Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2008-жылдын 20-марты № 29

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

            "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу 
               жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 
              өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу

     1-берене.

     "Мамлекеттик пенсиялык  социалдык  камсыздандыруу  жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ве-
домосттору, 1997-ж , № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо
киргизилсин:
     13-статьянын 1-бөлүгүндө:
     "б" пунктчасындагы ",  ошондой эле көрүүсү боюнча I топтогу майып-
тарга," деген сөздөр алып салынсын;
     пункт төмөнкү мазмундагы "в" пунктчасы менен толукталсын:
     "в) азиз  болуп калган I топтогу майыптарга - эсептик көрсөткүчтүн
150 пайызы өлчөмүндө";
     "в" пунктчасы тиешелүү түрдө "г" пунктчасы деп эсептелсин.

     2-берене.

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев

     2008-жылдын 7-февралында            Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган