Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2007-жылдын 28-февралы № 28

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

              Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине
              толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

  2007-жылдын 6-февралында          Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                    Кењеши тарабынан кабыл алынган 

     1-статья.

     Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (Кыргыз Республикасы-
нын  Жогорку  Кењешинин  Ведомосттору,  1996-ж.,  N 6,  80-ст.) биринчи
бөлүгүнө төмөндөгүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
     1. 324-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
     "3. Күрөө жөнүндө ушул Кодексте камтылган  эрежелер  күрөө  боюнча
укук  мамилелерин  жөнгө  салган  мыйзамда башка эрежелер белгиленбеген
учурларда кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуга (ипотекага)  карата  колдону-
лат.".
     2. 325-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "325-статья. Күрөөнүн предмети жана түрлөрү

     1. Жарандык жүгүртүүдөн алып салынган мүлктөн,  жеке өзүнө таандык
болгон укуктардан (эмгек акысын алуу укугу ж.б.), кредитордун инсандыгы
менен ажырагыс байланышкан  талаптардан  (алименттер  жөнүндө  талаптар
ж.б.),  менчиктештирүүгө тыюу салынган же ага карата мыйзамда белгилен-
ген тартипте милдеттүү түрдө менчиктештирүү каралган  мүлктөн,  ошондой
эле  мыйзамга  ылайык  өндүрүп  алууга мүмкүн болбогон мүлктөн башка ар
кандай мүлк, анын ичинде буюмдар жана укуктар (талаптар) күрөө предмети
боло алат.
     Мүлктүн, атап айтканда,  жарандардын өндүрүп алууга  жол  берилбей
турган  мүлкүнүн айрым түрлөрүн күрөөгө коюу мыйзам менен тыюу салынышы
же чектелиши мүмкүн.
     2. Күрөө төмөнкүдөй түрлөрдө болот:
     буюмду күрөө кармоочуга өткөрүп берүү менен коюлган күрөө (күрөөгө
коюу);
     күрөө берүүчүгө күрөөгө  коюлган  буюмду  калтыруу  менен  коюлган
күрөө;
     укуктардын күрөөсү.".
     3. 326-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "326-статья. Күрөө берүүчү

     1. Күрөө  менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча карызкордун өзү
же бул милдеттенмеге катышпаган үчүнчү жак күрөө берүүчү болушу мүмкүн.
     2. Менчик  укугуна же күрөө предметине карата дагы башка буюм уку-
гуна ээ болгон жак күрөө берүүчү болушу мүмкүн.  Буюм чарба жүргүзүү же
ыкчам башкаруу укугунда таандык болгон жак аны менчик ээсинин макулдугу
менен күрөөгө коюуга укуктуу.
     3. Укуктар  күрөөгө коюлганда күрөөгө коюлуп жаткан укукка ээ бол-
гон жак гана күрөө берүүчү боло алат.
     Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса,  ижарага алуу уку-
гун же башка бирөөнүн буюмуна болгон дагы башка укукту  менчик  ээсинин
макулдугусуз күрөөгө коюуга жол берилбейт.".
     4. 327-статьянын 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндал-
сын:
     "2. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, мүлк комплекси
катары ишкана күрөөгө коюлганда күрөөгө коюу укугу анын курамына кирген
бардык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө, материалдык жана материалдык
эмес активдерге,  имараттарга,  курулмаларга, жабдууларга, шаймандарга,
чийки заттарга, даяр продукцияга, талап кылуу укуктарына, бөтөнчө укук-
тарга,  анын ичинде күрөөгө коюлган мезгилде ээ болгон укуктарга жайыл-
тылат.
     3. Күрөөгө  коюу келишими боюнча күрөө предмети болуп эсептелбеген
имараттар,  курулмалар же турак жай курулуштары жайгашкан жер участогун
күрөөгө койгондо бул объекттер ээлеп турган жердин бир бөлүгү жана пай-
даланууга зарыл болгон жер участогунун бир бөлүгү өзалдынча жер участо-
гуна бөлүнүүгө тийиш.
     Имаратты, курулманы  же  турак  жай  курулушун  күрөөгө   койгондо
күрөөгө  коюу укугу ушул объекттер жайгашкан жер участогуна жана пайда-
лануу үчүн зарыл болгон жер участогунун бир  бөлүгүнө  жайылтылат.  Бул
учурда калган жер участогуна күрөөгө коюу жайылбайт.".
     5. 328-статьянын 1, 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баян-
далсын:
     "1. Күрөө жөнүндөгү келишимде тараптар (фамилиясы,  аты,  атасынын
аты жана жашаган жери), күрөө менен камсыз кылынуучу негизги милдеттен-
ме,  күрөөнүн предмети, анын бааланышы, курамы, жайгашкан жери, ошондой
эле идентификациялоо үчүн жетишээрлик болгон сыпаттама,  күрөөнүн пред-
мети болуп саналган мүлктүн күчүнө ылайык күрөө берүүчүгө таандык  бол-
гон укук, кыймылсыз мүлк же катталууга тийиш болгон мүлк үчүн укук бел-
гилөөчү документтин реквизитин көрсөтүү менен,  өлчөмү жана күрөө аркы-
луу  камсыз кылынуучу милдеттенмени аткаруунун мөөнөтү жана тараптардын
макулдашуусу менен аныкталуучу дагы башка шарттар көрсөтүлүүгө тийиш.
     Эгерде күрөө кармоочунун укугу күрөө кагазы менен ырасталса,  анда
бул күрөө жөнүндө келишимде көрсөтүлүүгө тийиш.
     2. Күрөө жөнүндө келишим жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.
     3. Кыймылсыз мүлктү күрөөгө  коюу  жөнүндөгү  келишим  нотариалдык
жактан  ырасталууга  тийиш жана жер мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрүн эсепке
алуу менен мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
     Эгерде күрөө  нотариатта  ырасталууга  тийиш болгон келишим боюнча
милдеттенмелерди камсыз кыла алса,  ошондой эле тараптардын макулдашуу-
сунда  каралган учурларда кыймылдуу мүлктү күрөөгө коюу жөнүндөгү кели-
шим нотариалдык жактан ырасталууга тийиш.".
     6. 329-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "329-статья. Кийинки күрөө

     1. Эгерде кийинки күрөө ошол эле  буюмду  күрөөгө  коюу  жөнүндөгү
мурдагы  келишимдер менен тыюу салынбаса,  алардын күчү күрөө жөнүндөгү
кийинки келишим түзүлгөн мезгилде бүтө элек болсо,  кийинки күрөөгө жол
берилет.  Эгерде  күрөө жөнүндө мурдагы келишимде күрөө жөнүндө кийинки
келишимдин түзүлүшү мүмкүн болгон шарттар каралса, кийинки келишим ушул
шарттарды сактоо менен түзүлүшү керек.
     2. Эгерде  күрөөгө коюлган мүлк башка талаптарды камсыз кылуу үчүн
дагы бир  күрөөгө коюунун (кийинки күрөөнүн) предмети болуп калса, кий-
инки күрөө  кармоочунун  талаптары  күрөөгө коюлган предметтин наркынан
мурдагы күрөө  кармоочунун талаптары канааттандырылгандан кийин канаат-
тандырылат, эгерде  артыкчылык  укугуна  ээ  болгон андан мурдагы күрөө
кармоочу кийинки күрөө кармоочу менен жазуу жүзүндө башкача макулдашпа-
ган болсо.
     3. Күрөө берүүчү ушул мүлктүн колдо болгон бардык күрөөлөрү жөнүн-
дө, ошондой  эле  бул  күрөөлөр менен камсыз кылынган милдеттенмелердин
мүнөзү жана өлчөмү жөнүндө маалыматтарды ар бир кийинки күрөө кармоочу-
га жазуу  жүзүндө билдирүүгө милдеттүү жана ушул милдеттенмени аткарба-
гандыгынын кесепетинен  күрөө кармоочуга келтирилген зыяндын ордун тол-
турууга тийиш.".
     7. 331-статьяда:
     2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "Күрөө кармоочу  күрөө предметин жоготкону үчүн анын базар наркын-
дагы өлчөмү менен жооп берет,  ал эми аны бузганы үчүн күрөөгө  коюлган
мүлктү  өткөрүп берип жатканда тараптар макулдашкан акчалай наркына са-
лыштырганда күрөөгө коюлган мүлктүн бузулгандан кийинки  азайган  базар
наркын,  ал  эми  мындай  макулдашуу болбогондо - күрөөгө коюлуп жаткан
учурдагы мүлктүн базар наркына салыштырмалуу өлчөмдө төлөп берет.";
     3-пункттун экинчи  абзацындагы  "чарбалык ээлик кылуу укугу" деген
сөздөр "пайдалануу укугу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
     8. 334-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "1. Карызкор күрөөгө коюу менен камсыз кылынган милдеттенмесин ат-
карбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда күрөө кармоочунун (кредитор-
дун) талаптарын канааттандыруу үчүн күрөөгө коюлган мүлк өндүрүп алыны-
шы мүмкүн.".
     9. 335-статьяда:
     1-пункттун экинчи  абзацындагы  "күрөө  предметине  карата өндүрүп
алуу үчүн негиздер пайда болгондон кийин" деген сөздөр  "күрөө  жөнүндө
келишим менен бир мезгилде же күрөө жөнүндө келишим күчүндө болгон мез-
гилде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
     3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "3. Эгерде күрөөгө коюлган мүлк мыйзамдарда  белгиленген  тартипте
тарыхый,  көркөм же коом үчүн кыйла башка маданий баалуулукка ээ болгон
мүлккө таандык болсо,  күрөөнүн предметин өндүрүп алууга соттун  чечими
боюнча гана жол берилет.".
     10. 336-статьяда:
     4-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "Кайра тооруктар  ишке  ашкан жок деп жарыяланганда күрөө кармоочу
(Кыргыз Республикасынын  жер мыйзамдарында каралган айыл чарба багытын-
дагы күрөөгө  коюлган  жер участокторун кайтарып алуунун өзгөчөлүктөрүн
эске алуу  менен)  күрөөгө  коюлган  предметти анын кайрадан өткөрүлгөн
тоорукта аныкталган  баасынан  он  пайыздан төмөн болбогон суммадан көп
эмес баада өзүндө калтырууга укуктуу.".
     4-пункттун үчүнчү абзацы алып салынсын.
     11. 337-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "337-статья. Күрөө менен камсыз кылынган милдеттенменин мөөнөтүнөн
                  мурда аткарылышы жана күрөөгө коюлган мүлктүн өндүрүп
                  алынышы

     Күрөө кармоочу   күрөө   менен   камсыз   кылынган  милдеттенменин
мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга,  эгерде өзүнүн талабы атка-
рылбаса  төмөнкүдөй  учурларда  күрөөгө  коюлган  мүлктү өндүрүп алууга
укуктуу:
     1) күрөө берүүчү күрөө предметин тескөө жөнүндөгү эрежелерди бузса
же күрөө предмети күрөө берүүчүнүн карамагынан чыгып калса;
     2) күрөө  предметин алмаштыруу же калыбына келтирүү жөнүндө эреже-
лер күрөө берүүчү тарабынан бузулса;
     3) күрөө предмети күрөө берүүчү жооп бербей турган жагдайлар боюн-
ча жоголгондо, эгерде күрөө берүүчү күрөө предметин алмаштыруу же калы-
бына келтирүү укугунан пайдаланбаса;
     4) кийинки күрөө жөнүндөгү эрежелер күрөө берүүчү тарабынан бузул-
са;
     5) күрөө предметин кармоо жана сактоо боюнча милдеттенмелер  күрөө
берүүчү тарабынан бузулса;
     6) күрөө предметине үчүнчү жактардын укугу жөнүндө күрөө кармоочу-
ну эскертип коюу боюнча милдеттенмелер күрөө берүүчү тарабынан бузулса;
     7) мыйзамда же күрөө жөнүндө келишимде каралган дагы  башка  учур-
ларда.".
     12. 339-статьянын 4-пунктундагы "коммуналдык" деген  сөз  "муници-
палдык" деген сөз менен алмаштырылсын.

     2-статья.

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев