Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 30-январындагы № 40 буйругу менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Темир жол өтмөктөрүн иштетүү боюнча
ЭРЕЖЕЛЕРИ

Бул Эреже:

өтмөктөрдүн жалпы жоболорун, классификациясын жана категориясын аныктоо тартибин;

өтмөк куруу, жабдуу, тутуу жана оңдоого карата талаптарды;

өтмөк нөөмөтчүсүнүн жумушун уюштурууну жана анын милдеттерин;

транспорт каражаттарынын өтмөк аркылуу жана темир жолдордун жасалма курулмаларынын астынан өтүүдөгү жана мал айдоодогу негизги талаптарын белгилейт.

1.    Жалпы жоболор

 

1.1. Темир жол өтмөктөрү - автомобиль жолдорунун темир жолдор менен бир деңгээлде кесилишкен жери. Кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, поезд жана транспорт каражаттарын өткөрүү шарттарын жакшырткан керектүү механизмдер менен жабдылат.

Өтмөктөр - жол кыймылынын катышуучулары жана темир жол жумушчуларынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жол кыймылы эрежелеринин (мындан ары ЖКЭ), Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2015-жылдын 29-октябрындагы буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын № 311 Темир жолун техникалык жактан иштетүү эрежелеринин (мындан ары ТИЭ) жана ушул Эрежелердин так аткарылышын талап кылган жогорку кооптуулуктагы объектилер.

1.2. Эрежеде төмөнкүдөй негизги түшүнүк жана терминдер колдонулат:

Автомат светофор сигнализациясы - өтмөктүн транспорт каражаттарынан алдын ала бошотулушун камсыз кылган аралыкка поезд жакындаганда автомат түрдө иштеген, поезд өтүп кеткен соң автомат түрдө өчүрүлгөн өтмөк сигнализациясы системасы, мында өтмөктөн транспорт каражаттарынын өтүшү кезек менен жымыңдаган эки кызыл сигналы (оту) бар атайын өтмөк светофорлору менен жөнгө салынат.

Бар болсо, өтмөк светофорлору ай түстүү, жымыңдаган ак сигнал (от) менен толукталат.

Өтмөк светофорлорунун жымыңдаган кызыл сигналдары (оттору) үн сигналдары менен толукталат.

Нөөмөтчүсү бар өтмөктөрдө автомат светофор сигнализациясы автомат же жарым автомат шлагбаумдар менен бирге колдонулат.

Автомат шлагбаумдуу автомат светофор сигнализациясы - поезддин жакындоо тилкесине киришинен жана үн жана светофор сигнализациясынын күйгүзүлүшүнөн кийин эсептелүү убакытта шлагбаум устундары автомат түрдө жабык (жатык) абалга келтирилген система. Шлагбаум устундары ачык (тик) абалга өтмөктүн поездден бошотулушунан кийин да автомат түрдө келтирилет.

Автомат светофор сигнализациясы менен жабдылган өтмөктөр нөөмөтчү жумушчулар тарабынан тейленет.

Жарым автомат шлагбаумдуу автомат светофор сигнализациясы - поезддин жакындоо тилкесине киришинен жана үн жана светофор сигнализациясынын күйгүзүлүшүнөн кийин эсептелүү убакытта шлагбаум устундары автомат түрдө жабык (жатык) абалга келтирилген система. Шлагбаум устундары ачык (тик) абалга өтмөк нөөмөтчүсү тарабынан атайын кнопкага басуу аркылуу келтирилет.

Башкы жолдор - эки бекет арасы жолдор, ошондой эле жанаша жаткан эки бекет арасы жолдордун түздөн-түз уландысы болгон жана жебе котормолорунда кыйшайбаган бекет жолдору.

Өтмөк чектери. Автомобиль жолу тараптан - шлагбаумдардын огунда автомобиль жолун кескен сызык, шлагбаум жок жерде - "Бир тилкелүү темир жол" 1.3.1 жана "Көп тилкелүү темир жол" 1.3.2 жол белгилеринин орнотулуш огунда кескен сызык. Темир жол (жолдор) тараптан - өтмөк төшөмөсүнүн кырларынан эки жакка тең 50 м аралыкта жолду (жолдорду) кескен сызык.

Тосмо сигнализациясы - өтмөктөрдүн алдында орнотулган жана өтмөк нөөмөтчүсү тарабынан башкарылган тосмо (поезд жана маневр курамдары үчүн) светофорлору.

Тосмо светофорлору катары өтмөккө эң жакын турган өтмөк светофорлору, ошондой эле керектүү көз карандылык белгилери менен жабдылган кириш, чыгыш, эскертүү, кириш алдындагы, маневр жана каттам светофорлору колдонулушу мүмкүн.

Туура эмес жол - адистештирилген багытка тескери багытта поезддер жүргөн темир жол тилкеси.

Кабарлама сигнализация - поезддин өтмөккө жакындашы тууралуу кабар нөөмөтчүгө көрүнмө жана үн сигналы менен берилген, өтмөк тосмосунун техникалык каражаттары нөөмөтчү тарабынан күйгүзүлүп өчүрүлгөн өтмөк сигнализациясы системасы.

Өтмөк сигнализациясы - темир жол өтмөктөрүндө колдонулган сигнализация системаларынын жалпы аты.

Жанашма жол - өзүнчө ишкана, уюм, мекемелерди (завод, фабрика, шахта, карьер, жыгач-торф кендери, электр станциялары, сүйрөгүч көмөк чордондору ж.д.у.с.) тейлөөгө арналган, жалпы темир жолдор тармагына үзгүлтүксүз рельсалуу колея менен байланган жана темир жолго, уюмга же мекемеге таандык болгон жол.

Поезд - иштеп жаткан бир же бир нече локомотиви же моторлуу вагондору, белгиленген сигналдары бар, түзүлгөн жана чиркештирилген вагондор курамы. Вагонсуз локомотивдер, моторлуу вагондор, автомотрис жана эки бекет арасына жөнөтүлгөн чечилбес типтеги дрезиналар поезд катары каралат.

Поезд сигналдары - поезд, локомотив жана башка кыймылдуу бирдиктерди белгилөө үчүн колдонулган сигналдар.

Туура жол - бир тараптуу же эки тараптуу автобөгөт менен жабдылган, поезддердин белгилүү багытта жүрүшү үчүн адистештирилген, эки жолдуу (көп жолдуу) бекет араларындагы темир жол.

Өтмөктүн өтмө бөлүгү - рельсасыз транспорт каражаттарынын өтмөк чектеринде жүрүшүнө арналган жол элементи.

Светофор сигнализациясы - өтмөк сигнализациясы менен тосмо катары колдонулган атайын светофорлор арасында көз карандылык механизми. Шаарларда түзүк (эсептелүү узундуктагы) жакындоо тилкелерин жабдуу мүмкүн болбогон учурда жанашма жолдордо гана колдонулат.

Бекет жолдору - бекет чектериндеги жолдор - башкы, кабыл алуу-жөнөтүү, сорттомо, жүктөмө-жүк түшүрмө, чоймо, депо (локомотив жана вагон чарбасынын), бириктирме (бекеттердеги өзүнчө парктарды контейнер жайларына, күйүүчү май кампаларына, базаларга, сорттомо платформаларына, вагон тазалоо, жуума, дезинфекциялоо, кыймылдуу курамды оңдоо жана башка операцияларды жасоо жайларына бириктирген), ошондой эле, жасалган операциялар менен максаты белгиленген башка жолдор.

Темир жол өтмөгүн тосмо түзүлүшү (ӨТТ) - поезд (кыймылдуу курам) жакындаганда кыймыл үчүн жабык өтмөккө транспорт каражаттарынын киришине механикалык тоскоолдук жараткан түзүлүш. Нөөмөтчү тарабынан тейленген өтмөктөрдө автомат өтмөк сигнализациясын толуктайт.

Жакындоо тилкеси - электирлүү рельса чынжырлары менен жабдылган, өтмөктүн алдында жайгашкан жол тилкеси, анын узундугу поезддердин жүрүш ылдамдыгына жана поезддин жакындаганын өтмөккө алдын ала кабарлоо жана өтмөк алар менен жабдылган болсо, өтмөк сигнализациясы менен шлагбаумдарды автомат башкаруу үчүн өтмөктүн өтмө узундугуна жараша эсеп менен белгиленет.

Шлагбаум - автомобиль жолунун өтмө бөлүгүн тосуу жана транспорт каражаттарынын (жол кыймылынын катышуучуларынын) өтмөк аркылуу жүрүүсүн токтотуу үчүн түзүлүш. Тосмо устуну менен иштеткичтен турат. Өтмөк светофор сигнализациясы менен жабдылган учурда шлагбаумдар транспорт каражаттарынын өтмөктөн уруксатсыз өтүүсүнөн (жол кыймылынын катышуучуларынын өтүүсүнөн) тоскон кайталоочу түзүлүш болуп саналат.

Кыймылга келтирүү ыкмаларына жараша шлагбаумдар төмөнкү типтерге бөлүнөт:

• автомат - шлагбаумдардын тосмо устундары поезддин жакындоо тилкесине кириши жана өтмөк светофорлорунун кызыл сигналдарынын (отторунун) күйгүзүлүшүнөн кийин эсептелүү убакытта жабык (жатык) абалга автоматтык түрдө которулат. Шлагбаумдар өтмөктүн поездден бошотулушунан кийин да автоматтык түрдө ачык (тик) абалга которулат. Мында өтмөк светофорлорунун кызыл сигналдары (оттору) өчүрүлөт;

• жарым автомат - шлагбаумдардын тосмо устундары поезд жакындоо тилкесине киргенде же бекет нөөмөтчүсү тарабынан поездге сигнал ачылып, каттам бириккенде же атайын кнопка басылганда жабык (жатык) абалга автоматтык түрдө которулат. Шлагбаумдардын тосмо устундары өтмөк нөөмөтчүсү тарабынан атайын кнопканын басылышы менен ачылат (тик абалга келтирилет);

• электирлүү (электрошлагбаумдар) - шлагбаумдардын тосмо устундары кабар сигналынын алынышынан кийин өтмөк нөөмөтчүсү тарабынан атайын кнопканын басылышы менен жабык (жатык) абалга которулат. Шлагбаумдардын тосмо устундары өтмөктүн поездден бошотулушунан кийин өтмөк нөөмөтчүсү тарабынан бул кнопканын мурунку абалга келтирилиши менен ачылат (тик абалга которулат);

• механикалаштырылган шлагбаумдардын механикалык иштеткичи болуп, анын жардамы менен өтмөк нөөмөтчүсү тосмо устундарын ачык (тик) же жабык (жатык) абалга кол аракети менен келтирет;

• жатык-бурма (запас шлагбаумдар) - тосмо устундары ачык абалда автомобиль жолунун өтмө бөлүгүнө параллель болот. Транспорт каражаттарынын кыймылын токтотуу үчүн өтмөк нөөмөтчүсү (же нөөмөтчүнүн милдетин аткарган башка жумушчу) автомобиль жолунун өтмө бөлүгүн тосмо устундар менен колу менен жылдырып тосот.

1.3. Өтмөктү пайдаланган бүткүл уюмдар жана адамдар кыймыл коопсуздугунун башкы шарттарынын бирин жетекчиликке алууга милдеттүү: кыймылда темир жол транспорту жер үстү транспорттун калган бүткүл түрлөрүнүн алдында артыкчылыкка ээ.

Бул Эреженин таасири учурда пайдаланылып жаткан жана кайрадан долбоорлонуп жаткан бардык өтмөктөргө таралат.

1.4. 5 км жана андан азыраак аралыкта жайгашкан жол асты өтмөлүктөрү жана өтмөктөр бар учурда жаңы өтмөктү ачууга тыюу салынат.

1.5. Жыл сайын темир жолдо Улуттук ташуучу тарабынан белгиленген тартипке жараша жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, өнөр жай темир жол транспортунун тармактар аралык жанашма жолдорунун кожоюндары, автомобиль жолдорун башкаруу органы жана автомобиль жолдорун тутуу уюмдары, жүргүнчү жана башка автоунаа уюмдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарымдуу органдын катышуусунда Улуттук ташуучунун Жол чарба, электр энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо филиалдары, темир жол поезддеринин кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы текшерүүчү аппаратынын жетекчилери (зарыл болгондо) тарабынан өтмөктөр комиссия түрүндө текшерилет.

 Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өтмөктөрдүн түзүлүштөрү жана жабдыктарын, ошондой эле жолдун (көчөнүн) жанаша турган тилкелерин ТИЭ, ЖКЭ, ушул Эреже жана өтмөктөрдүн типтүү долбоорлорунун талаптарына шайкеш келтирилиши уюштурулат.

Автомобиль жолдору өтмөктөргө жакын жерлерде канааттандырбаган деңгээлде тутулган жагдайда Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалы Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарымдуу органына, жергиликтүү аймак органынын жетекчилигине автомобиль жолдору тийиштүү абалга келтирилгенге чейин мындай өтмөктөр аркылуу транспорт каражаттарынын жүрүшүн токтотуу тууралуу көрсөтмө тартуулайт.

Жаңы ачылып жаткан өтмөктүн (кайтарууга алынганы да, алынбаганы да) ачылышы жана өтмөк сигнализациясы менен жабдылышы заказчынын эсебинен жүргүзүлөт, андан ары улуттук ташуучу тарабынан тейленет.

2.    Өтмөктөрдүн классификациясы. Өтмөктөрдүн категорияларын аныктоо тартиби

 

2.1. Жайгашкан ордуна жараша өтмөктөр:

жалпы пайдалануудагы өтмөктөр - жалпы пайдалануудагы темир жолдордун жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору, муниципалдык автомобиль жолдору жана көчөлөрү менен кесилиштеринде;

жалпы эмес пайдалануудагы өтмөктөр - темир жолдордун (менчик формасына карабастан) өзүнчө ишкана же уюмдардын автомобиль жолдору менен кесилиштеринде (менчик түрүнө карабастан). Жалпы эмес пайдалануудагы өтмөктөрдүн курулушу, жабдылышы, тутулушу жана тейлениши ишкана, уюм же бул өтмөктөрдөн пайдаланган автомобиль жолдорун башкаруу органдары жана автомобиль жолдорун караган уюмдардын эсебинен жүргүзүлөт.

Темир жолдордун ишкана аймагынын (кампа, депо, элеватор ж.б.) чектеринде бул ишкананын технологиялык жараянын камсыздоого арналган автомобиль жолдору менен кесилиштери технологиялык өтмөлүктөргө кирет жана өтмөк катары катталбоого тийиш. Кыймылдуу курамдын жүрүшүнүн жана алардагы транспорт каражаттарынын коопсуздугу ишкана жетекчилиги тарабынан камсыздалат.

Технологиялык өтмөлүктөрдүн курулуш, каралыш жана тейлениш, ачылыш жана жабылыш тартиби ушул Эрежеде каралган.

Технологиялык өтмөлүк - ишкананын технологиялык процесс иштерин камсыздай турган автомобиль жолдорунун темир жолу менен ишкананын аймагынын чегинде кесилиши.

Темир жол өтмөгүн куруу жана орнотуу иштерин жүргүзүү - ушундай иштерди аткарууга тиешелүү уруксаты бар организациялар менен гана ишке ашырылат.

Өтмөлүктү күтүү жана тейлөө ишкананын эсебинен жүргүзүлөт.

1. Өтмөлүктөр КРнын Темир жолун техникалык пайдалануунун эрежелеринин, типтүү долбоорлордун, КРнын жол кыймылынын эрежелеринин, МАМСТ 23457 "Жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттары, Жол белгилерин, салынган белгилерди, светофорлорду, жол тосмолорун жана багыттоочу орнотмолорду колдонуунун эрежелеринин", МАМСТ Р 50597 "Автомобилдик жолдор жана көчөлөр" Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо шарттары боюнча жол берилген пайдалануу абалына болгон талаптардын", ал эми кайрадан курулуп жана оңдоп-түзөлүп жаткан өндүрүштүк ишканаларга багыт алган жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана подъезддик жолдорду долбоорлоодо Куруу ченемдеринин жана СНиП 2.05.02 нин талаптарына ылайык келиши керек.

2. Өтмөлүктөр ой-чуңкуру жок, тегиз көрүнө турган жерлерде, темир жана автомобиль жолдорунун түз тилкелеринде жайгашканы талапка ылайык келет.

Темир жолдордун автомобиль жолдору менен кесилиши тик бурч боюнча ишке ашырылганы артыкчылыкка ээ болот. Бул шартты аткаруу мүмкүн болбогон учурда кесилишкен жолдордун ортосундагы бурч 60 градустан кем болбошу зарыл. Бурчу аябай эле кууш болуп жайгашып калган өтмөктөрдү автомобиль жолдорун оңдоп-түзөп жатканда кайрадан чогуу оңдоп кетиш керек.

3. Иштеп жаткан өтмөлүктөрдө четки рельсадан 10 м ден аз эмес аралыкта автомобиль жолдору узунунан бойлой жатканда горизонталдык аянтчага же чоң радиустун вертикалдык кыйшыктыгына ээ болуусу зарыл же болбосо кесилиш темир жолдун кыйшык аянтында болгон учурда, бир рельса экинчи рельсадан ашып турушу менен шартталган жантайышка ээ болуусу зарыл.

Автомобиль жолунун өтмөккө кире беришиндеги узунунан кеткен жантайыш 20 м ден кем эмес аралыкта жана аянтчанын алдынан 50% кем болбошу керек.

Жаңы автомобиль жолдорун кайра оңдоодо жана курууда автомобиль жолунун өтмөккө кире бериши четки рельсадан 2 м ден кем эмес аралыкта жана узунунан кеткен профилинде горизонталдык аянтчага ээ болгондой болуп орнотулушу керек.

Автомобиль жолдорунун өтмөккө кире бериш жеринин 50 м ге чейинки аралыгын 30%дан кем эмес узунунан кеткен жантайыш менен долбоорлоо туура болот.

Автомобиль кара жолдорунун өтмөккө кире бериш жери четки рельсанын башчасынан 10 м ден аз эмес аралыкта эки жак тарабына тең катуу каптама орнотулушу менен шартталат.

4. Өтмөккө кире бериштеги ары-бери өтө турган жери жана анын чегиндеги жерлер жана ошондой эле төшөмө, сигналдык мамыча жана тосмолооч жана барьердик же парапеттик тибиндеги тосмолору өтмөктүн типтүү долбооруна шайкеш келиши зарыл.

Өтмөлүктүн ары-бери өтө турган жеринин туурасы автомобиль жолунун ары-бери өтө турган жерине тең болушу керек, бирок 6 м ден кем болбошу да зарыл.

5. Өтмөктүн төшөмөсү темир бетон же жыгач болушу шарт. Төшөмөнүн астындагы жол жыгач жана темир бетон шпалдарга негизделген.

6. Өтмөлүктүн алдында поезддердин кирип келе жаткан жагынан туруктуу белги "С" орнотулат. Авто жол жагынан болсо "Бир колеялуу темир жолу" же "Көп колеялуу темир жолу" деген эскертүүчү жол белгиси орнотулат.

2.2. Улуттук ташуучунун темир жолдор тармагындагы пайдаланылып жаткан өтмөктөрү темир жол жана автомобиль транспортунун кыймылынын интенсивдүүлүгүнө жараша төрт категорияга бөлүнөт (табл. 1).

1-таблица

Өтмөк категориялары

Башкы жолдо поезд кыймылынын интенсивдүүлүгү (эки багытты кошкондо), поезд/сут

Транспорт каражаттарынын кыймылынын интенсивдүүлүгү (эки багыттагысы кошулганда), авто/сут*

өзү менен бирге 200гө чейин

201-1000

1001-3000

3001-7000

7000ден көп

өзү менен бирге 16га чейин, бүткүл бекет жана жанашма жолдорунда

IV

IV

IV

III

II

17-100

IV

IV

III

II

I

101-200

IV

III

II

I

I

200дөн көп

III

II

II

II

 

*  - келтирилген бирдиктерде.

I категорияга автомобиль жолунда транспорт каражаттарынын кыймылынын интенсивдүүлүгүнө карабастан поезддер 140 км/сааттан ашык ылдамдыкта жүргөн темир жолдордогу кесилиштерде жайгашкан өтмөктөр да кирет.

Калган (таблицага алынбаган) бүткүл өтмөктөр IV категорияга кирет.

2.2.1. Өтмөктөр жөнгө салынуучу жана жөнгө салынбас деп бөлүнөт.

Жөнгө салынуучуларга транспорт каражаттарынын айдоочуларына поезддин (кыймылдуу курамдын) өтмөккө жакындаганын кабарлаган өтмөк сигнализациясы менен жабдылган же нөөмөтчү жумушчулар, ошондой эле өтмөктө поезддердин (кыймылдуу курамдын) жана транспорт каражаттарынын кыймылын жөнгө салуу тапшырылган темир жолдун башка жумушчулары тарабынан тейленген өтмөктөр кирет.

 ТИЭнин 1.7 жана 1.8 тарамдары менен белгиленген тартипке жараша көрсөтүлгөн жумушчуларга өтмөк нөөмөтчүсүнүн милдеттерин аткарууга жол берилиши мүмкүн.

Жөнгө салынбагандарга өтмөк сигнализациясы менен жабдылбаган жана өтмөк нөөмөтчүсү жана өтмөктө поезддердин (кыймылдуу курамдын) жана транспорт каражаттарынын кыймылын жөнгө салуу тапшырылган темир жолдун башка жумушчулары тарабынан тейленбеген өтмөктөр кирет.

Мындай өтмөктөрдөн коопсуз өтүү мүмкүндүгү транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан ЖКЭге жараша аныкталат.

2.2.2. Иштеп жаткан өтмөктөрдүн өтмөк сигнализациясы түзүлүштөрү менен жабдылышы Улуттук ташуучу тарабынан бекитилген жылдык жана болочок пландарына жараша жүргүзүлөт.

2.2.3. Жалпы эмес пайдалануудагы 4-категориядагы темир жол өтмөктөрү жөнгө салынбаган өтмөктөргө кирет жана автомат светофор сигнализациясы менен жабдылбастан, автотранспорт айдоочулары жана локомотив машинисти тарабынан көрүлүү шарттары камсыздалган жагдайда жол белгилеринин орнотулушу менен иштетилиши мүмкүн.

2.3. Өтмөк сигнализациясы менен жабдылган жана жабдылбаган өтмөктөр нөөмөтчү жумушчу тарабынан I категориядагы төмөнкүдөй өтмөктөрдө тейленет:

поезддер 140 км/сааттан ашык ылдамдыкта жүргөн тилкелердеги өтмөктөрдө;

трамвай же троллейбус жүргөн автомобиль жолдору менен башкы темир жолдордун кесилиштериндеги өтмөктөрдө;

кыймылдын интенсивдүүлүгү суткасына 16дан ашык поезд жүргөн жана жымыңдаган ай түстүү ак сигналы (оту) бар автомат светофор сигнализациясы менен жабдылбаган жана өтмөк нөөмөтчүсүндө (поезддик диспетчер) өтмөк сигнализациясынын түзүлүштөрүнүн бузуктугунун автомат көзөмөлү бар тилкелердеги II категориядагы өтмөктөрдө.

Өтмөк сигнализациясы менен жабдылбаган өтмөктөр нөөмөтчү тарабынан төмөнкү жагдайларда тейленет:

автомобиль жолунун үч жана андан көбүрөөк башкы темир жол менен кесилиштеринде;

II категориядагы өтмөк канааттандырбас деңгээлде көрүнүп турса, ал эми кыймылдын интенсивдүүлүгү суткасына 16дан ашык поезд жүргөн тилкелерде көрүнүү шарттарына каралбайт.

МАМСТ Р 50597ге жараша нөөмөтчүсүз өтмөктөрдө жакынкы рельсадан 50 м ден ашык эмес аралыктагы транспорт каражаттарынын айдоочуларына 2-таблицада көрсөтүлгөн ченемдерге ылайык ар кайсы тараптан келе жаткан поезддин көрүнүүсү камсыз кылынышы керек;

эгерде III категориядагы өтмөк канааттандырбас деңгээлде көрүнүп турса жана кыймылдын интенсивдүүлүгү суткасына 16дан ашык поезд жүргөн тилкеде жайгашкан болсо, кыймыл интенсивдүүлүгү суткада 200дөн ашык поезд жүргөн тилкеде жайгашкан болсо көрүнүү шарттарына каралбайт.

2-таблица

Өтмөккө жакындаган поезддин көрүнүүсүн камсыз кылуу ченемдери

Өтмөккө жакындаган кезде поезддин белгиленген максимал ылдамдыгы км/с

121-140

81-120

41-80

26-40

25 жана азыраак

Көрүнүү аралыгы, м ден аз эмес

500

400

250

150

100

Эскертүү. Жаңы курулуп жаткан жана кайра курулуп жаткан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана өнөр жай ишканаларына жанашма жолдорду долбоорлоодо автомобилди токтотуу үчүн өтмөктөн көрүнө турган аралыктагы (Бажы кеңешинин "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" Техникалык регламентине ылайык (БК ТР 014/2011)) автомобиль айдоочусуна поезддин өтмөккө жакындаганы 400 м ден аз эмес жерден, жакындаган поезддин машинистине болсо өтмөктүн ортосу 1000 м ден аз эмес аралыктан көрүнүшү камсыз кылынышы керек.

Калган өтмөктөрдү нөөмөтчүнүн тейлеши милдеттүү эмес.

2.4. Жалпы пайдалануудагы темир жолдо ушул өтмөктөрдүн кайра ачылышына жол берилбейт:

I, II жана III категориядагы өтмөктөр;

Поезддин жүрүш ылдамдыгы 120 км/с тан ашык тилкелерде;

Үч жана андан ашык башкы темир жолдун кесилишиндеги IV категориядагы, чуңкурлардагы жолдордун кесилиштеринде жана көрүнүү шарттары камсыздалбаган башка жерлерде (ушул Эреженин 2-таблицасы), жана ошондой эле өтмөктөрдүн нөөмөтчү жумушчу тарабынан тейлениши талап кылынган учурларда.

Жогоруда саналгандардан башка IV категориядагы өтмөктөрдүн кайра ачылышына (башка чечим табуу мүмкүндүгү болбосо) Жол кайгуул кызматы, автомобиль жолдорун башкаруу органы жана автомобиль жолун караган уюм менен макулдашуу боюнча Улуттук ташуучунун уруксаты менен жол берилет.

Пайдаланылып жаткан өтмөктөрдө трамвай жана троллейбус кыймылынын ачылышына жол берилбейт.

2.5. Нөөмөтчүсү бар өтмөктөр шлагбаумдар менен жабдылууга тийиш, анда күнү-түнү нөөмөт жүргүзүлөт. Толук күнкү нөөмөт автомат, жарым автомат жана электр шлагбаумдар менен жабдылган өтмөктөрдө жүргүзүлүүгө тийиш.

Толук эмес нөөмөт жалпы эмес пайдалануудагы өтмөктөрдө, ошондой эле аймак маанисиндеги өтмөктөрдө белгиленет.

Өтмөктүн жумушунун токтотулушунун алдында автомат (жарым автомат, электирлүү) шлагбаумдар өтмөк нөөмөтчүсү тарабынан жатык абалга келтирилет, автомобиль жолунун өтмө бөлүгүн толук тосуп турган запас шлагбаумдар тосмо абалына келтирилет жана кулпуланат.

Күнү-түнү иштебеген өтмөктөрдүн тизмеси жана иштөө сааттары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын ИИМ Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарымдуу органдын жана ошол өтмөк өздөрүнө керектүү болгон уюмдар менен макулдаштырылган соң Улуттук ташуучу тарабынан бекитилген тартипке жараша белгиленет.

Аз иштеген темир жолунун жанашма жана бекет жолдорунда жайгашкан жана жатык-бурма шлагбаумдар менен жабдылган өтмөктөр түзүүчү же локомотив бригадасы тарабынан башкарылган, темир жол тарабынан светофор сигнализациясы менен жабдылууга тийиш. Өтмөктөрдүн сигнализация менен жабдылышына чейин жатык-бурма шлагбаумдар сакталып, мындай өтмөктөр нөөмөтчү жумушчу тарабынан тейленбейт.

Жатык-бурма шлагбаумдардын жабылыш жана ачылыш тартиби же светофор сигнализациясын күйгүзүү жана өчүрүү Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарымдуу органы менен макулдаштырылган соң Улуттук ташуучунун тапшырмасы боюнча кызмат адамы тарабынан бекитилген жергиликтүү эреже менен белгиленет.

Жебе постторунун нөөмөтчүлөрүнүн, темир жол бекети (посту) нөөмөтчүсүнүн имараттарына жакын жайгашкан өтмөктөр Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарымдуу органды менен макулдаштырылган соң Улуттук ташуучу тарабынан белгиленген тартипте Жүк ташуу жана коммерция иши башкармалыгынын жумушчулары тарабынан тейлениши мүмкүн.

2.6. Поезд жана транспорт каражаттарынын кыймылынын интенсивдүүлүгү, өтмөктөрдүн иштөө шарттары жана категорияларынын кайра каралышы Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалы тарабынан иш жүзүндөгү муктаждыгына жараша, бирок бир жылда 1 жолкудан аз эмес текшерилет. Өтмөктөрдүн категориясын аныктоо үчүн поезд кыймылынын интенсивдүүлүгү поезд кыймылынын графигинен алынат, транспорт каражаттарынын кыймылынын интенсивдүүлүгү болсо автомобиль жолдорун караган жол чарба уюмдарынын маалыматына же Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалынын хронометраж байкоолоруна жараша аныкталат.

Мында нөөмөтчү тарабынан тейлөөнүн жоюлушу же калыбына келтирилиши (кайра дайындалышы) болжолдонгон өтмөктөрдүн тизмеси түзүлөт.

Тизме Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарымдуу органы менен макулдаштырылат.

Өтмөктүн нөөмөтчү тарабынан тейленишинин токтотулушунун алдында төмөнкү чаралар көрүлүшү керек:

бекет нөөмөтчүсүндө (поезд диспетчеринде) өтмөктүн (бар болсо) автомат өтмөк сигнализациясынын иштөөсүн текшерүү түзүлүшү менен жабдуу иштеринин аткарылышы;

өтмөктүн абалы жана жабдыктарынын ушул Эреженин талаптарына шайкештиги текшерилгени жана жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарымдуу органы менен макулдаштырылган, өтмөк нөөмөтчүсү болбостон иштетилүүгө даярдыгы тууралуу тыянак чыгарылышы;

өтмөктүн нөөмөтчү жумушчу тарабынан тейленишине байланыштуу автомат, жарым автомат шлагбаум, электр шлагбаум жана башка түзүлүштөрдүн чыгарылышы;

тиешелүү жол белгилеринин алмаштырылышы.

Кыймылдуу курамдын темир жолдун жумушчусу барда өткөрүлүшү каралган өтмөк түзүлүштөрүнүн өтмөктөрдө тейлениш жана иштетилиш тартиби Улуттук ташуучу тарабынан белгиленет. Мындай учурларда Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарымдуу органы менен макулдаштыруу талап кылынбайт.

Өтмөктөрдүн нөөмөтчүсүз иштетилүүгө которууну, ошондой эле өтмөктөрдүн нөөмөтчү тарабынан тейленишине которуу тартибин Улуттук ташуучу белгилейт.

Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарымдуу органы менен макулдаштырылган жерлерде өтмөктө нөөмөттүн жоюлушунан 15 күндөн аз эмес мөөнөттө жакынкы рельсадан 20 м ден аз эмес аралыкта төмөнкүдөй тексти бар табличкалар бир айлык мөөнөткө орнотулушу керек:

"Өтмөк (дата (күн) дөн бери) нөөмөтчүсүз".

2.7. Иштеп жаткан өтмөктөрдүн жабылышы, жабык өтмөктөрдүн (дайыма же убактылуу) калыбына келтирилиши автомобиль жолун башкаруу органы, автомобиль жолун караган уюм жана Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарымдуу органы менен макулдаштырылган соң Улуттук ташуучу тарабынан белгиленген тартипке жараша жасалат. Аймагы жагынан тиешелүү администрация өтмөктүн жабылышына чейин эки айдан аз эмес убакта кабардар кылынышы керек.

Жабылып жаткан өтмөктөрдө (дайыма же убактылуу) төшөмө сөгүлөт, өтмөктөргө автомобиль жолдору тараптан жанашмалар четки рельсадан 10 м ден аз эмес аралыкта туурасынан тосмолор менен тосулат, зарыл учурда тосмодон темир жолдор тарапка 2 м аралыгында чуңкурлар менен тосулат. Өтмөктөргө барган жолдордо эскертүүчү белгилер алынат жана айланманын багытын көрсөткөн маалымат-ишарат белгилери орнотулат.

Жабылып жаткан өтмөктөрдө бүткүл жабдыктар чыгарылат. Өтмөктөрдү иштетүү кыска мөөнөткө токтотулганда жабылыш мөөнөтү бою автомат түзүлүштөр өчүрүлөт, запас шлагбаумдардын устундары транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн жабык абалга келтирилет жана кулпуланат.

Жабылып жаткан өтмөктөргө жанашмаларда Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалы тарабынан транспорт каражаттарынын кайрылышы үчүн аянтчалар жасалат.

Өтмөктүн жабылышын кабарлоо Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарымдуу органы менен макулдаштырылган тартипке жараша, Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалына жүктөлөт.

3.    Өтмөктөрдүн жасалышы жана жабдылышы

 

3.1. Бүткүл өтмөктөрдүн курулушу ТИЭнин, ушул Эреженин, типтүү долбоорлордун, ЖКЖнин, БК ТР 014/2011 талаптарына шайкеш келиши керек. БК ТР 014/2011 талаптарына жараша, өтмөктөрдө транспорт светофорлорунун (6-типтеги) орнотулуш зарылдыгы тиешелүү ченем-техника документтери менен аныкталат. Өзгөчө жагдайларда Улуттук ташуучу менен макулдашууга жараша 1.1.1-1.1.3, 1.1.16, 1.1.17 типтериндеги транспорт светофорлорунун колдонулушуна жол берилет.

3.2. Өтмөктөр чуңкурлардын чектеринин жана канааттандырар көрүнүү шарттары камсыздалбаган жерлердин тышында, темир жана автомобиль жолдорунун түз тилкелеринде жайгашууга тийиш.

Темир жолдор менен автомобиль жолдору басымдуу түрдө тик бурч астында кесилишүүсү керек. Бул шартты аткаруу мүмкүн болбогондо кесилишкен жолдордун арасындагы тар бурч 60°тан аз болбошу керек. Андан дагы таарыраак бурч астында иштеп жаткан өтмөктөр автомобиль жолдорунун кайра курулушу менен бир убакта кайра жасалышы керек.

3.3. Учурдагы өтмөктөрдө четки рельсадан 10 м ден аз эмес аралыкта автомобиль жолунун узунунан кеткен профилинде жатык аянтчасы же чоң радиустагы тик ийри сызыгы же бир кесилиш жолдун ийри тилкесинде болгон кезде бир рельсанын экинчисинен жогору турушу менен шартталган эңкейиши болушу керек.

Автомобиль жолунун аянтчанын алдында 20 м ден аз эмес аралыкта өтмөккө жанашмасынын узунунан кеткен эңкейиши 50%дан көп болбошу керек.

Жаңы автомобиль жолдору кайра курулуп жана курулуп жатканда жанашмалар четки рельсадан 2 м ден аз эмес аралыкта автомобиль жолунун узунунан кеткен профилинде жатык аянтчасы боло тургандай орнотулушу керек.

Автомобиль жолунун өтмөккө жанашмалары 50 м ден аз эмес аралыкта 30%дан ашпаган узунунан кеткен эңкейиш менен долбоорлонууга тийиш.

Татаал шарттарда (тоолуу райондор, шаар көчөлөрү ж.б.) автомобиль жолунун өтмөктөргө жакындаган кездеги профили Жол кайгуул кызматы жана жол иштетүү уюмдары же автомобиль жолдорунун башка кожоюндары менен макулдаштырылган жеке формада белгиленет.

Автомобиль кара (катуу төшөмөсү болбогон) жолдорунун өтмөккө жакындаган кезде четки рельсанын башчасынан 10 м ден аз эмес аралыкта эки тарапка карай катуу төшөмө жаткырылышы керек.

3.4. Жаңы отургузулуп жаткан коргоочу бак-дарактар транспорт каражаттарынын айдоочуларына өтмөктөн 50 м жана андан азыраак аралыкта өзүнө жакындап келе жаткан поезддин 500 м ден кем эмес аралыкта көрүнүшүн камсыз кылышы керек.

3.5. Өтмөккө жакындаган кезде жана анын чектеринде жолдун өтмө бөлүгү, ошондой эле төшөлмө, сигнал мамычалары, тосмо же парапет тибиндеги перила жана тосмолор өтмөктүн типтүү долбооруна шайкеш келиши керек.

Өтмөктүн өтмө бөлүгүнүн кеңдиги автомобиль жолунун өтмө бөлүгүнүн кеңдигине тең, бирок 6 м ден кем эмес болушу керек, мал айдап өткөрмө жерлериндеги төшөлмөнүн кеңдиги болсо 4 м ден кем болбошу керек.

Өтмөктүн төшөмөсү темир бетон же жыгач болушу керек (сүр. 1а). төшөмөнүн астындагы жол жыгач же темир бетон шпалдарга негизделген.

 

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\TOKTOM\b5079d7a-7c74-4160-8771-1a53604e6060\document.files\image000.jpg

 

Сүр. 1а

1 - шпала

2 - жол рельси

3 - контррельс

4 - төшөмө

5 - жаткырма жыгач элементтери

6 - шагыл

7 - жол полотносу

Колеянын тышкы тарабынан төшөмө рельсалардын башчаларынын үстү менен бир деңгээлде болууга тийиш. Өтмө бөлүгүнүн чектериндеги рельсалардын башчаларынын үстүнүн жабууга салыштырмалуу 2 см ден ашык кыйшаюусуна жол берилбейт.

Колеянын ичинде төшөмө рельсалардын башчаларынын үстүнөн 1-3 см чектеринде жогору болууга тийиш. Төшөмө резина кордалуу же полимер материалдан болсо рельса аралык төшөмөнүн рельсалардын башчаларынын деңгээлинен ылдый түшүүсүнө жол берилбейт.

Мерчемдүү тартипте кайра жасалышына чейин иштетилип жаткан өтмөктөрдө колеянын ичиндеги төшөмөнүн 3-4 см чектеринде жогорулатылышына жол берилет.

Төшөмөнүн конструкциясына жараша кыймылдуу курамдын дөңгөлөктүү жубунун тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо үчүн типтүү долбоор боюнча төшөмөнүн чектеринде контррельсалар жаткырылышы мүмкүн. Алардын учтары 50 см ге жеткен жерде колеянын ичине 25 см ге бүгүлөт. Ноонун эни 75-110 мм, тереңдиги 45 мм ден кем эмес орнотулат.

Ар жолдун колеясынын ичинде нөөмөтчүсү бар өтмөктөрдө (бир жолдуу тилкелерде - эки жагынан тең) төшөмөдөн 0,75-1,0 м аралыкта поездди токтотуу ташыма сигналдарынын (кызыл калкан, чырак) орнотулушу үчүн металл түтүктөр түрүндөгү аспаптар, ошондой эле кыймылдуу курамдын төмөнкү габаритсиздигин аныктоо үчүн аспаптар бекитилет (сүр. 1б).

 

Описание: x002

 

сүр. 1б. Поезддерде төмөнкү габаритсиздикти табуу үчүн аспап:

1 - 140   1300   15 мм өлчөмүндөгү жыгач планка;

2 - болт же валик;

3 - металл казык;

4 - шпала

Эскертүү. 1. Тик жана жатык жылышуудан жыгач планка гайкалуу бир болт же шплинти бар валик менен бекитилет 2. Темир-бетон шпалдары бар жолдо казыктар шпала кутусуна салынган жыгач шпалга кагылат.

Шлагбаум тиректери, өтмөк сигнализациясынын светофор мамылары, тосмолор, перила жана багыттоочу мамычалар (сүр. 2) жолдун өтмө бөлүгүнүн кырынан 0,75 м ден аз эмес аралыкта жайгаштырылышы керек. Багыттоочу мамычалар өтмөктүн эки жагында тең четки рельсалардан 2,5 дан 16 м ге чейинки аралыкта ар 1,5 м сайын орнотулат.

Өтмөктөрдө мал айдап өтүү үчүн темир-бетондон, жыгач же металлдан бийиктиги 1,2 м болгон барьер тибиндеги перила же тосмолор орнотулат, механикалаштырылган шлагбаумдарга болсо тосмо торлору асылат.

Өтмөктөрдүн тосмолору БК ТР 014/2011 талаптарына ылайык боёлот.

Өтмөктөрдө автомобиль жолу жагынан жол белгилери орнотулат.

 

Описание: x004

 

сүр. 2. Жалпак (а) жана цилиндир (б) кыртыштуу багыттоочу мамычалар:

1, 2 - шайкеш түрдө сары (ак) жана кызыл түстөгү жарык чагылдыруучу түзүлүштөр.

Бажы кеңешинин "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" Техникалык регламентине (БК ТР 114/2011) ылайык, өтмөктөр калктуу жайларда жайгашкан жана тротуарлары бар автомобиль жолдору аларга жанашкан жагдайда, өтмөктөрдө жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана Жол чарбасы филиалынын жетекчилигинин чечими менен жөө жүргүнчү жолчолору уюштурулушу керек. Мындай өтмөктөрдө өтмөк сигнализациясы барда жөө жүргүнчү жолчолору жол кыймылынын катышуучуларына өтмөк аркылуу өтүүгө тыюу салынганын кошумча кабарлаган добуш сигнализациясы менен жабдылат.

Өтмөккө транспорт каражатынын уруксатсыз киришине бөгөт менен жабдылган өтмөктөрдүн (ӨТТ) жөө жүргүнчү жолчолору менен добуш сигнализациясы болууга тийиш.

3.6. Темир жол тараптан өтмөккө жанашмаларда (сүр. 5; 6) поезд машинисттери тарабынан ышкырык берилиши тууралуу туруктуу эскертүүчү "С" сигнал белгилери, автомобиль жолу тараптан болсо бүткүл нөөмөтчүсүз өтмөктөрдүн алдында - "Бир тилкелүү темир жол" 1.3.1 эскертүүчү же "Көп тилкелүү темир жол" 1.3.2 белгилери жана башка белгилер орнотулат (сүр. 4).

Өтмөктө светофор сигнализациясы барда 1.3.1 жана 1.3.2 белгилери светофорлор менен бир тиректе, ал жокто - жакынкы рельсадан 20 м ден аз эмес аралыкта орнотулат.

"С" сигнал белгилери өтмөктөрдөн 500-1500 м аралыкта поезддердин жүрүш багыты боюнча оң жакта, 120 км/с тан ашык ылдамдык менен поезддер жүргөн эки бекет араларында - 800-1500 м аралыкта орнотулат.

Айрыкча начар көрүнүү шарттарында нөөмөтчүсүз өтмөктөрдүн алдында өтмөктөн 250 м аралыкта кошумча "С" сигнал белгилери орнотулууга тийиш (120 км/с тан ашык ылдамдык менен поезддер жүргөн эки бекет араларында - 400 м аралыкта).

3.7. Өтмөк сигнализациясы менен жабдылбаган нөөмөтчүсүз өтмөктөрдүн алдында жакынкы рельсадан 50 м ден ашык эмес аралыктагы транспорт каражаттарынын айдоочуларына жолдун көрүнүүсүнүн эсеп аралыгына тең аралыкта поезддин көрүнүүсү камсыздалбаган болсо (ушул Эреженин 2-табл.), ошондой эле өтмөктө жумуш жасалып жатканда "Токтобостон жүрүү тыйылган" 2.5 артыкчылык жол белгиси орнотулат. 2.5 белгисинин орнотулушунун зарылдыгы комиссия тарабынан белгиленет (ушул Эреженин 1.3 тарамы). Аны орнотуу орду БК ТР 014/2011ге ылайык кабыл алынат.

Кайра уюштурулушуна чейин мындай өтмөктөрдүн алдында кыймыл коопсуздугунун жогорулатылыш максатында "Кыргыз темир жолу" УК" МИ тарабынан айрым учурларда поезддердин жүрүш ылдамдыгын туруктуу чектөө белгиленет.

3.8. Мал айдап өтүү ордуна жакындамада четки рельсадан 20 м аралыкта орусча жана кыргызча "Поездден абайла! Мал айдап өтүү орду", "Берегись поезда! Место прогона скота" деген жазуусу бар табличкалар орнотулат, четки рельсадан 3-4 м аралыкта мал айдап өтүү жолчолорунда жолго транспорт каражаттарынын чыгышын болтурбоо үчүн туурасынан мамычалар орнотулат.

3.9. Өтмөктүн эки жагынан тең электирлештирилген линияларда шлагбаумдан 5 м ден аз эмес аралыкта белгиде "4,5 м" цифрасы бар 3.13. "Бийиктик чектөө" тыюучу жол белгилери, алар жокто - четки рельсадан 14 м ден аз эмес аралыкта орнотулат.

3.10. Автомобиль жолдору тараптан өтмөктөргө жанашмаларда шлагбаум алдында, алар жок жерде - ЖКЭне жараша 1.3.1 же 1.3.2 белгисинин алдында 1.1. "Шлагбаумдуу темир жол өтмөгү" же 1.2 "Шлагбаумсуз темир жол өтмөгү" эскертүүчү жол белгилери 150-300 м аралыкта, калктуу жайларда - четки рельсадан 50-100 м аралыкта башка жол белгилери да орнотулат (сүр. 5, 6).

1.1 жана 1.2 белгилери эки тарапка тең жүрүү үчүн үч же андан көп тилкеси бар жолдордо, ошондой эле калктуу жайлардын тышында өтмөктүн көрүнүү аралыгы 300 м ден аз болсо, калктуу жайларда - 100 м ден аз болсо, эки тарапка тең жүрүү үчүн бир же андан көп тилкелерде орнотулат.

Автомобиль жолдорун - жакынкы рельсалардын шпалдарынын учтарына чейин жалпы жана жалпы эмес пайдалануудагы өтмөктөргө жанашмаларды оңдоо жана кароо иштери ушул Эреженин 1-тиркемесинде баяндалган темир жол өтмөктөрүндө автомобиль жолдорун караган жол чарба уюмдарынын талап жана укуктарына жараша бул жолдордун кожоюндарынын каражатына жасалат.

Жол белгилерин орнотуу жана кароо, жер полотносун, өтмө бөлүгүн, тосмо мамычаларын жана автомобиль жолунун башка жабдыктарын кароо жана оңдоо габарит дарбазасынын тышында, алар жокто "Бир тилкелүү темир жол" жана "Көп тилкелүү темир жол" белгилеринин чектеринен тышкары же темир жолдордон четте шлагбаумдардын аркасында жол иштетүү уюмдары тарабынан жасалат.

Мында жакынкы рельсалардын шпалдарынын учтарынан 10 м аралыктагы жумуштар Улуттук ташуучунун Жол чарбасы филиалы менен макулдашуу боюнча Улуттук ташуучунун Жол чарбасы филиалынын жетекчилиги тарабынан ыйгарым укук берилген жумушчунун катышуусу менен жасалат.

3.11. Нөөмөтчүсү бар өтмөктөр шлагбаумдар менен жабдылат.

Автомат жана жарым автомат шлагбаумдардын, ошондой эле электирлүү шлагбаумдардын устундары кызыл түстөгү жарык чагылдыруучу түзүлүштөр менен жабдылууга жана алардын стандарт узундугу 4, 6 жана 8 м болууга тийиш.

Автомат жана жарым автомат шлагбаумдар, ошондой эле электирлүү шлагбаумдар транспорт каражаттарынын кыймыл жүрүшү боюнча автомобиль жолунун оң жагындагы өтмө бөлүгүнүн жарымынан аз эмесин жабууга тийиш. Жолдун 3 м ден кем эмес сол жагы жабылбайт. Зарыл болгондо стандарт эмес узундуктагы көрсөтүлгөн шлагбаумдардын орнотулушуна жол берилет.

Транспорт каражаттары интенсивдүү жүргөн, ошондой эле жүргүнчү поезддери ылдам жүргөн өтмөктөрдө мындай өтмөктөргө транспорт каражаттарынын уруксатсыз киришинен темир жол өтмөктөрүнүн атайын тосмо түзүлүштөрү (ТТТ) колдонулушу мүмкүн. Механикалаштырылган шлагбаумдар жолдун бүткүл өтмө бөлүгүн жабууга жана караңгы мезгилде, ошондой эле начар көрүнүү шарттарында (туман, бурганак жана башка жагымсыз шарттар) сигнал чырактарына ээ болууга тийиш. Механикалаштырылган шлагбаумдардын тосмо устундарында орнотулган сигнал чырактары автомобиль жолу тарапка төмөнкүдөй белгилерди берүүгө тийиш:

шлагбаум жабык абалда - кызыл сигналдар (оттор);

шлагбаум ачык абалда - тунук ак түстүү сигналдар (оттор).

Темир жолу тарапка - шлагбаумдар ачык да, жабык абалда көзөмөл тунук ак түстүү сигналдар (оттор).

Шлагбаумдар өтмөктүн эки жагынан тең автомобиль жолунун четинде оң жагында жабык абалында устундары жолдун өтмө бөлүгүнүн кыртышынан 1-1,25 м бийиктикте жайгашкандай орнотулат. Мында механикалаштырылган шлагбаумдар четки рельсадан эң аз 8,5 м жана эң көп 14 м аралыкта; автомат, жарым автомат шлагбаумдар жана электирлүү шлагбаумдар - тосмо устунунун узундугуна жараша четки рельсадан эң аз 6, 8, 10 м (4, 6, 8 м) аралыкта жайгаштырылат.

Жол, курулуш жана түзүлүштөрдү оңдоодо өтмөктү тосуу үчүн негизги шлагбаумдардан автомобиль жолу тарапка эң аз 1 м жана жолдун өтмө бөлүгүн негизги шлагбаумдарчалык жаап турган кол менен кыймылга келтирилген запас жатык-бурма шлагбаумдар колдонулууга тийиш. Бул шлагбаумдарда сигнал чырагынын ачык жана жабык абалдарда бекем тагылышы жана асылышы үчүн аспаптары болууга тийиш.

Шлагбаумдардын тосмо (негизги жана запас) устундары кезектешкен кызыл жана ак түстөгү, (автомобиль жолу тараптан караганда) туурасынан 45-50º бурч астында оңго эңкейтилген тилкелер менен боёлот. Тилкелердин эни 500-600 мм. Тосмо устунунун учунда 250-300 мм лик кызыл тилке болууга тийиш. Шлагбаумдардын устундары кызыл түстөгү жарык чагылдыруучу түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш.

3.12. Автомат жана жарым автомат шлагбаумдардын түзүк абалы ачык, электирлүү шлагбаумдар менен механикалаштырылган шлагбаумдардын абалы жабык болот. Айрым учурларда транспорт каражаттары интенсивдүү жүргөн өтмөктөрдө, ошондой эле башка кызматтардын тейленишине берилген өтмөктөрдө электирлүү шлагбаумдар менен механикалаштырылган шлагбаумдардын түзүк абалы ачык болуп белгиленет.

Шлагбаумдар түзүк жабык абалында алар жакындап келе жаткан поезд жокто транспорт каражаттарынын өткөрүлүшү үчүн гана ачылат.

3.13. Эки багытта тең эки же үч жүрүш тилкеси бар жолдордо карама-каршы багыттагы транспорт каражаттарынын агымдарын ажыратуу үчүн (ок сызыгы) Бажы союзунун "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" Техникалык регламентине (БК ТР 014/2011) ылайык, өтмөктөрдүн алдында жакынкы рельсадан 1.12 белгисине чейин (стоп сызыгы) жана 1.12 жол боёк белгисинен 100 м аралыкта 1.1 жатык жол боёк белгиси коюлат. 1.12 жол боёк белгиси шлагбаумдан же светофордон 5 м ден кем эмес аралыкта, алар жокто - жакынкы рельсадан 10 м ден кем эмес аралыкта коюлат.

Бир багыттагы жүрүш үчүн эки же андан көп жүрүш тилкесинин чектеринин белгилениши үчүн өтмөктөрдүн алдында 1.12 жол боёк белгисинен 20 (40) м ден кем эмес аралыкта 1.3 жол боёк белгиси коюлат.

3.14. Нөөмөтчүсү бар өтмөктөрдө типтүү долбоорлорго жараша нөөмөтчүлөр үчүн имараттар - темир жол боюнда автомобиль жолу тарапка чыгышы бар өтмөк постунун имараттары курулууга тийиш. Өтмөк постунун имараттарындагы темир жол тарапка чыгыштар перила менен тосмолонууга тийиш.

3.15. I жана II категориядагы бүткүл өтмөктөр, ошондой эле жол бою электр камсыздыгы линияларынын же башка туруктуу электр камсыздыгы булактары барда III жана IV категориядагы өтмөктөр электр менен жарыктандырылууга тийиш.

Темир жол транспорту объектилеринин РД 3215 Жасалма жарыктандыруу ченемдерине жараша өтмөк чектеринде жарык төмөнкүдөй болууга тийиш: I категориядагы өтмөктөр - 5 лк; II категориядагы - 3 лк; III категориядагы - 2 лк; IV категориядагы - 1 лк.

Жарыктандыруу деңгээли темир жол пландарына жараша биринчи кезекте II категориядагы, андан кийин III жана IV категориядагы өтмөктөрдө 5 лк га чейин жеткирилүүгө тийиш.

Керектүү учурларда өтүп бараткан поезддерди текшерүү үчүн өтмөктөр прожекторлор менен жабдылат.

Ылдам автомобиль жолдорунда жана жалпы шаар маанисиндеги магистралдуу көчөлөрдөгү өтмөктөрдө Бажы союзунун "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" Техникалык регламентине (БС ТР 014/2011) ылайык, чырактар орнотулууга тийиш.

Өтмөк сигнализациясы түзүлүштөрүнүн электр менен камсыздыгы иштеп жаткан ченемдерге шайкеш келиши керек. Мында туруктуу электр агымынын рельса чынжырлары бар автоматика түзүлүштөрү үчүн аккумулятор резерви каралууга тийиш.

3.16. Нөөмөтчүсү бар өтмөктөр поезд локомотивдеринин машинисттери менен радиобайланыш, эң жакын бекет же пост менен, диспетчер борборлоштуруусу бар тилкелерде поезд диспетчери менен түз телефон байланышы болууга тийиш. Телефон байланышы аркылуу чакыруу тышкы шыңгырак (бакырчак-ревун) менен толукталат.

3.17. Өтмөктөрдү өтмөк сигнализациясы менен жабдуу боюнча негизги талаптарга жараша, өтмөктөр сигнализация механизмдери менен жабдылат (2-тиркеме).

Сигнализация түзүлүштөрү менен биринчи кезекте автобус жүргөн өтмөктөр, ошондой эле поезд жана транспорт каражаттары интенсивдүү жүргөн, поезд жогорку ылдамдыкта жүргөн, начар көрүнүү шарттарында башкы жолдордо жайгашкан өтмөктөр жабдылууга тийиш.

3.18. Өтмөк сигнализациясы менен жабдылган өтмөктөрдүн алдындагы автомобиль жолдорунда кезек менен жымыңдаган, жатык эки кызыл сигналы (оту) бар светофорлор орнотулат, алардын маанилери төмөнкүдөй (сүр. 8).

• кызыл сигнал (от) күйүк - транспорт каражаттарынын жүрүүсү тыйылган;

• кызыл сигнал (от) өчүк - айдоочу өтмөккө жакындап келе жаткан поезддин жоктугуна көзү жеткен соң гана транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө уруксат берилет.

Светофорлор транспорт каражаттарынын жүрүү багыты боюнча оң жакта орнотулат. Айрым жагдайларда (көрүнүү шарттары, кыймыл интенсивдиги) светофорлордун сигналдары (оттору) автомобиль жолунун каршы тарабында кайталанышы мүмкүн.

Нөөмөтчүсүз айрым өтмөктөрдө кезек менен жымыңдаган эки кызыл сигналы (оту) жана жымыңдаган ай түстүү бир ак сигналы (оту) бар светофор сигнализациясы колдонулуп, алар төмөнкүдөй сигналдарды берет (сүр. 8, б):

• кызыл сигнал (от) күйүк, ай түстүү ак сигнал (от) өчүк - транспорт каражаттарынын жүрүүсү тыйылган;

• ай түстүү ак сигнал (от) күйүк, кызыл сигнал (от) өчүк - транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө уруксат берилет;

• кызыл жана ай түстүү ак сигнал (от) өчүк - өтмөк сигнализациясы өчүк же бузук.

Өтмөктөн өтүүнүн алдында айдоочу жакындап келе жаткан поезддин жоктугуна көзү жетүүгө жана поезд (локомотив, дрезина) өтмөккө жакындап келе жатса, жол берүүгө тийиш.

Транспорт каражаттарынын темир жол өтмөгүнөн өтүүдө конкреттүү аракеттер тартиби ЖКЭ тарабынан белгиленет.

Сигнализациянын өчүрүлүшү же бузуктугу жагдайында диспетчер сигнализациясы бар тилкелерде эң жакын бекеттин нөөмөтчүсү же поезд диспетчери тарабынан өтмөк сигнализациясынын бузуктугу тууралуу кабар автоматтык түрдө берилет.

Кабар алган бекет нөөмөтчүсү же поезд диспетчери ДУ-46 формасындагы журналда өтмөктө автоматиканын бузуктугу тууралуу жазуу жазууга, муну коңшу бекеттердин нөөмөтчүлөрүнө жана БСБ электромеханигине кабарлоого тийиш.

Электромеханик бузуктукту жоюу чараларын көрүүгө тийиш.

Бекет нөөмөтчүсү же поезд диспетчери өтмөктү көздөй бөлөк пункттарда токтобостон жүрүп бараткан поезддердин машинисттерине өтмөктө автоматиканын бузуктугу жана өтмөктөн өзгөчө этият жана 20 км/сааттан ашпаган ылдамдык менен өтүү керектиги тууралуу радиобайланыш аркылуу дароо кабар берет.

Бекеттерде токтомосу бар поезддерге Кыргыз темир жолунда поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамада баяндалган тартипте өтмөк сигнализациясынын бузуктугу тууралуу жазылуу эскертүүлөр берилет.

Автоматтык светофор сигнализациясы автомобиль жолу тарапка токтотуу сигналын берүүнүн башталышы өтмөктүн транспорт каражатынан алдын ала бошотуу үчүн керектүү убакта жасала тургандай жөнгө салынышы керек. Мында поезд жакындоо тилкесине кирген учурда автомобиль жолу тараптагы светофорлордо жымыңдаган кызыл сигналдар (оттор) күйгүзүлөт, ошондой эле жөө жолоочулар үчүн кошумча маалымат катары өтмөктөн өтүүгө тыюу салынганы тууралуу акустикалык сигналдар (шыңгырак же бакырчак) берилет.

Кызыл сигналдар (оттор) поезддин өтмөктү бошотуусунан кийин өчүрүлөт.

Поезддер автобөгөт менен жабдылган бир жолдуу тилкелерде жана эки жана көп жолдуу тилкелерде туура эмес жолдо аныкталбаган багытта жүрүп баратканда жымыңдаган кызыл сигналдар (оттор) поезддин жүрүш багытындагы жакындоо тилкесин поезд бошоткон соң өчүрүлөт.

Светофорлордо жымыңдаган кызыл сигналдар (оттор) поезд жакындоо тилкесине кирген учурдан баштап жана эсеп менен белгиленген убактан кийин күйөт, шлагбаум устундары жатык абалга жай түшүрүлөт. Автомат шлагбаумдар жабык калууга тийиш, светофорлордун жымыңдаган кызыл сигналдары (оттору) поезд өтмөктү толук бошотконго чейин күйүп турууга тийиш.

Поезд өтмөктү толук бошоткондо автомат шлагбаумдардын тосмо устундары тик абалга келтирилет, андан соң светофорлордо кызыл сигналдар (оттор) өчүрүлөт.

Жарым автомат шлагбаумдардын ачылышы жана светофорлордо жымыңдаган кызыл сигналдардын (оттордун) өчүрүлүшү өтмөк нөөмөтчүсү тарабынан "Ачылыш" кнопкасын басуу менен жасалат.

Жакындоо тилкелеринин рельса чынжырлары менен жабдылбашы мүмкүн болгон жанашма жана башка жолдордо нөөмөтчүсү бар өтмөктөрдө светофор сигнализациясында светофорлордун жымыңдаган кызыл сигналдары (оттору) өтмөк сигнализациясынын калканчасында кнопканын басылышы менен күйгүзүлөт. Андан соң маневр светофорунда кызыл от өчөт да, ай түстүү ак от күйөт.

Шаарларда жанашма жолдордо нөөмөтчүсүз өтмөктөрдөгү светофор сигнализациясында кызыл жана ай түстүү ак от менен сигнал берген тосмо светофору катары атайын светофорлор орнотулууга тийиш. Мындай учурларда поездге (маневр курамына) өтмөктөн өтүүгө уруксат берген ай түстүү ак от өтмөк светофорлорунда кызыл сигналдар (оттор) күйгөн соң гана күйгүзүлүшү мүмкүн. Маневр светофорлорунда кызыл от күйгөн соң өтмөк светофорлорунда кызыл сигналдар (оттор) өчүрүлүүгө тийиш.

Көрсөтүлгөн көз карандылык кыскартылган рельса чынжырынын жардамы менен автоматтык түрдө ишке ашырылат.

3.19. Чарба, жумуш, калыбына келтирүүчү жана башка поезддердин эки бекет арасынан кайтышында жана түрлүү кыймылдарында өтмөктөрдөгү кыймыл коопсуздугу ушул Эреженин 4.13 жана 6.3 тарамчаларына жараша камсыздалууга тийиш.

Жакындоо тилкелерине бекет жолдору кирген өтмөктөрдө светофорлордун тыюучу көрсөткүчтөрүндө поезд жөнөгөндө автомат светофор сигнализациясы бекет нөөмөтчүсү тарабынан "Өтмөктүн жабылышы" кнопкасын басуу менен күйгүзүлөт. Мында поезд машинисти өтмөккө жакындаганда 20 км/сааттан ашпаган ылдамдык менен жана кыймыл үчүн тоскоолдук жолукса, токтоого даяр болуп өзгөчө этият менен жүрүшү керек. Мындай өтмөктөрү бар бекеттердин тизмеси Улуттук ташуучу тарабынан бекитилет жана темир жол боюнча буйрук менен жарыяланат.

Бекеттердин чектеринде же айланасында жайгашкан жана өтмөк сигнализациясы менен жабдылган өтмөктөрдө бекет нөөмөтчүлөрү өтмөктүн алдында транспорт каражаттарынын кечигүүсүн болтурбоо үчүн чыгыш сигналдары менен поезд жөнөтүү арасында узак убакытка жол бербөөгө тийиш. Бекет нөөмөтчүсү өтмөккө кабар берүүгө, сигнализация күйгүзүүгө, өтмөк нөөмөтчүсүнө поезддин жөнөшүн телефондон же жергиликтүү эрежелер менен белгиленген башка ыкма менен кабарлоого тийиш.

Автоматика түзүлүштөрү бузук болуп чыкканда поезддердин кыймылынын жөнгө салынышы, поезддердин туура жана туура эмес жолдо жөнөтүлүшү, өтмөк нөөмөтчүсүнө мунун кабарланыш тартиби, ошондой эле өтмөктөн өтүүнүн керектүү шарттары тууралуу поезд машинистинин маалыматы жергиликтүү эреже менен белгиленет.

3.20. "Кармап туруу" кнопкасы керектүү учурларда бекет нөөмөтчүсү тарабынан устун астынан ири өлчөмдүү автомобилдин өтүшүнө чейин жана устундун сынышына жол берилбеши үчүн шлагбаум (электирлүү шлагбаум) жабууну кечиктирүүгө арналган. Мында бекет нөөмөтчүсү тарабынан шлагбаумду кечиктирүү убактысы 5-10 сек. ашпашы керек.

Жарым автомат шлагбаумдар менен жабдылган өтмөктөрдө "Кармап туруу" кнопкасы шлагбаум ачуу үчүн да колдонулат:

Өтмөк нөөмөтчүсү поезд өтмөктөн өткөн жана жакындоо тилкесин бошоткон соң басуу менен ачык абалга которуу үчүн шлагбаумду жүргүзөт.

3.21. Нөөмөтчүсү бар өтмөктөрдө тосмо сигнализациясы жасалат. Тосмо сигнализациялары катары өтмөктөн 800 м ден ашык эмес жана 15 м ден аз эмес аралыкта жайгашкан кириш, чыгыш, эскертүүчү, кириш алдындагы, маневр, өтмөк жана каттам светофорлору алардын орнотулуш ордунан өтмөктүн көрүнүүсү шартында колдонулушу мүмкүн. Саналган светофорлорду колдонуу мүмкүн болбосо, өтмөктүн алдында 15 м ден кем эмес аралыкта атайын тосмо светофорлору орнотулат.

Тосмо светофорлору бир жолдуу тилкелерде өтмөктүн эки жагында орнотулат. Эки жолдуу тилкелерде - туура жолдо, туура эмес жолдо - төмөнкү учурларда орнотулат:

ар бир жолдо поезддер эки тарапка жүргөндө;

шаар айланасындагы аймактарда кыймыл интенсивдүүлүгү суткасына 100 жуп поездден ашык учурда.

Жакындоо тилкелерине бекет жолдору кирген, аларда чыгыш светофорунун тыюучу көрсөткүчүндө бекеттен поезд жөнөтүлгөн убакта поезд жылганда өтмөктүн жабылышына керектүү кабарлоо убактысы камсыздалбаган бекет чектеринде жана тегерегинде жайгашкан өтмөктөрдүн алдында бекет тараптан түзүк күйгөн тосмо светофорлору орнотулушу мүмкүн. Бул учурда поезд светофордун тыюучу көрсөткүчүндө жүргөндө жана өтмөккө жанашкан рельса чынжырына киргенде өтмөк светофорлорунда жымыңдаган кызыл сигналдар (оттор) күйөт, анан транспорт каражаттарынын өтмөктү бошотуусу үчүн керектүү убакыт күтүлгөн соң тосмо светофорунун кызыл оту өчүрүлөт.

Мындай өтмөктөрдүн тизмеси Улуттук ташуучу тарабынан белгиленет.

Поезддер туура эмес жолдо жүргөндө тосмо светофорунун жолдун сол жагында орнотулушуна жол берилет.

Эки жолдуу тилкелерде жайгашкан жана туура жолдо гана жүрүү үчүн тосмо сигнализациясы менен жабдылган өтмөктөрдө Улуттук ташуучу тарабынан туура жолдо жүрүү үчүн тосмо светофорунун тыюучу көрсөткүчү туура эмес жолдо бараткан поезддер үчүн токтоо сигналы болуп саналган тартип каралат.

Тосмо сигнализациясынын талап кылынган көрүнүүсү камсыздалбай жатса, автобөгөт менен жабдылбаган тилкелерде, мындай светофордун алдында эскертүүчү светофор орнотулат, формасы жагынан ал тосмо светофоруна окшош жана негизги светофордун кызыл отунда сары от менен сигнал берет, негизги светофорунун өчүк отунда күйбөйт.

Автобөгөттүү тилкелерде жайгашкан нөөмөтчүсү бар бүткүл өтмөктөр тосмо светофорунун бар-жогуна карабастан автомат локомотив сигнализациясынын коддорун өчүрүү жана өтмөктө поезддердин жүрүүсү үчүн тоскоолдук пайда болгондо өтмөктүн алдындагы эң жакын автобөгөт светофорлорун тыюучу көрсөткүчтөргө которуу үчүн механизмдер менен жабдылууга тийиш.

3.22. Өтмөк сигнализациясын башкаруу калканчасы өтмөккө темир жол жана автомобиль жолу жакындаганда жакшы көрүнгөн жерде өтмөк нөөмөтчүсүнүн постунун сыртында орнотулат. Өтмөк сигнализациясынын тибине жараша башкаруу калканчаларында кнопкалар менен көзөмөл лампалары жайгаштырылат. Алардын дайындалыш багыты жана колдонулуш тартиби долбоор документациясы менен белгиленет жана өтмөктү иштетүү боюнча жергиликтүү эрежеде камтылууга тийиш.

3.23. Кыймыл коопсуздугуна коркунучта же жергенин шарттарына жараша өтмөк нөөмөтчүсүнө жардам көрсөтүү керек болгондо сигнал берүү үчүн өтмөктөрдө атайын сигнализация каражаттары (жарк-журк маякчасы жана сирена) орнотулушу мүмкүн.

Өтмөктөрдүн жабдылыш жана мындай каражаттардын иштетилиш тартиби Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарымдуу органы менен макулдаштырылып, Улуттук ташуучу тарабынан белгиленет.

4.    Өтмөк нөөмөтчүсүнүн жумушунун уюштурулушу жана анын милдеттери

 

4.1. Өтмөк нөөмөтчүсү кызматына Улуттук ташуучу тарабынан бекитилген атайын программага жараша үйрөтүүдөн өткөн, сынактарды тапшырган адамдар дайындалат.

4.2. Өтмөк нөөмөтчүсүнүн жанында нөөмөт маалында төмөнкүлөр болууга тийиш:

• жүрүү үчүн пайда болгон тоскоолдукту тосмолоо үчүн бир куту петарда (6 даана);

• темир жол транспорту жумушчуларына үн сигналдарын берүү үчүн сигнал чоору;

• кыймыл катышуучуларынын назарын тартуу максатында кошумча сигнал берүү үчүн милиция ышкырыгы;

• каптагы эки сигнал желеги (кызыл жана сары), караңгы убакта жана жарык убакта начар көрүнүү шарттарында (туман, бурганак жана башка жагымсыз шарттар) - көрүнмө сигналдарды берүү үчүн сигнал чырагы.

4.3. Өтмөк постунун имаратында төмөнкүлөр болууга тийиш:

• өтмөктө нөөмөт графиги;

• ушул Эреже;

• бул өтмөктү иштетүү боюнча жергиликтүү эрежелер менен ал тууралуу керектүү маалыматты камтыган карточка (3-тиркеме);

• коңшу бекеттерден поезддердин жөнөш убагы көрсөтүлгөн жүргүнчү жана шаар айласындагы поезддердин жүрүш ырааттамасынан көчүрмө;

• нөөмөт кабыл алуу жана тапшыруу жана өтмөктө механизмдерди текшерүү китеби;

• өтмөктөн өтүү эрежелерин бузуу журналы;

• дубал сааты, аптечка, керектүү аспаптар, эмерек, чарба шаймандары;

• жөнгө салуучу таягы жана кызыл жең таңмасы;

• өтмөктө токтоп калган транспорт каражаттарын тартуу үчүн узундугу 4-6 м болгон трос;

• өтмөк кесип өткөн ар бир темир жолуна бир ташыма кызыл калкан жана бир сигнал чырагы;

• бир запас ташыма кызыл калкан жана бир запас сигнал чырагы;

• сигнал желектеринин бир комплекти;

• эки жолдуу тилкелерде бир куту петарда (6 даана) жана үч жана андан ашык жолдуу тилкелерде эң аз эки куту петарда (12 даана).

Кышында тайгакта өтмөк чектеринде өтмөктүн өтмө бөлүгү менен жөө жолоочу жолчолоруна чачуу үчүн дайымкы кум же шлак запасы болууга тийиш.

Өтмөк иштетүү боюнча жергиликтүү эреже Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалы тарабынан түзүлөт, өтмөктөр бекет аймактарында жайгашкан учурда же өтмөктөр Жүк ташуу жана коммерциялык иш башкармалыгынын жумушчулары тарабынан тейленип жатканда - бекет начальниктеринин катышуусу менен жана Улуттук ташуучу тарабынан белгиленген тартипке жараша түзүлөт.

Жергиликтүү эрежеде өтмөк нөөмөтчүсүнүн өз милдеттерин аткаруусунун реалдуу мүмкүндүктөрү чагылдырылууга тийиш. Бул эреже өтмөктүн иштөө шарттары өзгөргөндө кайра каралууга тийиш, бирок 5 жылда 1 жолудан сейрек эмес. Жергиликтүү эреженин болжолдуу мазмуну 4-тиркемеде келтирилген.

4.4. Нөөмөткө киришкен өтмөк нөөмөтчүсү ушуларды текшерүүгө тийиш: өтмөктөн эки тарапка тең 50 м аралыгындагы темир жолду, өтмөк жабдыктарынын жана анын бүткүл механизмдеринин абалын, пломбалануучу механизмдердин пломбаларынын бар-жок экенин, кол сигналдарынын, петардалардын, аспап жана шаймандардын бар-жогун жана абалын.

Шлагбаумдардын, өтмөк жана тосмо сигнализациясынын, телефон (радио-) байланышынын бузуктугу тууралуу, ошондой эле жоюлган бузуктар тууралуу бүткүл байкоолор Өтмөктө нөөмөт кабыл алуу-тапшыруу жана механизмдерди текшерүү китебинде катталат. Автоматика барда "Автоматика иштейт" же "Автоматика бузук" деген жазуу жазылат.

Эгерде кыймылдын коопсуздугуна коркунуч келтирип жаткан табылган бузукту дароо жоюу мүмкүн болбосо, өтмөк нөөмөтчүсү кооптуу жерди токтотуу сигналдары менен тосмолоого, транспорт каражаттарынын өтмөк аркылуу жүрүшүн жабууга жана муну бекет нөөмөтчүсүнө (поезд диспетчерине) жана ал аркылуу жол устасына (жол бригадирине) кабарлоого тийиш.

Өтмөк нөөмөтчүсү өтмөк жана тосмо сигнализациясынын, автомат шлагбаумдардын же электирлүү шлагбаумдардын, ошондой эле телефон (радио-) байланышынын бузуктугун эң жакын бөлөк пункттардын нөөмөтчүлөрүнө (поезд диспетчерине) дароо кабарлоого тийиш. Бузуктун жоюлушу жана бул тууралуу электромеханиктин Өтмөктө нөөмөт кабыл алуу-тапшыруу жана механизмдерди текшерүү китебинде белгилешине чейин бузук механизмдерди колдонуу тыйылат.

Ар бир бузук жоюлган жана бул буйруктар аткарылган соң өтмөк нөөмөтчүсү тарабынан Өтмөктө нөөмөт кабыл алуу-тапшыруу жана механизмдерди текшерүү китебинде тиешелүү жазуу жазылат.

4.5. Нөөмөт маалында өтмөк нөөмөтчүсү ушуларды жасоого милдеттүү1:

шлагбаумдарды убагында ачуу жана жабуу, белгиленген сигналдарды берүү, өтүп бараткан поезддердин абалына байкоо жүргүзүү. Кыймылдын коопсуздугуна коркунуч келтирип жаткан бузук табылган учурда поездди токтотуу чараларын көрүү, поезддин куйругун билдирген сигнал болбосо, муну бекет нөөмөтчүсүнө, диспетчер борборлоштуруусу менен жабдылган тилкелерде - поезд диспетчерине билдирүү;

• ылдамдыгы 140 км/сааттан ашык жүргүнчү поездин өткөрүүнүн алдында поезддин өтүшүнө 5 мин. калганда транспорт каражаттарынын өтмөктөн өтүүсүн токтотуу жана (автомат же автомат эмес экенине  карабастан) шлагбаумдарды жабуу;

• поезддин өтүшүнө эң аз 5 мин. калганда өтмөктөн мал айдалышын токтотуу, ылдамдыгы 140 км/сааттан ашык жүргүнчү поездин өткөрүүдө - эң аз 20 мин. калганда;

• поезддердин коопсуз жүрүшүнө коркунуч келтирген жолдун бузулуш ордун дароо токтотуу сигналдары менен тосмолоо жана муну бекет нөөмөтчүсүнө же поезд диспетчерине кабарлоо;

• өтмөктө транспорт каражаттарынын жана башка өзү жүрүүчү машина жана механизмдердин токтоосун, ошондой эле адамдар менен малдын токтоосун тыюу;

• дөңгөлөктөрдүн ребортторунун эркин өтүүсү үчүн кобулдарды тазалоо жана чектеринин айланасында өтмөктүн бүткүл аянтын дайыма таза тутуу;

• шлагбаумдардын, сигнализация механизмдеринин, кар тазалагычтардын өтүүсү үчүн эскертүүчү жана убактылуу сигнал белгилеринин түзүк абалын байкап туруу;

• өтмөк менен шлагбаумдарда чырактарды күйгүзүү, сырткы жарыктандыруу менен прожекторлорду убагында күйгүзүү жана өчүрүү, бузуктугун бекет нөөмөтчүсүнө (поезд диспетчерине), ал болсо муну Улуттук ташуучунун Электр энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо филиалына кабарлоого тийиш;

• бурамаларды, качырбастарды (противоугон) бекитүү, жолду кар менен чөптөн тазалоо, жолдон чоочун нерселерди алып таштоо, балласт призмасын жөнөтүү жана тизмеси Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалы тарабынан белгиленген өтө жигердүү иштетилген өтмөктөрдөн тышкары, өтмөктөн ар тарапка 50 м аралыктагы жолду текшерүү;

• Өтмөк нөөмөтчүлөрү үчүн коопсуздук техникасы жана өндүрүш санитариясы эрежелерине баш ийүү (6-тиркеме).

Жолдо жана өтмөктө шлагбаумдар жабык кезде гана жумуш жасалышына уруксат берилет.

Өтмөк нөөмөтчүсү ар убакта өтмөктө, ачык же жабык верандада болууга тийиш. Имаратка өтмөктүн транспорт каражаттарынан бош экенине жана өтмөккө жакындап келе жаткан поезддердин жоктугуна көзү жеткенде кирет. Мында автоматтык эмес шлагбаумдар жабык болууга тийиш.

Посттон кетүү же башка адамдарга өтмөктү убактылуу тейлөөнү тапшырууга тыюу салынат.

4.6. Поезд, өзүнчө локомотив, жол же башка өзү жүрүүчү машина же дрезина жакындап келе жатканда өтмөк нөөмөтчүсү шлагбаумдар жабылган соң өтмөктө жана андан эки тарапка тең жолдордун бош экенин текшерүүгө жана поезд андан 400 м ден кем эмес аралыкта болгондо, 140 км/сааттан ашык ылдамдык менен жүрүп бараткан поезддин өтүшүнө 5 мин. калганда жолдон чыгууга тийиш (мында автомат шлагбаумдар кнопканын басылышы менен жабылууга тийиш).

Поезд тосууда өтмөк постунун имаратынын алдында (ачык же айнек менен жабылган верандада) 2 м ден жакын эмес аралыкта, 140 км/сааттан ашык ылдамдык менен жүрүп бараткан поездди өткөрүүдө - четки рельсадан 4 м ден жакын эмес аралыкта жана 160 км/сааттан ашык ылдамдык менен жүрүп бараткан поездди өткөрүүдө 5 м ден кем эмес аралыкта, башты жүрүштү утурлай жарым бурулуш абалында тутуп, бети менен жолго карап туруу, үйлөмө чоор менен сигнал (жуп эмес поезд жакындап келе жатканда бир узун добуш жана жуп поезд жакындап келе жатканда эки узун добуш) берүү керек, жол бош кезинде мындай сигнал берүү керек: күндүз - түрүлгөн сары желек, түнкүсүн - кол чырагынын тунук ак оту; поезддин ылдамдыгын азайтуу керек болгондо: күндүз ачылган сары желек; түнкүсүн эки бекет араларында - тунук ак оту бар кол чырагынын өйдө-ылдый жай кыймылы, бекеттерде - сары оту бар кол чырагынын; андай чырак жокто - тунук ак оту бар кол чырагынын өйдө-ылдый жай кыймылы.

Поездди тосууда өтмөк нөөмөтчүсү кыймылдуу курамды дыкаттык менен кароого, өтмөк алар менен жабдылган болсо, түнкүсүн прожекторлорду колдонууга тийиш.

Поезд өткөн соң жолго чыкпастан артынан же коңшу жолдо башка поезд, локомотив же дрезинанын келбей жатканына көзү жетүүгө, андан соң автомат эмес шлагбаумдарды ачып, транспорт каражаттары же малды өтмөктөн өткөрүүгө тийиш.

Жол вагончосу, жол арабасы же чечилме дрезинанын өтүшүнөн соң өтмөк нөөмөтчүсү түрүлгөн сары желекти ачылган кызыл желек менен алмаштыруу жана вагончо же арабаны аркасынан тосмологон сигналчы көрүнгөнгө чейин же дрезина өтмөктөн өтүп, 200-250 м ге алыстаганга чейин тутууга тийиш.

4.7. Поезд, локомотив же дрезина өтүп баратканда өтмөк нөөмөтчүсү төмөнкү жагдайларда токтотуу сигналын берүүгө милдеттүү:

• өтүп бараткан поездде кыймыл коопсуздугуна коркунуч келтирген бузук байкалганда: тайып бараткан же сойлоктон (ползун) улам катуу добуштарды чыгарган дөңгөлөктөр, өрт, буксалардын күйүүсү, поездден адам же жүктүн кулоо коркунучу ж.д.у.с. Тайып бараткан же сойлогу (ползун) бар дөңгөлөк жубу табылган поезд өткөн соң өтмөк нөөмөтчүсү муну бекет нөөмөтчүсүнө (поезд диспетчерине), жол устасына (жол бригадирине) дароо кабарлоого жана өзү тейлеген тилкенин чектеринде жолду бүтүндөй текшерүүгө тийиш;

• эки жолдуу линиянын туура эмес жолунда бараткан поезддин башында белгиленген сигналдар болбосо;

• бир поезд башкасына бир эле жолдо каршы келе жатса же бир поезд экинчисине, дрезинага же жол вагончосуна жетип баратса (акыркы жагдайда токтотуу сигналы жетип бараткан поездге гана берилет);

• поездден же жолдон машинистке токтотуу сигналы берилсе да, поезд жүрүүнү улантып жатса;

• жол бою тилкеде кыймылга коркунуч келтирген өрт учурунда;

• кыймылга жана адамдардын жашоосуна коркунуч келтирген башка учурларда.

Поездде байкалган бузуктарды өтмөк нөөмөтчүсү бул поезддин машинистине (радиобайланыш барда), ошондой эле бекет нөөмөтчүсүнө (поезд диспетчерине) телефондон кабарлоого тийиш.

4.8. Жарым автоматтык шлагбаумдар менен жабдылган өтмөктөрдө алар поезддин өтмөктөн өтүшүнөн жана өтмөк нөөмөтчүсү башкаруу калканчасында "Ачылыш" кнопкасына баскан соң гана ачылышы мүмкүн.

Бул кнопка басылганда жарым автомат шлагбаумдар ачык абалга которулбаса, автомат шлагбаумдары бар өтмөктөрдө булар ачык абалга автоматтык түрдө которулбаса, анда пломбаны чечип, "Кырсык ачылышы" кнопкасына басуудан мурун өтмөк нөөмөтчүсү "Тосмо жүргүзүү" кнопкасынан пломбаны чечип басууга, өтмөккө поезддердин жакындабаганына көзү жетүүгө, нөөмөт кабыл алуу жана тапшыруу жана өтмөктө механизмдерди текшерүү китебине автоматика механизмдеринин бузуктугун тууралуу жазуу жазууга жана муну бекет нөөмөтчүсүнө (поезд диспетчерине), мүмкүн болсо БККнын электромеханигине да дароо кабарлоого тийиш. Мындан соң "Кырсык ачылышы" кнопкасынан пломбаны чечүүгө жана шлагбаумдарды ачык абалга которуу үчүн басууга уруксат берилет. Транспорт каражаты же каражаттар тобу шлагбаум устунунун астынан өткөнгө чейин өтмөк нөөмөтчүсү "Кырсык ачылышы" кнопкасын басып турууга тийиш.

"Кырсык ачылышы" кнопкасын басып жатып, өтмөк нөөмөтчүсү бул убакка карата светофор жана үн сигнализациясын өчүрөт, шлагбаумдарды зордоп ачат жана башкарууну өзүнө жүктөйт.

Кнопкадан кол алынган соң өтмөк сигнализациясы менен шлагбаумдар автомат түрдө күйүүгө жана шлагбаумдар жабык абалга которулууга тийиш.

"Кырсык ачылышы" кнопкасын колдонууда транспорт каражаттары бир аздан топ-топ болуп өткөрүлүүгө тийиш.

Өтмөктө автоматика механизмдери бузук кезде жана дрезиналар өтүп бараткан бүткүл учурларда алар рельса чынжырларын шунттабоо мүмкүн экенинен улам өтмөк нөөмөтчүсүнүн поезддердин кыймылы тууралуу маалымдоо тартиби Улуттук ташуучу тарабынан белгиленет.

Дрезинанын кыймылы тууралуу кабарды алганда өтмөк нөөмөтчүсү анын өтүшүн көзөмөл кылууга, "Жабылыш" кнопкасын басууга жана дрезинанын өтмөктөн өтүшүнө чейин басык калтырууга тийиш.

Өтмөк сигнализациясы иштебеген, автомат же жарым автомат шлагбаумдар жабылбаган учурда да өтмөк нөөмөтчүсү "Жабылыш" кнопкасын басуу менен сигнализацияны иштетүүгө тийиш. "Жабылыш" кнопкасы басылган соң алар жабылбаса, өтмөк нөөмөтчүсү бузук жоюлганга чейин өтмөк иштетүүнүн жергиликтүү нускамасы тарабынан белгиленген тартипке жараша аракет кылуусу зарыл.

4.9. Өтмөктө кыймылдын коопсуздугуна коркунуч келтирген тоскоолдуктар пайда болгондо, ошондой эле өтмөктө кулаган жүк же токтоп калган транспорт каражаты үйүлүп калганда, өтмөк нөөмөтчүсү төмөнкүдөй аракеттенет:

тосмо сигнализациясы барда дароо аны иштетет, ал үчүн "Тосмону иштетүү" кнопкасынан пломбаны чечип, басуу жана шлагбаумдарды жабуу керек. Тосмо светофорлорунун күйгүзүлүшү шлагбаумдарды башкаруу калканчасындагы лампалар менен текшерилет;

тосмо сигнализациясы иштетилген соң телефону бекет нөөмөтчүсүнө же поезд диспетчерине болуп өткөндү, радиобайланыш барда поезд машинисттерине токтоо керектигин кызмат адамдарына өтмөктө тоскоолдук бар экенин кабарлайт (5-тиркеме), андан соң тоскоолдукту жоюу чараларын көрөт.

"Тосмо сигнализациясын иштетүү" кнопкасынан пломбанын чечилгени тууралуу Өтмөктө нөөмөт кабыл алуу-тапшыруу жана механизмдерди текшерүү китебинде тиешелүү жазуу жазылууга жана БККнын электромеханигине кабарланууга тийиш.

Жардам керек болгон учурда өтмөк нөөмөтчүсү _____ __ __ .__. схемасына жараша үйлөмө чоор менен же асылуу металл нерсеге бир жана үч кыска сокку менен жалпы коркунуч сигналын берет.

Өтмөктө атайын сигнализация каражаттары (кызыл түстөгү жарк-журк маякчасы менен сирена) бар болсо, аларды да иштетет.

Өтмөктө кыймыл үчүн тоскоолдук же бузук жоюлган соң тосмо светофорлору өчүрүлүүгө тийиш.

Тосмо светофорунун кызыл оту өчпөсө, өтмөк нөөмөтчүсү шлагбаумдарды жабууга жана машинистке тосмо светофорунун бузуктугун жеке кабарлоого тийиш, андан соң машинист тосмо светофорунун тыюучу сигналына өтүүгө укуктуу болот.

4.10. Тосмо сигнализациясы жокто же бузук кезде, же калканчада текшерүү лампалары күйбөгөндө, өтмөк нөөмөтчүсү тоскоолдук пайда болгон ар бир темир жолдо ташыма токтотуу сигналын орнотууга (күндүз - кызыл калкан, түнкүсүн - эки тарапка тең кызыл оттуу чырак), шлагбаумдарды жабууга, тоскоолдукту бекет нөөмөтчүсүнө (поезд диспетчерине) кабарлоого жана ошол эле убакта бекеттен эки бекет арасына поезд жөнөтүлгөнүн же жөнөтүлбөгөнүн билүүгө тийиш.

Бекеттен эки бекет арасына поезд жөнөтүлгөн учурда бекет нөөмөтчүсү өтмөктө тоскоолдук бар экенин поезд машинистине эскертүүгө тийиш.

Өтмөк нөөмөтчүсү бекет нөөмөтчүсүнөн (поезд диспетчеринен) эки бекет арасына поезд жөнөтүлгөнү тууралуу кабарды алганда, токтотуу сигналын берүү менен поездге карай чуркоого жана Улуттук ташуучу тарабынан белгиленген аралыкта же үлгүргөн жеринде, анын ичинде дагы тоскоолдук табылган коңшу жолдо да петардаларды жаткырууга тийиш. Андан соң өтмөк нөөмөтчүсү тоскоолдук ордуна кайтат жана аны жоюу үчүн мүмкүн болгон чараларды көрөт.

Өтмөк сигнализациясы бузук кезде шлагбаумдар өтмөк нөөмөтчүсү тарабынан "Жабылыш" кнопкасына басуу менен жабылат.

Кнопка басылганда автомат шлагбаумдар жабылбаса (бузулган болсо), өтмөк нөөмөтчүсү өтмөктү жатык-бурма шлагбаумдар менен тосууга жана жергиликтүү нускамага жараша бузук жоюлганга чейин өтмөктөн транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн колдонууга милдеттүү.

Өтмөк механикалаштырылган шлагбаумдар менен жабдылган учурда да нөөмөтчү ушундай эле тартип менен иштейт.

4.11. Өтмөктө темир жолдорун кесип өткөн контакт тармагынын чубалгылары же электр агымы чубалгылары үзүлгөн учурда өтмөк нөөмөтчүсү тосмо сигнализациясын иштетүү, шлагбаумдарды жабуу, кооптуу жерди үзүк жеринен 50 м ден кем эмес аралыкта ташыма токтотуу сигналдары менен тосмолоо, бекет нөөмөтчүсүнө (поезд диспетчерине) болуп өткөндү кабарлоо жана Улуттук ташуучунун Электр энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо филиалынын жумушчуларынын келишине чейин тоскоолдук ордунда калып, эч кимдин үзүлгөн чубалгыларга 8 м ден азыраак аралыкка жакындабашы жана рельсаларга тийбешине көз салып турууга тийиш.

4.12. Өтмөктө же ага жакын жерде пайда болгон жол-транспорт кырсыгы жагдайында өтмөк нөөмөтчүсү төмөнкүлөрдү жасоого милдеттүү:

• поезд жана транспорт каражаттарынын коопсуз жүрүүсү үчүн чара көрүү;

• болуп өткөндү бекет нөөмөтчүсүнө (поезд диспетчерине), ошондой эле жергиликтүү нускамага жараша милицияга, жол устасына (жол бригадирине), мүмкүн болсо автомобиль жолун караган жол чарба уюмуна кабарлоо;

• жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү, мүмкүн болсо "тез жардамды" чакыруу.

4.13. Өтмөктөр поезддердин туура жолдо гана жүрүшү үчүн автоматтык механизмдер менен жабдылган эки бекет араларында поезд жөнөтүүдө кыймыл коопсуздугун камсыздоо тартиби Улуттук ташуучу тарабынан белгиленет. Мында төмөнкү жоболор жетекчиликке алынышы керек:

нөөмөтчү тарабынан тейленген өтмөктөрдө автомат светофор сигнализациясынын иштөөсү бузулганда жол жана башка жумуштары жасалып жатканда автомат шлагбаумдарды башкаруу калканчасындагы кнопкалар басылып, кол менен аткарылууга тийиш. Бул убакта шлагбаумдар жабык болушу керек. Алар поезддер жокто гана транспорт каражаттарынын өткөрүлүшү үчүн ачылат, поезддердин жакындап келе жатканы тууралуу өтмөк нөөмөтчүсү бекет нөөмөтчүсүнөн кабар алууга тийиш.

Нөөмөтчү тарабынан тейленбеген жана автомат светофор сигнализациясы менен жабдылбаган өтмөктөрдө поезддер бир жолдо жүргөн мезгил бою нөөмөт күтүлүүгө тийиш.

