Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2008-жылдын 20-марты № 34

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

            "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу
               жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
                      өзгөртүү киргизүү тууралуу

 2008-жылдын 7-февралында            Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                     Кењеши тарабынан кабыл алынга№
     1-берене.

     "Мамлекеттик пенсиялык  социалдык  камсыздандыруу  жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ве-
домосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
     18-берененин 4-пунктундагы "мамлекеттик" деген сөз алып салынсын:

     2-берене.

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн  ченемдик  укуктук  актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
     Кыргыз Республикасынын  Социалдык фонду багуучусунан ажырагандарга
2006-жылдын 1-октябрынан  2008-жылдын 1-январына чейинки мезгилдер үчүн
пенсия төлөп берсин. 

     3-берене.

     Ушул Мыйзам 2008-жылдын 1-январында күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев