Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

      КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 Мыйзамына ылайык
                       КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары

2007-жылдын 11-июну № 80

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

                "Баатыр эне" орденинин статуту жөнүндө"

                   Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

                       толуктоо жана өзгөртүүлөр

                           киргизүү тууралу

    

     2007-жылдын 24-апрелинде            Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-статья.

 

     "Баатыр эне" орденинин  статуту  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын

Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2004-ж., №

11, 495-ст) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

     1. 1-статьянын 1-бөлүгүндө:

     бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү-бешинчи абзацтар  менен  толук-

талсын:

     " - тогуз же андан көп балдары бар  жана  аларды  бапестеп  багып,

тарбиялаган энелер, - 2007-жылдын 1-январынан;

     - сегиз же андан көп балдары бар жана аларды бапестеп багып,  тар-

биялаган энелер, - 2008-жылдын 1-январынан;

     - жети же андан көп балдары бар жана аларды бапестеп багып, тарби-

ялаган энелер, - 2009-жылдын 1-январынан;";

     үчүнчү абзац алтынчы абзац деп эсептелсин.

     2. 2-статьянын 1-бөлүгү алып салынсын.

     3. 3-статьянын 1-бөлүгүндөгү "жасалат" деген сөз "сунушталат"  де-

ген сөз менен алмаштырылсын.

 

     2-статья.

 

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев