КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КР
2022-жылдын 4-июлундагы N 55 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН
ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2006-жылдын 8-ноябры № 178
Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө
(КР 2009-жылдын 6-февралындагы №
39, 2009-жылдын
17-мартындагы № 83, 2011-жылдын 26-июлундагы № 148,
2013-жылдын 29-майындагы №
83, 2013-жылдын
27-декабрындагы № 178, 2016-жылдын 2-августундагы №
162,
2017-жылдын 13-майындагы № 82, 2018-жылдын 6-августундагы N
88 Мыйзамдарынын редакциясына
ылайык)
Ушул Мыйзам терроризмге каршы аракеттенүүнүн негизги принциптерин, терроризмди профилактикалоонун жана ага каршы күрөшүүнүн уюштуруучулук-укуктук негиздерин, терроризмдин кесепеттерин минималдаштырууну, терроризмге каршы күрөштү жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын ишин координациялоо тартибин, терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруусуна байланыштуу менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактардын укуктары менен милдеттерин, ошондой эле терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташтык тартибин аныктайт.
I
БӨЛҮМ
НЕГИЗГИ ЖОБОЛОР
1-глава
Жалпы
жоболор
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат:
терроризм - бул зомбулук идеологиясы жана калкты коркутууга же коомдук коопсуздукту бузууга байланышкан зомбулук жана (же) башка кылмыштуу аракеттерди жасоо практикасы, ошого тете конституциялык түзүлүштү бузууга чакыруу же болбосо мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же эл аралык уюмдар тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге таасир этүү максатында мындай иш-аракеттерге.
террористтик акт - кылмышты түздөн-түз жасоо же болбосо төмөнкү түрдө чогуу же өз-өзүнчө көрүнгөн террористтик мүнөздөгү кылмыштар:
жардыруу, өрт коюу, жардыруучу түзүлүштөрдү, радиоактивдүү, биологиялык, химиялык жана башка ууландыруучу заттарды колдонуу же колдонуу коркунучу;
жер, суу жана аба транспорттук каражаттарын басып алуу, айдап качуу, зыян келтирүү, жок кылуу;
мамлекеттик жана коомдук ишмердин өмүрүнө кол салуу, адамдарды туткундап алуу жана (же) барымтада кармоо;
техногендик мүнөздөгү авариялар жана кыйратуулар үчүн шарт түзүү жолу менен белгисиз чөйрөдөгү адамдардын өмүрүнө, саламаттыгына же мүлкүнө зыян келтирүү коркунучун түзүү, болбосо мындай коркунуч түзүүнүн чыныгы опурталдуулугу;
кандай гана формада жана кандай гана каражаттар болбосун террористтик мүнөздөгү коркунучтарды таратуу;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана эл аралык укуктун ченемдери менен жалпы таанылган террористтик мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо;
террористтик топ - террористтик ишти жүзөгө ашыруу максатында биригишкен жеке адамдардын тобу;
террористтик уюм - төмөнкүлөрдү жасаган террористтердин кандай болбосун тобу:
- кандай болбосун каражаттар менен, тикелей же кыйыр, мыйзамсыз жана алдын ала ниеттенип террористтик актыларды жасаган же жасоого аракеттенген;
- террористтик актыларга шерик катары катышкан;
- террористтик актыларды жасоого башка жеке адамдарды жана (же) юридикалык жактарды уюштурган же жөнөткөн;
- көмөктөшүү аң-сезимдүү жана террористтик актыны жасоодо жардам көрсөтүү максатында же ал топтун террористтик актыны жасоого аң-сезимдүү ниети менен жүзөгө ашырылган кезде жалпы максатта аракеттенүүчү жеке жактардын тобу тарабынан террористтик актыларды жасоого көмөктөшкөн;
- террористтик ишти жасоо үчүн түзүлгөн же түзүлө турган уюм же болбосо террористтин же террористтердин, ошондой эле террористтин же террористтердин атынан же көрсөтмөсү боюнча иш жүргүзгөн адамдардын жана уюмдардын менчигинде же контролу астында тикелей же кыйыр түрдө турган уюм;
террорист - төмөндөгүлөрдү жасаган кандай болбосун жеке адам:
- кандай болбосун ыкмалар менен тикелей же бирөө аркылуу, мыйзамсыз жана аң-сезимдүү түрдө террористтик актыларды жасаган же жасоого аракеттенген;
- террористтик актыларга шерик катары катышкан;
- террористтик актыларды жасоого башка адамдарды уюштурган же жөнөткөн;
- көмөктөшүү аң-сезимдүү жана террористтик актыны жасоодо жардам көрсөтүү максатында же топтун террористтик актыны жасоого аң-сезимдүү ниети менен жүзөгө ашырылган кезде жалпы максатта аракеттенүүчү жактардын тобу тарабынан террористтик актыларды жасоого көмөктөшкөн ошондой эле террористтик актыларды жасоо, пландоо, даярдоо же жасоого катышуу максатында же террористтерди даярдоо же мындай даярдыктан өтүү үчүн, ошондой эле куралдуу чыр-чатакка байланыштуу алар жашабаган же жарандыгы болбогон мамлекетке жөнөгөн;
барымтага алынган адам - туткунга алынган жана (же) кармалып турган адамдарды бошотуу шарты катары мамлекетти, уюмду, же айрым адамдарды кандайдыр бир аракеттерди жасоого же жасоодон баш тартууга мажбурлоо максатында террористтер тарабынан туткунга алынган жана (же) кармалып турган жеке адам;
терроризмге каршы аракеттенүү - мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана ишканалардын:
- терроризмдин, анын ичинде террористтик актыларды жасоого көмөктөшкөн себептерди жана шарттарды айкындоо жана кийин четтетүү (терроризмдин алдын алуу) боюнча;
- террористтик актыны айкындоо, алдын алуу, бөгөт коюу, ачуу жана тергөө (терроризм менен күрөшүү) боюнча;
- терроризмдин кесепеттерин минималдаштыруу боюнча иши;
террористтик иш - террористтик максаттарда террористтик мүнөздөгү кылмыштардын бирин жасоого же төмөндө көрсөтүлгөн атайылап жасалган жосундардын кайсынысын болсун жасоого багытталган иш, ошого тете ушундай жосундарды жасайм деп коркутуу:
учуп бараткан аба кемесин, деңиз кемесин жана стационардык платформаны мыйзамсыз басып алуу же зомбулукту колдонуу же зомбулукту колдоном деп коркутуу же болбосо коркутуунун кандай болбосун башка формасынын жолу менен ошол кеменин бортунда болгон кандай болбосун адам тарабынан жасалган алардын үстүнөн болгон контролду мыйзамсыз жүзөгө ашыруу;
аба же деңиз кемесин бул өлүмгө же дененин олуттуу жаракатына, же материалдык зыянга алып келиши мүмкүн болгондой мыйзамсыз пайдалануу;
эгерде мындай акт ошондой кеменин же стационардык платформанын коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн болсо же болбосо ошондой кеменин кыйроосуна же анын жүгүнүн же болбосо стационардык платформасынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болсо, аба же деңиз кемесинин бортундагы же болбосо стационардык платформадагы адамга карата зомбулук актысын жасоо;
эксплуатациялоодо болгон аба же деңиз кемесин же болбосо стационардык платформаны кыйратуу, же аларды керектен чыгарган же алардын коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн болгондой бузулуу келтирүү;
эгерде мындай аракет учуп баратканда аба кемелеринин коопсуздугуна же деңиз кемесинин коопсуз сүзүшүнө коркунуч келтириши мүмкүн болсо, аэронавигациялык жабдууну же деңиз навигациялык жабдууну кыйратуу же аларга олуттуу бузулуу келтирүү, же аларды эксплуатациялоого олуттуу тоскоолдук түзүү, же аларды эксплуатациялоого кийлигишүү;
мындай кемени же стационардык платформаны кыйратышы же ага жана анын жүгүнө бузулуу келтириши же мындай кемени же стационардык платформаны керектен чыгарышы мүмкүн болгон же болбосо ушул кеменин же стационардык платформанын коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн болгон түзүлмөлөрдү же заттарды эксплуатациялоодо болгон аба же деңиз кемесине же болбосо стационардык платформага кандай болбосун усул жана ыкма менен жайгаштыруу же жайгаштыруу максаттарында аракет жасоо;
кемеге (динамикалык калкып туруу принциби бар кемени, суу астындагы аппараттарды же кандай болбосун сүзүүчү каражаттарды кошо алганда, деңиз түбүнө туруктуу бекитилбеген кандай болбосун типтеги кемеге) же стационардык платформага же болбосо аларга каршы кандайдыр бир жардыргыч затты, радиоактивдүү же ядролук материалды, биологиялык, химиялык жана ядролук курал-жаракты мыйзамсыз пайдалануу, же болбосо аларды өлүмгө же дененин олуттуу жаракатына, же материалдык зыянга алып келиши мүмкүн болгондой ушул кемеден же стационардык платформадан ыргытуу;
кемеден (динамикалык калкып туруу принциби бар кемени, суу астындагы аппараттарды же кандай болбосун сүзүүчү каражаттарды кошо алганда, деңиз түбүнө туруктуу бекитилбеген кандай болбосун типтеги кемеден) же стационардык платформадан нефтини, суюлтулган жаратылыш газын жана башка кооптуу же зыяндуу затты өлүмгө же дененин олуттуу жаракатына, же материалдык зыянга алып келген же алып келиши мүмкүн болгон санда же концентрацияда ыргытуу;
аэропортто болгон жана эл аралык жарандык авиацияны тейлөөчү жактарга карата өлүмгө алып келген же алып келиши же адамдын ден соолугуна оор залал келтириши же болбосо эл аралык жарандык авиацияны тейлөөчү аэропорттун жабдууларынын жана курулмаларынын же аэропортто жайгашкан жана эксплуатациялоодо турбаган аба кемесинин кыйрашына же олуттуу бузулуусуна же болбосо, эгерде мындай акт ал аэропорттогу коопсуздукка коркунуч туудурса же туудурушу мүмкүн болсо аэропорттогу кызматтардын ишин бузушу мүмкүн болгон зомбулук актыларын мыйзамсыз жасоо;
эл аралык коргоодон пайдаланган адамды же аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүн өлтүрүү, уурдоо же анын инсанына же эркиндигине каршы башка кол салуу, же болбосо эл аралык коргоодон пайдаланган адамдын расмий жайына, турак жайына же транспорт каражаттарына, анын инсанына же эркиндигине коркунуч туудурушу мүмкүн болгон зомбулук кол салуу;
компетенттүү органдардын уруксатысыз кандай болбосун адамдын өлүмүнө алып келген же алып келиши же анын денесине оор жаракат келтириши, же мүлккө же айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтириши мүмкүн болгон ядролук материалды алуу, ээ болуу, пайдалануу, өткөрүп берүү, видиоөзгөртүү, жок кылуу же чачуу;
уурдоо, карактоо же алдоо жолу менен ядролук материалды тартып алуу, ээлеп алуу же алуу же болбосо зомбулукту колдоном деп коркутуу менен же коркутуунун кандайдыр бир башка формасынын жардамы менен ядролук материалды берүү тууралуу талап кылуу, ошого тете эле кимге болбосун өлүм же олуттуу жаракат алып келүү же мүлккө же айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирүү, же болбосо террористтик максаттарда ядролук материалды пайдаланам деп коркутуу;
компетенттүү органдардын уруксатысыз ядролук материалды Кыргыз Республикасына же андан ташуу, жөнөтүү же которуу;
ядролук түзүлүшкө каршы багытталган мыйзамсыз аракетти, же нурлануунун же радиоактивдүү заттын чыгышынын натыйжасында кандай болбосун адамга өлүм же олуттуу жаракат алып келиши, же менчикке же айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтириши мүмкүн болгон ядролук түзүлүштү эксплуатациялоого кийлигишүү боюнча аракетти жасоо;
кеменин (динамикалык калкып туруу принциби бар кемени, суу астындагы аппараттарды же кандай болбосун сүзүүчү каражаттарды кошо алганда, деңиз түбүнө туруктуу бекитилбеген кандай болбосун типтеги кеменин) бортунда мыйзамсыз ташуу:
- кандайдыр бир жардыргыч затты же радиоактивдүү материалды;
- ал биологиялык, химиялык жана ядролук курал-жарак болуп саналаарын аңдап-билүү менен кандай болбосун биологиялык, химиялык же ядролук курал-жаракты;
- ядролук жардыруу менен байланышкан иште же МАГАТЭ менен толук камтуу кепилдиктери жөнүндө макулдашууга ылайык кепилдиктерде камтылбаган башка ядролук иште пайдалануу максатында кандай болбосун баштапкы материалды, атайын бөлүнүп ажыроочу материалды же жабдууну, же болбосо бөлүнүп ажыроочу материалды иштетүү, пайдалануу же өндүрүү үчүн атайын арналган же даярдалган материалды;
- биологиялык, химиялык жана ядролук курал-жаракты долбоорлоого, өндүрүп чыгарууга же жеткирүүгө олуттуу салым кошо турган кандай болбосун жабдууну, материалды же программалык камсыз кылууну же болбосо тийиштүү технологияны;
террористтик ишти жасаган адамга мындай адамдын жазык куугунтугунан качууга көмөк көрсөтүү максатында кеменин (динамикалык калкып туруу принциби бар кемени, суу астындагы аппараттарды же кандай болбосун сүзүүчү каражаттарды кошо алганда, деңиз түбүнө туруктуу бекитилбеген кандай болбосун типтеги кеменин) бортунда мыйзамсыз жана билип туруп ташуу;
мындай кыйроо ири экономикалык зыян алып келген же келтириши мүмкүн болгондо, коомдук пайдалануудагы жайлардын, мамлекеттик же өкмөттүк объектин (стратегиялык объекттер), коомдук транспорт системасынын объектисинин же инфраструктура объектисинин чектеринде террористтик максаттарда же болбосо өлүмгө дуушар кылуу, же денеге оор жаракат келтирүү, мындай жайларды, объекти же системаны олуттуу кыйроого учуратуу максаттарында, жарылуучу же башка түзүлүштү мыйзамсыз жеткирүү, жайгаштыруу, аракетке келтирүү;
адамды барымтага алынган адам катарында колго түшүрүү же кармоо;
куралдуу чыр-чатак кырдаалында аскердик аракеттерге активдүү катышпаган кандай болбосун жаранга же башка адамга өлүм алып келүү максатында же анын денесине оор жаракат келтирүү максатында, же болбосо олуттуу мүлктүк (экономикалык) зыянга же башка коомдук коркунучтуу оор кесепеттерге алып келүүчү мүлктү жана башка материалдык объекттерди бузуу (зыянга учуратуу) максатында, же адамдардын өлүмүнө, адамдын ден соолугуна же белгисиз адамдардын чөйрөсүнүн мүлкүнө зыян келтирүүчү коркунучун түзүүчү башка кандай болбосун жосунду жасоо;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык террористтик түшүнүккө жаткан башка жосундарды жасоо;
террористтик ишти каржылоо - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226-1-статьясында көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт;
каражаттар - алынган ыкмасына карабастан кандай болбосун түрдөгү материалдык жана материалдык эмес, кыймылдуу жана кыймылсыз активдер (анын ичинде мыйзамдуу же мыйзамсыз булактан алынган), ошондой эле юридикалык документтер же ар кандай формадагы, анын ичинде электрондук же цифралык формадагы мындай активдерге карата укуктуу же аларга катышууну күбөлөндүргөн актылар, анын ичинде банк кредиттери, жол чектери, банк чектери, почта аркылуу которуулар, баалуу кагаздар, мүлктүк мүнөздөгү пайдалар, бирок бул алар менен эле чектелбейт;
эл аралык терроризм - террорист же террористтик уюм (топ) тарабынан башка мамлекеттердин конституциялык түзүлүшүн, болбосо эл аралык укук тартибин же жалпы эл аралык мамилелерди начарлатуу максатында жүзөгө ашырылуучу эл аралык террористтик иш;
эл аралык террористтик иш - төмөнкүдөй жүзөгө ашырылуучу террористтик иштер:
- террорист же террористтик уюм (топ) тарабынан бирден ашуун мамлекеттин аймагында жүзөгө ашырылуучу же бирден ашуун мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү;
- бир мамлекеттин жарандары тарабынан башка мамлекеттин жарандарына карата же башка мамлекеттин аймагында жүзөгө ашырылуучу;
- террорист, терроризмдин курмандыгы болгон адам бир эле мамлекеттин же ар кайсы мамлекеттердин жарандары болгон, бирок кылмыш бул мамлекеттердин аймагынан сыртта жасалган учурда;
- бир мамлекетте жүзөгө ашырылуучу, бирок террористтик ишти даярдоонун, пландаштыруунун, жетектөөнүн же контролдоонун олуттуу бөлүгү башка мамлекетте орун алган;
- бир мамлекетте, бирок кылмыштуу ишин бир мамлекеттен ашуун мамлекетте жүзөгө ашырган террористтик уюмдун (топтун) катышуусу менен жасалган;
- бир мамлекетте, бирок алардын олуттуу кесепеттери башка мамлекетте орун алган жүзөгө ашырылуучу;
террорго каршы операция - мамлекеттик органдар тарабынан күжүрмөн техникасын, курал-жарактарды жана атайын каражаттарды колдонуу менен жүргүзүлгөн жана террористтик актыга бөгөт коюуга, мамлекеттин кызыкчылыктарын, жеке адамдардын коопсуздугун камсыз кылууга, террористтерди, жарылуучу түзүлүштөрдү жок кылууга, ошондой эле террористтик актылардын кесепеттерин минималдаштырууга багытталган атайын, ыкчам-күжүрмөндүк, аскердик жана башка иш-чаралардын комплекси.
Террорго каршы операцияларга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт объекттеринин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка адамдардын, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекет, өкмөт башчыларынын жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринин алардын Кыргыз Республикасынын аймагында болгон мезгилдеги коопсуздугун камсыз кылуу боюнча коргоо иш-чаралары да кирет;
террорго каршы операцияны жүргүзүү зонасы - жер үстүнүн, суу объекттеринин же аба мейкиндигинин айрым участоктору, транспорт каражаты, имарат, курулуш, курулма, бөлмө жай жана аталган операция алардын чегинде жүргүзүлө турган танапташ аймактар же акваториялар;
адамдар көп топтолгон жерлер - аймагында бир эле убакта 500 (беш жүз) же андан көп адам топтолушу мүмкүн болгон, соода, спорт, оюн-зоок, транспорттук курулуштар, билим берүү мекемелеринин жана башка объекттердин жер орундары;
эл аралык коргоодон пайдаланган адам;
- мамлекет башчысы, анын ичинде тиешелүү мамлекеттин конституциясына ылайык мамлекет башчысынын функцияларын аткаруучу коллегиялуу органдын ар бир мүчөсү же чет мамлекетте жүргөн өкмөт башчысы же тышкы иштер министри, ошондой эле анын кошо жүргөн үй-бүлө мүчөлөрү;
- мамлекеттин кандай болбосун өкүлү же кызмат адамы, же кандай болбосун кызмат адамы же өкмөттөр аралык эл аралык уюмдун бөлөк агенти, ошондой эле аны менен кошо жүргөн үй-бүлө мүчөлөрү;
жардыргыч же башка түзүлүш төмөнкүлөрдү билдирет:
- өлүмгө, дененин жаракатына же олуттуу материалдык зыянга алып келүүгө арналган же жөндөмдүү болгон жардыргыч же өрт чыгаруучу курал-жарак же түзүлүш;
- уулуу химиялык, биологиялык заттарды же токсиндерди, же ошого окшош заттарды же болбосо радиоактивдүү материалды чыгаруунун, чачуунун же таасир этишинин аркасында өлүмгө, дененин жаракатына же олуттуу материалдык зыянга алып келүүгө арналган же жөндөмдүү болгон курал-жарак же түзүлүш;
инфраструктура объекти - калктын кызыкчылыктарында суу менен камсыздоо, канализация, энергия менен камсыздоо, отун же байланыш менен камсыздоо сыяктуу кызматтарды көрсөтүүчү же бөлүштүрүүчү мамлекеттик же жеке менчикте болгон кандай болбосун объект;
коомдук транспорт тутуму - адамдарды же жүктөрдү ташуу боюнча жалпыга жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүүнүн жүрүшүндө же максаттары үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик же жеке менчикте болгон кандай болбосун транспорт каражаттары жана көмөкчү элементтер;
мамлекеттик же өкмөттүк объект - мамлекеттин өкүлдөрү, өкмөттүн мүчөлөрү, мыйзам чыгаруу же сот органынын өкүлдөрү же болбосо мамлекеттин же кандай болбосун башка мамлекеттик органдын же мекеменин кызмат адамдары же кызматчылары, же өкмөттөр аралык уюмдун кызматчылары же кызмат адамдары тарабынан алардын өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу пайдаланылуучу же ээленүүчү кандай болбосун туруктуу же убактылуу объект же транспорт каражаты;
ядролук түзүлүш - ядролук материалды өндүрүү, иштетүү, пайдалануу, иштеп чыгуу, сактоо же көмүү жүзөгө ашырылуучу түзүлүш (аны менен байланышкан имаратты жана жабдууну кошо алганда), эгерде ушундай түзүлүштүн бузулушу же эксплуатациялоого кийлигишүү орчундуу нурланууга же радиоактивдүү материалдардын орчундуу чыгарылышына алып келиши мүмкүн болсо;
аба кемеси - жүк жүктөлгөндөн кийин анын бардык тышкы эшиктерин жапкан учурдан тартып жүк түшүрүү үчүн мындай эшиктердин кайсынысын болбосун ачкан учурга чейин кандай болбосун убакта учууда болгон аба кемеси, же болбосо кандай болбосун конуудан кийин 24 саат өткөнгө чейин конкреттүү учуу үчүн жердеги кызматчы же экипаж тарабынан аба кемесинин учуу алдындагы даярдыгы башталгандан тартып эксплуатациялоодо болгон аба кемеси;
деңиз кемеси - динамикалык колдоо принциптери бар кемени кошо алганда, деңиз түбүнө туруктуу бекитилбеген ар кандай кеме, суу алдындагы аппараттар же кандай болбосун башка сүзүүчү каражаттар;
темир жолдо жүрүүчү состав - темир жол менен жылуучу жана адамдарды ташуучу локомотивдер жана вагондор;
стационардык платформа - ресурстарды чалгындоо же иштеп чыгуу үчүн же башка экономикалык максаттар үчүн деңиз түбүнө туруктуу бекитилген жасалма арал, түзүлүш же курулма;
террористтик мүнөздөгү кылмыштар - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226-229, 232, 294, 296, 375 376-статьяларында каралган кылмыштар. Террористтик мүнөздөгү кылмыштарга, эгерде алар террористтик максаттарда жасалса, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган башка кылмыштар да киргизилиши мүмкүн;
террористтик ишти колдоо жана ага башка көмөк көрсөтүү - төмөнкү кандай болбосун жосундар:
террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого тартуу;
террористтик иш үчүн жалдоо;
террористтик иш үчүн үйрөтүүдөн же даярдыктан өтүү;
адамды террористтик иш үчүн үйрөтүү жана даярдоо;
террористтик ишти каржылоо же төмөнкүлөрдүн каражаттары же башка каржы активдери менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо:
террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасаган же террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого аракет кылган, же болбосо аларды жасоого көмөк көрсөткөн жеке жактардын;
алардын мүлкү тикелей же кыйыр түрдө террористтердин же террористтик ишти колдогон адамдардын контролунда турган юридикалык жактардын же террористтик ишти колдогон жактын;
террористтердин атынан же көрсөтүүсү боюнча аракеттенген юридикалык жана жеке жактардын же болбосо террористтик ишти колдогон жактын карамагында же контролдугунда тикелей же кыйыр түрдө турган каражаттарды пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган каражаттарды кошкондо, террористтик ишти колдогон жактардын, же болбосо алар менен байланышы бар юридикалык жана жеке жактардын;
террористтерди курал-жарак менен жабдуу каналдарын түзүүгө жана террористтердин мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүсүнө көмөктөшүү;
террористтик мүнөздөгү кылмыштарды каржылаган, пландаштырган, колдогон же жасаган адамдарга башпаанек берүү;
башка мамлекеттерге же болбосо чет өлкөлүктөргө каршы террористтик мүнөздөгү актыларды же кылмыштарды жасоо максатында мамлекеттин аймагын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүү;
терроризм идеологияларын пропагандалоо, террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакырган, болбосо мындай ишти жүзөгө ашырууну актаган же негиздеген материалдарды же маалыматты таратуу;
террористтик актыларды пландаштыруу, уюштуруу, даярдоо жана жасоо, ошондой эле аларга маалыматтык жана башка жагынан көмөктөшүү;
террористтик актыларды жүргүзүүгө, адамдарга жана уюмдарга зордук-зомбулук жасоого, террористтик максаттарда материалдык объекттерди жок кылууга шыкак берүү;
террористтик актыларды жасоо максатында аскерлештирилген мыйзамсыз түзүлүштөрдү же кылмыш уюмдарын (топторду) уюштуруу, ага тете эле аларга катышуу;
террористтик ишти башкача колдоо же ага көмөк көрсөтүү.
Террористтик ишке колдоо же башка көмөгү үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
(КР 2013-жылдын 29-майындагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүнүн негизги принциптери жана максаттары
1. Кыргыз Республикасында терроризмге каршы аракеттенүү төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
- адамдын жана жарандын негизги укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу жана коргоо;
- мыйзамдуулук;
- террористтик актынын натыйжасында коркунучка туш болгон адамдардын өмүрүн, саламаттыгын, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун артыкчылыгы;
- терроризмдин алдын алуу чараларынын артыкчылыгы;
- террористтик ишти жүзөгө ашыруу үчүн жазанын айныгыстыгы;
- алдын алуучу, укуктук, саясий, социалдык-экономикалык, маалыматтык-пропагандалык, атайын жана терроризмге каршы аракеттенүүнүн башка чараларын комплекстүү пайдалануу;
- терроризмге каршы күрөштүн ачык жана ачык эмес ыкмаларын айкалыштыруу;
- террористтер үчүн саясий жактан чегинүүгө жол берилбестик;
- террорго каршы операцияларды жүргүзүүдө тартылган күчтөргө жана каражаттарга жетекчилик кылуудагы жеке башкаруу;
- террорго каршы операциялар жүргүзүүнүн техникалык ыкмаларын жана тактикасын учкай айтуу, ошондой эле ушундай операциялардын катышуучуларынын курамынын купуялуулугу;
- терроризмге каршы аракеттенүүдө мамлекеттин, коомдук жана диний бирикмелер жана уюмдар, жарандар менен кызматташтыгы;
- терроризмге каршы аракеттенүүдө эл аралык кызматташтыкты ар кандай чөйрөлөрдө жана формаларда уюштуруу жана жүзөгө ашыруу.
2. Кыргыз Республикасында терроризмге каршы аракеттенүүнүн максаттары:
- инсанды, коомду жана мамлекетти терроризмден коргоо;
- терроризмдин келип чыгышына жана террористтик ишти жүзөгө ашырууга көмөк берүүчү себептерди жана шарттарды айкындоо жана жоюу;
- террористтик иштин алдын алуу, аны табуу, ага бөгөт коюу жана анын кесепеттерин минималдаштыруу болуп саналат.
3-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүнүн укуктук негизи
Терроризмге каршы аракеттенүүнүн укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза жана Жазык-процесстик кодекстери, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери түзөт.
(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 148, 2013-жылдын 27-декабрындагы № 225 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-глава
Терроризмге каршы
аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттер жана
алардын
компетенциялары
4-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттер
1. Террористтердин кол салуусунан Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылуучу негизги субъект мамлекет болуп саналат, ал бул жаатында өзүнүн милдеттерин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигинин мамлекеттик органдары аркылуу жүзөгө ашырат.
2. Терроризмге каршы аракеттенүүнү ушул Мыйзамда каралган мамлекеттик органдар аларга берилген ыйгарым укуктардын чегинде жүзөгө ашырышат.
3. Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүү жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жана терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу башка субъекттердин ишин координациялоону жүргүзүүчү, ошондой эле террористтик иштин алдын алуу, айкындоо, бөгөт коюу, анын кесепеттерин минималдаштыруу боюнча алардын өз ара иш аракетин камсыз кылуучу ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органы болуп саналат.
4. Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы терроризмге каршы аракеттенүүнү жана ыйгарым укук берилген мамлекеттик улуттук коопсуздук органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы, ички иштер, коргонуу органдары, жазык-аткаруу тутуму, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле финансылык чалгындоо органы болуп саналат.
5. Тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган башка мамлекеттик органдар дагы өз компетенциясынын чегинде террористтик иштин алдын алууга, аны айкындоого жана ага бөгөт коюуга катышуучу субъекттер болуп саналышат.
6. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттерге тиешелүү колдоо көрсөтүшөт.
7. Ушул статьяда саналып өткөн мамлекеттик органдар жоюлган, кайра уюштурулган же кайра аталган учурда терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы алардын милдеттери алардын укук мурастоочуларына өтөт.
8. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар өздөрүнүн алдындагы милдеттерди өз алдынча жана өз ара аракеттенүү аркылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери, уюмдары жана жарандары менен эриш-аркак чечишет.
(КР 2011-жылдын 26-июлундагы N 148, 2016-жылдын 2-августундагы N 162, 2018-жылдын 6-августундагы N 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-статья. Ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын компетенциясы жана негизги милдеттери
1. улуттук коопсуздук органы:
- террористтик актылардын алдын алуу, аларды айкындоо жана аларга бөгөт коюу, ошондой эле террористтик актыларды даярдоого жана ишке ашырууга көмөктөшүүчү себептерди жана шарттарды айкындоо жана четтетүү боюнча алардын иш-аракеттеринин макулдаштыгына жетишүү максатында терроризмге каршы аракетти жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын иштерин координациялайт. улуттук коопсуздук органыТөрагасы мамлекеттик органдардын ишин координациялоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- террористтик мүнөздөгү кылмыштарды, анын ичинде саясий максатты көздөгөн кылмыштарды алдын алуу, айкындоо жана бөгөт коюу жолу менен, ошондой эле эл аралык террористтик иштин алдын алуу, аларды айкындоо жана аларга бөгөт коюу аркылуу терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык мындай кылмыштар жөнүндөгү кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзөт;
- террористтердин, террористтик уюмдардын (топтордун) иши жөнүндө маалымат чогултууну жана анализдөөнү жүзөгө ашырышат, алардын улуттук коопсуздукка туудурган коркунуч даражасына баа берет, тийиштүү министрликтер менен ведомстволорго зарыл болгон маалыматтарды берет;
- өзүнүн ишинин түрү боюнча мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды ала алган жана Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле анын чегинен тышкаркы мамлекеттик бийлик органдарынын, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
- тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган, Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкаркы Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү объекттерин жана мамлекеттик мекемелерин, ошондой эле бул объекттер менен мекемелердин кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн коргоону камсыз кылышат;
- чет мамлекеттердин тийиштүү органдары жана атайын кызматтары, ошондой эле эл аралык уюмдары менен эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташышат;
- террористтерди же террористтик уюмдарды (топторду) айкындоо, зыянсыздоо жана жок кылуу боюнча террорго каршы бөлүктөрдүн ишин уюштурууну камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. улуттук коопсуздук органытөмөнкүдөй негизги милдеттерди чечет:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасында терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негиздерин жана терроризмдин пайда болушуна жана террористтик ишти жүзөгө ашырууда көмөктөшкөн себептерди жана шарттарды айкындоо жана четтетүү боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган сунуштарды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы террористтик иштин абалы жана тенденциялары жөнүндө маалымат чогултууну жана анализдөөнү жүзөгө ашырат;
- террорго каршы операцияларды пландаштыруу, уюштуруу жана жүргүзүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- терроризмге каршы аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгышат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- терроризмге каршы аракеттенүү жаатында эл аралык келишимдерин даярдоого катышышат;
- терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык келишимдердин чегинде кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылат.
3. Жогоруда аталган компетенцияларды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн улуттук коопсуздук органынын алдында Террорго каршы борбор түзүлөт.
улуттук коопсуздук органынын Террорго каршы борборунун иши, ыйгарым укуктары жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жободо аныкталат.
(КР 2009-жылдын 6-февралындагы № 39, 2011-жылдын 26-июлундагы № 148, 2013-жылдын 27-декабрындагы № 225 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын компетенциясы
Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын компетенциясы алардын иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
(КР 2018-жылдын 6-августундагы N 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү
1. Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү принциптери жана формалары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдары, улуттук мыйзамдарга ылайык жана эл аралык эки тарашуу (көп тараптуу) макулдашуулардын, анын ичинде ведомстволор аралык мүнөздөгү макулдашуулардын негизинде, чет мамлекеттердин террорго каршы органдары жана кызматтары менен, ошондой эле эл аралык уюмдары менен эриш-аркак иш жүргүзүшөт.
