра калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар иштелип чыгууга жана жүзөгө ашырылууга тийиш.
18-берене. Көмүр казып алуучу жана көмүрдү кайра иштетүүчү уюмдардагы тоо-кен кырсыгынан сактоо кызматы
Менчигинин түрүнө карабастан бардык көмүр казып алуучу жана көмүрдү кайра иштетүүчү уюмдар бекитилген ченемдер жана милдеттүү тартипте түзүлгөн келишимдер боюнча адистештирилген тоо-кен кырсыгынан сактоо бөлүктөрү (АТСБ) тарабынан тейленүүгө тийиш.
Көмүр казып алуучу жана көмүрдү кайра иштетүүчү ишканаларды тейлөөнүн ченемдери, түзүмү, даярдыгынын көрсөткүчтөрү жана Тоо-кен кырсыгынан сактоо кызматы жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Кыргыз Республикасынын АТСБсынын күжүрмөн даярдыгын контролдоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик кен көзөмөл органы жүзөгө ашырат.
Тоо-кен кырсыгынан сактоо кызматынын күжүрмөн даярдыгын камсыз кылуу боюнча чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
19-берене. Көмүр казып алуунун коопсуздугун жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу
1. Бардык көмүр казып алуучу жана көмүрдү кайра иштетүүчү уюмдарда куруу жана пайдалануу мезгилинде эмгектин коопсуз шарттары жана айлана-чөйрөнү коргоо колдонуудагы эрежелерге жана ченемдерге ылайык камсыз кылынууга тийиш.
2. Эмгек коопсуздугунун жана айлана-чөйрөнү коргоонун эрежелери, ченемдери көмүр тармагынын иштеп жаткан бардык ишканалары, ошондой эле тармактын тиешелүү курулуш, долбоорлоо, илим-изилдөө жана окуу уюмдарынын кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
3. Тоо-кенде иштеген бардык кызматкерлер белгиленген ченемдер боюнча жекече коргонуунун каражаттары менен атайын кийим, атайын бут кийим, дем алуу органдарын коргоо каражаттары жана башкалар менен акысыз камсыз кылынат.
4. Эмгек коопсуздугунун эрежелеринин жана ченемдеринин сакталышына, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптардын аткарылышына, жеке коргонуу каражаттарынын берилишине контролдук кылууну атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле коомдук контролдоо кесиптик бирлик комитеттери тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Эмгек жана өндүрүш коопсуздугунун эрежелери менен ченемдери эмгектин жана өндүрүштүн коопсуздугуна, айлана-чөйрөнү коргоого көзөмөлдүк кылууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын, ошондой эле тиешелүү кесиптик бирликтердин органдарынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
20-берене. Көмүрдүн сапатын мамлекеттик жөнгө салуу
Көмүрдү казып алууда, сактоодо, ташууда жана пайдаланууда көмүрдүн сапатынын ченемдерин, адамдардын жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугунун зарыл болгон деңгээлин камсыз кылуу максатында көмүргө жана аны кайра иштетүүнүн продукттарына белгиленген тартипте тиешелүү стандарттар же техникалык шарттар иштелип чыгылат, ошондой эле колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны милдеттүү сертификациялоо жүзөгө ашырылат.
Көмүрдүн жана аны кайра иштетүүнүн продукттарынын колдонуудагы стандарттарга жана техникалык шарттарга ылайык келүүсү жөнүндө талаш маселелер сотто чечилет.
(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-берене. Көмүрдү жана аны кайра иштетүүнүн продукциясын жеткирүү келишимдери
1. Рынок экономикасынын шарттарында көмүрдү казып алуу (кайра иштетүү) боюнча уюмдардын туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында көмүрдү керектөөчүлөр көрсөтүлгөн уюмдар менен көмүрдү жана (же) аны кайра иштетүүнүн продукцияларын жеткирүү узак мөөнөттүү (кыска мөөнөттүү же бир жолку) келишимдерин колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзөт.
2. Жөнөтүүнүн шарттары, жөнөтүлгөн продукция үчүн өз ара эсептешүүлөрдүн түрлөрү жана мөөнөттөрү керектөөчүлөр менен көмүр казып алуу (кайра иштетүү) боюнча уюмдардын келишүүлөрү боюнча аныкталат.
IV бөлүм Көмүр өнөр жайынын кызматкерлерин социалдык коргоону мамлекеттик жөнгө салуу
22-берене. Көмүр казып алуу (кайра иштетүү) боюнча оор жумуштарга жана эмгек шарттары коркунучтуу жана (же) зыяндуу иштерге жумушчуларды тартуу
Көмүр казып алуу боюнча оор жумуштарды жана эмгек шарттары кооптуу жана (же) зыяндуу жумуштарды аткарууга 18 жашка толгон эркектер, аларда ден соолугунун абалы боюнча тиешелүү жумуштарды аткарууга жарактуулугу жөнүндө медициналык корутунду болгондо уруксат берилет жана жумушка кабыл алуу эмгек келишимине (контрактка) ылайык жүзөгө ашырылат.
Көмүр казып алуу (кайра иштетүү) боюнча оор жумуштардын жана эмгек шарттары кооптуу жана (же) зыяндуу жумуштардын тизмесин, ошондой эле көмүр казып алуу (кайра иштетүү) боюнча оор жумуштарга жана эмгек шарттары кооптуу жана (же) зыяндуу жумуштарга таандык кылынган кесиптердин жана кызматтардын тизмесин кесиптик бирликтер органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
Көмүр казып алуу (кайра иштетүү) боюнча оор жумуштарга жана эмгегинин шарттары кооптуу жана (же) зыяндуу жумуштарга таандык кылынган кесиптердин жана кызматтардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлгөн Кесиптердин жана кызматтардын бирдиктүү классификаторуна киргизилет.
23-берене. Көмүр казып алуу боюнча оор жумуштарда жана эмгек шарттары кооптуу жана (же) зыяндуу жумуштарда иштеген көмүр казып алуучу уюмдардын кызматкерлери үчүн жумуш убактысынын узактыгы
Көмүр казып алуучу уюмдардын оор жумуштарда жана эмгек шарттары кооптуу жана (же) зыяндуу жумуштарда жер алдында иштеген кызматкерлери үчүн белгиленген жумуш убактысынын узактыгы жумасына 36 сааттан ашпайт. Ага жумушчуларды жер алдындагы иштеген жерине жана кайра жер үстүнө жеткирүүнүн убактысын кошуп алганда жумушчу убактысынын жалпы узактыгы жумасына 38 саат 45 мүнөттөн ашпайт. Көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюмдардын көрсөтүлгөн жана башка кызматкерлери үчүн жумуш күнүнүн айкын узактыгы, ошондой эле кыскартылган жумуш убактысын берүүнүн тартиби көмүр казып алуучу уюмдардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, кесиптик бирлик же башка өкүлчүлүк органынын жана көмүр өнөр жайын башкаруу боюнча органдын макулдашуусу (жамааттык келишими) менен белгиленет.
24-берене. Көмүр тармагында иштегендердин социалдык кепилдиктери
1. Көмүр казып алуудагы оор жумуштарда жана эмгек шарттары кооптуу жана (же) зыяндуу иштерде иштеген кызматкерлер нөөмөттөн кийинки калыбына келүүдөн, ошондой эле эки жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүү медициналык дарылоодон өтүп, көрсөтүлгөн иштер менен шартталган оорулар менен ооруганда дарылоо менен камсыз кылынат.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерлерди нөөмөттөн кийинки калыбына келтирүүгө жана дарылоого кеткен чыгымдардын орду колдонуудагы эмгек жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте толтурулат.
3. Көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюмдар өз каражаттарынын эсебинен кызматкерлерди санаторийлик-курорттук, диспансердик жана стационардык дарылоо үчүн шарттарды түзүүгө милдеттүү.
4. Көмүр өнөр жайынын уюмдарынын аймактык жайгашуусуна жана табигый-климаттык шарттарына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан башка тармактардын кызматкерлериндей эле колдонуудагы ченемдик актыларга ылайык айлык акыга райондук кошумча коэффициенттер белгиленет.
5. Көмүр өнөр жайынын кызматкерлерине жер үстүнөн шахтадагы жумуш ордуна жана кайра кайтууга кеткен убакыт үчүн мурда белгиленген кошумча акылар, узак жыл иштегендик үчүн сыйлыктар, иштин көп нөөмөттүк тартиби үчүн кошумча төлөөлөр сакталып калат. Чыгымдарды продукциянын өздүк наркына бирдей бөлүштүрүү максатында көмүр өнөр жайынын уюмдарына жыл сайын берилүүчү өргүүлөр жана узак жыл иштегендиги үчүн бир жолу берилүүчү сыйлыктар үчүн алдыдагы төлөп берүүлөргө каражаттарды резервге калтыруу укугу берилет. Резервге калтыруунун жана аталган максатка алдыда турган төлөөлөр үчүн каражаттарды өздүк наркка таандык кылуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан аныкталат.
6. Көмүр казып алууда (кайра иштетүүдө) эмгек шарттары коркунучтуу жана (же) зыяндуу оор жумуштарда иштеген кызматкерлер үчүн тарифтик ставкалардын (кызматтык айлыктардын) өлчөмү көрсөтүлгөн кызматкерлердин ар бир кесиби (кызматы) боюнча эмгек шарттары тиешелүү демейдеги кесиптер (кызматтар) боюнча белгиленген тарифтик ставкалардан (кызматтык айлыктардан) он пайыздан кем эмес жогору болууга тийиш.
7. Көмүр казып алууда (кайра иштетүүдө) оор жумуштарда жана эмгек шарттары кооптуу жана (же) зыяндуу жумуштарда иштеген кызматкерлер үчүн ден соолугун чыңдоого жана тамак-ашка жөлөкпул белгиленет. Мындай жөлөкпулду берүүнүн тартиби көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюмдардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана кесиптик бирлик органдарынын макулдашуусу менен белгиленет.
8. Көмүр казып алуучу уюмдарга акысыз же жеңилдетилген баа менен турмуш-тиричилик муктаждыктары үчүн төмөнкү категориядагы адамдарга көмүр берүү укугу берилет:
- көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюмдардын кызматкерлерине;
- пенсиясы көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюмдардагы ишке байланыштуу дайындалган пенсионерлерге;
- эгерде алар бул укуктан майып болгонго чейин пайдаланса, эмгектин майыптарына, жалпы оору боюнча майыптарга;
- эгерде аялы (күйөөсү), ата-энеси, балдары жана (же) үй-бүлөнүн башка эмгекке жарамсыз мүчөлөрү багуучусунан ажырагандык боюнча пенсия алса, көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюмдардын курман болгон кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө;
- көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюмдардын кызматкерлеринин жесирлерине;
- эгерде казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюмдарда иштеген адамдар көмүр кени жайгашкан ошол эле шаардагы жана райондогу калктуу конушта жашашса жана меш менен жылытуудан пайдаланса, мындай уюмдарда беш жылдан кем эмес иштеген жана кийинки иш ордуна карабастан штаттарды кыскартууга же мындай уюмдарды жоюуга байланыштуу иштен бошотулган кызматкерлерге. Көмүр кени жайгашкан ошол эле шаардагы жана райондогу калктуу конушта ыңгайлуулуктары бар үйлөрдө жашаган, ушул пункттун 2-7 абзацтарында көрсөтүлгөн адамдар коммуналдык тейлөө үчүн эсептешүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте айкын көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюм үчүн белгиленген акысыз көмүрдүн ченеминин наркынын чегинде энергетикалык ресурстар үчүн акы төлөөдөн көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюмдун каражаттарынын эсебинен бошотулушу мүмкүн.
Ал максат үчүн каражаттар көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюм тарабынан жергиликтүү бюджетке которулат.
9. Көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюмдун турмуш-тиричилик муктаждыктарына акысыз же жеңилдик баалар боюнча көмүр берүү менен байланышкан чыгымдары казып алынган (кайра иштетилген) көмүрдүн өздүк наркына киргизилет.
10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюмдардын кызматкерлери үчүн тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жеңилдиктер жана тейлөөлөр түрүндө, анын ичинде пенсияларга үстөк, жогорулатылган жөлөкпул, коомдук транспортто акысыз жүрүү, эмгек ардагерлеринин жана майыптардын үйүнө орноштуруу ж.б.у.с. түрүндө социалдык коргоо боюнча кошумча чараларды белгилеши мүмкүн.
(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 мыйзамынын редакциясына ылайык)
25-берене. Компенсациялар жана социалдык кепилдиктер
Көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюмдардын өндүрүшүнүн көлөмүн кыскартууда же жоюуда иштен бошотулуучу кызматкерлерди социалдык коргоо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик актыларына ылайык жүргүзүлөт.
Көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюмдун кызматкери өндүрүштүк жарат алуунун, кесиптик оорунун айынан эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон учурда, ошондой эле ал өндүрүштө курман болгон учурда жабыр тартканга же мындайга укугу бар башка адамдарга зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөөлөр жана башка компенсациялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
26-берене. Көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюмдарды жоюуда иштен бошотулуучу кызматкерлерди эмгекке орноштуруу үчүн жаңы жумушчу орундарын түзүү боюнча чараларды мамлекеттик колдоо
Көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюмдарды жоюуда иштен бошотулуучу кызматкерлердин ишкерчилик, жеке эмгектик ишин уюштуруу жана колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өндүрүштү өзгөртүү, түрүн кайра өзгөртүү жана иштен бошотулуучу кызматкерлерди эмгекке орноштуруу боюнча чараларды аныктайт.
V бөлүм Талаштарды чечүү жана көмүр жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик
27-берене. Талаштарды чечүүнүн тартиби
Көмүр казып алуу, кайра иштетүү жана пайдалануу менен байланышкан талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
28-берене. Көмүр жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Ушул Мыйзам тарабынан каралган көмүр чыккан жерлерге ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын түздөн-түз же көмүскө түрдө бузуучу бүтүмдөр жараксыз деп табылат.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү жасоодо, ошондой эле:
- көмүр казып алууда иштегендердин жана калктын коопсуздугун, жер катмарларын жана айлана-чөйрөнү булгоо коркунучун түзүүчү усулдар жана ыкмалар менен жүргүзүүдө;
- көмүр кени чыккан жерлерди өз бетинче пайдаланууда;
- көмүр кени чыккан жерлерди сарамжалсыз тандап иштетүүдө, аны казып алууда жана кайра иштетүүдө ченемдерден ашык жоготууларды түзүүдө күнөөлүү юридикалык жана жеке жактар -
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
3. Көмүр кени чыккан жерлерди өз бетинче пайдалануу кен байлыгын пайдалдануу боюнча мамлекеттик органдын чечиминин негизинде чыгымдардын ордун толтурбастан токтотулат.
4. Көмүрдү жана аны кайра иштетүүнүн продукттарын аларды стандартташтыруу боюнча ченемдик документтерсиз сатуу жана стандарттардын милдеттүү талаптарын сактабагандык үчүн колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик белгиленет.
29-берене. Көмүр кени чыккан жерлерди пайдалануучуга экономикалык зыяндын ордун толтуруу
Эгерде алардын ишинин натыйжасында көмүр кени чыккан жерлердин табигый касиеттери начарлап, ал кен чыккан жерлерди андан ары иштетүүнү жарым-жартылай же толугу менен жок кылуучу шарттар түзүлсө, ага байланыштуу экономикалык зыяндардын орду кен чыккан жерди пайдалануучуга юридикалык жана жеке жактардын эсебинен толтурулат.
Зыяндардын орду көмүр кени чыккан жерди пайдалануучуга сот тартибинде күнөөлүүнүн эсебинен толтурулат.
30-берене. Көмүр кени чыккан жерлерди пайдалануучунун экономикалык зыянынын ордун мамлекетке толтуруусу
Көмүр кени чыккан жерлерди сарамжалсыз, өз бетинче тандап иштетүүнүн натыйжасында пайда болгон экономикалык зыяндын орду мамлекетке толтурулат. Экономикалык зыяндын ордун мамлекетке толтуруунун өлчөмү жер казынасын пайдалануучунун күнөөсү боюнча экономикалык маанисин жоготкон көмүр коруна жана баалуулугуна ылайык аныкталат.
31-берене. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
32-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды киргизсин;
- өз чечимдерине ушул Мыйзамдан келип чыгуучу өзгөртүүлөр киргизсин;
- министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз чечимдерин, токтомдорун жана ведомстволук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришин камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |