Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

     КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык
                      КҮЧҮН ЖОГОТОТ

 

 

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2007-жылдын 30-майы № 75

  

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

  

            Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына

                     өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

  

2007-жылдын 24-апрелинде                Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                  Кењеши тарабынан кабыл алынган

  

   1-статья. “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши  жөнүндө”

Кыргыз   Республикасынын  Мыйзамына  (Кыргыз  Республикасынын  Жогорку

Кењешинин ведомосттору, 1997-ж., № 10, 471-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр

киргизилсин:

  

   11 - статьянын 5 - пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

  

   “5.   Кыргызстан   банкы  жањыдан  түзүлгөн   банктар   үчүн   банк

капиталынын   адекваттуулук  стандартын  аныктоо  боюнча  экономикалык

чечимдерди,  уставдык  жана  менчик  капиталынын  эњ  төмөнкү  өлчөмүн

белгилейт,   ошондой  эле  банк  капиталынын  структурасын   аныктайт.

Кыргызстан  банкы тарабынан лицензиялануучу иштеп жаткан банктар  жана

каржылык-кредиттик  мекемелер  үчүн  уставдык  капиталдын,  капиталдын

кредиттик  каражаттар)  өлчөмүн көбөйтүү акционерлердин  артыкчылыктуу

укугу болуп саналат Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин макулдугу

менен   гана  Кыргызстан  банкы  өзгөчө  учурларда  Кыргызстан   банкы

тарабынан  лицензиялануучу  иштеп  жаткан  банктардан  жана  каржылык-

кредиттик   мекемелердин  уставдык  капиталынын   өлчөмүн   көбөйтүүгө

укуктуу.”.

  

   2-статья.  “Кыргыз  Республикасынын Улуттук банкы  жөнүндө”  Кыргыз

Республикасынын  Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Кењешинин

ведомосттору,   1997-ж.,   №  10.  470-ст.)   төмөнкүдөй   өзгөртүүлөр

киргизилсин:

  

   31  -  статьянын  1  -  пунктунун 1 - пунктчасы төмөнкү  редакцияда

баяндалсын:

  

   “1)  Кыргызстан  банкы тарабынан лицензиялануучу  жањыдан  түзүлгөн

банктар  жана каржылык - кредиттик мекемелер үчүн уставдык  капиталдын

эњ   томөнкү  өлчөмүн,  капиталдын  (менчик  каражаттын)  эњ   төмөнкү

өлчөмүн;”.

  

   3-статья.    Кыргыз    Республикасынын    Өкмөтү    жана     Кыргыз

Республикасынын  Улуттук банкы эки айлык мөөнөттө  өздөрүнүн  ченемдик

укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

  

   4-статья. Ушул мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

  

   Кыргыз Республикасынын

   Президенти                                    К. Бакиев