Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

     КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык
                          КҮЧҮН ЖОГОТОТ

 

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 9-августу № 143

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

  

        «Кыргыз   Республикасынын  Улуттук   банкы   жөнүндө»

      Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу

 

2007-жылдын 18-июнунда                 Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                       Кењеши тарабынан кабыл алынган

   

   

   

    1-статъя.  «Кыргыз  Республикасынын  Улуттук  банкы  жөнүндө»

Кыргыз  Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин  Ведомосттору, 1997- ж., № 10, 470  -  ст.)  төмөнкүдөй

өзгөртүү киргизилсин:

   

        48  -  статьянын 1— пунктунун 1 — пунктчасынын экинчи  абзацы

төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

  

        «Бул  тыюу  салуу  Кыргызстандын банкы  катышуучу  болуп  саналган

уюмдарда  Кыргызстан  банкынын  кызыкчылыктарын  көрсөтүп,  Кыргызстан

банкынын   кызыкчылыгына   өкүлчүлүк  кылган  Кыргызстандын   банкынын

кызматчыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган  эларалык

финансы  -  кредиттик  жана башка постторду жана кызматтарды  ээлөөгө,

ошондой  эле  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган  учурларда

жайылтылбайт;».

   

    2-статъя. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өз чечимдерин  ушул

Мыйзамга ылайык келтирсин.

    

    3-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө

кирет.

  

   Кыргыз Республикасынын

   Президенти                                         К. Бакиев