Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

          КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык
                     2019-жылдын 1-январынан тартып
                            КҮЧҮН ЖОГОТОТ

 

Бишкек шаары

2007-жылдын 12-февралы №16

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЛМЫШ-ЖАЗА КОДЕКСИНЕ

                     ТОЛУКТООЛОР КИРГИЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ

 

2005-жылдын 18-декабрында        Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши

                                 тарабынан кабыл алынган

                                       

   1-статья.  Кыргыз  Республикасынын Кылмыш - жаза кодексине  (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998 — ж., № 7, 229  —

ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:

   1.  279  -  статьянын  зскертүүсү «279» деген сандан  кийин «279-1»

деген сан менен толукталсын.

   2.   26  -  глава  төмөндөгүдөй мазмундагы  279-1  -  статья  менен

толукталсын:

 

   «279-1-статья. Өзгөчө баалуу дарактын түрлөрүн мыйзамсыз кыюу

  

   (1)  Өзгөчө  баалуу дарактын түрлөрүн мыйзамсыз кыюу, ташуу,  кайра

иштетүү, сатып алуу же сатуу, -

   кылмыш  жасоо  үчүн  пайдаланылган материалдарды,  кайра  иштетүүчү

жабдууларды  жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен  эсептик

көрсөөткүчтөрдүн жети жүздөн мињге чейинки өлчөмүндө айып салуу  менен

жазаланат.

   (2) Ошол эле жосун:

   1) бир нече жолу,

   2) адамдардын тобу тарабынан алдын ала макулдашуу боюнча,

   3) ири өлчөмдө жасалганда, -

   кылмыш  жасоо  үчүн  пайдаланылган материалдарды,  кайра  иштетүүчү

жабдууларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен үч жылдан

беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

   (3)  Ошол эле жосун өзүнүн кызмат абалын пайдаланган адам тарабынан

жасалганда, -

   мүлкүн  конфискациялоо жана белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү

бир  иш  менен  алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө  ажыратуу

менен  беш  жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга

жазаланат.».

   2-статья.  Ушул  Мыйзам  расмий жарыяланган  күндөн  тартып  күчүнө

кирет.

  

   Кыргыз Республикасынын

   Президенти                                             К.Бакиев

  

  

   Кыргыз  Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 4-пунктунун

экинчи бөлүгүнө ылайык Мыйзамга кол коюлду деп эсептелет.