Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\8e4eef86-33dd-4aee-928f-f02a477ab0a1\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2007-жылдын 21-майы № 70

Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө

(КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 94, 2012-жылдын 10-февралындагы № 6, 2012-жылдын 17-мартындагы № 23, 2023-жылдын 16-февралындагы № 32,  2023-жылдын 22-февралындагы № 36  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

1-глава
 Жалпы жоболор

 

1-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуучу предмети

Ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун жана токтотуунун шарттарынын жана тартибинин негиздерин белгилейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгы менен байланыштуу башка маселелерин жөнгө салат.

 

2-статья. Кыргыз Республикасынын жарандык жөнүндө мыйзамдары

Кыргыз Республикасында жарандык Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер, ушул Мыйзам жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан жөнгө салынат.

(КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-статья. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

Кыргыз Республикасынын жарандыгы - алардын өз ара укуктарынын жана милдеттеринин жыйындысынан көрүнгөн адамдын Кыргыз Республикасы менен туруктуу укуктук байланышы;

башка жарандык - Кыргыз Республикасынын жаранында бир чет мамлекеттин же бир нече чет мамлекеттердин жарандыгынын болушу;

(абзац КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

чет элдин жараны - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана чет мамлекеттин жарандыгына өзүнүн таандык экендигинин далили бар адамдар;

жарандыгы жок адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана анын мыйзамдарына ылайык чет мамлекеттин жарандыгына таандыгы жок адам;

жашап турууга укук берүү - чет элдик жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасында туруктуу же убактылуу жашоого укук берүүчү документ;

арыз ээси - ишке жарамдуу, жашы жеткен Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адам;

Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болуунун же жоготуунун жалпы тартиби - жарандык маселелерин кароонун жана ушул Мыйзамда жеңилдик шарттары жайылтылган адамдарга карата Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуунун тартиби;

ыйгарым укуктуу органдар - жарандуулук маселелерин чечүүгө катышкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары;

Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болуунун же жоготуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби - ушул Мыйзамда жана мыйзамдарда белгиленген тартипте ратификацияланган эларалык келишимдерде каралган жеңилдик шарттары жайылтылган адамдарга карата жарандык маселелерин кароонун жана ал боюнча чечимдерди Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алуунун тартиби;

балдар - 18 жашка чейинки адамдар;

жарандыгы жок адамдын күбөлүгү - жарандыгы жок адамдын туруктуу жашаган мамлекетинде берилген, анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү жана статусун ырастоочу документ.

 (КР 2012-жылдын 10-февралындагы № 6,  2023-жылдын 22-февралындагы № 36  Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын принциптери

1. Кыргыз Республикасында ар бир адам жарандыкка укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өзүнүн жарандыгынан жана өзүнүн жарандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес.

3. Кыргыз Республикасы өз чегинен тышкаркы жерлерде өзүнүн жарандарын коргоого жана колдоого кепилдик берет.

4. Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болуу негиздерине жана тартибине карабастан Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык бирдей конституциялык укуктарга, эркиндиктерге жана милдеттерге ээ.

 

5-статья. Кыргыз Республикасынын жарандары

Кыргыз Республикасынын жарандары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ адамдар;

2) (КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болгон адамдар.

 

6-статья. Башка жарандык

1. Башка жарандыгы да бар Кыргыз Республикасынын жараны, ушул Мыйзамда жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жараны катары гана Кыргыз Республикасы тарабынан каралат.

2. Кыргыз Республикасынын жаранынын башка жарандыкты алуусу, ушул Мыйзамдын 23-статьясында белгиленген негиздерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготууга алып келбейт.

 (КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-статья. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекет тарабынан коргоо

1. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу алардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары корголот.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын жарандарына мыйзамда белгиленген тартипте эл аралык макулдашуулар менен күчүнө кирген алар жүргөн мамлекеттердин мыйзамдарында каралган укуктарды жана эркиндиктерди толук көлөмдө пайдаланууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүүчү чараларды камсыз кылууга, мыйзамда белгиленген тартипте алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ал эми зарыл болгондо - Кыргыз Республикасынын жарандарынын бузулган укуктарын калыбына келтирүү чараларын көрүүгө милдеттүү.

3. Ал мамлекетте Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттердин тиешелүү органдары тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

(КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

8-статья. Никеге турууда же нике бузууда Кыргыз Республикасынын жарандыгы

1. Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам менен никеге турушу, ошондой эле андай никени бузушу алардын жарандыгын өзгөртпөйт.

2. Жубайлардын биринин жарандыгынын өзгөрүшү экинчисинин жарандыгынын өзгөрүшүнө алып келбейт.

3. Никенин бузулушу ошол никеден төрөлгөн же жубайлар асырап алган балдардын жарандыгын өзгөртүүгө алып келбейт.

 

9-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөндүрүүчү документтер

Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык типтери жана Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү, жарандыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган башка документтер Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөндүрүүчү документтер болуп саналат.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Кыргыз Республикасынын жаранын республикадан тышкары жакка чыгарып салууга жана өткөрүп берүүгө жол бербестик

Кыргыз Республикасынын жаранын республикадан тышкары жакка чыгарып салууга жана башка мамлекетке өткөрүп берүүгө жол берилбейт.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

.

 

2-глава
Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу

11-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун негиздери

Кыргыз Республикасынын жарандыгына:

1) туулгандыгы боюнча;

2) Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алуунун натыйжасында;

3) жарандыгын калыбына келтирүүнүн натыйжасында;

4) мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган негиздер же тартиптер боюнча ээ болот.

(КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

12-статья. Туулгандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу

1. Ата-энеси, же жалгыз атасы же энеси бала туулган учурда Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналса, бала туулган жерине карабастан, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат;

2. Туулгандыгы боюнча чет өлкөлүк жарандыкты алган балага карата баланын ата-энеси Кыргыз Республикасынын жарандыгынан баш тартуу жөнүндө биргелешкен жазуу жүзүндөгү арыз берген жагдайды кошпогондо, ата-энесинин бирөө Кыргыз Республикасынын жараны, ал эми экинчиси чет өлкөлүк жаран болуп эсептелген бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.

3. Бала туулган учурда ата-энесинин бирөө Кыргыз Республикасынын жараны, ал эми экинчиси жарандыгы жок же белгисиз адам болсо, бала туулган жерине карабастан, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында туулган, ата-энеси, же жалгыз атасы же энеси жарандыгы жок адамдар болуп эсептелген бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.

5. Кыргыз Республикасынын аймагында төрөлгөн, ата-энесинин экөө тең, же жалгыз атасы же энеси чет өлкөлүк жаран болуп эсептелген бала, эгерде ата-энесинин, же жалгыз атасынын же энесинин жарандыгы болгон мамлекет балага жарандык бербесе, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.

6. Кыргыз Республикасынын аймагында болгон, ата-энесинин экөө тең белгисиз бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36  Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

13-статья. Жалпы тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуунун шарттары

1. Чет элдик жарандар жана 18 жашка чыккан жарандыгы жок адамдар жалпы тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө расмий өтүнүч менен төмөнкүдөй учурларда кайрылууга укуктуу:

1) арыз берген учуруна чейин акыркы беш жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу, үзгүлтүксүз жашап турушса. Бир жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары үч айдан ашпаган мөөнөткө чыккан адамдын жашоо мөөнөтү үзгүлтүксүз деп эсептелет;

2) пикир алышуу үчүн жетиштүү көлөмдө мамлекеттик же расмий тилде сүйлөй алса, мамлекеттик же расмий тилди билүү деңгээлин аныктоонун тартиби жарандык маселелерди кароонун тартиби жөнүндө жобо менен белгиленет;

3) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого милдеттенсе;

4) жашоо үчүн каражат булагы болсо;

5) Кыргыз Республикасында жана жараны болуп саналган чет мамлекетте соттолгону болбосо.

2. Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген Кыргыз Республикасынын аймагында чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдардын жашоо мөөнөтү, эгерде төмөнкүдөй негиздердин бирөө гана болгон учурда, үч жылга чейин кыскартылат:

1) (КР 2012-жылдын 17-мартындагы №23 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) илим, техника, маданият, спорт жаатында жогорку ийгиликтерге жетишсе, ошондой эле Кыргыз Республикасы кызыкдар болгон кесипке, болбосо адистикке жетишсе;

3) Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармагына инвестиция чегерсе Инвестиция чегерүүнүн тартиби жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет;

4) алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык качкындар же жарандыгы жок адамдар катары таанылса;

5) Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар.

 (КР 2012-жылдын 17-мартындагы № 23, 2023-жылдын 22-февралындагы № 36  Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

14-статья. Жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу

1. 18 жашка чыккан чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө расмий өтүнүч менен кайрылууга укуктуу 13-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленгендей, эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген мамлекеттер аралык макулдашууларда башкача каралбаса, алардын Кыргыз Республикасынын аймагында жашоо мөөнөтү төмөнкүдөй учурларда бир жылга чейин кыскартылат, эгерде:

1) ата-энесинин бирөө Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган болсо;

2) Кыргыз ССРинде төрөлсө жана/же мурдагы СССРдин жараны болсо;

3) Кыргыз Республикасынын жарандыгы калыбына келтирилет.

2. Чет мамлекеттин жарандыгы бар же жарандыгы жок, этностук кыргыз болуп саналган адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында жашап туруунун мөөнөтү жөнүндө шарттар коюлбастан жана 13-статьяда жана ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган шарттар сакталбастан мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынат. Аларды Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу алардын башка мамлекеттин жарандыгынан баш тартуусун көрсөтүү менен, башка мамлекеттин жарандыгынан алдын ала чыгуусуз эле Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылууларынын негизинде жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын жарандыгына ушул Мыйзамдын 13-статьясынын 1-бөлүгүндө каралган шарттарды сактабастан жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте төмөндөгүлөр кабыл алынат:

1) ата-энесинин бирөө Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган бала - ошол ата-энесинин арызы жана башка ата-энесинин баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча. Эгерде бала Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турса, андай макулдук талап кылынбайт;

2) жалгыз ата-энеси Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган бала - ошол ата-эненин арызы боюнча;

3) камкордукка же көзөмөлдүккө алынган бала же ишке жарамсыз адам, - Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ камкордукка же көзөмөлдүккө алган адамдын арызы боюнча.

4. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамга 13-статьянын 1-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарында каралган талаптар жайылтылат.

5. Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүүдө жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. Ушул Мыйзамдын 13-статьясынын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген алардын Кыргыз Республикасынын аймагында жашоо мөөнөтү, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса, бир жылга чейин кыскартылат.

Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүүдө Кыргыз Республикасынын аймагында жашоо мөөнөтү жөнүндө шарттар коюлбастан жана 13-статьяда жана ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган шарттарды сактабастан, мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө кабыл алынат.

6. Арыз ээсинин өздүгүнө, анын ишине, спортко салымына, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө экономикалык, маданий жактан салымына байланыштуу негиздер жана жагдайлар боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынып жаткан чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат. Аларды Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу алардын башка мамлекеттин жарандыгынан баш тартуусун көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында жашоо мөөнөтү жөнүндө шарттар коюлбастан жана 13-статьяда жана ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган шарттарды сактабастан, мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө жүзөгө ашырылат.

(КР 2012-жылдын 17-мартындагы N 23, 2023-жылдын 22-февралындагы №  36 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

15-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүү

Мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жана мыйзамдуу негизде жашаган адамдын өзүнүн жеке расмий өтүнүчү боюнча ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган тартипти сактоо менен Кыргыз Республикасынын жарандыгы калыбына келтирилиши мүмкүн.

 

16-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуудан баш тартуунун негиздери

Кыргыз Республикасынын жарандыгына төмөнкүдөй адамдарды кабыл алуудан баш тартылат:

1) конституциялык түзүлүш негиздерин күч колдонуу менен өзгөртүүгө чыккандарга, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздугуна коркунуч келтирген иштерди жүзөгө ашыргандарга;

2) жасалма документтерди атайлап сунуш кылгандарга же алдынала жалган маалымат билдиргендерге;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынан беш жылга убактылуу чыгарылгандарга же Кыргыз Республикасына келүүгө биротоло тыюу салынгандарга;

4) чет мамлекеттердин аскер кызматында, ошондой эле укук коргоо органдарында жана коопсуздук органдарында кызматта тургандарга;

5) Качкындар катары таанылган жана чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык куугунтукталган адамдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жазык тартибинде иш козголгондорго - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары же соттору тарабынан акыркы чечим чыгарылганга чейин;

6) жарандык иштер боюнча жоопкер катары чыгып жаткандарга Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан акыркы чечим чыгарылганга чейин;

7) соттолгондорго жана эркиндигинен ажыратылган түрдө жаза өтөп жаткандарга - жаза мөөнөтү аяктаганга чейин;

8) Кыргыз Республикасында оор жана өзгөчө оор катары каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн эркинен ажыратылып соттолгондорго.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы №  36  Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

17-статья. Асыранды, камкордукка же көзөмөлдүккө алынган баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусу

1. Чет өлкөнүн жараны болуп саналган бала же Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан асырап алынган, болбосо Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан камкордукка же көзөмөлдүккө алынган жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасынын жараны болуп калат.

2. Чет өлкөнүн жараны болуп саналган бала, жубайлар тарабынан асырап алынган, же болбосо камкордукка же көзөмөлдүккө алынган, же жубайлардын бирөөсү Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, ал эми башкасы - жарандыгы жок адам болгон бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп калат.

3. Жубайлар тарабынан асырап алынган, же болбосо камкордукка же көзөмөлдүккө алынган, же жубайлардын бирөөсү Кыргыз Республикасынын жараны, ал эми башкасы чет өлкөлүк жаран болуп саналган чет өлкөнүн жараны болгон бала асырап алган экөөнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен Кыргыз Республикасынын жараны болуп калат.

4. Алардын бирөөсү Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жубайлар тарабынан асырап алынган же болбосо камкордукка же көзөмөлдүккө алынган жарандыгы жок бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп калат.

 

18-статья. Бала асырап алынган учурда Кыргыз Республикасынын жарандыгын сактап калуусу

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар же болбосо бирөөсү Кыргыз Республикасынын жараны, ал эми башкасы - чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам болгон жубайлар тарабынан асырап алынган Кыргыз Республикасынын жараны болгон бала Кыргыз Республикасынын жарандыгын сактап калат.

 

19-статья. Камкордукка же көзөмөлдүккө алынган баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгын сактап калуусу

Эгерде баланын Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган ата-энеси же ата-энесинин бирөөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкса же аны жоготсо жана ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан камкордукка же көзөмөлдүккө алынган баланы тарбиялоого катышпаса, бала Кыргыз Республикасынын жарандыгын сактап калат.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы №  36  Мыйзамынын редакциясына ылайык)

  

20-статья. Ата-энесинин бирөө Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган учурда баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болуусу

1. Эгерде ата-энесинин бирөө Кыргыз Республикасынын жараны болсо, ал эми ата-эненин экинчиси чет элдик жаран бойдон калса, бала Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ ата-энесинин сунуштамасы боюнча, эгерде бала Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган учурда Кыргыз Республикасынын жарандыгын ала алат.

2. Эгерде ата-энесинин бирөө Кыргыз Республикасынын жараны болсо, ал эми экинчиси жарандыгы жок адам болсо Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп калат.

3. Эгерде ата-энесинин бирөө Кыргыз Республикасынын жараны, ал эми экинчиси жарандыгы жок адам бойдон калса, Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жашаган бала Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болгон ата-эненин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандыгын ала алат.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы №  36  Мыйзамынын редакциясына ылайык)

  

21-статья. Жарандыгын өзгөртүүдө балдардын макулдугунун зарылчылыгы

Ата-энелеринин жарандыгы өзгөргөн учурда, ошондой эле асырап алганда 14төн 18 жашка чейинки балдардын жарандыгын өзгөртүүгө балдардын макулдугун нотариалдык жактан күбөлөндүрүү менен гана жол берилет.                 

 

22-статья. Кыргыз Республикасынын жаранында чет мамлекеттин жарандыгы бар деп таануу

1. Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын жараны бойдон калуу менен башка чет мамлекеттин жарандыгын ала алат.

2. Кыргыз Республикасында башка жарандык төмөнкүлөргө таанылбайт:

1) Кыргыз Республикасы менен чектешкен мамлекеттердин жарандарына;

2) ушул Мыйзамдын 16-статьясында көрсөтүлгөн адамдарга.

3. Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасы аны менен мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген кош жарандык маселелери боюнча эл аралык келишими болгон чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда кош жарандыгы бар жаран катары таанылат.

4. Башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын судьясы, укук коргоо органдарынын кызматкери, коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкери боло албайт, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарында жетекчи кызмат орундарын ээлей албайт.

5. Кош жарандыкты жоготуу, калыбына келтирүү жана андан чыгуу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген кош жарандык маселелери боюнча эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте, же улуттук мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

6. Башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган тартипте бул жөнүндө кабарлоого милдеттүү.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы №  36  Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

 

3-глава
Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуу

 

23-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуунун негиздери

Кыргыз Республикасынын жарандыгы төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;

2) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;

3) ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда каралган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган башка негиздерде.

(КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

24-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу ал адамдын өз эрки менен билдирген негизде ушул Мыйзамдын 26-статьясында каралган учурлардан тышкары, адамдын башка жарандыгы же адамдын башка мамлекеттин жарандыгын алууга кепилдиги болсо, жалпы тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Чет мамлекеттин аймагында жашаган адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу ал адамдын өз эрки менен билдирген негизде ушул Мыйзамдын 25-статьясында каралган учурлардан тышкары, адамдын башка жарандыгы же адамдын башка мамлекеттин жарандыгын алууга кепилдиги болсо, жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Ата-энесинин бирөөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болгон, ал эми экинчиси чет өлкөнүн жараны болуп саналган же жалгыз атасы же энеси чет элдин жараны болгон баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу эки ата-эненин же болбосо жалгыз атанын же эненин арызы боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

25-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарууга жол бербөөнүн негиздери

Кыргыз Республикасынын жаранына төмөнкүдөй учурларда Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууга жол берилбейт:

1) мамлекет алдында аткарылбаган милдеттенмелери же Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык же жеке адамдардын кызыкчылыктарына байланышкан мүлктүк милдеттенмелери бар болсо;

2) кылмыш-жазык иши боюнча же ага карата мыйзам күчүнө кирген иш боюнча жана соттун айыптоо өкүмүн аткарууга жаткан иши боюнча айыптуу катары Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан жоопко тартылган болсо.

 

26-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу

1. Эгерде Кыргыз Республикасынын жарандыгы билип туруп жалган маалыматтарды же жасалма документтерди берүүнүн натыйжасында алынса, Кыргыз Республикасынын жарандыгы жоготулат.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгы төмөнкү негиздер боюнча жоготулат:

1) Кыргыз Республикасы менен чектешкен мамлекеттердин (Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай Эл Республикасы) жарандыгы алынса;

2) башка жарандыгы жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан баш тартуу жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арызы болсо;

3) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык каралган башка негиздер боюнча.

3. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу боюнча чечим Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат.

4. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жана Жарандык маселелер боюнча комиссиянын иш тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-глава

Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө иштерди

жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдар жана кызмат адамдары

 

27-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө иштерди жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдар жана кызмат адамдары

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө иштерди жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдар жана кызмат адамдары болуп төмөндөгүлөр саналат:

Кыргыз Республикасынын Президенти;

калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;

тышкы саясий иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;

Чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө иштерди жүргүзүүчү органдардын ыйгарым укуктары ушул Мыйзамда белгиленет.

 (КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 94, 2023-жылдын 22-февралындагы № 36  Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

28-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары

1. Кыргыз Республикасынын Президенти ушул Мыйзамга ылайык төмөндөгүдөй маселелер боюнча чечим кабыл алат:

1) чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу;

2) Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүү;

3) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу.

2. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча жарлык чыгарат.

3. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелерин кароо тартиби жөнүндө Жобону бекитет.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

29-статья. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктары

Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары:

1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турган адамдардан арыздарды кабыл алат, мындай арыздарда негизделген фактыларды жана документтерди текшерет;

2) Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алуу жөнүндө жана жарандыктан чыгуу жөнүндө арыздар боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна жөнөтөт;

3) Кыргыз Республикасынын жарандыгына Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдардын таандык экендигин аныктайт;

4) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдарга жарандуулук маселелери боюнча материалдарды даярдайт;

5) Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган адамдардан жарандыгын жоготуу маселелери боюнча материалдарды кабыл алат жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын кароосуна жиберет;

6) ушул Мыйзамдын 24-статьясынын 1 жана 3-бөлүктөрүндө каралган учурларда жарандыктан чыгуу жөнүндө материалдарды жолжоболоштурат;

7) Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүү маселелери боюнча материалдарды кабыл алат;

8) Кыргыз Республикасынын жарандыгын өзгөртүү тууралу чечим кабыл алынган адамдардын эсебин жүргүзөт;

9) Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турган адамдарга карата Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кабыл алган чечимдерин аткарат.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

30-статья. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин тышкы саясий иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ыйгарым укуктары

1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин тышкы саясий иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары:

1) Кыргыз Республикасынан тышкаркы жерлерде туруктуу жашап жаткан адамдардан Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселеси боюнча арыздарын кабыл алат жана зарыл документтер менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентине кароо үчүн жөнөтөт;

2) чет өлкөдө туруктуу жашаган адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктайт;

3) чет мамлекетте жашаган адамдардан жарандыгын жоготуу маселелери боюнча материалдарды кабыл алат жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын кароосуна жиберет;

4) ушул Мыйзамдын 24-статьясынын 2-бөлүгүндө каралган учурларда жарандуулуктан чыгууну жолжоболоштурат;

5) чет өлкөлөрдө туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын консулдук эсебин жүргүзөт;

6) Кыргыз Республикасынан тышкаркы жерлерде жашаган адамдарга карата Кыргыз Республикасынан жарандыгы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кабыл алган чечимдерди аткарат;

7) Кыргыз Республикасынын жарандыгын өзгөртүү тууралу чечим кабыл алынган адамдардын эсебин жүргүзөт.

2. Эгерде тигил же бул өлкөдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери жок болсо, бул органдардын милдетин мыйзам тартибинде күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде башка мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аткарат.

 (КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 94, 2023-жылдын 22-февралындагы № 36  Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

5-глава

Кыргыз республикасынын жарандыгы

жөнүндө иштер боюнча иш өндүрүшү

 

31-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселеси боюнча арыздарды берүү тартиби

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча арыз Кыргыз Республикасынын Президентинин атына жазылат жана арыз берүүчүнүн туруктуу жашаган жериндеги калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына берилет.

2. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкаркы жерлерде туруктуу жашаган адамдар арыздарын Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине беришет.

3. Арыз ээси арызын өзү тапшырат.

4. Эгерде арыз берүүчү өзгөчө мүнөздөгү жана документтер менен ырасталган шарттарга байланыштуу арызды өзү бере албаса, арызы менен тийиштүү документтерин кароо үчүн башка адамдар аркылуу же почта аркылуу берүүгө да болот. Мындай учурда арызга кол койгон адамдын койгон колунун, арызга тиркелген документтеринин көчүрмөлөрүнүн аныктыгы, анын түп-нускасы нотариалдык жазылмалар менен тастыкталат.

5. Балдардын же иш-аракетке жөндөмсүз адамдын жарандуулукту өзгөртүү тууралу арызы алардын ата-энелери же бала же иш-аракетке жөндөмсүз адам жашаган жер боюнча мыйзамдуу өкүлдөр аркылуу берилет.

6. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу маселелери боюнча арыздар арыз берүүчүнүн туруктуу жашаган жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берилет. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган адамдардан Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу маселелери боюнча арыздарды кабыл алат жана карайт.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

32-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча документтерди жол-жоболоштуруунун тартиби

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыгын калыбына келтирүү жана андан чыгуу жөнүндө арыз кат жүзүндөгү арыз берүүчүнүн кайрылуусу боюнча каралат. 18 жашка жете элек адамдын арызы нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, ал эми Кыргыз Республикасынан тышкаркы жерлеринде - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн же консулдук мекемелеринин сунуштамасы боюнча каралат.

2. Жашы 14төн 18ке чейинки балдар Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыгын калыбына келтирүү же жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыздарын берген учурда алардын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу зарыл, Кыргыз Республикасынан тышкаркы жерлерде алардын жазуу түрүндөгү макулдугу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан күбөлөндүрүлөт.

3. Жашы жетелек балдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгып кетүү жөнүндө арызы берилген учурда, эгерде анын ата-энесинин бирөөсү Кыргыз Республикасынын жараны бойдон калган учурда, жашы жетелек баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгып кетүүгө анын жазуу түрүндөгү макулдугу керек. Мындай сунуштама нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлүүгө, ал эми республиканын тышкаркы жерлеринде - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

4. Эгерде арыз ээси ден соолугунун кемчилигинен сунуштамага кол кое албаса, сунуштамага анын өтүнүчү боюнча башка адам кол коет жана нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлөт. Кыргыз Республикасынан тышкаркы жерлерде арыз берүүчүнүн койгон колун Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемелеринин кызмат адамдары күбөлөндүрөт.

5. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына берилүүчү документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.

6. Этникалык кыргыз болуп саналган, чет мамлекеттин жарандыгына ээ адамдар, же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууга арыз берүүдө өзүнүн фамилиясын, атын жана атасынын атын кыргыз тилинде айтылышына ылайык ыктыярдуу негизде өзгөртө алат.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

33-статья. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына сунуш кылынуучу документтердин тизмеги

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

34-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча арыздарды кабыл алуунун жана кароонун тартиби

1. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча арыз берүүчүнүн жеке өзү тарабынан берилген бардык арыздарды кабыл алууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча, эреже катары, арыз берүүчүнүн жеке өзү тарабынан берилген же болбосо почта аркылуу жөнөтүлгөн, ошондой эле тизмеги Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү өзгөчө мүнөздөгү жагдайларга байланыштуу үчүнчү жак аркылуу берилген бардык арыздарды кабыл алууга милдеттүү.

2. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы же жарандык маселелер боюнча арыздарды тариздеген тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүк же болбосо консулдук мекеме ал боюнча өзүнүн жүйөлөнгөн жана негизделген корутундусун чыгарат.

3. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери жарандык жөнүндө арыздар боюнча өзүнүн корутундуларын жана улуттук коопсуздук органдары, ички иштер органдары менен макулдашылган башка керектүү материалдарды Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссияга жөнөтөт.

Улуттук коопсуздук органдары, ички иштер органдары жарандык маселелер боюнча жүйөлөнгөн өз сунуштарын жалпы тартип боюнча 90 күндүн жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартип боюнча 30 күндүн ичинде жиберет.

Улуттук коопсуздук органдарынан же болбосо ички иштер органдарынан терс жооп келип түшкөн учурда, арыз калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмүнө арыз берүүчүгө жооп жиберүү үчүн кайтарылат.

4. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр же консулдук мекемелер тарабынан жарандык маселелери боюнча арыздарды кароонун жалпы мөөнөтү жалпы тартип боюнча 120 күндөн жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартип боюнча 60 күндөн ашпоого тийиш.

Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыз боюнча корутундуда арыз берүүчүнүн мамлекеттин алдындагы аткарылбаган милдеттенмелери же анын жарандардын же ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, коомдук бирикмелердин олуттуу кызыкчылыктарына байланышкан мүлктүк милдеттери жөнүндө маалымат; анын күнөөлүү катары кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы, же болбосо соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча анын жаза өтөгөндүгү жөнүндө, же болбосо бул адамдын жарандыктан чыгуусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздугунун кызыкчылыктарына каршы келе тургандыгы жөнүндө маалымат билдирилет.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

35-статья. Мамлекеттик алымды жана консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттарды алуу

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу, жарандыкты калыбына келтирүү же андан чыгуу жөнүндө арыздарды Кыргыз Республикасынын аймагында бергенде мамлекеттик алым, ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен сырткарыда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар алынат.

2. Этникалык кыргыздар Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууда мамлекеттик алымдарды жана консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттарды төлөөдөн бошотулат.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

36-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы жарандуулук иштери боюнча комиссия

1. Ушул Мыйзамда белгиленген жарандуулук маселесин алдын-ала кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти туруктуу негизде жарандуулук маселеси боюнча комиссия түзөт (мындан ары - комиссия). Комиссиянын курамы жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен бекитилген Жободо аныкталат.

Комиссия айына бир жолудан кем эмес жыйналыш өткөрөт.

2. Жарандуулук маселеси боюнча сунуштаманы караган учурда Комиссия арыз берүүчүнүн негиздемелерин, мамлекеттик органдардын корутундуларын жана ушул мыйзамдын 33-статьясында көрсөтүлгөн тиркелүүчү документтерди ар тараптан иликтеп чыгат.

3. Комиссия ар бир сунуштаманы өз алдынча Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизет.

4. Комиссиянын чечими протокол менен жолжоболоштурулат, ага жыйналышка катышкан Комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.

5. Комиссия тарабынан чечим кабыл алынган учурдан тартып он төрт күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу же жарандыгынан чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын долбоорун даярдоону жүзөгө ашырат.

Жарандыкты берүү же андан чыгуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы ага кол коюлган учурдан тартып үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтына жарыяланууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүүдөн же жарандыгынан чыгуудан баш тартылган учурда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты үч күндүн ичинде баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен арыз ээсин жазуу жүзүндө кабарландырууга милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 10-февралындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

37-статья. Кыргыз Республикасынын жарандуулук маселеси боюнча чечим кабыл алуунун тартиби жана мөөнөтү

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча арыздарды кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу бир жылга чейинки мөөнөттө сунуштамага тийиштүү түрдө жолжоболоштурулган документтер тиркелип берилген күндөн баштап жалпы тартипте каралат.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу же жарандыгынан чыгуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылган адамдардын арыздарын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кароо жана алар боюнча чечим кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан тийиштүү документтер жолжоболоштурулуп тиркелген сунуштама берилген күндөн баштап алты айлык мөөнөткө чейин каралат.

3. Жарандуулуктун өзгөргөндүгү Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы чыккан учурдан башталат.

Ушул Мыйзамдын 26-статьясында көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз Республикасынын жарандыгын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын чечими катталган күнү жоготушат.

4. Жарандуулук маселеси боюнча кайталап берилген арыз бул маселе боюнча мурдагы чечим кабыл алынган учурдан баштап бир жыл өткөндөн кийин каралат. Эгерде арыз берүүчүгө белгисиз жана белгисиз болууга тийиш болгон өтө маанилүү жагдайлар жаралган учурда кайталап арыз берүү эртерээк каралышы мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

38-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын аткаруу тартиби

1. Кыргыз Республикасынын аймагында турган өтүнүүчүлөргө карата Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын аткаруу калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, ал эми республикадан тышкаркы жерлерде жашаган адамдарга тийиштүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин тышкы саясий иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жүктөлөт.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү жана токтотуу жөнүндө маалыматтар автоматташтырылган маалыматтык системага киргизилет.

3. Автоматташтырылган маалыматтык системаны жүргүзүү тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат

 (КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 94, 2023-жылдын 22-февралындагы № 36  Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

39-статья. Паспортторду жана жашап турууга укук берүү

1. Ушул Мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алган адамдарга калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун беришет.

2. Кыргыз Республикасында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары эмес адамдарга калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы чет элдик жаран үчүн жашап турууга укук же жарандыгы жок адамдын статусун берет.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

40-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча чечимдердин аткарылышын контролдоо

Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча чечимдердин аткарылышын контролдоону Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы жарандуулук маселелери боюнча комиссия жүзөгө ашырат.

 

41-статья. Жарандуулук маселеси боюнча чечимге карата даттануу

1. Жарандуулук маселеси боюнча чечим соттук тартипте кайра каралышы мүмкүн.

2. Даттануу тийиштүү чечим кабыл алынган күндөн алты айдын аралыгында берилиши мүмкүн. Жарандуулук маселеси боюнча чечимге карата жүйөлүү себептер менен мөөнөтү өткөн даттануулар соттук тартипте калыбына келтирилиши мүмкүн.

 

6-глава
Корутунду жоболор

 

42-статья. Жарандык маселелер боюнча кызмат адамдарынын аракеттерине карата даттануу

Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча арыздарды кароодон баш тартуу жана жарандык жөнүндө арыздар боюнча корутундуларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча чечимдерди жөнөтүүнүн тартибин жана мөөнөтүн бузган кызмат адамдарынын башка аракеттери баш ийүү тартиби боюнча жогору турган кызмат адамына же болбосо сотко даттанылышы мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

43-статья. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдеринин колдонулушу

Эгерде мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда камтылгандан башка ченемдер белгиленсе, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мамлекеттер аралык келишимдердин ченемдери колдонулат.

(КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

44-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. 1993-жылдын 18-декабрындагы № 1333-XII "Кыргыз Республикасынын граждандуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл, № 1, 1-ст.) күчүн жоготту деп табылсын;

3. Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунуш кылынсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыккан мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

2) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

К.С. Бакиев