КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 Мыйзамына
ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2006-жылдын 7-августу № 153
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
2006-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1996-ж., № 7, 104-ст.) Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статьядагы "Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны" деген
сөздөр "Жогорку Кењеши" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2. 9-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана
Эл өкүлдөр жыйынынын" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку арбитраждык
соту" деген сөздөр алып салынсын;
3. 14-статья төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"14-статья.
Мамлекеттик сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Президентинин аты-
нан жана тапшырмасы боюнча төмөндөгүлөр тапшыра алат: Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-
нистри, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы жана башка кызмат
адамдары.".
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев