Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\NKN\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\3578ae4f-423e-43a6-817d-746551eb10b6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2006-жылдын 16-августу № 170

Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө

(КР 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 202, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

I глава

Жалпы жоболор

 

Ушул Мыйзамда жазык сот өндүрүшүнө катышуучуларды коопсуздук жана социалдык жактан коргоо чараларын камтуучу мамлекеттик коргоо чараларынын тутумун киргизүү каралат, ошондой эле аларды колдонуунун негиздери жана тартиби аныкталат.

(КР 2019-жылдын 31-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

1-статья. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо

Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо (мындан ары - мамлекеттик коргоо), алардын өмүрүн, саламаттыгын жана (же) мүлкүн коргоого багытталган ушул Мыйзамда каралган коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруу (мындан ары - коопсуздук чаралары), ошондой эле аталган адамдарды алардын жазык сот өндүрүшүнө катышуусуна байланыштуу социалдык жактан коргоо чаралары (мындан ары - социалдык жактан коргоо чаралары) буга ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2019-жылдын 31-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-статья. Мамлекеттик коргоого алынуучу адамдар

1. Ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 4-7-главаларында каралган жазык сот өндүрүшүнүн субъектилери мамлекеттик коргоого алынууга тийиш.

2. (КР 2019-жылдын 31-декабрындагы № 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Мамлекеттик коргоо чаралары жазык иши козголгонго чейин арыз ээсине, көргөн адамга жана кылмыштан жабыр тарткан, зыянга учураган адамга, болбосо кылмыштын алдын алууга же аны ачууга көмөк көрсөткөн башка адамдарга карата да колдонулушу мүмкүн.

3. Ушул статьянын 1-2-бөлүктөрүндө белгиленген адамдарга таасир этүү максатында укукка каршы катылууга тушуккан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде көрсөтүлгөн алардын жакын туугандары, туугандары да мамлекеттик коргоого алынат.

4. Ушул статьянын 1-3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн, аларга карата белгиленген тартипте мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынган адамдар мындан ары "корголуучу адамдар" деп аталышат.

(КР 2019-жылдын 31-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдар

1. Мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдар төмөнкүлөр болуп саналышат:

1) мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алуучу органдар;

2) коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдар;

3) социалдык жактан коргоо чараларын жүзөгө ашыруучу органдар.

2. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимди кылмыш, болбосо жазык иши жөнүндө арыз (билдирүү) өндүрүшүндө турган сот (судья), прокурор, алгачкы текшерүү органынын башчысы же тергөөчү кабыл алат.

3. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруу өздөрүнүн өндүрүшүндө турган же алардын карамагына киргизилген жазык иштери боюнча ички иштер, улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу тутумунун, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коопсуздуктун айрым чараларын жүзөгө ашыруу жүктөлүшү мүмкүн болгон башка мамлекеттик органдарга жүктөлөт.

4. Соттун же прокуратуранын өндүрүшүндө турган жазык иштери боюнча корголуучу адамдарга карата коопсуздук чаралары соттун (судьянын) чечими же прокуратуранын токтому боюнча ички иштер, улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу тутумунун, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Аскер кызматчыларынын арасындагы корголуучу адамдарга карата коопсуздук чаралары ошондой эле тийиштүү аскердик бөлүктөрдүн командованиеси жана жогору турган командование тарабынан да жүзөгө ашырылат.

6. Тергөө изоляторлорунда кармалып турган же жазасын өтөө жерлеринде турган корголуучу адамдарга карата коопсуздук чаралары Кыргыз Республикасынын мекемелери жана жазык-аткаруу тутумунун органдары тарабынан да жүзөгө ашырылат.

7. Социалдык жактан коргоо чараларын жүзөгө ашыруу калкты социалдык жактан коргоо органдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте башка органдарга жүктөлөт.

(КР 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 202, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

4-статья. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу принциптери

 

1. Мамлекеттик коргоо мыйзамдуулук, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин урматтоо, мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдардын жана корголуучу адамдардын өз ара жоопкерчиликте болуу принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик коргоо прокурордук көзөмөл жана ведомстволук контролдоонун алдында жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашырууда "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ачык жана жашыруун ыкмалар пайдаланылат.

3. Коопсуздук чараларын колдонуу корголуучу адамдын турак-жай, эмгек, пенсия жана башка жагындагы укуктарын кысымга албоого тийиш.

 

5-статья. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын мамлекеттик коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Күбөлөрдүн жана жабырлангандардын укуктарын мамлекеттик коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинен, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинен, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинен, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынан, бөлөк ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдерден жана макулдашуулардан турат.

 

II глава

Мамлекеттик коргоонун түрлөрү

 

6-статья. Коопсуздук чаралары

1. Корголуучу адамдарга карата төмөнкүдөй коопсуздук чараларынын бир эле учурда бир нечеси, болбосо бирөө колдонулушу мүмкүн:

1) жекече кайтаруу, турак жайын жана мүлкүн кайтаруу;

2) жекече коргоонун, байланыштын жана коркунуч тууралу кабарлоонун атайын каражаттарын берүү;

3) корголгон адам жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу;

4) жашаган жерин башка жакка көчүрүү;

5) зарыл учурда ошондой эле корголуучу адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата колдонулуучу анкеталык маалыматтарды өзгөртүү менен документтерди алмаштыруу;

6) сырт түспөлүн өзгөртүү;

7) сотто чыгып сүйлөө учурунда алардын сырт түспөлүн маскировкалоо же кошумча визиуалдык изоляциялоо, ошондой эле соттук тергөөнүн жүрүшүндө анкеталык маалыматтарды жана башка маалыматтарды ачыкка чыгарбоо;

8) иштеген (кызмат ордун) же окуган жерин өзгөртүү;

9) убактылуу коопсуз жерге жайгаштыруу;

10) камакта кармалган же жазасын өтөө жеринде турган корголуучу адамга карата кошумча коопсуздук чараларын колдонуу, анын ичинде камакта кармалган же жазасын өтөп жаткан бир жерден экинчи жерге которуу.

2. Ушул Мыйзамдын 16-статьясында көрсөтүлгөн негиздер орун алганда корголуучу адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка коопсуздук чаралары да колдонулушу мүмкүн.

3. Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 4-7-пункттарында каралган коопсуздук чаралары оор жана өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча гана жүзөгө ашырылат.

4. Ишти өндүрүшүнө алган орган жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын коопсуздук чараларын кошумча камсыз кылуу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:

1) зомбулук же жазык мыйзамында тыюу салынган башка жосундарды жасоо коркунучун туудурган адамга карата анын кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу мүмкүн экендиги тууралуу расмий эскертме берүүгө;

2) корголуучу адамга жакындоого тыюу салуу түрүндө жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуу чарасын колдонууга.

(КР 2019-жылдын 31-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-статья. Корголуучу адамды жекече кайтаруу, анын турак жайын жана мүлкүн кайтаруу

 

1. Корголуучу адамды жекече кайтаруу, анын турак жайын жана мүлкүн кайтаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан камсыз кылынат.

2. Корголуучу адам ээлеген турак жайы жана анын мүлкү байкоо жүргүзүүчү техникалык каражаттар, ошондой эле өрткө каршы жана кайтаруу сигнализациясы менен жабдылышы мүмкүн.

 

8-статья. Корголуучу адамга жекече коргонуу, байланыш жана коркунуч жөнүндө кабарлоочу атайын каражаттарды берүү

 

1. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдар корголуучу адамга жекече коргонуу, байланыш жана коркунуч жөнүндө кабарлоочу атайын каражаттарды бериши мүмкүн.

2. Корголуучу адамга берилүүчү жекече коргонуу, байланыш жана коркунуч жөнүндө кабарлоочу атайын каражаттардын түрлөрү, ошондой эле аларды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

9-статья. Корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу

 

1. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашырган органдын чечими боюнча мамлекеттик жана башка маалыматтык - сурап билүүчү фонддордон корголуучу адам жөнүндө маалыматтарды берүүгө тыюу салынышы мүмкүн, ошондой эле анын телефон номери жана ал пайдаланган же ага таандык болгон транспорт каражаттарынын мамлекеттик катталуу белгилери өзгөртүлүшү мүмкүн.

2. Башка жазык, болбосо жарандык иш боюнча өндүрүшкө байланышкан өзгөчө учурларда корголуучу адам жөнүндө маалыматтар мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган органдын уруксаты менен прокурордун же соттун (судьянын) жазуу жүзүндөгү суроо талабынын негизинде алдын ала тергөө органдарына, прокуратурага же сотко берилиши мүмкүн.

 

10-статья. Жашоо үчүн башка жакка көчүрүү, документтерди алмаштыруу, корголуучу адамдын сырт түспөлүн өзгөртүү

 

1. Корголуучу адам убактылуу же туруктуу жашоо үчүн башка жакка көчүрүлүшү мүмкүн.

2. Корголуучу адам туруктуу жашоо үчүн башка жакка көчүрүлгөндө ага мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен турак жай берилет, көчүүсүнө байланышкан чыгымдар төлөнөт, материалдык жардам көрсөтүлөт, ишке орношуусу кепилдикке алынат жана мурдагысына ылайыктуу иштеген жерин (кызматын) же окуусун тандап алууга көмөк көрсөтүлөт.

3. Корголуучу адам убактылуу жашоо үчүн башка жакка көчүрүлгөндө анын мурда ээлеген турак жайы жана мурдагы же мурдагыга окшош иштеген жери (кызмат) же окууну тандап алууга кепилдиктер аталган себептер боюнча ал жок болгон бардык мезгилге сакталып калат.

4. Өзгөчө учурларда корголуучу адамдын ким экендигин күбөлөндүргөн документтери, башка документтери анын аты-жөнүн жана ал жөнүндө башка маалыматтарды өзгөртүү менен алмаштырылышы мүмкүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте корголуучу адамдын сырт түспөлү өзгөртүлүшү мүмкүн.

5. Корголуучу адамды жашоо үчүн башка жакка көчүрүү, документтерин алмаштыруу жана сырт түспөлүн өзгөртүү аталган адамга карата башка коопсуздук чараларын колдонуу жолу менен анын коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүн болбогон учурларда гана жасалат.

 

11-статья. Сотто чыгып сүйлөө учурунда корголуучу адамдын сырт түспөлүн маскировкалоо же кошумча визуалдык изоляциялоо жана соттук тергөөнүн жүрүшүндө адамдын ким экенин аныктоочу анкеталык маалыматтарды жана башка маалыматтарды ачыкка чыгарбоо

 

Ушул Мыйзамдын 2-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик корголууга жаткан адамдын сырт түспөлүн маскировкалоо же кошумча визуалдык изоляциялоо, ошондой эле адамдын ким экенин аныктоочу анкеталык маалыматтарды жана башка маалыматтарды ачыкка чыгарбоо мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруучу органдын чечими боюнча колдонулушу мүмкүн.

 

12-статья. Корголуучу адамдын иштеген (кызмат кылган) жерин же окуусун өзгөртүү

 

Корголуучу адамдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте анын ылайыктуу убактылуу же туруктуу башка ишке (кызматка) же окууга орношуусуна көмөк көрсөтүлүшү мүмкүн.

 

13-статья. Корголуучу адамды коопсуз жерге убактылуу жайгаштыруу

 

Корголуучу адам анын коопсуздугу камсыз кылынган жерге убактылуу жайгаштырылышы мүмкүн.

 

14-статья. Аскер кызматчысынын коопсуздугун камсыз кылуу

 

1. Корголуучу адам болуп эсептелген аскер кызматчысынын коопсуздугу анын аскер кызматын өтөөсүнүн өзгөчөлүктөрү эске алынып, ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган коопсуздук чараларын колдонуу жолу менен камсыз кылынат.

2. Ошондой эле аскер кызматчысынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында төмөнкүлөр колдонулушу мүмкүн:

1) корголуучу адамды башка аскер бөлүгүнө, башка аскер мекемесине которуу;

2) корголуучу адамды аскер кызматын өтөөчү жаны жерге, анын ичинде мыйзамда аскер кызматы каралган аткаруу бийлигинин башка органынын аскер бөлүгүнө же аскердик мекемесине которуу (аткаруу бийлик органдарынын тийиштүү кызмат адамдарынын ортосундагы макулдашуу боюнча);

3) аскерге чакыруу боюнча аскердик кызматын өтөп жаткан, корголуучу адамга коркунуч туудуруусу мүмкүн болгон аскер кызматчысын башка аскер бөлүгүнө, башка аскердик мекемеге жөнөтүү же которуу.

3. Корголуучу адам болуп эсептелген аскер кызматчысын жөнөтүү же которуу жазуу жүзүндө билдирилген анын макулдугу менен жүзөгө ашырылат. Которуу учурунда аскер кызматчысы бирдей аскердик кызмат ордуна дайындалат. Ошол эле учурда аны негизги же бир профилдеги аскердик-эсептик адистиги боюнча пайдалануу камсыз кылынууга тийиш.

 

15-статья. Камакта кармалган же жазасын өтөө жеринде турган корголуучу адамдын коопсуздугун камсыз кылуу

 

1. Камакта кармалган же жазасын өтөө жеринде турган, болбосо тартиптик аскердик бөлүктө турган корголуучу адамдын коопсуздугу ага карата ушул Мыйзамдын 6-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 3, 5, 6, 8 жана 9-пункттарында каралган же Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинде каралган башка чараларды колдонуу жолу менен камсыз кылынат.

2. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ошондой эле төмөнкүлөр колдонулушу мүмкүн:

1) корголуучу адамды жана зомбулук коркунучун туудурган адамды аларды кармап турууда, камакка алууда жана жазык жазаларын дайындоодо камакта кармоонун жана жазаны өтөөнүн ар башка жерлерине, анын ичинде Кыргыз Республикасынын башка областтарында жайгашкан жерлерге жөнөтүү;

2) корголуучу адамды же зомбулук коркунучун туудурган адамды камакта кармоонун же жазасын өтөөнүн бир жеринен экинчисине которуу;

3) корголуучу адамды жана зомбулук коркунучун туудурган адамды бөлөк-бөлөк кармоо;

4) корголуучу адамга Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамында каралган тартипте бөгөт коюу чарасын же жаза чарасын өзгөртүү.

151-статья. Зомбулук же жазык мыйзамында тыюу салынган башка жосундарды жасоо коркунучун туудурган адамга карата анын кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу мүмкүн экендиги тууралуу расмий эскертме берүү

Ишти өндүрүшүнө алган орган жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын жана (же) жубайынын коопсуздук чараларын камсыз кылуу максатында зомбулук же жазык мыйзамдарында тыюу салынган башка жосундарды жасоо коркунучун туудурган адамга карата анын кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу мүмкүн экендиги тууралуу расмий эскертме берет.

Расмий эскертме ишти өндүрүшүнө алган орган тарабынан 24 сааттын ичинде чыгарылууга жана ошол эле мөөнөттө бул адамга кол койдуруу менен кулактандырылууга тийиш.

Расмий эскертменин формасы жана мазмуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2019-жылдын 31-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

152-статья. Корголуучу адамга жакындоого тыюу салуу

1. Корголуучу адамга жакындоого тыюу салуу түрүндө жеке коопсуздукту камсыз кылуу чарасы корголуучу адамдын коопсуздугун камсыз кылуучу орган тарабынан төмөнкү адамдарга карата колдонулат:

1) корголуучу адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирилүүсү мүмкүн болгон же мындай коркунуч фактысы белгиленген;

2) корголуучу адамдын жазык сот өндүрүшүнө катышуусуна байланыштуу ага кара күч, моралдык жактан таасир этүү максатында корголуучу адам менен байланыш түзүүгө аракет кылган.

2. Корголуучу адамга жакындоого тыюу салынган адамга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) корголуучу адам менен жолугушууга;

2) корголуучу адамдын артынан түшүүгө жана (же) ага байкоо жүргүзүүгө;

3) корголуучу адам менен байланышка чыгууга же байланыш түзүүгө аракет кылууга;

4) корголуучу адам жашаган, турган жана иштеген жерлерге жакындоого.

3. Корголуучу адамга жакындоого тыюу салуу формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2019-жылдын 31-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-статья. Социалдык жактан коргоо чаралары

1. Жазык сот өндүрүшүнө катышканына байланыштуу корголуучу адам курман болгон (өлгөн) учурда курман болгон (өлгөн) адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын багуусунда турган адамдарга мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган органдын токтому боюнча мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өлчөмдө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсия же ай сайынкы социалдык жөлөкпул дайындалат.

2. Корголуучу адамдын жазык сот өндүрүшүнө катышуусуна байланыштуу майыптыкка алып келген дене боюна залал келтирген же анын саламаттыгына башкача зыян келтирилген учурда ага мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган органдын токтому боюнча мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өлчөмдө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте майыптуулугу боюнча пенсия же ай сайынкы социалдык жөлөкпул дайындалат.

3. Корголуучу адамга жазык сот өндүрүшүнө катышуусуна байланыштуу майыптыкка алып келбеген дене боюна залал келтирилген же саламаттыгына башка зыян келтирилген учурда мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган органдын токтому боюнча ага мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өлчөмдө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.

4. Корголуучу адам жазык сот өндүрүшүнө байланыштуу курман болгон (өлгөн) учурда курман болгон (өлгөн) адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын багуусунда турган адамдарга, эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү ар кандай бир жолку жөлөкпулдар алууга укуктуу болушса, тандап алуулары боюнча аларга бир жолку бир жөлөкпул дайындалат.

5. Бир эле учурда ар кандай бир жолку жөлөкпулдарды алууга укуктуу болгон корголуучу адамга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дене боюна же саламаттыгына башка зыян келтирилген учурда алардын тандап алуулары боюнча бир жолку бир жөлөкпул дайындалат.

6. Ушул статьянын 1-5-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн бир жолку жөлөкпулдарды төлөп берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

7. Жазык сот өндүрүшүнө байланыштуу корголуучу адамга келтирилген мүлктүк зыян мамлекеттик бюджеттин каражатынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка финансы булактарынын эсебинен толтурулууга, бул каражаттар кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте корголуучу адамга мүлктүк зыян келтирүүгө күнөөлүү адамдын каражаттарынан өндүрүп алынууга тийиш.

 

III глава

Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруунун
негиздери жана тартиби

 

17-статья. Коопсуздук чараларын колдонуунун негиздери

 

1. Жазык сот өндүрүшүнө катышканына байланыштуу корголуучу адамды өлтүрүү, ага зомбулук көрсөтүү, анын мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү жөнүндө мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу тууралу чечим кабыл алган орган тарабынан аныкталган маалыматтардын болушу коопсуздук чараларын колдонуунун негиздери болуп саналат.

2. Коопсуздук чаралары корголуучу адамдын жазуу жүзүндөгү арызынын же жазуу жүзүндө билдирилген анын макулдугунун негизинде, ал эми жашы жетпегендерге карата - анын ата энесинин же аларды алмаштырган адамдардын жазуу жүзүндөгү арызынын, ошондой эле үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрүнүн ыйгарым укук берилген өкүлдөрүнүн (ата-энеси же аларды алмаштырган адамдар жок болгон учурда) же алардын жазуу жүзүндө билдирилген макулдугунун негизинде колдонулат.

3. Коопсуздук чараларын колдонуу корголуучу адамдын жашы жетпеген үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аны менен чогуу жашаган башка адамдардын кызыкчылыктарын козгогон учурда коопсуздук чараларын колдонууга алардын жазуу жүзүндө билдирилген макулдугу зарыл болот.

(КР 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 202 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

18-статья. Социалдык жактан коргоо чараларын колдонуунун негиздери

 

Жазык сот өндүрүшүнө катышканына байланыштуу корголуучу адамдын курман болуусу (өлүүсү), анын дене боюна залал келтирилиши же саламаттыгына башка зыян келтирилиши социалдык жактан коргоо чараларын колдонууга негиз болуп саналат.

 

19-статья. Коопсуздук чараларын колдонуу тартиби

 

1. Коопсуздук чараларын колдонуу тартиби ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын жана башка ченемдик укуктук актыларында аныкталат.

2. Сот (судья), прокурор, алгачкы текшерүү органынын начальниги же тергөөчү ушул Мыйзамдын 2-статьясынын 1-3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн адамды өлтүрүү, ага зомбулук көрсөтүү, анын мүлкүн жок кылуу же мүлкүнө зыян келтирүү коркунучу, болбосо башка коркунучтуу укукка жат жосун жөнүндө арызды (билдирүүнү) алгандан кийин бул арызды (билдирүүнү) текшерүүгө жана 24 сааттын ичинде ага карата коопсуздук чараларын колдонуу жөнүндө, болбосо аларды колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. Кабыл алынган чечим жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом (аныктама) чыгарылат, ал чыгарылган күнү эле аткаруу үчүн коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органга, ошондой эле аталган токтом (аныктама) өзүнө карата чыгарылган адамга жөнөтүлөт.

3. Коопсуздук чараларын колдонуу жөнүндө же болбосо аларды колдонуудан баш тартуу жөнүндө токтом (аныктама) жогорку органга, прокурорго же сотко 10 күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. Даттануу ал берилген учурдан тартып 24 сааттын ичинде каралууга тийиш.

4. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган ушул Мыйзамда каралган зарыл болгон коопсуздук чараларын тандап алат жана аларды колдонуу ыкмаларын аныктайт.

5. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган тандалып алынган коопсуздук чаралары, аларды өзгөртүү жөнүндө, аталган чараларды толуктоо жана аларды колдонуунун натыйжалары жөнүндө кылмыш жөнүндө арыз (билдирүү) же жазык иши өндүрүшүндө турган сотко (судьяга), прокурорго, алгачкы текшерүү органынын начальнигине же тергөөчүгө маалымдайт, ал эми корголуучу адамдын коопсуздугунун коркунучтары четтетилген учурда коопсуздук чараларын алып салуу жөнүндө расмий өтүнүч билдирет.

6. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган зарыл болгон учурда ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык коопсуздук чараларын колдонуунун шарттары жөнүндө, тараптардын өз ара милдеттери жана өз ара жоопкерчиликтери жөнүндө корголуучу адам менен жазуу жүзүндө келишим түзөт.

(КР 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 202, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

20-статья. Социалдык жактан коргоо чараларын колдонуу тартиби

 

1. Социалдык жактан коргоо чараларын колдонуу тартиби ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталат.

2. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган орган корголуучу адамдын курман болгондугу (өлгөндүгү) жөнүндө арызды (билдирүүнү) алып жана анын курман болушу (өлүмү) анын жазык сот өндүрүшүнө катышканына байланыштуу келип чыккандыгын аныктап, курман болгон (өлгөн) адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын багуусунда турган адамдарга карата социалдык жактан коргоо чараларын колдонуу жөнүндө, болбосо аларды колдонуудан баш тартуу жөнүндө 3 сутканын ичинде чечим кабыл алууга милдеттүү.

3. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган орган жазык сот өндүрүшүнө катышканына байланыштуу корголуучу адамдын дене боюна залал келтирилгендиги же саламаттыгына башка зыян келтирилгендиги жөнүндө арызды (билдирүүнү) алгандан кийин бул арызды (билдирүүнү) текшерүүгө жана социалдык жактан коргоо чараларын колдонуу жөнүндө же аларды колдонуудан баш тартуу жөнүндө 3 сутканын ичинде чечим кабыл алууга милдеттүү.

4. Кабыл алынган чечим жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом (аныктама) чыгарылат, аткаруу үчүн ал социалдык жактан коргоо чараларын жүзөгө ашыруучу органга, ошондой эле аталган токтом (аныктама) өзүнө карата чыгарылган адамга жөнөтүлөт.

5. Социалдык жактан коргоо чараларын колдонуу жөнүндө, болбосо аларды колдонуудан баш тартуу жөнүндө токтом (аныктама) жогору турган органга, прокурорго же сотко 10 күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. Даттануу ал берилген күндөн тартып бир айдын ичинде каралууга тийиш.

6. Социалдык жактан коргоо чараларын жүзөгө ашыруучу орган социалдык жактан коргоо чараларын колдонуу жөнүндө токтомду (аныктаманы) алгандан кийин аны 10 сутканын ичинде аткарууга милдеттүү.

(КР 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 202 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

21-статья. Коопсуздук чараларын алып салуу

1. Ушул Мыйзамдын 16-статьясында көрсөтүлгөн коопсуздук чараларын колдонуунун негиздери четтетилген учурда, ошондой эле аларды андан ары колдонуу ушул Мыйзамдын 19-статьясынын 6-бөлүгүнө ылайык коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган корголуучу адам менен түзгөн келишимдин шарттары корголуучу адам тарабынан бузулгандыгынан улам мүмкүн болбогон учурда алынып салынат.

2. Коопсуздук чаралары корголуучу адамдын мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган органга жөнөткөн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча да алынып салынышы мүмкүн.

3. Коопсуздук чараларын алып салууга мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган органдын токтому (аныктамасы) боюнча, болбосо мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө алынып салынбаган токтому (аныктамасы) менен жазык иши өндүрүшүндө турган органдын токтому (аныктамасы) боюнча гана жол берилет.

4. Коопсуздук чараларын алып салуу жөнүндө токтом (аныктама) жогору турган органга, прокурорго же сотко 10 күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. Даттануу ал берилген учурдан тартып 24 сааттын ичинде каралууга жатат.

5. Коопсуздук чараларын алып салуу жөнүндө токтомдо (аныктамада) корголуучу адамдын мүлктүк жана ага байланышкан жекече мүлктүк эмес укуктарын калыбына келтирүү маселелери жөнгө салынууга тийиш.

6. Коопсуздук чараларын колдонуу жөнүндө токтом (аныктама) ушул Мыйзамдын 3-статьясынын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн орган аларды алып салуу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин күчүндө болот.

7. Сот (судья) жазык иши боюнча өкүм чыгарганда коопсуздук чараларын алып салуу жөнүндө, болбосо көрсөтүлгөн чараларды андан ары колдонуу жөнүндө аныктама (токтом) чыгарат.

(КР 2019-жылдын 31-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

22-статья. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруунун купуялуулугу

 

1. Мамлекеттик коргоо корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун сактоо менен жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө маалыматтарды коргоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

23-статья. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимдердин милдеттүү түрдө аткарылышы

 

1. Мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдардын алардын компетенциясына ылайык кабыл алынуучу чечимдерин ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызмат адамдары аткарууга милдеттүү.

2. Кыргыз Республикасынын областтарынын мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдарга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

 

IV глава

Корголуучу адамдардын жана мамлекеттик
коргоону камсыз кылуучу органдардын
укуктары менен милдеттери

 

24-статья. Корголуучу адамдардын укуктары менен милдеттери

 

1. Корголуучу адамдар төмөнкүлөргө укуктуу болушат:

1) өздөрүнүн укуктары менен милдеттерин билүүгө;

2) жекече жана мүлктүк коопсуздугун, ушул Мыйзамдын 2-статьясынын 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын жекече жана мүлктүк коопсуздугун камсыз кылууну талап кылууга;

3) ушул Мыйзамда каралган учурларда социалдык жактан коргоо чараларын колдонууну талап кылууга;

4) өзүнө, ошондой эле өзүнүн жакын туугандарына, туугандарына жана жакындарына карата коопсуздук чараларынын колдонулушу жөнүндө жана мындай чаралардын мүнөзү жөнүндө билүүгө;

5) ушул Мыйзамда каралган кошумча коопсуздук чараларын колдонуу жөнүндө, болбосо аларды алып салуу жөнүндө арызы менен кайрылууга;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдардын чечимдерине жана аракеттерине карата жогорку органга, прокурорго же сотко даттанууга.

2. Корголуучу адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) өздөрүнө карата колдонулган коопсуздук чараларынын шарттарын жана мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдардын мыйзамдуу талаптарын аткарууга;

2) өздөрүнө карата коркунуч туудурган ар бир окуя же укукка жат аракеттер жөнүндө мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдарга дароо маалымат берүүгө;

3) ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн жана коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан өздөрүнүн кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн пайдаланууга берилген мүлктү пайдаланууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого;

4) мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдын уруксатысыз аларга карата мамлекеттик колдоо жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарууга.

 

25-статья. Мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдардын укуктары менен милдеттери

 

1. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган органдар өздөрүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу болушат:

1) мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө өздөрүнө карата чечим кабыл алынган адамдардын коопсуздугуна коркунуч туулгандыгы жөнүндө арыздары жана билдирүүлөрү боюнча мамлекеттик бийликтин бардык органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, юридикалык жана жеке жактардан зарыл болгон маалыматтарды талап кылууга жана аталган уюмдардан алууга;

2) процесстик аракеттерди жүргүзүүгө же коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдарга жана социалдык жактан коргоо чараларын жүзөгө ашыруучу органдарга ушул Мыйзамдын 2-статьясында көрсөтүлгөн адамдарды мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон тапшырмаларды берүүгө;

3) зарыл болгон учурда коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдардан жана социалдык жактан коргоо чараларын жүзөгө ашыруучу органдардан мамлекеттик коргоонун кошумча чараларын колдонууну талап кылууга;

4) аталган чараларды жүзөгө ашыруучу органдар менен макулдашуу боюнча коргонуу чараларын жана социалдык жактан коргоо чараларын толук же жарым-жартылай алып салууга.

2. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) ушул Мыйзамда каралган зарыл болгон коопсуздук чараларын тандап алууга, аларды колдонуу ыкмаларын аныктоого, зарыл болгон учурда колдонулган коопсуздук чараларын өзгөртүүгө жана толуктоого;

2) корголуучу адамдардан аларга карата колдонулган коопсуздук чараларынын шарттарынын сакталышын, аталган чараларды колдонууга байланышкан мыйзамдуу буйруктардын аткарылышын талап кылууга;

3) процесстик аракеттерди жүргүзүүдө коопсуздук чараларын колдонуу жөнүндө, болбосо аларды алып салуу жөнүндө өтүнмө менен сотко (судьяга), прокурорго, алгачкы текшерүү органына же тергөөчүгө кайрылууга;

4) "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте оперативдүү - издөө иш чараларын жүргүзүүгө.

3. Социалдык жактан коргоо чараларын жүзөгө ашыруучу органдар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган органдардан жана корголуучу адамдардан социалдык жактан коргоо чараларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суратып алууга;

2) мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган органдарга аталган чараларды колдонуунун мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жагдайлар аныкталган учурда социалдык жактан коргоо чараларын алып салуу жөнүндөгү өтүнүч менен кайрылууга.

4. Мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) коопсуздук чараларын же социалдык жактан коргоо чараларын колдонууну талап кылган өздөрүнө белгилүү болгон ар бир учурга токтоосуз көңүл бурууга;

2) зарыл болгон бардык коопсуздук жана социалдык жактан коргоо чараларын жүзөгө ашырууга;

3) корголуучу адамга ушул Мыйзамда каралган коопсуздук чараларын жана социалдык жактан коргоо чараларын колдонуу жөнүндө, аларга карата колдонулган чаралардын өзгөртүлүшү жөнүндө, толукталышы жөнүндө же алып салынышы жөнүндө, ошондой эле мамлекеттик коргоону камсыз кылууга байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чечимдердин кабыл алынышы жөнүндө өз убагында маалымдоого;

4) корголуучу адамга карата мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө токтомду (аныктаманы) ага билдиргенде анын укуктары менен милдеттерин түшүндүрүп берүүгө.

 

V глава

Ушул мыйзамдын талаптарын бузгандык
үчүн жоопкерчилик

 

26-статья. Мамлекеттик коргоону камсыз кылуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн кызмат адамынын жоопкерчилиги

 

Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимдин кабыл албаган же анын талаптагыдай эмес жүзөгө ашырылышына күнөөлүү болгон мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруучу органдын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.

 

27-статья. Корголуучу адам жана коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтарды таратканы үчүн жоопкерчилик

 

Корголуучу адам жана ага карата колдонулган коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтар, мындай маалыматтар кызматтык ишине байланыштуу ишенип берилген же белгилүү болгон адам тарабынан таратылса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке кириптер кылат.

 

28-статья. Корголуучу адамдын жоопкерчилиги

 

Ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн жана корголуучу адамга анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн пайдаланууга берилген мүлктүн башка адамдарга сатылышы, күрөөгө берилиши же өткөрүлүп берилиши, ага тете эле мындай мүлктү жоготуу же бүлүндүрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

 

VI глава

Мамлекеттик коргоону каржылоо
жана материалдык-техникалык
жактан камсыз кылуу

 

29-статья. Мамлекеттик коргоо чараларын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

1. (КР 2019-жылдын 31-декабрындагы № 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучуларды мамлекеттик коргоону каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу мамлекеттик бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка каржы булактарынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

3. Мамлекеттик коргоону камсыз кылууга байланышкан чыгымдар корголуучу адамга жүктөлүшү мүмкүн эмес.

(КР 2019-жылдын 31-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VII глава

Корутунду жоболор

 

30-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 

1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 3 айдын ичинде:

1) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

2) зарылдыгына жараша белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев