Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c6730f5f-1198-4811-90ca-b31317cd9e49\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ

БУЙРУК

2017-жылдын 30-январы № 40

Кыргыз Республикасынын Темир жол өтмөктөрүн иштетүү боюнча эрежелерин бекитүү жөнүндөгү

"Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 сандуу токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасында темир жол өтмөктөрүн коопсуз пайдалануу жана укуктук негизди камсыздоо максатында,

БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Темир жол өтмөктөрүн иштетүү боюнча эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул буйрук расмий түрдө жарыялангандан тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 7-февралында № 15-16 жарыяланды

3. Ченемдик укуктук актынын көчүрмөлөрү мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө, аталган ченемдик укуктук акты жарыяланган булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин орун басары Осоев Э. көзөмөлдөөгө алсын.

 

Министр

Ж. Калилов