Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

           КР 2010-жылдын 27-июнундагы Мыйзамына ылайык
                        КҮЧҮН ЖОГОТТУ

                                            Кыргыз Республикасынын

                                          он экинчи шайланган Жогорку

                                        Кењешинин он экинчи сессиясында

                                             1993-жылдын 5-майында

                                                кабыл алынган,

                                            Кыргыз Республикасынын

                                      2007-жылдын 23-октябрындагы № 157

                                           "Кыргыз Республикасынын

                                             Конституциясынын жањы

                                        редакциясы жөнүндө" Мыйзамында

                                                  баяндалган

 

                      КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ

 

     БИРИНЧИ ГЛАВА.   КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН НЕГИЗДЕРИ

     ЭКИНЧИ ГЛАВА.    АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН ЭРКИНДИКТЕРИ ЖАНА УКУКТАРЫ

     Биринчи бөлүм.   Адамдын эркиндиктери жана укуктары

     Экинчи бөлүм.    Жарандык. Жарандын укуктары жана милдеттери

     ҮЧҮНЧҮ ГЛАВА.    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

     Биринчи бөлүм.   Президентти шайлоо

     Экинчи бөлүм.    Президенттин ыйгарым укуктары

     ТӨРТҮНЧҮ ГЛАВА.  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИ

     Биринчи бөлүм.   Жогорку Кењеш

     Экинчи бөлүм.    Жогорку Кењештин ыйгарым укуктары

     Үчүнчү бөлүм.    Мыйзам чыгаруу иши

     БЕШИНЧИ ГЛАВА.   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТКАРУУ БИЙЛИГИ

     Биринчи бөлүм.   Өкмөт

     Экинчи бөлүм.    Жергиликтүү мамлекеттик администрация

     АЛТЫНЧЫ ГЛАВА.   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИГИНИН

                      БОРБОРДУК ОРГАНДАРЫ

     Биринчи бөлүм.   Прокуратура

     Экинчи бөлүм.    Улуттук банк

     Үчүнчү бөлүм.    Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук

                      комиссия

     Төртүнчү бөлүм.  Эсептөө палатасы

     80-берене.

     Бешинчи бөлүм.   Акыйкатчы (Омбудсмен)

     ЖЕТИНЧИ ГЛАВА.   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОТ БИЙЛИГИ

     СЕГИЗИНЧИ ГЛАВА. ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУ

     ТОГУЗУНЧУ ГЛАВА. КОНСТИТУЦИЯНЫ, КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАЊЫ РЕДАКЦИЯСЫН,

                      ОШОНДОЙ ЭЛЕ УШУЛ КОНСТИТУЦИЯГА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА

                      ТОЛУКТООЛОР КИРГИЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМДЫ КАБЫЛ АЛУУ

                      ТАРТИБИ

 

     Биз, Кыргызстандын эли,

     кыргыз элинин  мамлекеттүүлүгүнүн  кайра жаралышын жана өркүндөшүн

кубаттап;

     кыргыздардын биримдиги өлкөбүздүн туруктуулугунун жана Кыргызстан-

дын бүткүл элинин ынтымагынын пайдубалы экенин түшүнүп;

     ата-бабаларыбыздын биримдикте,   тынчтыкта  жана  ынтымакта  жашоо

жөнүндө айткан осуятын туу тутуп, ушул Конституцияны кабыл алабыз.

    

                             БИРИНЧИ ГЛАВА

                  КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН НЕГИЗДЕРИ

    

     1-берене.

 

     1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - эгемендүү, унитардык, демок-

ратиялык, укуктук, лайык, социалдык мамлекет.

     2. Кыргыз Республикасынын эгемендиги чектелбейт жана анын бүтүндөй

аймагын камтыйт.

     3. Кыргызстандын эли - эгемендиктин ээси жана  Кыргыз  Республика-

сындагы мамлекеттик бийликтин жалгыз бир булагы.

     4. Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын жана  мыйзам-

дардын  негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда,  ошондой

эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу  орган-

дарынын тутуму аркылуу жүргүзөт.

     Эл шайлаган Президент жана Жогорку Кењеш Кыргызстандын элинин аты-

нан чыгууга укуктуу.

     5. Мыйзамдар  жана  мамлекеттик  маанидеги башка олуттуу маселелер

референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) коюлушу мүмкүн.  Референдумду

өткөрүүнүн тартиби конституциялык мыйзам менен белгиленет.

     6. Кыргыз  Республикасынын жарандары Президентти, Жогорку Кењештин

депутаттарын, жергиликтүү кењештердин депутаттарын шайлашат.

     Шайлоо эркин  болуп  саналат жана жашыруун жалпы добуш берүү менен

тењ жана тике шайлоо укугунун негизинде өткөрүлөт. Кыргыз Республикасы-

нын 18 жашка толгон жарандары шайлоого укуктуу.

    

     2-берене.

 

     1. Мамлекет  жана  анын  органдары  коомдун кандайдыр-бир бөлүгүнө

эмес, бүткүл коомго кызмат кылат.

     2. Мамлекетте элдин кандайдыр бир бөлүгү, кандайдыр-бир бирикмеси,

же жеке адам бийликти ээлеп алууга укуксуз.

     3. Мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу орган-

дары жана алардын кызмат адамдары ушул Конституцияда  жана  мыйзамдарда

аныкталган ыйгарым укуктардын чегинен чыга албайт.

    

     3-берене.

 

     1. Кыргыз Республикасынын азыркы чегара алкагындагы бүт аймагы кол

тийгис жана бөлүнгүс.

     2. Мамлекеттик  башкарууну  жана  жергиликтүү өзалдынча башкарууну

уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагы мыйзам менен  аныкта-

луучу администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүнөт.

     Бишкек жана Ош шаарлары республикалык маанидеги шаарлар болуп  са-

налат жана алардын статусу мыйзам менен аныкталат.

    

     4-берене.

 

     1. Кыргыз Республикасында менчиктин жеке,  мамлекеттик, муниципал-

дык жана башка түрлөрү таанылат жана корголот.

     Кыргыз Республикасы  менчиктин ар кандай түрлөрүн жана алардын тењ

укукта корголушун кепилдикке алат.

     2. Менчик  колтийгис.  Эч ким өз мүлкүнөн жөндөн-жөн ажыратылбайт,

менчик ээсинин эркинен тышкары аны алып коюуга соттун чечими менен гана

жол берилет.

     3. Мыйзамда каралган өзгөчө  учурларда  мамлекеттин  муктаждыктары

үчүн мүлк анын ордун алдын ала жана ага тете толтуруу жүргүзүлгөн шарт-

та гана ажыратылышы мүмкүн.

     4. Кыргыз Республикасы өз жарандарынын жана юридикалык  жактарынын

мүлккө болгон менчик укугун, ошондой эле башка мамлекеттердин аймагында

турган алардын жана өз менчигин коргойт.

     5. Жер,  анын кен байлыктары,  аба мейкиндиги, суулары, токойлору,

өсүмдүктөр  жана жаныбарлар дүйнөсү,  башка жаратылыш ресурстары Кыргыз

Республикасынын менчиги  болуп  саналат,  алар Кыргызстандын элинин жа-

шоо-тиричилигинин жана  иш  аракетинин  негизи катары пайдаланылат жана

мамлекет тарабынан өзгөчө кайтарылууда турат.

     Жер жана башка жаратылыш ресурстары да менчиктин жеке,  муниципал-

дык жана башка түрлөрүндө болушу мүмкүн.

     Жер жана жаратылыш ресурстарынын ээлеринин өз укуктарын ишке  ашы-

руунун жана  аларды коргоо кепилдигинин чектери жана тартиби мыйзам ме-

нен аныкталат.

    

     5-берене.

 

     1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили кыргыз тили болуп сана-

лат.

     2. Кыргыз  Республикасында  расмий тил катары орус тили пайдаланы-

лат.

     3. Кыргыз Республикасы Кыргызстандын элин түзгөн бардык улуттардын

өкүлдөрүнө эне  тилин сактоо, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды

түзүү укугуна кепилдик берет.

     4. Мамлекеттик же расмий тилди билбегендиги үчүн жарандардын укук-

тары менен эркиндиктерин чектөөгө жол берилбейт.

    

     6-берене.

 

     1. Кыргыз  Республикасы  мамлекеттик символдорго - Тууга,  Гербге,

Гимнге ээ.  Алардын сыпаттамасы жана расмий пайдалануу  тартиби  мыйзам

менен белгиленет.

     2. Кыргыз Республикасынын борбору - Бишкек шаары.

     3. Кыргыз Республикасынын акча бирдиги - сом.

    

     7-берене.

 

     Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик:

     бүткүл эл  тарабынан шайланган мамлекет башчысы - Кыргыз Республи-

касынын Президенти  өкүл  болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үс-

төмдүгүнүн;

     мамлекеттик бийликти  мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактарына

бөлүштүрүүнүн, алардын макулдашып иштешинин жана эриш-аркак аракеттени-

шинин;

     мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу орган-

дарынын эл  алдындагы  жоопкерчилигинин жана элдин таламдарында алардын

өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусунун;

     мамлекеттик бийлик  органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башка-

руу органдарынын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын  так  бөлүштүрүүнүн

принциптерине негизденет.

    

     8-берене.

 

     1. Кыргыз  Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү ка-

тары таанылышы мүмкүн эмес.

     2. Кыргыз Республикасында саясий көп түрдүүлүк таанылат.

     3. Кыргыз Республикасында саясий партиялар, кесиптик бирликтер жа-

на башка коомдук бирикмелер түзүлүшү мүмкүн, мамлекет алардын укуктары-

нын жана мыйзамдуу таламдарынын сакталышын камсыз кылат.

     4. Саясий  партиялар  мамлекеттик  иштерге ушул Конституцияда жана

мыйзамдарда каралган формаларда гана катыша алат.

     5. Кыргыз Республикасында:

     мамлекеттик жана партиялык институттарды бириктирүүгө, ошондой эле

мамлекет  иштерин  партиялык  программаларга  жана  чечимдерге  баш ий-

дирүүгө;

     мамлекеттик мекемелерде  жана  уюмдарда партиялык уюмдарды түзүүгө

жана алардын иштешине; эгерде мындай иштер кызматтык ишинен башка учур-

ларда жүргүзүлсө,  мамлекеттик кызматкерлердин партиялык иштерди жүргү-

зүүсүнө;

     аскер кызматкерлеринин, укук коргоо органдарынын жана сот органда-

рынын партияларга мүчө болушуна, алардын кайсы бир саясий партияны кол-

доп чыгышына;

     диний негиздеги саясий партияларды түзүүгө, диний уюмдардын саясий

максаттарды жана милдеттерди көздөшүнө;

     диний уюмдардын жана дин кызматындагылардын мамлекеттик  органдар-

дын ишине кийлигишүүсүнө;

     саясий максаттарды көздөгөн чет өлкөлүк саясий партиялардын, коом-

дук жана диний уюмдардын, алардын өкүлчүлүктөрү менен филиалдарынын иш-

тешине жол берилбейт.

    

     9-берене.

 

     1. Кыргыз Республикасы экспансия, басып алуучулук максаттарды жана

аскердик күч менен чечилүүчү аймактык дооматтарды көздөбөйт,  мамлекет-

тик турмушту милитаризациялаштырууну,  мамлекетти жана анын ишин  согуш

жүргүзүү  максатына  баш ийдирүүнү четке кагат.  Кыргызстандын Куралдуу

Күчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоно алуу принциптерине ылайык

куралат.

     2. Кыргызстанга жана  биргелешип  коргонуу  милдеттенмелери  менен

байланышкан  башка мамлекеттерге түздөн-түз кол салынган учурларды кош-

погондо согуш жүргүзүү укугу таанылбайт.  Кыргыз Республикасынын Курал-

дуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргызстандын аймагынан сыртка жиберүүнүн  ар

бир учуруна Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн

экисинен ашыгынын добушу менен кабыл алынган чечими боюнча уруксат  бе-

рилет.

     3. Мамлекеттин ички саясий маселелерин чечүү үчүн Кыргыз Республи-

касынын Куралдуу Күчтөрүн пайдаланууга тыюу салынат.

     4. Кыргыз  Республикасы  жалпыга  бирдей жана адилет тынчтыкка, өз

ара пайдалуу  кызматташууга,  дүйнөлүк  жана  жергиликтүү проблемаларды

тынчтык жолу менен чечүүгө умтулат.

    

     10-берене.

 

     Кыргыз Республикасында өзгөчө абал жана аскер абалы ушул Конститу-

цияда жана конституциялык мыйзамда  каралган  учурларда  жана  тартипте

киргизилиши мүмкүн.

 

     11-берене.

 

     1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети мамлекеттин  чыгаша-

ларын  жана кирешелерин камтыган республикалык жана жергиликтүү бюджет-

терден турат.

     2. Республикалык  жана  жергиликтүү  бюджеттерди  түзүүнүн,  кабыл

алуунун жана  аткаруунун  тартиби, ошондой эле аларды аткаруунун аудити

мыйзам менен аныкталат. Республикалык бюджет жыл сайын мыйзам менен ка-

был алынат.

     3. Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү салык тутуму иштейт.

Салыктарды белгилөө укугу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине таан-

дык. Жањы  салыктарды белгилөөчү жана салык төлөөчүлөрдүн абалын начар-

латуучу мыйзамдар өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

    

     12-берене.

 

     1. Кыргыз  Республикасынын  Конституциясы  эњ  жогорку  юридикалык

күчкө ээ жана Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат.

     2. Конституциянын  негизинде  конституциялык мыйзамдар,  мыйзамдар

жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат.

     3. Кыргыз  Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белги-

ленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдер  жана  макулдашуулар,

ошондой  эле эларалык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченем-

дери Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун  ажыралгыс  бөлүгү  болуп

саналат.

    

                             ЭКИНЧИ ГЛАВА

           АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН ЭРКИНДИКТЕРИ ЖАНА УКУКТАРЫ

    

                             Биринчи бөлүм

                  Адамдын эркиндиктери жана укуктары

    

     13-берене.

 

     1. Адамдын негизги эркиндиктери жана укуктары ар бир адамга төрөл-

гөндөн баштап таандык. Адам эркиндиктери жана укуктары ар дайым күчүндө

болот. Алар  талашсыз, ажыратылгыс чындык катары таанылат, мыйзам чыга-

руу, аткаруу бийликтеринин, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын

иштеринин маанисин жана мазмунун аныктайт, мыйзам жана сот аркылуу кор-

голот.

     2. Кыргыз  Республикасында адамдын инсандыгы жана кадыр-баркы ыйык

жана колтийгис.

     3. Кыргыз  Республикасында  бардык адамдар мыйзам жана сот алдында

бирдей. Эч  ким  теги, жынысы, расасы, улуту, тили, туткан дини, саясий

жана диний ынанымдары үчүн же жеке жана коомдук мүнөздөгү кандайдыр-бир

башка жагдайлар  боюнча басмырланып, эркиндиги жана укугу кысымга алын-

байт.

     4. Кыргыз  Республикасында  эркектер менен аялдар бирдей эркиндик-

терге жана укуктарга, ошондой эле аларды жүзөгө ашырууда бирдей мүмкүн-

чүлүктөргө ээ.

    

     14-берене.

 

     1. Кыргыз  Республикасында  ар бир адам ажырагыс жашоо укугуна ээ.

Эч кимдин өмүрү кыйылышы мүмкүн эмес.

     2. Ар  бир адам өз өмүрүн жана ден соолугун, башка адамдардын өмү-

рүн жана ден соолугун мыйзамга жат аракеттерден коргоого укуктуу.

     3. Турак-жай колтийгис. Эч ким турак-жайга анда жашаган адамдардын

эркине каршы кире албайт.

     Тинтүү жана  башка процесстик аракеттерге адамга мындай аракеттер-

дин мыйзамдуулугуна сот тартибинде даттануу укугун берүү менен мыйзамда

белгиленген тартипте гана жол берилет.

     Ар бир адам төмөндөгүлөргө укуктуу:

     Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде ары-бери жүрүү эркиндиги-

не, бара турган жана жашай турган жерин тандап алууга;

     өз мүлкүнө, өзүнүн интеллектуалдык, чыгармачылык ишинин натыйжала-

рына ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө;

     экономикалык эркиндикке,  мыйзам  менен  тыюу салынбаган ар кандай

экономикалык иш  үчүн өзүнүн жөндөм-шыгын жана өз мүлкүн эркин пайдала-

нууга;

     эмгек эркиндигине,  эмгекке болгон өзүнүн жөндөм-шыгын пайдалануу-

га, кесипти  жана  иштин  түрүн  тандап алууга, ошондой эле эмгеги үчүн

сыйакы алуу жана социалдык жактан корголуу укугуна;

     мамлекеттик бийлик  органдарындагы, жергиликтүү өзалдынча башкаруу

органдарындагы, мекемелердеги жана уюмдардагы өзү жөнүндөгү мамлекеттик

сыр болуп эсептелбеген маалыматтар же мыйзам менен корголуучу башка жа-

шыруун билдирмелер менен таанышууга;

     мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-

гандарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга;

     кызмат милдеттерин аткарган учурда мамлекеттик органдардын, жерги-

ликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат  адамдарынын

мыйзамсыз  иш-аракети менен келтирилген зыяндын ордун мамлекеттин төлөп

беришине;

     өзү жана  үйбүлө мүчөлөрү жөнүндө жалган маалыматтарды төгүнгө чы-

гаруу жана аларды алып салуу талабы менен сотко кайрылууга, ошондой эле

жалган маалыматты  жыйноо, сактоо жана жайылтуу менен келтирилген мате-

риалдык жана моралдык зыянды төлөтүп алууга;

     кат алышуунун,  телефондук  сүйлөшүүлөрдүн, телеграфтык жана башка

кабарлашуулардын купуялуулугуна;

     маалыматты эркин жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана аны оозеки,

жазуу жүзүндө же башка жол менен жайылтууга;

     өзүнүн жеке  турмушунун  колтийбестигине,  ар-намысынын  жана  ка-

дыр-баркынын урматталынышына жана корголушуна;

     өзүнүн кайсы улутка таандык экендигин эркин аныктоого.

     4. Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адам жөнүндө  анын  ма-

кулдугусуз  жашыруун маалыматты жыйноого,  сактоого,  пайдаланууга жана

жайылтууга жол берилбейт.

     5. Ар  бир адамга дин тутуу жана атеисттик ынанымда болуу эркинди-

гине кепилдик берилет.

     6. Ар бир адам ой жүгүртүү, сөз жана басмасөз эркиндигине, ошондой

эле ошол  ойлору менен ынанымдарын тоскоолдуксуз билдирүүгө укуктуу. Эч

ким өзүнүн  ой-пикирин  жана  ынанымын  билдирүүгө  мажбурланышы мүмкүн

эмес.

    

     15-берене.

 

     1. Эч ким соттун чечими болмоюнча кармалып  же  убактылуу  камакка

алынбайт,   ал  мыйзамда  белгиленген  негиздерде  жана  тартипте  гана

жүргүзүлөт.

    2. Ар  бир  кармалган адам кармалган учурдан тартып 48 саат өткөнгө

чейин анын кармалышынын мыйзамдуу экендиги жөнүндө маселени чечүү  үчүн

сотко алып келинүүгө тийиш.

     3. Кармалган ар бири адамга кармоонун кармоонун жүйөлөрү тез арада

билдирилүүгө,  анын укуктары түшүндүрүлүүгө жана кармалган учурдан тар-

тып өзүн-өзү коргоого жана  адвокаттын  укуктук  жардамынан  пайдалануу

мүмкүнчүлүгү берилүүгө тийиш.

     4. Ар  бир  адамга  анын эркиндигин жана укуктарын соттук коргоого

кепилдик берилет.

     Эл алдында  же  башка  жол  менен ар кандай күнөө коюлганда ар бир

адам өзүнүн ар-намысын,  кадыр-баркын, ишкердик беделин жана өз укукта-

рын сотто коргоого укуктуу.  Кандай гана жагдайларда  болбосун,  мындай

соттук коргоодон баш тартууга жол берилбейт.

     5. Жазык  иши  боюнча айыпталуучу өзүнүн күнөөлүү эместигин далил-

дөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлүү экендиги далилденбеген шектенүүлөр айып-

талуучунун пайдасына чечмеленет.

     Эч ким  өзүнө,  өзүнүн жубайына жана жакын туугандарына каршы күбө

өтүүгө милдеттүү эмес, алардын чөйрөсү мыйзам менен аныкталат. Көрсөтмө

берүү милдетинен  бошотуунун башка да учурлары мыйзам менен белгилениши

мүмкүн.

     Жазык жана  администрациялык иштер боюнча күнөөнү далилдөө түйшүгү

айыптоочуга жүктөлөт.

     Мыйзамды бузуу  менен алынган далилдер таанылбайт жана сот өндүрү-

шүндө пайдаланылбайт.

     6. Мыйзамда  каралган учурларда ар бир адам сот арачыларынын каты-

шуусу менен ишти сотто каратууга укуктуу.

     7. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен күнөөсү таанылмайын-

ча ар бир адам кылмыш жасагандыгына күнөөлүү деп эсептелинбейт.

     8. Соттун  өкүмү чыкканга чейинки кылмыш үчүн адамдын жоопкерчили-

гине жүктөлгөн  бардык аракеттерге жол берилбейт жана сот аркылуу мате-

риалдык жана  моралдык жапа чеккендигинин ордун толтуруу үчүн негиз бо-

луп саналат.

     9. Эч ким өзүнүн кылмыш жасагандыгын мойнуна алгандыгынын негизин-

де гана соттолушу мүмкүн эмес.

     10. Жазыктык  кылмыш үчүн соттолгон ар бир адам мыйзамда белгилен-

ген тартипте өкүмдүн жогору турган сот баскычтарында кайра  каралышына,

ошондой эле ырайым кылууну же жазаны жењилдетүүнү өтүнүүгө укуктуу.

     11. Бир эле укук бузгандык үчүн эч ким эки жолу  юридикалык  жооп-

керчиликке тартылууга тийиш эмес.

     12. Жазык мыйзамын окшоштук боюнча колдонулбайт.

     13. Адамдын  жоопкерчилигин  аныктаган  же  оордоткон мыйзам өткөн

мезгилге карата колдонулбайт. Жасалган учурда укук бузуу катары тааныл-

баган аракеттер үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылууга тийиш эмес. Эгер-

де укук бузуу жасалгандан кийин ал үчүн жоопкерчилик жокко чыгарылса же

жењилдетилсе, жањы мыйзам колдонулат.

     14. Кылмыштан жана бийликти кыянат пайдалануудан  жабыркагандардын

укуктары мыйзам менен корголот. Мамлекет алардын сот адилеттигинен пай-

далануусун жана келтирилген зыяндын же чыгашанын ордун толтуруп алуусун

камсыз кылат.

     15. Ар бир адам эларалык сотторго кайрылууга укуктуу.

    

     16-берене.

 

     1. Кыргыз Республикасында адам эркиндиктери менен укуктарына кара-

ма-каршы келбеген  элдик  үрп-адаттар, каада-салттар мамлекет тарабынан

колдоого алынат.

     2. Үйбүлө коомдун башаты;  үйбүлө, ата болуу, эне болуу, балалык -

бүткүл коомдун камкордугуна алынат жана мыйзам менен артыкчылыктуу кор-

голот; балдарга камкордук көрүү, аларды тарбиялоо - ата-энелердин таби-

гый укугу жана жарандык милдети.  Эрезеге жеткен эмгекке жөндөмдүү бал-

дар ата-энесине камкордук көрүүгө милдеттүү.

     3. Мамлекет жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан  ажыра-

ган балдарды багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылат.

     4. Улууларды урматтоо, бир туугандарына жана жакындарына камкордук

көрүү - Кыргызстан элдеринин ыйык милдети.

    

     17-берене.

 

     1. Ушул Конституция менен белгиленген эркиндиктер жана укуктар то-

лук деп эсептелбейт жана алар адамдын жалпыга таанылган башка эркиндик-

тери менен укуктарын тануу же кемсинтүү катары чечмеленбөөгө тийиш.

     2. Ар  бир  адам  Конституцияны  жана  мыйзамдарды сактоого, башка

адамдардын эркиндиктери  менен  укуктарын, ар-намысын жана кадыр-баркын

урматтоого милдеттүү.

     3. Өз  эркиндиктери  менен  укуктарын  жүзөгө ашырып жаткан ар бир

адам башкалардын эркиндиктери менен укуктарын чектөөгө тийиш эмес.

    

     18-берене.

 

     1. Кыргыз  Республикасында  адамдын  эркиндиктери  менен укуктарын

жокко чыгаруучу мыйзамдар чыгарылууга тийиш эмес.

     2. Башка адамдардын эркиндиктери менен укуктарын, коомдук коопсуз-

дукту жана  тартипти,  аймактык бүтүндүктү камсыз кылуу, конституциялык

түзүлүштү коргоо  максатында  гана  адам эркиндиктери менен укуктарынын

чектелишине Конституция жана мыйзамдар менен жол берилет. Мындай учурда

конституциялык эркиндик  менен  укуктун  маани-мањызына доо кетирилбеши

керек.

    

     19-берене.

 

     1. Инсандын  дене-боюнун  жана  моралдык  колтийбестигине тиешелүү

чектөөлөргө жасалган кылмыш үчүн жаза катарында мыйзамдын негизинде чы-

гарылган соттун  өкүмү  боюнча  гана жол берилет. Бир да адам кыйноого,

зордоого же адамгерчиликке сыйбаган мазактоочу жазалоолорго дуушар бол-

боого тийиш.

     2. Талапка ылайык жол менен тастыкталган жана ырасталган ыктыярдуу

макулдугу болмоюнча  адамдарга  медициналык, биологиялык, психологиялык

тажрыйба жүргүзүүгө тыюу салынат.

     3. Кыргыз  Республикасы  саясий жүйөлөр боюнча куугунтукталган чет

өлкөлүк жарандарга  жана жарандыгы жок адамдарга мыйзам менен белгилен-

ген тартипте башкалкалоо укугун бере алат.

    

                             Экинчи бөлүм

              Жарандык. Жарандын укуктары жана милдеттери

    

     20-берене.

 

     1. Адамдын Кыргыз Республикасына таандык экендиги жана анын стату-

су жарандыгы аркылуу аныкталат.

     2. Кыргыз Республикасынын жараны өзүнүн жарандуулугуна байланыштуу

укуктарга ээ жана милдеттерди мойнуна алат.

     3. Кыргыз  Республикасынын  бир да жараны өзүнүн жарандыгынан жана

өзүнүн жарандуулугун  өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес. Кыргыз

Республикасынын жараны болуп эсептелген адамдардын Кыргыз Республикасы-

нын мыйзамдарына  жана эларалык макулдашууларына ылайык башка мамлекет-

тин жарандыгына таандык экендиги таанылат.

     4. Кыргыз  Республикасынын чегинен тышкары жашаган кыргыздар башка

мамлекеттин жараны  болгондугуна карабастан жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте

Кыргыз Республикасынын  жарандыгын кабыл алууга укуктуу. Кыргыз Респуб-

ликасынын жарандыгын  берүүнүн  тартиби жана шарттары мыйзамда белгиле-

нет.

     5. Кыргыз Республикасынын жараны республиканын чегинен тышкары чы-

гарылып салынышы же башка мамлекетке берилиши мүмкүн эмес.

     6. Кыргыз Республикасы өзүнүн чегинен тышкары жактарда өз жаранда-

рынын корголушуна жана калкаланышына кепилдик берет.

    

     21-берене.

 

     1. Кыргыз Республикасынын жарандары биригүү эркиндигине укуктуу.

     2. Жарандардын бирикмелерине аскерлешкен түзүлүштөрдү түзүүгө тыюу

салынат.

     3. Кыргыз Республикасынын жарандары, алардын бирикмелери ушул Кон-

ституция жана  Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынгандан

жана чектөө коюлгандан башка бардык аракеттерди жана иштерди жүргүзүүгө

укуктуу.

     4. Жарандардын  эркиндиктерин жана укуктарын коргоо, бул жагындагы

укук бузууларды  болтурбоо  жана  бузулган  укуктарды калыбына келтирүү

мамлекеттин, анын бардык органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башка-

руу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын милдети.

     5. Кыргыз  Республикасы  өзүнүн жарандарынын ушул Конституция жана

мыйзамдар менен белгиленген бардык эркиндиктерин жана укуктарын сот ар-

кылуу корголушуна кепилдик берет.

     6. Жарандардын  укуктары  жана милдеттери жөнүндө мыйзамдар бардык

жарандарга бирдей  колдонулууга жана ушул Конституцияда жана жарандарды

социалдык жактан коргоо боюнча мыйзамдарда каралган учурларды кошпогон-

до, алардын бирине да эч кандай артыкчылыктарды жана жењилдиктерди бер-

бөөгө тийиш.

    

     22-берене.

 

     Ар бир  адам  мыйзамда каралган тартипте жана учурларда салыктарды

жана жыйымдарды төлөөгө милдеттүү.

    

     23-берене.

 

     1. Кыргыз Республикасынын жарандары:

     мыйзамдар менен республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдер-

ди талкуулоого жана аларды кабыл алууга катышууга;

     мамлекеттик бийлик  органдарын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу

органдарын шайлоого жана аларга шайланууга,  ошондой эле конституциялык

мыйзамда каралган тартипте референдумга катышууга укуктуу.

     2. Кыргыз  Республикасынын  жарандары мамлекеттик органдардын жана

жергиликтүү өзалдынча  башкаруу органдарынын иштеринин маселелери, дагы

башка маанилүү  маселелер  боюнча кыргыздардын тарыхый ыйык салты болуп

саналган элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Элдик курултайдын чечи-

ми сунуш катары тиешелүү органдарга жиберилет.

     3. Кыргыз  Республикасынын жарандары мамлекеттик жана муниципалдык

кызматка кирүүдө бирдей укуктарга ээ болот. Мамлекеттик жана муниципал-

дык кызматтарга кирүүнүн тартиби мыйзам менен белгиленет.

    

     24-берене.

 

     1. Ата  Мекенди  коргоо - Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыйык

парзы жана милдети.

     2. Жарандарды аскер кызматын өтөөдөн бошотуунун же аны альтернати-

валуу кызмат менен алмаштыруунун негиздери жана  тартиби  мыйзам  менен

белгиленет.

    

     25-берене.

 

     Кыргыз Республикасынын  жарандары мамлекеттик бийлик органдарын же

жергиликтүү өзалдынча  башкаруу органдарын алдын ала кабарлоо шарты ме-

нен саясий чогулуштарды, митингдерди, жүрүштөрдү, демонстрацияларды жа-

на пикеттерди  тынч жана куралсыз өткөрүү укугуна ээ. Аларды өткөрүүнүн

тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат.

    

     26-берене.

 

     Кыргыз Республикасынын  жараны Кыргыз Республикасынын чегинен тыш-

кары жактарга эркин чыгуу жана тоскоолдуксуз кайтып келүү укугуна ээ.

    

     27-берене.

 

     1. Кыргыз  Республикасынын  жарандарына улгайганда, ооруп калганда

жана эмгекке жарамдуулугун жоготкондо, багып-көрөөрүнөн ажыраганда мый-

замда каралган  тартипте  жана  учурларда социалдык жактан камсыз кылуу

кепилденет.

     2. Коомдун  экономикалык  мүмкүнчүлүгүнө  жараша пенсия, социалдык

жардам мыйзамда  аныкталган  тиричилик каражатынын эњ төмөнкү өлчөмүнөн

кем эмес турмуш дењгээлин камсыз кылууга тийиш.

     3. Ыктыярдуу  социалдык камсыздандыруу, камкордуктун кошумча башка

социалдык түрлөрүн түзүү жана кайрымдуулук колдоого алынат.

    

     28-берене.

 

     1. Кыргыз Республикасынын жарандары эмгектенүү эркиндигине,  эмге-

гине өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүн  пайдаланууга,  кесипти жана иштин түрлө-

рүн тандап алууга, эмгекти коргоо жана коопсуздук жана гигиена талапта-

рына жооп берген эмгек шартына укуктуу, ошондой эле эмгеги үчүн акы тө-

лөө жана мыйзамда белгиленген эњ төмөнкү турмуш  дењгээлинен  кем  эмес

социалдык коргоо укугуна ээ болушат.

     2. Мамлекет  жарандарды  кесиптик  чеберчиликке даярдоого жана аны

жогорулатууга кам  көрөт,  эмгекке  болгон  укугун чыњдоо жана бекемдөө

максатын көздөгөн эларалык уюмдарга көмөк көрсөтөт.

     3. Согуш маалын, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу учурларын,

эпидемия же  башка өзгөчө кырдаалдарды, ошондой эле соттун өкүмү боюнча

жаза өтөөдөн  башка  учурларды кошпогондо, балдардын эмгегинен пайдала-

нууга, ошондой эле эрезеге адамдарды эмгекке  мажбурлап  тартууга  тыюу

салынат.

    

     29-берене.

 

     Кыргыз Республикасынын  жарандары  республикалык  жана жергиликтүү

бюджеттерди түзүүгө  катышууга, ошондой эле бюджеттен иш жүзүндө чыгым-

далган каражаттар  жөнүндө кабардар болууга укуктуу. Алардын катышуусу-

нун тартиби мыйзам менен аныкталат.

    

     30-берене.

 

     Кыргыз Республикасынын жарандары иш таштоого укуктуу.

     Иш таштоону өткөрүү тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат.

    

     31-берене.

 

     1. Кыргыз Республикасынын жарандары эс алууга укуктуу.

     2. Иштин  эњ узак убактысы, эс алуунун ар жумалык эњ кыска мөөнөтү

жана жыл  сайын  акы  төлөнүүчү  өргүү, ошондой эле эс алуу укугун ишке

ашыруунун дагы башка негизги шарттары мыйзам менен аныкталат.

    

     32-берене.

 

     1. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны билим алууга укуктуу.

     2. Жалпы  негизги  билим  - милдеттүү жана акысыз, аны ар бир адам

мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларынан алууга укуктуу.

     3. Мамлекет  ар бир жаранды мектепке чейинки билим берүү мекемеле-

ринен тартып негизги билим берүүгө чейин  мамлекеттик  тилди  жана  эки

эларалык чет тилди окутуп, үйрөтүүгө шарттарды түзөт.

     4. Ар  бир  жаран акысыз, ошондой эле акы төлөп билим алууга укук-

туу.

    

     33-берене.

 

     Кыргыз Республикасынын  жарандары  турак-жайга  укуктуу.  Бул укук

мамлекеттик, муниципалдык  жана жеке турак-жай фондунун өнүгүшү, жаран-

дарга мыйзамдарда  белгиленген шарттарда жана тартипте турак-жай алууга

көмөк көрсөтүү менен камсыз кылынат.

    

     34-берене.

 

     1. Кыргыз Республикасынын жарандары ден соолугунун коргоого алыны-

шына укуктуу.

     2. Алгачкы медициналык жардам жана мыйзамда аныкталган ооруулардын

айрым түрлөрү  боюнча медициналык жардам, ошондой эле калктын социалдык

жактан аялуу  катмарларына медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт; аны ар

бир адам мамлекеттик жана жеке медициналык мекемелерден алууга укуктуу.

     Медициналык жардам алуу тартиби мыйзам менен жөнгө салынат.

    

     35-берене.

 

     Кыргыз Республикасынын жарандары жашоосу жана ден соолугу үчүн жа-

гымдуу айлана-чөйрөдөн  пайдаланууга жана жаратылышты пайдалануу чөйрө-

сүндөгү аракеттерден  улам саламаттыгына же мүлкүнө келтирилген зыяндын

ордун толтуртуп алууга укуктуу.

    

     36-берене.

 

     1. Маданият,  көркөмөнөр, адабият, илим жана жалпыга маалымдоо ка-

ражаттары - эркин.

     2. Мамлекет  тарыхый  эстеликтерди  коргойт,  адабият, көркөмөнөр,

илим, жалпыга  маалымдоо каражаттарынын жана спорттун өнүгүшү үчүн кам-

кордук кылат жана зарыл шарттарды түзөт.

     3. Жарандар  маданий  дөөлөттөрдөн  пайдаланууга,  көркөмөнөр жана

илим жаатында иштөөгө укуктуу.

    

     37-берене.

 

     Мамлекеттин социалдык иштери жарандын экономикалык эркиндиги менен

жигерин, өзүнүн  жана үйбүлөсүнүн экономикалык жыргалчылыгына өзү жети-

шүү мүмкүнчүлүгүн  мамлекеттин  камкордугу  менен  алмаштырылышына алып

келбөөгө тийиш.

    

     38-берене.

 

     Жарандык укук мамилелеринен келип чыгуучу талаш-тартыштарды соттон

тышкары чечүү  үчүн  Кыргыз Республикасынын жарандары бейтарап сотторду

уюштурууга укуктуу.

     Бейтарап сотторду түзүү тартиби, алардын ыйгарым укуктары жана иш-

теши мыйзам менен аныкталат.

    

     39-берене.

 

     Кыргыз Республикасында  жарандар  аксакалдар  сотторун  уюштурууга

укуктуу.

     Аксакалдар сотторун уюштуруу тартиби, алардын ыйгарым укуктары жа-

на иштеши мыйзам менен аныкталат.

    

     40-берене.

 

     1. Ар  бир  адам квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу.

Мыйзамда каралган учурларда юридикалык жардам мамлекеттин эсебинен көр-

сөтүлөт.

     2. Адвокаттардын  өзүн-өзү  башкаруучу кесиптик коомдоштугу катары

адвокатураны уюштуруу  жана анын иши, ошондой эле адвокаттардын укукта-

ры, милдеттери жана жоопкерчилиги мыйзамда аныкталат.

    

     41-берене.

 

     Адамдын жана жарандын эркиндиктерине, укуктарына жана милдеттерине

тиешелүү мыйзамдардын, дагы башка ченемдик укук актыларынын жарыяланышы

аларды колдонуунун милдеттүү шарты болуп саналат.

    

                             ҮЧҮНЧҮ ГЛАВА

                   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

    

     42-берене.

 

     1. Президент мамлекеттин башчысы, Кыргыз Республикасынын эњ жогор-

ку кызмат адамы болуп саналат.

     2. Президент  - элдин биримдигинин жана мамлекеттик бийликтин сим-

волу, Конституциянын,  адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндикте-

ринин кепили болуп саналат.

     3. Президент мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыт-

тарын аныктайт, өлкөнүн ичинде жана эларалык мамилелерде Кыргыз Респуб-

ликасынын атынан иш жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жа-

на аймактык  бүтүндүгүн коргоо боюнча чара көрөт, мамлекеттик бийликтин

биримдигин жана ырааттуулугун, мамлекеттик органдардын макулдашып иште-

шин жана  өзара шайкеш аракеттенишин, алардын эл алдындагы жоопкерчили-

гин камсыз кылат.

    

                             Биринчи бөлүм

                          Президентти шайлоо

    

     43-берене.

 

     1. Президент беш жылга шайланат.

     2. Бир  эле  адам катары менен эки жолудан ашык мөөнөткө Президент

болуп шайлана албайт.

    

     44-берене.

 

     1. Президент болуп 35 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан ашпаган, мам-

лекеттик тилди  билген  жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес

жашаган Кыргыз  Республикасынын жараны шайлана алат. Кылмыш жасагандыгы

үчүн соттолгон,  анысы  жоюлбаган же мыйзамда белгиленген тартипте алып

салынбаган жаран Президент болуп шайлана албайт.

     2. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. Пре-

зиденттикке талапкер  болуп кеминде 50 мињ шайлоочунун колтамгасын топ-

тогон адам каттала алат.

     Президентти шайлоо тартиби мыйзам менен аныкталат.

    

     45-берене.

 

     1. Президент кызматына киришип жатып, Кыргызстандын элине төмөнкү-

дөй ант берет:

     "Мен, ...,  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришип

жатып, Конституцияны  жана мыйзамдарды ыйык тутууга жана сактоого; кыр-

гыз мамлекетинин эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын коргоого; Кыр-

гыз Республикасынын  бардык  жарандарынын эркиндиги менен укуктарын ур-

маттоого жана камсыз кылууга; бүткүл эл ишенип мага жүктөгөн Президент-

тин бийик милдетин арнамыстуулук менен талыкпастан аткарууга өз элимдин

жана Ата журтумдун алдында ант берем.".

     2. Президенттик  мандат  ант  берген учурдан тартып иштей баштайт.

Президенттин ыйгарым  укуктары жањы шайланган Президент кызматка кириш-

кен мезгилден тартып токтотулат.

     3. Президент өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде Президент-

ке жањы  шайлоо  башталганга чейин саясий партиялардагы жана уюмдардагы

өз ишин токтото турат.

    

                             Экинчи бөлүм

                     Президенттин ыйгарым укуктары

    

     46-берене.

 

     1. Президент:

     1) ушул  Конституцияда  аныкталган тартипте Премьер-министрди жана

Өкмөт мүчөлөрүн дайындайт;

     2) Премьер-министрдин,  Өкмөттүн же анын айрым мүчөсүнүн кызматтан

кетүү жөнүндө  өтүнүчүн кабыл алат; Премьер-министрдин же Өкмөттүн кыз-

маттан кетүү жөнүндө чечимин кабыла алат;

     3) өзүнүн  демилгеси менен же Премьер-министрдин сунушу боюнча Өк-

мөт мүчөсүн бошотот;

     4) Премьер-министрдин сунушу боюнча администрациялык ведомстволор-

дун, башка  аткаруу  бийлик органдарынын жетекчилерин дайындайт; өз де-

милгеси боюнча же Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу бо-

юнча администрациялык  ведомстволордун, башка аткаруу бийлик органдары-

нын жетекчилерин кызматтан бошотууга укуктуу;

     5) Премьер-министр менен кењешкенден кийин жергиликтүү мамлекеттик

администрациялардын башчыларын дайындайт; аларды кызматтан бошотот;

     6) Мамлекеттик катчыны дайындайт, анын статусун жана ыйгарым укук-

тарын аныктайт;  өзүнүн ишин камсыз кылуучу Президенттин Администрация-

сын түзөт;

     7) Коопсуздук кењешин жана башка координациялоочу органдарды түзөт

жана башчылык кылат;

     8) өзүнө баш ийген Мамлекеттик күзөт кызматын жана Улуттук гварди-

яны түзөт;

     9) Президентке тикелей баш ийген жана отчет берген мамлекеттик ор-

гандарды түзөт,  жоет  жана кайра уюштурат, алардын жетекчилерин кызмат

ордуна дайындайт жана кызматтан бошотот;

     10) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга эмгек акы төлөөнүн

шарттарын аныктайт.

     2. Президент:

     1) Конституциялык соттун судьяларын кызмат орундарына шайлоо  үчүн

талапкерлерди Жогорку Кењешке сунуш кылат;

     2) Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кењештин сунушу боюнча Жо-

горку соттун судьяларын кызмат орундарына шайлоо үчүн талапкерлерди Жо-

горку Кењешке сунуш киргизет;

     3) Сот  адилеттиги  иштери  боюнча  улуттук кењештин сунушу боюнча

жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт жана бошотот;

     4) Жогорку  Кењештин  макулдугу  менен Башкы прокурорду дайындайт,

Башкы прокурордун сунушу боюнча Башкы прокурордун орунбасарларын дайын-

дайт; аларды кызматтан бошотот;

     5) Улуттук банктын төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкер-

ди Жогорку  Кењешке киргизет; Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча

Улуттук банктын төрагасынын орунбасарларын жана башкармасынын мүчөлөрүн

дайындайт; аларды кызматтан бошотот;

     6) Жогорку Кењештин макулдугу менен Шайлоо жана референдум өткөрүү

боюнча борбордук  комиссиянын төрагасын дайындайт; Шайлоо жана референ-

дум өткөрүү  боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүнүн курамынын жарымын

дайындайт; аларды кызматтан бошотот;

     7) Эсептөө  палатасынын  төрагасын  жана  аудиторлорун шайлоо жана

кызматтан бошотуу боюнча Жогорку Кењешке сунуш киргизет;

     3. Президент:

     1) Кыргыз Республикасынын тышкы саясатына жетекчиликти жүзөгө ашы-

рат;

     2) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын эларалык ке-

лишимдерине кол коет;

     3) ратификациялоо грамоталарына кол коет;

     4) Жогорку Кењештин тийиштүү комитети менен кењешкенден кийин Кыр-

гыз Республикасынын чет мамлекеттердеги жана эларалык уюмдардагы дипло-

матиялык өкүлдөрүн дайындайт; аларды кайра чакыртып алат; чет мамлекет-

тердин дипломатиялык  өкүлчүлүктөрүнүн  башчыларынын жана эларалык уюм-

дардын өкүлдөрүнүн  ишеним  жана  кайра чакырып алуу грамоталарын кабыл

алат;

     5) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан

чыгаруу, саясий башбаанек берүү маселелерин чечет.

     4. Президент:

     1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлайт;

     2) Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгарат;

     3) жогорку  аскердик  наамдарды, дипломатиялык рангдарды, класстык

чендерди жана башка атайын наамдарды ыйгарат;

     4) ырайым кылат.

     5. Президент:

     1) Жогорку Кењешке мыйзам долбоорлорун киргизет;

     2) мыйзамдарга  кол  коет жана аларды элге жарыялайт; өзүнүн каршы

пикирлери менен аларды Жогорку Кењешке кайтарып берет;

     3) өлкөдөгү  иштердин  абалы жөнүндөгү ар жылдык билдирүүлөр менен

Кыргызстандын элине  кайрылат,  алар Жогорку Кењештин жыйналышында оку-

лат.

     4) өкмөттүн  жана башка аткаруу бийлик органдарынын ченемдик-укук-

тук актыларынын колдонулушун токтото турууга укуктуу.

     6. Президент:

     1) Жогорку Кењештин жыйналышын мөөнөтүнөн мурда чакырууга жана ка-

рала турган маселелерди аныктоого укуктуу;

     2) өз демилгеси менен референдум дайындайт; кеминде 300 мињ шайло-

очунун,  Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн де-

милгеси боюнча референдум дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;

     3) Ушул  Конституцияда каралган учурларда Жогорку Кењешке шайлоону

дайындайт;

     4) жергиликтүү  кењештерге  шайлоону дайындайт;  мыйзамда каралган

учурларда жергиликтүү кењештерди таркатат.

     7. Президент  конституциялык  мыйзамда  каралган  негиздер  болгон

учурда өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми за-

рыл  болгон учурда аны айрым жерлерде алдын-ала жарыялабай туруп кирги-

зет, бул жөнүндө Жогорку Кењешке токтоосуз билдирет.

     8. Президент  жалпы  же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт;

Кыргыз Республикасына  баскынчылык жасалганда же түздөн-түз баскынчылык

коркунучу туулганда  согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз

Жогорку Кењештин  кароосуна  киргизет;  өлкөнүн  жана анын жарандарынын

коопсуздугун коргоо  таламдарында аскер абалын жарыялайт жана бул масе-

лени Жогорку Кењештин кароосуна токтоосуз киргизет.

     9. Президент Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол-

башчысы болуп  саналат,  Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жо-

горку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана бошотот.

     10. Президент  коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер

маселелерин тейлеген  мамлекеттик  органдардын ыйгарым укуктарын жүзөгө

ашырууну камсыз  кылат,  Премьер-министрдин  сунушу боюнча алар жөнүндө

жобону бекитет;  алардын жетекчилерин жана жетекчилердин орунбасарларын

дайындайт жана бошотот.

     11. Президент  ушул  Конституцияда  жана мыйзамдарда каралган дагы

башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

    

     47-берене.

 

     1. Президент Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде жарлыктар-

ды жана буйруктарды чыгарат.

     2. Президенттин жарлыктары жана буйруктары Кыргыз  Республикасынын

бардык аймактарында аткарылууга милдеттүү болуп саналат.

    

     48-берене.

 

     Президент ушул  Конституциянын 46-беренесинин 3-пунктунун 2-пункт-

часында каралган  ыйгарым укуктарын Премьер-министрге, Өкмөт мүчөлөрүнө

жана башка кызмат адамдарына өткөрүп берүүгө укуктуу.

    

     49-берене.

 

     1. Президент  колтийбестик укугуна ээ. Президенттин ар-намысы жана

аброю мыйзам менен корголот.

     2. Президенттин,  ошондой эле анын үй-бүлөсүн камсыз кылуу, тейлөө

жана коргоо мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт.

    

     50-берене.

 

     1. Президенттин ыйгарым укуктары ал арызы менен кызматынан кеткен-

де, ушул  Конституцияда каралган тартипте анын кызматтан четтетилишинин

натыйжасында, ошондой  эле  оорусуна же анын кайтыш болгондугуна байла-

ныштуу ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда токтотулушу мүмкүн.

     2. Президент оорусуна байланыштуу өз милдеттерин аткара албай кал-

ган учурда Жогорку Кењеш өзү түзгөн мамлекеттик медициналык комиссиянын

корутундусунун негизинде Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы  санынын

кеминде  үчтөн  экисинин добушу менен Президентти мөөнөтүнөн мурда кыз-

маттан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат.

    

     51-берене.

    

     1. Президент мамлекеттик чыккынчылык же башка  өзгөчө  оор  кылмыш

жасагандыгы үчүн Жогорку Кењеш тарабынан коюлган Президенттин аракетте-

ринде кылмыштын белгиси бар экендиги жөнүндө Башкы прокуратуранын кору-

тундусу  жана  айып коюуунун белгиленген тартибин сактоо жөнүндө Кыргыз

Республикасынын Конституциялык  Сотунун  корутундусу  менен  ырасталган

күнөөнүн негизинде гана кызматынан четтетилиши мүмкүн.

     2. Президентти кызматтан четтетүү үчүн ага каршы күнөө коюу жөнүн-

дө Жогорку  Кењештин чечими Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы саны-

нын көпчүлүгүнүн  демилгеси боюнча депутаттардын кеминде үчтөн экисинин

добушу менен  жана  Жогорку Кењеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын

корутундусу болгондо кабыл алынууга тийиш.

     3. Президентти  кызматтан четтетүү жөнүндө Жогорку Кењештин чечими

Жогорку Кењеш күнөө койгон күндөн тартып үч айлык мөөнөттөн кечиктирил-

бестен Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын төрттөн үчүнөн кем

эмес көпчүлүк  добушу  менен кабыл алынууга тийиш. Эгерде ушул мөөнөттө

Жогорку Кењештин  чечими  кабыл  алынбаса, күнөө коюу четке кагылды деп

эсептелинет.

    

     52-берене.

 

     1. Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президент өзүнүн

ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда жањы Президент шайланганга

чейин анын  ыйгарым укуктарын Жогорку Кењештин Төрагасы аткарат. Прези-

денттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кењештин Төрагасы аткарууга мүмкүнчү-

лүк болбой калган учурда Президенттин ыйгарым укуктарын Премьер-министр

аткарат. Мындай  учурда  жањы  Президентти  шайлоо Президенттин ыйгарым

укуктары токтотулган  учурдан  тартып  үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбей

өткөрүлүүгө тийиш.

     2. Президенттин  ыйгарым  укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары

Жогорку Кењешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоого, референдум дайын-

доого, Өкмөттүн ыйгарым укуктарын токтотууга, ошондой эле Конституцияга

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө сунуш киргизүүгө укуксуз.

    

     53-берене.

 

     1. Ушул  Конституциянын 51-беренесинде белгиленген тартипте кызма-

тынан четтетилгендерден  башка, бардык мурдагы президенттер Кыргыз Рес-

публикасынын экс-президенти деген наамга ээ болушат.

     2. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу  мыйзам  менен

белгиленет.

    

                            ТӨРТҮНЧҮ ГЛАВА

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИ

     

                             Биринчи бөлүм

                             Жогорку Кењеш

     

     54-берене.

 

     1. Жогорку  Кењеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - мыйзам чы-

гаруу бийлигин  жана  өз  ыйгарым  укуктарынын чегинде контролдук кылуу

милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү орган.

     2. Жогорку Кењеш партиялык тизме боюнча беш жылдык мөөнөткө шайла-

нуучу 90 депутаттан турат.

     Курагы 25тен жаш эмес, шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республика-

сынын жараны Жогорку Кењештин депутаты болуп шайлана алат.

     Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон жаран, эгерде анын соттолгондугу

жоюлбаса же  мыйзамда  белгиленген тартипте алып салынбаса, Жогорку Ке-

њештин депутаты болуп шайлана албайт.

     Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоонун тартиби мыйзам менен анык-

талат.

    

     55-берене.

 

     1. Жогорку  Кењеш өзүнүн биринчи сессиясына конституциялык курамы-

нын үчтөн  экисинен  кем эмеси шайлангандан кийин 30 күндөн кечикпестен

чогулат.

     2. Жогорку Кењештин биринчи жыйналышын Жогорку Кењештин жашы боюн-

ча улуу депутаты ачат.

     3. Жогорку  Кењештин  депутаттарынын  ыйгарым  укуктары ант берген

күндөн тартып башталат.

     4. Жањы шайланган Жогорку Кењештин биринчи жыйналышы болгон күндөн

тартып жана анда жањы шайланган курамдын үчтөн экисинен кем эмес  депу-

таттары  ант бергенден кийин мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кењештин ый-

гарым укуктары токтотулат.

    

     56-берене.

 

     1. Жогорку  Кењештин депутаты колтийбестик укугуна ээ. Ал депутат-

тык ишине  байланыштуу айткандары же Жогорку Кењеште добуш берүүнүн на-

тыйжасы үчүн  куугунтуктоого алынбайт. Депутат кылмыш үстүнөн тутулган-

дан башка  учурларда  кармалышы же камакка алынышы, тинтилиши же жекече

текшерилиши мүмкүн  эмес.  Оор  же өзгөчө оор кылмыш жасагандан тышкары

учурларда депутатты  жазык  жоопкерчилигине, ошондой эле сот тартибинде

администрациялык жоопкерчиликке тартууга Жогорку Кењештин макулдугу ме-

нен гана жол берилет.

     2. Жогорку  Кењештин  депутаты бир эле убакта башка мамлекеттик же

муниципалдык кызматта  боло  албайт, ишкердик иш менен алектениши, ком-

мерциялык уюмдун  жетекчи  органынын  же байкоочулар кењешинин курамына

кириши мүмкүн эмес.

     Эгерде илимий,  педагогикалык жана башка чыгармачыл иш Жогорку Ке-

њештин депутатына  депутаттык милдеттерди аткаруусуна залакасын тийгиз-

бесе, ал мындай ишти аткара алат.

    

     57-берене.

 

     1. Жогорку  Кењештин депутатынын ыйгарым укуктары Жогорку Кењештин

ыйгарым укуктарынын токтотулушу менен бир учурда токтотулат.

     2. Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым  укуктары  ушул  статьянын

1-пунктунда  каралган  негиздерден тышкары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн

мурда токтотулат:  ал депутаттык ыйгарым укуктарын  токтоткону  жөнүндө

жазуу жүзүндө арыз бергенде; жарандыктан чыкканда, жарандыгын жоготкон-

до же башка жарандыкты алганда;  башка ишке которулганда же  депутаттык

ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишин таштабаганда; шайлоо-

лор жараксыз деп табылганда; туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын

чегинен  чыгып  кеткенде;  депутат сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп

таанылганда; аны дайынсыз жок болду же өлдү деп жарыялоо жөнүндөгү сот-

тун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде, депутат каза болгондо, ага карата

соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;  бир  сессиянын  ичинде

Жогорку  Кењештин  жыйналыштарына жүйөлүү себепсиз 30 жана андан да көп

жумуш күнү катышпаганда,  ошондой эле мыйзамга ылайык депутат өзү  шай-

ланган партиядан чыкканда же чыгарылганда; мыйзамга ылайык депутат шай-

ланган партия ишин токтоткондо.

     Көрсөтүлгөн негиздер  боюнча  Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым

укуктарын мөөнөтүнөн  мурда  токтотуу буга негиздер пайда болгон күндөн

тартып 30  календарлык  күндөн  кечиктирилбестен Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын кабыл алган чечими менен ишке ашы-

рылат.

     3. Депутаттын  ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун

натыйжасында пайда  болгон  бош  мандатты ээлөөнүн тартиби мыйзам менен

аныкталат.

    

                                Экинчи бөлүм

                     Жогорку Кењештин ыйгарым укуктары

    

     58-берене.

 

     1. Жогорку Кењештин карамагына төмөнкүлөр кирет:

     1) ушул  Конституцияда белгиленген тартипте ушул Конституцияга өз-

гөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

     2) мыйзамдарды кабыл алуу;

     3) өзү тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды расмий чечмелөө;

     4) Кыргыз Республикасынын чегараларын өзгөртүү;

     5) Өкмөт киргизген республикалык бюджетти жана анын аткарылышы жө-

нүндөгү отчетту бекитүү;

     6) Кыргыз  Республикасынын  администрациялык-аймактык  түзүлүшүнүн

маселелерин чечүү;

     7) Президентти шайлоону дайындоо;

     8) Өкмөт киргизген социалдык-экономикалык өнүгүүнүн  жалпы  мамле-

кеттик программаларын бекитүү;

     9) Премьер-министрдин сунушу боюнча Өкмөттүн түзүмүн бекитүү;

     10) ушул Конституцияда каралган учурларда Өкмөткө,  Өкмөттүн айрым

мүчөсүнө ишеним көрсөтпөө;

     11) Президенттин  сунушу  боюнча  Конституциялык Соттун судьяларын

шайлоо жана кызматынан бошотуу;

     12) Президенттин  сунушу  боюнча  Жогорку Соттун судьяларын шайлоо

жана кызматынан бошотуу;

     13) Президенттин кайрылууларын жана билдирүүлөрүн угуу;

     14) Башкы прокурорду дайындоого макулдук берүү; аны сот тартибинде

кылмыш-жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук бе-

рүү;

     15) Президенттин сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлоо;

     16) Шайлоо  жана  референдум  өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын

төрагасын дайындоого макулдук берүү;

     17) Шайлоо  жана  референдум  өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын

курамынын жарымын  шайлоо; аларды мыйзамда каралган тартипте жана учур-

ларда кызматтарынан бошотуу;

     18) Президенттин сунушу боюнча Эсептөө палатасынын төрагасын шайлоо

жана кызматтан бошотуу;

     19) Президенттин  сунушу боюнча Эсептөө палатасынын аудиторлорунун

бүткүл курамын шайлоо жана бошотуу;

     20) Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлоо жана кызматынан бошотуу;  аны

сот тартибинде салынган кылмыш-жазык жана  администрациялык  жоопкерчи-

ликке тартууга макулдук берүү;

     21) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунушу боюнча Акыйкатчынын (Омбуд-

смендин) орунбасарларын шайлоо жана кызматынан бошотуу; аларды сот тар-

тибинде салынган кылмыш-жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тар-

тууга макулдук берүү;

     22) мыйзамда  белгиленген тартипте эларалык келишимдерди ратифика-

циялоо жана денонсациялоо;

     23) өзгөчө абалды киргизүү, бул маселе боюнча Президенттин жарлык-

тарын бекитүү же жокко чыгаруу;

     24) согуш  жана  тынчтык маселелерин чечүү; согуш абалын киргизүү,

согуш абалын жарыялоо, бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын беки-

түү же жокко чыгаруу;

     25) тынчтыкты  жана  коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык

келишимдик милдеттенмелерди  аткаруу  зарылчылыгы  болгон учурда Кыргыз

Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пай-

далануу мүмкүнчүлүгүнүн маселесин чечүү;

     26) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык ранг-

дарын, класстык чендерин жана башка атайын наамдарын белгилөө;

     27) Кыргыз  Республикасынын  мамлекеттик сыйлыктарын жана ардактуу

наамдарын уюштуруу;

     28) мунапыс жөнүндө актыларды чыгаруу;

     29) чет  мамлекеттердин,  эларалык  уюмдардын  жетекчилеринин жана

башка өкүлдөрүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүн угуу;

     30) Конституциялык  соттун,  Жогорку соттун, Акыйкатчынын (Омбудс-

мендин) ар жылдык баяндамаларын угуу;

     31) Премьер-министрдин  Өкмөттүн  иши  жөнүндө, Башкы прокурордун,

Улуттук банктын  төрагасынын, Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдык

отчетторун угуу;

     32) Кыргыз Республикасынын Президентине каршы айып коюу; Президен-

тти кызматынан четтетүү.

     2. Ушул  статьяда  аталган кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун

жана баяндамаларын угуу тийиштүү мамлекеттик органдардын  жана  алардын

кызмат  адамдарынын  өз  алдынчалуулугу жана көз карандысыздыгы жөнүндө

ушул Конституциянын жана мыйзамдардын жоболорун эске  алуу  менен  ишке

ашырылат.

     3. Жогорку  Кењеш  ушул  Конституцияда каралган дагы башка ыйгарым

укуктарды ишке ашырат.

    

     59-берене.

 

     1. Жогорку Кењеш ушул Конституциянын 58-беренесинин 1-пунктунун 1,

3-6,  9, 22-28-пунктчаларында көрсөтүлгөн маселелер боюнча мыйзамдарды,

мыйзамдардын аткарылышын контролдоону ишке ашырууну кошуп алганда, кал-

ган маселелер боюнча токтомдорду кабыл алат.

     2. Мыйзамдар жана Жогорку Кењештин токтомдору, эгерде ушул Консти-

туцияда кабыл  алуунун  башка тартиби каралбаса, Жогорку Кењештин депу-

таттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

    

     60-берене.

 

     1. Жогорку Кењеш өз курамынан Жогорку Кењештин Төрагасын жана анын

орунбасарларын шайлайт.

     2. Жогорку Кењештин Төрагасы:

     1) Жогорку Кењештин жыйналыштарын алып барат;

     2) Жогорку Кењештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоо-

го жалпы жетекчилик кылат;

     3) Жогорку Кењеш кабыл алган актыларга кол коет;

     4) Кыргыз Республикасында жана андан тышкаркы жерлерде Жогорку Ке-

њештин атынан  чыгат,  Жогорку  Кењештин  Президент, Өкмөт, мамлекеттик

бийликтин аткаруу  жана  сот  бутактары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу

органдары менен өзара байланышын камсыз кылат;

     5) Жогорку Кењештин Аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти ишке ашы-

рат жана контролдук кылат;

     6) Жогорку  Кењештин  ишин уюштуруу боюнча Жогорку Кењештин Регла-

ментинде ага жүктөлгөн дагы башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

     3. Жогорку Кењештин Төрагасы Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы

санынын көпчүлүк добушу менен жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат.

     Төрага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине  отчет  берет  жана

Жогорку  Кењештин  депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес

көпчүлүк добуш менен кабыл алынган Жогорку Кењештин чечими боюнча кайра

чакыртып алынышы мүмкүн.

     4. Жогорку Кењештин Төрагасынын орунбасарлары жашыруун добуш берүү

менен шайланат,  Төраганын тапшырмасы боюнча анын айрым милдеттерин ат-

карат жана Төрага жок учурда аны алмаштырат. Жогорку Кењештин Төрагасы-

нын орунбасарлары Жогорку Кењештин Регламентинде каралган тартипте кай-

ра чакыртып алынат.

     

     61-берене.

 

     1. Жогорку  Кењеш  өз  депутаттарынын ичинен комитеттерди, ошондой

эле убактылуу комиссияларды, алардын курамын түзөт.

     2. Жогорку Кењештин комитеттери Жогорку Кењештин ыйгарым укуктары-

на таандык  болгон  маселелерди  даярдоону  жана алдын ала кароону ишке

ашырат, Жогорку  Кењеш  тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды жана чечим-

дерди турмушка ашырууга контролдук кылат.

     3. Мыйзамдар  жана Жогорку Кењештин ченемдик укук актылары Жогорку

Кењештин тийиштүү  комитеттери  тарабынан алардын долбоорлору алдын ала

каралгандан кийин кабыл алынат.

     4. Жогорку  Кењештин  ыйгарым  укуктарына  таандык кылынган кызмат

адамдарын дайындоо жана шайлоо, мамлекеттик кызмат орундарына дайындоо-

го жана  кызматтан  бошотууга  макулдук берүү Жогорку Кењештин тийиштүү

комитеттеринин корутундусу болгон учурда жүргүзүлөт.

    

     62-берене.

 

     1. Жогорку  Кењештин  сессиясы жыйналыш түрүндө ишке ашырылат жана

сентябрдын биринчи  жумуш  күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы

жумуш күнүнө чейин жүргүзүлөт.

     2. Эгерде   каралып  жаткан  маселелердин  мүнөзү  жабык  жыйналыш

өткөрүүнү талап кылбаса, Жогорку Кењештин жыйналыштары ачык жүргүзүлөт.

     3. Жогорку Кењештин кезексиз сессиялары Президенттин,  Өкмөттүн же

Жогорку Кењештин депутаттарынын кеминде үчтөн биринин сунушу боюнча Жо-

горку Кењештин Төрагасы тарабынан чакырылат.

     4. Жогорку  Кењештин жыйналышы ага Жогорку Кењештин депутаттарынын

жалпы санынын көпчүлүгү катышса ыйгарым укуктуу болот.

     5. Жогорку  Кењештин  чечимдери  жыйналыштарда депутаттардын добуш

берүүсү менен кабыл алынат.

    

     63-берене.

 

     1. Жогорку Кењеш өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим боюнча таркатылы-

шы мүмкүн.

     2. Өзүн-өзү таркатуу жөнүндөгү чечим Жогорку Кењештин депутаттары-

нын жалпы  санынын  үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл

алынышы мүмкүн.

     3. Президент Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоону жањы шайланган

Жогорку Кењеш өзүнүн биринчи жыйналышына мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайын-

далган күндөн тартып 60 күндөн кечиктирилбестен чогулгудай кылып дайын-

дайт.

    

                             Үчүнчү бөлүм

                          Мыйзам чыгаруу иши

    

     64-берене.

 

     Мыйзам чыгаруу демилге укугу төмөнкүлөргө таандык:

     30 мињ шайлоочуга (элдик демилге);

     Президентке;

     Жогорку Кењештин депутаттарына;

     Өкмөткө.

    

     65-берене.

 

     1. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кењешке киргизилет.

     2. Президент  же Өкмөт кечиктирилгис деп аныктаган мыйзам долбоор-

лору Жогорку Кењеш тарабынан кезексиз тартипте каралат.

     3. Мамлекеттик  бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү

караган мыйзам  долбоорлору  Өкмөт тарабынан финансылоо булагы аныктал-

гандан кийин Жогорку Кењеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн;

     4. Конституциялык мыйзамдар,  конституциялык мыйзамдарды  чечмелөө

жөнүндө мыйзамдар, конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толук-

тоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдар,  мамлекеттик чегараны өзгөртүү жө-

нүндө мыйзамдар кеминде эки окуу өткөрүлгөндөн кийин,  Жогорку Кењештин

депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добуш ме-

нен Жогорку Кењеш тарабынан кабыл алынат.

     5. Өзгөчө жана согуш абалы учурунда конституциялык мыйзамдарга өз-

гөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүгө тыюу салынат.

     6. Сөз жана басмасөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл  алууга

жол берилбейт.

    

     66-берене.

 

     1. Жогорку  Кењеш  кабыл алган мыйзам бир айдын ичинде Президентке

кол коюуга жиберилет.

     2. Президент мыйзамды алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен

ага кол  коет же аны өзүнүн каршы пикири менен Жогорку Кењешке кайрадан

кароого кайтарып берет.

     3. Президент  тарабынан  кайра кайтарылган мыйзамдар Жогорку Кењеш

тарабынан үч  айдан  кийин каралууга жатат. Эгерде Жогорку Кењеш Кыргыз

Республикасынын Президентинин каршы пикирине макул болсо бул эреже кол-

донулбайт.

     4. Эгерде мыйзам кайталап каралганда добуштардын кем эмес көпчүлүк

добуш  менен үчтөн экисинен мурда кабыл алынган редакциясында жактырыл-

са,  ал эми ушул Конституциянын 65-беренесинин 4-пунктунда  көрсөтүлгөн

мыйзам  Жогорку  Кењештин депутаттарынын жалпы санынын кем эмес төрттөн

үчүнөн көпчүлүк добуш менен жактырылса,  анда мындай мыйзамга Президент

келип түшкөн күндөн тартып 14 күндүн ичинде кол коюуга тийиш.

     Мурда кабыл алынган редакцияда  жактырылган  мыйзамга  белгиленген

мөөнөттө  кол  коюлбаса,  мындай мыйзам кол коюлду деп эсептелинет жана

жарыяланууга тийиш.

    

     67-берене.

 

     Эгерде мыйзамдын  өзүндө же аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жө-

нүндөгү мыйзамда  башкача  каралбаса,  анда  мыйзам жарыяланган учурдан

тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

    

                             БЕШИНЧИ ГЛАВА

                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТКАРУУ БИЙЛИГИ

    

     68-берене.

 

     1. Кыргыз  Республикасында  аткаруу бийлигин Өкмөт,  ага баш ийген

министрликтер,  мамлекеттик комитеттер,  администрациялык ведомстволор,

аткаруу  бийлигинин  дагы  башка органдары жана жергиликтүү мамлекеттик

администрациялар ишке ашырат.

     2. Өкмөт Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлигинин жо-

горку органы болуп саналат.

     3. Өкмөттүн  ишине  Премьер-министр жетекчилик кылат. Өкмөт Премь-

ер-министрден, вице-премьер-министрлерден, министрлерден жана мамлекет-

тик комитеттердин төрагаларынан турат.

     Өкмөттүн түзүмүн  Премьер-министр  аныктайт жана өзүнө Кыргыз Рес-

публикасынын министрликтерин жана мамлекеттик комитеттерин камтыйт. Өк-

мөттүн түзүмү Жогорку Кењеш тарабынан бекитилет.

    

                             Биринчи бөлүм

                                 Өкмөт

    

     69-берене.

 

     1. Жогорку Кењештин депутаттарынын мандаттарынын 50дөн ашуун пайы-

зын алган  саясий партия Премьер-министрдин кызмат ордуна дайындоо үчүн

талапкерди Президентке киргизет.

     Премьер-министрдин кызмат  ордуна  талапкер жањы чакырылыштагы Жо-

горку Кењештин биринчи жыйналышы өткөн күндөн тартып беш жумушчу күндөн

кечиктирилбестен киргизилет.

     Президент сунуш  берилген  күндөн  тартып  үч  күндөн  кечиктирбей

Премьер-министрдин кызмат ордуна дайындайт.

     2. Дайындалган Премьер-министр Өкмөттүн түзүмүн жана Өкмөт мүчөлө-

рүнүн кызмат орундарына талапкерлерди аныктайт.

     Премьер-министр өзү  дайындалган күндөн тартып жети жумушчу күндүн

ичинде Өкмөттүн  түзүмүн Жогорку Кењештин бекитүүсүнө киргизет. Коргоо,

улуттук коопсуздук,  ички иштер, тышкы иштер маселелерин тейлеген Өкмөт

мүчөлөрүнөн башка  Өкмөт  мүчөлөрүнүн кызмат орундарына талапкерлер Өк-

мөттүн түзүмү бекитилген күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде Прези-

дентке киргизилет.

     Президент талапкерлер  сунушталган  күндөн тартып үч күндөн кечик-

тирбестен Өкмөт мүчөлөрүн дайындайт.

    

     70-берене.

 

     1. Эгерде  Жогорку  Кењештин  депутаттарынын  мандаттарынын  50дөн

ашуун пайызын  алган  саясий партиядан шайланган депутаттар Премьер-ми-

нистрдин кызмат ордуна талапкерди киргизбесе же дайындалган Премьер-ми-

нистр Жогорку  Кењештин бекитүүсүнө Өкмөттүн түзүмүн киргизбесе, же Өк-

мөт мүчөлөрүнүн  кызмат  орундарына  талапкерлерди сунуштабаса, ошондой

эле мындай  партия жок болсо, Президент башка партиядан шайланган депу-

таттарга беш жумушчу күндүн ичинде депутаттардын коалициялык көпчүлүгүн

түзүү жолу менен Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди киргизүүнү

тапшырат.

     2. Эгерде  Премьер-министрдин  кызмат  ордуна  талапкерди киргизүү

тапшырылган саясий  партиянын депутаттары Премьер-министрдин кызмат ор-

дуна талапкерди   киргизбесе   же   Премьер-министр ушул Конституциянын

69-беренесинин 2-пунктунда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Жогор-

ку Кењештин  бекитүүсүнө Өкмөттүн түзүмүн киргизбесе жана Өкмөт мүчөлө-

рүнүн кызмат  ордуна  талапкерлерди  сунуштабаса,  анда Президент башка

партиядан шайланган депутаттарга Премьер-министрдин кызмат ордуна депу-

таттардын коалициялык көпчүлүгүн түзүү жолу менен талапкерди көрсөтүүнү

тапшырат.

     3. Эгерде  ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн саясий партиядан

шайланган депутаттар да Президентке Премьер-министрдин кызматына талап-

керди киргизбесе  же  Премьер-министр ушул берененин 2-пунктунда белги-

ленген тартипте  жана мөөнөттөрдө Жогорку Кењештин бекитүүсүнө Өкмөттүн

түзүмүн киргизбесе  жана  Өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат орундарына талапкер-

лерди сунуштабаса, анда Президент үчүнчү саясий партиядан шайланган де-

путаттарга Премьер-министрдин  кызмат  ордуна депутаттардын коалициялык

көпчүлүгүн түзүү жолу менен талапкерди киргизүүнү тапшырат.

     4. Эгерде ушул Конституцияда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө

Президентке Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер киргизилбесе, ан-

да Президент  Жогорку  Кењешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү дайын-

дап, Өкмөттү түзөт. Президент тарабынан түзүлгөн Өкмөт ушул Конституци-

яда каралган  тартипте  Жогорку Кењештин жањы чакырылышында көрсөтүлгөн

саясий партиялардан шайланган депутаттар Өкмөттү түзгөнгө чейин иштейт.

    

     71-берене.

 

     1. Өкмөт өзүнүн ишинде ушул Конституцияда каралган чектерде Прези-

денттин жана  Жогорку  Кењештин  алдында жооптуу болот жана отчет берип

турат.

     Президент Өкмөттүн жыйналыштарында чыгып сүйлөөгө, мамлекеттин ич-

ки жана тышкы саясатынын негизги багыттарына жетишүү боюнча алардын ал-

дына максаттарды жана милдеттерди коюуга акылуу.

     2. Премьер-министр  Өкмөттүн иши жөнүндө жыл сайын Жогорку Кењешке

отчет берип турат.

     3. Жогорку Кењеш Премьер-министрдин жылдык отчетун кароонун жыйын-

тыгы боюнча Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин

демилгеси боюнча Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени карай алат.

     4. Өкмөткө, Өкмөттүн жеке мүчөсүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндө токтом

Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ка-

был алынат.

     5. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе Жогорку Кењеш тарабынан

Президентти кезектеги  шайлоого  чейин алты ай калганда каралышы мүмкүн

эмес.

     6. Өкмөткө  ишеним  көрсөтүлбөгөндөн кийин Президент Өкмөттүн кыз-

маттан кетиши  жөнүндө  чечим  кабыл алууга же болбосо Жогорку Кењештин

чечимине макулдук бербөөгө акылуу.

     7. Жогорку  Кењеш үч айдын ичинде Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө

чечимди кайталап  кабыл алган учурда, Президент Өкмөттү кызматтан кети-

рет же болбосо Жогорку Кењешке шайлоону мөөнөтүнөн мурда белгилейт.

     8. Жогорку  Кењеш  Өкмөттүн  айрым бир мүчөсүнө ишеним көрсөтпөгөн

учурунда Президент Өкмөт мүчөсүнүн кызматтан кетиши жөнүндө чечим кабыл

алууга же Жогорку Кењештин чечими менен макул болбоого укуктуу.

     Эгерде Жогорку  Кењеш алты айдын ичинде Өкмөт мүчөсүнө ишеним көр-

сөтпөө жөнүндө чечимди кайталап кабыл алса, Президент Өкмөт мүчөсүн от-

ставкага кетирүүгө милдеттүү.

    

     72-берене.

 

     1. Премьер-министр,  Өкмөт же Өкмөттүн айрым мүчөсү кызматынан ке-

түү жөнүндө сураныч кылууга акылуу, ал Президент тарабынан кабыл алынат

жана четке кагылат.

     2. Премьер-министрдин  кызматтан  кетишин кабыл алуу Өкмөттүн жана

администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органда-

рынын жетекчилеринин кызматтан кетишине алып келет.

     Өкмөттүн кызматтан  кетишин  кабыл  алуу Өкмөттүн бүткүл курамынын

жана администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка ор-

гандарынын жетекчилеринин кызматтан кетишине алып келет.

     3. Өкмөт түзүлгөнгө жана администрациялык ведомстволордун жана ат-

каруу бийлигинин  башка  органдарынын  жетекчилери  дайындалганга чейин

Премьер-министр, Өкмөт  мүчөлөрү, администрациялык ведомстволордун жана

аткаруу бийлигинин жана башка органдарынын жетекчилери өзүнүн милдетте-

рин аткарууну улантат.

     4. Премьер-министр, Өкмөт кызматтан кеткен учурда Өкмөт ушул Конс-

титуциянын 69-70-беренелеринде каралган тартипте жана мөөнөттө түзүлүү-

гө тийиш. Ошол эле учурда Жогорку Кењештин депутаттарынын мандаттарынын

50 пайыздан  ашыгын алган саясий партиянын депутаттары үчүн, ал эми ан-

дай партия  жок  болгондо  ушул  Конституциянын 70-беренесинде каралган

башка саясый партиядан депутаттар үчүн Премьер-министрдин кызмат ордуна

дайындоого талапкерди  Президентке киргизүү үчүн эсептөө мөөнөтү Прези-

дент тарабынан  Премьер-министрдин  же  Өкмөттүн кызматтан кетиши кабыл

алган күндөн тартып башталат.

     5. Өкмөт  мүчөсү  кызматтан  кеткен  же  кызмат ордунан бошотулган

учурда Премьер-министр  беш  жумушчу  күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүнүн бош

кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Президентке киргизет.

    

     73-берене.

 

     1. Өкмөт ушул Конституцияда жана мыйзамдарда Президенттин жана Жо-

горку Кењештин  компетенциясына  киргизилген  ыйгарым  укуктардан башка

мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет.

     2. Өкмөт:

     1) Конституциянын жана мыйзамдардын, Президенттин ченемдик-укуктук

актыларынын, Жогорку  Кењештин жана Өкмөттүн токтомдорунун аткарылышын,

мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын ишке ашырылышын камсыз кылат;

     2) мыйзамдуулукту, жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын камсыз

кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ча-

раларды жүзөгө ашырат;

     3) финансы,  баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүүнү

камсыз кылат;

     4) республикалык  бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кењешке сунуш-

тайт жана  анын аткарылышын камсыз кылат; республикалык бюджеттин атка-

рылышы жөнүндө Жогорку Кењешке отчет берет;

     5) социалдык-экономикалык жана маданий чөйрөдө бирдиктүү мамлекет-

тик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;

     6) экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий өнүктү-

рүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

     7) менчиктин  бардык  түрлөрүн  өнүктүрүүнүн жана аларды коргоонун

бирдей шарттарын  камсыз  кылуу  боюнча, мамлекеттик менчик объекттерин

башкаруу боюнча чараларды ишке ашырат;

     8) мамлекеттин  эгемендигин,  аймактык  бүтүндүгүн, конституциялык

түзүлүштү сактоо  боюнча,  ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук

жана коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча чараларды

ишке ашырууну камсыз кылат;

     9) тышкы  экономикалык иштерди жүргүзүүнү уюштурат жана камсыз кы-

лат;

     10) жарандык коом менен эриш-аркак иштешүүнү камсыз кылат;

     11) Конституция жана мыйзамдар, Президенттин жарлыктары менен өзү-

нө берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

     3. Өкмөттүн ишин анын Аппараты камсыз кылат,  аларды уюштуруу жана

иштөө тартиби конституциялык мыйзамда аныкталат.

    

     74-берене.

 

     1. Конституциянын  жана мыйзамдардын, Президенттин, Жогорку Кењеш-

тин ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Өк-

мөт токтомдорду жана буйруктарды чыгарат, ошондой эле алардын аткарылы-

шын уюштурат, текшерет жана камсыз кылат.

     2. Өкмөттүн  токтомдору  менен  буйруктары  Кыргыз Республикасынын

бүткүл аймагында милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

     3. Өкмөт  министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администра-

циялык ведомстволордун, министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин

түзүмүнө кирбеген аткаруу бийлигинин, аткаруу бийлигинин башка органда-

рынын, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялык органдардын

ишине жетекчилик кылат.

     4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ве-

домстволор, аткаруу  бийлигинин  башка  органдары өз кызмат укуктарынын

чегинде, Конституциянын  жана  мыйзамдардын,  Президенттин актыларынын,

Жогорку Кењештин токтомдорунун, Өкмөттүн токтомдору менен буйруктарынын

негизинде жана  аларды  аткаруу максатында буйруктарды чыгарат, алардын

аткарылышын уюштурат, текшерет жана камсыз кылат.

     5. Өкмөт  министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администра-

циялык ведомстволордун,  аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчи-

леринин, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчы-

ларынын отчетторун угат жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары-

на карама-каршы келген актыларын жокко чыгарат.

    

                             Экинчи бөлүм

                 Жергиликтүү мамлекеттик администрация

    

     75-берене.

 

     1. Тиешелүү  администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында аткаруу

бийлигин жергиликтүү мамлекеттик администрация ишке ашырат.

     2. Мамлекеттик  администрациянын  ыйгарым  укуктары, ишин уюштуруу

жана иштөө тартиби мыйзам менен аныкталат.

    

     76-берене.

 

     1. Жергиликтүү  мамлекеттик  администрациялар Конституциянын, мый-

замдардын, Президенттин  жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларынын не-

гизинде иштейт.

     2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, анын өзүнүн компетен-

циясынын чегинде  кабыл  алынган  чечимдери  тийиштүү аймакта милдеттүү

түрдө аткарылууга тийиш.

    

                             АЛТЫНЧЫ ГЛАВА

                  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК

                    БИЙЛИГИНИН БОРБОРДУК ОРГАНДАРЫ

    

                             Биринчи бөлүм

                              Прокуратура

    

     77-берене.

 

     Кыргыз Республикасынын  Прокуратурасы  Кыргыз Республикасынын мый-

замдарынын жана  башка ченемдик укуктук актыларынын так жана бирдей ат-

карылышына көзөмөлдүк жүргүзөт. Прокуратура органдары жазык куугунтугун

ишке ашырат,  мыйзамда каралган учурларда жана тартипте соттук  иштерди

териштирүүгө катышат.

    

                             Экинчи бөлүм

                             Улуттук банк

    

     78-берене.

 

     Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасын башкарат, Кыр-

гыз Республикасында  акча  кредит саясатын аныктайт жана жүргүзөт, бир-

диктүү валюта  саясатын  иштеп  чыгат  жана жүргүзөт, акча белгилеринин

эмиссиясын жүргүзүүнүн өзгөчө укуктарына ээ, банк каржылоосунун ар кан-

дай формаларын жана принциптерин жүзөгө ашырат. Улуттук банкты уюштуруу

жана анын иши мыйзам менен аныкталат.

 

                             Үчүнчү бөлүм

                    Шайлоо жана референдум өткөрүү

                       боюнча борбордук комиссия

    

     79-берене.

 

     Шайлоо жана  референдум  өткөрүү  боюнча борбордук комиссия Кыргыз

Республикасында шайлоону  жана референдумду даярдоону жана аларды өткө-

рүүнү уюштурат.  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комис-

сияны уюштуруу жана анын иши мыйзам менен аныкталат.

    

                            Төртүнчү бөлүм

                           Эсептөө палатасы

    

     80-берене.

 

     Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, бюд-

жеттен тышкаркы  каражаттардын,  мамлекеттик жана муниципалдык менчикти

пайдаланууну, аткарылышынын аудитин ишке ашырат. Эсептөө палатасын уюш-

туруу жана анын иши мыйзам менен аныкталат.

    

                             Бешинчи бөлүм

                         Акыйкатчы (Омбудсмен)

    

     81-берене.

 

     Кыргыз Республикасында  адамдын  жана  жарандын эркиндиктери менен

укуктарын сактоого контролдук кылуу Омбудсмен (Акыйкатчы) тарабынан иш-

ке ашырылат.  Омбудсменди  (Акыйкатчыны)  уюштуруу жана анын иши мыйзам

менен аныкталат.

    

                             ЖЕТИНЧИ ГЛАВА

                  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОТ БИЙЛИГИ

    

     82-берене.

 

     1. Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат.

     Мыйзамда каралган  учурларда  жана тартипте Кыргыз Республикасынын

жарандары сот адилеттигин ишке ашырууга катышуу укугуна ээ.

     2. Сот бийлиги сот өндүрүшүнүн конституциялык, жарандык, жазыктык,

администрациялык жана башка түрлөрү аркылуу жүзөгө ашырылат.

     3. Кыргыз  Республикасынын сот тутуму Конституцияда жана мыйзамда-

рында белгиленет жана Конституциялык соттон, Жогорку соттон жана жерги-

ликтүү соттордон  турат.  Конституциялык  мыйзам  менен адистештирилген

соттор түзүлүшү мүмкүн.

     Атайын сотторду түзүүгө жол берилбейт.

     4. Соттордун ишин уюштуруу жана алардын тартиби мыйзам менен анык-

талат.

    

     83-берене.

 

     1. Судьялар көз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга га-

на баш ийет.

     2. Судья  колтийгистик  укугуна ээ жана кылмыш үстүнөн тутулгандан

тышкары учурларда кармалууга же камакка алынууга, тинтүүгө же жеке тек-

шерилүүгө тийиш эмес.

     Судьянын колтийгистиги,  ошондой  эле анын турак-жайына, кызматтык

жайына, пайдалануучу  транспортуна  жана  байланыш  каражаттарына, анын

кат-кабарына, ага таандык буюмдарга жана документтерге да жайылтылат.

     3. Судьядан  конкреттүү  бир сот иши боюнча отчет талап кылууга эч

кимдин укугу жок.

     4. Судья  өзүнүн статусуна ылайык өзүнүн көз карандысыздыгынын со-

циалдык, материалдык жана башка кепилдиктери менен камсыз кылынат.

     5. Курагы  35  жаштан  кем эмес жана 70 жаштан ашпаган, юридикалык

жогорку билими бар жана укуктук кесиби боюнча кеминде он жылдык иш ста-

жысы бар  Кыргыз  Республикасынын  жараны Конституциялык соттун судьясы

боло алат.

     Жогорку сотко 35тен жаш эмес, 70 жаштан өтө элек, жогорку юридика-

лык билими  жана  юридикалык  кесип  боюнча кеминде он жыл, анын ичинде

судьялык кеминде  беш  жылдык  стажы  бар Кыргыз Республикасынын жараны

судья боло алат.

     Конституциялык Соттун  жана  Жогорку Соттун судьялары Президенттин

сунушу менен  Жогорку Кењеш тарабынан жаш курагынын жогорку чегине жет-

кенге чейин шайланат.

     Президент Конституциялык  соттун, Жогорку соттун Жогорку Кењеш та-

рабынан шайланган  судьяларынын ичинен Жогорку Кењештин макулдугу менен

Конституциялык соттун  жана  Жогорку  соттун  төрагаларын  жана алардын

орунбасарларын беш жылдык мөөнөткө дайындайт.

     6. Курагы  30  жаштан  кем эмес жана 65 жаштан ашпаган, юридикалык

жогорку билими бар жана юридикалык кесиби боюнча кеминде беш жылдан кем

эмес иш  стажысы  бар  Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү соттун

судьясы боло алат. Судьялардын статусу жөнүндөгү конституциялык мыйзам-

да Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына карата ко-

шумча талаптар белгилениши мүмкүн.

     Жергиликтүү соттордун  судьялары  Сот  адилеттигинин иштери боюнча

улуттук Кењештин сунушу менен Президент тарабынан биринчи ирет беш жыл-

дык мөөнөткө, кийин жаш курагынын жогорку чегине чейин дайындалат.

     Жергиликтүү соттордун судьяларынын ичинен Сот адилеттигинин иштери

боюнча улуттук  Кењештин  сунушу  менен Президент жергиликтүү соттордун

төрагаларын жана алардын орунбасарларын беш жылдык мөөнөткө дайындайт.

     7. Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу конституциялык мый-

зам менен аныкталат.

    

     84-берене.

 

     1. Бардык  соттордун судьялары кызмат орундарын өз ыйгарым укукта-

рын жүрүм-туруму кынтыксыз болгон учурда ээлешет жана сактап калат.

     2. Конституциялык соттун судьясы,  Жогорку соттун  судьясы  Прези-

денттин сунушу боюнча Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын ке-

минде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен Жогорку Кењеш тарабынан кыз-

мат орундарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулат.

     3. Судья каза болгондо,  өлдү же дайынсыз жок болду деп  жарыялан-

ганда, аракетке жөндөмсүз деп таанылганда; жарандыгын жоготкондо, андан

чыкканда же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда судьянын ыйга-

рым  укуктары  конституциялык  мыйзамга  ылайык  негиздер  келип чыккан

күндөн тартып аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан токтотулат.

     4. Жергиликтүү  соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкер-

лерди тандап алуу, аларды дайындоого жана которууга (ротациялоого), су-

нуштоо, кызматынан  четтетүү  жана бошотуу Сот адилеттиги иштери боюнча

улуттук Кењеш тарабынан конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жү-

зөгө ашырылат.

     Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьяларын сот тартибинде

салынган жазык  жана  администрациялык жоопкерчиликке тартууга сот ади-

леттиги иштери боюнча Улуттук кењештин макулдугу менен жол берилет.

     5. Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук Кењеш бийликтин мыйзам чы-

гаруучу, аткаруучу, сот бутактарынын жана коомдук бирикмелердин өкүлдө-

рүнүн ичинен түзүлөт.

     6. Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук Кењешти уюштуруу жана анын

иши, анын ыйгарым укуктары мыйзамда аныкталат.

    

     85-берене.

 

     1. Конституциялык  сот  Конституцияны коргоо боюнча сот бийлигинин

жогорку органы болуп саналат.

     2. Конституциялык  сот  Конституциялык соттун тогуз судьясынан ту-

рат.

     3. Конституциялык сот:

     1) мыйзамдар  жана башка ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республи-

касынын Конституциясына карама-каршы келген учурда аларды Конституцияга

ылайык эмес деп табат;

     2) Конституциянын ченемдерин расмий чечмелейт;

     3) Президентти  шайлоонун конституциялуулугу жөнүндө корутунду чы-

гарат;

     4) Президентти кызматынан четтетүүгө корутунду берет;

     5) ушул Конституциянын 98-беренесинин 3-пунктунун жоболоруна ылай-

ык ушул  Конституцияга  өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор киргизүү жөнүндө

мыйзамдын долбооруна карата корутунду берет.

     4. Конституциялык  соттун  чечими  акыркы чечим болуп саналат жана

даттанууга жатпайт.

     Конституциялык сот  тарабынан  мыйзамдардын же алардын жоболорунун

конституциялык эмес  деп  табылышы алардын Кыргыз Республикасынын айма-

гында колдонулушун  жокко  чыгарат, ошондой эле конституциялык эмес деп

таанылган мыйзамдарга  же алардын жоболоруна негизделген башка ченемдик

укуктук актылардын колдонулушун да жокко чыгарат.

     Конституциялык эмес  деп таанылган мыйзамдардын ченемдерине негиз-

делген сот  актылары,  укуктары жана эркиндиктери козголгон жарандардын

даттануулары боюнча ар бир өзүнчө учурда сот тарабынан кайра каралат.

     5. Конституциялык  сот  өндүрүшүн  жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзам

менен жөнгө салынат.

    

     86-берене.

 

     1. Жогорку  сот  жергиликтүү сотторго караштуу жарандык, жазыктык,

экономикалык, администрациялык  жана башка иштер боюнча жогорку сот ор-

ганы болуп саналат жана мыйзамда каралган тартипте сот процессине каты-

шуучулардын кайрылуулары  боюнча  сот  актыларын кайра кароо формасында

алардын ишине көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат.

     2. Жогорку  соттун Пленуму сот практикасынын маселелери боюнча тү-

шүнүк берет.

     3. Жогорку  соттун  көзөмөлдүк  тартибинде  кабыл алынган актылары

акыркы актылар болуп саналат жана даттанууга жатпайт.

    

     87-берене.

 

     1. Мамлекет соттордун иштеп турушу жана судьялардын иши үчүн  кар-

жылоону жана талаптагыдай шарттарды камсыз кылат.

     Сотторду каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт жана

сот адилеттигин  толук  жана көз карандысыз жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн

камсыз кылууга тийиш.

     2. Сот системасынын бюджети сот бийлиги тарабынан өз алдынча түзү-

лөт, аткаруу  жана  мыйзам  чыгаруу  бийликтери менен макулдашуу боюнча

республикалык бюджетке киргизилет.

    

     88-берене.

 

     1. Териштирүү  бардык  соттордо ачык жүргүзүлөт. Ишти жабык жыйна-

лышта жүргүзүүгө  мыйзамда  каралган учурларда гана жол берилет. Соттун

чечими ачык жарыяланат.

     2. Мыйзамда  каралган учурдан тышкары, жазык же башка иштерди сот-

тордо тыштан кароого жол берилбейт.

     3. Сот  өндүрүшү тараптардын атаандаштыгынын жана тењ укуктуулугу-

нун негизинде жүзөгө ашырылат.

     4. Сот  актысын жокко чыгаруу, өзгөртүү же токтото туруу сот тара-

бынан мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

     5. Сот  процессинин  катышуучуларынын  процесстик  укуктары,  анын

ичинде чечимдерге,  өкүмдөргө жана башка сот актыларына даттануу укугу,

ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзамда аныкталат.

    

     89-берене.

 

     1. Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген акты-

лары бардык мамлекеттик органдар,  чарба жүргүзүүчү субъекттер, коомдук

уюмдар, кызмат адамдары жана жарандар үчүн милдеттүү болот жана респуб-

ликанын бүт аймагында аткарылууга тийиш.

     2. Сот актыларын аткарбагандыгы, талаптагыдай эмес аткаргандыгы же

аларды аткарууга жолтоо кылгандыгы, ошондой эле соттордун иштерине кий-

лигишкен күнөөлүү  адамдар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке

тартылышат.

    

     90-берене.

 

     1. Сот  ушул Конституцияга каршы келген ченемдик укуктук актыларды

колдонууга укуксуз.

     2. Эгерде  ишти кароодо кандай сот инстанциясында болбосун мыйзам-

дын же  ишти  чечүү  ага көз каранды болгон ченемдик укуктук актылардын

конституциялуулугу жөнүндө маселе келип чыкса, сот конституциялык сотко

суроо-талабын жөнөтөт.

    

     91-берене.

 

     1. Соттордун ишинин ички маселелерин чечүү үчүн  өзалдынча  соттук

башкаруу иштейт.

     2. Кыргыз  Республикасында соттук өзалдынча башкаруу органдары бо-

луп Кыргыз  Республикасынын Судьяларынын курултайы жана Судьялар Кењеши

эсептелет.

     Судьялар Кењеши судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыкта-

рын коргойт,  соттордун  бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын контрол-

дойт, судьяларды  окутууну  жана  алардын квалификациясын жогорулатууну

уюштурат, судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу тууралуу маселелерди

карайт.

     3. Соттук өзалдынча башкаруу органдарын уюштуруу жана алардын  иши

мыйзам менен аныкталат.

    

     92-берене.

 

     1. Мыйзамда  каралган  учурларда,  ошондой эле соттук териштирүүгө

катышкан жактар  аны  жүргүзүү  үчүн жетиштүү каражатынын жок экендигин

далилдеген ар кандай учурда сот адилеттиги акысыз жүргүзүлөт.

     2. Кыргыз Республикасында бардык соттор жана  судьялар  үчүн  ушул

Конституцияда каралбаган сот адилеттигинин принциптери Кыргыз Республи-

касынын мыйзамдарында белгиленет.

    

                            СЕГИЗИНЧИ ГЛАВА

                    ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУ

    

     93-берене.

 

     1. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өзалдынча башкаруу жергилик-

түү жамааттар тарабынан жүргүзүлөт жана калк тарабынан жергиликтүү маа-

нидеги маселелерди өзалдынча чечүүнү камсыз кылат.

     2. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу түздөн-түз жарандардын өздөрү же

башка жергиликтүү  өзалдынча башкаруу органдарына шайлоо аркылуу жүзөгө

ашырылат.

     3. Жергиликтүү  өзалдынча башкаруу органдары муниципалдык менчикти

өзалдынча башкарат,  жергиликтүү  бюджетти түзөт, бекитет жана аткарат,

жергиликтүү салыктарды  жана жыйымдарды киргизет, коомдук тартипти сак-

тоого көмөк  көрсөтөт,  ошондой эле жергиликтүү маанидеги башка маселе-

лерди чечет.

     4. Жергиликтүү  өзалдынча башкарууну финансылоо тийиштүү жергилик-

түү бюджеттен камсыз кылынат.

    

     94-берене.

 

     1. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын

Конституциясы жана  мыйзамдары менен белгиленген өз ыйгарым укуктарынын

чегинде алардын аймагында милдеттүү түрдө аткарыла турган актыларды ка-

был алат.    

     2. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамда-

рынын системасын төмөнкүлөр түзөт:

     - айылдык округдардын,  поселканын жана райондук маанидеги шаардын

башчылары, шаарлардын мэрлери;

     - жергиликтүү кењештер - жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчү-

лүктүү органдары;

     - айыл өкмөтү,  шаардык жана поселкалык башкармалары,  мэриялар  -

жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары;

     - башка кызмат адамдары жана органдары.

    

     95-берене.

 

     1. Жергиликтүү  мамлекеттик администрациянын башчысынын сунушу бо-

юнча мыйзамда белгиленген тартипте айылдык округдардын, поселканын жана

райондук маанидеги  шаардын  башчылары жергиликтүү кењештин депутаттары

тарабынан шайланат.  Шаарлардын мэрлери Президенттин сунушу боюнча тий-

иштүү жергиликтүү кењештин депутаттары тарабынан шайланат.

     2. Жергиликтүү  кењештин депутаттары тийиштүү администрациялык-ай-

мактык бирдиктин  аймагында  жашаган жарандар тарабынан мыйзамда белги-

ленген тартипте шайланат.

     3. Жергиликтүү кењештер мыйзамга ылайык:

     - жергиликтүү бюджеттерди бекитет, алардын аткарылышына контролдук

кылат, ошондой эле жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет;

     - жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жа-

на калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитет;

     - мыйзамга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизет,

ошондой эле  мыйзамда  каралган учурларда жана тартипте алар боюнча же-

њилдиктерди белгилейт.

    

     96-берене.

 

     1. Жергиликтүү  өзалдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым

укуктар, аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык

жана башка  каражаттар өткөрүлүп берүү менен ыйгарылышы мүмкүн.  Мамле-

кеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына  мый-

замдын негизинде өткөрүлүп берилиши мүмкүн.  Өткөрүлүп берилген ыйгарым

укуктар боюнча жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары мамлекеттик ор-

гандарга отчет беришет.

     2. Жергиликтүү  өзалдынча башкаруу органдарынын мамлекет жана анын

органдары алдында  мыйзамдардын  сакталышы жана аткарылышы үчүн, жерги-

ликтүү жамааттын алдында - өз ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчиликтүү бо-

лушат.

     3. Мамлекеттик органдар, мыйзамда каралган учурлардан тышкары жер-

гиликтүү өзалдынча башкаруунун ишине кийлигишүүгө акысыз.

     

     97-берене.

 

     1. Мамлекет жергиликтүү өзалдынча башкарууга колдоо көрсөтөт.

     2. Жергиликтүү  өзалдынча башкаруу органдары өздөрүнүн укуктарынын

бузулушуна байланыштуу соттук коргоого кайрылууга укуктуу.

    

                            ТОГУЗУНЧУ ГЛАВА

            КОНСТИТУЦИЯНЫ, КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАЊЫ РЕДАКЦИЯСЫН,

              ОШОНДОЙ ЭЛЕ УШУЛ КОНСТИТУЦИЯГА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР

              ЖАНА ТОЛУКТООЛОР КИРГИЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМДЫ

                          КАБЫЛ АЛУУ ТАРТИБИ

    

     98-берене.

 

     1. Конституция,  Конституциянын  жањы редакциясы, ошондой эле ушул

Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  мыйзам

Жогорку  Кењештин  депутаттарынын  жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу

менен Президент дайындаган референдумда (бүткүл  элдик  добуш  берүүдө)

кабыл алынышы мүмкүн.

     Референдум өткөрүүдө  Конституция, Конституциянын жањы редакциясы,

ошондой эле  ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кирги-

зүү жөнүндө мыйзам, эгерде шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоо-

чулардын жарымынан  ашыгы  ага  катышкан  шартта добуш берүүгө катышкан

шайлоочулардын жарымынан  ашыгы аны жактап добуш берсе кабыл алынды деп

эсептелет.

     2. Ушул  Конституциянын  үчүнчү-сегизинчи  главаларынын жоболоруна

өзгөртүүлөр жана  толуктоолор Президенттин,  Жогорку Кењештин сунушу же

300 мињ шайлоочунун демилгеси боюнча Жогорку Кењеш тарабынан кабыл алы-

нышы мүмкүн.

     Ушул Конституцияга Жогорку Кењеш тарабынан кабыл алынган өзгөртүү-

лөр жана толуктоолор Конституциялык Соттун корутундусу болгондо каралы-

шы мүмкүн.

     3. Конституциялык Сот ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толук-

тоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кењештен Конституция-

лык Сотко  келип түшкөн күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен корутунду

чыгарат.

     Ушул Конституцияга  өзгөртүүлөр  жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

мыйзамдын долбооруна  Конституциялык Сот тарабынан терс корутунду чыга-

рылган учурда мыйзамдын ал долбоору Жогорку Кењеш тарабынан анын демил-

гечисине кайра кайтарылат. Кабыл алынбай калган мыйзам долбоору Жогорку

Кењешке кайтадан кеминде бир жылдан кийин киргизилиши мүмкүн.

     4. Жогорку  Кењеш Конституциялык Соттун корутундусун эске алуу ме-

нен ушул  Конституцияга  өзгөртүүлөр  жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

мыйзамды Конституциялык Соттун корутундусу ага келип түшкөн күндөн баш-

тап 6 айдан кечиктирбестен кабыл алат.

     Ушул Конституцияга  өзгөртүүлөр  жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

мыйзамдын долбоорунун  тексти  Жогорку  Кењеште  талкуулоонун жүрүшүндө

Конституциялык Соттун корутундусунун негизинде жана анын демилгечисинин

расмий макулдугу болгондо өзгөртүлүшү мүмкүн.

     Ушул Конституцияга  өзгөртүүлөр  жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

мыйзам Жогорку  Кењеш  тарабынан  окуулардын ортосунда үч айлык тыныгуу

менен кеминде  эки жолу окуу өткөрүүдөн кийин Жогорку Кењештин депутат-

тарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен көпчүлүгү менен кабыл алы-

нат.

     Жогорку Кењештин  депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн талабы

боюнча ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

мыйзам референдумга коюлушу мүмкүн.

     5. Өзгөчө жана согуш абалынын учурунда Конституцияны, Конституция-

нын жањы  редакциясын,  же ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толук-

тоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамды кабыл алууга тыюу салынат.

     6. Кабыл  алынган  Конституцияга, Конституциянын жањы редакциясына

же ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти кол коюуга тийиш.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти               К.Бакиев