Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2007-жылдын 9-августу №141

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

           "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон
            бүтүмдөрдү  мамлекеттик  каттоо жөнүндө" Кыргыз
                 Республикасынын Мыйзамына толуктоолор
                           киргизүү тууралу


2007-жылдын 18-июнунда                  Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                        Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-статья.

     "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү  мам-
лекеттик  каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Рес-
публикасынын  Жогорку  Кењешинин  Жарчысы,  1999-ж.,  №   4,   193-ст.)
төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
     1. 4-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
     "13) мүлктү легалдаштырууда пайда болуучу укуктар.".
     2. 7-статьяда:
     2-бөлүгүндөгү "Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат"
деген сөздөрдөн кийин ",  мүлктү легалдаштыруу  учурунда  документтерди
тапшыруудан башкасы" деген сөздөр менен толукталсын.
     3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
     "Легалдаштыруучу мүлккө  мамлекеттик каттоонун жоктугу үчүн легал-
даштыруунун субъекттери жоопкерчилик тартышпайт.".
     3. 18-статьясынын  2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен то-
лукталсын:
     "Легалдаштыруунун мүлкү боюнча каттоо органынын кызматы үчүн лега-
лизациялоонун субъекттери акы төлөшпөйт.".

     2-статья.

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн  ченемдик  укуктук  актыларын
эки айлык мөөнөттүн ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

     3-статья.

     Ушул Мыйзам  расмий  жарыяланган  күндөн  тартып күчүнө кирет жана
"Акча каражаттарын,  кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу муна-
пыс жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуу мөөнөтү аякта-
ганга чейин күчүндө болот.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев