Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2019-жылдын 8-июлунда № 82 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2007-жылдын 26-марты № 40

Мамлекеттик статистика жөнүндө

(КР 2009-жылдын 27-мартындагы № 85, 20 февраля 2013 года № 27 2015-жылдын 22-майындагы № 115, 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2018-жылдын 6-августундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Бул Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндөгү толук, анык, илимий жактан негизделген жана өз учурундагы расмий статистикалык маалыматтарды камсыз кылууга багытталган расмий статистикалык эсепке алуу жагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатта ишке ашыруунун укуктук негиздерин түзүү болуп саналат.

1-глава
Жалпы жоболор

 

1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

мамлекеттик статистика - статистикалык маалыматты жыйноонун, иштен чыгуунун, талдоонун, таратуунун, сактоонун, коргоонун жана пайдалануунун борборлоштурулган системасы;

мамлекеттик статистика иши - мамлекеттик статистикалык байкоолорду жүргүзүү, уюштуруу жана мамлекеттик статистиканы алып баруу, ошондой эле статистикалык методологияны иштеп чыгуу, өркүндөтүү жана пайдалануу менен байланышкан иш - аракеттердин жыйындысы,

мамлекеттик статистика системасы - расмий статистикалык маалыматты расмий статистикалык эсепке алуунун субъекттери тарабынан түзүлүүчү, өлкөнүн маалымат ресурстарынын, ошондой эле расмий статистикалык методологиясынын жана маалымат технологияларынын бир бөлүгү болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык расмий статистикалык эсепке алууну камсыз кылуучу респонденттерден алынган баштапкы статистикалык жана администрациялык маалыматтардын жыйындысы;

расмий статистикалык эсепке алуу - Кыргыз Республикасынын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндөгү расмий статистикалык маалыматты түзүү жана аны керектөөчүлөргө берүү (таратуу) боюнча мамлекеттик иш;

расмий статистикалык маалымат - расмий статистикалык методологияга ылайык расмий статистикалык эсепке алуу субъекттери тарабынан түзүлүүчү Кыргыз Республикасындагы жана анын региондорундагы массалык социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык көрүнүштөрдүн сандык жагын караган документтештирилген (агрегацияланган) маалыматтын жыйнагы;

расмий статистикалык маалыматты түзүү - маалымат-талдоо процесси, ал расмий статистикалык маалыматты алуу үчүн статистикалык байкоолорду жүргүзүүнү жана бул байкоолордун натыйжасында алынган маалыматты иштеп чыгууну камтыйт;

расмий статистикалык эсепке алуунун субъекттери - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген иш чөйрөсүндөгү расмий статистикалык маалыматты түзүүгө жооптуу болгон мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары;

статистикалык байкоо жүргүзүү - расмий статистикалык эсепке алуунун субъекттери тарабынан баштапкы статистикалык жана администрациялык маалыматтарды жыйноо;

статистикалык байкоо жүргүзүүнүн формасы - белгиленген тартиптеги статистикалык маалыматтардын расмий статистикалык методологиясынын негизинде баштапкы статистикалык маалыматтарды алууга арналган материалдарга же электрондук булакка жазылган статистикалык документтин формуляры-үлгүсү (бланк, суроолордун тизмеги, анкета);

расмий статистикалык методология - расмий статистикалык маалыматты түзгөн учурда колдонулуучу, илимий жактан негизделген усулдар, ыкмалар менен эрежелердин жыйындысы;

респонденттер - мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары; юридикалык жактар, алардын филиалдары, бөлүмдөрү, өкүлчүлүктөрү жана башка обочолонгон түзүмдүк бөлүкчөлөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан чет өлкөлүк бөлүкчөлөрү; жарандыгына карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүшкөн жеке адамдар же ушул өңдүү адамдардын жыйындысы;

баштапкы статистикалык маалыматтар - респонденттер тарабынан берилген көрүнүштөр менен процесстердин сан жана сапат жагындагы мүнөздөмөлөрү жөнүндөгү документтештирилген маалымат же мамлекеттик статистиканын субъекттеринин ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан түздөн-түз статистикалык байкоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө документтештирилген ушул өңдүү маалымат;

администрациялык маалыматтар - мыйзамдарга ылайык жана администрациялык милдеттерди жана өздөрүнүн компетенциясына тиешелүү болгон тапшырмаларды аткаруу максатында мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары (мамлекеттик статистика органдарын кошпогондо), жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана башка юридикалык жактар тарабынан жүргүзүлгөн байкоолордун негизинде алынган маалыматтар;

отчеттук-статистикалык документация - отчеттун формалары жана аларды толтуруу боюнча нускамалар, анкеталар, каттоо (сурап-билүү) барактары, статистикалык байкоолорду жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка статистикалык формулярлар;

жашыруун маалымат - айрым респонденттин ээлигинде, колдонуусунда жана карамагында болгон жана жалаң гана анын макулдугу менен же аны менен макулдашылган шарттарга ылайык таратылуучу, алуу мүмкүнчүлүгү чектелген маалыматка тиешелүү болгон статистикалык маалымат;

колдонуучу - статистикалык маалыматты пайдаланган юридикалык же жеке жак.

 

2-статья. Мамлекеттик статистика жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Мамлекеттик статистика жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделген жана ушул Мыйзамдан жана мамлекеттик статистика жагындагы мамилелерди теске салуучу башка мыйзамдар менен ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле статистика жагындагы Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринен турат.

Эгерде белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эларалык келишимдерде жана макулдашууларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагыдан башкача эрежелер белгиленсе, анда эларалык келишимдин эрежелери колдонулат.

 

3-статья. Ушул мыйзамдын күчү

Бул Мыйзам республиканын экономикалык, демографиялык, экологиялык, социалдык чөйрөсүндө болуп жаткан массалык көрүнүштөр менен процесстер жөнүндөгү маалыматты аныктоонун, жыйноонун, иштеп чыгуунун, сактоонун, талдоонун, жалпылоонун, берүүнүн жана жарыялоонун негизги принциптерин аныктайт жана менчигин түрүнө жана уюштуруу - укуктук формаларына, алардын ведомстволук баш ийүүсүнө жана жайгашкан жерине карабастан, бардык мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер, уюмдар, ошондой эле жеке адамдар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

 

4-статья. Кыргыз Республикасынын статистика жагындагы мамлекеттик саясаты

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык саясатынын курамдык бөлүгү катары статистика жагындагы мамлекеттик саясат илимий жактан негизделген бирдиктүү методологиянын жана эларалык статистика менен салыштыруунун негизинде республиканын экономикасынын абалын жана өнүгүү тенденциясын, бардык деңгээлдеги чарбалык өз ара байланышты, курамдык жылышты жана өндүрүштүн натыйжалуулугун, экономикалык, социалдык, демографиялык жана экологиялык саясатты жүзөгө ашырууну мүнөздөгөн статистикалык маалымат менен башкаруу органдарынын, чарбакер субъекттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана калктын кеңири катмарларынын керектөөлөрүн канааттандырууну камсыз кылууга багытталган.

Мамлекет статистиканын бирдиктүү системасын түзөт, бул системага жетекчилик кылууну жүзөгө ашырат жана республиканын бардык аймагындагы статистикалык иштин мазмунун жана мүнөзүн аныктайт.

Статистика жагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга контроль жүргүзүү, бул чөйрөдө теске салынган чечимдердин кабыл алынышын, мамлекеттик статистика кызматтарына колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында Статистика боюнча мамлекеттик кеңеш түзүлөт.

Статистика боюнча мамлекеттик кеңеш коомдук башталышта иштеген коллегиалдуу кеңешүүчү орган болуп саналат.

Статистика боюнча кеңештин курамы жана ал жөнүндөгү жобо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.

(КР 2013-жылдын 22-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Караңыз:

КР Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 54 "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгы

 

5-статья. Статистикалык ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына коюлуучу негизги талаптар

Расмий статистикалык эсепке алууну ишке ашыруучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды кошуп алганда), төмөндөгүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:

расмий статистикалык маалыматтын аныктыгын, бүтүндүгүн, толуктугун жана өз учурунда жүргүзүлүшүн;

расмий статистикалык маалыматтын аныктыгын, толуктугун, бүтүндүгүн жана өз учурунда берилишин, ошондой эле респонденттердин жүгүн өтө азайтууну камсыз кылууну эске алуу менен аны түзүү үчүн маалыматтардын булактарын сарамжалдуу тандоону;

расмий статистиканын эларалык стандарттарынын жана принциптеринин талаптарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына дал келген, илимий жактан негизделген статистикалык методологияны колдонууну;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген чектерде, расмий статистикалык маалыматтын, ошондой эле колдонулуп жаткан статистикалык методологиянын жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын;

расмий статистикалык маалыматтарды түзүү максатында аларды жыйноо, жалпылоо жана колдонуу процессинде баштапкы статистикалык маалыматтардын купуялуулугун сактоону;

маалыматтык технологиялар менен техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтардын мамлекеттик классификаторлорун пайдаланууда бирдиктүү стандарттарды колдонууну, Кыргыз Республикасынын бирдиктүү маалымат мейкиндигиндеги алардын салыштырмалуулугун жана эриш-аркак иштешин;

статистикалык көрсөткүчтөрдүн эларалык тажрыйбада колдонулуучу стандарттарына ылайык келишин;

расмий статистикалык маалыматтын сакталышын жана коопсуздугун.

(КР 2015-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-глава
Мамлекеттик статистика иши

 

6-статья. Мамлекеттик статистиканы жүргүзүү

Мамлекеттик статистика иши кесиптик көз карандысыздык жана өзалдынча иштөө принциптерине таянып, мамлекеттик статистика органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана алардын компетенциясына тиешелүү болгон милдеттерге ылайык жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, жарандардын коомдук бирикмелеринин, кызмат адамдарынын жана дагы башка адамдардын мамлекеттик статистикалык ишке кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

 

7-статья. Статистикалык маалыматтын булактары

Расмий статистикалык маалыматты түзүү максатында мамлекеттик статистика органдары маалыматтын төмөндөгүдөй булактарын пайдалана алышат:

статистикалык байкоо жүргүзүүдөн өтүүгө тийиш болгон респонденттер жөнүндөгү баштапкы статистика маалыматтарын;

мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, башка юридикалык жактардын администрациялык маалыматтарын;

банк жана финансы статистикасын, төлөө балансынын статистикасын;

эларалык уюмдардын жана башка өлкөлөрдүн статистика органдарынын статистика маалыматын;

жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде ишке ашырылуучу бааларды жана эсептөөлөрдү.

Мамлекеттик статистика органдары маалыматтардын сапатын жана аларды өз учурунда берүү мүмкүнчүлүгүн, маалыматты жыйноо жана иштеп чыгуу боюнча чыгымдарын, ошондой эле буга байланыштуу пайда болгон респонденттердин милдеттерин эске алуу менен статистика маалыматынын булагын тандоо жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алышат.

 

8-статья. Мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүүлөр

Мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүүлөр мамлекеттик статистика органдары тарабынан статистикалык отчетторду жыйноо, бир жолку эсепке алуу, каттоо, сурап-билүү, тандап алынган жана башка иликтөөлөрдү жүргүзүү аркылуу өткөрүлөт.

Байкоо жүргүзүү иликтөөгө алынган жыйындынын бардык бирдиктерине жүргүзүлгөндө мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүүлөр текши жана байкоо жүргүзүү изилдөөгө алынган жыйындынын айрым бирдиктерине гана жүргүзүлгөндө тандап өткөрүлүшү мүмкүн.

Мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Статистикалык иштердин программасына же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине ылайык мамлекеттик статистика органдары тарабынан өткөрүлөт.

Ири жана өзгөчө маанилүү мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүүлөрдү (каттоолорду) өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери келишим негизинде тартылышы мүмкүн.

Көрсөткүчтөрдүн камтылышы боюнча мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүүлөр жалпы мамлекеттик, тармактык, ведомстволук жана аймактык, ошондой эле сектордук (экономиканын айрым тармактары боюнча) болушу мүмкүн.

Жарандардын расасын, дин тутуусун, саясий көз карашын камтыган жана жеке турмушунун купуялуулугун бузган мамлекеттик статистикалык байкоолорду жүргүзүүгө тыюу салынат.

Мамлекеттик статистика органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген тартипте дагы башка (мамлекеттик эмес) статистикалык байкоолор, анын ичинде акы төлөөнүүчү негизде жүргүзүлүшү мүмкүн.

 

9-статья. Статистикалык бирдиктердин жалпы мамлекеттик каттоосу

Юридикалык жактар, алардын филиалдары, бөлүмдөрү, өкүлчүлүктөрү жана башка түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө, ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер жана дыйкан (фермер) чарбалары тууралуу маалыматтарды жыйноонун, топтоонун жана кайра иштеп чыгуунун системасы болгон Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктеринин бирдиктүү мамлекеттик регистри мамлекеттик статистикалык байкоолорду жүзөгө ашыруу үчүн негиз болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктеринин жалпы мамлекеттик каттоосу жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктеринин жалпы мамлекеттик каттоосун түзүү жана жүргүзүү иштери, анын иштешинин уюштуруу жагындагы жана методологиялык принциптерин иштеп чыгуу мамлекеттик статистика органдары тарабынан ишке ашырылат.

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-ноябрындагы № 722 "Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоо жөнүндө" токтому;

КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 483 "Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоонун мамлекеттик органдардын ведомстволук реестрлери менен өз ара аракети жөнүндө жобону жана Кызыгдар мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому

(Үчүнчү бөлүк КР 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2013-жылдын 22-февралындагы № 27, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3-глава
Мамлекеттик статистика органдары

 

10-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын системасы

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын системасын төмөндөгүлөр түзөт:

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети;

облустарда, шаарларда жана райондордо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан түзүлүүчү мамлекеттик статистиканын аймактык органдары жана ага баш ийген органдар;

мамлекеттик статистикага баш ийген ведомстволук органдар - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын иш-милдеттерин ишке ашыруу үчүн түзүлүүчү жана анын башкаруу чөйрөсүнө тиешелүү ишканалар, уюмдар жана мекемелер.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү жобонун негизинде иш жүргүзөт.

 

11-статья. Мамлекеттик статистика органдарынын милдеттери

Мамлекеттик статистика органдарынын милдеттери төмөндөгүлөр болуп саналат:

статистика жагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

Кыргыз Республикасында жана анын региондорунда болуп жаткан массалык экономикалык, социалдык, демографиялык, экологиялык көрүнүштөр жана процесстер жөнүндөгү статистикалык маалыматты жыйноо, иштеп чыгуу, талдоо жана таратуу;

статистикалык маалыматтын сапатын жана өз учурунда берилишин камсыз кылуу;

статистикалык маалыматты, анын булактарын жана түзүү методологиясын алуу мүмкүнчүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуу;

илимий жактан негизделген статистикалык методологияны иштеп чыгуу, өркүндөтүү жана ишке киргизүү;

статистикалык байкоолорду жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу техника-экономикалык жана социалдык маалыматты классификациялоонун жана коддоштуруунун бирдиктүү системасын иштеп чыгууну, өркүндөтүүнү жана ишке киргизүүнү камсыз кылуу; статистикалык бирдиктин мамлекеттик бирдиктүү каттоосун түзүү жана жүргүзүү;

администрациялык маалыматтарды жыйноону уюштуруу жана колдонуу маселелеринде мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну кошуп алганда, жана башка юридикалык жактардын аракеттерин теске салуу;

өз ара маалымат алмашуу үчүн мамлекеттик статистикалык маалымат системасынын мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, эларалык уюмдардын жана башка өлкөлөрдүн статистикалык кызматтарынын маалымат системалары менен эриш-аркак иштешин камсыз кылуу;

статистикалык маалыматты иштеп чыгуу боюнча эң жаңы маалымат технологияларын ишке киргизүү;

статистикалык маалыматты бекем коргоону жана сактоону камсыз кылуу.

(КР 2015-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

12-статья. Мамлекеттик статистика органдарынын укуктары

Мамлекеттик статистика органдары төмөндөгүлөргө укуктуу:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика жөнүндөгү мыйзамдарынын колдонулушу жайылтыла турган бардык субъекттери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон статистика, эсепке алуу жана отчеттуулуктун маселелери боюнча чечимдерди өз компетенциясынын чегинде кабыл алууга;

Бардык респонденттерден, аткаруу бийлигинин борбордук жана жергиликтүү органдарын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарын, банктарды кошо алганда, статистикалык байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга керек болуп жаткан статистикалык маалыматты, бухгалтердик эсептин маалыматтарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен алынуучу алуу мүмкүнчүлүгү чектелген маалыматты, ошондой эле аларга тиркелүүчү түшүндүрүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө акысыз алууга;

баштапкы эсепке алуунун жана статистикалык отчеттун абалын иликтөөгө, респонденттер тарабынан берилген статистикалык маалыматтын аныктыгын текшерүүгө, ошондой эле жер-жерлерден алынган статистикалык маалыматтын аныктыгына текшерүү жүргүзүүгө;

статистикалык маалыматтардын бурмаланганы билинген учурда статистикалык отчетко, башка статистикалык формулярларга түзөтүүлөрдү киргизүүнү респонденттерден талап кылууга. Маалыматтар ашыра көбөшүлгөндөгү (ашыра азайтылгандагы), ошондой эле эсепке алууну жана анын методологиясын билбегендиктин кесепетинен кетирилген каталар статистикалык отчетту бурмалоо деп эсептелинет. Бул талап белгилүү мөөнөттө аткарылбаса, мамлекеттик статистика органы кийин респондентке билдирүү менен зарыл болгон түзөтүүнү өзалдынча киргизүүгө;

техника-экономикалык жана социалдык маалыматтардын мамлекеттик классификаторлорун иштеп чыгууга белгиленген тартипте аткаруу бийлигинин тиешелүү органдарын тартууга;

мамлекеттик классификаторлорду иштеп чыгууга жана бекитүүгө;

эларалык уюмдар жана башка өлкөлөрдүн статистикалык органдары менен кызматташууну жүзөгө ашырууга;

администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына ылайык администрациялык жазалоого жана айып салууга;

акы төлөө негизинде статистикалык байкоолорду жүргүзүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө, статистикалык маалыматты туура эмес колдонууга же так эмес чечмелөөгө комментарий берүүгө.

 

13-статья. Мамлекеттик статистика органдарынын милдеттери

Мамлекеттик статистика органдары төмөндөгүлөргө милдеттүү:

республикада жана анын региондорунда болуп жаткан экономикалык, социалдык жана демографиялык процесстерге, экологиялык кырдаалга статистикалык байкоо жүргүзүүнү уюштурууга жана өткөрүүгө;

Статистикалык иштердин программасы же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери менен аныкталуучу көлөмдөгү, формадагы жана мөөнөттөгү статистикалык маалыматты мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына берүүгө;

статистикалык маалыматты таратууну камсыз кылууга, Статистикалык иштердин программасына ылайык статистикалык жыйнактарды, басылмаларды, бюллетендерди, баяндамаларды, экспресс-маалыматты ж.б.у.с. басып чыгарууга, пресс-конференцияларды өткөрүүгө;

статистикалык байкоо жүргүзүүлөрдүн статистикалык методологиясын жана отчеттук-статистикалык документациясын иштеп чыгууга жана бекитүүгө;

Статистикалык иштердин программасына ылайык респонденттерди отчеттук-статистикалык документтер менен камсыз кылууга;

Статистикалык бирдиктердин жалпы мамлекеттик каттоосун жүргүзүүнү жана чарбалык иштин субъекттерине идентификациялык коддорду ыйгарууну камсыз кылууга;

статистикалык маалыматты жыйноо жана иштеп чыгуу технологиясынын өнүгүшүн жана өркүндөтүлүшүн камсыз кылууга;

мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка юридикалык органдардан алынган статистикалык маалыматты, ошондой эле эсеп бирдигинин деңгээлинде баштапкы администрациялык маалыматтарды топтоону, сактоону, коргоону, алардын купуялуулугун сактоону камсыз кылууга;

эларалык жана региондор аралык статистикалык салыштырууларды ишке ашырууга, эларалык статистикалык стандарттарды жана сунуштамаларды кеңири пайдаланууга;

Кыргыз Республикасынын эларалык милдеттенмелеринё ылайык эл аралык уюмдарга статистикалык маалыматты берүүгө, ошондой эле башка өлкөлөрдүн статистикалык органдары менен статистикалык маалыматтарды алмашууга;

мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө милдеттенме алууга жана аны ачыкка чыгарганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жекече жоопкерчилик тартууга.

(КР 2013-жылдын 22-февралындагы № 27, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

14-статья. Статистикалык иштерди пландаштыруу жана мамлекеттик статистика органдарын каржылоо

Мамлекетти жана коомду статистикалык маалымат менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети аткаруу бийлигинин борбордук органдары жана башка тийиштиги бар органдардын катышуусу менен бирге жыл сайын Статистикалык иштердин программасын иштеп чыгат.

Статистикалык иштердин программасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен аткарылат.

Статистикалык иштердин программасына киргизилбеген статистикалык байкоо жүргүзүүлөр каржылоонун кошумча булактары болгондо же ушул байкоо жүргүзүүлөрдүн тапшырыкчыларынын каражаттарынын эсебинен аткарылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мамлекеттик статистиканы өркүндөтүүнүн жана өнүктүрүүнүн көп жылдык программаларын иштеп чыгуунун негизинде статистикалык иштерди пландаштыруу жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик статистика органдары республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

Мамлекеттик статистика органдарынын өнүгүшү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган башка каражаттар пайдаланылышы мүмкүн.

(КР 2013-жылдын 22-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

15-статья. Мамлекеттик статистика органдарынын мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелери

Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик башка органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары мамлекеттик статистикалык байкоолорду жүргүзүшү жана статистикалык отчетторду жыйнашы мүмкүн.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ошондой эле мамлекеттик статистикалык байкоолорду жүргүзөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык статистикалык отчеттуулукту жыйноону жүзөгө ашырат.

Мындай учурда администрациялык маалыматтарды жыйноо жана пайдалануу менен байланышкан отчеттук документациянын методологиясы менен формалары милдеттүү түрдө мамлекеттик статистика органдары менен макулдашылууга тийиш.

Аталган органдар тарабынан алынган администрациялык маалыматтар мамлекеттик статистика органдарына акысыз берилет.

Мамлекеттик статистиканын облустук, шаардык жана райондук органдарынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчылары менен макулдашуусуз ишке ашырылат.

(КР 2015-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-глава
Статистикалык маалыматты берүү, таратуу, пайдалануу жана сактоо

 

16-статья. Баштапкы статистикалык маалыматтарды берүү

Респонденттер отчеттук-статистикалык документацияда каралган баштапкы статистикалык маалыматты мамлекеттик статистика органдарына акысыз берүүгө милдеттүү.

Отчеттук-статистикалык документацияда көрсөтүлгөн статистикалык маалыматтын курамы, көлөмү жана эсепке алуу методологиясы, берүү мөөнөтү жана дареги бардык респонденттер үчүн милдеттүү болуп саналат жана мамлекеттик статистика органдарынын тиешелүү уруксатысыз өзгөртүлбөйт.

 

17-статья. Статистикалык маалыматты алуу мүмкүнчүлүгү жана аны пайдалануу

Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын жалпыланган статистикалык маалыматты эркин алууга мүмкүнчүлүгү бар. Алардын өз милдеттерин жана иш-милдеттерин ишке ашыруу максатында аталган статистикалык маалыматты пайдалануу, таратуу жана сактоо мүмкүнчүлүгүнө кепилдик берилет.

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын статистикалык бирдиктеринин Бирдиктүү мамлекеттик каттоо маалыматтар базасына жетүү мүмкүнчүлүгү финансылык чалгындоо органына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте берилет.

(КР 2009-жылдын 27-мартындагы № 85,  2018-жылдын 6-августундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

18-статья. Статистикалык маалыматты таратуу

Мамлекеттик, статистикалык же коммерциялык сыр болбогон статистикалык маалыматтарды таратуу төмөндөгүдөй жолдор менен камсыз кылынат:

басма сөз басылмаларында үзгүлтүксүз жарыялоо;

аны жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу таратуу;

аны мамлекеттик статистика органдарынын сайттарына жайгаштыруу;

аны мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына, башка юридикалык жана жеке жактарга түздөн-түз берүү.

Мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына Статистикалык иштердин программасында каралган статистикалык маалыматты акысыз берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү статистикалык маалыматты акысыз пайдалануучулардын тизмегине ылайык ишке ашырылат.

Статистикалык маалыматты акысыз пайдалануучулардын тизмегине киргизилбеген юридикалык жана жеке жактардын суроо-талаптары боюнча статистикалык маалыматты берүү акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Бул суроо - талаптарды аткаруу менен байланышкан чыгымдарды эсептөө жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

19-статья. Статистикалык маалыматтын жашыруундуулугун камсыз кылуу

Түздөн-түз же кыйыр түрдө дайындуу бир жеке адамды, үй чарбасын, жеке адамдардан турган ишкананы, же өз ишин экономиканын менчик секторунда жүзөгө ашырып жаткан дайындуу бир юридикалык жакты идентификациялоого, же ушул өзүнчө бирдик жөнүндө маалыматты ачууга жол берген баштапкы статистикалык маалыматтар жашыруун болуп саналат.

Өз иштерин юридикалык жакты түзбөстөн жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер, дыйкан (фермер) чарбалары, ошондой эле юридикалык жактар, алардын обочолонгон бөлүмдөрү жөнүндөгү төмөнкү маалыматтар жашыруун болуп саналбайт:

жеке ишкердин аты-жөнү (ал болгондо) же юридикалык жактын аталышынын толук, кыскартылган (ал болгондо) аталышы;

ишканалардын, уюмдардын жана жеке ишкерлердин жалпы идентификациялык коду (ИУЖК);

юридикалык дареги (жайгашкан жери);

телефондун жана факстын номери, электрондук дареги.

Баштапкы статистикалык маалыматтардын жашыруундуулугу аларды жыйноо, кайра иштеп чыгуу жана сактоо процессинде мамлекеттик статистика органдары тарабынан камсыз кылынат. Бул маалыматтар мамлекеттик статистика органдары тарабынан расмий статистикалык маалыматты түзүү максатында же илимий-изилдөө иштеринде гана пайдаланылат.

Маалыматтык базаларды белгиленген тартипте идентификацияланбаган түрдө илимий максаттар үчүн берүүгө жана пайдаланууга жол берилет.

Эгерде ал жашыруун маалыматты камтыган болсо, статистикалык маалымат пайдалануучуларга берилбейт. Бул учурда жалпыланган маалымат үчтөн кем эмес объект жөнүндө маалыматты камтуусу, ал эми алардын бири туурасындагы маалыматтын үлүшү жалпыланган маалыматтын жалпы көлөмүнүн 85 пайызынан ашпоосу тийиш.

Мамлекеттик статистика органдары анын ачыкка чыгуусуна жол бербөө максатында жашыруун статистикалык маалыматты коргоо үчүн жөнгө салуучулук, администрациялык, техникалык жана уюштуруучулук мүнөздөгү бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.

Өздөрүнүн кызматтык милдеттеринен улам жеке маалыматтарга түздөн-түз жеткен мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлери, интервью алуучулар, эсепчилер, сурап-билүүчүлөр жана башка адамдар бул милдеттерди аткарууну токтоткондон кийин да алардын жашыруундуулугун сактоого милдеттүү.

Мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлери жана статистикалык байкоо жүргүзүүгө тартылган адамдар жашыруун маалыматты ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

(КР 2013-жылдын 22-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

20-статья. Статистикалык маалыматтарга карата менчик укугу

Мамлекеттик статистикалык байкоолордун жүрүшүндө алынган статистикалык маалымат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчиги болуп саналат.

Мамлекеттик статистика органдары бул менчикти ыкчам башкарууну ишке ашырышат, башкача айтканда, статистикалык маалыматка ээ болушат, пайдаланышат жана тескешет, аны жыйноо, иштеп чыгуу, таратуу, сактоо, коргоо жана пайдалануу эрежелерин аныкташат.

Тапшырык берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен өткөрүлгөн статистикалык байкоолордун жүрүшүндө алынган статистикалык маалыматка карата менчик укугу бул маалыматты алуу боюнча келишимдер менен аныкталат.

 

21-статья. Мамлекеттик статистика жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика жөнүндөгү мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчилик тартышат.

5-глава
Корутунду жоболор

 

22-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам жарыялангандан соң үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2007-жылдын 3-апрелинде № 24 жарыяланды

Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

"Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл, № 2, 57-ст.),

"Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөрүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин тоо" гезити, 1995-ж. 9-сентябрь, № 60);

"Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 8, 369-ст.).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

К.Бакиев