8-статья. Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттик органдарынын бөлүктөрүнүн кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияларын жогорулатуу
1. Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттик органдарынын бөлүктөрүнүн кызматкерлерин кесиптик жактан даярдоо, кайра даярдоо (квалификациясын алмаштыруу) жана квалификацияларын жогорулатуу улуттук коопсуздук органынын билим берүүчү мекемелеринде жана эл аралык келишимдер менен макулдашуулардын негизинде чет мамлекеттердин профилдик окуу жайларында жүргүзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарынын бөлүктөрүнүн кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо (квалификациясын алмаштыруу) жана квалификациясын жогорулатуу үчүн, республикалык бюджетте ошол мамлекеттик органдардын ишин каржылоо үчүн каралган каражаттын чегинде, республикалык бюджеттен каржы каражаттары бөлүнүп берилет. Окутуп үйрөтүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен да жүргүзүлүшү мүмкүн.
9-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүгө тартылган бөлөк мамлекеттик органдардын, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин компетенциясы
Мамлекеттик органдар,менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар жана мекемелер терроризмге каршы аракеттенүүдө өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде террористтик актылардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюунун профилактикалык, режимдик, уюштуруучулук, тарбиялык жана башка чараларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого каршы аракеттердин алдын алуу чараларынын зарыл болгон ведомстволук даярдык тутумдарын түзүү жана кармоо, финансылык каражаттарды, маалыматтарды, транспорт жана байланыш каражаттарын берүү, медициналык жабдууларды, медикаменттерди жана медициналык тейлөөлөрдү, материалдык-техникалык камсыз кылууну көрсөтүү аркылуу катышышат.
(КР 2013-жылдын 27-декабрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүдө мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүүнүн милдеттүүлүгү
1. Кыргыз Республикасынын жарандары, өздөрүнүн жарандык милдетин аткаруу менен терроризмге каршы аракеттенүүгө көмөк көрсөтүшөт жана даярдалып жаткан же жасалган террористтик актылар жөнүндө өздөрүнө белгилүү болгон кабарларды терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга токтоосуз кабарлоого милдеттүү болушат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагындагы мамлекеттик органдар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, ишканалар жана уюмдар терроризм белгиси бар бардык окуялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматына же терроризмге каршы аракеттенүүнү жүргүзгөн башка мамлекеттик органдарга дароо маалымдоого милдеттүү.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынынменчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга аларга жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык көмөктөшүүгө жана зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө милдеттүү.
(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II
БӨЛҮМ
ТЕРРОРИЗМДИН АЛДЫН АЛУУ
3-глава
Терроризмге каршы
аракеттенүүнү маалыматтык-пропагандалык
жактан камсыз кылуу
11-статья. Терроризм идеологияларын таратууга каршы аракеттенүү
1. Терроризм идеологияларын таратууга укуктук жактан баа берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
Терроризм идеологияларын таратууга:
- улуттар аралык, конфессиялар аралык жана социалдык араздаштыкты козгоо;
- террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого чакыруулар;
- согушка, коомдук жана мамлекеттик ишмерлерди өлтүрүүгө, массалык тартипсиздикке жана кыйратууларга чакыруулар кирет.
2. Терроризм идеологияларын ачык жана жабык таратуу субъекттери, формалары жана тактикасы, анын ичинде маалымат чогултуу жана топтоо жүргүзүлүп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын террорго каршы борбору тарабынан иликтенет.
3. Компьютердик технологияны пайдалануу менен терроризм идеологияларын таратууну айкындоо жана бөгөт коюу терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.
4. Терроризм идеологияларын таратууну айкындоо жана бөгөт коюу боюнча иш чаралар тутумун иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Террорго каршы борбору тарабынан жүзөгө ашырылат.
12-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүгө көмөк көрсөтүү боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын милдеттери
1. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери террористтик актыларга жана террорго каршы ишке байланышкан окуяларды чагылдырууда адамдардын жашоого жана коопсуздукка карата укугу, маалымат алуу жана аны таратуу эркиндигине карата баштапкы укук экендигин эске алууга милдеттүү.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкери даярдалып жаткан террористик актылар жөнүндө маалымат алган учурда ал бул жөнүндө, терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга дароо кабарлоого милдеттүү.
3. Жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкеринин колунда, террористтик мүнөздөгү кылмыштар жөнүндө иштер боюнча сотко буюм далилдери катары кызмат өтөшү мүмкүн болгон, болбосо террористтик иштин алдын алуу, айкындоо жана бөгөт коюу үчүн пайдаланышы мүмкүн болгон маалыматтар же документ материалдар болсо, ал аларды терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга берүүгө милдеттүү.
13-статья. Жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу менен терроризмди алдын алуу чараларын жүзөгө ашыруу
1. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери өздөрү жетектеген органдарда даярдалган материалдар террористтик ишти актоого кызмат кылбашы, ага чакырбашы, анын чыгышына шылтоо болбошу, ошондой эле диний аралык, улуттар аралык, этностор аралык, расалык кастыкты пропагандалоону камтыбоосу үчүн чара көрүүгө милдеттүү.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары жалпыга маалымдоо каражаттарынын террористтик көрүнүштөрдү профилактикалоого, ошондой эле коомдо террорго каршы аң сезимди калыптандырууга катышуусун бардык чаралар менен колдоого алууга жана түрткү берүүгө милдеттүү.
3. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттер жалпыга маалымдоо каражаттарына ушул Мыйзамдын 2-статьясынын жоболору сакталган шартта терроризм актыларынын даярдалыш, жүзөгө ашырылыш жана аларга бөгөт коюлуш фактылары жөнүндө объективдүү маалымат берүүгө милдеттүү.
14-статья. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жоопкерчилиги
Терроризмге каршы аракеттенүүгө көмөк көрсөтүү жагындагы милдеттерин бузган жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери жана жетекчилери кылмыш-жазасына тартылууга жана жалпыга маалымдоо каражат органынын ишин токтотуу жөнүндө сот чечимин кабыл алууга чейинки колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
4-глава
Террористтик кол салуулар
мүмкүн болгон объекттерди коргоо
15-статья. Террористтик кол салуулар мүмкүн болгон объекттерди коргоо боюнча жалпы мамлекеттик иш-чаралар тутуму
1. Объекттерди мүмкүн болгон террористтик кол салуулардан коргоо (объекттерди террордон коргоо) максатында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү жалпы мамлекеттик иш-чаралар тутуму жүзөгө ашырылат, анын максаты террористик актыларга карата мындай объекттердин бекемдигин камсыз кылуу жана мамлекеттик органдардын, ишканалардын жана уюмдардын террористтик актылардын кесепеттерин жоюуга даярдыгын жогорулатуу болуп саналат.
2. Объекттерди террордон коргоо боюнча жалпы мамлекеттик иш-чаралар тутуму ченемдик укуктук, уюштуруучулук, инженердик-техникалык, аскердик, атайын, күзөттүк жана башка иш-чараларды камтыйт.
Объекттерди террордон коргоо боюнча жалпы мамлекеттик иш-чаралар тутуму жашыруун сакталууга тийиш.
3. Террористтик актынын коркунучу келип чыккандыгы жөнүндө жана аны жасоого каршы аракеттенүү боюнча ушул Мыйзамдын 4-статьясында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу ишти уюштуруу тууралуу калкка өз убагында маалымдоо максаттарында инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүүнү караган террористтик коркунучтун денгээлдери белгиленет. Террористтик коркунучтун денгээлдерин белгилөөнүн тартиби жана инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чаралардын мазмуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2013-жылдын 27-декабрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-статья. Террордон коргоого алынуучу, террористтик кол салуулар мүмкүн болгон объекттер
Террордон коргоого алынуучу, террористтик кол салуулар мүмкүн болгон объекттерге төмөндөгүлөр кирет:
- жеке адамдар;
- мамлекеттик жана өкмөттүк объекттер;
- ишканалар жана уюмдар, анын ичинде калк жана айлана чөйрө үчүн техногендик мүнөздөгү апааттардын булагы катары жогорку коркунуч туудурган ишканалар жана уюмдар;
- инфраструктура объекттери, анын ичинде коомдук транспорт тутуму жана башка коммуникациялык тутумдар;
- чегара зонасындагы (тилкесиндеги) жана чегарага танапташ чөлкөмдөрдөгү объекттер жана участоктор.
17-статья. Террористтик кол салуулар мүмкүн болгон объекттерди коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын иш милдеттери
улуттук коопсуздук органы Террорго каршы борбору террористтик кол салуулар мүмкүн болгон объекттерди коргоо чөйрөсүндө төмөнкүдөй иш милдеттерин аткарат:
- террористтик коркунучтардын өзгөчөлүгү жана мүнөзү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы террористтик кол салуулар мүмкүн болгон объекттер жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана анализдөөнү жүзөгө ашырат;
- объекттердин террордон корголушунун абалын талдайт жана объекттерди террордон коргоо жаатындагы талаптарды, ченемдерди жана эрежелерди жана аларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүүчү каржы-экономикалык механизмдери боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- объекттерди террордон коргоону өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана аталган тармактагы аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялайт;
- уюштуруучулук-укуктук формаларына жана менчигинин формасына карабастан ишканалардын жана уюмдардын террордон корголушунун абалына контролдукту жүзөгө ашырат жана алардын жетекчилеринен объекттерди террордон коргоо жагындагы белгиленген ченемдерди жана эрежелердин аткарылышын талап кылат.
(КР 2013-жылдын 27-декабрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-статья. Объекттерди мүмкүн болгон террористтик кол салуулардан коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын иш милдеттери
1. Мамлекеттик органдар объекттерди террордон коргоо боюнча иш милдеттерин терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген компетенциясына ылайык ишке ашырышат.
2. Терроризмге каршы күрөш чөйрөсүндө компетенция берилген мамлекеттик органдары террористтик кол салуулар мүмкүн болгон объекттерди террордон коргоонун деңгээлин жогорулатууга, террористтик коркунучтардын мүнөзү жана өзгөчөлүгү жөнүндө алардын жетекчилерине маалымдоо, практикалык машыгууларды жүргүзүү жана башка чараларды ишке ашыруу аркылуу көмөк берүүгө милдеттүү.
19-статья. Стратегиялык объекттердин жетекчилеринин жана менчик ээлеринин террорго каршы коргоо чөйрөсүндөгү милдеттери
1. Стратегиялык объекттердин жетекчилери жана менчик ээлери террордон коргонуу жагындагы ченемдик укуктук актыларды аткаруу үчүн иш-чараларды пландаштырууга жана ишке ашырууга милдеттүү.
2. Тийиштүү иш-чараларды ишке ашыруу максатында стратегиялык объекттердин жетекчилери жана менчик ээлери зарыл болгон каржылоону караштырууга милдеттүү.
3. Стратегиялык объекттердин жетекчилеринин жана менчик ээлеринин аталган милдеттерди бузуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке кириптер кылат.
4. Коркунучтуулугу жогору жана жашоо-турмушту камсыз кылуучу объекттердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 148 , 2013-жылдын 27-декабрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III
БӨЛҮМ
ТЕРРОРИЗМ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ
5-глава
Террористтик иштин алдын
алуу, айкындоо жана бөгөт коюу
20-статья. Террористтик иштин алдын алуу
1. Террористтик иштин алдын алуу терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттик органдар тарабынан саясий, социалдык-экономикалык, укуктук жана башка профилактикалык иш-чаралар комплексин жүргүзүү жолу менен ишке ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- террористтик ишке катышы бар юридикалык жактарды, алардын бөлүмдөрүн (филиалдарын) жана өкүлчүлүктөрүн (анын ичинде чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын) түзүүгө, каттоого (аккредитациялоого);
- терроризмди пропагандалоого байланышкан ишке;
- террористтик ишти жүзөгө ашыруу үчүн адамдарды үйрөтүүгө жана даярдоого;
- террористтик ишке катышкан же ага катышы бардыгы жагынан шек туудурган адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө, чыгып кетүүсүнө же транзит аркылуу өтүүсүнө;
- даярдалып жаткан же жасалган террористтик актылар жөнүндөгү маалыматтарды жана фактыларды жашырып-жабууга;
- террористтик иштин башка түрлөрүнө жана формаларына.
3. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан террористтик деп таанылган уюмдардын (юридикалык жактардын, алардын бөлүмдөрүнүн (филиалдарынын) жана өкүлчүлүктөрүнүн), алардын ичинде чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын бирдиктүү тизмесин жүргүзөт. Көрсөтүлгөн тизме мезгилдүү басылмаларга, ошондой эле мамлекеттик органдардын расмий сайттарында жыл сайын жарыялоого жатат.
4. Террористтик иш жөнүндө маалыматтарды топтоо, жалпылоо, талдоо жана болжолдоо, ошондой эле ага каршы аракеттенүү боюнча илимий жактан негизделген айрым иш чараларды иштеп чыгуу үчүн улуттук коопсуздук органы Террорго каршы борборунун базасында терроризмге каршы аракеттенүү проблемалары боюнча ведомстволор аралык маалыматтар банкы түзүлөт.
5. Террористтик актыларга шайкеш реакция кылуу жана каршы аракеттенүү, терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын ишин координациялоо жана оперативдүү өз ара аракеттенүүнү уюштуруу максатында, ошондой эле террористтик мүнөздөгү маалыматты кабыл алуу жана иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Террорго каршы борборунун түзүмүндө тийиштүү имарат жайы, техникалык каражат менен жабдылган жана туруктуу кызматкерлеринен турган республикалык "кырдаал борбору" түзүлөт.
Кырдаал борбору жашыруун объект болуп саналат, ошондуктан ага кирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматына террорго каршы иш боюнча бардык болгон материалдарды өткөрүп беришет.
(КР 2013-жылдын 29-майындагы № 83, 2017-жылдын 13-майындагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
21-статья. Террористтик ишти айкындоо
1. Террористтик ишти айкындоо үчүн Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдары өздөрүнүн карамагында болгон бардык күчтөрдү, каражаттарды, формаларды жана методдорду пайдаланышат.
2. Укук коргоо органдарына маалымат берилип, аны ишке ашырууда террористтик ишке катышкан адамдарды камакка алууга же соттоого, ошондой эле террористтик актыны болтурбоого же ага бөгөт коюуга алып келсе, көмөк көрсөткөн адамдар жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарбоого милдеттүү чара көрүү менен, берилген маалымат үчүн акчалай сыйакы төлөө уюштурулат.
Акчалай сыйакынын өлчөмү, төлөөнүн негизи жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
22-статья. Террористтик ишке бөгөт коюу
1. Террористтик ишке же айрым бир террористтик актыга бөгөт коюуга Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген атайын чаралар, террористтерди жок кылууга чейинки чаралар колдонулат.
2. Атайын чараларды колдонуу укугу өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу ушул Мыйзамда каралган мамлекеттик органдарга гана берилет.
6-глава
Террористтик ишти каржылоо
менен күрөшүү
23-статья. Террористтик ишти финансылоого каршы аракеттенүүгө багытталган чаралар
Террористтик ишти финансылоого каршы аракеттенүүгө багытталган чаралар террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрүлөт.
(КР 2018-жылдын 6-августундагы N 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-статья. Террористтик ишти каржылоо жөнүндө маалыматты текшерүү
Терроризмге каршы аракеттенүүнү ишке ашыруучу же өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде ушул ишке тартылган жана оперативдик-издеп табуу ишин жүзөгө ашыруу укугу берилген субъекттер жарандык таандуулугуна же менчигинин түрүнө карабастан конкреттүү жеке же юридикалык жактар террористтик ишти каржылоого катышы бар деген маалыматты алган учурда, түшкөн маалыматты текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ачык жана жабык зарыл маалыматтарды текшерүү боюнча иш-чаралардын бүткүл комплексин пайдалануу менен кечиктирбестен чара көрүүгө милдеттүү.
25-статья. Максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу
Максаттуу финансылык санкцияларды колдонуунун тартиби террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.
(КР 2018-жылдын 6-августундагы N 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26-статья. Террористтик ишти каржылагандык үчүн жоопкерчилик
1. Террористтик ишти каржылоого күнөөлүү жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жазык жоопкерчилигин тартышат.
2. Юридикалык жактар, ошондой эле катталган жана катталбаган, юридикалык жак болуп эсептелбеген, жок эле дегенде бир бөлүгү террористтик ишти каржылаган уюмдар соттун чечими боюнча жоюлууга тийиш, ал эми аларга таандык мүлк терроризмге каршы туруу жана террористтик актылардын кесепеттерин жоюу максатында Кыргыз Республикасынын кирешесине кириштелет. Мында жоюлган юридикалык жактардын же террористтик ишти каржылоого катышкан уюмдардын жетекчилери жана кызматчылары ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык жазык жоопкерчилигине тартылышат.
27-статья. Жеке же юридикалык жактардын террористтик ишине же анын ишине колдоо көрсөтүүгө пайдаланылуучу, болбосо террористтик иштин натыйжасында алынган мүлкүн конфискациялоо
1. Террористтик ишке же анын ишине колдоо көрсөтүүгө пайдаланылуучу, болбосо террористтик иштин натыйжасында алынган мүлк соттун чечими боюнча мажбурлоо жолу менен биротоло алып (конфискацияланууга) коюлууга жатат.
2. Конфискациялоо жол-жобосу Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик, жарандык-процесстик же административдик-процесстик мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Конфискациялоого:
- террористтик ишти жүзөгө ашыруунун натыйжасында алынган, ошондой эле ошол мүлктү пайдалануудан алынган киреше жана башка пайдалар;
- аны пайдалануу менен террористтик мүнөздөгү кылмыш жасалган же террористтик мүнөздөгү кылмышты жасагандык үчүн акы төлөө иретинде алынган;
- террористтик мүнөздөгү кылмышты жасоого тикелей же кыйыр түрдө көмөк көрсөтүү үчүн пайдаланылган;
- террористтердин же террористтик уюмдардын (топтордун) тикелей же кыйыр башкаруусунда же контролдугунда турган;
- террористтер, террористтик топ же террористтик уюм тарабынан чогулуш өткөрүү, пропаганда жүргүзүү, террористтик мүнөздөгү кылмыш жасалуучу каражаттарды сактоо боюнча имарат-жайда же башка жерде сакталып турган же алар тарабынан башка мыйзамсыз максаттар үчүн пайдаланылуучу мүлктөр кирет.
3. Ушул статьянын негизинде конфискацияланган мүлктү сатып өткөрүүнүн жана ушундай мүлктү сатып өткөрүүдөн түшкөн каражаттарды пайдалануунун, анын ичинде жабыр тарткандар учураган чыгымдын ордун толтуруунун тартиби, ошондой эле ушул максат үчүн ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-глава
Террорго каршы операцияны
жүргүзүү
28-статья. Террорго каршы операцияны жүргүзүүнүн шарттары
1. Террорго каршы операция, эгерде ага башка күчтөр же ыкма менен бөгөт коюу мүмкүн болбосо, террористтик актыны токтооту үчүн жүргүзүлөт.
2. Террористтик коркунучтун деңгээлдерин жана террорго каршы операциянын мыйзамдык режимин киргизүү жана жокко чыгаруу жөнүндө, ошондой эле террорго каршы операциянын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын Террорго каршы борборунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органынын жетекчиси же болбосо анын көрсөтүүсү боюча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органынын башка кызмат адамы кабыл алат.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жана зарыл болгондо – башка кызмат адамдарына террордук коркунучтун денгээли жана террорго каршы операциянын укуктук режими киргизилгендиги жөнүндө, ошондой эле анын чектеринде террорго каршы операция жүргүзүлүп жаткан аймак жөнүндө кабарлайт.
(КР 2013-жылдын 27-декабрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
29-статья. Террорго каршы операцияны жетектөө
1. Террорго каршы операцияны жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып террорго каршы операцияны айкалыштырып иштеген жетекчи террорго каршы операцияны башкаруу боюнча операциялык штабдын жетекчиси жана бир эле убакта террорго каршы операцияны жүргүзүүгө тартылган бардык аскер кызматчылары, кызматкерлери жана адистери үчүн начальник болот жана террорго каршы операцияны жүргүзүү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Террорго каршы операцияны жүргүзүү мезгилинде анын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин чечими боюнча гана алмаштырылышы мүмкүн.
2. Ээлеген кызмат ордуна карабастан башка кызмат адамынын террорго каршы операцияны оперативдүү жетектөөгө укук ченемсиз кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
3. Террорго каршы операцияны башкаруу боюнча оперативдүү штабдын жетекчисинин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- оперативдүү штабдын түзүмүн жана иш тартибин, ошондой эле оперативдүү штабдын курамына киргизилген кызмат адамдарынын милдеттерин жана функцияларын аныктоо;
- алардын чектеринде (аларга) террорго каршы операциянын укуктук режими киргизилген зоналардын (райондун) жана объекттердин чек араларын аныктоо жана чаралардын комплексин жана убактылуу чектөөлөрдү белгилөө;
- террорго каршы операцияны жүргүзүү үчүн тартылуучу күчтөрдүн курамын жана каражаттарды, ошондой эле башка адамдарды аныктоо жана аларды пайдалануу тууралуу чечим кабыл алуу, алардын ишин координациялоо жана эриш-аркак иштөөсүн уюштуруу;
- террористтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө адамдарга жол берүүнү жүзөгө ашыруу, алардын тактикасын жана жүрүм-турум багытын бекитүү;
- террорго каршы операцияны жүргүзүүнүн техникалык ыкмалары менен тактикасын жана ага катышкандардын курамын ачыкка чыгарууга жол бербөөчү формада жана көлөмдө террористтик актынын масштабдары, жүрүшү жана жыйынтыктары тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат берүүнүн тартибин, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомчулуктун өкүлдөрү менен байланыш түзүү боюнча оперативдүү штабдын жооптуу адамын аныктоо;
- террорго каршы операция жүргүзүү боюнча эсептөөлөрдү жана сунуштарды, террорго каршы операцияны жүргүзүү жөнүндө күжүрмөн тескемени (күжүрмөн буйрукту) даярдоо чечимин кабыл алуу жана оперативдүү штабга тескеме берүү;
- террорго каршы операциянын бүткөндүгүн жарыялоо тууралуу чечим кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Президентине же Премьер-министрине аны жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө отчет берүү;
- террорго каршы операцияны жетектөө боюнча башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу.
(КР 2013-жылдын 27-декабрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
30-статья. Террорго каршы операцияны башкаруу боюнча оперативдүү штаб
1. Террорго каршы операцияны башкаруу үчүн террорго каршы операциянын жетекчиси тарабынан оперативдүү штаб чакырылат.
2. Террористтик актынын коомдук коркунучунун масштабына жана даражасына, күтүлүүчү терс кесепеттерине жана мүнөзүнө жараша террорго каршы операцияны башкаруу үчүн анын жетекчиси тарабынан республикалык же болбосо аймактык оперативдүү штаб чакырылат.
3. Террорго каршы операцияны башкаруу боюнча республикалык жана аймактык оперативдүү штабдын ишинин тартиби, түзүмү жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү оперативдүү штаб жөнүндө жобо менен аныкталат.
(КР 2013-жылдын 27-декабрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
31-статья. Террорго каршы операцияны жүргүзүү учурунда пайдаланылуучу күчтөр жана каражаттар
1. Террорго каршы операцияны жүргүзүү үчүн, ушул Мыйзамдын 4-статьясына ылайык, терроризмге каршы аракеттенүүгө катышкан мамлекеттик органдардын зарыл күчтөрүн жана каражаттарын тартууга оперативдүү штабдын укугу бар.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары зарыл учурларда террорго каршы операцияны жүргүзүү үчүн каржылык жана материалдык-техникалык каражаттарды бөлүп берет.
3. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдергеылайык зарыл учурларда террористик актыга бөгөт коюу үчүн чет мамлекеттердин атайын дайындалган бөлүктөрү, ошондой эле абадан жана космостон байкоо жүргүзүүчү атайын техникалык каражаттары тартылышы мүмкүн.
4. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде же суу объектилериндеги террористик актынын коркунучун четтетүү максатында, ошондой эле ушундай террористик актыга бөгөт коюу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана шарттарда куралды жана аскердик техниканы колдонот.
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
32-статья. Террорго каршы операция жүргүзүлүүчү зонадагы укуктук режим
1. Террористик актыга бөгөт коюу жана анын бетин ачуу, анын кесепеттерин минималдаштыруу жана инсандын, коомдун, мамлекеттин маанилүү кызыкчылыктарын коргоо максатында террорго каршы операцияны башкарууда оперативдүү штабдын жетекчисинин чечими боюнча, аны өткөрүү зонасынын чегинде ошол операция өткөрүлө турган мезгил ичинде террорго каршы операциянын укуктук режими киргизилиши мүмкүн.
2. Террорго каршы операциянын укуктук режимин киргизүү жөнүндө чечим (алкагында ушундай режим киргизилип жаткан аймакты (объекттердин тизмегин) аныктоо жана колдонулуучу чаралар жана убактылуу чектөөлөрдүн тизмегин) жана террорго каршы операциянын укуктук режимин алып салуу жөнүндө чечим жалпыга маалымдоо каражаттарында дароо жарыяланууга тийиш.
3. Террорго каршы операциянын укуктук режими киргизилип жаткан аймактарда (объекттерде) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте террорго каршы операция өткөрүү мезгилинде төмөндөгүдөй чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү колдонууга жол берилет:
1) жарандар менен кызмат адамдарынын ким экендигин ырастоочу документтерин текшерүү, эгерде мындай документтери жок болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ким экендигин аныктоо үчүн көрсөтүлгөн адамдарды кармоо;
2) көчөлөрдө жана жолдордо транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө коюу же тыюу салуу, жердин жана объектилердин айрым участкаларында транспорт каражаттарын, анын ичинде дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жана жарандардын транспорт каражаттарын киргизбөө боюнча убактылуу чектөө коюу же тыюу салуу, болбосо ошол жердин жана объекттердин айрым участкаларынан жарандарды чыгаруу, ошондой эле транспорт каражаттарын сүйрөтүп чыгаруу;
3) коомдук тартипти, мамлекеттин кайтаруусундагы объекттерди жана калктын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу объекттерди жана транспортун иштөөсүн, ошондой эле өзгөчө материалдык, тарыхый, илимий, көркөм же маданий баалуулугу бар объекттерди коргоону күчөтүү;
4) телефон аркылуу сүйлөшүүлөргө жана телебайланыш тутумдарынын каналдары боюнча берилүүчү маалыматтын башка түрлөрүнө контролду киргизүү, ошондой эле террористик актыны жасоо жагдайлары жөнүндө, аны даярдаган жана жасаган адамдар жөнүндө маалыматты билүү жана башка террористик актыларды айкындоо максатында электр байланыш каналдарынан жана почта жөнөтүмдөрүнөн издөө ишин жүзөгө ашыруу;
5) кызмат муктаждыгы үчүн байланыш каражаттарын, анын ичинде атайын каражаттарды, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга таандык транспорт каражаттарын (чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук, дагы башка мекемелеринин транспорт каражаттарынан тышкаркы), ал эми шашылыш учурларда - эгерде кечиктирилиши адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна реалдуу коркунуч келтириши мүмкүн болсо, токтоосуз медициналык жардам берүүгө^ муктаж болгон адамдарды дарылоо мекемелерине жеткириш үчүн, ошондой эле террордук актыны жасоодо шектүү адамдардын изине түшүү учун жеке адамдарга таандык транспорт каражаттарын пайдалануу. Транспорт каражаттарын ушундайча пайдаланууга тиешелүү чыгымдардын ордун толтуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;
6) жарылгыч, радиоактивдүү, химиялык жана биологиялык коркунучтуу заттар пайдаланылган опурталдуу өндүрүштөр менен уюмдардын ишин токтото туруу;
7) юридикалык жана жеке жактарга байланыш кызматтарын көрсөтүүнү токтото туруу же байланыш тармактарын жана байланыш каражаттарын пайдаланууга чектөө коюу;
8) террорго каршы операциянын укуктук режими киргизилген аймактын чегинде жашаган жеке адамдарга милдеттүү түрдө туруктуу же убактылуу турак жайларды берип, коопсуз жерлерге убактылуу көчүрүү;
9) карантин киргизүү, санитардык - эпидемияга каршы, ветеринардык жана башка карантиндик иш-чараларын жүргүзүү;
10) эгерде кечиктирилиши адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна реалдуу коркунуч келтире турган болсо террорго каршы операцияны жүргүзүп жаткан адамдардын жеке адамдарга таандык үйүнө, турак жайына, жана башка имарат жайларына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын жер участкаларына, аймагына жана имарат-жайларына кирүү, ошондой эле террорго каршы күрөш боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырыш үчүн транспорт каражаттарын тоскоолдуксуз алуу;
11) террорго каршы операциянын укуктук режими киргизилген аймакка кирген жана көрсөтүлгөн аймактан чыгып бараткан учурда ээлеген кызмат ордуна карабастан жеке жана кызмат адамдарын жана алардын жанындагы буюм-заттарды текшерүү, ошондой эле алардын транспорт каражаттарын жана аларга жүктөлгөн буюм - заттарын текшерүү, ошонун ичинде техникалык каражаттарды колдонуу менен текшерүү;
12) курал, ок-дары, жарылгыч заттарды, атайын каражаттарды жана уулуу заттарды сатууга чек коюу же тыюу салуу, баңги заттар аралашмасы бар, психотроптук же катуу таасир этүүчү заттары бар дарылык каражаттарды жана препараттарды, этил спиртин, алкоголдук жана аралашмалуу спирт продукцияны жүгүртүүгө өзгөчө режим коюу;
13) укук бузган же бузуп жаткан же террорго каршы операцияны жүргүзүп жаткан адамдардын мыйзамдуу талаптарына каршылык көрсөтүүгө багытталган башка иш -аракетти жасаган, ошондой эле террорго каршы операция жүргүзүлүп жаткан зонага санкциясыз кирүү же кирүүгө аракет кылуу менен байланышкан иш-аракети үчүн адамдарды кармап, ички иштер органдарына жеткирүү.
3-1. Террорго каршы операцияны жүргүзүүчү адамдар террорго каршы операция жүргүзүлүүчү зонадагы террордук актыларды чектөө жана бөгөт коюу боюнча атайын операциялардын комплексин иштеп чыгышат.
4. Террорго каршы укуктук режим киргизилген аймактын (объекттердин) айрым участкаларында ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган иш-чаралардын бүтүндөй комплекси да, убактылуу чектөөлөр да, белгилениши (киргизилиши) мүмкүн.
5. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган шарттарды сактоо менен террорго каршы операцияны жүргүзүүчү адамдардын, ошол операция башталгандан аяктаганга чейинки иш-аракети зарыл коргонуу же ашкере зарылчылык абалында жасалган иш-аракет болуп саналат.
6. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн террорго каршы операция жүргүзүү зонасында болушуна оперативдүү штабдын жетекчисинин уруксаты менен гана жол берилет.
(КР 2013-жылдын 27-декабрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
33-статья. Террористтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү
1. Террорго каршы операция жүргүзүү учурунда адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, материалдык байлыкты сактоо, ошондой эле террористик актыга бөгөт коюу мүмкүнчүлүгүн иликтөө максатында террористтер менен сүйлөшүү жүргүзүүгө уруксат берилет.
Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө оперативдүү штабдын жетекчиси тарабынан ушул ишке атайын ыйгарым укук ыйгарылган адамга гана уруксат берилет.
2. Террористтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн учурда алардын террористик актыны токтотушуна шарт катары кандай гана адам болбосун аны террористтерге берүү, колдонулушу адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтириши мүмкүн болгон курал-жаракты, жана башка каражаттарды жана буюм-заттарды берүү жөнүндөгү маселелер, ошондой эле террористтердин саясий талаптарын аткаруу жөнүндөгү маселелер каралбашы керек.
3. Террористтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аларды жасаган жорук-жосуну үчүн жоопкерчиликтен бошотууга негиз же шарт боло албайт.
4. Барымтага алынгандарды бошотуу жана террористтердин ыктыярдуу түрдө бийликтерге колго түшүп бериши аларды жасалган жорук -жосун үчүн жоопкерчиликтен бошотууга негиз же шарт катары кызмат кылышы мүмкүн эмес, бирок жасалган кылмыш үчүн жазаны жеңилдетүүчү жагдай катары каралат.
5. Эгерде террорист (террористтер) менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө анын (алардын) террористик актыны токтотууга макул болбогондугунан улам сүйлөшүүлөр максатына жетпесе жана адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна реалдуу коркунуч дале болсо сакталып турса оперативдүү штабдын жетекчиси террористи (террористтерди) жок кылуу жөнүндө чечим кабыл алууга акысы бар.
34-статья. Террористик акт тууралу коомчулукка маалымдоо
1. Террорго каршы операция жүргүзүү учурунда террористик акт жөнүндө коомчулукка маалымат берүү террорго каршы операцияны жетектөө боюнча оперативдүү штабдын жетекчиси же ошол штабдын коомчулук менен байланышып туруучу жооптуу өкүлү тарабынан аныкталган формаларда жана көлөмдө жүзөгө ашырылат.
2. Төмөндөгүдөй маалыматты жайылтууга жол берилбейт:
- террорго каршы операцияны жүргүзүүдө атайын техникалык ыкмаларды жана тактиканы ачыкка чыгаруучу;
- террорго каршы операция жүргүзүүнү кыйындаткан жана террорго каршы операция жүргүзүлүүчү зонада калган же ошол зонанын чегинен тышкары жердеги адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү;
- терроризмдин пропагандалоого же актоого кызмат кылуучу;
- террорго каршы операция жүргүзүлүп жатканда аны башкаруу боюнча оперативдүү штабдын атайын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, анын мүчөлөрү жөнүндө, ошондой эле көрсөтүлгөн операцияны жүргүзүүгө көмөк көрсөткөн адамдар жөнүндө.
35-статья. Террорго каршы операциянын аякташы
1. Террористик актыга бөгөт коюлганда (токтотулганда) жана террорго каршы операция жүргүзүлгөн зонадагы адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна мүлкүнө жана башка мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарына коркунуч жоюлганда террорго каршы операция аяктады деп эсептелет.
2. Террорго каршы операцияны аяктады деп жарыялоо жөнүндө чечимди террорго каршы операцияны башкаруу боюнча оперативдүү штабдын жетекчиси чыгарат.
36-статья. Террористик актыга бөгөт коюу учурунда өлгөн террористтерди көмүү
Террористик актыга бөгөт коюу учурунда өлгөн террористтерди көмүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
Мында алардын сөөгү көмүү үчүн берилбейт жана кайсы жерге көмүлгөнү тууралу маалымат билдирилбейт.
IV
БӨЛҮМ
ТЕРРОРИЗМДИН КЕСЕПЕТТЕРИН МИНИМУМГА ТҮШҮРҮҮ
8-глава
Террористик актынын
кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана
террористик актынын
кесепетинен жабыр тарткан адамдарды
социалдык жактан
реабилитациялоо
37-статья. Террористтик актынын натыйжасында же террористтик ишке бөгөт коюуда келтирилген зыяндын ордун толтуруу
1. Мамлекет террористтик актынын натыйжасында зыян келтирилген жеке жана юридикалык жактарга компенсациялык төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырат.
Террористтик актынын натыйжасында келтирилген моралдык зыянды кошо алганда, зыяндын ордун толтуруу жарандык сот өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте террористтик актыны жасаган адамдын каражаттарынын жана мүлкүнүн эсебинен жүзөгө ашырылат. Мындан тышкары зыяндын ордун толтуруу анын жакын туугандары, туугандары жана башка адамдары акчаны, баалуулуктарды жана башка мүлктү террористтик иштин жыйынтыгында алды жана (же) мындай мүлктөн түшкөн киреше деп саноого жетиштүү негиздер болгондо алардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Террористтик актынын натыйжасында жарандардын өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талапка доонун эскириши жайылтылбайт. Террористтик актынын натыйжасында мүлккө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптар боюнча доонун эскирүү мөөнөтү көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартуу мөөнөтүнүн эскиришинин чегинде белгиленет.
2. Террористтик ишке бөгөт коюуда келтирилген зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
3. Террористтик ишке бөгөт коюуда террористтик иш менен алектенген адамдын ден соолугуна жана мүлкүнө укук ченемдүү иш-аракеттер менен келтирилген зыяндын, ошондой эле бул адамдын өлүмүнө алып келген зыяндын орду толтурулбайт.
(КР 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
371-статья. Укук ченемдүү зыян келтирүү
Террористтик ишке бөгөт коюуда, же болбосо терроризмге каршы күрөшүү боюнча башка иш-чараларды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында буйрук же уруксат берген иш-аракеттер менен террористтик иш жүргүзүп жаткан адамдын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө, же болбосо адамдын, коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголуучу башка кызыкчылыктарына зыян келтирүү укук ченемдүү болуп саналат.
(КР 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
38-статья. Террористик актынын кесепетинен жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан калыбына келтирүү
1. Террористик актынын кесепетинен жабыр тарткан адамдарды, ошондой эле ушул Мыйзамдын 39-статьясында саналган адамдарды социалдык жактан калыбына келтирүү, көрсөтүлгөн адамдарга нормалдуу турмуш-тиричилигин кайтарып берүү максатында республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт жана мындай жардам бекер укуктук жардам берүүнү, психологиялык, медициналык, кесиптик жагынан калыбына келтирүүнү, ишке орноштурууну жана зарыл учурларда ыңгайлуу турак жай жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган дагы башка жардам берүүнү өзүнө камтыйт.
2. Террористик актынын кесепетинен жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан калыбына келтирүүнү ишке ашыруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
(КР 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-глава
Терроризм менен күрөшүүгө
катышкан адамдарды укуктук жана
социалдык жактан коргоо
39-статья. Терроризм менен күрөшүүгө катышкан, укуктук жана социалдык жактан корголууга тийиш адамдар
Терроризм менен күрөшүүгө катышкан адамдар мамлекеттин коргоосунда турат.
Укуктук жана социалдык жактан төмөндөгүлөр корголууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын терроризм менен тикелей күрөшкө катышып жаткан (катышкан) мамлекеттик органдарынын аскер кызматчылары, кызматкерлер жана адистер (тизмеси терроризмге каршы аракеттенүүнү ишке ашыруучу мамлекеттик органдар менен макулдашылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет);
- туруктуу же убактылуу негизде мамлекеттик терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу органдарга жардам иретинде террористтик иштин алдын алууга, аны айкындоого, бөгөт коюуга жана кесепеттерин минималдаштырууга көмөк көрсөткөн адамдар;
- террористтик иштин алдын алууга, аны айкындоого жана бөгөт коюуга жардамы тийчү маалымат, террористтик иш жөнүндө жана башка ар кандай жагдайлар жөнүндө маалымат билдирген адамдар;
- эгерде саналып өткөн адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүн коргоону камсыз кылуунун зарылдыгы алардын терроризм менен күрөшкө катышуусунан улам болсо, ушул статьянын үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтарында саналып өткөн адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү.
40-статья. Иштеген жылдарды жеңилдик берүү менен эсептөө
1. Терроризм менен күрөштү тикелей жүзөгө ашырууда (ашырган) мамлекеттик органдардын бөлүмдөрүндө кызмат өтөп жаткан (өтөгөн) аскер кызматчыларына жана кызматкерлерге пенсияларды дайындоо үчүн иштеген жылдарына (эмгек стажына) төмөндөгүлөр кошулуп эсептелинет:
- бир күн кызмат өтөгөндүгү үчүн бир жарым күн;
- бийик тоолуу райондордо жана ага теңештирилген жерлерде бир күн кызмат өтөгөндүгү - эки күн үчүн;
- террорго каршы операция жүргүзүүгө катышкан учурда бир күн кызмат өтөгөндүгү - үч күн катары эсептелинет, ал эми кызмат акысына элүү пайыз өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
2. Террорго каршы операцияны жүргүзүүгө тартылган адистерге жана башка адамдарга пенсия дайындоо үчүн бир күн катышкандыгы иш стажына үч күн катары эсептелинет.
41-статья. Терроризм менен күрөшүүгө катышкан адамдарды коргоо
Терроризм менен күрөшүүнү жүзөгө ашырууга тикелей катышкан мамлекеттик органдардын бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн кызматкерлерге жана терроризм менен күрөшкө көмөк көрсөткөн адамдарга, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирилген учурда алардын өтүнүчү боюнча кебете-кепширин, фамилиясын, атын жана атасынын атын, ошондой эле ушул органдарды күтүүгө бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен иштеген жерин жана турган жерин өзгөртүү жүзөгө ашырылат.
42-статья. Терроризм менен күрөшүүгө катышкан адамдар тарткан зыяндын ордун толтуруу
1. Терроризм менен күрөш боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга катышкандыгына байланыштуу ушул Мыйзамдын 39-статьясында саналып өткөн адамдардын ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыян ушул Мыйзамдын 37-статьясында белгиленген тартипте калыбына келтирилет.
2. Терроризм менен күрөш боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу же террорго каршы операцияны жүргүзүү учурунда ага катышкан адам курман болсо, болбосо террорго каршы операцияны өткөрүү учурунда алган жаракаттан (жарадарлыктан, травмадан, контузиядан) курман болгондо (өлгөндө), ошол курман болгон (өлгөн) адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын кароосундагы адамдарга республикалык бюджеттен камсыздандырылган күнгө карата ээлеген кызмат орду жана аскердик наамы боюнча айлык акысынын 200 эселенген өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет, багуучусун жоготкондугуна байланыштуу пенсия дайындалат, ошондой эле эгерде өлгөн адамда туракжай алуу, туракжай-коммуналдык төлөмдөрү боюнча мурдатан ушундай жеңилдиктери бар болсо алар сакталууга тийиш.
3. Эгерде терроризм менен күрөш боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу же террорго каршы операцияны жүргүзүү учурунда катышкан адам жаракат (жарадар, травма, контузия) алганына байланыштуу майып болуп андан ары кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүгү болбой калса, ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсия дайындалып, республикалык бюджеттен төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет:
- I топтогу майыпка - ээлеген кызмат орду жана аскердик наамы боюнча 150 эселенген өлчөмүндөгү маяна;
- II топтогу майыпка - ээлеген кызмат орду жана аскердик наамы боюнча 100 эселенген өлчөмүндөгү маяна;
- III топтогу майыпка - ээлеген кызмат орду жана аскердик наамы боюнча 50 эселенген өлчөмүндөгү маяна.
4. Эгерде терроризм менен күрөш боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу же террорго каршы операцияны жүргүзүү учурунда катышкан адамдын алган жаракаты (жарадар, травма, контузия) майыптуулукка кириптер кылбаса, ал адамга республикалык бюджеттен төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет:
- оор жаракат (жарадар, травма, контузия) алса - ээлеген кызмат орду жана аскердик наамы боюнча 20 эселенген маяна өлчөмүндө;
- жеңил жаракат (жарадар, травма, контузия) алса - ээлеген кызмат орду жана аскердик наамы боюнча 10 эселенген маяна өлчөмүндө.
5. 39-статьянын үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтарында саналып өткөн өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилген адамдардын башка категорияларына ушул статьянын 2, 3 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленген өлчөмүнө барабар болгон бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.
6. Терроризм менен күрөш боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу же террорго каршы операцияны жүргүзүү учурунда катышкан адам мүлкүнөн ажырап калса же зыянга учураса, ал адам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте анын баасынын ордун толтуруп алууга укуктуу.
Терроризмге каршы күрөш боюнча иш-чараны жүзөгө ашырууга катышкан адамдын мүлкүнөн ажырап калуусу же зыянга учурашы, ошондой эле ден соолугуна жана өмүрүнө келтирилген зыян жогору турган тийиштүү орган тарабынан аныкталат.
7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бир жолку жөлөкпулдарды төлөп берүү үчүн бир нече негиздер бир эле учурда келип чыкса алуучунун тандап алуусу боюнча жөлөкпулду бир гана негиз боюнча төлөп берүү жүзөгө ашырылат.
8. Террористик актынын же террорго каршы операцияны өткөрүүнүн кесепетинен жапа чеккен адамдарга бир жолку жөлөкпулдарды жана башка төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
43-статья. Террористке зыян келтиргени үчүн жоопкерчиликтен бошотуу
Террорго каршы операцияны жүргүзүүдө, ошондой эле уюмдардын, топтордун жана айрым адамдардын террористтик жана экстремисттик ишине бөгөт коюу боюнча комплекстүү атайын иш-чараларды жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамда белгиленген негизде жана чектерде террористтин өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө, ошондой эле башка укук коргоочулук кызыкчылыктарына аргасыз зыян келтирүүгө жол берилет. Мында терроризмге каршы күрөш боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга катышкан аскер кызматчылары, адистер жана башка адамдар террорго каршы операцияны жүргүзүүдө келтирген зыяны же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык террористти жок кылуу жөнүндө чечим кабыл алгандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
(КР 2013-жылдын 27-декабрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-глава
Террористик ишке
катышкандыгы үчүн жоопкерчилик
44-статья. Террористтик ишке катышкандыгы үчүн адамдардын жоопкерчилиги
1. Террористтик ишке күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жазык жоопкерчилигине тартылышат.
2. Ырастоочу жана уруксат берүү мүнөзүндөгү документтерди ыйгаруу жолу менен легалдаштырууга көмөк көрсөткөн, ошондой эле террористтик уюмдардын (топтордун) мүчөлөрүнө тикелей же кыйыр түрдөгү ар кандай жардам көрсөткөн адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.
3. Террористик актыны даярдоого катышкан адам, эгерде мамлекеттик органдарды өз убагында эскертүү же дагы башка жолдор менен террористик актыны четтетүүгө жардам берсе жана анын иш-аракетинде эгерде башка кылмыштын курамы болбосо жазык жоопкерчилигинен бошотулат.
45-статья. Террористтик ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн уюмдардын жоопкерчилиги
1. Уюм соттун чечиминин негизинде террористтик деп таанылат жана жоюлууга тийиш.
Сот тарабынан чет өлкөлүк же эл аралык уюмду (анын бөлүмүнүн, филиалын, өкүлчүлүгүн) террористтик деп таанууга чет мамлекет тарабынан эл аралык келишимдин негизинде же эриш -аркак шарттарында уюмдун террористтик ишке катышы бар экендигин ырастаган материалдар болсо негиз болот.
2. Сот тарабынан чет өлкөлүк же эл аралык уюм (анын бөлүмү, филиалы, өкүлчүлүгү) террористтик деп таанылган учурда мындай уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишине тыюу салынат, ал эми анын бөлүмү, филиалдары, өкүлчүлүктөрү жоюлат, көрсөтүлгөн уюмдарга таандык, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан мүлкү конфискацияланып жана соттун чечими боюнча мамлекеттин кирешесине айландырылат.
Террористтик уюмдун тикелей же кыйыр башкаруусунда турган мүлк менен бирге, ошондой эле анын кызыкчылыгы үчүн башкарылуучу жана пайдаланылуучу башка мүлк дагы конфискацияланууга тийиш.
3. Террористтик иши үчүн уюмду жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү арыз Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан сотко жөнөтүлөт.
46-статья. Террористтик иштер жөнүндөгү жазык жана жарандык иштери боюнча сот жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү
Террористтик мүнөздөгү кылмыштар жөнүндө иштер, ошондой эле террористтик актынын же террорго каршы операциянын кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү иштер соттун чечими боюнча, сот жүргүзүүнүн бардык эрежелерин сактоо менен жабык сот жыйналышында каралат.
V
БӨЛҮМ
КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР
11-глава
Терроризмге каршы
аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик
органдарынын бөлүмдөрүн материалдык-техникалык
жактан камсыз
кылуу
47-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын бөлүмдөрүн материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын бөлүмдөрүн (анын тизмеси терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар менен макулдашылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет) материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
12-глава
Терроризмге каршы
аракеттенүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын
эл аралык
кызматташуусу
48-статья. Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташтыктын укуктук негизи
Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташтыктын укуктук негизин Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары түзөт.
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
49-статья. Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташуунун негизги принциптери
Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташуу төмөндөгүдөй принциптерге негизделет:
- терроризмдин өтө коркунучтуу формаларын жеңип чыгуу үчүн дүйнө мамлекеттеринин аракетин бириктирүү зарылдыгын аңдап билүү;
- эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларын жана принциптерин, инсандын укуктарын жана негизги эркиндиктерин сактоо;
- башка мамлекеттердин улуттук кызыкчылыктарына сый мамиле жасоо, алардын ички иштерине кийлигишпөө принцибин сактоо.
50-статья. Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташуунун максаттары жана милдеттери
1. Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташуунун максаттары болуп төмөндөгүлөр саналат:
- инсанды, коомду жана мамлекетти, жалпы эле дүйнөлүк коомдоштукту террористтик коркунучтардан коргоо;
- террористтик коркунучтардын таркалыш себептерин, ошондой эле террористтик ишти жүзөгө ашырууга түрткү берген шарттарды айкындоо жана четтетүү;
- бир же бир нече мамлекетке карата жасалып жаткан террористтик иштин алдын алуу, айкындоо, бөгөт коюу жана жасалган террористтик актылардын кесепеттерин минималдаштыруу.
2. Саналган максаттарга жетүү эл аралык ченемдик укуктук актылар менен аныкталуучу өз ара байланышкан милдеттердин комплексин чечүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
51-статья. Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташуунун формалары
1. Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташуусунун негизги формалары болуп төмөндөгүлөр саналат:
- маалымат алышуу;
- террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого пайдаланылуучу же ошол иштерге арналган ар кандай каражаттарды айкындоо, бир калыпта кармап туруу же камакка алуу жагынан кызматташуу, ошондой эле ушундай кылмыштарды жасоодон улам алынган мүлктү конфискациялоо;
- террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасаган же негиздүү шек саналган адамдарды өткөрүп берүү;
- террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон адамдарды жазасын өтөшү үчүн өткөрүп берүү, биргелешип тергөөнү жүргүзүүнү ишке ашыруу, жазык сот жүргүзүү үчүн өткөрүп берүү;
- өз ара укуктук, оперативдүү, методикалык, техникалык, дагы башка жардамды көрсөтүү;
- биргелешкен оперативдүү, тергөө жана башка иш-чараларды өткөрүү;
- кылмыш куугунтуктоосун ишке ашыруу үчүн кылмыш ишинин материалдарын өткөрүп берүү;
- оперативдүү жана башка иш-чараларды өткөрүү жөнүндө суроо-талаптарды аткаруу;
- кадрларды даярдоо;
- аскер иши жагынан кызматташуу;
- терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
- террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого түрткү берген себептерди жана шарттарды жоюу жана четтетүү боюнча биргелешип иш жүргүзүү;
- терроризмге каршы турууну маалыматтык-пропагандалык жагынан камсыз кылууда макулдашылган саясатты жана өз ара аракетти иштеп чыгуу.
2. Терроризмге каршы ишти жүзөгө ашырган субъекттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздерде жана шарттарда террористтик актылардын жасалышын болтурбоо максатында, башка мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын компетенттүү органдары менен өз ара иштешүү үчүн зарыл чараларды көрөт, анын ичинде:
- башка мамлекеттерди алдын ала эскертүү, анын ичинде маалымат алмашуу жардамы менен;
- оперативдүү маалымат, айрыкча террористтердин, террористтик топтордун же террористтик уюмдардын иш-аракеттери же бир жерден экинчи жерге ооп бараткандыгы; жасалма даярдалган же бурмаланган жол жүрүү документтери, курал-жарак, жарылма заттар же кош багытта колдонулуучу материалдарды сатуу жөнүндө, террористтер, террористтик топтор жана террористтик уюмдар тарабынан коммуникациялык технологиялардын колдонулушу, террористтик топтор жана террористтик уюмдар жапырт кыргын салчу куралдарга ээ болушу коркунуч келтирери жөнүндө маалымат алмашуу;
- террористтик актылардын жасалышын болтурбоо максатында административдик жана сот маселелеринде кызматташуу жана маалымат алмашуу.
52-статья. Террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасаган же жасалышына шектүү адамдарды өткөрүп берүү маселелеринде эл аралык кызматташуу
1. Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайыкэл аралык милдеттенмелерди аткарууну көздөп жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасаган же жасалышына шектүү адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө башка мамлекеттердин суроо-талаптарын карайт жана чечет.
2. Инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыктарын жетекчиликке алып, терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары өзүнүн аймагында, анын ичинде террористтик мүнөздөгү кылмыштар Кыргыз Республикасынан тышкаркы жактарда пландалса, болбосо өткөрүлсө, бирок Кыргыз Республикасына зыян келтирип жатса, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган жана башка учурларда террористтик ишке катышы бар адамдарды куугунтукка алат.
3. Террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасаган же жасады деп шек саналган, Кыргыз Республикасында туруктуу жашабаган четөлкө жаранын же жарандыгы жок адамды башка мамлекетке өткөрүп берүүдөн баш тартылган учурда, мындай адам Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган негиздерде жана тартипте жаза жоопкерчилигине тартылууга жатат.
4. Террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасаган же жасады деп шек саналган адамга качкын деген статусту берүү, аны башка мамлекетке өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүчтү четке кагыш үчүн негиз болуп эсептелбейт.
5. Качкын статусун бергенге чейин, Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары башпаанек издеп жүргөн адамдар террористтик мүнөздөгү кылмышты пландабаганына, ага көмөк көрсөтпөгөнүнө жана анын жасалышына катышпаганына ынаныш максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эл аралык укуктун тиешелүү жоболоруна ылайык керектүү чараларды көрүүнү камсыз кылат.
6. Террористтик ишти жасоого катышып жүрөт (катышкан) же анын жүзөгө ашырылышына көмөк көрсөтүүдө (көмөк көрсөткөн) деген шектенүүгө негиз бар болсо, мындай адамга башпаанек жана качкын статусу берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-глава
Терроризмге каршы
аракеттенүүнү жүзөгө ашыруунун мыйзамдуулугуна
контроль жана көзөмөл
кылуу
53-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу боюнча контроль
Кыргыз Республикасында терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу боюнча контроль кылууну Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеши жана Өкмөтү жүзөгө ашырат.
54-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу боюнча көзөмөл
1. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу учурунда мыйзамдардын аткарылышы боюнча көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ага баш ийген прокурорлор жүзөгө ашырат.
2. Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы өзүнүн компетенциясынын чегинде террористтик иштин алдын алуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык тергөө жүргүзөт, террористтик ишке байланышкан кылмыш иштерин териштирүү боюнча көзөмөлдү ишке ашырат, ушундай иштер боюнча соттордо мамлекет койгон күнөөгө колдоо көрсөтөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка чараларды көрөт.
14-глава
Корутунду
жоболор
55-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
56-статья. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын күчүн жоготкондугун таануу
"Терроризмге каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 107-ст.) жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 184-ст.) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын.
57-статья. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуш даярдасын жана киргизсин;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамды жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |