Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2008-жылдын 19-марты № 24

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

              Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине 
                     өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

 2008-жылдын 8-февралында            Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                     Кењеши тарабынан кабыл алынган
     1-статья.

     Кыргыз Республикасынын  Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст., 1998-ж., № 6,
226-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
     1. 177-статьянын  1-пунктунун  2-пунктчасындагы  "мыйзам тарабынан
эмгек акынын кеминде он минималдуу өлчөмүнөн ашкан" деген сөздөр "эсеп-
тик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн кеминде он эсе ашкан" деген сөздөр менен ал-
маштырылсын.
     2. 258-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацындагы "минималдуу эмгек
акынын" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтүн" деген сөздөр менен алмашты-
рылсын.
     3. 308-статьядагы  "эмгек  акы төлөөнүн мыйзамда белгиленген мини-
малдуу өлчөмүн"  деген  сөздөр "эсептик көрсөткүчүн" деген сөздөр менен
алмаштырылсын.
     4. 510-статьянын  2-пунктунун 1-пунктчасындагы "мыйзамда белгилен-
ген эмгекке акы төлөөнүн он минималдуу өлчөмүнөн" деген сөздөр "эсептик
көрсөткүчтөрдүн он өлчөмүнөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
     5. 511-статьянын  биринчи  абзацындагы "мыйзамда белгиленген эмгек
акынын он  минималдуу  өлчөмүнөн" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтөрдүн
он өлчөмүнөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
     6. 533-статьянын  2-пунктундагы  "эмгекке акы төлөөнүн мыйзамдарда
белгиленген минималдуу  өлчөмүнөн" деген сөздөр "бир эсептик көрсөткүч-
төн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
     7. 538-статьянын  2-пунктундагы "мыйзамда белгиленген акы төлөөнүн
эки минималдуу  өлчөмүнөн" деген сөздөр "кеминде эки эсептик көрсөткүч-
төн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
     8. 725-статьянын  1-пунктундагы "мыйзамда белгиленген эњ аз өлчөм-
дөгү эмгек акыдан" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр ме-
нен алмаштырылсын.
     9. 726-статьянын  2-пунктундагы "мыйзамда белгиленген эњ аз өлчөм-
дөгү эмгек  акыдан" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн" деген
сөздөр менен алмаштырылсын.
     10. 893-статьянын 2-пунктундагы "мыйзамда белгиленген эњ аз өлчөм-
дөгү эмгек  акыдан" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн" деген
сөздөр менен алмаштырылсын.
     11. 1014-статьянын  4-пунктундагы  "мыйзам  менен  белгиленген беш
эселенген эмгек акынын минималдуу өлчөмүнөн" деген сөздөр "эсептик көр-
сөткүчтүн беш эселенген өлчөмүнөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
     12. 1015-статьянын  2-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтарындагы
"эмгек акынын мыйзам менен белгиленген беш эселенген минималдуу өлчөмү-
нө" деген  сөздөр  "эсептик  көрсөткүчтүн беш эселенген өлчөмүнө" деген
сөздөр менен алмаштырылсын.
     13. 1019-статьяда:
     статьянын аталышындагы  "эмгек  акынын минималдуу өлчөмүнүн" деген
сөздөр "эсептик  көрсөткүчтүн өлчөмүнүн" деген сөздөр менен алмаштырыл-
сын;
     2-пунктундагы "Эмгек  акынын минималдуу өлчөмү мыйзам менен белги-
ленген тартипте"  деген  сөздөр  "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
бекиткен эсептик көрсөткүчтүн өлчөмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"эмгек акынын  минималдуу өлчөмүнүн" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтүн
өлчөмүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

     2-статья.

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  өзүнүн  ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 

     3-статья.

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев