Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 28-декабры №217

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
                              
            КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕР КОДЕКСИНЕ
                  ТОЛУКТОО КИРГИЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ
                              
2006—жылдын 20—ноябрында     Кыргыз Республикасынын Жогорку 
                             Кењеши тарабынан кабыл алынган
                             
   1-статья.  Кыргыз  Республикасынын Жер кодексине  (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,  1999-ж.,  №
9, 440 —ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
   
   32 — статья төмөнкүдөй мазмундагы 7 — пункт менен толук-
талсын:
   
   «7.  Турак үй куруу жана тейлөө жана жекече көмөкчү чарба
жүргүзүү үчүн акысыз жер участкасын алууга укугу бар  Кыргыз
Республикасынын жарандары ушул укуктарын турак жай — курулуш
кооперативдерин  түзүү  жолу менен ишке  ашыра  алышат.  Бул
учурда  көп квартиралуу үй куруу үчүн жер участкалары  турак
жай  — курулуш   кооперативдерине  ыйгарым   укуктуу   орган
тарабынан бош жер болгон учурда бекер берилет.
   
   Турак жай —курулуш кооперативдерин уюштуруу тартиби  жана
аларга  ыйгарым  укуктуу  орган тарабынан  жер  участкаларын
берүү Жобосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип
чыгат  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши  тарабынан
бекитилет.».
   
   2-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө
кирет.
   
   Кыргыз Республикасынын
   Президенти                                     К.Бакиев