Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык
2019-жылдын 1-январынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Бишкек шаары
2006-жылдын 8-августу № 157
 
                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
 
           Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине
                өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
 
    2006-жылдын 30-июнунда             Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                        Кењеши тарабынан кабыл алынган
 
     1-статья.
 
     Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз  Респуб-
ликасынын   Жогорку   Кењешинин   Жарчысы,   1999-ж.,  №  10,  442-ст.)
төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
     1. Бүткүл  текст  боюнча мамлекеттик тилде ар кандай жөндөмөлөрдүн
түрүндө "жактоо өкүмү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "актоо өкүмү"
деген сөздөр менен алмаштырылсын.
     2. 348-статьянын биринчи бөлүгү  төмөндөгүдөй  мазмундагы  6-пункт
менен толукталсын:
     "6) даттанылган сот актысын алып салуу жөнүндө жана  ишти  биринчи
инстанциядагы  сотко  кайрадан  карап чыгууга жөнөтүү тууралу,  болбосо
сотто жоюлбай турган тергөөнүн өксүктөрүн толтуруу үчүн ишти прокурорго
кайра кайтаруу жөнүндө аныктама.".
 
     2-статья.
 
     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
 
     Кыргыз Республикасынын 
     Президенти                                            К.Бакиев