Нөөмөтчү тарабынан тейленген, ошондой эле тейленбеген, бирок убактылуу тейленүүгө алынган өтмөктөрдө телефон байланышы жокто убактылуу телефон (радио-) байланышы орнотулууга тийиш.

Бекет нөөмөтчүлөрү (поезд диспетчерлери) ар бир поезд жөнөтүү тууралуу өтмөк нөөмөтчүсүнө алдын ала кабар берүүгө милдеттүү.

Жол, курулуш жана башка жумуштар жасалып жатканда бир жана көп жолдуу тилкелерде поезддердин бир жолдо жүрүшү уюштурулган мезгил бою, ошондой эле нөөмөтчүлөр тарабынан (дайыма же убактылуу) тейленген ар өтмөк үчүн кыймылды жөнгө салуу иретинде поезддерди туура эмес жолдо жөнөтүүдө өтмөк нөөмөтчүсүнүн аракет тартиби жергиликтүү эрежелерде көрсөтүлүүгө тийиш.

Туура эмес жолдо жөнгө салуу иретинде жөнөтүлгөн поезддердин машинисттери бир тараптуу механизмдер менен жабдылган өтмөктөрдү төмөнкүдөй ылдамдык менен өтүүгө милдеттүү:

• нөөмөтчүсү бар - 40 км/сааттан ашпаган ылдамдык менен;

• нөөмөтчүсүз - 25 км/сааттан ашпаган ылдамдык менен.

Эки бекет арасынан туура эмес жолдо кайтууда чарба, калыбына келтирүүчү жана башка поезддердин машинисттери ушундай эле ылдамдык менен өтмөктөрдөн өтүүгө милдеттүү.

Туура эмес жолдо жүргөн башка бүткүл учурларда (жол жана курулуш жумуштарын жасоодо же кыймылды жөнгө салуу ж.б. иретинде) поезддердин машинисттери Кыргыз темир жолундагы Сигнализация боюнча эрежелердин талаптарына ылайык, төмөнкүдөй схема менен локомотивдин бир узун, кыска жана узун ышкырыгы түрүндө бир канча жолу кабар сигналын берүүгө милдеттүү: __ __ × __ __ × __ __.

4.14. Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалынын уруксаты менен гана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 04.08.1999-дагы № 421 токтому менен бекитилген ЖЖЭнин 15.3-пункту жана Транспорт каражаттарынын иштетүүгө жол берилишинин негизги жоболору жана жол кыймылын камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттеринин 15-пункту менен өлчөмү жана ылдамдыгы белгиленген оор салмактуу, кооптуу жана ири габариттүү жүк, машине жана механизмдердин өтмөктөн өтүүсүнө уруксат берилет.

Уруксат алуу үчүн арыз Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалына ташууга эң кеч 24 саат калганга чейин берилиши керек. Арызда транспорт каражатынын эни жана бийиктиги, автопоезд барда - узундугу көрсөтүлүшү керек. Керектүү учурларда Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалы поезддерге эскертүү берилиши тууралуу арызды алдын ала берүүгө милдеттүү.

Жол устасы (жол бригадири) Кыргыз темир жолундагы Сигнализация боюнча эрежелердин талаптарына ылайык, өтмөктү токтотуу сигналдары менен тосулушун камсыздоого жана көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынын өткөрүлүшүнө көз салууга милдеттүү.

Электрлештирилген тилкелерде транспорт каражатынын бийиктиги 4,5 м ден ашык болгондо Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалы муну Улуттук ташуучунун Электр энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо филиалына (транспорт каражатынын өткөрүлүш датасын көрсөтүү менен) алдын ала кабарлайт, ал болсо контакт тармагынын чубалгыларынын рельса башчаларынын, аба линияларынын, топтук жерге кийирменин, толкун түтүгүнүн деңгээлинин автомобиль жолунун үстүнүн өтмөк чектериндеги асылыш бийиктиги шарттарына жараша транспорт каражатынын өткөрүлүш мүмкүндүгүн белгилейт жана байкоо үчүн өкүл жиберет.

4.15. Өтмөк нөөмөтчүсү темир жол өтмөгүн пайдаланган бүткүл адамдардан белгиленген эрежелерди кыйшаюусуз аткарууну талап кылууга милдеттүү. Өтмөктөн өтүү эрежелери бузулганда өтмөк нөөмөтчүсү мүмкүн болсо транспорт каражатын токтотуу чараларын көрүү, транспорт каражатынын номурун аныктоо жана эреже бузуунун убагын жана мүнөзүн Өтмөктөн өтүү эрежелерин бузуу журналына каттоого милдеттүү.

Айдоочулар тарабынан өтмөктөн өтүүдө Жол кыймылы эрежелерин бузулушу тууралуу маалыматты чогултуу жана тиешелүү уюмдарга тапшыруу тартиби, ошондой эле алардын иликтениш мөөнөтү жана көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарымдуу органынын аймактык органдары менен бирге Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалы тарабынан белгиленет жана өтмөк иштетүүнүн жергиликтүү эрежелеринде камтылууга тийиш.

4.16. Өтмөк нөөмөтчүсү түздөн-түз жол бригадирине баш ийет. Өтмөк нөөмөтчүсүнө бардык буйруктар жол бригадири аркылуу берилиши керек. Жогору турган начальниктен буйрук алган учурда өтмөк нөөмөтчүсү аны аткарууга, андан соң жол бригадирине муну телефондон же жеке билдирүүгө милдеттүү.

4.17. Милдеттерин аткарбаганы, ТИЭни, Кыргыз темир жолунда сигнализация боюнча эрежелерди, Кыргыз темир жолунда Поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускаманы, ушул Эрежени бузганы үчүн өтмөк нөөмөтчүсү белгиленген тартипте жоопко тартылат.

5. Темир жолдун жасалма курулмаларынын астынан транспорт каражаттарынын өтүүсүндөгү жана мал айдоодогу негизги талаптар

 

5.1. Жасалма курулмалардын астынан транспорт каражаттарын өткөрүү жана мал айдап өтүү үчүн жол жасоого Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалы тарабынан гана уруксат берилет.

5.2. Транспорт каражаттарынын жасалма курулмалардын астынан өтүү маселесин чечүүдө алардын габарит өлчөмдөрүнүн жарыкта төмөнкүлөрдөн кем болбошун эске алыш керек:

• транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн эни 7 м жана бийиктиги 5 м;

• мал айдап өтүү үчүн эни 4 м жана бийиктиги 2,5 м.

Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалы менен макулдашууга жараша жасалма курулмалардын габарит өлчөмдөрү жарыкта эни 7 м ден, бийиктиги 5 м ден кем болбогон учурда транспорт каражаттарынын өтмөлүгүнүн жасалышына жол берилет.

Жыгач көпүрөлөр астынан транспорт каражаттарынын өткөрүлүшү үчүн жол жасалышына Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалынын гана уруксаты менен жол берилет.

5.3. Өтүш бийиктиги 5 м ден кем болгон жасалма курулмалардын алдында габарит дарбазасы орнотулат (сүр. 3).

 

Описание: x006

 

сүр. 3. Жасалма курулмалардын астындагы өтмөлүктөрдүн алдындагы түзүлүш жана белгилер:

1 - 2.6. "Каршы кыймылдын артыкчылыгы" же 2.7. "Каршы кыймылга карата артыкчылык" жол белгилери;

2 - 3.13. "Бийиктикти чектөө" белгиси;

3 - габарит дарбазасы;

4 - барьер тосмосу;

5- көпүрө тирегинин алдыңкы кырлары.

Габарит дарбазасынын жатык текшерүү планкасы жасалма курулманын ылдыйкы четинин бийиктигинен 20 см ылдый жайгаштырылат.

Габарит дарбазасы (сүр. 7) жасалма курулманын эки жагынан тең 10-15 м аралыкта орнотулат. Жасалма курулмага бир нече автомобиль жолу жанашкан учурда габарит дарбазасы өзүн айланып өтүүгө жол бербеген жерде орнотулууга тийиш.

(*) Темир жолдун жасалма курулмаларына көпүрөлөр, жер асты өтмөлүктөр, туннелдер ж.б. кирет.

Габарит дарбазасына 3.13. "Бийиктикти чектөө" тыюучу жол белгиси тагылат, айрыкча өтмөлүктүн эни 3,5 м ден кем болгондо жана жыгач көпүрөнүн алдында, 3.14. "Энди чектөө" тыюучу жол белгиси тагылат. Габарит дарбазасын орнотуу мүмкүндүгү болбогон шаар чегинде 3.13 жана 3.14 жол белгилери БК ТР 014/2011 жараша жасалма курулмага тагылат.

Жарыкта жетишсиз габарит себебинен транспорт каражаттарынын каршы айрылышы татаалдашкан болсо, мындай курулмага жанашмаларда бир жагында 2.6. "Каршы кыймылдын артыкчылыгы" жол белгиси, тиги жагында 2.7. "Каршы кыймылга карата артыкчылык" деген артыкчылык белгиси тагылат.

3.13 жол белгисинде көрсөтүлгөн бийиктик жасалма курулманын астында өтмөлүктүн иш жүзүндөгү габарит өлчөмдөрүнөн 30-40 см ге азыраак болууга тийиш. Иш жүзүндөгү же көрсөтүлгөн бийиктик арасындагы айырманын жол төшөлмөсүнүн тегиздигине жараша көбөйтүлүшүнө жол берилет.

3.14 жол белгисинде көрсөтүлгөн эн иш жүзүндөгү энден 20 см ге азыраак болууга тийиш.

Жасалма курулманын астында өтмөлүктүн эни жолдун өтмө бөлүгүнөн аз болсо, анда 1.18.1-1.18.3 "Жолдун кууш болушу" эскертүү белгилери орнотулат.

Конструкциясы жана жергиликтүү шартка жараша жасалма курулманын тиректери жана башка бөлүктөрүнө зыян келтирилишине жол берилбеши максатында барьер тибиндеги тосмолор же бийик бордюр орнотулууга тийиш.

Тосмолордо Бажы кеңешинин "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" Техникалык регламентине (БК ТР 014/2011) ылайык, тик кара жана ак тилкелер түрүндө боёк белгиси жасалат.

Астынан транспорт каражаттарынын өтүшүнө уруксат берилген болсо, жыгач тиректери бар көпүрөлөрдүн эки жагынан тең жана алардын астында тиректерди жана башка бөлүктөрдү зыяндан коргоочу тосмолор сөзсүз орнотулат.

6.    Өтмөктөрдүн каралышы жана оңдолушу

 

6.1. Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалы өтмөк, өтмөктүн төшөмөсү, эки жол арасынын өтмө бөлүгү, обочоломо кошмок жерлери, эки бекет араларында рельсалуу кошкучтар, транспорт каражаттарынын өтүшүнө уруксат берилген темир жолдун жасалма курулмаларынын габарит дарбазасынын чектеринде автомобиль жолу тилкесин жана өтмөк чектериндеги башка жол жабдыктарын түзүк кароону камсыздайт.

Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалы завод чиймелерине жараша автомат шлагбаум жана электирлүү шлагбаумдардын устундарын даярдайт жана алар менен өтмөктөрдү камсыздайт, механикалаштырылган жана запас шлагбаумдарды, өтмөк постторунун имараттарынын жана механикалаштырылган шлагбаумдардын сигнал чырактарындагы электр лампаларын алмаштырат.

Улуттук ташуучунун Электр энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо филиалы шлагбаумдардын, өтмөк жана тосмо сигнализациясынын, устундардагы жарык чагылдыргычтарынын, телефон (радио-) байланышынын түзүк каралышын жана иштешин, жарык чагылдыргычтары бар шлагбаумдардын алмаштырылышын камсыздайт.

Улуттук ташуучунун Электр энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо филиалы өтмөктөрдүн электр менен үзгүлтүксүз камсыздыгын, тышкы электр тармактарынын, прожекторлордун түзүктүгүн, тышкы жарыктандыруунун автоматтык күйгүзүлүшү жана өчүрүлүшүн, тышкы жарыктандыруунун, анын ичинде прожекторлордо электр лампаларынын алыныш жана алмаштырылышын камсыздайт.

Жол текшерүү үчүн дайындалган жол усталары (жол бригадирлери), электр механиктери, бөлүштүрүү тармактарын иштетүү боюнча электр монтерлору өтмөктөрдү текшерүүдө өз милдеттеринин чөйрөсү боюнча өтмө бөлүктүн, кобулдардын абалына, автомат жана башка механизмдердин (үн сигнализациясы, өтмөк светофорлорунун сигналдары, шлагбаум устундарындагы сигнал чырактарынын) иштешине, реле жана батарея шкафтарынын абалына, жарыктандырууга өзгөчө көңүл бурууга жана бузук табылган учурда аларды жоюу үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш.

6.2. Өтмөктөрдө жол механизмдерин оңдоо Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалынын жумушчулары тарабынан мерчемдүү тартипте жасалат. Жолду толук оңдоодо өтмөктөр да толук оңдолууга тийиш. Ар өтмөктө оңдоо иштеринин көлөмү Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалы тарабынан калькуляциясы, керек болгондо жумуш чиймелери да түзүлүп, жергиликтүү шарттардын эске алынышы менен белгиленет.

Автомобиль жолунун өтмө бөлүгүн, өтмөктүн эки жол арасынын төшөмөсү жана өтмө бөлүгүн оңдоо мындай жумуштарды жасоого лицензиясы барда гана темир жолдордун иштетүү уюмдарына тапшырылбайт.

Өтмөктөрдө автоматиканын иштөөсү бузулган жол жумуштары Улуттук ташуучунун Электр энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо филиалы менен макулдаштырылууга тийиш.

Өтмөктөрдө автомат (жарым автомат) шлагбаумдарды, электирлүү шлагбаумдарды, өтмөк жана тосмо сигнализациясын оңдоо Улуттук ташуучунун Электр энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо филиалынын жумушчулары тарабынан жасалат.

Өтмөктө жол же жабдык оңдоо жумуштарын жасоо маалында транспорт каражаттарын өткөрүү бузулганда же татаалдашканда, Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалы тарабынан жумуш жасоого эң аз 5 күн калганга чейин берилген арыз менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы же жолдун ээси Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарымдуу органы менен макулдашып, транспорт каражаттарынын эң жакын жасалма курулмалардын астынан же башка өтмөктөрдөн өтүү же өткөрүү тартибин белгилөөгө тийиш.

Өтмөктүн оңдоого жабылыш убагы жумуш жасоо графиги (долбоор, технологиялык процесс ж.д.у.с.) менен белгиленүүгө тийиш. Транспорт каражаттарынын айланма багыты жол маалымат белгисинин орнотулушу жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы же автомобиль жолунун ээсине жүктөлөт.

6.3. Жол иштерин, өтмөктөрдө автомат (шлагбаумдар жана сигнализация) механизмдерин оңдоонун алдында, ошондой эле өтмөктөрдө автоматиканын иштөөсү бузулган учурда автобөгөт же электр камсыздыгы механизмдерин оңдоонун алдында Улуттук ташуучунун Жол чарба жана электр энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо филиалдары жумуш жасоо мезгили бою коопсуздукту камсыздаган иш-чараларды бирге иштеп чыгат. Керек болгондо өтмөк нөөмөтчүлөрүнө, поезд машинисттерине, бекет нөөмөтчүлөрүнө кошумча нускама уюштурат, өтмөктө жардам көрсөтүү үчүн кошумча жумушчу бөлүп берет, поезддердин оңдолуп аткан өтмөктөн жүрүүсүнүн өзгөчө шарттары тууралуу эскертүүлөрдү берет ж.б. Өтмөктө жумуш жасоо маалында кыймыл коопсуздугун камсыздоо үчүн жоопкерлик өтмөк нөөмөтчүсүнө жүктөлөт.

Нөөмөтчүсүз өтмөктөрдө жол бригадирлери, электир механиктери же бөлүштүрүү тармактарынын электир монтерлору (жумушту ким жасаганына жараша) жумуш маалы бою өтмөктүн ар тарабында өтмөк светофорлорунун алдында 2.5. "Токтобостон жүрүү тыйылган" артыкчылык жол белгисин орнотууга милдеттүү. Мындай эки белги Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалынын реле шкафынын жанында же ага жакын жерде бөлөк кутуда сакталууга тийиш.

Жумуш күнү ичинде оңдоо иши бүтпөгөн болсо, анда жумуш аткаруучу муну тиешесине жараша Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалынын жетекчилигине же Улуттук ташуучунун Электр энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо филиалынын жетекчилигине кабарлоого тийиш, алар жергиликтүү шартка жараша өтмөктүн иштөө тартиби тууралуу чечим кабыл алууга, андан соң жол бригадирлери, электр механиктери же бөлүштүрүү тармактарынын электр монтерлоруна тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө тийиш.

6.4. Кызмат адамдары тарабынан өтмөктөрдө жол механизмдеринин абалын жана иштөөсүн мезгил мезгили менен текшерүү тиешелүү эрежеде жана көрсөтмөлөрдө каралган мөөнөт жана тартипте жүргүзүлөт.

Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалы бир кварталда эң аз 1 жолу өтмөк нөөмөтчүлөрүнүн иштөөсүн күтүүсүз текшерүүлөрдү жана керектүү көрсөтмөлөрдү берүүгө тийиш.

Өтмөктө нөөмөт кабыл алуу-тапшыруу жана механизмдерди текшерүү китеби өтмөктүн каралыш жана тейленишин ар текшерүүдө текшерилиши керек: жол устасы тарабынан бир айда эң аз эки жолу, жол бригадири тарабынан - бир айда эң аз төрт жолу, ошондой эле өтмөккө ар бир барууда.

Текшерүүнүн натыйжалары жана берилген буйруктар көрсөтүлгөн Китепте катталууга тийиш.

Өтмөктөр Жүк ташуу жана коммерциялык иш башкармалыгынын жумушчулары тарабынан тейленип жатканда мындай жумушту бекет жетекчилери да жасоого тийиш.

6.5. Улуттук ташуучунун Жол чарба, Электр энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо филиалдарынын жетекчилиги менен Улуттук ташуучунун текшерүүчүлөр аппаратынын жетекчилери өтмөктөрдүн абалын жана иштетилишин, ошондой эле текшерүүлөрдү жүргүзүү жана табылган бузуктарды жоюу үчүн белгиленген чаралардын аткарылыш сапатын системалуу түрдө жеке же кол астындагы жумушчулар аркылуу көзөмөл кылууга тийиш.

 

1-тиркеме

Темир жол өтмөктөрүндөгү автомобиль жолдорун караган жол чарба уюмдарынын
ТАЛАП ЖАНА УКУКТАРЫ

 

1. Темир жол өтмөктөрүндө кыймыл коопсуздугу үчүн жооптуу адамды дайындоо.

2. Өтмөктөрдү жана аларга жакындаган жерде автомобиль жолдорун комиссия түрүндө ар жылдык текшерүүлөргө катышуу (1-апрелден 1-июлга чейинки мезгилде), табылган бузуктарды комиссия тарабынан белгиленген мөөнөттө жоюу чараларын көрүү.

3. Автомобиль жолунун өтмөктөрдөгү тилкесинде кыймылдын интенсивдүүлүгүн жана курамын каттоо жана ар жылдык отчетту белгиленген тартипте тапшыруу. Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалынын сурамы менен бул маалымат (максимал деңгээл) өтмөктүн категориясынын белгилениши үчүн тапшырылат.

4. Нөөмөтчү жумушчулар тарабынан тейленгендерден тейленбегендерге которуу, ошондой эле бир категориядан башкасына которуу максатында өтмөктөрдү комиссия түрүндө текшерүүгө катышуу.

5. Өтмөктөрдүн ачылыш жана жабылышына, ошондой эле алардын иштөө же убактылуу жабылыш убагынын белгиленишине байланыштуу маселелерди макулдаштыруу.

6. Өтмөктөргө жанашкан автомобиль жолунун тилкелеринин абалына көзөмөл жүргүзүү, алардын ченем талаптарына шайкештигин камсыздоо жана ушул Эреже менен белгиленген чектердин алкагында оңдоо жана кароо иштерин жасоо, бул жумуштарды каржылоо.

7. Өтмөктөн транспорт каражаттарынын жүрүш тартибин же өтмөктө оңдоо иштерин жасоодо аны айланып өтүү тартибин макулдаштыруу.

8. Компетенциясынын чегинде өтмөктөрдү кесип өткөн автомобиль жолдорунан ири габариттүү жана оор салмактуу жүктөрдүн өткөрүлүшүн макулдаштыруу.

9. Кыймыл коопсуздугу шарттарынын начарлашына же өтмөктөн транспорт каражаттарынын өтүүсүнүн татаалдаштырылышына алып келсе, өтмөк же анын курамына кирген жабдыктарды иштетүү эрежелеринин бузулушу табылган учурда Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалына көрсөтмө берүү.

10. Өтмөктүн бир категориядан башкасына которуу зарылдыгы тууралуу сунуштарды даярдоо.

11. Карамагына өтмөктөр кирген Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалы менен иштешүү жана алардын коопсуз иштетилишине байланыштуу бүткүл маселелерди ыкчам чечүү.

 

2-тиркеме

Өтмөктөрдүн өтмөк сигнализациясы механизмдери менен жабдылышына карата
НЕГИЗГИ ТАЛАПТАР

 

1. Өтмөктөр Улуттук ташуучунун Электр энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо филиалы тарабынан белгиленген типтүү схемаларга жараша автоматика жабдыктары менен жабдылууга тийиш.

2. Өтмөктөр үчүн өтмөк сигнализациясы жана шлагбаум типтери Темир жол өтмөктөрүн иштетүү эрежеси, ушул Негизги талаптардын жана жергиликтүү шарттардын талаптары эске алынып, долбоорлор менен белгиленет (табл. крз.).

2.1 таблицасы

Өтмөк сигнализациясынын механизмдери

Өтмөктөрдүн бөлүнүшү, жайгашуу орду

Транспорт каражаттары үчүн өтмөк сигнализациясынын тиби

Темир жол транспорту үчүн сигнализация

Нөөмөтчү тарабынан тейленбеген, эки бекет араларындагы

Жымыңдаган ай түстүү ак сигналы (оту) бар автомат светофор сигнализациясы

Жүйөөлүү учурларда эки жолдуу тилкелерде туура эмес жолдо бараткан поезддер үчүн атайын тосмо светофорлору орнотулушу мүмкүн.

 

Автомат светофор сигнализациясы

Каралбайт

Нөөмөтчү тарабынан тейленбеген, бекеттердеги (кабыл алуу-жөнөтүү жолдорундагылардан башка)

Автомат светофор сигнализациясы

Ошол эле

Нөөмөтчү тарабынан тейленбеген, жанашма жана башка жолдордогу, анын ичинде жакындоо тилкелери түзүк узундуктагы рельс чынжырлары менен жабдылбашы мүмкүн болгон шаар чегиндегилер

Жымыңдаган ай түстүү ак сигналы (оту) бар светофор сигнализациясы

Түзүүчүлөр же локомотив бригадалары тарабынан башкарылган же поезд атайын датчиктерге киргенде автомат түрдө күйгөн кызыл жана ай түстүү ак сигналдары (оттору) бар атайын светофорлор орнотулат

Нөөмөтчү тарабынан тейленген, эки бекет араларындагы

Автомат шлагбаумдуу автомат светофор сигнализациясы

Тосмо светофорлору орнотулат. Тосмо светофорлору катары орнотулуш жеринен көрүнүүсү камсыздалган кезде өтмөктөн эң көп 800 м аралыктагы автобөгөттүн өтмөк светофорлору колдонулушу мүмкүн. Айрыкча, өтмөккө эң жакын автобөгөт светофорлорунун тыюучу көрсөткүчүндө жабылышы каралат

Нөөмөтчү тарабынан тейленген, бекеттеги

Автомат түрдө жабылган жана кнопка басуу менен ачылган жарым автомат шлагбаумдуу автомат светофор сигнализациясы

Бекетте поезд кабыл алуу жана жөнөтүүгө арналган светофорлор колдонулат, жүйөөлүү учурларда кызыл от менен толукталган тосмо светофорлору же маневр светофорлору (жапыз болушу да мүмкүн) орнотулат

Жакындоо тилкелери рельс чынжырлары менен жабдылышы мүмкүн болбогон нөөмөтчү тарабынан тейленген жанашма жолдордо

Электирлүү, механикалаштырылган же кол шлагбаумдары бар светофор сигнализациясы

Нөөмөтчү жумушчу тарабынан башкарылган кызыл жана ай түстүү ак сигнал оттору бар атайын светофорлор орнотулат

Өтмөктө кыймылдуу курамдын өткөрүлүш тартиби "Кыргыз темир жолу" УК" МИ тарабынан түзүүчү, локомотив бригадасы ж.б. катышуусу менен белгиленген учурда жанашма жолдордо

Светофор сигнализациясы

Дайындалган жумушчу тарабынан башкарылган кызыл жана ай түстүү ак сигнал оттору бар атайын светофорлор орнотулат

3. Жакындоо тилкелеринин узундугу поезддердин эң жогорку, бирок бул тилкеде белгиленген 140 км/сааттан ашпаган ылдамдыгы, КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтому менен бекитилген КР Жол кыймылы эрежелерине жараша транспорт каражаттарынын эң аз, бирок транспорт каражатынын эң чоң узундугу 24 м болгон кезде 8 км/сааттан ашпаган ылдамдыгы эске алынып эсептелүүгө тийиш.

Автоматика механизмдеринин долбоорун жаңы иштеп чыгууда же кайра курууда поезддин өтмөккө жакындашын кабарлоонун эсеп убактысы жолдун өтмөк чектериндеги өтмө бөлүгүнүн узундугуна жараша белгиленет. Мында поезддин өтмөккө жакындашын кабарлоонун эсеп убактысы төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:

автомат өтмөк сигнализациясында, анын ичинде автомат шлагбаумдары барда - 30 с;

кабарлоо сигнализациясында - 40 с.

Эскертүү. Өтмөктүн эсеп узундугу четки рельсадан эң алыстагы өтмөк светофорунан (шлагбаумдан) каршы четки рельсага чейинки аралыгына тең плюс 2,5 м - автомобилдин өтмөктөн өтүшүнөн кийин коопсуз токтоосу үчүн керектүү аралык.

4. Улуттук ташуучу менен, поезддер жана транспорт каражаттары интенсивдүү жүргөн нөөмөтчүсү бар өтмөктөрдө автомат өтмөк сигнализациясы жакындап келе жаткан поезддин алдында транспорт каражаттарынын жабык шлагбаумдарды айланып өтүшүнө жана өтмөккө киришине жол бербеген тосмо механизмдери менен толукталышы мүмкүн.

5. Бекеттерде жана аларга жакын жерлердеги өтмөктөрдө каттамдаштырууда автоматтык светофор жана кабарлоочу светофор сигнализациясынын, автомат жана жарым автомат шлагбаумдардын иштетилиши жакындоо тилкесинде поезд барда бекет светофорлорунун ачылышы жана каттамдын жабылышы менен бир убакта каралат, светофордун тыюучу көрсөткүчүндө поезд жөнөтүүдө жана маневр курамдары жүргөндө - бекет нөөмөтчүсүнүн "Өтмөктүн жабылышы" кнопкасына басышынан баштап каралат. Мында өтмөккө жакындаганда поезд машинисти 20 км/сааттан ашпаган ылдамдык менен жүрүүгө жана кыймыл үчүн тоскоолдук жолукса, токтоого даяр болууга милдеттүү. Мындай өтмөктөрдүн тизмеси Улуттук ташуучу тарабынан белгиленет.

6. Кабарлоого керектүү убакыттын камсыздалышы үчүн чыгыш жана маневр светофорлорунун ачылышынын кечиктирилишине жол берилет. Кабарлоонун эсеп убактысы барда маневр светофорлорунун ачылышынын кечиктирилиши милдеттүү эмес.

7. Шаарларда светофорлуу өтмөк сигнализациясы барда нөөмөтчү жумушчулар тарабынан тейленбеген жана жанашма жолдордо жайгашкан өтмөктөрдүн алдында тосмо светофору катары кызыл же ай түстүү ак от менен сигнал берген атайын светофорлор орнотулууга тийиш. Мында тосмо светофорлорунда кызыл оттун күйгүзүлүшүнөн соң гана өтмөк светофорунда кызыл сигналдардын (оттордун) өчүрүлүшүнө кепилдик кылган кош автомат бөгөт камсыздалышы керек, поезддин өтмөккө жакындаганы тууралуу кабар барда өтмөк светофорунда кызыл сигналдар (оттор) күйгөн соң гана тосмо светофорлору өчүрүлүшү керек.

8. Жүйөөлүү учурларда эки бекет араларында жайгашкан, нөөмөтчүлөр тарабынан тейленбеген жана туура жолдо гана бараткан поезддер үчүн кабарлоо механизмдери менен жабдылган өтмөктөрдүн алдында туура эмес жолдо тосмо светофорлору орнотулушу мүмкүн.

9. 18.05.85теги ЦП/4288 Өтмөктөрдүн жасалыш жана тейлениш эрежесине жараша автомат механизмдер менен жабдылган өтмөктөр ушул Негизги талаптарга жараша мерчемдүү түрдө кайра жасалууга тийиш.

 

3-тиркеме

________________ категориядагы темир жол өтмөгүнө
КАРТОЧКА
__________________________

Улуттук ташуучунун Жол чарба филиалы.

Өтмөктүн жайгашкан жери:

___________________________________ тилке бекети _____________________________ км,

____________________ бекети

_______________________________________________________________________________

Иштетүү түрү (жалпы, жалпы эмес) _________________________________________________

өтмөктүн ээси ___________________________________________________________________

өтмөк түрү (жөнгө салынуучу, жөнгө салынбоочу) _____________________________________

Нөөмөтчүсүнүн бар-жоктугу (нөөмөтчүсү бар, нөөмөтчүсүз) _____________________________

смена саны _______________ смена узактыгы ____________________________;

нөөмөтчү саны __________________________________________________________________

Өтмөк __________________________________________________________________________

кызматынын нөөмөтчү жумушчулары тарабынан тейленет.

Өтмөктү ________ км, _____________ категориядагы, ______________________ маанидеги

____________________________________________ автомобиль жолу кесип өтөт (аталышы).

Шлагбаумдардын түзүк абалы _____________________________________________________

Өтмөк сигнализациясынын тиби ___________________________________________________

Тосмо механизмдеринин бар-жоктугу _______________________________________________

Поезддин айдоочуга көрүнүүсү:

оң жагынан: так поезддин ___________________________________ м

жуп поезддин _____________________________________________ м

сол жагынан: так поезддин __________________________________ м

жуп поезддин _____________________________________________ м

Локомотив машинистине өтмөктүн ортосунун көрүнүүсү:

так поезддин _____________________________________________ м

жуп поезддин _____________________________________________ м

суткасына поезд саны (эки тараптыкынын суммасы) __________________________________

суткасына автомобиль саны (эки тараптыкынын суммасы) _____________________________

Жүргүнчү транспорту каттамдарынын бар-жоктугу:

автобус ______________; трамвай ________________; троллейбус _____________________.

Поезддердин эң жогорку жүрүш ылдамдыгы:

жуп жүк поезддеринин ______________ км/с, так поезддердин _____________________ км/с;

жуп жүргүнчү поезддеринин _____________ км/с, так поезддердин __________________ км/с.

Кесилип өткөн жол саны (башкы жолдор ___________________________________________,

бекет жолдору _______________________, башка ___________________________________).

Өтмөк жайгашкан жер (үймө топурак, ойдуң, ийри, түз) ________________________________

Өтмөк пайдаланууга берилген ___________________________ (буйруктун датасы менен №)

Толук оңдоо датасы: ______________ 20__-ж.; _____________ 20__-ж.

Маалымат ким тарабынан толтурулган _____________________________________________

 

(дата, кызмат адамынын колу)

 

 

№ п/п

Өтмөк жөнүндө техникалык маалымат (жабдыгы, жасалышы ж.б.)

МАМСТ, эрежелер, нускамалар боюнча ченемдер

Иш жүзүндөгү маалымат

20__-ж.

20__-ж.

1

Темир жана автомобиль жолдорунун кесилиш бурчу

60°тан кем эмес

 

 

2

Жатык аянтчасы бар автомобиль жолунун узундугунча профили, м

10 м

 

 

3

Темир жолдун өтмөк чектериндеги узундугунча профили

Басымдуу бөлүгү түз тилке

 

 

4

Автомобиль жолунун өтмөктөн 20 м аралыгынча эңкейиши

50%дан көп эмес

 

 

5

Өтмөккө жакындап келе жаткан поезддин автомобиль жолунан 50 м аралыкта көрүнүүсү, м:

 

 

 

 

оң жагынан:

Эки тарапка тең 400 м

 

 

 

так поезддин

 

 

 

жуп поезддин

 

 

 

сол жагынан:

 

 

 

так поезддин

 

 

 

жуп поезддин

 

 

6

жакындап келе жаткан поезддин машинистине өтмөктүн ортосунун көрүнүүсү, м:

так багытта

жуп багытта

 

 

 

7

Өтмөктүн өтмө бөлүгүнүн эни, м

Автомобиль жолунун өтмө бөлүгүнүн энине тең, бирок 6 м ден кем эмес

 

 

8

Автомобиль жолунун өтмө бөлүгүнүн өтмөк чектериндеги узундугу, м

 

 

 

9

Мал айдап өтүү жерлеринде төшөмөнүн эни, м

4 м ден кем эмес

 

 

10

Жөө жолоочу жолчолорунун бар-жоктугу

 

 

 

11

Өтмөктүн төшөмөсүнүн материалы

Жыгач, темир-бетон ж.б.

 

 

12

Өтмөккө жанашмаларда жол кыртышы

Автомобиль жолунун кыртышына окшош

 

 

13

Сигнал мамычаларынын орнотулуш узундугу, м:

 

 

 

 

оң жагынан

Четки рельсадан эң аз 16 м

 

 

 

сол жагынан

 

 

 

 

Перила, тосмолордун орнотулуш узундугу, м

 

 

 

14

Сигнал мамычалары, перила, тосмо ж.д.у.с. материалы

Темир-бетон

 

 

15

Сигнал мамычалары, перила, тосмо ж.д.у.с.дан өтмө бөлүктүн четине чейинки аралык, м

0,75 м ден кем эмес

 

 

16

Белгилердин бар-жоктугу, даана:

Шаар ж.б. калктуу жайларда 2 даана, жолдо 4 даана 2 даана

 

Калктуу жайлардын тышында жалпы мамлекет, республика жана облус маанисиндеги жолдордо ж.б. 300 м ден аз жерде көрүнгөн жолдордо 12 даана Нөөмөтчүсүз өтмөктүн алдында 2 даана электирлештирилген линияларда 2 даана

 

 

 

1.1. "Шлагбаумдуу темир жол өтмөгү"

 

 

 

1.2. "Шлагбаумсуз темир жол өтмөгү"

 

 

 

1.3.1, 1.3.2 "Бир тилкелүү (көп тилкелүү) темир жол"

 

 

 

1.4.1-1.4.6 "Темир жол өтмөгүнө жакындоо"

 

 

 

2.5 "Токтобостон жүрүү тыйылган"

 

 

 

3.13 "Бийиктикти чектөө"

 

 

17

Туруктуу эскертүүчү "С" сигнал белгилеринин бар-жоктугу

2 даана

 

 

18

Запас жатык-бурма шлагбаумдардын бар-жоктугу Нөөмөтчүсү бар өтмөктөрдө

4 даана

 

 

19

Тосмо сигнализациясынын бар-жоктугу

Нөөмөтчүсү бар өтмөктөрдө

 

 

20

Кошумча атайын сигнализация каражаттарынын бар-жоктугу

Өзүнчө чечимге жараша

 

 

21

Байланыш камсыздыгы:

телефон

радио

Нөөмөтчү тарабынан тейленген өтмөктөрдө

 

 

22

Өтмөк сигнализациясы:

шлагбаум типтери

өтмөк сигнализациясынын типтери

Долбоорго жараша

 

 

23

Бекет нөөмөтчүсүндө (поезд диспетчеринде) өтмөк сигнализациясынын түзүктүгүн текшерүүнүн бар-жоктугу

Ушул Эреженин 3.18-тарамына жараша

 

 

24

Башка механизмдер менен техникалык каражаттар

Өзүнчө чечимге жараша

 

 

25

Өтмөктүн жарыктандыруусу, лк

I кат. - 5 лк;

 

 

 

 

II кат. - 3 лк;

 

 

 

 

III кат. - 2 лк;

 

 

 

 

IV кат. - 1 лк.

 

 

26

Контакт чубалгысынын (башка линия чубалгыларынын) асылыш бийиктиги, м

ТИЭге жараша

 

 

27

Поезд текшерүү үчүн прожекторлор менен жабдылышы

ТИЭге жараша

 

 

28

Кыймылдуу курамдын ылдыйкы габаритсиздигин табуу үчүн механизмдин бар-жоктугу

Нөөмөтчү тарабынан тейленген өтмөктөр

 

 

29

Жатык боёк белги линияларынын бар-жоктугу

Жол кыймылы эрежелерине жараша

 

 

 

Иш жүзүндөгү маалыматтар киргизилди

_______________________________________
(дата, кызмат адамынын колу)

 

 

4-тиркеме

Өтмөк иштетүү боюнча жергиликтүү нускаманын
БОЛЖОЛДУУ МАЗМУНУ

 

1. Шлагбаумдардын абалы.

2. Жатык-бурма (запас) шлагбаумдарды колдонуу тартиби.

3. Байланыш каражаттарынын бар-жоктугу жана аларды колдонуу тартиби.

4. Өтмөк сигнализациясынын бар-жоктугу жана аны колдонуу тартиби.

5. Тосмо сигнализациясынын бар-жоктугу жана аны колдонуу тартиби.

6. Өтмөктө поезд жана транспорт каражаттарынын жүрүүсү үчүн тоскоолдук пайда болгондо өтмөк нөөмөтчүсүнүн аракеттеринин тартиби.

7. Поезддин курамында же өтмөктө пайда болгон бузуктар тууралуу өтүп бараткан поезддердин машинисттерин кабарлоо тартиби.

8. Өтмөктө күтүүсүз пайда болгон тоскоолдук ордун тосуунун тартиби.

9. Өтмөктүн түзүк иштөө шарттары бузулганда кызмат адамдарына кабарлоонун схемасы (ушул Эреженин 5-тиркемеси).

10. Кыймылдуу курамдын ылдыйкы габаритсиздик планкасынын бузуктугу табылганда өтмөк нөөмөтчүсүнүн аракеттеринин тартиби.

11. Өтмөк тосмолоо механизмин (ТТТ) колдонуу тартиби.

12. Атайын сигнализация каражаттарын (кызыл түстүү маякча жана сиренаны) колдонуу тартиби.

13. Өтүп бараткан поезддерди кароо үчүн прожектор орнотуу, тейлөө жана колдонуу тартиби.

14. Жумушчукесиптер (рабпрофсож) бирлиги менен макулдаштырылган коопсуздук техникасы жана өндүрүш санитариясы бөлүмү.

 

5-тиркеме

____ км, ____ тилкедеги ______ жол дистанциясындагы (бекеттеги) өтмөктүн түзүк иштөө шарттары бузулганда кызмат адамдарына кабарлоонун
БОЛЖОЛДУУ СХЕМАСЫ

Описание: x024

 

Эскертүү. Конкреттүү схема жергенин шарттары жана байланыш каражаттарына жараша түзүлөт.

Шарттуу белгилер: бир линия - телефон байланышы; кош линия - радиобайланыш.

 

6-тиркеме

Өтмөк нөөмөтчүлөрү үчүн коопсуздук техникасы жана өндүрүш санитариясы боюнча
ТИПТҮҮ ЭРЕЖЕ

 

1. Жалпы жоболор

1.1. Бул Типтүү эрежеде өтмөк нөөмөтчүлөрүнүн өз кызмат милдеттерин аткарууда коопсуздук техникасы жана өндүрүш санитариясынын негизги талаптары баяндалган.

1.2. Өтмөк нөөмөттөрү графигинде бир жумушчу үчүн катары менен эки түнкү нөөмөт каралбоого тийиш.

1.3. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда өтмөк нөөмөтчүсү айрыкча өтмөктөн поезд жана транспорт каражаттарынын өтүү шарттарында жогорку кыраакылыкты, байкоочулукту жана аракет тактыгын камсыздоого тийиш.

1.4. Түнкү убакта, ошондой эле туманда, бурганакта жана башка жагымсыз көрүнүү шарттарында иштөөдө өтмөк нөөмөтчүсүнүн эки тарапка жарык берген күйүп турган тунук ак оту бар кол чырагы болууга тийиш.

1.5. Өтмөк нөөмөтчүсү үчүн жергиликтүү нускамада өзгөчөлүктөр эске алынып, коопсуздук техникасы жана өндүрүш санитариясы боюнча атайын бөлүм иштелип чыгууга, анда өтмөктүн өтмө бөлүгүндө жана жолдо иштөөдө, жумушка жана жумуштан өтүп баратканда этият чаралары көрсөтүлүүгө тийиш. Ошондой эле жол-транспорт кырсыктарында жана электр агымынан жабыркагандарга биринчи жардам ыкмалары көрсөтүлүүгө тийиш.

Жергиликтүү эрежелерде поезд жана транспорт каражаттары интенсивдүү жүргөн өтмөктөрдө төшөмө чектеринде жолду тейлөө тартиби орнотулууга тийиш.

2. Жумушка жана жумуштан өтүү тартиби

2.1. Өтмөк нөөмөтчүлөрү топурак полотносунун четинде же темир жолдон четте (мындан ары - жолдо) атайын өтүү каттамы менен жумушка өтүүгө жана жумуштан кайтууга тийиш.

Топурак полотносунун четинде өтүү мүмкүн болбогон учурда жана башка жол жокто гана жолдо жүрүүгө уруксат берилет. Жолдо түнкүсүн же күндүз туманда, бурганакта жана башка жагымсыз көрүнүү шарттарында жүргөндө өтмөк нөөмөтчүсүнүн эки тарапка жарык берген күйүп турган кол чырагы болууга тийиш.

Эки жолдуу эки бекет араларында поезддердин туура эмес жолдо да жүрүүсү мүмкүн экенин эсте тутуп, поезддердин туура жүрүшүнө карай жүрүү керек.

2.2. Бекет аймагынан өтүү үчүн белгиленген каттамдарды же кең эки жол ортолорун, жүргүнчү же жүк платформаларын, жөө жолоочу төшөмөлөрүн (көпүрөлөрдү) пайдалануу же топурак полотносунун четинде жүрүү керек. Мында жолдордогу кыймылдуу курамдын кыймылына дыкат көз салуу, жебе котормолору чениндеги бөгөттөрдү, чек мамычаларын, вагон чарбасынын стеллаждарын жана оңдоо механизмдерин, арыктарды, ноолорду, суу жуткуч кудуктарды жана бекет чарбасынын башка механизмдерин ашууда этият болуу керек.

Жолдо эч кандай кыймыл жоктугуна алдын ала көз жеткен соң гана тик бурч астында өтүү керек. Туруп турган кыймылдуу курамдын артынан жолго чыгууда, жебе постторунун, жүргүнчү же жүк платформаларын жана коңшу жолдордун көрүнүүсүн начарлаткан башка курулма жана механизмдердин жанында (ченинде) өзгөчө этият кылуу зарыл.

Жакындап келе жаткан поезддин (маневр курамынын) алдынан жолдон өтүү же чуркоо, турган вагондордун астынан өтүү, авточиркештирүүчү механизмдердин, ошондой эле бири-биринен 10 м ден жакын турган вагондордун арасынан өтүүгө тыюу салынат.

Кыймылдуу курам ээлеп турган жолду өтүү керек болгон бүткүл учурларда өтмө аянтчаларын пайдалануу же четки вагондон 5 м ден алыс турган вагондорду айланып өтүү керек.

Жолдон өтүүдө рельсага бут менен турууга, рамалуу рельса менен жебе котормосунун учунун арасына же учтун тамыры менен крестовинанын кобулуна бутту коюуга болбойт.

3. Кызмат милдеттеринин аткарылышы

3.1. Өтмөк нөөмөтчүсү поездди бул максат үчүн белгиленген жерде (өтмөк имаратынын жанында) четки рельсадан 3 м ден алыста, кыймылга карай башты жарым буруп, жолду утурлай тосууга милдеттүү.

Эки жол арасында же коңшу жолдо туруп поездди тосуу, ошондой эле жолдун өтмө бөлүгүндө турууга тыюу салынат.

Поезддер 141-160 км/саат ылдамдык менен жүргөндө тез жүрүүчү поезддин өтүшүнө 5 мин. калганда өтмөк нөөмөтчүсү транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машинелердин өтмөктөн өтүүсүн токтотууга жана шлагбаумдарды (шлагбаумдар автомат же автомат эмес экенине карабастан) жабууга милдеттүү.

Шлагбаумдарды жапкан соң, өтмөк нөөмөтчүсү өтмөктүн эки жагында тең жолдун боштугуна көзү жетүүгө жана поезд тосуу үчүн белгилүү жерде туруп, белгиленген сигналдарды берүүгө милдеттүү.

141-160 км/саат ылдамдык менен жүргөн поездди өткөрүүдө өтмөк нөөмөтчүсү четки рельсадан эң аз 4 м аралыкта турууга тийиш.

Тез жүрүүчү поезддердин бүткүл кечигүү учурларын поезд диспетчери тилке бекеттеринин бүткүл нөөмөтчүлөрүнө кабарлоого тийиш, алар болсо өтмөк нөөмөтчүлөрүнө муну билдирет. Мында тез жүрүүчү поезд белгиленген убакта өтпөгөн болсо, өзгөчө кыраакылык көрсөтүү жана телефон же радиобайланыш аркылуу анын өтүш убагын бекет нөөмөтчүсүнөн же поезд диспетчеринен билүү зарыл.

3.2. Поезд өткөрүлгөн соң жумуш жасоо үчүн жолго чыгуудан мурун өтмөк нөөмөтчүсү анын артынан же коңшу жолдо поезд, локомотив (түрткүч) же дрезина утурлай келе жатпаганына көзү жетүүгө тийиш.

3.3. Жолдо жумуш жасоодо өтмөк нөөмөтчүлөрү туура жолдо да, туура эмес жолдо да жакындап келе жаткан поезддерди дыкаттык менен байкап турууга жана поезд эң аз 400 м аралыкка жеткенде жолдон чыгууга тийиш. Бул шарттарда күтүлүп жаткан поездге карай бетти буруп туруу зарыл, рельсаларга, шпалдардын учтарына, балласт призмасына, рельс колеясынын ичине жана эки жол арасына отурууга болбойт.

Жолдо иштеп жатканда өтмөк нөөмөтчүсү жолдон өтө албай, поездди тосуу үчүн дайындалган жерге бара албаган эрежеден тышкаркы учурларда ага көрсөтүлгөн аралыктан жакын эмес жерде туруп поездди ар кайсы жагынан тосуусуна уруксат берилет.

Начар көрүнүү шарттарында өзгөчө кыраакылыкты көрсөтүү зарыл.

Шлагбаумдар жабык кезде жана өтмөккө жакындап келе жаткан поезддердин жоктугу тууралуу маалымат барда гана жолдо жана өтмөктө жумуш жасоого уруксат берилет.

3.4. Өтмөк нөөмөтчүлөрү өтмөк постун таза жана тыкан тутууга тийиш.

4. Электирлештирилген тилкелерде иштөө өзгөчөлүктөрү

4.1. Контакт тармагына жакын жерде узун металл буюмдар же аспаптар менен иштөөдө өзгөчө этият көрсөтүү зарыл; бул аспаптардан чыңалуу астындагы контакт тармагынын зымдары жана электир агымы чубалгыларына чейинки аралык эң аз 2 м болууга тийиш.

4.2. Контакт тармагынын зымдары жана электир агымы чубалгылары үзүлгөн кезде аларга 8 м ден жакын барууга, ошондой эле рельсаларга бирдеме менен тийүүгө болбойт. Бул учурларда кооптуу жерди токтотуу сигналдары менен тосмолоо жана жол устасына же бекет нөөмөтчүсүнө (поезд диспетчерине) окуяны кабарлоо чараларын көрүү зарыл.

4.3. Контакт тармагынын зымдары жана электир агымы чубалгыларындагы чоочун буюмдарга (зым, трос кесиктери, ток кабыл алуучу бөлүктөрү, байланыш, сигнализация, борборлоштуруу, бөгөт (БСБ) же жарыктандыруунун үзүк чубалгыларына) тийүүгө болбойт. Контакт тармагынын зымдарында чоочун буюмдар табылган учурда контакт тармагынын зымдарында үзүк табылган кездегидей эле аракет кылуу зарыл. Контакт тармагынын тиректерине, аба линияларынын чубалгыларына, электирлүү кыймылдуу курамдын чатыр же вагон асты жабдыктарынын бөлүктөрүнө, ошондой эле туурасынын сынык рельсага түздөн түз же буюмдардын жардамы менен тийүүгө болбойт.

5. Петарда колдонууда коопсуздук чаралары

5.1. Петардалар жарылма заттар менен толтурулган, аларды этиятсыз колдонуу жана урунуу кырсыктын себеби болушу мүмкүн.

Петардалар түзүк абалда тутулууга, өтмөк нөөмөтчүсүнүн куруна бекитилген атайын кутучаларда же өтмөк постунун имаратында оттон жана ысышына жол бербеген ысытуу шаймандарынан жетиштүү алыстыкта сакталууга тийиш.

Петардаларга аспаптар же башка буюмдар менен сокку тийүү мүмкүндүгү жокко чыгарылууга тийиш.

Бузук петардалар дароо алмаштырылышы керек. Петардалар жолго жаткырылган соң, локомотив (дрезина) петардага басканда жаракат албашы үчүн өтмөк нөөмөтчүсү эң жакын петардадан эң аз 20 м ге алысташы керек.

5.2. Петардаларды ачуу, соккуга учуратуу, пружина же таманчаларды жабыштыруу үчүн ысытууга тыюу салынат.

6. Чагылгандуу жаанда коопсуздук чаралары

6.1. Чагылган тийүүдөн сактануу үчүн чагылгандуу жаандын жакындашы менен жолдо жумуш жасоону токтотуу керек.

Жанында аспап тутууга же ташууга болбойт. Адамга чагылган тийген учурда доктордун келишине чейин ага жасалма дем алуу жана жүрөккө жабык массаж жасоо керек.

 

Описание: Инструкция по эксплуатации железнодорожных переездов МПС России (не нуждается в госрегистрации) (не действует с 26.03.2015 на основании решения Верховного Суда Российской Федерации от 19.11.2014 N АКПИ14-1069)

 

Описание: Инструкция по эксплуатации железнодорожных переездов МПС России (не нуждается в госрегистрации) (не действует с 26.03.2015 на основании решения Верховного Суда Российской Федерации от 19.11.2014 N АКПИ14-1069)

сүр. 4. Шлагбаумдары бар өтмөктүн жабдыктарынын жайгашуусу:

а - калктуу жайлардын тышында; б - калктуу жайларда; 1 - автомобиль жолунун өтмө бөлүгүнүн чети; 2 - 3.13. "Бийиктикти чектөө" жол белгиси; 3 - запас жатык-бурма шлагбаумдар; 4 - багыттоочу мамычалар; 5 - перилалар (тосмолор); 6 - суу ноолору; 7 - жыгач устундар; 8 - контррельсалар; 9 - жол рельсалары; 10 - тосмо светофору; 11 - "С" сигнал белгиси; 12 - темир-бетон плиталар же асфальт-бетон төшөмө; 13 - кызыл калкан менен сигнал чырагын орнотуу үчүн түтүк же тирек; 14 - өтмөк постунун имараты; 15 - өтмөк сигнализациясынын светофору; 16 - автомат шлагбаум же электирлүү шлагбаум; 17 - 1.1. "Шлагбаумдуу темир жол өтмөгү" жол белгиси; 18, 19, 20 - 1.4.1 - 1.4.6 "Темир жол өтмөгүнө жакындоо" жол белгилери.

Эскертүү. 1. Кашаанын ичинде жүрүш ылдамдыгы 120 км/сааттан ашык кезде өтмөктөн "С" сигнал белгилерине чейинки аралыктар көрсөтүлгөн.

2. Кайталоочу 1.1 жол белгилерин орнотууда ушул Эреженин 3.10 тарамынын талаптарын эске алуу керек.

 

Описание: Инструкция по эксплуатации железнодорожных переездов МПС России (не нуждается в госрегистрации) (не действует с 26.03.2015 на основании решения Верховного Суда Российской Федерации от 19.11.2014 N АКПИ14-1069)

 

Описание: Инструкция по эксплуатации железнодорожных переездов МПС России (не нуждается в госрегистрации) (не действует с 26.03.2015 на основании решения Верховного Суда Российской Федерации от 19.11.2014 N АКПИ14-1069)

сүр. 5. Шлагбаумсуз өтмөктүн жабдыктарынын жайгашуусу:

а - калктуу жайлардын тышында; б - калктуу жайларда; 1 - автомобиль жолунун өтмө бөлүгүнүн чети; 2 - суу ноолору; 3 - контррельсалар; 4 - темир-бетон плиталардан же жыгач устундардан төшөмө; 5 - багыттоочу мамычалар; 6 - өтмөк сигнализациясынын светофору; 7 - 1.3.1 "Бир тилкелүү темир жол" жол белгиси; 8 - "Бийиктикти чектөө" 3.13 жол белгиси; 9 - "Шлагбаумсуз темир жол өтмөгү" 1.2 жол белгиси; 10, 11, 12 - 1.4.1 - 1.4.6 "Темир жол өтмөгүнө жакындоо" жол белгилери.

Эскертүү. Кайталоочу 1.2 жол белгилерин орнотууда ушул Эреженин 3.10 тарамынын талаптарын эске алуу керек.

 

Описание: Инструкция по эксплуатации железнодорожных переездов МПС России (не нуждается в госрегистрации) (не действует с 26.03.2015 на основании решения Верховного Суда Российской Федерации от 19.11.2014 N АКПИ14-1069)

 

Описание: Инструкция по эксплуатации железнодорожных переездов МПС России (не нуждается в госрегистрации) (не действует с 26.03.2015 на основании решения Верховного Суда Российской Федерации от 19.11.2014 N АКПИ14-1069)

сүр. 6. Жасалма курулмалардын алдындагы габарит дарбазасы:

а - жалпак металл формасы бар; б - жыгач; в - металл чоймолору бар; 1 - тиректер; 2 - металл ферма; 3 - чектөө планкалары; 4 - металл чынжыр же зымдуу асмалар; 5 - автожолдун өтмө бөлүгү; 6 - туташ ок линиясы; 7 - 3.13 "Бийиктикти тосмолоо" жол белгиси; 8 - металл чоймолор.

Эскертүү. 1. Жаңыдан долбоорлонуп жаткан жана кайра жасалып жаткан өтмөктөрдө өтмө бөлүктүн чети менен тиректин арасы 1,75 м ден аз болбошу керек. БК ТР 014/2011 ылайык габарит дарбазалары же габарит дарбазасы же аларга тагылган калкандар жолдун үстүнөн 2 м ге чейинки бийиктикте эни 0,2 м, 45º бурч астында ийилген кара-ак тилкелер түрүндө боёлот. Калкандын эни тиректин диаметринен кем болбошу керек.

 

Описание: 3

сүр. 7.

Нөөмөтчүсү бар (а) жана нөөмөтчүсүз (б) өтмөктөгү өтмөк светофору.