Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

 

Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана жол министрлигинин
2016-жылдын 30-декабрындагы
№ 428 буйругу менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунда почта жөнөтүүлөрүн, жүк багаждарын, багаждарды, жүргүнчүлөрдү ташуу
ЭРЕЖЕСИ

(КР Транспорт жана жол министрлигинин 2020-жылдын 9-январындагы № 1, 2022-жылдын 14-январындагы № 37 буйруктарынын редакциясына ылайык)

 

1-Бап. Жалпы жоболор

 

1-берене. Ушул эрежелердин таасир берүү чөйрөсү

1. Бул Эреже улуттук ташуучунун жана Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунун тейлөө кызматтарын пайдалануучулардын (мындан ары - темир жол транспорту) ортосундагы мамилени жөнгө салат жана башка темир жол транспортунун кызматтарын пайдалануучулардын башка ишмердүүлүгүнө таасир этпеген ташуу боюнча гана кызмат көрсөтүү алкагындагы укуктарын жана милдеттерин аныктайт.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзам ченеминин алкагында каралган артыкчылыктарды жана жеңилдетүүлөрдү эске алган төлөмдөр менен тейлөөлөрдүн шарттары бардык темир жол транспорт тейлөө кызматтарынын пайдалануучулары үчүн жүргүнчүлөрдү жана багаждарды, жүк багаждарды ташууда бирдей колдонулат.

3. Ташуу келишими боюнча, улуттук ташуучу жүргүнчүлөрдү багытталган жайга поездден орун берүү менен бирге алардын багажын, жүк багажын жеткирүүгө милдеттүү. Ошону менен бирге жүргүнчү бекитилген тариф боюнча жол акысын, багаж тапшырылган учурда ташуунун жана жүк жиберүүчү (жиберүүчү) жүк жиберген учурда жүк ташуунун баасын төлөөгө милдеттүү. Ташуу келишиминин жыйынтыгында жүргүнчүлөрдү жол жүрүү документи (билет), жүргүнчүлөр багаж тапшырган учурда жана жүк жөнөтүүчү жүк жөнөткөн учурда ташуу документтери менен күбөлөндүрүлөт.

4. Эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдүн жүрүүсү үчүн тарифтер, кол жүгүн, багажды жана жүк багажын ташуу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин бекитилген тартиптери менен аныкталат. Улуттук ташуучунун бекеттеринде кол жүгүн, багажды жана жүк багажынын сакталышына болгон төлөм, республиканын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн жүрүү тарифи улуттук ташуучу тарабынан аныкталат. Жана ал белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ыйгарымдуу мамлекеттик антимонополиялык органы менен макулдашылышы керек.

5. Улуттук ташуучу жүргүнчүлөрдү поездде жана бекетте сапаттуу тейлөөнү, өз мезгилинде жеткирүүнү, багаждардын жана жүк багаждардын бүтүмдүгүнүн сакталышын жана жеткирилүүсүн камсыздандырат.

6. 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы талаптардын аткарылуусуна жана жүргүнчү өзү менен кошо алып бара жаткан кол жүгүнүн бүтүндүгү менен сакталышына, өзүнүн амандыгына жүргүнчү өзү милдеттүү болуп, өзү жооп берет.

7. Улуттук ташуучунун жоопкерчилиги жана темир жол транспорт тейлөө кызматтарын пайдалануучуларды ташуу боюнча милдеттерин аткарбаган учурда доо-талаптарды коюу Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамына ылайык жөнгө салынат.

2-Бап. Көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматтар

 

1-берене. Темир жол кызматтарын пайдалануучуларга маалыматтарды берүүдө улуттук ташуучунун милдеттери

8. Төмөнкү билдирүүлөр болгон маалда Улуттук ташуучу темир жол транспорт тейлөө кызматтарын пайдалануучуларды өз учурунда маалымдоого милдеттүү:

а) иштердин жана кызматтардын тизмеги, алардын баасы;

б) жүргүнчү поездинин келүүчү жана жөнөтүлүүчү убактысы;

в) жүргүнчүнүн жол акысы жана бекитилген чектен ашкан кол жүгүнүн, ошондой эле багаж жана жүк багажынын баасы;

г) ташуу документтерин, жол жүрүүсүн сатуудагы иштери жана кызматтары;

д) жол жүрүү документинин (билетинин) сатуу мөөнөтү жана шарттары;

е) кол жүк, багаж, жүк багаж ташууларында тыюу салынган нерселердин тизмеги;

ж) доо жана сунуштар китебинин орду;

з) билет жана багаж кассасынын, сактоо камерасынын иштөө убактысы;

и) багыттагы багаж, жүк багажынын бекетке келген убактысы;

к) жалпы пайдалануудагы темир жол бекеттеринин, бекет жайларынын

жайгашкан орду жөнүндөгү маалыматтар;

л) узак убакытта эс алуу бөлмөсүнөн орун берүү тартиби;

м) Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамына ылайык артыкчылык жана жеңилдетүүлөр берилген жарандардын категориялары;

н) эркин жана милдеттүү түрдө камсыздандыруунун тартиби;

о) жогорку ыңгайлуулуктагы вагондордо жол жүрүү баасына кирген тейлөө кызматтары;

п) улуттук ташуучунун доо-талаптарын кабыл алуучу, ташуучунун аты жана юридикалык дареги,

р) Кыргыз Республикасынан сырткары чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жараны үчүн керектүү документтердин тизмеги.

Көрсөтүлгөн маалыматтар темир жол бекеттеринде, станцияларында, поезддерде, веб порталдарда ж.б. жүргүнчүлөрдү тейлөө жерлеринде мамлекеттик жана расмий тилде жайгаштырылат.

9. Улуттук ташуучу бул Эрежелерди пайдалануучулар үчүн жүргүнчүлөрдү тейлеген жерлердин бардыгына көрүнүктүү жана жеткиликтүү жерлерине жайгаштырат.

10. Жүргүнчү поезд кыймылынын жүгүртмөсү афишаларда, маалыматтоочу китепчелерде, веб порталдарда жергиликтүү убакыттар менен көрсөтүлөт. Жүргүнчү поезд кыймылынын жүгүртмөсүнүн жана ташуунун тарифтеринин өзгөргөндүгү жөнүндө өз маалында темир жол бекеттерине жана массалык маалымат каражаттарына жарыяланат.

11. Жүк багаждарын, багаждарын, жүргүнчүлөрдү ташуунун тарифтеринин өзгөргөндүгү жана ага ылайык жыйноолор жөнүндөгү маалыматтар керектөөчүлөр үчүн массалык маалымат каражаттарына жана жол бекеттерине күчүнө киргенге чейин 5 күн мурун жарыяланат.

3-Бап. Жүргүнчүлөрдү ташуу жана кол жүктүн сакталышы боюнча тейлөө кызматтарын көрсөтүүнүн тартиби

 

1-берене. Эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча улуттук ташуучу тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын тартиби

12. Багытталган бекетке чейин бош орундар бар болсо, жүргүнчү жол жүрүүсү үчүн жол жүрүү документин (билетин) улуттук ташуучуга тариф боюнча акы төлөп сатып алууга милдеттүү. Бул тариф болсо, катышуучусу Кыргыз Республикасы болгон жана белгиленген мыйзам тартибинде күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен бекитилген.

Эл аралык жүргүнчү каттамдарында жүк ташуу келишимин түзүүнү тастыктаган жол жүрүүгө укук берген документ, тиешелүү бланктарда автоматташтырылган же автоматтык эмес (кол менен) ыкмада таризделген, же электрондук түрдө түзүлгөн жол жүрүү документи болуп эсептелет.

Электрондук жол жүрүү документи кагаз түрүндө басылат же электрондук-санариптик каражаттар менен (телефон, планшет ж.б.) орундукка отургузуу документи түрүндө берилет (контролдук купон), ал электрондук жол жүрүү документинин визуалдык түрү болуп эсептелет жана улуттук жүк ташуучу жүргүнчүнү ташууга байланышкан ар кандай кыймыл-аракеттерди электрондук жол жүрүү документи менен жасоо зарыл болгон бардык учурларда жүргүнчү тарабынан көрсөтүлөт.

(КР Транспорт жана жол министрлигинин 2020-жылдын 9-январындагы № 1 буйругунун редакциясына ылайык)

13. Жүргүнчү тарабынан жол жүрүүсү үчүн жол жүрүү документин (билетин) сатып алуусу, республика ичиндеги каттамдардагы поезддерден сырткаркы учурларда, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугун берүүчү документтердин негизинде жүргүзүлөт.

14. Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана аймагынан чыгууга укук берүүчү эл аралык документи жок болгон учурда, жол жүрүү каттамы үчүн Улуттук ташуучу билет сатуудан баш тартууга укуктуу. Жол жүрүү документи толтурулгандан кийин Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө жана аймагынан чыгууга укук берүүчү документтин жана билеттин реквизиттерин жүргүнчү текшергенден соң жол кире акысын төлөйт.

15. Жүргүнчү поездге отуруп жаткан учурда Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана аймагынан чыгууга укук берүүчү документтин жана билеттин реквизиттери менен толтурулган документин жанында алып жүрүүсү зарыл. Көрсөтүлгөн документте жүргүнчүнүн маалыматтык даректери же документинин номери дал келбеген учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана аймагынан чыгууга укук берүүчү документинде фамилиясы же номери өзгөртүлгөн учурларда да жүргүнчүгө поездге түшүүгө уруксат берилбейт. Мындай учурларда жол жүрүү билетинин акысы улуттук ташуучу, ташуучу тарабынан бекитилген тартипте кайтарылып берилет.

16. Эл аралык каттамдагы жол жүрүү документин (билетин) сатуу тартиби жана мөөнөтү улуттук ташуучу тарабынан темир жол транспортунун технологиялык иштөө өзгөчөлүктөрүн жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана белгиленген мыйзам тартибинде күчүнө кирген эл аралык келишимдерди эске алуу менен аныкталат.

17. Эл аралык каттамдардагы поезддерде жүргүнчү төмөнкүлөргө укуктуу:

а) 5 жаштан жогорку эмес курактагы балдарды орунга олтургузбастан акысыз алып жүрүүгө уруксаат берилет, ошондой эле 5-10 жашка чейинки балдарга бекитилген тартипте жеңилдик менен каралган жол киреси төлөнөт. Баланын жаш курагы жол жүрүүнүн жүргөн күнүнө карата бекитилет. Эгерде баланын жаш курагы жол жүрүүнүн жүргөн күнүндө 5 жашка толсо, ал акысыз жол жүрөт , ал эми баланын жаш курагы жол жүрүүнүн жүргөн күнүндө 10 жашка толсо, ал балдарга коюлган тариф боюнча жол киресин төлөйт;

б) жол жүрүп баратканда жол жүрүү документинин колдонулуш мөөнөтүн 10 суткадан ашык эмес мөөнөткө узартуу менен бир жолу токтоого, ал жүрүп бараткан поезддин бара турган станцияга чейин 3 саат мурун билеттик кассага ылайык белгилерди койдуруу үчүн көрсөтөт (электрондук жана топтук жол жүрүү документтеринен башкалары);

в) жолдо ооруп калганда оорусунан айыкканга чейин (дарылоо мекемесинин негиздеме маалымкаты боюнча) жол жүрүү документинин колдонулуш мөөнөтүн узартууга, жүргүнчүгө поездден орун берилбеген учурда жүргүнчүгө орун бериле турган кийинки поезд жөнөтүлгөнгө чейинки убакытка жол жүрүү документин узартууга;

г) жол жүрүү документинде көрсөтүлгөн жөнөтүлгөн бекеттен жол жүрүү документин ошол эле же жөнөтүлүүчү поездге 24 сааттан кем эмес убакыт калган учурда кайра толтурууга (башка мамлекеттен накталай эмес төлөнгөн билеттерден сырткаркыларга, жеңилдик берилген, бекер, электрондук жана топтук билеттерден сырткаркыларга) Жол жүрүү документин башка жак толтурууга болбойт. Кайра толтуруу жол жүрүү документи көрсөтүлгөн багытталган бекетте гана вагондордун ордун же классын алмаштырууга болот. Жол жүрүү акысы көтөрүлгөн учурда алгачкы баасынан толтуруу убактысынан айырмаланган сумманы жүргүнчү төлөйт. Жол жүрүү акысы арзандатылган учурда жүргүнчүгө кайтарылып берилет. Бул тартип бир мамлекеттен экинчи мамлекетке багытталган бекетке чейинки гана учурларда кайра толтурулат.

18. Жүргүнчү мөөнөтү өтүп кеткен жол жүрүү документин (билет) көрсөтсө же Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү же Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугуна ээ болгон фамилиясы жана номери көрсөтүлгөн документке, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү же Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугуна ээ болгон документиндеги көрсөтүлгөн фамилиясы жана номуру дал келбесе, жүргүнчүнүн билети жок деп эсептелет.

19. Эл аралык каттамдардагы поезддерде 10 жашка чейинки өспүрүмдөргө жалгыз жүрүүгө жол берилбейт.

20. Ташуу келишиминин шарттары жүргүнчүнүн же жиберүүчүнүн өз ыктыяры менен өзгөртүлсө же жокко чыгарылса колдонулган тариф боюнча:

а) плацкарта менен билеттин баасы:

- поезддин жөнөтүлүү убактысынан 24 сааттан кем эмес убакытта жүргүнчү белгилөө үчүн билетти кайрып берсе;

- топтук жол жүрүү документи поезддин жөнөтүлүү убактысынан 7 суткадан кем эмес учурда белгилөө үчүн кайрылып берилсе толугу менен кайтарылат.

б) билет баасы жана 50% плацкартанын баасы:

- эгерде жүргүнчү белгилөө үчүн поезддин жөнөтүлүү убактысынан 24 сааттан 6 саатка чейинки убакыттын ичиндеги убакытта билетти кайрып берсе;

- эгерде топ жол жүрүү документин белгилөө үчүн поезддин жөнөтүлүү убактысынан 7 суткадан 3 суткага чейинки убакытта билетти кайрып берсе, кайтарылып берилет.

в) жол жүрүү орто жолдон токтотулган учурда жол жүрүү документинин калган аралык үчүн плацкартадан сырткары билеттин гана баасы кайтарылат:

- эгерде жүргүнчү жол жүрүүдөн поезддин жөнөтүлүү убактысынан 6 саат мурун поезд жөнөтүлгөн убакыттан 1 саат убакыттын ичинде белгилөө үчүн жол жүрүүдөн баш тартып, жол жүрүү документин көрсөтсө;

- эгерде жүргүнчү жол жүрүүдөн жолдогу бекеттен ал бара жаткан поезддин бара турган жерине 3 сааттан кем эмес убакыт калган учурда баш тартса;

- эгерде топ жол жүрүү документин белгилөө үчүн поезддин жөнөтүлүү убактысынан 3 суткадан, поезддин жол жүрүү убактысына 1 саат убакыт калган учурда;

г) багаж менен жүк багаждын наркы:

- жөнөтүү бекетинен тапшырылган багаж же жүк багаж кайра кайтарылып алынса.

д) жүрүлгөн аралыкта багаждын наркы:

- аралыктагы бекеттердин бирөөсүнөн багаж артка кайрылып алынса, жүрүлгөн аралык үчүн наркы төлөнүп берилсе.

21. Жол жүрүү документинин кайтарылыш мөөнөттөрүнө карабастан поезддин жөнөтүлүшү токтотулган учурда, кечиктирилгенде жол жүрүү наркы толугу менен кайтарылып берилет. Жол жүрүү документинде көрсөтүлгөн орун берилбегенде жана жүргүнчү башка орунду пайдалануудан баш тарткан учурда.

22. Жол жүрүү документин пайдаланылбаган учурдагы кайтарылган билет баалары жаранды күбөлөндүргөн документ менен гана берилет.

23. Жоголгон, тытылган, күйүп кеткен, суу болуп калган жол жүрүү документтери жүргүнчүнүн кайрылуусунан менен улуттук ташуучунун текшерүүсүнөн кийин гана калыбына келтирилет.

24. Жол жүрүү документи толук окууга мүмкүн болбой калган учурда гана жоголгон, тытылган, күйүп кеткен, суу болуп калган деп саналат.

25. Ар бир жүргүнчү жол жүрүү убактысында орун алууга укуктуу. Бош орундар бар учурда жүргүнчүлөр пайдаланууга болот.

26. Жүргүнчү жол жүрүү документинде көрсөтүлгөн орундан жогорку класста бош орун болгон учурда пайдаланылган тариф боюнча билет кассасына же поезд башчысына кошумча төлөө менен билетти алмаштырууга болот.

27. Эгерде жүргүнчүгө жол жүрүү документине ылайык орун берилбесе, ал жол жүрүүдөн баш тартууга же төмөнкү класстагы поездден орун алууга укуктуу. Төмөнкү класстан орун алган учурда жол киренин наркынан чыккан айырма сумма кайтарылып берилет. Жол жүрүү документине поезд башчысы менен ылайык коюлган белги коюлат. Улуттук ташуучу жогорку класстагы вагондон орун берсе, нарктын айырма суммасы төлөнбөйт. Эгерде жүргүнчүгө орун жок болуп калса, жүргүнчүнүн багажы менен улуттук ташуучу кийинки же башка поездге акысыз салууга милдеттүү, ошондой эле багытталган жерге кечигүүсүз жеткирүүсүн көзөмөлгө алат.

28. Жүргүнчүгө жол жүрүү учурунда кошумча тейлөө кызматтар акы төлөмү менен жүргүзүлөт. Тейлөө кызматтар жол жүрүү наркына да киргизилиши мүмкүн. Шейшептердин баасы жол жүрүү наркына киргизилет. Тейлөө кызматтарынын тизмеги керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүү жерге илинет.

29. Жүргүнчү поездден төмөнкү учурларда чыгарылат:

а) укук коргоочу органдарынын кызматкерлери тарабынан - поезддге жаңы отурган же поезд жүрүп бара жаткан убакытта башка жүргүнчүлөргө жолтоо болуп, тынчтык абалын бузуп, коомдук эрежелерди сактабаса, анын басып өтпөгөн аралыгы үчүн жол кире жана багаж акысы кайтарылбайт;

б) медициналык- доктор кызматкерлери тарабынан - эгер ал башкалардын тынчын ала тургандай сыркоо, же бул оору тегерегиндегилерге коркунуч туудуруп, жана аны өзүнчө жайгаштырууга мүмкүнчүлүк жок учурда. Жүргүнчү жардам бере алчу дарылоочу медициналык жайы бар бекеттен гана чыгарылат. Бул учурда поезд башчысы, жүргүнчүнүн каалоосун эске алып, басып өтпөгөн аралыктын наркын плацкартанын баасын кошуу менен, же токтогон жерин белгилеп, колдонуу мөөнөтүн узартуу менен акчасын кайтарып берет.

в) чек ара көзөмөлдөө органдарынын кызматкерлери тарабынан - мамлекеттик чек арадан өтүүгө мыйзам чегинде укугу жок деп табылса, көзөмөлдөө жана документти толтуруу учурунда токтотулат.

2-берене. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ташуу

30. Мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды улуттук ташуучу ташуу жараянындагы бардык аралыктагы техникалык мүмкүнчүлүктөргө жараша жүргүзөт. Мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ташуу жараянында төмөнкү жоболорду эске алуу менен иш алып барат:

а) мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга улуттук ташуучу тарабынан көрсөтүлгөн тейлөө кызматтардын, темир жол бекетиндеги мүмкүндүктөрү жана жол жүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү, жүргүнчү платформа, кыймылдуу курам жөнүндө маалыматтар берилет;

б) улуттук ташуучу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга бекеттин, жүргүнчү платформанын, кыймылдуу курамдын мүмкүндүктөрүн кошумча акысыз сунуштайт;

в) улуттук ташуучу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жол жүрүү документтерин сатуу жана орундарды резервге коюу тейлөө кызматтарын көрсөтөт;

г) платформанын, кыймылдуу курамдын, бекеттин мүмкүндүктөрүнө муктаж мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жол жүрүү ыктыяры жөнүндө поезддин жөнөтүлүүсүнөн мурун 48 сааттан кем эмес убакытта билдириши керек. Бул шарт аткарылбаган учурда улуттук ташуучу мүмкүнчүлүктөрү чектелген жактарды алып келүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушат;

д) улуттук ташуучу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жөнөтүү бекетине келгендиги жөнүндө билдирүүчү ыкмаларды колдонот;

е) мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жардам берүү улуттук ташуучу же ыйгарымдуу органдар аркылуу аныкталат;

ж) мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар аныкталган кол жүгүнүн ченеминен сырткары алар үчүн орун которуп жылып жүрүүгө зарыл болгон жабдууларын акысыз алып жүрө алышат.

3-берене. Кол жүгүн жана үй жаныбарларын ташуу

31. Жүргүнчү кол жүгүн акысыз алып жүрөт, бирок төмөнкүлөрдү алып жүрүүгө тыюу салынат:

а) башка жүргүнчүлөрдүн буюмдарына залал келтирүүчү же вагонду кирдетүүчү буюмдар;

б) от коопсуздугун жаратуучу, жеңил күйүүчү, жарылуучу, радио активдүү, суюк жана ууландыруучу каражаттар;

в) октолгон курал- жабдыктары;

г) инфекция жуктуруучу жана сасык жыттанган каражаттар;

д) Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү жана Евразия экономикалык союзунун бажы Закон ченемдерине ылайык Евразия экономикалык союзунан же союзуна, Кыргыз Республикасынан же Кыргыз Республикасына алып кирүүгө же чыгарууга чектөө коюлган буюмдар;

е) 200 см өлчөмүнөн 3 эсе көп өлчөмүндөгү ченемдүү ири габариттүү буюмдар.

Жүргүнчү вагондогу атайын ылайыкталган жерге кол жүгүн жайгаштырышы керек.

32. Акысыз кол жүктүн жалпы өлчөмү ар бир орунга 36 кгдан ашпоосу керек. Бекитилген нормага кол жүктүн өлчөмү ажыратылып жыйналган жана кутуга салынган бир шайтан арабага, балдардын жана инвалиддердин коляскасына колдонуу максатында уруксат берилет. Бекитилген нормадан ашык учурда жүргүнчү багаж катары санап , кол жүктүн массасы 50 кг жетпесе да 20 кг өлчөмү менен төлөнөт.

Күнүмдүк керектелүүчү, видео, электрондук жана аудиотехникалардын өлчөмү 200 см дан ашпаса, кол жүк катары саналат. Кол жүк шарттарын аткарбаса, жүргүнчүгө улуттук ташуучу жол жүрүүгө тыюу салат.

33. Жүргүнчүлөрдүн ветеринардык китепчеси бар үй жаныбарларынан (ит, мышык, канаттуу) сырткаркы жаныбарларды алып жүрүүгө тыюу салынат, үй жаныбарларын алып жүрүүдө вагондун купесинде өзүнчө кармалат.

Жүргүнчү купедеги башка бош орундарга да толук тариф боюнча төлөөгө тийиш, Улуттук ташуучу поездден купе менен камсыздоого тийиш, эгерде мындай шарт жок болсо жүргүнчү үй жаныбарларын алып жүрө албайт. Үй жаныбарлары ( ит, мышык, канаттуу) атайын торчодо, корзинада болуусу шарт. Атайын кутучага батпай калган иттерге мурун таккыч тагылып, каргысы бар болушу шарт.

4-берене. Республиканын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу жана кол жүгүн сактоонун эрежелери

34.Жүргүнчү республикалык ички каттамдагы поезддерде жүрүү үчүн билетти кассадан, поездде же электрондук түрдө бир жолку “бир тарапка” же “эки тарапка” сатып алат. Электрондук билет кондукторго кагаз түрүндө же электрондук цифралык каражаттарда (телефон, планшет ж.б.) көрсөтүлөт. Поезддеги орундар отуруу үчүн каралган. Жүргүнчү өзү менен кошо 5 жашка чейинки бир баланы, эгерде ал өзүнчө орунду ээлебесе, бекер алып жүрүүгө укугу бар, жүргүнчүгө 5 жашка чейинки бирден ашык баланын жол жүрүүсү белгиленген тарифтер менен төлөнөт. 5 жаштан 10 жашка чейинки балдардын жол кире акысы балдарды ташуунун белгиленген тарифтерине ылайык төлөнөт. Баланын жашы жол жүрүү күнүнө карата аныкталат. Эгерде сапар күнү 5 жашка чыккан  баланын туулган күнүнө туура келсе, анда бала акысыз ташылат (эгерде ал өзүнчө орун ээлебесе). Эгерде сапарга чыккан күн 10 жашка чыккан баланын туулган күнүнө туура келсе, анда билеттер балдар тарифи менен жазылат. 10 жашка чейинки балдарга республика ичиндеги поезддерде чоңдордун коштоосуз жүрүүсүнө жол берилбейт. Жүргүнчү 36 кг салмактагы кол жүгүн акысыз жана 50 кг чейинки жүктү Улуттук ташуучу тарабынан белгиленген төлөм менен алып жүрүүгө укуктуу. Ички республикалык каттамдарда поезд билеттери кайтарылбайт. Жоготулган жана жараксыз абалдагы билеттер жаңыланбайт, аларга төлөнгөн акча кайтарылбайт.

(КР Транспорт жана жол министрлигинин 2022-жылдын 14-январындагы № 37 буйругунун редакциясына ылайык)

 

35. Республика ичиндеги каттамдардагы билеттердин мөөнөтү узартылбайт.

36. Республика ичиндеги каттамдардагы бир жолку каттамдагы " тигил жакка" билети көрсөтүлгөн датага ылайык бир гана жолу колдонулат. "Тигил жакка" жана "бул жакка" деп алынган билет көрсөтүлгөн датага ылайык гана колдонулат. Эгерде билеттин колдонуу мөөнөтү жол жүрүүдө бүтүп калса, багытталган темир жол бекетине чейин колдонууга болот.

37. Сактоого алынып жатка бир орундук кол жүктүн салмагы 50 кгдан ашпоосу керек жана ошондой эле бир орундук ар бир кол жүгүн жылдырып ташууга мүмкүнчүлүк бере турган ыңгайланыштырылган нерсеси болушу шарт. Ар бир буюм, жадагалса, кол жүккө таңылган ар бир буюм да өзүнчө бир орун болуп эсептелет. 50 кг дан жана үч ченеми 200 см ашкан жүк ири габариттүү деп эсептелип, монополияга каршы ыйгарымдуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тариф менен улуттук ташуучуга төлөнөт.

38. Атайын сактоо камераларына жаныбарларды жана куштарды, курал- жабдыктарды, сасык жыт чыгаруучу, өрттөн коркунучтуу, ууландыруучу, жарылуучу ж.б. коркунуч туудуруучу заттарды, ошондой эле башка жүргүнчүлөрдүн буюмдарын булгоочу каражаттарды тапшырууга тыюу салынат.

39. Атайын сактоо камераларына темир жол бекетинин атайын даярдалган сактоо камералары жок учурда акча, облигация ж.б.у.с. баалуу кагаздарды тапшырууга болбойт. Жүргүнчүнүн өтүнүчү боюнча кол жүктү, багажды, жүк багажды бекитилген баа боюнча таңгактап, зарыл деп саналган учурда атайын бирка бекитип берилет.

4-Бап. Багаждарды ташуу

 

1-берене. Багажды ташуунун ченемдери

40. Толук же өспүрүмдүн тарифи менен төлөнгөн бир жолку жол жүрүү документи боюнча багаждын жалпы салмагы 200 кгдан ашпоосу шарт. Көптөгөн жүргүнчүлөрдүн бир жолку жол жүрүү документи боюнча жол жүрүүсүндө көрсөтүлгөн ченемдин салмагы топтун санына жараша көбөйөт.

Бир гана жүргүнчүнүн жол жүрүү документи боюнча багаждын жалпы салмагы 200 кгдан ашкан учурда багаж вагонунда орундуктар бош болгон учурда башка жүргүнчүнүн багажына таасир тийгизбеген болсо, улуттук ташуучунун чечими менен орундук берилет. Ченемден ашкан багаждын орду жүк багаж тарифи боюнча төлөнөт. Багаждын өзүнчө ордунун салмагы 5 кг дан кем эмес жана 75 кгдан көп эмес, узундугу 3 метрден ашпаган, жүргүнчүлөрдүн поездинде ыңгайсыздыктарды жаратпагандай таңгакталуусу зарыл.

2-берене. Багаж менен ташууга тыюу салынган нерселер

41. Багаж менен ташууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:

а) Бардык өрттөнүп кетүүчү, оңой тутануучу, өзүнөн-өзү өрттөнүп кетүүгө жөндөмдүү, радио активдүү, суюк, наркотикалык жана ууландыруучу, ок атуучу курал-жарактар, согуштук ок-жабдыктар, ошондой эле башка жүргүнчүлөрдүн же ташуу процессине катышуучулардын багажына зыян келтирүүчү заттар;

б) Сасык жыт пайда кылуучу жана инфекция жуктуруучу заттар;

в) алтын, күмүш, платина жана булардан жасалган буюмдар, баалуу кагаздар жана иш-кагаздар, металлдык жана кагаз акчалары, чыныгы бермет, баалуу таштар ж.б. искусство буюмдары (картина, статуя, көркө буюмдар);

г) атайын кутучадагы же ыңгайлаштырылган нерседеги ветеринар макулдук берген үй-жаныбарларынан ( ит, мышык, куштар) сырткаркы жаныбарлар;

д) ташууда катышкан мүчө мамлекеттердин ташуучуларынын почта ведомстволорунун монополиясын түзгөн буюмдар. Бул буюмдардын тизмеги Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган бекитилген мыйзамдуу тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган;

е) бат бузулуучу заттар, тамак-аштар;

ж) Кыргыз Республикасынын бажы иштер чөйрөсүндөгү жана Евразия экономикалык союзунун мыйзам-ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык союзунун территориясынан алып кетүүгө жана территориясына алып келүүгө тыюу салынган буюмдар, нерселер.

42. Эгер улуттук ташуучу бул берененин 2-пунктундагы жоболорду сактаган жок деп табылса, жүргүнчүдөн текшерүү үчүн багажды ачтырууга укугу бар. Багажды ачуудан баш тартса, багаж ташуу үчүн кабыл алынбайт.

3-берене. Багаждарды кабыл алуунун тартиби

43. Багаж ташууга жол жүрүү документин көргөзгөндөн кийин, жүргүнчү ташууларынын автоматташтырылган башкаруу системасынын маалыматтарынын базасына камтылган бекеттен бекетке чейин кабыл алынат. Бул бекеттер ушул операцияларды жүргүзүп турушу зарыл. Багаждарды кабыл алуу, аларды вагонго жүктөө багажды жөнөтүүчү бекеттеги улуттук ташуучунун өкүлү менен жүргүзүлөт. Багаж вагонуна жүргүнчүдөн багаж кабыл алууга жол берилбейт.

Жүргүнчүлөр документте көрсөтүлгөн багытталган бекетке чейин багаждарын тапшырып коюшат, же жол жүрүүдөгү бекеттен жолдогу бекеттерге чейин тапшырууга болот.

44. Багаждарды ташуу үчүн поезд жүрүүчү сааттан 30 мүнөттөн кем эмес учурда же ага чейинки каалаган убакытта тапшырууга болот. Каалаган убакыттын тартиби ички эрежелер менен аныкталат. Кабыл алынган багаж жүргүнчү кеткен поезд менен жөнөтүлөт. Эгер бул мүмкүн эмес болсо, жөнөтүлүүчү поездден кийинки поезд менен жөнөтүлөт.

45. Багаждарды кабыл алгандыгын күбөлөндүргөн ташуучу документи жүргүнчүлөргө берилет, аларда негизги төмөнкү маалыматтар камтылат:

а) бекеттердин, жөнөтүүчү жолдор менен багыттардын аты;

б) поезддин номери жана жөнөтүлгөн күнү;

в) жүрүү жолдору;

г) жол жүрүү документинин номери.

Ташуучу документтерин жүргүнчү алып жатып, анын дарек маалыматтары туура экендигин тактоосу шарт. Ташуучу документтерде көрсөтүлгөн дата ташуу багажын кабыл алган күн менен дал келүүсү зарыл.

46. Эл аралык каттамдагы маркумдун денесин алып келүү багаж же почта- багаж вагондорунда же алардын кошумча жүгү жок бөлүктөрдө табытта табытты тапшырган жактын макулдугу менен жиберүүчү мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Маркумдун денесин алып келүү бекем бекитилген жыгач кутуга салынган темир табытта бош жерлери таарынды же көмүр, торф, акиташ менен толтурулуп жеткирилет. Маркумдун денеси салынган табыт коштоп жүрүүчү адам менен жүргүзүлөт. Эгерде коштоп жүрүүчү кандайдыр бир себептер менен поездден түшүп калса, табытты багытталган жерге жеткирүү улантыла берет.

Коштоп жүрүүчү жол жүрүү документин алып жүрүүсү шарт. Маркумдун денесин алып келүү багаж же почта-багаж вагондорунда же алардын кошумча жүгү жок бөлүктөрдө ташуу үчүн 300 кг багажынын суммасында төлөнөт.

Багаж вагондорунда күл салынган челекти алып келүү үчүн 30 кг багаж үчүн алынгандай акы төлөнөт.

47. Үй жаныбарларын (ит, мышык, канаттуу) ташууда вагондо жүргүнчү жаныбарларга кам көрүүгө милдеттүү. Багаж вагондорунда үй жаныбарларын алып жүрүүнүн төлөмдөрү ар бирине, же болбосо салмагына карата, бирок 20 кгдан ашпаган өлчөмүндө жүргүзүлөт.

48. Багаж бардык жол жүрүүдө анын бүтүндүгүн камсыздандырган, кыймылдуу курамдан зыянга учурабаган, жана башка жүргүнчүлөрдүн багажына залал келтирбегендей, тейлөөчү кызматкерлердин жумушуна тоскоол жаратпагандай болуп таңгакталуусу шарт.

49. Ар бир берилген багаж орундуктарына жүргүнчү же анын өтүнүчү менен улуттук ташуучу төмөнкү белгилерди коет:

а) бекеттердин, жөнөтүүчү жолдор менен багыттардын аты;

б) жөнөтүүчүнүн жана алуучунун аты- жөнү, алардын дареги;

Жүргүнчү багаждык орундардан эски чаптаманы, бардык жазууларды, даректерди өчүрүүгө тийиш. Багаждардын таңылган түрүнө жараша ар бир багаждык орунга марка менен белги, же улуттук ташуучунун бекитилген үлгүдөгү биркасы коюлат. Улуттук ташуучунун ыйгарымдуу өкүлү ташуу документинин номерин, жалпы орундун санын, багаждык жөнөтүүдөгү орундун номерин ар бир биркага жазып коет. Жүргүнчү ар бир жөнөтүлгөн багажга жашаган дарегин жазып койсо ашык болбойт.

50. Жүргүнчү багажды ташууга тапшырып жаткан кезде анын баалуулугун билдирет.

Эгерде жүргүнчү багаждын баалуулугун билдиргиси келбесе, "жарыяланган баалуулуктар" бөлүгүндөгү "баалуулугун билдирүүдөн баш тартам" деген жерге белги коет. Бат бузулуп кетүүчү азык-түлүктөргө баалуулук билдирилбейт.

51. Эгерде ташууга бир канча орун берилсе, жүргүнчү ар бир орундун баалуулугун өз-өзүнчө же бардык орундардын баалуулугун жалпылаштырып, колдонулган тарифте көрсөтүлгөн кошумча жыйноо үчүн төлөм жүргүзөт.

52. Билдирилген баалуулуктардын суммасы мамлекеттик валютада бааланып, ташууну каттаган учурдагы мамлекеттик баа менен аныкталат. Билдирилген баалуулуктардын суммасы ташуу документинде көрсөтүлөт.

53. Баалуулугун билдирүү үчүн колдонулган тариф боюнча кошумча жыйноо үчүн төлөм алынат.

4-берене. Багажды жеткирүүнүн мөөнөтү

54. Багажды жеткирүүнүн мөөнөтү багаж ташуу вагону үчүн багытталган поезд курамынын жүрүшү менен, бул вагондун бекетке чейинки бекеттердин аралыгында жүрүп туруучу мезгилдүүлүгүн эске алуу менен багажды тапшыруу үчүн документтерди толтурууга кеткен убактысы менен аныкталат.

55. Багажды жеткирүүнүн мөөнөтү төмөнкү учурларда узартылат:

а) жол жүрүүдө ар бир багажды ташууда бир суткадан, бир бекеттен экинчи бекетке автоунаа каражаты менен ташылган учурга 2 сутканы;

б) бажы иштеринде жана башка учурлардагы эрежелерди толтуруу үчүн күтүлбөгөн учурларда;

в) эгерде ташуу жараянынын катышуучуларынын себебинен ташуу жараянынын башталышына же уланышына тоскоолдук жаратып, кыймылды токтоткон учурларда;

г) багажды тыюу салынган буюмдарга текшерүү убактысына;

д) багаждарды ооштуруп салыштыруу убактысына;

е) бул убакыттын эсеби кайра жөнөтүү жөнүндөгү арыздын берилиши менен саналат.

Жеткирүүнүн узартылыш мөөнөтүнө алып келген ташуунун кармалуусунун себеби жана узактыгы жол барагынын арткы бетиндеги " Башка белгилер" бөлүгүндө көрсөтүлүүсү зарыл.

56. Багажды жеткирүүнүн мөөнөтү багытталган бекетке анын убактысы бүтө электе жеткирилип, алуучуга кабар берилсе аткарылды деп эсептелинет.

5-берене. Багажды берүү

57. Ташуу документинде көрсөтүлгөн багыттагы бекеттен гана багаж ээсине тапшырылат. Поезд келгенден соң, ал түшүрүлүп, зарыл деп саналган бажы жана башка эреже иштери аткарылып бүткөндөн кийин гана тапшырылат. Багаждык вагондон багажды жүргүнчүгө тапшырууга жол берилбейт. Бирок ташуу документин жиберүүчү көрсөтүп, жөнөткөн бекеттен же жол жүрүүдө жайгашкан бекеттерден багажды берүүсүн талап кылууга укуктуу. Эгерде алуу жөнүндөгү өтүнүч алдан-ала билдирилсе, Улуттук ташуучу поезд аялдамасынын узактыгына, бажы жана башка иштеринин аткарылбагандыгына карабастан берүүгө милдеттүү.

58. Толук жол жүрүүгө ташуу жана жол жүрүү документи толтурулган гана учурда багаж алып баруучуга (предьявитель) берилет. Жол жүрүү документи жок учурда жүк багажынын тарифи боюнча кошумча төлөмдөр жүргүзүлөт.

59. Ташуу документи жок болгон учурда Улуттук ташуучу талап кылуучунун багаждын ээси экенин далилдегенден кийин гана берет.

Багаж берилбей жаткан учурда ташуу документин көрсөтүүчү багажды алуу ташуу документиндеги коюлган белгини жүктүн аягында көрсөтүлгөн белгини көрсөтүүсүн талап кылууга тийиштүү.

60. Багажды алардан мурун жүргүнчү Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бул эрежеде каралган жол жүрүү учурундагы жана багажды алуу бекетиндеги бардык чыгымдарды улуттук ташуучуга төлөп берүүгө тийиш.

61. Эгерде улуттук ташуучунун катачылыктарынын себебинен багаж өз мезгилинде багытталган бекетке жеткирилбей калса, жүргүнчү багаждын келүүсүн күтө албастыгын билдирсе, бажы жана башка иштеринин эрежелери бузулбаса:

а) жөнөтүү бекетинен багаждарды акысыз түрдө кайтарып берүүнү;

б) багытталган жолдо колдонулган ички эрежелерге ылайык, башка бекетке кайра жөнөтүү;

в) башка мамлекеттин жаңы бекетине багажды кайра жөнөтүү;

Бекет бул арызды ташуу документине бекитет.

Багаж бажы жана башка эрежелердин себебинен кармалбаса, жөнөтүлгөн поезд багытталган бекетке келгенден кийин 10 күн ичинде алуучуга кабар берилип, багаж берилбесе, багаж жоголду деп саналат.

62. Жоголду деп табылган багаж багытталган бекетке келүүчү күнүнөн бир жыл ичинде табылса, улуттук ташуучу жүргүнчүгө кабар берет.

63.Кабар жөнөтүлгөндөн кийин 30 күндүн ичинде бажы жана башка эрежелер менен тыюу салынбаса, ташуу документинде көрсөтүлгөн бекеттердин бирине жөнөтүүсүн талап кылууга укуктуу, кайтарылып берилген акчаны кайтарып берүүгө милдеттүү.

Жүргүнчүнүн поезд каттамы жүргөн жолдо жайгашпаган бекеттерге жиберүүсүн суранган учурда, жеткирип берүү үчүн тариф боюнча бекитилген сумманы төлөө менен тапшырылат.

64. Эгерде жоголду деп табылган багаж 30 күндүн ичинде талап кылынбаса, же жоголгон багаж багытталган бекетке келүүчү күндөн бир жыл өткөндөн кийин табылса, улуттук ташуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык тескөөгө укуктуу.

65. Улуттук ташуучу же жүргүнчү ташуу учурунда же тапшыруу учурунда багаждын кандайдыр бир кыйроого же жоготууга учураганын аныктаса, улуттук ташуучу багажды текшерип, жыйынтыгы жөнүндө коммерциялык акт түзөт. Коммерциялык актыга улуттук ташуучу жана коммерциялык акт түзүлүп жаткан учурда жүргүнчү катышкан болсо, жүргүнчү кол коюшат. Кол коюлгандан кийин бир нускасы жүргүнчүгө берилет.

Эгерде жүргүнчү түзүлгөн коммерциялык актынын далилдерин туура эмес деп тапса, ал улуттук мыйзам ченемдерине ылайык, мындай аныктамаларды түзүүчү экспертизалар жоготуунун көлөмүн жана себептерин, багаждын абалын карап чыгуусун суроого укуктуу.

Эгерде жүргүнчү коммерциялык акт түзүлүп жаткан учурда катышпаса, улуттук ташуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, башка күбөлөрдү чакырууга укуктуу.

66. Жүргүнчү зарыл деп тапкан учурда багажга төлөнгөн төлөмдөр менен жөнөтүлгөн жана берилген күн жөнүндө жазуу түрүндө маалымкат талап кылууга укуктуу.

67. Багаж багытталган бекетке келген күнүнөн же бажы органдарынын буйругу боюнча бекет аралыгында кармалгандыгы жөнүндө айтылган учурдан 3 айдын ичинде алынып кетпесе, улуттук ташуучу иш жүзүнө ашырууга болот. Эгерде камерада сактоонун баасы багаждын баасынан жогорулап баратса же узак убакытка сактоодон багаждын баалуулугун жоготот деп табылса, көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда улуттук ташуучу иш жүзүнө ашырууга укуктуу. Эгерде жүргүнчүнүн турган жерин тактап билсе, улуттук ташуучу сатылуучу багаж жөнүндө кабарлайт. Улуттук ташуучу сатылган багаждын суммасынан төлөнбөгөн жана сактоо камерасынын суммасын кыскартып, арткан сумманы жүргүнчүгө кайрып берет.

6-берене. Багажды дарегин өзгөртүп жиберүү

68. Эгерде бажы кызматтары же башка эрежелер менен тыюу салынбаса, жүргүнчүнүн багажды бекеттен башка поездге которуу жөнүндөгү билдирүүсүн улуттук ташуучу канааттандырат. Жүргүнчүнүн багажды бекеттен башка поездге которуу жөнүндөгү билдирүүсү алгачкы ташуу документинин тиркемеси менен багаж сакталган бекеттен бирге берилет. Ташуу документин көрсөтпөсө, жүргүнчүнүн багажды бекеттен башка поездге которуу жөнүндөгү билдирүүсү бул жүргүнчүгө таандык экени тастыкталгандан кийин гана канааттандырылат. Жүргүнчүнүн жол жүрүү документи бар болсо, анын буюмдары акыркы бекетке чейин багаж болуп жеткирилет. Эгерде жүргүнчүнүн жол жүрүү жана жаңы маршрут боюнча багажды ташуу үчүн документи жок болсо, ташуу төлөмү жүк багаж катары саналып төлөнөт. Багажды которуу жана которуу менен байланышкан башка чыгымдарды төлөмү багытталган бекеттен төлөнөт.

69. Жүргүнчү берилген багажды багытталган же жолдогу бекеттерден кайра жөнөтүлгөн бекетке алып келүүсүн талап кылса болот. Бажы жана башка эрежелер менен тыюу салынбаса, бул талап аткарылат. Бул жөнүндөгү билдирүү жөнөтүүчү же багытталган бекетке ташуу документи менен бирге берилиши зарыл. Кайра кайтаруу ташуу документи менен толтурулат.

Колдонулуп жаткан тариф боюнча саналган ташуу төлөмдөрү жана кайтарып берүү менен байланышкан башка чыгымдар багажды алуучудан алынат.

5-Бап. Жүк багаждарын ташуу

 

1-берене. Жүк багажы катары ташуу үчүн кабыл алуунун тартиби

70. Багаждык вагондо бош орундар бар болсо, багаждарды жана жүк багаждарды ташууда зыян келтирилбөөчү шарт менен төмөнкү багаждарды багаждык вагонго жайгаштырууга болот:

а) таңгакка ылайык жөнөтүүчүнүн буюмдары;

б) муздаткычтар, кир жуучу машиналар, тигүүчү машиналар, кичинекей күнүмдүк керектелүүчү буюмдар;

в) эмеректер;

г) искусство буюмдары (картина, скульптура). Улуттук ташуучу жөнөтүүчүдөн бул көрсөтүлгөн нерселерди узатып баруучудан күбөлөндүрүүчү документтерди талап кылууга укуктуу. Жол каттамда коштоп жүрүүчү жүргүнчү вагонунда болот;

д) радио активдүү заттар (аларды ташуу эрежелерине ылайык);

е) жана башка майда жүктөр;

ж) улуттук ташуучу менен башка мамлекеттин ташуучуларынын макулдашууларына ылайык, жүк ташууга муздатууну, шамалдатууну, жылуулатууну жана кам көрүүнү талап кылбаган азык- түлүктөрдү ташууга болот, бирок мындай жүктөрдүн бузулуп кетүүсүндө ташуунун катышуучулары жооп тартпайт.

2-берене. Жүк багаждарын кабыл алуунун тартиби

71. 4-баптын 2-беренесинин 40-пунктунда көрсөтүлгөн нерселерди ташууга жол берилбейт. (Бул берененин 1-тарамчасында көрсөтүлгөн нерселерден башкасына, ошондой эле айнек идиштеги суюктуктар, бош челек менен кутучалар, кабелдик барабандар, поддондор, флягалар, ажыратылып жыйнаштырылган контейнерлер)

72. Зарыл деп санаган учурларда улуттук ташуучу жүк багаждарды текшерүүгө укугу бар. Текшерүү жөнөтүүчү бекеттен жөнөтүүчүнүн катышуусу менен, тосуп алуучу бекеттен тосуп алуучунун катышуусу менен жүргүзүлөт. Жол жүрүүдө же жөнөтүүчүнүн же тосуп алуучунун жок болгон учурунда текшерүү иши алардын катышуусуз эле улуттук ташуучунун өкүлү менен жүргүзүлөт.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы формадагы акт түзүлөт.

3-берене. Жүк багажын кабыл алуу тартиби

73. Эгерде бекеттер ар кайсы мамлекеттерде жайгашса, жүк багажы ташууга автоматташтырылган жүргүнчү ташууларын башкаруу системасынын маалыматтарынын базасына камтылган бекеттен бекетке чейин жүрүү документин көрсөтпөстөн кабыл алынат. Жүк багаждарын кабыл алуу, багаждарды ташууга багытталган вагондорго жүктөө, жөнөтүү бекетинде улуттук ташуучунун өкүлү менен жүргүзүлөт. Жөнөтүүчүдөн түздөн- түз жүк вагондоруна жүк багаждарын кабыл алууга болбойт.

74. Мындай жүк багаждарын берип жибергиси келсе, жиберүүчү улуттук ташуучуга төмөнкүлөрдү камтыган билдирмелерди берүүсү зарыл:

а) жөнөткөн жана багытталган темир жол бекетинин аты;

б) жөнөтүүчүнүн жана алуучунун аты- жөнү, алардын дареги;

в) жүктүн аты, орундун саны, башка орундардын салмагы, таңгак түрү;

г) ачыкка чыгарылган баалуу нерселердин суммасы.

Улуттук ташуучу ташуу мүмкүнчүлүгүн бекитип, жөнөтүүчүдөн алган убактысын билдирмеде көрсөтөт. Темир жол транспорт кызматтарын пайдалануучулардан темир жол бекеттеринин ортосунда багаждык операциялар үчүн ачык, жүк багажын ташууга өз-өзүнчө орун менен 5 кгдан кем эмес 75 кгдан көп эмес салмак менен кабыл алат.

75 кгдан 165 кгга чейинки салмактагы бөлүнбөгөн жүк багажын ташууга кабыл алууда темир жол бекеттеринин бекеттерине чейин багаждык операциялар үчүн ачык которуп алмаштырып жүктөп жол жүрүү поезди менен жүргүзүлөт. Которуп алмаштырып жүктөө темир жол бекетинин макулдугу менен, мындай жүктөр которуп алмаштырып жүктөө жол жүрүү поезди менен жүргүзүлөт.

Жолдо азык-түлүктөрдү ашыкча жүктөөгө жүрүүгө жол берилбейт.

Жолдо айнек же күзгүсү бар буюмдар белгиленген ченемден ашырылбай ташууга кабыл алынат. Айнектин же күзгүнүн бүтүндүгүн камсыз кыла тургандай кылып таңгакталышы зарыл. Ар бир орунга "абайлагыла, айнек" деген жазуу жазылышы керек.

75. Жөнөтүүчү бажы жана башка көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдар үчүн керек деп саналган коштоочу документтерди улуттук ташуучунун жөнөтүүчү бекетинин билдирмесине тиркеп берет. Бул документтер квитанция боюнча жүк багаждарды жөнөтүү үчүн жиберилген жүктөргө гана тиешелүү.

76. Улуттук ташуучу жөнөтүүчүнүн жүк багаждарды жөнөтүү үчүн жиберген коштоочу документтеринин жеткиликтүүлүгүн жана тууралыгын текшерүүгө укугу жок.

77. Жөнөтүүчүгө ташууга жиберген жүк багажын тастыктоо үчүн төмөнкүлөрдү камтыган ташуу документи берилет:

а) жөнөткөн жана багытталган темир жолу жана бекеттин аты;

б) поезддин номери жана жөнөтүлгөн датасы;

в) жүргөн жолу;

г) жөнөтүүчүнүн жана алуучунун аты-жөнү, алардын дареги;

д) билинген баалуулугу;

е) жиберилген жүк ордунун саны, таңгак түрү, салмагы;

ж) ташуу төлөмдөрү.

Жөнөтүүчү ташуу документин алып жатканда туура толтурулгандыгын текшерип тастыктап алуусу зарыл.

Ташуу документинде көрсөтүлгөн дата жүк багажды кабыл алган күн деп саналат. Ташуу документинде коштоочу документтер көрсөтүлөт.

78. Жүк багаж ташууга ылайыкташтырылган таңгакта жол жүрүү учурунда бүтүмдүгүн камсыздаган, кыймылдаткыч курамга залал тийгизбеген , жана башка жүргүнчүлөрдүн багаждарына тоскоолдук жаратпаган, тейлөөчү кызматчылардын ишине терс таасир тийгизбеген оромдо болушу шарт.

79. Ар бир тапшырылган жүк багажда жөнөтүүчү же анын атынан улуттук ташуучу төмөнкүлөрдү көрсөткөн белгилерди коюусу зарыл:

а) жөнөткөн жана багытталган темир жолу жана бекеттин аты;

б) жөнөтүүчүнүн жана алуучунун аты-жөнү, алардын дареги.

Жөнөтүүчү жүк багаждан эски жазууларды, чаптамаларды, эски жазылган даректерди өчүрүүгө тийиш.

Таңгактын түрүнө жараша ар бир жук багажга алардын ордун көрсөткөн , улуттук ташуучу бекиткен үлгүдөгү чаптамалар чапталат. Жөнөтүүчү ар бир жүк багажга өзүнүн жашаган дарегин көрсөтсө жакшы болот.

80. Жүк багажды тапшырууда анын баалуулугун билдирүүсү милдет. Улуттук ташуучунун жөнөтүүчү бекети баалуулугун билдирилбеген учурда кабыл алуудан баш тартууга укугу бар.

Азык-түлүктөргө баалуулук ыйгарылбайт.

4-берене. Жүк багажын жеткирүүнүн мөөнөтү

81. Жүк багажды жеткирүүнүн мөөнөтү вагон багажын ташуу үчүн багытталган поезддин жүрүү каттамына жараша белгилүү пункттар аралыгында бир мезгилде каттаган убактысын эске алуу менен багытталган бекетте жүк багаждын зарыл документтерин толтуруу менен аныкталат.

82. Жүк багажды жеткирүүнүн мөөнөтү бул Эреженин 4-бөлүмүндөгү 17-пунктунда көрсөтүлгөн жүрүү каттамында ар бир жүк багажды которуп жүктөөгө 2 суткадан, бир бекеттен башка бекетке автоунаа менен жеткиргенге 3 суткадан, ошондой эле жөнөтүүчүнүн жана алуучунун катачылыктарынын себептеринен кармалган учурда бүт кармалган учурга узартылат.

83. Жүк багажды жеткирүүнүн мөөнөтү жөнөтүлгөн жана багытталган бекеттердин ортосундагы поезддин жүрүү каттамынын аралыгы менен саналат. Жол жүрүү барагындагы "башка белгилер" тарамында ташуучунун ташууну жеткирүүнүн узартылыш себебин көрсөткөн кармалуунун себептери жана узактыгы көрсөтүлөт.

84. Жүк багаж багытталган бекетке убакыттын өтүшү менен жеткирилип, алуучуга багажды алып кетүүсү жөнүндө кабар берилгенден кийин багаж жеткирилди деп саналат. Жөнөтүүлөр алуучунун дарегине жеткирилет, коюлган мөөнөттөн мурун жеткирилсе да жеткирүү мөөнөтү сакталды деп саналат.

85. Эгерде жүк багажды жеткирүүдө кандайдыр бир тоскоолдуктар жаралса, улуттук ташуучу жөнөтүүчүгө кайрылуу зарылчылыгын, же жол жүрүү каттамын өзгөртүү жана бүтүмдүктү сактоо менен багытталган бекетке жеткирүү маселесин өз алдынча чечүүгө укуктуу. Улуттук ташуучу башка жол жүрүү каттамы менен жүргөн убактысын өзү аныктайт, катачылыктар улуттук ташуучунун себептеринен болбосо, ташуу чыгымдары ташуу төлөмдөрүнө киргизилет, катачылыктарды далилдөө жөнөтүүчүгө тийиштүү.

86. Башка жол жүрүү каттамы жок учурда, же башка себептер менен жүк багажды жеткирүү мүмкүн болбосо, ошондой эле жүк багажды тапшырууда карама-каршылыктар жаралса, улуттук ташуучу жөнөтүүчүгө кабарлайт. Бажы жана башка эрежелерге туура келсе, жүк багаждын маселеси жөнүндө кандай кылууну жөнөтүүчүдөн сурайт.

Жөнөтүүчү жөнөтүлгөн бекетке жүк багажды кайрып берүүсүн талап кылууга же болбосо жөнөтүлгөн бекеттен башка бир адамдын алуусун багыштоого укуктуу. Жөнөтүүчү кабарламанын арткы бетине багажды эмне кылуу чечимин көрсөтүп, кабарламаны улуттук ташуучуга берет, улуттук ташуучу жүк багаж жөнүндөгү жөнөтүүчүнүн чечимине ылайык ташуу документине өзгөртүүлөрдү киргизет. Ташуу документсиз жөнөтүүчүнүн чечими жараксыз деп саналат. Эгерде алуучу жүк багажды алуудан баш тартса, жөнөтүүчү ташуу документсиз көрсөтмө бере алат.

Улуттук ташуучу улантучуу башка мамлекеттин ташуучусуна жөнөтүүчүнүн чечимине карата пайда болгон тоскоолдуктар жөнүндө телеграф аркылуу билдирет. Жөнөтүүчүнүн чечими улуттук ташуучунун телеграммасы менен жөнөтүлгөн бекеттен иш жүзүнө ашырылат.

Жүк багажынын которулуп жүктөлгөндүгүнүн жана жол каттамдын өзгөртүлгөндүгүнүн себептери жана узартылгандыгы тууралуу жол жүрүү баракчасында көрсөтүлөт.

87. Эгерде жөнөтүүчүгө жүк ташуудагы же тапшыруудагы тоскоолдуктар жөнүндө кабарлама берилгенден кийин 10 күндүн ичинде жүк багажынын маселеси тууралуу жөнөтүүчүдөн эч кандай кабар келбесе, жүк багаждын жайгашкан территориясындагы мамлекеттин улуттук мыйзамына ылайык жүк багаж маселеси каралат.

Эгерде азык-түлүктөрдү ташууда пайда болгон тоскоолдуктар учурунда, алардын бузулушу жөнүндө маселе жаралса, тоскоолдук жаралган мамлекеттин чегиндеги улуттук мыйзамдын алкагында иш жүзү алып барылат.

Эгерде жөнөтүүчүнүн чечими кабыл алынганга чейин тоскоолдуктардын маселеси чечилсе, улуттук ташуучу жөнөтүүчүнүн чечимин күтпөстөн, жөнөтүүчүгө кабар берип, жүк багажды багытталган бекетке жөнөтө берет.

88. Тоскоолдуктардын маселесинен жаралган бардык чыгымдар жана төлөмдөр, ошондой эле бажылык төлөмдөр жол жүрүү баракчасына киргизилип, жүк багажды алуучудан, же жөнөтүлгөн бекетке кайра кайтарылган учурда жөнөтүүчүдөн алынат.

5-берене. Жүк багажын берүү

89. Жүк багаж ташуу документинде көрсөтүлгөн багытталган бекеттен тапшырылат. Башка мамлекеттин ташуучусу башка мамлекеттин ташуучуларынын ички бекитилген эрежелерине ылайык алуучуга 16 күндүн ичинде жүк багаждын келгендиги тууралуу кабар берүүгө милдеттүү.

Жүк багаж жол жүрүү баракчасында көрсөтүлгөн алуучуга ташуу документисиз берилет. Жүк багаж алуучунун жайгашкан мамлекетинин улуттук мыйзамына ылайык алуучудан башка адамга жазылган ишеним каты менен ишеним катта көрсөтүлгөн адамга берилет. Көрсөтүлгөн эки учурда тең жүк багаж алуучунун күбөлөндүрүүчү документин көрсөтүү менен гана берилет. Жүк багажды алуу жол жүрүү баракчасынын арткы бетине алуучунун кол коюусу менен бекемделет.

Жүк багажды алуучу зарыл деп санаган учурда жол жүрүү баракчасынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн ташуучудан талап кылууга укугу бар.

Жүк багажды багаждык вагондон алуучуга тапшырууга жол берилбейт.

90. Эгерде жүк багаждын келгендиги жөнүндө алуучуга кабарлангандан кийин 10 сутканын ичинде алуучу келбесе, жүк багаж керексиз деп табылып, алуучу жайгашкан мамлекеттин улуттук мыйзамына ылайык иш жүргүзүлөт.

Жүргүзүлгөн иш жөнүндө жөнөтүүчүүгө кабар берилет.

91. Эгерде жүк багаждын жөнөтүүчүсү бир эле учурда алуучу болсо, жүк багаждын бекитилген мөөнөтүндө багытталган бекетке башка мамлекеттин ташуучунун катачылыктарынын себептеринен жеткирилбесе, улуттук ташуучудан бажы жана башка эрежелерге каршы келбесе, ташуу документинде көрсөтүлгөн жөнөтүлгөн бекетке кайрып алып келүүсүн талап кылууга укугу бар. Улуттук ташуучу жаңы ташуу документин түзүүгө милдеттүү. Кайрып келүүдө төлөмдөр төлөнбөйт.

6-Бап. Почталык жөнөтүүлөрдү ташуу

 

92. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин күчүндө бекитилген эрежеде мыйзамдардын күчүнө киргендигин эске алуу менен почталык- багаждык, почта вагондорунун ээлери менен улуттук ташуучунун келишимдеринин негизинде почталык жөнөтүүлөрдү ташуу жалпы пайдалануудагы ачык, жүргүнчү поезддеринин бардык категориясынын курамындагы темир жол каттамынын бардык түрү боюнча почталык- багаждык, почта вагондорунда жүргүзүлөт.

7-Бап. Эл аралык келишимдер

 

93. Эгерде, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, белгиленген мыйзам тартибинде күчүнө кирген эл аралык келишимде эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө мурунку эрежелерден айырмаланган башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.