Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык
2019-жылдын 1-январынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Бишкек шаары
2007-жылдын 13-июну № 87
 
                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
 
                Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик
                      кодексине толуктоолор жана
                           өзгөртүү киргизүү
                                тууралу
 
    2007-жылдын 24-апрелинде            Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                        Кењеши тарабынан кабыл алынган
 
     1-статья.
 
     Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз  Респуб-
ликасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй
толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
     1. 110-статьянын 2-бөлүгүндөгү "токтоосуз" деген сөздөн кийин "кат
жүзүндө" деген сөздөр менен толукталсын;  "соттолуучунун" деген  сөздөн
кийин  "далил  үчүн  делонун  материалдарына эмне документтерди кошумча
тиркөө зарыл болсо" деген сөздөр менен толукталсын.
     2. 251-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "251-статья. Сот жыйынына чакыруу
 
     Судья сот процессинин катышуучулары болгон адамдарды сот  жыйынына
чакыруу  жөнүндө  тескеме  берет,  ошондой эле сот жыйынын даярдоо үчүн
башка чараларды көрөт.".
     Катышуучу адамдарды  айыпталуучу  жана  коргонуучу тараптар камсыз
кылышат.  Ошол адамдар жүйөлүү себептерсиз катышпаган учурда алып келүү
ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлөт.
 
     2-статья.
 
     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
 
     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев