КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1999-жылдын 25-марты № 33
Ичүүчү суу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын
2000-жылдын
29-сентябрындагы № 81, 2003-жылдын 28-июнундагы №
118, 2009-жылдын 20-июлундагы № 240,
2011-жылдын 12-ноябрындагы № 206, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144
Мыйзамдарынын
редакцияларына ылайык)
I бөлүм. Жалпы жоболор
II бөлүм. Ичүүчү сууну өндүрүү
III бөлүм. Ичүүчү суунун сапатын камсыз кылуу жана ага контролдук жүргүзүү
IV бөлүм. Калкты ичүүчү суу менен жабдуудагы экономикалык механизм
V бөлүм. Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жагындагы укук бузуулар үчүн жоопкерчилик жана жарандар менен
чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу
VI бөлүм. Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жагындагы эл аралык кызматташтык
Ичүүчү суу Кыргыз Республикасынын калкынын жашоосунун жана ишинин негизи болуп эсептелет, стратегиялык, практикалык жана экономикалык мааниге ээ, товар болуп эсептелет.
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана ичүүчү суу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Суу - жыты жана даамы жок түзсүз, тунук суюктук.
Ичүүчү суу - өзүнүн сапаты боюнча стандарттарга жана гигиеналык талаптарга, чарбалык-ичүүчү жана коммуналдык, турмуш-тиричилик максаттары үчүн белгиленген санитардык эрежелер менен ченемдерге ылайык келген суу.
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу - тиешелүү ишканалар менен уюмдардын чарбалык-ичүүчү жана коммуналдык, турмуш-тиричилик максаттары үчүн адамдардын сууга болгон керектөөлөрүн камсыз кылууга багытталган иш чөйрөсү.
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутуму - калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн арналган техникалык тутум.
Суу түтүгүнүн тармагы (суу түтүгү) - ичүүчү сууну керектөөчү жерлерге берүү үчүн курулуштар менен жабдылган түтүк өткөргүчтөр тутуму.
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутуму - суу түтүгүнүн тармагы бар чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутуму.
Санитардык коргоо зонасы - суу менен камсыз кылуу булагын жана ушул булактан чарбалык-ичүүчү багыттагы суу берүүчү суу түтүгү, анда сууну өтө коркунучтуу химиялык жана биологиялык заттардан жана организмдерден булгануудан сактоонун өзгөчө тартиби белгиленет.
Ичүүчү суунун кемчилиги - анын стандартка, келишимдин шарттарына жана ичүүчү суунун сапатына коюлуучу талаптарга ылайык келбеши.
Ичүүчү суунун олуттуу кемчилиги - ичүүчү сууну анын максаттуу багытына ылайык пайдаланууга мүмкүн эместиги же жол берилгис кылган кемчилиги.
Төмөндөгүлөр:
сууда жөн гана караганда суу организмдеринин жана (же) үстүнкү катмардын байкалып турушу;
кургак калдыктын 1500 мг/л дан жогору болушу;
оңой байкалуучу жыттын, даамдын жана татымдын бар экендиги жана суу жөнүндө жагымсыз пикирлерди жаратуу ичүүчү суунун олуттуу кемчиликтерине таандык кылынат.
2-статья. Калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдууну мыйзамдык жана
ченемдик жагынан камсыз кылуунун тутуму
Калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жана ичүүчү суунун сапатын камсыз кылуу жагындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын тиешелүү жоболоруна негизделет.
3-статья. Калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун негизги прин-
циптери жана ичүүчү суунун сапатын камсыз кылуу боюнча
чаралар
Төмөндөгүлөр:
тиешелүү эсептик дебиттерге, санитардык-гигиеналык жана экологиялык талаптарга, ошондой эле сууну тазалоо жана зыянсыздандыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун тутумунун булагын тандап алуу;
ичүүчү суунун коопсуздугу жана зыянсыздыгы боюнча талаптарды камсыз кылуу, чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумунун зарыл болгон технологиялык ишенимдүүлүгүн түзүү жана суу менен жабдуу булактарын санитардык коргоо боюнча чараларды көрүү;
керектөөнүн негизделген ченемдерине ылайык калктын сууга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу;
стандарттар менен санитардык эрежелердин жана ченемдердин талаптарына ылайык ичүүчү суунун сапатын туруктуу сактоо чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун негизги принциптери болуп эсептелет.
Калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун негизги принциптерин ишке ашыруу жана ичүүчү суунун сапатын камсыз кылуу чаралардын комплекси аркылуу жетишилет, ага:
суу менен жабдуунун булактарынын булганышын болтурбоо;
суу алуучу курулуштарды, сууну тазалоо, зыянсыздандыруу жана ташуу курулуштарын куруу жана ишенимдүү пайдалануу, аларды зарыл ресурстар менен артыкчылык берип камсыз кылуу;
сууну тазалоонун жана зыянсыздандыруунун жеткилең ыкмаларын иштеп чыгуу жана жайылтуу:
суу түтүгүнүн тармактарын өнүктүрүү жана модернизациялоо;
белгиленген стандарттар жана санитардык эрежелер менен ченемдерге ылайык ичүүчү суунун сапатына карата илимий негизделген ченемдик талаптарды иштеп чыгуу жана жайылтуу;
ичүүчү суунун сапатын контролдоонун натыйжалуу тутумун түзүү;
калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдууну жакшыртуу боюнча ишке экономикалык түрткү берүү;
калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жагындагы адистерди даярдоо;
калкты суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө коомчулукка маалымдап туруу кирет.
4-статья. Чарбалык ичүүчү суу менен жабдуу жагындагы Кыргыз Рес-
публикасынын атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда-
рынын компетенциясы
Саламаттык сактоо боюнча ыйгарым укуктуу органы, стандартташтыруу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органы, айылды суу менен камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органы, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органы, калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жагындагы Кыргыз Республикасынын атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары болуп саналат.
Төмөндөгүлөр:
калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу;
чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү;
борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун камсыз кылуу, ичүүчү суунун коопсуздугун камсыз кылуу жана анын сапатын жакшыртуу боюнча мамлекеттик, мамлекеттер аралык максаттуу программаларды иштеп чыгуу;
ичүүчү суунун жана суу менен жабдуу булактарынын коопсуздугунун жана зыянсыздыгынын критерийлерин, ошондой эле чарбалык жана ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарына, материалдарына, реагенттерине, жабдууларына, түзүлүштөрүнө карата коюла турган санитардык-гигиеналык жана эпидемиологиялык талаптарды белгилеген санитардык-эпидемиологиялык ченемдер менен эрежелерди жана гигиеналык ченемдерди иштеп чыгуу, бекитүү жана колдонууга киргизүү;
илимий-техникалык прогресстин жана жаңы экономикалык механизмдин жетишкендиктерин чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун курууга, кайра конструкциялоого жана эксплуатациялоого жайылтуу;
чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун долбоорлоодо, курууда жана пайдаланууда талаптардын аткарылышына, санитардык коргоо зоналарында суу менен жабдуу булактарынын булганышын болтурбоо жана жоюу боюнча зарыл иш-чараларга мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
борборлоштурулган жана борборлоштурулбаган чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарындагы ичүүчү суунун сапатына мамлекеттик санитардык - эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
стандарттардын жана санитардык ченемдер менен эрежелердин талаптарына ылайык ичүүчү суунун сапатына контролдукту өркүндөтүү;
ичүүчү сууну гигиеналык сертификациялоодон өткөрүү;
ичүүчү суунун сапатын жакшыртуу максатында илимий изилдөөлөр менен технологиялык иштеп чыгууларды координациялоо, жайылтуу жана алардын натыйжаларын пайдаланууга көмөк көрсөтүү;
суу менен жабдуу ишканалары үчүн адистерди даярдоого, кайра даярдоого жана алардын квалификациясын жогорулатууга катышуу;
тиешелүү профилдеги чет өлкөлүк уюмдар менен илимий-техникалык жана экономикалык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу;
чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун долбоорлорунун ченемдеринин долбоорлору боюнча корутундуларды даярдоо;
белгиленген тартипте ичүүчү сууга болгон стандарттарды иштеп чыгуу жана стандартташтыруу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу органга белгиленген тартипте бекитүүгө берүү;
ичүүчү сууну өндүрүүдө жана кайра иштетүүдө жаңы химиялык заттарды, каражаттарды жана усулдарды колдонууга уруксат берүү саламаттык сактоо боюнча ыйгарым укуктуу органынын калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу чөйрөсүндөгү компетенциясына таандык кылынат.
Төмөндөгүлөр:
ичүүчү суунун коопсуздугунун жана зыянсыздыгынын критерийлерин белгилеген стандарттарды иштеп чыгуу, бекитүү жана колдонууга киргизүү;
стандарттардын талаптарына ылайык ичүүчү суунун сапатына контролдукту өркүндөтүү;
ичүүчү сууну сертификациялоодон өткөрүү;
ичүүчү сууну стандартташтыруу жана контролдукту метрологиялык камсыз кылуу жагында чет өлкөлөр менен илимий - техникалык жана экономикалык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу стандартташтыруу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына таандык кылынат.
Төмөндөгүлөр:
чарбалык-ичүү багытындагы суу менен жабдуу булактарын жана суу түтүктөрүн санитардык коргоо зоналарынын укуктук тартибин белгилөө;
суу коргоо мыйзамдарынын талаптарынын, суу менен жабдуу булактарынын санитардык-коргоо зоналарынын тартибинин сакталышына мамлекеттик контролдукту уюштуруу жана жүзөгө ашыруу, суу ресурстарынын булганышын, азайышын болтурбай коюу жана жоюу, аларды сарамжал жана үнөмдүү пайдалануу боюнча чараларды көрүү;
чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун өнүктүрүү, ичүүчү суунун коопсуздугун камсыз кылуу жана анын сапатын жакшыртуу боюнча мамлекеттик, мамлекеттер аралык жана регионалдык максаттуу программаларды иштеп чыгууга катышуу жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жагында мыйзамдардын долбоорлорун жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органынын компетенциясына таандык кылынат.
Төмөндөгүлөр:
айылдык калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
ичүүчү суунун коопсуздугун жана зыянсыздыгын, анын стандарттарга жана гигиеналык талаптарга ылайык келишин камсыз кылуу;
айылдык калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик жана регионалдык максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
илимий-техникалык прогресстин жана жаңы экономикалык механизмдин жетишкендиктерин айылдык калкты суу менен жабдуу объектилерин курууга жана эксплуатациялоого жайылтуу;
суу менен жабдуу боюнча айыл объектилеринин абалын жакшыртуу боюнча экономикалык механизмди иштеп чыгуу жана өркүндөтүү;
санитардык коргоо зоналарындагы суу менен жабдуу булактарынын булганышын болтурбай коюу жана жоюу боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүү;
чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумунун туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча ведомствого караштуу уюмдардын ишин координациялоо;
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен жана бюджеттен тышкаркы фондулардан каржылануучу долбоорлоо-иликтөө жана илимий-изилдөө жумуштарынын аткарылышын камсыз кылуу;
айылды суу менен жабдуу ишканалары үчүн адистерди даярдоону, кайра даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
тиешелүү профилдеги чет өлкөлүк фирмалар менен илимий-техникалык экономикалык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу суу жана айыл чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу органынын компетенциясына таандык кылынат.
Төмөндөгүлөр:
жер астындагы ичүүгө жарактуу суулардын запастарын мамлекеттик эсепке алуу;
жер астындагы сууларды азаюудан жана булгануудан коргоого мамлекеттик контролдук;
режимге жана сапатка туруктуу байкоолордун негизинде жер астындагы ичүүгө жарактуу суулардын абалынын мониторингин жүргүзүү;
суу алуучу курулуштардын (жер астындагы суулар жагында) мамлекеттик суу кадастрын жана мамлекеттик реестрин киргизүү;
жер астындагы ичүүгө жарактуу сууларды пайдаланууга жана коргоого байланыштуу долбоорлорду экспертизадан өткөрүү жана жер астындагы сууларга тиешеси бар башка суу чарба маселелерин чечүүгө катышуу;
(Жетинчи абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 240, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калкты
ичүүчү суу менен камсыз кылуу жагындагы компетенциясы
Төмөндөгүлөр:
тиешелүү ведомстволук баш ийүүдөгү аймакта калкты гигиеналык талаптарга жооп берген ичүүчү суу менен зарыл болгон көлөмдө жабдуу;
чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун өнүктүрүү боюнча пландаштырылуучу документтердин, башкы схемалардын, максаттуу программалардын жана иш-чаралардын пландарынын курамында иштеп чыгуу жана бекитүү;
суу менен жабдуу булактарынын болушу жана абалы жөнүндө маалыматтарды, калктын талап кылынган көлөмдөгү жана сапаттагы ичүүчү суу менен жабдууга болгон керектөөлөрүн канааттандыруунун мүмкүнчүлүктөрүн, чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумунун ишенимдүүлүгүн эсепке алуу жана баа берүү;
суу менен жабдуу булактарында санитардык коргоо зоналарын уюштуруу жана аны сарамжал пайдалануу боюнча иш-чараларды өткөрүү;
калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жана ичүүчү суунун сапатына контролдук кылуу боюнча жумуштарды пландаштыруу, каржылоо, материалдык-техникалык жагынан камсыз кылуу;
Кыргыз Республикасындагы суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын пайдалануудагы колдонулган эрежелеринин негизинде чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун тутумдарын пайдалануунун жергиликтүү эрежелерин бекитүү;
ичүүчү суунун чыгымдалышын эсепке алууну жүзөгө ашыруу;
мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын жана сууда коркунучтуу булгануулар болгон учурда ичүүчү сууну пайдаланууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө жана калкты чарбалык-ичүүчү суу менен кадыресе камсыз кылууну калыбына келтирүү жана ичүүчү суунун зарыл болгон сапатын камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүү тууралу стандарттардын талаптарынын сакталашына мамлекеттик көзөмөл органдарынын корутундуларынын негизинде чечимдерди кабыл алуу;
ведомстволорго караштуу аймактарда суу коргоо иш-чараларын уюштуруу жана алардын аткарылышына контролдук жүргүзүү, суу менен камсыз кылуу булактарын жана суу түтүктөрүн санитардык коргоо зоналарынын тартибин бузуу учурларына бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү;
мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары жана стандарттардын талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл органдары менен макулдашуу боюнча өзгөчө жагдайларда (табигый кырсык, суу менен жабдуу булактарындагы суунун булганышынын коркунучтуу деңгээлге жетишин аныктоо жана башкалар) чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жана шарттары жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
ичүүчү суунун сапаты, аны чыгымдоонун ченемдери жана үнөмдөөнүн ыкмалары, акы төлөөнүн тартиби жөнүндө калкты зарыл болгон маалымат менен камсыз кылуу;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына таандык кылынган чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун башка маселелерин мыйзамдарга ылайык чечүү калкты ичүүчү суу менен жабдуу жагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына таандык кылынат;
монополияга каршы аймактык органдар менен макулдашуу боюнча калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча тарифтерди бекитүү (белгилөө).
Мамлекет тарабынан жекече турак жай конуштары уюштурулганда, мамлекет өзүнүн мамлекеттик органдарынын атынан ал жерде жашаган калкты суу менен үзгүлтүксүз жабдуу үчүн 3 жылдын ичинде суу түтүгүн курууга жана пайдаланууга берүүгө милдеттүү. Бул учурларда республикалык, жергиликтүү бюджеттер, мамлекеттик органдардын бюджеттен тышкаркы каражаттары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келбеген башка булактар каржылоо булагы болуп саналат.
(КР 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 81, 2009-жылдын 20-июлундагы № 240, 2011-жылдын 12-ноябрындагы № 206
Мыйзамдарынын
редакцияларына ылайык)
6-статья. Суу менен жабдуу ишканаларынын компетенциясы
Суу менен жабдуу ишканасы:
түзүлгөн келишимдерге ылайык абоненттерди суу менен жабдууну, булганыч сууларды алууну, бурууну жана тазалоону камсыз кылат;
ичүүчү суунун коопсуздугун жана зыянсыздыгын, анын стандарттарга жана гигиеналык талаптарга ылайыктуулугун камсыз кылат;
суу түтүктөрү канализациялык тармактардын, суу алынуучу чорголордун жана алардын балансында турган башка курулуштардын абалына жана пайдаланылышына такай көзөмөлдүк жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;
көп квартиралуу турак үйлөрдөгү жайлардын ээлеринин жалпы мүлкү болуп саналган керектөөчү приборлорунан (кран, аралаштыргыч, суу челеги жана башкалар) башка, эксплуатациялануучу тармактардын жана жабдуулардын талаптагыдай техникалык абалын жана коопсуздугун камсыз кылышат;
ичүүчү суунун коромжулугуна каршы план ченемдүү күрөш жүргүзүшөт, сырткы тармактардагы суулардын коромжу агууларын айкындашат, абоненттердин ички тармактарында суунун коромжулуктарына контролдукту жүзөгө ашырышат, ичүүчү сууну берүүнүн тарифтеринин сакталышын, булганыч сууларды агызып чыгаруунун жана булгоочу заттарды чыгаруунун ченемдиктерин контролдошот;
абоненттердин суу ченөөчү приборлору (суу ченегичтери) жок суу керектөөчүлөрүнүн курамын, санын текшерүүлөрдү жүргүзүшөт.
Суу менен жабдуучу ишкана абоненттерге суу берүү убактылуу токтотулган, ал суу түтүктөрүн курулушун жана тармагын пландуу оңдоого байланышкан учурларда бул жөнүндө абоненттерге кеминде беш суткадан мурда кабарлоого милдеттүү.
Керектөөчүлөрдү чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу ишканалары тарабынан Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жоболоруна, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлүүчү жана алардын өз ара мамилелеринин негизи болгон коомдук келишимдердин негизинде жүргүзүлөт.
Коомдук келишимде келишимдин предмети - керектөөчүнү чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу белгиленген ченемдиктен аз эмес санда жана "Ичүүчү суунун" стандартынын талаптарына ылайык келген сапатта үзгүлтүксүз камсыз кылуу каралат, ошондой эле керектөөчүнүн берилген чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу үчүн акы төлөөсүнүн мөөнөттөрү макулдашылат. Керектелүүчү суунун саны чарбалык-ичүүчү суу керектөөчүнүн ар бири үчүн суу менен жабдуу ишканасы тарабынан орнотулуучу жекече суу ченөөчү приборлор (суу ченегичтер) боюнча аныкталат. Орнотулган жекече суу ченөөчү приборлор (суу ченегичтер) суу менен жабдуу ишканасынын балансына алынат жана анын менчиги болуп саналат.
Керектөөчүгө сууну келишимде белгиленген ченемдерден аз же стандарттын талаптарына ылайык келбегендей же олуттуу кемчиликтер менен берүү, ошондой эле күн бою жана андан ашыгыраак убакытка суу бербөө келишимди бузууга жатат жана керектөөчүгө келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугун жана доонун суммасынын 3 пайыз өлчөмүндө бышмана төлөтүп алууга укук берет, бирок ал бул өлчөмдөн ашпоого тийиш.
(КР 2003-жылдын 28-июнундагы № 118, 2011-жылдын 12-ноябрындагы № 206 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-статья. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдары
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдары Кыргыз Республикасынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу жагындагы негизги өндүрүштүк тариз болуп эсептелет жана жашоону камсыз кылуучу жана жаратылышты коргоо объектилери сыяктуу эле артыкчылыктарга жана привилегияларга ээ болот. Алар мамлекеттик, муниципалдык менчикте болушу мүмкүн.
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумунун менчик ээси аны долбоорлоону, курууну, кайра конструкциялоону, өнүктүрүүнү каржылайт жана тутумдун өзү тейлеген жердеги калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун керектөөлөрүнө ылайык келиши жана андагы ичүүчү суунун сапаты, ошондой эле тутумду пайдаланууну ресурстар менен камсыз кылуу үчүн, оңдоо-калыбына келтирүү жумуштарын өз убагында жүргүзүү, тутумдун ишке жөндөмдүүлүгүн пайдалануунун өзгөрүп турган шарттарына ылайык кармап туруу үчүн аны өнүктүрүү жана кайра конструкциялоо үчүн жоопкерчилик тартат.
Калк жашаган жерлерди чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумун өнүктүрүүнүн программасы тиешелүү аймактардагы (айылдык аймак, шаар, район, область, республика) социалдык-экономикалык өнүгүүнүн пландарынын ажырагыс курамдык бөлүгү болуп эсептелет.
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарын пайдалануу суу менен камсыз кылуунун адистештирилген ишканалары тарабынан тутумдардын менчик ээлери менен түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
Ведомстволорго караштуу чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарын пайдалануу сууну пайдалануу укугуна лицензиясы бар-тутумдун ээси болгон ведомстволордун адистештирилген кичи бөлүмдөрү тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарын пайдаланган ишканалар ичүүчү сууну өндүрүүнүн технологиялык регламентинин бардык талаптарын аткарууга жана анын сапатынын гигиеналык талаптарга ылайык келишине контролдукту камсыз кылууга милдеттүү.
Ушул тутумдардан алынган ичүүчү сууну пайдаланган жана суу менен камсыз кылуу ишканалары тарабынан белгиленген тартипте катталган юридикалык жана жеке жактар чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун абоненттери болуп эсептелет.
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарынын абоненттери сууну пайдаланууну суу менен камсыз кылуу ишканалары менен түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырат. Макулдашкан тараптардын өз ара укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жоболоруна, ошондой эле атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик башкаруу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык түзүлгөн келишимде чагылдырылат.
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарынын абоненттери ичүүчү сууну шаймандар, документтер менен камсыз кылууга жана эсепке алууга, сарамжал пайдаланууга милдеттүү, алар сууну керектөөнү келишимде каралган лимиттерден ашык пайдалангандыгы, келишимдин башка шарттарын бузгандыгы үчүн материалдык жоопкерчилик тартат.
Суу менен жабдуу ишканалары ичүүчү сууну калктын жана тамак-аш өнөр жай ишканаларынын муктаждыктары үчүн чарбалык-ичүүчү жана коммуналдык, турмуш-тиричилик муктаждыктарын канааттаттандыруу үчүн биринчи кезекте берүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Башка ишканалардын өндүрүштүк муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн ичүүчү сууну берүүгө өзгөчө учурларда гана, аны жүзөгө ашыруу калктын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн зыян келтирбеген техникалык мүмкүнчүлүк болгондо гана жол берилет.
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарын пайдаланган суу менен жабдуу ишканаларынын ичүүчү сууну өндүрүү үчүн химиялык реагенттерге, материалдарга, жабдууларга жана приборлорго болгон керектөөлөрү мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктардын жана жергиликтүү коомчулуктун муктаждыктарынын(мамлекеттик буюртма) номенклатурасына киргизилет жана биринчи кезектеги тартипте канааттандырылууга тийиш.
Ичүүчү сууну өндүрүүдө пайдаланылуучу химиялык реагенттерди жана башка продукцияларды жөнөтүүчү ишканалар алардын мамлекеттик буюртмага жана келишимдик милдеттенмелерге ылайык өз убагында жөнөтүлбөгөндүгү, анын сапатынын стандарттар менен техникалык шарттарда белгиленген ченемдерге ылайык келбеши үчүн жоопкерчилик тартат, мында аларды жөнөтпөй койгондо же сапаты төмөн болгондо калктын саламаттыгына мүмкүн болуучу зыян келтирүү эсепке алынат.
Суу алуучу жерлерде суу менен жабдуу булактарынын жол берилүүчү ченемдерден ашыкча булганышына (табигый калыптанган чөйрөнү эсепке алуу менен) байланыштуу суу менен жабдуу ишканаларынын ичүүчү сууну өндүрүүдөгү кошумча чыгымдарын компенсациялоо мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын же мамлекеттик экологиялык контролдоо органдарынын сунушу боюнча булактарды булгоодо күнөөлүү болгон ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан жана жеке менчик чарбалардан алынган каражаттардын, анын ичинде алардын экологиялык (бюджеттен тышкаркы) фондго төгүлүүчү төлөмдөрүнүн эсебинен жүргүзүлөт. Компенсациянын өлчөмү суу менен жабдуучу ишкана жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органы тарабынан суу менен жабдуу булактарынын булганган сууларын кошумча тазалоо жана зыянсыздандыруу боюнча чыгымдардын ордун толук толтурууну эске алуу менен аныкталат. Компенсациянын өлчөмү суу менен жабдуу булактарынын булганган сууларын кошумча тазалоо жана зыянсыздандыруу боюнча чыгымдардын ордун толук толтурууну эске алуу менен суу менен жабдуучу ишкананын сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
(КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 240, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-статья. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган
тутумдарын долбоорлоо, куруу жана кайра конструкциялоо
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарын долбоорлоо, куруу жана кайра конструкциялоо аймактарды өнүктүрүүнүн башкы пландарынын эсептик көрсөткүчтөрүнө, курулуш ченемдерине жана эрежелерине, мамлекеттик стандарттарга, атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар тарабынан бекитилүүчү экологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
Долбоорлонуп жаткан чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутуму, анын курулуштарынын жана жабдууларынын комплекси, суунун реагенттери жана иштетүүнүн технологиясы ичүүчү сууну зарыл санда жана талап кылынган сапатта, сууну өтө көп керектөөнүн шарттарында жана суу менен жабдуунун пайдаланылган булактарындагы суунун маалдык сапаты өтө начар болгон шартта алууну, бөлүштүрүүнү жана керектөөчүлөргө берүүнү камсыз кылууга тийиш. Мында суу менен жабдуу булагынын суу алынуучу аймагын курчап турган чөйрөнүн табигый жана антропогендик факторлорунун таасиринин натыйжасында ичүүчү суунун сапатына таасир тийгизишине мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрдү болжолдоонун маалыматтары жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн жана мамлекеттик экологиялык контролдоонун талаптары эске алынууга тийиш.
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдары үчүн суу менен камсыз кылуу булактарын тандап алууда ичүүчү суунун коопсуздугунун кепилдиктерин жогорулатуу максатында жер астындагы булактарга басым жасалууга тийиш.
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарынын объектилерин куруунун же кайра конструкциялоонун долбоорлоо-сметалык документтерин иштеп чыгуу тиешелүү лицензиясы бар адистештирилген долбоорлоо уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарынын ээлери менен катар тутумдарды курууну же кайра конструкциялоону инвестициялаган уюмдар, анын ичинде суу менен жабдуу уюмдары долбоорлоо жумуштарынын буюртмачылары боло алат.
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарын куруунун же кайра конструкциялоонун долбоорлоо-сметалык документтерин иштеп чыгуунун жана экспертизадан өткөрүүнү макулдашуунун жана бекитүүнүн тартиби колдонуудагы мыйзамдар тарабынан белгиленет.
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарынын объектилериндеги ишке киргизүү-жөнгө салуу жумуштары жана алардын ишинин регламентин аныктоо тиешелүү сертификаты жана лицензиясы бар адистештирилген уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
9-статья. Айыл жерлеринде чарбалык-ичүүчү суу менен камсыз кылуу
Айыл жерлеринде калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдары жана локалдуу суу түтүктөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде болгон суу менен жабдуунун жергиликтүү жана борборлоштурулбаган өзүнчө иштеген тутумдары (курулуштары) аркылуу жүзөгө ашырылат. Дачаларды жана багбанчылык кооперативдерин, өзүнчө турган имараттарды жана башкаларды суу менен жабдуу борборлоштурулбаган түрдө жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Айыл жерлериндеги чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумунун (суу түтүктөрүнүн, курулуштарынын) ээлери аларды иштей турган абалында кармап туруу жана ичүүчү суунун гигиеналык талаптарга ылайык коопсуз болушу үчүн жоопкерчилик тартат.
Айыл жерлеринде чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарын (суу түтүктөрүн, курулуштарын) пайдалануу менчик (суу түтүктөрүнүн, курулуштарынын)
ээси менен түзүлгөн келишим боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айыл жерлеринде суу менен жабдуу тутумдарын долбоорлоо, куруу жана пайдалануу боюнча жумуштарды аткарууну мыйзамдарда каралган салыктык жана башка жеңилдиктерден пайдаланган социалдык инфраструктурасы боюнча атайын кызматтарга жүктөшөт.
Фермердик, дыйкан чарбаларын чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарды (суу түтүктөрүн. курулуштарын) иликтөө жумуштарын жүргүзүүдө, долбоорлоодо жана курууда кредит берүү жана зарыл болгон көмөк көрсөтүүнү камсыз кылуу материалдык ресурстарды жана жабдууларды биринчи кезекте бөлүп берүү менен жеңилдик берүүчү шарттарда жүзөгө ашырылат.
Айыл жерлеринде чарбалык-ичүүчү суу менен жабдууну өнүктүрүү программасын каржылоо үчүн инвестициялардын ар кандай түрүн, анын ичинде аларга салыктык жана башка жеңилдиктерди берүү менен эл аралык компаниялардын жана жеке жактардын инвестицияларын тартууга жол берилет.
(КР 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 81, 2009-жылдын 20-июлундагы № 240 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык
10-статья. Сууну тазалоонун жана зыянсыздандыруунун жеке, турмуш-тиричиликтеги жана тайпалык техникалык каражаттары
Сууну тазалоонун жана зыянсыздандыруунун жеке, турмуш-тиричиликтеги жана тайпалык техникалык каражаттары суунун коопсуздугун жана анын гигиеналык талаптарга ылайык келишин камсыз кылуу үчүн колдонулат.
Суунун турмуш-тиричиликтеги же тайпалык техникалык каражаттар менен тазалоонун мүмкүнчүлүктөрүнө негизденип, чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарында сууну тазалоонун жана зыянсыздандыруунун талаптарын бошоңдотууга тыюу салынат.
Сапаттуу ичүүчү сууну борборлоштуруп берүүгө мүмкүнчүлүк жок болгон учурда, тамак-аш өнөр жайынын, коомдук тамактануунун ишканаларында, дарылоо-профилактикалык жана балдар мекемелеринде сууну тазалоонун жана зыянсыздандыруунун тайпалык техникалык каражаттары милдеттүү түрдө колдонулат.
Сууну тазалоонун жана зыянсыздандыруунун жеке, тайпалык техникалык каражаттары аларда иштетилген суунун санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык келишин камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн ырастай турган милдеттүү сертификациялоодон өткөрүлүүгө тийиш.
Бул каражаттарды гигиеналык сертификаттарсыз жана ылайык келүүчү сертификаттарсыз өндүрүүгө, сатууга жана колдонууга тыюу салынат.
11-статья. Идишке куюлган ичүүчү суу
Идишке куюлган түрдө (бөтөлкөлөрдө же башка идиштерде) сатууга түшкөн суу мамлекеттик стандарттарда белгиленген талаптарга жана гигиеналык эрежелер менен ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
Бөтөлкөгө куюлган суунун сапаты аны сактоонун кепилденген бүткүл мөөнөтүнүн ичинде белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
Бөтөлкөгө куюлган ичүүчү суунун коопсуздугу, зыянсыздыгы жана физиологиялык толук жарактуулугу гигиеналык сертификат жана ылайык келүү сертификаты менен ырасталууга тийиш.
Бөтөлкөгө куюлган ичүүчү сууну ылайык келүү сертификатысыз өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат.
12-статья. Өзгөчө жагдайларда калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу
Өзгөчө жагдайларда (суу менен жабдуу булактарынын булганышынын деңгээли жогору болгондо, авариялардын, кыйроолордун, же табигый кырсыктардын натыйжасында суу түтүгүнүн тутуму, сууну тазалоо жана зыянсыздандыруу тутуму зыянга учураганда) калкты гигиеналык талаптарга ылайык келген коопсуз жана зыянсыз ичүүчү суу менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин милдети болуп эсептелет.
Ушул максатта мүмкүн болуучу өзгөчө жагдайларды болжолдоонун натыйжаларынын негизинде суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдары бар калктуу конуштар үчүн чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун долбоорлору, ошондой эле калкты өзгөчө жагдайларда ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча пландар түзүлүүгө жана ишке ашырылууга тийиш, аларга:
жергиликтүү шарттарды эске алуу менен өзгөчө жагдайдын келип чыгышы жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн критерийлерди белгилөө;
өзгөчө жагдай келип чыкканда, ичүүчү сууну зарыл болгон микробиологиялык жана санитардык-токсикологиялык иликтөөлөрдү шашылыш жүргүзүүнү камсыз кылуу жана анын кесепеттерин жоюу;
микробиологиялык жана биологиялык көрсөткүчтөр боюнча суунун коопсуздугун шексиз камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;
өзгөчө жагдайды киргизүү фактысы жөнүндө калкка кабарлоо жана аны ичүүчү суунун сапаты жөнүндө маалымат жана аны чарбалык - ичүү муктаждыктарында пайдалануу боюнча сунуштар менен тезинен камсыз кылуу;
суу алуучу булактардын булгануу деңгээли жогору болгондо, сууну кошумча тазалоо жана зыянсыздандыруу үчүн суу түтүктөрүн тазалоо курулуштарынын кубаттуулугунун резервин түзүү;
калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн суу менен жабдуунун кошумча альтернативалуу булактарын жана резервдик суу алуучу жерлерди издеп табуу;
атайын идиштердеги ичүүчү суунун резервдик корлорун түзүү жана жаңылап туруу;
сууну, ошондой эле бөтөлкөгө куюлган ичүүчү сууну тазалоонун жана зыянсыздандыруунун жеке, турмуш тиричиликтеги жана тайпалык технологиялык каражаттарынын корлорун түзүү;
чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумундагы зыянга учуроолорду кыска мөөнөттөрдө калыбына келтирүү үчүн материалдар менен жабдуулардын корлорун түзүү;
өзгөчө жагдай болгон зоналарга ичүүчү сууну темир жол, автомобиль жана транспорттун башка түрлөрү менен жеткирүүнү уюштуруу;
жергиликтүү шарттарды эске алуу менен өзгөчө жагдайларда калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча башка чараларды көрүү кирет.
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди кароодо мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өзгөчө жагдайларда калкты суу менен камсыз кылуу үчүн материалдар менен жабдуулардын корлорун түзүүгө зарыл болгон каражаттарды кароого тийиш.
13-статья. Ичүүчү суунун сапатына карата ченемдик талаптарды иштеп чыгуу жана колдонуу
Ичүүчү суунун сапаты мамлекеттик стандарттардын талаптарына жана белгиленген тартипте бекитилүүчү санитардык эрежелерге, ченемдерге жана гигиеналык ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
Суу менен жабдуу объектилерин курууда, ичүүчү сууну өндүрүү процессинде жана аны керектөөчүлөргө жеткирүүдө чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу практикасында пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары тарабынан уруксат берилген материалдар жана химиялык реагенттер колдонулууга тийиш.
(Үчүнчү абзац КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Төртүнчү абзац КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 240, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
14-статья. Ичүүчү суунун сапатына контролдук жүргүзүү
Ичүүчү суунун сапатына туруктуу өндүрүштүк контролдук жүргүзүү жок болгондо чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун пайдаланууга тыюу салынат.
Ичүүчү суунун гигиеналык жана эпидемиологиялык талаптарга ылайык келишин аныктоо максатында ичүүчү суунун сапатына өндүрүштүк контролдук жүргүзүү белгиленген тартипте аттестацияланган же аккредитацияланган суу менен жабдуу ишканаларынын лабораториялары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Өздөрүнүн лабораториялары жок ишканалар тарабынан пайдаланылып жаткан чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумундагы ичүүчү суунун сапатына контролдук жүргүзүүнү белгиленген тартипте аккредитацияланган базалык, райондор аралык, көчмө жана башка лабораториялар келишимдик негизде жүзөгө ашырат.
Ичүүчү сууда өзгөчө коркунучтуу компоненттердин бар экендигине атайын контролдук жүргүзүү мыйзамдарда белгиленген тартипте аккредитацияланган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл уюмдары же органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ичүүчү суунун жана суу менен камсыз кылуу булактарындагы суунун сапатына контролдук жүргүзүү белгиленген тартипте аттестацияланган жана бекитилген усулдар боюнча жүргүзүлөт. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган жана борборлоштурулбаган тутумдарындагы ичүүчү суунун сапатына контролдук жүргүзүүнүн типтүү программалары жана эрежелери санитардык ченемдерде, эрежелерде жана мамлекеттик стандарттарда белгиленет.
Ичүүчү суунун сапатына контролдук жүргүзүүнүн айкын программалары жергиликтүү шарттарды эске алуу аркылуу суу менен жабдуу тутумун пайдаланып жаткан ишканалар тарабынан иштелип чыгып, мамлекеттик санитардык көзөмөлдүн аймактык органдары менен макулдашылат жана жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
Тиешелүү аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органынын сунушу боюнча алардын ведомстволук таандуулугуна карабастан, суу менен жабдуу булактарынын булгануу деңгээли жогору болгондо же адамдардын саламаттыгына коркунуч келтирген башка санитардык жагдайлар өзгөргөндө, белгилүү бир мезгилге ичүүчү суунун сапатына контролдук жүргүзүүнүн убактылуу күчөтүлгөн тартибин (ылгап текшерүүнү жана/же контролдонуучу көрсөткүчтөрдү текшерүүнү көбөйтүү менен) киргизет.
Ичүүчү суунун сапатын контролдоочу лабораториялардын жетекчилери анализдердин натыйжаларынын аныктыгы жана алар жөнүндө жооптуу кызмат адамдарына өз убагында маалымат берүү үчүн жоопкерчилик тартат.
(КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 240, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-статья. Ичүүчү суунун сапатына мамлекеттик көзөмөл
Ичүүчү суунун сапатына мамлекеттик көзөмөл мамлекеттик экологиялык контролдоо органдары жана суу ресурстарын пайдалануунун жана коргоонун мамлекеттик башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн органдары жана мекемелери тарабынан төмөндөгү максаттарда:
сууга, суу менен жабдуу булактарына жана ичүүчү суунун сапатына карата коюлуучу ченемдик гигиеналык талаптарды белгилеген колдонуудагы санитардык эрежелер менен ченемдердин, ошондой эле суу менен камсыз кылуу объектилерин жайгаштыруунун жана күтүүнүн санитардык эрежелеринин сакталашына контролдук жүргүзүү;
адамдардын саламаттыгына коркунуч келтириши мүмкүн болгон ичүүчү суунун жана/же суу менен камсыз кылуу булагынын сапатын начарлатууга алып келе турган санитардык укук бузууларга бөгөт коюу чараларын колдонуу, мындай укук бузууда күнөөлүү болгон адамдарды жоопкерчиликке тартуу;
ведомстволук баш ийген аймактарда санитардык-эпидемиологиялык жагдайды жакшыртуунун кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү программаларын негиздеп иштеп чыгуу үчүн калк тарабынан керектелүүчү суу менен жабдуу булактарынын жана ичүүчү суунун абалын мамлекеттик санитардык-гигиеналык эсепке алуу максатында жүргүзүлөт.
Калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдууда пайдаланылуучу продукцияга, процесстерге жана усулдарга контролдук жүргүзүүгө мамлекеттик стандарттардын талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл мамлекеттик стандарттарга көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик инспекторлор тарабынан төмөндөгү максаттарда:
чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жагында колдонулуп жаткан мамлекеттик стандарттардын талаптарынын аткарылышына, ошондой эле ичүүчү сууну өндүрүүдөгү жана анын сапатына контролдук жүргүзүүдөгү ченөө бирдиктерин камсыз кылууга контролдук жүргүзүү;
мамлекеттик стандарттардын талаптарынын бузулушун болтурбай коюу жана бөгөт коюу боюнча шашылыш чараларды көрүү;
чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жагын ченемдик камсыз кылууну өркүндөтүү, реагенттердин, жабдуулардын, ичүүчү суунун сапатына контролдук жүргүзүүнүн усулдарын жакшыртуу боюнча ченөө каражаттарынын сапатын жогорулатуу боюнча негиздүү сунуштарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында жүргүзүлөт.
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу объектилерин долбоорлоодо жана курууда курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин сакталышына мамлекеттик көзөмөл архитектуралык-курулуш көзөмөл органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
16-статья. Суу менен жабдуу булактарын булгануудан коргоо
Суу менен жабдуу булактарын булгануудан коргоо ичүүчү суунун коопсуздугун жана зыянсыздыгын камсыз кылуунун шексиз шарты болуп эсептелет жана суу менен жабдуу булактарын жана чарбалык-ичүүчү багыттагы суу түтүктөрүнүн санитардык коргоо зоналарын түзүү, ошондой эле үстүңкү жана жер алдындагы суу объектилеринин булганышын болтурбай коюу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ченемдик актыларында белгиленген экологиялык талаптарды сактоо боюнча иш-чаралардын комплексин аткаруу аркылуу жетишилет.
Суу менен камсыз кылуу булактары аймагында турган мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул органдар тарабынан уруксат берилген жээктей кеткен суу зоналарындагы чарбалык жана башка иштин натыйжасында алардын булганышы үчүн жоопкерчилик тартат; суу коргоо иш-чараларын өткөрүүгө жана суу менен камсыз кылуу булактарындагы суунун сапатына контролдук жүргүзүүгө жооптуу органдардын ишин камсыз кылат жана координациялайт; суунун сапатынын начарланышына алып келиши мүмкүн болгон же чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумуна зыян келтириши мүмкүн болгон ар кандай ишке бөгөт коюу боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө милдеттүү.
Суу менен камсыз кылуу булактарында болуп жаткан физикалык, биологиялык жана химиялык процесстерге, алардын булганышынын деңгээлине байкоо жүргүзүү тиешелүү мамлекеттик кызматтар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү шарттарга негизденүү менен жана атайын ыйгарым укук берилген органдардын сунуштарына ылайык булгануулардын коркунучтуу түрлөрүн камтыган ичүүчү сууну керектөөдөн калктын саламаттыгына зыян келтирүү мүмкүнчүлүгүнүн алдын алуучу, суу менен камсыз кылуу булактарын булгануудан коргоо боюнча кошумча талаптарды бекитиши мүмкүн.
(КР 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 81, 2009-жылдын 20-июлундагы № 240 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-статья. Санитардык коргоо зоналары
Суу алуучу жерлер жана суу түтүктөрүнүн курулуштары турган жерлерде суунун кокусунан же атайылап булганышынын мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу, ошондой эле суу алуучу чөлкөмдөгү суунун сапатын начарлатууга алып келиши мүмкүн болгон суу менен жабдуунун булагынын булганышын болтурбай коюу максатында алардын ведомстволук таандуулугуна карабастан, суу менен жабдуунун бардык булактарында жана чарбалык-ичүүчү багыттагы суу түтүктөрүндө санитардык коргоо зоналары белгиленет.
Санитардык коргоо зоналарын уюштуруу, аларды долбоорлоонун жана пайдалануунун тартиби, аларга кирүүчү аймактардын чек араларын (бөлүктөрдү, тилкелерди) жана сууларды коргоонун аларга ылайыктуу тартибин белгилөө, санитардык-коргоо иш-чараларынын комплексин, анын ичинде бөлүктөр менен тилкелердин чектериндеги иштин ар кандай түрлөрүнө чектөөлөр жана тыюу салуулар белгиленген тартипте белгиленүүчү санитардык эрежелер жана ченемдер менен регламенттештирилет.
Санитардык коргоо зонасынын бүткүл аянтында:
өнөр-жайлык, айыл чарбасындагы, турмуш-тиричиликтеги агынды сууларда жол берилүүчү ченемдерден ашык чектерде булгоочу заттар болгондо, алардын суу менен камсыз кылуу булагына агып киришине;
аймакты өнөр жайлык жана айыл чарбасынын таштандылары, күйүүчү-майлоочу материалдар, уу химикаттар, жер семирткичтер, ошондой эле суу менен жабдуу булактарын химиялык булгоону пайда кыла турган башка заттар менен булгоого;
ассенизациялоо талааларын, чыпкалоо талааларын, адамдарды жана малдарды көмүүчү жерлерди, суу менен жабдуу булактарын микробдор менен булгоону пайда кылышы мүмкүн болгон башка объектилерди жайгаштырууга тыюу салынат.
Санитардык коргоо зонасынын аймагында уу химикаттарды жана жер семирткичтерди колдонууга, жаңы өнөр жай ишканаларын, күйүүчү-майлоочу материалдардын, уу химикаттардын жана минералдык жер семирткичтеринин кампаларын, күйүүчү-майлоочу материалдардын түтүк өткөргүчтөрүн курууга жана иштеп жаткандарын кеңейтүүгө чектөөлөр киргизилет.
Санитардык коргоо зоналарындагы санитардык-коргоо иш-чараларынын комплексин аткаруу үчүн жоопкерчилик:
суу алуучу жер жана суу түтүктөрүнүн курулуштары жайгашкан аймакта (санитардык коргоо зонасынын биринчи тилкеси) - ушул курулуштарды пайдалануучу ишкананын администрациясына;
суу менен жабдуу булагына жанаша жаткан аймакта (экинчи жана үчүнчү тилкелер) жана суу алынып келинүүчү жерлердин санитардык-коргоо бөлүктөрүнүн чектеринде - жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, аракеттери суу менен жабдуу булактарын булгап жаткан же булгашы мүмкүн болгон ишканалардын жана башка юридикалык жактардын администрациясына жүктөлөт.
Cанитардык коргоо зоналарында санитардык-коргоо иш-чараларынын комплексинин аткарылышына контролдук жүргүзүүнү мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын органдары жана мекемелери мамлекеттик экологиялык контролдоо органдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүзөгө ашырат.
Суу мыйзамдарынын сакталышына жана суу коргоо чараларынын, санитардык коргоо зонасынын аймагында белгиленген тартиптин аткарылышына мамлекеттик контролдук жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын мамлекекттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары жана мекемелери жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча аймактык органдары жүзөгө ашырат.
18-статья. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жагындагы сертификациялоо
Ичүүчү суу, чарбалык-ичүүчү суу менен жабдууда колдонулган материалдар, технологиялык процесстер жана жабдуулар "Продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык милдеттүү түрдө сертификациялоодон өткөрүлүүгө тийиш.
19-статья. Ичүүчү суунун сапаты тууралу маселелерди калкка кабарлоо
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумдары тарабынан жөнөтүлүүчү ичүүчү сууну керектөөчүлөр аны жөнөтүүчүлөрдөн (суу менен жабдуу ишканаларынан) ичүүчү суунун сапаты, анын стандарттарга, санитардык эрежелер менен ченемдерге ылайык келиши, ошондой эле ылайык келүү сертификаты жөнүндө так маалыматты талап кылууга укуктуу.
Бөтөлкөгө куюлган ичүүчү сууну керектөөчүлөр үчүн маалымат суу куюлган бөтөлкөлөрдөгү (башка идиштердеги) этикеткаларга жазылууга, сууну даярдоочу, суунун курамы, аны даярдоонун мөөнөттөрү жана жарактуулугу, ылайык келүү сертификатынын бар экендиги жөнүндө толук жана так маалыматтарды камтууга тийиш. Суунун сапатынын адамдардын саламаттыгына коркунуч келтиргендигин ырастаган айрым көрсөткүчтөр боюнча ылайык келбөө аныкталган учурда, сууну жөнөтүүчүлөр жана контролдоочу органдар бул тууралу сууну керектөөчүлөргө келип чыккан коркунучту болтурбай кое турган этияттык кылуу чаралары жөнүндө маалымат берүү менен массалык маалымат каражаттары аркылуу токтоосуз түрдө кабарлоого тийиш. Эгерде ичүүчү суунун сапатына карата коюлган ченемдик талаптардан четтөөлөрдүн аныкталышы сапаттын тышкы көрсөткүчтөрүнө гана таандык болсо жана адамдардын саламаттыгына коркунуч келтирбесе, мунун өзү мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык органдардын корутундулары менен ырасталса, анда мындай маалымат четтөөлөрдү жоюунун мөөнөттөрүн көрсөтүү менен керектөөчүлөргө кабарланууга тийиш. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын алдындагы органдар жана керектөөчүлөрдүн коомдук уюмдары мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары жана стандарттташтыруу, метрология жана сертификациялоо органдары менен биргелешип, ичүүчү суунун сапатына контролдук жүргүзүүдө, суунун сапатына карата сын-пикирлер жөнүндө калктан алынган маалыматтарды жыйноодо жана талдоодо талап кылынган сапатка ылайык келбеген сууну керектөөнүн натыйжасында келтирилген зыянды компенсациялоо жөнүндө сотко доо кое алат.
20-статья. Калкты ичүүчү суу менен жабдуудагы экономикалык механизм
Калкты ичүүчү суу менен жабдуудагы экономикалык механизм төмөндөгү милдеттерди:
калкты ичүүчү суу менен жабдуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди белгилөө;
ичүүчү суунун сапатын жакшыртууга жана аны сарамжал пайдаланууга багытталган иштерди пландаштырууга;
суу менен жабдуу ишканаларына, ошондой эле реагенттерди, чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун муктаждыктары үчүн материалдар менен жабдууларды жөнөтүүчүлөргө алардын ушул муктаждыктарды артыкчылык берип канааттандырууга кызыгуусун камсыз кылуу максатында салыктык, кредиттик жана башка жеңилдиктерди берүү;
белгиленген тартипте суу менен камсыз кылуу ишканаларынын иштөө шарттарынын бузулушунан адамдардын саламаттыгына келтирилген зыяндын ордун белгиленген тартипте толтуруу милдетин чечүү үчүн киргизилет.
21-статья. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумунда калкты
ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүгө
тарифтерди белгилөө
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумунан керектөөчүлөргө берилүүчү калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө дифференцияланган тарифтерди иштеп чыгуунун жана колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Суу менен жабдуу жана суу агызып чыгаруу тармактары менен курулмаларын эксплуатациялоону жана күтүүнү жүзөгө ашыруучу ишканалардын сунушу боюнча аймактык монополияга каршы органдар менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан киргизилүүчү чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жана коммуналдык-тиричиликтик муктаждыктар үчүн берилүүчү ичүүчү суу менен калкты камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет.
(КР 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 81, 2009-жылдын 20-июлундагы № 240, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
22-статья. Ичүүчү суунун сапатын жакшыртуу жана аны сарамжал пай-
далануу боюнча жумуштарды пландаштыруу жана материалдык
жагынан түрткү берүү
Ичүүчү суунун сапатын жакшыртуу жана аны сарамжал пайдалануу боюнча жумуштарды пландаштыруу жана материалдык жагынан түрткү берүү чарбалык-ичүүчү суу менен жабдууну өнүктүрүүнүн мамлекеттик максаттуу программаларынын, калкты суу менен жабдууну жакшыртуу боюнча иш-чаралардын аймактык (областтык, шаардык, райондук) программаларынын жана пландарынын негизинде жүзөгө ашырылат, программаларда жана пландарда чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун проблемаларынын бардык аспектилерин, анын ичинде ичүүчү суунун сапатын ченемдик камсыз кылууну, анын сапатына контролдук жүргүзүүнү, аны тазалоонун жана зыянсыздандыруунун тутумун өркүндөтүүнү, суу түтүктөрүнүн тармактарын кайра конструкциялоону, суу менен жабдуу булактарын булгануудан коргоону жана башкаларды камтууга тийиш.
Мамлекеттик программалар боюнча жумуштарды каржылоо республикалык бюджеттин жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен, ал эми аймактык программаларга жана пландарга киргизилген жумуштарды каржылоо абоненттердин макулдашуусу боюнча үлүштүк катышуусу каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жана ичүүчү суунун сапатын жакшыртуу боюнча жумуштарды максаттуу каржылоо үчүн аймактык бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы фондулар түзүлүшү мүмкүн.
Ичүүчү суунун сапатын жакшыртууга жана аны сарамжал пайдаланууга багытталган жумуштарга материалдык жагынан түрткү берүү;
ичүүчү суунун сапатын эске алуу менен ага дифференцияланган тарифтерди белгилөө;
ичүүчү суунун лимиттен тышкары чыгымдалганда анын наркын прогрессивдүү түрдө жогорулатуу, ичүүчү суунун жакшыртылган сапаты жана ичүүчү сууну зарыл (белгиленген өлчөмдө) үзгүлтүксүз берүү боюнча талаптарды милдеттүү түрдө аткарууда аны үнөмдөө үчүн суу менен жабдуу ишканаларынын жана ичүүчү сууну керектөөчү ишканалардын (уюмдардын) кызматкерлеринин айлык акысына сыйлык катары кошумча төлөөлөрдү киргизүү аркылуу жүргүзүлөт.
(КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 240 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-статья. Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жагындагы укук бу-
зуулар үчүн жоопкерчилик
Юридикалык жана жеке жактардын укукка жат аракеттери менен ичүүчү суунун гигиеналык талаптарга ылайык келбешинин натыйжасында калктын саламаттыгына зыян келтирилгенде же калкты ичүүчү суу менен талап кылынган көлөмдө камсыз кылууга мүмкүн болбогондо, болбосо чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумуна зыян келтирүүдө күнөөлүү болгон юридикалык жана жеке жактар ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдык жана ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.
Калкты ичүүчү суу менен жабдуу жагындагы укук бузууларда күнөөлүү болгон, атап айтканда: ичүүчү суунун сапатына контролдукту камсыз кылуу жагындагы санитардык эрежелердин ченемдерин жана гигиеналык ченемдерди, мамлекеттик стандарттарды, курулуш ченемдерин жана эрежелерин, технологиялык регламенттерге жана башка ченемдик документтерди сактабаганда;
суу менен жабдуу булактарынын жана чарбалык-ичүүчү багыттагы суу түтүктөрүнүн санитардык коргоо зоналары үчүн белгиленген тыюу салуулар менен чектөөлөрдү бузганда;
суу менен жабдуу булактарын булгаганда жана ушунун натыйжасында адамдардын саламаттыгына жана/же суу менен камсыз кылуу ишканаларына зыян келтирилгенде;
бөтөлкөгө куюлган ичүүчү сууну өндүрүүнүн жана керектөөчүлөргө жөнөтүүнүн, турмуш тиричиликте пайдаланылуучу сууну тазалоо жана зыянсыздандыруу каражаттарын өндүрүүнүн жана керектөөчүлөргө жөнөтүүнүн белгиленген тартибин бузганда;
ичүүчү суунун сапатына мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдардын буйруктарына баш ийбегенде;
калкка жөнөтүлүүчү ичүүчү суунун сапаты жөнүндө маалыматты өз убагында бербегенде же бурмалап бергенде, өз убагында толук жана так маалымат берүүдөн баш тартканда;
сууну тазалоо жана зыянсыздандыруу үчүн зарыл болгон реагенттерди суу менен камсыз кылуу ишканаларына жөнөтүүнү үзгүлтүккө учуратканда, алардын сапатына карата коюлуучу талаптарга ылайык келбеген реагенттерди жөнөткөндө;
ичүүчү сууну так эмес эсепке алганда;
суу түтүгүнүн тармагына уруксаты жок кошулганда жана чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумундагы ичүүчү суудан пайдаланганда;
чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тармактарындагы жана курулуштардагы авариялык жагдайлар, булгануу коркунучу жөнүндө маалыматты жашырганда же өз убагында бербегенде;
чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун пайдалануунун эрежелерин сактабаганда, калкты суу менен камсыз кылууну начарлатууга алып келгенде же ушул тутумдарды пайдаланган ишканаларга зыян келтиргенде;
чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарындагы курулуш-монтаждоо жумуштары жана оңдоо-профилактикалык иш-чараларды өткөрүүнүн мөөнөттөрү үзгүлтүккө учураганда;
өз убагында эскертпей туруп электр энергиясын өчүрүп коюу суу менен жабдуу ишканаларына зыян келтиргенде, ошондой эле башка укук бузуулар жасалганда, - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазапулга тартылат.
Укук бузуулар үчүн жазапулдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун атайын ыйгарым укук берилген органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан салынат.
Ушул Мыйзамда каралган жазапулдарды салуунун тартиби жана иштерди кароонун мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан регламенттештирилет.
Ичүүчү суунун коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы Кыргыз Республикасында белгиленген укук тартибине шек келтирген коомдук коркунучтуу жосундарды жасоодо күнөөлүү болгон жана жарандарга жана/же чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумуна олуттуу зыян келтирген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине тартылат.
(КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 240 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-статья. Ичүүчү суунун гигиеналык талаптарга ылайык келбешинин
натыйжасында жарандарга келтирилген зыяндын ордун тол-
туруу
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутуму тарабынан жөнөтүлүүчү ичүүчү суунун гигиеналык талаптарга ылайык келбешинин натыйжасында жарандардын саламаттыгына жана чарбасына келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук көлөмдө толтурулууга тийиш.
25-статья. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумуна келтирилген
зыяндын ордун толтуруу
Ичүүчү сууну пайдалануунун эрежелерин сактабоонун натыйжасында чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумуна зыян келтирген, ошондой эле суу менен жабдуу булактарынын булганышынын натыйжасында суу түтүктөрүнүн тармактарынын курулуштарын, жабдууларын бузган авариялар-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүгө, тармактарды жана курулуштарды кадыресе пайдаланууну камсыз кылууга тоскоолдук кылган юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын ордун толук көлөмдө толтурууга милдеттүү.
26-статья. Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жагындагы эл ара-
лык кызматташтыктын принциптери
Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жагындагы эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасы негиздене турган негизги принциптер:
аны коопсуздугун жана зыянсыздыгын, мамлекеттин ушул укукту камсыз кылууга милдеттүүлүгүн камсыз кыла турган ар бир адамдын ичүүчү суу менен зарыл көлөмдө жана тиешелүү сапатта камсыз кылууга болгон шексиз укугун таануу:
бир дагы мамлекет аракеттеринин натыйжасында башка мамлекеттин чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуусуна зыян келтирүүгө укуксуз экендигин таануу;
ичүүчү суунун коопсуздугунун жана зыянсыздыгынын ченемдерин белгилөө, анын сапатына контролдук жүргүзүүнүн, курулуштардын жана суу түтүктөрүнүн технологиясынын жана натыйжалуу пайдаланылышынын усулдарын иштеп чыгуу боюнча тажрыйба алмашууну жүргүзүүнү;
чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу маселелери боюнча мамлекеттердин ортосунда маалыматтарды эркин алмашууну камсыз кылуу, суу менен камсыз кылуу булактарына келтирилген коркунуч, булгануу коркунучу жөнүндө жана башка өлкөлөрдүн аймагында өзгөчө жагдайлар келип чыккан учурда калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жана ушул коркунучту же өзгөчө жагдайдын кесепеттерин четтетүү боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жөнүндө шашылыш кабарлоону жүзөгө ашыруу болуп саналат.
27-статья. Ушул Мыйзамды күчүнө киргизүү
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 1999-жылдын 2-апрелинде № 25 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- "1999-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда жана 2000-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүдө пайдалануучулардын жеке суу ченөөчү приборлорду (суу ченегичтерди) алуусу жана орнотуусу үчүн каражаттар карасын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштар даярдасын;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |