Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

                    Кыргыз Республикасынын

         2012-жылдын 10-июлундагы N 100 Кодексине ылайык

                      КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары

2006-жылдын 7-августу № 151

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОДЕКСИ

 

                     Кыргыз Республикасынын балдар

                            жөнүндө кодекси

 

                        (Кыргыз Республикасынын
                    2009-жылдын 27-апрелиндеги №132,
                    2011-жылдын 29-декабрындагы №255
                    Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

     I бөлүм.   ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

     1-глава.   Балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо жагындагы

                мыйзамдар

     2-глава.   Балдардын укуктарын жана таламдарын ишке ашыруу

                чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын милдеттери

     3-глава.   Балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо

                боюнча адистештирилген органдар

     II бөлүм.  БАЛДАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА ТАЛАМДАРЫ, АЛАРДЫ ИШКЕ

                АШЫРУУНУН КЕПИЛДИКТЕРИ

     4-глава.   Балдардын укуктук статусу, төрөлгөндүгүн, жарандыгын

                каттоо

     5-глава.   Үй-бүлөлүк укук мамилелери жагынан балдардын укуктарын

                жана таламдарын камсыз кылуу

     6-глава.   Билим берүү жагында балдардын укуктарын жана таламдарын

                камсыз кылуунун негизги багыттары

     7-глава.   Саламаттык сактоо жагында балдардын укуктарын жана

                таламдарын камсыз кылуунун негизги багыттары

     8-глава.   Социалдык жана эмгектик укук мамилелери жагында

                балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуунун

                негизги багыттары

     9-глава.   Балдардын жеке мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктары

     III бөлүм. ЮВЕНАЛДЫК ЮСТИЦИЯ

     10-глава.  Ювеналдык юстиция

     IV бөлүм.  КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

 

     Ушул кодекс балдардын Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Ба-

ланын укуктары жөнүндө Конвенцияда, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам

актыларында жана белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген эл аралык

келишимдеринде каралган укуктарынын, эркиндиктеринин жана мыйзамдуу та-

ламдарынын негизги кепилдиктерин белгилейт.

     Кыргыз Республикасы  балалык  адам  өмүрүнүн маанилүү этабы экенин

тааныйт жана балдарды коомдогу толук кандуу турмушка даярдоонун, аларда

коомдук маанилүү жана чыгармачыл жигердүүлүктү өнүктүрүүнүн, аларды жо-

горку адептүүлүк сапаттарга, патриотизмге жана жарандуулукка тарбиялоо-

нун артыкчылыктуу принциптерине таянат.

 

                                I бөлүм

                             ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

 

                                1-глава

                  Балдардын укуктарын жана таламдарын

                      коргоо жагындагы мыйзамдар

 

     1-статья. Балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо жагындагы

               мыйзамдардын негизги милдеттери

 

     1. Балдардын жарандык,  саясий, экономикалык, социалдык жана мада-

ний укуктарын,  мыйзамдуу таламдарын жана эркиндиктерин коргоо ушул Ко-

декстин максаты болуп саналат.

     2. Балдардын укуктарын  жана  таламдарын  жөнгө  салуу,  балдардын

укуктарын  ишке ашырууну камсыз кылуучу принциптерди жана аларды коргоо

чараларын белгилөө,  баланын укуктарынын кепилдик негиздерин түзүү, ба-

ланын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча тиешелүү орган-

дардын жана уюмдардын иштеши,  балдардын укуктарын сактоо  жана  коргоо

жагында  мамлекеттик  жана муниципалдык органдардын компетенциясын жана

алардын өз ара аракеттенүү тартибин аныктоо ушул Кодекстин милдети  бо-

луп саналат.

 

     2-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөр

 

     Ушул Кодексте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

     ар тараптан баа берүү -  Үй-бүлөнү  жана  балдарды  колдоо  боюнча

бөлүм  тарабынан  жүргүзүлүүчү  баланын  өмүр  таржымалын жана анын ке-

ректөөлөрүн толук баалоо;

     мамлекеттик ыйгарым  укуктуу  орган - балдардын укуктарын жана та-

ламдарын коргоо маселелери боюнча атайын  ыйгарым  укуктуу  мамлекеттик

башкаруу органы;

     баланын аракетке жөндөмдүүлүгү - баланын өз аракети менен жарандык

укукту алууга жана ишке ашырууга, өзү үчүн жарандык милдеттерди түзүүгө

жана аларды аткарууга (жарандык аракетке жөндөмдүүлүк) жөндөмдүүлүгү;

     турмуштук кризистик кырдаалга тушуккан балдар - ата энесинен каро-

осуз калган,  акыл-эсинин жана/же денебоюнун өнүгүүсүнүн кемчилиги бар,

куралдуу жана улуттар аралык жањжалдардын, экологиялык жана техногендик

кыйроолордун,  табигый   кырсыктардын   курмандыгы   болушкан,   качкын

үй-бүлөлөрдөн  жана  мажбурлап  көчүрүлгөндөрдөн  чыккан,  экстремалдык

шарттарда калган,  зомбулуктун курмандыгы болушкан;  түзөтүү колонияла-

рында  эркиндигинен  ажыратылуу  менен жаза өтөп жатышкан,  атайын оку-

туу-тарбиялоо мекемелеринде жүргөн, түзүлгөн жагдайдын кесепетинен тур-

мушу  бузулган,  жакыр үй-бүлөлөрдө жашаган жана мындай жагдайды өз ал-

дынча же үй-бүлөсүнүн жардамы менен жењип чыга албаган балдар;

     балдар сойкулугу - баланы акы төлөө же ордун толтуруунун ар кандай

башка формасы үчүн сексуалдык мүнөздөгү иштерге пайдалануу;

     балдар порнографиясы  -  баланы  реалдуу  же моделдештирилген ачык

сексуалдык аракеттерди жасап жаткан баланы кандай гана болбосун баардык

каражаттар менен ар кандай сүрөткө тартуу же сексуалдык максаттарда ба-

ланын жыныс органдарын ар кандай сүрөткө тартуу;

     БИК - Балдар иштери боюнча комиссия;

     ҮБКБ - Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм;

     камкорчу (көзөмөлчү)  -  мыйзамда белгиленген тартипте камкорчулук

жана көзөмөлчүлүк кылуу иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу  үчүн  дайындалган

адам;

     камкорчулук (көзөмөлчүлүк)  -  сот  тарабынан  аракетке  жөндөмсүз

(аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген) деп табылган балдардын жана адамдар-

дын укуктары менен таламдарын укуктук коргоонун түрү;

     баланын укукка ээлиги - бала төрөлгөн учурдан тартып пайда болуучу

жана өлүмү менен токтоочу жарандык укуктарга жана милдеттерге ээ  болуу

жөндөмдүүлүгү;

     асыроочу үй-бүлө - баланы үй-бүлөгө тарбиялоого берүү жөнүндө  ке-

лишимдин негизинде түзүлгөн үй-бүлө же мыйзамдарда белгиленген тартипте

бала асырап алуучу үй-бүлө;

     камкордук көрүү  планы  -  Үй-бүлөнү  жана  балдарды колдоо боюнча

бөлүм тарабынан иштелип чыккан балага жана анын үй-бүлөсүнө (айланасын-

дагыларга) ар тараптан баа берүүнүн негизинде баланы коргоо боюнча кыз-

мат көрсөтүүлөрдү кењири чагылдырган документ;

     кызмат көрсөтүүлөр   боюнча   план  -  ошол  Бөлүмдө  баланын  ке-

ректөөлөрүн камсыз кылуу максатында Үй-бүлө жана балдарды коргоо боюнча

бөлүм тарабынан түзүлгөн, балдарды коргоо боюнча кызматтарды кењири ча-

гылдыруучу ар жылдык план;

     бала (балдар) - он сегиз жашка чыга элек жеке адамдар;

     териштирүү - балдардын муктаждыктарын жана анын  турмуш  жагдайын,

ошондой  эле  баланы коргоого көмөк болуучу зарыл кызмат көрсөтүүлөрдүн

өлчөмүн алдынала иликтөө;

     качкын бала  -  Кыргыз  Республикасынын мыйзамдарына ылайык качкын

статусу берилген бала;

     үй-бүлө - никеден, туугандыктан, бала асырап алуу же балдарды тар-

бияга алуунун дагы башка түрлөрүнөн улам келип чыгуучу,  үй-бүлөлүк ма-

милелердин  чыњдалышына  жана өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө кызмат кылуучу

мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктар жана милдеттенмелер менен байла-

нышкан адамдардын чөйрөсү;

     үй-бүлөлүк балдар үйү - жетим балдарга жана ата-энелеринен  кароо-

суз  калган балдарга коомдук-мамлекеттик камкордук көрүүнүн жана тарбия

берүүнүн бир түрү;

     баланын социалдык  жактан көнүүсү - турмуштук оор кырдаалда калган

баланын коомдо кабыл алынган жүрүм-турум  эрежелери  менен  ченемдерине

жигердүү ыњгайлашуу, ошондой эле психологиялык же моралдык жабыркоо ке-

сепеттерин жоюу процесси;

     социалдык реабилитация - бала ажырап калган социалдык байланыштар-

ды жана иш милдеттерин калыбына келтирүүгө, ошондой эле жашоо-тиричилик

чөйрөлөрүн толуктоого,  ага камкордукту күчөтүүгө багытталган мамлекет-

тик жана башка мамлекеттик эмес органдардын,  уюмдардын жана мекемелер-

дин иш-чараларынын комплекси;

     балдарды сатуу - ар кандай акты же бүтүм аркылуу сыйакы же ар кан-

дай  башка  ордун толтуруулар үчүн баланын ар кандай адам же адамдардын

тобу тарабынан ар кандай башка адамга же адамдардын тобуна берилиши;

     фостердик үй-бүлө  -  бала  эрезеге жеткенге чейин аны белгиленген

тартипте камкордукка же көзөмөлдүккө алуучу үй-бүлө;

     ювеналдык юстиция  -  мыйзам менен келишпөөчүлүктө жүргөн 14төн 18

жашка чейинки балдарга карата көрүлүүчү иш-чаралардын системасы, ал сот

адилеттигин ишке ашыруу жана социалдык реабилитациялоо маселелерин кам-

тыйт.

 

     3-статья. Балдардын укуктарын ишке ашыруунун негизги принциптери

 

     Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси төмөнкүдөй  принцип-

терге негизденет:

     - мыйзамдарда бекемдөө менен баланын укуктары  менен  таламдарынын

биринчи кезектүүлүгүн таануу;

     - расасынын,  өњ-түсүнүн,  жынысынын,  тилинин, дининин, саясий же

башка ынанымдарынын,  улуттук,  этностук же социалдык тегинин,  мүлктүк

абалынын, ден соолук абалынын же баланын төрөлүшүнүн, анын ата-энелери-

нин,  мыйзамдуу  өкүлдөрүнүн  же кандайдыр башка жагдайлардын белгилери

боюнча басмырлоого жол берилбөөсү;

     - балдардын  эњ  жакшы турмушун камсыз кылуу максатында аларды би-

ринчи кезекте коргоону жана камкордук көрүүнү камсыз кылуу;

     - коомдун тењ укуктуу мүчөсү катары баланын укугун жана эркиндигин

урматтоо жана камсыз кылуу;

     - балага  тиешелүү  чечимдерди кабыл алууда анын пикирин милдеттүү

түрдө эске алуу менен баланын өз пикирин билдирүү укугун камсыз кылуу;

     - баланы денебой,  моралдык зомбулуктан, мазактоонун же кыянаттык-

тын, бардык түрлөрүнөн коргоону, ошондой эле камкордуктун жоктугунан же

аяр эмес мамиле жасоодон улам ага карата эзүүнүн бардык түрлөрүнөн кор-

гоону камсыз кылуу;

     - баланы анын өнүгүү жөндөмдүүлүгүнө ылайык тарбиялоо боюнча жооп-

керчилик тартуучу ата-энелердин жана аларды алмаштыруучулардын укуктары

менен милдеттерин сыйлоо;

     - балдарды толук кандуу тарбиялоону камсыз кылуу, алардын укуктары

менен  таламдарын  коргоо,  аларды коомдо жашоого даярдоо максаттарында

үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү;

     - ата-энелердин,  алардын өкүлдөрүнүн жана коомдун балдардын укук-

тарына жана өзгөчө муктаждыктарына карата кулакдар болушун жана  сезим-

талдыгын жогорулатуу;

     - баланын укуктарын коргоо боюнча  кызматтарды  децентралдаштыруу,

балдардын  укуктары менен таламдарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик жана

мамлекеттик эмес мекемелердин ортосундагы өнөктөштүктү камсыз кылуу;

     - баланын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын бузу-

улар,  ага залал келтирүү үчүн мамлекеттик бийлик жана  жергиликтүү  өз

алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын, ошондой эле жарандар-

дын жоопкерчиликтери;

     - баланы коргоо боюнча чараларды көрүүдө анын этностук, диний жана

маданий тегин эске алуу менен баланы камкордукка алуунун,  тарбиялоонун

жана билим берүүнүн туруктуулугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу;

     - мамлекет,  коом, үй-бүлө тарабынан баланын укуктары менен эркин-

диктерин сактоо жана коргоо;

     - ата-энелер менен аларды алмаштыруучу адамдардын баланын таламда-

рын  жакшы  камсыз  кылууга  өзгөчө  көњүл  буруу  менен анын ойдогудай

өнүгүшүн камсыздоо милдеттери.

 

     4-статья. Балдардын укуктары менен таламдарын коргоо боюнча

               ченемдерди камтыган мыйзамдар жана башка актылар

 

     1. Кыргыз  Республикасынын балдардын укуктарын камсыз кылуу жагын-

дагы мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Кодекстен

жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларынан турат.

     2. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө  кирген  эл  аралык

келишимдерде  Кыргыз  Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башкача

эреже белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

 

     5-статья. Ушул Кодексти колдонуу чөйрөсү

 

     Ушул Кодекс Кыргыз Республикасында баланын негизги укуктарын,  эр-

киндиктерин  жана  мыйзамдуу таламдарын ишке ашырууга байланыштуу келип

чыккан мамилелерди жөнгө салат жана  Кыргыз  Республикасынын  аймагында

туруктуу  же убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына,  чет

өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга таралат.

     Ушул Кодекс ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында балдардын

укуктары менен таламдарын коргоодо иш алып барган мамлекеттик жана  му-

ниципалдык  органдардын,  юридикалык жана жеке жактардын иш аракеттерин

да жөнгө салат.

 

                                2-глава

                   Мамлекеттик органдардын балдардын

                    укуктары менен таламдарын ишке

                    ашыруу чөйрөсүндөгү милдеттери

 

     6-статья. Балдардын укуктары менен таламдарын коргоо жагындагы

               мамлекеттик саясат

 

     1. Балдардын укуктары менен таламдарын коргоо жагындагы  мамлекет-

тик саясаттын максаттары төмөнкүлөр:

     - Кыргыз  Республикасынын  Конституциясында,  Балдардын   укуктары

жөнүндө Конвенцияда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларын-

да жана белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген эл аралык келишим-

дерде  каралган  балдардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын кепилдөө

жана коргоо;

     - ата-энелерде балдардын төрөлүшүнө жоопкерчиликти тарбиялоо аркы-

луу жарандардын ден соолугу чыњ, көптөн көксөгөн баланын төрөлүшүнө ка-

рата ањ-сезимдүү мамилесин калыптандыруу;

     - балдардын укуктарынын,  эркиндиктеринин тењчилигин жана таламда-

рын  сактоону камсыз кылуучу улуттук жакшы каада-салттарды сактаган ал-

гылыктуу гендердик өнүгүүнү кењири колдонуу жана жигердүү жайылтуу;

     - балдардын  укуктары  менен  таламдарын коргоо боюнча өбөлгөлөрдү

жана шарттарды камсыз кылуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;

     - балдардын дене бой,  интеллектуалдык,  психикалык,  руханий жана

адептүүлүк жактан өнүгүшүнө,  аларды  патриотизмге  жана  жарандуулукка

тарбиялоого,  ошондой эле баланын инсандыгынын коомдун кызыкчылыгындагы

өнүгүүсүнө көмөктөшүү.

     2. Балдардын  укуктары менен таламдарын коргоо жагындагы мамлекет-

тик саясат жүргүзүү мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча баш-

каруу органдарынын иштеринин артыкчылыктуу тармагы болуп саналат.

     3. Балдардын таламдарындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу бо-

юнча  иш  чараларды  каржылоо  республикалык жана жергиликтүү бюджеттен

бөлүнгөн каражаттардын, ошондой эле бюджеттен тышкаркы булактардын жана

Кыргыз  Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын

чектеринде ишке ашырылат.

 

     7-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдардын укуктары

               менен таламдарын ишке ашыруу жана коргоо жагындагы

               милдеттери

 

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү баланын укуктарын, эркиндиктерин жа-

на мыйзамдуу таламдарын коргоодо төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:

     - балдардын укуктарын,  эркиндиктерин  жана  мыйзамдуу  таламдарын

коргоо жагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты аныктоо;

     - баланын укуктарын,  эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын кам-

сыз кылуу,  анын ден соолугун коргоо, тарбиялоо жана адептүүлүгү боюнча

иш аракеттердин артыкчылыктуу багыттарын тандоону ишке ашыруу;

     - өз компетенциясынын чектеринде баланын укуктарын,  эркиндиктерин

жана мыйзамдуу таламдарын коргоону жөнгө салуучу ченемдик укуктук акты-

ларды кабыл алуу;

     - аймактык айырмачылыктарды эске алуу менен кызмат  көрсөтүүлөрдүн

мамлекеттик минималдуу стандарттарын бекитүү;

     - балдардын эс алуусун камсыз кылуу жана ден соолугун чыњдоо боюн-

ча социалдык кепилдиктерди жана жењилдиктерди белгилөө;

     - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына финансылык, уюштуру-

учулук, маалыматтык-усулдук жана башка жардамдарды көрсөтүү;

     - балдардын укуктарын,  эркиндиктерин  жана  мыйзамдуу  таламдарын

коргоо жагындагы мамлекеттик максаттуу программалардын аткарылышына жо-

оптуу мамлекеттик органдарды аныктоо;

     - балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо жагындагы мамлекеттик

органдардын иш аракеттерин көзөмөлдөөнү ишке ашыруу;

     - баланын  укуктарын коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы-

нын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасы өзүнө алган эл аралык  милдет-

тенмелерди аткаруу;

     - баланын укуктарын,  эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын кор-

гоо  боюнча иш аракеттерди жүзөгө ашыруучу жеке адамдарга жана юридика-

лык жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү;

     - Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө Типтүү жобону бекитүү;

     - Баланын укуктарын коргоону ишке ашыруунун тартиби жөнүндө Типтүү

жобону бекитүү;

     - Балдарга кызмат көрсөтүү тармагында иштешкен уюмдарды аккредита-

циялоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү;

     - Баланы үй-бүлөдөн тышкары жайгаштыруунун Тартибин бекитүү;

     - Үй-бүлөнү  жана  балдарды  колдоо  боюнча бөлүмдүн документтерин

сактоо тартибин жана мөөнөттөрүн бекитүү.

 

     8-статья. Билим берүү, илим жана жаштар саясаты тармагындагы

               ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын балдардын укуктары

               менен таламдарын коргоо жагындагы милдеттери

 

     Билим берүү, илим жана жаштар саясаты тармагындагы ыйгарым укуктуу

мамлекеттик органдын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

     - алардын ведомстволук баш ийүүчүлүгүнө карабастан билим берүү ме-

кемелеринде балдардын укуктары менен таламдарын коргоо боюнча мамлекет-

тик саясатты ишке ашыруу;

     - билим берүү, илим жана жаштар саясаты тармагында балдардын укук-

тарын,  эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргоону жөнгө  салуучу

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу;

     - өз компетенциясынын чектеринде  билим  берүү  тармагында  Кыргыз

Республикасынын ведомстволук ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу жа-

на кабыл алуу;

     - билим берүү, илим жана жаштар саясаты тармагында баланын укукта-

рын,  эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча мамлекеттик

максаттуу программаларды даярдоо жана ишке ашыруу;

     - балдарды алардын укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымдоо  бо-

юнча иш чараларды жүзөгө ашыруу;

     - балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо жагында билим  берүү,

илим  жана  жаштар  саясаты маселелери боюнча эл аралык макулдашууларды

түзүү;

     - балдардын арасында таркатылууга жатпаган басма продукциясын, ау-

дио-видео  жана   башка   продукцияларды   жайылтуу   боюнча   ченемдик

чектөөлөрдү белгилөө.

 

     9-статья. Саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу

               мамлекеттик органдын балдардын укуктары менен таламдарын

               коргоо жагындагы милдеттери

 

     Саламаттык сактоо  тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган-

дын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

     - балдарга оорулардын алдын алууну,  дартты медициналык аныктоону,

дарылоо-ден соолукту чыњдоо иштерин камтыган акысыз медициналык  жардам

көрсөтүү  аркылуу сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылуу боюнча иш чараларды

жүзөгө ашыруу;

     - алардын ведомстволук баш ийүүлөрүнө карабастан саламаттык сактоо

мекемелеринде балдардын укуктары менен таламдарын коргоо боюнча  мамле-

кеттик саясатты ишке ашыруу;

     - Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган баардык балдарга  меди-

циналык  жардам  алууга укуктарын ишке ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү

берүү;

     - саламаттык  сактоо  тармагында баланын укуктарын,  эркиндиктерин

жана мыйзамдуу таламдарын коргоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын

ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу;

     - сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылуу  жагында  өз  компетенциясынын

чектеринде Кыргыз Республикасынын ведомстволук ченемдик укуктун актыла-

рын иштеп чыгуу жана кабыл алуу;

     - саламаттык  сактоо  тармагында баланын укуктарын,  эркиндиктерин

жана мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча мамлекеттик максаттуу  програм-

маларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

     - саламаттык сактоонун мамлекеттик жана мамлекеттик эмес  уюмдары,

ошондой эле жеке медициналык практика жүргүзүүгө лицензиясы бар адамдар

тарабынан балдарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатына  жана

жеткиликтүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашыруу;

     - балдардын укуктары менен таламдарын коргоону ишке ашыруу, аларды

дене   бой,   акыл-эсин,  руханий,  адептүүлүк  жана  социалдык  жактан

өнүгүшүнө көмөктөшүүчү турмуштук зарыл шарттарды камсыз кылуу;

     - балдар  арасында оорууларды жана өлүмдү азайтуу үчүн зарыл чара-

ларды көрүү;

     - үй-бүлөнү  пландаштыруу  жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу

маселелери боюнча алдыналуучу медицина тармагында  санитардык  -  билим

берүү иштерин күчөтүү;

     - саламаттык сактоо тармагында балдардын укуктары менен таламдарын

камсыз  кылуу максатында министрликтер,  мамлекеттик комитеттер,  адми-

нистрациялык ведомстволор,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдары,

юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүү;

     - балдарга ташбоор мамиле жасаган учурларда алардын укуктарын кор-

гоо маселелери боюнча укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү;

     - баланын денсоолугун коргоо маселелери боюнча атайын  адабияттар-

ды,  проспекттерди, бюллетендерди таркатуу аркылуу агартуучулук иштерди

жүзөгө ашыруу;

     - саламаттык сактоо маселелери боюнча балдардын укуктары менен та-

ламдарын коргоого багытталган эл аралык макулдашууларды түзүү.

 

     10-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмгек жана калкты

                социалдык жактан коргоо тармагында балдардын укуктары

                менен таламдарын коргоо жагындагы милдеттери

 

     Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмгек жана  калкты  социалдык

жактан коргоо тармагындагы милдеттерине төмөнкүлөр тиешелүү:

     - эмгек жана социалдык жактан коргоо тармагында балдардын укуктары

менен таламдарын коргоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

     - эмгек жана  социалдык  коргоо  тармагында  балдардын  өзүлөрүнүн

укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын ишке ашырууга багыт-

талган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу;

     - эмгек жана социалдык коргоо тармагында баланын укуктарын, эркин-

диктерин жана мыйзамдуу  таламдарын  коргоого  багытталган  мамлекеттик

максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

     - социалдык   коргоо   чөйрөсүндө   мамлекеттик   жардам    алууга

мүмкүнчүлүктөрү  бар  балдарга алардын укуктары жана милдеттери жөнүндө

маалымат берүү боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруу;

     - эмгек  жана социалдык коргоо тармагында балдардын укуктары менен

таламдарын коргоого багытталган эл аралык макулдашууларды түзүү.

 

     11-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын миграция жана иш

                менен камсыз кылуу тармагында балдардын укуктары менен

                таламдарын коргоо жагындагы милдеттери

 

     Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын миграция жана иш менен камсыз

кылуу тармагындагы милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

     - миграция жана иш менен камсыз кылуу тармагында балдардын укукта-

ры менен таламдарын коргоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

     - миграция жана иш менен камсыз кылуу тармагында балдар өзүлөрүнүн

укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын ишке ашырууга багыт-

талган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу;

     - миграция  жана  иш менен камсыз кылуу тармагында баланын укукта-

рын,  эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргоого багытталган мам-

лекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуу;

     - жумушка  орноштуруу   чөйрөсүндө   мамлекеттик   жардам   алууга

мүмкүнчүлүктөрү  бар  балдарга алардын укуктары жана милдеттери жөнүндө

маалымат берүү боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруу;

     - качкындардын  укуктарын  жана мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча

иш чараларды жүзөгө ашыруу;

     - миграция жана иш менен камсыз кылуу тармагында балдардын укукта-

рын жана таламдарын  коргоого  багытталган  эл  аралык  макулдашууларды

түзүү.

 

     12-статья. Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын)

                балдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жагындагы

                милдеттери жана ыйгарым укуктары

 

     1. Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) милдетте-

рине төмөнкүлөр кирет:

     - балдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо;

     - мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-

рынын  кызмат адамдары тарабынан балдардын укуктары менен эркиндиктери-

нин сакташына көзөмөл кылууну ишке ашыруу;

     - балдардын укуктары менен эркиндиктерин бузууларды алдыналуу жана

аларды калыбына келтирүүгө көмөктөшүү;

     - балдардын  өзүлөрүнүн  укуктары менен эркиндиктерин ишке ашыруу-

сунда басмырлоонун ар кандай түрлөрүнүн алдыналуу;

     - балдардын укуктук маалыматтуулугуна көмөктөшүү.

     Кыргыз Республикасынын  Омбудсменинин   (Акыйкатчысынын)   ыйгарым

укуктарына төмөнкүлөр таандык:

     - балдардын укуктарын бузуулар жөнүндө арыздар менен даттанууларды

кароо жана балдар, ошондой эле башка адамдар тарабынан берилген арыздар

менен даттанууларды текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу арыз ээсине (арыз

ээлерине) билдирүү, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузуу

фактылары жөнүндө аларды тезинен кароо  талабы  менен  ыйгарым  укуктуу

мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына,  анын ичинде прокурорго маа-

лымдоо;

     - кармалган балдар отурган жерге, балдарды алдынала кармоо жерине,

балдар жазасын өтөп жаткан тиешелүү мекемелерге, балдарды мажбурлап да-

рылоо жана кайра тарбиялоо мекемелерине каалаган убактарда баруу, ошон-

дой эле аларды кармоо шарттары жөнүндө маалымат алуу  жана  көрсөтүлгөн

мекемелерде  алардын кармалып туруусунун мыйзамдуулугун тастыктоочу до-

кументтерди текшерүү;

     - корголуучу  адам  макулдук берген шартта жана процесстик мыйзам-

дардын талаптарын эске алуу менен баардык баскычтагы  соттордун  жыйна-

лыштарына катышуу;

     - ден соолук абалы же болбосо башка жүйөлүү себептер боюнча өз кы-

зыкчылыктарын  коргой  алышпаган балдардын укуктарын жана эркиндиктерин

коргоо жөнүндө арыздары менен сотко кайрылуу, ошондой эле мыйзамда бел-

гиленген  тартипте  жана  учурларда соттук процесске жеке өзү же өзүнүн

өкүлү аркылуу катышуу;

     - балдардын укуктары менен эркиндиктерин бузуулар аныкталган учур-

ларда тийиштүү органдарга тиешелүү чараларды көрүү  үчүн  аракет  кылуу

актыларын жиберүү;

     - тиешелүү мамлекеттик органдар,  анын ичинде ыкчам-издөө  иштерин

жүргүзүүчү органдардын балдардын белгиленген укуктары менен эркиндикте-

рин сактоо абалын текшерүү.

     2. Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы) балдардын укукта-

ры менен эркиндиктерин коргоо жагында "Кыргыз Республикасынын Омбудсме-

ни (Акыйкатчы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган баш-

ка ыйгарым укуктарды да ишке ашырат.

 

                                3-глава

                  Балдардын укуктары менен мыйзамдуу

                       таламдарын коргоо боюнча

                            адистештирилген

                               органдар

 

     13-статья. Балдардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын коргоо

                кызматтарын көрсөтүү боюнча кызмат системасын түзүүчү

                органдардын тизмеси

 

     1. Балдардын укуктары менен  мыйзамдуу  таламдарын  коргоо  боюнча

адистештирилген органдар төмөнкүлөр:

     - балдардын укуктары менен  таламдарын  коргоо  тармагында  Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу атайын ыйгарым укуктуу орган;

     - Балдар иштери боюнча комиссия;

     - Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм.

     2. Ушул статьяда саналган баардык  органдар  балдардын  укуктарын,

эркиндиктерин  жана  мыйзамдуу  таламдарын бузбоону текшерүү максатында

балдардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын  коргоо  жагында  иштеген

уюмдарга эркин кирүү укугуна ээ.

 

     14-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Балдардын

                укуктары менен таламдарын коргоочу атайын ыйгарым

                укуктуу органдын укуктук статусу жана компетенциялары

 

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Балдардын укуктары менен

таламдарын коргоочу атайын ыйгарым укуктуу  органдын  башкы  милдеттери

төмөнкүлөр:

     - балдардын укуктарын,  эркиндиктерин  жана  мыйзамдуу  таламдарын

коргоо жагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

     - балдарды социалдык коргоо боюнча мамлекеттик  минималдуу  кызмат

көрсөтүүлөрдү,  аларды сактоонун жана мазмунун түшүндүрүүнүн мониторин-

гин иштеп чыгуу;

     - балдардын  укуктары менен таламдарын коргоо жагында иштеген уюм-

дарды аккредитациялоо жана алардын иштерин көзөмөлдөө;

     - Үй-бүлөнү  жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн жылдык иш планын

бекитүү;

     - балдардын  укуктары,  ошондой эле БУУнун баланын укуктары боюнча

конвенциясынын жоболору жөнүндө коомчулукка маалымдоону жогорулатуу;

     - Балдар иштери боюнча комиссиянын чечимдерине, анын ичинде балдар

тарабынан берилген даттанууларды жана арыздарды кароо.

 

     15-статья. Балдарга кызмат көрсөтүү жагында иштеген уюмдарды

                аккредитациялоо

 

     Балдардын коопсуздугун жана жакшы турмушун камсыз кылуу үчүн ыйга-

рым укуктуу мамлекеттик орган балдарга кызмат көрсөтүү жагында  иштеген

уюмдарды аккредитациялоону жүзөгө ашырат.

     Балдарга кызмат көрсөтүү жагында  иштеп  жаткан  уюмдардын  кызмат

көрсөтүүсү кењеш берүүнү,  үй-бүлөлүк балдар үйлөрүн ачууну,  фостердик

жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү өз ичине камтыйт.

     Уюмдардын аккредитациядан    өтүүсүн    талап    кылуучу    кызмат

көрсөтүүлөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиле-

нет.

 

     16-статья. Балдар иштери боюнча комиссиянын түзүмү, укуктук

                статусу жана милдеттери

 

     1. Балдар иштери боюнча комиссия:

     - райондук администрациялардын алдында - тиешелүү райондордо;

     - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары-

нын алдында (мэриялар,  шаар башкармалыктары) - райондук бөлүнүү болбо-

гон тиешелүү шаарларда;

     - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары-

нын алдында (мэриялар) -  райондук  бөлүнүүсү  бар  тиешелүү  шаарларда

түзүлөт.

     2. Балдар иштери боюнча комиссия туруктуу  иштөөчү  жумушчу  орган

болуп саналбайт жана өз иштерин мезгилдүү негизде жүргүзөт.  Балдар иш-

тери боюнча комиссиянын иши туруктуу негизде иштеген,  тиешелүү  жерги-

ликтүү  өз алдынча башкаруу органы же жергиликтүү мамлекеттик админист-

рация тарабынан түзүлгөн катчылык тарабынан уюштурулат.  Балдар  иштери

боюнча  комиссия  жөнүндө  жобо  жана  анын курамы көрсөтүлгөн комиссия

түзүлгөн тиешелүү орган тарабынан бекитилет.

     3. Балдар иштери боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

     - ички иштер органынын өкүлү;

     - билим берүү, илим жана жаштар саясаты органынын өкүлү;

     - саламаттык сактоо органынын өкүлү;

     - эмгек жана социалдык коргоо органынын өкүлү;

     - райондук администрациянын же жергиликтүү өз алдынча  башкаруунун

аткаруучу-тескөөчү органынын өкүлү;

     - жарандык коомдун 4 өкүлү.

     4. Балдар иштери боюнча комиссиянын милдеттери төмөнкүлөр:

     - Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн баланын андан ар-

кы тагдырын аныктоого тиешелүү (үй-бүлөдө калтыруу,  асыроочу үй-бүлөгө

берүү, ачык же жабык мекемеге жайгаштыруу) чечимдерин жактыруу;

     - Үй-бүлөнү  жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн асыроочу же фос-

тердик үй-бүлөнү тандоого карата чечимдерин бекитүү;

     - Үй-бүлөнү  жана  балдарды  колдоо  боюнча  бөлүмдүн  иш аракетин

көзөмөлдөө;

     - баланы туура эмес ачык же жабык мекемеге жайгаштырган учурда бо-

шотууну камсыз кылуу;

     - Үй-бүлөнү  жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн кызматкерлеринин

иш аракеттерине, ошондой эле балдарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты-

на же балдардын укуктарын бузууларга карата арыздар менен даттанууларды

кароо.

     5. Балдар  иштери  боюнча  комиссия  өз  иштери тууралуу балдардын

укуктары менен таламдарын коргоо  тармагындагы  Кыргыз  Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга квартал сайын от-

чет берип турат.

     6. Балдар иштери боюнча комиссиянын чечимине сот тартибинде датта-

нууга болот.

 

     17-статья. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн укуктук

                статусу жана милдеттери

 

     1. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр:

     - райондук администрациялардын алдында - тиешелүү райондордо;

     - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары-

нын алдында (мэриялар,  шаар башкармалыктары) - райондук бөлүнүү болбо-

гон тиешелүү шаарларда;

     - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары-

нын  алдында  (мэриялар)  -  райондук бөлүнүү болгон тиешелүү шаарларда

түзүлөт.

     2. Үй-бүлөнү  жана балдарды колдоо боюнча бөлүм ыйгарым укуктарына

аларды түзүү кирген тиешелүү органдын түзүмдүк бөлүкчөсү болуп саналат.

Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм жөнүндө жобо тиешелүү орган

тарабынан бекитилет.

     3. Үй-бүлөнү  жана  балдарды  колдоо  боюнча  бөлүмдүн  милдеттери

төмөнкүлөр:

     - балдар арасында тартип бузуулардын алдыналуу жана болтурбоо;

     - ата-энесинен кароосуз калган балдарды  жана  ата-энеси  тиешелүү

тарбия бербеген жана жетиштүү камсыз кыла албаган балдарды аныктоо;

     - кризистик кырдаалда калган балдардын абалын териштирүү жана  баа

берүү;

     - алдыналуу кызматтарын көрсөтүүнү,  реабилитациялоону жана коомго

реинтеграциялоону  өз  ичине  камтыган  кызматтар менен бирге кризистик

кырдаалда калган балдардын укуктары менен мыйзамдуу  таламдарын  коргоо

боюнча кызматтарды көрсөтүү;

     - эгерде ата-энелери белгисиз болсо,  балага  фамилия,  ысым  жана

атасынын атын ыйгаруу;

     - баланын  муктаждыктарына  баа   берүүнүн   жыйынтыктары   боюнча

ата-энелеринен  камкордугусуз  калган  балдарды  жайгаштыруу формаларын

тандоо;

     - Үй-бүлөнү  жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн жылдык иш планын

иштеп чыгуу;

     - камкорчуларды,   асырап   алуучуларды,   фостердик   же  багуучу

үй-бүлөлөрдү тандоону ишке ашыруу;

     - камкорчулук же көзөмөлчүлүк белгиленген балдардын эсебин алуу;

     - жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын камсыздоо максатында, камкор-

чулардын, асырап алуучулардын, фостердик же багуучу үй-бүлөлөрдүн иште-

рин көзөмөлдөө;

     - камкорчуларга,   фостердик   же   багуучу   үй-бүлөлөргө  жардам

көрсөтүү;

     - балдарга,  жумуш берүүчүлөргө, ата-энелерге жана аларды алмашты-

руучу адамдарга балдардын эмгегин пайдалануунун уруксат берилген форма-

лары жөнүндө маалымдоо;

     - балдардын турак жай укуктарын коргоо жана зарыл учурларда аларды

турак жай менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;

     - мамлекеттик камсыздоодогу тарбиялоочу мекемелерде, дарылоочу ме-

кемелерде, калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде жана башка ушул

сыяктуу мекемелерде балдарды багуунун, тарбиялоонун жана билим берүүнүн

шарттарына көзөмөлдү ишке ашыруу;

     - баланын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын бузууга  байланыштуу

балдардын,  ошондой  эле  уюмдардын кызмат адамдарынын жана жарандардын

кайрылууларын кароо;

     - тергөө,  прокуратура  жана сот органдарында балдардын таламдарын

жоктоо;

     - бала  менен  ата-энелердин ортосунда пикир келишпестиктер болгон

учурда анын укуктары менен таламдарын коргоо үчүн баланын өкүлүн дайын-

доо;

     - ата-энелерди ата-энелик укуктардан ажыратуу же андан  ажыратпас-

тан балдарды алып коюу үчүн сотко кайрылуу;

     - ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө ишти соттук кароого каты-

шуу;

     - асырап алуунун негиздүүлүгү жөнүндө корутунду берүү аркылуу бал-

дарды асырап алуу жолжобосуна катышуу;

     - балдардын укуктары менен  таламдарын  коргоо  жагындагы  ыйгарым

укуктуу мамлекеттик органдарга квартал сайын отчет берип туруу.

     Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм өзүнүн иш  милдеттерин

аткаруу  үчүн  контракттарды  түзүү  жолу менен башка уюмдарды тартууга

укуктуу.

     4. Үй-бүлөнү  жана  балдарды  колдоо боюнча бөлүмдүн документтерин

сактоо тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими ме-

нен белгиленет.

 

                               II бөлүм

                  БАЛДАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА ТАЛАМДАРЫ,

                  АЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУНУН КЕПИЛДИКТЕРИ

 

                                4-глава

                 Балдардын укуктук статусу, төрөлүшүн,

                         жарандуулугун каттоо

 

     18-статья. Баланын укуктарын камсыз кылуу

 

     Ар бир  бала  жакшы  турмушта  жашоо үчүн зарыл болгон коргоо жана

камкордук менен камсыз болууга тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын мый-

замдарына ылайык анын ата-энелеринин,  камкорчуларынын жана ал үчүн жо-

опкерчилик тартуучу башка адамдардын укуктары менен милдеттери  көњүлгө

алынууга тийиш.

 

     19-статья. Баланын төрөлүшүн каттоо

 

     1. Бала медициналык мекемеде төрөлгөн учурда,  анын төрөлүү факты-

сын каттоо үчүн эки нускада  төрөлгөндүгү  жөнүндө  маалымкат  жазылып,

анын  бири  энесине  же атасына берилет,  экинчиси бала төрөлгөн күндөн

тартып беш күндүн ичинде баланын жашаган жери боюнча жарандык абал  ак-

тыларын жазуу органдарына (мындан ары - ЗАГС) жиберилет.

     Төрөлгөндүгү жөнүндө маалымкаттын бир көчүрмөсү төрөт  үйүндө  ка-

лат.  Төрөт  үйү баланын туулгандыгы жөнүндө маалыматты 20 жыл бою сак-

тайт.  Жыл сайын үстүдөгү жыл аяктагандан кийинки айдан  кечиктирбестен

төрөлүү  фактысын каттоо журналы төрөт үйү жана райондук ЗАГС тарабынан

архивдештирүү жана андан ары сактоо  үчүн  ЗАГСтын  борбордук  архивине

жөнөтүлөт.

     2. Бала медициналык мекемеден сырткары жерде төрөлгөн учурда, врач

же саламаттык сактоонун тиешелүү органы тарабынан ыйгарым укук берилген

башка медициналык кызматкер ушул статьянын 1-пунктунда аныкталган  тар-

типте,  баланын төрөлүү фактысын бышыктаган маалымкат жазууга тийиш.

     3. Баланын төрөлүү фактысын каттоодо андан ата-энелери баш тарткан

учурда,  маалымкаттын бир нускасы милдеттүү түрдө бала жибериле  турган

балдар мекемесине жөнөтүлөт.

     4. Баланын ата-энеси,  врач же саламаттык сактоо органдары ыйгарым

укук берген медициналык кызматкер тарабынан ушул статьянын талаптарынын

аткарылбашы көрсөтүлгөн адамдарды Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына

ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.

     5. Баланын төрөлүүсүн каттоо,  баланын тегин аныктоо,  ошондой эле

атасын  аныктоо,  баланын  туулгандыгы тууралу күбөлүгүнө өзгөртүүлөрдү

киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

( Кыргыз  Республикасынын  2009-жылдын  27-апрелиндеги  №132  Мызамынын

редакциясына ылайык)

     20-статья. Ысым алуу жана жарандуулук укугу

 

     1. Ар бир бала төрөлгөндөн кийин дароо катталууга тийиш.

     2. Ар  бир бала өз ысымын жана жарандуулугун алууга укуктуу.  Бала

мүмкүн  болушунча  өз  ата-энесин  билүүгө  жана  алардын  камкордугуна

бөлөнүүгө укуктуу.

     Баланын жарандыкты алуу жана өзгөртүү негизи жана тартиби  "Кыргыз

Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен

аныкталат.  Баланын жарандыгын ырастоочу документ туулгандыгы  тууралуу

күбөлүк жана/же паспорт болуп саналат.

     3. Баланын ысымын,  фамилиясын аныктоо, фамилиясын, атын жана ата-

сынын  атын  өзгөртүү  тартиби  Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен

жөнгө салынат.

 

     21-статья. Баланын өз пикирин эркин билдирүү укугу

 

     1. Ар бир бала өз пикирин эркин билдирүү укугуна ээ.  Бул укук ба-

ланын социалдык, руханий жана моралдык бакубат жашоосуна, анын дене бой

жана психикалык ден соолугуна көмөктөшүүчү ар кандай маалыматтарды жана

ар кандай идеяларды издөө, алуу жана оозеки, жазуу түрлөрүндө берүү эр-

киндиктерин камтыйт.

     2. Баланын мыйзамдуу өкүлдөрү жана ошондой эле ээлеген кызматы ба-

ланын укуктарын камсыз кылууга көмөктөшүүчү адам баланын  курагын  эске

алуу  менен ага маалыматтарды,  түшүндүрүүлөрдү жана кењештерди берүүгө

милдеттүү.

     3. Баланын  өз пикирин билдирүү укугун ишке ашыруу мыйзамдарда ка-

ралган учурларда, төмөнкүдөй максаттарда айрым чектөөлөргө дуушар болу-

шу мүмкүн:

     - башка адамдардын укуктары менен кадыр-баркын урматтоо;

     - мамлекеттик коопсуздукту же коомдук тартипти же Кыргыз Республи-

касынын калкынын ден соолугун жана адеп-ахлагын коргоодо.

 

     22-статья. Баарлашуу укугу

 

     1. Өз көз карашын айта алууга жарактуу ар бир бала өз  кызыкчылык-

тарына тиешелүү баардык маселелер боюнча баарлашууга укуктуу.

     2. Баарлашуу укугу баланын кандай болбосун маалыматты,  кењештерди

суроого, өз пикирин билдирүүгө, эгер баланын пикири кабыл алынганда ке-

лип чыгуучу натыйжалар жөнүндө маалымдалуу укуктарын камтыйт.

     3. Ар  бир  бала түздөнтүз өзү же Кыргыз Республикасынын мыйзамда-

рында белгиленген тартипте өкүлү аркылуу баарлашууга укуктуу.

 

     23-статья. Ишеним жана дин тутуу эркиндигине укуктуулук

 

     1. Ар бир бала каалаган динди эркин тутунууга же эч бир динди  ту-

тунбоого укуктуу.

     2. Эч ким баланын, ошондой эле анын ата-энесинин, же аларды алмаш-

тыруучу  адамдардын макулдугусуз динин өзгөртүүгө же тигил же бул динди

тутунууга мажбурлоого акысы жок.

     3. Динге  ишенүү  жана тутунуу эркиндиги мамлекеттик коопсуздукту,

коомдук тартипти,  калктын ыймандуулугун жана башка адамдардын  негизги

укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн зарыл учурларда гана мыйзамдын

же соттун чечиминин негизинде чектелиши мүмкүн.

 

     24-статья. Балдардын укуктарынын коргоо

 

     1. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү тарабынан ишке ашырылуучу

баланын укугун коргоо төмөнкү этаптарды камтууга тийиш:

     - кырдаалды ар тараптан баалоо;

     - баланын укуктарын коргоо боюнча иш чараларды пландоо;

     - чечим чыгаруу жана аны биротоло бекитүү.

     Баланын укуктарын  коргоону  ишке ашыруунун тартиби жөнүндө типтүү

жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөт тарабынан бекитилет.

     2. Үй-бүлөнү  жана балдарды колдоо бөлүмү кайрылуу болгон же бала-

нын укуктарын коргоо зарылдыгы жөнүндө факты аныкталган учурдан  тартып

30  күндүн  ичинде  баланын  укуктарынын  ишке  ашырылышына  жана  анын

үй-бүлөсүнө ар тараптуу баа берет.

     3. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн абалга ар тараптуу баа

берүүчү кызматкери баланы камкордукка алуу иш чараларынын планын  түзөт

жана милдеттүү түрдө төмөнкү маселелерди чечет:

     - ал бала Үй-бүлөнү жана балдарды  колдоо  бөлүмүнүн  кызматтарына

муктажбы;

     - баланы үй-бүлөсүнө кайра кайыруу мүмкүнбү  же  аны  үй-бүлөсүнөн

сырткары жайгаштыруу керекпи;

     - балага камкорчулук дайындоо,  фостердик  же  асыроочу  үй-бүлөгө

берүү же асыроого берүүнү артыкчылыктуу тартипте кароо.

     4. Баланы камкордукка алуу иш чараларынын планы  төмөнкү  принцип-

терге негизделет:

     - жашына жана жетилгендигине жараша баланын пикирин эске алуу;

     - баланы андан ары ата-энелери, камкорчулары, көзөмөлгө алуучулары

менен чогуу жашоосу мүмкүн болбогон учурларда ал туруктуу негизде  жай-

гаштырылууга тийиш;

     - балдар мекемесине жайгаштырганга караганда үй-бүлөгө жайгаштыруу

артыкчылыктуу болуп саналат;

     - бир туугандарды ажыратуу алардын кызыкчылыгы үчүн  гана  болууга

тийиш;

     - баланын улуттук, диний, маданий же тилдик тегин эсепке алуу;

     - балага  тийиштүү  бардык маалыматтар жана кабыл алынган чечимдер

ага анын жаш курагына жана жетилгендигине  жараша  жеткиликтүү  формада

түшүндүрүү;

     - чечим мүмкүн болушунча тез арада кабыл алуусу жана баланын  бей-

пилдигине жана кызыкчылыктарына зыян келтирбөөсү керек.

     5. Баланы камкордукка алуунун планы Балдар иштери боюнча комиссия-

нын  чечими менен 10 күндөн ашпаган мөөнөттө бекитилет.  Үй-бүлөнү жана

балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкери ушул статьяда  белгиленген  талап-

тарды аткарбаган учурда план толуктап иштеп чыгууга жиберилет.

     6. Баланы өз үй-бүлөсүнөн башка жакка жайгаштыруу жөнүндө  чечимге

ата-энелери  макулдук  бербесе  Үй-бүлөнү  жана  балдарды колдоо бөлүмү

ата-энелердин укуктарын чектөө же ата-энелик укуктан  ажыратуу  жөнүндө

материалдарды сотко жиберет.

     7. Баланын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөнтүз коркунуч (күч кол-

донгон  же психологиялык зомбулук,  орой мамиле же эксплуатациялоо жана

башка учурларда) келген өзгөчө учурларда Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо

бөлүмү  баланын укуктарын коргоо жана аны үй-бүлөсүнөн башка жакка жай-

гаштыруу боюнча шашылыш чараларды көрөт. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо

бөлүмү  көрүлгөн  шашылыш чаралар жөнүндө прокурорго жана Балдар иштери

боюнча комиссияга бир күндүн ичинде билдирет.  Үй-бүлөнү жана  балдарды

колдоо  бөлүмү  3 күндөн кечиктирбестен коргоого алуу планын түзөт жана

материалдарды Балдар иштери боюнча  комиссияга  жана  андан  ары  сотко

жөнөтөт.

     8. Баланы үй-бүлөсүнөн тышкары жакка жайгаштыруунун тартиби Кыргыз

Республикасынын  Өкмөтүнүн  токтому  менен  бекитилчү өзүнчө Жобо менен

аныкталат.

     9. Балдар  иштери  боюнча  комиссия Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо

бөлүмүнүн чечимдерин эки жолу жүйөсүз четке каккан учурда Үй-бүлөнү жа-

на балдарды колдоо бөлүмү мындай чечимдин үстүнөн баланын укуктарын жа-

на кызыкчылыктарын коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга

өз  алдынча  даттанууга укуктуу.  Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү

балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жагында ыйгарым укуктуу

мамлекеттик органдын чечиминин үстүнөн соттук тартипте даттана алат.

 

     25-статья. Балдарды сатуу, балдардын сойкулугу жана порнографиясы

 

     1. Кыргыз Республикасында балдарды сатууга,  балдардын сойкулугуна

жана порнографиясына жол берилбейт.

     2. Балдарды сатууга,  балдардын сойкулугуна жана балдардын порног-

рафиясына күнөөлүү, жана ошондой эле балдардын сексуалдык кызматтарынан

пайдаланган  жана балдардын порнографиясын тараткан адамдар Кыргыз Рес-

публикасынын мыйзамдарында каралган кылмыш-жазык жоопкерчилигине тарты-

лышат.

 

                                5-глава

                Балдардын үй-бүлөдөгү укуктук мамилелер

                  жагындагы укуктарын жана таламдарын

                             камсыз кылуу

 

     26-статья. Баланын үй-бүлөлүк укук мамилелерге укугу

 

     1. Ата-энелеринин биринен же экөөнөн тењ ажыратуу баланын кызыкчы-

лыгы  үчүн зарыл болгондон башка учурларда ар бир бала үй-бүлөсүндө жа-

шоого, ата-энесинин экөөнү тењ билүүгө жана алардын камкордугуна алыну-

уга, алар менен чогуу жашоого укуктуу.

     2. Бала ата-энелеринен ушул Кодекстин жана Кыргыз  Республикасынын

мыйзамдарынын  ченемдерине  ылайык чыгарылган чечим боюнча анын пикирин

эске алуу менен,  анын эњ жакшы кызыкчылыктары  үчүн  гана  ажыратылышы

мүмкүн.

     3. Ата-энелери бөлөк жашаган,  алардын никеси ажыратылган же  бала

үй-бүлөдөн башка жакка жайгаштырылган, баланы ата-энелеринин биринен же

экөөнөн тењ ажыратуу баланын кызыкчылыгы үчүн  гана  жасалгандан  башка

учурларда, бала өзүнүн ата-энелерин билүүгө жана алар менен баарлашууга

укуктуу.

 

     27-статья. Ата-энелердин жана аларды алмаштырчу адамдардын

                жоопкерчиликтери

 

     Ата-энелер жана  аларды  алмаштырчу  адамдар  баланын толук кандуу

өсүүсүнө,  тарбиялануусуна, билим алуусуна, ден соолугунун чыњдалышына,

үй-бүлөдө  жана коомдо өз алдынча жашоого даярдануусуна зарыл шарттарды

түзүүгө милдеттүү.  Ата-энелердин экөө тењ, же аларды алмаштырган адам-

дар баланын тарбиялануусу, тийиштүү түрдө багылуусу, материалдык жактан

жана турак жай менен камсыз болуусу үчүн кам көрүүгө бирдей милдеттүү.

     Ата-энелердин же бала багуусунда турган аларды алмаштырчу адамдар-

дын баланын мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын бузуулары,  чектөөлөрү,

ошондой  эле баланын ден соолугуна жетиштүү кароону жүргүзбөгөнү Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке кириптер кылат.

     Ата-энелери өлгөн,   ата-энелик  укуктан  ажыратылган,  ата-энелик

укуктары  чектелген,  ата-энелери  аракетке  жөндөмсүз  деп   табылган,

ата-энелери ооруган, ата-энелери узакка жок болгон, ата-энелери балдар-

ды тарбиялоодон же алардын укуктарын жана таламдарын  коргоодон  качкан

учурларда,  анын  ичинде ата-энелери өз балдарын тарбиялоочу мекемелер-

ден, дарылоочу мекемелерден, калкты социалдык коргоо мекемелеринен жана

башка ушул сыяктуу мекемелерден алуудан баш тарткан учурларда,  ошондой

эле ата-энелик багуусу жок болгон башка учурларда баланын укуктарын жа-

на таламдарын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баланын

кызыкчылыгында балдардын кызыкчылыктары  үчүн  иштеген  Үй-бүлөнү  жана

балдарды  колдоо бөлүмүнө жана Балдар иштери боюнча комиссияга тапшыры-

лат.

     Ата-энелер жана  аларды  алмаштыруучу  адамдар баланы тарбиялоого,

алардын билим алуусуна кам көрүүгө, баланын жаш курагына жана жөндөмүнө

жараша анын аракеттерин башкарууга укуктуу жана милдеттүү.

     Ата-энелик укуктар балдардын кызыкчылыктарына каршы ишке ашырылышы

мүмкүн  эмес.  Балдардын таламдарын камсыз кылуу алардын ата-энелеринин

же аларды алмаштыруучу адамдардын негизги камкордугу болууга тийиш.

     Ата-энелер же  аларды алмаштырчу адамдар ата-энелик укуктарын ишке

ашырууда балдардын дене  бой  жана  психикалык  саламаттыгына,  алардын

адеп-ыймандык өнүгүүсүнө залал келтирүүгө укуктары жок. Балдарды тарби-

ялоо ыкмалары баланы этибар албаган, катаал, орой, адамдык намысты бас-

мырлаган мамилеге, мазактоого же эксплуатациялоого жол бербөөгө тийиш.

 

     28-статья. Балдардын муктаждыктарын канааттандыруу жолу менен аз

                камсыз үй-бүлөлөргө мамлекеттик (материалдык) жардам

                берүү

 

     1. Ата-энелери  же  анын мыйзамдуу өкүлдөрү жетиштүү камсыздабаган

ар бир балага мамлекеттик жардам берилет. Мамлекеттик жардамдын өлчөмү,

берүүнүн  тартиби  жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана

башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

     Жетим-балдар же ата-энелеринин камкордугусуз жана көзөмөлүсүз кал-

ган балдар мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттин эсебинен  багылат.

Мамлекеттик  органдар  жана  жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары

камкордугунун формасына карабастан ар  бир  балага  бирдей  материалдык

шартты камсыз кылууга тийиш.

     2. Мамлекет жетим-балдарды,  майып,  ата-энелеринин  камкордугусуз

калган балдарды, согуштук аракеттердин, улуттар аралык жањжалдын, таби-

гый кырсыктардын,  эпидемиялардын,  экологиялык кыйроолордун чөлкөмүндө

калган балдарды,  качкындардын жана аргасыз жер которгондордун балдарын

кошумча жењилдиктер менен камсыз кылат.

 

     29-статья. Асыроо

 

     1. Асыроо - бул өз үй-бүлөсүндө ата-энесинин камкордугунан  ажырап

калган баланын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо чарасы.

     2. Асыроо - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген  тар-

типте  ишке  ашырылат  жана  өз үй-бүлөсүндө ата-энесинин камкордугунан

ажырап калган балдардын кызыкчылыгы үчүн, ошол балдардын укуктарын кор-

гоонун ылайыктуу ыкмасы катары,  ошондой эле балдардын кызыкчылыгы үчүн

гана ишке ашырылат.

 

     30-статья. Качкын балдардын укуктук статусу

 

     Кыргыз Республикасында эл аралык жана улуттук  мыйзамдарга  ылайык

качкын  статусун алууну каалаган же качкын деп эсептелген,  ата-энелери

же ким болбосун башка адам коштоп жүргөн балага ушул Кодексте жана адам

укугу  боюнча  Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык

келишимдерде жана макулдашууларда баяндалган коргоо  жана  жардамдардан

ойдогудай пайдалануу укуктарын камсыз кылуу кепилденет.

 

     31-статья. Качкындын үй-бүлөсүнүн бала мүчөлөрүнө качкындын

                статусун берүү

 

     Эгер үй-бүлө башчысына "Качкындар жөнүндө" Кыргыз  Республикасынын

мыйзамында  каралган негиздер боюнча Кыргыз Республикасында качкын ста-

тусу берилсе, анда алар чогуу жашаган шартта качкын статусу анын балда-

рына да таркалат.

     Балдар Кыргыз Республикасында ата-энелерине кошулууга жана  качкын

статусун алууга укуктуу.

     Кыргыз Республикасынын аймагында качкын статусу  бар  бала  Кыргыз

Республикасынын  жарандарындай  эле  укуктардан пайдаланат жана ошондой

эле милдеттерди тартат.

     Ата-энелери же  аларды  алмаштыруучу адамдары жок учурларда Кыргыз

Республикасынын качкын бала турган жердеги ыйгарым укуктуу  мамлекеттик

органдары анын ата-энелерин же туугандарын издөө чараларын көрөт, мате-

риалдык, медициналык жана башка жардамдарды берет.

 

                                6-глава

                    Балдардын билим алуу жагындагы

                       укуктарын жана таламдарын

                        камсыз кылуунун негизги

                               багыттары

 

     32-статья. Баланын милдеттүү акысыз мектептик билим алуу укугун

                камсыз кылуу

 

     1. Ар  бир  бала мамлекеттик билим берүү мекемелеринде акысыз мек-

тептик билим алууга укуктуу.

     2. Мамлекет  башталгыч жалпы жана негизги жалпы билим алуунун мил-

деттүүлүгүн, акысыздыгын жана жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле Кыргыз Рес-

публикасынын  мыйзамдарына  ылайык жалпы орто билим алуунун акысыздыгын

кепилдейт.

 

     33-статья. Дене-бой жана акыл-эс өнүгүүсүндө жетишсиздиги бар жана
                өзгөчө муктаждыктагы балдардын билим алууга укугу
   1. Денебой жана акыл-эс өнүгүүсүндө жетишсиздиги бар   жана   өзгөчө
муктаждыктагы балдар өздөрүнүн денебой акыбалына жана мүмкүнчүлүктөрүнө
ылайыкталган мамлекеттик жалпы билим берүүчү жана  башталгыч   кесиптик
билим берүүчү мекемелерде кепилденген акысыз билим алууга укуктуу.
   2. Мамлекеттик билим берүүчү мекемелерде жалпы негизде билим  алууга
жөндөмсүз денебой жана акыл-эс өнүгүүсүндө жетишсиздиги бар жана өзгөчө
муктаждыктагы, балдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына   ылайык
алардын дарылануусун, билим алуусун,  кесиптик   даярдыгын,   социалдык
ыңгайлашуусун жана коомго аралашуусун камсыз кылуучу  атайын   топторду,
класстарды же уюмдарды ачууну өз ичине камтыган өзгөчө шарттар  түзүлөт.
   3. Билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу  орган   мамлекеттик   окуу
жайларына ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү окутуунун күндүзгү
(бюджеттик) формасына квоталарды жана окутуунун күндүзгү (контракттык)
формасына жана сырттан окуу бөлүмүнө жеңилдиктерди бөлүштүрөт.
   4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү  адамдар  үчүн   арналган
квоталар толук талап кылынбаган учурда, алар   башка   абитуриенттердин
арасында жалпы шарттарда бөлүштүрүлүшү мүмкүн.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы №255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     34-статья. Ата-энелердин же аларды алмаштыруучу адамдардын билим

                берүү чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери

 

     1. Ата-энелер же аларды алмаштыруучу адамдар баланын пикирин  жана

жөндөмүн  эске  алуу менен окутуунун формасын,  билим берүүчү мекеменин

тибин жана түрүн тандоого укуктуу.

     2. Ата-энелер  же  аларды  алмаштыруучу  адамдар балдардын негизги

жалпы билим алуусу боюнча милдеттерин аткарбаганы үчүн Кыргыз Республи-

касынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопко тартылышат.

 

     35-статья. Билим берүү мекемелеринин укуктары жана милдеттери

 

     1. Балдар жана ата-энелер, аларды алмаштыруучу адамдар үчүн жетки-

ликтүү билим берүү мекемелеринин  көрүнөө  жерлерге  уставдардын,  ички

тартип  эрежелеринин тексттери,  ал уюмдардын ишин көзөмөлдөөчү ыйгарым

укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу

органдарынын кызмат адамдарынын тизмеси алар менен байланышуунун жолдо-

рун көрсөтүү менен илинип коюлат.

     2. Билим берүү мекемелеринин ишинде балдардын укуктарын, эркиндик-

терин жана мыйзамдуу таламдарын чектөөгө жол берилбейт.

     Баланын мамлекеттик  билим берүү мекемесине кирүүсүнө мыйзамда ка-

ралбаган чектөөлөргө жол берилбейт.

     Мамлекеттик билим  берүү мекемелеринде акчалай же материалдык кан-

дайдыр жыйымдарды же акыларды мажбурлап алууга жол берилбейт.

     3. Билим  берүү  мекемеси  басмырлоону жана кордоону болтурбастан,

окуучунун укуктарын жана эркиндиктерин,  окуучулардын кадыр-баркын эске

алуу менен тарбиялык мүнөздөгү чаралар аркылуу гана тартипти камсыз кы-

лат.

     4. Билим берүү мекемелеринде балдарды уруп-согуп жазалоого жол бе-

рилбейт.

     Уруп-согуп жазалоо болгон учурда жазалаган адам, ошондой эле билим

берүү мекемесинин жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карал-

ган жоопкерчиликтерди тартышат.

 

                                7-глава

                  Саламаттык сактоо жагында балдардын

                   укуктарын жана таламдарын камсыз

                      кылуунун негизги багыттары

 

     36-статья. Балдардын саламаттык сактоого укуктарын камсыз кылуу

 

     1. Ар бир бала жашоого,  саламаттыгын сактоого жана чыњдоого укук-

туу.

     2. Балдардын  ден  соолугун  сактоого  жана  бакубат  жашоо  укугу

төрөлгөндөн  тартып  пайда болот жана балдар кандай шартка кабылганына,

үй-бүлөсүндө жашаганына,  балдарды багуучу мамлекеттик мекемеде же кыл-

мыш жасаганына байланыштуу эркиндигинен ажыратуучу жайларда, тарбиялоо-

чу-эмгектик мекемелерде болгонуна, психикалык, денебой саламаттыгына же

аракетке жөндөмсүз деп табылганына карабастан сакталат.

 

     37-статья. Ата-энелердин жана аларды алмаштыруучу адамдардын

                балдардын ден соолугуна тийиштүү камкордукту көрүү

                милдеттери

 

     1. Ата-энелер, аларды алмаштыруучу адамдар балдардын саламаттыгына

тийиштүү камкордук көрүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

     2. Медициналык  жардамга атайылап кайрылбаган же андан баш тарткан

ата-энелер,  аларды алмаштыруучу адамдар эгер бул баланын ден соолугуна

залал келтирсе ушул Кодексте белгиленген тартипте жоопко тартылышат.

 

     38-статья. Мамлекеттик органдардын саламаттык сактоо жагындагы

                милдеттери

 

     1. Саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик  орган-

дар  жергиликтүү  өз  алдынча башкаруу органдары менен бирдикте төмөнкү

чараларды камсыз кылышат:

     - жањы төрөлгөн,  ымыркай жана эрте жаштагы балдардын ден соолугун

медициналык байкоого алуу аркылуу балдардын ден соолугун коргоо боюнча;

     - балдардын өлүмгө учуроо дењгээлин азайтуу боюнча;

     - энелерге төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки мезгилдерде сала-

маттыгын сактоо боюнча тийиштүү кызматтарды көрсөтүү боюнча;

     - ата-энелерге балдардын саламаттыгы  жана  тамактануусу  жөнүндө,

эмчек  эмизүүнүн  артыкчылыктары,  бала жашаган чөйрөнүн гигиенасы жана

санитариясы жөнүндө маалыматтарды берүү боюнча;

     - алдын  алуучу медициналык жардам жана үй-бүлөнү пландаштыруу жа-

гында агартуучу иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү боюнча;

     - билим  берүү  мекемелеринде балдардын саламаттыгын сактоо,  анын

ичинде тукум улоочулук,  саламаттык, жыныстык билим, бањгилик, алкоголь

жана тамеки  маселелерин жана башка ушул сыяктуу маалыматтарды камтыган

программаларды түзүү жана жайылтуу боюнча;

     - жугуштуу жана коркунучтуу жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча;

     - мертинүүгө учуроонун алдын алууну жана сергек жашоо мүнөзүн  жа-

йылтуу боюнча.

     2. Саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик  ор-

гандар  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте балдарга  оорулардын

алдын алууну,  медициналык диагностиканы, дарылоочу-ден соолук чыњдоочу

иштерди, анын ичинде майып балдарды жана өнөкөт оорудан жабыркаган бал-

дарды диспансердик байкоого алууну,  медициналык реабилитациялоону жана

санаторийлик-курорттук дарылоону караштырган акысыз,  жеткиликтүү  жана

квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүнү ишке ашырат.

 

                                8-глава

               Социалдык жана эмгектик укуктук мамилелер

                   жагында балдардын укуктарын жана

                      таламдарын камсыз кылуунун

                           негизги багыттары

 

     39-статья. Балдардын кесиптик багыт алуу, даярдык жана ишке

                орношуу укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын камсыз

                кылуу

 

     1. Балдар  жаш курагына,  ден соолугунун абалына,  жалпы билиминин

жана кесиптик даярдыгынын дењгээлдерине  жараша  кесиптик  даярданууга,

ишке орношууга укуктуу.

     2. Баланы ишке алуудагы төмөнкү курак он төрт жаш эсептелет.

     3. Жумуш  убактысынын узактыгы,  эмгек шарттары,  эмгектик укуктук

мамилелердеги баланын укуктары жана жоопкерчилиги Кыргыз  Республикасы-

нын Эмгек кодекси менен аныкталат.

     Он төрт жашка чыккан бала ата-энелеринин биринин жана  аларды  ал-

маштыруучу адамдардын же Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн жазуу

жүзүндөгү макулдугу менен окуусунан бош убактысында ден соолугуна  зыян

келтирбеген жана окуу процессин бузбаган жумуштарды аткарууга эмгек ке-

лишимин түзүүгө укуктуу.

     4. Мамлекет башталгыч эмгектик (кесиптик) даярдык мекемелер систе-

масы аркылуу он төрт жаштан баштап балдардын кесипке даярдануу  укукта-

рын камсыз кылат.

     5. Менчиктин бардык түрүндөгү ишканалар, мекемелер жана уюмдар иш-

ке  орноштуруу  кызматтарынын  жолдомолору боюнча балдарды квоталануучу

жумушчу орундарына алууга  милдеттүү.  Балдарды  бошотууга  баланын  же

Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн макулдугу боюнча, болбосо сот-

тун чечими менен гана жол берилет.

 

     40-статья. Балдардын эмгегин пайдалануу

 

     1. Кыргыз Республикасында менчигинин түрүнө карабастан  ишканалар-

да,  мекемелерде жана уюмдарда, анын ичинде кооперативдерде, үй-бүлөлүк

жана ижаралык подрядда балдарды мажбурлаган же анын ден соолугуна  жана

(же) денебой,  акыл-эс, рухий, адептик жана (же) моралдык өсүшүнө залал

келтирүүчү эмгектин бардык түрлөрүнө тыюу салынат.

     2. Кыргыз  Республикасында балдардын эмгегин жаман түрлөрүндө пай-

даланууга тыюу салынат.

     Эмгек шарты зыяндуу же опурталдуу жумуштарда, жер астындагы жумуш-

тарда, ошондой эле аткаруу балдардын ден соолугуна жана адептик өсүшүнө

зыян  келтирүүсү  мүмкүн болгон жумуштарда (оюн-зоок бизнесинде,  түнкү

кабаре жана клубдарда,  спирт ичимдиктерин, тамеки буюмдарын, бањгизат-

туу жана уулуу дары-дармектерди ж.у.с. өндүрүүдө, ташып жеткирүүдө жана

сатууда) балдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салынат.

     Балдардын алар  үчүн  белгиленген  ченемден  ашык  оор  нерселерди

көтөрүүлөрүнө жана ташууларына тыюу салынат.

     Балдардын эмгегин  колдонуу  тыюу  салынган  жумуштардын  тизмеси,

ошондой эле оор нерселерди көтөрүүнүн ченемдик чектери Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү белгилеген тартипте белгиленет.

 

                                9-глава

                    Балдардын мүлктүк жана мүлктүк

                          эмес жеке укуктары

 

     41-статья. Балдардын укук жөндөмдүүлүгү жана аракет жөндөмдүүлүгү

 

     1. Балдардын укук жөндөмдүүлүгү жана аракет жөндөмдүүлүгү, алардын

мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктары Кыргыз Республикасынын жарандык

мыйзамдары менен жөнгө салынат.

     2. Бала Кыргыз Республикасынын  Конституциясы,  ушул  Кодекс  жана

Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен сакталуучу

жана корголуучу менчик укугуна ээ.

     Балдар өздөрү тапкан кирешелерге,  өздүк каражаттарына сатып алган

мүлккө менчик укугуна ээ.

     Балдар өз  ата-энелеринен жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө кар-

жы алууга укуктуу.

     Жубайлардын (ата-энелеринин)  биргелешкен  жалпы  менчиги   болгон

мүлктү   бөлүштүрүлгөн  бардык  учурларда  балдардын  мүлктүк  укуктары

көњүлгө алынууга тийиш.

     Ата-энелери же алардын бирөө сот чечими менен дайынсыз жок деп та-

былган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык балдар алардын

каражаттарынын эсебинен багылууга укуктуу.

     3. Баланын аракетке жөндөмдүүлүгү бойго жеткенде, башкача айтканда

он сегиз жашка чыккан учурдан тартып толук көлөмдө пайда болот.

     4. Он сегиз жашка чыкканга чейин мыйзамда белгиленген тартипте ни-

кеге  турган  бала  никелешкен  учурдан  тартып  толук  көлөмдө  аракет

жөндөмдүүлүгүнө ээ болот.

     Никеге туруунун натыйжасында алынган аракет жөндөмдүүлүгү нике бу-

зулган учурда да толук өлчөмдө сакталат.

 

     42-статья. Он төрт жашка чейинки балдардын аракетке жөндөмдүүлүгү

 

     1. Он төрт жашка чейинки балдар  түзгөн  бүтүмдөр  ушул  статьянын

3-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка учурларда жараксыз болот.

     2. Он төрт жашка чейинки баланын  атынан  бутүмдү  ушул  статьянын

3-пунктунда  көрсөтүлгөндөн  башка учурларда алардын мыйзамдуу өкүлдөрү

ата-энелери, асыроочулар же камкорчулар гана түзө алышат.

     3. Жетиден он төрт жашка чейинки бала төмөнкү бүтүмдөрдү өз алдын-

ча жасоого укуктуу:

     1) тиричиликтик майда бүтүмдөр;

     2) нотариуста күбөлөндүрүүнү же жол-жоболоону, же мамлекеттик кат-

тоону талап кылбаган, кайтарымсыз пайда алууну көздөгөн бүтүмдөр;

     3) мыйзамдуу өкүлү берген каражаттарды тескөө  же  анын  макулдугу

менен үчүнчү жак тийиштүү максат үчүн же эркинче пайдалануу үчүн берген

каражаттарды тескөө боюнча бүтүмдөр.

     4. Он  төрт жашка чейинки баланын кредиттик мекемелерге аманат са-

луу жана аларды тескөө укугу Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдары  менен

аныкталат.

     5. Он төрт жашка чейинки баланын бүтүмдөрү, анын ичинде өз алдынча

жасаган бүтүмдөрү боюнча мүлктүк жоопкерчиликти, милдеттенменин бузулу-

шунда алардын күнөөсү жок экенин далилдей алышпаса,  анын  ата-энелери,

асыроочулары же камкорчулары тартышат.

 

     43-статья. Он төрттөн он сегиз жашка чейинки балдардын аракет

                жөндөмдүүлүгү

 

     1. Он төрттөн он сегиз жашка чейинки бала ушул  статьянын  2-пунк-

тунда   аталгандан   башка  бүтүмдөрдү  өзүнүн  мыйзамдуу  өкүлдөрүнүн,

ата-энелеринин,  асыроочуларынын  же  камкорчуларынын  жазуу  жүзүндөгү

уруксаты менен түзөт.

     Баланын андай уруксатсыз жасаган бүтүмү,  аны  кийин  ата-энелери,

асыроочулары же камкорчулары жазуу жүзүндө кубаттаса жарактуу болот.

     2. Он төрттөн он сегиз жашка чейинки бала ата-энелеринин,  асыроо-

чуларынын  жана  камкорчуларынын  макулдугусуз  төмөнкүлөргө өз алдынча

укуктуу:

     1) өзүнүн   эмгек  акысын,  стипендиясын  жана  башка  кирешелерин

тескөөгө;

     2) мыйзамга ылайык кредиттик мекемелерге аманат салууга жана алар-

ды тескөөгө;

     3) ушул Кодекстин 41-статьясынын 3-пунктунда каралган тиричиликтик

майда бүтүмдөрдү жана башка бүтүмдөрдү түзүүгө.

     3. Он  төрттөн  он  сегиз жашка чейинки бала ушул статьянын 1 жана

2-пункттарына ылайык жасаган бүтүмдөрү үчүн мүлктүк  жоопкерчиликти  өз

алдынча тартат.

     Өзүнүн иштери менен келтирген зыян үчүн андай бала Кыргыз  Респуб-

ликасынын Жарандык кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.

     4. Жетиштүү себептер болгон учурда,  бала  Кыргыз  Республикасынын

Жарандык  кодексине  жана ушул Кодекске ылайык толук аракетке жөндөмдүү

болгондон башка учурларда, сот ата-энелердин, асыроочулардын же камкор-

чулардын, же Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн сунуштамасы

боюнча он төрттөн он сегиз жашка чейинки баланын өзүнүн  эмгек  акысын,

стипендиясын же башка кирешелерин өз алдынча тескөө укугун чектей же ал

укуктан ажырата алат.

 

     44-статья. Баланын турак жайга укугу

 

     1. Он төрт жашка чейин балдардын жашоочу жери ата-энелеринин, асы-

роочуларынын же камкорчуларынын жашаган жери катары таанылат.

     2. Турак жайдын менчик ээсинин үй-бүлө  мүчөлөрү  болуп  саналган,

аны  менен чогуу жашап турган балдар турак жай аянтына бирдей укукка ээ

болушат.

     3. Үй-бүлө  ээлеп  турган турак жай аянты менчиктештирилгенде бала

жаш курагына карабастан, ал аянтка укуктан бирдей даражада пайдаланат.

     4. Жетим-балдар,  ата-энелеринин  камкордугусуз калган,  балдардын

жатак мекемелерине,  балдар үйлөрүнө,  туугандарына,  камкорчуларына же

көзөмөлдөөчүлөрүнө  жайгаштырылган  балдардын өздөрү мурда жашап турган

турак жай аянтына укуктары сакталат. Эгер ал жайга жайгаштырууга мүмкүн

болбосо,  анда алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан

ошого барабар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында  белгиленгенден  кем

эмес ченемде турак жай аянты менен кезексиз камсыз кылынат.

 

     45-статья. Балдардын мураскорлук укуктары

 

     1. Балдар  Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык мүлктү

мурастоо укугуна ээ.

     2. Балдар  белекке  же  мурас иретинде алган мүлккө менчик укугуна

ээ.

     3. Балдар,  анын  ичинде асыранды балдар,  ошондой эле өлгөн мурас

берүүчүнүн,  ал өлгөндөн кийин туулган баласы мыйзам боюнча  мурастоодо

биринчи  кезектеги  мурасчы болуп эсептелинет жана ата-энелери өлгөндөн

кийин башка адамдардын пайдасына мурас калтырылганда  милдеттүү  үлүшкө

укуктуу.

     Ата-энелеринин экөө тењ же жалгыз ата-энеси өлгөн  учурда  камкор-

дукка  же көзөмөлгө алуу органдары балдардын мураскорлук укуктарын кор-

гоо жана сактоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.

 

     46-статья. Балдардын интеллектуалдык ишмердигинин жыйынтыктарына

                укуктары

 

     1. Балдар  өзүнүн интеллектуалдык жана чыгармачыл ишмердигинин жы-

йынтыктарына ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу.

     2. Балдардын  интеллектуалдык  ишмердигинин жыйынтыктарына мүлктүк

жана мүлктүк эмес жеке укуктары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзам-

дары менен жөнгө алынат.

     Ата-энелер, аларды  алмаштыруучу  адамдар,  эгер  алар  жок  болсо

Үй-бүлөнү  жана балдарды колдоо бөлүмү балдардын интеллектуалдык ишмер-

дигинин жыйынтыктарына мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарын  коргоо

жана сактоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.

 

                               III бөлүм

                           ЮВЕНАЛДЫК ЮСТИЦИЯ

 

                               10-глава

                           Ювеналдык юстиция

 

     47-статья. Ювеналдык юстиция түшүнүгү жана принциптери

 

     1. Мыйзам  менен чатагы бар он төрттөн он сегиз жашка чейинки бал-

дарга карата сот адилеттигин жана социалдык реабилитацияны ишке  ашыруу

маселелерин камтыган иш чаралардын системасы Кыргыз Республикасынын ти-

йиштүү кылмыш-жазык жана жаза-процесстик мыйзамдары менен  жөнгө  салы-

нат.

     2. Ювеналдык юстиция төмөнкү принциптерге негизденет:

     - мыйзам  менен  чатагы бар балдардын укуктарын жана эркиндиктерин

чектөөчү чараларды колдонуунун өзгөчө тартиби;

     - балдарда  өз  кадыр-баркын  жана  өзүнүн  аброюн  баалоо сезимин

өстүрүү;

     - баланын коомго кайрадан алакалаштыруу;

     - баланын коом турмушундагы иштиктүү ролун  ишке  ашырууга  болгон

муктаждыктарын эске алуу.

 

     48-статья. Эркиндигинен ажыратылган балдардын укуктарын кепилдөө

 

     1. Мамлекеттик  башкаруу  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-

гандары эч бир бала кыйноого же  катаал,  адамгерчиликсиз,  басмырлаган

мамилеге же жазага дуушарланбашы үчүн чараларды көрүшөт.

     2. Эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерине  ылайык  балдарды

кайтарууга  алуу  чарасын  тандоо,  ошондой  эле  эркиндигинен ажыратуу

түрүндө жазалоо сыяктуу токтотуу чаралары эњ акыркы  чара  катары  жана

жаза мүмкүн болушунча кыска мөөнөткө гана колдонулуга тийиш.

 

                               IV бөлүм

                           КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

 

     49-статья. Ушул Кодексти бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

     Ушул Кодексти бузгандар же аткарылышына тоскоолдук кылгандар  Кыр-

гыз  Республикасынын мыйзамдарында белгиленген административдик жана/же

кылмыш-жазык жоопкерчиликтерин тартышат.

 

     50-статья. Ушул Кодекстин күчүнө кирүүсү жөнүндө

 

     1. Ушул Кодекс Балдар иштери боюнча комиссиянын жана Үй-бүлөнү жа-

на балдарды колдоо бөлүмүнүн түзүмүн,  укуктук статустарын жана милдет-

терин жөнгө салуучу 2007-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирүүчү жобо-

лордон башкалары 2006-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.

     2. Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана  ченемдик  укуктук

актылары ушул Кодекске ылайык келтирилгенге чейин алардын ушул Кодекске

каршы келбеген бөлүктөрү колдонулат.

     3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:

     - өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Кодекске  ылайык  келтир-

син;

     - Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актыларын ушул Кодекске  ылайык

келтирүү  жөнүндө  сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жо-

горку Кењешинин кароосуна киргизсин.

     4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

     - "Жашы жетпегендердин укуктарын сактоо жана коргоо жөнүндө"  Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамы, 22-ноябрь 1999-ж., № 126;

     - "Жашы жетпегендердин укуктарын сактоо жана коргоо жөнүндө"  Кыр-

гыз Республикасынын мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү ту-

уралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 17-июль, 2004-ж., № 90.

 

     Кыргыз Республикасынын

     Президенти                                          К.Бакиев